Бетимде, денемде калдар коп байкасам кээ бир калдарым чоноюп баратат, дагы жанылары чыгып атат. Сурайын дегеним калды алдыргандар барбы? Болсо канча убакта озуно келет дене? Канча акча кетет примерно айтып койсонор сураныч?
Калды кетирүүгө мүмкүнбү?
#3 27 Август 2016 - 11:58
Ымыркай төрөлгөндө анын денеси ак кагаздай апаппак болот. Бирок анын жашоосунун экинчи жылынан тартып ымыркайдын денесинде да баарыбыздын денебиздеги белгиге окшогон белгилер пайда боло баштайт. Бул - кал. Денеде пайда болгон калдын айрым түрлөрү адам өмүрүн алып кете турган коркунучка ээ. Адамды өлүмгө жеткирүүчү калдардын бири - меланома.
Меланома
Меланом - бул мелонин пигменттик клеткаларынан турат. Ал мелонин пигменти кара өңдү өзүнө камтыйт. Ал калдарды онкологиялык ооруга айлантат. Кал меланомага айланганда залалдуу шишик пайда болуп, үстү карарып, кээ бирлериники жара болуп кетет. Мындан тышкары медицинада меланоманын түзсүз өңү да кездешет. Ал пигментсиз болгондуктан, анда меланома пигменти жокко эссе.
Меланома көбүнчө териде гана кездешет. Бирок кээде көздө, тилде, мурунда жана ичеги-карында да учурайт.
Меланоманын белгилери
o калдын үстү жылтылдап баштайт;
o формасы өзгөрөт;
o калдын тегереги кызарып, кычышат;
o калдын үстүндөгү түк түшөт;
o калдын үстү кургап жолчолор пайда болуп, жара боло баштайт;
o кокусунан же жараат алганда калдын үстү канайт;
Меланоманын негизги үч формасы бар.
1. Залалдуу кал - меланоманын бул түрү моюн жана бетте көп кездешет. Ал 5-20 жылга чейинки аралыкта барып жетилет. Өңү кара-күрөң болот. Залалдуу кал жаракат алганда күчөйт.
2. Нодулярдык меланома - оорунун бул агрессивдүү түрүн баш терисинен, белден жана моюндан кездештирүүгө болот. Меланоманын бул формасы менен көбүнчө улгайып калган, тактап айтканда 50 жаштан жогорку жана күнгө катуу күйгөн адамдар жабыркайт.
3. Акралдык меланома - меланоманын бул түрү бармактарда, таман алдында жана жыныс органдарында кездешет.
Меланоманы пайда кылуучу себептер
o Ак жуумал же сары терилүү адамдардын терисинде меланин пигментинин аздыгы.
o Денеде калдардын көп болушу, эгер денеде 50дөн ашык кал болсо, анда ал коркунучтуу деп эсептелет.
o Денеде пигменттик калдардын көптүгү да таасир берет. Эгер ал пигменттик калдын үстүнө түк өсүп калса, анда ал залалдуу шишикке айланбашы мүмкүн.
o Айрым тери ооруларынын таасиринен улам меланома өрчүп кетиши мүмкүн.
o Күнгө катуу күйгөндө пайда болушу мүмкүн.
Меланома менен ооругандардын саны дүйнө жүзүндө жыл санап өсүүдө. АКШ, Австралия жана Израил меланома боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирет. Ал эми Кыргызстанда онкологиянын ханышасы аталган меланома менен жабыркагандардын саны жыл санап өсүп гана тим болбостон жашарып баратканы айтылат.
Онколог Элмира Шаршенбаевна аталган оору тууралуу буларга токтолду.
- Калдар эмне үчүн онкологиялык ооруга айланат?
- Калдын залалдуу шишикке айланышына меланома, тактап айтканда, мелонин пигменттик клеткаларынын өсүшү түрткү болот. Бул эң коркунучтуу залалдуу шишик. Бул шишикти медицинада "Онкологиянын ханышасы" деп атап коюшат. Себеби бул оору адамды бир айдын ичинде эле өмүрү менен кош айттырышы мүмкүн. Оорунун күчөшүнө адамдардын тийиштүү адиске кайрылбаганы түрткү болот. Мисалга алсам, кээ бир адамдар калды онкодерматологго көрсөтпөй косметологго көрсөтүп, натыйжада косметолог ал калдын залалдуу шишик экенин билбей алып салган учурлар кездешкен. Косметолог калдын түрүн аныктабай алып салгандан кийин адам өлүп калган учурлар да бар.
- Меланома оорусу жылдан-жылга жашарып баратканынын себеби эмнеде?
- Айта берсек себеби көп. Биринчи себеби - бул мода. Азыр жаштарыбыз моданы кууп кийинип калышты. Кууп кийинген модасы төшү менен жамбашынан башка бардык жагы ачык. Ачык жердеги калын өзү байкабастан маршруткадан же дагы башка бир жерден тыттырып алышы мүмкүн. Тытылган жерге ар кандай вирустар кирет да, баягы калдын түбүнө шишик пайда болуп, натыйжада кал зыяндуу шишикке айланат. Ал эми экинчи себеби, эртеден кечке денеси ачык күндүн алдында жүрүү. Эгер калдын залалдуу шишиги бар болсо, анда ага күндүн нуру таасирин берип, баягы калдын өңү карарып ракка айлана баштайт. Бул оору акыркы учурда жашарып жана жаштар арасында көбөйүп жатат.
- Меланоманы алдын алууга болобу?
- Меланоманы алдын алууга болот. Биринчиден, жай мезгилинде көлгө, жайлоого эс алууга барганда күнгө түшкү онго жана кечки бештен кийин гана күйүү керек. Ондон-бешке чейинки аралыктагы күндүн нуру адамдын терисине рак ооруларын пайда кылат. Экинчиден, калды тыттырып албоого аракет кылуу керек. Эгер тыттырып алган болсо учурунда онкологго келип кеңеш алуусу зарыл.
- Баарыбызда эле кал бар эмеспи. Бирок биз анын зыяндуу экенин билбейбиз да, ошондуктан бир ирет текшерүүдөн өтүп коюуга болобу?
- Ооба, болот. Бизге же биздин поликлиникага барсын. Ал жерде консультация жана көрүп карап берүү бекер. Ар бир жаран келип жок дегенде өзү үчүн бир жолу текшерүүдөн өтүп койгону оң.
- Сиздин жүрөгүңүздү ооруткан бейтаптар барбы?
- Албетте, бар. Ал ар бир ооруканада кездешет. Менин жүрөгүмдү ооруткан жана таң калдырган көрүнүштөр ар дайым болуп турат. Учурдан пайдаланып мен Кыргызстандагы бардык айымдарга жана мырзаларга айткым келет, алар үй шартында өз алдынча дарыланбасын. Эгер бир жери ооруп жатса маани берип, сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылуусун суранат элем. Кайдыгерлик мамилесинен улам Шерикбай Эгембердиев аттуу бейтабыбыз меланоманын өтүшүп кеткен түрү менен келди.
#4 05 Сентябрь 2016 - 16:31
Денедеги кал 50дон ашса коркунучтуу дейби кудай сакта менде андан коп ваапще эле
#5 05 Сентябрь 2016 - 18:23
Калдарым менде дагы чоноюп Эле кетотат кобоюп кетти акыркы жылы онколог коруп текшерт мындай болбош керек дегенле Ова озу Калдар эженин кызымында деп коюп журом озумду алаксытып))
#6 12 Сентябрь 2016 - 13:46
Калдуу болгон биздин тукумузда бар. Бирок былтыр жайында ашыкча күйүпп коюп кал көбөйүп кетти. Мең болбосо деле алдырса болобу?
#7 20 Сентябрь 2016 - 13:05
Кыргызча кылып эле жоготсо болот коп адамдар айтып журот ай чыканда деп
Allahtyn pendesi.
#8 25 Сентябрь 2016 - 21:30
#9 25 Сентябрь 2016 - 22:14
Калдын мынчалык адамдарга залал жана тескери жагы коп тийет деп ойлобоптурмун.
Менде уч жеримде билине турган калым бар, бироосу жузумдо. Меланом калынан кудай сактасын да.
Журогумсун
#10 07 Октябрь 2016 - 14:26
Калды кетиргенге болбойт, чонойуп же кобойуп кетпеси учун галдар, галыбай деп атын атап койушатго. Анан операция жолу мененда алдырганга болбойт злокочественный оорууларды алып келиши мумкун.
Л
#11 26 Ноябрь 2016 - 16:34
Бетимде кал жок болчу жакындан бери кобойуп кетти аябай эмне себептен чыгат кантип кетирсе болот
#12 27 Ноябрь 2016 - 06:52
Калдарым коп бирок кетириш керек деген оюма келбептир, Эми ойлонуп калдым
#13 02 Январь 2017 - 14:53
Саламатсыздарбы,
менее бетимде да калдарым көөп, байкасам жыл өткөн сайын көбөйөт экен. Чын эле эмнеден улам көбөйөт?
#14 08 Январь 2017 - 23:49
Менин да калдарым жыл сайын кобойуп атат.Бетимдн,
колдорумда сепкилге окшоп кобойуп кетти.
#15 25 Январь 2017 - 03:55
Менин эжемдин бетинде калы коп болчу,бир калын алдырган Бишкекте,билинбейт бирок
#16 25 Январь 2017 - 04:04
#17 08 Февраль 2017 - 10:14
Кайнежем аябай коп калдарын куйгузду бети чункур бп калды бирок кийин калыбына келтирди. Аябай чоон кадын деле куйгузду
#18 08 Февраль 2017 - 11:39
#19 08 Февраль 2017 - 12:23
Бир классташ баламдын бетинде чоон калы бар болчу.
Аны мен жинди аппак айдай бетине мышык чычып койгондой дейберет элем . Азыр ойлосом жинди экем дейм
Аны мен жинди аппак айдай бетине мышык чычып койгондой дейберет элем . Азыр ойлосом жинди экем дейм
#20 08 Февраль 2017 - 12:40
Keremet008 (08 Февраль 2017 - 10:14) жазган:
Кайнежем аябай коп калдарын куйгузду бети чункур бп калды бирок кийин калыбына келтирди. Аябай чоон кадын деле куйгузду
Куйгузгондон кийинки чункурду кантип калыбына келтирди. Мен да калымды 3 жыл мурда куйгузгом, так болуп калды. Умай косметиктен куйгузгом