аял менен тамак ичип олтуруп билди. Быйыл жаз кеч келиптир. Азыр майдын ону экен. Күн жаңы эле жылый баштады,-дейт.
Этти тамак көрбөгөндөй жеди. Эки чоң чыны шорпо ичти. Кетеринде коңшу аял:
– Ме, муну кийип алчы, күйөөмдүн калпагы эле, үйдө эле сандыктын түбүндө жатат,-деп башына эскинин жаңысы болгон калпакты кийгизди. Кейпи, чачын тасырайта кырган башына соксоюп эч нерсе кийбей жүргөнүнөн баш кийими жок экенин байкаса керек. Берки унчукпай ойлонуп турду да, “Рахмат”,-деп күбүрөй кийип алды. Үйүнө келип диванга кийимчен кулаган бойдон уктап калган экен күн шашке болгуча бут серппептир.
Бирөөнүн жулкулдатканынан ойгонду. Көзүн ачса бет маңдайында көздөрү үңүрөйүп ары кирип кеткен, бетин сакал баскан, чачы үксүйгөн бирөө турат. Кечээ өлөйүн деп атканын эстеп “мен тиги дүйнөдөмүнбү?
Аңкүр-Маңкүр дегени ушу го?”-деп ойлоду апкаарый. Тигил ырсайып койду, тиштеринин көбү жок. Барлары сапсары болуп кеткен.
– Кайраным, кечээ бир жерден жолуң болуп аябай тойсоң керек ээ?-деди. Үнү тааныш учурайт. Ой, эмне жалдырап карайсың? Же эсиңе келе албай жатасыңбы? Бүшүркөй тиктеп турду да:
– И-и, сен Ыйманбексиңби?
Тигинин көзү чекчее түштү.
– Жинди болбочу, анан ким болмок элем? Ооба, Ыйманбекмин.
– А-а, байкуш классташым.
Сен ушинтип калдыңбы? Тигил көздөрүн алаңдата өзүн карады.
– Кантип калыпмын? Дөөрүбөчү?
– Дөөрүбөй эле... Мынчалык сага эмне болду?.. Кой, сага кыйын болду...
– Мага эмне болуптур? Тигил ордунан турду.
– Кой... айтканда эмне, айтпаганда эмне, сен да өлгөн турбайсыңбы!
Мен азыр мончону жагайын, сен да мендей болуп жуунуп-тазалан.
Анан чогуу өлөлү. Бизде башка жол жок. Барар жерибиз да жок. Ушуну түшүн.
– Э-эй... ээ-й, Сакиш, сен соосуңбу я-а? - Кичине артка кетенчиктеди.
– Мен соо элемин, мына сен соо эмессиң. Сен мен айтканды аткарып соолугушуң керек,-берки ордунан турду. Тигил:
– Э-эй... эй, мени жайыма кой. Өлсөң өзүң өлө бер.
Чалынып-чулуна эшикке жөнөдү. Кечээ Туйту айткан “Сапарбек акылынан айнып калыптыр”-деп.
Ишене берген эмес.
-О-ой токто. Кайда качасың? Баары бир эртедир-кечтир барар жерибиз ошол жак болгон соң минтип кор болбой эртерээк кете берели.
Ыйманбеги дикилдей чуркап чыгып кетти. Шашканынан эшиктерди да жапкан жок. Берки турган ордунда кала берди. “Шордуум ай, түк акылга көнбөйт экенсиң да”,-деп койду. Табарсыгы толуп калыптыр. Эшикке чыкты. Күн бүгүн да ачык экен. Дубал кырларындагы кечээки өзү оңдоп койгон жерлер көзүнө татынакай көрүндү.
Дагы аялынын кербезденип шылдыңдап караган элеси көз алдына тартыла түштү. “Энеңди... мен сени шылдыңдатып коёт бекенмин!
”. Дарбазасын караса койкоюп турат. Болгону сыры туурулуп түшүп, эскириптир.
Үйүнүн сыртынын да ар жеринин шыбагы сыйрылып, таргыл болуп калыптыр. “Ата көрү, мынча болду, баарын кырып салып кайра кара шыбактап туруп актап койсом. Тигил дубалды да мелтиретип кара шыбактап туруп актасам. Дарбазаны сырдап койсом. Мени көмгөнү келгендердин көзү ачылат эле,-деди да кайра оюнан айный түштү. - Ту-уу, анын баарын качан жасап бүтөм. Кой, андан көрө бүгүн эле өлө берейин. Кара боюм таза. Кийимим таза. Калганын эл көтөрүп кетер”. Дагы аялы көз алдына тартылды. Чүйрүңдөп үйгө кирбей, бутунун учу менен басып жийиркенип турганы. Кирдеген чайнеги менен кирдеген кружкаларын көрүп “айбанча жашап жүрүп айбанча өлгөн экен. Мына, атаңар ушундай иттен айырмасы жок неме болчу. Ошон үчүн силерди алып келип көрсөткөн эмесмин”,-деп балдарына айтып атканы элестей түштү.
– У-уу, энеңди... ######, түбүмө жетмек элең жеттиң го. Көзүнөн жаш чыга түштү. Жо-ок, мен сага шылдың болбойм. Мен сага көрсөтөм. Адамдык жашоомду уурдаттым эле сага, эми адамча өлөөрүмдү да уурдатайынбы.
Жо-жо-ок. Уурдатпайм.
Эми мен адамча өлөм. Көзүңдү гана кашайтам. Мурдуңду чүйрө албай оозуң ачылып, ээгиң түшөт,-тиштенип алды.
Көзүнө мал сарайдын үстүндөгү кызыл карагай устундар урунду. “Ушу устундарды түшүрүп туруп тактай тилгичине тилип тактай кылып сатыш керек да, акчасына сыр, аки таш алыш керек”,-деген ойго кетти. Кечээ сарайын тинтип жүргөндө көргөн, короосундагы тактай тилген станогу кала бериптир. Эмне болуп сатылбай калганын түшүнбөдү. Араасы резиналардын арасында басылып жатыптыр, мотору жер төлөдө экен. Бүт кечээ көргөн. Баарын кураштырып кирди. Түш жарым асылып атып оңдоп алды. Иштетсе “зыр” деп иштеп кетти. Кубанганын айтпа. Лом салып оодарып атып бир устунду түшүрдү да, астына тирөөч коюп жатып эптеп тактай тилген станогуна жеткизди. Анан станогун иштетти. Анча-мынча колу калчылдаганы менен тактай тилишти унутпаптыр.
Зыркырата тилип кирди. Кечке үч устун тилди. Бир топ тактай болду. Бешимде шайы ооп жүрбөй калды. Өзөгү карайып, ичи аркасына жабышып ачка болду. Улам эрдин ###### коёт. Заардан бери суудан башка эч нерсе наар алган жок. Коңшу аялдыкына баргандан айбыкты. Башка кошуналары менен түк киришип-чыгышпайт.
Ал түгүл азыр тааныбайт деле. Кой, жок дегенде эки тактай сатып бир аз азык-түлүк албаса болчудай эмес.
Татынакай тилинген эки тактайды дарбаза сыртына сүйрөп чыкты эле сураган кардарлар бат эле көбөйдү. Көбү “канча бөтөлкө аракка?”-дешет.
Аракка эмес акчага десе ишенкиребей карашат. Эң кызыгы, азыр тактайдын кубу канчадан экенин билбейт экен. Айласы кеткенинен сыр бербей “базар баасынан кичине түшүрүп ала бериңиз” дегенге өттү. Коңшу көчөдөгү кошуналарынын бири курулуш куруп аткан экен. Короосундагыны да кошуп, бүт сатып алып кетти. Сибирдин кызыл карагайынын устунунан тилинген арзан тактайды тургузчубу.
Бул күнү бир бөлкө нанды суу менен ичип жатып алды. Эртеси чөнтөгүнө түшкөн миң сомдон ашык акчасы менен алгач курулуш материалдарды саткан жаймага барды. Мыкты кайың сап менен сапталган түрлүү балталарды көргөндө жүрөгү дүкүлдөп, колдору калчылдап кетти. Өзүн кармана албай калды. Үч түрлүү балта, төрт түрлүү сүргү, үч түрлүү араа, үч түрлүү балка, мык сууругуч алды. Өгөө, кайрак, беш түрлүү ойгуч кески алды. Шыбакка керектүү үч түрлүү калак алды. Анан балта курчуткан чарыкчыга барып балталарын өзү карап туруп мизилдете тарттырып, албарстай курчуттурду.
Мунун баарын эмнеге жасап атканын ойлонбоду. Сыр алайын десе акчасы ченелүү калыптыр, аки алды да үйүнө кайтты. Жолдон чай, кант, нан, колбаса, картошка, май алды. Минтип курсагына карабаса иш арбычудай эмес. Үйүнө келип тамактанып алып тамынын сыртын сыйрууга киришти. Кечке бир капталын сыйрып бүттү. Коңшу аял келип:
– Я-а Сапар, эмне иш баштадың?-деди таңдана.
– Кара шыбагын сыйрып туруп кайра шыбап, анан кум шыбактап туруп актайын деп жатам.
Бул аял Сапарды сыртынан багып байкатпай байкап жүргөн. “Устундарын тилип саткандан кийин, эми өкүртө ичет го?”-деген. Жок ичпеди. Демек, чын эле оңоло баштадыбы? Ишенбей турду. “Тобоо, ушунча жыл аракты кууп ичип, алкаш болуп калган неме да оңолобу? Дарыланбай,
бирөө кой дебей, өзү эле оңолуп кетеби? Тобоо, буга Кудай өзү жол көрсөттү же чын эле акылынан айныды”,-деп коёт ичинен. Анткени, коңшусу акылынан айнып “белая горячка” болуп калыптыр деп: “Балээ болуп мертинтип коюп жүрбөсүн, абайла”,-дешкен.
– И-и, ырас кыласың. Канча жылдан бери каралбай, өңү өчүп кетпедиби...
– Ошо да, эже. Киши киргис болуп калыптыр. Оңдобосом болбойт. Өлсөм көмгөнү келгендер жийиркенбегендей болсун.
– Ботом, жашсың го, өлгөндү айтпачы...
– Акыры барар жерибиз ошол жак да.
– Аның туура дечи. Ошентсе да Кудайдын берген өмүрүн жашайын деген жакшы. Өлгөндөр эле жыргап кетиптирби.
..
– Тирүүлүктө адамча жашай албагандан кийин өлгөн деле артыкпы деп калдым, эже.
– Аның туура, Сапар, адамча жашай албаган соң өлүү-тирүүңдүн айырмасы кайсы? Мына, сен акылыңа келдиң. Тиги алкаш досторуңду айт. Эмне ичип, эмне жеп, кайда жатып, кайда туруп жүргөнүн билишпейт. “Тирүү” деген эле аттары.
– Мен да ошону айттым. “Силер баары бир өлгөн адамсыңар”,
-десем укпай атышпайбы...
– Мейли, укпаса жайына кой. Эми сен аларга кошулба.
– Мага аларга кошулууга убакыт болбойт го, эже.
– Анан эмне, ботом. Иштеген адамда да убакыт болчу беле. Андан көрө үйүңдү шыбап бүткөндөн кийин менин үйүмдүн да сыртын шыбап, тигил дарбазамды оңдоп бербейсиңби?
Акысын берейин. Берки үнсүз ойлонуп калды. Ичинен “буларың жөн өлгөнгө да мүмкүндүк бербейт го”,-деп ойлоп кетти. Бирок, акча керек. Дарбазасын,
үй ичин, терезелерди сырдаш керек.
– Шартка карайлы, эже...
– Тамагыңды да берип турам. Баягы өзүң шыбаган бойдон оңдолуп, кайра шыбала элек.
Мен шыбадым беле дегенсип ойлонуп калды. Бирок, качан шыбаганын эстей албады. Коңшу аял болсо: “Муну акылынан айныды дегендери жалган го. Сопсоо эле көрүнөт. Аракты таштап оңолгонун көрө албай жатышса керек. Адам деген ошо да”,-деп ойлоп койду.
Ишти жүрөгү сагынып калган экен. Колдору бир аз калчылдап, муундары титирегени менен тим эле тажабай иштегиси келет. Эки күндө үйдүн сыртын бүт сыйрып, кырып шыбакка даярдап тазалап чыкты. Анан кара шыбакка мыкты топурак, кум шыбагына майда кум түшүрүшү керек экен. Ушунун баары акчага келерин ойлобой баштаптыр. Сарайдын устундары түгөнгөн. Сатаар эч нерсеси жок. Эсине коңшу аялдын акыга үйүн шыбатайын дегени түштү.
Ошол эле күнү барып сүйлөштү. Астын ала акысынын жарымысын алып, өзү тандап мыкты топурак түшүрттү да, ылайына суу куюп ийлеп жаткырып коюп коңшу аялдын үйүнүн сыртын кырып кирди. Эки күнгө жеткирбей анын үйүнүн да сыртын кырып койду. Аңгыча өз үйүнө деп жаткырган ылайдын ийи жетип бышып калган экен, эки-үч күн ийлемейин шыбачу эмес. Денесинен кара тер аккан сайын муундарынын калчылдаганы азайып, тарамыштарына күч кирип, колдору титиребей иштеген иштери жымылдай баштады.
Күндөрдүн да кандай өткөнүн билбеди. Жаңы шыбалып жарашыктуу сырдалган үй түбүндөгү орундукта күн батып баратканда үңкүйө ойлуу отурду. Улам айланасын карап коёт. Жайдын саратан кечи. Жашыл сыр менен сырдалган жапжашыл дарбаза. Үйдүн ичи-сырты бирдей мелтирете түптүз шыбалып, аппак акталган. Терезе кашектерден бери сырдалып, тим эле жаңы үйдөй. Короо-жай иреттүү. Баягы устундарын алган сарай үстү кайра шиферленип жабылган. Эки ай мурдагы ушул үй, короо-жайды таанып болбойт.
Жаңы эле мончодон чыккандыктан баш кийимин алып койду. Жаңы чачын шыпыргандыктан башы сокудай болуп күнгө жалтырайт. Сакал алгандан бетер айына үч-төрт жолу өзүнүн чачын өзү күзгүгө карап шыпырып жүрүп айда көнүп алган экен, кесилген жерлери жок.
Баягы жаздагы бармактай болгон алмалар азыр чыныдай болуп кызгылт түс ала баштаптыр. “Тобоо, ушунча убакыт өттүбү. Азыр жай аяктап калса керек го”,-деп койду. Кайсы ай, кайсы күн экенин эстей албады. Шыпылдаган бир жигит келип эки күндөн бери жанын койбойт.
– Байке, сиздин гана колдон келет дейт. Тигил капчыгайдын ичине эс алуу үйлөрүн курдуруп жаткам. Бирин-бирине окшотпой быйыл төрт үй курушум керек. Үйлөр тим эле көз тайгылып карап тургудай, жомоктогудай кооз болушу керек. Анткени, жалаң чет өлкөдөн келген меймандар эс ала турган жай болот. Сизге жалаң доллар менен төлөйм. Каалашыңызча жардамчы алыңыз. Дагы бир орус уста жигит келет. Ал Европа стилинде салат. Сиз чыгыш стилинде салышыңыз керек. Сураштырсам бул чөлкөмдө сизден ашкан уста жок дейт. Анын үстүнө тигил коңшу айылдагы Аргендин үйүн укмуш салыпсыз. Эч кандай проектиси жок эле жалаң кол менен салган дешет го,-деп.
Ичинен “Тынч өлгөнгө да мүмкүндүк беришпейт го”-деп ойлоп койсо да сыртынан:
– Иничек, колум бошобойт го,-десе:
– О-оо, байке, кайдагыны айтпаңызчы.
Үй шыбап, дарбаза жасагыча мага иштегениңиз жакшы да. Сиз менин канча төлөөрүмө түшүнбөй же доллар менен төлөйм десем ишенбей турат окшойсуз,-деп нааразы боло: - үч күндөн кийин келейин, жообун берсеңиз,-деп капкара чет элдик машинасына түшүп алып зыр коюп кете берди. Жүрөгүн түпөйүл кылган жигиттин сөзү деле эмес.
(Уландысы кийинки санда)
Чолпонбек Абыке уулу - "Качкын" "Качкын","Өлүмгө даярдык".
#42 25 Май 2015 - 12:00
Бүгүн күндүзү айылдаш бир абышка өлгөн экен. Топурак салганы барып келген. Мындай маркумду коюуга акыркы жолу качан барганы эсинде жок. Бармак деле эмес. Өлгөндөн кийин кандай коёт болду экен, эмне салт-санаасы бар билип, деги эле көрүп коёюнчу деп ойлоп барган.
Абышка өзү нечен жыл чоң кызматтарда иштеп жүрүп айылга карыганда келген. Эки эле уулу бар экен, анын бири наркоман болуп түрмөдө дейт. Экинчиси деле оңуп кеткен неме болбосо керек, барган эл жерге түкүрүп күңкүлдөп сөз кылып жатышты. “А-аа, кокуй, “жакшы жүрмөк бар, жакшы өлмөк жок” деген ушул тура. Нечен жыл чиренип эл башкарып, айылдаштарына, туугандарына сыртын салып жүрчү эле минтип өлгөндө жаман уулу союшуна бир жылкы чыгара албай эптеп арык уй сойду. Жыртыш бере албады. Атүгүл кепинине ак мата таппай баланчадан карыз алган имиш. Кокуй, тиги баланчанын балдар-кыздары кыйын экен беш кара союп, килейген күмбөз тургузушпадыбы. Уят эле иш болду. Топурак салганга да эл жарытылуу келген жок. Курусун... курусун... өзү менен кетсин”,-дешип сакалдуусунан жашына чейин түрлүү сөзгө калчап жатышты.
Сапарбек сөзгө кошулбаса да бүт кулагын төшөп эсине түйүп олтурган. Мына азыр ошону ой тизмегинен чууртуп таразалоодо. Оор үшкүрүп койду. Үйүн иреттеп бүткөндөн кийин эски диванын өрттөп жиберип жаңысын алган. Анан өзүнө жетээрлик идиш-аяк, жаңы жууркан-төшөк, газ алган. Жалгыз бой кишиге ушул жетет. Көргөндөр деле “жалгыз бой жашаган неме ашык дүнүйөнү башына урабы. Туура эле жашаптыр” дейт да деп койгон. Аталаш тууганы жок, демек, союшуна мал чыгарчу эч кимиси жок. Атүгүл кепинине ак мата апкелер кишиси да жок. Үйдөгү акчасын ичинен эсептесе кепиндикке жетчүдөй, бирок, малга жетпес.
Дагы аялы көз алдына тартылды. Чүйрүңдөп, “өз керт башын эле ойлогон неме болчу. Курсагы тойгонуна кубанып жүрүп тартайып өлүп алганын кара. Мунун чыгымын да эми балдарым бар деп мен көтөрөт экенмин да”,-деп итиреңдеп жатканы бир элестесе, кайра “Көмсөңөр көмгүлө, көмбөсөңөр ачык таштагыла. Эч кандай союш-поюшка чыгым боло албайм. Балдарын куурап багып келатканым да жетишет”,-деп тескери бурулуп “керек болсо келип балдарына топурак салдырганыма кубангыла”, -деп элге кошулбай колун чөнтөгүнө салып дулкулдап ары-бери басканы көз алдына элестей түштү.
– Алда арыңды дурайын ###### ай, деле мага итиреңдеп коёт. Ме сага... Бармагын салаасынан чыгара бет алдына сунду. – Ушуну жепсиң. Мен деген баарын дайындап коюп кетем. Союшума килкилдеген беш-алты жылкы, кепиним, жыртышымдан бери дайындайм. Тигини... тигини... ушу сенин тилиңди буубасам элеби. Чимкиригиң чыгып ыйлагандай кылбасам элеби. Сен менин түбүмө жеттим деп жүрсөң керек... Жо-ок, мен сага көрсөтөм,-деп бакылдап сүйлөнө кетти.
Дайым сүт, айран алып жүргөн келин дарбазадан кирип келатып беркинин кимдир бирөө менен сөгүнүп-сагынып сүйлөшүп жатканын угуп кичине ачып дарбазаны түрткөн боюнча туруп калды да, ким менен урушуп жатат болду экен деп жылчыктан караса короодо жан киши жок. Өңү кубарып кетип кайра артка качты. Эл арасында “Сапарбектен абайлагыла, акылынан айнып калыптыр. Өзүнчө сүйлөнүп жиндеп кетмейи бар экен. Мындай неме кишини майып кылып койсо да жооп бербейт. Анан калса колундагы узанган балталары да жалаңдап тим эле устарадай курч”,-деше турган.
Ордунан тура калчылдап, ачуусун араң токтото ары-бери баса баштады. Мурда ушинтип жүрөгү тилине ачуусу келгенде аракты бөтөлкөнүн оозунан суудай жутчу. Ошондо көксөөсү сууй түшчү. Азыр антпейт. Арак ичүүгө убактысы жок. Өлүмтүк камын эртерээк бүтүрүү керек. Шыпылдаган жигиттин сөзү эсине түшүп кайра олтура кетти. Жанагы доллар дегени эмне болгон акча? Канча ойлонсо да түшүнүгү жетпеди. “Түгөнгүр, түшүндүрүп айтса болмок экен”,-деп койду күңкүлдөй. Эми ийини уркуюп башы салаңдай кайра ойго чөктү. “Адамча жашай албадым, жок дегенде адамча өлөйүнчү”,- деп күңкүлдөдү. Жан чөнтөгүнөн саатын алып чыгып карады. Бул маалда сүт, айран саткан келин дайыма жаңы сүт, жаңы айран алып келип калчу эле кечикти го, колу бошобой калса керек. Өзүм эле барып келейин деп ордунан тура жөнөдү. Тери кургап калган башына калпагын кийип алды.
***
Эх, тирүүлүк ай... өлбөчүдөй болуп жүргөндө жашоодон сынарын билди беле? “Тагдырды өзүм жасап коём. Жашоо жыргалчылыгын тургузуш балтамдын мизинде”,-дечү эмес беле. Ошончолук болгон. Он жылдыкты окуп бүтүп-бүтө электе эле айылга уста атыга баштады. Эл стол, стул жасатууга кезекке турушчу болду. Анан калса бышык да, көркөмдүү да жасачу. Эч убакта шашчу эмес. Эмнени болсо ийнине жеткире жасачу. Түйшүк кичинесинен мойнуна илинди. Согуштан бир бутунан айрылып, бир колу оңдуу иштебей келген атасы сөзү менен башкарбаса ишке жарачу эмес. Эжекеси экөө кичинесинен ички-тышкы жумушту бирдей аткарып таңдан кечке колхоздун жумушунан колу бошобогон апасына бел болуп өсүштү. Мындай түйшүк экөөндө эле эмес согуштан кийинки балдардын дээрлик бардыгынын мойнунда болгондуктан, анда катардагы көрүнүштөй кабылданчу эмес беле.
Онду бүтөрү менен борборго жогорку окуу жайына барам, окуйм дебеди. Иштеп кетти. Атасы майып болгондуктан, үйдөгү жалгыз каралашчу эркек катары аскерге да албады. Бүкүр уста атыккан райондун аймагына белгилүү чоң уста бар болчу. Өзү келип мага өнөк бол деди. Онду бүтөр жылы бир жай жардамчы болуп чогуу үй куруп калган жайы бар эле. Карт уста ошондо баланын жөндөмүн байкап калган көрүнөт да. Тим эле чекеден тери куюлуп кубанганын айтпа. Ата-энеси да маңдайлары жарыла сүйүнүп колдошту. Бүкүр уста жөн уста эмес болчу. Райондун аймагындагы эң кымбат уста эле. Ага менмин деген байлар үйүн курууга берчү. Ошого жараша Бүкүр уста да бир курган үйүн экинчисине окшотпой улам түрлөп, келиштире салчу. “Бүкүр устага курдургам”, “Бүкүр уста салган” дегендин өзүнүн эле чоң атак, баасы бар эле. Ушул сөздүн өзүндө эле сапат, кадыр-барк жатчу. Ошентип, Бүкүр уста менен беш жылга чукул иштешти. Күнү-түнү чогуу жүргөн күндөрү болду. Акыры карылыкка алдырып баратканын түшүнгөн устаты өзү үй кармаган чоң иштерди таштап Сапарбекти “Эми өзүңчө устачылык кыл. Сен мага өнөк болбой эле мен сага өнөк болуп калдым. Карылык деген карылык экен, сага карааным эле болбосо жардамым аз тийип, түйшүктүн көбүн сен жеке тартчу болдуң. Рахмат, ушул кезге чейин өз баламдан артык сыйлап, айтканымды эки кылбадың. Мен да сенден бар билген өнөрүмдү аябай үйрөттүм”,- деп батасын берип коштошту.
Ишке тойбогон жигит кези. Анан калса бүт табитин, ырахатын усталыкка берип, башканы ойлочу да эмес. Тапкан-ташыганы кеңейип апасы колхоздун жумушун таштап, үйдөгү мал-жанды эрмектегенге өттү. Баласынын тың чыкканына атасы да терисине батпай кубанып, тели-теңтуштарынын арасында золобосу бийик.
Ошондо Арген аттуу бай жигит үйүмдү салып бер деп калды. Бул үй Бүкүр устадан бөлүнүп чыккандан кийинки биринчи кармаган үйү болмок. Өзүнчө “салганга жараша баштаганда эле көрүнүктүү үй салайын. Каалаган курулуш материалдарым менен камсыз кылып бере алгыдай чөнтөктүү байлар чыккыча үй курулушун кармабайын. Болбосо “Бүкүр устадан бөлүнгөндөн кийин колунан эч нерсе келбей, катардагы усталардын бири болду” деген сөзгө калам”,-деп сактанып, улам “үйүмдүн курулушун кармап бер” деп келгендердин бир даарына бош эмесмин десе, бирлеринен кымбат сурап качырып, чоң курулушка чыкканга шашпады.
Күндөрдүн биринде өзү толук келген, кычырай кийинген жигит аппак “Волга” менен келип түштү. Огородунда алма бутап жүргөн. Саламдашкандан кийин:
– Мени сизге Бүкүр уста жиберди. Үй салдырып жаттым эле, ички жыгач жумушун кармап берээр уста издеп жүрөм. Сизди макташканынан келдим,-деди Сапарбекти сынай жүлжүйө тиктеп. “Чын эле ушул жигит чоң устабы? Жаш неме го?”-дегенсип. Минген машинасын, кийген кийимин карап “күткөн кишим келсе керек” деп ичтен жым дей түшсө да сыртынан сыр бербей:
– Салса салабыз. Болгону биздин баабыз кымбат. Себеби, сапаты да ошончо болот. Анан биз сурагандай сапаттуу курулуш материалы менен да жабдышыңыз керек,-деди өз баркын көтөрө. Бир чети кантер экен?-деп сынады. Тигил көздөрүн мурдагыдан да жүлжүйтө тиктеп калды. Ичинен “Тигинин дымагын” деди көрүнөт.
– Маселе акчада эмес, маселе үйдүн салынышында. Өзгөчө керемет менен буга чейинки курулган үйлөрдүн бирине да окшобогондой кооздолуп салынышы керек. Эскертип коёюн, колумдан келет десең гана карма,-деди кичине үнүн кекерлүү чыгара.
Сапарбек ойлонуп калды. Жүрөгүнүн толтосуна бармактай муз тоңо түшкөнсүп, кимдир бирөө “ушул үйдү курганы барбай эле койчу”,-деп кулагына шыбырагансып тарткынчыктай түштү да:
– Ойлонуп көрөйүн. Башка да кардарлар түшүп жатты эле,-деди өзүнө-өзү ишенкиребей. Тигил шарт бурулду да “Волгасына” олтуруп зуу деп кете берди. Артынан узата карап “эмне болуп кетти? Алгач келгенде кубанып кетпедим беле? Анан кайра баргым келбей калды. Мындай акчалуу адам эми чыга коёрун Кудай билет, макул дей бербей”,-деп кейип да алды.
Ушул кечте эле баягы “күркүл” кайра келди. Бул жолу Бүкүр устаны сала келиптир. Учурашкан соң устаты Сапарбекти өзүнчө чакырып чыгып: “Бул район эле эмес облустагы эң бай жигиттерден. Даярдоо конторунда иштейт. Үйүн сала бер. Өз колуң менен салган биринчи үйүң болот. Эл көзүнө жарк деп көрүнө түшөсүң”,-деди Сапарбектин оюндагыны айтып. Көрсө, тигил Бүкүр устаны “өзүңүз башына туруп бериңиз”,-деп кыстап жаткан экен. “Мен эми карыдым. Ушул жигит менден да ашкан мыкты уста”,-деп Сапарбекти көрсөткөн экен.
Ошентип курулушту колуна алып калды. Бир гана жардамчы алды. Ишти баштаганда тез бүтүр деп шаштырбасын суранды. Күндөр сымырап өтүп, мезгилдер алмашты. Сапарбек күнү-түнү үй курулушунда. Үй салган жок. Оюнчук салды. Тим эле терезе кашектеринен баштап эшиктерин, үйдүн чатырын, балкондорун көз ала албай карап эле тургудайсың. Атүгүл башында көп ишенкиребей мамиле жасоочу кожоюн да улам бүткөн иштин жыйынтыгын көргөн сайын оозу ачыла “тобоо, чын эле адам колунан ушундай иштер жаралат тура” дегенсип, тили күрмөөгө келбей чекесинен тери куюлат. Башында “Бул жери мындай, тигил жери тигиндей болсо...”-деп кийлигише берчү эле кийин “өзүң бил, өзүң бил, мага мындай жыгач, мындай краска, мындай материал таап кел деп кой болду, жерден чукусам да табам”,-деп эпилдейт. Курулуш материалдардын көбүн четтен алдыртты. Үйдүн улам бүтүү мөөнөтү жакындаган сайын кожоюндун достору экскурсияга келгенсип көргөнү көп келишет. Бир күнү чыдабай кетип “үй толук бүткүчө эч ким көргөнү келбей турса болот эле”,-деди кожоюнуна. Ошондон кийин көрүүчүлөрдүн аягы тыйылды. Сыртынан караганда суктандырган, ичине киргендин оозун ачырып таңдандырган ушул үйдүн курулушу мына-мына бүтөт деп турганда жолукту. “Өмүрүмдү башка нукка буруучу жан дүйнөмдү берип иштеген ишимден ашкан кымбат нерсе жоктур”,-деп жүргөндү көзүн тике карап терге чөмүлүп кылдын ортосунан балта менен бөл десе так чабуучу колдору калчылдап калуучу абалга жеткирген күчкө жолукту.
Демейдегидей узанып жаткан. Жардамчысы үйүнө суранып кеткен болчу. Өзүн бирөө тиктеп турганын сезип, караса босогодо жука, гүлдүү көйнөгү жумуру балтырларын араң жапкан ак жуумал, бакыраң көз, сулуу кыз астына таштаган бир өрүм чачынын учун кармалап тиктеп туруптур. Экөөнүн көздөрү чагылыша түштү. Жигит биринчи көзүн ала качты. Жонунан чыпылдап тер чыга түштү. Кыз шайдоот:
– Саламатсызбы? Кечириңиз, ушуларды сиз кол менен жасадыңызбы? -деди өзү турган эшиктин кооз туткасын кармалап. Жигиттин кекиртегине эт тыгылгансып шилекейин жутканга да жарабай сүйлөйүн деп сүйлөй албады. Атүгүл колунан сүрүп аткан рейкасы түшүп кетти. Кыз:
– Мен кармашайынбы? Жардамчыңыз жокпу?-деп шыпылдай басып келип, рейканын бир башынан көтөргөндө жигит экенчи башынан көтөрдү. Экөө дагы тиктеше түшүштү. Жигит мурда мындай сулууну көрбөптүр. Деги эле кыз аттууну көрбөсө керек. Эриндери мөлтүрөп бүлдүркөндөй, мурду кырдач, бакырайган көздөрүнө музоо кирпиктери жарашып ийилет. Көкүрөгү тикчийип, жука көйнөктү тиреп үрптөрү көйнөк сыртынан билинип турганына караганда‑‑‑ жалаң этине эле көйнөк кийип алса керек. Аппак жумуру балтырлары түптүз, шыйрагы шыңга боюнун көркүн арттырып, бели ичке келип, жамбашы жайык.

#43 26 Май 2015 - 10:43
Мындай жомоктогудай кооз үйдү ким салып жатат?-десем,
сизди айтышты. Көрөйүнчү деп кире калгам. Менин атым – Зоя, сиздикичи?-деди кыз тартынбай.
– Сапарбек,-деди жигит бар күчүн жыйып. - Сизди мурда бул аймактан көрбөптүрмүн, -деп кошумчалап койду.
– Мен эжекемдикине коноктоп келгем. Чоочун кыз кайдан келе калды деп жатасыз го? Бул тегеректеги кыздар сизге тийишип жатышса керек. Баары эле ооздорунан түшүрбөй укмуш уста деп алышыптыр го,-деди тыкылдай кылыктана моймулжуп карап.
– Жок. Кыздарды деле тааныбайм... Эч ким деле тийишпейт,-деп жигит өзүнчө эле шашкалактай актана кетти.
– Коюңузчу... Кантип эле эч кимди тааныбай калат элеңиз?.. Сизди бүт таанышса сиз эч кимди тааныбайм дейсиз...-деди кыз дагы тийише.
Жигит апкаарый түштү да, кайра “Бир көргөн кызга мынча эмне актанып, алактап атам?”-деп ичтен ойлой боюн жыйды.
– Эми тааныбайм дегеним, жакын сырдаш эмеспиз дегеним да. Мындай өң тааныштар бар. Учурашып коёбуз,-деди күнөөлүүчө үнүн пас чыгарып.
– И-и, ошентпейсизби. Эркектер кыйынсыңар. Кыздар менен таанышсаңар эле “Сенден башка эч кимди тааныбайм. Сенден башка эч кимге көз сала элекмин” деп киресиңер,-деди үстөмөндөй.
– Менин андайым деле жок,-деди Сапарбек үнүн коомай чыгара. Кыздын өтө ачыктыгы көп жага бербеди. Чекесинен аккан терин колунун сырты менен сүртө аарчый ишин токтотуп, арыта турган чайнектеги муздак чалаптан жутту. Кыз шыңкылдап күлүп койду. Секелекче так секире улам бир бөлмөгө жүгүрүп “Ойи-ий, укмуш экен”,-деп көрүп жүрдү. Бир топто кайра жигитке келип:
– Укмуш эле акча кетсе керек. Мындай үйдү шаардан да көргөн эмесмин. Сизге да кымбат төлөйт болсо керек,-деди көздөрүн бакыраңдата. Жигит эс алайынчы деп көчүк басып отурган эле.Сөздү башкага буруш үчүн:
– Шаардан келдиңизби? -деди кызды астыртан карай.
– Ооба, шаардан келдим десем да болот, шаарга жанаша райондо жашайбыз. Айылдыктар бизди шаардыктар деп коюшат.
Жигит үндөбөдү. “Шаарда өскөндүктөн ачык-айрым окшойт” деп ичинен ойлоп койду.
– Искусство институтунда окуйм. Студенткамын. Буюрса, келаткан жылда бүтөм. Жигит сурабаса деле өз таржымалын айта баштады. - Музыкадан берген мугалимдин, анан айылдык маданият үйүнүн уюштуруучулук кесибинин ээси болуп чыгабыз. Айылдагы жашоого кызыгам, бирок, өзүмдү айылда жашай алам деп элестете албайм,-деп дагы жыргап кыткылыктап күлүп койду. Анан өзүнчө чочуй:
– О-ой, мен кетейин. Эжекеме кайда барарымды айтпай эле чыгып кеткем. “Кайда жүрөсүң?”-деп такалайт. О-о, очень строгий эжешкам бар. Тим эле жанымды сууруп алат. Пока, уста жигит,-деди да жүгүрүп чыгып кетти. Этеги жайык кыска көйнөгүнөн ак балтыры булактай, бир өрүм чачы кылактай жигиттин жүрөгүн сууруп, кошо өзү менен ала кетти.
Сапарбек эси ооп, отурган ордунан тура албады. Эриндери араң кыбырап “кош” демиш болду. Нес болуп катты. Кулагы чуулдап кыздын үнү жаңырат. Күлкүсү жаңырат. Элеси жаркылдап күлүп астынан ары-бери өтүп кылактайт. Канча отурду ким билсин, ордунан сүйрөлө туруп өнөгү экөө жатып жүрүүчү бөлмөдөгү ордуна араң жетти да күп жыгылды. Ошо бойдон ордунан турбай, тамак да ичпей жатып уктап кеткен экен, түшүндө мойнуна кара чаар жылан оролуп алыптыр, демин кысып муунтат. Эми эптеп бошонуп алып ыргытса ажыдаарга айланып соро турган болуп калат. Жанталашып качайын десе кача албайт. Ажыдаар узун тили менен ороп алып оп тартат. Улам ажыдаардын оозуна кирип, кекиртегинен өтө турган болуп калганда колуна кайдан-жайдан өзүнүн жакшы көргөн албарс миз балтасы урунуп калат. Бир шилтем менен боюна оролгон тилин кесе чабат. Ажыдаардын арсайган азуу тиштеринен кутулам деп улам бирин үзө чабат. Ошондо да ажыдаардын оозунан чыга албайт. Тим эле жаналакетке түшөт. Ушинтип кыйналып атып эшиктин калдырап ачылганынан ойгонуп кетти. Алма-чөлмө терге түшүптүр. Көрсө, өнөгү келген экен. Ал беркини тиктеп турду да:
– Сапаш, ооруп калган жоксунбу? Өңүң жаман,-деди. Өзүнөн эки жашча улуу жигит болчу.
– Жок. Соо элемин. Болгону түндө жаман түш көрүп кыйналып чыктым. Ошонуку го,-деди жооткото.
– Ошондой эле болсун. Бүтөөрүбүзгө аз калганда...-деп койду да, өнөгү эртең мененки тамакты даярдоого киришти. Сапар туруп шашпай жуунду. Ойгоноору менен кызды эстеди. Көз алдынан басса-турса кошо ээрчип кетпейт. Түндөкү көргөн коркунучтуу түшүн да унутуп калды. Ичинен “Кайдан да жолукту эле? Кантсем эми?..”-дейт. Иш башталгандан сынай караган өнөгү:
– Сапаш, сен чын эле соосуңбу же бир жериң ооруп турабы?
Түшкө жакын баягы Зоя дагы шаңкылдап кирип келди. Өнөгү менен да тааныша кетти.
– Тим эле укмуштай үй салып жатыпсыңар, -деп мактады.
Өнөгү үйлүү-жайлуу болуп калган сөзмөр жигит эле. “О-о, сенин көргөндөн көрө элегиң көп. Үй толук бүткөндө даана оозуң ачылат. Ошондо биздин колдон тим эле өпкүң келет”,-деп бакылдап кыздын суроолоруна буйдалбай жооп берип, аны да тамашалап күлдүрүп көпкө кетирбей кармады. Сапар да сөзгө аралашып, боюндагы баягы калтырагы тарап, үстүнөн оор жүк түшкөндөй жеңилдеди. Кыз шаңкылдап күлгөн сайын жан дүйнөсү балкып жал-жал карайт. Сөз кезеги келсе апкаарыбай куудулданып жооп берүүгө жарап, ичинен кыз кетпей дагы тура турса деп тилейт. Кыз кеткенден кийин өнөктөшү:
– Ух ата, тим эле жүзүмдөй мөлтүрөп бышып турган кези экен. Сапаш, сөз салсаңчы? Өзү да сага улам сөз агытып, кыйгач карап кылыктанып тийишип турат. Бойдок экениңди укса керек го,-деди сынай карап.
– Кайдан?.. Мындай шаардыктар биздей айылдык устаны карамак беле. Анын үстүнө билимдүү да неме экен. Өзүндөй билим-илими бар немени көздөйт да,-деди көңүлсүз. Ушуну ойлогондо жүрөгү “тыз” деп үшкүрүп да алды. “Билимсиз калгыча сыртан болсо да бирөөсүн окуп койсом болмок экен, эмгиче бүтүп да алмакмын”,- деди ичинен. Өнөгү өз оюн бербей кайра сөз улады.
– Ээ, Сапаш, койсоңчу ошол билимдүүсүнгөндөрдү. Сенин алдагы алтын колуңду акылы бар киши бир эмес эки дипломго да алмашпайт. Галстук тагынып, бир шымын күндө үтүктөп кийип, папке көтөргөнү болбосо, аларыңдын турсалары жыртык. Мына чыныгы кесип ээси деп сени айтыш керек. Көп эле уста менен иштегем, сендейди көрбөгөм. Колуң тийген нерсе гүлдөй түшөт го. Эгер жанагы кыздын өңүнө жараша акылы болсо, сендей жигиттин этегине жүгүнүшү керек. Сага тийсе өмүр бою эч нерседен кем болбой өтөт. Аялга андан башка эмне керек? Балдарын багып, күйөөсүнүн тапканын ичип-жеп жыргап үйдө отура берсин да, туурабы Сапаш? Демек, бул сенден менимче жок дебейт. Эгер көңүлүң болсо сөз сала бер,-деди ишенимдүү.
Түпкү сезиминдеги жаңы тутанган от ушундай кубаттоону эле күтүп турса керек жел тийгендей “дүр” дей түштү чиркин! “Өзүмдү эмнеге кемсинтем? Өнөгүм турганда чын эле дипломдуудан кемминби? Керек болсо мындан сулууларга да сөз салсам жарашпайт бекенмин”,- деп кайраттана кетти.
Ошол күндөн баштап боюна карап, таза кийинип,чачын тегиздетип, сакал-мурутун күндө тазалап кырына баштады. Иште да өзгөчө иштерман болуп чыга келди. “Оозу ачылсын. Көргөндө көз күйгөндөй кылайын”,-дечү болду. Зоя эмнегедир бир жумача кирбей калып бир күнү адатынча “жарк” деп күтүүсүздөн пайда болду. Сапар дубал боорундагы атайын оюлуп калтырылган орунга кийим илүүчү шифоньер жасап жаткан. Тобурчак терип кубалашкан тыйын чычкандардын сүрөтүн жыгачка оюп түшүрүп жасалган шифоньер али бүтө элек болчу. Кирип келди да, көпкө үнсүз Сапардын ийкем кыймылдаган колдорун карап калды. Анан:
– Сиз сүрөт окуу жайын бүттүңүз беле?-деди таңданганын жашыра албай. Сапар тыйын чычкандын оюлган кулагындагы жыгачтын пырын үйлөп койду да кызды эми байкагансып:
– А-а, саламатсызбы Зоя?.. Кандайсыз? Көптөн бери көрүнбөдүңүз го?-деди сөздү башкага буруп. Кыз жигиттин сөзүн укпагансып, шифоньерди колу менен аяр сылап:
– Менин да ушундай кийим салган шифоньерим болсо...-деди да жигитти жалт карай суроосун кайталады.
– Сиз сүрөт окуу жайын бүттүңүз беле?
– Жок, эч кандай окуу жайды бүткөн эмесмин. Мектепти бүткөндөн кийин эле ушул кесипке өтүп кеткем,-деди көңүлсүз.
– Тим эле карап эле тургудай жасайсыз. Сүрөтчүлүк талантыңыз күчтүү экен. Сүрөттү сонун тартат болсоңуз керек?
– Жок. Калем менен эч нерсе тарта албайм. Ал эми тигил аспаптар колумда турса, өзүнөн-өзү эле эмнени жасайм десем жасала берет. Керек болсо сиздин турпатыңызды деле жыгачтан оюп жасап коё алат болушум керек,-деп арыта жаткан балта-чот, жыгач ойгуч аспаптарын көрсөтө ачыктана сүйлөп ийди да, кайра эрдин тиштей ашыкча мактанып ийдим окшойт деди. Кыз сөз кезегин коё бербеди.
– Чын эле менин турпатымды да жыгачтан жасай аласызбы? Мага окшотуппу? Коюңузчу? Тим эле көздөрүн жайнатып эзилип тиктеди.
– Чынында кичине ашык айттым көрүнөт. Ушул кезге чейин бир да жолу адамдын турпатын жасай элекмин. Балким, жасай аламбы дейм.Чекесинен тер чыга түштү. Кайдагы жок нерсе тилиме келе калды экен, уяла бети да чымырап кетти. Аңгыча өнөгү түштөнүүгө чакырып калды. Оор абалдан чыкканына кубана:
– Жүрүңүз, биз менен чай ичиңиз,-деди кызга. Зоя кичине ойлоно калды эле,-же усталар менен чайлагыңыз келбей турабы?-деди какшык жылдыра. Кыз адатынча шартылдай:
– Мейли, чай ичсе чай ичели,-деди.
Сапарбек жуунганы кеткенде өнөгү жөн турбай чабуулга өттү:
– Биздин Сапарбек устабыз сизге ашык болуп калыптыр, Зоичка. Күнү-түнү уктабай ойлонгону эле сиз. Тим эле жанын коёрго жер таппай жүрөт. Мынчалык бирөөнү сүйгөн адамды биринчи көрүшүм,-дей салды үнүн пас чыгара шыбырай.
– Коюңузчу... Тамашаңыз го?-деди кыз эмне айтарын билбей.
– Нан урсун, чын сөзүм,-деди берки каргана.
– Мен шаарда өсүп-чоңоюп айылдын шартын түшүнө бербейм. Анын үстүнө шаарда сөз салып жүргөн жигиттер деле бар,-деп аягын туюктай бүдөмүктөттү. Аңгыча Сапар келип калып сөз башкага бурулуп кетти. Улам бир тамаша айтышып түштөнүү көпкө созулуп калды. Каткырып күлүп атышып үйдүн кожоюну Аргендин кирип келгенин да байкабай калышыптыр.
– Усталар мынча эмне каткырып жатап десе Зоичка бар беле?-деди ал кирип келип.
Баары орундарынан ызаат көрсөтө тура калышты. Зоя эмнегедир кызарып кетти да:
– Саламатсызбы, Арген байке!-деди уялыңкырай.
Арген баары менен кол алышып көрүштү да Зоянын колун өөп:
– Кандайсың, Зоичка? Супсулуу болуп жаркылдап жүрөсүңбү?-деди көздөрүн кымыңдата тиктеп.
Сапар ичинен “Бул Зояны кайдан тааныйт?”-деп ойлой кызгана кетти. Зоя болсо “Жигиттер, жакшы калгыла. Мен кеттим”,-деди да, беркилер сөз айткычакты эле жылт коюп чыгып кетти. Арген бир нерсе айтканы оозун таптап келатканда Сапардын өнөгү озуна:
– Бул Зояга биздин Сапаш аябай ашык болуп калыптыр. Кантип сөз саларын билбей тынчы кетип, түнү уйку көрбөй жүрөт,-деди Аргенгежымыңдай карап көз кыса.
Арген эмнегедир кичинеге ойлоно калды да анан:
– Эгер Зояны чын эле жактырсаң, аны алыштын жарасы жеңил. Менин бир ооз сөзүм. Эжеси өзү үйүңө жеткизип берет. Зоянын эже-жездеси менен менин алыш-беришим бар. “Пык” деп көрүшсүнчү момуну төбөлөрүнө ойното коёюн,-деп эткел муштумун көрсөтө каткырып койду.
Сөз ишке бурулуп кетип башка Зоя жөнүндө кеп козгошподу. Канткен менен Аргендин жылуу сөзүнө Сапарбектин ичи жылып, кубанганынан өзүнчө эле кудуңдап жүрдү.
Тим эле Зоя экөө баш кошуп жашап жаткандай сезип кетти. Элеси көз алдына тартылып, ал түгүл жанынан өткөндө “бур” дей түшкөн бир башкача жыттуу атыры мурдуна дагы урунгансып магдырай түшөт.
Арадан үч күн өткөндөн кийин адатынча шаңкылдап кирип келген Зоянын колуна Сапарбек оромол карматты да:
– Өзүң ачып көр,-деди.
Табышмактуу оромолдун ичин көргөнгө ашыккан кыз чечкиче шашты. Ачаары менен көздөрү бакырая таңданганын жашыра албай бирде Сапарбекти, бирде колундагыны карап туруп:
– Оой, куурчак... Бул мен го... Мага окшош го,-деди мукактанып.
Чын эле куурчак Зояга куюп койгондой окшош болчу. Биринчи күнү келгендеги гүлдүү көйнөк кийип, астына түшкөн бир өрүм чачын колдору менен кармалап бажырап жылмайып турган кыздын сөлөкөтү болчу. Өтө чеберчилик менен жасалып, боёктору да таасын тандалгандыктан, тим эле тирүүдөй көрүнөт.

#44 26 Май 2015 - 10:51
сандарда)
– Чын эле мага окшош экен,-деди Зоя куурчакты колунда суктана айландыра карап. Анан Сапарды элжирей карап туруп бетинен “чоп” дедире өөп жиберди да:
– Рахмат! Мындайды күткөн эмесмин. Эжеме көрсөтөйүнчү. Көргөн көзүнө ишенбейт болушу керек. Сен уста эле эмес сүрөтчү да турбайсыңбы, -деди да жүгүргөн бойдон чыгып кетти. Кейпи эжесине мактангыча шашты окшойт.
Күйө албай турган отко май чачып жибергенсип кыз бетинен өпкөндө Сапарбектин денеси от менен жалын болуп кетти. Жигит мындан ары чыдай алмак эмес. Өнөгүнө “Зояга сөзсүз үйлөнүшүм керек. Ансыз мен үчүн жашоонун кызыгы жок”,-деп жүрөгүндөгү сырын айтты эле андан аркы окуя түшүндөгүдөй болуп кетти. Азыр толук да эстей албайт. Өнөгү Аргенге кептин чоо-жайын түшүндүрүп, “жардам бербесең болбойт” дептир. Жума өтпөй той болуп Зояга үйлөндү да калды. Алгач өңүмбү же түшүмбү деп өзүнө-өзү ишенбей да жүрдү. Ушинтип өңү-түшүн айра албай арадан төрт-беш жыл өтүп кетиптир. Экинчи уулу төрөлүп улам чоңойгон сайын жүрөк сыздаткан оору пайда болду. Өзү табиятынан сары, бүт урук-тууганы менен сары, көк көздөр. Аялы ак саргыл, кой көз. Биринчи уулу да өзүндөй сары. Ушул экинчи уулу төрөлгөндөн башкача. Каратору, тармал чач, бакыраң көз, каректери капкара, мурду коңкогой.
Шыбыр кептердин асты Сапарбектин да кулагын жанып өтчү. Бирок, бир да жолу маани бербеди. Ал үчүн Зоя эч кимдин колу жеткистей башкача болчу. Жаман сөзгө кыйчу эмес. Ушак деп койчу. Бала чоңойгон сайын Зоянын да кыялы өзгөрдү. Өзүнөн-өзү туруп жиндеп жок жерден чыр чыгарат. Бейкүнөө баланы сабайт. Тим эле өзүн коёрго жер таппайт. Кайненеси келип “ушул уулуңарды бизге бербейсиңерби. Биз багып алалы”,-деди эле Сапарбектин апасы “Өзүбүз деле баштан тажагандардан эмеспиз. Өзүбүз эле багабыз”,-деп жуутпай койду. Сапарбек жумушунан баш көтөрө албайт. Эртең менен таң ата кетет да түн ортолой кайтат. Көп учурда конуп иштемейи да бар. Кардарлар күн мурунтан кезекке туруп күтүшөт. Мингени машина, турмуштары жетиштүү түгөл, айылдын байы десе болот. Зоя айылдын маданият үйүндө иштейт. Район, облус, республика деп семинарларга катышмайлары бар. Кээде жумалап республикада жыйналыш, семинар деп жүргөн күндөрүндө да Сапарбек “Үй бетин көрбөй калдың да”,-деп кыйытып болсо да сөз айткан жан эмес. Тапкан-ташыганын бүт апкелип бергенди гана билет. Эрдин момуну болду. Жалгыз келин болуп кайнене, кайнатасы деле кысымга алганды билишпеди.
Күндөрдүн биринде, демейдегидей жумуштан кеч келсе адатынча апасы жатпай күтүп олтурган экен. Аялы эчак жатып алыптыр. Тамагын ичип бүткөндөн кийин “Уулум, отурчу сүйлөшөлү”- деди апасы олуттуу. Өтө жүйөлүү-олуттуу кеп болгондо гана апасы ушинтпесе күнүмдүк кеп-кеңешти тамактанып олтурганда эле айтып койчу. Ошондуктан, чарчап жаны жер тартып турса да туруп баратып кайра унчукпай отурду. Апасы кичинеге үнсүз отурду да, оор үшкүрүп алып кебин баштады.
– Уулум, кептин ачыгын айтайын, келиним экөөңөрдүн ортоңорго от жагайын дегенден алысмын. Мени туура түшүн. Илгертен “камчысы катуу эркектин катыны абийирдүү” деген кеп бар. Сен катыныңа какыс-кукус кылып эр өңдөнүп койгонду койдум, деги эле катыны бар эркектей эмессиң. Эртең менен кетесиң, кечинде кеч келесиң. Аялың өзү менен өзү. Каалаганын кылат да жүрөт. Кечке үй бетин көрбөйт. Анысы аз келгенсип, барган сайын уялбай эле кызуу келчү болду. Элдин оозун ким тыят. Кеп-сөз да болуп бүттүк. Ага деле кулак бышып калды. Тигил борбордо жыйналыш десе эле жүгүрөт. Күйөөсү, үй-жайы бар катынча “кой, шартыма карайын” дегенди билбейт. Баарыдан да мына бул чычкандай балада эмне күнөө? Кызуу болуп келсе эле ушуну тытып сабап калат. Күнөө өзүндө да. Кичинекей периштеде эмне жазык? Бүгүн мен келип калып ортого түшпөсөм өлтүрүп коймок окшойт,-деди. Буулуга көз жашын жоолугунун учу менен аарчый сүйлөй албай турду да:
– Секет кетейиним, өзү да баладан башкача зирек. Энесинин көзүнө көрүнбөгөнгө аракеттенип менин этегиме корголоп турат. Үч жашар баланын акылы ушунча деп ким ишенет?
– Эмнеге баланы урат?-деди Сапарбек апасына делдее карап. Өзү да жанатан апасынын сөзүнө бир теригип, бир дымып уйкудан жаңы ойгонгонсуп отурган. Баласынын суроосуна эненин ичинен тим эле кан өтүп кетти. “А-а, кокуй, балта-чотун көтөрүп устачылыктан башканы билбей жүрүп дөдөй болуп калган тура. Бул байкуш ушул кезге чейин баласынын өңүнө маани берип деле карай элек болсо керек да. Болбосо, “баласы баягы парторг болуп жүрүп республикага чоңоюп кеткен Кайдылданын эле копиясы. Тобоо, ушундай да окшош болмокпу?”- деген элдин сөздөрүн кулагы чала элек го дейм. Ушунча да аңкоо болобу? Үйдө жүрсө Зояш, Зояжан деп көзүн карайт да турат. Же мунун башын айлантып келесоо кылып койгонбу бул бейбак?”-деди ичтен сыза. Тилин таптап нечен болгонун болгондой “катының баягы парторг Кайдылда менен күнү-түнү семинарлап кетип жүрүп сага балканактай бала төрөп бербедиби. “Букасы бөлөк болсо да музоосу биздики” деп унчукпай багып отурабыз. Анан катының “ойнош оттон ысык, ажырашкан соң боктон сасык” болуп ал Кайдылдасы борборго которулуп кетип карабай калгандан бери ызасын баладан чыгарып жатпайбы”,- деп айта сактаса да батына албады.
Антиштин ордуна жөн салды четин кыйытып:
– Ботом, өңү кара тору болгонго жерип жүрөт го,-деди кымырына.
– Эмнеге жерийт? Кайненем таекелерине окшоп калыптыр дебеди беле,-деди уулу күңкүлдөп.
Энеси астындагы орундугу менен уулун башка ура сактап өзүн араң кармады. Жүрөгү кысылып ооруп чыкты.
– Кой уулум, минткениң болбойт. Катының менен эркекче сүйлөш. Эми жаш эмес. Бир эмес экини төрөдү. Үйдү үй, жайды жай кылган катын. “Эсиң барда этегиңди жап” деп айт. Бой катынча колоктоп жүргөнүн токтотуп үйгө караласын. Мен да картайдым. Келининин жөн чыкканына кейип жүрүп атаң да эрте кетти. Болбосо, дагы беш-он жыл жашайт беле,-деди көз жашын сүртө.
– Коюңузчу апа, Зояда эмне күнөө. Жүрсө иши менен жүрүп атпайбы. Жумушу ошондой турбайбы. Артисттерди тигил жакка, бул жакка алып барат экен. Жыйналышка барбаса да болбойт экен. Эми иштебей үйдө отур дейинби?
Апасынын айласы кеткендей ордунан бөкчөйө тура жөнөдү да:
– Кой, уулум, сага корогон кайран кебим. Атаңды тартсаң камчың кайраттуу эле болот болчу. Атаңды тартпапсың. Ата уулу болбой калыпсың. Койнундагы аялына ээ боло албай төшөгүн тебелеткен эркек да эркекпи? Адамча ырысын көрө албасаң тапкан дүнүйөңдүн опасы кимге? Энелик парзымдан кутулуп бир акылымды айттым, мындан ары эмне кылсаң өзүң бил,-деди да, өз бөлмөсүнө кирип кетти.
Сапарбектин башы кеңгиреп дагы көпкө ордунда отурду. Буга чейин мынчалык узун сөздү эч кимден укпаса керек. Анан барып бөлмөсүнө кирди. Аялы адатынча чалкасынан түшүп керилип уктап жаткан экен. Жумуштан келген сайын ушинтип уктап жатканын суктанып карап далайга отурчу. Сулуулугуна суктанып карап отуруп ырахатка батчу. Анан уйкусун бузуп албайын, табияттын сулуулугун бузуп албайын деп акырын коомайлана төшөк четине жата кетчү. Бүгүн биринчи жолу жүзүнө жакындап жытын искеди. Чын эле оозунан арагыбы, коньягыбы ичкиликтин жыты буркурайт. Тим эле башы кеңгирей түштү. Өзү ичкилик аттууну оозуна алчу эмес. Мынчалык кайдан ичкен? Ким менен ичкен?-деп ойлой кыжаалаттана төшөк четине жантайды.
Эртеси адатынча жумушуна эрте кеткен жок. Уйкусунан ойгонгон Зоя жанындагы күйөөсүн көрүп чочуп кетти.
– Э-эй, сен уктап калдыңбы? Эмне жумушуңа барбай калдың?-деди таңдана. Каруусунан булкуй.
– Жумушка кечирээк барам. Андан көрө кел сүйлөшөлүчү.
– Эмнени?-Зоя көзүн чекчейте бир карап алып кийине баштады.
– Кечээ кайдан ичип келдиң? Кимдер менен ичип жүрөсүң?
– Анын эмнесин тергейсиң? Энең жамандадыбы?
– Апам жамандаган жок. Жытыңдан билдим.
– А-а, жыттачу адатың жок эле го. Жыттай баштадыңбы? Калп каткырып койду. - Жумушта шарты чыгып калып ичтим да. Же күйөөм жыттайт, корком деп ичпей коёюнбу?
– Акырын эле сүйлө. Мен сенден жай эле, акырын сурап жатпаймбы?
– Мен деле акырын эле сүйлөп жатам. Сүйлөгөнүм ошондой. Тобоо, ушунча жыл жыттабай жүрүп эми жыттай баштаган экенсиң да ээ.
– Мирбекти эмне көп урасың? Мага ушуну түшүндүрчү? Кичинекей балада эмне күнөө? Анын эмне жазыгы бар?
Зоянын көзү алаңдап кетти. Бети бир кызарып, бир бозоруп, ал түгүл колундагы кийип жаткан жемпирин да түшүрүп жиберип кайра алды. Чачтарын силке артына жыйып өзүнө келе албай жатты.
– Анча болду айт. Акыры айтылмак, айт. Эркексиңби? Акырына чейин айтып, сен да бугуңду чыгарып ал. Балаңды таякелерине окшош деп жымсалдабай эле кой. Чоңойгон сайын парторг Кайдылдага куюп койгондой окшоп баратат деп айтпайсыңбы.
– Эмне-е? Эмне деп дөөрүп атасың?-Сапарбек ордунан чок баскандай секирип кетти.
– Жетет... жетет... энең экөөң билмексен болуп мени ичиңерден жектеп, сыртыңардан сыр бербей эзип жеп бүттүңөр. Силердин билмексен болуп жегениңерге мен мындан ары чыдабайм. Ооба, бала Кайдылданыкы. Билгениңерди кылгыла! Мага десең мени бышырып же! Аялы жарыла албай чыңалып араң жүрсө керек. Жарылып кетти. Жедеп өзүн-өзү жеп, шылтоо таппай жүргөн экен, шылтоо тапты. Акыры ушул болмок го.
– Эмне... эмне деп... мен сени азыр... Сапар кандай ордунан атып туруп Зояны уруп калганын билбей калды. Тигил эки-үч ала салып тоголонуп кетти да, ордунан атып туруп эшикке жүгүрдү.
– Кокуй, өлтүргөн атат! Жардам... эл-журт, жардам... Жер-сууну буза бакырып көчөгө чуркап чыкты. Сапар ордуна шалк отура кала берди. Башы айланып кеңгиреп астындагы жер айланкөчөк атып, туруп баса албады. Өз бөлмөсүнөн жүгүрүп чыккан энеси алактай:
– Эмне болуп кетти кокуй?!-деди, чочуп ойгонуп бакырып ыйлап аткан неберелерин бооруна кыса. Бат эле кошуна-колоңдор чогулуп калышты.
– Мен калбайм. Калсам бул өлтүрөт. Соо койбойт,-деп жулунган Зоя бир аз кийимдерин, эки баласын алды да ушул эле күнү төркүнүнө кете берди.
– Койсоңчу, Сапардай күйөөнү таппайсың,-дегендердин сөзүн укпады.
– Силерге бердим ушунуңарды. Алгыла алтыныңарды! Мен алтындыгын көргөн жокмун. Энеси экөө мени тымпыйып тиктешип атып эзип бүтүштү,-деди дулдуңдап.
Энеси ошондо ооруп жыгылып, турбады. Бир айга жетпей кете берди. Бир жумадан кийин Зоя келип бүт үйдү көчүрүп кетти. Колуна илингенди бүт алды. “Муну калтыр, бул сага тийиштүү эмес” деген эч ким болбоду. Энеси өлгөндө топурак салганы келбей койду эле, эл жерге түкүрдү. “Бул катын көпкөнүнөн көзүнө эч нерсе көрүнбөй калган экен” дешип. Зоя балдарын жулкулдатып кийинтип жатканда Сапарбек кичүү баласын талый карап калды. Чын эле баягы парторг Кайдылданын өзү, тобоо. Ушул кезге чеийн байкабаптыр. Ичи өрттөнүп дем ала албай, сүйлөгөнгө жарабады. “Зоя, ушинтмек белең? Сен кантип ушундай ишке бардың? Чын эле Зоя ушундай белең? Жок! Ишенбейм. Кантип эле сенин периштеникиндей денеңди бирөөлөр көрсүн? Кантип эле сенин өзүм өпкөндөн аячу алкымыңды башка бирөөлөр жыттап, мөлтүр эриндериңе башка бирөөлөр эринин тийгизсин? Кантип эле сен кайдагы бир кадырыңа жете албастардын астында ушаланып жатмак элең? Жок. Ишенбейм! Кантип?! Кантип?! Ак никелүү күйөөң туруп башка бирөөдөн кантип төрөп коёт элең? Ушундай да болобу?” Ичтен сыздады. Эч нерсеге түшүнө албай сыздады. Зоясынын, өзү периштедей бапестеп эркелетип, кирпигине чаң жугузгусу келбеген Зоясынын, сыртынан көчөдө басып баратканын карап туруп “карагылачы менин периштемди! ” деп сыймыктанчу Зоясынын башка бирөөлөр менен арак ичип мас болуп, кучакташып, жытташып айбанча оонап жатышын такыр көз алдына элестете албай сыздады.
Эртең Зоя келип “Ачуум менен болбогон нерселерди айтып койдум. Баары калп деп айтабы?”-деп күттү. Жок. Баары тескери айланды. Аялы кеткенден кийин кулагы шумдуктарды укту. Бирине ишенсе, көбүнө ишенбеди.

#45 26 Май 2015 - 10:58
Парторг Кайдылда тим эле аялындай урунуп ал түгүл тигил республикага чейин алпарып далай чоңдорго салып берчү экен. Ал түгүл “жалаң ушул Зояны чоңдорго салып берип жүрүп чоңоюп кетип атам”-деп мактанган имиш. Аялы кетсе да жаман ойлогусу келбеди. Чогуу жашаган өмүрүндө “Сен Зоя” деп койбоптур. Эмнесинен жазды. Бир жолу чала-була муштап койгонун бетине кармап “керек болсо сени соттотуп ием”,-деп коркутуп сот аркылуу ажырашып үйүн саттырып, бүт акчасын өзү алып Сапарбекти талаага таштап кете берди. Ошондо өмүрүндө биринчи жолу оозуна арак алды. Түз эле бөтөлкөнүн оозунан жутту. Мас болгондо ботодой боздоп ыйлады Зоялап, “кечирчи, кайра келчи!”-деп бир жалынса, кайра “тирүүлөй өрттөйм!”-
деп бууракандады.
Бара-бара көз ачпай ичкенге өттү.
Ошентип Сапарбек эжекесинин үйүнө келип калган. Колунан келип турганда бул үйдү да эжекесине өзү салып берген. Эжеси раматылыгы болгур төрөбөгөн аял эле. Эки эрге чыгып төрөбөдүң деп ажырашкандан кийин башка эрге да чыкпады. Бала ордуна иниси Сапарбекти бала кылып өзү өлөөр-өлгүчө кирпигине чаң жугузбай бакты. Айыккыс оорунун азабын тартканы аз келгенсип, жалгыз инисинин тагдырына жүрөгү тилинип жүрүп эрте көз жуумп кете берди.
Баракталган өмүрдүн арты ушундай. Астында бир гана максаты – эртерээк өлүмтүгүн даярдап бүтүш. Башка эч нерсе менен иши жок. “Адамча жашай алганым жок, адамча өлөйүнчү” деген гана өзүнө-өзү өчөшкөн өжөрлүк.
***
Айласы кетип, чыдамы түгөнгөндө баягы эле кошуна эжесине кирип сураганга аргасыз болду.
– Эже, бир суроо сурайынчы.
– Сурай гой, билсем айтайын... Эжеси жайдары тосуп алды.
– Доллар деген эмне акча, эже?
– А-а, аның жанагы Американын акчасы тура. Биздин акчадан күчтүү болот экен. 1 доллары 25-30 сомго барабар.
– Анан аны бизде урунса болобу?
– Болот. Болмок түгүл эң сонун болот. Азыр баягы заман жок. Кайсы мамлекеттин акчасы болсо да алмаштыруучу жайдан алмаштырып алып уруна бересиң.
– Жөн эле алмаштыра береби?
– Ооба, жөн эле алмаштырат. Суроо-сопкут жок. Эмне, долларың бар беле? Күлүп койду.
– Жок, эже, кайдагы доллар? Бирөөлөр иштеп бер, акыңды доллар менен төлөйүн дейт. Ошого сурап жатам.
– А-а, түшүндүм, жанагы чет элдин машинесин минген жигитпи? Ал төлөсө төлөйт. Тигил биздин капчыгайды сатып алып эс алуу үйлөрүн салдырып жаткан имиш. Аябай бай жигит дешет. Кайындары чоң кызматта иштеген неме дешет го.
Сапар үн деген жок. Кичине олтуруп турду да, чыгып кетти. “Баары бир долларын түшүнчүдөй эмесмин. Анын үстүнө алмаштырыш да керек дейт. Андан көрө сом менен төлө дейин”,-деп чечти.
***
Иш кызуу башталды. Айылдан жумушчуларды эртең менен автобус менен алып кетет да кайра кечинде жеткиздирип коёт. Түшкү тамагын өздөрү иштеген жерден дайындаттырып берет. Сапарбектин түйшүгү үйүнө үч килейген жылкы сатып алганда күчөдү. Бул малды күтүштүн да түгөнгүс азабы болорун билбептир да. Жем-чөбүн даярдап учуру менен бермей, сугармай, астын тазаламай. Жетише албай жаны төрт чарчы болчу болду. Анан калса баары килеңдеген семиз жылкылар. Уйку деген кыскарды, күнүнө төрт-беш саат уктабаса калганы жылкы бакмайдын ташпиши менен. Күндүз кечке жумушта жүргөндө бирөө үйүнө көз салып турбаса семиз жылкыларды колдон талашкан уурулар күндүз эле алып кетчүдөй. Арга жок килейген “азиат” деген ит сатып алып короосуна жылкылар менен кошо бакмайга өттү. Баары бир каралашкан кишинин колу керек экени билинип турду.
Жылкыларды сатып келгендин эртеси күнү эле көптөн бери ойлогон оюнун өтөөсүнө чыксамбы деген. Иштеп аткан ишинин аягына чыга элек. Жарымына араң келди. Кожоюн кичипейил жакшы жигит экен. Асты-үстүнө түшүп байкелеп турат. Кээде өзүнүн чет элдик машинеси менен үйүнө чейин жеткизип келип кайра кетет. Ушундай жигитти кыйбады. Эгер өзү жок болсо баштаган ишин башкалар аягына чыгара алмак эмес. Болбосо, эсептеп көрсө даярдыгы деле бүтүп калгансыйт. Кепиндик матасын алып койду. Жыртышына да кенен жеткидей мата алды. Ал түгүл кургак азык-түлүк, ун, күрүч, суу май, мейиз, жүзүм, таттуунун түрлөрүнөн бери дайындады. Өзүнө үч сыйра жаңы кийим даярдады. Союшуна килейген үч жылкы. Кете берсе болмок. Карабайсыңбы артында жарымы бүтүп, жарымы бүтпөгөн жумушу калып турганын. Тигил жигит:
– Айланайын байке, колуңуз кол эмес эле алтын тура. Чет элдиктер келсе ооздору ачылат го,-дейт бүтүргөн иштерин көрүп тамшанып. Өзү да эми өлөрүмдө эл айта жүргүдөй иш калтырайын деп берилип иштечү болду.
Дагы да болсо кошуна эжеси кыйын абалына жардам берди.
– Я-а, Сапаш, кечке жумуштасың, кечинде келип үй-жайың менен алексиң. Байкасам түн ортосу оогуча кыбырап жүрөсүң. Таң атпай турасың. Андан көрө менин жээним бир айдан бери менин үйүмдө бош отурат, үйүңө каралашканга кызматчы кылып албайсыңбы? -деди.
Сапарбек түшүнө бербей аңкайып калды да кайра суроо узатты:
– Кандай кызматчы, эже?
– О-о, ботом, азыр өзүңдөй акчаны көп тапкандар үй кызматчы алып калган. Анын эмнеси бар. Эртеден кечке сен жумушта жүргөндө малыңды карайт. Үй-жайыңды карайт. Огородуңду карайт. Кириңди жууп, тамагыңды жасап коёт. Сен болсо ай сайын акысын, айлыгын берип турасың. Жаның төрт чарчы болуп бөлүнбөй жыргап каласың.
– Я-а, ушинтсе болобу?
– Болбогондо эмне. Тапканың жетсе болот.
Чын эле кийинки кезде жетише албай кыйнала баштаган. Какчыйып арыктап да кеткен. Ичтен ойлонуп калды. Сунуш жакшы. А айлыгын берип турганга күчү жетер бекен.
– А-а, айлыгы канча болор экен, эже? Мен төлөп турганга жараар бекенмин?
– О-о, кокуй Сапаш, азыр айылда жумуш жок. Бош олтургандар көп. Айлыкка 500 сом берем десең “ляпай” дегендер четтен чыгат. Сапарбек ишене бербеди.
– Чын элеби, эже? 500 сомго сиздин жээниңиз макул болобу?
– Болот. Мен сүйлөшөм. Алгач 500 сом айына деп көрөлү. Жагып баратса кичине көбөйтүп коёрсуң.
Экөө макулдашышты. Кошуна эжесинин үйүндө бир келин кирип-чыгып жүргөнүн көргөн, бирок, ким экенине, кайдан келгенине кызыкдар болгон эмес.
Эртеси таң ата кошуна эжеси жээнин жетелеп келип калыптыр. Аты Атыргүл экен. Таанышкан соң бир сыйра чарбасын көрсөтүп чыкты. Кичине тартынып кээ бир иштерди кыйгап өтөйүн деди эле баягы эле эжеси жардамдашып, үй ичин иреттеп, кечки тамагын жасап, чогулган кирин жууп, огородун карап тургандан бери кошту. Атыргүл “макул, макул” дегенден башка сөз деле айтпады.
Сапар аны бир эле жолу карап койду да башка дит багып карабады. Аксаргылынан келген сулуу сымак келин экен. Жашы отуздун ичинде болсо керек. Дарбазанын, үйдүн кошумча ачкычтарын берди. Атыргүл үйдү тоноп келген жагына кете бербесине эжеси кепилдикке өттү. Атыргүл тың келин экен. Ишти тыкан, ар нерсени орду менен жасачу болду. Алгач ишенкиребей жумуштан келгенден кийин бир сыйра текшерсе, бара-бара күмөн санамайы кала баштады. Өзү да тыңып өңүнө кирип оңолуп алды. Иштен келсе тамагы жасалуу, кийсе кийими жуулуу. Огороду да, деги эле үйдүн ичи-тышы иретке келип, жашоосу көркүнө чыга түштү. Жумушта жүргөндө көбүнчө кеч чыгып калганда мал эмне болду экен санааркачу. Эми андан да ою тынч. Болгону “баштаган ишин эртерээк бүтүрүү керек да, көп чойбой кетиш керек”,-дейт басса-турса.
***
Атыргүл Сапарбекке такыр түшүнө албады. Алгач үйүн иретке келтирип ишин жөндөп койгондо рахмат айтып кубанат го деген. Бул адам ак да, көк да дебеди. Болгону күндө келген сайын бир сыйра өзү текшерип чыгат да, унчукпай келип тамагын ичет, анан жатууга кам урат. “Мен кете берейин”,-десе: “бара бериңиз”,-деп коёт кайдыгер. Ал түгүл жүзүнө да тигилип карабайт. Ушунча болуп көздөрү көздөрүнө урунуп көрө элек. Жаңы алган телевизору иштебей турат. Бир жолу коюп олтурса “койбой эле коюңузчу. Бузулуп калбасын”,- деген. Ошондон кийин ага жолобой калган. Алгач таң калып жүрдү. Бара-бара “бул бир иштеген ишинен башканы билбеген макулук турбайбы”,- деп ойлой баштады. Кээде “мени бир жан бага албаганынан жалданган байкуш катары көрүп теңине албай жатат го”,-деп арданчу да болду. Бир жолу:
– Үч кысыр, семиз жылкыдан көрө боозун алсаңыз тууп бербейт беле,-десе:
– Буларды туудуруп эмне кылам? Өлсөм өлүмтүгүмө жетсин деп эле багып жүрбөймүнбү. Эл этти кенен жесин, дагы экини алып койсомбу деп атам,-дегенде даана оозу ачылды. Ичинен “айыккыс оорусу бар го, кейпи рак болуш керек. Эртең-бүгүн өлөм деп даярданып жүргөн неме го”,-деп боору да ооручу болду. Эч ким менен ымала кылбаганы да ошондон болсо керек деп ойлой баштады. Анан аялдык кызыкчылыгы артып эмне оорусу бар болду экен, дагы канча өмүрү калды экен, билгиси келет. Кантип сураштын ылайыгын таппайт. Таежесинен сураса “Оорусу болсо болгондур. Көп жыл баш көтөрбөй арак ичкен неменин ден соолугу соо дейсиңби?”- деп койду. Сапарбектин бардыгы иреттүү, эмнеси болсо да орду-ордунда жарашыктуу жасалган үйүндө кечке жалгыз жүрүп түрдүү ойлорго түшөт. Өз өмүрүн тизмектеп эстеп санаага чөгөт. Ушул үйгө келип иштей баштаганга чейинки өмүрүнүн көбү кээде түш сыяктуудай сезилет.
Челнокко барып иши түзүк боло баштаган, анан күндөрдүн биринде күтүүсүз күйүп кетти. Өзү менен өзү болуп иштеп жүргөндө күйчү эмес. Бир чала тааныш шыпылдаган келин чоң иш сунуш кылып калды. Каражатын да өзү берди. Россияга барганда товарын рекеттерге тарттырып жиберди. Бүт жыйган-тергенин берсе да карызынан кутула албады. Ошондо баягы келин “эч нерсе эмес, акыга эркектерге иштеп кутул”,-деди эч кебелбей. “Эмне деп жатасыз, эже? Мени ким деп турасыз? Мен андайлардан эмесмин?”-деди эле үч рэкет баланы жиберген экен, алар келип өлөөрчө сабап, каалашынча зордуктап, “бир айда кутулбасаң өлтүрөбүз”, -деп кетишти. Россияда болушаар кишиси жок. “Бекер зордуктала бергиче акыга иштейин”,-деп аргасыз макул болду. Өзүн нечен өлтүрөйүн деди, жан таттуу экен өлтүрө албады. Ал түгүл тим эле берилип иштей баштады. Карызынан кутулганы менен ошол сүткорунда кала берди. Кийин билип жүрөт баягыда сүткору карызды атайын берип, товарын да өзү тарттырып алганын. Көрсө, аны эле эмес далайларды сыздатыптыр. Баары биригип тигинин айыбын ачып анча-мынча окутуп коёлу деп токтоно алышпай өлтүрүп алышты да, баары туш тарапка качышты. Бишкекке келип көнгөн ишин улантты. Ушул жакка келерде коңшу Казакстандан келген рэкеттердин колуна түшүп калып төртөө-бешөө таң атканча зордуктап эзгени аз келгенсип, эртең менен жан жерине шише сайып туруп жолго ыргытып кетишиптир. Көрсө, ичиндегисинин бирөө Атыргүлгө окшогон немеден оору жугузуп алган экен. “Мен эмес болчумун” дегенине карабай “Сен эле болчусуң. Танып атасың”,-дешип өч алып атышпайбы. Ооруканага жатканда билди, түрлүү жыныстык ооруларга чалдыгыптыр. Толук дарыланып чыккыча кийинки жыйган-тергени бүт кетти. Акыры барар жери калбай ушул таежесиникине келген. Таежеси жалынып-жалбарып тосуп алып тыңыгыча бакты. Анан ушул жумушту таап берип жатпайбы.
Шаардан, кымгуут жашоодон көңүлү үч көчкөн журттай калып тынч жашоону издей баштаганда ушул жумуш табылып олтурбайбы. Бир ай иштегенден кийин Сапарбекке жакты көрүнөт айлыгын 1000 сом деп көтөрүп койду. Ичкен-жегени ушул үйдөн. Жан кейиткидей деле жумуш жок. Айлыгын толугу менен чогултса болчудай. Болгону көңүлүндө кусалык. Өзүнчө буулугат. Баягы ооруканада жатканда “айылга барып эптеп эле жанымды баккыдай жумуш таап алып тынч жүрсөм кандай жакшы болот эле”,-деген тилегине жеткенине кубанганы менен көөдөндө күйгүлтүк. Өзүнчө “Эгер Сапарбек алам десе тийип албаймбы. Көп болсо менден он беш жашка улуу экен. Эмнеси бар. Тапканы жакшы”,-деп ойлогон оюн тигинтип табышмактуу оору бузуп турат. “Кудай билет, ушул импотент болсо керек”,-деп да ойлой баштады. Себеби, эркек өңдөнүп ушул кезге чейин бир да жолу астыртан болсо да көз агытып карай элек. Түрлүү кылыктарынын бирине маани бере элек. Деги эле аял катары да карап койбойт. Эмнеси болсо да мунун импотент же соо экенин чындап текшерейинчи деп тымызын катуу чабуулга өттү. Өзүнө жашыруун эрмек табылганга өзү да алаксып калды.
***
Күтүүсүз окуя болуп кетти. Күндөрдүн биринде шыңга бойлуу зыңкыйган жигит кирип келди. Көрсө, Сапарбектин баласы экен. Атасына жолукканы келиптир. Жакшылап тамак жасап, аябай коноктоду. Тың бала көрүнөт. Короо-жайды бүт көрүп чыкты. Үй ичин да сынай карап олтурду. Астыртан “Сиз кимиси болосуз?”-деген суроосуна “үй кызматчысы болом”,-деген жоопту уккандан кийин атасы тууралуу тартынбай такып сураганга өттү. Биринчи эле суроосу “Аябай ичет дешти эле, ичкен деле кишидей эмес го?”-деди. “Мурда иччү экен. Эки жылча болуптур, оозуна да албайт экен го”,-дегенди укканда көңүлү жайланды көрүнөт айылдагы турмуш жөнүндө сурап келип “Атам менен апам эмнеге ажырашканын билбейсизби? ”-деди. “Жок, билбейт экенмин. Мен өзүм бул жерлик эмесмин, келгениме үч айдай эле болду”,-деп койду берки. Болбосо баарын уккан. Жөн гана айткысы келген жок. Кечинде Сапарбек келгенде даана кызык болду. Экөө бирин-бири бакырып басып жыгылып кучакташып көрүшөт го деп ойлогон. Андай болбоду. Сапарбек келди да баланы таңданып тиктеп “Сен кимсиң?” дегенсип туруп калды. Берки түшүнө койду окшойт:
– Мен Кымбатбекмин, -деп астын тосо басты. Атасы балам деп бакырып жиберет го деп күткөн. Жөн-жай гана:
– А-а, сенсиңби? Ушунча чоңоюп кеттиңби? Чоң жигит болгон турбайсыңбы, -деди да жөн салды кол алышып учурашып койду. Баласынын кадимкидей шаабайы сууй түшкөнүн, өзү “Ата” деп кучактоого батынбаганын Атыргүл байкап турду. Экөөнө тамак куюп берди да, сөздөрүнө тоскоол болбоюн деп кетип калды.

#46 26 Май 2015 - 11:02
Иниң чоңоюп атабы? Ал кошо келген жокпу?-деди ортодогу дымыган тынчтыкты бузуп атасы.
- Азыр ал менден да чоң жигит болгон. Келген жок,-деди да, анан кичине үнсүз олтуруп – өз атасы менен катышып алган,-деди. Сапарбек тамак ичкенин токтотуп дымый түшүп кайра:
- Кандайча?! Өз атасы ким экен?-деди эч нерсеге түшүнбөгөндөй.
- Апамдын кийинки күйөөсү Кайдылдачы. Ошол киши менен катышып алган. Сапардын башы кеңгирей түштү:
- Кандайча кийинки күйөөсү?
- Сиз менен ажырашкандан кийин Кайдылдага тийиптир го. Анан Мирбек төрөлүптүр. А баласы түшүндүрүүгө аракеттенди.
- Сен эмнени айтып турасың? Мирбек апаң мени менен жашап турганда төрөлгөн. Ал экиден өткөндө, сен төрттөн өткөндө ажырашпадык беле? Эсиңде жокпу?
- Менин көп эсимде жок. Апам ушинтип айткан. Сапарбектин бүт муундары калчылдап чыкты.
- Ошентип атасы менен катышып алган де... Тигини кара... Жүрөгү тилинип-тилинип кетти. Эч арам санабай өз баласындай жакшы көрчү эле. Бооруна басып эркелеткендери көз алдына элестей түштү. Азыр деле бөтөнгө кыйбай турду.
- Ооба...
- Анан сен эмне өз атаң менен катышпай жүрдүң?
- Апам жиберчү эмес. Сизди көп ичет дечү. Мен ишенип жүрө берипмин. Бул жолу деле апама айтпай өзүм келдим. Болбосо жибермек эмес,-деди уулу күнөөлүүчө башын жерге салып.
Инисин Кайдылда атасы жогорку окуу жайына коммерциялык юристтин окуусуна өткөрүп, акчасын өзү төлөп турат экен. Өзү болсо коммерциялык окуу жайына өтүүгө каражаты жок бюджетке жыл сайын тапшырып өтө албай калат экен. Архитектор болсом деп эңсейт экен. Азыр базарда энеси менен соода кылып иштеп жүрүптүр. Сапарбектин көзүнөн жаш кылгырып кетти. Ичинен “тигил өз уулун окутуп алып менин уулум кароосуз калган экен да. Энеңди... ######, кылганын карачы! Менин уулум өмүр бою билими жок темселеп жүрүп өтөт экен да. Мен сага көрсөтөм кимдин уулу кандай экенин!”- деди эрдин кесе тиштеп. Атасынын көзүнөн жаш агып атканын көргөн уулу сүйлөй албай калды.
- Ата, кайрат кылыңыз,-деди акырын. Атасы башын көтөрүп экөө тиктеше түштү. Анан орундарынан атып туруп кучакташып калышты. Экөө тең шолоктоп ыйлап киришти. Кой дээр киши жок ээн үйдө экөө көпкө кучакташкан бойдон ыйлай беришти. Экөө тең буулугуп-буулугуп ыйлашты. Ый жүрөктөрүн жууп жатты. Көптөгөн жылдар чогулган сагынычты жууп жатты. Экөө таң аткыча укташкан жок. Атасы энеси экөөнүн кантип ажырашканын жашырбай бүт айтып берди.
Эртеси жумушка барган жок. Уулун узатты. Бир жылкысын сатып, ага кошуп чогулткан акчаларын берди. Керек болсо бүт сатмак, уулу болбоду. “Бул жагы деле жетет, ата. Үнөмдөп уруналы”,-деди чоң кишиче. Уулу жайында архитектордун окуусуна өтө турган болду. “Окууга кеткен чыгымды бүт өзүм көтөрөм”,-деди атасы. “Эгер жакшы окуп, тартиптүү жүрсөң чет элдик машине алып берем”,-деди. Уулу тим эле жерге батпай кубанып, кайра-кайра атасын кучактап өпкүлөп атып коштошту. “Бат-бат каттап турам”,-деп убада берип кетти.
Ушул кечте Атыргүл Сапардын өңү өзгөрүп бир башкача жайнап, аны улам-улам жал-жал карап койгонун байкады. Ал түгүл халатынын этегинен булайып ачылып калган балтырынан мурда мындайды көрбөгөнсүп сугу түшө көз ала албай атканын байкап, үмүт арта калп эле кымырынымыш болгону менен улам байкамаксанга салып чоңураак, ич кийими көрүнгүчө ачып коёт.
***
Атыргүлдүн жылт эте түшкөн үмүтү кайрадан өчүп чыдамы түгөнө баштаганда дагы бир жолугушуу болду.
Сапарбек баягы баласы келип кеткенден кийин “Атыргүл” деп атынан айтып кайрылып узак болбосо да акылдашып оюн сурай койчу. Бирок, мындай сүйлөшүү көп узабай күтүүсүз үзүлүп Сапарбек терең ойго чөмүлүп үнсүз отуруп калар эле. Жүрөгүндө жүргөн суроону Атыргүл да акыры сурады:
- Бир нерсе сурасам капа болбойсузбу? -деди аяр кезектеги кыска аңгемелешүүдөн кийин.
- Сурай бер. Эмнеге капа болот элем...
Сапарбек үнсүз, жоопсуз мелтейип отуруп калды.
- Жооп бергиңиз келбесе тим эле коюңуз... - Атыргүл ыңгайсыздана унчукту.
- Жоо-о... жок. Жашыра турган эч нерсе жок. Туура байкагансың. Менин оорум бар. Ал оорудан өлүп гана кутулам. Ансыз кутулууга мүмкүн эмес,-деди ойлонуп олтурган калыбын жазбай.
Атыргүлдүн ындыны өчө түштү. Жүрөгү “тыз” деп жашоого болгон, жаңы турмушка болгон үмүтүнүн акыркы жиби үзүлгөндөй болду. Ичинен “туура эле ойлогон экенмин. Рак болсо керек. Кайран киши. Канча өмүрү калды экен?”-деп ойлоду да оор үшкүрүнүп койду. Мына ушул аңгемелешүүдөн кийин баягы кылыктанмайын токтотуп жөн гана үй кызматчылык милдетин аткармайга өттү. Кызматы жактыбы ким билсин, Сапарбек маянасын дагы көтөрүп 1500 сом кылып койду. Адам деген ушу тура, баягы ит көрбөгөн кордук көрүп шаардан качканда “ушул турмушту желкемдин чуңкуру көрсүн”,-деп карганган эле, бара-бара баары унутулуп, ал түгүл баягы күндөр түшүнө кирип, өзгөчө эркек эңсегени күчөдү. Айылда ылайыктуусу чыкчудай эмес. Анын үстүнө таежесинен коркот. Сапарбеги болсо оорулуу. Оорулуу болсо оорулуу болсун, жок дегенде эркектик күчү ордунда болгондо эмне деп артынан кожоюнун жек көрө карап коёт. Баарын таштап кайра шаарына баргысы келет. Бул жакка келердеги туш болгон абалын эстесе жүрөгү оозуна тыгылып, бели зыркырап кетет. Ошол зөөкүрлөр дагы кармап алып мазактачудай буту тушалат. Ушинтип жарым жылга чукул убакыт өтүп кетти. Ал арада Сапарбектин баласы үч жолу келип-кетти. Келген сайын атасы уучтап-уучтап акча карматат.
Баласы кантсе да турмушта кагылып калган көрүнөт, жүргөн-турганы тыкан, сүйлөгөнү орундуу. Атасынын болсо баласы үчүн жанын аяр түрү жок. Келип-кеткен сайын тим эле кубанычы койнуна батпай жашара түшкөндөй болот.
Экөө демейдегидей кечки тамак ичип отурушкан. Ортодо сөз деле көп уланбай өздөрү менен өздөрү болгон көңүлсүз кечтердин бири эле. Аңгыча дарбаза кагылып калды.
- Мен эле карап келейин,-деп Атыргүл тура жөнөдү. Сапарбек мейлиң дегенсип үндөгөн жок. Бейтааныш аялды көргөндө эле Атыргүл аялдык сезими менен Сапарбектин аялы экенин сезди. Салкын учурашты да үн дебей кийирди. Кайрылбай эле кете берсемби деди да, кайра экөө кантип учурашып, эмне деп сүйлөшөөр экен деген кызыкчылык менен өзү баштап үйгө кирди. Аялды көргөндө Сапарбектин өңү чүпүрөктөй купкуу болуп кетти. Көздөрү жеп жиберчүдөй болуп жана түштү. Атыргүл кожоюнунун мынчалык өзгөргөнүн көргөн эмес.
Экөө үнсүз тиктешип туруп калышты. Аял бир аз жалтаңдап, бирок, кантсе да даярданып келсе керек, үнүн жасай:
- Кандайсың, Сапаш... өт дейсиңби же босогодон кууйсуңбу?-деди.
- Мынча келипсиң өт,-деди Сапарбек киркирей. Үнү да бир башкача чыкты. Аял төр жакка өтүп коомай отурду да көз кыйыгы менен жасалгалуу үй ичин карай улутунуп алды. Атыргүл үнсүз тамак куюп аялдын астына жылдырды. Аял болсо же ичерин же ичпесин билбей оңтойсуздана ооз тийди. Беркилер тамактарын ичип бүтүп жыйналып жаткандыктан Атыргүл:
- Жаңы чай коёюнчу,-деп ордунан туруп оозгу бөлмөгө чыкты.
- Келипсиң,-деди Сапарбек дагы деле үнү бузула киркиреп. Зоя болсо кичине үнсүз олтуруп калды. Атыргүл кайра кирип Сапарбекке карап:
- Сапарбек аке, мен бара берейин...-деди.
- Жок, бул конокко тамак берип узатып коюп анан кет,-деди Сапарбек өкүм. Биринчи жолу кожоюн катары өкүм сүйлөдү. Ал түгүл Атыргүлдүн жүрөгү болк дей да түштү. Дың дебей кымырына отуруп калды. Жанатан кысынымыш болуп отурган Зоянын өңү бозоро түштү. Сөздү эмнеден баштаарын билбей:
- Кымбатбегиң сени оозунан түшүрбөй мактайт... Анан турмушуңду көрөйүн деп эле...
- Көрдүңбү?..
Дагы бир аз үнсүз отурушту. Акыры Зоя кайратын жыйды окшойт:
- Сапаш, жаштык мастык экен. Ортодо бала бар. Кептин ачыгы, кечире алсаң мени кечир. Ушуну сүйлөшөйүн деп келгем. – Сөзүн бүтпөй көзүн жаштай кетти.
Атыргүл биринчи жолу Зояны аябай тигиле карады.
Жашы кырктан ашса да сымбаты али кете элек аял экен. Учурунда тамшанткан сулуу болгону көрүнүп турат. Болгону ичкиликти көбүрөөк ичет көрүнөт, көздөрүнүн асты шишимик тартып, акжуумал өңү карара баштаган.
- Сенде күнөө жок,-деди Сапар үнү жанагыдай эле киркирей. Мен өзүмдү өзүм кечиришим керек. Ал эми өзүмдү өзүм кечириштин бир гана жолун тапкам, ошол жолго даярданып жүрөм. Сенин болсо колу-жолуң бош. Бала чоңойду. Туура, чоңойттуң. Сага рахмат. Ал эмгегиңди балаң актайт чыгар. Мен да энеңдин эмгегин унутпа деп жатам. Баламды баккан эмгегиң үчүн акча да берип жиберип жатам. Кымбатбек алпарып берип жүргөндүр. Сени менен башка сүйлөшөөр сөзүм жок,-деди үнүн мурдагыдан да киркирете.
- Сапарбек, мен шаардан келгиче кеч болуп кетти... Мынча келдим конуп кеткенге уруксат берерсиң?
- Жок, бул үйгө сага калууга болбойт. Түнү жүрөгүң түшүп өлүп калсаң бир үйдөн эки өлүк чыкпасын. Атыргүлдүн таежесинин үйүнө барып жат,-деди чечкиндүү.
Зоянын да, Атыргүлдүн да өңдөрү кубара түшүштү.
- Мейли анда...-деп Зоя туруп кеткиче шашып калды.
Атыргүл да үнсүз ордунан турду. Идиш-аякты жыйнасамбы деди эле Сапарбек:
- Тигини таежеңдикине жеткизип келип коюп жыйначы,-деди дагы буйрук берген түрдө. Атыргүл кайра келсе жанагы отурган калыбында мелтейип отуруптур. Өзүнчө үшкүрө:
- Аттиң ай, тынч өлүүгө да мүмкүндүк беришпейт го, ыя,-деди. Атыргүл үнсүз идиш-аяктарды шыпылдата жыйнап кирди.
- Тигини жеткирип койдуңбу?-деди бир учурда акырын.
- Ооба, таежемдер жаңы эле тамакка отуруп атышкан экен. Киргизип коюп эле кайра бул жакка жөнөдүм...
- Ээ, Атыр, баягы сен сураган менин оорумдун жарасы так ушул жаналгыч,-деди күтүүсүздөн үнүн каргылданта. Атыргүл караса кожоюну ыйлап жатыптыр. Дел боло түштү.
- Сизге... сизге эмне болду?.. Эмне дешти да билбей калды.
- Э-э, эмнесин сурайсың, Атыр?.. Буга дүнүйө керек. Көрдүң го кирип келери менен үйдөгү дүнүйөдөн көзү өтүп алактап жүрөт. Турмушумду көргүсү келген имиш... А-а, аттиң жашоо, ай. Менин тапкан акчам керек. Көп табат имишмин. Буга адамдын кереги жок. Менин керегим жок. Менин ким экенимди деле билбейт. Мен буга акча, дүнүйө таап берип туруучу жандими болушум керек. Балам мактаганда көргүсү келген имиш... Менин тозоктогу өмүрүм... Кыйноо менен өткөзгөн күндөрүмдүн кереги жок буга. Түшүнүп жатасыңбы, Атыр...
Эми кадимкидей боздоп жиберди. Тим эле жаш балача үңүлдөп кирди. Атыргүл селейгенден селейди. Дел болгондон дел болду. Эмне дешти да билбеди. Оозуна сөз кирбеди.
- Көрдү... Кечирет имишмин... Караанын көрүүгө зар болуп боздоп жүргөнүмдө кайрылдыбы? .. Боздоп жазган каттарыма бир жооп бердиби?.. Бутуна жыгылсам карадыбы?.. Сазга чөгүп баратсам кой чөкпө деп таяк ыргытып койдубу?.. Ортодо бала бар имиш... өзүн өзү ушунча кор кылган мени ким кечирет... Тозоктун отуна тирүүлөй күйүп, өлүү болуп көрдө жок, тирүү болуп жерде жок өткөзгөн он төрт жылдык өмүрүмдү ким кечирет... Мына бул курган дене менен бул башты, ушунча шорго батырган бул жерди ким кечирет?..- өз жүрөгүнүн тушун өзү муштагылап- муштагылап койду. Мына ушуну ким сууруп чыгып мыжып-мыжып канын сыгып бул шордуу баш менен бул дененин өчүн ким алып берет?!. Атыргүл үн дебеди... Эмне угуп жатат түшүнгөн да жок.
- Атыр, сенден суранайын, бүгүн кетпечи? Ушул үйгө жатчы,-деди бир учурда жалооруй. Беркинин даана жүрөгү түштү. Жанагы сөзүн эстеди. Бүгүн түнү дардайып өлүп калса... “Жок, кетем, таежем урушат” дегиси келди. Эмнегедир айта албады. Жаш баладай болкулдап ыйлаган кожоюнун көрүп аяп кетти.
- Ыйлабаңызчы, Сапарбек аке,-деди. Өзүнүн да бир чети корккондон, бир чети аягандан ыйлагысы келе баштаган.
- Макул ыйлабайм... бирок... болбой эле... Сапарбек дагы буркурап жиберди. Атыргүл жакын отуруп аяр башын жөлөдү. Тигил аялдын көкүрөгүнө башын коё соолуктап кирди. Анан күтүүсүз эле шак тура калып имере кучактай көтөрүп, жаткан бөлмөсүнө жөнөдү. Атыргүл бакырып жиберейин деп үнү чыкпады. Корккондон денеси титиреп каршылык да кыла албады. Жапайы жырткычтын колуна түшкөндөй эле бүрүшүп калды. Каршылык да кылган жок.
...Эртең менен ойгонсо күн шашке болоюн деп калыптыр. Жанында Сапарбек керилип уктап жатат. Тим эле күлкүсү келип, жан дүйнөсүндө өзүнчө жыргал. Сапарбекти карап рак оору деп ойлогонун эстей күлүп жиберди. Ыктап кулактарынын түбүнөн жыттады. Тигил ойгонуп кетти да жаңы көргөнсүп селт этип кетип кайра оодарыла өзүнө имерип аймалап кирди. Тим эле эч нерсе көрбөгөнөй албуут экен. Болдусун да укпады. Күчтүү да неме экен. Тим эле бөдөнөдөй тырпыратып басып калды.
***
Жашы жетимиштерди таяп калган кары адам эшиктен кирип келип оозгу бөлмөдөгү диван-креслого чалкалай олтуруп өзүнчө:
- Булар мага өлүүгө да мүмкүндүк бербейт го. Атыргүл кайда кеткен я-а. Дайым астымдан тосо чыкчу эле,-деп издене, өзүнчө күңкүлдөй терин аарчынып атканда аркы бөлмөдөн аксаргылынан келген балпайган байбиче чыга келди да:
- И-и абышка, келип калдыңбы? Кыйналбай барып келдиңби? Балдар жакшы турушуптурбу? Небереңдин сүннөт тоюн качан өткөрөлү деп сүйлөштүңөр? Кыздарыңа кайрылып кабар ала алдыңбы?-деп суроо артынан суроо жаадырып кирди.
- Я-а, байбиче, сурооңду бирден берсең боло. Кайсынысына биринчи жооп берерди да билбей калдым,-деп борсулдай күлдү абышкасы. Аңгыча эшиктен секелек кыз чуркап келип:
- Ураа, чоң атам келиптир,-деп кыйкырган бойдон ай-буйга келтирбей эле абышканын астынан секирип чыкты. Кемпиринин суроолоруна жооп берүүнү да, жолдо чарчаганын да, баарын унутуп, абышка небересинин алкымынан курулдата жыттап ырахатка бата небересине жалынып-жалбара кетти.
(Аягы)

#47 27 Май 2015 - 14:21
Жакшы чыгарма экен, авторлорго ийгилик
Азга-канаат,
Барга-шугур,
Жокго-сабыр. ..кыл бир тууганым.
Барга-шугур,
Жокго-сабыр. ..кыл бир тууганым.
#51 03 Июль 2015 - 21:24
Окугангандан рахат алчу чыгарма екен,рахмат кочуруп жазганыныздарга
#53 07 Июль 2015 - 13:56
Аябай сонун жакшы чыгарма экен.
Времени нет. Cерьезно?
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
#56 23 Ноябрь 2016 - 15:58
Ушул кишинин калемине таандык болгон "Ай менен жарышкан автобус" чыгармасын тапбай жатам.
*************************************