Студенттик күндөр аяктап, мен да башкаларга окшоп кайсы бир мекемеден иш таап туруктуу иштеп кетүүнү эңседим. Бирок жумуш табуу оңойго турбады. Жумуш жакса маянасынын аздыгы мага жакбайт, маянасы жакса жумуш жакбайт же кабыл албайт. Айтор издештирип отуруп бир жерге жумушка орноштум, маянасы көп болбосо да аз эмес орточо. Жумушка кесибим туура келбесе да өзүмдүн кызыгуум менен өздөштүрүп кеттим. Окшош күндөр өтүп жатты, жумуш үй, үй жумуш окшош көчөдогү багыттар. Күз айлары айлана сапсары тон кийип алгандай. Мээлүүн соккон желге шуулдаган жалбырактар,
желбиреп дарактардан үзүлүп жерге карай түбөлүк уйкуга камынган жалбырактар.
Күндө жумуштан чыгып атайын паркка кирип жарым саат бир саат ойлонуп олтурмай, таттуу кыялдарга батмай адат эле. Бөйпөндөп ата-энесинин колун кармап бараткан оюнда жамандык жок жаш балдар, бири бирин колун кармап, жетелешип бараткан таттуу сүйүүгө берилген жаштарды, кайыр сурап бараткан кундо корчуу аялды, ар кандай адамдарды карап отуруп кээ бирөөнө бооруң ооруса, кай бирөөлөргө суктанып дегендей.
Ушундай окшош күндөрдүн биринде адаттагыдай өз жумуш оордумда отурам. Аңгыча эки кыз кирип келди...
Өмүрүмдөгү эң трагедиялуу сүйүүм. Тагдырдын адашканы.
#4 23 Декабрь 2016 - 15:14
#7 23 Декабрь 2016 - 21:14
#9 23 Декабрь 2016 - 21:21
#12 23 Декабрь 2016 - 22:43
Суйуу суйуу дейсинер,
Суйуу эмне экенин,
Озунор да билбейсинер.
Суйуу эмне экенин,
Озунор да билбейсинер.
#13 25 Декабрь 2016 - 10:54
Оболу жазба жазгандан кийин аягына чейин жаз анан жазам, кийин жазам деп кыйын болбой
#19 27 Декабрь 2016 - 14:19
Ушул никтин жазгандарын негедир окугум келбей калды.Капа болбонуз...
#20 27 Декабрь 2016 - 18:00