Aikewa (24 Ноябрь 2016 - 20:24) жазган:
Табышмактуу жана коркунучтуу окуялар(мистика)
#41 25 Ноябрь 2016 - 09:31
#42 25 Ноябрь 2016 - 09:45
#43 25 Ноябрь 2016 - 09:57
Aikewa (24 Ноябрь 2016 - 20:24) жазган:
Менде да ушундай окуя болгон. Уйдогулорго айтсам тушурколоп озунор эле очурсонор керек да деп коюшкан .
#44 25 Ноябрь 2016 - 12:22
#45 25 Ноябрь 2016 - 12:25
#47 25 Ноябрь 2016 - 13:39
Анан атасынын бир тууганына чалдык аларга баарын туушундуруп бердик.
Саат 12 баарынын журоктору тушкон, туштары аккан. Корсо ал байкушка жин кирип кетиптир. Молдо 12 ден тунку учко чейин суроо окуп атып кетириптир. Ал Ошо аякы кундорун жакшы эстей албай калыптыр. Туулган кунду деле билбейткен. Баягы моюнуна салынып алган жип ОЗУ оруп жургон жип экен деп мамасы айтты. Азыр жакшы ал классташыбыз жаркылдап жаныбызда журот.
#48 25 Ноябрь 2016 - 13:56
#49 25 Ноябрь 2016 - 14:47
#50 25 Ноябрь 2016 - 14:51
Автор Б.Б
.
Жай айлары. Күн
ысык. Күндүз жумушум болсо да көчөгө чыкпай, үйдө
салкын көлөкөдө болууну каалап, кечке короодо, анан
жаңылык көргөнү үйгө кирип телевизор эрмектеп, кеч
киргиздим.
Кайра кайра телефон чалып келишимди чыдамсыздык
менен күтүп жаткан жолдошума уулумдун жеңил
машинесин айдап чыктым.
Үйдө жүргөндө эле эсимдеги болгон окуялар
сүйүнткөн ийгиликтер көз алдыма тартылып жатып,
кара плащ аталган көз ирмемдер негизги темага
айлангансып алды. Машина айдап бара жатып да
ошол жөнүндө ойго биротоло берилип алдым окшойт.
Бир жерде эл көп экен, жумуштары бүтүп үйлөрүнө
маршрутка автобустарды күтүшкөндөр жолду
беришпей, анын үстүнө токтогон микро автобустар да
көпкө ордуларында турушкандыктан ашып кете албай,
оюмдун учуна жетпеген абалымда туруп калдым.
Кечигип да жатам.
Бир маалда оң жактагы арткы калганын терезеси
тыкылдаганынан карасам кичинекей быйтыйган
колдор, алакандан өйдө жагы эле көрүнөт. Качанкы
бир кездеги башымдан өткөн окуя эсиме келе калып,
жүрөгүм шуу дей түштү. Көпчүлүктүн бары жакшы
болду окшойт. Болбосо ким билет өзүмдү жоготот
белем, же машинамды катуу айдап качам деп бир
балээге кабылат белеем? Анан эле кара плащь
түгөнбөгөн темам токтоп ошол окуя тизмектелип
эркиме койбой көз алдымда тартылып алды.
Окучуларымдын мазесин көпкө ала бербей эсимде
калганын айтып берейинчи.
Менин студенттик кезим. Кышкы каникулга чыгып
айылыма келдим. Айылда апам менен карындашым.
Аларды коркушпасын деп тамдын экинчи жарымына
башка жактан келген үй- бүлөлүү бир адамды
киргизип койгонбуз. Кийин бир туугандай болуп
кеттик. Бир топ эле караан болуп алыста
жүргөндөрүбүздөн көңүлдөрүбүз тынч болуп калды.
Келгендин эртеси каадаланып, үйдүн тегерегин карап
эмне жумуш кылып короону тартипке келтирсем,
кандай кылып жардам берип апам менен
карындашымдын үйдөгү түйшүктөрүн жеңилдетип,
отундарын жетиштүү даярдап берип кетсем деп түшкө
чейинки убактымды өткөрдүм. Чынында ошол жылы
кар оор түшүп күн суук болду. Түштөнүп алып карды
эртең күрөйм деп пландаштырып, отун даярдай
баштадым. Кечинде кошуналар менен чогуу
тамактандык. Өтө жакшы кишилер болчу. Коридорубуз
бир болгондуктан катуу жөтөлсөң да угулуп тураар
эле. Көпкө сүйлөшүп отурдук. Жатаар алдында эшике
чыксам ай сүттөй жарык, дегеле күндүзгүдөй. Абанын
тазасын айт. Көчөнүн баш жагында сүйлөшүп
жатышкан адамдардын сөздөрү кадимкидей угулат.
Кеч түндө суукта булар эмне эшикте турушат деп
ойлондум. Атам коргон салып дарбазаны жыгач,
тактайдан кооздоп жасатып койгон эле ыраматылык.
Дарбазаны жаап ичинен илип көп жылдар
кадимкидей- турганына көңүл буруп, бышык уста
жасаган да деп койдум ичимден. Мен жаткан
кроваттан биринчи айнектен короонун ичи, экинчи
айнектен ошол жыгач дарбаза айдын жарыгында
даана көрүнүп турат. Кыялданып ар кандай ойлор
менен алп урушуп жатып уктап кетиптирмин.
Кылдыр-кулдур болуп жатканына ойгонуп, көзүмдү
ачпай тыңшап калдым. Бир маалда тарс дей түштү.
Көзүмдү ачып эле дарбазаны, карасам дарбазанын
каалгасы ачылып кайра жабылып жатканын көрдүм.
Биринчи терезенин тушунда бир кичинекей бала келе
жатат, басканда кардын кычыраганы үйдүн ичиндеги
мага угулат.
Айдын жарыгын айт. Кычыраган кар менен терезенин
тушунан өтүп кеткен баланын кайрылып терезеге келе
жатканын даана эле билип турдум. Түн бир убакта
кичинекей эле бала коркпостон биздин короого кирип
келгени мени таң калтырды. Аңгыча терезеге бою
жетпей жатканынан быйтыйган кичине колдор
подоконникти кармап буттарын фундаментке коюп,
жатканы билинди. Анан жылаң баш кичинекей бала
терезени шыкаалап үйдүн ичине көз жүгүртө баштады.
Менин денем чыйрыгып чочулоо пайда болду.
Аңгыча мени көрүп калды. Карап туруп жылмайып
күлүп жиберди. Тиштери апаппак күрүчтөй тегиз.
Апамдарга айткым келди кайра аларды да коркутуп
албайын деп денем муздак суу сепкендей болуп
коркконуман жүрөгүмдүн дүкүлдөгөнү өзүмө угулду.
Аны менен тиктешкенден корктум. Жуурканды жай
тартып чүмкөнүп алдым. Бул балабы, же балээби деп
эмне кылаар айламды таппайм. Бир топко жаттым.
Акырында топ деп секирип түшкөнү ары басып кетип
жатканы добушунан билинди. Жуурканды ылдый
сүрүп, башымды көтөрүп кеткенин карайын деп
турсам, ал туйдубу же кайра келмек беле быйтыйган
колдор подоконнике кайра жабышып тартылып дагы
шыкааласа болобу. Экинчисинде мени оңой эле таап
дагы күлүп жиберсе билбейм эмне болуп кетем деп
коркуп жай кыймыл менен жуурканды тартып,
чүмкөнүп алдым. Ал да өчөшкөнсүп кетпейт. Ал дагы
сезди менин коркуп ойго жатканымды. Каяктагы уйку.
Оюма эмнелер гана келген жок. Көптөн кийин
секирип түшкөнү билинип, анан кетип жатканы
сезилди.
Мен башымды катып, чыгарсам эле кайра келет деп
коркуп жата бердим. Ал алыстап бара жатканы
билинип турду. Акырында каалганы жанагындай,
киргенде жапканындай кылып жапты божомолумда.
Анан жууркандан башымды чыгарып терезеден
карасам каалга ачылып жабылып жатыптыр.
Ошондон кийин мага мындай ой келди. Кимдин
баласы болду экен? Кимдин үйүнө кирээр экен? Таң
атса барып балаңарды түнкүсүн ар кимдин үйүнө
эмнеге барасың деп тартипке чакырбайсыңарбы, же
ууру болуп кеткенби деп ата-энесине айтам да деп
каяктан кайрат алганымды билбей тез эле кийине
салып көчөгө чыктым.
Ылдыйкы үчүнчү үйдүн тушунда кетип жатыптыр.
Үнсүз карап турам. Анан кычырата кардын үстүндө
кетип жатканынан менин да басканым билинип
калдыбы деген ой келди. Чын эле ал бир кылчайды
кайра жолун улантты. Менин оюм эле кимдин үйүнө
киргенин көрсөм болду дейм.
Аңгыча мени көздөй кайрылды. Анан арышын
ылдамдатты. Анан жүгүрө баштады. Менден кичине
болсо да корктум андан. Үйгө качтым. Коридордогу
эшикти бекитип текшерип анан шашып чечиндим да
төшөгүмө кирип кеттим. Ошондон кийин гана
каалгадан кирип келе жатканын көрдүм. Терезеге
жакындаганын билгенден кийин эле аны көргүм
келбей чүмкөндүм да каттым. Анын жанагыдай эле
тартылып терезеден карап жатканын сездим. Эми таң
атканча кетпесе мен да жата берем, эл туруп калганда
тура берсе жалпы эл менен кармап ким экенин,
кимдин баласы экенин, эмне иш кылып жүргөнүн,
үшүбөй, уктабай уурулук кылабы анан билинет деп
тердеп – бурдап жатканым эсиме түшүп, машинамдын
арткы каалгасынан көрүнгөн колдор ошонун эле
колдоруна окшошуп коркуп кеткениме ичимден
жылмайдым. Бирөөлөр алдыңкы эшикти ачып байке
эки остановкага чейин түшүп алайынбы, ала
кетесизби деп калды. Отур дедим. Анан эле
убактымды коротпой жанагы бөйтөйгөн колдор ким
эле деп сурадым. Биздин Бишкектин циркине
гастролго лилипуттар келиптир. Бир тобу кетип
калышты. Сизди такси деп ойлоду окшойт,
машинаңыз токтогондо тойпоңдоп жүгүрө ээрчип
терезеңизди тыкылдатып жатканын көргөм. Ары
жактан дагы бир лилипут такси кармап алдым деп
чакырганынан ошол жака кетишти деди.
Күлүп жибердим. Кызыктыбы, же өзү ошондой
окуяны уккусу келдиби айтор менин эмнеге
күлгөнүмдү, сурап туруп алды. Мага ал жигиттин жүзү
да, сүйлөгөнү да, мамилеси да жакты.
Жакшы сөз жылаанды ийинден чыгарат экен, менин
башымдан өткөргөн окуямды ал жигитке жогору жакта
жазганымдай кылып айтып бердим.
Кунт коюп укту. Кыжаалат болгону байкалды. Анан
деп окуянын этегине чейин угууну күтүп машинадан
түшпөй отуруп алды. Келдиңби болжогон жерине, түш
мен кетейин десем аягында эмне болду, ал баланы
кармадыңарбы, өзүңөрдүн айылдагы эле балдар
бекен, же бир балакет бекен деп түшпөйт күлдүрүп.
Бирөөлөргө каадаланып, маалкатып көрбөгөн жаным
акырына чейин айтып беришке макул болдум.
Уландысы мындай болуп уланды. Башымды
жууркандан чыгарбай коркконуман нымшып тер чыгып
жатканда гана топ деп секирип түшкөнүн, кычыраган
кардын үстүндө жай басып баратканын сезип туюп
жаттым. Аңгыча каалганы мага өчөштүбү же жини
келдиби күчүнүн болушунча катуу жапты. Көзүм
умачтай ачылып кетти.
Кошунабыз эшикке чыкканда каалганы катуу жаап
алды окшойт. Таң эчак эле атып калган экен дедим.
Бир саамга унчукпай туруп өзү байкабай калды
көрүнөт. Мени ийинге сол колу менен чаап алды да
каткырып күлүп чын эле болгон окуя экен десе деп
күлкү аралаш ырахмат айтып машинадан зорго түштү.
Дагы эле күлүп жатканы караңгы болсо да көчө
жарыгынан күзгүдөн көрүнүп турду. Мен кайрадан
кара плащь жөнүндө кыйырсыз ойлорумду улантып
кызыгына түшүп аткарылбаган, ишке ашпаган
кыялдарымды улантып ойлоп, сапарымды уланттым.
#51 25 Ноябрь 2016 - 15:03
#52 25 Ноябрь 2016 - 15:06
always-here (25 Ноябрь 2016 - 14:51) жазган:

Билдирүүнү түзөткөн: Amanov: 25 Ноябрь 2016 - 15:07
#53 25 Ноябрь 2016 - 15:27
#54 25 Ноябрь 2016 - 15:31

Билдирүүнү түзөткөн: Musabaeva.: 25 Ноябрь 2016 - 15:35
#55 25 Ноябрь 2016 - 15:41
BarsBaatyr (25 Ноябрь 2016 - 15:27) жазган:
Мумкун ал жерде жаш баланын коштоосунда кандайдыр бир кырсык болгондур,
#56 25 Ноябрь 2016 - 16:05
Бүгүн, 15:06
чынын айтсам жазганыңды толук окубадым боло
турган жерин жазсан адамды зээриктирбей
.
Чынын айтсам мен өзүм да толук окубай эле көчүрүп койдум. Зээрикпегендер окуй беришсин. Уландысы жок.
#57 25 Ноябрь 2016 - 16:07
#58 25 Ноябрь 2016 - 16:13
#59 25 Ноябрь 2016 - 16:34
Musabaeva. (25 Ноябрь 2016 - 16:13) жазган:
.
Ой алтышка, уландысы жок болсо мен оюмдан чыгарып жазмак белем. Уландысы жок экен бул чыгарма эмес да бирөөнүн айтып берген окуясы.
.
.
Мындайларды окугусу келгендер төмөнкү шилтемелерге баргыла.
.
Сиз ушундай учурга туш болуп калсаңыз не кыласыз? - Суперстан - Эркин тема
http://www.super.kg/ ...opic=68543&st=0
.
.
Таң калтырган табигат сырлары! - Суперстан - Дин жана философия
http://www.super.kg/ ...showtopic=72346
.
.
Коркунучтуу окуялар. - Суперстан - Эркин тема
http://www.super.kg/ ...showtopic=84806
#60 25 Ноябрь 2016 - 16:40