- (12 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Тагдырдын белеги...
#1 04 Февраль 2017 - 13:02
Саламатсыздарбы урматтуу форумчулар. Бул жакка кирип коптордун жүрөк сырларын окуп, ичимден гана жыйынтык чыгарып келген болсом, бугун сиздерге озумдун сырларым менен бөлүшкүм келди.
#2 04 Февраль 2017 - 14:23
Түшүнүктүү болушу үчүн бир аз кененирээк жаза берейин. Мен эс тартканда 4 эркектин ортосундагы жалгыз эрке кыз элем. Азыр 6 бир тууганбыз. Ата-энем билимдүү, апам мектепте мугалим, атам бир айылдын башкармасы эле. Менин эркелигимде кеп жок, каалаган нерсемди жасатып, кок бет да элем. Союз тарап, элибиз эгемендүүлүк алгандан кийин ар бир үй-бүлө өз арбайын тарта башташканы эсимде. Атам күндө эрте жумушка кетип, кеч келгендиктен дем алыш күндөрү эле баарыбыз чогулуп калар элек. Апам мектепке барып, кайра келип бешөөбүзгө карап баарына жетишчү экен да. Мурунку колхоздор жоюлуп, биз да эл катары дыйкан чарбалык менен алектенип калдык. Атамдын уктабай тан атырган күндөрү болду. Эл кыйналганда биз дагы кара нан жеген кездер болгон. Бирок ата-энемдин эпчилдигинен кайра бутка тура баштадык. Мени апам кыздардан жазгыз деп канча убайым жеп жүрүп 40 жашында бир, 43 жашында 2-сиңдимди төрөт берди. Ошол кездерде биз эң бактылуу күндөрдү баштан кечирген экенбиз. Бизди эртелеп турмушка бышырып эмгекке үйрөтүшкөн экен. Агаларымдан кем калбай кетмен көтөрүп кең талааларда жүргөнүм көкөйүмө тийгидей эле болгон. Чоң үй-бүлө болгондуктан көп жер иштетип, мал кармачу элек. Мен 9-класста менден төрт жаш улуу агам суицид болуп каза болду. Ошондо көрдүм энени баладан айырган кандай болорун. Кандай гана азап күндөр... Апам таптакыр өзүн таштап баласы үчүн артынан кеткиси келгенин коө айтып жүрдү. Биз жалдырап көздөрүн карап, бизчи дегенсип маңдайында отурчу элек ичибизден нааразы боло, анткени баарынар бир, ошол балам бир эле деп айтып калат эле күйүт менен. Агама эмне болгон себебин биле албай зар какшап эле кала бердик. Күндөр өтө берди...
#3 04 Февраль 2017 - 16:38
Бул тагдыр буга чейин эч жакта жазылбаган,
анткени бул жеке турмушум.
Ошентип бой жеттим. Мектепте эң жакшы болбосо дагы, жакшы окудум. Мектепти бүтпөй жатып турмушка аттанган классташтарым болду. Мен турмушка негедир башында шашпадым. Сүйбөсөм да сүйлөшкөн жигитим бар эле. Бирок, мен үчүн жогорку билим алуу, бир кесиптип ээси болуп, борбордо жашоо негизги максатым болуп, окуумду аяктап, (жакшы эле балл алган элем) өзүм каалаган болбосо дагы окууга тапшырып (бюджетке), университетте окуп калдым. Кызыктуу студенттик күндөр башталып жаңы жашоо, жаңы туугандар (бул эми башка тарых), жаңы достор баары жагып атты...
Жигитим экөөбүз менин анын айтканына көнбөй окууга кеткеним үчүн таарынышып калганыбыз бар, ал кезде телефон жаңы чыгып, чанда гана адамдарда бар эле, байланыша албай, ал келип таба албай, каникулда мен ал жакка баралбай (эми намыс кылып) ошентип 1-курсту да аяктап, кайра айылга барсам издеп келип калды. Окуунду ташта, айылда калам, кааласаң кийин сырттан окуп аларсын үйлөнөлү деген сунушун айтты. Чынымды айтсам айылдан аябай тажагам, эми араң кутулдум го деп жүргөндө кайра анын сунушу мени көп деле ойлондурган жок, дароо эле баш тарттым. Мага сезимин далилдегиси келип ыйлап да көрдү, бирок менин кылым да кыйшайбады. Жуучу жибергенге да аракет кылды, бирок токтотуп койдум. Окуумду улантып, максаттарымды орундатуу үчүн кайра борбого келдим. Андан көп өтпөй аны үйлөндү деп уктум. Өзүм баш тартып койгонум менен ичимден эңшерилип, көңүлүм чөгүп, кайра ар нерсеге алаксып жүрүп унутулду. Бирок бул бала үчүн дагы бир дептер күндөлүк жазган элем кезинде. Бирок азыр ойлобойм деле. Анткени ойлонткон адамдарга андан кийин жолуктум.....

#4 04 Февраль 2017 - 19:03
2-
курста бир тайэжемдин үйүндө жашачу элем. Кошунасынын үйүндө бойлуу, кара-тору жигит жүрүп каларын абутуриент болуп барганымда көрүп калгам. Кийин көрүнбөй калган, көрсө армияда кызмат өтөп келген экен. Кийин итин сейилдетип чыгып таанышып калып, сүйлөшүп кеттик. Менин табитимдеги жигиттер бою узун, ак жуумал, ыркыйган арык эмес болсо дечумун. Бою менен мүнөзү туура келген менен кара, арыктыгы жага берчү эмес. Кээде жолугуп койгонубуз болбосо, сүйүп күйүп деле калган эмеспиз, бирок билчүмүн мага кайдыгер эмес экенин. 1-семестр бүтүп, зачеткамды алып алып (атама көрсөткүм келе берчү), айылга жөнөп калдым. Биздин айылга чейин узун автобустар бир күндө бир эле жолу каттачу эле, ошол менен баргам. Ичинде кошуна айылдан бир жигит мени менен чогуу келген экен. Үйлөнүүгө камынып кыз таппай жүргөнбү же, контакт бирөөбү бир эле сыртымдан көрүп, эртеси досторун жыйнап мени ала качууга келишет. Атам да мектепте иштеп жаткан (мектепте иштегиси келчу эмес, айылда анан мугалимдик эле жумуш да диплому менен). Мен барганда негедир баргысы келбей, барбай койгон. Андан кийин ошол боюнча иштебей койду. Үйдүн арт жагында жүргөн экен. Апам, инилерим, сиңдилерим мектепке кетишкен. Байкемди бироо чакырып кеткен. Байкемдин кыздарын ойнотуп үйдө отургам. Женем жумуш кылып сыртта журот эле. 2 бала келип, -Гулзада үйдөбү, кечээ шаардан передача берип жиберишкен экен дегенинен, женем мага келип сурап калды. Мен, -Жоок дегичекти болбой, экөө тең кирип келип, мени бирөөсү так көтөрүп, бирөөсү колдорумду кайрып кармап, эшикти көздөй жөнөштү. Мен тыбырчылап үнүмдүн барынча бакырып бараттым. Женем чебелектеп жүрөт. Эмне болуп атканына толук акылым жетпей эле кыйкырып баратам. Үнүбүн үйдүн артында жүргөн атамдарга чейин угулуптур.
#5 04 Февраль 2017 - 22:22
Далдайган немелердин колдорунан бошонууга аракет кылып атып кийимдерим чечилип, машинага сала албай бир топ убараланып,
салбай айдап сүйрөлүп денелерим сыйрылып, ошондо да моюн сунбай тырышып үнүм Кудайга жетти окшойт. Атамдар келип калып, алып калышты. Киминер алчу жигит деп кыйкырды атам. Мобу дегенсип түртө салып, башкалары качкан боюнча жоголушту. Карасам бир топ эле кошуналарым чогула калышкан экен, тиги баланы жеп салчудай карадым да, кебетемден уялып уйду көздөй эчкирип ыйлап жөнөдүм. Атам ага кыйкырып түшүнүк жаздырып атты аркы бөлмөдө. Мен калчылдап өзүмө келе албайм. Бир кезде атам чакырды да, сени менен сүйлөшкөм дейт го деди. Ансайын жаным чыгын жек көрүп, тааныбасымды айтып чыгып кеттим. Ал кошуна айылдагы атам тааныган адамдын эле баласы экен. Андан кийин атасы келди жулунуп баламды алып калыпсыңар деп. Атам да ооба көшөгөдө отурат тамашады.
Ошентип кызыңды алмайынча жаныбыз тынбайт деп бир жумача келишти окшойт. Сүйлөшүп көргүлө деп да көрүштү, көрмөк турсун, аты да уккум келген жок. Атын айтышкан, бирок азыр аты да эмимде жок. Бирок, атын унута албаган адам андан кийин жолукту...

#6 05 Февраль 2017 - 20:13
Алып-жула качкан немелерди ичимден жемелеп, кыргыздын ушул салтына (кээ бироолор үчүн) нааразы болуп жүргөнүмдө бул менин турмушумда кайра кайталанды.
Каникул аяктаарына аз калганда кошуна айылга кадыр-барктуу эле бир адамдын үйүнө жумушум болуп, барып калдым, Үйүндө жок экенин эшигинин алдында сүйлөшүп турган менден бир топ эле улуу 2 байке айтышты. Бери басып, күтүүгө туура келди. Негедир тигилердин мен жакты коздой карай бергенинен чочулап, башка жакка бара турууну ойлодум. Бирок, келгенин кантип билем? Жандарына кайра басып барып, келсе маяк берип кое аласызбы деп номеримди берип, кетип калдым. Бир аз убакыттан кийин телефон чалып, келгенин айтты. Барсам, эч ким көрүнбөйт. Аңгыча өзү чалып калды.
- Алло, келдиңерби? ..
- Ооба, чакырып коё аласызбы
- Дарбазадан кирсеңер... Эшик ачык бекен?..
- Ооба
- Анда үйгө кире бергиле.
Мен кире беришине бутумду чечип, үйүнө кирип баратсам, төркү бөлмөсүнөн үйдүн кожойкеси менен кызы чыгып келе жатып, мени көрүп таң талып калышты. Мен аларды ошол барктуу адамдын аялы катары сыртынан тааныганым болбосо, жакындан көрүп баарлашып көргөн эмесмин. Бир кызык ыңгайсыз болуп кеттим дагы, кире бер дегенин айта албай ордумда туруп калдым. Анткени ал үйдүн баласын таанычубуз, бирок мен номер берип, ал чалган кимиси экенин билбей үндөй албай, бут кийимиме кайра шаштым. Келген жумушумду айтсам, жолдошу кайда экенин айтты. Мен жумушумду бүтүрүп, үйгө кеттим. Көп өтпөй шаарга келип, сабакта отурсам эле бирөө чалат. Номерин деле эстеп деле калган эмесмин. Ал эмес өзүнө деле маани берип караган эмес элем. Баягы барктуу адамдын баласымын дейт. Анын инисин үйүнүн улуу баласы го деп ойлочу элем. Ага биздин айылда ашык болгон кыздар көп эле. Эми анын агасы мага чалып атат. Мага аябай кызык болду кандай максатта?!
Бир топко сүйлөшүп бир аз таанышкандай болдук. Кечинде кайра чалды. Ушинтип чалуулар көбөйдү. Түнкү 12ден кийинки сүйлөшүүлөр. .. Бул жигит мени чынында кызыктыра баштады, бирок менден бир топ уулуу. Сурасам ачыгын эч эле айтпай койгон. Мүмкүн үйлөнгөн.. балким ажырашкан.. Бир күну ойлонуп көрүп апамдан суратсам, үйлөнбөгөнүн айтты.
Ошентип телефондо сүйлөшүүлөр көбөйдү. Өзү юрист, областтык сотто соттун жардамчы эле.

#7 06 Февраль 2017 - 16:26
Анча мынча-каталар болсо кечиим сурайм. Убакытым болгондо жазууга туура келип калып атат.
Бара-бара анын чалуусун күтүп калчу болдум. Бирок телефон аркылуу гана сүйлөшүп, бир жолу көрсөм дагы (маани деле бербегем), анын кандай экенин элестете албай кыжаалат болом. Ал болсо колу бошой калганда чалат, бирдиги калбаса жумушунун телефону менен чала калып жүрдү. Ошондой күндөрдүн биринде эле ал жоголуп кетти. Бир күн билинбей өттү, 2-күнү ойлоно баштадым. 3-кунүм өтпөй баштады. Анткени дем алыш күндөрү айылына барып эс алып, эртен жумушка чыгам деп аткан эле. Жолдо нерсе болгон го деп ойлорум дароо эле жаманга кетти. Ага чейин чалчу эмес элем, намысты жыйыштырып ага чалдым, өчүк... Анан бир кызык болуп ичим уйгу-туйгу боло берди. Ошол эле күнү почтага барып, чалып сурасам, ооруканада экенин айтышты. Эмне болуп деп сурасам, эмне болгондо ооруканага жатат, ооруп атат да деп өчүрүп коюшту.Чын эле эмне болду экен ойлонуп алып үйгө келдим. Кызык, чалып койгон эле бирөөгө мынча убайым жедим деп ичимден өзүмдү жемелеп коем. Башка жазган кара тору жигит дагы жүрөт, убактысы болсо чанда гана жолугуп, сейилдеп, аркы-беркини сүйлөшүп калабыз. Бирок бул жигит пайда болгону аны көп деле эстей бербейм. 4-күнү кечинде чалды. Тумоолоп ооруп калып, ооруканага жатууга туура келди. Зарядым өчүп, телефон карагыдай деле болгон жокмун деп. Өзүңөрдү аябай караган неме окшойсунар го, мен тумоолоп калсам болницага баруу деле оюма келбейт, сизден үйрөнүш керек окшойт деп койгом.1 айча жатты окшойт Бирок, анын себебин кийин билдим.
Ошентип, баягы сүйлөшүүлөр кайра башталды...

#8 08 Февраль 2017 - 19:03
Жаныбектин сөздөрүнө караганда мени ментиктеп баштагандай.
Эртеден кечке кылган кадамдарымды тактап сурап, ал гана эмес эмне кылышым керек экенин буйруп айта албаса да, суранып айтып калчу. Мен болсо биринчи көрүшөлү, чечим ошондон кийин чыксын деп сөздөрүн четке кагам. Ал жумуштарынан бошой албай шаарга келе албай, келгиси келип жүргөнүн айтып эле жүрдү. Ал ами узун бойлуу кара-тору жигит Элдияр таптакыр жок эмес же жигитим эмес, анда-мында баш багып коюп жүрдү. Билинбей 2 айдай убакыт өткөндөн кийин жумуштарын жыйыштыра тура 8-мартка карата мага сюрприз кылып Жаныбек келиптир. Таң атпай атып эле чалды: "Бүгүн эмне кыласын?"
- деп. Апам айылдан келген, аталаш байкем кыздуу болгон эле дедим бир нерсе сезгенсип. "Биз күткөн күн келди, мен шаардамын. Качан жолуга алабыз?" деп сүйүнүп алган. 12ге деп, мен 2 сааттай кечигип бардым окшойт. Чыдамы кетип кайра-кайра чалып атып жолуктук...
#10 11 Февраль 2017 - 22:17
Өкүнүчкө карай мен күтүп, элестетип жүргөн адамды көрө албадым. Мүнөзү, жан дүйнөсү менин табитиме туура келгени менен, анын сырткы келбетин өзүм өлчөп алган стандартка туура келтире албай көңулүм сууй түштү. Бурулуп да кетип кала албайм. Кечке чейин шаар айланып, кыдырып басып бири-бирибизди дагы жакындан тааныгандай болдук. Кечинде ал досун, мен курбу кызымды чакырып бир кафеде отурдук. Курбум шайыр болуп сүйлөп, экөөнү эриктирген жок. Ал болсо менден көзүн албайт. Бирок, мен аны келечекте өзүмдүн жолдошум катары элестетип, көрө албай койдум. Үйгө жеткирип келип, мени ушул убакка чейин издеп жүргөн кыз экенимди жана үйлөнөлү деген сунушун айтты. Мен ойлоноюн деген дагы жокмун, антсем, үмүт бергендей болом... - Жок... деп алып бир топ ичим ачышып кетти. Мен али окуумду аякташым керек. Аран эле 2-курсмун. Сиз мени күтсөнүз дагы убакытыңызды уттурасыз. Сиздей адамга жетпей жүргөндөр көп. Билимдүү, акылдуу адамсыз, иштеген ишиңиз бар, мендей эч нерсеге түшүнө элек эселек кызга кызыгып атканыңыз убактылуу гана.. деп аны улуусунтуп,
дагы бир топ жүрөгүн ооруткан сөздөрдү айтып жөнөтүп жибердим. Жакшы күндү өткөрсөм дагы үйгө келип маанайым түшүп, ыйлагым келди. Аны кыя албай же макул боло албайм. Көп кездерде ушул чечкинсиздигиме жиним келет. (кээде туура эмес жерде өтө чечкиндүү болуп кетем). Көп өтпөй курбум келди. Кафеден кийин дагы 2 жигитине жолугуп келген экен. Алган белектерин көрсөтүп мактанып атты. Мага берген 1 тал роза гүлүн сууга салып коюп карап отургам. Аныкы ал экөө эле эмес, бир нече болчу. Ага алданып жүргөн жигиттерге бооруң ооруйт. Аныкын коюп өзүмдүн жайымды айтсам: "Ээ досум, эмне кыласын андайларга башыңды оорутуп, сенден бир топ улуу экен.Досун кордүн го эмитен эле чачы калбай калыптыр. Сен эми ойноп күлгүң келсе, ал үчүн кызык эмес, сен үчүн ал кызык эмес болуп экөөңөр төп келбейсиңер"
, - деп айнытып койду. Өзүм да ошондой кеңеш күтүп турганга, өзүмдү жоошутуп, тим болдум. Бирок күндө эртели-кеч анын чалуу, смстерин күтүп кыжаалат боло берчүмүн... Бир күнү түн бир оокумда, уктап атсам бирөө чалат, алсам, ошол экен. Уйкум умачтай ачылды. Кызуу окшойт, мага нааразы боло бир топ нерселерди сүйлөдү. Унута албашын айтып, бардык аракетин кылып көрүүнү чечиптир. Ошол учурда күлкүлүү болгону менен мен дагы аны сагынып калыптырмын.
Башка күнү сүйлөшөрбүз деп жоошутуп телефонду койдум. Андан кийин өзүм бир уктай алсамчы...
Соо кезинде кайра чалгандан тартынган окшойт. Бир күнү окуудан кетип баратсам кокус жолуккан болуп, алдымдан чыкты. Жумушу боюнча семинар болуп ошого келген имиш. Бирок анысына деле анча ишене бербедим. Андан көрө сага келдим десе ичим жылып калмак го, ал дагы өзүнүн беделин түшүргүсү келген жок окшойт. Чогуу түштөнүүгө чакырды. Жумуштарыңыз менен келсеңиз сизге кедерги болбоюн, башка күнү деле жолуксак болот деп кетип калдым. Андан кийин кээде чалып калчу болду ден соолук сурап. Бир күнү дагы телефон чалды кандайсын деп... Шаарга келгем, бүгүн бир аз жумуштарым бар эле, эртең жолуга алабызбы дейт. Мен келбесе деле керек, мени дагы кантип сынап атат деп ойлонуп: "Эмнеге бүгүн эмес, мисалы бүгүн мен бош болчумун" , дедим какшыктай эмне кылар экен дегенсип. Уйдө жалгыз отургам.
- Макул анда азыр барам, даярданып тур деп телефонду койду. Өзүмдүн сөзүмдөн кайда качмакмын, жолугууга туура келди. Белгиленген жерге чейин бир топ басып бармакмын. Улам чалып сурап жаткканан так жооп берип жаткам. Көрсө мени үйдөн чыккандан бери эле артымдан аңдып келатыптыр. Жаш балача кыялына жиним келип, көргөндө кайра бат эле жазылып кеттим. Экөөбүз кафеде аркы-беркини көпкө сүйлөшүп отурдук. Акыры келип эле анын сунушуна кезек келип, мен дагы такалдым. Эмнеге?.. деген суроосуна жооп бере албайм. Бир нерсе эле токтоткондой. .. Ал жок дагы жашоо кызыксыз экенин туюп калгам. Бирок азыр турмушка чыгууга даяр эмесмин. Кыялдарым орундалбай кыжаалат болом. Күйөөмдүн көзүн карап өмүрүм өткөнүн каалачу эмесмин. 19 эле жаштамын, келечек али алдыда, балким күткөн адамыма келечекте жолугам... деп бүгүн андан биротоло баш тартаарымды ичимден ойлонуп отургам. Ал мени күтпөсү анык болчу, убактысы дагы өтүп бараткан. 30 жаш деген ал кезде тоону ашып кеткендей туюлчу. А мен тырмышып али этегиндемин. ..

#11 13 Февраль 2017 - 16:08
Экөөбүз кафеде түрдүү темада сөз кылып отурдук. Үй-бүлөлөрүбүз,
айылдагылар,
студенттик кездери... Мага негизи болбойт, бирок, бүгүн мен үчүн өзгөчө күн деп сыра ичип, кайра кайталаган.
Кеч болуп кетти, туралы деп кетүүгө камындык. Эшикте жаз келип, баары жашылданып,
сыдырым жел болуп шаардын ызы-чуусу басаңдай баштаган экен. Биз тынч аллеяда басып бараттык, бактардын ийилип турган бутактарындагы жалбырактардан үзүп коюп келатканым болбосо, экөөбүз тең үнсүзбүз. Үйгө жакын калган элек. Бул тынчтыкты бузуп бир кезде ал мени кучактап калды. Чымыр дене, карылуу колдоруна алым жетпей булкунуп, бир кызык абалга тушугуп, эркелеримди билбей же кагып сала албай, бир чети чоочусам, бир чети коркуп да кеттим. Айланабызда эч ким көрүнбөйт. "Коё бериңиз... бул эмне кылганыңыз?
" Ал үн дебей кучактап тура берди... Мен жай айттым, алдадым, сурандым, жалындым коё берер кебетеси жок. Ыңгайсыз болгону менен мага да анын кучагында жагып турду...
- Мага турмушка чыгууга макул болсоң гана коё берем. Макул дечи, баш кошолу!...
- ....
Акыры какшыктап баштадым: "Эми билдим эмнеге сыра ичкениңизди. Себеби ушунда беле? Дагы эмнелерге батына албай жатасыз? Эми мени биротоло эле байлап алып мажбурлайт чыгарсыз дегенде кана колдорун бошотту.
- Кеч болуп кетти, эртең сабакка барышым керек.
- Эртең сабагың канчада бүтөт?
- Ал эми сизди кызыктырбай эле койсо болот.. Мен сөзүмдөн жаңылганым үчүн эле жолуктум. Мындан кийин жолукпай эле койсок дейм.
- Бүгүн конок үйгө баралычы?... Сенин жаныңдан кетким келбей жатат...
- Эмне?? Кучактап алсаңыз эле баары мүмкүн экен деп ойлоп атасызбы?.. Кеч калып калсам жеңил ойлуу кыздардан экен десеңиз керек? Сиздин көңүлүңүз десем,мени башкача түшүндүңүз окшойт. Кош! Менин көзүмө көрүнбөгөндөй болуңузчу, бизди эми эч качан жолуктурбасын! Жакшы барыңыз! деп баттан басып бараттым. Ал артымдан кечиим сурап, туура эмес түшүнүп алганымды айтып жалдырап келатты. Сени жанымдан артык көрүп калдымСунушун дагы ойлонуп жообун күтөрүн кайталап калып калды, мен үйгө кирип кеттим.
Ушуну менен баары бүттү деп өзүмдү окууга, бош күндөрү Элдиярга жолугуп коюп 15-20 күндөй убакыт өткөн. Бир күнү белгисиз номерден чалып калды. Мурда албай жүрсөм бул жолу алдым, Жаныбек экен.
- Телефонду коюп салбачы. Мен эртең шаарга барайын дегем. Сенде сөзүм бар. Өткөндөгүгө таарынба, барын түшүндүрүп берем..
-Керек эмес, убара болбогула. Мен башкаа турмушка чыкканы жатам. Дагы билгиңиз келсе Нарынга келин болом буйруса. Мен аны менен мурунтан эле сүйлөшүп келем.
- Гулзат антпечи... Эртен барганда сүйлөшөбүз. Жакшы тур.
Баягы убайым кайра башталды. Телефонду алганыма өкүнүп турдум. Жанымдагы курбум аны колдочу эмес, группадагы башка курбум менен сабактан кийин бир жерге барып отуруп сүйлөшүп, отуруп ал мени кайра көңүлдөндүрө баштады. Жолдошуңдүн улуу болгону жакшы, сени сүйүп атса көңүлүңө карайт. Өзүң жактан маселе көп болбойт, тааныган кадыр барктуу адамдын баласы болсо ойлонуп көр деп. Бүгүн келиши керек, сени менен тааныштырам деп көңүлдүү үйгө келдим. Эртеси, анын эртеси... бир жума убакыт өттү андан дайын жок болду..

#12 13 Февраль 2017 - 19:57
Бир күнү эртең менен сабакка баратсам чалды. Маршруткада болгондуктан ала алган жокмун, ичимден дагы эле ага таарынып жүрөм. Айткан сөзүнө деле тура албайт экен. Жолдошум болуп деле жарыта албайт го. Чыныгы жигиттер кандай болуу керек деген бир топ критерийлерге жооп бере албады деп ойлонуп койдум. Сабакта отурганда дагы чалды, агайдан айбыгып ала албадым. Сабакка деле көңул жок терезени карап отурсам, аялдамада Жаныбек отурат. Эми көзүмө көрүнө баштаганбы деп жанымдагы курбумду түрттүм. Ал карап эле: "Ошол" деди. Таарынып атканымды унутуп эле ага "Кандайсыз?
Семинарыңыз ушул аялдамада өтө турган болгонбу"
деп смс жазып жибердим. 2 жагын каранып ал биз тарапты көздөй басып, корпуска кирип кетти. Көп өтпөй эшик акырын ачылып жабылды. Агай берилип бир нерселерди айтып аткан эле... "Байкайм,
сени жибербей турган сыяктуу... Эшикте күтөм" деген жооп келди. Ичимден сүйүнүп турсам дагы, кыздар аны көрсө эмне дээр экен, азыр баары эле сынаганды жакшы билишет. Негедир ошол кездерде бирөөлөрдүн ойлору менен көп эсептешчү экенмин. Ошол сыяктуу ойлор менен алпурушуп атып сабак дагы бүттү. Кызыгы курбуларым аны көрүүгө менден мурун ашыгып жөнөштү. Ортодо окошка болуп, бош болчубуз. Сыртка чыксам күтүп туруптур. Мүнөз көрсөткөндөй болгонум менен бат эле сүйлөшүп кеттик. Жүрү тиги кафеге отура туралы дегенине көнбөдүм. Аны менен алаксый бир жумушумду бүткөрүп алайын деп бассам, мени ээрчий ал да аргасыз басып баратты. Жолдо 2-3 кафе көрсөттү отура туралы деп. Кийинки сабакка жетишишим керек деп айтканымды бербедим. Жолдо бирөөлөр чалып эле кыжаалат болгонун байкаганым менен, эч нерсеге этибар бербедим.
- Сабагыңа барбай эле койчу.. .....нын сабагыбы? Кийин сүйлөшүп койсок болот... (Ушул сөзүнө дагы эмнеге минтип айтты деп дагы ойлонбоптурмун).
- Менин сабактарыма, деги эле мага дагы кабатыр болбой эле коюңузчу, өзүм билем деп маршруткага түшүп кетип калдым...
Сабактар бүткөндө ал кайра чалып, айылга кетип аткам. Эми көпкө чейин келбейм деле го, сабагынар бүтсө курбуларын менен бир жерден чай ичип дейт.
- Бүгүн чай эле ичкиңиз калган окшойт. Рахмат. Айылга кетсеңиз жакшы барыңыз. Эми көрүшпөйбүз деген үмүттөмүн деп сүйлөп бүтө электе телефонумду коюп койдум.
Сабактан чыгып келатсак алдыбыздан чыгышты. Жанымда 2 курбум бар болчу. Ошол күнү менин көзүмдү бууп койгондой эле жүрүптүрмүн. Жанында бир досу пайда болуп калган экен. Кафеде отурсак бир досу жолдон өтүп баратып бизди көрүп бурулуп калган имиш, ал кошулду. Бир аздан кийин биз чыгалы деп камынып калдык, 2 курбума унчукпаганы менен мени кетиргилери келбей жатканын байкадым. Жок деп эле бата кылып жолго чыктык. Ал жибергиси келбей кыйылып артымдан чыкты. Бир курбум башка тарапка, ал эми чогуу жашаган курбум байкем келиптир деп калды. Айылдан келип атса өздөрүнчө кенен сүйлөшүп алышсын деп анда деп, аны да салып жибердик. Көптөн бери бара элек элем деп мен таякемдин үйүнө бармай болдум.
Бир аз күтө турчу, бизде машина деле бар, жеткирип коем деп чыйпылыктайт. Кутсөм же маршрутум келбейт. Кафеден чыгып баратканда кийинки келген "досу" мага белги бергиси келиптир, аны дагы түшүнбөгөм. Аңгыча алардын да машинасы келип калды. Машинада баягы кафедеги досу отурат. Жеткирип коеюн, каршы болбо, буларга акча алып бермек элем бирөөдөн, ошону берип сени таштап коём дегенине жаш балача ишенип, машинасына отурдум...

#14 14 Февраль 2017 - 10:45
Бир топ жүргөндөн кийин:
- Кайсы жакта эле акча ала турган жеринер?
- Азыр жетейин деп калдык. Бат эле сен кайра жеткирип коёбуз.
Анысына да ишендим. Бирок өңү кубарып. ичинде бир нерселерге кабатыр болуп турганын байкасам да. акыркы жолу жолугуп кетип баратам деп ойлонуп атса керек деп аны аяп коём дагы ичимден. Катуу айдагандыктан шаардан дагы бат эле чыгып кеттик. Бир жерге токтотуп. ушул жер. Бир аз күтө тур э деп түшүп суусундук алып келип берип, өздөрү сыртка чыгып кетишти. Машинада жалгыз эригип отурсам. курбумдан "Каяктасын" деген смс келди. Эмнегедир ага чейин оюма келбесе дагы курбумду тамашалагым келип: "Мени ала качып кетти, бүгүн точно баралбайм. Тоюма келесиңби?" деп жазып жибердим. Ал билчү беле же тамашалаштыбы. "Тоюна сөзсүз барам чакырсаң эле. бактылуу бол!" деген жооп келди. Аңгыча тигил келип. "Жүрү бул машина башка жакка бармай болду, алдыдагы машина менен жеткирип коёюн", - дегенинен, ага барып отурдум... Ичинде дагы 2 бала бар экен. Таанышып алалы, Жаныбектин айтып бүтпөгөн кызы сен экенсиң да деп тамашалап ар нерсерелди айтып баратты. Жаныбек болсо сөздөн калгандай... Телефонуна удаа келген чакырууларды дагы жоопсуз калтырып баратты... Ошол кезде Элдияр чалып калды жумуштан чыгып сен жакка барсам дегем. бош элесиңби деп. Эмне дээримди билбей эле. мен таякемдикине кеткем элем. эртен жолугалы анда деп шашылып трупканы койдум.
- Жигитиңизби? деди бирөөсү. - Ооба дедим чечкиндүү. Канчалык жигит экенин эми көрөрбүз деп кошулду ага жанындагысы. ..
Тамашам чынга айланганын сезсем дагы сыр бербедим. Телефонумду карасам 1 эле бирдигим калыптыр. Биринчиден кийин ишенип алганмын го. апам мени алып кетпесин билчүмүн. Министрдин кызысынбай андан артык баланы кайдан тапмак элең, чын эле көңүлү түшүп алып кетсе артыңдан барбайм деп айтканы бар эле. Ошол үчүн "Ата, мени ала качып баратышат. көңүлүм жок. отурбайм алып кетиңиз.Калтырсаңыз да мен баары бир жашабайм! " деп смс жазып жибердим. Менин унчукпаганымдан "Макул окшойт өзү деле" деп ойлошту окшойт. жол жээкке токтотушту. Күн кирип баштаган. алдыда ашуу. жол узак...
Үнсүз жанымдагы Жаныбекти атып жиберчүдөй карадым бул эмне кылганың деп. Ал болсо көзүн жерден албайт. Жанындагы достору шатуу аны-мунусун даярдап алышкан экен тост баштап атышат. Аңгыча үйдөгүлөр чалып калышты. Алып эле, "Мени алып кеткиле!! ! де кыйкырганга араң жетиштим. Телефонду алып өчүрүп салышты. Ал анан ыйдын сазайын бердим... Бакырып-өкүрүп жашым түгөнүп жаштык менен коштошкондой болдум окшойт. Машинадан жулунуп чыгып чоң камаздын алдында калып калайын дедим. Ошондой учурда баары бир болуп калам эмеспи. Сага барганча бир камаздын алдында калганым жакшы деп кыйкырып атам... Машинасына салды эле анын ручкаларын жулуп акмактарын кетипдим... Катуулап айдап андан ары жөнөштү. Жүрөгүм айнып, кыйкырып атып бир жерден дагы токтодук. Шар аккан чоң сууга агып кетким келди. Жалдырайм коё берчи деп... Мени бактылуу кыларын айтып бүтпөй ал жалдырайт... Акыркы үмүтүм атамда болуп аргасыз кетип бараттым...

#15 14 Февраль 2017 - 20:45
Кечиресиздер,
колум бошогондо жаза калып бүтүргүм келип турат сиздерди күттүрбөй. Мен дагы сиздерге окшоп эртерээк жазып койбойбу дей берчү элем...
Түн бир оокумда айылга жакындадык. .. Туулган жеримден жардам күткөнсүп айнекти кимдир бирөөнү издеп ичимден эзилип бараттым. Ыйлай берип көзүм тоодой болуп шишип чыккан. Баары бир калбайм, алып кетишет деп өзүмдү ичимден ишендирем... Бирок эмнеге анча жээригеннимди азыр деле билбейм, көрүп, билбесем бир жөн, тааныйм.. анан... Жок калбайм баары бир, адамча түшүндүрүп алып кете албаса, өмүр бою ушунун айтканындай боло бермек беле...
Ошол мезгилдеги президентибиз Бакиев: "тезек тергиле" деп түнкүсүн светти өчүрүп койгон мезгил болчу. Чоңдору менен сүйлөшкөн го айылга кирип баратканда свет күйүп сүйүнүп калышты, а мен ичимден күйүп баратам... Баягы тааныш үйгө бурулганда үйүлүп турган элди көрүп, баягы ызы-чуу кайра башталды... Балдары көтөрүп эле үйүнө алып кирип беришти. Карасам баары эле кобурап акыл айтып, ушинтип эле келип жашап калышканын. .. Таш түшкөн жеринде оор экенин эскертишип, жоолугун салышат, мен кайра алып ыргытам, сооротуп айтпаган сөздөрү калган жок окшойт. Эмнеси жакпайт балабыздын? дешсе эле эмне дээримди билбей, менден улуу деп аттым. - Ай, улуу жакшы да. Иштеген иши бар. Тракторчу, койчуларга келип деле үндөбөй жашап атышат. Андан көрө багың ачылсын! Балалуу болгула деп алкап жатышты, Жакшы сүйлөп жалбарып да, урушуп кыйкыргандары да болду. Бир кезде мен да үнүмдү көтөрө "Апамды алып келгиле, эмне десе ошол болсун!" - дедим буйра... Көп өтпөй апам да келди. Кызарып алган, ичи ачышкан окшойт, ачышпай анан ушунча бөпөлөп багып, колунан бирөөлөр жулуп кетип атса. Элдин көптүгүнөн чарчап, башым айланат. Апама жетмегим тозок болду. Ушундай жерден кантип алып кетесин дешип айланып, тегеренип атышты. Мен жулунуп жетпейм... Кинодогудай чуркап босогого келип калмак кайда, ордумдай козголтушпай койду. Кыйнай бербе кызыңды алып кетип кайда барасын дешип айланчыктаган аялдар апамды башка бөлмөгө алып кирип кетишти. Кыйкырсам үнүм чыкпай, чарчаганым ушунча жоолугун салынып кала бердим...
Тан атайын деп калган. Бир нерселерди ойлонгонго деле дарманым калбады. Көшөгөсүн узун столлун төрүнө тагышкан экен. Столдогулардын баарынын назары менде, бакылдагып бир-бирин сыйлап жатышты. Женелеп атканынан көңүл бурбагам, кудача дегенинен көшөгөнү акырын ачып карасам сиңдипди айтып атышыптыр. Аны, женелеримди кучактап алып дагы ыйладым. Негизи эртеси эле келиши керек эле, аны ойлонгонго деле мээм жеткен жок. Көп өтпөй эле ызылдашып башташты. Мени башка бөлмөгө алып киришти. Жаныбек жалгыз отуруптур. Менин дагы деле үмүтүм өчпөй: "Мени качырып жибериңизчи, сизге татыктуу жубай боло албайм, жүрөгүм сезет" деп бир топко жалдырап ыйладым. Ал мени сооротуу менен алек. Ошентип отуруп таң да атты. "Сени ала албай 3 күндөн бери уктаганым жок. Аябай чарчандым, мен сага тийбейм коркпо" - деп отурган, эшикти такылдатып анын женелери кирип келишти. Түз эле керететке барып, экөө күңкүлдөп акырын сүйлөшүп атышты. - Эми эмне дейбиз деди окшойт. Экинчиси: " шаар көргөн кыз да эми. Балабыз ыраазы болсо болду дегенин даана уктум. Мага бирөө муздак суу куюп жибергендей болду. Бизде салт боюнч
- Бул эмне дегениңер? Шаар көргөндүн баары абийиринен айрылганбы? Өзүңөр акылыңардан айрылгансыңарбы? Ал жакка жакын барган жокпуз.
Мен ызама ыдабай кетмек болуп кийимдеримди издеп баштадым... Эшиктен билмексен болуп кирип келген апасы мени токтотуп: "Кишилер келип атат, көшөгө бөлмөгө кире турчу, анан сүйлөшөлү" , - деп ээрчитип кетти...

#16 18 Февраль 2017 - 10:06
Көшөгөдө отуруп эмнелер гана оюма келген жок. Мүмкүн бул нерсе мага Кудайдын ачып берип аткан жолу чыгар... Мага эмнеге тийбеди экен... Чарчап турганымды көрүп аяды го... Жоок, мен ата-энемди уят кылып, эртен элдерге жанагыдай сөз болгум келбейт, мени ошондой сөзгө калсын деп тарбиялашты беле... Ойлорумду бөлүп, келин көрүп келгендер көп... Мен же калган адам эмес, же кете турган эмес, ансайын чайналып турдум... Бир кезде апасы келип, мени кайра ошол бөлмөгө алып кетти. Барсам Жаныбек бар экен. Мен жаш кыз, менден улуу адам жана анын апасы, бул темада сүйлөшүү кандай оор... Апасы: "Сен деп жүрүп балам чарчады. Эми сен биздин бүлө болдуң. Бизден бир мүчүлүш кетип калды. Кудай алдында күнөөлүү болуп калдык. Силерге биринчи нике кыйбай киргизип жиберген экенбиз. Ошол үчүн ушундай абалда турсак керек". Ооба дегенсип жарым жартылай сөзгө аралашып жанында баласы турду. Эмне дээримди билбей дел болдум... Мурда-кийин күйөөгө тийип көрбөсөм мен эмне кандай болорун кайдан билем... Бир гана: "Менин дагы намысым бар, мен өз көңүлүм менен келген жокмун аны көрүп турасыз дар. Адамды мынча башынтуу болбойт. Мен дагы чарчадым, балаңыз дагы чарчаса эс алсын. Жеңемдерди бүгүн келиши керек эле, өзүңүздөр ушундай болсун деген экенсиздер.
Эми алар эртең кетсин. Келиндериңиздин айткан сөздөрү менин жүрөгүмө тийди, мен ак экенимди далилдесем гана ушул үйдө калам. Андай болбосо мени кармабагыла!
"- дедим. Мени кайра көшөгө бөлмөгө алып киришти. Оюмду айтып алганга жеңилденип калдым... Жеңелеримди колдорунан келишинче сыйлап атышты. Сиңдим айланчыктап жалооруп карап менин жанымда. Өзүмө ал жердегилердин баары жат көрүнүп, калсам кантем деп ичимден сызам... Аңгыча молдо келди, нике кыйылат деп ыы-чуу болуп калышты. Көпчүлүктүн кереги жок дешип бизди дагы бир башка бөлмөсүнө киргизишти.
Кырааты менен барын кылдат түшүндүргөн молдо көпкө айтты акыл-насааттарын.
.. Мен эмне дээримди билбей ичимден түпөйүлмүн.
.. Ошол ситуацияны эмне деп айта алам... Ак сакал адамдар, кайната, кайын ага, башыңды көтөрүүгө болбойт... Арга жок гана "Макулмун"
деп гана акырын үн каттым. Нике кыйылып бүттү. Анын ушунча касиети болорун кийин аңдадым...
Элге уят кылбай тынч эле отурушуң керек. Жеңеңдерди ыраазы кылып узатабыз.

#17 18 Февраль 2017 - 10:08
Кечиресиздер,
кийинкиге деп жылдырып койгонумду унутуп кетирип жибердим.
#18 18 Февраль 2017 - 11:17
Көнүп калгандай эле кайра көшөгөгө кирдим. Эми биздики деп ишенип калгандай баары өздөрү менен алек болуп башташты... Жанымда үйрүлүп түшкөн адамдар азайып, эшикте музыка катуулап, бийге түшүп аткандары угулуп атат. Бир убакта жалгыз калдым, уйкум келгени ушунча уятымдан отурам... Эшик ачылып, бир улуу эле эже келип жаныма отурду. Ал мурдараак эле: "Биз бул үйдөн кийинкисибиз,
шаара турабыз. Атаңдар мынча бир тууган. Чет жакта жашагандарыбыз бар. Жаныбек үйлөнөт деп Турциядан бери келгендери болду. Менин да келиним бар сенден улуу, бирок сенин алардан дагы жолуң улуу эми. Үлгүлүү келин болушуң керек деген сыяктуу кептерин айтып отурду, аягында "Эмне болду тиги...?" деди куулана билгиси келип. Эми өзүм араң отурсам, аны менен ушакташмак белем... Ошол убакта эшиктен апасы кирип келип, жини келе түшүп: "Эмне отурасын? Алдыгы дасторкондун четин жыйна!"
- деди. Улуу эле адамды антип жумшабайт эле, бул менин дарегиме айтылганын түшүнүп, туруп жыйноого кириштим. Мага бүгүн ушундай мамиле башталса, эртең кандай болорун элестете албай баштадым. Түш оой баштады... Стол тегеректен эшиктегилер тамакка киришти. Алардын арасында Жаныбек карындашын эркелетип отурат. Көзүмө бир башкача жакын сезиле баштаган. А биздин көп кыздар ашык болгон иниси эшиктен керектүү бир нерселерди алып кирип, мени уурданып карап, жылмайып чыгып кетип атканын көрүп калып аттым. Дагы бир карындашы турмушка чыккан экен, улуу эле байке мени жеңелеп жүрдү. Мен болсо тагдырым кандай болорун биле албай кыжаалатмын.
Апасы мени кайра чакырды да: " Жеңеңдердин кетер маалы болду. Нике кыйылды. Аларды кармай бергенде болбойт, жаш балдары бар экен, бойлорунда бар кыйналып калышат. Бизди элге уят кыла көрбө, аларды ыраазы кылып узатабыз"
, - деди. - Жок, бул менин да жашоом. Аны ушинтип баштагым келбейт. Жүзүм жарык болсун менин дагы, жана айттым го, ошондой болсо гана калам, болбосо мени дагы кармабагыла жеңемдер менен кете берейин...
Эшик жарык, караңгылаган бөлмөгө кирдим... Бул жолу суранып, ыйлаган да жокмун. Үнсүз гана ал мени кучактап отурду.. "Менин баягы ооруканада жатканымды билесиң да, менин кичинемден эле ушул жаатта көйгөйүм бар экен. Дарылангандан кийин көпкө созбой үйлөнүшүң керек, жаш өтүп баратат, балалуу болбой калышың да мүмкүн дешти. Шашылганым да ошондон. Балдардын түркүгү менен ушинтип гана сага жете алам дедим. Сага айтууга айбыктым, ансыз деле так секирип турганыңды көрүп атпаймынбы. Конок үйгө чакырганымдын себеби да ушунда болчу, сен аны да туура эмес кабыл алдың. Азыр эч нерсе болбойт... 20 күн жашап көрөлү, болбосо үйүнө жеткирип коём!!! ! Ушул сөзү менин кулагымды жарып кетти... Койчо салып келип, болбосо жеткирип коет экен да... Абалымды сөз менен айтып жеткире албам... Мурда кийин балдарда ушундай абал боло турганын билсем да... оюм эле балага кетти. Озумдөн кийин 4 бөбөгүм болгонго бала багып жүрүп чоңойгом, балага жакын болчумун. "А балалуу болбой калсакчы! ,- дедим бир кезде. Ал: "Сен жанымда болсоң эле болду, балким кийин багып аларбыз". ..
Эми окурмандар ошондо менин ордумда болсоңуздар кандай кылмаксыздар? ??? Сиздердин ойлоруңуздар мени аябай кызыктырат, бөлүшө кетиңиздерчи?...

#19 18 Февраль 2017 - 11:26
Эх жашоо жашоо ушундай кыйынчылыктар менен кызык экенда,бирок эч Алладан калба береерин унутба,бир кун болбосо бир кун албетте берет,инсандарды Аллахым сабырын сынайт сабыры канчага жетет деп,сабырдуу болушту билишибиз керек.
#20 18 Февраль 2017 - 11:41
Өтө кыйын абал... Ал мага ушунчалык жакын, бир эле убакта мага жат көрүнүп турду... Мурда кыздар менен болуп жүргөн белеңиз деп сурадым уятты жыйыштырып.
"Жок" деп жооп берди шыр эле. Мүмкүн мени кийин кызганып жүрбөсүн деген чыгар... "Анда эмнеге убара болосуз, Балалуу да боло албасак кандай жашоо болмок? Башында айтуу керек эле, жашоо оюнчук эмес да, эртең биз менен досторуңуз чогуу жашабайт да биз менен".
- Сен башкага турмушка чыгам дегенде өзүмдү коерго жер таппай калдым. Меники болушуңду каалайм. Мен сени сүйүп калдым. Эми эмне десең да чечимиңе айла жок көнөм деди.
А мен үчүн чечим кылуу ошол кезде оңой эле болду...