Суперстан: Ангемелер. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (19 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Ангемелер.

#321 Пользователь офлайн   belka   09 Октябрь 2016 - 19:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

"Апаңардын эмчегин сыйлагыла"


– Апаңардын эмчегин сыйлагыла?

***

Ооба, алгач жолу укканда мен да сиздей болуп «ой, кичине сыйдалап, кагазга ороп сүйлөсө болбойбу? Бул жерде жашыбыз отурабыз, карыбыз отурабыз, тартынбай айтат, ачык айтат десе эле…» дегем жактырбай. Атамдын дасторкон үстүндө минтип кеп салып олтурганы жеке мен үчүн абдан ыңгайсыздык жаратты. Андан калса бул кебин кайра-кайра кайталап неберелерине айтып үйрөткөнүчү. Келиндери тим эле жерге кирип кетейин деп жатса керек…

Ушуларды ойлоп деги эле дайыма мурдумдун учунда турган ачуум жүзүмдү кумсартып, атамды «кой» демекке баш көтөрдүм. Жок, баары мен ойлогондой эмес. Атамдын кебине эч кимдин уялган деле, териккен деле түрү жок. Баарынан да деги эле кайратынан жазбай, баарын байкап, тезге салып турган атамдын өңү кубарып бир башкача. Мууну-жүүнү бош. Апам болсо балдарынын кашында турганына демейдегидей деле кубанбагандай. Жеңем, келинчегим менен келиним биринен-бири талашып ар нерсени бир кармап өздөрүнчө эле кайпалакташат. Эркек бир туугандарым болсо баштарын жерге салып ойлуу тартып, жер чукушат. «Деги буларга эмне болгон?» дегенче болбой жалгыз карындашым бышактап коё берди. Аны сооротууга бир далайга чейин эч ким дааган жок.

– Кой, кызыке, басыл. Ый - жамандыктын белгиси. Антпе… - апамдын оң колу болуп баарына бышып бүткөн жеңем эптеп тунжураган тынчтыкты бузду.

– Алдыңа кетейин, эмне ыйлайсың. Кудайдын жазганын көрөбүз, - деди апам кызынын башын төшүнө ката.

– Дагы эрте күндө билгенибиз жакшы болду. Кудайым бар. Ойлонгула балдар, ойлонгула, – атам кол шилтеп бата кылымыш болду да, туруп кетти. Артынан калганыбыз жайылып жөнөдүк.

***

Ошол айдан баштап апам эмчек рагы менен күрөшүп баштады. Чынын айтайын, бул дарттын аты жаман деп алыстан угуп үрөй учканы менен адам башына келген соң катардагы эле бир оору болуп калгандай кабыл алдым. Ал кезде андай эмес экенин билбептирмин да, аттиң… Айтор, жеке мен апамдын ай сайын шаардагы кызы менен балдарыныкына барып келип, үйдө баягысындай тирилик кылбай көп жата турганын анын эс алуусундай эле көрүптүрмүн. Бир жылдан бери ай сайын атам кепти алыстан баштайт:

– Балам, баарыңарды бирдей көрүп, бирдей багып-чоңойттук. Куураган апаң баарынан да оорудан башы чыкпаган сенин азабыңды көп тартты. Ошол үчүн да иниңди бөлүп, сени колго алып калбадыкпы. Баары колуңда турат. Ушул жолу акчаңды камдап, бир коюңду союп, апаңды машинеңе салып алып доктуруна сен көргөзүп кел. Бир туугандарың деле кичине кубанып калышсын. Айына 30 миң сом камдап, аны доктурга санап берип койгон ким-кимисине оор болуп атканын билип эле атам.

– Кыйын эмес, шаарда жылуу-жумшак креслодо чалкалап иштеп атышат. Акчаларын апасына бербегенде жыйнап алып жазданып жатышмак беле. Мен деген так силердин ошол айылга алып калганыңардын айынан малдын артынан калбай, ысык-суукка карабай азабын тартып келатам. Анан «сата кал», «соё кал» деп эле турасыңар.

Демейде ушинтип опурулуп алып тура жөнөчүмүн. Бул жолу жетишпей калдым.

– Аа, атаңдын оозун ачайын, акмак. Канчадан бери кайталап айтканым сага эмнеге жетпейт десе, малдын артынан жүрүп анык мал болуп бүткөн турбайсыңбы. Энең сени ара төрөлүп алсырап жатканыңда карабай койбоптур да. Энеңдин эмчегинен айлангыр десе.

Ушундан кийин атам «апаңды кара» деген кебин кайталап айтпай кулак-мээм тынчып эле калды. Эшиктеш турушса да үйгө кирбей калганын байкап канчага чейин таарынар экен деп жүрдүм. Келинчегим эле алардын үйүн тазалап, тамагын жасап берип, кирин жууп тынбайт. Мен «ушул сый, ушул эмгек эле канча турат. Сөзсүз эле малдын бирин сатып, бирин союп сыйлаш керек эмес» дейм ичимден.

***

Маңдайымда турган ата-энемдин босогосун аттабай жүрүп төртүнчү перзентимди көрдүм. Атам менен апам келип небересинин жүзүн ачып, кубанычтарын жашыра албай улуу балдарыма “пенсиябыздан” деп сүйүнчү, көрүндүк акча карматып, келинин алкап кетишти. Эртеси эртең менен апам өзү эле кирди. Байкасам, абдан арыктап кетиптир. Толугунан келип, дайыма жаркырап турган кишинин эти бошоп, бет сөөгү чыгып калганы жаман көрүнөт экен. Өңү болсо купкуу. Жүрөгүм үшүп кетти. Мага бир ооз ачып сүйлөбөй бир гана неберелерин кайра-кайра эркелетип, анан келинчегим менен эле сүйлөшө бергенинен анын мага таарынычы бар экенин туюп калдым.

– Алина, алдыңа кетейин, мен бул жолу узакка кармалам го. Мурда химия деген балакеттен кийин бир күн жатып эле жолго чыга бергеним бир жыргал болчу экен. Эми антип жол жүрүүгө дарман калбай баратат. Анализдерим да кандай болор экен... Сен атаңа жакшы кара. Күндүз балдарды жиберип ийсең ээ? Кобурашып эрмек кылсын. Чай, тамагынан санаам тынч, мен жок соксоюп калабы деп эле боорум ооруйт, курган чалга. Анан өзүңдү жакшы карап, жакшы тыңып ал. Бир кездеги убагым болгондо силерди минтип кыйнабай неберем экөөңдүн кыркыңды өзүм эле чыгарып албайт белем.

Келинчегим апамдын жака-башын оңдой эч нерседен сарсанаа болбоосун айтып узатып келди. “Жакшы баргыла”, - деп күңк этип мен босогодо калдым.

***

Апам баарын сезсе керек. Ошол кеткени боюнча химияны бир айда эмес, жыйырма беш күндө бир, кийин жыйырма, анан он беш күндө бир алуусу керек болуп шаарда кармалып калды. Мындай болуп жатканын келинчегимдин кирген-чыккандарга кобурап берип атканын улам эле билип турам. Ал апам тууралуу улам кийинки жаңылыгын айткан сайын санаам арбыйт. Шаардагы “чоңдордун” кимиси качан чалып “малыңдан сат, акча сал. Сенин да апаң” дешер экен деп тынчсызданам. Андай болгон жок... Жарым жылга жетпей апамдын сөөгүн алып келишти. “Шаардан чыгып атабыз” деп жаман кабарды угузушкандан баштап эле агаларымдын, карындашымдын мага болгон нааразы кептерине жооп камдай баштагам. Маркумду алып келгенден жерге бергенге чейинки расмиде мага эч ким үн катпады. “Ии, эл кетип, өзүбүз калганда башташат эмеспи” деп дагы деле баягы жоопторумду ичимден кайталап өзүмчө алышып жүрдүм. Үчүлүгү, жетилиги болду, эч кимден кеп-сөз жок. Кыркылыгына келип анда үндөшпөдү. Ашына чейинки бир жыл бою апам каза болгонун уккан күнү камдаган жоопторумду кайталап тынбадым, бирок мага суроо салып, кепке тарткан бир жан болбоду. Ыза боло баштадым. Бир туугандарымдын мага бир ооз сүйлөп “эмне апаңа караган жоксуң?” дебегендерине таарынып калдым. Андан да ачуумду келтиргени аштан кийин атамды шаарга көчүрүп кетишкени болду.

***

Атам кеткени мага келинчегимдин да мамилеси өзгөрдү.

– Дос-жолдошубуз жок дейин десем, эми тууганыбыз да жок калдык. Малдын төрт туягын санап жүрүп бир туугандарыңдан да чыктың, - дейт куйкамды куюштуруп.

– Эй, мээси жок, ошол мал менен күн көрүп атпайбызбы. Мал болбосо эмнени жеп, эмнени киет элең?

– Сенин санап берип ичиргениңе, санап кийиндиргениңе тойдум. Мал менен күндү сен көрүп атасың. Мага караганда малдын алдын жакшыраак жылуулайсың.

Энеңди урайын, ушинтип деги эле тилдүү болуп кетти.

***

– Доктур, бир айласын кылыңыз. Биздин төрт балабыз бар. Алинасыз алардын күнү эмне болот?

– Кечиресиз, мен сизди айылдан бери так ошол айла жоктугунун айынан чакыртып күтүп аттым. Айыкпаган сыркоолуунун үйүндө балдары менен болуп, канча жашаса да тынч күн көргөнү оң. Анан айтып коёюн, баласын кечке айтып атат, барып бала эмизчү болбосун.

– Доктур, жанагы химия дегенден берет го, бериңиз ошондон. Акчасы канча болсо да табам. Бар мал, баарын сатам.

– Ой жигит, жолу табыла турган дарт болсо, биз эмнеге аянмак элек. Химия менен денени бекер уулай бергенде эмне, келинчегиңиздеги дарт мындай болуп атпайбы.

Доктур ар кандай сүрөттөр тартылган кагаздарды, анализдери деп сандаган барактарды алдыма жайып бирдемелерди эле айтып атты. Бирин да түшүнгөн жокмун. Көз алдымда оорулуу апам, апамдан ажырагысы келбей анын ден соолугуна тынчсызданган атам турду. Акыркы кезде уруша берип тажагандай болгон аялым менен жашаганыма саналуу эле жылдар болуптур. Эми андан ажыраганы турам. Көзүм караңгылашып, кулагыма балдарымдын чуусу жаңырып кетти.

Эми мен балдарыма “апаңардын эмчегин сыйлагыла” деп кантип айтам.

(Аягы)

Мунара Сапарова
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#322 Пользователь офлайн   belka   09 Октябрь 2016 - 21:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

ПАЛЬТО


Бүгүнкү кардын көптүгүн айт, апакай болуп сүт төгүлүп калгансып бир да кара жер жок. Мен үстүмдөгү эски курткамдан тартынып троллейбустун артындагы бурчта бараткам. Сен университеттин аялдамасынан чыктың да, тыгылган элди жиреп эле алдыга умтулуп жөнөдүң. Бир кезде дал ортого туруп алган семиз аялдын капталына келип тыгылып калдың. Ары жылсаң да, бери жылсаң да өтө албай аялдын колтугунда калган сага күлкүм келди. Ошондогу турпатың али да көзүмдө турат. Бир кезде сен эптеп бери чыктың да, мага карап күлүп койдуң. Анан жаныма келдиң, кадимкидей тердеп кетипсиң.

– Ушундай чоң аялды биринчи көрүшүм, – дедиң актангансып. Анан:

– Мен азыр түшөм, сенчи? – дедиң эски тааныштардай эле шар. Чынын айтсам, сенин мындай “наглыйлыгыңа” ачуум да, күлкүм да келди.

– Сага отчёт беришим керекпи? – дедим мен да сенсиреп.

– Жок, тек сурадым да, узатып койсом дегем.

– Жолду өзүм деле таап кете алам.

– Сени ээрчип эле басам, чынын айтсам, шаарды деле жакшы билбейм, – дедиң баладай жаркырай күлүп.

– Деги өзүң каерден түшөрүңдү билесиңби?

– Ооба, ЦУМдан түшөм.

– Апей, ЦУМга деген тескери жакка кетет да.

– Жөнчү ай, тиги ЦУМ деген жазуусу турбайбы?

Мен сенин көзү алайган кебетеңе ансайын күлдүм. Апасынан адашкан баладай болуп бозоро түштүң. Жанагы киргендеги шарлыгың күбүлүп, заматта бечара кейпин кийип шалдая түштүң.

– Атаңгөрү, эми кантчүмүн, кайра кеткенге жол кирем да жок эмес беле, - деп дилиңдегини айтып жибердиң.

– Мен берип турам, – дедим чын ниетимден. Сен мени жалт карадың. Карегиңде эми эле турган жумшак жайдары күлкү каарга айланып жек көрө карадың.

– Сенден алгандан көрө жөө эле кетем, – дедиң да, - мейли, кабарлашып турабыз, - деп коюп түшүп кеттиң.

“Кантип кабарлашабыз? Неге телефонумду сурабайт, же өзүнүкүн бербейт?” деп ойлоп, таарына да түштүм.

***

Мен бүгүн сени көрдүм. Жалгыз эмес экенсиң, жаныңда көздөрү бакырайган, кара тору кыз жүрүптүр. Эмнеге телефонун бербейт десе... Сен мени көргөн жоксуң. Мен көргөндөгүдөн бир топ өзгөрүп көз карашың олуттуу, келбетиң салабаттуу боло түшүптүр. Сен мени байкаган жоксуң. Оболу жаныңдагы кызды көрбөй умтула бергенде ары жактан тиги кыз басып келди да: “Кыялбек, жүрсөң, тиги жакта мындан да сонуну бар экен”, - деди сени колдон ала. “Демек, аты Кыялбек тура”, - дедим ичим тызылдап.

***

Кайрадан кыш. Болгондо да сени алгач көргөн күн. Бүгүн да дал ошол кыштагыдай аппак кар жааптыр. Болгону мен башкамын, үстүмдө жаңы пальто, а жүрөгүм болсо кусадан эскирип дат басып кеткенсип атат. Сени неге унутпай койдум, билбейм. Кечинде мага келген кудаларга макулдугумду бергем. Эмнени күтмөк элем, жигитим деги жок, өзүм болсо төртүнчү курс болуп калдым. Үстүмдө желкемден басып турган пальтону ошолор кийгизип кеткен.

– Айка, – деди бир кезде бирөө, жалт карасам, айылдаш курбум. Ал бизден бир курс жогору окучу. Демейде көргөндө тек гана учурашып койчу айылдашым тим эле кубанып алыптыр.

– Сени жолуктурганым ырас болбодубу. Кечинде эле сени кеп кылганбыз.

– Эмне деп, жамандаппы?

– Жок ай, - ал бирөө угуп койчудай мага жакын келип шаша шыбырап кирди, - кечинде биздин үйгө оорукчан болуп калган карындашын айыктырам деп Казакстанда иштеп жүргөн бөлөм келген. Анан ал сенин сүрөтүңдү көрүп эле: “Мен издеп жүргөн кыз”, - деп чалкасынан кетти. Ой, баарынан кызыгы атыңды да билбейт экен.

Берилип сүйлөп жаткан айылдашымдын кебин бөлдүм:

– Бөлөңдүн аты ким?

– Кыялбек. Коё тур, менде сүрөтү бар.

Курбум сумкасынан сүрөттү сууруп чыкканча кылым болуп кеткенсиди. Сүрөттө сен күлүп турдуң, жаныңда баягы мен көргөн бакыраң көз кыз.

– Бул ким? - дедим кызды сөөмөйлөй.

– Ошо карындашы да, оорулуу болгон, ой, азыр жакшы болуп калды. Байкуш Кыялбек болбосо, ким билет, ошол кай жерде жакшы доктур бар десе алып барып жүрүп айыктырып алды. Апасы алып барат, а Кыял болсо каражатын табат. Атасы жашында өтүп кеткен да.

– Айдана, бул менин номерим, мен Кыялды эртең саат беште биз жолуккан университеттин аялдамасынан күтөм, – дедим да, маршруткага түшүп кетип калдым.

Мен үстүмдөгү пальтодон, кулагымдагы сөйкөдөн кутулганга шашып бараттым. Кыштын күнүндө пальтосун колуна кармап алып шашып бараткан мени баары карап өтүп жатты, а мен кийсем булгап койбоюн, аманатты тапшырайын деп үйгө шашып бараттым.

Айжаркын Эргешова
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#323 Пользователь офлайн   belka   09 Октябрь 2016 - 23:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

ОТУЗУНЧУ ЖАЗ


Жаз, келегой, жаркын жаз! Ушинтип кыйкырып көчө бойлоп чуркагым келди. Кардын эриндисинен төрөлүп, кайда нук болсо, багыты жок агып кете берген жазгы суулардай туш келди агып кетким келди. Үйгө кеч келдим. Кирип-кире электе телефон чырылдады.

– Алло! - дедим ашыгып.

– Мага бир кичинекей сары кыз керек эле, - деди Азат агай эркелете.

– Кичинекей сары кыз азыр бош эмес, - дедим тамашаны улап.

– Эмне менен алек?

– Куурчак ойноп жатат.

– Мен барсам оюнга кошот бекен?

– Сурайынчы, ээ?

– Сурачы, оюнга кошсо мен да оюнчуктарымды көтөрө барам, чогуу ойнойбуз. Анан да апамдын сандыгынан уурдап алган конфеттерим бар, ошондон берем, - Азат агай мактана таңдайын шык эттирип койду.

– Конфеттериңиз болсо, анда кошом, - деди.

– Азыр барам, - деди Азат агай шашкалактай.

– Азат агай, сиз мага керексиз. Ушундай чоң шаарда, ушунча көп элдин ичинде жалгыз болуу кандай оор экенин билбейсиз. Айрыкча аны сагынып кусаланганда жанымда алаксытып туруңузчу, болбосо өзүмдөн корком.

Чоң мамалак оюнчук көтөргөн Азат агай тез эле жетип келди.

– Мен келдим! - деди ал жаркырай күлүп.

– Кана, конфеттериңиз?

– Апам бербей койду.

– Анда ойнобойм, - дедим ары карап тултуңдап.

– Мен болсом апаман акырын жашырып баары бир алып алдым, - агай артыман кучактай ийиндеримен өпкүлөдү.

– Кана?

– Мына, жарыгым! - Азат агай бир коробка конфетти колума карматты. Мойнуна ороло бутумдун учуна тура калып мурдунун учунан өптүм. Ал мени бооруна кыса кучактап аймалай эриндеримен, алкымымдан өпкүлөп жиберди.

– Жакшынам менин, кичинекейим, кубанычым, - деди жалын бүркө аптыгып.

Көздөрүм өзүнөн-өзү жумула салмагымды сала чалкаладым. Агай мени так көтөрүп төргө өттү. Ал жалынып да, өөп да, калтыраган колдору менен белимен сыга кучактап, демимди кыстыктырып баса жыгылды.

– Билесиңби, менин курагымда көптө барып от алып, шашпай өчөт. Сен мени өрткө салдың. Өмүр бою өрттөнүп өтөм го. А сенин курагың башка, эркем, тез от алып, тез өчүп, кайра от ала берет, - деди чачыман жыттап.

– Мен сиздин курагыңызды эске алдым беле?

– Сен мендеги эч нерсени эске албайсың.

– Неге ушинте бересиз?

– Анткени өтө сезгич, майдачыл, жаман адаммын. Сени абдан жакшы көрөм. Сенин колуңду кармаганда колум кубанып, үнүңдү укканда көкүрөгүм өрөпкүп, жүрөгүм толкуйт.

– Мен болсом сизди көргөндө өзүмдү күнөөкөр сезем.

– Кимдин алдында?

– Жеңемдин.

– Дагы кимдин?

Унчукпай көзүмө жаш айланды.

– Билип туруп сурайсыз да.

Сиз оор улутундуңуз.

– Аны ойлоо мага да оор. Аны менен чогуу жүргөндө сенин куса, муң толгон каректериңди эстеп жинди болуп кете жаздайм. Сени мен кучактап, мен өпкөн менен сен анын өбүүсүн, кучактоосун самап жатпайсыңбы. Ушуну ойлогондо кээде аны муунтуп жыгылгым келет.

– Кантип? - ордуман тура калдым. Ал сербейип отурган мени бооруна тарта ызалуу сүйлөдү.

– Ушинтип эле. Ал сен үчүн гана кол тийгис, башкалар үчүн көптүн бири.

– Алдында антип айта албас элеңиз.

Азат агай ордунан тура калып жаагыман кош колдой кармап жүзүмө тигилди. Көздөрү жаалдана күйүп туруптур.

– Ооба, иш тууралуу унчуга албас элем, бирок эркек катары сага кеп тийгизип же сени менден талашууга батынса, Кудай болуп кетсе да тиешесин алмак! - Азат агай мени түртүп жиберди да, ордунан туруп тамеки жандырды. Мен ызалуу сүйлөдүм.

– Ал менин эмнемди талашсын? Менин сизден башкага керегим жок. Ал тургай, жакында сизге да керегим жок болуп калат.

– Ал эмне дегениң? - деди агай артын карабай.

– Жалганбы? Үй-бүлөлүү бир адам убактысы болгондо жашынып келип кеткен, жеңил ойлуу, жашабай жатып кыз абийиринен айрылган кыздын кимге кереги бар?

– Сен өзүң каалаган жок белең? - Азат агай жалт карады.

– Каалаган эмесмин, болгону сиз менен жатып андан өч алгым келген.

Жаныма бир аттап жеткен Азат агай мени жеп жиберчүдөй булка тартып ийинден алды. Көздөрү ачууга толуп канталап туруптур.

– Эмне дейсиң?

Мен көзүнөн көзүмдү албай тик карадым. Ысык көз жашым жүзүмдү жууп жатты. Анын ачуу бүрккөн каректери негедир жалтанып жер карай акырын кобурады:

– Кечирип кой.

Азат агай араң кийинип, коштошпой чыгып кетти. Көкүрөгүм сел алгандай аңгырап жата бердим. Жанымда Азат агай эми эле кубанычы койнуна батпай делбиреп көтөрүп келген мамалак жатты.

– Оюн бүттү, - дедим мамалакты боорума кыса кучактап. Мамалакка кандай жакшы, ыйды билбейт, эч кимди сүйүп кыйналбайт.

Ошол ажырашкан бойдон сиз келбедиңиз, мен болсом күндөлүккө сиз тууралуу жазбадым.

Сиз жөнүндө бул күндөлүккө 1998-жылдын февралында жазган бойдон ачкан эмесмин. Анткени андан кийин менин өмүрүмө тез эле кара сызыкка толгон күндөр кирип келди да, түйшүктөн, бактысыз баш аламан турмуштан жолумду таппай карайлап калгам. Андай кезде жаркын нерселер жөнүндө жаза албай, кез-кезде гана жакшы күндөргө болгон кусалык тиш оорудай дил сыздатып, эскерүүдөн да качып калат тура.

Менин кайгым эле сиз болдуңуз, агай. Мени чын дилинен сүйгөн адам бир гана Азат агай болуптур. Аны сезген кезде абдан кеч болуп калган эле. Мен өзүмдөн-өзүм качып, Азат агайдан алыска кетип калган элем. Мен сизсиз жашаган ушул жылдарда эмнелерди гана баштан өткөрбөдүм, кимдер менен гана тааныш болбодум. Мен тааныш болгон адамдардын ичинде мансабына менменсинген текебери да, акчасын кайда чачарын билбей дөөгүрсүгөн дөөпөрөсү да, акыл калчап, сезимдин баркына жете алчу жакшысы да болду. Алар өзүн ким сезбесин, баары менин алдымда байкуш болчу. Биринин акчасы, биринин кызматы, биринин акылы керек болду. Бирин да адам, эркек катары карабадым. Мен үчүн алар бүгүн бар, эртең жок аманат буюм, тойго кийген бир күндүк кымбат баа көйнөктөй эле сезилчү. Алар деле мени, балким, ушинтип карашкан чыгар. Негедир мунун баарынан өтө таттуу чайдай тез көңүл калды да, эч кимди дос тутпаган мерез, баарына кайдыгер караган бакадай муздак кандуу, таш боор жанга айландым. Болгону, жүрөгүм өзгөрбөй койду...

Биз арадан жети жыл өткөндө кайрадан жолуктук. Сизди көрөрүм менен жүрөгүм титиреп, баягы кездегидей эле боорум күйүттөн эзилип турганын мойнума албай коё албадым. Чачыңыз гана көбүрөөк буурул тартканы болбосо баягыдай эле көзгө жакын, жүрөккө тааныш элеңиз.

– Келегой, Алиман, - дедиңиз бир кездегидей кабинеттен учурашып жаткансып. Мен не дээримди билбей апкаарыдым. Келдим дейинби?

– Саламатсызбы, агай?

– Иштериң, ден соолук, жашоо-турмуш кандай?

Не дээримди билбей турдум. Баары жакшы деп калп айтсамбы? Жок, сизге калп айтууга болбойт.

– Жакшы эле...

– Каерде иштеп жатасың?

– Жогорку окуу жайда мугалиммин, аспирантурамды быйыл бүттүм.

– Азаматсың! - Сиз бирдеме сурай албай жаткандай саамга башыңызды жерге сала катар бастыңыз. Машинаңыз артыбыздан акырын келатты.

– Сиз ушул жерде иштейсизби? - дедим заңгыраган имаратты башым менен жаңдай көрсөтүп.

– Ооба, ушул жерде иштейм, - саамга дымый калып, анан негедир тартынып жаткандай коомай сурадыңыз, - Алиман, ыр жазып жатасыңбы?

– Жок, ыр жазбай койгом.

– Эмнеге?

Жүрөгүмдө карттанып бараткан жарам сыйрыла ичимден кан өтүп кеткенсиди.

– Ырга татыктуу эмес экенмин.

Экөөбүз тең тунжурап, ичтен сыза өз оюбуз менен алпурушуп келе жаттык. Өзү өтүп кетсе да, элеси жүрөктөн өчпөгөн оор, максатсыз, кайгылуу, куса жүктөгөн күндөргө окшоп машинаңыз артыбыздан калбай жылып келатты.

– Сен анда секелек болчусуң. Эми келген жаздай наристе элең, баёо элең. Турмуш ырдагыдай эмес экенин туйгандырсың.

– Жок, агай, жаңыласыз, турмушту ыр коштойт. Бири жазат, бири обонго салат, бири ырдайт, бирок, атаганат, ырга баары эле татый албайт тура. Качан ыр ээсин таппаганда кор болот, муңга, ачууга, ызага айланат,- ыйлап жибербейин деп кармана оор дем алып алып кайра сөзүмдү уланттым, ушул азыр айтып албасам жарылып кеткидеймин, - Сиз сүйө албадыңыз, сүйүлүүдөн корктуңуз. Мен болсом өжөр жүрөгүмдү алдай албадым, жеңе албай койдум. Ошондо өзүмдү, жүрөгүмдү жазалоону чечтим. Оболу ким жүрөгүн какса, чын эле кагып жатабы же убактылуубу, аны талдагым келбей ар биринен сизди издедим. Сиздин азыткыдай элесиңиз мени аз жерден сойкуга айлантып жибере жаздады. Анан алардын биринен да сизди таппаганда сизди унутуу үчүн бир боор шаарды, ага-тууганды, жандай көргөн атам менен апамды, санаалаш курбуларымды таштап тентип кеттим. Ачка-ток, ийин кубанткан кийим кийбей, эртеңкиге арка-жөлөк, кайрат кылар эч нерсеси жок калсам да, көзгө ысык, жаштык, студенттик курак калган бир боор шаарга сиздин баскан-турганыңызды эскерткен жерлерди көрбөө үчүн кайра барбай, баарына кайыл болуп тиштенип, өжөрлөнүп жүргөнүмдү сиз кайдан билмексиз. Сиз мунун баарынан кабарсыз, бийлик, мансап манчыркатып, саясат менен алек элеңиз. Ойлоп көрсөм, өмүрүмдө кетирген катам да, эсте калар эскермем да сиз болупсуз. Унута албай азап тартып, кадырына жетип-жетпеген адамым да өзүңүз болуптурсуз. Мен сизге жолугууну кандай гана күткөм. Сиз качан көкүрөгүм чер болуп катып, шарлыгымды, өжөрлүгүмдү, кыялкечтигимди, тазалыгымды тумчуктуруп салганда жолуктуңуз.

Мен сүйлөп да, ыйлап да жаттым. Көптөн бери мындай ыйлай элек болчумун. Сиз күнөөкөр жандай унчукпай, башыңызды жерге салып угуп келе бердиңиз. Бир кезде көз жашым да, сөзүм да түгөндү. Көз жашым, сөзүм түгөнөрү менен үстүмдөн көптөн бери кийгиси келбесе да, аргасыз кийип жүргөн эски кийимди сыйрып салгандай жеңилдеп, кадимкидей көзүм ачыла түштү.

– Баары жакшы болот, - дедиңиз бир кездегидей акырын. Баягы эле сөзүңүз, баягы эле сыпаа жылмаюуңуз. Жок дегенде серпилип койсоңуз боло. Ошондо сизди биринчи көрүп жаткандай карадым. Көзүмө кымбат баа кийим кийгизип койгон кооз куурчактай көрүндүңүз. Жок-жок, программада эмне болсо, ошону гана аткарган жандуу роботко окшош экенсиз. Ал тургай, мага айтар сөзүңүз да жок тура. Кудай, ай, ким үчүн өзүмдү курмандыкка чалдым эле? Жаныңыздан кеткенче шаштым. Өрт жармашкандай шашып бараттым. Бирок каякка?

***

Жаз келди. Көөдөнүм буулугуп, эч жерге батпай чыктым. Бирдеме болчудай эле жүрөгүм опкоолжуйт да. Эмне болмок эле. Өзүмдү ушинтип жооткотуп коюп көчөгө чыктым. Көчө бойлоп басып баратып таш түбүндө коргологон майсаң чөптөрдү көрдүм. Мага окшоп кыштын ызгаар шамалынан корголошуп, таш түбүндө үшүп турган жаш чөптөргө боорум ооруду. Отузунчу жазым менин! Кубанычынан кайгысы, ийгилигинен кемчилиги, жолугуудан күтүүсү, бактысынан шору, табышуудан жоготуусу, жыргалынан кууралы, адашуусу, өкүтү көп отузунчу жазым. Бош өткөн күндөргө толгон отуз жыл, кечир мени. Аялдык милдетти аткарып жар күтүп, бала төрөбөгөн мерездигимди кечиргин. Бирөөгө өчөшүп жаш өмүрүмдү, кыз абийиримди курмандыкка чалган акылсыздыгымды кечиргин. Кыз үчүн эң ыйык абийирин курмандыкка чалганга ал жан татыса эмне, аттиң, ай! Өз сүйүүмдөн башканы эске албай, мени сүйгөн жандардын сүйүүсүн теңсинбеген өзүмчүлдүгүмдү кечиргин. Баарынан да Азат агайдын сүйүүсүн тебелегеним үчүн кечир мени, отузунчу жазым! Ушунун баарын сезип, билип туруп сенден кечирим сурабаган көк беттигимди кечир. Көптөн бери биринчи жолу бүгүн ушинтип төгүлдүм.

Жаш окумуштуулардын семинары болуп, окуу жайдан мени жиберишти. Семинардан кийин чай ичүүгө дешкенинен калгым келбей сыртка чыктым. Отузунчу число, отузунчу жаз! Көкүрөгүм буулугуп, жалгыздай бастым. Акыркы күндөрү эч кимге кошулбай өзүм менен өзүм болуп баратам. Акыркы күндөрү эмес, курбу, дос, жигит күтпөгөнүмө кылым болуп кеткенсийт. Жумуш, анан үй, илимий иш. Мени кубанткан ушул гана нерсе. Кубанткан эмес, алаксыткан. Кээде дилимди жарып кетчүдөй болгон ыр саптар келет. Андайда өзүмдү коёрго жай таппай, күчүмдү кир жууп же бирдеме тигип чыгарам. Колума калем кармабаганга аракет кылам. Ыр жазсам эле баары кайра башталып кетчүдөй корком.

– Алиман! - деди тааныш да, тааныш эмес да үн капыстан. Өз оюм менен алек болуп бараткангабы, аябай катуу чочуп кеттим. Жалт бурулсам, Азат агай. Машинадан бир буту түшүп, бир буту түшпөй делдейип туруптур.

– Азат агай... - дедим өз үнүм өзүмө араң угула шыбырап. Азат агай жаныма жетип келди. Көзү толо жаш.

– Тааныдыңбы? - деди үнү титиреп.

– Тааныдым.

Делбиреген Азат агай бооруна кыса кучактап, үнү ыйлап аткансып каргылданып кетти.

– Тааныганыңан айланайын, каралдым менин! Жоготуп алдым го дегем.

– Жоголуп кетерде таап алдыңыз... - ысык көз жашым жүзүмдү жууп ыйлап аттым.

Ал мени кайра жоготуп алчудай майда калтырак баскан колдору менен жүзүмдү сылагылап, жетине албай жалынып, анан колунан жулдуруп жиберчүдөй калдаңдай шашкалактап жетелеп жөнөдү.

– Адашкан жазым, колдон жулдурган бактым, бир келген керемет ышкым!

Машинасын дуулдай айдап бараткан Азат агай жалынып да, намыстанбай эле ыйлап да баратты. Бет алдыбызда учу-кыйырына көз жетпеген узун жол жатты. Мен бул жолдун бүтпөшүн кааладым.





Айжаркын ЭРГЕШОВА
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#324 Пользователь офлайн   belka   10 Октябрь 2016 - 00:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

АКЫРКЫ ЖОЛУГУШУУ


Биз менен бир палатада жаткан бул келиндин жоругу баарыбызды таң калтырат. Башка доктурлар кирсе унчукпай биз сыяктуу эле текшерүүдөн өтүп, ушул Кубат Асановичтин күзөтү болгон күнү обход болордо сыртка чыгып кетет, же үлгүрбөй калса жуурканга башын катып алат да, доктур чыгып кеткенче өлгөн немедей кыймылдабай жата берет. Кубат Асанович да бул келин жоктой маани бербей баарыбызды текшерип, анан адатынча жай, ойлуу басып чыгып кетет. Бүгүн да обход болордо тиги келин шашып сыртка чыгып кетти. Кубат Асанович кирип ал-жай сурашып жатып көз кыйыгын тиги келин жаткан жайга таштай, анан ичтен тына улутунуп алды. Бул ичке буккан үшкүрүктө бөксөрбөгөн бир арман бардай сезилди. Мени текшерип жатканда колдору болор-болбос калтырап тургандай сезилди. Мен бул жигитти мындай думуккан абалда көргөн эмес экенмин. Эчтемеден эчтеме жок эле аяп алдым. Кубат Асанович кагаз карап саамга унчукпай отурду да, анан:
– Сиз да бүгүн чыгасыз, – деди акырын.
– Ии, – деген менен “дагы кимди айтып жатат, эмнеге “сиз чыгасыз” дебей, “сиз да чыгасыз” дейт?” деп ойлоп кеттим. Кайра өзүмө күлкүм келди, тим эле жалгыз жаткансып, ушунча чоң ооруканадан менден башкасы деле чыгат да. Текшерүү бүткөндөн кийин сыртка чыксам короодогу жалгыз алманын түбүндө менин палаталашым жалгыз отуруптур.
– Алмалар гүлдөп калган тура, – дедим не дээримди билбей эле.
– Ушуларга кандай жакшы ээ? – деди ойлуу.
– Кимге?
– Алмаларга да.
– Неге?
– Эч кимди күтпөйт, өкүнбөйт, азгырылбайт. Табияттын буйругу менен унчукпай өз учурунда гүлдөп, өз учурунда мөмө байлап, анан унчукпай куурашат же адамдар отун кылып кесип кетишет.
Мен келинди таң кала карадым. Кызык, алмаларга суктанганы эмнеси. Келин саамга унчукпай отурду да, анан буулугуп жүргөн го, өзүнөн-өзү шыр төгүлдү.
- Ошол жазда өзгөрдүм, балким, өзгөргөнүмдү эч ким деле байкабаган чыгар. Өзүмдөн-өзүм эле бир орунга отура албай делбиреп эле бир жакка ашыгып, анымдан кайра өзүм буулугуп дүрбөлөң түшө бердим. Кыялкеч тартып, ошондон уламбы, мурдагыдай сүйлөөктүгүм да калып, жалгыздыкка ыктачу болдум. Бир күнү суу бойлоп жалгыз келе жатсам бирөө эле дүңүрөңдөп бирдемени тарткылап жатат. Акырын өтүп кетерде тиги адам баш көтөрдү. Бизден бир көчө ары жашаган Саткын жесирдин уулу Кубат экен. Бул жигит бизден эки класс жогору окучу. Ал тер баскан маңдайын аарчый берип жарк эте күлдү.
– Торпок тыгылып калыптыр, ушунча жайдан чөп табылбай калгансып тамырлуу даракка чалынып алганын карабайсыңбы? – деди оор дем ала. Мен унчукпай бурула берерде кайра суроо узатты:
– Сен кайдан?
– Ушундай эле, – дедим тартынып.
– Кел, жардамдашып койчу, – деди тик карап. Көздөрү ушунчалык тунук, анан карагаттай капкара экенин бүгүн көрдүм. Тим эле ичиндегинин баары бадырап жазылып тургансып кирсиз жайнайт. Басып кете албай жакын бардым. Ал мага бутактарды карматып коюп туйлаган торпокту тез эле чыгарып алды.
– Сенин келгениң ырас болбодубу, антпесе торпокту кармасам бутак кысып кыйналып аткам, - Кубат мени жандай берип, - сага карыз болдум го ээ? Кантип кутулам? Баса, коё тур, сенин сүрөтүңдү тартып берем, болобу? – деди таба койгон оюна кубанып кеткендей жайдарыланып.
Мен ийнимди кысып койдум. Сөз уланбай, ары бирөөлөрдүн көрүп калуусунан тартынып “мен кетейин” деп эринимди бүлк эттире уруксат сурап басып кеттим. Бир күнү күүгүмдө суу көтөрүп келе жатсам:
– Саадат, коё турсаң, – деди коңур үн, бирөө угуп койчудай акырын. Жалт карасам, Кубат туруптур. Мен да эки жагымды элеңдеп карап алдым. Ал менин жаныма тартына басып келди да, колума оролгон кагазды карматты, - сенин сүрөтүң, – деди негедир үнү калтырап.
Мен жооп бергенге да үлгүргөн жокмун, ал шыпылдай басып күүгүмгө сиңип кетти. Үйгө келип эле сууну ашканага коё салып шашып ачтым. Ачтым да, өзүмдүн карегиме кептелип чочуп кеттим. Тим эле тирүүдөй карап турат, капырай. Бир чети кубанып, бир чети апкаарып кеттим. Анан бирөө көрүп койчудай шашып каттым. Ошол күндөн баштап мендеги дүрбөлөң эки эсе көбөйдү. Кубатты көрсөм боюмду кайда катарымды билбей шашып калчу болдум. Менин бул абалым канчага созулат эле, ким билет. 8-Март майрамына карата мектепте кече өткөрүлүп, кечеден кийин дискотека болду. Биз Кубат экөөбүз биринчи жолу бийледик. Анын колдорунан өткөн ысык белимен түз эле жүрөгүмө агып кирип жаткансып ысып күйгөнүм али да эсимде. Кече акырлап калганда Кубат мени унчукпай эле сыртка жетелеп жөнөдү. Негедир каршылык кылган жокмун. Сыртта ай төгүлүп, аба жаз, көпшүгөн топурак жыттанып турган экен.
– Саадат, тиги жерге батпай кеттим, капа болбосоң бир аз басалы ээ? – деди көзүмө тик карап. Бул каректер аалам жаткандай терең, анан сүрдүү эле. Унчукпадым. Биз бир оокумга чейин ар нерсени сүйлөшүп, кээде тек гана катар басып көпкө жүрдүк. Ошол түндөй кооз, жанга жылуу, дилге шерик түндү кийин көрбөдүм.
Биздин мамиле оболу менин курбуларыма, анан мектепке, анан айылга дайын болду. Бир күнү сүт тартып отурсам кой айдап кеткен апам кумсарып кирди да, бирдеме дегенден чай ичип отурган атамдан тартындыбы, мени ымдап сыртка чакырды:
– Саадат, кел, тиги унду салышып кой, сүттү атаң кылдырата турат, – деди үнү да каргылданып.
– Унуңду анан алсаң болбойбу? – деди атам корс.
Апам ойдолоктоп кайра чыгып кетти, сыягы, чыдай албады окшойт, кайра кирип:
– Кызың бой жетип калган тура, – деди атама.
– Эми көрдүңбү? – деди атам апама карабай чайын шоркурата уурттап.
– Мен көрбөй көзүм кашайсын, менден мурун эл көрүптүр, кызыңдын бой жеткенин. Апам бир жыландын башын кылтыйтып жатканын сөз күүсүнөн байкай кыпылдап отурам. Сүт да түгөнбөй чууруй берди.
– Дагы кайсы ушакчы катындын сөзүн угуп келдиң? Кызымдын тезегине куурай сайышпай өз кыздарын карап алсын, ошол ушакчыларың. Кыларга иши жок ушу катындар кутурду, – деди атам бурк эте. Анан этегин кагып туруп кетти. Апама Кудай берди, атам чыгары менен санымдан аткый чымчып алды да, анан жаагы-жаагына тийбей сүйлөп кирди:
– Ботом, сен эмне, эрсиреп калдыңбы ыя? Андай эле эрге тийгиң келсе башкасы менен сүйлөшпөйсүңбү? Тиги Саткын жесирдин томаяк уулу Кубат менен шынаарлашпай. Капырай, элдин кызы бешиктен бели чыкпай жатып эрдин байын, тыңын тандайт экен. А бул шерменде болсо кайдагы бир унчукпас бирөөнүн томаяк уулун тандаптыр.
Саткын эже көп сүйлөчү эмес, дайым бир кунунда, бир сынында жупуну жүрөр эле.
– Апа, болдучу, – дедим не дээримди билбей.
– Неге болот экен, Кубаттын эмнесин жактырдың, кемтаалай? – деди апам алкынып.
– Эмнеси жакпай жатат? – дээрин деп алып коркуп кеттим. Апама каяша айтканым ушул болчу.
– Иий, өлүк-тиригиңди көрөйүн, шерменде, “эмнечи жакпай чатат?” деп коёсуң да! – апам мени келекелей тилин чайнап сүйлөдү. Ачуусу келгенде ушинтип калат, - аның жарты тыйын калың бере алабы? Куда болгондо маңдай терлетип чай бере алабы ыя? Мен сени ошол томаякка арнап багыпмын да ээ? Тиги жүк тиреген септи эмне, бекер карматамбы, шерменде?
Унчукпай кулагымды жапырып кутулдум. Бирок бул чуу ошону менен токтоп калган жок, апам кажый берип атам да тажадыбы, бир күнү:
– Кызым, мен сени окутам деп жүрөм. Апаң эле тиги Саткын жесирдин баласы Кубатты айтып тажатты. Ошол баладан алыс эле жүрчү, – деди мени тик карай албай. Кулагыма чейин чыккан ысыктан башым дүңгүрөй сыртка атып чыктым. Ай, апам ай, сага байлык, сеп, каада жогору беле? Ушинтип ойлогон менен апама каршы чыгуу өжөр агымга каршы сүзүү менен барабар болчу. Акырындап Кубаттан кача баштадым. Бирок мага бул оңойго турган жок. Анын коңур үнүн, жүрөгүмдү сылап кетчү жумшак күлкүсүн, колдорунун табын сагынып кусаланчу болдум. Андай түндөрдө кирпик какпай көзүм чакчайып, баарын жыйыштырып туруп ар дайым чыгып жүрчү айнектин жарты көзүнөн дагы качып чыккым келип үйгө батпай кетер элем. Бирок ага да эрким жетчү эмес. Бир күнү апам мени кошуна эженикине ачыткыга жиберди. Демейде “караңгыда ак албагыла” деген апам ой-боюма койбой жөнөттү. Анан чыгып баратсам:
– Алдагы көйнөгүңдү алмаштырып алсаң боло, каракчыдай болбой. Сени бойго жеткен кыз дейт. Көргөн-билген “бу Каныш кызына карап койбойт экен” дебейби, – деп наалып жатып атлас көйнөгүмдү кийгизди. Турган эженин үйүнө жете берерде бирөө билектен алды. Коркконуман үнүм да чыкпай аптыктым.
– Коркпо, мен Кубатмын, – деди жанга жакын үн. Мен эркимен сырткары анын бооруна ыктай бердим. Коңур үнү, атыр аралашып тер жыттанган кермек жыты баары жагымдуу эле, - кайда баратасың караңгыда? – деди үнү калтырап.
– Апам ачыткыга жиберди, – дедим мен да калчылдап.
– Караңгыдабы? – Кубат алда неге ызаланып тургандай кычкыл сүйлөдү. Мен үнсүз Кубаттын карегине суроолуу тигилдим.
– Апаң сени тиги Ашыр уурунун уулуна бергени жаткан турбайбы, – деди үшүп жаткансып калчылдап.
– Ким айтты? – дедим бүткөн боюм дүр эте. Көз алдыма бою кортойгон семиз Манап тартылып кетти. Ашыр деген колхоздун эсепчиси болот, негедир баары “Ашыр ууру” дешчү. Бүт айыл ошолордон карыз алып, короосунан жакшы кой, өрүшүнөн мыкты жылкы үзүлчү эмес.
– Ашыр уурунун баласы Манап өз оозу менен мага жана эле “апасы өзү жеңеме айттырыптыр, бүгүн жолугушууга Турган жеңенин үйүнө Саадат өзү келет” деп мактанды”, - деди ызалуу.
Апам эмне эле мени караңгыда бул жакка жөнөтүп калды десе...
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#325 Пользователь офлайн   belka   10 Октябрь 2016 - 00:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

– Айта беришет, мен эмне, буюм белем, кармата салгыдай, - дедим арсар. Канчалык ызаланып турсам да алсыздыгымды туюп аргам куруп турду.
– Алар үчүн сенин буюмдан айырмаң кайсы? Эгер макул десең азыр алып кетем, - деди чечкиндүү.
– Кантип азыр? - коркконуман бутум калтырап, капыстан суу уурттап алгандай аптыгып кеттим.
– Ушинтип эле, жетелешебиз да кетебиз.
– Мектепти кантем, апам не дейт? Элге шерменде болбоймунбу?
– Ашыр уурунун баласына тийсең шерменде болбойсуңбу?
– Билбейм, - дедим бетимди кош колдой баса айлам куруп.
– Саадат, сен мени сүйөсүңбү? - деди ал көзүмө тик карап. Айлана күүгүм тартып эч нерсе даана көрүнбөй турса да мен анын балбылдаган каректерин даана көрдүм. Кубаттын карегинде жүрөктү куйкалаган от турду. Не деп жооп береримди билбей апкаарыдым. Канча түндөр ичимен "Кубат, мен сени сүйөм" деп кайталасам да бул жолу бул сөздү айтуудан оор азап жоктой сезилип жонуман ысык тер кетти.
– Демек, сүйбөйсүң, - деди Кубат айламды кетирип.
– Кубат, мен апамды кыя албайм, - дедим титиреп.
– Демек, “апамды кыя албайм” дегениң - Манапты сүйөм дегениң.
– Кубат, мени күйгүзбөчү, ошол кортойгон неменин эмнесин сүймөк элем, мен сени... - андан аркысын айта албай тумчуккан мени Кубат бооруна кыса өпкүлөп жиберди. Бул анын биринчи өбүшү эле. Жүзүм дуулдап, дене боюмду бир башкача жагымдуу сезим аралап, бул эмне деген бой балкыткан ажайып сезим экенин талдай албай Кубатка кыналдым.
– Кеттик, карегим, кетеличи, мектепке биздин үйдөн барасың. Мугалимдер менен апам сүйлөшөт, алар апамды угушат, - деди шашкалактай колдорумду кармалап. Чын эле Саткын эжени бүт айыл сыйлачу. Жаш кезинде мугалим болуп иштеп, кийин оорукчан болуп үйдөн чыга албай калган эле. Кан басымы көтөрүлгөн оорусу күйөөсү өлгөн соң ансайын күчөп, басканда энтигип кара көк болуп турар эле. Кубатты ээрчип басып кетким келип турса да апамдын, айрыкча атамдын "мен сени окутам деп жүрөм" деп ишеним менен караган көздөрү карегиме тартылып чайналдым.
– Жүрчү, Сакиш, кеттик. Бул учур кайра келбейт. “Бакыт, сүйүү бир эле жолу келет” дешет улуулар. “Кийинки бакыт, сүйүү ошонун көчүрмөсү болот” дешет, - Кубаттын каадалуу кишидей бул сөзү жүрөгүмдү бир булкуп алды. Биз канчага турат элек, ким билет, бир оокумда шаша басып келе жаткан апамдын тааныш караанын көрүп колумду Кубаттын колунан кантип сууруп алганымды билбей калдым.
– Апам... - дедим аптыга.
– Коркпо, апаң менен мен сүйлөшөм, - деди Кубат токтоо. Бирок үнү калтырап турду.
– Коё берчи, Кубат, ал түндө биздин жайга кел, ошондо сүйлөшөбүз, - дедим коркконумдан калчылдап.
– Жок, анда кеч болуп калат, - деди Кубат көшөрүп. Аңгыча апам жакын келип калды да, короонун бурчунда турган бизди даана тааный албай бүшүркөй жакындап келди. Ушул учурда жер жарылып кетсе кирип кетүүгө даяр элем.
– Саадат, сенби? - деди ишенип-ишенбей.
– Жакшысызбы, Кыздаркан эже? - деди Кубат акырын.
Апам Кубатты көрбөй калганда унчукпай жолунан түртүп салып мени колдон алууга умтулду. Кубат мени булка тартып артына өткөрдү да:
– Жакшысызбы, Кыздаркан эже? - деди бул жолу үнү өктөм.
Апам Кубаттан мындай өктөмдүктү күтпөсө керек, саамга сөзүн жогото туруп калды да, анан өз ыкмасына сала кыйкырып кирди.
– Өлүк-тиригиңди көрөйүн, томаяктын баласы, сен мага үн көтөрүп сүйлөгөнгө батынып калдыңбы? Сенин саламыңа жутаган ким бар экен. Тур мындай, коё бер тиги шермендени! - деди алкына.
Кубат дале мени артына калкалай токтоо үн катты:
– Биз, Саадат экөөбүз бири-бирибизди жакшы көрөбүз. Кызыңыз бактылуу болсун десеңиз, батаңызды бериңиз. Мен баары бир Саадатты алып кетем, - деди ишенимдүү.
Мен болсо Кубаттын "экөөбүз бири-бирибизди жакшы көрөбүз" деген сөзүнөн уялып турдум. Бул касиеттүү сөздү минтип шар айта салат деп күтпөгөм.
– "Жакчы көйөм" деп. Сага эле ким кызын бере коёт экен. Ушу сенби, менин кызымды бактылуу кыла турган? Үрүп чыккан итиң жок, эмнең менен бактылуу кыласың?
– Кеп үрүп чыккан итте бекен, Кыздаркан эже? Анчалык катуу кетпеңиз. Ашыр уурунун элдин акысы менен топтогон мал-дүнүйөсү кызыңызды бактылуу кыларына ишенсеңиз, анда сиз менен сүйлөшүүнүн да кажети жок тура. Жүр, кеттик, Саадат, бактылуу кыларыма сен ишенсең болду, - деди мени колдон алып.
– Кетип көр, топурагымды түйүп берем, - деди апам ызырына тиштенип. Апамдын кумсарган өңү, ызырынган заар үнүн анын бул айтканын аткарарына кепил болуп турган мен Кубаттын колунан колумду сууруп алганда Кубат мени ушундай карады, бул карашта ичтен сызган ажыроо кайгысы, аёо, жек көрүү, айтор, сөз менен айта алгыс сезим жаткан. Мен жер караган бойдон унчукпай апамды ээрчидим. Жүрөгүм артыма тарта ичимден бирдеме үзүлүп кеткендей дилим сыздап, жан дүйнөм, тилектерим баары Кубат менен калгандай бопбош денемди сүйрөп бараттым.
Ошол жылы жайында мектепти бүтөрүм менен мени Ашыр уурунун кортогой баласы Манапка күйөөгө узатышты. Менде кайгыруу да, серпилүү да болгон жок. Тек гана апамдын жетеги менен башкага бөлөк, жат короого сатылган малдай бир каяша кылбай барып кошулдум. Азаптын баары күйөөгө чыкканда башталды. Кеч кирген сайын кышылдаган Манаптын жанында жатарымды, анын быртыйган манжалары менен ар жеримди аткый кармап эзгилеп: "Кубат кантип өпчү, кантип эмчегиңди кармачу, эмне, менин кармаганым окшобой жатабы?" - дей берген беймаза кылыгы элестеп жүрөксүтчү. Мен болсо унчукпай, талуу жеримди мычкыганда көзүм караңгылай, үнсүз солк эте онтоп алып жата берчүмүн. Жаагым ылдый сарыккан жашты көргөн Манап кышылдай күлүп:
– Ии, Кубатка эмчегиңди карматып жатканда Манаптын дүнүйөсүнө кантип актайм деп ойлош керек эле. Биз сага кош-коштоп мал айдап, кабаттап сарпай кийгизгенде Кубатың кыңк дей албай калып кетти го. Болбосо "Саадат сулуу меники" дегенсип керсейип жүрдү эле, энеңди... - деп сөгүнүп алат да, анан моокуму кангандай коркурап уйкуга кетет. Күн сайын ушул.
Мени алты айдан кийин төркүлөтүп алып барды. Апам тим эле буту-бутуна тийбей, келиндеринин баарын бөйдөй кууруп кызмат кылдырып тосуп алды. Кетерде каларымды айтсам, апам:
– Манап не дейт? - деди бөйпөңдөп, - неге калмак элең, бас, көп сүйлөбөй. Сен калсаң, үйдөгү тиричиликти ким кылат? - деди кортоё күпүлдөп.
– Апа, жүрсөңүз, - дедим акырын. Апам мени ээрчитип төркү үйгө кирди. Мен дароо жакамды чечип, көкүрөгүмдү ачып жибердим. Апам менин кара көк болгон көкүрөгүмдү карап оболу не болгонун түшүнбөгөндөй карап турду да, анан оозун баса онтоп ийди. Эскилери саргыч тартып, анан карайып, жаңылары кыпкызыл боло ысып күйүп турган көкүрөгүмдү караган бойдон каткан апам саамга үнсүз туруп калды.
– Мына, апа, сиз “бактылуу кылат” деген адам. Мен азапта калдым. Күн сайын ушул.
– Кой, кызым, күйөөнүн таягы - май. Койлуу катын куйрук жейт, эрлүү катын таяк жейт. Тиги Кубат менен болгон мамилеңди уккан го, бул да. “Ошону кой”, - дегем сага...
Апамдын сөзүн бүтүрбөй сыртка атып чыктым. Апама ошондо катуу таарындым. Баягыда апамды каратып туруп Кубатты ээрчип кетпегениме бармагымды жара тиштеп, жүрөгүм дал-далынан айрылып ыйлап бараттым. Бир күнү кечке маал сууга барсам Кубат талдын далдаасында олтуруптур. Көрүп эле артыма кетенчиктедим.
– Коркпо, сени менен коштошоюн деп эле келдим. Мен окууга кетип атам. Доктур болууну чечтим. Апамды айыктырып алсам деген гана тилек калды менде.
– Дагы кандай тилектериң бар эле? - дедим каргылдана.
– Сүрөтчү болсом, апамдын, сенин сүрөтүңдү тартсам, анан ошол акчага апамды дарылатсам дечүмүн. Эми анын баары маанисиз. Кош, сен менин балалык эле эмес, бүтүндөй өмүргө жетчү арзуум элең. Эми баары көчүрмө болот го.
Мен унчукпай ыйлап аттым.
Ошол бойдон Кубатты көп жыл көргөн жокмун. Манаптын ур-токмогу көбөйсө көбөйдү, азайган жок. Канчалык кетип калгым келсе да апама өчөшүп, ары бир кездеги арзуумдун кадырына жете албаганым үчүн өзүмдү-өзүм жазалап жашай бердим. Арадан алты жыл өткөндө тун уулум төрөлдү. Балам төрөлгөнгө чейин кайнатам баш болуп "ушунча мал-дүнүйө кетирип ушул согончогу канабаган куу такымды алдык беле" дешип кулак-мээмди жеп басынтышты. Мен буга да кулак жапырып, куду кунга келген күңдөй унчукпай кызмат кылып, оту менен чыгып, күлү менен кирген өмүр өттү. Бирок тун уулум төрөлгөндө деле менин абалым өзгөрүп кеткен жок. Экинчи балам төрөлүп, кыркым чыга электе Манап мас болуп келип катуу сабап салды. Белимден жаракат алып эс-учумду билбей келип ушул жерде көзүмдү ачтым. Менин жанымда отурган мээрман айым:
– Сиздин өмүр үчүн Кубат Асанович тим эле башын сайып күрөштү. Жаныңыздан сиз эсиңизге келгенче карыш жылган жок, - деди күнөөсүз көздөрүн жайнатып. Мен Кубаттын атын угарым менен дароо тааныдым. Кубаттын атасы Асан агайдын атын биздин айылда баары билчү да. Качан Кубат мени көргөнү киргенде жалооруй карап туруп:
– Коркпо, баары артта калды, эми басып кетесиң. Сени баспай калабы деп корктум эле. Белиңе эмне тийди эле? - деди кусалуу карап.
“Манап тепти эле” деп кантип айтам?
– Операцияны сен жасадыңбы? - дедим араң эриндеримди кыбыратып.
– Ооба, эмне, каалаган жок белең?
– Мени кечир... - дедим жашымды мууна жутуп.
– Мен сени эчак кечиргем. Бактылуусуңбу?
– Сен кандай деп ойлойсуң? Сенсиз бактылуу боло албасымды сен баягыда апамдын колунан мени талашканда эле айтпадың беле. Мен сенсиз эч ким боло алган жокмун. Жароокер жар да, бактылуу аял да болбой калдым. Эне болдум, бирок негедир балдарым да меники эместей.
– Антпе, кеп баланын атасы ким экенинде эмес, аларды сенин төрөгөндүгүңдө.
Мен аны армандуу карап жаттым да, анан ошол күнү Манаптан таптакыр кетеримди, кайтып барбасымды түшүндүм. Мен анын жары тууралуу сурай алган жокмун. Анткени кээ-кээде айылдагы жеңелерден жакшы жары, акылдуу балдары бар экенин укчумун. Апасын да шаарга алып кеткенине көп болгон.
Жалпы палатага алып чыкканда мени көргөнү келген апам көпкө ыйлады да, анан:
– Кечир, кызым, мени кечире албасаңды билем, ошентсе деле үзүр сурап коюу - парзым, кулунум. Сени мен бактысыз кылдым, - деди да, көз жашын сыдыра аарчып чыгып кетти.
Мага азыр Кубаттын көзүн кароодон оор нерсе жок. Анан да мен Кубаттан эмес, өз бактымды көрүп, бирок анын меники эмес экенине ынангым келбей жашынам. Эртең чыгам, Кубатка кайра жолукпасам экен деп тилейм.
Саадат сөзүн кандай күтүүсүз баштаса, ошондой күтүүсүз бүтүрүп мени менен коштошпой басып кетти. Эрте менен турсам Саадаттын орду бош, шейшептерин да жыйнап коюшуптур. "Кеткен экен да, кайран келин", - дедим ичим ачышып. Ошол күнү да Кубат Асанович обходго кирди да, Саадаттын ордун умсуна кусалуу карап өктөлүү оор күрсүнүп алды.
(Аягы)

Айжаркын ЭРГЕШОВА
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#326 Пользователь офлайн   belka   10 Октябрь 2016 - 13:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

АЙДАГЫ КЫЗ


Шашылыш Нарынга туулган жериме жөнөп калдым. Шашканым ушунчалык, биринчи жөнөп жаткан машинеге отурдум. Алдында бир улуу киши, артында балалуу келин, анан бир жигит отуруптур. Ортого отургум келбесе да акыркы келген киши катары бош орунга отурууга аргасыз болдум. Машине мен отурарым менен дароо жылды. Жанымдагы жигит түнү бою уктабаган неме го, дароо уйкуга кирди. Уктап жатканда шалактаган колу саныма, башы ийниме кулап кыжырым келе түртүп коём, болбой эле кайра кулайт. Аргам кеткенде WhatsAppка үңүлүп, андагы тааныштарым менен маанисиз эле бирдемелерди жазыша баштадым. Ал тургай, кээ бир курбуларыма жанымда бир келесоонун уктап баратканын, анын колу саныма тийип кыжырым келип, бирок жанымдагылардан уялып эле унчукпай баратканымды да жазып жибердим. Мындайда WhatsApp да, социалдык түйүндөр да арга болбой, жол чексиздей сезилип ойдолой баштадым. Качан айдоочу машинесин токтотуп: “Тамак ичип алалы ээ?” - дегенде кубанганымдан жерге түшкөнчө шаштым. Түшүп жатып атайын менден мурун түшүп кеткен кыз тараптан эмес, уктап жаткан сапарлашым тарабынан түштүм, анткени уйкусун ачып, жол ката кылган жоругу үчүн өч алгым келди.
– Түшүп алайынчы, – дедим түртүп. Колдорун таштап уктап жаткан жигит дароо көзүн ачып, анан мени көрө ордунан элпек козголуп сыртка чыга машиненин эшигин ачып менин түшүшүмө жардамдашты. “Жентльмен болуп калганын”, - дедим ичимен күлкүм келе.
Бейтааныш сапарлаштарым менен тамак үстүндө тааныштык.
– Менин атым Жоодар, – деди жанагы уйкучу жигит. Жоодар тамак келгенде бизди шыпылдай элпек тейлеп, илбериңки эле. Мен жана эле жактырбай жаткан бул жигитти тааныбай турдум. Жоодар тамактын чүйгүнүн буйрутканын көрүп өзүн абдан жакшы көрөт го деген ой көңүлдү сыдырып өттү. Ал алдына келген тамакты жасалмасы жок ушундай бир чеберчилик менен жеп жатканын карап туруп мынчалык тамак жеш маданиятын кайдан өздөштүрдү экен деп ойлобой коё албадым. Биз кайрадан машинеге чыкканда Жоодар экөөбүз эски тааныштай кысынбай калганыбызды аялдык туюмум менен дароо туйдум. Менин жанымдагы келиндин баласын эркелете кеткенимди көрүп:
– Баланы жакшы көрөсүзбү? - деди Жоодар акырын.
– Жакшы көргөн үчүн эки баланын энеси болдум да, - дедим жылмайып.
– “Турмушка чыккансызбы? ” деп сурасам ыңгайсыз болобу деп... - деди ал ууртуна күлкү сүртүлө. Жылмайганда одурайган жүзү баладай жайнап, көздөрү мээримге толо түшөт экен.
– Сизчи?
– Мен да баланы жакшы көрөм, бирок бир эле уулум бар, онго чыгып алды. Апабыз “келбетим бузулат, карьерам өспөй калат” деп бизди күттүрүп төрөбөй жүрөт, – деди негедир ичтен тына акырын улутунуп. Бул улутунууда баланын таарынычындай жеңил таарыныч бар эле.
– Өзүн сүйгөн аял го келинчегиңиз, анткени өзүн сүйгөн аялдар келбетин карап, карьерада да артта калбоого тырышышат.
– Балким, азыр заман талабы башка тура. Илгери апаларыбыз тогуз баланы төрөп, мектепте мугалимдиктен директорлукка чейин жетип, ошол эле учурда келбетин сактап, атабыздын да көңүлүн алып үлгүрчү.
– Андай аялдар азыр калбай баратат, – дедим. Көз алдыма алтообузду төрөп да сыны бузулбаган, бир мүнөт жаны тынбай ишине да, үйгө да жетишкен мээнеткеч апамды эстеп алдым.
Ошол учурда Жоодардын телефонуна чакыруу келип ал бир аз ары бурула оозун калкалай акырын жооп берди. Орусча сабаттуу сүйлөгөнүнө, эми эле жумшак үнүнүн өктөм, бийликчил тартканына карап туруп, демек, жетекчи деп жыйынтык чыгардым. Ал кыска, так сүйлөп трубкасын койду да, мага карап:
– Кечирип коюңуз, эмнени сүйлөшүп жаттык эле? – деди жайдары.
– Сөз кезеги сизде, өмүр баяныңызды айтканы жаткансыз, – дедим акырын. Чыны ал тууралуу уккум келип турган.
– Менин өмүр баяным абдан жупуну. Онду бүткөнчө апамдан коркконумдан гана жакшы окудум. Ошондо да каным башыма тээп тентек кылып ийчүмүн. Анан институт, анан илимий ишке багыт алдым да, илим менин колумдан келбесин сезип бизнеске кеттим. Мен бизнеске кеткенде апам ыраматылык: “Сенден мыкты илимпоз чыкмак. Эсеп илими жакшы эсепчисин жоготту”, - деп кейисе ичтен күлдүм. Бу эне деген жарыктык баласы кумурска болсо деле андан пилди көрө берет тура. Анан акчанын артынан кууп, анын чеги, опасы жок экенин апамды жоготкондо сездим. Апамды убагында кубантып келин алып берип неберелүү кылганда деле акча табыла бермек экен.
Жоодар бул жолу оор, баладай кусалуу, армандуу күрсүндү.
– Апаңыз барбы? - деди анан муңайым жылмайып.
– Ооба, бар, - дедим акырын.
– Бай турбайсызбы, эки балаңыз, апаңыз, анан күйөөңүз да бар да ээ? – анын эмелеки кусалуу жылмаюусу шок күлүмсүрөөгө айланып.
– Ооба, күйөөм да бар, – дедим мен да күлүмсүрөп.
– Абдан бай экенсиз, айрыкча ападай байлык, эне мээриминдей мээрим болобу. Бала кезде апамдын айдагы кыз тууралуу жомогу али да эсимде. Кызыгы мен ошол айдагы кызды алып келип апама келин кылып бергим келчү. Ошол балалык кыялданбы, билбейм, айды жакшы көрөм.
– Айдагы кыз картайып калса керек? – дедим тамашага бура.
– Жок, ал картайбайт, мени күтүп жүрөт. А мен болсо пенделик баткактан чыга албай улам кечигип атпаймынбы, – деди кыялдуу коңур үн менен.
Мен артымды караган жокмун, ал болсо унчукпай желкемден дем алып баратты. Анан күтүүсүз:
– Качан кайтасыз? – деди. Анын деми желкемди жылытып кетти.
– Эртең эле кайтам.
– Чогуу кайтпайлыбы? – деди негедир жумшак шыбырап. Бул жумшак шыбырдан денем дир эте ысып бурулганча шаштым. Ал мени башкача карап туруптур. Бул көз карашта мен сөз менен айта алгыс бир ысык мээрим жаткан. Мындай мээримди мен күйөөмдөн эч качан көрбөгөнүмдү ичим сыйрылып эстеп алдым.
Биз Нарынга жетип, мен түшүп баратканда Жоодар мени капыстан колдон алды. Селт эте колумду тартып аларда кыса кармап туруп:
– Кечирип кой, номериңди калтырып кет, чогуу кетели, – деди дароо сенге өтүп. Бергим келсе да ичимден бир кашкөй намыс кармап күлүмсүрөй коштошуп басып кеттим.
Айылдагы иштеримди бүтүрүп эртеси эле кайтууга камындым. Канчалык мойнума алгым келбесе да Жоодар менен кетүүнү каалап, бирок ал ойду күнөөкөр адамдай өзүмдөн кууганча шашканымды кантейин. Эртеси түшкө жакын таксилер турган жайга келдик. Мени узатып келген инилерим бир машине менен сүйлөшүп келишти да, жүктөрүмдү жайгаштырып, анан мени менен коштошуп басып кетишти. Ошондо да бир ирмемге “Жоодар менен жолубуз бир болбой калды го” деп ичтен сыза ойлоп алып, кайра бул ойдон кутулганча шаштым. Анан кой, отура берейин деп машине тарапка бурулганда менден мурун артымдан бирөө эшикти ачты да:
– Олтуруңуз, - деди жайдары. Жалт карасам Жоодар ууртунда мээрим уялай жылмайып туруптур. Бул жолу кубанганымды жашыра албай:
– Ай-ий, силер да келип калдыңарбы? Жакшы болбодубу, – деп ийип кайра, - бейтааныш бирөө менен кеткенче тааныш жакшы эмеспизби, - деп коошпогон эле жерден кеп улап койдум.
– А мен сени менен кетүү үчүн атайын күтүп жүрдүм, – деди Жоодар. Бул сөздө эч нерсе жок болсо да коркуп кеттим. Атайын укмаксан боло айнек тарапка отурдум. Жоодар менин жаныма, аркы четке бир жаш бала отурду.
Кайра келе жатканда Жоодар экөөбүз негедир кечээгидей ачылып сүйлөшө албай алда неден кысынып жаттык. Тамак ичкен жерге келгенде жерге түшсөк ай төгүлүп түн бир башкача жоодурай уюп турган экен. Жоодар машиненин эшигин ачып чыкканча мен ары басып кеттим. Кайра келе жатсам кол жууган суу түтүктүн жанында жалгыз туруптур. Кол жуубай басып кетким келди.
– Колуңузду жууп алыңыз, – деди оюмду окуп тургансып.
– Ии, – дедим да, унчукпай колумду жууп кирдим. Кол жууп өйдө боло бергенде ал мага апакай жүз аарчы сунду.
– Жок, рахмат, өзүмдө бар, – дедим басып кетмекке бурула берип. Жоодар унчукпай жандай басты да, акырын:
– Бир келген жашоодо адам жакшы сезимден качып, а орто заар сезимге алданып өтүп кетет экенбиз. Пенделигибиз ушул го ээ? – деди муңайым. Мен жооп таба алган жокмун. Биз ээрчише басып ашканага кирдик. Жүрөктү үшүткөнбү же жылытканбы, айтор, дүрбөлөң түшүргөн санаа бизди ээрчип алганын экөөбүз тең туйдук.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#327 Пользователь офлайн   belka   10 Октябрь 2016 - 13:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Негедир сапарлашым экөөбүз мурдагыдай сүйлөшө албай ичтен тынып, бир санаа менен алышкандай унчугушпай, Жоодардын “бир келген жашоодо адам жакшы сезимден качып, а орто заар сезимге алданып өтүп кетет экен. Пенделигибиз ушул го ээ?” деген сөзү кулагыма кайталана берди. Бишкекке түн оой келдик. Уктап кеткен экенмин, бирөө ийниме түртө ойготту. Көзүмдү ачсам Жоодардын ийнине башымды коюп жатыптырмын. Жылан басып алгандай башымды көтөрө берип боюмду түзөдүм.
– Уйку кандыбы? – деди Жоодар жумшак.
– Уктап кеткен турбаймынбы. Жеттикпи? – дедим кайдыгердей көрүнгүм келип. Чынында Жоодардын ысык, кенен ийиндери, каңылжаарда калган жыты дилиме сиңе түшкөн ошол уйку ушундай таттуу, жагымдуу болчу.
– Жеттик, кабарлашып туралы ээ, жат болуп кетпей?
– Кабарлашканда эмне, жолоочу жол менен кала берет тура, – дедим акырын.
– Мен жол менен кала бергим келбейт, анткени кыялымды уурдап кеттиң, адам кыялсыз жашай албайт, эми сен алып кеткен кыялды издеп ээрчий берем го, – деди тамаша-чынга сала күлүмсүрөп. Мен сөздү укпаган боло айдоочуга:
– Байке, биринчи көчөдөн бурулуп, жети кабат үйдүн короосуна токтосоңуз, – дедим. Жоодар мени ойлуу карап турганын сезсем да сумкамды чукулай кол телефонумду алып чыгып жолдошума чалып калдым. Уктап калган го, жооп болгон жок. Короого кире беришке токтоп таксист жол сумкаларымды алып бергени сыртка чыкканда Жоодар да кошо чыкты.
– Жакшы бар, Асем, атың да, өзүң да асем жан экенсиң, көпкө унутпайм, – деди акырын. Адатынча тамашалай күлүмсүрөп турган болуу керек деп жалт карасам айга чагылышкан каректери от чача, олуттуу, анан муңайым карап туруптур.
– Сиздин да атыңыз жакшы экен, жакшы калыңыз, – дедим да, сумкамды жерден алып басып кетмекке шаштым. Сумкамдын мынчалык оор экенин билбептирмин, кадимкидей ийиле түшүп оңолдум. Мен ийилген менен сумкам былк этип да койгон жок. Ичимден мени келет деп ойлоп да койбой уктап жаткан жолдошума кыжырым келе кайра сумкама асылдым. Жоодар таксистке айнектен эңиле берип: “Азыр”, – деди да, мен жылдыра албай жаткан сумканы жерден так көтөрө мага карады.
– Асем, каршы болбо, эшиктин алдына жеткирип коёюн, анан киргизип аларсыңар, – деп менден жооп күтпөй эле алдыга басты. Үйдү билчүдөй болуп бараткан Жоодарга күлкүм да келди, ичим да жылыды. Бирдеме десем, кеп уланып кеткидей, унчукпай алдыга өтүп жол баштадым. Экинчи кабатка чыгып босогого жеткенде эшикти ачпай туруп негедир шыбырай:
– Ушул жерге коё бергиле, рахмат, – дедим акырын. Ал унчукпай сумканы жерге койду да, мени саамга сүрдөнтө карап туруп:
– Мен сага WhatsAppтан жазып турам – деп, анан мен “жок” деп ийчүдөй тез басып түшүп кетти.
Эшикти ачып сумканы араң сүйрөп кирдим. Жолдошум бейкапар уктап жатыптыр. Үйдүн ичи балдарымдын жытына толуп туруптур. Негедир өзүмдү күнөөкөр сезип кеттим.
Ошол күндөн баштап менде кыйнообу, күтүүбү, айтор, мен талдап аңдай албаган жашоо башталды.
“Саламатсызбы айдагы кыз? Кыялымдын баарын алып кетип калыпсыз, качан кайтарып бересиз?” “Мен сизди эстеп отурам, сиз да мени эстеп жатсаңыз керек деп ишенем, анткени “бардык сезим эки тараптуу болот” дешет улуулар”. “Кандайсыз айдагы кыз? Экөөбүз жамгыр жааган ээн көчөдө машине менен бир жакка баратыптырбыз. Сиз адатыңызча менден качып сүйлөбөйсүз. А мен болсо сиздин жанымда отурганыңызга ыраазы болуп өзүмө батпай баратыптырмын. Ойгонсом көөдөнүм толо куса экен”, “айдагы кыз, билем сиз уктап жатасыз, а мен балкондо тамеки тартып, сиздин мекениңиз айды карап ойлонуп отурам”. Мындай билдирүүлөр канчалык жагымдуу болсо, ошол эле учурда абдан коркунучтуу, сүрдүү болчу. Кээде гана “кандайсыз? Менде баары жакшы, балдарым менен атабызды күтүп отурабыз” же “менде баары ойдогудай, сизде да ошондой деп ишенем. Жолдошум “азыр келе жатам” деди” деп гана жооп жазбасам, дээрлик жазбаганга аракеттенем. Анын билдирүүлөрүн окугандан кийин жолдошумдун кареги менен тең айланып өзүмчө эле күйпөлөктөй берген адат таап алдым. А жолдошум болсо мунун баарынан кабарсыз, баягыдай эле менин сезимдерим, сырдашкым, эркелегим келген аялдык бугум менен иши жок өзү менен өзү. Андайда Жоодардын сезимге, жылуу сөзгө толгон билдирүүлөрүн окуп дилиме азык алам. Бул адатка көнүп калуудан коркуп, бирок окубай коюуга да кудуретим жетпей баратканын сезем. Бүгүн да жолдошум кечикти. Чалсам телефонун улам басып койгонун “колу бошобой жатат го” деп өзүмдү жооткотуп отуруп бир кезде саатты карасам, он бирден өтүп кетиптир. Балдар да уктап калышты. Жонумдан баскан жалгыздык буулуктуруп дагы чалып кирдим. Оболу тек басып коюп жаткан жолдошум бир кезде телефонун таптакыр өчүрүп салды. Мындайда ойго жакшы пикир келбейт тура, ансайын жанымды коёрго жер таппай, анан бир кезде Жоодарга “уктап калдыңбы? Мен болсо ай менен булут аралап сүзүп баратам” деп жазып жибердим. Мени эле күтүп отургандай дароо “сүзүп баратканда жолуңуз биз тарапка түшсө кайрыла кетиңиз” деген жооп келди. “Сиз жалгыз эмессиз да” деп жооп жаздым.
“Жанында дил санаалашы болбогондун баары жалгыз...” Не деп жазарымды билбей отурсам кайра жазды: “Асем, мен баягы сизди калтырып кеткен жерге жакын барсам болобу?” Күтүлбөгөн мындай билдирүүдөн коркуп кеттим. Мен телефонду жандырып турсам эле кирип келчүдөй телефонумду өчүргөнчө шаштым. Ичимди курттай жеген ачуу ыза, ошол эле учурда жүрөгүмдү жылыткан бир сезим менен алышып жатып уктап калыптырмын. Ойгонсом күйөөм диванда уктап жатыптыр. Мас келгени бутун да чечпей кире бериштеги диванга кулаганынан көрүнүп турат.
Балдарды бакчага жеткирип келе жатсам Жоодар чалды. Кадимкидей калчылдап кеттим.
– Алоо, – дедим үнүмдү токтоо чыгарганга аракеттене.
– Саламатсызбы айдагы кыз?
– Саламатчылык.
– Балдарды бакчага жеткирип келе жатасызбы?
– Кайдан көрдүңүз? – деп эки жагымды элеңдеп карап жибердим.
– Сол жагыңызды карасаңыз.
Эки жагымды карасам тааныш караан көрүнбөдү.
– Көргөн жокмун, – дедим бирөө угуп койчудай акырын. Жоодар машинеден түштү окшойт, эшик “тарс” жабылды. Анан жумшак үн катты: – Асем, артыңызды карасаңыз.
Мен телефонду коё салып артыма карагандан кооптоно туруп калдым.
– Кандай, айдагы кыз? – коңур үн желкемден чыкты. Жалт карасам Жоодар жаркырай күлүп ушунчалык жакын туруптур, анын тааныш жыты каңылжаарымды өрдөп кетти. Мен токтоо болууга тырыша суз учураштым.
– Кайдан, мынча эрте? – дедим үнүмдүн калтырагын жашыруу үчүн бек сүйлөп. Анын каректери кадимкидей көлөкөлөнө түштү.
– Мындай эле, жолдон өтүп бараткам, сизди көрүп калдым, – деди үнү кургак тартып. Капа кылып алдым го деп ичим сыйрыла түштү.
– Мен балдарды бакчага жеткирип келе жаткам, – дедим башка сөз таппай.
– Асем, келиңиз, досторчо, сапарлаштарча бир жерден чай ичели, – деди ал күтүүсүз колдон ала. Саамга колумду тартып ала албай селдее түштүм да, дароо эсиме келип колумду шарт сууруй эки жагымды карап жибердим.
– Эмне мынча коркосуз? Жезде катуу кармайт го ээ? Албетте, мындай асем жанды кайтарбаса болобу? – деди ызалуу күлүмсүрөп.
– Кайтарган деле киши жок, тек гана өзүм үчүн ишенимден чыккым келбейт, – дедим чыйрыга.
– Мен сизди ишенимден чыгарайын деген ойдон алысмын. Биз кадимки достордой, болбоду дегенде бир жолуккан жакшы санаалаштардай чайлашсак дегем. Мейли, зарым бар, зорум жок, – дегенде ичимден бирдеме үзүлүп кеткендей тыз деди.
– Мен сизге ишенем, тек гана ишиңизден калтырбайын дегеним. Ары азыр атабызды жумушка жөнөтүшүм керек, ошого шашып бараттым эле, – дедим кепти акырын жумшактап. Жоодар мени адатынча ойлуу, анан оттуу карады.
– Мейли, кармабайын, эгер чайлашалы деген ой келсе, менин сунушум күчүндө, макулдугуңузду мага билдирип коюңуз, – деди да, машиненин ачкычын уучтай кармап басып кетти. Ачкычка карышкан колдорунан алда неге ыза болуп калганын сезип көөдөндө бир аялуу ой калды.
“Айдагы кыз, неге мынча муздаксыз?” деген билдирүү үйгө мени ээрчип кирди. Жолдошум билдирүүнүн үнүн укпасын деп шаша ваннага кирип окуп, анан ашыга өчүрдүм да, ашканага баш бактым. Атабыз күнөөкөр боло желкемден өөп коюп сыртка чыгып кетти. Сыягы, алдыда болчу чырдан качты окшойт. Кайда жүрдү, ким менен, эмне кылып, бир ооз унчуккан жок. Негедир мен да адаттагыдай суракка алгым келген жок. Мунун баары мени чарчатып бараткан эле. Биздин суз, муздак күндөрдү Жоодардын от чачкан билдирүүлөрү ээлеп бараткансыды.
Бүгүн да жолдошум кечикти. Жакын курбум тойго чакырган, ошол жакка бармакпыз. Чалсам Сагын телефонун күттүрүп жатып алды да, кыска: “Сен бара бер, мен жумуштан ары барып калам”, – деп өчүрүп койду. Ызам көөдөнүмдү тиреп, намысымдан гана жасана кийинип, жалган күлүп жалгыз бардым. Мен барганда эл дээрлик келип бүткөн экен. Курбум утурлай келип учурашып:
– Сагын кайда? – деди акырын.
– Жумушу чыгып кармалып жатат, бошору менен келип калат, – дедим сыр алдырбай. Сагын кече ортолоп баратканда келди. Бир аз кызуулугун байкап ансайын куйкам куруша итатайым тутулуп, душман көзүнө гана араң тишимдин агын көрсөтүп отурдум.
Сагын босогодон кирип эле кулады. Мен болсо балконго чыгып алып жалгыз отурдум. Анан канчалык дилим барбай турса да “сиздин сунуш күчүндө болсо, эртең чайлашалы” деп жазып, кайра көпкө жөнөтө албай отуруп, анан кимдир бирөөгө өчөшүп жаткансып ызалана жөнөтүп жибердим.
Биз бүгүн жолуктук. Мен бул жолугушууну күтүп да, күтпөй да жүргөм. Балким, Сагын “айылдан достор келип калыптыр. Силер жата бергиле, мен кеч барам” деп жазып жибербесе барууга даабайт белем, ким билет. Мен өзүмдү ушинтип актап алып түштөнүүгө кечигип бардым. Жоодар шаардын четиндеги тынч, эли аз ресторанды тандаптыр.
Барарын барып алып дагы чайнала туруп калдым.
– Түшөсүзбү? – деди жашы бир топко барып калган таксист күзгүдөн кызыктай карап. Негедир бул көз караш күнөөлөп тургандай түшкөнчө шаштым.
– Келиңиз, ай кызы, – деди Жоодар күтүп тургандай босогодон утурлай.
– Мен бир азга эле келдим, – дедим калтаарый.
– Билем... – деди жумшак. Азыр тамашалап да бирдеме десе басынып калмакмын. Жоодар токтоо, абдан сый, ал тургай, баягы такси менен бирге кеткендегиден да өзгөчө сыпаа отурду.
– Асем, бул жердин бир жакшы тамагы бар, ошону татып көрбөйсүзбү? – деди менюну суна берип. Демимди басып алуу үчүн менюга үңүлдүм. Көзүмө бир тамга көрүнсө өлөйүн, санаам эле “кокус тааныштар келип калса эмне деп ойлойт” деп кыпылдап, кайра “классташымдеп коём” деп отурдум. Минтип кимге актанып, кимге жооп камдап жатканымды деле билбей удургуй бердим.
– Асем, сен кысынбай отур, кел, экөөбүз бири-бирибизди бала кезден билген классташ деп санайлы. Сенден суранам, эркин отурчу, – деди Жоодар жалооруй карап.
– Кысынган жокмун, болгону тааныштар көрүп калса не дейт.
Жоодар кебимди бөлө жумшак жылмайды:
– Тааныштар көрсө эмне экен? Сен үйдө отурган кожойке эмессиң, балким, биз маанилүү бир жумушту бүтүрүп жаткан чыгарбыз. Биз ары кечки тамак ичип жаткан жокпуз, түштөнүп жатабыз, – деди баладай жайдары. Ушул күлкү жеңилдете “ии” деген болдум.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#328 Пользователь офлайн   belka   10 Октябрь 2016 - 17:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Менин ийнеде отургандай абалым Жоодарга да таасир этти окшойт, негедир сөз жалганбай койду.
– Асем, кысылып кеттиңер окшойт, чыгалыбы? – деди бир кезде акырын. Ушул сөз ийнимден оор жүктү алып салгандай кубанып кеттим. Биз сыртка чыкканда эми эле күүгүм кирип келе жаткан экен. “Балдар кантти экен?” деген ой жүрөгүмдү сыдырып өттү. Аларды үйдө жүргөн кайын сиңдиме дайындап келсем да санаам тынчыбай жатты. Жоодар жакын эле турган машинеге кол жаңсай жол баштады. Оболу мени отургузуп, анан өзү отурду да:
– Келгениң үчүн рахмат, Асем, өзүмдү адам санап калдым, – деди жумшак.
– Кызык, келбесем өзүңөрдү ким санайт элеңер? – дедим какшык жылдыра.
– Анда деле адам, бирок кем таалай адам.
– Мен таалай алып келдимби?
– Почти, – деди ойлуу. Бул олуттуу сөз кооптонто унчукпай калдым.
– Асем, сиз мага жагасыз. Сиз менен сүйлөшкөндө кадимкидей жеңилдеп, көөдөндө бир кубаныч пайда болот. Бул эмне деген кубаныч, эмне болгон жеңилдөө, айта албайм. Мындан жашыраак болсом, балким, сүйүү же жактыруу деп айтмакмын, а азыр андай аялуу сөздөрдөн ооз күйгөн кез. Андыктан тек гана кубаныч, болгондо да жан кубанычы дегим келди. Мен сизден эч нерсе талап кылбайм, бир сурарым - жолугуп туралы, – деди жолдон көз албай.
– Жолугуунун акыры да кубаныч алып келеби?

– Мага ооба, а силергечи? – Жоодар мени сен деп да, сиз деп да айта албай, негедир үнү да бир аз калтаарып эки анжы ойдо болгон жандай кыйчалыш абалда эле.
– Биздин жолугушуу мага да, сизге да кубаныч алып келбейт, анткени биз... – менин “бүлөлүү адамбыз” деген кебим сыртка чыкпай калды. Жай эле келе жаткан машине жол четине чыгып кеткенде аласалып кетчүдөй сезилип көзүмдү жуумп жибердим.
– Асем, сен отуруп тур, мен азыр... – деди да, Жоодар шаша тормоз басып, сүрдүгүп барып токтогон машинеден шаша түшүп жолдон чыгып кеткен машинеге чуркады.
Машинеден түшкөнгө чыны тартындым, бирок түшпөй койгонго да адамдык дитим чыдабады. Мен түшкөндө Жоодар рулдагы жаш баланы машинеден сүйрөп чыгып башын таңып жаткан экен.
– Асем, кыжалат болбо, баары жакшы, Кудай жалгап машиненин тездиги аз тура, болбосо оңбой калмак. Талмасы бар экен, ошол кармап калыптыр, тез жардам чакырдым, – деди камкор үн менен.
– Жанында эч ким жок бекен? – дедим жакындай берип.
– Жалгыз тура, мынча келдиң, жөлөшүп кой, машинеге отургуза туралы.
– Тез жардам келгенче күтө туралыбы же?..
– Алар да азыр келе койбойт го, жакшысы ооруканага жеткирип коёлу, кандай дейсиң? – деди менден уруксат сурагандай карегиме тигилип. Жок дей албадым. Жапжаш бала экен. Биз машинеге жеткиргенче эле тез жардам келип калды. Жоодар баланы тез жардамга салганга жардамдашып жатканда Сагынга чалдым. Адатынча көптө алды да:
– Ким? – деди бакылдап. Мас болгондо ушинтип бакылдап калмайы бар.
– Капырай, тааныбай калдыңбы? Мен Асем, качан келесиң?
– Аа сенби, мен балдар менен жүрөм, бүгүн барбай калышым да мүмкүн, жата бергиле ээ? – деди тез-тез сүйлөп. Ары жактан аялдын шыңкылдаган күлкүсү угулду. Жолдошум телефонун шаша өчүрүп салды. Тамагыма бирдеме тыгылып калгандай алкымым буулуп чыкты. Ызам көөдөнүмдү тиреп турса да Жоодарга сыр алдырган жокмун.
– Асем, сени таарынтып алган жокмунбу? Эмне, карегиң жашылдана түшкөн? – деди үйрүлө берип.
– Баары жакшы, – дедим жылмайган болуп.
– А көздөр неге “баары жакшы” дебейт? – деди эркелете. Эреркей ыйлагым келип кетти. Биз, аялзаты, сыягы, жалаң жакшы сөздүн кулубуз го. Жолдошумдун мага ушинтип эркелетип качан кайрылганы эсимде жок.
– Аялдын көздөрү дайым ушинтет, - дедим ызалуу.
– Антпей жүр, мындай көздөр бакыттан күлүп турушу керек. Асемтай, кел, тоого бир саатка барып келебиз, эми эле кеч кирди, тез эле кайтабыз. Менин жаман оюм жок, тек гана жанымда отур, тоолорго карап келели, макулбу? – деди да макулдугумду күтпөй эле тоо тарапка айдады. Тоолор сүр ката келберсип турган экен. Капчыгайды аралар менен эле таза, муздак желди сездим.
– Үшүп калба, терезени жаап коёюн, – деди күлө карап. Бул күлкүдө эч жасалмасы жок мээрим, тазалык бар эле. Жүрөгүм жылый мен да жылмайдым.
– Карачы, сага күлгөн кандай жарашат,
Мен унчукпай сыртка тигилдим. Тоо башынан жаңы туулган жаш ай баш бакты. Али жетиле элек ай өзүн жабыла караган жылдыздардан уялып, арыктыгынан тартынып тургандай ишенимсиз үлбүрөп тоого жөлөнүп турду. Капчыгай ичин күңгүрөнгөн шоокумга бөлөгөн тоо суусу таш ташый күлдүрттөйт. Биз суу жээктей барып токтодук.
– Тоого жаз эми келиптир, – деди Жоодар акырын. Мен не деп сөз кошорумду билбей баш ийкеген болдум. Алда кандай апкааруу дагы дилимди өйүп чыкты. Ошол кезде терезеге тийчүдөй болуп бир канаттуу учуп өттү. Мен селт эте эрктен сырткары Жоодарга ыктадым.
– Коркпо, үкү окшойт, – деди Жоодар мээримдүү коңур үн менен, ийнимден коомай кучактай берип. Анан кандай ыктасам, ошондой боюмду тарта берген мени күлө карады да:
– Асемтай, жүр, сыртка чыгып таза абадан дем алалы, кетебиз, – деди жайдары. Унчукпай сыртка чыктым. Тоонун абасы ушунчалык таза, бирок денени калтыраткан муздак экен. Мага балалык, жаштык жыттанып тургансып кетти. Бала кезде аба ушундай таза, муздак болчу эмес беле.
– Балалык жыттангансып кетти, – дедим оюмду жашыра албай.
– Мага да тоо балалык жыттангансыйт, адамдар ошондон улам тоого жакын болсо керек, – деди кыялдуу. Мен тоолорду, анан тоолорго жөлөнгөн арык айды карадым. Мага айдагы кыз жалгыз, үшүп отургандай сезилип кетти.
– Сенин айдагы кызың жалгыз үшүп отурган го, – дедим Жоодарга биринчи ирет тигиле карап. Жоодардын карегинде да арык ай жүрүптүр.
– Айдагы кыз менин жанымда, убактылуу болсо да жанымда. Асемтай, менден качпай жүрчү, садага, мен сенин каалооңдон сырткары абийириңе шек келтирген эч нерсе жасабайм. Сен мага керексиң, абдан керексиң. Билесиңби, адам акчанын ордун, жашоодогу күнүмдүк кемиңди тырышып иштеп толтурсаң болот экен, бирок могу жердеги кемтикти кантип толтуруштун айласын таппай аргаң куруган учур жаман экен. Менин ошондой толбой жүргөн бир кемтигимди сен толтуруп тургансыйсың. Ошондуктан сени жоготкондон корком, сага жолукпай калгандан корком, – деди жаныма жакын келип. Анан ийнимден ала бооруна тартты. Андан жагымдуу кермек жыт келди. Мен бала кезде атам ушундай жыттанчу. Жоодар көзүмө көзүн кадай бооруна бекем кысып, жүзүмдөн коомай сүйдү. Денем үрккөн менен жүрөгүм тартылып, эки анжы сезимдин ортосунда жанчылганча Жоодар көзүмдөн, жүзүмдөн өпкүлөп жиберди.
– Айдагы сулуум менин, күтүүм менин, жакшынам... - Жоодар эзели мен укпаган таттуу, адеми сөздөр менен жалынып, бооруна бекем кысып, анан жерден так көтөрө суу бойлой чуркады.
– Ай, карачы, мен сендеги сулууну таап алдым, – деди жаш балача кыйкырып. Мен аргасыз анын мойнуна ороло жүзүмдү көкүрөгүнө каттым.
– Кантесиң, жаш баладай болуп.
– Билесиңби, адам сезим алдында картайбайт, Асем, мен азыр өзүмдү он беш жаштай сезип турам. Сен тартынбачы, кел, өз кабыгыбыздан чыгалычы, – Жоодар энтигип турду. Андагы ойноок сезим мага да өтүп саамга баарын унутуп калгансыдым. Биз машинеде өбүшүп отурдук. Жоодардын таттуу тиштегилей өпкөнү, жалынганы, белимден ары өтпөй жумшак сылагылаганы дилимди жибитип да, үшүтүп да турду.
– Кетели, – дедим бир кезде улутунуп.
– Кеттикпи ээ? – деди Жоодар кыйыла.
Мен үйгө батынбай кирдим. Балдар уктап калышыптыр. Жүрөгүм кирдеп да, алда кандай аялуу сезимге толуп да турду. Сагын ал түнү келген жок.
Биздин мамиле улам тереңдей берди. Ошол тереңдик кантип, кайсы күнү өзүнө тартып кеткенин аңдабай калдым.
– Асемтай, кагылайын, жароокерим, минтип ыйлабачы, бул күнөө эмес, бул сезим. Сен мага наристедейсиң, – деди Жоодар көзүмдөн, эриндеримден өпкүлөп. Мен дайым Жоодарга келбегенге аракеттенем, ар бир жолуккан сайын ушул акыркысы дейм да, кайра эле анын жагымдуу кермек жыты, кенен көкүрөгү, карылуу кучагы, чын дилинен төгүлүп жалынганы куса кылып кантип жолугушууга келгенимди билбей калам. Билбей калам десем, актангандай болом го, менин эркимден сырткары бир күч, кумар, сезим жетелеп келет.
– Мени унутчу, – дедим Жоодардын көөдөнүнө башымды жөлөй.
– Макул, анда сен жардам бер, – деди Жоодар эринимден аста өбө берип.
– Кантип? – дедим жүрөксүй.
– Апасынын жүрөгүн сүйгөн кызына алып барып берген жомокту уккан белең? Сен да менин жүрөгүмдү сууруп алыс алып барып салчы, – деди кучагына кыса берип. Денем дүркүрөп кетти.
– Кайдагыны айтпачы.
– Анан кантип унутам, айтчы? – деди ал салмагын сала берип чоло жеримди койбой өпкүлөп. Мен анын дилине чөгүп, жанына жаным сиңип кетти. Жүрөгүм жүрөгү менен кошо согуп, эриним эрининде, карегим карегинде калды. Күнөөкөр да, бактылуу да денемди гана алып кеттим. Дайым ушинтем, мени менен боюм гана кетет да, оюм, жүрөгүм, кыялым баары Жоодарда калат.
Эшиктен кирерим менен үчүнчү класста окуган уулум жаныма чуркап келди:
– Апа, тиги Арсендин атасы деген башка апага кетип калыптыр.
– Кандай башка апага?
– Башка баланын апасына да. Арсенди апасы менен таштап кетиптир.
– Ким айтты антип? Кайдагыны айтпачы.
– Чы-ын, Арсен айтты. “Атам башка апасы бар балага кетип калыптыр, апам айтты” деди.
– А атасы не дептир?
– Атасы менен сүйлөшпөй жатат. Апасы “сүйлөшпөгүн, атаң деген сени, мени таштап башка баланын апасына кетип калды” дептир.
Уулум саамга ойлонуп туруп калды да, анан “сурасамбы же сурабасамбы” дегендей ыргылжың болуп туруп калды. Анан батына бербей мойнумдан кучактап туруп:
– Апа, бизди атам таштап кетпейт ээ? – деди акырын. Жүрөгүм үзүлүп кеткенсиди.
– Жо-ок, – дедим алкымыма бирдеме тыгылып калгандай кысылып.
– Мен Арсенге ошентип айттым, “бизди, апам, Гүкү (карындашын айтып жатат) үчөөбүздү атам таштап кетпейт” дедим, – балам тим эле жетине албай кубанып сүйлөп жатты.
Мен бүгүн Жоодар чакырган жерге барган жокмун. Туюп турам, ал улам балконго чыгып, улам тамеки түтөтүп, эшик “тырс” этсе тура чуркап күтүп жатат. Бирок, атаганат, жашоодо сезимден, сенин жеке жүрөккө байланган күтүүңдөн, каалооңдон жогору турган нерселер бар тура. Мен үчүн баламдын тилегинен, каалоосунан жогору турган эч нерсе жок болчу. Жоодарга жолугууга болгону эки сап билдирүү кетти. “Менин айдагы кыздай өз жашоом бар, биз эки башка планетанын адамы экенибизди түшүн, жарыгым. Экөөбүз жасап алган жашоодо кыйналып кеттим. Мени өз ааламыма коё бер”. Кара кагаздай болгон бул билдирүү биздин жалын чачкан сезимдердин акыркы учкуну болчу. Мен айга кеттим, Жоодар болсо өз планетасында калды.
(Аягы)


Айжаркын Эргешова
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#329 Пользователь офлайн   belka   10 Октябрь 2016 - 18:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

ТУУРА АДАШУУ


– Менин уулум, ушул менин уулум ээ? - Абайдын кубанычы арта жетине албаган үнү бөлмөнү толтуруп турду. Чынында анын үнү эле эмес, өзү бул үйгө, бул дүйнөгө батпай кубанып турган. Аны телмире тиктеген келинчеги гана же бактылуу болорун же тамагына кептелген жашын төгүп иерин билбей тунжурайт. Минтип жаш күнүндө эки баланын энеси болуп, болгондо да кайнагасынан бала күтөм деп ким ойлосун.
Абай келинчегинин абалын байкай койду. Заматта күлкүсү тыйыла калганы менен муңайып да олтургусу келген жок.
– Шоола, карасаң? Кимге окшош?
– Атайга.
– Жок, мага окшош.
– Атай экөөңөр окшош эмес белеңер? – үнү каргылданып кетти.
– Ооба, бир туугандар окшош болушат. Атай экөөбүздөй болуп уулум да агасына окшош, – Абай кепти башкага бурганча шашты, – кел, азыр эле жуунта береличи. Шоола наристесин жуунтканча өткөн жашоосун башынан эстеп чыкты.
***
Ал Атайга кокусунан кезиккен. Жаңы конуштагы таежесине учурашууга барып жатаканасын көздөй кеч кайтып калды. Таежесинин: “Биздин конушта тентектер көп, калып эртең эле эрте туруп кет, жарыкта”, - дегенине көнбөй койгон. Унаалар сээлдеп, ал түшүүчү маршрут абдан кечикти. Жатакананын эшиги бекичү саат да жакындап баратат. Тынчы кетип турган ошол маалда жанына кара машине келип токтоду:
– Шаар ичинеби, чоң кыз? Олтуруңуз.
– Рахмат, – Шоола чындап чочулады.
– Коркпой эле отура бер. Шашып баратам. Артта деги эле маршрутка аттуу көрүнбөйт.
Кыз аргасыз макул болду.
Жаштыктын күчү эмеспи, Атай убадасына туруп кызга ашык кеп айтып чочутпай жеткирип коёюн деген. Бирок күзгүдөн аны карай берип байланыш номерин албай кетүүсү кечиримсиз болчудай туюлду. Шуулдаган жигит бул оюн амалдана ишке ашырды.
– Кайсы жерге барасың?
– Жибек-Жолу менен Манастын кесилишине.
– Жеткирип коёбуз.
– Шаардын четине жетсем, андан ары маршруткалар бар да. Ага чейин менин акчам жетпейт.
– А мен акча сураган жокмун го.
Кыз унчукпай калды.
– Телефон номериңди берип кой, болду. Анан биз жакка келип калганыңда бир эле “алло” деп коюп турсаң жеткирип коюп турабыз.
Кыз мындай соодалашууну жактырбай, бирок каршы да эч нерсе дебей тултуюп калды. Алар бат эле жатакананын оозуна жетишти. Кыз түшүп баратканда жигит шашып калды:
– Чоң кыз, номерчи?
– Чоң кыз эмесмин.
– Номериңди берсең, анан атыңды телефондон билип алам да, кийин “чоң кыз” дебейм. Азыр болсо билбейм да, – жигит аппак тиштерин кашкайта жагымдуу күлүп турду. “Деги ушундан кутулайынчы” дегендей, кыз номерин бат-баттан бир гана жолу айтты да, тыкылдай жөнөп кетти. Телефонун камдап олтурган жигит сандарды илгиртпей жазып алды.
***
Атайдын мүнөзү абдан шок эле. Бирок ээн баштыгы жок. Бир нерсе кылууну кааласа күндү күн, түндү түн деп койбойт. Эгер каалабаса, үстүнө асманыңды таштап ием десең да кебелбейт. Адамдарга да мамилеси ушундай. Ал Шооланын сулуу жүзүн бир көргөндө эле жактырган. Кийин телефондон жагымдуу үнүнө азгырылып жүрүп биротоло ашык болуп калды. Ата-энесинин “үзүмчүлүк маалда коё тур”, Шооланын “азыр турмушка чыгам деген оюм жок. Болгону 1-курсмун. Андан дагы сен мага жага бербейсиң” деген каршылыгына да, кагып-силкүүсүнө да карабай ала качып алды.
Башында кабагы ачылбаганы менен кайнене-кайнатасынын мээримдүү мамилеси, жолдошунун кареги менен айланган камкордугу аны бактылуу болууга аргасыз кылды. Окуусун калтырбаган жакшы студент, үйүн таза туткан жакшы келин болду. Анан бактысы артып бала күтүп калышты.
– Шоола, кеттик көлгө. Кийинки айда төрөсөң, бала менен алышып каласың. Уулум жарыкка келип, бакчага барганга чейин сага көл да, парк да, шишкебек да, кино да жок. Макулбу? – Шооланын көңүлдөнбөгөн оюна койбогон Атай анын баштыгын өзү камдап, эс алууга чыгып кетишкен. Ырас эле келиптир, көлдө укмуш сонун учур экен. Экөө беш күн каалагандарындай эс алышты. Бул алардын эң бактылуу ирмемдеринин акыркысы экенин анда экөө тең билишкен эмес эле.
***
Алар кайтып келгенден бир ай өтпөй Шоола көз жарды. Али кызыл эт болсо дагы уулу тим эле Атайдын көчүрмөсү. Баласын карап жатып Шоола жолдошун эми толук сүйүп калганын билди. Эми ага биротоло көнүп, бүт өмүр бирге болгусу келип калды. Бирок колуктусунун көз жарышын саат санап күтүп жаткан жолдошу эмнегедир келбей атты. Ал төрөгөнү кайын журтунан эч ким жок, өзүнүн гана апасы келип чебеленип кам көрүп, алды-артына кетип жалынып, көз жашы кылып ийип да атты. Шоола анын ыйын бакыттын ыйы деп ойлогон.
***
Кечээ доктур “эртең чыгарам” деген. Кайненесине чалса кайнежеси алып: “Макул, апам азыр бошобой жатат. Барабыз”, - деп кыска жооп берген. Анан жолдошуна чалды. Кечээ гудок кетип, бирок албай жаткан, бүгүн биротоло өчүк. Таарынып калды. Кеч киргенче көгөрүп таарынып олтуруп, акыры эч ким чалбаганда дагы кайненесине чалып күйөөсүн сураган. Алар дагы деле кыска жооп кылып Атайдын телефону бузулуп калганын, өзү жумуштарынан эч бошобой жатканын айтышкан. Келин биринчи жолу күйөөсүн эртелеп көргүсү келип, ага болгон таттуу сагынычы менен уктады. Тилегин таш каап эртеси да келген жок Атай. Анын ордуна Атайдан беш, өзүнөн сегиз жашка улуу кайнагасы Абай келиптир. Ал эмдигиче турмуш кура элек. Кайненеси да жок экен, кайнежеси уулун, кайнагасы уулу экөөнүн документтерин алды да, үйгө жөнөштү. Жанатан алардын кабагынан бир жамандыкты сезип турган келин күйөөсүн сураганда кайнагасы: “Аны үйгө барганда билесиң”, - деп бурк этип койгон. Кайнежеси болсо терезеден көзүн албай тирмиет. Мындай суз абал эмес, жай күндө да алардан айбыгып турчу келин кайтарып суроо салбай үйгө жетүүгө ашыкты.
***
– Айланайын кулунуум аай, айланайын чырагым. Эмне минтип сыздаттың, балаң менен жаркыраган Шоолаңды кимге калтырдың? – үй алдындагы боз үйдү көрүп денеси титиреп келе жаткан Шоола машинеден түшүп эле кайненесинин үнүн жазбай тааныды. Эмне окуя болгонун билип турганы менен ишене албай, баласына да карабай боз үйгө жүгүрүп кирди.
– Ырысыбыз жок тура, кагылайыным. Атайдан айрылып калбадыкпы. Атайың жок калбадыңбы, у-у-ууу-у.
– Атай бузулган патронду оңдойм деп жатып токко урунуптур, - деди бир үн. Өзүнүн бир тууган жалгыз эжеси да ушул жерде экен.
***
Ошентип, Шоола жыйырмага чыга элегинде уулу жарыкка келген күнү жаңы гана көнүшүп, жаңы гана сүйүшүп калган Атайынан ажыраган. Жаш неменин келечек тууралуу ойлонууга чамасы келбеди, акылы жетпеди. Кыркына чейин баласы менен кошо ыйлап, кошо сооронуп атып кантип уулу бир айга толгонун билбей да калды. Атайдын кыркылыгы берилип, келген-кеткендин аягы сууп калганда ата-энеси келди. Шоола алар келгенде бул үйдөн кетет экенмин деп ойлогон. Бирок баары тескери болду.
– Чакыртыпсыз, куда.
– Чакырдык, алдыңда кулдугум бар, айланайын Сыргак. Бул кылганыбызды туура эмес десең, башым алдыңда турат, каалаганыңдай тилде, көтөрөм. Туура десең, куда бойдон калабыз. Уулумдан айрылып, кайра эле уул таптым. Биринчи жолу чоң ата болдум. Бирок эми ошол бактыбызды да жоготуп алабызбы деп кемпир экөөбүз түн уйкуну унуттук. Ырас, Шоолага айтууга эч кимибиз батына албай койдук. Акыры айтыла турган кепти ушул жерде баарыбыз олтурганда айталы деп атам.
Шооланын ата-энеси баш ийкеп гана олтурушту. Каргылданган үн кебин улады:
– Атайымдан айрылсак, Абайым бар. Шооланы калтырып кеткиле. Шоола биротоло биздин кыз болсун, - жанатан үнүн чыгарбай солкулдап ыйлаган кудагыйын соорото колун сылап олтурган Шооланын энеси чок баскандай боло түштү.
– Кайнагасына да кыйчу беле?
– Айланайын, башыбызга бул каран түн түшпөсө элде жок ишти кылат белек. Кагылайын кудагый, Шоола деле менин бир балам болуп калды. Ары колунда уулумдун уулу турат. Абай деле ага ата эмеспи. “Жок” дебегиле, – эненин сыздаган ыйын эч ким сооротподу.
Шоола мындай кеп болот деп эч ойлонгон эмес. Атайдан айрылганы ал келечек, эртең тууралуу ойлонгонду койгон. Бир ооз кеп чыгарбай ыйлап гана олтуруп берди. Бир тууганынан айрылган Абай келининин “балага жалаяк ала келиңиз”, “балага сүт ала келиңиз” деген ар бир кайрылуусунда ага тартылып, бактысыз калган жанды кантип бактылуу кылуунун жолун ойлонуп жүрүп бул ойду өзү ортого салганы ата-энесинен башкага сыр болуп калды. Куда-кудагыйлардын ал күнкү жолугушуусу Абайдын: “Шооланын бактысы менин колумда болсун. Убада берем”, - деген кеби менен аяктады.
***
Бул иш Атайдын жылдыгынан кийин ачыкка чыкты. Ансыз да жаш келиндин ар кадамын аңдый карап жүргөн элдин ичи уу-дуу кеп болду. Бири “туура кылышты. Жаш немени жесир дедиртпей” дешсе, бири “бул эмне деген бузукулук” деп бетин чойгон болушту. Андай айыңдар Шоолага да угулуп турду. Бирок ал кабагым-кашым деген жок. Эки балага эне болгонго чейин ал жашоосунда эч унутулгус бир жаман түш көргөндөй болот. Атайын дайыма жанымда деп кабыл алат. Болгону азыр анын аты Абай.

Мунара Сапарова
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#330 Пользователь офлайн   belka   10 Октябрь 2016 - 18:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Өгөй


“Токтомамат үйлөнөт имиш, капырай, жаштардай той бергени жатыптыр” деген кабар чакан айылды заматта шамалдай аралап, элдин баары той болчу күндү күтүп калышты. Чын эле Токтомамат айылдаштарын, тууган-уругун шаар ичиндеги жакшы ресторанга чакырды. Стол үстү тамак-аштан титирейт.
– Ай-ий, келин мынча жаш, - деди оозун тыя албаган бирөө эки жаш үйлөнгөндөр кирип келгенде. Күйөөнүн жүзүндө эч кандай кысынуу жок эле, тескерисинче, сыймыктанып, жаш келинчеги менен мактанып, ал тургай, бактысы көөдөнүнө сыйбай тургансып көрүндү. Той аябай шатыра-шатман болбосо да бүт орду менен өтөлгөн каадасы, салты, кенен дасторкону, салабаттуулугу менен элдин эсинде калды. Айылдаштарга бир айдай чыбыктай келин кирип-чыккан короо кызык көрүнүп, гүлгө оронгон, айылдагы үйлөрдүн эң алды болгон бийик чатырлуу үй өзүнө тартып, анан акырындап кызыгы тарап жашоо нугуна түшкөн эле.
***
Ошол күндөрү Токтомаматтан бактылуу адам жок эле. Үлбүрөгөн келинчегинин бооруна тартса эле алчадай кызарып, бирок каршылык да кылбай калчылдай туруп бергени жагат. Бирок каран калгыр мезгил деген өз билгенин бербейт тура. Токтомамат келиндин каалоосун толук канааттандыра албай калганын чыңалган денеси толук жазылбай, таарынгандай унчукпай жаздыкка кулаганынан эле туюп ичи ирип жүрдү.
– Арууке, эмне уйкуң келдиби? - дейт анан келинди кепке тартмакка. Арууке унчукпай улутунат. "Кайдагы уйку" дейт жаш келин ичинен солуктай. Арууке бара-бара көнүп да калгансыды. Келинди кареги менен тең айланган мамиле, айтканы айткандай аткарылган бардар жашоо жоошутту. Эгер бир окуя болбогондо келин биротоло тагдырына баш иет беле, ай, ким билет...
– Арууке, камданагой, жарыгым, бүгүн Азат келет, - деди сырттан кирген Токтомамат калдаңдап. "Азат ким эле?" дей албай элейди жаш келин. Кыраакы күйөөсү келиндин суроосун дароо туюп жаркырай күлдү.
– Менин Лондондогу уулум.
Арууке суз гана баш ийкеп койду. Токтомамат келинчегин имере кучактап өөп койду да, - сен дасторкон камын көрө бер, мен тоодон козу алдырайын, - деп сыртка шашты. Арууке унчукпай өз милдетине киришти.
Келин дасторкон жасаганды жакшы көрөт. Айрыкча сайма сайган дилине жакын. Кээде алда неге, али өзү биле элек бир көксөөгө дили кусаланганда сайма саят. Ошондо гана дили буктан бошонуп, канчалык өз үйүндөй көрөйүн десе да жүрөгүн тумчуктуруп турган ушул үйдүн аурасынан алыстап, апасы бар кездеги балалыгына кайра баргансып жеңилдейт. Апасы бар кезде кандай жакшы эле, тилеги, максаты көп болчу. Анан апасы кайтыш болору менен баары дилден кар эригендей кайып болду. Какшанган өгөй эне баарын туш-тушка чачты го, атаганат. Чүргөөдө калган инисин таежеси буркурап ыйлап көтөрүп кетти, агасын алысыраак таякеси учкаштырып кеткен бойдон көрө элек. А өзүн кор болуп колу туурулуп, жону менен дили өгөйдүн заар тили, уу таягынан тилинип жүргөндө конокко барып бир көргөн ушул абышкасына атасы карызынан кутулгандай кубанып кармата берди. Эч ким кыздын макулдугун, каалоосун сураган жок. Бирок өзү деле каршылык кылайын деп ойлонгонго шаасы жетмек эмес. Ага өз үйүндөгү азаптан көрө алдыдагы белгисиз жашоо, ушул атасындай бейтааныш эркек жакын сезилди. Аруукенин оюн сырттагы катуу келген машиненин үнү, бакылдаган сүйлөшүүлөр бузуп кетти.
– Арууке, Аруу, суу алып чык чыныга, - деди абышкасы сырттан эле бакылдап. Келин шашып калды. Анан эсине келе чыныга суу көтөрүп чыгып баратып узун бойлуу жигит менен сүзүшүп кете жаздады.
– Азат, бул Арууке, сенин жаңы... - Токтомамат "апаң" дейин дедиби, оозу ушул сөздү айтчудай эптелип келатканда келиндин кысынган, тартынган көздөрүн көрүп тыйылып калды.
– Саламатсызбы. .. - Азат муздак учурашты да, абдыраган келиндин колундагы чыныны алып атасына сунду. Атасы сууну баласынын башынан айлантып, түкүртүп, анан алыс чачып жиберди. Чөгөлөй отурган Азат унчукпай ордунан турду да, келинди басынта карап:
– Таанышып алалы, мен бул кишинин уулумун, атым Азат, жашым жыйырма жетиде. А сиз кимсиз, жашыңыз канчада, бизге ким болосуз? Үй кызматчыбы, секретаршабы, же...
Келин не дээрин билбей абышкасын карады.
– Бул Арууке дебедимби, Азат, кантесиң, кир үйгө, анан кенен тааныша бересиң, - деди абалды жумшартып. Арууке шуу үшкүрүп жиберди. Дасторкон үстүндө да кеп жалганган жок. Азат гана ардемени атасына айтып берип, а Аруукенин бар-жогун унутуп калгандай карап да койгон жок. Аруукенин чыгып кеткенге да кудурети жетпей, шиште отургандай заарканып мукурады.
– Рахмат, ата, мен эс алайын, - деди Азат бир кезде.
– Эт бышып калды, уулум.
– Ата, мен чарчадым, этти эртең да жей беребиз, - Азат шарт туруп өзүнүн бөлмөсүнө кирип кетти.
– Мени жаман көрүп, бизди күнөөлөп жатат, - деди келин ыйдан муунуп.
– Сени неге жаман көрмөк эле? Апасынын көзү өткөнүнө алты жыл болду. Апасы кайтыш болгондо келген бойдон бир кабар алган жок, мага да жашоо керек, бизди эмне деп күнөөлөмөк эле, - Токтомамат актанып жаткансып сүйлөдү. Биринчи жолу ошол түнү Токтомамат менен келинчеги эки башка бөлмөдө жатышты. Келин күйөөсүнүн койнуна киргенге даай албады, а Токтомамат өз бөлмөсүнөн бир чыгып койбогон уулунан тартынды.
Арууке таң атпай гүлдөргө суу чачып жүргөн.
– Апам да гүлдү жакшы көрчү, апамдын гүлдөрү ошол бойдон экен, - деген үндөн чочуп жалт карады. Азат муңайым, кусалуу карап туруптур.
– Менин апам да гүлдөрдү абдан жакшы көрчү. Ападан айрылган кандай оор экенин билем. Мен он бирге чыкканда апам төрөттөн каза болгон. Иним аман калып, апам кан токтобой ошондон кетти. Эгер апам тирүү болсо, мен бул үйгө келмек эмесмин. Кечирип кой...
– Мен сени жаман көргөн жокмун, аяп жатам.
– Эмнеге, мага бул жерде жакшы, эч ким урушпайт...
– Канчага чыктың?
– Жыйырмага.
– Ничего себе, атамдан отуз жаш кичүүсүңбү?
– Эмне экен, бара-бара тең көрүнүп калабыз.
– Муну сага атам айттыбы, же сенин атаң айттыбы?
– Эч ким айткан жок, өзүм билем, - Арууке ызаланып кетти. Өзүн узатып жатканда көзү жашылданган атасы белине ак курчап жатып каргылдана: "Эч нерсе эмес, кулунум, бара-бара тең көрүнүп каласыңар" , - деген эле.
– Кечирип кой, сага жакса болду, мага баары бир. Мен жакында кайра кетем.
Арууке ары басып кетти. Азат унчукпай тамеки жандырып, арык ийиндерин ишенимсиз кысып алып басып бараткан аялды узата карап турду.
Ошол күнү кечинде Токтомамат чоң машинеге чөп алып келди.
– Ата, мунун баарын кантип киргизебиз, жардамчы чакырсаңыз болмок экен, - деди Азат тоодой болуп үйүлүп жаткан чөптү жүрөксүй карап.
– Сен барсың, мен турам, Арууке жардамдашат. Ээ балам, азыр адамдардан нысап кеткен, жардамга чакырсаң акысын сурайт.
– Кызыксыз, сурайт да, ата, эмгек төлөнүш керек.
– Ушу батыштын таасири баарын кылган, биз илгери айылдаштарга акысы жок эле жардам берчүбүз. Өзүбүз эле киргизип алабыз ээ, Арууке? - деди четте турган келинди карап. Арууке унчукпай бешиликти алып чөптү киргизип баштады. Ата-бала бири-бирин карап алды да, алар да келинге жардамдаша башташты. Түшкү тамакты да унчукпай ичишти. Негедир сүйлөшүү азыр маанисиздей эле. Алар таарынышкандай сүйлөшпөй кайра жумушка киришишти. Азат шыпылдай, эч бир кыйналбай, эч бир чарчабай иштеп жаткан келинди улам карап коёт. Бир кезде ай чыкты. Ай дем бергенсип негедир кыймылдар жанданды. Ай тоолордон кыңкайганда чөптү киргизип бүтүштү.
– Мына, “Көз коркок, кол баатыр” деп ушуну айтат. Сен корктуң эле. Эч кимге жалдырабай, эч кимге акча коротпой киргизип алдык, - деди Токтомамат корстон боло. Арууке ары басып кетти. Ага жумуштун бүткөн-бүтпөгөнү эмес, убакыттын өткөнү маанилүүдөй. Азат колдорунун ачышып жатканына чыдабай үйгө кирип аптечканы ачып колун таңганы жаткан. Эшик "шырп" этти. Азат жалт карап жалгыз турган Аруукени көрдү. Келин унчукпай келип Азаттын колдорун таңып кирди. Кыпкызыл болуп сыйрылган алаканын бир аз туурулган, катып калса да алда кандай назиктик туюлган колдору менен апасындай, жок, андан башкача, алда кандай табышмактуу мээрим менен таңып жатты. Апасынын мээрими жөпжөнөкөй, түшүнүктүү болчу, а бул мээрим табышмактуу да, коркунучтуу да, ошол эле учурда башкача бир жагымдуу эле.
– Арууке, кайда жоголуп кеттиң? - бул копол үндөн ортодогу түшүнүксүз, табышмактуу мээрим сынып, чачырап кеткенсиди.
– Мен мындамын, Азаттын колун таңып бердим.
– Аа, атаңдын оозун урайын ак кол десе, колу кабаарып кетиптирби? - деди атасы бейкапардай. Бирок үн тереңинде бир дүрбөлөң, тынчсыздануу бар эле.
Ошол түнү Арууке бир сайма сайды. Саймада үйүлгөн чөп, тоолордон ары кыңкайган ай, анан айды карап турган караан бар эле.
Арууке түн жарымда күйөөсүнүн каргылдана чакырган үнүнөн ойгонду. Келин шашып кирди. Токтомамат кара терге түшүп онтоп жатыптыр.
– Эмне болду? - деди келин үйрүлүп.
– Ичим чыдатпай жатат, Азатты ойгот, машинени от алдырсын, - деди онтоо аралаш. Келин Азат жаткан бөлмөгө ич көйнөкчөн кирип барды. Азат уктабай терезеде айды карап отуруптур. Ал эшиктин шооратынан шарт бурулду да, жука тор жакадан көрүнүп турган келиндин тумсак көкүрөгүнө көзү түштү.
– Азат, атаң ооруп жатат, - деди шашкалактап. Азат келинден көз ала албай жалдырады, - Азат, машинени от алдыр, - деди келин Азаттын көздөрү кайда түшүп турганына баамы жетип колу менен көкүрөгүн калкалады.
Азат ошондо гана эсине келгендей сыртка шашты.
Токтомаматтын сокур ичегиси жарылып кетип, ары толук, жашы өтүп калган неменин жарааты бүтпөй бир айдан ашык жатып калды. Оболу күн сайын келген келинчеги бир күнү келбей калды да, эртеси көзү бир жерге токтобой, каректери күнөөдөн, ошол эле учурда ичине батпаган, ичине эле эмес, ааламга батпаган бактысынан күйүп-жанып келди да, кайра кайрылбады. Токтомамат үйгө келгенде "ата, биз кеттик, мен өз бактымдан баш тарта албадым. Сен апамды эч качан бактылуу кылган эмессиң. Ар дайым сенин жаш секретаршаларыңдан, түрдүү ушак менен шылдыңдан, атыр жыттанып кеч келген басынтууларыңдан оорукчан болуп жаш кетти. Ырас, биз тамак-аштан, кийим-кечеден кем болгон жокпуз. Бирок бизге аталык, күйөөлүк мээрим кем болду. Мен дагы бир аялдын бактысыз болуусун каалабайм. Арууке сиз менен бактысыз, сизди да бактылуу кыла албайт. Ата, бизге уруксат бериңиз. Мени кечириңиз. Аруукени сүйүп калганым үчүн, ошол сезимден баш тарта албаганым үчүн кечириңиз, ата" деген бир барак кагаз тосуп алды.


Айжаркын ЭРГЕШОВА
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#331 Пользователь офлайн   belka   13 Октябрь 2016 - 22:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

КУТТУРГОН КУЗ


Күз. Куду жашоонун өзүндөй миң түркүн боёкко чүмкөнгөн керемет күз. Өзүнө куюп койгондой окшош баланы жетелеген узун бойлуу, чачын бир аз буурул аралаган эркек ойлуу келатты. Күзбү, же тек гана жашоо ойго салдыбы, айтор, эркек абдан ойлуу эле. Бир кезде уулу улам эле артына кылчактап бирөөнү карап жатканын байкады.
– Жоодар, мектептен кечигебиз, уулум, тез-тез бас.
– Ата, менин досум да келе жатат, күтүп туралычы, - деди бала кыйылып. Эркек аргасыз токтоп артын карады. Баласы курдуу кара тоголок уул баланы жетелеген ак жуумал келин келе жатыптыр. Келин жумшак жылмайып иймене учурашкандай баш ийкеди.
– Уулум досумду күтөлү дейт, - деди эркек келинден тартынып турса да, эркектик кылып озунуп кеп баштап. Келин кайра үнсүз жылмайды. Эки бала божурашып сүйлөшүп, алда нени кызуу талкуулап баратышты.
– Менин атым Эрнис, - деди эркек акырын.
– Таңсулуу, - келин дагы эле ийменип турду.
Ошол күндөн баштап экөө балдарынын каалоосу менен дээрлик күн сайын жолугушат. Же Эрнистин уулу күтөт, же тиги келиндин болтойгон кара баласы жолдон тосуп турган болот. Күн сайын келин тек гана уяң жылмайып баш ийкеп, эркек ага жооп кылып жылмаят. Бара-бара жылмаюулар сөзгө өттү. Күндөн-күнгө мектепке барчу жол кыскарып баратты. Бир күнү балдарын жеткирип кайтып келе жатып Эрнис:
– Таңсулуу, эртең менен уктап калып, биз чай ичпей калганбыз, кичине шам-шум этип алалы, кандай дейсиң? - деди келин макул болбой койсо кантем дегендей тынчсыздана. Таңсулуу кыйыла түшүп, анан макул болду.
– Апаңар жок уктап калгансыңар го, бир жакка кетти беле? - деди Таңсулуу чайды ууртап жатып. Эрнис эми эле ууртаган чайына чакап кетти.
– Апам айылга кетти эле... - деди жүз аарчы менен оозун аарчып жатып.
– Апам?..
– Жоодарбектин апасы эки айлыгында кетип калган, баланы апам экөөбүз чоңойттук.
– Кантип баласын таштап кетти? - Келиндин көзү чоңоюп, эриндери калтырап кетти.
– Балдар менен "бир айдын ичинде үйлөнөм" деп мелдешип кетип эле уулумдун апасын шашып ала качып алгам. Мелдешерин мелдешип алып жүрө берипмин, бир күнү эле досум: "Бир жума калды, бир айда үйлөнбөсөм атымды башка коюп, бул айылдан көчүп кетем дебедиң беле?" - дейт. Бир жума издеп таппадык, ары шашканда табылбай калат тура. Анан акыркы күнү кечке жуук досум экөөбүз биринчи жолуккан кызды ала качып кетебиз деп чечтик. Биринчи жолуккан кыз Мира болду. Мира жаман адам эмес болчу, бирок абдан көк бет эле. Бирдемеге таарынса, керек болсо айлап сүйлөбөй койчу. Ал тургай бир жолу апама таарынып үч күн тамак ичпей жатып алды. Ошондо байкуш апам: "Жалгыз уул болсоң, анан аялың минтип көк болсо, кантер экенсиң. Бул ачка өлсө деле жата бергидей" , - деп кейип, өзү кечирим сурап жатып араң таарынычын жаздык. Балалуу болгондо калар деп күттүк, бирок балалуу болгондо, тескерисинче күчөдү. Болор-болбоско таарынып сүйлөбөгөнү көбөйдү. Апамды билбейм, мен кадимкидей заарканып калдым.
Жоодар эки айлык кезинде кыштын күнү төркүнүнө барам дегенинен "бала кичине торолсун, азыр суукка урунуп калат" десем көгөрүп жөнөп алды. Кой десем көнбөсүнө көзүм жеткенде: "Баланы таштап кет, өзүң болсо качан каалаган учурда кел", - деп Жоодарды алып калдым. Ошол бойдон кайрылган жок. Билип эле жүрдүм, мени же апамды келет деп күттү. Апам: "Тим кой, балам, энелик мээрими көктүгүн жеңсе келет, келбесе саткай сарым, баланы багып алабыз", - деп койду. Уулум эмчек самап ыйлаган уйкусуз түндөрдө чачы аппак болуп, чарчаган апамды аяп баргым келчү. Бирок апам: "Сени эркек дейт, аялчалык эркиң жокпу?!" деп намыстантып койду. Жоодар бир жаштан өткөндө кайненем келип кызынын талагын, берген төшөнчү-орундугун, кийим-кечесин алып кетти. Ошондо биротоло үмүтүм үзүлдү.
Ушул күн экөөнүн арасын бир топ жакындатып койду. Эми балдар эле эмес, экөө да бири-бирин тымызын күтүшчү болду.
Түн жарымда чырылдаган телефондун үнүнөн чочуп ойгонгон Таңсулуу коркуп кетти.
– Алло?
– Таңсулуу, кечирип кой, мен Эрнис, апамдын ашказанындагы жарааты ачылып кетип, азыр операцияга алып кирип баратышат. Жоодар үйдө жалгыз эле, эрте менен мектепке ала бара аласыңарбы? Апам жакшы болгондо чалам, кокус жетише албай калсам, мектептен алып үйгө жеткирип койсоңор өзү отура берет, - деди каргылданып.
– Макул, даректи айтсаңар. Силер камсанабай апанын жанында боло бергиле. Мектептен кийин үйгө алып кетем, балам абдан кубанат, - деди келин. Таңсулуу эрте менен айтылган даректен Жоодарды алып кетти. Бала келиндин айтканын дароо жасап, кийимдерин өзү эле кийип, бир кежирленбей тыпылдап көндү. "Байкушум ай, эркелери болбосо ушул да" деди ичи сыйрылып. Эрте менен турганда кежирленип, уйкусу ачылбай ар нерсени шылтоолоп ыйлактаган уулун карап койду.
Эки баланы алганы барган келин жетелешип алып келе жаткан экөөнү көрүп ичи жылый жалынып койду.
– Атам келбедиби? - деди Жоодар келиндин көзүн карап.
– Сен биздикине барып тур, атаң ошол жактан алып кетет, макулбу? Самат экөөңөр ойнойсуңар, -деди келин баланын болтойгон колдорун мээрим менен кармалап. Бала унчукпай элпек баш ийкеди, а Самат ураалап кыйкырып, жер тепкилеп жиберди. Келин экөөнө тамак берип, Самат менен кошо жуунтуп, уулунун кийимдерин кийгизип жаткырып койду. Эртеси дем алыш болчу, эми эле туруп балдарды ойготпойун деп казан-аягын кылдыратып тамак жасап жатканда эшик тыкылдады.
– Ким? - деди келин акырын.
– Таңсулуу, мен, - деди эркектин үнү. Келин Эрнисти дароо таанып, ал тургай бир аз кубанып да кетти. Босогодо сакалы өсүп, көзү киртийген Эрнис турду.
– Келиңиз, апаңыз жакшыбы?
– Кудайга шүгүр, жакшы, операция оор болду, бирок баары артта калды.
Эрнистин үнүнөн абдан чарчаганы билинип турду.
– Мен ушерден эле Жоодарды алып кетейин, силерди да убара кылдым, - деди батына бербей.
– Балдар уктап жатышат, кириңиз, чай ичкенче ойгонушат.
Келин ичкери баштады. Үй ичи жупуну, бирок абдан таза, баары орду-ордунда экен. Эрнис жүдөгөн үстү-башынан тартына туруп калды. Келин астейдил чай куюп:
– Балдарга жасадым эле, - деди алдына тамак коюп жатып. Эрнис башкача бир жылуулукту туйду, ошол жылуулуктан чарчаган, уйку көрбөй жанчылган денеси жайылып магдырап отурду. Ушуга чейин келиндин күйөөсү тууралуу сөз болбогон үчүн сурагандан тартынып отурду.
– Тамак абдан даамдуу болуптур, биз кетели, атаңар жаман ойлоп калбасын...
– Биздин атабыз жок, камсанабаңыз. Балдар уктап алсын, ансыз деле таң атпай турушат, байкуштар,-деди Эрнистин сөзүн бөлүп. Эрнистин жүрөгү туйлай ичинен бир серпилип алды.
– Атаңар кайда? -деди акырын.
– Көп болду, ажырашып кеткенбиз. Турар экөөбүз көп убакыт кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Мен анын апасына жакпай калганымды биринчи жолугууда эле сезсем да, Турардан ажырагым келбей, бара-бара көнүп кетебиз деп ойлодум. Бирок биз көпкө жашай албадык. Алар мени кабыл алмак түгүл, адам катары санашкан жок. Кийген кийимиме, сүйлөгөн сөзүмө, жасаган тамагыма чейин кайын сиңдилерим баш боло киришип, жашоо тозокко айланды. Ачык эле теңине албай кемсинткен какшыктардан чүнчүп бараттым. Мурда менин таламымды талашып калчу Турар кийинчерээк ичип, кайра мага асылчу болду. Ашыкча экениме көзүм жеткенде кетип калдым. Кыргызда бекеринен "тең-теңи менен" дебейт тура. Кош бойлуу экенимди ажырашкандан кийин билдим, бирок бала менен байлангым келген жок. - Келин адатынча жумшак иймене жылмайды. Келиндин ууртундагы жылмаюусу таңга окшош эле. Эрнис келинди карап туруп "Таңсулуу, сен аткан таңга окшошсуң" дегиси келди... Анын мээрими, жылуу сөздөрү тоңуп калган жүрөгүн жылытып, жан дүйнөсүн кубанычка толтурду. Ушундай жароокер жанга кезиктиргени үчүн периштедей уулуна ичинен рахмат айтып, келечеги жөнүндө таттуу кыялдарга жетеленди.
Бир кезде чурулдап балдар да турду. Кечээ эле унчукпай болтойгон Жоодардын үнү бек чыгып, бозоро түшкөн өңүнө кызыл жүгүрүп, көздөрү жайнап атасына эркелеп жатты.

Айжаркын Эргешова
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#332 Пользователь офлайн   rumaika5544   30 Октябрь 2016 - 21:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Белка айым,чооң рахмат! Даагы күтүп калам.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#333 Пользователь офлайн   Meerman   14 Ноябрь 2016 - 09:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 495
  • Катталган: 14 Апрель 14
  • Соңку аракети: 12 Окт 2020 23:09

ЭРКЕКТИК КАСИЕТ.
Эркексинби ? Эркектей болуп жур! Кандай гана абалга туш болбо эркектик касиетинди жоготпо. Айрыкча аял затынын алдында озундун эркек экенинди унутпа!


Мен бир жигитти суйуп калдым деп созун баштады сапарлаш таанышым. Суйгондо кандай эми. Экообуздун мамилебиз жакындагандан жакындап аны озубуз да сезбей калдык. Бассам турсам ал оюмдан кетпей, озумду жоготуп койдум. Ал дегенде жанымды бергенге да даяр элем. Акыры эмне болду? Акыры озумду ага арнадым.!! ! Ооба аны суйгонумдон. ,........аны жанымдан артык коруп суйгондуктон ушул ишке бардым.! Бирок менин бул кадамым оз тагдырыма балта чапты!


Бирок убагында куйутко алдырып ыйлагыным менен убакыт откон сайын мен бир нерсени тушундум.
-Жаным мен сени суйом дедим. Курган десе эркек башы менен мага назданат? Боюн которуп ата -энеси, туугандары, ага жакшы жердин кыздарын таап ага таанышууга сунуштап жатканын айтып мактанат!
Чалкалап жатып алып эжесинин тапкан кызы менен кантип таанышканын айтып алып кайра кайра ал кызды эскерип озунчо ар нерсени элестетип кулмундоп жыргап жатты.
-Менчи дедим.
- Сен озун кунолуусун дейт.
Акмак! Эркек башын менен озун жасаган ишти бир мага оодорып, менин алдымда кылыктуу кыздан бетер бой которуп, тыйтандап, намысы жок акылы томон айбан экенинди озун кайдан сезмек элен! Намысыма чыдабай кеттим
-Эмне ал кыздыкы алтындан бекен дедим? Же эмне менден башкага уйлонсон башына муйуз чыгабы дедим. Же бул дуйного туркук болуп каласынбы? дедим. Ырсалактап кулот. Ыржайган жузун коруп журогум муздай тушту. Козумдун жашын того ордумдан шарт турдум да чыгып кеттим! Кайрылбадым!


Ары жокко даба жок дегендей акыры уйундогулор тапкан кызга уйлонуптур. Башына муйуз деле чыкпаптыр. Суйролуп шумуройуп баягы керсейген абалы жок. Аны коруп озумо озум кыжырым келди. Ушул эркектик касиети жок акылы томонго канча нервимди кетирип, озумду озум басынтып жургон кундорумо жиним келди.
Азыр кудайга шугурмун. Жолдошум бар, ортобузда эки балабыз бар. Жолдошумдун экинчи турмушумун. Эл катары оокатыбыз бар. Ушунусуна да каниет !!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#334 Пользователь офлайн   Meerman   14 Ноябрь 2016 - 09:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 495
  • Катталган: 14 Апрель 14
  • Соңку аракети: 12 Окт 2020 23:09

КЫЗ-БАЛА БИРООГО АМАНАТ!


-Кыз баланы урба, теппе! Кыз баланы кордосон итке минген кембагал болосун! Омуру жарыбайсын! - деп чон энем раматылык биз кичинекей бала кезибизде менден чон агама коп айтып калаар эле. Эжем менен агам удаа чоноюшкан учун кээде экоо бир нерсени талашып деле чырдаша кетишчу. Кээде алышып да кетишчу. Эжем улуу болгону учун агамдын ага кучу жетпей калабы, айтор андайда агам ызасына чыдабай эжемди уруп же тээп жиберээр эле. Ал кездер алардын тезтиер убагы окшойт эле.
Бир куну атам менен апам уйдо жок кезде, баарыбыз дасторконду тегерене чон энем менен чогуу чай ичип отуруп калдык. Чон энем бизди, неберелерин тегерете тиктеп отуруп агама карады
- Балам, Сен эми чоноюп калдын. Эже карындаштарын менен урушуп талашканды токтотсончу. Сен деген уул баласын. Атандын ишенген, жолоноор таянары, артында калаар мураскери сен болосун! Кыздардын баары бой жеткенде куйоого тийип, бул уйдон кетишет деди. Биз унчукпай эле энемди тиктеп коюп угуп отурдук.


-Кыз бала деген бул - бироонун аманаты! Ошондуктан ага аяр мамиле жасап этиятташ керек. Аларды уруп-согуп сокконго эч кимдин акысы жок. Аларды кордогон адам эч качан жарыбайт. Кудайдын каарына калат. Себеби алар келечектеги Эне болушат!
Жараткан эгем биринчи эркекти жараткан экен. Эркекке баардык укукту берип, ага бардык нерсени баш ийдирткен. Бул жашоодо бардык нерсеге эркек эгедер! Ошол эркектин тукумун улаш учун,, ага жандаш, акыл насаатчы жардамчы кылып аялды мээримдуу назик кылып жаратыптыр. Аял киши ошол эркектин балдарын тороп, ак сутун эмизип аларды тарбиялап остурушу керек. Аялдын башы эркекке байланат. Анын жоопкерчилиги бут эркектин мойнунда болот.

Кыз баланы да тогуз ай бою боюна которуп омурткасы сыздап ЭНЕ торойт! ЭНЕ кызына мээримин тогуп, суйуп эркелетип бироо учун багып тарбиялап остурот! Даяр болуп бой жеткенде, аны бироого було кылып куйоого узатат. Ошондуктан кыз баланын убалы аябай чон болот! Себеби ал кызда канча жыл багып чонойткон ата-эненин ак мээнети бар! Кыздын убалынан коркуу керек! Аларды сыйлап, коргоп аярлап гана мамиле жасоо керек.


Чон энемдин ушул айткан создорунун чындыгын турмушта коп эле баамдап жургондоймун. Бирок тилекке каршы акыркы убакта кээ бироолордун буга тушунгулору келбегендей! Кыздын убалынан коркуу! деген ойду баары эле биле бербегендей. Айрыкча кыздарыбыздын моралдык жактан коп жапа чеккендерин бугунку кундо баарыбыз эле коруп журбойбузбу. Алар жонундо айтсан аягы жок арман тугобостур. Ошентсе да мен айылыбызда болуп откон бир окуяны айтып берейин. Бул иштин болуп отконуно коп жыл болду.


Анда биз мектепти аяктаганыбызга эки жыл убакыт болуп калган эле. Бизден бир кочо нары кочодо менин Омуркан деген классташ кызым жашайт. Алар карыган огой атасы, энеси, Омуркан болуп учоо кичинекей эски уйдо жашашчу. Омуркан биздин кочого тууганыныкына коп келип, алардын жумуштарына жардамдашып иштеп калаар эле. Ал тууганы бизден беш алты уй ылдыйда турушат. Колдорунда бар, бай адамдар. Алардын Касым деген кичуу баласы Омуркандан бир жашка улуу болчу. Эн кичуусу болуп эрке оскон Касым мектепти деле жакшы окуган жок. Кочодо балдар менен коп журчу.
Омуркан мектепти бутоор жылы огой атасынын козу отуп кетип, алар энеси экоо калышты. Мектепти аяктап классташтар баарыбыз туш тушка тарадык. Омуркан жалгыз энеси менен айылда калды. Мен да шаарда сдутент болуп экинчи курс болуп калган элем. Жайкы каникул башталып, мен айылга келсем айылда дуу-дуу соз журуп жатыптыр. Классташым Омуркандын, Касымдан боюнда болуп калыптыр. Уккан кулагыма ишенбей ошол кундору бассам турсам Омуркан оюумдан кетпей журду. Чындыгында ал андай жаман кыздардан эмес эле. Байкуш, Омуркан кантип Касымга алданып калды экен деп ойлодум.
Кандай болгонун билбейм, милициялар келишиптир. Анын устуно ал экоо туугандар болуп кетишкендиктен, аксакалдар ошентип чечишкенби? , айтор Омурканды Касымдын уйуно алып келип беришиптир. Келгенине бир жумадай болуп калган экен.
Мен кочодон алардын уйунун жанынан отуп баратып тандырга нан жаап жургон Омурканды коруп калдым. Байкуш башындагы эски жоолугунан чачтары чыгып журот. Эптеп эле арзан бир койнокту кийгизип коюшуптур. Ичи билинип жудоп калыптыр. Ал мени корбоду деле окшойт.
Ошол кундору Касым уялганынан кочого чыкпай уйдо жаткан имиш деп уктум. Ошол ишти жасагандан уялбаган Касым, Омурканга уйлонгондон уялганына эмне дейсин? Омурканды алар тенине алышпады. Тоготушпады. Эптеп анын бетин ачып, бир айга жетпеген убакыт отуп, ажырашты кылышып, кайра эле Омурканды уйуно жеткирип коюшту. Касымды шаарга окууга тапшырганы жонотуп жиберишти. Ошол бойдон ал копко чейин айылга келбей журду.


Эх! Аттин! Жаштык мастык дегендей, жаштар адашкан кундо да улуулар туура созду суйлоп, аларга туура акыл насаатын берсе, коп эле каталар тузолуп калат беле деп да ойлоп кетет экенсин. Кээде туруп энелерге деле тушунбой кетесин! Касымдын энеси Омурканды каралап, оз баласын актап ага чан жугузгусу келбеди. Айыптын баарын Омурканга койду. Кунаажын козун сузбосо, бука жибин узмок беле деп, куноонун баары Омурканда болуп калды. Ал бир эле Касым менен эмес, башка балдар менен да жатып жургон деген сыяктуу ушак создор айылга желдей тарады. Кайсыл соз чын, кайсыл соз жалган аны суруштургон эч ким жок. Эки адамдын башы бириккен жерде ушак создор кобойуп Омуркан жонундо соз кетти. Бирок! Омуркан Касымдын уйунон кеткенде, алардын уйунон Омуркан менен кошо кут кеткенин ал убакта эч ким билбеген эле!


Байкуш Омуркан! Ошол кундору ал кандай азаптанып, эмнелер жонундо ойлонуп жатканын бир кудай, бир озу билди. Олгонго жер каттуу болуп, бир жагы жалгыз апасын ойлоп эмне деген гана кундорду откоргонун озунон башка эч ким билбеди. Беш кол тен эмес дегендей, кээ бирки аялдар Омурканды кочодон корсо ал менен учурашпай айланып отушчу болду.
Ошентип журуп айы жеткенде Омуркан уул тороду.
Арадан эки жылдай убакыт отуп Касым шаарда окуп журуп, суйлошуп жургон кызын айылга алып келди. Апасы, эже женелери Келинге улпулдотуп ак жоолукту салышып, Касым экоону ырымдашып кайра кайра ысырыктап, мандайынан ооп айланып тегеренип жатышты. Тообо кылдым! Алардын айдай баласы Касымды Омуркан жаман атты кылгандай болушуп, ошол жаман кундордон кутулуп, ушундай жакшы кундорго жеткендерине суйунуп жатышты. Алар айылга дунгуротуп Касымга чоон той беришти. Уул келинин жасанта аппак той кийимдерин кийдиришип кооз жасалгаланган машина менен алар шаарга айланып ойноп келишти.

Омуркандын баласы чоноюп торт жаш болуп калганда, аны кошуна айылга эки уч аял алып токтобогон, бироого куйоого беришти. Багы жокко, дагы жок дегендей Омуркан ал жерден дагы жакшы кунду корбоду. Куйоосу коп ичет. Анан да заар кайнененин уу тилдерине чыдабады. Озунун жаман, алкаш баласы менен иши жок, Омуркандын башынан откоргон окуясын айтып, аны жаман жургон аягы суюк бузуку! деп коп тилдеп журду. Омуркан козунун жашын агызып ал жерде эки жылдай эптеп аран чыдады. Акыры болбогондо ал менен да ажырашып апасынын жанына келе берди. Бирок эмнеге экенин билбейм андан балалуу болбоду.


Ошондон бери арадан коп жылдар отту. Айылдагылардын копчулугу тиричилик оокаттын айынан талаалап ар кимиси ар шаарга кетишти. Мурдагы айылыбыз азыр кыйла озгоруптур. Чет жерден иштеп тапкан акчаларына жаны кооз уйлорду биринен бири жарыша салышып, ичтерин евро ремонт кылышып кочолорду ондошуп, бак теректерди когортуп, айылдын жашоосуна козун тойбой, суктанаарлык болуп калыптыр.
Мен да россияда журуп коптон бери айылга апамдардыкына бара элек болчумун. Быйыл жакшылап бир эс алып келейин деп кичуу кызымдын каникулу башталаары менен атайын кобуроок убакыт болуп, карыган ата-энемдин уйуно бардым. Айылды коруп суктанып кадимкидей эс алып калдым. Бир куну кочодо туугандардын уйуно басып бараткам. Кочонун этегинен алысыраактан мени коздой келе жатышкан эки аялды кордум. Аларга жакындаган сайын булар ким экен? деп тааныбай келаттым. Корсо ал Омуркан экен. Балпайып мандайы жаркырап кулуп турган Омурканды коруп аябай тан калдым. Устуно кийген таза койнок жоолуктары озуно сонун жарашып, алтындарды тагынып алыптыр. Эки жашка жакындап калган небересин коляскага отургузуп, туртуп алыптыр. Кайненесин колтуктай баскан ак жуздуу сулуучан келген келининин боюнда бар экени билинип турат.. Алар экоо кызуу суйлошуп кулуп келатышкан экен.
Биз учурашкан сон Омуркан мени кечкиге уйуно чайга чакырды.
-Келбей койбогун созсуз келгин деп ал кайра кайра дайындады.
Карасам биз ошол учурда Омуркан экообуз болгондо да Касымдын чоп басып, эскилиги жетип, эч ким жашабай калган уйунун тушунан жолугушкан экенбиз!


Кошуналардан Касым жонундо уктум. Анын ата-энесинин козу отуп кеткенине коп жыл болуп калыптыр. Заман оорлошуп уч балалуу болгондон кийин Касым да шаарга иштегени кетип, ал жактан башка бир аялдын устуно кирип уйлонуп алыптыр. Айылдагы аялы, жаш балдары менен аябай эле кыйналып эптеп чыдап, копко чейин Касымды кутуп жашап журуптур. Анын устуно Касым башынан эле жакшы иччу. Анын кийинки аялы акча кармап жургон неме окшойт. Ал Касымды кийинтип ичинтип, тарткан тамекисине чейин алып берет имиш.. Курсагы тойгонуна суйунуп балдары менен да иши болбой калган Касымды, бир туугандары кайра-кайра айылга чакыртып келтире албай коюшуптур. Ошентип акыры ал уйдон аялы да балдарын алып кетип калат. Азыркы кундо Касым эмне иш кылат, кайсы аялы менен жашайт аны эч ким билбейт.
Касымдын уйундо коптон бери эч ким жашабаган учун уйу упурай баштаптыр. Кооросун адам бою чоп басып, сарайынын дубалы кочуп жамгырга эзилип калыптыр.


Кечинде мен таттуулардан, шириндиктерден алып Омуркандыкына бардым. Анын короосу забор менен тосулуп баягы эски уй жок. Анын ордуна фундаментти бийик куюлган зангыраган чоон уй салыныптыр. Короосу таптаза тыкан болуп, гулдорду жайната эгип, алар кызыл тазыл болуп короого киргенде эле жыты буркурап турду. Уйунун тепкичтеринен баштап эле килемдер тошолуп, уйдун ичи азыркы евро стилде жасалгаланыптыр. Омуркан дасторконун жайнатып мени жакшы коноктоп экообуз копко чейин суйлошуп отурдук.
Омуркан ошол бойдон башка турмушка чыкпаптыр. Апасынын козу отуп кеткенден кийин Касымдан калган баласы экоо калышат. Белин бекем бууп Омуркан тиричилигин улантат. Баласы эстуу жакшы бала болуп чоноюптур. Ал мектепти бутуруп россияга иштеп, жоноткон акчаларына уй тургузушуптур. Сарай салышып мал койлорун кобойтуп, Омуркан айылдан башка эч жакка деле чыкпаптыр.
Келин алып той откоруп, элден батаа алып бугунку кундо неберелери менен алышып отурган Омурканды коруп, ичимден ага ыраазы болуп, чындап суктанып турдум. Убагында кандай кыйынчылыктарды откоруп, эмне деген гана ушак создор менен жабыркаган Омурканды бугун айылдагылар баары сыйлашып калыптыр.


Мен ошондон бери, Чон энемдин
- Кыздын убалы чон болот! Аны кордогон адам омуру жарыбайт деген создорун эстеп Омуркан менен Касымдын турмушун копко ойлонуп журдум.
Эгер аял кишиде уйлонуу укугу болгондо Омуркан ошондо жаман атка конбойт эле. Аял кишини кудайым баланы торогонду, аны эмизип чонойтконго жараткан! Омуркан башына тушкон туйшукко чыдап кудай алдында оз укугун аткарды окшойт. Ошол учун да, ага кудайым бугунку ырыстуу кунун буюруп отурса керек.


Ошондуктан айтаар элем. Кыз баланын убалынан корккула! Аларды аягыла деп!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#335 Пользователь офлайн   Monchoshka   14 Ноябрь 2016 - 18:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 335
  • Катталган: 05 Август 16
  • Соңку аракети: 07 Июл 2017 14:38

Мен да көп угуп калам ушул сөздү
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#336 Пользователь офлайн   mega777   15 Ноябрь 2016 - 11:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

"Кыз бала бирөөгө аманат"," Эркектик касиет"темалары менен бириктирилди.
Автор,ар бир чакан баян үчүн тема ача берүүнүн кажети жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#337 Пользователь офлайн   Medina87   20 Ноябрь 2016 - 18:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 101
  • Катталган: 05 Апрель 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алматы

Кыска бирок нуска ангемелер экен. Биринен сала бирин окуп атып убакыттын кандай отконун да билбей калыпмын.
Журогумдо кандайдыр оор жуктк алып салгансып женилдей туштум.
Дагы да ушундай таасирлуу чыгармаларды кутуу менен Авторго ийгилик каалайм!!
Тируучулуктун рахатын тартуулаган АТА -ЭНЕМЕ таазим!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#338 Пользователь офлайн   Syr_sandyk   25 Февраль 2017 - 22:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 695
  • Катталган: 11 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 13 Фев 2022 20:44
  • Жынысы:Белгисиз

Решат Нури ГҮНТЕКИН:«Туюк махабат»

АҢГЕМЕ

Түрк тилинен которгон:Таалай АБДИЕВ

Расим бир күнү кечке маал мектептен келип, бир кат таап алды. Өзүнө келиптир. Ичинде гүлдүү баракка жазылган ушул саптар бар экен: «Расим мырза, мен сизди көптөн бери сүйүп жүргөн бир жаш кызмын. Абдан сулуумун деп тартынбай эле айта алам. Сиздин сүйгөнүңүз, жубайыңыз болсом дегенде эки көзүм төрт. Бирок жашыбыз жетпегендиктен, бир нече жыл күтүшүбүз керек деп ойлойм. Азырынча сизге өзүмдү тааныштырбайм. Каттарыңызды … деген дарекке сурап алма кылып жөнөтүңүз. Атам абдан катаал киши, көчөгө көп чыгарбайт. Бирок бир күнү, балким, жолугуп да каларбыз. Өзүмдү азыртан эле сиздин сүйгөнүңүз, сөйкөлүү кызыңыз деп эсептегендиктен, сиз менен жолугууну уят, айып бир иш деп ойлобойм. Үйдө жалгыздыктан бук болом. Каттарыңыз мага жан эрмегим болор…»


Он алты жашка келген ар бир окуучу сыяктуу эле Расим үчүн да бул жашоодо бирөөнүн сүйгөнү болуп, аны сүйүүдөн артык эч нерсе жок эле. Катты окуур замат жүрөгү алоолой түштү. Өзү өмүрүндө көрбөгөн бул бейтааныш кызды элбе-делбе болуп катуу сүйүп калды. Кечинде киного бармак эле, барбады, бөлмөсүнө бекинип алып, өзүн сүйүп калган бул бийкечке келиштирип бир узун кат жазды.

Катты почто кутусуна салган сайын дароо он жашка чоңоё түшкөндөй керсейип калар эле. Атым Бедиа деген бул бийкеч Расимдин каттарына үзгүлтүксүз жооп жазып, эгер бир-эки күн кат жазбай калса, кыямат-кайым салчу: «Сизди канчалык сүйөрүн, сиздин каттарыңыздан башка көңүл жубатары жок экенин айткан бир байкуш кыздын эки көзүн төрт кылып күттүргөн туурабы? Анан калса каттарыңызды да ченеп-бычып кыска жазасыз. Дагы бир өтүнүчүм, каттарыңызды бир аз окула тургандай кылып жазасызбы?»

Боз улан кечинде эртелеп бөлмөсүнө кирип кетет да, ашыгына жагыш үчүн сааттар бою кайра-кайра көчүрүп, китептей узун каттарды жазчу. Бедиа анан калса ар нерсеге кызыккан дилгир кыз болуп чыкты. Кээде мындай суроолорду берет: «Үйлөнгөндө бал айыбызды өткөрүү үчүн Италияга барсакпы же Швецияга барсакпы? Бул эки өлкө кандай болду экен? Эли кантип жашап, эмне иш кылат болду экен? Ал жактарга барыш үчүн кайсы деңиздерден, кайсы өлкөлөрдөн өтүш керек?» Же болбосо: «Сен Абдүлхак Хамиттин «Эсберин» окудуңбу? Абдан жаккан жерлерин жазсаң, мен да окуюн…»

Боз улан кызына уят болбош үчүн география жана адабият китептерин аңтарып, ал сураган маалыматтарды топтоо үчүн күнү бою жан талашчу.

Бедиа бир катында ага минтип таарынды: «Сиз менен сөзсүз жолугайын деп кечээ мектептен кайтчу жолуңуздан күттүм. Бирок бир жаш кыздын сүйгөнү экениңизди унутуп, абдан жаман кийинип алыпсыз. Үстү-башыңыз, бут кийимиңиз баткак экен. Кичинекей баладай болуп досторуңуз менен алыштыңызбы? Муну көрүп, сизди уят болбосун деп, жаныңызга бара албадым.»

Расимдин өлбөгөн төрт шыйрагы калды, капа да болду. Ошол күндөн тартып абдан тыкан, таза кийине турган болду.

Бир жолу Бедиа анын мектептен чыгар менен үйгө кетпей, кечке чейин көчөдө жүргөнүн айтып даттанды. Өзү минтип ал деп үйдө ыйлап отурса, ал башка кыздар менен жүрөт болду бекен?

Расим бул дүйнөдө Бедиаман башка эч бир кызды сүйбөйм деп карганып кат жазды, көчөдө баса албай, кокусунан учураган кыздарга көзүнүн кыры менен да карай албай турган болду.

Бир күнү кечинде Расимдин апасы Недиме айым жубайы Ахмет мырзаны аза күткөндөй тосуп алды. Ыйламсырап: «Ах, мырзам, башка түшкөндү сураба. Уулубузга Бедиа деген бир балакет кыз жабышыптыр. Бүгүн Расимдин бөлмөсүн жыйыштырып жатып, каттарын таап алдым. Балабыз колдон чыгып баратыптыр. Бир айласын тап», – деп муңканды.

Ал эми Ахмет мырзанын эч бир кызыккан түрү көрүнбөйт, тескерисинче, кыт-кыт күлүп турат. «Коркпо, айым», – деди ал шыбырап. «Ага ашыктык каттарын жазган кыз менмин. Балабыздын жалкоолугу арткандан артып бараткан. Мектептеги мугалимдер да, мен да канча аракет кылганыбыз менен жакшыраак жазганды да үйрөтө албай койдук. Акырында ойлонуп отуруп ушул айланы таптым. Расимдин кызга кат жазып жүрүп жаңы жазууну үйрөнөрүнө, быйыл кийинки класска көчөрүнө ишенем. Чынын айтсам, мен да эски жазууну бир убакта сага кат жазып жүрүп үйрөнгөн элем.»
<
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#339 Пользователь офлайн   Syr_sandyk   27 Февраль 2017 - 23:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 695
  • Катталган: 11 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 13 Фев 2022 20:44
  • Жынысы:Белгисиз

Насыпбек АСАНБАЕВ: «Унутулган салт»


Ал күн эч качан эсимден кетпейт. Сыртта жамгыр нөшөрлөп куюп турган. Оорукананын узун, ээн коридору менен ак халатчан дарыгер мени көздөй басып келатты. Кудай ай, ошондогу убакыттын чоюлганын кантейин. Дарыгер кадам шилтеген сайын апакай халатынын этеги жайбаракат желп этип, өзү менен кошо делпилдеп келет. Ал дарыгердин да ошол күнкү элеси түбөлүк эсимде. Чыдамым кетип калган экен. Бутум ооруп турганына карабай тура жүгүрдүм. Жок, мен дагы каалгып калдым окшойт. Убакыт чиркин! Кыймылдын баарын ылдамдаткан да, жайлаткан да убакыт экенин чучугума чейин сездим ошо күнү.


Кулагым дүңгүрөп баратты. Үнүм кардыгып, оозуман дабыш чыкпайт. Алыстан эле кыйкырып баштадым. Бирок кыйкырыгым өзүмдүн кулагыма да жеткен жок. Дарыгер көптө араң жакындады мага. Кабагын ылдый салып ар бир тамгасын бирден айтып шыбырап турду. Ооба, мага ар бир тыбыш өзүнчө-өзүнчө келди. Акырын-акырын… «Б-и-з с-а-к-т-а-й а-л-б-а-й к-а-л-д-ы-к. К-а-й-р-а-т к-ы-л-ы-ң-ы-з». Мен түшүнгөн жокмун эмне дегенин. «Кабыл эмне болду? Ал жакшыбы?» деп сурай бердим. Ал мага башка эле бир нерсе тууралуу айтып жаткандай туюлду. Мен болсо «Кабылды айтыңызчы. Кабыл эмне болду?» деп эле чырылдай бердим…

Көрсө ошол күн жашоомдогу каргашанын башталган күнү экен. Тынымсыз чамынып жүрүп эми бир нерсеге жетинип калдык дегенде балдарым атасыз, төрүбүз ээсиз калды. Опол тоом урап, заманам куурулуп турган ал күндөрдү негедир сырттан карап турган көрүүчүдөй өткөрүп жаттым. Ал тургай кээде балдарыма да таң кала карайм. Алардын атакелеп ыйлаганы, кызымдын эсин жоготуп жыгылганы бүтүндөй тасмадан өтүп жаткансыйт. Кошуна келиндер айланчыктап жүрүшөт. Туугандар келишиптир. Бирок алардын баары тең эч бир максатсыз, туш келди басып жүргөндөй. Керек болсо сүйлөшкөндөрү да мааниси жок, байланышы жоктой сезилет. Акылыма эч нерсе чүргөлбөйт. Оюмда бир гана Кабыл. Ошол келсе эле баары ордуна келчүдөй сезилет. Ордуман туруп издеп жөнөйм.

Кудум баягы экөөбүз баратып авария болчуда, кыйрап жаткан машинадан эптеп сүйрөлүп чыгып аны издегендей темтелеңдеп издейм. Бири-бирине жабышып, эмнеси кимисиники экени билинбей калган эки машинаны тегерене басып, кайсы жеринен Кабылды сууруп чыгаарымды билбей чарк айланып жүргөндөй, тура калып издеп жөнөйм. Бирок баягы эле кыжылдаган кошуна келиндер, туугандар кармап калышат. Жөнөтүшпөйт. Тургузушпайт. Өзүм да түшүнбөйм. «Булар эмне болуп калган?» дейм. Кыжырым келип кээде урушам. Бирок алар мени укчудай түрү жок. Деги эле эч ким эч кимди укпай чурулдап атышат.

– Боз үй тигилдиби? – дейт бирөө.

– Машина келдиби? Базарга ким барат? – дейт дагы бири.

Дагы бирөө болсо казан издеп жүрөт. Дагы бирөө килем, кийиз сурап атат. Такыр түшүнүксүз. Бир гана Кабылды эстеген киши жок. «Ушунча топураган адам эмнеге чогулду? Бирөө да Кабылды эстеп койбойт ко булар» дейм. «Баягы эле көр оокат булардын ойлогону» дейм. Бирөө жүрөт шымаланып: «Кой алып келдим. Жүрүгүлө, сойо калалы» деп. «Койду эмнеге сойот?» деп койом. Бирок аларга сүйлөгүм да келбейт. Бат эле кымгуут болуп кетет. Кайра эле Кабылымды издеп жөнөйм. Бат эле баягы оорукананын узун коридору эсиме келет. Бат эле баягы авария болуп, автоунаалар балжа-булжа болуп жаткан жер көз алдыма тартылат. Анан эле Кабылды издеп жөнөйм. Кайра эле келиндер, туугандар жабылып калышат. Же мени тургузушпайт, же өздөрү издешпейт. Ошого туталанам. Урушам, ызаланам, ыйлайм…

Бир маалда боз үйгө киргизишти. Короого боз үй тигилип калыптыр. Бирок ичи көөдөй караңгы, суук экен. Мынчалык түрү суук боз үй көргөн эмесмин. Зордоп эле киргизишти. Деги мени ноктолоп алгандай эле ары-бери жетелеп жүрүшөт. Өз оюм менен эч нерсе кыла албай калдым. Кабыл ушул жерде деп айткандар да болду. Ошого да алаксып кирип келдим окшойт. Бирок Кабылым мындай куту качкан, аңгыраган боз үйдө эмне кылып отурмак эле. Тигинде балдары чырылдап отурат. «Барат эле да ошолорго» дейм. «Көргөзбөй эле койгулачы. Такыр таанылгыс болуп калыптыр» деди бирөө арттан. Бирөө болсо «Мейли, көрсүн. Биротоло көксүнү сууйт» деди. Кимге эмнени көргөзө албай жатышканын билгеним жок.

Бир маалда жетелеп келип капшыттагы килемди көтөрүп киргизишти. Сундуйган бирөө жаткан экен. Үстүндөгү жабууну ачып көргөзүштү. «Кабылың менен коштошуп кал, кургур» деди бирөө. Карс-курс эле дейт түштү туш тарап. Машина аласалып, айнектер чачырап кетти. Бул жолу боз үй да кошо тоголонуп баратты. «Машинабызда боз үй бар беле?» деген ой мээме зып эте калды ошондо. «Кокуй кармагыла! Эсин жоготуп койду. Суу!» деген үндөр алыстан угулуп барып дымырап калды. Өзүм эле калгансыдым. Машина көпкө чейин тоголонуп баратты. Бирок кайда чимирилбесин боз үйдүн түндүгүнө окшогон кайчылаш жыгачтар көз алдыман кеткен жок. Анан эле Кабыл эсиме келет. Ал руль кармап бараткан. Мен жанында отургам. Машина токтосо издеп келейин дейм. Айнектен чыгып кеттиби дейм. Курун тагынбай койгонун эстеп туталанам. Азыр тарта койсомбу деп далбастайм. Бирок өзүмдү кармай албайм. Машина тоголонуп баратты. Эки жакты караганга дарманым жок.

Бирдемени тырышып кармап алгам. Койо берсем эле машинадан чыгып кетчүдөй болом. Көз алдыман гана түндүк кетпейт. Кайда аласалсак деле түндүк кетпейт. Кээде кимдир бирөөлөрдүн чаң-чуң эткен үнү угула калат. «Колу карышып калды» деген үндөр жаңыра түшөт үзүл-кесил. Кимдин колу дейм. Кабылды карайм. Ал көрүнбөйт. Курун тартынбай койбоду беле деген ой кайра шып этип чүргөлө калат. Кайра эле курун тартайын дейм. Бирок колумду койо бергенден корком…

Көптө араң токтоду машина. Бирок негедир көп кишинин арасына токтоду. Жалаң аялдар экен. Кантип ушул жерге токтогонун түшүнбөйм. Булардын баары кайдан чыга калды? Маңдайымда боз үйдүн чамгарагы турат. Жанатан көз алдыма тартылып аткан түндүк дале маңдайымда турганын көрүп таңыркайм. Аялдар болсо өздөрүнчө күрү-гүү. Шыпшынып жүрөт кээ бири. Кээ бири бышактап ыйлап алган. «Дары иччи. Суу иччи» деп өнтөлөшөт. Бергенин ичип койдум. Тур дегенин угуп турам, отур деген жерине отурам. Көөдөй караңгы боз үйдүн ичинде капшытты карап отурдук. Жанымда эки аял бар. Бирөө тынбай уңулдап ыйлап атат. Жаным жер тарта баштады. Шылкылдап көзүм илинип бараткансыйм. «Кабыл келгиче уктабайын» деп койом кайра. Бирок болбойт. Арттан бирөөнүн «Ушунча дары бердик эми уктап кетер» дегени кулагыма илинди. «Кимди уктатып атышат?» дедим. Анан мемиреп кеткенсидим. Бирок түнү бою аварияга кабылып, Кабылды издеп чыктым. Улам эле зуулдаган бойдон келип алдыбыздан чыга калган машинага урунабыз. Анан ызы-чуу башталат. Тарса-турс болот да, машина айланып жөнөйт. Анан машинадан суурулуп чыгып Кабылды издейм…

Бир маалда бирөө оозума суу кармап турган экен. «Ме гой, мобуну ичип алчы» деп атыптыр суу кармаган аял. «Түнү менен жөөлүп чыкты, бечара» дейт нары жактан бирөө. Башым жарылчудай заңгырап ооруйт. Суу ууртайын дедим эле, жүрөгүм айланып туруп алды. Суу куюп келип бетимди жуушту. Ушул тапта сырттан бирөөнүн күбүрөгөн үнү угулду.

– Жеңем турдубу? Кишилер келе баштады. Тезирек мал сойбосок болбойт, – деди ал.

– Тиги аталаш агасы бар эмеспи. Ал эмне дейт? – деди нары жактан.

– Ал деле ылайыктуу малым жок деп койду.

– О кокуй! Анда эмне кылат элек? Малы жок болсо өзүн сойосуңарбы? !

– Омей! Кызык немесиз го! Союш керек да бирдеме. Ошо да болмок беле? Эл эмне дейт?!

Ушул жерден эсиме келип, бул жалган улана берээрин, тезирээк эсиме келбесем болбой турганын сезе баштадым. Бирок босогодон бопбоз болуп алы кетип, көзү тоодой шишиген кызым киргенде заманам кайра куурулуп, акыл-эсим кайра алай-дүлөй болуп кетти. Бечара кызым кирип эле «атакелеп» ыйлап келип алдыма кулады. Аялдар кайра чуру-чуу түшүп калды. Ошону менен кайра эле баягы авария, кайра эле баягы Кабылды издемей башталды. Колум дагы тырышып калыптыр. Курун тагайын дейм, колумду бошоткондон корком…

Бир топто тынчыды алай-дүлөй. Эсимди жоготуп, кайра эсиме келип атканымды эми байкадым. Болбосо жанатан бери окуялар бир заматта өзгөрүп кетип атканын түшүнбөй аткан болчумун. Көрсө эсимди жоготуп жаткан турбаймбы. Аялдардын жөлөк-таягы менен эптеп сыртка чыктым. Сыртта толтура киши жүрөт. Короодо боз үй тигилип турат. Тигинде кишилер мал союп атат. Кайсы малды, кайдан табышканы белгисиз. Жанында Кабылдын айылдаш кошуналары, тууган-уругу жүрөт. Илгеркисинче баркылдап сүйлөгөндөрү да бар.

– Оо, эки эли чыкты. Жакшы бээ экен. 20дай чучук чыгат буюрса, – деп күпүлдөп атат көрпө тебетей кийгени.

– 20 чучук жөн эле чыгат. Жаныш байке кыйын экен. Таап келе калганын карабайсыңбы. Жазында мындай семиз жылкы оңой менен табылбайт да, – деди жанында турган жашырак жигит.

– Кайдан тааптыр муну?

– Кабылдын уазы бар эмес беле. Ошону күрөөгө коюп акча алып келишти.

– Аа, мейли эми. Байкуш, көзү тирүүсүндө ошол уазы менен тирилик кылчу эле, эми көзү өткөндө да ишке жараган тура.

– Андан көрө ошонун акчасы жетиптирби?

– Кайдан жетсин? Үстүнө акча кошо турдум дейт. Кийин алаармын деди.

– Аа, ошентсин эми. Тууган дегендин ушундайда пайдасы тийбегенде качан тийет эле. Карызга берсе кийин ай бар, жыл бар, өндүрүп алаар.

– Ээх, бечаралар ансыз да ижарага алган бусиги менен кырсыкка кабылып турду эле, эми колундагы болгон быдырын ломбардка берип мал сойдуңарбы э?

– Омей, кызыксың го. Анан эмне кылат элек? Же сен таап бересиңби малды?!

– Жок эй. Мен кайдан таап берет элем?

– Ии анда унчукпай отур. Бул илгертен келаткан салт. Өлгөндө киши келет, мал союлат. Тууган-туушкан, куда-сөөк келет топо салганы. Анан алар эмне деп барат? Салт билбеген немелер дебейби?

Жүзүмдү чайып атканда алар ушунтип кобурашып атышты. Бирок көп деле маани бергеним жок. Кабылым жок болуп турган соң, эми мага баары бир эмеспи. Уазга кейийт белем. Кызымдан гана коркуп калдым. Байкушум жашабай жатып атасынан ажырады.

– Жоодар кайда? – дедим жанымда турган аялдан.

– Тигил үйдө го, – деп алаңдай жооп кайтарышты. Байкушум, али бала эмеспи. Ал кантти экен дегенди ойлогондо заманам дагы куурулуп, көзүм караңгылашып кетти. Бирок бул жолу эптеп өзүмдү кармап калдым. Жанымдагы аял да сезе койгондой эжекелеп жөлөй калып, жүзүмдү муздак суу менен сүртүп жиберди. Башым гана зыңылдай берди. Эптеп ордуман туруп, боз үйгө жөнөдүм. Сол тарабым бүтүндөй какшап ооруп турганын ошондо гана байкадым. Аварияда катуу урунсам керек…

* * *

Ошону менен бир канча күн кошок айтым. Үчүлүгү болду, жетилиги болду. Канча адам келип, канча киши топо салды билбейм. Топураган эле кишилер жүрдү сыртта. Баягыдан кийин дагы бир уй союшту. Анын акчасын өзүм таап бердим. Чогуу иштешкен санаалаш эже бар эле, ошол бирөөдөн пайызга таап бере калды. Ошого мал алып сойдук. Андан кийин туугандар, куда-сөөктүн кошумчасы деп узун тизме, бир канча акча карматышты. Анысы Кабылдын жайына анан дагы майда-чүйдөгө кетти.

Ошону менен өлгөндүн артынан өлө албай, кылдыратып жашообуз өтө баштады. Эл да тарады. Кыркылыгы өтүп, боз үй да чечилди. Чынын айтсам, бул күндөрдө мен өз үйүмдө эмес, бөлөк эле үйдө жүргөндөй болдум. Топураган эл кайсы тамактан жеп, кайда жатып атканын деле толук билгеним жок. Топурап эле келип кетип жүрүштү. Мен кошок айткан сайын өзөгүм өрттөнүп, жашоодон кеччүдөй араң отурдум.

Кийин билсем, ошол арада жумушуман да чыгарып коюшуптур. Ооба, айлап-айлап ишке чыкпаган жумушчунун кимге кереги бар дешсе керек. Уазды болсо ойлогон да жокмун. Жаныш ломбарддын кагазын карматып «50 миң төлөйт экенсиң. Ай сайын 3000ден берип тур» дегенде «макул» деп койгом. Ошону менен ал кагазы кайда калганын да билбейм. Барган да, чалган да жокмун. Ага бергидей акчам да, убактым да болгон жок.

Эч жакка чыккым келбейт. Өзүмчө калсам эле буркурап ыйлайм. Ыза болом. Туталанам. Жакшы нерсе болсо деле, жаман нерсе болсо деле буулугуп ыйлайм. «Ушуну Кабылым көрбөй калды» дейм. «Кабылым болсо эмне» дейм. Балдарды эптеп сабакка жөнөттүм. «Алаксыгыла, отурбагыла» дейм. Бирок аларым деле кыйратып алаксый албайт. Кызым деле, уулум деле таалайсыз калгандай, буркурап эле ыйлап жүрүшкөндөй сезилет. Кыркылыгы өтүп калганда баягы Жаныш келди. Куран окутту. Ал-жай сурашты. Анан бир маалда «баягыда бээ алганга 40 миң коштум эле. Ошол керек болуп калды» деди үңкүйүп отуруп. Алгач 40 миң оңойдой эле туюлду. Көп деле ойлонуп отурганым жок. «Макул, берели» дедим. Көрсө опол тооң кулап, аза күтүп турганда көзүңө башка нерсе көрүнбөй калат тура. Кийин издеп баштаганда сездим. Өзүмдүн бир эжемен башка жакын тууганым деле жок. Ал деле эл катары араң турат. Ошого айттым чү дегенде эле. Байкушум кейип-кепчип эле кетти. «Берем» дедим кийин. «Таап берем» дедим. Бирок ошондо биринчи жолу түшүндүм. Буга чейин үй-жайды кылдыратып турган Кабыл болчу. Машинасы менен базарга чыгып, эл ташып иштеп аткан. Эми анысы да жарабай калды. Эски уазы болсо жок болду. А менин айлыгым өп-чап эле азык-түлүккө жетчү. «Эми кайдан табам?» дедим ичимен.

Ошондо Кабылым дагы бир өлгөндөй болду. Түнү менен ыйлап чыктым. Жок дегенде эле тамыбыз өзүбүздүкү болсо эмне. Мында батирде турчубуз. Шаар четинен жер алып, пайдубалын тургузган элек. Аныбыз деле документи жок. Кайран Кабылым тирүү болгондо быйыл бүтүрүп кирип алсак, бара-бара документи деле бүтмөк. Үңкүр да болсо үйүбүз болбойт беле. Эжем араң 10 миң таап берди. Калганын бирөөдөн пайызга алып берейин деди эле жүрөгүм түшүп калды. Берки уйдун акчасы да үстөгү менен турат. Жакында ал да сурап баштайт. Андан башка карыздар да толтура. Балдарымдын мектебине беришим керек, ремонтуна беришим керек, батирге беришим керек. Оо Кудай, ай…

Ошентип бир жумадан кийин Жаныш кайра келди. Баягы эжемен алган 10 миңди санап берсем түнөрүп отуруп араң кеткен. 3 күн өтпөй кайра келиптир. Түрү жаман. Чай да ичпей үшкүрүнүп отуруп: «Бизди да туура түшүн. Ошо күнү силер уят болбосун деп, салттан калбасын деп бирөөнүн акчасын кошуп жибердим эле. Эми мени коколоп атат» деди. Баягы авариядан кийин оң капталым сыздап оорунакага баралбай жүргөм. Кыймылдасам эле зыркырайт. Бир жерим үзүлүп кетчүдөй болот. Бирок аны айтканым жок. Кечээ Кабылдын достору келип жамандык-жакшылыкка деген ыражасынан 10 миң берип кетишти эле. Ошого көрүнсөмбү деп катып отургам. Бирок тигинин түрүн көрүп, ден соолукту койо турдум. Катылган жеринен сууруп чыгып карматтым. Жаныш байке ошондо деле түнтөйүп отуруп араң кетти. Ал кеткенден кийин бүк түшүп жатып алып дагы буркурап ыйладым. Балдарым келип мага кошулуп ыйлады. Соороткон киши болгон жок. Ошол бойдон буркурап отуруп ачка уктадык. Түнү менен Кабылды издедим…

Кийин баягы пайызга берген аял келди. Көрсө 2 ай болуп кетиптир. Өсүп баратат деди. Эптеп аркы беркини айтып узаттым. «Макул, бирок эсиңде болсун, үстөгү барган сайын көбөйө берет» деп коркутуп кетти. Эптеп жумушка чыгайын дейм, капталым кыймылдатпайт. Күн сайын күчөп бараткандай.

Бир күнү отуруп алып кеткен чыгымдын баарын эсептедим. Көрсө тигиге баланча, буга түкүнчө болуп отуруп 150 миң карыз бар экен. Үйдө да азык түгөндү. Нан менен чайдан башка эч нерсе калган жок. Өгүнү уулум базарга чыгып жүк ташып, 400 сом алып келген. Ошого ун алып, чай алып ичип отурабыз. Жокчулук деген бат эле кирип келет тура…

* * *

Баягы пайызга берген катын кайра келди. Бул жолу аңыраңдап алыптыр. «Үйдөгү оокаттарыңды бер» деп булкунуп келип сапырып кирди. Же каршылык эле кыла алсамчы. Бир капталым ооруп тыңыраак баса албай калдым. Омурткама доо кеткенби дегенде жүрөгүм түшөт. Баарынан балдарыма жаман болду. Бир заматта жетимдик баштарына түшүп карып болуп калышты. Акыры түтпөгөнүмдө баягы жердин документин көргөздүм. «Ушуну сатып карызыман кутулайын» дедим. Чынында документ дегенибиз документ деле эмес. Болгону бир карта менен бир-эки кагаз. Аны көрүп ого бетер атырылды. «Мунуңду эч ким албайт» деп кыйкырынат. Жаным күйүп кетти. «Ушундан башка байлыгым жок. Кааласаң колуңа өлүп берейин» деп жарылып кеттим. Буулугуп ыйлап да алгам, булкунуп сүйлөп да алгам. Акыры жеңдим окшойт. «Макул анда, келе документиңди» деди. «Ушуну менен сага келбейм дагы» деди. «Кутулайынчы деги» деп карматып салдым. Ушул ырайымсыз катындан кутулганыма гана сүйүндүм. Балдарымдын бозоруп коркуп турганын көрүп, тезирээк ушуну жоготойун дедим. Ошентип жерибизден да ажырадык…

Эртеси үйдө жегенге эч нерсе калбай калыптыр. Уулум таң атпай туруп бир жакка кеткен. Кызым экөөбүз кечке коркуп отурдук. Шоркуратып чай ичип койобуз. Кечке маал үтүрөйүп, боз ала чаң болуп балам кирип келди. Тердеп-кургап иштегени түрүнөн эле көрүнүп турат. Колуна нан, жарма, чай, май, кесме көтөрүп алыптыр. Байкушум ай, жашабай жатып абалыбызды түшүнгөн экен. Ичим эзилип боорума кысып алып, кечке ыйладым. Байкуш кызым күйпөлөктөп тамак жасады. Өзүм ордуман тура албай да калдым. Бүк түшүп эле ыйлайм… Ошентип уулум мектепке барбай калды. Анткени менен күнүмдүк тамака жетип калдык…

Ошондон көп өтпөй эшик тыкылдады. Уулум жумушка, кызым сабагына кеткен. Жалгыз отургам үйдө. Ордуман эптеп туруп эшикти ачайын дедим. Бирок мен тургуча эле эшик ачылып, бирөө кирип келди. Көрсө үйдүн кожоюну экен. Мен таанычу эмесмин. Кабыл эле сүйлөшүп, батир акысын берип жүрчү. Кабылдын кырсыкка кабылып көз жумганын угушуптур. Акырын отуруп куран окушту. Анча-мынча ал-жай сурашты. «Качан айтаар экен» деп жүрөгүм солкулдайт. Доочулардан коркуп калган экем. Бир маалда күткөн кебим да айтылды.

– Эки айдын батир акысын алалы деп келдик эле, – деди камырабай. Тамагым буулуп, сүйлөй албай калдым. 12 миңден төлөчүбүз. 24 миңди кайдан табам эми буларга? – Эми бизди деле туура түшүнүңүз. Туугандарыңыз деле бардыр. Айтсаңыз каралашаар, – деди акыл айткан киши болуп. Тууган деген сөз менен каралашат деген сөз бири-бирине уланбай калганын айткым келди. Бирок унчуга алганым жок.

– Эптеп түшүнүп тургула. Жакында иштеп баштасам төлөп берем, – дедим.

Кыңырылып отуруп араң кетти. Үй ичин кыдырата карай баштаганда жүрөгүм дагы солк этти. Баягы пайызга берген катынча үйдөгү эмерек-кечени баалап атканын байкадым. Балдарымды томсортуп үй-оокатымды тартып алып өзүмдү чыгарып койобу деп коркконумду айтпа. Бирок унчуккан жок. Нааразы болгондой суз коштошуп чыгып кетти.

Көзүмө эле жаш тегеренет. Кашайып калгыр, агып бүтпөс болду го. Балдарымды кейите бербей, өзүмдү кармасам жакшы болбойт беле. Мунун соолучу түрү жок. Куюлат да турат. Тигине кызым да кирип келди. Түрүмдү көрүп эле байкады кейип турганымды. Кыз эмеспи, дароо кабагыма карап ичимди окуп турат. Алгач ар кайсыны айтып алаксыткысы келди. Анын анткенин көрүп ого бетер бышактап жибердим эле, чыдабай кетти окшойт, кучактап алып ыйлап жиберди. Ошентип экөөбүз көпкө ыйладык. Акыры эптеп эсибизге келип, чай-пай ичкен болдук.

Ошондон бир жума өтпөй баягы Жаныш дагы келди. Бул жолу такыр эле түнөрүп алган. Кызуу дагы окшойт. Ай-буйга келбей оңураңдайт. Үйдө дагы жалгыз болчумун.

– Карызды бербейсизби? Кандай уяты жок кишисиз? – деп эле качыра сүйлөдү.

Ансыз да сыздап отургам. Чыдай албай мен да качыра жооп кайтардым.

– Жоон санымды кесип берейинби? Уят болгондо эмне, өлүп ал дегени турасыңбы? – дедим.

– Копурай, кайра коркутасыз да ой! Ушу силерди шерменде болбосун, тууган-урукка уят болбосун деп таап берип отурсам кайра күпүлдөгөнүңүз кандай? Мен мал таап келип союп бербегенде бу салт билбеген неме экен деп бүтүндөй эл-журтка шерменде болмоксуз! –деп опурулду. Бирок мен да токтоп тура алганым жок.

– Салт эле салт дейсиңер, ушубу силердин салт билгиңер? Жетим-жесир экенине карабай акыркы быдырын саттырып, карызга карматып коюп союш жегенди эле салт дейсиңерби? Салттын эт жеген, мал жеген жагын эле билип, калганын унутуп калгансыңарбы силер? Көзү өтүп кеткен адамдын бала-чакасын жетим кылбай туугандары асырап алат деген салтты унутуп, канча кишиге канча эт тартылат деген жагын эле эстеп калдыңарбы? Тууган-тууган дейсиңер, тигине тууганыңар бала туруп ар кимге малай болуп жүрөт. Андай салт билги экенсиңер ошондон уялбайсыңарбы? Же ал жагын унуттуңарбы салттын? Качан кыргызда бар эле, агасынын уулун темселетип койгон. Мына мен ооруп ордуман тура албай турам. Келип бирөөң ал-акыбалымды сурадыңбы? Же ал салтта жок беле? Мына, мобул үйдүн ээси бизди темселетип чыгарып коймой болду. Ошондо биз темселеп селсаяк болуп кетсек салтыңарды эстейсиңерби? Же уруулашын, тууганын темселетип жиберүү да салтта бар беле? Силердин салтыңарды түшүндүм мен. Бул жакта Кабылыман айрылып, эсиме келе албай турсам тигил жактан туш тараптан каптап малын союп, этин жеп кеттиңер. Андай салт билги болсоңор союшун чыгара келбейт белеңер? Сарпайын артына келбейт белеңер? Сөөгүн артынып, бала-чакасын жетелеп айылыңарга ала кетпейт белеңер? Же үйүңөрдөн үркөрдөй үч жетимге бурч табылбай калдыбы? Ушуну менен жата берсем эртең мен да кетем. Ошондо да унутпай келип чучук чайнап, казы жеп кеткиле! Салтыңардын өзүңөргө пайдалуу жерин жакшы билип алган турбайсыңарбы? Маркум Кабылда эч нерсе калган жок, эми уулу менен баласын да күрөөгө коюп, байтал жесеңер кышка жетесиңер. Бар туугандарга ошондой салам айт. Мен да минтип оңоло албай турам. Малдын семизин тандай беришсин! – дедим.

Жаныш унчуга албай томсоруп эле отуруп калды. Мен болсо тескери карап жатып алдым. Бурулуп баратканымда баягы ооруган жерим дагы катуу зырп этти. Бирок тилимди тишиме катып үн чыгарган жокмун. Анткорлонуп атат дейби деп намыстандым. Тиги тууганыбыз болсо мурдун шор тартып далайга отурду да чыгып кетти.

* * *

Ошондон жарым айча өтүп калган. Бир күнү эшик тыкылдады. Заманам куурулуп жата бердим. «Кайсы доочу келди экен эми?» Үйдүн ээсиби, же пайыздын ээсиби? Же баягы Жаныш байкедир дейм. Айтаарга кеп издейм. Кирээрге тешик издейм. «Ушундан көрө кошо өлсөм эмне?» дейм. Бирок балдарымды эстегенде ого бетер ичим ачышат. Көзүмөн ысык жаш тынымсыз тоголонот. Кыймылдай алганым жок.

Аңгыча эшик акырын ачылып бирөөнүн үнү угулду.

– Кагылайын Каныш барсыңбы? – деди. Кудум атамдын үнүн уккандай селт эттим. Бирок ордуман тура алганым жок дале. Каргылданып араң жооп айтымыш болдум. «Бармын» дедим чамамда. Тигил киши бир саам тыңшай калды да, «э Каныш!» деп дагы заңк этти. Анан акырын кадам таштап бери басты. Кудум баягы ыраматылык атамдай. Такасы жок маасы көлөчтүн жумшак добушу, бөкчөйгөн жеңил абышканын майда кадамы. Эреркеп бараттым ансайын. «Адамдын ажалы ар түрдүү келет дечү эле. Мага атам келаткан го» деген ой жылт этти. «Мейличи» дедим ичимен. «Балдарыма жүк болгуча, кете берейинчи» дедим. Карактарым менен коштошо албай калганыма гана жаным кейиди.

– Балам, үн катып койсоң боло, кагылайын, – деди аңгыча. Так жаныма келип калыптыр. Ыйлагангабы, караңгы үйдө жата берип сырттан эшиктин жарыгы түшкөнгөбү, айтор көзүмө эч нерсе көрүнбөйт. Кудум атама окшогон караандын гана маңдайымда турганын сездим.

– Атаке, мени алып кетчи, – деп акырын шыбырап ыйлап жибердим.

– Эмне дейсиң кагылайын? Э катыгүн, сен ооруп турасыңбы? Э Зыйна, кел бери. Койо турчу ал тамак-ашыңды нары. Карачы бул бечара ооруп калган тура, – деп заңкылдады маңдайымдагы караан. «Кайдагы Зыйна? Жарыктык атам кимди айтып атат?» деп чыйрала түштүм. Аңгыча божурап сүйлөнүп бир кемпир келди. Жумшак колу менен маңдайыман сылап, жүзүмөн сүйдү.

– Атаңдын оозун урайын, тууган-тууган деп коюп карыз доолагандан башканы билбей калган турбайбызбы. Жанагы Жаныш деген ошо күнү эле айтпай, кечээ араң айтып отурбайбы кебиңди. Кагылайын, кечир бизге окшогон жаман туугандарыңды. Мына эми каралашып турабыз, кагылайын. Эми өзүм салтты үйрөтөм буларга. Сабыр кыл балам, – деп күпүлдөп жатты жанагы абышка. Ошондо тааныдым аны.

Айылдагы абабыз тура. Жанышка айткан сөзүмдү угуп, эң биринчи түтпөй келген экен жарыктык. Козусун союп, тамак-ашын артынып алып келиптир. Үйүбүзгө кайрадан кут киргендей болду.

Ошол түнү да түш көрдүм. Бул жолу Кабылымды таптым. Туугандары менен бапырап отуруптур мурункудай. «Эми унутпай катышып тургула, келип тургула» деп жатыптыр. Жүзү да жаркып калгандай негедир. Жүзү да жаркып калгандай...
<
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#340 Пользователь офлайн   Meerman   04 Март 2017 - 00:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 495
  • Катталган: 14 Апрель 14
  • Соңку аракети: 12 Окт 2020 23:09

Уйдо журуп ,колумдагы саатка карадым. Саат 16:29 ошол убак досум телефон чалды:
-досум кандайсын? Ден соолуктарын жакшыбы?
-жакшы дос озун?
-жакшы . Доске бугун кечки алтыларга жолукпайлыбы?
-алтыларга? Макул кайсыл жерде?
-жана ээн таала жака ,билесинби асты жагында кол бар.
-аа болду ,болду барайын,барайын.
- э аяшты ала келгенди унутпа.
-аа сенчи?
- менда алып барам,аяшын унаа айдаганды уйрот дегенда ,ошого ошол жерде уйротойун деп жаткам.
- менинда кызым уйрот деп жанымды койбой жаткан,менда уйротуп коёюн анда, аха туштон кийин жолугабыз.
-азыр 16:29 болду дагы бир жарым сааттан сон жолугуп калат экенбиз буюрса… макул жолугабыз.
--------------------- ---------------------- --------------------
Досум негедир бугун башкача,конулу ачылып ,кубанычы койнуна батпай турат. Суйлошкон кызын катуу суйот,кудум мен кызымды суйгон сындуу. Досум экообуз эмгек жолунда журуп танышып,жакын доско айланганбыз. Бир топ компаниялар менен иштешип,кыйындарды ,бут тоскондорду биргеликте женгенбиз. Экообуздун достукка копчулук суктанышат, бизге кошулгусу келишет,бирок досум экообуз ортого эчкимди жолотпойбуз. Экообуздун ортодо туболук антташкан достугубуз бар. Жакында дагы жыйырма кундон кийин ,биз суйгон кыздарыбызга уйлонобуз. Экообуздун той бир кундо,бир жерде болот. Биз ал кунду чыдамсыздык менен кутуп жургон кезибиз. Кечээ жакында эле,болочок жубайларыбызга ,келин койногун тандаганы барып,аларга жакканын алып бергенбиз . Бугун мынтип кайрадан жолукканы турабыз.
Ошентип туштон кийим кызымды алып,белгиленген жерге бардык. Баарыбыз жолугуп,жылуу- жумшак учурашып,четирээк жерге дасторкон жайып ,алып келген шириндиктерден жегенче суйлошуп отурдук. Андан сон кыздарыбызга унаа айдаганды уйрото баштадык. Менин кызым анча уйроно албай ,акыры тажадым дегенинен жар боюна барып ,колго коз салмай болдук. Досум болсо аяшым экоо каткырышып, унанасын ары айдап,бери айдап зуулдап журушту. Чынында алардын бактылуулугунда чек жок болчу. Биз кызым экообуз жар боюна келип,асты жакта колкулдоп турган колго ,тээ алыстагы тоолорго жана бийикте учкан куштарга суктануу менен карап турдук. Кызымдын артына отуп аны бекем кучактадым. Ал жылмаю менен гана алыстарга коз чаптырды. Мен анын колдорунан кармап,туболук бир болоорумду ,туболук суйоорумду айттым. Алда суйоорун айтып,бизда бактылуу кундордун бирин откоруп жаттык. Кантсе да ал менин болочоктогу аялым, туболук жарым. Биз козубузду жумуп ,журок менен суйлошуп ,озунчо бир бакытка батып турдук. Бир убакта кулагыма унаанын зуулдаган уну угулду. Козумду ачсам унаа туз эле бизге карай жакындап келе жатыптыр. Ичинде аяшым бир бизди карап,бир томон жакты токтоткучу(тормоз) карап келе жатты. Анын чекчейген коздору ,корккону бут баары корунуп турду.
Мен озумду жоготуп коё жаздадым. Кызымдын колунан бекем кармап,унаадан четке качканга аран жетиштик. Кызымда менда жыгылып туштук. Мен аны тартарым менен аяшым унаа менен жар боюнан ыргып кетти. Кызым аны коруп бакырып-окуруп ыйлап кирди. Мен да эмне кылаарымды билбей калдым. Досум тээ алыстан аяшымдын атап окуруп келе жатты. Мен аны токтоткончо болбой алдагы жар боюнан секирип жиберди. Мен дароо ордумдан туруп жар боюна жеттим. Досумдан да,аяшымданда из калбаган. Мен кызыма ктууп турушун айтып,жардын четирээк жеринен ,кол тарапка тушуп баштадым. Кызым жормолоп келип,ыйлап- сыктап этият болушумду айтты. Бир убакта бутум тайып жардан ылдый сурулуп,колу- бутум, дене боюм тытылып ,жерге кулап туштум. Ал убакта кызымдын кыйкырыгы гана угулуп турду. Менин демим кысылып,жотолуп ордумдан туруп,кол тарапка чуркадым. Эчнерсеге караай колго чунгуп кирдим. Унаа терендике тушуп кеткен экен. Мен ага жете албадым. Аба жетпей жогорууну коздой сузуп чыктым. Суу жутуп,какап кеттим. Жузумду арчып,кызымдыды карадым. Ал колу менен кол жээгин корсотту. Карасам досум кызын алып чыккан экен. Мен бир чети коркконум менен,бир чети суйунуп кеттим. Дароо алар тарапка сузуп бардым. Аяшым ээсине келе албай ,досум аны жасалма дем алдырып жаткан экен. Мен барганым менен ал мени такыр жолотпой койду. Досум аяшымдын кокурогун кайра-кайра баскылап ,атынан атап «ойгоон! Ойгон жаным! Коркутпа мени !» деп суйлоп жаттты. Билбейм балким аяшым эчаак жансыз калгандыр. Менин козумо жаш тегеренип кетти. Досумду туртуп жибердимда, аяштын тамырын байкадым. Корсо анын жаны эчаак асманга учкан экен. Досум ачууланып мени туртуп,кайрадан жансыз жанды тирилтем кыйналды. Мен аны коруп чыдар тура албадым. Досум басып кулап,колу бутун басып , ал олгон! Эми жок! Деп бакырып жаттым. Досум коз жашын колдотуп,мени турткулоп турганга аракеттенди. Мен айлам калбай аны уруп жибердим. Ал кылдым ,бул кылдым такыр болбоду. Акыры муунтуп ага да болбогонун колго карай судуроп,колго чункуттум. Суу жутуп ,жотолуп ,какап ал озуно келди.Кайрадан жээке алып чыктым. Ал кумду ургулап «жок!жок! «деп асманга карай бакырды. Аяшымдын жанына барып:
-козунду аччы суранам,мага берген создорун кайда? Кайда? Туболук бир болом дебедин беле? Кайда!!! Досум окуруп ыйлап ,кызынын колуна башын коюп жатып калды. Менин кызымда жар устундо ыйлап,же ылдый тушо албай же бизге жакын келе албай сыздап турду. Мен башымды жерге салып отуруп калдым. Бир убакта досум мээсинен айнып калдыбы билбейм бир кулуп,кайра ыйлап кирди. Мен анын кылыгына чыдап тура албай досумду озумо тарттым. Анын коздору кызарып кетиптир. Досум мага карап:
-сен кимсин? Ээ сен кайдан келип калдын хахаха ,аа сен ,сен деген …
Досумдун бул создору журогумдун тупкуруно жетип турду. Мен аны озуно келтириш учун, айла таба албай чаап жибердим. Кайра озумо тартып:
-озуно кел! Озуно кел дос! Мен сенин досунмун! досунмун уктунбу?
Ал озуно келди окшойт,бир аз озун басып,койберишимди суранып, койберсем башын жерге салып отуруп калды. Копко отурбай ,бир убакта суйлоп кирди:
-саат алтыларга унутпа макулбу?
Мен анын созуно тушунбой калдым:
-алтыларга? эмне алтыларга?
- ээ жанатан бери эмнени айтып жатам,саат алтыларга баягы жерге барып келели деп айттымго. Бул созду укканда козум карангылашып, демим кысылып эмнегедир башкача болуп кеттим. Козумду ушалап,жакшылаап озумо келсем уйдо журом. Колумда телефон,телефондон кандайдыр бир дабыш чыгат. Акырын тыншасам досум суйлоп жатыптыр:
-ало дос,дос дейм. Мейли бугун бошобосон башка куну баралы болобу?
Мен таптакыр эчнерсе тушунбой калдым. Кайра-кайра козумду ушалап,саатка карадым. Саатка карасам ,саат 16:29. Саатты коргондо боюм бут муздап,муздак дем чыгып турду. Эчнерсе тушунбосомда алдыда кандайдыр бир кырсык бар экенин,журогум сезгенин же аян бергенин байкадым. Дароо досума жооп берип,ал жака такыр барбашыбызды ,эгерде барсак же барсан досутугубуз бутот деп айттым. Досум тушунбой кайра-кайра сурап,акыры макул болду. Ал менен коштошуп,муздак суу ичип дагы саатка карадым. Карасам саат 16:29дан 16:30га жылды. Кудайга шугурчулук келтирип,боодо кырсыктан сактаганы учун ушунчалык ыраазы болдум…

Билдирүүнү түзөткөн: Meerman: 04 Март 2017 - 00:40

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (19 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 05 Июл 2025 02:33

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: