Суперстан: Ууру сезим - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Ууру сезим

#1 Пользователь офлайн   belka   08 Сентябрь 2016 - 23:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Автобекетте жашоо түйшүгү күн чыга элек үрүл-бүрүлдө эле башталат. Айнек бул жерге түн ортосунда эле келген. Болгондо да жөө. Таңкы сууктан коргой албаган жука кийимине ачууланган келин кабак түйө маршруткалардын бирине кадам койду. Көтөрүнгөн деле ашык оокаты жок. Түнү менен уйку көрбөгөн неме жылуу орундукка отурары менен көзү илинип кетти.
– Байке, канча убакта жыласыз, эртелебейсизби? – кычырап кийинген жаш улан өктөм унчукту.
– Азыр, толо калсын, – айдоочу унаадан түшпөй эле заңкылдап коё берди, – Бишкек, Бишкек, Бишкекке бир орун, бир орун эле калды.
Айнектин куш уйкусун ушул үн бузду. Көзүн ачса күн нуру жерге тегиз тийип калыптыр. 20 кишилик унаанын ичинен анын жанындагы орундук гана бош экен. Жүдөө тарткан жагымсыз келбетинен улам жанына эч ким олтурбаганын дароо баамдады. Ошол замат айланадагылардан өзүн коргогондой жоолугун дагы баса салынып бурчка тыгыла олтурду.
– Ай, балакетиңди алайын, тарт мени, – толугунан келген таякчан кемпир ичте олтурган кишиге колун сунуп унаага кирди. Азыраак токтой калды да, Айнектин жанындагы бош орундукка карай жылды:
– Жакшысыңарбы, айланайындар? Аз жерден калып калмак экенмин ээ? Ырас болбодубу, дароо жылат экенбиз.
***
– Кудайга шүгүр, заман жакшы. Кадам сайын кафе. Кафе толгон эл. Барчылык, – кемпир бактылуу үн катты. Бул Айнекке жага берген жок.
– Үч сааттык жолдо токтобой эле кете беришпейби, ачкадан ким өлүптүр азыркы заманда. Балыкчыдан жылганыбызга эки саат боло элек, Бишкек бул эле жерде го. Жетип деле жешмек да.
– Мейли, ичсе ичип алышсын. Кудай жол берсе, бат эле кирип барабыз.
Жана унаа жылгандан бери терезеден көзүн албай, үстөккө-босток үшкүрүнгөн келин кемпирге кызык болуп келе жаткан. Жүргүнчүлөрдүн баары тамактанууга түшүп кеткенден пайдаланып тамырын тартмакка кебин андан ары улады:
– Мен сапар узакпы, кыскабы, деги эле жолдон тамактанбайм. Андайга көнгөн эмесмин. А сен эмнеге түшпөйсүң?
– Акчам жок.
– Ммм, Бишкекке жай эле баратасыңбы?
– Билбейм, – ансыз да сиркеси суу көтөрбөй турган келин бейтааныш кемпирдин суроолоруна кыжыры келе түштү. Оор үшкүрдү.
– Билбейм, апа, бил-бе-ейм. Эмнеге баратам? Эмне кылам? Билбейм...
– Кой, алдыңа кетейин, антип үшкүрбө. Жаш экенсиң... – көптү көргөн кемпир келинге аста көз жиберип калган кепти келин өзү улап кетерин байкады. Айнек канчадан бери арманын ичине катып, жан адамга үн чыгарбай ичтен сызып жүргөн болчу. Бугун чыгарып алгысы келди.
– Күйөөмдөн качып баратам. Балдарымды да таштадым. Мен жок эптеп чыдап турушар. Үхх... Минтип эрим менен бир күнү жашынмак, бир күнү куушмак ойноп калам деп ойлогон эмесмин. Ичип кетти. Кайдан жүрүп бул балээге жабышып калды, билбейм. Уулу мектепте окуйт. Кыз кичине, бакчага барат. Аларды да ойлобой калды. Жакшы эле чыдадым. Эми чыдай албайм.
– “Эриңе ишенгиче эки босогоңо ишен” дейт. Эркекке да теңелесиңби? Балдарың менен жашай бер да.
– Ой, “элдин аялдарындай эмессиң” деп эле сабайт. Элдин аялдары эмне болуп кеткенин эле билбей койдум. Таңда кетет, түштө балдарын жиберип атып үйгө араң чакыртып чай берем. Ач болбосун дейм. Ой, ошону да билбейт. Анан тамагын жөн ичпей мага асылат, урушабыз. Кайра көчөгө жөнөйт. Кечте же түн оокумда келип сөзсүз чыр чыгарып үйдү үч көтөрөт. Чыдай албай калдым. Ал турсун, минтип сабай берсе жинди же майып болуп калбаймбы деп коркчу болдум. Эми эр болсо эки баланы карап менсиз жашап көрсүн.
– А сен эмне кылайын дейсиң? Балдарың кантет?
– Балдарым деп баарына түтүп келдим да, апа. Балдар тиги алкаш атасы мени өлтүрүп койсо деле чоңоёт. Андан көрө аман-соомдо иштеп жанымды карап, анан аларды өзүмө алып кетем.
– Аа, шаарда ишенгениң бар го?
– Жок, – келин ансыз да бул чоочун шаарда кимге ишенерин билбей чочулап, кооптонуп бараткан, – эми, бир курбум бар. Айлам кеткенде ошондон жардам сурадым. “Иш караштырып бер”, – дегем. “Табылбай атат", - эле дейт. Тиги кечээ мени өлтүрүп коё жаздады, – Айнек водолазкасынын мойнун ачып кемпирге бурулду, – Муунтту. Аргасыз жолго чыга бердим.
Экөө тунжурап үнсүз калышты. Кемпир сапарлаш келиндин тагдырын мынчалык деп күтпөгөн эле. Санаачыл жандын “балдарым жакшы кабыл алса экен” деген санааркоосуна эми бул бейтааныш келиндин тагдыры кошулду.
– Ээ балам, азыр шаарда бирөөнүн үйүнө бирөө батпай калган. Кантер экенсиң?..

***
Кең жолдо шуулдаган унаа бак-дарактарды көзгө илештирбей артта калтырып жатты. Айнек автобекетке чейин терезеден көзүн албай келди. Башы туман. Машинадан түшөрү менен бет келген шаардын ызы-чуу жашоосу аны ого бетер апкаарытып, шаша телефондун номерлерин терди.
– Алло, Каныш, кандайсың?
– Алло, ким бул? – уйкусураган үн кыжырдуу унчукту.
– Мен Айнекмин, Каныш. Мен шаарга келдим эле, – келин кебин кандай уларын билбей мукактанды.
– Ии, жакшы, анан? – Канышай кайдыгердей. Айнек аны билип турса дагы билмексенге салып жасалма жайдарыланып кебин улады.
– Шаарда ишенгеним эле сен эмессиңби, билесиң да, биздин тууган-урук бүт айылда эмеспи. Сеникине барайын дегем.
– Ии, кел, – Канышай үй дарегин, келүүчү маршрутту түшүндүрүп айтып берди.
Айнек оюнда Канышай келип алып кетсе керек деген. Бирок курбусунун суз кабыл алуусу ачык билинип тургандыктан антип өтүнбөдү. Таарынгысы келип, бирок таарына да албай арыда турган отургучка көчүк басты. Айланасында эмне болуп, кимдер жүрөт, деле кызыккан жок. Үйдөн качып кетип жатканда артына карабай жүгүргөнүнө азыр ачуусу келип олтурду. Азыраак акыл токтотуп сары май, курутунан алып алса болмок экен. Куру кол кантип кирип барат. Акчасы эң эле саналуу. Ушуларды ойлоно жакшылап аңтарса эле бир нерсе чыга калчудай сумкасын туш келди оодара берди. Ар нерселер жазылган айрык-тытык барактар, жүз аарчы, тарагынан башка ырыстуу эч нерсе жок. Эси оой отуруп калды. Аңгыча колуна бош кармаган соткасын бирөө жулуп кетсе болобу.
– Аай, алып кел, акмак, – Айнек ордунан атып турду да, элге аралашып кеткен караанды заматта таппай калды. Ансыз да турмуш сыйрыган оозу ачык жарасына бирөө туз куюп ийгенсип тим эле турган ордунда айланып кетти. Жаман соткасы анын жалгыз байлыгы эле. Жанагы орунга келип олтуруп жаш балача солкулдап ыйлап кирди. Ызалуу муңайган келинге көңүл бурган бир жан болгон жок.
Эзели шаар жерин ээн-эркин кыдырып көрбөгөн, ары жалтак мүнөздүү Айнек үчүн бирөө жарымга абалын түшүндүрүп жардам суроо кыйынга турду. Бир далайга отурду да, курсагынын курулдаганына чыдабай калганда арыда бирдик салып олтурган аялга барууга аргасыз болду. Болгон жөн-жайын түшүндүрүп Канышайдын телефонун ар түркүн кылып терип атып акыры аны менен кабарлашып алып аялдамага бет алды. Болгону он сом менен каалаган жерине жетип калары Айнек үчүн бүгүнкү күндөгү эң кубанычтуу кабар болду.
***
– Биздин жашоо ушул, Тынчтык күн бою жумушта. Мен иштейин деген менен балдардан убактым артпайт. Бир адамдын тапканы баары бир жетишсиз. Эки бөлмө үйгө тыгылбай эл катары үй салсак жакшы болот эле.
– Бул үй деле сонун экен, – короосу тосулбаган тар үйдөн келген Айнек үчүн бул кабат тамда жайгашкан үй укмуш эле туюлду. Каныш ансайын тескери сүйлөп чебеленди.
– Ой, кайдан, бир киши келсе ары жат, бери жат болуп түртүшүп калабыз. Биздикине келгендер тим эле кеткенче шашышат. Батпай атканын көрүп өзүң уяласың.
Айнек Канышайдын кеп төркүнүн эми түшүндү. Курбусунун кууланган кебинен бул жерде көпкө боло албасы айдан ачык болду. Бирок баарын туюп турганы менен азырынча байкамаксанга салып ушул эле жерде тура турганынан өтөрү жок.
***
Канышай кичинекей баласын алып кечки тамактын камын көрмөккө жакын жердеги базарга кеткен. Айнек сууга түшүп, тер жыттанган кийимдеринин ордуна Канышайдын эски кийимдерин кийди. Үстү-башын бир карап алган соң ачык турган терезеден кечки шаарга көз салды. Аңгыча эшикке ачкыч салынып шыкылдаган үн чыкты. Айнек “Канышай сыртымдан бекитип кеткен экен” деген ойдо ордунан козголгон жок. Бир күн боло элек жатып сагынган балдарына кабатырлана ойго тунган келин ага жакындаган дабышты да байкабады. Аңгыча карылуу кол белине оролуп, ысык дем кулагына жакындай шуу дем тартты. Айнек чочуганынан терезеден ашып кете жаздады.
– Аай, кимсиз?
– Канышай, ой, а сен кимсиң? – эркек да аң-таң боло туруп калды.
– Кимсиз? Кетиңиз, үйдө эч ким жок, - Айнек баш аламан сүйлөдү.
– Хм, кетиңиз? Мен үйүмө келдим, – Тынчтык оройлонуп баратып кайра ойлоно өзүн кармады, – кечириңиз, мен аялымды кучактадым дегем.
Айнек келбети сындуу бул адам Канышайдын күйөөсү экенин билди. Анын аялынын кийимин кийип алып адаштырганы үчүн өзүн күнөөлүү сезип, уялганынан жер карады. Тынчтык болсо периштедей болуп үйүндө пайда боло калган бул аял ким экенин билбесе да аны сугун арта карап, жакшылап таанып алгысы келди. Азыр эле кучагына алып, кайра көз ирмемге жетпеген убакытта бошонуп кеткен арта карап, жакшылап таанып алгысы келди. Азыр эле кучагына алып, кайра көз ирмемге жетпеген убакытта бошонуп кеткен арык, назик денени дагы бир жолу бек кыскысы келип турду.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   belka   08 Сентябрь 2016 - 23:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

– Кайдан келдиң? – эркек суроо салганча Айнекке карай бир кадам кылганын өзү байкаган жок.
– Көлдөн.
– Көлдүн ак куусу.
Бул кеп менен аны сугула караган көз караш Айнекти чочулатты. Бирок анысын билдирбеске тырышып кепти жөнсүз эле улап ийди:
– Андай деле эмес.
– Эмнеге антип ойлойсуз? Ак куу болгон жаманбы? Же бааңыз андан да жогорубу? – демейде айта турчу кепти айтуудан эринчү Тынчтык бейтааныш аял менен минтип сүйлөшүп атканына өзү таң калып, ичинен уялып да кетти. Көз ирмемде экөөнү бирдей буюктуруп ийген бул кыжалат мүнөттөрдү сырттан кирген Канышай менен уулу бузду:
– Ии келдиңби? Тааныштыңарбы? Бул Айнек. Бая айтып жүрбөдүм беле, “күйөөсү менен оту күйүшпөй жүрөт” деп. Ошол классташым, – Канышайдын мындай бетке чапкан кебине күйөөсү ыңгайсыздана түштү. Бул таза чындык болсо дагы Айнекке катуу тийди. Кызыктай абал боло түшкөнүн билген жокпу же билгиси келбедиби, Канышай андан ары үй иштерине жайма-жай киришип кетти.
Ырасында Канышай күйөөсүнө Айнек тууралуу бир канча жолу кеп козгогон. “Ал иштеген банкка пол жуугуч же ашканага кызматчы керек болсо айт”, - деп далай эскерткен. Бирок Тынчтык аялы тараптан ким болсо да айланасынан алыс кармоону жактыргандыктан Канышайдын айткандарын кулак сыртынан кетирип келген. Кечки тамакта ал тема дагы бир жолу козголду. Тынчтык бир оокумга чейин уктай албай Айнекке жумуш таап берүүнүн жолдорун ойлонуштуруп түйшөлдү. Күтпөгөн күндө минтип тынч дүйнөсү дүрбөлөң түшүп жатканы ага таң калычтуу да, коркунучтуу да болуп жатты.
***
Тынчтык бүгүн башкача. Демейде иш столуна отурары менен берилип иштеп кетчү. Азыр болсо ою бир жерде болбой, тынч ала албай жатты. Аңгыча шефинин келгенин байкап бир барак кагазын көтөрүп дароо артынан кирип кетти. Көпкө кармалбай кабинеттен чыккан Тынчтык кудуңдап алган:
– Алло, Каныш, Айнекке айт, ал жумушка кирмей болду.
– Аа, ырас болгон тура. Эртелеп ошентип өз жашоосун кылсын.
– Айтчы, азыр эле келиши керек экен.
– Ии, мен аны “баланы карай тур” деп көчөгө чыгып кетпедим беле. Анын телефону да жок экен. Мен салондомун, азыр барбайм.
– Мейли анда, – Канышайдын үйдө жок экени эмнегедир Тынчтыкка жага түштү. Саатын караса кызы мектептен чыга турган маал болуп калыптыр. Кармалбастан сыртка чыга жөнөдү.
***
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   belka   08 Сентябрь 2016 - 23:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

– Жумуш оор деле болбойт. Полдун тагын сүртүп туруу кыла жүргөн иш эмеспи, – Тынчтык машиненин күзгүсүнө карап сүйлөп, аны машиненин артында олтурган Айнек көрүнүп тургандай кылып оңдоп койду. Ансыз да кысынып араң бараткан келин үндөгөн жок.
– Ишке өзүм ала келип, ала кетип турам.
– Иш таап бергениңизге рахмат. Эми өзүмчө батирге чыгам. Сизди убара деле кылбайм...
– Ооба, ошол батир табылганча дегеним. Ага чейин ишке да көнүп каласыз, – чын дилинен сүйлөп жатты. Айнек мындай жакшы кептери үчүн рахмат айткысы келип, бирок тартынганынан үнү буулуп калгандай унчукпай келе берди. Ичинде “кандай гана жакшы адам. Иши туруктуу, кеби орундуу, адамгерчилиги да жакшы экен. Ушундай эркек менен жашаган Канышай бактылуу” деп ойлонуп баратты. Ошол эле маалда жигиттин башында “кандай гана сулуу жүз. Көздөрүчү. Андан турмуштун кайгысын гана алып салуу керек. Ак куу. Ушундай аял менен бир жаздыкта жатканына ыраазы болбогон кандай эркек болду экен?..” деген ойлор сапырылып баратканын билген жок.
***
Көз ачырбаган жамгыр өчөшкөндөй нөшөрлөп жатты. Күздүн алай-дүлөй аба ырайы элдин баарын жүдөткөндөй. Кызматкерлер сууктун куугунтугунан кутулгандай чуркап кирип келишип, босогодогу килемчеге буттарынын баткактарын болушунча шыбап тазалап, суу болгон кол чатырларын силкип өтүп жатышты. Жаан минтип токтобосо, босогонун баткагы жакында арылбайт. Айнек болсо бул жерди кандай болгон күндө да таптаза тутушу керек. Бул - анын жумушу. Шаарга келип ишке киргенден берки он беш күндө жашоодо эмне маселе болсо, ошонун баары анын маңдайына жазылгандай арманы арбый берди. Батир табылбаганы аз келгенсип телефону жок балдары менен да кабарлаша албай куурады. Канышайдын телефонун экинчи ирет сураганда эле ал бирдиги короп жатканын катуу эскерткен. Ошондон кийин андан сураганды да койду.
– Айнек, бүгүн кечинде эртерээк бошой аласыңбы?
Ары карап алып болгон ачуусун колундагы чүпүрөктөн чыгара жулкулдап иштеп аткан айнек Тынчтыктын жанында экенине абдан ыңгайсызданып кетти. Уялганынан беттери кызара түштү.
– Жок, күндөгү эле маалда чыгам го. Кете бергиле, шашсаңар. Мен кийин деле барам.
– Жок, үйгө шашканым жок. Эрте бошосоң, бир-эки жерден батир көрө кетели дегем.
– Жакшы болмок, – Айнек сүйүнүп кетти. Бирок ал Тынчтыктын бул аракетинин артында эмне бар экенин ойлогон да жок.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   belka   08 Сентябрь 2016 - 23:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Бир эсе бирөөнүн үйү болгон үчүн кысынса, жыртык-тешиктүү, эскилиги жеткен кийим-буюмдарынан эки эсе корунган Айнек Тынчтык экөө барып көрчү батирге эми эле кирип кетчүдөй кубанып алды. Бүркөө аба-ырайы менен баткак бут кийимдер үчүн жанагындай ачууланбай көңүлдүү иштеп кирди. Жумуш менен алышып атып кечтин кандай киргенин да байкабай калыптыр. Жарым сааттай мурун Тынчтык сыртта күтүп турарын айтып кеткен. Күттүрүп койбоюн деп жанталашкан Айнек анын ар бир кыймылын бир көз караш тооруп, артынан ээрчип жүргөнүн элес алган да эмес.
***
Улан ушул жердин күзөтчүсү. Ырасында узун бойлуу, карылуу, күлтүйгөн денесинде күчү бар неме. Бирок анын диплом тургай 9-классты аяктады деген күбөлүгү да жок. Анын мындай сырын ушул жердеги чоңдордун бири болгон бир тууган эжеси гана билет. Улан эркелиги менен боюнда ашып-ташкан күчүнө чиренип, айылдын шалманы аталып, аты чыгып бүткөн. Качан катуу уруштун себепчиси болуп, милициянын айдагына түшүп калганда жанагы эжеси куткарып алган да, айыптуу инисин айылга аман-эсен жөнөтүп ийгенден уялып чуркап жүрүп ушул жерге, өзүнүн жанына ишке киргизип койгон. Жашы отузга таяп калса да аял ала элек Уландын аты аягы суюк келиндер менен көңүл ачуу жагынан да чыккан. Бул жерге келгенине бир айдай болуп калганда келишимдүү бир келин келип, пол жууп калганын өзү үчүн жакшылыкка жоруп алган. Айнек бул ишкананын босогосун аттап кирген күндөн эле аны көзү ката тиктеп, уурдана карай берчү.
– Эй, сулуу, эмне анча шашып атасың?
– Батир карайын дегем, ошого. – Айнек эч кандай арам ою жок жооп кылды.
– Батир издеп эмне кыласың, бүгүн мен түнкү күзөттөмүн. Жанымда эле калып кал. – Уландын ыржаңдап сүйлөгөн кеби Айнектин ызасын келтирсе да ага кеп короткусу келбеди.
– Ии, кыздын унчукпаганы макул болгону да ээ? Бүгүнкү түн экөөбүздүкү болсун.
Келиндин денесин калтырак басып кетти. Жууп жаткан жерин чала бүтүрө салды да чака, кол кап сыяктуу керектүүлөрүн койчу орунга жөнөп кетти. Уландын кебин көпкөн бирөөнүн орунсуз тамашасы деп койгусу келип турса да, денеси чымырап, калтыраган колдору топ ачкычтын эбин таап башкара албай алактап атты. Буюмдарын эми гана жайгаштырып бүтүп, кийимдерин алмаштырайын деп жатканда эшик күч менен тартылып, ачылып кетти. Босогого төбөсү тийген Улан аны жырткычча тиктеп турган.
– Жогол, эмнең бар бул жерде? Сага киргенге болбойт.
– Эми болот. Болгон үчүн мына мен жаныңдамын. Бул жерде экөөбүз эле калдык. – Тим эле койнундагы аялын чакырып жаткансып Улан жагымсыз шадылуу колдорун арбаңдата Айнекке сунду.
– Эмне болуп атасың, чыгып кет. – Айнек сумкасы менен таза кийимдерин ала коюп жумушчу кийими менен эле качууга аракет кылды. Бирок эшик менен эшик болуп далдайган Улан аны куткарчудай түрү жок.
– Болду эми, өзүңчө эле ызы-чуу боло бербей. Мен аялдын жытын сагынсам, сен эркектин кучагын сагынып калгандырсың. Кел, эриш-аркак бололу.
– Былжыраба, менин эрим бар. Жаныма жолобо! – Айнек кайраттана сес көрсөттү, бирок, дээлигип алган Уланга бул кеп чымын чакканчалык болгон жок.
– Эриң жок экенин билем, сулуу, кылыктана бербечи. – Улан тар бөлмөнүн ичине бир аттап кирди да Айнекти кучактай дубалга кептеди. Көз ирмемде башына алда кандай ойлор келе калган келин жалынып ийди:
– Суранам, тийбе мага. Мени уят кылба. Коё бер, суранам.
– Эч кимге уят болбойсуң, экөөбүздүн эле ортобузда калат. – Ал Айнектин макулдугун алгандан бетер эч тартынбастан үстүндөгү «охрана» деген жазуусу бар курткасын чечип ыргытты. Анын жалынган кепти укпасына көзү жеткен Айнек мекеменин ичинде эч ким жок экенине кайгырып турса да, алда кимден үмүт кылып болгон күчү менен кыйкырды:
– Жардам... Жардамга-а-а!
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   belka   08 Сентябрь 2016 - 23:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Тынчтык машинеге отургандан бери өзүнчө эле күйпүлала болуп жатты. Батыра албай жатканы - колундагы кичинекей кутуча. Алгач өзү сунам деген ниетте катарындагы орундукка коюп койду. Бирткеден кийин кайра Айнек кирип отурчу жерге жылдырды. Жок, болбойт деди окшойт, кайра колуна алып кутуну сылап ойлоно кетти. Бул анын Айнекке деп алган кол телефону. Чындыгында ага аянбай жакшысын алып бергиси келген. Бирок акчасы жетпеди. Анын үстүнө азыркы кездин модасы болгон сенсордуу телефонду колдоно албайт го деди. Себеби, кызынын сенсордуу телефону менен өзүнүн уулуна чалып, улам сайын өчүрүп алып, кайра иштетип кете албай абдан ыңгайсызданганын байкаган. Ушул маалда телефонуна коңгуроо келип калды. «Алло, жок-жок, кете элекмин. Макул алып коём. Кайрылбай кете бер, менде болот». Кыска сүйлөшүп болгон соң кутуну аздектей коюп койду да, машинеден түшүп мекемеге карай басты.
Кирип эле астыртан Айнекти издеди. Көрүнбөгөнүнөн чыгууга даярданып жатса керек деп ойлоп койду. Ошол маалда жер төлө жактан жаңырган аялдын үнүн эшитти. Үзүл-кесил чыккан үндү Айнектин үнүнө окшотуп, бирок так тааный албай туруп калды.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   belka   09 Сентябрь 2016 - 00:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Ким болгон күндө дагы Тынчтык кайдыгер карап кете алган жок. Жүгүрүп жер төлөгө түшүп үн чыккан жакка кадамын тездетти. Чырылдап жардам сураган жан Айнек экени Тынчтыкты күчтүү кылып ийгендей болду.
– Токтот! Токтот! – бою Уландын каруусуна араң теңелген Тынчтык аны кандай булкуп алганын байкабай да калды. Улан ага сыртынан тааныш. Ал тууралуу анча-мынча угуп калгандары да бар эле. Ошого ого бетер ачуусу келди. Улан кайдан-жайдан пайда болгон бул адамды таанып үлгүргөнчө болбой көзүнө от чагылып, жаагы зырылдай түштү. Күтүүсүз соккудан коргоно албай калган неме бурчка тыгылып барып оңолду. Жаагын кабыштыра чапкан адам ушул жердин кызматкери экенин таанып сестене түштү. Андай болсо дагы адат болгон зөөкүрлүгү моюн сунуудан намыс кылып:
– Кийлигишпей эле койсоңор болмок, бул өзүбүздүн иш, - деди Тынчтыктын Айнекке бейтааныш эмес экенин билбей.
– Чыгып кет! – Тынчтыктын заарданган үнү Уланды чыгып кетүүгө аргасыз кылды. Жоолугу желкесине түшүп, чачтары уйпаланып калган Айнек бүчүсү үзүлгөн көйнөгүнүн төшүн жаба кымырынды. Тынчтыктын алдында мындай абалда турганына намыстанып, ошол эле маалда ага чексиз ыраазы болуп турду.
– Эч нерсе болгон жоксуңбу?
– Жок.
– Капа болбо, - Тынчтык аны бооруна тартты. Мындай күтүлбөстүк Айнек үчүн ыңгайсыз эле. Бирок ыза тартып турган бул абалында Тынчтыктын камкордугу жүрөгүн жылытты. Эркинен тыш ага боюн ыктап, солкулдап ыйлап жиберди. Тынчтык үчүн бул кадыресе сыяктуу эле. Ага эреркеп ыйлап турган келиндин бүлкүлдөгөн ийнин аста сылап, бооруна бекем кысып, саамайынан билинер-билинбес жыттап алды. Айнектин көз жашы жүрөгүн оорутканы менен аны кучагынан бошоткусу келбегени үчүн сооротпостон тура берди. Ал турсун, экөөнү ушул абалда кармап турган көз жашы үчүн ыраазы да эле.
– Кечирип кой, - бугу чыгып, ызасы тарай түшкөн Айнек Тынчтыктын боорунан боюн тартты. Бирок ал бекем кучактан дароо бошонуп кете албады. Арык колдору менен Тынчтыктын билегин түртө:
– Бактысыздын ушинтип ыйы түгөнбөйт экен, - деди улутуна.
– Бир бактысыз окуянын артында бир бактылуу ирмем болот, кейибе, – жан дилинен келинди кубандыргысы келди, - жаман окуяларды жаман түш сыяктуу тез унутуп салган жакшы. Жаман түштү деле эч кимге айтпайт эмеспи.
Айнек өзүнүн жакшы кепке мынча суусап жүргөнүн эми байкады. Бирок Тынчтык ага ар дайым колдоо кылып, жакшы кеби менен жарасын айыктыра турган адам эмес, курбусунун күйөөсү экенине ичи күйө кучагынан суурулуп кетти.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   belka   09 Сентябрь 2016 - 00:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

– Телефонуң кут болсун.
– Рахмат.
– Ишиң жакшы жүрүшүп аткан го? – Күмүшай курбусуна какшыктуу кеп ыргытып, куулана карады.
– Ии, жумуштан беришти, – Айнек шашып кетип Тынчтык үйрөткөндөн такыр эле башка жоопту айтып салды. Анысын Күмүшай билип койгондой ого бетер көздөрү ойноктоп, отурган ордунда тыбырчылап кетти.
– Белек кылыштыбы ээ?
– Ооба, ой, жок, айлыгымдан берем, – Күмүшайдын «белек кылыштыбы?» деген сөзү Айнектин тынчын ого бетер алды. Бая күнкү жер төлөдөгү жагымсыз окуяны, андан чыгып бирге батир издешкенин, анан үйгө карай келе жатып бул кол телефонду белек кылганынын баарын аңдып көрүп алып эми өзүн соттогону жаткандай калтырап чыкты. Чынында Күмүшайдын анын биринен кабары жок эле. Ал эми бул агылган суроолору курбусунун жөнөкөй болсо дагы жаңы телефонго жеткенине чындап ичи күйгөнүнөн берилип жаткан. Чай үстүндө кептери жалгашпай бир топко олтурушту. Бир маалда Күмүшай саатын карады да, оор улутунуп алды:
– Тиги дагы жоголду го, кайда кетип калды. Акыркы кезде кайсалап эле бирдеме болуп калды ушул.
– Эмнеге андай дейсиң? – Айнек стол үстүндөгү идиш-аяктарды Күмүшайдан биринчи жыйнаштырып кирди.
– Ой, ким билсин, мурдагы Тынчтык болбой баратат. Ойлонот эле, ойлонот. Же кыйратып кылып ийген иши жок.
Айнек унчукпады. Курбусунун ар бир кеби аны какшыктап, “баары сенин айыңдан” дегендей туюлуп жатты.
– Айнек, аны күндүз мага караганда сен көбүрөөк көрүп атпайсыңбы, ишинде шынаарлашкан бирөө жарымы жок бекен, ия?
– Койчу ай, кантип эле андай болсун. Бир жерде болгон менен экөөбүздүн ишибиз эки башка эмеспи. Кыязы, бош деле болбойт окшойт. Кабатыр боло бербе.
Ал түнү Тынчтык келбей калды. Күмүшай күйөөсүн белгисиз бирөөдөн кандай кызганса, Айнек да дал ошондой кызганып, дал Күмүшайдай аман болсо экен деп тынчсызданып, дал Күмүштөй санааркап күтүп жатып уйкуга кетти.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   belka   09 Сентябрь 2016 - 00:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Айнек Тынчтыктан санаасы тынбай таң азанда эле жумушуна чыгып кеткен. Жол бою терезеден көзүн албай, кайсы бир жерден Тынчтыктын машинесин кезиктирип калчудай кареги катып келди. Жол бою үмүтү акталбаган соң “жумушка өтүп кетсе керек” деп ниет кылган. Кудай жалгап бул ою орундуу чыгып Тынчтыкка жумушунан жолукту. Имараттан обочороок машине токтоп турат. Чуркап жетти. Тынчтык рулга башын катып өбөктөп алыптыр. Анда бир жосунсуз жорук болгонун баамдай койгон Айнек терезени каккылап жиберди. Тынчтык минтип Айнектин жанына келип каларын күтпөсө керек, эшикти дароо ача койбой буйдалып, учурашкысы да келбегендей туруп калды.
– Тынчтык, жакшысыңбы? Амансыңбы? – Айнек биринчи жолу эч тартынбай, кысынбай Тынчтыкка камкор унчукту.
– Кандайсың, эрте келгенсиң го? – көзүн ала качып, үнү басыңкы.
– Ооба, сага сарсанаа болуп... Эмне болдуң?
– Эч нерсе, Күмүш эмне деп атат?
– Уктабай чыкты. Күтүп атат. Кабарыңды билдир ага.
– ?
Көздөрү кызарып, түнү менен уйку көрбөгөн түрү бар. Демейде чыкыйып турчу кийимдеринин да сыны кеткен. Түндө бейтааныш эки жигиттин орунсуз какшыктарын угуп олтурганда Айнек тууралуу “кайдагы балээни ээрчитип алдым эле. Кайдан да келе калды эле” деген жаман ойлор келип ачууланган. Эми болсо анын кашында үйрүлө түшүп, карагаттай көздөрүн жылтыратып камкор караганына жүрөгү жылып баарын унутту. Анын назик, аялуу дүйнөсүнө дагы оор болбосун деп өткөндөгү окуя үчүн Улан кекенип алып, ал түндө өзүндөй зөөкүр достору менен ортого алып ар кайсыны айтып коркутуп, шакаба чеккенин айтпай жашырып койду.
– Мен жеке маселелерим менен кармалып калдым. Күмүшкө түшүндүрүп коём, сен кабатыр болбо.
– Макул, мен эмне жардам кыла алмак элем, ансыз да, – назик колдорун Тынчтыктын колуна коюп муңайды. Кебин улай аны бир күн көрбөй калуу жүрөгүнүн тынчын аларын, ушул күнгө чейин эч кимди, ал турсун, күйөөсүн да минтип санааркап күтүп көрбөгөнүн айткысы келди. Бирок бул сезимдери тууралуу бир ооз оозунан чыккан кепке кошулуп анын баары жок болуп кетчүдөй унчукпады.
***
Күн бою Тынчтыктын ага белгисиз болгон маселесине санааркап жүрдү. Кайталап суроо орунсуз эле. Ыгы келгенде Күмүшайдан сурап алармын деп койду. Жумуштарын аяктап үйгө бет алды. Аялдамага карай бурула берип тык токтоду.
– Мелис!..
– Оув, кандайсың?! – какшыктуу унчуккан үн ансыз да бүткөн бою муздай түшкөн Айнектин денесин калтыратып калчылдап чыкты. Мелис - Айнектин күйөөсү. Өмүрү айылынан алыс чыгып көрбөгөн аны минтип артынан издеп келет деп күтпөгөн эле.
– Эмне, эмне келдиң?
– Күткөн эмес белең?
Айнек эми өзүн кармап, ичинен кайраттанып алды. Кантсе да бул чоочун шаар, чоочун жерде айылдагы кылыгын кылып чуу сала койбостур деди.
– Жок, эмне, керек болуп калдымбы?
– Керексиңби, керек эмессиңби, сени деген “эри бар аял” дейт. Элден уялбай желип-жортуп түнү менен качып кеттиң. Азыр айылда эмне кеп болуп атканыңды билесиңби?
– Элдин кеби мени кызыктырбайт, – Айнек узун кепке түшүп талашып-тартышып тургусу келбеди. Көңүлү ушунчалык калган экен, балдарын сурагысы келип турса да оңчулуктуу жооп укпасын билип кетүүгө умтулду.
– Токто, мен сени менен сүйлөшкөнү келдим. Тим эле кишини тоготпой көпкөнсүң го. Номериңди өчүрүп салсаң эле мени таппай калат дедиңби?
– Мелис, жолумду тоспо. Мен акыркы чечимимди кабыл алгам. Мындан ары сенин кордугуңа чыдай албайм.
– Кетсең, эми келесиң. Качантан бери эле өзүңдү-өзүң билип калдың эле? Сага жакшылыкча айтып атам, бас, кетебиз.
– Кайда?
– Айылга, үйгө, – Мелис кепке келгендей жай унчукту, – Айнек, суранып келдим. Атамдар сени алмайын “келбе” дешти. Балдар да сени сагынып кыйналып атышат.
Балдары менен карыган кайнене, кайнатасынын дарегин укканда Айнектин заманасы куурула түштү. Өзү жок алардын күнү жакшы болбосун ар мүнөттө сезип турат. Ансыз да балдарын сагынып жүргөн неме аларга учуп жеткиси келди. Бүт сезимин ээлеген энелик сүйүүсү балдары үчүн күйөөсүнүн бардык кылыгын “кечир” деп жатты.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   belka   09 Сентябрь 2016 - 00:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Мелистен алыстап кеткиси келгени менен Айнек Күмүштүн үйүнө баргысы келген жок. Мелистин артынан калбай кайда жашарын, ким менен турарын билип алары белгилүү. Бул маселени көбөйтөрүн туйган ал жай гана бет келди басып жөнөдү. Мелис андан калган жок.
– Айнек, караңгы кирип баратат, бас, айылга кетишибиз керек.
– А мен сага «кетем» дедимби, – ырасында Айнек бирөөнүн үйүндө кыйналып, корунуп жүргөнчө «айылга кетип калсамбы» деп ойлонуп бараткан. Бирок күйөөсүнүн бир ооз гана «жүрү» дегенине макул болуп кетип калууну намыс көрүп турду.
– Кетпегенде эмне кыласың, бирөөнү таап алдыңбы?
– Мелис, оозуңа келгенди айтпачы. Урушуп-талашуудан экөөбүздүн тең эле көңүлүбүз калгандай болду го.
– Жай эле айтып атам сага. Болду, эми урушпайбыз. Балдарды ая.
– Балдарды мен эмес, сен аясаң болот эле. Мен да, алар да, ал турсун, ата-энең да жалгыз сенин арагыңдын азабын тартып келатабыз.
– Бирдеме десе аракка асылганың калбай койду го, – Мелис азыр да адатынча аракты коруп чыкты. Ичкени менен аракты жек көргөнүн айткандарды желмогузундай көрөт ал, – арактан башка айтарың жокпу?
– “Аракты таштайм” деп убада бер.
– Макул, - оозу бош араң күңк этти.
– Мындай “макулдун” жүзүн уккам.
– Уксаң эмне кылайын, – Мелис жарым кадам алдыда бараткан Айнекти колдон ала өзүн карай жулкту, – эмне эле каадаланасың ия? Жүзүн уксаң, анда бул жүз биринчиси. Бас.
– Барбайм, - Айнек колунун ооруганына чыдабай берки колундагы сумкасын Мелисти карай шилтеп ийди. Сумканын темири бетин тилип кан сызыла түштү.
– Энеңдурайын десе, - Мелиске шылтоо табылды. Эки жагын карап койбой ошол эле жерден Айнекти тырпыратып сабап жатып калды, - эшек, энеңдурайын. Таза эле көпкөн экенсиң. Жай айтканды укпайсың ээ? Акырын айтып “жүрү” дегенге баспайсаң ээ? Анда минтип кетесиң.
Машинелер тынымсыз агылган чоң көчөнүн аллеясында Айнек күйөөсүнүн жетегинде сүйрөлүп баратты. Мурду кыпчылып ачууланып алган Мелистин бул жоругуна өйдө-төмөн шашкан жандардын бири да кызыгып койгон жок. Алар кайдыгер гана аларды айланып өтүп жатышты. Мелиске дал ушул керек эле. Айнекти бир колунан бошотпой туруп бир колу менен телефонунун баскычтарын терди:
– Алло, жана биз баскан жакка айда. Кеттик айылга.
***
Жол бою алышып-тартышып олтуруп акыры Мелис арагын таштап, чыр-чатак кылбай жашоого сөз берген. Ырас, Айнек балдарынын кашына келген бир жума ичи айтканын аткарып жатат. Бир чаласы - арагын такыр таштай алган жок. Күнүгө бир маал оозунан арак буркурап, тамылжып келет. Адаттагыдай асылып, балдарын чыркыратып ыйлатпаганы үчүн гана Айнек анысына көз жуумп коёт. Бирок келиндин санаасын санга бөлүп, унчукпас кылган нерсе бул эмес, жүрөк дарты. Басса-турса оюнан кетпей, унутулуп калат деген сайын жүрөгүн тыбырчылаткан бир ууру сезим. Анысын өзүнөн башка жан билбейт. Бирөө жарымдын билип калышынан Кудай сактасын.
Тынчтык алар айылга кеткен түнү эле чалган. Ал күнү күйөөсүнөн коркуп телефонун өчүрүп салган. Эртеси Мелистен жашырынып күйгүздү. Дароо арты-артынан смс билдирүүлөр келди. «Айнек, эмне болдуң? Кайда кеттиң? Кабарыңды билдир, барайын». «Айнек, телефонуңду жандыр. Мен сага сарсанаа болуп атам». «Бул эмне кылганың?..» Тынчтыктын минтип ал үчүн тынчсызданганы Айнекти ойго салып койгон. Кабарын билдирбей кетип кабатыр кылганы үчүн өзүн күнөөлүү сезди. Жүз жазып, жүз өчүрүп олтуруп акыры бир ооз гана «мени күйөөм алып кетти» деп жазып жиберди. Минтип ал өз эрки менен кетпегенин билдирип актанган. Бул сүйлөм менен жаңы гана баш көтөрүп келе жаткан махабатына чекит коюлду деп ойлогон. Жок, ошол замат жооп келди: «эмнеге андай кылдың? Жашай аласыңбы?» Мына суроо. Айнек минтип өзүнө собол салып көргөн эмес эле. Болгону маңдайга жазылган жазуу деппи же башка салганын көрөм деппи, айтор, башкалар турсун, өзүн да канааттандырбаган беймаза жашоосуна макул келген. Өзүн эркиндиктен биротоло үмүтүн үзгөн зоопарк жаныбарындай жашап жүргөндөй сезди. Эч качан “мен сүйүүгө, сүйүлүүгө татыктуумун” деп ойлонуп көргөн эмес экен.
***
– Жеңе, сиздин телефон менен WhatsАppка кирип алайынбы? – түшкү тамактанууда балдары менен алагды болуп аткан Айнек 11-класста окуган кошуна кыздын кебине анча маани берген жок.
– Ии, ме, батарейкасы өчкөнү калыптыр, сайып алчы.
Кыз аркы бөлмөгө кирип, жарым саат өтпөй кайра чыкты.
– Жеңе? Ой, Мелис байке, жеңем кайда кетти? Ага WhatsАppтан кат келди, – кебин аяктабай телефонду Мелиске карай сунду. Кат Тынчтыктан келген эле.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   belka   09 Сентябрь 2016 - 00:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Мелис түшүнүп-түшүнбөй телефонду колуна алды. Аты жазылбаган номердин тушунда күйүп-өчүп аткан катты ачып «кандайсың? Жумуштан бошоп калдың. Буга чейинки иштеген акыңды алып койдум» деген жазууну окуду. Мелистин оюнда Айнектин бир сыры ачылып, аны өзүнө унчукпас кылып алуу эле. Андай болбогон соң «ушул элеби» дегендей абалда телефонду кызга сунуп: «Өзүнө бер», - деди да, туруп кетти.
***
Айнек уулу менен кызын жылуулап жаап, мээрими менен жүздөрүнөн сүйүп койду да, жаздыгына баш койду. Убакыт түн ортолоп баратса да Мелистен дайын жок. Минтип кечиккен күндөрү ал сөзсүз бутуна тура албай келет. Жарашкандарына ай айланбай жатып убадасын бузган күйөөсүнө таарынып, ал арманын кимге айтарын билбей ой кубалап жатты. Уктаганга аракет кылат, көзү илинбейт. Аңгыча телефонунан чыңкылдаган үн чыкты. Көңүлсүз колуна алып, азыраак баскылап WhatsAppты таап алды. Сүрөттөрү катар тизилген айрым тааныштарынын арасынан аты жазылбаган номерди карап жатты. Ошол сандар аны жанатан бери башын ооруткан санаалардан алыстатып, жаңы ойлорго жетеледи.
«Тынчтык, Тынчтык… Кайра эле сени ойлойм, кайра эле сени жүрөгүмө жакын тутам. Шаарда өткөн аз күнүмдө сен мага көп жакшылык кылбадыңбы. Жакшы адамсың. Ошол үчүн ойлорума татыктуусуң. Азыр сен эч нерседен бейкапар аялыңды кучактап уктап жатсаң керек». Ушул оюна удаа улутунуп алды. Тынчтыктын үй-бүлөсү бар экенин эстегенине кейип кетти. Аңгыча жанагы аты жок номердин жанына каттын сүрөтү чыгып, телефону дагы бир кыска чыңк этип койду.
– «Салам, эмне уктабай жатасың?» - Айнек бул катка кошуп жана түштө келген катты эми окуду. Эмне деп жооп жазарын билбей жата берди.
– «Уктап калдыңбы? А менде уйку жок».
– «Менде дагы».
– «Эмне болду? Жакшы эле жүрөсүңбү? Балдарың?»
– «Жакшы эле. Силерде жакшыбы? Күмүш кандай, эмне кылып атат?»
– «Жакшы. Уктап атат. А эмнеге мени сурабайсың? » Бул сүйлөм менен кошо таарынычтуу тултуйган быйтыкча келди. Айнек ага карап жылмайып алды.
– Өзүң кандайсың? Иштериң жакшы болуп атабы?»
– «Жакшы. Күйөөң кайда?»
– «Жанымда, уктап атат», - Айнек калп айтты.
– «А сен эмне мени менен жазышып атасың, күйөөңдү уктатып коюп? Коркпойсуңбу? »
– «Жок. А сен эмне мени менен жазышып атасың, аялыңды уктатып коюп? Коркпойсуңбу? »
– «Окшош экенбиз. Эмне үчүн коркпойбуз, билесиңби?»
– «Билбейм».
– «Анткени бизде жакшы сезим бар. Сенден мага, менден сага арналган таза сезим. Ошол үчүн коркпойбуз».
– «Ууру сезим».
– «Ооба, антип айтсак да болот. Билесиңби, Айнек, бирок ал сезим мага абдан жагат». Кат жанашкан кызыл жүрөктөр менен кооздолуп келди. Айнек «мага да жагат» дерин же «кой, жактырба» дерин билбей ойлонуп калды. Аралыктан анын оюн окуп аткансып Тынчтык кайра жазды:
– «Эмне ойлонуп калдың? Кабатыр болбо. Келип-кеткен сезимдер дегендей, биз мектеп окуучусу эмеспиз да, чын менен калпты ажырата алабыз. Балким, бир күнү бактыбызды тандап кетербиз».
– «Балким», - Айнек андай күн болмок кайдан деген ой менен жөн гана жазып койду.
– «Макул, тунук жан. Сен абдан тазасың, тунуксуң. Атың да сонун. Айнек. Азыр уктайлы. Жазып турам, жооп кылып тур, сен дайыма оюмдасың».
Айнек эч бир жандан өзүнө карата мындай жакшы кеп уккан эмес. Тынчтыктын “тунук” деп эркелете жазганы ага абдан жакты. Жүрөгү жылып, жүзүн жылмаюу уялады. Тынчтыктын илебин сезчүдөй телефонун аяр кармап бооруна бекем кысып жатты.
– «Айнек, мен баарын чын дилимден жазып жатам. Сенден да ушуну күтөм. Менин сага болгон бул сезимимди мен жана Кудай гана билет. Сен анын кадырын билесиң деп ойлойм».
***
Мындай түнкү кат алышуулар Айнек менен Тынчтыкка адат болду. Экөөнүн кебинин көбү кыялдарынан таап алышкан ашыктардын сезимдери тууралуу болот. Айнек ашык болгон кыз эмнелерди ойлонорун, эмнеден коркорун, эмнени кыялданарын жазат. Тынчтык болсо ашык болгон жигит эмнелерге барарын, эмнелерге даяр экенин, эмне кылгысы келгенин, максаттарын баяндайт. Алар тууралуу кеп башталган түндөрү уйкудан кечип, таңды кат жазуу менен тосушат. Антип Айнек Тынчтыкты жумушка далай узатты. Алгач Күмүштүн алдында бул кылганын туура эмес деп кабатырланып жүрсө, кийин ал тууралуу эч ойлонбой калды. Оюнда аны жанында эч нерседен бейкапар коңурук тартып жаткан күйөөсүнө окшоштуруп коёт. Күн бою түн кирип Тынчтык менен кат жазышууну күтөт. Айнек үчүн ушул - бакыт.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   belka   09 Сентябрь 2016 - 00:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Сезимдерге оролгон жагымдуу каттардын арты кандай болорун Айнек ойлонгусу келчү эмес. Андай ой башына кылт дегенче эң алды «эл эмне дейт?», анан «Мелис мага тынчтык бермек беле», «Күмүш эле тынч жатат дейт», «а балдарымчы» деген санаалар арты-артынан агылып мээсин жечү. Ошондуктан антип санаа тартуудан көрө айылдын түйшүктүү жашоосу менен күйөөсү экөөнүн чеке жылытпаган кунарсыз турмушунан алаксыйын деп учурунда бактылуу болуп кат алышууга көнүп калган. Бул маалда Айнек Тынчтык эмнени максат кылып, кандай кадамга камданып жүргөнүн эч билчү эмес.
***
– «Менин тунугум, сенин жаныңда болгум келет».
– «Рахмат», – Айнек үчүн мындай билдирүүгө рахматтан артык деле жооп жок эле. Бирге боло алышпаса да көңүл кубандырып койгонуна ыраазы боло түштү.
– «Бүгүн биз жазышкан каттардын башаты кайсы айга туш келерине кызыктым. Биздин каттарга канча ай толду, билесиңби?» - чынында эле анык датасын эстей албай кетти. Бирок аз убакыт эмес. Эрте билгиси келип суроо салды:
– «Жок, канча экен?»
– «Жарым жылга бир ай жетпейт», - келин ишене албай кетти. Эсептесе чын эле беш ай болуптур. Ушунча убакыт жан дүйнөсүн дүрбөлөңгө салган мамиленин минтип уланып келе жатканына сыймыктанарын же алда кимден (абийириненби) уяларын билбей кетти. Ойго жетеленди. Бул аралыкта канча бир жолу нөшөрдө калып, канча бир жолу ак кардын бүртүктөрүнө кубанышты. Жамгырга, карга кубанган ал ирмемдерде нечендеген сырлар ачылган. Тынчтык Күмүштү балдарынын энеси катары сыйларын, бирок ага аял катары тартыла албай калганын ачык айткан. Сезимди тыйып болобу, Тынчтыктын мындай сырлары Айнекке аял катары өзүнө ишеним жараткан. «А мен сени сүйдүрө алам» деген ээн баш ойго жетеленип кеткен. Бирок өзүнүн «мен болсо күйөөмө аял катары да, балдарынын энеси катары да баасызмын. Мен бул үйдө ага ким экенимди билбейм» деген ызалуу сырын айтууну намыс көрүп келет. Кайталанма ойлорунан каттын үнү алаксытып кетти:
– «Айнек, бүгүнкү каттарыбыздын эң башын окучу».
– «Менин тунугум, сенин жаныңда болгум келет». Эмне экен?»
– «Сен да мага ушинтип айтчы?»
– «Тынчтык, боло турган нерселер тууралуу эле сүйлөшөлүчү».
– «Болбой турган эмне бар экен. Анда: Айнек, менин тунугум, биз бирге болобуз» - келин «сонун» деген таризде койкойгон баш бармактын сүрөтүн кетирди. Бул анын Тынчтыкка болгон какшыгы эле. Кат окулган белги болору менен ага Тынчтыктан чалуу келди. Минтип алдын ала убакыт болжоп алмайын бейубак чалчу эмес. Андан улам Айнек анын оюнун анчейин тамаша эмес экенин билди. Жагымсыз ачкыл жыттанып коңурук тартып жаткан күйөөсү менен катарынан тизилип жүздөрү албыра уктап жаткан балдарын аста карап койду да, жымырыла сыртка чыкты:
– Алло, эмне чалып атасың?
– Анан эмне кылайын? Мен үйдө эмесмин. Шаарда бүгүн жаан. Сонун жаан. Келгенден бери машинеде сени күтүп олтурдум. Сени менен бүгүн компьютерди калп чукулап эмес, чын дилимден, жаанга эркелеген сезимдерим менен сүйлөшкүм келди, – Тынчтык кусасы төгүлүп-чачылып чын эле чын дилинен сүйлөп атты. Ал айнекти ачты окшойт, келинге алыстан дыбыраган жамгырдын жагымдуу үнү кошо угула баштады.
– Cени күтүп атышат го. Сарсанаа кылбай кирсеңчи… – саатты карап түнкү бирге чукулдап калганын көрүп чочуп кетти.
– “Минтип камкор болбой жүр” дебедим беле, - Тынчтык жактырбай да, таарына да унчукту, – мени укчу.
– Угуп атам.
– Мен чындап эле бирге болуубузду каалап атам. Макул болчу. Качан “даяр болдум” десең алып кетем.
– Балдарчы?
– ???
– Сенин. Менин. Мени го “аракеч эринен качып кетти” дешет. А сени эмне дейт эл?
– Мен эл үчүн жашабайм. Үй-бүлөмдү да таштабайм, - Тынчтык унчукпай калды да, - кечирип кой, “аларды да, сени да” дегеним ач көздүгүмдүр. Антпейин десем, адамгерчиликсиздик болуп калат. Уу-ф-ф, Айнек, минтип бакыт издегендер жалгыз эле мен бекенминби? Сен жөнүндө мынчалык ойлонбой, толгонбой койсом болмок. Мынча болду, аягына чыгышым керек. Сага айтпадым беле, «ашык болгон жигит беттеген максатына жетет, берген убадасына турат” деп, – жанатан муңайым унчугуп аткан Тынчтык кебинин аягын өзүн кыйнай көңүлдүү бүтүрдү.
– Анан эмне кылалы дейсиң?
– Алып кетем, баарыңарды. Балдарды таштаба. Аларды кор кылбайм. Ишенесиңби мага?
– Ишенем.
– Эй, катын, эй дейм. Темселеп кайда жүрөсүң эй, жети түндө. Суу алып кел, – төркү бөлмөдөн айкырык салган Мелистин үнү Тынчтыкка даана угулду. Айнек телефонду өчүрө салып суу куюлган чакага жетип барды.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   belka   09 Сентябрь 2016 - 00:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Суу куюлган чөмүчтү Мелистин колуна карматары менен ал өзүн карай урулду. Ичиндеги муздак суу денесин чыйрыктырса, темир чөмүчтүн сабы башын ысытып өттү:
– Эмне эле колуңдан телефон түшпөйт ия, сенин? Күн деле, түн деле телефон шыкаалайсың? Таап алганың барбы ия? – Мелис жана келгендегисинен бир топ соолугуп калган экен. Башынын ысыган жагынан ылдый сызылган жылуу кан Айнекти чочутуп ийди. Мелиске каны кайнап, ыза болуп турса дагы балдары ойгонуп кетпесин деп шыбырай:
– Акмак десе, сага мен өлүп калсам деле баары бир. Кайсы ырысыңа кызганып атасың? - деди тайманбай. Мелис обдулганча Айнек эшикке атып чыкты.
***
Айнек үчүн бул окуя «чыга албай турган көз эле, чыгып кетти өзү эле» болду. Жанагынтип аялын коруп кызганымыш болуп аткан Мелис Айнек сыртка качып чыгары менен кайра жатып коңурук тартып уктап калган. Ит уянын түбүндө ыйлап таң атырган келин башынын айрыгын эртеси араң жууп, тазалап таңган. Аялынын таңылган башын, балдарынын энесине боор ачып ыйламсырап турганын көрүп туруп Мелис дагы арак уулап кетти. Анын мындай кайдыгерлиги биротоло жанына батып кетүүнү чечти.
Чынында башына урунган чөмүч Айнекти бул жерден кетире алмак эмес. Антип токмок жебей жүрүптүрбү. Аны шерденткен Тынчтыктын кечээки «мага ишен» деген кеби эле. Ага болгон ишеничи келинди төрөп түшүп, балдарым деп жашап келе жаткан бул үйүнө заматта чоочун кылып салды. Жыйналбаган төшөктүн этегинде жаткан чөмүчтү өйдө кылып койбой туруп биринчи жолу Тынчтыкка өзү телефон чалды:
– Алло, кандайсың тунугум? Жакшы эс алдыңбы? Тынч эле жаттыңбы түндө? – Тынчтыктын камкор үнү катар суроолорду жаадырды. Чынында күтүүсүз маалда Айнектин чалышы аны кубандырып жиберген.
– Жакшы, сен кечээ “даяр болгонуңда алып кетем” дебедиң беле?
– Ооба.
– Мен бүгүн кечте даяр болом.
– Бүгүн? Макул.
– Балдарымды да алам, – келин коомайлана унчукту.
– Ал, алып ал. Бирок Айнек, эрте күндө айтып коёюн, андан кийин артка жол жок.
– Макул.
– Макул анда, иштен бошорум менен жолго чыгам.
– Бирок анан кайда барабыз?
– Азыр билбейм, бирок анын жолу да табылат. Кечке чейин аракет кылам. Башкысы сен жаныма келчи эртерээк, - эркелеткен үн Айнектин жүрөгүн козгоп кетти.
***
– Апа, анан атам биз жок коркпойбу?
– Коркпойт.
– Апа, анан атам мас болуп келгенде бизди таппай калса жини келет да, - машине айылдан чыккандан бери суроолору тынбай келе жаткан уулу менен кызын башка нерсеге алаксыта албаган Айнек туталанып кетти.
– Эк, жашабагыр, жебиреген. Жини келсе келет да, келбей жүргөн жин беле анын жини, – ачуулана балдарын зекип алып, кайра Тынчтыктан уялып кетти.
– Апа, мен атама кетем. Антпесе артыбыздан барып баарыбызды сабайт, - уулу апасынан коркуп турса дагы балапан эриндерин кыбыратып, көздөрүн аянычтуу жылтыратты. Мелистен муну күтүүгө болот. Ушуну ойлонгон Айнек уулуна жооп кайтарган жок, урушпады дагы.
***
Түндү жарган машине бат эле шаарга кирип келди. Күндүзү быкпырдай кайнаган жолдор эс алып ээн экен. Асфальт менен бир топ жүргөн соң жарыгы жок шагыл жолдор менен дагы жарым сааттай жүрүштү. Дарбазасы заңгыраганы менен али бүтө элек, терезелеринин орду аңгырап коркунучтуу көрүнгөн анча чоң эмес үйгө келишти. Айнек баштыктарды, Тынчтык эч нерсени сезбей уктаган балдарды көтөрүп кирип азыраак дем басышты.
– Ууф-ф, деги эмне кылдым, – Айнек башын мыкчыды.
– Үшкүрбөчү, эмне кейийсиң? – ал келиндин жанына ыктай олтуруп, ийнинен өзүнө тартты, – эми баарын бирге тартабыз.
– Сени убара кылдым. Азыр сени үй-бүлөң күтүп атат да…
– Эч кандай убарасы жок. Анан экинчи мага менин үй-бүлөм тууралуу айтпачы ээ? Ойлонсоң да айтпай эле кой, – анын үнүнөн жактырбаганы ачык билинип турду. Келин үндөбөдү.
– Андан көрө өз бүлөңдү ойлонсоң. Балдарыңды, мени, - Тынчтык Айнектин жүзүн балдар жаткан төркү бөлмөдөн келип турган жарыкка буруп, көздөрүнө карап жылмайды, – Айнек, мына эми биз биргебиз.
Алар биринчи жолу өбүшүштү.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   belka   09 Сентябрь 2016 - 00:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

– Кайда жүрдүң? – кумсарган Күмүшайдын үнү зиркиреп заардуу чыкты.
– Жүрдүм.
– Билип атам жүргөнүңдү. Ошол кайда, ким менен жүргөнүңдү сурап атам? Жаман ойлой бербейин, бүгүн болбосо, эртең жакшы болот деп тилимди тишиме катып жүрсөм, эми түнү менен жоголгонго өттүңбү? – жанатан заарын чачып аткан аял эми муңкана ыйлап ийди, – келип калар деп түн оокумга чейин күттүм. Балаң дене табы көтөрүлүп жөөлүп жүрөгүмдү түшүрдү. Эмне албайсың телефонду? Досторуңдун баарына чалдым. Өлүп калдыбы деп да ойлодум, – колун таяп турган бийик стулду болгон күчү менен жерге бир урду.
– Акырынчы, кантесиң? Жакшыбы анан, эмне болуптур? Дары-пары бердиңби? – жүзүн аарчып жаткан Тынчтык баласы жаткан бөлмөгө шаша басты.
Күйөөсүнүн азыркы камкор абалы Күмүшайды кубандырбай эле кыжырын келтирди. Уулунун сыркоолоп калганын деле лам дебей көтөрчү. Анын ыйы, ызасы, ачуусу баласынын ооруп калганы үчүн эмес, акыркы айлардагы күйөөсүнүн өзгөргөнү үчүн эле. Баягысындай ишке баратып жүзүнөн сүйүүнү таптакыр койду. Балдары менен ойногон болот, бирок санаасы бир жерде эмес. Маанайы жакшы күндө бапылдап ар нерсени айтып берчү, анысы да калды. Ал турсун, баягысындай болбой түндөгү эркектик милдетин эптемей менен аткаруусу да аялды санаага салчу болгон. Күмүшай аял болгону өзүнүн мынча сабырдуу болуп кеткенин эми билди. Ишинен кыйналып аткандыр деп күттү, күнүмдүк тиричилик чарчаткандыр деп күттү. Эми ал ойлору ойрон болуп күйөөсүндө бир мандем бар экенин сезип турду.
– Эми кайда жөнөп калдың?
– Ишке барбаймынбы?
– Күнү да, түнү да иштеп калдың беле?
– ??? – Тынчтык албууттанган аялын тыйгысы келгени менен тили кыска болуп турду. «Басылчы, кандай иштешти өзүм билем» дегиси келип, бирок бул кеби аны коргой албасын билди.
– Бүгүн келесиңби же эртең да жуунуп-таранып, таза кийим кийгени келесиңби?
– Келем да, кайда бармак элем, – эшиктин тарс эткен үнү чыгары менен Күмүшайдын мончоктогон көз жашы башталды, – үү-үү-ү, деги эмне эле болуп калдың? Эмнеге минтип калдык, үү-ү-ү-ү?
***
Айнек күн бою үй иштери менен алек болду. Кедейди көчкөндө көр, ашык оокаттын кереги жок деп атып эле далай жүк алып келиптир. Кийим сала турган кичинекей шкаф менен идиш тизе турган бир текчеден башка эч нерсеси жок эки бөлмөдө жаны тынбады. Кечээкидей муңайбай бүгүн кабагы ачык. Күйөөсү тууралуу ойлоп да койгон жок. Ал турсун, жанатан короодо оюн менен алек болуп аткан балдары да “ата” деп коюшкан жок. Айнек аларды карап ичинен «деги эле ушинтип унутуп калсаңар экен» деп атты.
Анын улам башынан сала эстеп, улам жакшылап элестетип алып учуп атканы - кечээки түн, Тынчтыктын жакшы сөздөрү. Турмушка чыкканы өбүшүүнүн мындай таттуу болорун билбептир. Ал кинодо баарын жакшы кылып жасап коёт, турмушта болсо мындай ырахаттар эркектер үчүн гана. А аял эркектин айтканын угуп, дегенине көнүп, бала төрөшү керек деп ойлочу.
Келиндин өзгөчө ыраазы болгону Тынчтыктын напсисин тыйып, “нике кыйдыралы, чыныгы бүлө болуп жашайлы” дегени болду. Келин бурчка жыйналган беш төшөгүнө жөлөнүп ачык турган каалгадан балдарына көз салып олтургандай болгону менен эси-көөнүнүн баары башкада.
– Тынчтык, токточу, - келин боюн оолактатып, кымырынып алды, - мен… Мен азыр сени менен экениме ишенбей атам.
– Анда жомоктосуң.
– Ооба, жомоктой. Бирок жомокто баары жакшы болот да.
– А бизде эмне жаман болуп атат?
– Эми биз жаш эмеспиз да. Жаңы үйлөнүп аткан жокпуз да. Башка нике, балдар бар.
– Ооба, кечирип кой. Мен ээн баштык кылып ийдим. Андай деп деле ойлогон эмесмин. Башынан эле нике кыйдырып баарын жаңы баштайбыз деп ойлогом, - Тынчтык актана кетти, – ошентели ээ? – жалындуу көздөрү ойноктогон келин ийин куушурду.
– Ошентели, мен ишке барайын, үйгө барайын. Анан молдо алып келем.
– Качан? – келин уялып да, сүйүнүп да турду.
– Мм… Байкайлычы ээ? Айнек, мен дайыма эле бул жакта боло албайм анан, билесиң да, бала-чакага да барып туруш керек.
– Таарынбайм.
– Акылдуумсуң да менин. А мен сени дайыма сагынам. Заматта учуп келип турам, – кайрадан ысык эриндер кыналышты.
Ушуларды эстеген келин өзүнчө жылмайып, албырган жүзүн сылагылай бактылуу болуп алды. Ошол саам аны сагынып турганын туйду. Качан келер экен? Молдосуна эмне деп айтабыз? Азыр кайда эмне кылып атат? Үйүндө, Күмүштүн жанындабы?.. Кызганыч жүрөгүн чымчып алды. Ичи ачыша Тынчтыктын жалгыз гана өзүнүкү эмес экенине өкүнүп кетти.
***
Чоочун үй, чоочун жер, чоочун эл. Эки колуна эки баласын жетелеген Айнек чоочун көчөдө төмөн карай баратты. Алдынан чыккандардан жакын жерде дүкөн бар же жок экенин сурап алууга батынбай бир топ басты. Акыры издегенин таап тыйынына чейин сарптап бир тамактык азык-түлүк алды. Эртең менен Тынчтык таштаган нан, майдан эч нерсе калган эмес. Оюнда «жакшы тамак жасайын, бапырап олтуруп бирге тамактаналы. Балдар да ага үйүр алышып, көнүп кетсин» деп баратты. Оюндагысындай дасторконун жайнаткан келин Тынчтыктын жолун карап эшиктен эки көзүн албады. Күтүп тажаганда эмнеси болсо да бир чалып көрөйүн деди эле, телефону өчүк экен. Деми сууй түштү.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   belka   09 Сентябрь 2016 - 00:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Тынчтыктын иш ордунда отурганы эле болбосо, оюнун баары башкада болуп атып кеч киргизди. Буга чейин өзүндө Күмүшкө карата кылдай сезим калбагандай болуп жүргөн. Ал турсун, Айнекти алып келүүгө баратып өзүн аялына кайрылбастай туйган. Бүгүн таңда анын атырылган бир да сөзүнө катуу каяша кылбай чыгып кеткенине не арданарын, не корстон болорун билбей башы катат. Анын алдында тоодой айыптуу болгонун сезди. Бирок сезгенде эми эмне кылат... Балдары менен качантан бери ата-баладай бактылуу болуп олтурбаганын ойлоп эрксиз шуу үшкүрүп алды. Айнектин жол бою атасын оозунан түшүрбөй келген балдарына өзүнүн балдарын салыштырып, ашыгына окшобогон көзү курч балага өзүнчө кыжынып да жиберди. Анан Айнекти ойлойт. Аны ойлогондо жүрөгү аз да болсо тынч алып, сезимдерин бир жылуулук аралап, көңүлү жайлана калат. Азыр анын мурдагыдай алыста эмес экенине, кааласа жетип бара ала турганына кубанып кетти. Аңгыча үнсүз абалдагы телефонунан Күмүштүн аты күйүп-өчө баштады.
***
– Телефонуңду көтөрбөгөнүңдөн бүгүн да келбей турган болгон экен дедим эле, - Күмүшай ысык чайына кошуп кер какшыгын кошо сунду.
– Келем да, кайда бармак элем.
– Кайда барарыңды үйдө олтуруп кайдан билейин. Бирок бирөө жарымга бара турчудай эле болуп баратасың?
– Ар кайсыны айта бербечи, - Тынчтык сыр билдирбегенге аракет кылган сайын сыры ачылып калчудай чебеленип атты.
– Тынчтык, ушунча жашадык, ортодо балдар турат, бири-бирибизге болгон сыйды жоготпойлу.
– ???
– Ушуга чейинки үмүт-тилектерди, аздыр-көптүр жакшы жашоого тырышкан эмгегибизди текке кетирбейли.
– Ой, эмне эле болуп калгансың? Турбаймынбы маңдайыңда. Эмне, эмне текке кеткен атат, – Күмүшайдын жай кеби анын чыдамын кетирип жиберди.
– Мен сага жай эле, анан бир нерсени сезген, туйган үчүн айтып атам.
– Ой, тим эле сезип, туюп доңуз боло каласың да, - аялын тоготпой какшыктаган болгону менен ичинде “бул чын эле шек алып калган го? Кантип? Деги мунун көзү ачылып атпагай эле” деп ойлоп ийди.
– Сен өзгөрүлүп атасың. Абдан өзгөрүлдүң. Мурда минтип кыйкырчу эмессиң, – Күмүшайдын үнү каргылдана баштады. Анын кебине араң чыдап олтурган Тынчтык көз жашын деги эле көргүсү келген жок. Дасторкондон тура жөнөдү.
Аялы кечке телефон чалып туруп алгандыктан Айнекке кайрылбай үйүнө өтүүгө аргасыз болгон. Анын үстүнө дагы кечигип чындап шек алдырып койбоюн деп сактанган эле. Бирок ал аракетинен майнап чыкпай аялынын “жүргөн-турганың башкача” деп саймедиреп олтурганы анын тынчын алып койду. Ал бүгүн өзүнө-өзү сыноо чакырып, өзү барып эки оттун ортосуна түшүп бергенин билди. Үйгө келгенде тамактанган соң барып келе коём деди эле, эми да мүмкүн болбой калды. Балконго чыгып Айнекке “менин тунугум, жакшысыңарбы? Бүгүн бара албай калдым. Кечир. Эртең сөзсүз барам” деп жөнөтүп, дароо телефонун өчүрүп салды. Бирдиги жетпей, каттын өзүнүн телефонунда калганын байкаган жок. Бар үмүтү эртеңки эс алуу күнүндө. Таң атса Айнегине учуп барат.
***
Айнек дасторкондун четинде каршы-терши суналып уктап калган уулу менен кызына төшөк салууга турду. Ордунан козголору менен алда неден коркунучу артып кетти. Жанатан балдары ойноп отуруп билинбей апасын коркунучтан коргоп атышкан экен. Эми өз кыймылынан өзү чочуп, электеп атты. Пардасы жок терезеден сырттагы караңгы үйгө сугун артып, ач колдорун келинге сунуп тургандай туюлат. Аңгыча алыстан абалаган иттердин үнү менен машиненин дабышы угулду. Сүйүнүп босогого жетип барды. Бирок машине дарбазанын түбүнөн зуу коюп өтүп кетти. Келин илгичи жок каалганы бекем жапты да, балдары жаткан төшөктүн этегине көчүк басты. Качан телефону чулкулдаган үн чыгарып кубаты түгөнгөнүн билдире баштаганда гана Тынчтыкка чалганын токтотту.
***
Келин короз кыйкыра баштаган маалда гана аман-эсен таң атырганына санаасы тынып уйкуга кеткен. Канча уктаганын билбейт, телефондун шыңгырынан ойгонду. Мелис экен. Телефондо анын аты турбай эле, өзү суурулуп чыгып келе жаткандай жүрөгү оозуна кептеле түштү. Уйкусу умачтай ачылып, телефондун үнүн баса жуурканга ката койду. Балдары мемиреп уктап жатышат. Арты-артынан тынбаган чалуулар акыры телефонду көтөрүүгө аргасыз кылды.
– Алло.
– Хм, алло-о. Ка-андайсың? – Мелис толук соолуга элегин Айнек дароо билди, - и качкын, кайда качып жүрөсүң?
– Эмне болду? – келин коркконун билдирбей токтоо унчукту.
– Эмне болду? Атаңдын башы болду. Балдар кайда?
– Мени менен.
– Ошо, сени менен кайда жүрүшөт деп атам? Аларды эмне алып кетесиң эй, эшек. Айт, кайдасың? Балдарга бир нерсе болсун, айтып коёюн, сени мууздап салам. Кайдасың?
– Эмне ишиң бар? Биз эми барбайбыз. Издебе.
– Бай-бай-быыз. Ичте-бее. Хе-хе. Мен сени жердин түбүнөн болсо да табам.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   belka   09 Сентябрь 2016 - 00:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Айнек кайра уктай албады. Мелис өткөндөгүдөй дагы издеп келип калайманды салбаса экен деп сарсанаа. Эки баласынын ортодо чыркырап турганын ойлогондо заманасы куурулат. Бул санаалар аз келгенсип Тынчтыктын бул үйгө таштап коюп кабарлашпай кеткени бир ачуусун келтирсе, бир ыза кылат.
– Апа, тамак жейм, - көзүн ушалап төшөктөн туруп келген Эдил энесине асыла кетти. Айнек унчукпай идиш-аяктарга карай басты. Кечээ жасаган тамактан калганы кыжылдап ачып кетиптир. Шуу үшкүрүп отура кетти.
– Балам, нан жейсиңби?
– Жо-ок, – уулу кемшеңдеди. Аңгыча кызы да туруп келди. Ал жана эле ойгонуп алып байкеси менен энесин карап жаткан.
– Апа, бул жакта айран жок да ээ?
– Жок, кызым.
– Айылда болгондо Жамиля эженикинен сурап келмекпиз ээ?
– Ооба.
– Бул жактагы кошуналар да Жамиля эжедей болуп бизге айран берип турушабы?
– Бербейт, алардын ую жок болсо эмнени бермек эле, - Эдил карындашына чоңсунду, – айылда эле жашай берсек болмок.
– Айтпа антип. Экинчи айылга барбайбыз.
– Барабыз, мен кетем, – бала тура калып босогодогу жаман тапичкесин бутуна салды да, кайра энесин жалооруй тиктеп дубалга сүйөнө туруп калды. Айнек «атасын тарткан тежик. Менин азабымды ушул сен бересиң го...» деди ичинен сызып.
***
Эки сындырым нанды бурдай сугунуп олтуруп калган балдарынын абалына зээни кейип, же кылар айласы жок тизесин кучактап отура берди. Дагы деле «туура кылып атамбы же жокпу?» деген күмөндүү ойлордон арыла албайт. Көп өтпөй дарбаза кагылды. Андан биринчи тура жөнөгөн балдарын тыйган келин үстү-башын оңдонгончо шаша басты. Ойлогонундай эле Тынчтык экен. Кечээтен берки таарынычы заматта тарап жүзү албырып кетти.
– Оо, кандайсыңар? Жакшы эс алдыңарбы? – колдору баштыктардан бошобогон Тынчтык жайдары учурашты. Бирок балдар чоочуркап энесинин артына жашынышты.
– Бар учурашкыла, а… - келин "атаңар" дегиси келип, бирок аны Тынчтык кандай кабыл алат, балдар «атам эмес» деп чыгып ыңгайсыз кылышат го деп ойлой кебинин аягын жутуп алды.
– Келе колду, Эдил, жигиттерче учурашалы, – Тынчтык бала менен кол алышып, анын катарында турган кичинекей кыздын колунан өөп койду. Баштыктардан көзү өткөн балдарга атайын ала келген таттууларына кошуп балага топ, кызга куурчак карматып сыртка ишарат кылды:
– Барагойгула, ойноп тургула.
Балдар сыртка чуркап чыгышары менен Тынчтык Айнектин жанына жетти. Колундагыларын аяр алып, келинди бооруна бекем кысты. Анын жупуну кийимге катылган жумуру денесин улам сайын сыга кучактап, чачтарынан магдырай жыттап турду. Айнек үчүн бул мүнөттөрдөй бакыт жок эле. Боюн эркин таштап, назик колдору менен ашыгынын далысынан сылагылай тура берди. Көздөрүн ачпады. Кирпигин өйдө көтөрсө эле бул бактылуу турушу урап калчудай көзүн чылк жуумп, анысына өзү купуя жылмайып турду.
***
Дүр-дүйнөгө толбосо да ысык нан, таттуу, мөмө-жемиштер менен дасторкондун берекеси артып калды. Тынчтык ала келген жашыл көйнөктү кийип, гүлдүү ак жоолукту жараштыра салынган Айнек ички бөлмөдөн ажары ачыла чыга келди. Жаңы кийими өзүнө жарашып турганын билсе да эмнедендир кысынып ыңгайсыздана берди. Тынчтыктын колун сунуп, жанынан орун бергени аны бул абалдан куткарып кетти.
– Жылдыздуусуң. Туптунуксуң. Сени жолуктурганыма эки дүйнө ыраазымын.
– Мен дагы. Анан сен кабарлашпай кетпечи, – таарынычтуу эркелеген үн жигиттин жүрөгүн элжиретип ийди.
– Жок, эми эч качан антпейм. Дайыма сени мененмин.
– Мени эми эч кимге бербейсиңби?
– Сени ким талашат экен менден, – Тынчтык шердене унчукту да, ошол замат ойлоно калды, - талашмактан согуш ачса да бербейм. Азыр, аз убакыттан кийин биротоло меники болосуң. Ак нике менен меники болосуң.
***
Бөлмө ичиндегилердин баары тиктеген жеринен көзүн албай молдонун кебине кулак төшөп олтурушту. Тынчтыкка үйүр алышып ойноп калган балдар төрдөгү ак сакалдуу молдо менен анын катарындагы бейтааныш эки эркектен чоочуркашып тынч олтурушат. Молдо бир Тынчтыкка, бир Айнекке бир канча суроолорду берип олтуруп аягында нике дубасын окуду. Алар бул түнү биринчи жолу бир жаздыкка баш коюп, бир жууркан жамынып жатышты.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   belka   09 Сентябрь 2016 - 00:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Мындай бактылуу таң мурда качан болгондугун Айнек эстей албады. Уйкудан ойгоно элек жатып жанында ишенген адамы, жактырган жүрөк ээси бар экенин туюп кайра көшүлүп кетти. Бирок уктап калбай, жомоктогудай бул бакытты сезип, туюп жаткысы келип көзүн ачты. Тынчтык эч нерседен бейкапар уктап жатат. Саатты караса болгону беш болуптур. Таң жаңы гана агарып келатат. Мынчалык уйкусу канган учурда дайыма саат 9-10 болуп кетчү, анан башы зыңылдап ооруп калчу. Мынчалык кыска убакытта эле уйкусу абдан канып калганына таң калды. Көңүлү сергек, денеси жеңил. Таңдын нурлуу жарыгы түшүп турганга жупуну болсо дагы бөлмө ичи андан көрктүү. Келин түгөйүнүн каштарын, чачын сылап, жылмайып жата берди. Айнек үчүн азыр ааламда өзүндөй бактылуу аял жок эле.
***
Күмүшай жазданып жаткан колунун чымыраганынан ойгонду. Башын көтөрө берип күйөөсүнүн дагы деле келбегенин билди да, ачуусу кайнап чыкты. Төшөк салганы менен Тынчтык келип калабы деп ашканадан чыкпай олтурган. Телефонун албаганы аз келгенсип кечиккен сайын кызганычы жүрөгүн өйкөп, тынчы кетип, бет келери менен айта салуучу кептерин кайталап камдап койгон. Анан көзүнө алы келбей уйку баса баштаганда аста кирсе туйбай калбайын деп эшиктин ички бетине ачкычты калтырып коюп кийимчен эле кыйшайган. Таң агарып калыптыр. Күйөөсүнүн келбесинен биротоло түңүлдү көрүнөт, азыр ачууланбай, жай гана чечинип төшөгүнө кирди. Уктап калууга аракет кылып көзүн жумар замат кайдан-жайдан пайда болгон ачуу жаш алкымына кептеле калды. Өзүн кармап, канчалык сабырдуу болгусу келгени менен демине ээ боло албай булкулдап ыйлап кирди. Жаздыкка тумчуга башын катып алып солуктай берди. Бир далайда гана соороно «келбе, жогол ошондон ары» деп койду.
***
– Кутман таңың менен, - эшиктин алдына туш келди чачылган балдарынын оюнчугун жыйнай баштаган Айнекке Тынчтык шаңдуу үн катты.
– Рахмат. Эрте туруп алдың го.
– Жумушка барайын, – келин Тынчтыкты жанынан чыгаргысы келбегенгеби же бүгүн да кечээки күн уланат деп ойлоп алганбы, анын ишке барарын эч ойлонбоптур. Кыйыла түштү.
– Сен эмне кылайын дейсиң бүгүн?
– Сени күтөм да.
Тынчтык дароо «келем» деп кубанычтуу жооп кыла албаганына буйдала түштү. Бирок анысын билгизбегенге аракеттене:
– Кечке күткөндө убакыт өтпөйт. Андан көрө бир нерсе менен алектениш керек, - деди ойлоно. Анан дароо оюна бир нерсе кылт дей калганына кубанып кетти, – азыр балдарды ойготуп, кийиндир. Өзүң даярдан. Мен силерди сейил бакка жеткирип коём. Күн бою эс аласыңар. Убакыт кызыктуу өтөт.
Айнек уулу менен кызын тургузуп бирге тамактанышты. Тынчтык азыр сейил бакка барууга эрте экенин билип турса дагы чын дилинен Айнекке жагымдуу болсо экен, балдар көңүлдүү ойношсо экен деп баратты. Аларды борбордун так ортосундагы бакка таштап, кайда басып, эмне кылуулары керектигин түшүндүрүп, керектүү тыйындарын берди. Айнек үчүн ушундай аракеттерди көрүп жатканына өзүнчө корстон болуп турган Тынчтыкты кичинекей Эдилдин орой мамилеси кыжалат кылып койду. Эдил менен жигиттерче кол алышып, Айназиктин бетинен өөп, анан Айнек менен коштошуп жүзүнөн сүйдү. Ошол замат Эдил энесин коруп «тийбечи» деп Тынчтыкты кичинекей муштуму менен бир соксо болобу. Айнек эмне кыларын билбей кубара түштү. Экөө тең ичтеринен кызыктай абалга туш болуп, бирок аны экөө бирдей билмексен болушту.
– Макул, жакшы эс алып тургула. Түштөнүү маалында келгенге аракет кылам. Болбосо жумуштан соң келип алып кетем.
***
Балдарынын талашып-тартышкан оюну күчөп Күмүштү уйкудан турууга аргасыз кылды. Адатынча көзүн ачып эле телефонду алды да, күйөөсүнүн номерин терди. Бирок бул жолу жашыл баскычты басуудан колун тартып алды. Чалуудан намыстанды. «Эмне келбей калдың?» деп жалынычтуу кайрылгысы да, «кайда жүрдүң?» деп катуу айтып нервин короткусу да келген жок. Күйөөсүнүн бул кылыгын деги эле көрмөксөн, билмексен, байкабаган болуп койгусу келди. Антсе дагы интернетин жандырып социалдык баракчаларына көз салды. Бири күйүп турат, бирине жаңы гана кирип чыккан экен. Демек, жумушуна келиптир деп аз да болсо өз ичинен санаасын басып койду.
Үй иштеринин болгонун кылып бүтүп, балдарын жуунтуп, тарантып, ал турсун, эки жолу тамак жасап берди. Демейде көзгө илешпей, уучка турбай зымыраган убакыт мынча иш бүтүрсө да өтпөй атканын. Араң гана түштөн ооду. Андан калса бүгүн аны эч нерсе санаадан арылта алган жок. Канчалык алаксыйын дегени менен күйөөсүнүн өзгөрүп жаткандыгы, азыркы мамилелери тууралуу кимдир бирөө менен бөлүшкүсү келе берди. Алда кимге жарылып сыр ачкысы келген сайын бул теманын ушунчалык сырдуу, баалуу экенин билип атты. Курбу-курдаштарын катары менен тизмектеп ойлоп, бирин дагы өзүнүн аялуу сырын айтууга татыктуу көрбөдү. Телефонунан тизмектелген ысымдарды түрө карай берип акыры Айнектин номерине токтолду.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   belka   09 Сентябрь 2016 - 01:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Айнек өгүнү телефонун чукулап олтуруп Күмүшайдын ысмы чыкканда аны өчү бардай өчүрүп салган. Ошол учурда өзүнө күнүлөш болуп калган курбусун жек көрүп, анан аялдык ач көздүгү менен Тынчтыкты өзүнө менчиктеп, классташын мыскылдап да алган. Күмүштүн номерин жатка билбегендиктен бейтааныш сандарды карап алсамбы, албасамбы деп ыргылжың турду. Мелис болбоду бекен деген коркунучтуу ойдон улам да алгысы келбеди. Бирок бул номер азыр жан койгудай эмес. Ар он мүнөт сайын кайталап чала берди.
***
Күнүн көңүлдүү баштаган Тынчтыктын маанайы жумушуна кирери менен бузулду. Кесиптештеринин “бүгүн да айлык берилбейт экен” деп сүйлөшүп атышканын угуп эле эч кимден бышыктап сурагысы келген жок. Бул жерде “айлык берилет” деп айтылып, бирок берилбей калышы мүмкүн, бирок “берилбейт” деп бир айтылган соң сөзсүз берилбейт. Бая күндөн бери Айнек үчүн акчаны бир кесиптешинен карызга алып урунуп “айлык келери менен берем” деп ушул күндү баса белгилеген болчу. Эми карызын дооласа эмне дейм деп кыжалаттанып калды. Айнекке акыркы акчасын карматып келбеди беле. Кайра дагы кем-карчын толуктап бериш керек эле. Календарын караса Күмүшайдын да “азык-түлүк жок калды” деп айтчу убактысы келип калыптыр. Бирөөдөн жашоо үчүн акча сурамак турсун, тамеки күйгүзүп алуу үчүн ширеңке сураганды жактырбаган Тынчтык өзүн жаман сезип отурду.
***
– Салам Айнек, жакшысыңбы? Ден соолугуң, маанайың? Балдар кандай? Аяшчы? – катарынан жааган суроолор апкаарытып Айнек үндү айра тааный албай жатты. Баарына бириктире кыска гана “жакшы” деп жооп кылып, үндү күтүп калды.
– Жакшы болсоң болду. Эмне кылып атасың? – Айнек Күмүшай экенин эми тааныды. Коркуп кетти.
– Жүрөм. Эмне болду? – үнү калтырап чыкканын өзү байкаган жок.
– Ой, эмне анча кекеттиң? Ал-жай сурашып турсак болобу? – Күмүшайдын күлкү аралаш чын дилден айткан кеби келин үчүн мазак, кекенген какшыктай туюлду. Эмне десе дагы даяр болоюн дегендей, - болот, - деди суз.
– Айылда элесиң да ээ, күйөөң ичпей калдыбы?
Жанындагы балдары жарылдап алда нени айтып сырын ачып койбосун деп сактанган келин балдарынан четтей басты. Күмүшайдын “айылдасыңбы? ” деген суроосунан улам чындап эле жөн салды чалып атканын билип жүрөгү ылдыйлай түштү.
– Ооба, айылда.
– Аа, мен болсо жүрөм, – Айнектин бир ооз абалын сурап койбой көңүлсүз сүйлөшүүсү жанатан берки сырдашууга болгон каалоосун муздатып ийди.
– Эмне жаңылык, үйдөгүлөр? - “Тынчтык?” деп суроого кызганычы жол бербеди.
– Жаңылык көп, үйүбүз жаңылыкка толуп кетти.
– Ии, жакшы.
– Айнек, “жакшы” дейсиң да. Эмне болуп калгансың, араң сүйлөп эле? Жакшы эмес, – Күмүш албууттанып бир тийди, - жаман, эң жаман.
– Жакшы-жаманыңды мында туруп мен кайдан билейин, – чынында Айнек курбусунун “жаман” деген кебинин артында эмне жатканын билип эле турду. Айнектин жумшак чыккан үнүнө эреркеп кеттиби же баары бир айтышым керек деп күүлөнүп алганбы, Күмүшай эрди-эрдине тийбей жебиреп кирди.
– Жатабыз, окшош күндөр. Балдар менен күйпүл ала болуп эле күн өтүп атат. Аяшың болсо таанылгыс болуп баратат. Бая бир айтпадым беле, эсиңдеби, “бирөө жарымы бар окшойт” депчи? Жаңылбай эле сезиптирмин. Ал бир ойнош таап алды, акмак. Түндө да келген жок. Анысы менен таза эле жашап алгысы бар окшойт. Алло, угуп атасыңбы?
– Ии, - Айнектин бүт денесин майда калтырак басып баратты.
– Ууф, эмне кылышты да билбей калдым. Ия, Айнек, сенин күйөөңдүн да келбей калган күндөрү болобу? Бирок айылда минтип ойнош күткөндөрдүн абийири заматта ачылып калат да ээ? – Күмүшай өзү сурап, өзү жооп берип сүйлөй берди. Анын улам сайын кайталаган “ойнош” деген сөзү келиндин эми гана сүйүүгө толуп, эми гана бакыт деген кереметтин жылуулугун сезе баштаган жүрөгүнө бычактай сайылып, кулагынан кирип бүт денесин муздатып жатты.
– Айнек, күйөөң үйгө келбей калса эмне кылат элең ия?
– Билбейм.
– Мен да билбей атам. Өзүнөн сурап, дегеним менен айтчудай эмес. Кайдан айтсын. Эркектин баары эле окшош да. “Эрим ойноп атат” деп да айта албайт экенсиң бирөө жарымга. Бири-бирибизди бала кезден билебиз, анын үстүнө биздин бүлөнүн жакшылыгын көрүп калды, “сырыбызды ачпайт” деп сага айтып атпаймынбы.
Айнек Күмүштүн кептерин көтөрө албай баратты. Ичинен “бала кездеги бир момпосуй берип эки күн дооламайың дагы деле калбаптыр ээ?” деп ойлоп койду.
– Ойлоно берип башым катты. Ишенесиңби, көрмөксөн, билмексен болууга чыдамым жетпей калды. Бир чуу чыгарып туруп кайын журтумдун баарын чакырсамбы ия? Балким, ошондо эсине келип этегин жабар. Же эч кимге шек билгизбей эле артынан аңдып көрсөмбү?
– Кантип? – чочуганын жашырбады.
– Ошентип эле аңдыйм. Кечээ эле карегиңди карап, үйгө шашып турган күйөөң кайда кеткенин айтпай түндөп жоголуп, үйгө түнөсө тескери карап жатып алса жаман экен, Айнек, – Күмүштүн үнү каргылданып кетти, – ары же бери болбосок болбойт.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   belka   09 Сентябрь 2016 - 01:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

– Ары же бери болуш керек, - Айнек курбусунун акыркы кебин күбүрөнө кайталап турганын өзү аңдабады. Анын көз алдында Тынчтык экөөнү бирдей жеп жиберчүдөй ажаанданган Күмүшай, эки ортодо эзилип кыжалаттанган Тынчтык жана курбусунун бетин карай албай бүжүрөп турган өзүнүн элеси тартылып турду.
– Ия, эмне дейсиң?
– Жок, эч нерсе. Анан?
– Мен балдар үчүн баарына чыдай берчүдөймүн. Бирок ата катары балдардын алдында кийин эмне деп жооп берет, ошону ойлонбой атпайбы? Эртең балдардын алдында бети күйүп кантип турат дейм да…
Айнек телефондон тынбай жаңырган үндүн бирин укса, бирин уккан жок. Аны мындай нес болгон абалдан катар келген чалуу алаксытты. Тынчтыктын чалуусу Күмүш менен коштошууга шылтоо болуп кубанып кетти. Күмүштүн эмне деп атканына кызыгып койбой:
– Макул ээ? Мага күйөөм чалып атат, – деп телефонду коюп салды. Айнек «күйөөм» деген кепти баса айтып, анысына өзү кубанып алды.
– Мм, макул, – кебинин чорт үзүлгөнүнө ыңгайсыз калган Күмүш салкын коштошту. Бирок жанагы абалынан алда канча эс алып калганын байкады.
***
Тынчтык “эки саатта барып калам» дегенден бери Айнек чок баскан тооктой болуп тынч ала албады. Балдарынын көңүлдүү оюну, айланадагы кооздуктар аны алаксыта алган жок. Кечки тамак ичилип, балдар уктагандан кийин гана Күмүш менен сүйлөшкөнүн төкпөй-чачпай айтып берди. Аны баарынан кабатырланткан нерсе Күмүштүн “артынан түшүп аңдыйын” дегени эле. Бирок бул кабар Тынчтыкты өзүндөй тынчсыздандырган жок.
– Мейли, аңдысын. Менин жаңы тапкан бактымды, кечигип келген сүйүүмдү көрүп кетсин келип, – Тынчтык Айнекке сугун артып, жан дүйнөсүн аңтара бактылуу карап турду, – көрсүн, - ал берилүү менен келинчегинин көздөрүнөн кумарлана өптү.
– Анан, анан эмне болот? Анын күнөөсү эмне? – Айнек ырас эле Күмүштү аяп турган. Курбусунун бактысын өзүнө оодарып алып, анын бактысыз калганына кейип жаткан.
– А биздин күнөөбүз эмне? Ойлонуп кереги жок, Айнек. Баары өз кезеги менен боло берет. Мен азыр, ушул учурда бактылуу болгум келет, – Тынчтык бир аттап жетип жарыкты өчүрдү.
***
Түн оой үйүнө келген Тынчтык баары уктап калышса керек деп ойлогон. Жок, Күмүш ойгоо экен. Ал кирери менен телевизорду өчүрүп ашканага басты. “Токмун, тамактанбай эле жатам” деп айта алган жок. Чайканып чыгып унчукпай тамактанды. Күмүштүн алар үйлөнгөндөн бери ырыстуу азык-түлүк түгөнгөнүн билгизбей жасай жүргөн картошка оромосу экен. Абдан даамдуу болуптур. Тынчтык бул тамакты чын эле сагынып калганын билди. Аялы кепти эмнеден баштап, какшыкты кандай жылдырар экен деп санааркап олтурду. Бирок Күмүштөн бир ооз кеп чыккан жок.
Таңда да дал ушундай үн-сөзсүз тамактанышты. Бул үнсүздүк кечээ Тынчтыкты бир жүктөн жеңилдеткендей болсо, бүгүн тумчуктуруп жиберди. Жок дегенде балдары булар менен кошо ойгонуп, божурап олтурушса кыймылдары да, көз караштары да жалгашпаган бул абалды билгизбей турат эле. Балдарын сагынганын туйду. Ушу азыр ишке да баргысы келбей, балдары менен болгусу келип кетти.
– Балдар качан турушат?
– Ойгонгондо.
– Ойгонгондо экенин билип атам, ошо канчада?
– Атасын күтүп жатып кеч укташчу болду. Кеч туруп атышат.
– Бүгүн эмне кыласыңар?
– Отун жыйнайбыз.
– Кайдагы отунду айтып атасың? Жөн жооп берчи.
– Эмне кылчу элек, олтурабыз да. Атабыз бүгүн келер бекен, жок бекен? Келе турган болсо түндүн кайсы маалында келер экен деп.
– Үйдө эле болот экенсиң да... – калп эле кеп улаган болду.
– Жок, бүгүн сени аңдыйм, – Тынчтык какап кетти. Анын алаңдай түшкөн кебетеси Күмүштүн күлкүсүн келтирди.
***
Тынчтык эки күндөн бери үйгө өз убагында келип, бирок жумушка демейки убакта эмес, таң азанда кетчү болду. Эмнеге мынча эрте кетип атканын сураганда бир ооз гана “иш көп” деп койгон. Бирок бул Күмүшай ишенип калчу жооп эмес эле. Үчүнчү күн дегенде күйөөсү үйдөн чыга электе эле үй алдына тымызын такси чакырып койду. Аялы буттан кармап калчудай калдактап шашкан Тынчтык аны байкаган да жок. Ал чыккандан беш мүнөт өтпөй Күмүшай балдарын сыртынан бекитип коюп кошо чыкты. Күйөөсүнүн машинеси эми гана бурулуп баратыптыр. Аял айдоочудан алдыдагы машинеден калбай, байкатпай жүрүп отуруусун суранды. Тынчтыктын жумушуна карай эмес, адаттан тыш жолго түшүп жөнөшү Күмүштүн шаштысын кетирди. Жаңы конуштардын бирине кирип бир топ барган соң дүкөнгө токтоп, бир баштык көтөрүп чыкты. Күмүш ыйлай баштады. Андан ары көп жүрбөй чоң дарбазага келип эшикти такылдатпастан шар кирип кетти. Айдоочудан тартынбай булкулдап ыйлаган аял кирип барарын же кайтып кетерин билбей турду.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   belka   09 Сентябрь 2016 - 01:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

– Эже, анча капа болбоңуз, – айдоочу күзгүдөн Күмүшайды аяй карады, – үйүнө барып койбосо да болбойт да, - ал чын дилинен айтты. Эркектик кылып эркекке жан тартып атканы го.
– Ал таң атпай үйүнөн көңүлдөшүнүкүнө келип атпайбы, - жашын сүртүп, улутунду.
– Хм, чатак экен.
Күмүшай эшикти булка ачып чыга жөнөдү. Айдоочунун “төлөп коёсузбу?” дегенин уккан жок. Дарбазага жакындаган сайын кадамы жайлап баратты. Анын ичинде болуп жаткан дүрбөлөңдү, жүрөгүнүн оорусун, кызганычтын кысуусунан тумчуккан демин өзүнөн башка эч ким сезе албайт эле. Бир түшүнсө дал өзүндөй күйөөсү күйгүзгөн аял түшүнөр. Дарбазага кол сунганы менен туткасын кармоого алы келбей койду. Аруулугун арнап, агынан жарылып сүйүп, алпештеп бала күткөн күйөөсүн башка менен көргүсү келбей койду. Бактысын тартып алган ал адамдын алдында ызадан улам уу сөздөрүн агытып албуут, ыйдан кызарган көздөрүн жоодуратып алсыз да көрүнгүсү келбеди. Ар нерсеге оңой менен кебелбеген күйөөсү адатынча жай гана “эмне келдиң? көрөрүң ушул беле?” деп койсо эмне кылам деди. Ушуну ойлой коюп Тынчтыктын бул кебине маашырланып турган али бейтааныш аялдын алдында уят болбоюн деди да, бурулуп кетти.
– Мени кайра үйгө жеткизип коюңузчу.
***
Ошол окуядан кийин Күмүшай күйөөсүнөн түңүлүп калган. Баягыдай тынчы кетип ызаланганды, ар кимге арызданып ыйлаганды койгон. Ойлонуп күйөөсүнүн бул кылыгын көтөрүмдүүлүгү менен гана жеңе турган болгон. Келип кем-карчын толуктап, балдарын эркелетип, акыбалдарын сурап кетип турганына эле кубанат. Бир жумада эки түнөйт. Акыркы кезде жуманын кайсы күнү келерин жатка билип калган. Ичинен “тигиниси экөө ушундай программа түзүп алышса керек” деп улутунуп коёт. Регламентти бузбай кечээ келип түнөгөн. Эми эки күндөн кийин келет. А Күмүш үчүн Тынчтык бүгүн керек, бүгүн да келиши керек.
– Тынчтык, бүгүн үйгө кел. Унутпасаң, бүгүн биз үчүн маанилүү күн.
– Эмне күн экен? – күзгү алдында галстугун оңдоп жаткан Тынчтык жактырбай үн катты.
– Биз баш кошкон күн.
– Анан эмне кылалы?
– Балдар менен бирге отуруп белгилеп коёлу. Быйыл туура он жыл болот.
– ???
– Анын да бир жылы бирге жашады аты эле болбосо, мен үчүн бош эле кетти. Сенин бул үйгө учурашууга эле келип калганыңа бир жыл болуп баратат, билесиңби?
– Канчадан бери унчукпай калдың эле, кайра баштадыңбы?
Ачуулуу чыккан үн Күмүшайга таасир этпеген сыяктуу ордунан туруп келип күйөөсүнүн колунан акырын кармады. Аялынын минтип колдорун аяр кармап, көздөрүн жоодурата жүзүнө үңүлө карашы Тынчтык үчүн одоно, орунсуз туюлуп, денесин жыйрып турду.
– Баш кошконубуздун бир жылдыгы, беш жылдыгы жакшы өткөн, эсиңдеби? Андан кийинки жылдар да жакшы болчу. Мындан үч эле жыл мурда сен мени тоого алып баргансың. Ошол жерде: “Ушул күнгө чейин жакшы жашадык. Демек, мындан ары да жакшы жашай алабыз”, - дегенсиң. Сен ошол сөзүңдү унуттуң.
– Мен силерди таштап кеткен жокмун го.
– Балдарыңды таштабаганыңа рахмат. Бирок ушундан көрө мени биротоло таштап кетсең жакшы болмок. Сен үйгө келген сайын жарам жаңырат. Келесиң, мени көрбөйсүң, карабайсың. Сен үчүн мен жокмун. Анан кайра шашып кетесиң. Сен кеткен сайын жүрөгүмө жаңы ок кадалат.
Тынчтык аялдын бул чындыгын мойнуна алгысы келбей турду. Батыраак кебин бүтсө, батыраак үйдөн чыгып кетсе жакшы болот эле. Анын аргасыздан гана турганын билген Күмүш шуу үшкүрө колун коё берди. Ушу азыр Тынчтык аны бир жолу бооруна кысып койсо ичте жаткан бугу жазылып, ызасы тарай түшмөк. Эркек аны кайдан билсин, колу бошогонуна кубанып батинкесин шаша кие баштады.
– Кечинде кел.
***
Жол чырактын жашылын күткөн Тынчтык өзүнчө жылмайып алды. Жана жумуштан чыкканда чын дилинен үйгө барайын деп ойлогон. Эртең мененки Күмүштүн суранычын жактырбаганы менен ойлонуп олтуруп туура деп кабыл алган. Айнекке телефон чалып түшүндүрүп коюп, бүгүн өзүнүн балдары менен болуп, аларды кубандырууну чындап каалаган. Анан ойлонуп келе берип жол чыракка токтогондо гана Айнектин үйүнө барчу жолго түшүп кеткенин билип таң калды. Мунусун Айнекке болгон берилүүсү, ага болгон ашыктыгы деп түшүндү. Артка кайткысы келбеди. Мынча болду барып абалын түшүндүрүп чыгууну туура көрдү.
– Охо-о, бүгүн бизде майрамбы? – күндөгүдөн өзгөчөлөнүп жасалган дасторкон чын эле суроо жаратты.
– Майрам.
– Кандай майрам? – Тынчтык эки наристеге карап кимисинин туулган күнү болду экен деп ойлоду, – кана, ким канчага чыкты?
– Жок, алар эмес, – Айнек Тынчтыктын колун курсагына койду, – эки ай.
Бул Тынчтык күткөн бакыт эле. Айнектин бул сүйүнчүсү аны көккө жеткиргендей болду.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   belka   09 Сентябрь 2016 - 01:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Машина узун жол менен жол жээктей өскөн бактарды артка калтырып баратты. Тынчтык өзүн бактылуу, аялын бактысыз, балдарын бушайман кылган окуялар жашоосуна кантип аралашып кеткенине таң калып келатты. Ушул убакка чейин бир да жолу өткөн күндөрүн иликтеп көргөн эмес экен. Ойлосо, күн сайын күнүмдүк жашоо үчүн күрөшүп, күнүмдүк жашоо менен бактылуу да, бактысыз да болуп жашап келиптир. Өмүр жолу алдында жаткан жолдой түз, кенен, анан узун болсо экен деп тилек кылып койду. Айнектин кош бойлуу экенин ойлоп кубанып алды. Ымыркай наристенин жытын сагыныптыр. Ошол күн батыраак келсе экен... Уул болду бекен же кызбы? Уул болсо экен...
Аңгыча тарс эткен үн таттуу ойлорун бузуп, жүрөгүн титиреткен коркунучка кептеп салды. Машина ала салып, ичинде Тынчтык туш келди урунуп баратты. Машинанын ала салуусу саатка созулуп бараткандай, Тынчтык болсо ар бир секундда анын токтоп калышын, бир гана токтоп калышын тилеп жатты. Башын деңгиреткен караңгылык анда-санда бир жылт этип аткан жарыктан биротоло айрылып, кулагы дыңылдаган үндөн тунуп барып эч нерсе укпай калды. Мурдуна кандын гана жыты келет. Өмүр менен кош айтышуу ушул экен деп ойлоду.
***
Тынчтык уулун алып кеткенден бери Айнектин эки көзү жолдо. Күйөөсүнүн эрте келишин чыдамсыздана күтүп, эшикке чыгып-кирип тынч ала албайт. Эдилди атасынын колуна тапшырганын айтып бир чалган. Бирок келем деген эмес. Келер-келбесин сурагандан намыс кылып койгон. Ал күнү Күмүшайга кетип калса керек деп кызганыч менен таң атырган. Эртеси түшкө маал чалып ала албады. Ошону менен телефону өчүк. Бүгүн анын кабарсыз кеткенине үч күн болот. Мынчалык дарексиз кетүүсү Айнекти түркүн жаман ойлорго көөмп салды. “Бүгүн күтөм, келбесе ишине же үйүнө издеп барам” деген чечимге келди.
***
Өткөндөгү үй-бүлөлүк кеч Күмүшайга бир топ кубат тартуулаган. Суранычын жерге калтырбай Тынчтыктын уулдарына таттуу көтөрүп келгени ал үчүн эң бактылуу ирмемдердин бири болуп калган. Андан кийин да үйгө тез-тезден келгенин жакшылыкка жоруп, бир күндөрү бир кездегидей күн сайын бизге гана шашып келип калар деп үмүт кылган. Ошентип, жаңы гана жакшы үмүттүн шооласы жарык жана баштаган кезде Тынчтык дайынсыз жок болду. Бүгүн келеринен үмүтү чоң. Өзүндөгү күйөөсүнө болгон бул берилүүсүнө, арзуусуна таң калат. Андан калбаган көңүлүнө бир ыраазы, бир ыза.
***
– Көзүн ачты.
– Кана, көрөлүчү, – ак чач доктур бейтапка үңүлдү, - дем алуусу жакшы. Кана, жигит, ойгон, ойгон. Атың ким?
Тынчтыкка бул үн алда кайдан жаңырып келип атты. Көз алдындагы ак халатчандын доктур экенин билип, бирок анын эмнеге жанында жүргөнүнө акылы жетпеди. Жакшылап карап жүзүн таанып алайын деди эле, көзү тунарып, эки-үч катарланып ээрчишкен элестин бири да даана көрүнбөйт. Кыйналып кетти, баарына кол шилтеп салып көзүн чылк жуумп алды.
– Издеп келгендер барбы? – доктур жанындагы медайымга кайрылды.
– Али жок.
– Телефонун жандырдыңарбы?
– Ооба, бүгүн жандырдык. Бирок анда код коюлган экен.
– Көзүңдү албай кара. Эсине келет. Мүмкүн болсо телефонун иштеттирип жакындарын тез чакырт. Операциясын ойлонушубуз керек.
***
Тынчтык жанагы абалдан чыга албай эки күн убара болду. Экинчи күнү кечинде гана ал биринчи жолу жолдо машина айдап келе жатканын эстеди. Ошондо гана азыркы абалына акылы жете түшкөндөй жеңилдеп калды. Эч нерсени даана көрө албаган көздөрүн ушалап-ушалап иейин деди эле, эки колу тең оорлошуп ордунан көтөрүлбөйт.
– Суу, с-у-у.
– Мына, ичиңиз, – медайымдын ченеп берген суусуна ыраазы болбоду.
– Суу.
– Азырынча ушул болот. Ойгонуңуз. Атыңыз ким?
– ???
– Сиз Тынчтыксызбы?
– Ооба.
– Жакшы. Сиз ооруканадасыз. Катуу жол кырсыгына кабылгансыз. Эч нерсе эмес, азыр баары жакшы. Эч ким жоготууга учураган жок. Сиз да жакшы болуп кетесиз, – тыпылдаган медайым кубаныч менен сүйлөп жатты.
– Кайдамын?
– Улуттук госпиталдасыз. Нейрохирургия бөлүмү. Бизге сиздин жакындарыңыз керек. Телефонуңуздун кодун эстей аласызбы? – кыз телефонду ага көргөзүп, түшүнбөй калбасын дегендей экранын сөөмөйү менен чиймелеп сүйлөп жатты. Тынчтык баарын түшүнгөнү менен кодду эч эстей албай койду.
– Айнек. Айнекке чал. Жок, Күмүшкө чал, – Тынчтык онтоп араң сүйлөдү.
– Номерлерин айтыңыз, байке. Кимисине чалайын? – эстей калса экен деп тынчы кете сурады медайым. Тынчтык көңүлүнө жат болгон номерди такалуусуз айтты. Бирок ал Айнектин номери экенин же Күмүштүкү экенин эстей албай койду.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 10 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 10, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 22:35

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: