s9zen098 (01 Сентябрь 2016 - 16:11) жазган:
Кече эле жакында байкемдин классташтары чогуу отурганда бир сакал койуп, намаз окуп жүргөн байкенин сөздөрүнөн оозум Ошту карап калды го. "Сирияга барыш керек. Ошол жактан өлсөн да дароо бейишке чыгасын"- дейт го. Кантип эле башка бирөөгө кастык кылып, жанын оорутуп, тынч жашоосун бузган адам бейишке чыгып кетсин. Ушундай нерсени айтып башкалардын башын айлантып эмне кереги бар? Тынч эле жашай бербейби десен дөөрүй бербей. Ушинтип отурсак улут жок болбогондо анан эмне жыргамак беле?
Азыр дүйнөдө чоң согуш. Ал согуш Исламга каршы багытталган маалыматтык согуш. Азыр мусулманды жакшы мүнөздө көргөзгөн маалыматты табыш кыйын. Терс, жалган маалыматтарга сугарылган адам түзүк мусулманды көрө албай калат. Европанын мусулман журналисти Мехди Хасан мындай айтат: "Исламга каршылар террорист-жардыргычтар, жан-кечтилер аркылуу Исламды көргөзүп келүүдө. Андай болсо, он бир миң жан кечти табылабы азыр дүйнөдө? Мейли, табылсын дейли. Ошол он бир миң террорист бүткүл мусулмандын 0,001 пайызын түзөт. Эгер Ислам алар айткандай болсо, калган 99,99 пайыз мусулман эмне үчүн жардырбай жүрүшөт "?
Чынында, жан кечти аркылуу, ашынган фанаттары аркылуу Исламды тааныш - адамдын акылы тайыз экенинен кабар берет. Эң туурасы, Исламды Мухаммад пайгамбарыбыз аркылуу таануу.