Унуталбайм... Сезим сырлары
#61 07 Июль 2014 - 11:42
#62 07 Июль 2014 - 12:52
Jek korsomda,saga degen Suiuum solusada Unuttalbaim....Sebebi sen menin algachky maxabattym eken,birok men azyr meni janynan artyk korgon Adam mn turmuw kuruu maksattynda turam,men baktyluu bolom....Sen kandai jawoo surot boldun eken.......?????????? ???
#63 07 Июль 2014 - 15:11
Сенин жылмайынкы элесинди таш менен жанчылап,жерге комуп салгам, жузундогу жылмайууну, коздорундун ирмегенинди унутуп койгом....Эгер экообуз кезигишип калсак тааныбай калаармын,тааныгымда келбейт.
Мен ошондо озумо ишенип ушул жолго тушком унутам дегем унуттум....
Азыр бир досумдун созун эстеп каткырып жаткан кезим.Бермет айткан тигинди кордум Эжем уйундо,алар ашарга келген экен,уйго кирсем бир бейтааныш телефон зарят алып турган экен,анан оюм тигине кетти ошонуку болсо керек деп.Анан ушундай эле жандырсам бажырайып жылмайып экранда сен турасын, галереяга кирип суротторду коро баштадым социалдык сайттарга жуктогон бардык фотолорун турат, анан эле бир суротунду монтаждаптыр. "сени унутууга мумкун болбоду.Мени кара козум, эч кимге ыраа коро албайм"деп жазып койуптур деп .келди Бермет.
Ошондогу кубанычты айтпа мендей кыйналасын деп жузуно айтпасам да анын ичимде ыйлаганымда кайталачумун.
Эгер бир адамды унутууну ушунчалык каалап турсан албетте унутасын,бул учун чын журоктон берилип унутуш керек...
#64 12 Август 2014 - 14:21
#65 21 Апрель 2016 - 10:37
#66 23 Апрель 2016 - 19:23
#67 06 Июль 2016 - 17:04
Билдирүүнү түзөткөн: tentewka88: 06 Июль 2016 - 17:05
#68 06 Июль 2016 - 17:06
#70 09 Июль 2016 - 18:47
#71 09 Июль 2016 - 23:40
Билдирүүнү түзөткөн: Azake0103: 09 Июль 2016 - 23:41
#72 11 Июль 2016 - 08:21
#73 19 Июль 2016 - 15:50
#74 21 Июль 2016 - 07:39
Намысым жол бербеди.
Сенин суйом деген созун,жон гана мени пайдаланып, эжемди коруп туруш учун гана айтылгандай болду...
Эч кимге айталбаган Жан сырым.
Арадан 4жыл отсо да ,сендей жанды жолукбады .
Озум тунт болгон учунбу?
Айтор эч Ким менен суйлошбодум.
Башкалар деле сезимдерин билдиришкен жок.
Азыркы кезде,сулуулук чечет эмесби?
Мен аны жолуктурбадым, даже интернеттен Далай жолу издедим,Бирок таападым.
Оз атым менен издебедим ,тапкан учурда деле жазмак эмесмин((
Уйлоно элек,бирок азыркы кезде башка менен суйлошуп журсо керек деп журогум ортонуп кеттем.
Ал качан башкага уйлонгондо, мен башка менен турмуш курам.
Ин Шаа Аллах менин жашоом Жакшы болот.
#75 04 Декабрь 2017 - 15:51
Уулум "курсагым ачты" дегенинен тамактаналы деп биз турган аялдамадан алыс эмес жердеги кафеге бет алдык. Бурула бергенибизде сизди коруп калдым.
-Кандайсын чон кыз, бул жигит уулунбу-деп учурашты.
-Ооба-дедим да коздорумду ала качтым. Тик карап, артка кетенчиктебеген журогундо жалы бар экенин биринчи коргондо эле билгем.
-Кочолордо корушсок мен рульда сен аялдамада баш ийкешип коз менен эле саламдашып коебуз, кел эми чогуу тамактаналы- деп биз менен чогуу бастыныз. Уулум менен таанышып, тамак заказ кылдынар. Сиз менен туура алты ай мурда таанышыпмын. Эс алууга кошуналар менен жоноп калдык. Тирилик деп журуп 20жыл бою бир да курорт, санатория дегенди билбедим. Баары оз орду менен болот тура. Турмушубуз оз жайына тушуп, уй жайыбыз бутуп эс алууга эми убакыт келиптир. Узак жолдо уктай албайм автоуунада. Эжелер "сен айдоочуга суйлоп кет" деп жанына откорушуп оздору уйкуга кетишти. Жакындан таанышып суйлошуп анегдот айтышып тан атты. Жол улап кете бердик. Коксогон Ыссык-колго жеттик. Касиеттуу колдун сулуулугуна суктанып кечинде жээгинде журсом сиз келдиниз.
-Логикалык суроолорду берип менин ан-сезимимди текшердин окшойт жолдо-деп кулуп койдунуз. Кол бойлоп копко журдук. Оорундалган, оорундалбаган максаттарыбыз жонундо суйлоштук. Эркектер баары эле "бул кандай жан болду экен?бир татып корсом" деген ой болсо керек, белимден кучактадыныз. Ботон эркектин колдоруна денем уркуп ток ургандай алыстадым.
-Ортобузда дистанция сактайлы, экообуз тен уй-булоолубуз, мен жолдошумду суйом, аны эч качан алмаштырбайм, суйуубузго чыккынчылык кылбайм-дедим. Козунуздон ички дуйнонузду коруп турдум.
-Макул-деп корпуска чейин узатып койдунуз.
Кайтканыбызда уйго чейин алып келдиниз. Жолдошум кутуп алды. Ошол кундон кийин сизди эстечу болдум. Жумуштан чыкканымда кээде сиздин маршуртканызга чыгып калам. Сылык суйлоп, ал абал сурашасыз. Бара бара маршурткалар арасында сизди издечу болдум. Мына бугун жолугуп бет мандай олтурабыз.
-Сен эркине каршы чыгып жатабы же чын эле жолдошу барбы деп ойлогом ошондо-деди
-Айдоочусуз сапарга коп чыксаныз керек анан ар сапарда ар келинге жактыруу сезим сизде боло береби?-дедим.
-Мен эмне сага... ооба кээде жактыруу сезим болгон бирок сага окшогон "оригинал" аял жолуккан эмес-деди. Уулум болсо аквариумдагы балыктарды коруп залда жургонунон кенен олтуруп суйлоштук.
-Экообуз тен уй булоолу адамдарбыз, чек арадан чыкпайлы-деп коштоштум. Чын эле эркиме каршы чыктым. Суйуу эскиреби же жолдошумдан таппаган нерсе барбы менде? Эмнеге аны унута албайм? "Снова ягода" болуп жатасын дейт психолог. Озумду озум тизгиндейм. Андан алыстай да албайм, жакындай да албайм.
#76 06 Декабрь 2017 - 12:00
#77 06 Январь 2018 - 02:46
ulan86 (27 Август 2011 - 15:12) жазган:
– Мен өзгөрдүм, аябай өзгөрдүм. Сен билген, эч бир мыйзамга баш ийбеген, бой көтөрмө, кырс адам эмесмин. Сен жактырган алоолонгон өрт жигит азыр таптакыр башкача абалда. Эсиңдеби, сени таарынтып, катуу айтып ыйлаткан күндөрүм? Өз күчүмдү ошентип билгизгим келчү. Катуу сүйөрүңдү билсем да, мындан да ашык, мындан да берилип сүйүшүңдү каалагам. Ошондо ыйлап жатканыңды сезсем да, обочодон карап туруп басып кетчүмүн. Анткени аркамдан келериңди, кайра эле жарк эте күлүп бетимден өөп, кечирим сураарыңды билчү элем. Сен дайыма келчүсүң. Бирок бир күнү келбей, аркамдан ээрчибей койдуң. Көрсө, бапестеп көздүн карегиндей сактабаса, сүйүү да өчөт экен. Сенин сүйүүңдү өчүрүп алганымды туйбай калдым. Алгач “мейли, кетсе кете берсин. Кыз деген толтура” дегем. Артыңдан чуркап, түшүндүрүп айтуудан негедир намыстангам. Ичим күйүп, кызганычтан өрттөнүп турсам да ошенткем. Мендеги тозок күндөр сен кеткенден кийин башталды. Мурун эле кыз жандуу жаным кыздан кызды тандап жүрдүм, күлдүм. Канча кыздар колумдан, коюнумдан өттү. Бирок бири да сага окшобойт эле. Өзүм да байкабай сеникиндей келбетти, сеникиндей мүнөздү издедим. Бири да сага окшободу. Көрсө, сен таптакыр башкача экенсиң. Сендей адам бирөө гана экен. Аны сезгенде ого бетер өрттөнүп кеттим. Ичип, мушташып, ата-энемди, бир туугандарымды кыйнадым. Алар кайдан түшүнсүн. Молдо-кожолорго сүйрөп жүрүштү. Аларды кыйнай бербейин деп аракты токтоттум. Бирок жүрөгүмдү, жан дүйнөмдү боштук ээледи. Кызык, сен бактылуу болдуң бекен? Мен кандай жакшы адам болуп өзгөргөнүмдү азыр билсең, не дээр элең? Сенден мээримдүү болууну, токтоо болууну, чыдамдуулукту үйрөндүм. Эң башкысы, бирөөгө чын дилден берилгенди үйрөндүм. Эх, баары бир жолукпайбыз. Эрте жолугуп калган экенбиз, эми ойлосом. Өзүмдү ааламдын кожоюну сезип жүргөндө кезиктиң да, баркыңды билбей ажырап калдым.
Сага гана сыр кылып айтайынбы? Мен сени сагындым! Абдан сагындым! Бирок сагынганга акым жок. Анткени сен бир адамдын жубайы, бактылуу балдардын апасысың. Сенин жашооңо киришүүгө акым да жок.
Мен сени эч качан унуталбайм. .. Асылбек
Маанилуу экен
#78 06 Январь 2018 - 03:00
ulan86 (06 Август 2011 - 00:37) жазган:
- Салам Форумчулар бул жерге озунуздун журогунуздун тупкурундо жаткан сезим сырларын же болбосо унуталбай жургон сырларынызды калтырсаныздар болот...
Кээде алгачкы суйуу тууралуу кеп козголсо сени эстейм Назик. Анткени менин алгачкы суйуум сен болчусун, атына затын жарашкан Назик кыз элен. Сенин суйоорунду билип турсам да билбексенге салып сени канча кыйнадым. Кээде Назик сенин ожорлугуно тан калчу элем, акыры мени дагы суйдуруп алдын. Чынын айтсам суйуу эмне экенин сенден билдим, экообуз жургон бактылуу кундор азыркыга чейин эсимде. Сен аябай кыялкеч кыз элен, коп жакшы нерселерди кыялданчу элен. Эн окунучтуусу экообуздун кыялыбыз орундалбай калганы, билсен экообузду алыстык ажыратты. Мен айылда, сен шаарда. Кийин ойлонуп корсом шаарга кеткенде мага болгон суйуунду кошо ала кетиптирсин, сен шаарда жургон кезде сени сагынып атайын шаарга келип сени таппай кеткем. Сага болгон сагынычым кундон кунго куч ала берди. Сен болсо мени менен такыр байланышпай койдун. Кийинчерээк убакыт откоруп, дагы сени издеп келип такыр таппай койдум. Чынын айтсам сени бир жыл куттум. Акыры пайдасы жок кутуудон тажадым. Бироолордон сенин шаардан башка жигит менен суйлошуп жургондугун тууралуу соз уккам, бирок ишенген эмес элем. Тымызын сураштырсам ошол соз чындык болуп чыгып сенден биротоло конулум калды.
Ошентип бактымды башкадан издоону чечтим. Окшош кундордон тажап жургон кезде Айдай аттуу кыз менен таанышып жашоомо жаны жанылык киргиздим. Айдай экообуз жарым жыл суйлошуп, баш кошуп алдык. Кийин мени издеп келиптирсин Назик, бирок сага жолуга албадым. Себеби жубайым Айдайдын башын аттап сага жолуккум келбеди, Айдай мени аябай суйот жана мага ишенет. Мен болсо суйуктуу жубайым Айдайдын мага болгон суйуусун, ишеничин акташым керек...
Мирбек, Нарын облусу.
Кудай сакта. Эрмек болуп журбо. Коркуп кеттим.
#79 06 Январь 2018 - 16:46
Анда мен мектепте 11-класста окуйт элем. Дос кыздарыман соз айтып журуп мени кандай арбап алганынызды билбейм. Акыры сиз экообуз жолуга баштадык. Сиздин романтик экениниз абдан жакчуу мага. Кечкисин уйдогулордон жашырынып чыгып сизге жолуккан кундор дале коз алдымда. Ал кезде менден откон бактылуу Адам жок эле. Сизди каттуу жакшы кордум. Апамдын каршы болгонуна карабай сизге жолукчум. Эхх мектептен чыксам тосуп алып уйго чейин узатып келер элениз. Классташ балдарымдын сизден кызганганычы. Сиз менен эн жакшы кундорду откозуп журдум.
Ошентип мектепти аяктап шаарга окууга келе бердим. Сиз уйдун кичуусу болгондуктан айылда калдыныз. Ал кезде кол телефондор жанылдан чыгып жаткан эле. Тункусун Бекер болгон тариф болор эле. Эх чиркин тан атканча сиз менен суйлошуп эрте менен уйкусурап сабакка жонор элем. Сизге болгон суйум кун откон сайын кучоп, шаардык бир да жигитти жаныма жолоткон жок элем. Бассам-турсам сиз жонундо кыйалданаар элем.
Коендой окшош кундор отуп жатты.
Бир куну дос кызыман сиздин уйлонорунузду угуп калдым. Кунун да белгилеп койуптур леди. Аябай ыйладым. Сиздин чалууларынызды албай, смстеринизге да жооп бербедим. Себеби сизди жалган суйлоп актанат дедим. Эх ошондо сизге бир эле жолу мумкунчулук берсем азыр бирге болор белек.
Сиздин эле айылыныздан сизден бир жаш кичуу бала аркаман чуркап, тынчымы алчуу. Ошол бала менен суйлошуп мени суйсон алып кет, мени ата-энем мен тааныбаган баланс бергени жатат десем жетип келди. Бир жуманын ичинде ичимден ыйлап, сыртымдан кулуп сизге болгон тарынычым менен башканы ээрчип кете бердим. Артыман алып кетебиз деген агам менен женеме да конбодум. Кийин билдим досумун мага чыккынчылык кылганын. Баары-баары жалган тура. Бирок кеч дагы эле. Артка жол жок болчу. Себеби мен бироонун суйуктуу жары Жана дагы кош бойлуу элем. Ыйлап журдум. Куйом сурас бойумда болгонго ушинтип жатат окшойм десем, ал ансайын козуму карайт. Мен уулду болгондо сизди уйлонду деп уктум. Бирок бул жолу ыйлаган жокмун. Баламы карап отуруп жон гана сизге бакыт кааладым. Азыр мен экинин энеси болсом, сиз катарынан торт кыздуу болупсуз. Айылга барган да угуп калам. Сиз экообуз ага-карындаштай гана учурашабыз эл козуно. Ал Эми каректердин туйундо эски махабаттын учкундары дале сакталуу бойдон. Азыр да айылга барсам сизди бир корсом деп издей берём. Менин алгачкы суйуум сиз элениз Т....... Байке!!
#80 06 Январь 2018 - 17:00
Себеби:Суйуктуу жар, суйкумдуу энемин. Мени суйгон жолдошум бар.
Аркага бир кылчайсам эле сизди эстейм.
Ошол себептен алдыга умтулуп жашап келем.
ИИ баса жолдошум мени озун ээрчип келгенсин деп тамашалап калат. Аа мен ооба каттуу суйгом да деп кулом. Сиз жонундо билсе да билмексен, укса да укмаксан болгон балдарымын атасына мин рахмат!! ! Мен бактылууумун. Бирок сизди унута албайм!
Ар дайым бар болунуз ЖАКШЫ АДАМ!!!