Келиндердин кийим көйгөйү... Келиндер кийимди ким алып берет?
#21 30 Август 2016 - 23:28
Гостон де Левис
#22 30 Август 2016 - 23:34
Жоолук.шарфты халат койнокту турлоп кийгенди жактырам.
Билдирүүнү түзөткөн: beintehaa.: 30 Август 2016 - 23:35
#23 31 Август 2016 - 01:37
#24 01 Сентябрь 2016 - 15:10
#25 01 Сентябрь 2016 - 18:41
#26 01 Сентябрь 2016 - 22:15
#27 01 Сентябрь 2016 - 23:09
#28 02 Сентябрь 2016 - 05:33
#29 02 Сентябрь 2016 - 13:21
#30 03 Сентябрь 2016 - 06:44
#31 03 Сентябрь 2016 - 08:06
#32 03 Сентябрь 2016 - 14:36
#33 03 Сентябрь 2016 - 14:38
jazolina (03 Сентябрь 2016 - 08:06) жазган:
Haha go
#34 03 Сентябрь 2016 - 15:01
#35 03 Сентябрь 2016 - 16:21
Жаны уй було пай дубалын тургуздук биз дагы эл катары жолдошум экообуз.Биз ойлогондой жашоо женил болуп берген жок биз учун биринчи кадамын баштаганда эле. Озум ото бардар болбосо да, колунда бар уй булонун кызы болчумун.Турмушка аттана элекде да, озумчо иштеп, каалаганды кийип ичип журдум. Жашоо ушундай боло берет деген менде сезимдер жашайт беле, айтоор кыйынчылык жонундо ойлоп да койчу эмесмин.Анткени кыйынчылыкты корбогон адам, кыйынчылык менен иши да жок, ал жонундо ойлоп да койбойт. Чу дегенде эле турмуштун мушу башталды, мен уйдо олтуруп калдым уйдо боюмда бар.Жолдошум экообуздун баштаган ишибизди улантып базарда, жаны баштаганга эч эле жолу болбоду,башка товарга да отуп корду.Бирок эч эле майнап чыкпады. Жолу улам татаалдашып бара жатты.Кыйынчылык бинюр келсе, жан жокорлору коштой журот дегендей, бизди ото эле калчай баштады. Наличка акчаларыбыз остатка товарда калып кетип, жаны товарга акча жок,даже продуктыга ,аренда,местага акча жок кундор башталды. Базардан жер жемиштерди коруп,козум кылгырып отот.Аттин жанымда кичине акчам болгондо алып жейт элем деп койом.Боюнда барда ар нерсе жегин келет эмеспи? Мандариндерди коруп тамшанып койом элестетип. Ыйлагым келет фруктыларды коруп алып. Жолдошума аны жеймин муну жеймин деп деле айта албаймын, акыбалын коруп тим болом ичимден. Оюбузда кварплат берип алсак, деп ойлоном.Бир туугандарыма айтайын десем, жолдошум айттырбайт. Эч кимге айтпа экообуз ачуубу? Таттуубу турмуштун сыноосун бирге женебиз деп. Карызга акча алдык товарга деп, мындай кундор канча отту, карыздан карызга батып,кайра толоп эми мына ишибиз онолот десек, кайра эле турмуштун сыноосу бизди кучагына бекем кысып жатты. Кийим деген тема экообуздун тен эсибизден чыгып калган. Эптеп бир нерсе сатып келсе, суйунуп продукта алып келет.Ошого да шугур деп кун кечирип жаттык. Курсагыбыздын тойгонуна ыраазы болуп. Бир куну поликлиникага барайын десем жол кире жок. Кошунадан 20сом сурап барып келдим. Жалан жаш уй булолор турабыз 3комнат квартирада. Бироосу биз окшоп кыйналып кун кечиргендер, эки баласы бар немелер. Бироосу бир аз иши жолго тушуп калган немелер. Холодильниктеги ошол тузугуроок жашаган немелердин койгон продуктыларын коруп, шилекейим агып чыгып кетем. Бир куну ошол тыныраак жашаган немелер микроволновка алып келишти. Кухняга коюп койду. Мага бербейт колдонгонго, бир куну ал жокто иштетип атсам, келип калды иштен мени эмне иштетип атасын деп суйлонуп, микроволновкасын комнатасына которуп кирип кетип калды. Бир канча убакыттан кийин кир машина алды. Берки кошунага кирини жууп ал дейт дагы мага атайлап эле бербей койот. Ыйлагым келет. Ушул техникаларды да алаар кун келээр деп. Хозяйканын эски холодильниги бузулуп калып, холодильниги жок калдык. Анан дагы бир куну ошол тузугуроок иштеген немелер холодильник сатып алып келишти. Баягы эле мага эч нерсе койдуртпайт. Дагы жакшы кыш мезгили, жолдошум кичине эт алып келгенинен бальконго пакетке ороп койсом. Ошол кычыраган суукта кайдан пайда болгон чычкан тытмалап жеп салыптыр. Олтуруп алып олло ыйладым. Ошентип кундор отуп жатты. Тородум кызымдын пособиесин чогултуп, кварплатка, кээде продуктыга жумшаймын. Арткан тыйындарын бир тыйынын коротпой чогултуп, б/у холодильник алдым бирок ичи таза кичинекей тыпыйган бизге ылайык. Дагы чогултуп, микроволновка алдым. Стиральная машина алдым, аны дагы б/у.Кайын журттан бир сом жардам сураган жокпуз. Ушундай айлабыз мукурап ачка ток калган кундорубуздо да жардам сурабадык. Эхх азыр эстесем, мага жомоктой туюлат. Жолдошум тытынып иштейт. Аны карап туруп аны аяймын. Кээде мин аракет кылып, чуркасан да ишин онолбогон кундор болот экен.Биз ал кундорду сыноо деп кана тушундук. Бул кундор да отоор, деп бири бирибизди жубатып, ызабызды ичке катабыз. Бир куну кыраакы эжем байкады окшойт. Ошол кундон баштап,жардамын ушул кунго чейин берип келет. Акча алып, иштетип кайра беребиз.Ушуга окшогон кундор далай отту. Ак эмгек менен, мандай тер менен мээнет кылган адамды кудайым да кур койбойт экен. Ишибиз оноло баштады. Айта берсем 5жылдын ичинде кандай гана кундорду откордук. Эки наристелуу да болдуе, турмуштун ачуу таттуусун бирге женип келе жатабыз. Турмуш кургандан кийин кыз кезимдеги кийимдеримди кийип кундор отту. Ал кезде жаны кийим эмне экенин да унутканбыз экообуз тен. Карыздарды толодук. Айдын жарымы карангы болсо, жарымы жарык дегендей. Жарык кундор да биздин уй булоого баш бага баштады. Ошентип кыйынчылык менен болсо да зато коп нерсеге озубуздун аракетибиз менен жеттик. Албетте жардамын аябаган эжекеме да ыраазычылык. Кудайым да эжекемди себепкер кылып, бизди кур койбоду. Ошон учун жокчулукта кийимдин кайгайын кылбай, туура тушуно билсенер баарын женууго болот. Кудайым мээнет кылган адамды эч качан кур койбойт. Азыр Аллаха мин мертебе шугур, курсагым ток, кийимим бутун, наристелерим мандайымда. Мени колдоп, мени тушунгон жолдошум бар. Ошол кыйын кундордо мени аны алып бер муну алып бер дебегенсин, чыдамкайлыгын учун ыраазымын. Каалаганынды ал тапкан тутканым жалгыз сеники деп турат. Мына ушундай экен жашоо турмушун.Аты айтып тургандай эле (Тур анан Муш деп) Туруп калсан эле муш жейсин.
Анан дагы бир окуя эсиме тушуп кетти. Бир комнатка кочуп кирдик жолдошум экообуз колубузда болгону бир чемодан менен. Эски килемди тошоп чемоданды бурчка коюп жашап калды. Кийимибизди койгонго шкаф жок.Эшике бироолор идиш койгон текчесин ыргытып жиберишиптир. Ошону жолдошум эшиктен котуруп келиптир. Мен жууп тазалап, аарчып кийимдерибизди буктоп салып, бетин бир материал менен жапкыч кылып, кийим салган шкаф кылып алдым. Коройлу десек телевизорубуз жок. Орустар подъездин алдына эски телевизорун коюп коюшуптур. Аны да уялбай эле уйго которуп келип, чанын аарчып иштетсек тунук жакшы корсотот экен. Бирок бурагычы жок. Жандырганда уну жанырып чыгат, жугуруп барып кайчы менен бурап, унун пасайтам. Мына ушундай замандаштар ушундай кундор откон. Зато бизге азыр аябай жагымдуу элес калтырат. Кийин балдарыбызга ушундай кундорду баштан откоруп, турмуш курганбыз деп айтып беребиз деп калабыз. Азыр ар бир буюмду кастарлап, колдоном анткени, ошол нерселерге оной менен жеткен эмеспиз деп.
Азыр анын ата энеси да, менин ата энем да билишпейт биздин ушундай кундорду кечиргенибизди. Мин кыйынчылык мункуроткондо да, ичке катып эч кимге айтпайбыз дегенбиз. Жолдошум да, мен дагы созубузго турдук.Бироого барктуу болгун келсе, кыйналганынды эч качан айтпа деген принципте жашайбыз.
Билдирүүнү түзөткөн: narime: 03 Сентябрь 2016 - 17:17
#37 05 Сентябрь 2016 - 15:38
#38 05 Сентябрь 2016 - 16:12
Билдирүүнү түзөткөн: Topchubai: 05 Сентябрь 2016 - 16:13
#39 05 Сентябрь 2016 - 22:04
Topchubai (05 Сентябрь 2016 - 16:12) жазган:
Топчу ава,аял киши ошондойбуз да))Мен да "эмне кием?" десем жолдошум:" ой туалетке барганга чейин оз озунчо кие тургандай,анан эле ушул суроон бутподу" деп суйлонуп калат))
#40 05 Сентябрь 2016 - 22:37