Суперстан: Жыландын сүйүүсү - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (17 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жыландын сүйүүсү «Жыландын сүйүүсү» автор тарабынан алымча-кошумчаланып, аңгемелер мене

#121 Пользователь офлайн   Janyla   25 Февраль 2014 - 23:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 304
  • Катталган: 07 Январь 11
  • Соңку аракети: 16 Фев 2022 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулук жана ыймандуулуктун жолунда...

"Анткени?" -эмне?!Блин, аягын жомок кылып деле,Жанды адамга кубултуп койбойт беле?((( :капамын:
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!

Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#122 Пользователь офлайн   asil-08   23 Июнь 2014 - 00:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 68
  • Катталган: 23 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 27 Сен 2019 17:06
  • Жынысы:Аялзаты

Анткени бектемирдге турмушка чыккан да жана айтып отту го куйоосу деп
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#123 Пользователь офлайн   kandaisyn   23 Июнь 2014 - 16:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 058
  • Катталган: 17 Июнь 14
  • Соңку аракети: 24 Сен 2019 03:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сары адамдар жашаган жерде

мен эми баштан окуп жатам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#124 Пользователь офлайн   KoLiBRi   23 Июнь 2014 - 23:56

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 15
  • Катталган: 21 Июнь 14
  • Соңку аракети: 25 Авг 2014 18:39
  • Жынысы:Белгисиз

Эх соонун чыгарма экен, кино коргондой болуп, бир дем мн окуп чыктым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#125 Пользователь офлайн   Tahmina94   05 Июль 2014 - 13:39

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 144
  • Катталган: 03 Июль 13
  • Соңку аракети: 16 Май 2015 22:41

ошондо чыгарма сонуна чыктыбы автор?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#126 Пользователь офлайн   Aitunuk   05 Июль 2014 - 18:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Tahmina94 (05 Июль 2014 - 13:39) жазган:

ошондо чыгарма сонуна чыктыбы автор?


Чыгарманын кандай чыкканын автор эмес, сиз баалашыңыз керек, окурман катары.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#127 Пользователь офлайн   Mekuza92   17 Апрель 2016 - 10:33

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3
  • Катталган: 12 Апрель 16
  • Соңку аракети: 17 Окт 2016 16:41

Дагы жазынысчы суранам абдан жакты
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#128 Пользователь офлайн   Mekuza92   17 Апрель 2016 - 13:47

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3
  • Катталган: 12 Апрель 16
  • Соңку аракети: 17 Окт 2016 16:41

Дагы жазынызчыы суранам
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#129 Пользователь офлайн   Mekuza92   17 Апрель 2016 - 13:49

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3
  • Катталган: 12 Апрель 16
  • Соңку аракети: 17 Окт 2016 16:41

Жыландар ханышасы жонундо жазсаныз эми
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#130 Пользователь офлайн   Mahabbat   25 Апрель 2016 - 18:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 454
  • Катталган: 10 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 27 Авг 2016 07:22

Соонун чыгарма экен. Авторго чоон рахмат. Уйкудан, иштен калып атып окуп чыктым, эки кун дегенде
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#131 Пользователь офлайн   Palan4a   06 Май 2016 - 13:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 62
  • Катталган: 02 Апрель 16
  • Соңку аракети: 10 Окт 2017 19:54

Кино коруп жаткандай эле, коз алдыма тасмадай тартылды. Бут баарын элестетип, таенемин уйдо болгондой окуп отурдум))))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#132 Пользователь офлайн   Kyrgyzka-95   15 Февраль 2017 - 13:06

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 13
  • Катталган: 11 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 11 Мар 2017 02:56
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

ЖЫЛАНДЫН СҮЙҮҮСҮ

ЭКИНЧИ КИТЕПТЕН

2

Жандын сезгендей, жүрөгү элеп- желеп болуп жаткан Кызмончок үстүнө көйнөгүн
кийе коюп, терезеге келди.

Ансыз да төөнүн көзүндөй болгон чакан терезени жамгыр жууп, эчтеке көрүнгөн
жок. Антсе да бүшүркөй, тоо тарапты карады.

– Эмне көрдүң?! – төшөгүнөн жарым-жартылай баш көтөргөн Бектемир ызалуу
унчукту. Кызмончок бир эсе кечирим, бир эсе жардам сурагандай, Бектемирди
жалооруй тиктеди.

– Эмне?! – деди Бектемир анын эмнени каалап, эмнени айта албай турганын
түшүнгөндөй. Сүйүнгөндөнбү же күйүнгөндөнбү, келиндин дем алганы катуулап, ал
ансайын көкүрөгү солкулдап, бирок үнсүз-сөзсүз, көздөрү гана «сүйлөп», күйөөсүн
тиктеп турду.

Кызмончоктун карегиндеги жазууну окугандай, жигит денесин төшөккө чалкасынан
күч менен таштап жиберип, жансыз немедей «сулк» жатып калды. Бул – анын
таарынганы. .. жок, таарынганы да эмес, кызганычтан өзүнө-өзү батпай калган
акыбалы эле... Экөө баш кошсо эле махабат аттуу, арзуу аттуу сезимдин азабы
менен тозогунан кутулчудай сезчү ал башта. Бирок бардыгы татаалданып,
тескерисинче, минтип ырбап кетери «үч уктаса түшүнө да кирген» эмес! Күйөсүнүн
жанына келип ыпысык, жумшак алакандарын анын көкүрөгүнө койду Кызмончок:

– Бектемир?..

Келиндин алда неге толкунданган өндүү дирилдеген добушу Бектемирдин канын ого
бетер кызытып, күрөө тамырлары балкылдап, барсайып көөп чыкты.

– Жаным? – бир нерсе өтүнгүсү келгендей, кечирим сурагандай, акырын шыбырады
Кызмончок. Келин эми күйөөсүнүн каруусунан ылдый акырын сылап келип, муштумуна
жеткенде «селт» этип колун тартып алды. Бектемирдин эки муштуму тарамыштай
түйүлүп, билинер-билинбес калчылдап турган болчу.

Кызмончок кайрадан терезеге келди. Адамдын үрөйү уча тургандай болуп, күн катуу
күркүрөп алды. Тоо тараптан жаркылдаган чагылган кудум жебедей ийрелеңдеп,
чарт-чурт этип басылды.

Бектемир дагы эле жанагы калыбында эринин кыр ча тиштеп, көздөрүн жумуп,
кыймылсыз жата берди. Анткен менен ал азыр жубайынын жанына келип, жайма-жай
чечинип жатышын, мойнунан кучактай эркелеп, жарынын өзүнөн башка эч кимди ойлоп
да койбой, бул жашоодо ал үчүн күйөөсүнөн башка арзытар эч кимдин, эч нерсенин
жок экенин шыбырап, чагылган чартылгаган сайын ага бекем ыктап, өзүнүн гана
канаты алдында корголошун каалап жаткан. Бул – Бектемирдин жүрөгүнүн түпкүрүндө
айтылып, айтылбаган арманы, көптөн бери көкүрөгүн өйүгөн көксөөсү эле. Көп
учурда көөдөнүндө көлкүлдөгөн кызганычты Кызмончокко билдирбегенге аракет
жасайт. «Мен аны айбандан кызганып, жиндиминби? ! – дейт өзүн-өзү сооротуп.

– Жан ким да, мен ким?! Ал – боору менен сойлогон жылан, ал – бир бечара,
макулук! Керек болсо, ал – эч ким!..» Муну менен бир аз жеңилдей түшкөнсүйт,
бирок эле... баары кайра башынан башталат. Ага көбүнчө Кызмончок себепкер
болот. Бектемирдин кучагында жатып алып да «шырп» эткен дабышка кулак түрүп,
ким бирөөнү күткөнcүй берет. Кээде кирпик какпай, үн чыгарбай акырын ыйлап, тоо
тарапка умсуна тиктеп, эки ийнин солкулдата улутунуп калат... Мунун көбүн Бектемир
байкамаксан болот. Бирок Жанга болгон жек көрүүсү ансайын күчөйт. Бет алдынан
чыга калса, колдон келсе балталап салгысы келет. Керек болсо, ошол макулук
мунун түшүнө да кирет. Тушүндө Жан бирде – адамга, бирде – ажыдаарга кубулуп,
Бектемирге сес берет. Кызмончок ортодо арачалап, экөөнү тең кыя албай
жаткандай, далбаластайт. Бир туруп Бектемирди, бир туруп Жанды карай чуркайт.
Эмнегедир ушул таймаш эч качан бүтпөчүдөй сезилип, Бектемир кара терге түшүп,
чабалактап, түнү менен кыңкыстап, кыйналып чыгат. Мүнөзү да өзгөрүп, оргу-баргы
болуп барат. Кээде жубайын жек көрүп, карагысы да келбей кетет. Андайда
келинчегин кучагынан, жолунан итере түртүп салып, Актуягын чапкан боюнча
алыс-алыска кетип калмай адат тапкан. Эч кимди көргүсү, уккусу жок, тоо арасына
барып алып бугун чыгарып бир бакырып-бакырып алганда гана жеңилдей түшөт.
Анткен менен Кызмончоксуз жашоосу токтоп калчудай сезилет...

Мөндүр аралаш жамгырдын гана шатыр-шутуру менен, анда-санда гана улуп-уңшуп
келип, тамдын эшик-терезесин калдырттаткан шамалдын «ыйы» гана болбосо, үйдүн
ичи кулак-мурун кескендей жымжырт боло түштү.

* * *

Терезени карап, тизелеп отурган Кызмончоктун бир карыш мойну ого бетер кериле,
кудум жыланга окшогон эки өрүм чачы далысы ылдый куюлуп, башын саал чалкалата,
көздөрүн жумуп отурду.

Кайрадан байланышка чыгууга аракеттенип жатты ал.

– Азапка малынып, адам баласынан да кыйын сай-сөөгүң сыздап,
жандүйнөң бырчаланып келериңди билгем! – деди.

Үнү угулбаганы менен, көмөкөйүндө анын Жан менен сүйлөшүп жатканы жигитке
түшүнүктүү болчу. Эки бети тамылжып, эриндери диртилдеп, таптакыр башка дүйнөдө
жүргөндөй, өзүнүн кайда экенин унутуп салгандай эле...

Бектемирдин жанына батып кетти бул:

– Кызмончок?!

Бирок Кызмончок аны уккан жок. Тулку боюн кара тер басып,
анда-санда гана денеси «дирт-дирт» дей түшүп, жанагы абалында отура берди. Жан
менен байланышты жоготкусу келбей, качантан кусаланткан так ушул сезим-туюмдан,
ушул абалдан чыгууну каалабагандай, жандүйнөсүндө тырпырап, Жандын бар экенин
чындап сезгиси, ага өтө маанилүү бир нерсени айткысы, жооп уккусу келип турду
азыр.

– Мен баягыдай эмесмин, Жан... Анткени мен..

– Кызмончо-ок! !! – жубайынын бул аракетине каршы турду Бектемир.
Ушу азыр Жан эшиктен кирип келип, Кызмончок экөө баягы-баягы, акыркы жолкудай
бири-бирине оролуп, кучакташа калчудай сезилип кетти ага. Кызмончок аны бир
«жалт» карап алып, бир чети ызалуудай, балким бактылуудай, же күйөөсүн
табалагандай бекен, айтор, ый аралаш жылмайып карап коюп, жыланы менен кайдадыр
кетип баратканы элес теп кетти..!

– Жо-ок!!! – дагы бир бакырып алды жигит. – Жо-ок!!!

Бүт айылды титиреткен бул үн чындап эле Кызмончок менен Жандын байланышын
«жалп» өчүрдү. Кудум, күчтүү чыңалуудагы байланыш зымы чарт үзүлгөн сыяктуу,
келиндин чыңалган денеси, муун-жүүнү бошой туштү. Тулкусун кара тер басып,
шалдайып отуруп калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#133 Пользователь офлайн   Kyrgyzka-95   15 Февраль 2017 - 13:08

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 13
  • Катталган: 11 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 11 Мар 2017 02:56
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

ЖЫЛАНДЫН СҮЙҮҮСҮ

ЭКИНЧИ КИТЕПТЕН

3

Жылан да турган жеринде ойдолоктоп, куйругу менен жер сабап жиберди. Мойну-башы алдыны карай кериле, Кызмончоктун үйү тараптан көз албай, денесинин жарымынан азыраагы гана жерде калып, жарымы кудум учуп келаткан жебеге окшоп, абада калкылдап, асылып турду.
– Кызмончок! – көмөкөйүндө, ичинде ушинтип кыйкырып, сыртка кышылдаган үн чыгарды. Кызмончоктон жооп болгон жок. Жандын мойну үзүлүп кеткенсип, муштумдай башы ылдыйды карай «шылк!» этип, жер сайып жыгылды... Туура эмес угуп алдымбы дегендей, болуп өткөндүн баарына ишенгиси келбегендей, кайрадан баш көтөрдү. Бирок бул саам жанагыдай шайдоот эмес, «калч-калч» этип, араңдан өйдө болду...
Умсуна кулак түрдү... Өчөшкөнсүп, жымжыртт ыктан башка эч нерсе угулган жок! Кызмончоктун аягына чыкпай калган бир сөзү гана кулагына кайра-кайра жаңырып туруп алды: «Мен баягыдай эмесмин, Жан... Анткени мен... » «Эмнени айтпай калды?!.»* * *
Бул учурда Бектемирда өзүнө-өзү ээ боло албай, кызганычтан, ачуудан асман-жери аңтарылып, бүтүндөй аалам кыйсыпыр түшүп, алай-дүлөй болуп жаткандай эле. Атүгүл ушул тап ага Кызмончок ажыдаарга айланып бараткандай туюм келип кетти. Акыл-эсин жыя албай көздөрү алачакмак болуп, аптыга дем алып, айланып-тегеренип эки жагын каранды...
Баятан шалдайып отурган Кызмончоктун денеси «шалак» этип, шыпырылып түштү.
Аны көргөн Бектемирдин жүрөгү бир «солк» этип, келинчегине учуп жетчүдөй обдула түштү да, бирок кимдир бирөө кармап калгансып, токтоп калды. Жан жакын эле тегеректе жүргөндөй сезилип, атүгүл үйдүн ичин да айланып-тегеренип бир карап алды. Мындай сезим анда көптөн бери жашап келет. Жада калса уктап жатып да, жубайы экөөнүн ортосунда жылан жаткансып, бир жак ыптасынын башкача муздай түшкөнүн сезет. Чочуп ойгонуп, эки-жагын каранат. Жанында жаткан Кызмончоктун таштай болуп муздап калган денесин кымтылап жаап, же кучагына бекем кысып жылытып алат.

– Үшүп калыпсың, – дейт жубайын эркелетип. – Деги эле сенде ал жок, чымчыктын көлөкөсүнө, бир үйлөм желге да үшүй бересиң... Бектемир эркелетип, кучагына орогон сайын Кызмончоктун денеси ысып-күйүп, от менен жалын болуп кетет... Азыр ушуну эстей калган Бектемир түйүнчөктөй болуп жерде түйүлүп жаткан Кызмончокту жалт карап алып, бир укмушту ойлоп жиберди: «Балким, чын эле бул мени уктатып коюп, түнкүсүн жыланга кубулуп, Жаны менен жолугушуп жүргөндүр?! .»* * *
«Эмнеге адамдар ушундай? Эмнеге адамдар бири-бирине ишенишпейт? Эмнеге бири-бирин алдашат? Жек көрүшөт? Эмнеге табият менен, мисалы, жыландар менен да тынч, камыр-жумур болуп жашай беришпейт? Эмне үчүн булар бири-бирине душман болушат? Эмне үчүн ким-кимиси бири-биринен коркушат?! ” – тээ качандар бир Кызмончокко бере берчү башаламан суроолору менен эми өзүн үстөккө-босток сабап жатты жылан: “Эмне үчүн адамдар жыланга көргөн жерден таш алышат?..»
Бирок бу жолу деле жообун таба алган жок.
Эсине түшүп кетти, бир жолу Кызмончок жомок айтып жатып:
– Тээ качандыр адам менен жан-жаныбардын баары, анын ичинде боору менен сойлогон жыландар да ынтымакта жашашчу экен. Анан, күндөрдүн бир күнүндө Адам ата менен Обо эне Кудайдын каргышына калышыптыр да, так ошол күндөн тарта жашоонун, табияттын мыйзамы өзгөрүп кетиптир... – деген болчу.
–Анда биз да табияттын мыйзамын бузуп жатабызбы? – деген ак жылан.
– Билбейм, – улутунуп, ийнин куушурган кыз. – Ошондой болушу да мүмкүн. Биздин достугубуз, алыстан да, жакындан да туюм, сезим, көз аркылуу сүйлөшө алганыбыз, деги эле биздин бар дүйнөбүз адам баласынын акыл-эсине сыйбай турган нерсе...
– Анда экөөбүз бул жашоонун жаңылыштыгы, катасы экенбиз да? – капысынан ушул ой келген жыланга. Буга макул экени да, макул эмес экени да билинбей:
– Мүмкүн... – деп муңайым жылмайган кыз

.* * *«Жашоонун жаңылыштыгы, катасы...»
Ушуну Кызмончок да ойлоп жатты азыр. Деги эле адамдан башкача жаралып калуусунун себебин тапкысы келди. Деги эле бир Кудайдын өзүнөн башка, телегейи тегиз, төгөрөгү төп эч нерсе жок окшобойбу... Жада калса жашоонун өзүнүн да катасы бар...
Оюна бир нерсе «тык» этип, серпиле түштү. Тээ бала кезинде ата-энесинен элдир-селдир уккандары, болгондо да экөөнүн түн ортосунда шыбырашып жаткандары эсине келе калды.
Түшүнөн чочугансып, түндүн бир оокумунда:
– Асыке, баягыда мага дем салып жатканда, Бүбү эненин: «Ал силерден эми кетпейт го. Акыр аягында бири-бириңе ымалашып каласыңар! .. Көзүм эмне укмушту көрүп, көкүрөгүм эмне укмушту туюп жатат?! Шумдук бул!..» – дегени эсиңдеби? – деген Сырга.
– Койчу, берекем, бул жөн эле сөзүдүр... Бүбү кемпир эмне, Кудай болуп кетиптирби?
Ушуга саал алданып, өзүн жооткото калган Сырга түшүнөн чочугансып, мемиреген жымжырттыкты кайра бузган:
– Асыке?
– И?
– Анда тиги жылан эмнеге эле бизден кетпейт, я?
– Э, койчу, Сырга. Уктатасыңбы? !
– Кантип уктайбыз, Асылбек? Өх-х... – Сырга улутунган.
Ата-энесинин эмне тууралуу сүйлөшүп жатканын түшүнүп-түшүнбөй, тек гана уйкусу ачылып кеткен Кызмончок жаздыгынан баш көтөрүп:
– Ата? – деген, – Апа? Качан турабыз?
Анын оюнда бат эле таң атса, кичинекей жыланы адатынча чепеңдеп жетип келсе, анан экөө керелди кечке ойносо...
– Укта, уктай гой. Эми бир жолу көзүңдү жумуп уктасаң эле, таң атат, анан турабыз, – деген апасы кызын кымтылап жаап жатып. – Уктай гой.
Андан кийин да алардын кобурашып жатканын билет. Бирок андан ары эмне тууралуу сүйлөшкөндөрү эсинде жок. Ошондо алардын сөзүн аягына чейин укпаганына өкүндү.
Күйөөсүнүн да азыр жансыз неседей, кыймылсыз жатканы менен, кандай акыбалда экенин Кызмончок билип эле жатты. Бирок Бектемирге азыр бир нерсени айтып түшүндүрүүнүн да, актануунун да кажети жок эле. Мындай кезде ал айтканын бербейт, кудум ажыдаар көргөндөй ыргып-секирип, жанына жуутпай калат. Кызганычтан, таарынычтан денесин жыйрып, эми эле сүйүп турган келинчегинен өзүн жаа бою ала качат. Иренжигендей итерип салып, эми такыр кайрылбачудай эшикке чыга качат да, тээ көпкө чейин жок болуп кетет. Андан кийин да канча убакытка чейин экөө үн-сөзү жок жашашат. Бул – Кызмончок үчүн тозоктун – тозогу. Анткени так ушундай кездерде Кызмончоктун жандүйнөсү эле жабыркабай, денеси кошо ооруп, буту-колунун муздап кетмейи өнөкөткө айланган...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#134 Пользователь офлайн   aza312.kgz   17 Февраль 2017 - 21:21

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2
  • Катталган: 26 Апрель 16
  • Соңку аракети: 07 Янв 2018 02:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Калганы кана?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#135 Пользователь офлайн   alykul   18 Февраль 2017 - 16:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 261
  • Катталган: 06 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Июл 2018 23:38
  • Жынысы:Эркек

Күтөбүззз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#136 Пользователь офлайн   mmiram   18 Февраль 2017 - 21:48

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 25
  • Катталган: 18 Март 13
  • Соңку аракети: 12 Июл 2024 23:13

Капырааай жыланга айланат го эми
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#137 Пользователь офлайн   Kyrgyzka-95   19 Февраль 2017 - 02:51

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 13
  • Катталган: 11 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 11 Мар 2017 02:56
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

ЖЫЛАНДЫН СүЙүүСү

ЭКИНЧИ КИТЕПТЕН

4

Бир убакта кимдир бирөө каалганы жулуп алчудай тарткылап, койгулап жиберди. Бектемир да, Кызмончок ордуларынан тура калышты.
Эшик дагы жулкулдады. Эми эле эки башка дүйнөдөй коошпой, бет карашкысы келбей турган экөө буга жооп, айла-амал да издегендей бири-бирин карашты:
– Бул ким? – Кызмончоктун көздөрүндөгү ушул жазууга:
– Жыланың эмеспи? – деп карап турду Бектемирдин көздөрү.
– Билбейм... – алаңдай түштү келин. Баягы күздөгүдөй, жыландар кайра да айылга каптап кирип келишкендей, эми эшик-терезеден агылып, булардын үйүнө сойлоп түшчүдөй сезилип кетти экөөнө.– О, Кудай?! – деди Кызмончок эриндерин дирилдетип. Бектемир болсо: «Каалаганың, күткөнүң ушул беле?!» – дегендей, Кызмончокту суроолуу да, жек көрө да карады. Эшик дагы жулкулдады. ..Ансыз да үрпөйүп, күңүрттөнүп турган үйгө, сыртта кандайдыр бир алаамат болуп жаткандай сезилди. Аңгыча ары жактан кобур-собур угулду да, кандайдыр дабыш эми үйдү айланып, терезе тарапка келаткан сыяктанды. Бир убакта, ансыз да эчтеке көрүнбөй, чүтүрөйгөн терезени капкара караан жаап калды да, үйдүн ичи ого бетер караңгы боло түштү. Бектемир менен Кызмончок адегенде анын эмне экенин ажыратып көрө алышкан жок. Качан гана ошол караан айнектин бетиндеги жамгырды алаканы менен арчып жиберип, ичкери жакты үңүлө карап, айнекти калдырттата койгулап, үн салганда гана терезеге жабышкан караан – аял экенин баамдашты.
– Бектемир?! Я, Бектемир?! ! – Бектемирдин апасы – Сайра экен. Эненин каргылданган, алда неден кооптонгондой ый аралаш добушу чыны менен эле сыртта бир балакет болуп жаткандай болчу:
– Бектемир?! Барсыңбы, балам?! Ач эшикти?! Мени угуп жатасыңбы, Бектемир?!
– Азыр, апа. Баратам!Бектемирдин жообу угулары менен бөлмөнүн ичи абалкыдан жарык боло түштү. Анткени эне терезеден боюн тартып алып, үйдүн каалгасын карай чуркады.
Жигит да эсине келе түшкөндөй, калдаңдап барып эшикти ачты.
Аңырайып ачылган эшиктин сыртында ич көйнөкчөн, бутуна көлөчүн оң-тетири, коңултак кийген Сайра энтигип турду. Анын артында Абылай, анын да артында Чынтемир үрпөйүп карап турган...
– Эмне болду?! – деди Бектемир чын эле бир шумдук болгондой.
– Балам, тынчсыңбы?– Эмне болду дейм?!
Сайра эңкейип үйдүн ичине көз жиберип, башына жоолугун шашкалактап салынып жаткан Кызмончокту бүшүркөй карап алды да, жаны жай ала түшкөндөй:
– Түш көрдүм, – деди «шуу» үшкүрүп.
– «Тфу, «Түшүм – түлкүнүн богу болсун» ылайым. Анан... ойгонуп калып, ар кайсыны ойлоп жатсам, сен бакырбадыңбы, балам?! Кулагыма угулдубу дейин десем, булар да угуптур. Бирдеме-сирдеме чагып алды бекен деп, жаным чыгып кетпедиби!
«Бирдеме-сирдеме» деп, кеп төркүнү ким жөнүндө, эмне жөнүндө болуп жатканын түшүнө койгон уулу, бул жолу да апасынын бекерге чочубаганын түшүнүп турса да, адатынча сыр алдырбай:– Эк, коюңузчу, апа! – деген болду. – Жөн эле ушинте бересиңерби? Кызмончок эки ийнин солкулдата, улутунуп койду.
– Басчы, эй! – Абылай ары кетип баратып аялын зекиди.– Обу жоксуң бир. Кайдагыны айтып, таң атпай элдин баарын дүрбөтүп... Ушу сенин жомогуң бүтпөс болду!
Сайра болбой эле уулуна шектене карады:
– Сен да түшүндөн чочудуңбу, балам? Эмне кыйкырдың?
– Билбейм, апа. Чочусам, чочуган чыгармын. Ошого да ушунча болосуңарбы? Мен кичинекей бала эмесмин го эми!
– Болуптур, – ары беттенген эне кайра имерилип, Кызмончокко зекий унчукту.
– Ылдамыраак кыймылдап, камыр жууру, балама жети токоч баабедин кыла коёюн...
- Азыр, апа.Кайнене андан ары кетип баратып кобуранды:– Деги, балама көрүнбөй, керт башына көрүнсө экен... О, Кудай, айланайын, пендем десең балдарымдын жамандыгын көрсөтпө. Баламдын башын таштан кыл, бар балээден сакта, Жараткан?! Балалык кылып, кой-айды укпай, башына балээ тилеп алып...
Бир жамандыктын болоорун алдын ала билгендей, сезип тургандай эле Сайра басып-туруп, келинине угузуп эле ушинтип кобурай берет. Анысына Кызмончок таарынбай деле калды. Тескерисинче, улам убакыт өткөн сайын, кайненесинин шектенүүсүнүн бир жөнү бар өңдүү, бул үй-бүлөнүн алдында өзүн күнөөкөр сезе берет. Анткен менен Сайранын таңкы дүрбөлөңү экөөнүн эч качан бүтпөчүдөй сезилген тымызын тирешүүсүн токтотуп, үйдүн ичине жан киргизип, оор абалдан чыгарып кеткени Кызмончокко да, Бектемирге да жагып турду.

* * *
Ай ааламга күмүш күн нурун чачып, айылда уй-музоо мөөрөп, кой-козу маарап, ит үрүп, тирилик башталган маалда Абылай да үйбүлөсү менен дасторконго отурду. Ортого жаңы эле бышкан жети токоч келип, Абылай созолоно созуп куран окуду.
Сайра:– Омийин! Э, Жараткан Кудай, үй-бүлөмдү, балдарымды, Бектемиримди бар балээден сакта, жаман көздөн, жаман сөздөн сакта. «Ичтен чыккан жаттан сакта...» – деп калганын угузбай, ичинен күбүрөп-шыбырап бата кылды. Андан ары ким-кимиси унчукпай отуруп, Сайранын куурма чайын ичишти. Соңку убактарда Сайра казан-аякка кошо аралаш ып, келинине көп ишенбей жаткандай, анын ар бир кыймылын аңдып-күтө бермей адат тапкан. «Шектүү – шекинет» болуп, ал анткен сайын Кызмончок да бул үйдө эле эмес, бул айылда өзүн ашык баш сезе берчү болду. Айрыкча, ата-энеси Асылбек менен Сырганын бу жарык дүйнөдөн ээрчишип кете бергени аны ого бетер жалгызсыратып, чүнчүтүп салды да. Ал аз келгенсип, жалгыз карманганы Бектемирдин да шеги күчөп, кызганып, ар кайсыны жоромолдой бериши да келиндин Жанга болгон сагынычын тескерисинче ырбатып жаткансыйт. Бул дүйнөдө аны түшүнгөн, аны кодулабай турган бир гана Жан бардай, аны жакынсып, төркүнсүй берчү болду.Азыр да ар кимиси өз-өзүнчө ой менен алек болуп, бири-бирин кабак алдынан карашып, тунжурап отурушту. «Буларга чын эле бир нерсе болгон... Менин түшүм бекер аян берген жок», – деп колундагы чынысын айланта, чай ууртап отурган Сайра уул-келинин алмак-салмак карап, айрыкча, Кызмончокту көзүнүн кыйыгынан тиктеп отурат.Чай куюп сунган Кызмончок кайненесинин тирмийе тиктеген көздөрүнөн жалтанып, кымырынып-кысылат. Ошондо да эси-дартынын жарымы Жанда: «Кайда жүрөт болду экен? Балким, жакын эле жерде, бизди карап отургандыр? Бирөө-жарым көрүп калбаса экен...» Оюна ушулар келген сайын эшик тарапка “жалт” карап, «шырп» эткен дабышка кулак түрүп, тыңшап калат.
Булардын баарын кабак алдынан байкап отурган Бектемир ичинен кыжынып, колундагы кесеси менен келинчегин бетке уруп жибергиси келип, бирок ата-энесинен гана жазганып отургансыйт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#138 Пользователь офлайн   Kyrgyzka-95   19 Февраль 2017 - 02:52

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 13
  • Катталган: 11 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 11 Мар 2017 02:56
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

ЖЫЛАНДЫН СҮЙҮҮСУ
ЭКИНЧИ КИТЕПТЕН

5
Аңгыча эшиктин алдында жаткан кара дөбөт жылан көргөнсүп катуу ажылдап жиберди эле, жаңы эле кайнатасына куурма чай сунуп келаткан келиндин колундагы кесе ыргып кетип, сызыкка куурулуп жасалган майлуу-сүттүү куурма чай кайнатасынын колу-бутуна жабыла берди.
– Кокуу-уй, каран күн! – деп чаңырып ийди Сайра. Абылай да:
– Эк, Кудай каары! – деп кагынып-силкинип тура калды. – Ушуну кылмак, каран күн! Карыганда кууратпадыбы! Колуңа шал тийип калгыр! – деп какылдаган Сайра абышкасын аркы үйгө алып кирип кетип: – Бол, чеч! Иий, ылжырап түшүп калган тура, кокуй! Бектемир, алып кел баткак! – деп араң турган эме аркы үйдө буркан-шаркан түшүп жатты.
– Тур, апкел! – деп Бектемир Чынтемирге тап берди.
– Эмне турасың жалдырап! Баткак алып кел. Чынтемир чыгып кеткенде үйдүн ичин жымжырттык уялай түштү. Бектемир Кызмончокту энтиге карап турду да:– Кетесиңби?! – деди зекий. Кызмончок унчукпай жер тиктеди. – Эй, кетесиңби деп атам?! Айтпайсыңбы? ! – деди Бектемир ныгыра сүйлөп. – Көзүмө көрүнбөй ылдамыраак кетип калчы! Бар! Тигил үйдө бакылдап аткан Сайранын үнү өчүп, бул экөөнү тыңшап калгансыды. – Кудай урган эме экенсиңер, атайылап кылды дейсиңби?! – Абылайдын Сайрага
– Кайда кетем?! – деди Кызмончок акырын унчугуп.
– Төрт тарабың – кыбыла!Кызмончоктун кош кареги ылдый мончоктоп жаш куюлуп кетти. – Атам-энем болсо, токтобойт да элем...
– Сага ата-эненин, күйөөнүн, башкалардын эмне кереги бар?! Сага жыланың болсо болот да! Күтүп жүрдүң эле го, бар эми чык! Тигине, келди эшикке. Сүйлөшүп, чакырып алдың го!
– Бектемир?! – Кызмончок күйөөсүнө жакындады. Күйөөсү чындап эле андан иренжигендей боюн ала качып, артка кетенчиктеди. – Жакындаба мага! Тажадым! Кааласаң талагыңды да берем! Уктуңбу? Талак, талак, талак! Кызмончоктун сунулган колу селейип катып, умсунган боюнча туруп калды. Жүзүндөгү эми элеки жалооруунун илеби сууп, сумсайып, бүт тулку боюн таштай муздактык ээлеп баратты. Күшүлдөп-бышылдап, бир чака ылай көтөрүп кирип келген Чынтемир бул экөөнү бир азга карап туруп калды да, төркү үйгө кирип кетти. Кызмончок өзүн азыр бул үйгө эле эмес, бүтүндөй бир айылга батпай калгандай, баарына ашык баш, керексиздей сезип кетти. Жыланы гана ага боор ооруп, ошол гана аны түшүнчүдөй, ошол гана муну танбай, чанбай, бар азаптан арачалап кала тургандай, жалгыз ошого гана керектей сезилди. Ушу азыр ага жолуккусу, ата-энесинен ажырап калганын, сагыныч менен жалгыздыгы жанына батканын айтып, көз жашын жамгырдай көнөктөтүп, өксүп-өксүп ыйлагысы келди. Балким, ошондо бир аз жеңилдеп калат беле?!. Ошентет болчу... Ошого булар чын ыкылас менен макул болуп, акыркы ирет бир чай кайнам гана жолугушууга мүмкүнчүлүк берсе, анда буларга ал өмүр бою карыздар болот беле. Бүт өмүр бою бар азаптарына чыдап, оту менен кирип, күлү менен чыгат беле? Жандан да сагынычы тарап, санаасы тынып: «Эми биротоло кош бол, менин макулугум. Мен бул үй-бүлөгө биротоло байланып калдым,» – деп жолуна салат беле. Бирок мунун баары куру кыял болчу. Бектемирдин бир ооз жылуу кебин, боор тартып, ымала санаган мамилесин самады. Бирок күйөөсү мындай жакшылыкты жубайына ыраа көргүсү келген жок... Сыртта жаткан сомодой болгон ак жыландан айбыгып жаткандай, же бул жерден чыгып кетсе эле үйдө бир укмуш нерсе болуп кетчүдөй, адатынча эшикке да чыгып кетпей, үйгө байралды да калды! – Мен сенден суранам, Кызмончок, көзүмө көрүнбөчү! Кетип калчы, турбачы бу жерде! – деди бир убакта Бектемир жалдырап сурангандай акырын, аялуу үн катып. Ушул убакта аркы үйдөн Абылайдын үнү угулду:– Ит кимге үрүп атыптыр? – Ишенбайдын торпоктору, – күңк этти Чынтемир. Муну уккан Бектемир, үстүнөн бирөө оор жүктү алып ыргытып жибергендей, бир азга жеңилдей түштү. Денесин жерге таштап жиберип, чалкасынан жата кетти. Аны саамга карап турган Кызмончок үйдөн чыгып баратып, аркы үйдөн атасы менен Чынтемирдин кобурашканын эшитти:
– Короого кирип кетиппи?
– Ооба.
– Атаңдын оозун урайындар... – бар балээнин баарына ошол торпоктор күнөөлүү өңдүү ачууланды атасы.
– Чыгардыңбы анан?– Баласы айдап кетти. Сайра кыңайып ачылган эшиктин жанына келип, сыртка кулак түрдү. Оюнда ал уул-келини элдешип алып, адатынча үн-сөзсүз кучакташып турушабы деп ойлоду. Буларды ошол «жымжырттыктан» ойготкусу келгендей анан калп жөтөлүп, тамагын кырган болду. А бирок жөтөлдүн жообун күтүп отурганга чыдамы жеткен жок, эшикти акырын ачып, сырткы үйгө баш бакты. – Ууру мышыктай болбой, чыксаң жөн эле чыкпайсыңбы! – деп Абылайдын «барк» этип ийгени Сайраны куйрукка сайгандай, дене боюн «селт» эттире чочуп, жаңы эле оозгу үйгө баш баккан тумшугу кайра «култ» этип ары кирип кетти.
– Капырай, эмне?! – деди Сайра ызаланган, таарынган кыязда.
– Эмне баркылдайсың? !
– Сен өзүң эмне эле болуп жатасың, баладай болуп?! Жаш келин менен эрегишкенден уялбайсыңбы? ! Деги бирөөнүн баласына жашоо бересиңби өзү?! Эне-атасынын өлгөнүнө деле жыл айлана элек, «Өлгөндүн үстүнө көмгөн» кылып, кайгы басып турган эмени ого бетер... Анча-мынча кемчилигине көз жумуп койсоң болобу?! Балаңдын да мээсин жеп!..
– Тигини! Балаң экөөңдүн башыңды жылан келиниң таптакыр айландырып алды! Болбосо, мен көргөндү кантип көрбөйсүңөр, мен сезгенди кантип сезбейсиңер? !
– Эмнени сезип атасың сен? Ыя?! Сайра эми эринин жанына отура калып, акырын унчукту:
– Жаз келди. Жыландар сыртка чыккан маал. Келиниңдин кылык-жоругун, баскан-турганын байкап жатасыңбы, абышка, башкача боло баштады. Мунун канында бар да, бирдемени сезип-билип атабы, баягысы кайра келатабы дейм. Айтор, ойдолоктоп эле отура албай калды, бир балакети бар... Баятан бери аялын жаман көрүп, ачууланып жаткан Абылай, эми анын айтканында жөн бар өңдүү, ойлонуп калды. – Эмне балакет болмок эле? – жанагыдай одураңдабай, жоош сүйлөдү. – Бир Кудай билет, абышка. Эл жөн айтпайт. «Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт». Бүбү кемпир өлөөр алдында Асылбекти элден эле эмес, Сыргадан да бөлүп чакырып алып, бир укмушту айтканы тууралуу кеп кылып жүрүшпөйбү. Ыраматылык Асылбек аны Сыргага да айтпай жүрүп, акыры ошону айта коём деп, аялынын жүрөгү жарылып өлүп жатпайбы. Жөн эле жарылды дейсиңби? Артынан шордуу өзү кете берди го анан.
– Андай экенин ким текшериптир?
– Бүбү кемпир менен Асылбектин сөзүн ушу эле Алымкан угуптур ботом. «Бу кайненем Асылбекке эмне кызыкты айтар экен?» – деп, узун кулак неме тыңшабайбы.
– Ии? – Абылай суроолуу карап калды.
– Ии, анан анча тыңшаганга жараша, ал кургур бир-эки сөзүн укпай жаны жокпу? Ошону ичине ката албай, кайненесинин сөөгү узай элек жатса дагы бир-экөөнө айта салып, ошондон ушинтип тирүүнүн өлүгү болуп отурбайбы шордуу! Бүбү кемпир да жөн кемпир эмес эле да...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#139 Пользователь офлайн   Kyrgyzka-95   21 Февраль 2017 - 15:27

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 13
  • Катталган: 11 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 11 Мар 2017 02:56
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

ЖЫЛАНДЫН СүЙүүСү
ЭКИНЧИ КИТЕПТЕН
6
Чыны менен эле Алымкан кайненесинин жетилигине жетпей жыгылып, эс талма болуп калган. Анын чоо-жайын ар кайсыга жоруп келишет. Кээ бири: «Бечара Алымкан, кайненесине катуу күйгөндөн ушинтип тил-ооздон калып, жалдырама болуп калды. Анан эмне, бармактайдан колуна келип, эне-баладай эле болуп калышкан да», – десе, дагы бири: «Ой, антпей эле бу байкуш кайненесинин каргышына калып, ошондон ушинтип калыптыр. Тилдүүрөөк эмес беле бечара», – деп кеп кылып жүрүшөт дале. Ошондой көп аңыздын ичинен чындыкка жакыны – Сайранын божомолу боло турган...
– Деги, оюңда эмне бар? – деди аялынын кебине муюй түшкөн Абылай.
– Келиндин өзү менен сүйлөшүп, тамырын тартып көрсөңчү, аялсың го.
– Ой, ошонуң сүйлөшөт дейсиңби? Бала кезинен кишиге кошулбай, жылан менен жандашып жүрүп эле жедеп көнүп алыптыр. Мелтейип бир сөз чыкпайт. Жанагы балаң эле ошонун эмнесин жакшы көрөрүн билбейм. Чырайын чылап иччүдөй болуп. Жаш келин деген жаркылдап, күлүп-жайнап турса жарпың жазылат да, кокуй!
Аялынын сөзүндө жөн бар өңдүү, Абылай унчукпай калды.
– Түндө түшүмдө экөөнүн үстүнө кирип барсам, Бекибай эки колун эки жакка жайып таштап, бейкапар уктап жатыптыр. Тигиниң, Кудай бетин көрсөтпөсүн, түрү укмуш! Көкүрөктөн өйдөкүсү – өзү, ылдый жагы чубалган эле жылан!
Сайра ушинтип айта баштаганда Чынтемир «бырс!» этип мыйыгынан күлүп ийди эле, экөө тең аны карап калышты.
– Бир жагынан мобунуку өттү! Кишини бир келесоо көрөт! – деди Сайра ага тап берип.
– Анан? – бутун үйлөгүлөп жатып сурады Абылай. Анткен менен Абылайдын жаш кезинен эле Сайранын түшүнө ишенип, төлгө кармап алган жайы бар.
– Баламдын каруусун жазданып жатат бейбак! Аны ойгонуп кетпесе экен деп, баламды жаналаектке түшүп: «Бек? Бекибай?» – деп атыпмын. Аңгыча балам чочуп ойгонуп кетип, жанында жаткан ажыдаарды көрүп, тура калайын дегиче, тиги да ойгонуп кетип, экөө кудум баягы мен арбашкандай арбашып калып жатпайбы! Ой, жанымдын бир чыкканын айтпа! Жандалбастап экөөнүн ортосуна тура калайын дегенимче, баламдын бакырып ийгени тим эле жүлүнүмдү көсөп, мээмди тешип өттү го чиркин! Мунун баарын өңүндө көргөндөй энтигип, ыйламсырады Сайра. – Уктуңар го силер деле. Анан чуркадык го баарыбыз... Унчугушпай калышты. Атүгүл Чынтемир да апасын адатынча шылдыңдап күлбөй, ойлонуп калды.
– Бектемир да бирдемени сезген окшойт деп калдым. Ботом, акыры акыл-эстүү адам болгон соң, аңдайт да бирдемени, – деген Сайра оюна бир жамандык түшүп кеткендей уулун жумшады:
– Ай, Чынтемир, карачы тигилерди! Дымдары чыкпай эле калды да?!
Чынтемир шар чыга калгандан зааркангандай, босогодо саамга тыңшап туруп, анан каалганы кыйчылдатып, акырын ачты да, аркы үйгө баш бакты.
– Чыкпайсыңбы, ботом! – энесинин ушу сөзүнөн кийин гана чыгып кетип, кайра эле бат кирип келди.
– Эмне?! – үрпөйө түштү экөө.
– Жеңем жок! – ыйлап ийчүдөй сүйлөдү Чынтемир.
– Жок болсо, жеңеңди эмне, Кудай алып, курт жемек беле?!
Чыккандыр да сыртка!
– Короонун эшиги да ачык калыптыр.
– Бектемирчи?
– Жатат ал... Көңүлү жайланыша түшкөн Сайра кайра бат эле өң алеттен кетип, чыңырып ийди:
– Ыя-аа?!
– Жатат дейм.
– Жатканы эмнеси, кокуй?!
Сайранын артынан дамбалчан Абылай, анын артынан Чынтемир болуп, чуркап чыгышты. Айткандай эле, эзели күндүз уктабаган Бектемир башын бир жагына кыйшайткан боюнча, ууртунан шилекейи чыгып, жерде жаткан болчу...

* * *Кызмончок ата-энесинин үйүнө келди. Короонун ичи-сыртын тикенек, чөп басып кетиптир. Бир кезде Асылбектин комуз күүсү чертилип, Сырганын шаңкылдаган, Кызмончоктун кытылдаган күлкүсү чыгып, атүгүл Жандын шоораты угулуп турчу үйдү каптап алган кунарсыз жымжырттык, ансыз да араң келген Кызмончоктун өпкө-жүрөгүн эңшерип жиберди. Көкүрөгү солкулдап, энтиге-энтиге дем алып, анан бугу жарылып кеткендей бир бакырып алып, короонун так ортосунда теңселип турду.
– Апаке-е?! Атакеба-ай! !! Ыы...
Сыртынан каршы-терши жыгач кагылган каалга азыр ачылып, ата-энеси, алардын артынан Жан чыга калчудай элестеп, жакындап келди... Андай болбосуна көзү жеткенде гана босогону кучактап жыгылды. Келинди соороткон эч ким болгон жок. Жандилинде Кызмончок өзү да ушуну – эч кимдин келбешин каалап турду. Көптөн бери көкүрөк-көңүлүнө толуп, көлкүлдөп батпай кеткен кусалыкты, ызаны төгүп-чачып алганга бирөө-жарымдын тоскоол болушун каалаган жок! Качан гана көз жашы түгөнүп, андан ары ыйлаганга күч-кубаты келбей калганда гана тынчып жатып калды. Ошондо да көздөрүн ачпай, кудум төркүндүн төрүндө, ата-энесинин тизесинде эркелеп жаткансып, кире беришти жазданып, көшүлүп жата берди. Апасынын, атасынын жыты келди... Алардын дайыма бири-бирин эркелетип, тамашалап сүйлөгөн кобур-собуру алда кайдан угулгансып жатты... Ара чолодо комуздун күүсү угулуп, Асылбек үн созуп ырдап, Сырганын каш серпе эркелегени элестеди... Бирде атасына, бирде апасына жароокерлене караган өзү... Ага удаа эле, кайдан-жайдан жыландын «шырп» этип угула калган дабышы... Андайда кыз элейип тыңшай калып, жан досунун кайда экенин туюму аркылуу сезип-билип, жаңылбай-жазбай таап алчу. Анан, экөөнүн маңдай-тескей отуруп алып ойногону, Жанга жомок айтып бергени... А кокус сырттан дабыш чыга калса, жыландын «култ» этип алда ненин алды-артына кире качып, жашынганы... А кийин, Кызмончок бой жеткен сайын бул үй да, бул короо да, атүгүл бул айылдын ичи да экөөнө тардык кыла баштаганы... Анткени, алар тууралуу эл арасында адамдын төбө чачын тик тургузган бүгүнкү имиш-имиштердин учугу ошол жактан башталган. Айрым уганаак-көрөнөөктөр ар кайсыны шылтоо кылып, алардын үйүнө атайылап эле келип ары жак-бери жакты карап, тыңшап кетчү болушкан. Байкуш Асылбек менен Сырга андайда алдастап калар эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#140 Пользователь офлайн   alykul   21 Февраль 2017 - 23:28

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 261
  • Катталган: 06 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Июл 2018 23:38
  • Жынысы:Эркек

Элеее...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (17 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 38 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 38, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 12:19

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: