Медицинада адамдын кайсы бир органын, жүрөк, бөйрөгүн алмаштырууда анын жашап кетүүсүнө дарыгерлер 100 пайыз кепилдик бере алышпайт. Бирок, мындай операциялар дүйнө жүзүндө кеңири жасалып, жакшы жыйынтыктарды берүүдө. Өзгөчө жүрөгүн алмаштырган адамдын ден соолугунда,
мүнөзүндө, баскан турганында өзгөрүүлөр болоору анык болгон. Дегеле, жүрөк алмаштыруу операциясы канчалык деңгээлде өнүккөнүн, ага канча акча каражаты сарпталаарын,
адамдын ден соолугуна тийгизген оң жана терс таасирин изилдеп корушкон:
Баракча 1 - 1
Жүрөк алмаштыруу мүнөз, сезим, кыймыл-аракеттин өзгөрүүсү
#1 11 Декабрь 2013 - 00:12
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#2 11 Декабрь 2013 - 00:13
Алгачкы жүрөк алмаштыруу операциясы:
Эң биринчи адамдын жүрөгүн алмаштыруу операциясын Түштүк Африкада 1967- жылы Кристиан Барнор аттуу дарыгер ийгиликтүү жасаган. Адамдын өмүрүн сактап калган бул операциядан соң, окумуштуулар "трансплантологияны"
терең изилдей башташкан. Алгачкы изилдөөчүлөр АКШлык Франк Манн, Маркус Вонг болгон. Ал убакта "иммунология"
боюнча билим деңгээли төмөн болгон жана кан жүгүртүүчү техникалык аппараттар жетишсиз эле. 1983-жылдан тартып "трансплантология"
дүйнө жүзүндөгү ооруканаларга кеңири тарай баштаган. Жүрөк алмаштыруунун эң негизги маселеси донорлордун саны болуп эсептелинет.
"Донор - бул экинчи өмүр, аны да акыл менен колдонуу керек"-деп айтышат хирургдар. Жүрөктү трансплантациялоодо адам толугу менен медициналык текшерүүдөн өтүп, жөнөкөй жана татаал тесттерди берген соң операцияга даярданат. Ал эми адамдын ички булчуңдарынын кан басымы жогору, активдүү күчөгөн оорулар, ар түрдүү шишиктер жана курагы 65 жаштан өйдө болсо, жүрөк алмаштырууга тыюу салынат. Андан тышкары аракечтерге,
психикасынан жабыр тарткан, дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтпөгөн адамдарга мындай операция жасалбайт.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#3 11 Декабрь 2013 - 00:14
Бөтөн жүрөк менен жаңы жашоо: Медицинанын жана психологиянын профессору Америкалык Гери Шварц, "Жүрөктү трансплантациялоодон кийин адамдын психикасынын өзгөрүлүшүн байкоого болот" - деген. Ал баары бир мурунку адамдын мүнөзүнө, баскан турганына, кызыккан иштерине басым кылаарын белгилеген.
Мисалы: Нью-Йорктун ооруканасында 60 жаштагы Уалиам Шериданага жүрөгүн алмаштырган операция жасашкан эле. Опперациядан кийин анын бир гана мүнөзү өзгөрүлбөстөн,
сүрөт тартуу жөндөмдүүлүгү өрчүгөнүн байкашкан. Анткени ага Кейт Невил аттуу сүрөттү мыкты тарткан, чыгармачыл инсандын жүрөгүн салышкан экен. Ал эми Массачусетс штатынын жашоочусу Дотти Коннор бийиктиктен абдан коркчу. Бирок, мындай коркуу сезими жүрөгүн алмаштыргандан кийин жоголгон. Анткени, ага альпинисттин жүрөгүн салышкан. Эми бийиктиктен корккон Дотти альпинист болууну каалайт. Жүрөгүн алмаштыргандан кийин, анын мүнөзү жана табити өзгөрүлгөндүгү жөнүндө окумуштуулар көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүзүшүп,
адамдын ички органында өзүнүн жеке биохимиялык энергетикасы жана эс-тутуму болорун аныкташкан.
Башка организмге көчүрүлгөндөн кийин психологиялык өзгөрүүлөрдү жана мээни көзөмөлдөгөн кандын элементтери иштелип чыгарын айтышкан. Көпчүлүк хирургдар жүрөк алмаштырылгандан кийин адамдын жашоо образы өзгөрүлөрүн алдын ала айтып келишет. Ал эми жүрөк алмаштыруу операциясына муктаж болгон адамдар, көбүнчө өзүн-өзү өлтүргөн же сойкунун донору болбошун талап кылышат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#4 11 Декабрь 2013 - 09:39
Аялга эркектин, эркекке аялдын жүрөгүн салса болор бекен?
Миң уккандан , бир көргөн артык !!!
#5 11 Декабрь 2013 - 19:33
А журокту тируу адамдыкын алып салышабы не?Тооба кылдым,Кудай сактасын.
#6 14 Декабрь 2013 - 16:37
#7 16 Декабрь 2013 - 02:17
SMS Aroma (14 Декабрь 2013 - 16:37) жазган:
Олгондордукун,
моргдордон алып. Олуктун ички органдарын алып , анан тигип коюшса керек кайра.
Омой десе өлгөн адамдын жүрөгү токтоп калса керек. Ал кайра иштебейтда менимче тирүү адамдын жүрөгүн алып салатко.
С деньгами можешь купить часы но не время, с деньгами можешь купить кровать но не покой!
#8 13 Март 2014 - 13:02
Tyke_2013 (16 Декабрь 2013 - 02:17) жазган:
Омой десе өлгөн адамдын жүрөгү токтоп калса керек. Ал кайра иштебейтда менимче тирүү адамдын жүрөгүн алып салатко.
Олгон адамдын журогу атайын сактоочу жайларда 2 кун жашайт.
Билдирүүнү түзөткөн: kanat4ik: 13 Март 2014 - 13:04
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#9 29 Июнь 2015 - 16:45
Мен откондо бир кино кордум согуш маалында гы бир ка иттин журогун салып койот ан сезими иттики болот не болсода ит экен адам кылып койгонуна алымсынбай акыры олтуруп койушту!
#10 19 Июль 2016 - 22:56
журоко пересадка операция каерде бар? Мен Оштон сураштырсам жок экен, журок донору болоюн дегем... Ким билет?
#11 20 Июль 2016 - 10:56
#12 20 Июль 2016 - 11:07
#13 21 Июль 2016 - 01:25
Баракча 1 - 1