nuradyl88 (11 Февраль 2013 - 16:18) жазган:
Хусайн аттуу жигит үйлөнөт. Тойдо Ыйык Куран окулуп, кеңеш жана насыяттарын айткан молдолордун кызматы ага абдан таасир этет. Ошондо Хусайн да ошолордой болууга бел байлайт. Эки-үч айдан кийин, илим алуу максатында жолго чыгат. Хусайндын мүнөзүндө шашмалык, чорт кесерлик да жок эмес болчу. Атүгүл айылда «Хусайн тентек» деген атка да конгон эле. Ал четте жыйырма жыл бою айылына келбей ислам илимин алып, устаздык даражага жетет. Анан өз айылына кайтуу үчүн жолго чыгат. Жолдо бара жатып, бир айылга конгон кезинде ошол айылдагы өтө нурлуу бир карыя киши Хусайндан минтип сурайт:
- Балам, сенден бир нерсе сурайын. Билээр бекенсиң. Айтчы, илимдин башы эмнеде?
- Бисмиллахта. - Билбедиң. - «Фатихада» - Дагы билбедиң.- «Насара янсурада»болушу мүмкүн? -Жок.
- Андай болсо, өзүңүз айтыңыз, эмнеде?
- Жок, балам. Айта албаймын. Эгер мага алты ай кызмат кылсаң гана айтамын, - дейт карыя.
- Мен макулмун. Мага ошону үйрөтсөңүз эле болду, -дейт Хусайн.
Ошентип, Хусайн алты ай ошол карыянын кызматын кылат. Мөөнөтү толгон кезде, Хусайн:
- Кана, ата, айтыңыз эми. Илимдин башы эмнеде?- Балам, илимдин башы - сабырда, - дейт карыя.- Сиз мени ушул бир ооз сөз үчүн гана ушунча убакыт кармап турдуңузбу? Мен билбеген кайсыл бир нерсе болсо билип алайын деп күткөн болчумун. (Акылман ачылышты күткөн алтындай убактым текке кеткен тура). Мен эмне сабырды билбейт белем? Кааласаңыз сизге мен бир нече сааттар бою маселе-хутба айтып бере аламын. Ушу ишиңиз адамгерчиликке жатабы, ата?! - дейт Хусайн.
Ошондо карыя мындай деп айтат:
-Ачууга алдырба,балам. Сен сабырдын илимин билишиң мүмкүн жана ал тууралуу бир нече саат бою хутба окушуң да ыктымал. Бирок сен сабыр кылууну билбейсиң. Муну мен сени алгач ирет көргөн кезимде эле сезген элем. Сабыр тууралуу көп маалымат билүү менен,өзүңдүн сабыр кыла билишиң, - бул экөөсү эки башка нерселер. Бул жерде мен сага сабыр кылууну үйрөттүм. Алты ай (бир суроого) жооп күтүү аркылуу сен сабырдын акыйкатын, башкача айтканда, сабыр кылууну, анын пайда-пазилетин билип алдың.Эми (сагынып бараткан) үйүнө бара берсең, болот. Ак жолуң. Ачылсын, балам.Мындан ары эч качан шашылыш өкүм чыгарбай жүр. Оболу сабыр кыл, анан чечим чыгар.
Ошентип Хусайн жолун андан ары улантып, айылына акшам болгон кезде жетет. Үйүнө жакындаганда караса бир жаш жигит үйүнө кирип-чыгып жүрөт. Хусайндын тамагын ачуу аралаш келген каары муунтуп, заматта жүрөгү ар кандай шек саноолорго толуп чыгат. «Аялым мени күтпөстөн башка бирөөгө турмушка чыгып алган окшойт? Эгер аялым мени алдаган болсо, Аллахтын ысмы менен ант ичемин: мен аны өлтүрөмүн», -деп, өзүнчө кобурай баштайт да, анан баякы карыянын: «Сен сабырдын илимин билишиң мүмкүн... бирок сабыр кылууну билбейсиң. ... Оболу сабыр кыл, анан чечим чыгар» - деген даанышман сөзүн эстеп, өзүнө-өзү: «Сабыр кыл, Хусайн, сабыр кыл!» - деп айтат. Анан: «Эртең, менен күн чыккан кезде баары айкын болот, иншаАллах», деген чечимге келип, ал түндү башка бир үйдө, айылдаштарынын биринин үйүндө өткөрөт. Багымдат намазын жамаат менен мечитте окуйт. Анан айыл аксакалдарынан:
-Ушул айылдык Хусайн тентек деген кишини тааныйсыздарбы? - деп сурайт.Айылдаштары:
- Албетте, тааныйбыз. Багымдат намазына имамдык кылган бала ошонун уулу. Ал бул уулу туула элек кезинде эле ислам илимин алууга кетип, ошол бойдон кайтып келе элек, -деп жооп беришет.
Ошондо Хусайн сабыр кылуунун жана Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дын насыяттарына амал кылуунун пазилетин,акыйкатын дагы бир мерте түшүнүп, Аллахка шүкүр келтирип, мактоолорду айтат да:«Эгер сабырсыздык кылып, түндө үйүмө кирип барып, аялым менен уулумду өлтүрүп салсам, бул дүйнөдө да, акыретте да абалым кандай жан чыдагыс оор болмок экен...» - деген пикирге келет. Бир топко тунжурап ойлуу турган соң, анан Аллахка дагы мактоолорду айтып, анан айылдаштарына өзүн тааныштырып, өз үйүн көздөй жөнөйт.