“Тез эле эр жетип, тез эле мен да аял алсам...” – деп самачу болдум эми. Жада калса болочок жарымды элестетип, кыял менен жеңемдей бирөөнү издеп, убаралана берем. Бирок өчөшкөнсүп классымдагы,
мектептеги,
атүгүл айылдагы кыздардын бири да ага окшобойт.
Ошентип, улам убакыт өткөн сайын менин дагы балалыгым алыста калып баратты. Мүнөзүм абалкыдан кыйла эле өзгөрүлүп, токтоо тартып кеттим. Анымды өзүм да байкап, ансайын өзүмчө компоюп, чоң кишилерди туурап басып, олуттуу сүйлөгөнгө аракет кылып, жеңеме көрүнгүм келет.
Мени таң калтырган дагы бир кызыгы, эмнегедир акыркы убактарда мен кайра агамдын өзүнөн Айдана жеңемди кызганчу болуп алдым. А балким ал дагы жеңемди менчилеп аяп, барктап күтүп алса, балким антмек эместирмин.
Мүмкүн! Кээде көп ыйлагандан жеңемдин көздөрү кызарып, шишип, атургай көздөрү, бети көгала болуп калчу болду. Менин жүрөгүм сыздап, аяй карап калганымда жеңем:
– Жөн эле... Жыгылып кеттим! – деп жүзүн ала качып кетчү. Байкеме жиним келээр эле. Эки муштумум түйүлүп, ушул азыр агамды басып жыгылып, ургум келип кетчү.
Көрсө, мен ошондо эң алгачкы, аруу махабатыма кезигиптирмин!
Ким билиптир аны?! Билсе бир Кабылбек байкем билгендир. А балким ыраматылык жеңем билгендир. Өзүм билчү эмесмин! Баарын кеч, далайда барып түшүнүп жатпаймынбы!
***
Убакыт билинбей өтүп жатты. Жеңем ай-күнүнө жетип, ансайын ажарына чыга түштү. Боюнда бар аялдын ушунчалык сулуу болорун ошондо көргөм.
Жай мезгили эле. Ушул мезгилди али күнчө жакшы көрөм. Айрыкча айылдын түнкү кереметин айт! Сыдырым, таза жел саамайдан сылап, таттуу кыялдар көңүлдү делөөрүтүп,
сезимим кытыгылана берер эле. Айрыкча чөп жыйнаган бастырманын башына чыгып алып, жымыңдаган жылдыздарды,
айды тиктеп кыялга батуу мен үчүн жыргалдын жыргалы боло турган. Анын үстүнө бул жерден мага эч ким жолтоо да болбойт. “Аны алып келе калчы, муну алып келе калчы”, – деп апам да жумшабайт.
Баарынан жакшысы, жеңемдердин үйү дагы бул жерден алаканга салгандай даана көрүнөт. Көпчүлүк учурда ошол тарапты баштанып, жеңемдин кирип-чыкканына көз салам. Кечиндеси элеңдеп эшикке чыга калып, кайра киргиче шашкан жеңемден көзүмдү албай “кайтарып” жатам. “Кокус эле ким бирөө чыга калып жеңемди коркутсабы.
.. шашпасын!
” – дейм кыялымда. Качан гана ал үйгө кирип кеткенден кийин чалкамдан түшүп жатам дагы, асманды тиктейм.
Тигине, акырын жылып ай баратат...
Жакшы бир табылга таап алгансып, бир убакта кубанып кеттим! Асмандагы күлүмсүрөп келатып, булуттарга жашынып калган аппак ай мага жеңем болуп көрүнүп кетти! Бардык оюм “тык” токтоп, карап калдым! Чын эле! Көрсө, ай менин жеңеме окшош турбайбы!
Ура-а! Карасаң!..
Ал да кудум жеңеме окшоп, аппак бетин билинер-билинбес “сепкил” басып, жада калса муңайым карап, акырын жылып баратканы да!..
Мен ушундан кийин аты да уйкаш Айдана жеңеме тек гана Ай деген ат коюп алдым. “Менин Айым!” – деген сөз жандүйнөмдүн аялуу, терең жеринде жашачу да, кээде-кээде эч кимге угузбай көөдөнүмдү толтура айтып-айтып алчумун.
Бир күнү сабактан келатып кирсем жеңем жок! Кайра чыгып келатсам, алдымдан утурлап чыга калган агам:
– Делдегей!
Сүйүнчү, инилүү болдуң! – дебеспи!
Эмне дээримди билбей, кубанганымдан агамды тиктеп абдаарып калдым да, бир убакта:
– Ура-а! – деп сумкамды башымдан алыс ыргытып, сүйүнгөнүмдөн көкүрөгүм жарылып кете жаздады. Жада калса анын “делдегей” дегенине да мурункудай терикпей, шашканымдан:
“Атын ким койдуңар?” – дештин ордуна:
– Аты ким экен?! – деп алыпмын. Аны өзүм деле байкабайм. Агам эле баштагы адатынча боорун тытып күлүп жатат. Кудай берип койду да ага!
– Эмне күлөсүң?! – дедим мен эми ызаланып.
– Эй, кеңкелес!
– Агам чекеме чертти да: - Атын кошо төрөмөк беле?! – деди.
Унчукпай ичимден уялып калдым. Байкем болсо:
– Азыр экөөбүз чогуу барып келели, жарайбы? – деди, - Айтмакчы, атын өзүң койчу, ээ?
Кубанып кеттим. Бул менин турмушумдагы эң биринчи бөбөгүм жана мага карата болгон эң биринчи жооптуу ишеним эле.
Байкем экөөбүз да ушул саам кудум баягыдай ысык-ынак сезилишип, саамга кучакташып да турдук. Бул кубаныч экөөбүздү кайрадан бириктирип,
таарынычтарды таратып, көңүлдөрдү агартып жиберди! Мага ошондо жеңем да экөөбүзгө кубанган окшоп сезилген...
Эки кабат төрөт үйүнүн алдына келдик. Байкем жерден майда таш издеп, ыргыткан сайын “тырс!” этип айнектерге тийип, ары жактан “кимибизге келди экен?” – дегендей бала көтөргөн келиндер карап коюп, көрүнбөй калып жатышты. Аңгыча эң четки терезеден жеңемди көрдүм! Бөбөгүмдү куурчактай кылып ороп, көтөрүп алыптыр. Анысы бети-башын бырыштырып,
эриндерин чөрмөңдөтүп жатат. Жеңем болсо ага ичи элжирей бир нерселерди кобураган болот. “Атаң менен агаң келди. Карачы, уулум!” – деп жаткандыр да. Анан бизге карап колун булгалады. Айнектин артында аппак жоолук салынып, башкача бир бактылуу күлүп турган жеңем демейдегиден да сулуу болуп кетиптир!
Мен аны азыр жаңырган, апамдын тили менен айтканда “жаңы тууган” айга окшоттум. Ойлонуп кеткен экемин, бир убакта байкем:
- Эмне эсиң ооп калды?! Басасыңбы?!
– деди. Чын эле эсиме келе түшүп, бу жоругум үчүн да уялып калдым. Агам жанагыдай жайдарыланбай өңү бузулуп, ачуусу келе түшүптүр. Унчукпай алдына түшүп кетип бараттым...
Ангемелер.
#282 06 Октябрь 2016 - 14:21
Сабактан кийин түз эле төрөт үйүнө келчү болдум. Жеңем да ошол маалда мени күтүп, терезеде туруп калат. Бир күнү оюма бир нерсе “кылт” дей түштү. Жеңеме белек алгым келди. Кечинде апамдан акча сурадым. Өмүрүмдө биринчи сурашым эле.
– Эмне кыласың? – Апам таң кала сурады. Жер тиктеп унчукпай калдым.
Ошо кезде жогорку класстын балдары кичүүлөрдүн мойнуна “налог” сала баштаган кез болчу. Апамдын оюна дароо эле ошол келиптир:
– Балдар коркутуп жатабы?!-деди.
– Жок! Мен эмне, кичинекей бала белем?!-дедим намыстанып кетип.
– Анда акчаны эмне кыласың?
Көптөн кийин гана бутумдун учу менен жер чукулап жатып:
– Эме... тиги... бир кызга белек берейин дегем...-десем апам күлүп жиберди.
– Эмне белек аларыңды билесиңби?-деди анан.
Ойлонуп көрсөм, чын эле билбейт экем. Таңдайымды “шык!” эттирдим эле, апамдын ого бетер күлкүсү келип, бирок анысын жашырып эки ууртуна араң катып алып:
– Макул, балам. Бирок, белек жагын кеңешеличи, макулбу?-деди. Сүйүнүп кеттим. Апамды ого бетер, мурдагыдан да жакшы көрүп, кээ бир апалардай урушчаак эместигине, түшүнүктүүлүгүнө кубандым. Анан калса менин Ай жеңем да эмнегедир апама окшошо берет...
Дүкөнгө бардым да, апам айткан атырды сатып алдым. Апам “окуучу кыз болсо керек, жакшы бир китеп кошуп кой”,-деген эле, анын ордуна үлпүлдөгөн аппак жоолук алдым да, төрөт үйүн көздөй ашыктым.
Белекти эшик тоскон санитаркалардын биринен берип жибергем. Өзүмчө кудуңдап, өзүмө-өзүм батпай, тим эле жер баспай абада каалгып учуп жүргөнсүйм. Атүгүл ичимден өзүмдү күйөө катары элестетип, кыялдана компоём. Анымды бирөө-жарым сезип койчудай өткөн-кеткенден кайра уялып кетем...
Бир убакта жеңем терезеге келди. Келди да адатынча жылмайып күлүп, ак кагазга “РАХМАТ!” деп тамгаларын чоң-чоң бадырайта жазып туруп көрсөттү. Жеңеме кубаныч тартуулаганыма жетине албай, өзүм да кудуңдап тургам. Бир убакта карасам жеңем алаканы менен жашын сүртүп жаткандай көрүнүп кетти. Жакшылып карасам, чын эле ыйлап жатыптыр...
***
Кабылбек байкемдин ата-энесинин көзү өтүп кетип, жаштайынан жесир калган апам эки үйгө баш-көз болуп калган. Эми да алардыкына бат-бат келип, кичинекей кызыл эт Уланды киринтип берип жүрдү. Жеңем да биз келген сайын жетине албай:
– Караңызчы, апа, уулуңуз Азамат байкесине окшошуп келатат!-деп бөбөгүмдү дайыма эле мага окшотуп,-Азамат байкесин тартса экен,-дегенин көп угар элем.
Балким ал тек гана менин көңүлүмдү көтөрүү үчүн ошентчүдүр, же чын эле улуулук мээрим менен жакшы көрүп, чындап айткандыр? Билбейм. Улуу демекчи, жеңем менден анчалык деле улуу эмес, экөөбүздүн аралыгыбыз болгону эки-үч жаш болчу. Бирок, жеңем Кабылбек байкем айткандай арам да, жеңил ойлуу да, бузулган да аял эмес, тоонун мөлтүр булагындай таза, тунук, аруу жан болчу!
Бир күнү мектептен чыгып келатып жеңеме жолдон жолугуп калдым. Суу көтөрүп келатыптыр. Бирок, бу жолу мени көрүп сүйүнгөн жок. Тескерисинче, шашкалактап, бат-баттан сүйлөп менден эптеп эле кутулгусу келгендей:
– Окуулар жакшыбы? Макул ээ, эрке бала! Улан ыйлап калды го...-деген боюнча четтей басып, шыпылдап үйүнө кирип кетип калды. Кирип кетээри менен эле короодон жеңемдин бир катуу чаңырып алганы, ага удаа эле чакалардын калдырттаганы угулуп, мен эсимди жыйгыча дарбазанын эшигин “каңк!” эттире жаап Кабылбек байкем атып чыкты. Сыягы, баятан бери жеңем экөөбүздү шыкаалап аңдып турган окшобойбу! Эмнегедир көргөн көзүмө ишенбей эс-мас боло түштүм. Бет алдымда көкүрөгү жагжайып ачылган, көздөрү канталап, эки муштумун түйүп калчылдаган Кабылбек байкем келатат! Артка кетенчиктей бердим.
– Токто!!! -деди бакырып. Токтоюн десем жеткен жеринде баса калып күм-жам кылчудай.
– Эмне кылдым?!-дедим кетенчиктеп баратып.
– Токто деп атам-м!! !
Мен эми андан жакшылык күтпөй калдым. Ал катуулаган сайын мен да катуулап отуруп акыры артыма карабай качып жөнөдүм. Канткен менен мас эле да, жетпей калды. Бирок, ошондон кийин алардын үйүнүн жанынан да өтө албай айланып кетип жүрдүм.
Анткен менен агамдын ошол чеги жок кызганчаактыгы менен арагы барган сайын күчөп кетти. Кийин апамдын айтымына караганда, байкем менден эле эмес, жеңемди коңшуларынан, атүгүл жөн эле көчөдөн өтүп бараткан ким бирөөлөрдөн деле кызгана берчү экен. Алардын үйүнөн мен эле эмес, көрсө, аны билгендердин баары алыстап, тегеренип өтүп калган имиш.

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#283 06 Октябрь 2016 - 14:22
Адатымча бир күнү да чөптүн башына чыгып алып агамдын үйү тарапка көз жибердим. Баланын шым-жалаягын жууп-жайганы тез-тез кирип чыккан жеңемди карап, ошого эле курсант болуп таттуу кыял, жакшы ойлорго мас болуп, кыялданып бир топ жаттым. Бир убакта ичим эңшерилген сыяктуу жүрөгүм түпөйүл болуп, ыйлагым келгендей көңүлүм удургуй баштаганын туйдум. Үйгө кирип:
– Апа, мобул жерим эле бир кызык болуп жатат!-деп апама көкүрөк тушумду көрсөтсөм:
– Кагылып кетейиним! Ал эмнеси?.. Бери болчу?-деп көпкө чейин колунун жылуулугун өткөрүп отурган.
– Эмнегедир эле ыйлагым келип жатат,-десем:
– Ал эмнеси? Бирөө-жарым капа кылган жок беле?!-деп бушайман боло түшүп, бир убакта анан оюна бир нерсе түшүп кеткендей оорунун атын издеген дабагердей акырын:
– Айтмакчы, баягы сен белек берген кыз кандай жүрөт?-деди.
Ушул сөз чын эле жүрөгүмдүн так сыздап турган жерине барып бир тийгендей болду. Ого бетер ыйлагым келип, көздөрүмө ысык жаш тегеренип келип, тыпылдап таамп кетти! Апамдын да жүрөгү сызгырыла түшкөнсүдү. .. Мен муну анын өзгөрүлө түшкөн өңүнөн байкадым. Мага канчалык билгизбегени менен добушу да саал башкачараак чыгып:
– Сенин келечегиң али алдыда, уулум,-деди мени аягандай көкүлүмдөн жыттап. - Турмушту али таанып биле элексиң!.. Эр жетип келатасың, балам. Бардыгына даяр болуп, чыйралышың керек. Башыңа али ачуу да, таттуу да күндөр көп келет... Болбосо жүрөгүң ооруп түтөбү?!.
Бирок, менин жүрөгүм алдабаптыр! Ошондон көп өтпөй эле биздин айылда, жок, биздин турмушубузда, менин жүрөгүмдө эч качан айыкпаган, эстен кеткис кайгылуу окуя, эң чоң жоготуу, кырсык болду!
Түн кайсы убак экенин билбейм. Катуу уктап кеткен экемин. Бир убакта кимдир бирөө дүпүлдөп чуркап келип, эшикти таппай жүргөндөй биздин үйдү эки-үч ирет айланып, анан эшик-терезени катуу-катуу койгулап жиберди.
– Бул ким, ыя?!-деп апам үрпөңдөп тура калды.
– Апа, мен бул! Ач!-деп эшикти кайра-кайра койгулап ийди Кабылбек байкем. Биз аны үнүнөн таанып эле атып турдук.
– Деги тынччылык болсо экен!-деп күбүрөнгөн апам калдастай түшүп бат эле анан эшикти ачты. Бир жамандык болгонун дароо туйдум! Жүрөгүмдүн дүкүлдөгөнү күчөп, ичимде тоо солкулдап жаткандай сезилип жатты.
– Апа! Тиги... тиги...-деп ансыз да масы тарай элек агам андан аркысын айта албай булдуруктап, турган ордунда бир чимириле түштү да башын мыкчып отура калып өңгүрөп ыйлап жиберди.
– Кетип калдыбы?!- деди апам. Анын үнүндө “ылайым ошондой эле болсо экен! Андан жаманын угуза көрбө, айланайын Кудай?!”-деген маани бар эле.
Өгүнү да мас болуп алып, жедеп өзү да чарчап суй жыгылгыча жеңемди уруптур. Качан ал уктап кеткенде жеңем баланы көтөрүп алып төркүнүнө баса бериптир. Тээ кечкурун эсине келип, катын-баласын таппай калганда гана байкем апама келип, экөө барып алып келишкен. Жеңем бечара “барбайм” деп жакшы эле жаналакетке түшкөн көрүнөт. Энеси да: “Ичиме баткан бала сыртыма батат! Эне сүтү оозунан кете электе ала качып алып, баламдын багын байлап!.. Кокуй жетим бала экен, мейличи эми, эптеп киши болуп кетээр десе, акмак турбайбы! Мунун кебетесин карагылачы! Денесинин бир жеринде соо жери жок! Барганы бети-башынан бир көгала кеттиби? Биз көрбөй, билбей калганыбыз канча?! ...Баргыла, айланайындар! Башыңар баш, багалчагыңар кара таш! Бербейм кызымды!”- деп катуу кетиптир. Апам бечара да ансайын жалынып-жалбарып, өпкө-жүрөгүн чаап жатып акыры болбогондо: “Ата-энеси тирүү болгондо бул акмак башкача болбойт беле?! Мен да ушундай сөздөрдү угуп, ушул жерде отурат белем? Кудайым башка салып койсо ушул тура! Андай болсо кетели, балам!”-деп чындап эле ызаланып ыйлаган экен. Агам да ботодой боздоп: “Экинчи ичпейм! Экинчи өйдө карабайм! Апа, ата, мени кечиргиле?! Мен Айданасыз жашай албайм!”- деп төрт бүгүлө кечирим сурап, кайнатасынын бутун кучактап ыйлайт. Акыры эне-балага Кудайдын боору ооруганбы:
– Жөнөт кызыңды!-дептир куда аялына ачууланып. - Чыккан кыз чийден тышкары. Эрге тийдиби, ысык-суукка чыдап жашасын! Анан да кызың мындан ары үйүмө ыйлап келчү болбосун!
Апамдарга бул майдай эле жакса керек да. Жеңем бечара:
– Ата, мени ушинтип кубалайт белеңиз?!- деп атасынан мээрим күтүп, буркурап ыйлаган экен. Атасы үн катпай мисирейип коюптур. Акыры атасынын төрүнө сыйбай турганын түшүнгөн жеңем чыгып баратып:
– Ата, мени кечириңиз, өлүгүмдү эле артып келбесеңиз, бул үйгө эми эч качан ыйлап келбейм!-деген экен.
Апам ушуну ойлоп кетти окшойт. Анткени, байкемдин кебетеси бу саам таптакыр башкача эле. Бир убакта эсине бир нерсе түшүп кеткендей ыйлаганын токтото ордунан ыкчам тура калып кайдадыр чымын-куюн болуп жүгүрүп кетти.
Апам экөөбүз артынан чуркадык.
Ай жарык болчу. Эмнегедир Кабылбек байкем үйүнө кирбей дарбазасынын жанына жетип “тык” токтоду да, кайра бурулуп төмөндү көздөй каяккадыр аттап-буттап чуркап жөнөдү. Биз нес болгон кишиче анын карааны көрүнбөй калгыча тура бериппиз. Бир убакта анан апам эсине келгендей шашкалактап, короону көздөй жүгүрдү. Артынан мен да кирип барып... Кире бериште бирөө башка уруп ийген эмече эсим эңгиреп, кулагым тунуп, көргөн көзүмө ишенбей шайым оой түшүпмүн! .. Апам Айдана жеңемди көздөй чуркады!
Жеңем! Байкуш жеңем! Терезенин түбүндөгү карт дарактын тарбайган жоон бутагында салаңдап, кундуздай олоң чачы тизесине чейин жайылып асылып туруптур! .. Жерде томолонуп киши отурган үстөл жатат!..
Апам жеңемдин эчак эле жан бергенин билген сымак кокуйлап, эмне кылаарын билбегендей ары-бери жүгүрүп жүрүп кошуналардын эшик-терезесин койгулай баштады. Заматта чогулуп келген эл жеңемди чечип алышты! Денеси эчак муздап калыптыр дешти. “Тез жардам” да кыйкырган боюнча учуп-күйүп жетип келип, кайра кетти. Андан көп узабай укук коргоо кызматкерлери пайда болуп, иштин чоо-жайын сурап апам экөөбүзгө, дагы бир топ кишиге кол койдуруп кетти.
Бир убакта эсиме Улан түштү. Үйгө чуркап кирсем бөбөгүм бешикте бөлөнүп жатыптыр. Аттап-буттап кирип эле баланын дем алганын тыңшадым. Менин келгенимди сезгендей “солк-солк” этип бир чукуранып алды да, эмчек издеп эки жакка эриндерин чормоңдотуп алып бат эле кайра уктап кетти. Жаздыгы, жоолугу чылпылдап, жаш менен терге чыланып кетиптир. Сыягы, эчактан бери ыйлап жатып жедеп чарчаганда уктаса керек.
Өпкөм-өпкөмө батпай бөбөгүмдүн бешигин кучактап алып үнүм да, жашым да чыкпай калгычакты ыйладым!..
Ошондон көп өтпөй эле жеңемдин төркүнү келип, сөөктү алып кетишти. Жерге бергиче апам экөөбүз да ошол жакта жүрдүк. Апама ошондо ушунчалык боорум ооруду. Кудаларынын алдында жер карап, айыптуу болуп отурду. Кетээрибизде да батына албай жатып Уланды сурады.
– Алгыла!-деди кудагый Улан жөнүндө уккусу да келбегендей. - Алып кеткиле!..
Апам жол бою бөбөгүмдү бирөө жула каччудай бооруна басып, көзүнүн жашын буурчактатып үйгө чейин ыйлап келди.
Азыр Улан он бешке карады. Жеңем айткандай, апам да аны мага окшоштура берет. Агам болсо ошол кеткен боюнча кайра кайтып келген жок.
А мен али күнгө чейин эле жүрөгүмдүн ханышасын издеп келем...
(Аягы)
Жыпар Исабаева

#284 06 Октябрь 2016 - 16:26
Акыркы жолугушуу
Кыдыракей тизилген соодагерлердин арасынан көзүм аны учуратканда саамга катып калгансыдым. Ошолбу? «Адамдын окшоштору көп болот дечү эле, балким башкадыр» деген ой келди башыма. Бирок, улам жакындап барган сайын аны дааналап окшоштура баштадым. Кара чачын гана сары кылып боёп алыптыр. Болбосо, эч өзгөрүү жок баягысындай эле экен. Ага бир топ жакындап баргандан кийин таанып калбасын деп илинген шымдардын арасына жашындым. Калп эле шым караган киши болуп аттым, бирок, көзүм дале анда болчу. Кардарларынын бири менен сүйлөшүп жатканда үнү да ошондогудай эле ичке, тунук экенин байкадым. Ушундан кийин гана шым карап таппай койгон кишидей ага жакындап бардым. Топумду баса кийип алгандыктан, ал мага маани берген жок. Жанынан өтө бергенимде дагы бир жолу адашпаганымды, ал чын эле мен ойлогон адам экенин билдим.
***
Эртеси жумушка келгенден кийин эле Сыдык байкени издеп жөнөдүм. Сыдык байке, мурда актёр болуп кийин эч ким ага роль бербей койгон соң театрдын «кара жумушчусу» болуп калган. Кара жумушчу дегеним, СССРден бөлүнгөндөн кийин театрыбыз бир топ алсырап кетип, биз актёрлор айлык албай эле иштеп калдык. Курсак ачка болсо кайдан роль жаралмак эле, эптеп эле келди-кетти болуп калганбыз. Бара-бара актёрлордун катары суюлуп, колунан келгени базарга чыгып, андан кыйындары чет өлкөгө иш издеп кетип жатышты. Бир катар актёрлор гана эптеп өлбөгөн жанга келчү жазды күтүп жашай бердик. Бара-бара театрдын иши оңоло баштады. Аз да болсо айлык алып жашай баштадык. Бирок, актёрлордун катарын «сокращение» деген балекет дагы суюлтту. Мына ошол кыскартууга ушул Сыдык байке туш болгон. Аны жумуштан алышканы менен ал киши театрдан кеткен жок. Театрдын ар кайсы жумуштарын аткарып, кылган кызматына эптеген акча алып жүрдү. Биз ага көп жолу башка жакка барып иш табууну сунуштадык. Бирок, анын колунан эч нерсе келген жок. Соодада да, кара жумушта да иштей албайт экен. Өзү да жашынан жүдөө болгондуктан, дайыма боргулданып тердеп жай жүрөт. Ишсиз калганга чейин аялы дагы бул жерде иштегендиктен, анын караанын карманып жүрчү. Акыры аялы ишти колго алды окшойт, театрдан кетип соодага өттү. Бирок, иштери жакшы болгон жок. Соодасы жүрүшпөй же Сыдык байке жакшы жардам бере албай аялы бир топ жүдөдү. Ошентип жүргөн күндөрдө бир күнү аялы түйүнчөгүн түйүнүп Орусияга иш издеп кетти. Сыдык байке эки кызын карап үйдө калды. Алган акчасы жарыбай эптеп жашап жүрүштү. Көп өтпөй аялы акча сала баштады. Ошону менен эптеп кыздарын окутуп, жүдөгөн Сыдык байке ого бетер жүдөп эле калды. Кийип жүргөн кийими көпкө жуулбагандыктан, өзү да дайыма тердеп жүргөндүктөн, ачкыл тер жыты кайда барбасын бурулдап аны ээрчип жүрчү. Кайсы бөлмөгө кирбесин эшикти ачаардан мурун анын жыты кирип келчү. Иш жамаат аны эптеген бир жан да дегендей мамиле кылып эч ким деле ага көңүл бөлчү эмес.
Ошондой күндөрдүн биринде Сыдык байкенин аялынан акча келбей калды. Башка киши болсо сарсанаа болуп аялын издемектир, бирок, Сыдык байке анте алган жок. Издөөгө да жүүнү боштук кылдыбы, чет жактан келген-кеткен тааныш-билиштерден гана сураштырып тим болчу. Акча жок кыздары да мектепке барбай калганда театрдын жамааты ага жумуш берген. Жумуш бергенде эмне, ар ким аны ар кандай жумушка жумшап ошонусу үчүн бир аз айлык коюп беришип аны «кара жумушчу» кылып алышкан. Убакыт учуп аялынын кеткенине тогуз жылдын жүзү болсо да, жубайынын артынан издеп барганга кудурети жеткен жок, башка аял алып да кеткен жок. Болгону өзүндөй алсыз үмүт менен гана аялын күтүп жүрө берди.
Сыдык байкени короодон таптым. Адатынча кароолчулар менен чылым чегип боргулданып тердеп отуруптур. Жакын барып учурашкандан кийин «жүрсөңүз» деп өзүнчө чакырып алдым. Ал адатынча башын ийкегилеп артымдан жүрдү.
– Сыдык байке,-дедим жүйөлүү сөздү айтаарымды билгизе. - Жашооңуз кандай болуп атат? Кыздар жакшыбы, чоңоюп атышабы?
Ийнин күйшөп коюп, Сыдык байке жакшы эле деп башын ийкеңдетти.
– Сыдык байке, аялыңыз менен сүйлөшүп жатасызбы? Дайын барбы?
Бир аз жер карап унчукпай турду да:
– Баягы бойдон дайын жок, үкөм...-деди шалпайып.
– Мен сиздин аялыңызды көрдүм,-дедим көзүнө карай. Тиги койсоңчу тамашаңды дегендей ишенип-ишенбей көзүмө карады.
– Ооба, чын эле көрдүм. Кечээ жумуштан кийин Дордойго баргам. Шым карап жүрүп аялыңызды көрдүм.
– Койчу, кантип эле. Ал деген Орусияда да...
Сыдык байке ишенген жок.
– Билбейм, балким мен адашып калгандырмын, бирок... Кудум өзү, Сыдык байке. Ишенбесеңиз алып барайын.
Сыдык байке ишенбей турдубу же көп жылдан бери биринчи жолу аялы жөнүндө укканынабы эч нерсе дей албай калды. Мурдун шор тартып адатынча тердеп кетти.
– Эртең эрте базарга баралы. Өз көзүңүз менен көрүңүз.
Ушуну менен мен да эч нерсе деген жокмун, ал дагы унчукпады.
Эртеси таң эрте Сыдык байке босогомдо пайда болду. Түнү менен уктабай чыккан көрүнөт көздөрү кызарып калыптыр. Күчүн чылымдан чыгарса керек, боюна сиңген тамекинин түтүнү бур дей түштү.
– Кеттикпи?-дедим. Ал башын ийкеди.
Базарга баргандан кийин экөөбүз тең апкаарый түштүк. Чын эле ошол болуп калса эмне кылабыз? Мен да эмне дээримди билбей бирден чыны чай ичип алууну сунуштадым. Сыдык байке макул болду. Чай ичип атып да эч нерсе сүйлөшө албай койдук. Сыдык байке уялып жаткан кишидей кымырынып көзүмдү карабай жер карап шалпайган абалында чайын шорулдатып ичип жатты.
Базарга кирип эле баягы орунга бардык. Акмалап жарым сааттай туруп баягы аялды көрө алган жокпуз. Ал күнү экөөбүз үн-сөзү жок артка кайттык.
Эртеси түш оогондо базарда болдук. Сыдык байке дале кебетеси шалпайып ого бетер жүдөп калган. Жүдөө кишиң жаман эле болот турбайбы. Эркек катары бир нерсе кылгандай болсочу... Үн-сөзү жок тердеп-кургап мени гана ээрчип жүрдү.
Экөөбүз баягы жерге жеткенде акмалап туруп калдык. Бул жолу аял чыгыптыр. Бир аз карап тургандан кийин Сыдык байке аялын тааныды көрүнөт катып туруп калды. Чекесинен тер чыпылдап чыгып, жаагы ылдый куюлуп аны сезген жокпу же аарчыганга алы келбедиби селейип:
– Ошол экен... Жылдыз турбайбы...-деди оозу араң кыбырап.
Акыры чыдабады көрүнөт, аялын көздөй басты. Аялынын жанына бараарын барып эмне кылаарын билбей калды окшойт, эки алып калып доскада бүжүрөп турган шалаакы окуучу сымал үлбүрөп дагы бир кадам жыла албай же сүйлөй албай дел болуп катты. Жылдыз эже тигинин катып калганын байкай коюп, бир карап алды да, ал дагы эч нерсе дей албай селейди да калды. Экөө бирин-бири карап же ары басып кете албай же сүйлөшө алышпай тура беришти. Ошол учурда экөөнүн абалынан мен да сенделип калдым. Кудум жашоо токтоп калгандай, ары-бери тыгылышкан кишилер катып калышкандай базар заматта тымтырс боло кандайдыр бир өлүү тынчтык орноп турду. Сыдык байке оозун араң-араң кыбыратып «кандайсың? » дегенсиди. Анысы өзүнө да угулган жок окшойт, сөзүнүн акыры эриндери эптеп эп келтиргенсиди. Жылдыз эже да ушундай болоорун билсе да, күтүүсүз жолугушууга абдаарып оозун кыбыратып араң алик алды. Ортодо орногон бул оорчулукту экөө тең буза алышпай «эмне кылып жүрдүң?..», «эмнеге бул жакта жүрөсүң?..» деп биринен-бири сурай алышпай айласыз турушту. Тилсиз тиктешүүгө Сыдык байкенин жүрөгү чыдабай кетти көрүнөт, колдорун кыбыратып-кыбыратып алып артты көздөй жөнөдү. Менин «Сыдык байке» деп тосконума караган жок. Көзүнөн жашы атып чыкчудай бир кызыктай кызарып базардан чыгып кетти. Мен артынан чуркап чыктым. Сыдык байке машиненин жанына келди да, ушул ааламда өзү гана калгансып эч эле шашпаган кыймыл менен чөнтөгүнөн тамекисин сууруп чыгып күйгүзүп соруп-соруп жиберди.

#285 06 Октябрь 2016 - 16:27
Эмне деп сүйлөөрүмдү билбей, машинени от алдырдым. Сыдык байке машинеге отурду. Мени такыр караган жок, сөз да сүйлөбөдү. Мен да эч нерсе дебестен машинемди айдап келе жаттым.
Сыдык байкенин үйүнө жеткенде эки кызы алдыбыздан чуркап чыгышты. Аларга билгизбейин дедиби, Сыдык байке машинеден түшпөй туруп эле «чай койгула, азыр киребиз» деп койду. Эч нерседен капары жок кыздары кубалашып чай койгону кирип кетишти.
Саамга унчукпай тургандан кийин:
– Э, Кудай, бул эмне дегениң эле? Ушундай да болобу?-деди.
Жубатаарга такыр сөз таба албай койдум. Эмне кылаарды билбей туруп калганымда Сыдык байке машинеден түштү да чай ич дегендей ичкериге чакырды. Мен «жок, рахмат» деген ишарат менен колумду боорума алдым. Ал өзүң бил дегендей жанагындай эле түшүнүксүз жай кыймылы менен колун шилтеп үйүнө кирип кетти.
Эки күндөн кийин Сыдык байке экөөбүз дагы базарга бардык. Бул жолу барганыбызда Жылдыз эжени көрө алган жокпуз. Ордунда бизге бейтааныш эркек туруптур. Кечке чейин акмалап базар жабылгыча отурдук, бирок, Жылдыз эже такыр көрүнбөдү. Базар жабылып, тиги киши базардан чыкканда биз артынан жөнөдүк. Ага билгизбей машине менен акмалап жүрүп отурдук. Базардан көп алыс эмес жерден үйлөрү жаңы курулуп жаткан кичинекей районго келдик. Тиги киши бизди байкаган жок. Машинесин чатыры бийик жабылган кичинекей үйдүн жанына токтотуп кирип кетти. Дагы бир сааттай күтүп отурдук. Экөөбүз тең машинеден түшүп, тиги киши кирип кеткен үйдү көздөй бастык. Сыдык байке кышылдап дем алып дагы эле тердеп жүрөт.
Дарбазасын ичтен илип коюптур. Тешигинен ары жагы такыр көрүнчүдөй эмес. Үйүн айлана басып, забордон башыбызды чыгарып ичин карадык. Төрт бөлмөлүүдөй тыкан салынган там экен. Терезелеринде гүлдөр өсүп, жарашыктуу парда илиниптир. Короодо кокулдап беш-алты тоок жүрөт.
Балким, кирип эле сүйлөшсөкчү деген ой келди. Мен Сыдык байкени карадым. Бирок, Сыдык байке кермени карап дагы катып туруптур. Кермеде кичинекей баланын жалаяктары, шымдары илинип турган эле.
Ушул учурда парда ачылып, терезеге тиги киши келди. Терезенин пардасын кенен ачып, тумагын терезеге койду да ылдый отуруп көрүнбөй калды. Эми бизге үйдүн ичи даана көрүнүп турду. Үйдө Жылдыз эже бир нерсе кылып, идиш-аяктар менен алек болуп жатат. Ортодо 3-4 жаштардагы кичинекей бала чуркап ойноп жүрөт. Жылдыз эже булоолонтуп тамак көтөрүп келди да, үчөө тегиз отуруп тамак жей башташты.
Ушул учурда Сыдык байке чыдабай кетти көрүнөт забордон башын чулгуп алды да, машинени көздөй жөнөдү. Мен дагы анын артынан бардым. Машинеге жете бергенибизде ал артына бурула калып, үйгө кирип баруучудай обдулду дагы:
– Кеч болуп калыптыр... Күнөө менден кетти...-деди.
Мен эч нерсе деген жокмун. Сыдык байке ушул учурда өзүн ушунча күнөөлөп жерге батпай турганын сездим. Ачкачылык болуп, үй-бүлөгө каран түн түшүп турганда эркектей болуп үй-бүлөсү үчүн күрөшө албай, бала карап үйдө калганына ичи күйүп тургандай сезилди мага. Табиятынан жүдөө, эч нерсеге жарабаган бир байкуш болуп жаралганына арданып тургандай сезилди мага.
Башын жерге салган Сыдык байкенин мурдагысынан да бүжүрөп, мурдагысынан да кара терге чөмүлүп мусаапыр тартып турганына бир туруп боорум ооруса, бир туруп жиним келди. Үндөшпөдүк.
(Аягы)
Бек Усенов

#286 06 Октябрь 2016 - 16:44
Үч күн
Биринчи күн
Кеч. Базар. “Карс-курс” этип, акыркы контейнерлер жабылууда. “Жол, жол!” деп кыйкырган тачкисттер да иштерин токтотуп, тачкилерин биринин үстүнө бирин жүктөп алып, араба жайга жөнөшкөн.
Контейнерлерди аралап, колтугуна кагаз коробкаларды кыстарган жаш аял менен кызы гана кетпей жүрөт. Кезектеги коробкага жетип, жаңы эле алып жөнөөрдө кызы апасын этектен тарткылап, түгөнбөгөн суроолорун берип атат:
– Апа дейм? Биз эмнеге күндө ушинтип коробка теребиз?
– Анан эмне кылабыз? Эптеп күн көрбөсөк болбойт да.
– Адинайлар коробка тербей эле күн көрүп атышат го?
– Ар кайсыны сурап башымды оорутпачы, кызым. Минтип коробка тербесек сенин кичинекей курсагың, менин чоң курсагым кантип тоёт? Анан, жакында жаңы жыл, аны кантип тособуз? Кө-өп коробка чогултсак, кө-ө-өп акчабыз болот. Анан экөөбүз светтин, ижаранын да акчасын беребиз. Түшүндүңбү?
– Апай, анда, Адинайлар эмнеге коробка теришпейт? Бирок, көйнөгү көп?
– Жөн басчы. Аны эмне кыласың? Алардын акчасы көп да, ошон үчүн көйнөгү да көп.
Турмуштун запкысын көрүп жүрүп, жетишкен үй-бүлөлөрдү көрсө ичи тарып, бир заматта аларды жаман көрүп кетчү. Азыр да ошонусу кармап, күңкүлдөдү. Ансайын кызы кыялынан чыга албай, башындагы ойлорго жооп таба албай такып кирди:
– Апа, алар акчаны кайдан алышат? Эмнеге алар коробка тербейт?
– Анткени, алар мурда эле акчаны көп таап алышкан да.
– Анда атам экөөңөр кайда элеңер?
– Качан?
– Му-урда, му-урда? Адинайлар коробка терип алышканда?
– Андабы?... Анда биз...-кимдир бирөөгө ачуулангандай унчукту. - Анда да биз ушинтип коробка терчүбүз. Өлүгүңдү кана көрөйүн! Керелден-кечке, күнү-түнү урушуп, согушуп коробка терчүбүз! Ошентип эле жашап келе жатабыз, жашооң куруп кеткир!
– Адинайларчы?
– Эмне эле Адинай, Адинай дейсиң?! Анын деген атасы да, апасы да окуган-чокуган, иштери бар немелер. Биздей какмар дейсиңби?! Иштешет. Кийими бүтүн, курсагы ток алардын! Бас, бол! Дагы бирөө коробкаларды чогултуп кетпесин.
– Курсагым ачты.
– Эми эле нан жебедиңби?
– Менин тамак жегим келип атат. Унчукпай калып, кайра сурайт. - Апа, Адинайлар күндө тамак жасап жешет, э? Күндө, күндө, э?
– Ийи, аларга Кудай ошентип жазып койсо ичет да.
– А Кудай бизге эмнеге күндө тамак ич деп жазган жок?
– Ошондой болот. Жашоо деген ушундай өйдө-ылдый. Бири кедей, бири бай, бири жакшы, бири жаман. Биздин маңдайыбыз шордуу да, ушинтип өмүр бою өт десе керек.
Жакшы бир нерсе ойлоп таба койгонсуп же ошонусу дароо эле аткарыла калчудай кыздын бакыракай көздөрү жайнай түштү:
– Тапты-ым! Кудайдан бизге дагы чоң үй, акча, тамак, көйнөк маңдайыбызга жазчы деп суранбайлыбы?
– Андай болбойт да. Сурансаң эле бере бербейт эч ким. Бекер эчтеке жок... Кудай берчүсүнө гана берет. Биздей шордууларга эмне?! Бас кеттик, кел, сени да көтөрүп алайын. Оппаа, жүрү кеттик.

#287 06 Октябрь 2016 - 16:46
Экинчи күн
Ызы-чууга толгон базар ишин токтоткон. “Карс-курс” этип акыркы контейнерлер жабылууда. “Жол, жол!” деп кыйкырган тачкисттер да иштерин токтотушуп, тачкилерин биринин үстүнө бирин жүктөп алып, арабасын токтотуучу жайга чарчаңкы кетип баратышат. Өтмөктөрдө жалаң гана шыпыргычтар жана коробка терген жаш аял кызы менен жүрөт. Кезектеги коробкага жетип илип алып сүйрөп жөнөөрдө кызы апасын этектен кармап токтотот.
– Апай? Кудай каякта?
– Аны эмне кыласың?
– Мобу коробкаларды сатып туруп, Кудайдан маңдайыбызга чоң үй, тамак, акча жаздырып албайлыбы?
– Ий, божурагым, Кудай деген соодалашпайт да. Ал деген эч кимге көрүнбөйт, тээтиги асманда.
– Анда ал Адинайларга кантип берди чоң үйдү, сонун көйнөктөрдү?
– Ий-ий, кызым, башымды ооруттуң. Кудай бериш үчүн күндө сураныш керек андан. Анан ошондо гана берсе берет, бербесе жок.
– Кудай дүкөнчү байкедейби? Биз шекер сураганда кечке суратып, сиз ыйлагандан кийин гана берет го шекерди. Ошондойбу?
– Жок, Кудай андан да жаман. Ал ыйласаң да эч нерсе бербейт! Болбосо, мен күндө таң аткыча ыйлап чыгам, берсе эбак эле маарып кетпейт белек! Ү-ү-ү-ү.
– Апа, ыйлабаңызчы.
– Ү-ү, үү-ү, ыйлабайын дедим эле, көзүмдөн жаш чыгып кетпедиби? Он жылдан бери бир өзгөрүү жок ушинтип келатабыз. Үү-ү-ү...
– Ү-ү-үү...
– Болду, секетиң кетейин, көзүңдүн жашын сүрт. Баары жакшы болот. Көрөсүң го, сен чоңоёсуң, сулуу кыз болосуң, анан күйөөгө тиесиң. Ошондо баары жакшы болот.
– Чын элеби?
– Чыпа-чын.
– Көп акчабыз, кө-өп тамагыбыз болобу?
– Кө-өп көйнөгүң да болот, чо-оң үйүбүз да болот. Баары жакшы болот. Сенин азыр ыйлачу убагың беле? Күлүп, эч нерседен капарсыз ойноочу кезиң, жаным,-шайы оой түшкөн аял контейнерге жөлөнүп отура кетти. Кызы жанына келип тепейип отурду:
– Апа, мен Кудайды жаман көрөм.
– Ок, антип айтчу эмес, күнөө болот.
– Эмнеге? Анда эмнеге сизди ыйлатат? Өзүнөн көрсүн, мен аны баары бир жаман көрүп калдым.
– Кой дебедимби. Антип айтпа, жашабай жатып. Каарына алса, жаман болот. Түкүр жерге, үч жолу “тфу” де.
– Дебейм.
– Кандай неме ыя, бу? Түкүр деп атам.
– Тфу, тфу, тфу.
– И, экинчи минтпей жүр макулбу? Жүр кеттик.
– Апай? Мен качан чоңоём?
– Чоңоёсуң, секетим. Бат эле менден да чоң болуп кетесиң.
– Эртерээк эле чоңойсом экен. А эмнеге сиз чоң болсоңуз деле баары жакшы болгон жок?
– Менде баары жакшы, сен барсың, жаман болсо да атаң бар...
– Бизден көрө чымчыктар бактылуу болсо керек, ээ, апа? Алар кечке учуп жүрө беришет. Колдору деле жок, бирок, бактылуу алар.
– Андай эмес, ар бир жаныбар, анын ичинде адамдын ар биринин өз шору, өз бактысы бар.
Эми элеки оюн унутуп кыз чечкиндүү унчукту:
– Мен сиздей болгондо деле коробка тергим келбейт.
– Тербейсиң секетим. Айтпадымбы, баары жакшы болот деп. Сен мага ишенесиңби? - Апасы кызынын колунан силкип өзүнө каратты.
– Ооба, ишенем,-кыз кыялдана асманды карап, анан балалык баёолугу менен,-батыраак эле чоңойсом экен. Ага чейин ушинтип коробка терип турабыз да, ээ?
– Ийи, кызым. Эмне кылсак да эл ичинде аман болсок болду,-аял аргасыздан кызынын башынан сылап улутунду.
– Коробка терип аман болгондун эмнеси жакшы?
– Дагы баштадыңбы? Басып жүргөнүбүзгө тобо дагы. Карачы, тиги кайырчынын эки колу жок, буту менен сүрөт тартып, буту менен кайыр сурап отурат. Эки бутуң басып, ден-соолугуң чың. Андан өткөн бактылуулук жок.
– ?..
– Сен азыр кичинекейсиң. Кичине чоңойсоң, анан түшүнө баштайсың. Сен эмес, көп нерсеге мен түшүнбөйм али...
– А тиги кайырчы эмне, бактысызбы? Коробка тербесе делеби?..
– Бактысыз эмей...

#288 06 Октябрь 2016 - 16:48
Үчүнчү күн
Бүгүн жаңы жыл.
Ызы-чууга толгон базар бүгүн эрте жабылган. Шыпыргычтар да, тачкисттер да жок. Ары жакта көчүгүнө коробка салып, үңкүйгөн кайырчы эч ким жок болсо деле кимдидир алкап отурат. Акча салгандарды алкап атып көнүп калса керек.
Кайырчыга бетмаңдай коробка терген кичинекей кыз ыйлап, жалгыз турат. Тосуп турган топусуна бирөө тыйын таштап өтүп кеткен соң кайырчы бутун тарбаңдатып булгалап, кыйкырды кызга:
– Эй, кыз, бери келчи? Эмне болду, эмне ыйлайсың? Апаң кайда?
Кыз жооп бергиси келбегендей:
– Апам достору менен арак ичип атат,-деп күңк этип коюп кайра эле ыйлай берди.
– А сен эмнеге ыйлап атасың? Жакыныраак келчи мындай,-дегендей кайырчынын эки буту дагы тарбаңдады.
– Апамды “жүрү, коробка терели” десем болбой жатат,-деди кыз даттанчу киши табылгандай бултуюп.
– Ошого да ыйлайт бекен. Бүгүн тербесең, эртең тересиң,-деди кайырчы чындап кызды соороткусу келип. - Эч нерсе болбойт, кызым.
Кыз макул болгон жок, кайра кайырчы да апасы тарапта болуп жатканына таарына унчукту:
– Ики, биз көп коробка терсек, көп акчабыз болмок да. Тамак жасап жемекпиз анан.
Кайырчы кыздын өзүнө таарына түшкөнүнө ичи ысыдыбы, эркелете түшүндүрүп кирди:
– Бүгүн майрам да. Майрамда элдин баары майрамдашат. Базар иштебейт, коробка жок, көрдүңбү?-деп аңгырап турган өтмөктөрдү башы менен жаңсап көргөздү. - Ыйлаба, секетиң кетейин, ыйлаба. Эртең эле апаң экөөң кайрадан коробка тересиңер.
Кыз “чын эле” дегендей көзүнүн жашын сүрттү.
– Ой, азамат, ошент. Болду эми, тултуйба. Майрамда деген ыйлабайт. Бар, үйүңө бар. Ме, алма жейсиңби? Ме, ала гой,-кыз ыйын токтотконуна кайырчы чын дилден кубанып кетти.
Кыз тарткынчыктады, колдорун сунуп ийип, кайра тартып алып:
– Албайм,-деди.
Кайырчынын ага боору оруп кетти:
– Эк, байкушум, көзүң жейм деп айтып жатпайбы. Ал, же, бутуман коркуп атасыңбы? Коркпо, секетиң, ала бер.
Кыз акырын эңкейип, көздөрүн алаңдатып алманы алды. Ошол эле убакта анын көздөрү кайырчынын алдында төшөлгөн коробкаларга кадала түштү.
Алмадан “кырт” эткизе бир тиштеген кыз да эч кандай коркунуч жок экенин сезгендей жылмайды. Азыр эле ыйлаганын унутуп, анын алдындагы коробкага карады:
– Үйүңүз жокпу?
– Үйүм болсо ушу жерде отурат дейсиңби?
– Сиз эмне, майрамдабайсызбы?
– А, кокуй, менде кайдагы майрам? Майрамдачу алым барбы? Кел бери, үйүңө кетпесең жаныма отура тур. Сени көрүп балким ары-бери өткөндөр көбүрөөк акча ташташаар,-жанын көргөзүп. - Отур мындай,-деди да бутунун алдындагы коробканы кызга жылдырып.
Кайырчы унчуккан жок. Кыз да эки жакты карап, бир аз үнсүз отурду. Мээсинде жаңы суроолор пайда боло баштады кыздын. Тынчтыкты бузуп дагы сурады:
– Сиз да акчаны жакшы көрөсүзбү?
– Ооба да, ким эле жакшы көрбөсүн?
– Мен дагы.
– Ха-ха-ха,-кайырчы каткырып ийди. Аны көрүп кыз дагы күлдү, бирок, кайырчы эмнеге күлгөнүн түшүнгөн жок.
– Хи-хи-хи.
– Экөөбүз окшош турбайбызбы, -деди кайырчы күлкүсүн токтото албай.
– Хи-хи.
– Ха-ха-ха, ой боорум, ой.
Кыздын күлкүсү келбей калды. Жеп бүткөн алмасынын калдыгын ыргытты да, туруп шымын күбүдү. Кайырчы аны элес алган жок. Күлкүсүн токтото албай эзиле берди.
Кыз эки жакты карады да, кайырчы отур деп өзүнүн алдынан жылдырып берген коробканы сүйрөп чуркап жөнөдү. Кайырчы кызды таңдана карап турду да, катуу кыйкырды:
– Токто!
Кыз тепеңдеп качып баратты.
– Токто дейм?! – Кайырчынын жанагы күлкүсүн кыз ала качкандай кабагы чытыла түштү. Кыздын артынан дагы кыйкырды:
– Коробка берем, бери кел. Дагы коробка аласыңбы? Алдыгындан кө-өп коробка берем!-кайырчынын үнү ыйлап ийчүдөй каргылданып, калтырап чыкты.
Кыз чуркап баратып токтой калды. Артына кылчайып, кайырчы баары бир кубалай албасына көзү жетип туруп калды.
– Кана?-деди коробканы сүйрөй акырын басып келип.
Көчүгүнө салып отурган коробканы да чыгарып берди кайырчы:
– Ме, ала гой,-көзүнөн кулаган тамчылар кир баскан бетинен ылдый агып, өзү сыз жерге отуруп калды.
Кыз таң кала карап калды да, шылкыйып күнөөлүүдөй жанына барды. Кайырчынын жүзүнө, шор баскан көздөрүнө бир топко чейин мелтейип карап турду да кичинекей эки ийнин солкулдата улутунуп алып:
– Ыйлабаңыз... Меңиз, мен башка жерден деле таап алам,-деп колундагы сүйрөй качкан коробканы анын алдына таштап койду.
– Жөн кой, кызым. Сен ал. Ал сага көбүрөөк керек. Мага эмне, мындай деле отура берем.
Коробкаларды кайырчынын жанына коюп, эки тизесин кучактап отуруп калды.
– Эх, байкуш шордуум, заманаң ушинтип кууратса арга барбы сенде?..
Кайырчы качандыр бир кездеги жашоосун көрүп жаткансып тээ алысты карады. Анда ушинтип көчөдө калган кишилер бар беле? Адамдар кең пейил болчу бири-бирине. Минтип отургандарга сөзсүз жардам беришмек анда. Кыз анын оюн түшүнө калгансып:
– Сиз дагы кичинеке-ей кезиңизден бери ушинтип отурасызбы? -деди.
Кайырчы оюнан селт эте бошой түшүп:
– Кайда-ан? Мен сендей кезимде эч нерсени билбей ойноп жүрчүмүн,-деди.
Кыз дагы түшүнбөй калды. Чоңдор дайыма түшүнүксүз.
– Коробка терчү эмес белеңиз?
– Коробка эмне экенин билчү эмесмин.
– Атам менен апам кичинекей кезинен бери эле коробка теришет. Мен дагы... Анткени, бизди Кудай шордуу кылган дейт,-кыз асманды колу менен көрсөттү. - Ошондон кийин мен Кудайды жаман көрүп калгам.
– Ок! Антип ким айтты?
– Апам.
Кайырчы туталанып кетти:
– Апаң сени тамашалаган турбайбы... Андай эмес, Кудай эч качан пендесин жаман болсун дебейт. Адам өзү кандай болсо, жашоосу ошондой болот.
– Анда эмнеге биз дайыма эле коробка тере беребиз?
Кайырчы дагы кимгедир нааразы болгондой күрсүндү. Өзүнчө күңгүрөндү: “Балага да ушундай нерселерди айтабы, кокуй немелер экен...”
Кыз тегеренип келип кайырчынын жүзүнө үңүлө карады:
– Эмне деп шыбырап атасыз?
– А... жөн эле.
– Анда адамдар кантип жакшы жашап калышат?
– Ал үчүн адам деген аракет кылыш керек, күрөшүш керек, умтулуш керек.
– А сиз эмнеге эч ким менен күрөшпөй эле отурасыз?
– Күрөшөм, кызым. Мен күн, саат сайын күрөшөм...
– Ким менен?
– Жашоо менен, тагдыр менен, кызым... Болбосо...
Кыз асманды карады, кайырчынын айткандарына акылы жетпей жатты.
– А чымчыктарчы?
– Алар да жашоо үчүн күрөшүп жашашат.
Кыз жылмайып, кайырчыны укпагандай дагы эле жаңы эле учуп келип канаттарын тарап аткан кичинекей боз чымчыктарды умсуна карап калды:
– Чымчыктар бизден да бактылуу, ээ, ата?
Кайырчы “селт” этип кызды, андан соң чымчыктарды карады. Өзү да ошол кезде кызга окшоп жадырай түшүп:
– Ийи,-деди башын ийкеп. – Алар бизден алда канча бактылуу.
Контейнердин кырына конуп турган чымчыктар “дыр” этип жапырт учуп кетишти. Кыз алар учуп кетип бара жаткан тарапты карап калды: “Менде да канат болсо...”-деп атты дилинде. Кайырчы да ошентип отурду. Чымчыктар көрүнбөй калышты, кыз дагы эле алар кеткен тарапты аңкайып карап отурган калыбында:
– Ата?-деди олуттуу бир нерсе сурачудай.
– ?-кайырчы бу саам да аны дагы жанагыдай “селт” эте карады. Анткени, аны менен эчактан бери эч ким минтип сүйлөшүп, кандайдыр бир нерселерге жооп алгысы келе элек болчу... Анын “ата” деген сыйкырдуу сөздү укпай калганына көп болгон... Каны жанында айланып, бүткөн боюн балкыткан ушул бакытты, ушул ырахатты кокус жоготуп алуучудай коркуп турду кайырчы.
– И, кызым?..-деди анан араңжан. “Кызым” деген сөздү да ал кандайдыр башкача, жүрөгүнүн тээ тереңинен алып чыгып айтып жаткандай болду.
– А сиз бактылуусузбу? -анын жандүйнөсүндө болуп жаткан жаңырыкты угуп, билип, сезип алгандай сурай койду кыз.
Кайырчы эмне дээрин билбей, карбаластай түштү. Өзүнө суроолуу тиктеп калган кызга ушул көз ирмемдик бакыт жөнүндө айтууга анын кудурети жетпейт эле. Кыз да аны түшүнмөк эмес. Тек гана:
– Ооба, кызым,-деп шашып айтып жиберди. – Мен аябай бактылуумун. ..-көзүнө жаш тегеренип кетти. Кыз аны ого бетер таң калгандай көздөрүн бакырайта тиктеп калды да:
– Калп айттыңыз, ээ?-деди.
– Жок, чын айтам...
– А бакыт деген адамдын кай жеринде болот?-кыз чындап эле анын бу кайырчыда бар экенин билгиси келгендей башынан аягына чейин карады.
– Уккан кулагында, көргөн көзүндө, туйган көкүрөгүндө. ..,-кайырчынын үнү дирилдеп кетти.
Кыз ага үңүлө карады да, кайырчынын бакыттан жаш тегерене түшкөн көздөрүнөн, кызыл жүгүрүп, нурданып кеткен жүзүнөн, ууртундагы мына азыр төгүлүп кетүүчүдөй араң турган ый аралаш күлкүсүнөн анын чын айтып жатканын көрдү да, эмнегедир кыткылыктап күлүп жиберди. Тура калып кайырчыны мойнунан кучактады да:
– Анда, апам дагы тамашалаган турбайбы, э?..-деди кайырчыны “чоп” эттирип өөп...
Ушул саам кыздын кичинекей эт жүрөгүндө ушул кайырчыга, деги эле бүт адамдарга, жашоого, Кудайга болгон, эми эч ким, эч качан “тамашалап” буза албачу сыяктанган балалык мээрим, жакшы көрүү, ишенүү, жакынсынуу сезими ойгонуп кетти...
Кайырчы өзү да ошону издеп жүргөн...
(Аягы)
Токтобек Үсөнов

#289 06 Октябрь 2016 - 18:04
КЫРГЫЗСТАН,МЕН СЕНИ ЖАКШЫ КОРОМ.
Түн бакырдыкы маал. Бир чоң тоону алп уста кол менен жасап отуруп чарчаганынан таштап баса бергендей өдүр-дөдүр чачылган бөксө тоолорду аралай кеткен узун жолдо алыстан келе жатканы үнүнөн билинген, азып, чарчап калгандай өйдөгө келсе безелене күрүлдөп, ылдыйыштан эс алып жаны жыргай түшкөндөй зымырап, жолдун шартынан улам ат басыгындай жүрүш менен кытайлык узун камаз Кызыл-Белде кыңгырап келе жатты. Ушул учурда жанатан бери бул камаздын келер жолун күтүп куураган ат кулактардын арасына жашынган эки адам жер менен жер болуп дымып жатышкан. Акырындап кыбыраган камаз жарыгы менен коюу түндүн караңгылыгын бөлө-жара жылжып булардын жанынан өтүп бара жатты.
Булардын күткөнү ушул болчу. Орто жашап калса да кыймыл-аракети жаш жигиттикиндей шамдагай караан ордунан туруп, камаздын артынан бөкчөңдөп жүгүрүп жөнөдү. Ушундай учурда эмне кылышты айттырбай билип, күн мурун кылар иши белгиленгендей ар бир кыймылын илбирстей шай жасаган экинчи караан дагы камаздын бир тарабына чуркап жетти. Караңгыда биринин жүзүн бири көрбөсө да атайын белгилер менен, кышылдап чыккан дем менен бирин-бири сүйлөшпөй түшүнгөн бул экөө бат эле камаздын бортуна секирип түшүштү. Камаздын айдоочусу караңгыда муну сезген жок. Сезсе да кылар айласы жок эле. Ошондуктан камаз бара жаткан калыбынан жазбай жылжып жүрүп кете берди. Көп өтпөй биринчи караан борттон секирип түштү да, экинчиси сунган чоң үкөктү жерге акырын көтөрүп алды. Экинчи караан да камаздан секирип түшкөндөн кийин, экөө үкөктү кош колдой кармашып келген жагын карай караңгыга сиңип жок болушту.
***
Эки караан коюу түндүн тынчтыгын бузбайлы дегендей айыл четиндеги үйлөрдү карай шырп алдырбай бурулушту. Бу тегеректе алардан башка эч ким жок болчу. Экөө ошого эрдемсип, каниет кылгандай акыркы күчтөрүн жыйнап, жанагындай эле үнсүз түшүнүшүү менен келатышты. Мойнун созсо короонун ичи көрүнчүдөй болгон узун дубалга жетип келишкенден кийин жашыраагы дубалдан үн чыгарбай мышык секириш менен секирип түшүп бир азга жоголуп кетти да, дубалдын бурчундагы каалганы ичинен ачып чыгып келди. Экөө үкөктү оңтойлоп көтөрүп, короого кирип кетишти. Бир аздан кийин каалганын ичинен шарт-шурт эте бекитилгени угулду.
***
Жумак чекесиндеги терин аарчып, жаңы эле уулу экөө көтөрүп келген чоң үкөктүн үстүндө отурду. Бул жолу булардын жолу болду. Буга чейин далай жолу «ууга» чыгышкан, бирок бүгүнкүдөй чоң олжолуу болуша элек болчу. Караңгыда колго тийген баштык-үштүк болсо көтөрүп дым чыгарбай борттон секирип кетиш кыйын. Анан да ошончо тобокелге барып, таап келген олжоңду үйгө алып келип караганыңда кытайдын болбогон көрөпай-шөрөпайлары чыгып калчу. Өткөнкү жолкуда жалаң кичинекей кыздардын резинка бутка илмелери экен. Аларын алып келип алып, же жогото албай теңин отко жагып, теңин туугандарга таратып, бир азынан гана болбогон тыйын таба алган. Бул жолу дагы ошондой болбошу үчүн уулун кошо ээрчите чыккан. Уулу да мындай ишке биринчи жолу чыккан жок. Буга чейин көп эле чыгып, машыгып калган. Ошондуктан түндө атасынын кирпигинин ирмегенинен бери түшүнүп жатканы ошол. Бул жолу экөө чыккан соң куру кол кайтпай чоңураак олжо алууга бел байлашкан болчу. Андыктан адаттагыдай бортко секирип түшүп эле колуна тийгенин көтөрүп кайтпай кынаптап тизилген үкөктөрдүн арасынан чоңураагын тандап, оордугуна карабай көтөрүп келишти. Бир аз дем басышкандан кийин кемпири, уулу үчөө үкөктү тегеректеп жайгашышты. Колуна аттиш алган Жумак «быссымылда» деп үкөктүн топсосун жулуп алды. Эмне чыгар экен деп кызыккан берки экөө да баштарын эңкейте чыдамсыз турушту. Жумак экинчи топсону жулуп ыргытып, үкөктүн оозун шарт ачып эле коркконунан секирип кетти. Мойнун созуп мындайды күтпөгөн кемпир да: «Ок, кокуй, бул эмнеси!?» - деп артка бир секирип чалкасынан кетти. Уулу апасынын колтугуна жабышты.

#290 06 Октябрь 2016 - 18:05
Аттишин кесей кармап Жумак көргөн көзүнө ишене албай үкөккө кайра үңүлдү. Көзүң жамандыкты көрбөсүн, үкөктө төрт бүктөлгөн кишинин денеси жаткан. Үчөө эмне кылар айласын таппай, саамга үнсүз туруп калышты. Канткен менен Жумак үйдүн ээси эмеспи, үкөккө жакын барды да, тиги жаткан денени аттиши менен түрткүлөп көрдү. Өлүк окшойт. Эч кандай жооп берген жок. Төрт бүктөлгөн калыбында гана кыймылсыз жатты. Бир аз тиктеп тургандан кийин берки экөөнө да жан кирип үкөккө жакын келишти. Жумактын чекесинен тер кетти. «Э, кокуй, чоң олжого тунам деп жан терин чыгара көтөрүп келгенинин пайдасы ушул беле? Бул шумдуктан эми кантип кутулам?». Башына заматта сан миңдеген ойлор келип кетти. «Не кылабыз?» дегендей жалдырап кемпирин карады. Кемпири да далай ойлордун туткунунда болсо керек, көздөрү токтоп калыптыр. Уулу атасын карайт.
Бөлмөдө шумдуктуудай жымжырттык орноп турду. Ойлобогон жерден башка түшкөн мындай мүшкүлдөн кантип чыгабыз деген ойду үчөө бирдей ойлонуп, бирок бирөөсү да оңгулуктуу жол таба албады. «Каап, атаңгөрү, жана эле кемпирди уксам болмок экен.» «Бүгүн чыкпай эле койгула» деген кемпиринин сөзүн укпай, кежирленип кетип калганына өкүндү Жумак. Кемпири да ушуну ойлоп аткан. Бирок абышкасын жемелеген жок. Азыр жемелечүдөй учур эмес болчу.
– Кач мындай, – Жумак үкөктүн оозун жаба калды. Аттишин оңдой кармап, ийрейип сынып калган топсоону оңдоп тагууга киришти. Уулу да үнсүз жардамдашып жатты.
Ушул маалда үкөктөн тиги өлүктүн кыңкыстаган үнү угулду. Үчөө кайрадан дымып калышты. Жумак акырын үкөктү тыңшады. Тиги акырын быш-быш этип дем алып жатат. Үкөктүн оозун кайрадан ачышты да, эмне кыларын билбей дагы туруп калышты.Тынчтыкты бул жолу кемпири бузду.
– Алып чыкчы, өлүп калбасын.
Уулу экөөлөп тигини үкөктөн алып чыгышып, кемпири сала калган төшөккө жаткырышты. Көп эле кордук көрсө керек, бети-башынын баары томпоюп шишип чыгыптыр. Моюндарындагы көк тактар денесинин тамтыгы калбаганынан кабар бергендей. Далдаасы кеткен көйнөгүнөн денесинин көк аласы көрүнүп турду. Кебетесинен кытай экен. Байкуштун үкөктө жатканына көп күн болгонбу, жагымсыз жыт да келип турду. Кемпир колу менен мурдун жаап, ичинен Кудайга жалдырап ийди. Мындай шумдукту кайдан көрүшүптүр. Эзели ушунча жашка келип үкөктө жаткан тирүү кишини көргөн эмес.

#291 06 Октябрь 2016 - 18:06
Денеси жазылгангабы,
жан киргендей «кыр» эте дем алып ийди кытай. Буттарын кере сунуп тыптынч уктап жаткан кишиче үнсүз дем алып жатты. Абышка бир чети сүйүнүп кетти. "Өлүк болсо муну кайда катам" деп санаа тартып жаткан эле. Тирүү экен. Демек, эптесе болот. Кудай алдында да күнөөсү жеңилдегендей эс ала түштү.
– Тирүү экен. Не турасыңар, суу алып кел! – деп баласына бакырды. Бала эшиктен суу көтөрүп келди. Абышка суудан оозуна ууртады да, кытайдын бетине бүрктү. Кытай муздак сууга ичиркенип, кыңкыстап башын кыймылдатты. Экинчи жолу суу бүрккөндө онтоп жиберди. Үчөө тең ыраазы боло бирин-бири карашты.
***
Эртең мененки чайды үнсүз отуруп ичишти. Кемпир таң аткыча уктабай чыккангабы, көздөрү шишип, кызарып калыптыр. Үчөө түнү бою тиги кытайдын сасык кийимин алмаштырып, денесин жууп, жарааттарын ак бинт менен таңып чыгышкан. Ошондон кийин гана денесинин чоло жери калбай бинт менен оролгон кытайды төркү үйгө киргизип жаткырышкан. Жуунтуп, денесине май сүйкөгөндөн кийин оорусу басылды бекен деп карашты. Кытайдын чекесинен тер чыпылдап, кеберсиген оозунан ысык уруп жатты. Байкуш муздак үкөктө канча күн жатканын ким билсин, орто жолдон суукка да катуу урунган окшобойбу. Эмнеси болсо да тирүү экенине шүгүр. Болбосо жети атасы тааныбаган кытайды кайда алып барып көмөт эле? Бирөө жарым билип калса ит болбодубу. Ооба, Жумак жашоо үчүн эл кылгандын баарын эле кылганга даяр. Бирок тирүүлөй киши уурдоого такыр бармак эмес. Андайга анын абийири жол бербейт. Анча-мынча кытайдын товарын уурдоону уурулук деп деле эсептебейт. «Олжо» менен кайтып келе жатканыңда алдыңан кишилер чыкса эч нерсе эмес. Алар түшүнүп, унчукпай баш ийкеп учурашып кете беришет. Анткени мындайды бүт айыл кылат. Болгону эл көзүнө, душман-достун көзүнө көрүнбөй жасаган жакшы мындай иштерди. Башына түркүн ойлор келип жатты. Тирүү киши уурдап алганын милиция билсе жөн коёбу? Заматта жүрөгү «шуу» дей түштү. Кой, эптеп кандай болсо да тигини эртерээк чек арадан өткөрүп жибериш керек.
***
Бул күнү кечке абышка айыл аралап басып жүрдү. Тыңшаганы кытай жөнүндөгү сөз эле. Бирок ал жөнүндө эч ким билбегендей. Эч кимден эч нерсе уккан жок. Баары эле ал-жайды сурашып тим болушат. Өзүнүн эмне кылып жүргөнүн сурашат. Тигинден эч нерсе чыкпаганын түшүнгөн Жумак жөн эле дегендей мурчуя басып кетет. Бул кылыгына кээ бири күлүп калышса, кээ бири абышка айнып калган го дегендей артынан карап калып жатышты. Алардын күлгөнүнө Жумак териккен жок. Башындагы мүшкүлү андай ойлорго орун бербей турган.
Демек, айылда эч ким кытай жөнүндө укпаса, анда кытайлар да арасынан бирөө жоголгонун билишпесе керек. Болбосо жаңылык азыр бир жерде турбайт эмеспи. Бул абышканын оюндагыдай жагдай эле. Эч ким биле электе бүгүн түндөн калбай кытайды чек арадан ашырып ийиш керек. Антип ойлогону менен чек ара постуна баргандан кийин бүгүн муну ишке ашыра албасын билди. Постто бүгүн шаардан келген жоокер турат экен. Ал өтө чынчыл неме. Бир жолу бир баштык өткөрөм деп эки саат алышып атып өткөрө албай койгон. "Документиң жок экен" деп таптакыр тырышкан. Бармагы менен бармагын басып белги берсе да түшүнгөн жок. Акыры мунун түшүнбөсүн билген Жумак ачык эле: «Миң сом берейин, өткөрүп бер», - деген. Акчаны укканда жоошуйт го десе, ал ого бетер секирип командирине айтып коё жаздаган. Ошондон кийин бул жоокер турганда бир нерсе алып өтөм деп ойлобой калган Жумак. Беркиси болгондобу, 500 сом берип эле өтүп кетмек. Кытайды ушул жерден бир машинеге салмак да, жүрөк оорудан кутулмак. Бирок канчалык каалаганы менен ал иш бүгүн болчудай эмес. Үйүнө күн батайын дегенде кайтты. Эшиктен кирип келгенде эле кемпири:
– Тигиниң ойгонду. «Чаң-чуң» деп кыңылдап бир нерсе дегенинен суу берсем, бир чака суу ичти. Андан кийин соолуп жатып калган. Өзөгүнө түшүп кетти окшойт, - деп тосуп алды. Жумак буга сүйүнөр, сүйүнбөсүн биле албай жатты. Эгер жакшы болуп кетсе эптеп түшүндүрүп "чек арадан өтүп кет" десе болот. Бирок кантип? Кайда барат? Кытай кечээкиден аябай эле жакшы болуп калыптыр. Кытайлар ит жандуу дегени чын окшойт. Бүгүн кадимкидей жандуу, көздөрү шишип, денесинин көгү гана болбосо адам катарында. Кытай башын көтөрүп өз тилинде бир нерселерди айтып жатты. Түшүнүшпөсө да Жумак «мени эртерээк кетиргиле» деп жатат деп болжосо, кемпири «мени дарылаганыңарга чоң ырахмат» деп жатат деп болжоду.

#292 06 Октябрь 2016 - 18:07
Эртеси дагы Жумактын иши оң болбой кытайды кетире албады. Анткени чек аранын жетекчиси алмашып, баары башка жактарга которулуп кетип жатышкан. Эскилер ордуларын өткөрүп берип, баары акча табууну унутушкандай өз иштери менен жүрүштү. Аларды кечке жалдырап карап туруп акыры үмүтү үзүлүп үйгө келди. Кенедей баштык өткөрүш эле кыйын чек арадан, тирүүлөй кишини өткөрүш оңой бекен? Ошондуктан бул ишти кыла тургандай, буга шыктуу киши издеш керек. Жумак айла издеп кулагын маалыматтарга тосо жүрдү. Эртең менен чыгат да, кечинде үйүнө кеч кайтат. Кытай болсо өзү туруп, өзү басып калды. «Бир башкача мүнөзү болгон менен кытайың деле адам экен» деп ойлоп калды Жумак. Тамак берсең жейт, бербесең суранбайт. Анан да кой десең болбой табакты алып эки саат ийилип ыраазычылык айтканычы. Кемпир кытайдын кичи пейилдигин алкап бүтпөйт. Ошентип, билинбей эле арадан бир жума өтүп кетти.
***
Адатынча Жумак чек арага барды. Бул жолу ойлогонундай киши тапты. Ары-бери бир аз басымыш болуп туруп жоокерлердин бирине барып сөз баштап көрдү. Тиги да мындайдын далайын кылган окшойт, макул дегенсиди, бирок кабелтең акча бериш керек окшойт. Эмнеси болсо да өткөргөнгө киши тапканы жакшы болду. Үйүнө кудуңдап сүйүнүп келди. Канча күндөн бери жегени желим болуп атты эле, Кудай буюрса, иш оңунан чыгат окшойт.
***
Кытай эли эмгекчил деген чын экен, аксаңдап араң жүрсө да эки күндөн кийин эле короо-жайды жыйнап, эзели күрөк сайылбаган кичинекей огородун казып чыккан. Кемпир экөө кыңк-мыңк этип бирин-бири жаңсап түшүнүшүп атышып: «Бул бу жерге бир нерсе айдайм деп атат окшойт. Кой дегенге көнбөгөн неме экен», - деп кемпир урук таап келип берди. Кытай аларды короонун чоло жерин калтырбай отургузуп чыкты. Уулу да анын ар кандай кыймылына таңданып жанында. Кытай бир нерсе деп сүйлөсө боору эзилгенче күлөт. «Кыргызча сүйлө», - деп ага кыргыз тилин үйрөтөт. Кытайдын тили келбей «чаң-чуң» дейт. Ошентип, экөө көз карайгыча короодо жүрүшөт.
– Ата, карасаң, кытай кыргызча сүйлөй баштады. Кана жанагыны айтчы? - уулу жерди сая көргөзүп кытайга карады. Кытай тилин күч менен оңдоп, оозун кыйшайта: «Курр-гиз-стан», - деди. Уулу бали деп күлүп жиберди.
– Көрдүңүзбү, ата, мен үйрөтүп койдум. Эми айтчы. Атамды кандай көрөсүң?
Кытай ийгилигине кубана дагы оозун кыйшайтып «Чакшы корөм», - деди.
– Көрдүңүзбү, сизге рахматын айтып атат.
Уулу чуркап барып кытайды кучактап жиберди. Булардын кылыгын көрүп Жумак ичинен ыраазы болуп турду. Кытай деле уулундай жаш неме экен байкуш. Үкөккө түшүп кайда баратты экен? «Жыргаганынан баратты дейсиңби?» - деди кайра өзүнө. Радиодон айтып жаткан экинчи сорттогу кытайлардан окшобойбу байкуш. Болбосо үкөккө түшүп, чек арадан ким өтмөк эле? Же балким, кылмышкер болду бекен... Кытайда мыйзам катуу дейт, соттон качып келген немеби? Бирок антейин десе жапжаш неме кандай кылмыш жасамак?
Жумак ушинтип ойлонуп дарбазанын алдындагы бактын далдоосуна жасалган отургучка келип көчүк басты. Жолдун аркы өйүзүнөн тарта кең талаа жатат. Айылдын малы жайылып жүрөт. Ыксыраган талааны карап отуруп бул жердин баары кыргыздыкы болуп калганына сүйүнүп турду. Чексиз кенен, карап эле тойгудай болгон топуктуу жер. Мындай жер эч кимде болбосо керек. Болбосо жер чийип, чек кылып тосуп, алакандай жер үчүн дүйнөдө согуш болуп жатпайбы.
***
Түн кирип калган кезде Жумак атка минди. Канжыгага баштыктарды байлагандан кийин кытайды "учкаш" деп жаңсап көрсөттү. Кытай башында түшүнбөй аттыбы же кеткиси келбей калганбы, башын чайкап бир нерсе деп чыңкылдай берди. Кемпири да көзүн жашылдантып алган. Жумак мунун баарына өзүнүн да ичи ачышып турса да аргасыз болчу. Акыры баары бир кетиши керек экенин Жумактын көзүнөн түшүндүбү, кытай кемпир менен катуу кучакташып коштошту.
– Бара гой, айланайын, - кемпир ыйлап жиберчүдөй алкап атты. – Бара гой, байкушум. Жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун...
Кемпир менен коштошкондон кийин кытай алардын уулу менен кучакташып дагы көпкө турду да атка учкашты. Жумак аттын башын чек араны көздөй бурду. Айлана айдын жарыгына аппак болуп турган. Айылдан чыккандан кийин ээн талаа менен атты ылдамдатып бастырып жөнөдү. Бир аздан кийин чек арага жете келишти. Жумак аттан түшүп: «Сен ушул жерде тур», - деп кытайга кол жаңсап түшүндүрдү да, чек арада турган аскерлерди көздөй жөнөдү. Бирок ойлогонундай болбой калды. Чек арага кечке маал чоңдор келип калышкан экен, жоокерлер какыйып турушат. Эч кимиси Жумак менен сүйлөшчүдөй эмес. Жанагы өткөрөм деп убада берген кишиси да какыйып турат. Кайра артты көздөй басты.
Кытай аттын башын коё берип оттотуп коюп туруптур. Жумак не кыларын билбей тобокелге салды да атка минип тоону көздөй бастырды. Тиги тоонун кырынан ары карай эле чек бүтөт. Ошондон ары өткөрүп жиберсе таң агаргыча өзүлөрү жакка жетип алар деп ойлоду. Түн ооп калганда керектүү жерге жетишти да, кытайды аттан түшүрдү. Кемпири салып берген баштыктарды чечип кытайдын колуна карматты. «Жакшы бар», - кучакташа көрүшүп «жөнө» дегендей ишарат кылды. Кытай башын ийкеп, түшүндүм дегендей ийиле таазим кылып калды. Жумак атка минди да, артын бир карап алып шарт бастырып кетти. Кытай каткан бойдон ордунда калды.
Жумак айылга жеткенде таң сөгүлө баштаган эле. Короого кирип аттын ээрин алып коё берди. Тоо жакты карап койду. Ит-кушка жем болбой, аман-эсен жетип алса экен.
***
Үчөө үнсүз кечки тамак ичип отурушту. Кемпир гана адатынча шыпшынат.
– Байкуш ит-кушка жем болбой аман-эсен жетти бекен...
Ушул учурда эшикте бирөөнүн келе жаткан дабышы чыкты. Ит үрүп барып басыла калды.
– Чыкчы, караңгыда ким бул?
Жумактын оюна алда нелер келе түштү. Уулу туруп чыккыча эшик акырын тыкылдады. Уулу чуркап барып эшикти ача койду. Үчөө тең эшикти карап катып калышты. Босогодо кытай турган. Чекеси нымшып тердеп алган. Топусун чечип тигилерди карады да, бажырая жылмайып жиберди. Анан оозун адатынча кыйшайта тилин оңдоп:
– Курргизстан. .. Мен... Сени... жакшы корөм! – деди.

#293 06 Октябрь 2016 - 18:45
Эң кыска жаз
Бүгүнкүдөй катуу шамал болгон эмес. Учуруп эле тим болбой денеңди да дал-далынан айрып салчудай долуланып, менин алаканыма башын жөлөп жаткан жансыз денеңизди, буурул тартып кеткен кыпкыска чачтарыңызды жан-алы калбай жалмалап жатты. Тим эле кайра тирилтип ийчүдөй жанталашты, жаныбар. А мунун баары менин жашоомдо эмес, мени жандап өтүп жаткандай. Мен ыйлаган аялдай боздогон шамалды, шамал тоголотуп салган желим идиштерди, калдактай учуп бараткан гезиттерди кайдыгер карап отура бердим. Менин көз алдымда биздин жаз турду.
Бул жаз менин өмүрүмдөгү эң кыска, эң ажайып, эң кайталангыс жаз эле. Кыскалыгы аз келгенсип, анын унутулмагы, дилден кетмеги мынчалык азап болуп, узакка созулат деп ойлобогом. Ошол көз ирмем жаз куду кинонун лентасындай кайра-кайра көз алдыма тартылганы тартылган. Канчалык унутайын деген сайын дилимде удургуп, жүрөгүмдү өйүп жеп, жанымды жай таптырбаган кусалыгы өзөгүмдү куйкалаганы куйкалаган. Күндө бир маал беш убак окулчу намаздын аятындай сөзсүз эскерем. Андайда бул чынынан жалганы, тазасынан кири көп кунарсыз ааламдан ошол көктөм жазга көчүп кетем.
Бул жаз эки учурга бөлүнөт, биринчижаз көктөмдөн кабар алып келген чабалакейдей тек гана кабар алып келди. Мен анда мекенден алыс болчумун. Керемет Сакуралар гүлдөгөн Жапон жергесин канчалык самап келсем да туулган жерге болгон куса эртели-кеч тээ дил тереңинен баш көтөрүп, учу-кыйыры көрүнбөгөн деңизден көз талып, көк тирегентоолорумду сагынып жүргөм. Адаттагыдай эле семинарда отурсак телефонума коңгуроо келди. Номурдан улам туулган жерден экенин билип сыртка чыгып келүүгө уруксат сурадым. Көзү тырмап тешкендей жымшыйган жапон боордошум унчукпай сыпаа жылмайып баш ийкеди.
– Алоо,-дедим аптыгып. Негедир жүрөгүм демейдегиден өзгөчө дикилдеп турду.
– Саламатсыңбы, карындашым, мен сенин ырыңды окуп, ошондон улам чалып жаткам. Сенде Кудай берген талант бар экен,-деди бейтааныш коңур үн.
– Рахмат, номурумду кайдан алдыңыз?
– Ырың чыккан “Москва кайрыктары” гезитинде номуруң да жазылуу экен. Сен Москвадасың го, ээ?
Ошондо гана жакында эле интернет аркылуу Москвадагы кыргыз гезитине ыр сурап алышканын эстедим. Ооба, номурумду да сурашкан болчу.
- Япониядамын, агай. Канчалык билгим келсе да кимсиз деп сурай албадым.
- Оо, азамат, мен да бул керемет өлкөнү жакшы көрөм. Сакуралар гүлдөптүрбү? -деди бейтаанышым үнү кыялдуу.
- Ооба, гүлдөп турат.
- Эми сакуралар тууралуу да ыр жаза кел, ээ?-деди эркелете.Биз коштошконго үлгүрбөй байланыш үзүлдү. Беш мүнөткө жетпеген биздин ошол сүйлөшүү дилимден кетпей, эстеген сайын жүрөгүмдү жылытып жүрдү. Жай аяктаган кезде мекенге кайттык. Келээрим менен менде сакталган баягы номурга чалсам өчүрүлүү экен. Көңүлүмдө “номурун алмаштырып жиберген го” деген өкүт ой калып, бирок дил тереңинен“качандыр жандырат чыгар” деген бир үмүт үзүлө албай дирилдеп жашап жүрдү. Тез эле жай бүтүп, сары чапан күз, анан кыш башбакты. Ушул кыш негедир абдан узак, анан оор болду. Жазды ушунчалык күттүм. Жерди тумчуктуруп басып турган кар кетсе эле мобу муздак, мелтирей кусалуу тунжураган тыптынч дүлөй аалам ойгончудай, жазда баары башкача болчудай ашыктым.Февралдын акырында “Fasebook” социалдык байланыш түйүнүндөгү баракчама “Сакуралар тууралуу ырды күтүп жүрөм” деп жазылган кат менен кошо достук сунуш келди. Ошондогу жүрөгүмдүн жарылып кетчүдөй болгон түрсүлү али да көөдөнүмдү дүңгүрөтүп тургансыйт. Анан каттар башталды. Алар оболу тек гана жай сурашуу, күнүмдүк маанисиз жаңылыктар менен гана чектелсе, бара-бара каттарды кандайдыр көңүл серпкен каймана тамашалар, жылуу сөздөр кошточу болду. Бул ошол кайталангыс керемет, кыска жаздан келген биринчи кабар эле.
Экинчи кабар жаз алдындагы кар аралаш бороондой уйгу-туйгу кылып келди. Бала кезде жаздын биринчи карын апам “жаздын, келгин куштун келе жатканынан кабар берип жатат” деп калчу. Азыркы кабар куду ошол келгин куштун, жаздын кабарын алып келген бороондой эле.
Сиз мындан бир айдай мурун Москвага иш сапары менен кетип жатканыңызда адатымча тамаша-чындап “жеңил барып оор келиңиз, жегениңизден ала келиңиз” деп койгом. Анан сизди аябай зарыгып күттүм. Москвадан келээриңиз менен кабарлашып, бирок, сиз алып келген таттууну алып кеткенге көпкө даай албай жүрдүм. Канча жолу сиз иштеген жайга барып, бирок, киргенге батынбай кайра кеткенимди билген жоксуз. Жаш баладай жалтактаган мени менен эч кимдин иши жок болсо да кысынганымды кантейин. Качан сизден “Ай, карындашым ай, аштык тапсаң баштык таппагандай ушу бир ууч таттууну алып кеткенге убакыт таба албаганың кыйын болду го, сен айткан жайга алып барып эле берет окшойм” деп кат жолдогондо аялуу адамымды таарынтып алгандай жаман болуп кеттим. Болгон күчүмдү жыйнап ошол күнү сизге бардым. Ошол күн 13-март, эң кыска, эң керемет жаздын алгачкы күнү эле...

#294 06 Октябрь 2016 - 18:46
– Келегой,-дедиңиз батына бербей тайсалдаган мени тосо басып. Жаркырай күлүп, жадырай карап турдуңуз. Тизелерим калчылдап араң учураштым. Сиз жаңсаган орундукка отура бергенде каректер чагылышып, көзүмдү ала качтым. Ала качып алып кайра кыйыгымдан карасам ууртуңуздан күлө карап турупсуз.
– Ушундай жанмын де, акын кыз. Мен сени тарсылдаган, тартынбаган жан экен десе,-дедиңиз жумшак. Биз түн оогончо отурдук. Адабият, поэзия, чыгармачылык, сезим, адам тагдыры тууралуу сүйлөштүк. Бир кезде саатымды карап алып чочуп кеттим.
– Капырай, саат он эки болуп калган тура, жеңем урушат эми,-дедим ордумдан шаша туруп.
– Жеңең менен турасыңбы?-дедиңиз сиз менден бетер шашкалактап.
– Жок, сиздин келинчегиңизди айтам. – Күлкүмдү тыя албай бүлкүлдөгөн мени жаркырай карап:
– Аа, кокуй десе, мен да жеңеси каардуу го деп коркуп кетиптирмин. Чыгалыбы?
Карегиме карегиңиз кайрадан урунуп, анан тайып кетти. Бул көз караш демейдегиден башкача көз караш болчу. Сыртта кар жаап жатыптыр. Апакай, жупжумшак, алтын, жок күмүш теңгедей жылтылдаган ошондогу кар али да алаканымда ээрип тургансыйт.
– Сары кар жаап жаткан тура,-дедиңиз акырын.
– Келгин куштар келээрде ушинтип кар жаайт дечү апам.
– Аа, ошо, неге бүгүн кар жаап жатат десе. Апаң чын айткан экен, сен келбедиңби.
– Мен келгин куш эмесмин да.
– Келгин кушсуң, болгондо да кандай келгин кушсуң. Бирок, жылуу жактарга учуп кетпечи, ээ?-дедиңиз бооруңузга тарта берип. Кучагыңыз ушунчалык ысык, анан ыңгайлуу болчу. Куду бала кездеги атамдын тонундай мээримге толо, жагымдуу эле. Не дээримди, кандай кылаарымды билбей аптыктым. Кетүү керек болсо да кетели деген сөздү айтуудан коркуп, унчукпай кучагыңызга ыктап тура бердим. Ошол түнү сиз жаш баладай эреркеп турдуңуз. Тартынбай эле жетелей басып такси тостуңуз, арткы орундукка отура бергенде атайлаппы же кысылып отурганданбы бетиңиз бетиме жакын келип, ысык демиңизди кулак түбүнөн туйдум.
– Үшүп кеттиңби?-дедиңиз калчылдаган мени бооруңузга кыса кучактап. Унчукпадым, бирдеме дейин десем тамагым кургап, тилим таңдайыма жабышып калгандай. Ошол бооруңузга кыскан бойдон үйгө жеткенче унчугушпай бардык. Түшөөрдө эрдимден катуу өөп алдыңыз. Биринчи жолу өбүшүп жаткандай ысып да, уялып да кеттим. Түшкөнчө шаштым. Түшүп алып эле коштошконго жарабай, тим эле этегиме өрт жармашкандай чуркап жөнөдүм. Азыр да ошентип чуркагым келет, бирок, андагыдай белгисиз, түшүнүксүз кубанычтан, аптыктырган сезимден качып эмес, кайгы менен кусалыктан качып чуркагым келет. Ошол кыска, керемет жазды карай чуркагым келет.
Ошол күндөн баштап жалын оронгон каттар учту ортодо. Капырай, андагы каттардын деминен компьютердин өрттөнүп кетпегенине таң калам. Арадан бир жума өтпөй жолугушууга чакырдыңыз. Сиз айткан аялдамага келсем күтүп туруптурсуз.
– Бул аярлама эми биздики болот,-дедиңиз күзгүдөн күлө карап. Ошондогу көз карашыңыз эркелетип да, элжиретип да, жакшы көрүп да, айтор, миң сан сезимди катып турган эле.
– Эмне үчүн аярлама?-дедим эптеп эле жооп бериш үчүн. А чынында эмне үчүн антип айтылаары азыр маанисиз болчу.
– Анткени, ушинтип айтылганы туура,-дедиңиз менден көз албай. Мага кандай айтылса да баары бир эле. Сиздин жытыңызды, артыңызда отурган менин жүзүмө анда-санда чачыңыздын жумшак тийгенин туюп бараткандан өткөн маанилүү, ажайып нерсе жок эле ал күнү.
Биздин, тагыраак айтканда менин жазым ошол күндөн баштап башталды. Ошондо биринчи жолу экөөбүз тоого барбадык беле. Чапаны жыртылган селсаяк карыдай ала телек кар жамынган боз талаа алда нени күткөндөй дымып жаткан экен. Кар аралаш жааган жамгырдын тамчылары каректерин мөлтүрөтүп өбүшкөн экөөбүздү машиненин айнегинен шыкаалайт. Биз ал күнү түнү кайттык. Үйгө келе жатып өз боюмдан сиздин жытыңызды туйдум.
Анан бурганактуу күндөр башталды. Биз баарын унуттук. Мен жумушумду, сиз үй-бүлөңүздү. Жумушка келээрим менен биринчи почтаны ачам да сиздин каттарды окуйм. Менин жаңы күнүм сиз менен башталат да сиз менен бүтөт. Ал каттар азыр дагы эсимде.
«Алтыным ай! Адатта интернетти ачканда дүйнөдөгү маалыматтардан баштап, республикадагы маалыматтарды бүт карамайын жеке почтага кирчү эмес элем. Бүгүн бул салтым бузулуп шашып сенин баракчаңды ачтым. Ачтым да, жазгандарыңды кайра-кайра окуп деңгиреп отурам. Не деген керемет... Ар бири өзүнчө новелла. Кичинекей каттарыңа романдарды батырыпсың. Мен өзүмдү өтө токтоо сезчү элем. Өзгөчө катуу толкундансам ашып-ташып төгүлбөстөн, тескерисинче, үлүл сымал сыртымды калың кабык менен ороп тунжурап жок болуп кетмейим бар эле. Бул жолу да ошондой болуп бир нече күн, балким айлап тунжурап каламбы дегем. Сен анттирбедиң. Өз эркиңе улам ороп буй түшүрүүдөсүң. Чыны мындайды күтпөгөм. Ачыгын айтсам "Чын эле ушундай болобу???" -деп эс-учума келе албай акылым айран болуп турам. Канча сулууларга жолугуп жүрүп чыныгы сүйүү эмне экенин билбесем керек. Ушул жашка жеткенде жаңы түшүнө баштаганыма бир чети арданып, бир чети кубанып өзүмдү табалбай турам. Өзүмдү сүйүү биринчи башына келген боз баладай сезгенде ого бетер күйгүлтүккө түшөм. Алтыным ай! Аялдар жаатында сөздүн чеберимин деп жүрүп, бирок, сага болгон чыныгы мамиле сезимимди жеткире айткыдай сөз таба албай тумчукканда өзүмө өзүм таң калып турам. Сенсиз өткөн жылдарым арманым. Сени менен өткөн ар бир секундум бакытым, чыныгы жашоом».
* * *
«Алтыным, мындан ары ар бир чыккан күн, ай менен жылдыз, ар бир өткөн секунд экөөбүздү жашоо рахатын бирдей алсын деп өтмөкчү. Ушуну эсиңден чыгарба. Адамдардын ортосунда бир улуу мамиле - сезим бар. Аны түшүнүү жана кадырына жетип баалай билүү адамдыктын улуулугу. Сенин кадырыңды мен түшүндүм, менин кадырымды сени түшүндү деп ишенип турам».
* * *
«Эшикте жамгыр...Фейсбукта сенин ырларың... Иштейин деп канча аракеттенсем да иштей албай, эмнегедир жүрөгүм бир башкача титиреп, электрондук почтодогу каттарды окуганга анан сага жооп жазганга араң жарап отурам. Жүрөгүм мынча неге титирейт..? Кандайдыр бир жакшы иштер болот окшойт деп жоруп койдум».

#295 06 Октябрь 2016 - 18:47
Жаз бою сизден келген ушундай каттар мени таптакыр башка ааламга – сүйүү ааламына алып кетип калыптыр. Же тек гана кыялдан бүткөн аалам беле билбейм. Анан толукшуган жаздан жүргөн үшүктөй капылеттен сиз тараптан суук илеп келе баштады. Баягы кол кармашып алып талаа кезген, тоо аралаган күндөр түштөй сезилчү болду. Экөөбүз керемет талаа деп атап алган талаага баруубуз солгундады.
Кызгалдак менен гүлкайыры жайнаган ажайып талааны тез эле чанып кеттик. Сиз жеридиңиз чынында. Анан таптакыр жолукпай калдык. «Менин жашым өтүп, мурдагыдай тобокелге бара албай, тынч жашоону самап калыпмын. Жеңең чуу салып жатат. Сен ар кимге мактанган турбайсыңбы,
ошол кептер жеңеңе жетип калыптыр» деп мени айыпка жыктыңыз. Жүрөгүм чарт жарылып турса да сиздин тынчтыгыңыз үчүн бул чечимге макул болдум да, жай бою үйдөн чыкпай, анда-санда наар алымыш болгонум болбосо, куду өлүктөй күн кечирдим. Канчалык курбуларым урушпасын, алаксытпасын тура албай койдум. Анан эч ким тынчымды албас үчүн телефон номеримди да өзгөртүп салдым. Мага аалам бош калгандай сезилди. Ошондой кунарсыз түндөрдүн биринде телефон чыр этти.
– Алоо,-дедим кайдыгер.
– Кандайсың, Жибек?
– Жакшы, ким экен бул?
– Мен Сардар агайыңмын.
Жаткан ордумдан кантип ыргып турганымды билбейм. Тизелерим калчылдап, бороондо калган жаш көчөттөй калтырап турдум.
– Мен сизди бир күн кайрылат дегем, билгем чалаарыңызды. Сиз жеңил ой жан эмес экениңизге, сезим менен ойнобосуңузга ишенгем... - Көз жашыма какап-чакап сүйлөп да, төгүлүп ыйлап да жаттым.
– Айтып койчу, бай болгур, мен сени сүйөм дедим беле? Мобу мени жеп коймой болду,-дедиңиз булдуруктап. Мас экениңизди ошондо байкадым. Кыялымда жеңенин чуу салып, ал чууга чыдабай ичип алып аргасы куруп мага чалып жаткан сиз элестеп кеттиңиз. Бирок, тээ дил тереңинен сиздеги муздактыкты сездим. Бул жеңенин чуусунан гана муздап калбастан, андан да башка бирдеме тоңдурган муздактык болчу.
– Мен сизди сүйөм дегем, а сиз үй-бүлөңүздү тандагансыз, -дедим ындыным өчө.
– Мына, көрдүңбү, мен анткен эмесмин. Мен сени гана сүйөм, ошон үчүн үйгө да барбай сенин жаныңда отурам, алтыным.
Денеме шыргалаң суу куйгандай селт эттим.
– Бер трубканы, мага өзү айтсын,-деди чаңкылдаган аялдын заар үнү. Анан эркектин да, аялдын да үнүнө окшобогон кыркырак үн мени демите сүйлөп кирди. Мас аялдын бир сөзүн уксам, бир сөзүн укпай дендароо болуп отура бердим. Тиги бирдемелерди айтып, анан кайра сизге берип, сиз болсо «Жибек, бирдеме деп койчу, бай болгур» деп жалооруй каргылдана булдурап, ойношу менен кармалып калып эринен токмок жеп жаткан аягы суюк аялдай актанып эле жаттыңыз. Түн бою силер чалганыңарды койбодуңар. Мен болсо трубканы алаарын алып унчукпай силердин үйүккөн иттердин чуусундай ыплас чууңарды тыңшап отура бердим. Эртеси түш оой бейтааныш номер дагы чалды.
– Кечиресиңер, мага Жибек керек эле.
– Мен угуп жатам.
– Кечинде чалгам силерге.
– Анан?
– Анан.., ошол! Силер Сардардын артынан качса болбой кууп, мейманканага өзүңөр төлөп чакырып жүргөн турбайсыңарбы. Ал тажаганда урушуп кутулдум дебедиби. Силердин атыңарды эркектин аты менен жазып алыптыр. Биз Ысык-Атада жүргөндө мен сезип калдым эркек эмес, силер экениңерди. Ал силерди сүйгөн эмес турбайбы, тек гана жакшы ырларды жазсын дедим эле деп жардам берген тура…
– Ай, үнүңөргө караганда улуу эле окшойсуңар, укчу, эжекебай, биринчиден, мен Сардарың эмес, Кудай берген талант менен ага чейин эле акын болчумун. Экинчиден, Сардарыңда мени менен сендейден сексен. Сен акыркысы да, биринчиси да эмессиң. А менден кыжаалат болбо, сага белек кылдым Сардарды. Ооба, төлөп чакырчумун, түнү менен иштетип, анан таң атпай кууп чыгарып койчумун. Мага экинчи чалбагыла, макулбу? Эч кыжаалат болбой, сага да «сенчилеп» бирөө чалганча чардап ал,-дедим да трубканы коюп салдым. Азыр мурдагы боштуктун ордун ушундай бир дилге сыйбаган жек көрүү менен жан оорусу кыйнап чыкты. Канчалык унутайын, эстебейин десем да киркиреген аялдын жагымсыз үнү кулагымдан кетпей койду. Эгерде аялыңыз чалбаса бул бейопа сезим унутулбаса да таасирин жоготот беле, ким билет.
Түн ооп баратканда келген коңгуроодон жүрөксүй трубканы көптө алдым.
– Алоо, кечирип койгула, мага Жибек керек эле,-деди аялдын сыпайы, жумшак коңур үнү. Үн негедир калтырап атты.
– Мен угуп жатам, эжеке.
– Менин атым Калия, Сардар агайыңдын байбичеси болом. Сага чалган себебим, мен менин тагдырымды сага айтып берсем, сен жазсаң дегем.
– А эмне үчүн мен? – Күтүүсүз сунуш, күтпөгөн адам мени дендароо кылып, оюма коркуу менен уялуудан башка эч нерсе келбей эсеңгиредим. Жөн чалбаганын дароо баамдадым, бирок, неге экенин да аңдоого кудуретим жетпей турду.
– Анткени, биринчиден, сени гезитте иштейт дешти, ошондуктан, бул макала кимдир бирөөгө сабак болот беле. Экинчиден, сен да аялсың, таштандыдай сүйгөн адамыңдын жан дүйнөсүнөн сыртта калуу, тек гана аялы деген гана статустан башкага арзыбай жалгызсыроо кандай болоорун түшүнөт го деп ойлодум. Жаш кезде анын далай ойношун билмексен болдум, бара-бара калаар, балдар бой жетсе уялаар дедим. Жок, калбай койду, баягы эле жүрөнөөктүгү. Куда-сөөк менен дос-туугандан да уялып бүттүм. Азыр да ойношунун жанында экенин билем, бирок, кылаар аргам жок. Каерде экенин билүү деле кыйын эмес, бирок, андан басынып, тебеленгенден башка эмне пайда. Андан көрө сага, өзүндөй эле аялды ыйлатып бүлөлүү эркекке ойнош болуу бир эле аялдын эмес анын балдарынын жашоосун талкалоо экенин айтсам, сен аны дыкат жазсаң, башканын эринин койнунда чардаганды эрдик көргөн кыз-келиндер окуп эсине келээр беле дейм. Жазбасаң, жазганга уятың жетпесе аны ачык айт, садага, мен капа деле эмесмин,-деди токтоо.
– Эжеке, мени кайдан тааныйсыз?
– Мындан бир айдай мурун түн жарымда бир аял чалып ушул номерди берген. Ошол түнү Сардар агайың келген эмес эле. Балким сен деле билээрсиң ал түнү кайда болгонун. Ал аял сенин Сардар агайыңды абдан жакшы таанырыңды, болгондо да ошо түнү да сен анын кайда экенин билээриңди айткан. Анан Сардар агайыңдан сурасам «ии, тааныйм, араң кутулганда кайра эске салбачы. Айтканга арзыган деле жан эмес» деп койду. Эми болсо агайың дагы жок.
Көз алдыма дароо баягы экөөң алмак-салмак чалган ыплас түн келди.
– Эже, ошол кайсы число эле?-дедим калчылдап.
– Сенин эсиңде жокпу, ээ? Анда азыр мен айтам, анткени, ошол түнү атасын жандай көргөн кичүү кызымдын туулган күнү - сентябрдын 27си болчу.
Трубканы дароо койдум да негедир али өчүрбөй жүргөн ошол чалууларды карадым. Ооба, 27-сентябрь экен. Ачуу менен ызадан калчылдап, алкымымды бууган жек көрүүдөн дем ала албай тумчуктум.
Мен ушул күндү толук беш ай күттүм. Тим эле ар бир күнүн, мүнөт, секундун санап күттүм. Жаздын дал экөөбүз жолуккан числосунда сизге чалдым.
– Менин бир гана суранычым, агай, биздин керемет талаага барып келеличи. Анткени, мен чет жакка кетип жатам, адам катары суранган суранычымды жигиттик кылып аткарып коёрсуз деп ишенем. Анткени, сиз эркектикти жогору туткан намыскөй жансыз.
Сиз кыңырыла берип, анан намыстандыңызбы, макул болдуңуз. Жолукканда буттарым баягыдай эле калтырап, жүрөгүм кабынан чыгып кетчүдөй туйлап кетти. Сиз астейдил учураштыңыз. Көзүңүздөн баягы-баягы биздин жаздагы жылуу учкун жарк этти да, кайра тез эле сууду. Анан унчукпай эле биз керемет талаа деп атап алган тоо арасындагы алакандай өрөөнгө айдадыңыз. Жүрөгүм өрөпкүп да, сыздап да, көп жылдар кайрылбаган ыйык жайга барчудай апкаарып келе жаттым. Негедир баягы кулпунган талаа кунарсыз, бош, маанисиз көрүндү.
– Мына, келдик,-дедиңиз кайдыгер. Бул кайдыгерлик мага да өтүп, муздай түштүм. Эми эле жанымды жылытып да, толкутуп да турган эскерүүлөр жек көрүүгө айланды.
– Коркпоңуз, мен сизден бир метр алыс отурам, асылбайм,-дедим кыжырымды жасалма күлкүмө жашырып.
– Мен асылгандан коркпойм, билесиң да.
– Билем, ал тургай канча адам асылганын жазып алган тизмеңиз да бар го, туурабы?
– Ал чыгармадагы каарман да.
– Чыгарманы жазган адам каарманды өзүнөн бөлүп алып жаратат дешет. – Сиз кыртыя түштүңүз. Дароо кеп багытын башкага буруп, жароокерлене ала келген гезиттеримди жайып, бышырып келген тамак-ашымды жайнаттым.
– Ай-ий, тим эле конок күтчүдөй камынгансың го?-дедиңиз ыраазы боло.
– Бүгүн менин эң сыйлуу коногум сизсиз. Эми эч качан жолукпайбыз, ошондуктан, чын дилден отуралычы деп камынгам, агай.
Алкымымды бууган жашымды жута күлүп турсам да карегиме батпай кеткен бир тамчы мөлт этип кулап кетти. Чын эле биз абдан жакшы отурдук. Ал тургай саамга баягы биздин жазда, биздин керемет талаада отургандай алдамчы сезим келип кетти. Бир кезде сизге бирөө чалды. Бул үн мени кыялымдан ойготту. Сиз ордуңуздан туруп ары басып кетип сүйлөшүп жатсаңыз да шамал сөздөрүңүздү ташып келип жатты.
– Кандай, алтыным? Мен азыр бир жерде коноктомун. Сабактан чыктыңбы? Караңгыда жүрбөй кет үйгө, мен албетте барам. Жанымдын жыргалы го ушул менин. Сен мени бүгүн күтүп атсаң мен сени бүт өмүр күтүп жүргөм. Анан кантип барбай коём? Эркем менин!-дедиңиз үнүңүз адаттан тыш жумшак тартып. Баягы биздин жаздагы үн ушундай эмес беле, ал тургай сөздөр да өзгөрбөптүр. Азыр сиз сүйлөшүп жаткан аял баягы мага чалгандан таптакыр башка экенин, болгондо да жаш экенин сездим. Колум кантип сумкама сунулуп, андагы даярдалган айранга жеткенин да аңдабай калдым. Жанатан берки жанымды жеген, далай жолу ыргытып жибер деп жарга такаган ойлордун баары жок болуп, сиз ичип жаткан айранды уу кошулган айранга алмаштырып койдум. Сиз мени караган да жоксуз, мекирене сүйлөй бердиңиз. Бир топто келдиңиз да:
– Сыйыңа рахмат, эми кетели, ээ? Мени да күтүп жатышат,-дедиңиз суз.
– Ии, кетели. Баса, ырыскыңызды калтырбай ичип салыңыз, акты төккөн убал го,-дедим желим стаканды суна берип. Сиз эч нерседен бейкапар бир тартып ичип жибердиңиз.
– Даамы кычкыл тартып кетиптир, ээ?-дедиңиз туруп жатып. Ордуңуздан тура берип кайра жүрөк тушун кармай жыгылдыңыз. Бирдеме айтчудай ооз таптап, бирок, тилиңиз күрмөөгө келбей бүк түшүп, менин бут алдымда жаттыңыз. Азыр ушунчалык алсыз, ушунчалык байкуш элеңиз.
Мен сизди ууландырган жокмун, сизге болгон сезимимди, менден кетпей койгон баягы сезимтал, кыялкеч, мени сүйгөн, аял жүрөгүн багындырган Сардарымды ууландырып салдым. А сиз дагы эле кимдир бирөөнүн жүрөгүндө, дагы бирөөнүн тилегинде жашап жүрө бересиз. Сиздейлер өлбөйт.
Бүгүнкүдөй катуу шамал болгон эмес. Учуруп эле тим болбой, денеңди да дал-далынан айрып салчудай долуланып, менин алаканыма башын жөлөп жаткан жансыз денеңизди, буурул тартып кеткен кыпкыска чачтарыңызды жан алы калбай жалмалап жатты. Тим эле кайра тирилтип ийчүдөй жанталашты, жаныбар. А мен болсо мунун баары менин жашоомдо эмес, мени жандап өтүп жаткандай, ыйлаган аялдай боздогон шамалды, шамал тоголотуп салган желим идиштерди, калдактай учуп бараткан гезиттерди кайдыгер карап отура бердим. Менин көз алдымда биздин жаз турду...
(Аягы)
Айжаркын ЭРГЕШОВА

#296 06 Октябрь 2016 - 19:11
Бири кем дүйнө...
Ошол күнү жумуштан абдан чарчап келип, бүкүлү кийимчен эле керебетиме кулап катуу уктап кеткен экемин. Аялдын ачуу кыйкырыгынан чочуп турдум.
– Аа-ай, жардамга-ааа ! А-а-ааа... - Карc-курc деген жыгачпы, айтор, бир шатырап сынган нерсенин коштоосундагы аялдын ач кыйкырыгы үйдүн арт жагынан, тим эле кулагымдын түбүнөн чыккандай угулуп кетти. Бир нече убакыттан кийин “күп” этип оор нерсе түшкөндөй үн чыкты да, жымжырт болуп калды. Бир саамга кулак тундурган жымжырттыктан кийин коридордогу шабыр-шубурдан улам дендароо болгон боюнча эле эшикке атып чыктым. Коңшулардын бардыгы эмне болгонун түшүнбөй башаламан эле бири-бирине суроо салып жатышыптыр.
– Эмне балакет болду? Жамиланын добушу чыккандай болдубу? Эмнеге кыйкырды? Түшүп кеткендей болду!
– Кокуй күн, үйдүн артына жүгүр, карап турбай!
– Бегиш кайда? Кыздарычы? Баласы каякта экен?
– Кичине уулучу?
Аңгыча Бегиш аке төртүнчү кабаттан лакылдап эле тепкичтин бирин басса, экинчисинен аттап секирип жерге түшүп кетти. Эч ким эч нерсе түшүнбөй жарымы анын артынан кетти, жарымы шашып кийингени кийинип, кийинбегени жылаңайлак, жылаңбаш сыртка карай бет алышты. Мен дагы элдин шары менен кошо биринчи кабатка түшүп, төрт кабат үйдүн артына жабалактай жетип барышкан элдин арасында алардын желкелеринен башбага адатымча мисирейип гана турдум. Анткени, мен жаратылышымданбы же жаш болсом да бала чагымда жанакыдай ач кыйкырык, мушташ, өкүрүктөн көңүлү калган байкуш жүрөгүм саамга өлүп калганбы, айтор, ушундай бир кырдаал болгон жерде ыза, ый же толкундоо, чочуу белгилер менде дайыма көрүнбөйт. Бирок, ичимде ирим болуп кыйнап тура бермейим бар. Анан да кимдин эмне кылып жатканын ар бир кыймылына чейин териштирүүгө үлгүрөм.
Жамила эженин дүңкүйгөн оор денеси жерде жатат. Өлүү-тирүүүсү билинбейт, Бегиш аке буулуккан бир чоочун үнү менен “Жамилалап” чакырып күңгүрөп –“... ушундай кылмаксың, ушундай кылмаксың! Өзү секирип кетпедиби! ”-деп эженин оор денесин оодарып, бети-башын жана колу-бутун кармалап көрүп жатыптыр.
– Ий, шоруң каткыр, эмне балакет болуп кетти эле буга?
– Жанына эмне күч келди экен? Шордуу ай, шордуу!-дешип аялдар тегеректеп кармалашып, шыпшынып жүрүшөт.
– Ай, Бегиш, эмне болуп кетти кокуй?-деген Кадича эженин суроосуна:
– Мен кармаганга үлгүрбөй калдым, өзү боюн таштап жиберди,-деп каргылданды Бегиш аке.
– Тез жардам чакыргыла, тез жардам!-деп кимдир бирөө эсине келе калып бакырды. Аңгыча терезеден баш багып үстүдөн карап турган орус кошуналардын бирөө баба Нина деген:
– Бая эле чакырып койгомун, милиция да келейин деп калды,-деп кыйкырды. Анан артынан: - Бегиш, ушуну көрмөксүң! -деп кобурап кошумчалап коюп терезеден башын тартып алды. Айткандай эле бир маалда милиция, анын артынан тез жардам да келип калды. Кудай бетин салбасын, эл бир заматта толуп кетти. Болбосо түн жарымы ооп калган. Эки жактарын ченешип, квартирасына киришти, а Бегиш аке болсо темирейип, бирок, бир түшүнүксүз абалда туруп “өзүн-өзү таштап жиберди” деп айтып жатты врачтарга да милицияга да.
Мен бул үйгө көчүп келгендердин эң акыркысы болсом керек, ошондой болсо да “Жамила эженин күйөөсү башка аял менен жашап кетиптир” деген каңшаар сөздү эбактан эле уккам. Жамила эже өзүнө келбеди, ошон үчүн да күйөөсү ишенимдүү, бирок, каргылданган үнү менен кайра-кайра:
– Өзү кийинки убактарда акылынан адашып калган эле, долуланып эч кимге тынчтык бербей калды эле,-деп күңкүлдөп жатты. Мен Бегиштен гана көзүмдү албай жек көрүп, баскан-турганын, чөптөй кубарган өңүн, өзүн араң токтоо кармап жатканын байкап турдум. Бегиш тез жардам мененби же милиция менен кеттиби, эсимде жок. Кошуналар бир топко чейин короодо кобурашып турушуп, анан тарап кетишти.
Мен үйгө кирерин кирдим, бирок, көпкө чейин подъезддеги кабыр-шабырдан, өзүмдүн козголуп калган жүрөгүмдүн түрсүлдөгүнөн уктамак турсун бир караңгы туңгуюкка түшүп кеткендей камыгып туталандым. Жанымды коёрго жер таппай бөлмөдө жинди немедей ары-бери баса бердим, баса бердим. Жан дүйнөмдөгү бир эле Бегишке эмес, бүткүл эркектаанасына болгон жек көрүмчү сезимим менен алпурушуп жаттым. Керебетиме бет алды сулк кулап ооналактадым, тамагымды бууган ызанын жашы сызылып чыга албай так жүрөгүмдө катып калды, кыйнады. Жинди болуп кетишим да алыс эмес болуп баратты. Өзүмдү-өзүм бетке уруп, муздак суу менен ваннага кирип бетимди жуудум. Бул окуя мага тиешелүү болбосо да кайрадан эле эркек кишинин айынан, ушул эркек кишинин арам күчү акылынан ашып, алсыз аялды кордоп жатканы мени кыжырлантты.

#297 06 Октябрь 2016 - 19:13
Ашканага кирип столго олтура калып ыйлай баштадым. Ыйлай бердим, ыйлай бердим, ыйлай бердим... Чарчаганча,
бугум чыкканча ыйладым. Бул ый балалыгымдан бери чогулуп, бүгүн эле эмес мурунтан кысып келген, тагдырымдын тунук дайрасынын нугун туура эмес жакка буруп кеткен окуянын ыйы эле. Жүрөгүмдүн түбүндө жүргөн бул ызам жумуш менен алаксып убактылуу болсо да жутулуп кеткен экен. Бүгүнкү Жамила эженин окуясы анын оозун оңурайтып ачып кетпедиби. Мен азыр Жамила эжени эмес, жансыз сулк жаткан Жийдени элестеп кеттим. Эжекем Жийденин аянычтуу элеси көз алдыма келип, аны эсиме алуудан өзүм коркуп заарканып жаттым. Жийденин той алдында гүлдөй жадырап түшкөн сүрөтү ушул күнгө чейин илинип турган бөлмөгө кирип кандай өксүп-өксүп ыйлаган болсом, бүгүн да ошондой өксүп, соолуганча ыйладым. Ошол күндөргө кайтып бардым...
Апабыз оорукчан болчу. Ошон үчүн эки кыздан кийин эле төрөбөй калып эркек бир тууганыбыз жок болчу. Апам дайыма эки кызын бөпөлөп, кирпигибизге кир жугузбай, таза кийгизип аздектечү. Үчөөбүз көбүнчө жалгыз болоор элек. Апамдын күндө жасаган аракети: кыздарын окууга жөнөтүү, курсагын тойгузуп, кир-коогун жууп, анан сабактан келсе тосуп алып, сабагын жаздырып, божурап жыргап алуу эле.
Апамдын кайсы жери ооруганын деле мен балалыгымдан улам билбеген окшойм. Ал эми эжем Жийде болсо мектепти жаңы бүтүп, окууга өтпөй калып мектептин пионервожатыйы болуп иштеп калган ошол жылы. Аны менен тең кыздар тургай андан чоң, окууну бүтүп келген кыздарды ишке алышчу эмес анда. Көрсө, апамдын оорукчандыгын эске алышып, анын мурунку кесиптештери эмдиги жылы окууга кайра тапшырганга чейин убактылуу болсо да жумушка алууга көмөк көрсөтүшүптүр. Жийде оюнкараак, эркек баладай шарт-шурт жүргөн, кандай адам болбосун бир заматта эле тилин таап ала койчу, ачык жана жароокер, ошол эле учурда абдан жоопкерчиликтүү кыз эле. Ишине жан дүйнөсү менен берилип, үйгө келгенде деле ишин бажырап-чачырап айтып түгөтө албай калчу. Апам мугалим болгондуктанбы, баарын угуп, шашпай кошо талдашып, анан бир далайга чейин экөө акылдашаар эле. Андан кийин кадимки мектеп окуучусундай сабак даярдаганга отурчу. Кийинки жылы окууга өз күчү менен кирүү планынын камылгасы эле ал. Бош убактарында 10-класстар менен бирге сабакка катышып, билгендерин кийинки жылга чейин унутуп калбайын деп тырышчу.
Ал эми атабыз болсо кесиби боюнча курулушчу. Кудайдын жараткан күнү мас же кызымтал келээр эле. Сырттан үйдүн коңгуроосун баскандабы же тап-туп деп коридордон кирип келе жаткандабы, айтор, шыбышы угулса эле апам байкуш ал кишинин кандай абалда келээрин көзү ачыктай билип койчу.
– Жийдеш, бар эшикти ач. Атаң бир топ кызуу көрүнөт, этиетте, жинине тийип алба,-деп алдын-ала эле экөөнү тең бири-биринен калкалап турар эле. Ал эми атам жөн эле баарын каарып-кууруп, кабагы карыш салаңдап же эмне болуп жатканын ачык айтпай эле дүңкүйүп кирчү. Ким эмне сураса же сүйлөсө эле жекире кагып, зиркилдеп турчу. Анда мен кичине элем. Атама эркелегим келсе да даап жакындай албай апамды бир, атамды бир карап тим болчумун. Апам акырын ишарат берип "бар бөлмөңө" дегенчелик кылып ымдап койсо акырын жылып ичип жаткан тамагымды кесем менен көтөрүп чыгып кетчүмүн. А Жийдеш болсо апамдын жанында калып, жүрөгүндө аны атамдан калкалаган болуп, экөөнү уруштурбай эле эптеп жайгаруунун айласында болоор эле.
А атам, атам болсо күндөгү эле адаты менен жаңжал чыгаруу үчүн бир шылтоо издеп, дагы эле мурчуя берген оокаттын ичинен бир сабиздин туура эмес тууралганын тапса да ичип жаткан ашын чынысы менен кошо көмөлөтүп туруп кетчү. Анда байкуш апам болсо, тескерисинче кыздарына жаман көзү же тили тийип калбасын деп абайлап турчу.
– Энесинен эрте калып жеңе менен өгөй энеден тарбия алды дейсиңби! Дайыма аларга нааразы болуп жүрүп жакшы сөз угуп чоңойбосо кантсин? Менин бешенеме ушундай түркөй болуп тарбияланбай калыптыр. Кантейин, чыдап келем. Мен го түшүнүп мамиле жасап коём. Өзүчү, өзү да аябай кыйналат?”- деп гана тим болчу.
Атам күндөн-күнгө күчүн арактан чыгарып, үйгө келсе келип, келбесе жок, тапкан акчасын талаага чачып максатсыз эле жашап жүргөн. А апам үйдөгү мындай акыбалдан улам өзүнүн оорусу тууралуу ооз ачпаптыр. Анткени, дарыланууга эч кандай шарт жок эле да, андан көрө быйыл Жийдешти окууга өткөрүп алсак деп бардык колуна тийген мыдырын чогултуп олтурчу. Аны көргөн мен бала жүрөгүмдөгү, бала кыялымдагы каалааган нерселеримди айтып, аткартып кежирленчү эмесмин, түшүнчүмүн. Апам байкушту аячумун. Мына ушундай көрүнүштөр менен ошол жыл, андан кийинки үч жыл кандай өтүп кеткенин сезбей калдык. Жийдеш өз күчү менен институтка өтүп, ар бир окуу сессиясынан кийин зачёткасындагы жалаң “5” деген бааларын бизге көрсөтүп турчу. Элдин балдарына окшоп акча талап кылбай, жогорку баскычтагы стипендия менен окуганы үчүн кайра атама жаккан күрөң түстүү көйнөк, апама жылуу байпак, ал эми мага альбом, дептер же кооз чачка сайгыч таракчаларды алып келип берчү.

#298 06 Октябрь 2016 - 19:14
Антип-минтип Жийдеш үчүнчү курсту да бүтүп калыптыр. Бир күнү эле жайкы сессияны тапшырып жатып үйгө телефон чалды. Кубанычы койнуна батпай:
– Апа, Айдина, атама эптеп угузгула, мен турмушка чыгам, тойду каникул мезгилинде өткөрсөк деп чечтик, калганын келип айтайын,-деди. Апам экөөбүз биринчи абдан кубандык, бири-бирибизди кучактап: - И-ий, күйөө бала кайдан деп да сурабаптырбыз го?-деп күлүп алдык. Кечке атамды күттүк. Ата эмеспи, ал да сүйүнөт деп керектүү сөздөрдү камдадык. Өзүбүзчө бир топ пландарды да түзүп жибердик.
– Апа, Жийдеш апапак келин көйнөгүн кийсе абдан сулуу болот болуш керек. Чачы узун да, чачын кантип фатанын алдына жайгаштырып түйөт болду экен? Же жөн эле эки өрүп таштатып, элден башкача кылбайлыбы? -деп кечке экөөбүз Жийдештин тоюн элестетип жаттык.
Кечинде атам келгенде биринчи бар тапкандарыбызды алдына коюп, курсагын тойгуздук. Бүгүн атам да негедир жайдары эле келди. Кызымталдыгынанбы же ишинде жакшы бир нерсе болгонбу, күндөгүдөн башкачараак, шайдоот, алдына койгон тамак-ашты жакшы табит менен ал турсун мактап ичти. Апам экөөбүз баары бир оңтойлуу убакытты күтүп дагы эле айта албай жаттык. Бир маалда атам көтөрүп келген баштыгынан бир бөтөлкө арак алып чыгып:
– Эки стакан алып кел!-деди мага. Мен атама бир, апама бир карап калдым.
– Алып келе бер,-деди апам ичпесе деле. Атам ичип жатканда арак тургай ашка табити тартпай калчу апамдын. Азыр болсо Жийдештин турмушка чыгып жатканын айтыш үчүн абалды кичине жеңилдетейин деди окшойт. Мен да муну түшүнө коюп үйдөгү эң кооз идиштерден эки хрусталь стаканды шыңгыратып алып келдим. Атам маашырлана бөтөлкөнү ачып жатты, өзү да бир жаңылык айтчудай жагалданып шашып алыптыр. Апам байкуш ыраңынын саргарганы демейдегиден көбөйүп калганына, абдан катуу диетада экенине карабай атама маңдай-тескей ыңгайлуу жайланышып, кадимки ресторанда олтургандай кашык-вилкаларды оңдоп тизип убараланды. Мына, стол үстү майрамдагыдай жайнады. Эки стаканга толтура арак, мага сок куюлду. Атам негедир тостту алыстан-алыстан, апам менен таанышкан, үйлөнгөн күндөрүнөн баштап узак айтты. Апам экөөбүз кунт коюп уктук, акырында:
– Эми турмуш ар түрдүү болуп калат турбайбы. Мына, балдар чоңоюшту, сенин эле кичине ооруп калганың болбосо...-деп сөзүнүн аягын жутуп коюп: - Кел эми, алып кой сен деле, дары болуп кеткиси бардыр,-деп кесе айтып, өзү шарт алып жиберди. Апам болсо мууну бошоп, ал дагы качандыр бир кездеги жаштыгына, кыз кезине кайтып, жүзүн билинбеген нур чайып, оюнда Жийдешинин алдыдагы тоюн көрүп, эч болбосо бир баласын көрүп көз жумсам мейли эле деп тымызын тилек кылып отургансыды. Бирок, үнүн чыгарып айткан сөздөрү бул болду:
– Ооба, убакыт бир көз ирмемдей эле өтүптүр, батирден-батирге көчүп жүрүп, анан өзүбүз үйлүү болуп, минтип балдар да чоңоюп калганын карасаң... Өзүң айткандай бактылуубуз экөөбүз, мына, Жийдеш да бойго жетип бизди кубандырганы олтурат...-деп ток этер жерин айта албай жатты кыйналып. Анда-санда мени карап айтайынбы дегенчелик кылат.
Апамдын кыйналып жатканын билип мен шарт эле сөзгө аралаштым:
– Ата, апам экөөбүз сизге жакшы кабар айтканы олтурабыз, угасызбы? Ата, Жийдеш турмушка чыгам деп бүгүн айтты, эми күйөө балалуу болосуз...-деп оозумду жыя электе эле:
– Эмне?! Эмне???-деп ордунан тура калды. Эмне, эрге тие турган болуп калыптырбы? Акыбалыңарга карабайсыңарбы? ! Акмактар, кыз бакканча ит бак деп бекер айтышпайт тура! Карасаң, эрге тиет имиш, ит баксамчы, ит баксамчы! -деп кыйкырып колундагы стаканын жерге чаап сындырып, ага алымсынбай столдогу дасторконду оокат-ашы менен аңтарып жиберип туруп кетти. Апам болсо колундагы арак куюлган стаканды коёрго жер таппай алдастап, бирок, мен көрбөгөн кайратын жыйнап, алсыз акыбалын унутуп:
– Качан адам болосуң? Кана, олтур мындай! Койчу деп койсо, эсирип кеттиң! Баарыбыздын башыбызды жесең да тойбойт окшойсуң! Олтур мындай. Жийде турмушка чыгат, кыз бойго жеткенде турмушка узатуу - ата-энелик милдетибиз. Акмак деп сени айтат! Олтур дедим, олтур!-деп артынан барып сенделектете столго кайра олтургузду атамды. Столдогу тамактар, нан, идиштер ойду-келди чачылып, сынып, аралашып жатты. Менин той жөнүндөгү эмелеки ой-тилегим, үмүтүм, сүйүнүчүм кошо быт-чыты чыгып жатты. Апам эми чындап күчүнө кирип, оорусунан так сакайгандай, жүзү таштай сумсайып бир саамга унчукпай калды да, оор дем алып анан муздак, сүрдүү үнү менен өкүм сүйлөп, атамды заматта кыймылсыз абалга келтирип койду. Апамдын кайраттуу экенин мурун билсем да мындай көрүнүшүн, ал тургай атамдын эмелеки жини да кагыла калганын көрүп коркуп кеттим. Апам өзүн-өзү күч менен араң кармап турду.
– Сен адам кейпинен кетпе! Эгер азыр сен адам эмес, айбанмын десең, анда мен башка иш кылам! Мени жок кылганың азбы сага? Кыздарым үчүн сага чыдап жүрөм! Жийдешти турмушка узатышыбыз керек, анан мени тирүүлөй көмсөң да макулмун! Жексур, кетер жагыңа анан кете бер, менин көзүмдү күтпөй эле кой! Уктуңбу?!- деп ордунан күч менен обдулуп туруп чыгып кетти. Атам бир топ шалдайып олтуруп, анан кайра жиндене чамгарактап сөгүнүп, жерде жарымы төгүлүп жаткан арагын мойнунан апчый кармап короого чыгып кетти. Мен ызага буулуп жерге олтура калдым. Жүрөгүм туз куйгандай ачышып, бир жамандыкты сезип эки колум менен бетимди басып үнсүз шолоктодум. Андан кийин гана апамдын артынан анын бөлмөсүнө кирдим. Апам мени соорото эркелетип, үнсүз сумсайып олтурду. Андан кийин салабаттуу үн менен:
– Жийдеш эч нерсе укпасын!-деп эскертип, кайра үн катпай калды. Ошол калыбында караңгы киргенге чейин олтурду. Мен да баягы чачылган столду жыйнамак турсун нес болуп калдым, жыйнагым да келген жок. Мен кичине болгонум менен апамдын катуу ооруганын билчүмүн. Бирок, атам каякка кете турганын боолголосом да мойнума алгым келбей, айрыкча апамдан тактап суроого батынбай сарсанаа болчумун.
Бир маалда экөөбүз тең атамдын ач кыйкырыгынан “селт” этип чочуп тура калдык. Атам чала мас, мындай маалында абдан жаман болчу эле, эшикти ачып:
– Ээй, ушундан көрө өлүп эле калчы сен! Же колум, же жолум бош эмес.
Эшик ачсаң аял сасыйт, мен да эркекминби же жокпу? Мен уулум жок талаада калгым келбейт! Айт кызыңа, азыр аны эрге бергенге шарт жок! Мен аял алып алгамын, бүгүн сени менен сүйлөшүп, эртең кетейин дегем, карачы, мен деги эле бактысызмын! -деп аялдан да ачуу кыйкырып жер тепкиледи. Кудай бетин ары кылсын, эркек кишинин ушунчалык аялдан да беймаал болорун билбептирмин. Атамдын апамчалык сабыры да, кайраты да жок экенин эми билдим.
Апам үн чыгарбай ордунан туруп, жакын барып атамды жаакка бир чапты да, ашканага барып бир чака суу алып келип башынан ылдый куюп жиберди.
– Эсиңе кел, эсирбе! Кыздарым үчүн чыдап келдим, эми ырысың бүттү! Эсиңе кел! Менин азыр да сендик алым бар, башкасын билбейм. Сага Кудай ушундайлыгыңан эркек бала берген жок!-деди. Апам азыр акыркы күчүн Жийдештин тою үчүн муштумуна уучтап тургансыды. Мүмкүн акыркы күчүдүр, акыркы үмүтүдүр...
Демек, апам билчү экен да анын аялы бар экенин. Оо, Кудай, ошол күнү ал да өзүнүн башка аялга биротоло кетерин айтуу үчүн жанагыдай шайыр-шайдоот келген тура! Мына, биринчи жолу атама болгон жек көрүү сезими ошол саамда өрттөй жалындап пайда болгонун мен азыр эстеп турдум. Ал эми апамдын кудуретине, күчүнө, кайратына таң берип турдум азыр да.
Ошентип, ал күнү атам суудан өзүнө келип калдыбы же кезектеги жаңжал номери өтпөй калдыбы, жинин менден чыгарып апчып түртүп жиберип короого чыгып кетти. Апам байкуш гүлгө ороп, таптаза кылып дайым жасап койгон сөрүгө барып үстөмөнүнөн кулады. Анан көпкө чейин сөгүнүп-сөгүнүп кобурап, эч бири-бирине байланышы жок бирдемелерди балдырап жатып уктап калды. Эрте менен турсам апам эч нерсе болбогондой гүлдөрүн сугарып жүрүптүр. Тескерисинче, күндөгүдөн сергек, көңүлү ачык. Мени көрүп эле:
– Кудалардын келишине короо гүлгө толуп аңкып турса дейм...-деди акырын.
Ал эми атам оозун ачкан боюнча аңтарылып уктап жатат. Сакалы өскөн, капкара, той түшүнө да кирбесе керек. Арбайган узун колу менен анча-мынча кашынып, эстеп коюп ойгоно баштады. Биздин кобурубуздан ойгонуп, максатсыз, мээримсиз көздөрүн ачып-жуумп башын көтөрдү. Дагы эле керсейип же кечээгисине күнөөлүү болумуш болуппу, айтор, жаман көзү менен бизди акшыя карап, ыргылжың туруп ашкана тарапка басты. Сыягы, муздак бир нерсе издеп жатса керек ичи өрттөнүп. Идиштерди калдыратып- шалдыратып акыры "шарак" эткизип кайсы бир идишти дагы сындыргандай болду. Демейде мен же апам жүгүрүп барып идиштин калганын да чагып таштай электе айран же муздак суу куюп бере койчу элек. Мында апам мага “тим кой” дегенсип ишарат кылып койду.
Ошентип, атамдын аялына кете турганы жөнүндөгү тема ошону менен токтоп, баягы эле көнүмүш турмуш уланып жатты. Атам баягысы баягы, ичкенде ичип келет, ичпегенде деле баягы салыңкы кабагы. Апам болсо тойду пландаштырып аны менен деле иши жок. Мага бир топ тапшырмаларды күндө берет, жаздырат, Жийдеш менен эки-үч маал телефондо сүйлөшөт да, кайра эле тойдун камын көрөт. Убактынча оорусун да унутуп калды көрүнөт, мурункудай дарысына деле жабышпай, онтобой да калды. Күнүнө үч тизме жазат, биринчи тизме - Жийдешке деп даярдап койгон үйдө бар буюм-оокаттар, экинчиси - апамдын катташкандары, тууган-уругу жана жакындары алып беребиз деген буюмдары, иши кылса дайыны бар даярдыктар. Ал эми үчүнчүсу болсо - атайын атап сатып ала турган оокат-буюмдар. Ушул тизме апам экөөбүздү санаага салат. Күндө атама көрсөткөнү тизмени алдын-ала даярдап, акырын алдына коёбуз. Атам өкүрүп-бакырып, кээде тытып ыргытса да эптеп акча алабыз, баарын болбосо да бир кыйласын ошентип даярдап алдык. Бул түштүктүн элинде кыз берүү абдан кыйын, чоң нерсе көзгө көрүнбөй, кээде майда-барат оокат кыздын тагдырын чечип кеткен мезгилдер оголе көп болот. Ошондуктан, апам байкуш намыстанып, анан калса биринчи кызын берип жаткан үчүн бир топ эле түйшөлдү. Анын жанын үрөп, бар-жогуна карабай кыз себин оозго аларлык кылып даярдап жатканынын бирден-бир себеби, байкушум аай, көзүм өтүп кетсе кызым барган жеринде башы бийик болсун дегени экен азыр талдап ойлоп көрсөм. Бири кем дүйнө деген ушулбу, катыгүн!
Мен байкап калып жаттым, кирпиги араң эле ирмелип, бирок, кайратына чоң казан аш бышып, акыркы демин ичине алып эле даярданып жатты. Андан да кудалар менен абдан шайдоот кишидей, салабаттуу эки жактуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатты. Барыш-келиш, сөйкө салмайлары, кыздын себи да бүттү. Албетте, атамды ыргылжың болгонуна карабай мойнунан байлаган койдой жетелеп, апам өзү бүт туура, аз чыгым менен пландаштырып, эже-сиңдилери жана курдаш жакын досторунун күчү менен баары бүтүп кетти. Апам да аларга убагында кызмат өткөрүп койгон экен, бардыгы жанын үрөштү, чачылганын чогултушуп, үзүлгөнүн улашып кол кабыш кылышты. Болгону атамдын эле баягы түркөй кыялы апам экөөбүздү жүдөттү. Эми той күнү ичпей-чычпай жакшы туруп берсе экен дейбиз.
Тойго бир жума калганда Жийдеш келди. Абдан бактылуу, жайдары, анан өзгөчө сулуу болуп кетиптир... Апам экөөбүздү алмак-салмак кучактап эле жароокерленип эркелейт. Апамды мага, мени апама улам эле дайындап:
– Мен тез-тез эле келип турам, атама көңүл бурбай бири-бириңерди бапестегиле. Атам деле жакшы киши, эми анын мүнөзүн билип калдыңар да, капа болбогула. Баары бир аны уккула, макулбу?-деп эле чебелектейт. Ай байкушум аай, ошондо эле биз менен коштошуп жаткан тура эми эстесем.

#299 06 Октябрь 2016 - 19:16
Той болчу күн да келип калды. Короодо кым-куут, эрте менен Жийдеш дос кызынын машинасы менен чачын жасатып, макияжга барып, андан ары көйнөгүн кийип келмей болуп жөнөп кетти. Таеже-жеңелерибиз ЗАГС тосуу үчүн камылга көрүп казан тарапта жарымы, жарымы залга дасторкон жасап жатышат. Мен болсо тойго даярданган эже-жеңелерибизге элек кайда, челек кайда, ким чай куят, ким идиш жууйт, балдарды кабат үйгө алып кетиш керек, анан дасторкон даяр болгондон кийин полду жууп чык деген тапшырмалар менен эле аралашып жүргөм. Антип-минтип эле күйөө балдар келе турган убакыт да болуп калыптыр. Аңгыча кайдан-жайдан эле короодо эки аял пайда болду да, ызы-чуу, кыйкырык болуп кетти. Мен эч нерсе түшүнбой эле короого колумдагы дагара менен чыга калсам, бири жашыраак, бири тиш кагып калган эки аял ач кыйкырык салып жатышыптыр:
– Чык дегенде чык, акмак, алдамчы! Сен жыргап той кылып отурасың, а менин сиңдим болсо минтип талгак болуп ооруп, кусуп, дарыга акчасы жок олтурат!-деп өң-алеттен кетип жатышыптыр. Апам көрүнбөйт, атам времянканын терезесинен баш багып карап эле кайра бекинип калды. Көрсө, апам тигил аялдарды көрүп эле атамды бекиткен тура. Бир маалда бир таежем заңкылдап чыгып эле:
– Кандай бейбаш немелерсиңер? Ким силерге короого кирүүгө уруксат берди? Бери чык, мени менен сүйлөш, чык бери!-деп аларды короодон сүрүп чыгарууга аракет жасап жатты. Той болорун билип, тойдун үстүнөн атайын жаңжал салуу үчүн келген немелер чыга коёбу оңой менен.
– Чакыр тигил эркек болбой эмирең калгыр немени!-деп алкылдашып жатышты.
Ал аңгыча Жийдеш да апапак куудай жасанып, курдаш кызы менен короого кирип келбедиби! Аппак жүзү андан бетер кубара түштү, эмне дээрин да билбей эле элеңдеп таежемди карады. Дос кызы болсо Жийдешти колтуктан алып үйгө алып кирүүгө аракет жасай баштады. Жийдеш болсо короодон көзү менен атамды издеди, демек, иштин чоо-жайын түшүндү болуш керек го. Бирок, үн ката албай эле араң басып үйгө кирип кетти.
А атам болсо баягысындай эле кызуу экен. Качан сеп этип үлгүргөнүн билбейбиз. Бир маалда апама ээ-жаа бербей времянкадан атып чыкты.
-Эй, шуркуялар, кимди ким алдаптыр? Чыккыла короодон, мен силерге эмне деп айттым эле?!-деп бирин сала экинчисин тепкилеп кирсе болобу. Каап десең, кичине чыдап турса таежем аларды сүрүп чыгарып кетмек. Биз бардыгыбыз жабылып атамды кармадык, алар болсо короодон чөө-бөрүдөй ызылдашып чыгып кетишти. Апамдын жети өмүрү жерге кирип, ансыз да алсыз неме үнүн да катуу чыгара албай, үнсүз олтуруп ыйлап жатты. Эже-сиңдилери үстүнө үйрүлө калып жубатып жатышты. Канткен менен болоор иш болду, атамдын ушунусу эле калды эле бизге көрсөтпөгөн! Же ушунчалык болуп калган экен, тигилерин тынчытып кетирбеди. Ким билсин, алар эмне ой менен кетишкенин. .. Аттиң, жаман иш болду! Болгондо да ак той күнү. Биринчи той күнү! Апамдын абысындары, анан анча-мынча короодо кызмат кылып жүргөн кошуналар да өз-ара апамды, Жийдешти аяшып, күбүр-шыбыр боло түшүштү да, кайра билдирбей кызмат кылгандарын улантып кетишти. Короодо эмне болуп жатканын көргөн Жийдеш ыйлап, жасатып келген макияжын бүт кетирип алды дешти бөлө кыздар, кирип сооротушкандары. Мен болсо төркү бөлмөгө кирип алып аябай ыйладым, көз жашымды апам же Жийдеш көрбөсө экен деп калп эле кайраттанып алып чыгып иш кылып калдым.
– Би-би-ии-ип! -деп күйөө балдардын машиналары да келип калды аңгыча.
Азыр эле башка ызы-чуудан бозоро түшкөн корообуз заматта музыкага толуп, күйөө жандоочулардын ырына, топурап короонун сыртында той көргөнү келген бала-чаканын ызы-чуусуна толо кетти. Кыздын жеңелери чыгып балдарга аралашып тамашалашып, а бөлө кыздар уялыңкы четте турушкан. Анын ортосунда эле баягы эки аял кайрадан короодо пайда болду. Баягыдан да башкача айкырык салышып, кайдан экени белгисиз, бети-баштары канап, кийимдери тытылган боюнча короонун ортосунда долуланып жатышты. Ооба, аларды атам тепкиледи, бирок, анчалык тытылышкан жок эле го? Долуланып жатышты... Жана короодон чыгып кетишкенде ушундай кара ой менен кетишсе керек. Албууттанган ач кыйкырыктарын салып короодогуларды, күйөө балдарды көздөрүнө илбей чакчелекей түшүрүп жатышты. Менин жаным кайдан калсын, Жийдеш мунун баарын көрбөсө экен деп атама барып тез, эмне кылса да тетигилерди короодон чыгаруусун талап кылдым. Кайдан, мас адам качан эле укчу эле, айрыкча атамдын кырс мүнөзү менен! Ал кайра чылпагын алам деп көзүн оюп, тигил экөөнү эле эмес, короодогуларды, жада калса күйөө балдарды кошо сөгүп ашмалтайын чыгарды. Күйөө балдар эмне кыларын билбей, жарымы күйөө балага кошулуп машинага кирип кетишти, калганы сүрүлүп короонун эшик жак бурчунда чогулуп туруп калышты. Апамдын дайыны жок, менимче, таежелерибиз жубатып жатышкан болуу керек. Жанына даап бара албадым. А Жийдеш болсо короодо болуп жаткан көрүнүштү бир саамга үнсүз тиктеп туруп, таежелерибиздин, досторунун тосконуна ээ-жаа бербей короого жүгүрүп чыгып кетти. Ак той көйнөгү жер чиет! Бутуна үй тапичкесин эле иле коюптур. Көптөн күткөн ак тою минтип кызыл-кыргын жаңжалга айланып, турмушка шилтеген биринчи кадамы сынып жатса туфли эсине келмек беле?! Жийде короого чыкканда жанына эч ким бара алган жок, анткени, анын жүзү абдан сүрдүү эле. Анын кийинки иш аракети эмне болуп кетээрин эч кимиси боолголой албай нес болуп турушту. Чачы узун болгондуктан, жарымын төбөсүнө түйүп, жарымын башкача бир кооз кылып өрүп таштап койгон экен. Мен Жийдешти ошол боюнча гана эске сактап калдым. Башкача эч элестете албай келем. Түшүмө да ошондой кирет дайым. Фатасы кайсы, көйнөгү кайсы билинбей, экөө бирдей апапакай болуп кара чачтарын ого бетер бөлүп булайтып көрсөтүп турду. Ошондо Жийде кандай сулуу эле! Бири кем дүйнө!!!
– Ата, мени аябасаңыз апамды аябайсызбы? -деп кесе айтып туруп машинадан али түшө элек күйөө балага барып: - Нурдин, мен ушундай адамдын кызымын, сени бактылуу кыла албайм. Кет, кеткиле! Мен турмушка чыкпайм!- деп фатасын башынан жай чечип алып балага карматып койду да, үйдү карай тез-тез басып кирип кетти. Күйөө бала фатаны кармап, эч нерсе айтканга үлгүрбөдү, ордунда таштай катып калды. Баягы эки аялдан башкабыз бир саамга орду-ордубузда жылбай туруп калдык. Бардыгы тып басылып, короодо өлүктөй оор тынчтык өкүм сүрүп турду. Анан атам жанагы эки аял менен кубалашкан бойдон көздөн кайым болуп көрүнбөй калды. Күйөө жандоочулар эмне кыларын билбей күйөө баланы тегеректеп калышты. Аларды бөлөбүз Жанар короодон алып чыгып кетти, эмне деп сүйлөштү, эмне жок, мага азыркыга чейин караңгы.
Жийдеш апамдын бөлмөсүнө кирип эшикти ичинен илип алды. Апам байкуштун болсо санаасы онго эмес, миңге бөлүнүп:
– Жийдеш, Жийдеш, балам, жаным, сен эч нерсеге көңүл бурба, мени ук. Сен менин кызымсың, мени чыгып бир сол көзүң менен эле карачы, баарын түшүнөсүң! Чыкчы, жарыгым, сени менен бир ооз сүйлөшкүм келип турат, же мага да таарындыңбы? Аччы, аччы?!-деп жалооруп өзүн дагы баягыдай күч менен кармап олтурду. Тамак да ичпеди, сиңдилеринин улам келип тамак бергенине да көңүл бурбады. Кадимки эле соо кезиндей боюн түздөп, колунан келсе басып өткөн өмүрүн кайра башынан баштагысы келчүдөй кайратта бозоргон өңүн кирген-чыккандан жашырып отурду. Аттиң, колумда бул жалгандын ачкычы болсо баягы апам, Жийдеш үчөөбүз бактылуу болгон той алдындагы бир көз ирмемге артка бурап койбойт белем?! Колумдан келгени ошол болду, эшикке барып:
-Жийдеш, апам экөөбүздү жакшы көрөсүң го, ач эми?!-деп жалынып коём .
Жийдеш корообузда баягы тойго даяр болгон шаан-шөкөттүн көлөкөсү гана калганда, апам отургучка кайкалай жөлөнүп унчукпай калган мезгилде эшиктин илгичин ачты. Мен апамдын жанында тургам, Жийдеш таштай суз, жансыз эле. Апам да кечке зарыга күткөн кубанычын билгизгенге дарманы келген жок. Жийдеш үн-сөзсүз келип апамдын алдына тизелеп олтуруп, колун жыттап, өзүнчө кобурап жалынып жатты:
– Апа, кечир мени, атам үчүн да мени кечир! Апа, биз экөөбүз күнөөлүү эмеспиз, Жараткан бар болсо бардыгын өз-өз ордуна коер, апа. Кечир мени, минтип ак тилегиңди таш каптырдым. Эгер сенин ооруң азыр мага өткөн болсо бактылуу болоор элем, кечир мени! Бүгүн күйөө балалуу кылып сени бактылуу кыла албаганым үчүн кечир мени!
Апам болсо үн катканга чамасы жок.
– Жаным садага сага, балам! Мен силерге садага болсом экен, балдарым! Сен сөзсүз бактылуу болосуң, балам!-деди да, Жийдешти үн-сөзсүз кучактап көпкө олтурду. Короодогу кошуна-колоңдор, аяш апалардын кеткени кетти, кетпегени, апамдын эже-сиңдилери, жакын достору улам бизге жакын келгенге батынбай жүрүштү. Андай мезгилде эки сөз көп, бир сөз аз да! Ким эмне демек эле? А мен болсо кабак-каштын ортосунда турган жамандыкты сезсем да балалык кылып билбей, айла таппай эле экөөнү тең кучактап, сылап жубатып жүрдүм. Көзүмдөн он талаа жаш эч кургаган жок. Көзүм соолусачы, андан көрө Жийдешти кайтарып жанынан чыкпасам, чырылдап сактап калат белем?!
Андан кийин Жийдеш апамды жубатып, жанына олтуруп тамак жедирип, дарысын ичирип, кайра:
– Эми менин тынчымды албагыла, андан көрө апамды карагыла. Айдина, сен акылдуу бол, апамдын жанында бол, мага кичине убакыт керек, өзүмө келейин, анан чыгам...-деп кайра кирип кетти. Баарыбыздын көңүлүбүз кичине болсо да тынчтана түштү. Жийдештин үнүнөн эч кандай жамандыктын жышааны сезилбейт эле. Ал тескерисинче, токтоо, ишенимдүү, жароокер эле. Ошон үчүн мен эле эмес, баарыбыз убактылуу алаксып калбадыкпы.
Бирок... чыныгы жүрөктүн үрөйүн учурган окуя андан кийин болбодубу! Жийде өз өмүрүн кыйды! Таежем кирсе Жийдеш узун чачтарын сулайтып экиге бөлүп өрүп, жасанып, апам тигип берген сары чыт көйнөгүн кийип алып асылып туруптур. Столдун үстүндө жигити Нурдинге гана жазып калтырган алакандай каты жатыптыр: “Кечир мени, сенин да атамдай күйөө болушуңду каалабадым. ” Бир эле апам экөөбүз эмес, кулагы угуп көзү көргөн, Жийдешти тааныган, тааныбагандын баары ыйлады. Биз минтип алаамат болуп жатканда Жийдештин жигити да өзү жалгыз келип, колуна өзү үчүн жазылган куш тилиндей катты алып аз жерден акылынан ажырап кала жаздады. Бирок, эми кылычын ташка чапса да Жийдешти таппайт эле. Алакандай ак кагазды Жийдештин ордуна кучактап өкүрүп турду үн баспай. А “көшөгөдө” жаткан табыт келин-Жийдеш үн катпады, бул үйлөнбөй туруп жесир калган жаш жигиттин киши чыдагыс ыйы Кудайга жетпеди, анткени, ал күнү Кудай атама окшогон чыккынчы эркек таналардын күнөөсүн кечире албады окшойт. Зар какшасак да Жийдешти кайтарып ала албадык. Бири кем дүйнө!
Жийдешке ак той көйнөгүн кийгизип жерге беришти! Апам экөөбүздүн болсо “а” дээрге алыбыз да калган жок. Атамдын ал күнү келген-келбегени эсимде калбады. Келсе да мен аны менен күйүтүмдү бөлүшмөк эмесмин! Көрбөгөнүм да жакшы болуптур...
Андан кийин апам көп узабай күйүттөн каза болду. Атам ошол бойдон үйгө кайтып келбеди, арак ичип, аялдан аялдын колуна өтүп, эркек балалуу болмок тургай, эрбеңдеген эрмендин жытын сезбей кор туткан турмушуна, бактысына зар болуп талаада калды дешти. Ишинен ажырап, жүз грамм аракка көрүнгөндөн он сом сурап күнүмдүк курсагынын, арактын кулу болуп калыптыр.
А мен болсо таежемдикинде жашап калдым.
Ошондон бери бир адамдын жарым жашынчалык мезгил өттү. Бирок, мен ошол окуяны жада калса түшүмдө да кайталап көрөм. Жаралуу жүрөгүмдүн бөскө жерин эч нерсе толуктай албай келет... Минтип, жашым кыркка карап калгыча күйөөгө тиймек турсун, ойлогондон заарканып, эркектин баары атамдай арсыз, аракеч жана жүрөгү жок чыккынчы болоруна терең ишенип келем. Эмдигиче ак той көйнөк эмес, Жийде менен апама аза күтүп кызыл көйнөк кийгенге да кушум жок. Айланамдагыларга көбүнчө суз гана мамиле жасап, канчалык аракет кылсам да ачылып жайнай албайм. Ар качан мындай тагдырларга күбө болуп же кулагым чалып калса, кайра эле минтип ансыз да жарты жүрөгүм бычаксыз тилинет. Ошондой болсо да окуумду артыкчылык диплому менен бүтүп, мектепте көп жылдан бери иштеп келем. Тегерегимдеги канчалаган тааныштарым, кесиптештерим, деги эле мени жакындан билгендер канча жолу бирөөлөр менен тааныштырып да көрүштү. Жок, мен күйөөгө чыгууга аракет да кылбайм! Мен бейбак бактысызмын, билем, эркектин баары эле атама окшош эместир, бирок, Жийдеш үчүн да мен эркектин жанына басууга акым жок! Баскым да жок эми! Баспайм дагы!
Мына ушул, мен жооп таппаган ушул гана ой-бүтүмгө бир жооп Кудайдан болду. Ошончо оор бою менен төртүнчү кабаттан түшүп Жамила эже тирүү калды. Эже эсине келери менен күйөөсү жанында болуп, баягы эле айла-амалына салып, байкушту алдап “өзүм секирип жибердим” дегизип иш козготтурбай жааптыр. Эженин алдырганы - ден соолугу, утканы - күйөөсү үйүндө калганы болду. Ооруканадан чыккандан кийин Жамила эженин алдынан өтүп, касам ичип, өмүр бою жанынан карыш чыкпай, ала жипти аттабай жашамак, бакмак болуп кечирим сураптыр. Чоңоюп калган кыздары катуу турушуптур, бирок, Жамила эже байкуш балдарынын келечегин ойлоп кечириптир дешти. Бир колу, мойну жана бир жак жамбашы сыныптыр. Терезеден түз түшпөй телевизордун антеннасынын зымына, андан кийин даракка илешип барып кулаптыр да. Ошончо жаракаттан кийин көпкө үйүнөн чыкпады. А Бегиш болсо эжени эртели кеч жетелеп бастырып калды кийин...
(Аягы)
Барчынай ОМОРОВА

#300 06 Октябрь 2016 - 19:28
Осмон менен Сүйүн бир топ мезгил сүйлөшүп жүрүп анан баш кошушту. Үйлөнгөндөрүнө бир жыл болгондо жубайынын кубанычын арттырып Сүйүн уул төрөп берди. Эки жылдан соң кыздуу болушту. Катуу сүйүнгөн жолдошу кызымдын атын өзүм коём деп, аябай ат тандап жатып Паризат деп койгон. Кызы экиге чыгып, атасынын моюнуна асылып эркелеп калган учурда каргашалуу окуя болду. Осмон таң эрте райондун борборуна бара жаткан жерден автокырсыкка учурады. Машинадагы адамдардын баары ошол жерден эле мерт болушуптур.
Сүйүн үчүн турмуштун бул соккусу аябай оор болду. Жаштайынан эки баласы менен жесир калды.
Иниси Исламды үйлөнтөбүз деп турган учурда Осмон каза таап, бул маселе жабылып калган. Уулунун жылдыгын өткөргөн соң Азим айылдагы төрт-беш аксакалды үйүнө чакырып минтип кеп баштады:
– Өзүңөр көрдүңөр, Осмонум күлгүн курагында каза тапты. Бу да болсо тагдыр экен, келиним чиедей балдары менен калды. Аларды кийинтип-ичинтип багыш деле жалгыз жарым киши үчүн абдан оор. Биздики деле айла жоктон кылган иш болуп жатат. Кемпир экөөбүз ушинтип сүйлөштүк. Ислам менен Сүйүндүн башын байлап коёлу, силер бул сунушка кандай дейсиңер? Алгач чоочуп кеткен айыл аксакалдары сүйлөшүп отурушуп, акыры туура көрүштү. Исламга бул кабарды бирөө жеткирген экен, бирок, ал буга ишенген эмес. Эртеси Сүйүндү бала-чакасы менен чакыртышты. Тамак ичилип бүткөн соң айылдын эң улуу деген аксакалы мындай деп сөз баштап калды:
– Эми, Сүйүн кызым, Ислам уулум, тагдыр деген ушул экен, Осмонду арабыздан бөлүп кетти. Эмне кылабыз, өлбөй тирүү тургандан кийин жашоону улантыш керек. Ислам, сен деле акылсыз уулдардан эмессиң, агаңдын ордун жоктотпо. Ушул убакка чейин жеңе болсо, бүгүндөн кийин Сүйүн жубайың болсун. Ата-энең да ушундай болуусун каалап жатышат,-дегенде кайын энеси Мейил дагы бир жолу ак жоолугун салып, «бактылуу болгула»,-дебеспи. Ошондо Сүйүн карап турган элден уяла, башындагы жоолукту алып:
– Жок, Исламдын багын байлабагыла, балдарымды өзүм эле багып алам,-деди. Ислам эч нерсе деп айта албай жер тиктеген боюнча дел болуп калды.
– Жалгыз киши деген жалгыз киши, үйдө эркеги болбосо да оокат өтчү беле. Отун-сууну камдаш керек, айдоо-себүү деген болот. Баарына өзүң кайдан жетишмек элең? Ислам унчукпай отурбайбы, демек, макул дегени да, эптеп оокат кылып кетесиңер,-деди бурчта отурган ак чач кемпир. “Туура, туура” деп жатышты туш-туш жактан. Ошентип, келген эл батасын берип тарашты. Азим менен Мейил экөөн бала-чакасы менен үйүнө жөнөтүп жиберишти. Жолду катар үйгө жеткенче экөө тең сүйлөгөн жок.
Ислам саат жебеси үчтү какса да уктай албай койду. “Айназга эмне деп айтам, ага байкемдин жылдыгы өтсө үйлөнөбүз дебедим беле. Бул окуяны укса ал кандай абалда калаар экен. Жеңемдин бактысын го ойлошуптур, а менинчи? Мен кантип жашамак элем. Андан көрө таң аткыча ата-энеме барып кеңешип, тезирээк Айназга үйлөнүшүм керек.” Ушул чечимге токтолгон Ислам туруп кийине баштады. Эшикти акырын ачса жеңеси эч нерсе билбей уктап жаткан экен. Сыртка чыкса жылдыздар жымыңдап, ай сүттөй жарык. Дарбазанын туткасын кармап көпкө дейре ачсамбы-ачпасамбы деп турду. «Баягылар эмне болушту экен?»-деп ойлонуп жаткан ата-энеси жаңы эле уйкуга кеткенде айнек такылдады. Чоочуп кеткен атасы «ким бул?»-деп тура калды.
– Мен эле, ата, ачып коюңузчу?
– Исламсыңбы?
– Ооба.
– Кел, балам, эмне болду? Деги тынччылыкпы? -деди апасы күйпөлөктөп.
– Элдин алдында мени уят кылдыңар, эмне үчүн менин бактымды ойлобойсуңар? Мен да өзүм каалаган адамга баш кошкум келет. Өмүр бою жеңем менен кантип жашамак элем? – Ислам ызалуу үнү менен оюндагысын айтып, томсоро туруп калды.