Биздин балага тарбия берүүдөгү катачылыктарыбыз
#1 15 Февраль 2017 - 12:59
<
#2 15 Февраль 2017 - 15:36
#3 15 Февраль 2017 - 17:17
Кудайга Шүгүр, балалыгым эң сонун өткөн, берген тарбиясына дагы чексиз ыраазымын.
#4 15 Февраль 2017 - 17:24
#5 16 Февраль 2017 - 11:22
malika14 (15 Февраль 2017 - 17:24) жазган:
Туура айтасың, биз үлгү болушубуз керек. Бирок кантип үлгү болушубуз керек, ошол боюнча кененирээк жазалы. Бул теманын жаш ата-энелерге пайдасы тийер деген максатта ачтым.
Мен, мисалы, баланы боюнда болгон кезден баштап тарбиялаш керек дегенге ишенем жана кошулам. Бала ата-энесини ар бир кыймылын алат өзүнө, боюнда бар кезде энесинин үнү, колу туюкбай үчүн эң алдыңкы нерселер, энесинин үнү музыка сымал, аны угат түйүлдүк, ошон үчүн боюңда бар кезде сүйлөш дешет. Классикалык музыкаларды көбүрөөк ук, балаң акылдуу болот дешет, классикалык музыка түйүлдүккө эң жагымдуу экен. Анан ошол мезгилде эмнени жактырсаң, кандай жүрсөн, ошонун баары таасир этет экен, мисалы, бир музыканы жактырып угуп жүрсөн, ал балаң төрөлгөн соң анын да сүйүктүү музыкасына айланат дейт. Жаңы төрөлгөн бала энесинин үнүн гана уга алат дейт 3 күнгө чейин, аны дагы кыйкырык эмес, жай сүйлөгөн үн ага музыка сымал угулат дейт жана башка.
Эми биздин тарбия берүүдөгү эң чоң каталарыбыз деп мен баланы кичинекей, түшүнбөйт деп анын көзүнчө жаман адаттарды жасай бергенибиз, мисалы, тамеки чегип, ичип, сөгүнүп, кыйкырып, тырманып жана башка... Анан баланын көзүнчө ата-эненин урушканы, ушакташканы, ашыкча эркелешкени да туура эмес деп ойлойм. Баланы басынтуу, ашыкча мактоо дагы туура эмес таасир берет жана башка.
Билдирүүнү түзөткөн: Emkgupa: 16 Февраль 2017 - 11:23
#6 16 Февраль 2017 - 14:49
Бала тарбиялоодо колдонулбашы керек болгон 10 сөз.

Тарбия берүү – улуу иш: ошол аркылуу адамдын келечек тагдыры чечилет. Андыктан психологдор баланы тарбиялоодо айрым маңызы жок сөздөрдү айтпай эле коюуга кеңеш беришет. Мейли балаңыз жаңы гана төрөлгөн болсо да, мындай нерселерди оозго алуу ашыктык кылат, себеби, алар баарын керек болсо, сиздин интонацияңыздан эле түшүнүп алышат. Бала тарбиялоодо колдонулбашы керек болгон 10 сөз:
1.Сеники окшошпой жатат, келе берчи мен эле кылайын!
Дал ушул сөз баланы жаралаганы аз келгенсип, анын мээсин ийгиликсиздикке алдын-ала даярдап коёт. Ал өзүн акылсыз жана чоркок сезип, апакем кайрадан ачууланбасын деген ойдо келечекте демилге көтөрүүдөн корко баштайт.
2.Ал да, басылчы деги!
Чечимдериңизди чукул өзгөртүп жиберүү балага терс таасирин гана тийгизет. Мисалы, бала кечээ эле электр чайнеги менен ойноп жатканда тыюу салбай, бүгүн эле “ага тийгенге болбойт” деп калса, балада ишеним жоголот жана туруксуз ой калыптанат. Ыйласа дагы кайрадан аны менен ойноого болгон аракетин баштайт. Ою менен болуп бере калганыңызда ушундай жол менен жеңишке жетүүгө болот экен деп ойлойт. Эмки жолу андан да катуу ыйлаганга аракет жасайт. Ошондуктан башынан эле “жок”, “болбойт” дегенди үйрөтүңүз. Антпесе, бала апамдын “жок” деген сөзүн олуттуу кабыл алуунун кереги жок экен да деп түшүнүп алат.
3.Дагы бир жолу кайталанчу болсо, таарынба!
Тажрыйбалар көрсөткөндөй, коркутуп-үркүтүү жакшы жыйынтыкка жеткирбейт. Апасы да, атасы да эч кандай жаза бербейт, а бала болсо корккон абалда калат. Аталган сөз балага таарыныч гана алып келет. Андыктан балаңызды коркутуунун ордуна ага кайсы учурда кандай жаза күтүп турарын үйрөтүңүз. Кокусунан болгон жарылууңуз эч кандай жакшылыкка алып барбайт.
4.Мен сага токтот деп жатам!
Балага дароо минтип айтууга болбойт. Ал сиздин балаңыз да. Эгер кыйкырып алган болсоңуз, жакшысы кечирим сураңыз. Анткени бала өзүн эч нерсеге укуксуз сезип, таарынып калат. Ошол эле учурда басылуунун ордуна жаш балдар ыйлап, ого бетер чыргоолонуп, чоңоюп калгандары үн катпастан кетип калышат да, түнт боло башташат. Кыскасы, жогорудагы одоно сөз каалаган жыйынтыкка жетишиңизге түк жардам бербейт.
5.Сен бул нерсени түшүнүшүң керек...
Көпчүлүк жаш балдардын дал ушул сөзгө жана анын бүдөмүк уландысына келгенде коргонуу реакциясы келип чыгат. Жаш бала акыл-насаатты түшүнбөйт жана сизди укпастан башка нерселерге алаксып кетет. Бала кыжырданып, таарынып турган учурда сиздин айткан бир да насаатыңызга кулак түрүп койбойт. Ал дагы адам, анын да кандайдыр бир маселелери бар экенин эсиңизден чыгарбаңыз. Бул учурда сиздин эң баалуу, эң туура делген да кеп-кеңешиңиз ага таасир этпейт.
6.Балдар (кыздар) өзүн мындай алып жүрбөйт!
Дайыма муну кайталап туруу менен ата-энелер баланы белгилүү бир стереотиптерге үйрөтүп коюшат. Кийин бой тартканда бала өзүнүн эмоционалдуулугун татыксыз деп таап, а кыздар болсо, бул иш “айымдар үчүн эмес” деген түшүнүктөр менен өзүлөрүн чектеп, андан чыкпоого аракет кылып калышат.
7.Болбогон нерселерге капаланбачы, ыйлактабачы!
Балким бала үчүн бул нерсе болбогон нерсе эместир. Өзүңүздүн балалыгыңызды эстеп көрүңүзчү! Ооба, бала машинаны бербей койгону үчүн, же болбосо кубиктерден курган үйү кулап калганы үчүн кейиши мүмкүн. Анткени анын кичинекей дүйнөсү үчүн дал ушул машина менен үй эң маанилүү эмеспи. Балаңыздын көйгөйүнө тоотпогондук көрсөтүшүңүз менен анын сизге болгон ишеничин жоготуу тобокелдигине барып жатасыз. Мындан соң балаңыз сизге өтө орчундуу болгон маселелерин да айтпай калат. Бул өзүңүзгө эле жаман.
8.Менин ден соолугумду сакта!
Айрым апалар бул сөздү баласына өтө эле көп айтышат. Бирок, эртеби-кечпи бул нерсени балаңыз олуттуу кабыл алууну токтотуп, койчу менен карышкыр жөнүндөгү жомоктогудай эле болуп калат. Апасы чын эле өзүн начар сезип жаткан учурда да, бала адаттагысындай көңүл бурбай коюшу мүмкүн. Ал ойногонун, ызы-чуу салганын, секиргенин ж.б. токтошуш үчүн гана апасы ушинтип арызданып жаткандай ойлойт.
9.Муну сатып алганга акча жок!
Балага эмне үчүн баарын катары менен сатып алууга болбой тургандыгын түшүндүрүү оор. Бирок, аталган сөздөн бала ата-энемдин акчасы болгондо дүкөндөн бардыгын сатып алса болот деген гана бүтүмгө келет. Андан көрө балаңызга “мындай оюнчук сенде бар”, “шоколад өтө зыяндуу” деген сөздөр менен, эмне үчүн сатып бербей тургандыгын түшүндүрүшү керек.
10.Элдин балдарын карачы, а сен болсо илээнди, жүүнү бош ж.б...
Ушуга окшогон сөздөрдү балага “жармаштыра” берүүнүн кереги жок! Бул нерсе баланын өзүнө болгон баалоосун түшүрөт жана да бала ошого ылайык кыймылдай баштайт.
Жүрөк жумшак Ыйман менен.
АЛЛАХ берген өмүр таттуу.
Ушул ыйык күндөр менен!
#7 16 Февраль 2017 - 14:50
Бала тарбиялоодо бул сөздөрдү айта жүрүңүз

Жаш балдарды тарбиялоого киришкен ата-эненин моюнуна чоң эмгек жана жоопкерчилик жүктөлөт. Ошол себептен жакшы сөз жан эргитет дешкен чыгар. Айрыкча баланы тарбиялоодогу ар бир сөз ага дем, күч берээрин ошол эле учурда үмүт-тилектерине балта чабарын билбей калышыңыз мүмкүн. Төмөндө балдарыңызга айтып туруучу 7 нерсе тууралуу жазылган. Бала 3 жаштабы 30 жаштабы бул сөздөрдү бат-баттан эң жакын адамдарынан угуп туруусу керек.
1. Мен сени жакшы көрөм
Адамды жашоодо кыймылдатып, келечекке максат коюп алга карай өнүгүүсүнө жакындарынын сүйүүсү жардам берет. Эгерде ал кичинесинен эч кимге керек эместей сезип, жан дүйнөсү жалгыздыкка сүңгүп кете турган болсо чечкинсиз жана ырайымсыз болуп чоңоюусу мүмкүн.
2. Мен сени менен сыймыктанам
Чүрпөңүздүн кичинекей ийгилигине да сыймыктанууңузду билдирип турсаңыз, анын шыктануусу артат. Мындай балдар көбүнчө чеберчилик, усталык жана көркөм өнөр менен алектенип, мыкты дизайнер, архитектор болуп чыгышы толук мүмкүн.
3. Мени кечирип койчу
Ооба. Дайыма балаңызды гана айыптай бербей өз кемчилигиңизди да моюнуңузга ала билсеңиз, балаңыз калп сүйлөөдөн, жашыруун аракеттерден алыс болот. Сиздин ар бир аракетиңиз балаңызга чагылыша тургандыгын унутпаңыз.
4. Мен сени кечирдим
Ошондой эле балаңыздын катачылыктарын кечире билиңиз. Бир нерсени туура эмес жасап койгондо урушуп, жемелеп унчукпай кала турган болсоңуз бала жоопкерчиликсиздикке үйрөнөт. Ал эми катуу уруша берсеңиз жек көрүү менен ата-энеге күйүмсүз болуп калышат.
5. Мен сени угуп жатам
"Сен кичинесиң, эмнени билмек элең"-деген сөз эң катуу сокку экенин көпчүлүк ата-эне сезбейт. Анын айтып жаткан ар бир пикиринин оң терсин угуп, түшүндүрүп берүүсү керек. Ак-караны, жакшы-жаманды айрый билүүнү балага ата-эне түшүндүрбөсө ал жашоодо көп урунушу мүмкүн. Ошондой эле бул балдарда адамдарга ишеним жоголот.
6. Сен буга жоопкерчиликтүүсүң
Баланы чечкиндүүлүккө, жоопкерчиликке кичинесинен көндүрүү үчүн ага кайсы бир нерсени ишеним арттырып, тапшыруу керек. Жана дагы дайыма жанында колдоо көрсөтүп туруусу зарыл.
7. Сен муну жасай аласың
"Сенин колуңдан келбейт"- деген фраза эң орой жана туура эмес тарбия. Ишеним ааламды башкарат деген сөздү уксаңыз керек. Ооба, балаңызга да ишенимиңиз күч болсо ал дагы келечекте сиздин үмүт,тилектериңизди ишке ашырат.
Акырында айта кетчү нерсе, балаңызды тарбиялай баштагандан алдың өзүңүздү биринчи тарбиялаңыз. Анткени, балаңыз барибир өзүңүзгө окшош болот.
Жүрөк жумшак Ыйман менен.
АЛЛАХ берген өмүр таттуу.
Ушул ыйык күндөр менен!
#8 16 Февраль 2017 - 14:53
Бала тарбиялоодо бул каталарга жол бербеңиз.
Балалуу же бала күтүп жаткан ар бир ата- эне келечекте наристесинин адептүү, тарбиялуу болушун каалайт жана буга чоң күч жумшайт эмеспи. Ал эми төмөндөгү беш ыкма, сиздин бала тарбиялооңузга жардам берет.
1. Балаңызга ачууланбаңыз
Албетте, кээде чектен ашкан баланын тентектиги үчүн ачууланып, урушкан сөздөрдү айтпай койбойбуз. Бул катачылык болуп эсептелет. Эмоцияга алдырбаңыз. Биринчиден, балаңыз өзүнүн жасаган туура эмес иштерине баа бере албайт, андыктан урушканыңызды түшүнбөйт. Сиздин ачууланганыңыз, кыйкырыгыңыз болгону көңүл бурдуртат. Экинчиден, өкүрүп- бакырып жатып, балаңыздын "душманына" айланасыз. А сизди өзүнө каршы кабыл ала баштайт. Тынымсыз уруштар болуп жатканда, бала өзүнүн жасаган иши үчүн эмес, ага карата сиздин кабыл алууңуз катары түшүнөт. Демек, урушуп тарбиялооңуз, келечектүү жана натыйжалуу эмес. Балага катуу үн чыгарбаш керек. Сабырдуу, жумшак, мээримдүү болуңуз. Сабырдын жемиши таттуу экенин эстен чыгарбаңыз.
2. Башкаларга салыштырбаңыз
Өзүнүн баласын башкалардыкы менен салыштыруу ата- энелер арасында өтө кеңири тараган көрүнүш. Бул катачылык. Сиз балаңызды башкаларга салыштыра берсеңиз, анда, балаңызда көрө албастык сезими пайда болот. Эң эле натыйжалуу салыштыруу бул, баланын өзүнүн кечээкиси менен бүгүнкүсүн салыштырып, мактоо болуп эсептелет.
3. Балага тыюу салган нерсени өзүңүз жасабаңыз
Бала үчүн идеалдуу үлгү ата- энеси болуп эсептелет. Андыктан алгач, өзүңүздү тарбиялап, туура эмес жорук- жосундарды көрсөтпөңүз.
4. Балага сый көрсөтпөө
Айрыкча ислам дининде ата- эне менен балдардын өз-өзүнө тиешелүү укуктары болот. Албетте, бала ата- энесин угушу керек. Бирок, ата эне дагы анын пикирин сыйлап уга билүүсү маанилүү.
5. Идеалдуулукту күтүү
Дүйнөдө эч ким идеалдуу эмес. Башкача айтканда беш кол тең эмес. Катачылыкты ар бир адам кетирет. Андыктан балаңыздан идеалдуулукту талап кылганыңыз туура эмес. Анын да адашууга, кемчилик кетирүүгө укугу бар. Баланы өзү кандай болсо ошондой кабыл алуу маанилүү. Бирок баланы жакшыга шыктандырып, жакшысын ашырып, жаманын бир аз жашырып, изги иштерге жол көрсөтүп, кези келсе дос катары мамиле кылыңыз.
Жүрөк жумшак Ыйман менен.
АЛЛАХ берген өмүр таттуу.
Ушул ыйык күндөр менен!
#9 16 Февраль 2017 - 14:55

Ата-эHeлер бала тарбиялоодо билип жана билбей көп каталарды кетиришет. Албетте, ар бир ката аракет баланын келечегине таасирин тийгизет. Ошондуктан перзент тарбиялоодо ар бир кадамыңызды терең ойлонуп анан кылыңыз.
Балаңыз өзүнө ишенбей жатабы? Демек, сиз аны ыйман менен сугарбай жатасыз!
Перзентиңиз жакшы сүйлөй албайбы? Демек, сиз аны менен өтө аз сүйлөшөсүз!
Балаңыз уурулук кылып жатабы? Демек, сиз ага белек-бечкек бербей жатасыз!
Перзентиңиз коркокпу? Демек, сиз ага ашыкча болушасыз!
Балаңыз башкаларды урмат кылбай жатабы? Демек, сиз анын жанында катуу добуш менен сүйлөйсүз!
Перзентиңиздин кабагы дайым бүркөөбү? Демек, сиз аны эч мактабайсыз!
Балаңыз ашыкча кызганчаакпы? Демек, сиз аны менен жакындан сүйлөшпөйсүз!
Перзентиңиз башкаларга карата агрессивдүүбү? Демек, сиз ага карата копол мамиле кыласыз!
Балаңыз алсызбы? Демек, сиз аны көп коркутасыз!
Перзентиңиз ар дайым сиздин тынчыңызды алабы? Демек, сиз аны эркелетпейт экенсиз!
Балаңыз сизге моюн сунбай жатабы? Демек, сиз андан көп нерсени талап кыласыз!
Перзентиңиз түнт болуп калганбы? Демек, сиз өзүңүз менен гана убара экенсиз!
Билдирүүнү түзөткөн: Ashka: 16 Февраль 2017 - 14:58
Жүрөк жумшак Ыйман менен.
АЛЛАХ берген өмүр таттуу.
Ушул ыйык күндөр менен!
#10 16 Февраль 2017 - 15:00

Ата-эне үчүн бала – өмүр бою бала. Бирок ата-эненин милдети - баласын акылдуу, билимдүү, толук кандуу адам кылып чыгаруу. Бул милдетти аткарууну баланын эс тартып, “кой-ай” дегенди түшүнүп калуусун күтпөй, ымыркай кезинен баштоо керектигин билчү белеңиз? Баланы төрөлгөндөн 3 жашка чейин тарбиялап жетишип калбасаңыз, кийин абдан кеч болуп калат экен.
Китеп бизге кантип жетти?
Бул макалабыздагы маалыматтар Масару Ибуканын «Үч жаштан кийин кеч» деген ата-энелерге арналган китебинен алынды. Масару Ибука – япониялык инженер жана ишкер, «Сони» корпорациясын негиздөөчүлөрдүн бири. Ал - балдарды тарбиялоо багытында жаңычыл теориянын автору. Кенже курактагы балдарды өнүктүрүү боюнча бир канча китептерди жазган. Алардын ичинен дүйнөгө кеңири тараган «Үч жаштан кийин кеч» китеби 1971-жылдан 1987-жылга чейин эле 82 жолу басылып, нускасы 650 миңге жеткен. Бул китепти кыргыз тилине котортуп, кыргыздын келечегине кам көргөн – «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева. Роза айым китептин баш сөзүндө: «Адам баласынын нерв клеткалары 3 жашка чейин өнүгүп, 70-80 пайызга чейин калыптанат. Бул курак бала бардыгын билгиси келип, мээси гүлдөй болуп ачылып, ата-энесине миң түркүн суроолорду берген мезгил болуп саналат. Биз да ата-энелер үчүн аталган китептин айрым жерлеринен үзүндү сунуштайбыз.
Бала бакча кеч болуп калат.
Бир да бала гений болуп төрөлбөйт, бир да бала келесоо болуп туулбайт. Бардыгы баланын жашоосундагы чечүүчү жылдарда баш мээсинин өнүгүү даражасына жана шыктануусуна жараша болот. Бул төрөлгөндөн үч жашка чейинки курак. Бала бакчада тарбиялоо кеч болуп калат.
Кенже куракта өнүктүрүү генийлерди тарбиялоону максат кылбайт.
“Кенже куракта өнүктүрүү генийлерди тарбиялоого жардам береби?” деп байма-бай сурашат. Мен “жок” деп жооп берем. Кенже куракта өнүктүрүүнүн жападан жалгыз максаты – балага акылы терең, дени сак, зээндүү, мээримдүү болгудай билимди берүү. Дагы бир негизги максаты – бактысыз балдардын пайда болуусун болтурбоо.
6 айлык бала сууда сүзө алат.
32 градус сууга 6 айлык баланы салышкан. 3 айдан кийин ал сууда 6 мүнөт сүзүп жүрө алган. Бала өзүнчө рекорд да койгон. Сууда 8 мүнөт 46 секунд чыдап турган. Бала бул сыяктуу иштердин баарын оюн катары кабыл алып жеңил эле үйрөнүп алат. Баланын сууда сүзө алгандыгы – алардын мүмкүнчүлүгүнүн чексиз экендигин далилдеген бир гана факт.
Бүгүн бала кечээкиден таптакыр башкача болот.
Бала басканды үйрөнүп калгандан кийин роликте жүрүүнү үйрөтүү өтө эле татаал. Басканды жаңыдан үйрөнө баштаган кезде үйрөтсө, эки айдан кийин андан мыкты фигурист чыгат. Америкалык психолог Макгроу эки эгизге байкоо жүргүзгөн. Ал бирөөнө 11 ай, экинчисине 22 ай болгондо коньки тепкенди үйрөткөн. Жыйынтыгы бири-биринен таптакыр айырмаланган: эрте үйрөнгөнүнүн жетишкендиктери экинчисинен алда канча жакшы болгон. Бүгүнкү күнгө чейин тигил же бул көндүмдү үйрөтүүгө азырынча эрте деп отуруп мыкты мезгилди өткөрүп жиберебиз да, балдардын жашоосун татаалдаштырабыз.
Шыктандыргычы жок бөлмө балага зыян.
Америкалык профессор Брунер жаңы төрөлгөн балдарды экиге бөлдү. Биринчилерди эч кандай шыктандыргычы жок бөлмөгө, экинчилерди гүлдүү дубал кагаздары, түстүү шыптар, ала-була жабуулар менен жапты. Терезеден дарыгерлердин иштегендери көрүнүп, ал тургай, бул жерде музыка ойноп турду. Мындай шартта эки топтогулар тең бир канча ай тарбияланышкан соң алардын интеллектуалдык өнүгүүсүн аныктай турган тестирлөө жүргүзүлдү. Жыйынтыктар ортодогу айырманы так көрсөттү: шыктандыруучу бөлмөдө чоңойгон балдардан бош бөлмөдө чоңойгон балдардын интеллектуалдык деңгээли үч айга артта калган.
Баланын ыйын эч качан этибарга албай койбоңуз.
Бала менен көбүрөөк сүйлөшкөн энелер анын интеллектуалдык өнүгүшүнө эң чоң таасирин тийгизет. Мисалга көңүл буруңуз: жаш жубайлар эркек бала төрөлгөндө бир бөлмөлүү батирде турушчу. Батир ушунчалык кичине болгондуктан эне аргасыздан дайыма баласынын жанында жүрчү жана аны менен көбүрөөк сүйлөшчү. Кийинчерээк ал үй-бүлө 3 бөлмөлүү батирге чыгат. Бул маалда кыздуу болушат. Кызга энеси эң көп убактысын өткөргөн ашканадан алысыраак, тынч бөлмөнү бөлүштүрөт. Улуу баласы болжол менен 7-8 айларында сөздөрдү айырмалап сүйлөп калган болсо, кыз 10 айлык болгондо болгону былдыраганды үйрөнгөн. Андан тышкары дайыма жүзүнөн күлкү кетпеген агасына караганда токтоо, түнт болуп чоңойгон.
Балаңыз менен тилиңизди чайнап сүйлөшпөңүз.
Эгер чоң кишилер балдар түшүнбөйт деп алар менен балдардын тилинде сүйлөшө баштаса, баланын туура тил көндүмдөрү эч качан калыптанбайт. Балаңыз менен таптакыр эле тилиңизди чайнап сүйлөшпөңүз. Бир канча айдан кийин эле ал чоңоюп, жалпы коомчулук кабылдаган тилди түшүнүүгө туура келет. Бала бакчага барганда ал кичинекей эместигин, туура сүйлөө зарылдыгын айтса бала үчүн ыңгайсыздык жаралышы мүмкүн.
Билдирүүнү түзөткөн: Ashka: 16 Февраль 2017 - 15:01
Жүрөк жумшак Ыйман менен.
АЛЛАХ берген өмүр таттуу.
Ушул ыйык күндөр менен!
#11 16 Февраль 2017 - 15:02

Бир киши акылманга келип, сураган экен: "Менин балам төрөлгөнүнө сегиз ай болду, тарбияны качан баштасам болот?" десе, акылман айткан экен: "Сен бала тарбиялоодо кеч калыпсың, бала тарбиялоо эненин курсагынан башталат" деген экен. Бала тарбиялап, үлгүлүү ата-эне болом дегендерге 10 насаат.
1. Өз балаңды өзүңдөй же сен каалагандай болот деп күтпө, ага өз алдынча болуусуна жардам бер.
2. Ызаңды балаңдан чыгарба, эмнени эксең, ошол өнүп чыгат.
3. Бала үчүн жасаган нерсеңди кадыр-колко кылба, сен анын жарык дүйнөгө келишине себепчи болдуң, эми мунун акыбетин ал кантип кайтарат? Ал башкага жашоо тартуулайт. Бул -ыраазычылыктын айныгыс мыйзамы.
4. Сен балаңды меники деп ойлобо, ал - Жараткандыкы.
5. Анын көйгөйлөрүнө үстүртөн караба.
6. Басынтпа.
7. Эгерде балаңа эч нерсе кылып бере албай жатсаң, анда өзүңдү жемелебе, эгерде колуңдан келип туруп, бирок жасабай жатсаң, анда жемелей бер.
8. Эгерде бала үчүн жасалчу нерселердин баары жасалган болсо, анда ал жетишсиз экени эсиңде болсун.
9. Бөлөк бирөөнүн баласын сүйө бил. Эгерде башкалардын сенин балаңа жакшы мамиле жасашын кааласаң, сен да бөлөк бирөөнүн баласына жылуу мамиле жаса.
10. Өз балаңа, мейли ал жөндөмсүз, жолсуз, эр жеткен болсо да, мээримиңди төк. Аны менен баарлашып атканда кубангын, анткени, бала деген - азырынча сени менен кошо жүргөн майрам.
Баланын кулк-мүнөзүнө таасир этчү ыңгайлуу учур кайсы? Кеминде бала төрөлгөнгө чейинки жүз жыл мурдагы мезгил Уильям Ралф ИНДЖ
Эгер балаңды ургуң келсе, ур. Болгондо да жүрөгү кабынан чыгып кеткидей ачууң менен. Ачуусу жок урганың урганга окшобогону менен - бала аны кечирбейт. Жорж Бернард ШОУ
Балалуу үй базар, баласыз үй мазар. Макал
Билдирүүнү түзөткөн: Ashka: 16 Февраль 2017 - 15:03
Жүрөк жумшак Ыйман менен.
АЛЛАХ берген өмүр таттуу.
Ушул ыйык күндөр менен!
#12 16 Февраль 2017 - 15:05

Адамдагы өзүнө ишенимдүүлүк наристе кезинен калыптанат жана буга түздөн-түз ата-эненин таасири тиет. Баласынын өзүнө ишенимдүү болуп чоңоюшун каалаган ата-энелер төмөнкү пайдалуу кеңештерди эске сактоолору зарыл.
Күн сайын балаңыз менен кошо кандайдыр бир көнүмүш ишти жасаңыз
Күн сайын белгилүү бир маалда кайталанган жумуштан улам бала өзүн коопсуз сезет. Мисалы, эгерде балаңызды күн сайын сууга түшүргөндөн кийин жомок окуп берип, алдей ырын ырдап уктатсаңыз, бала окуялардын өзгөрүшүнө даяр болот. Ал эми окуя кокусунан же баш аламан болсо, бала тынчсызданып, коркуу абалында болот.
Мүмкүн болушунча оюнга көбүрөөк алаксытыңыз
Дал ушул оюн аркылуу бала өзү жөнүндө, айланасындагы адамдар жөнүндө билет. Оюн учурунда балдар кандайдыр бир маселени чечкенге үйрөнөт (мисалы, дивандын астындагы топту алып чыгууну, куурчагын кийинтүүнү, конструкторду чогултууну) жана өзүнө-өзү ишенимдүүлүгү өөрчүйт. Мисалы, кнопканы басып, оюнчуктан музыка чыгарганда ал өзүнүн аракети менен бир нерсе кыла аларына түшүнө баштайт.
Кайсы бир маселени чечүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп бериңиз
Балаңыздын жардамын, демилгесин эч качан четке какпаңыз. Эгерде бала бир нерсени жасай албай жатса, чогуу талкуулап, ойлонушуңуз, колдоңуз. Ал маселени чечүү жолдорунун бир нече ыкмаларын сунуштап, бирок акыркы чечимди чыгарууну балаңыздын өзүнө коюңуз. Өз алдынча чечим чыгарууда баланын өз күчүнө ишенүүсү өөрчүйт. Бир чечимге келген соң, а түгүл, өтөөсүнө чыга албай калса да аракет кылгандыгы үчүн мактоону унутпаңыз.
Милдет жүктөңүз
Кандайдыр бир милдетти моюнуна алуу менен бирге бала өзүн башкаларга керек сезип, “менин жардамыма да кимдир бирөө муктаж экен” деген ойдо болот. Муну менен бирге балада өзүнө ишенимдүүлүк жаралат.
Позитивдик фразаларды гана колдонуңуз
Балага эч качан “сен муну жасай албайсың”, “сен буга татыктуу эмессиң”, “а түгүл, кыялданба, бул реалдуулукка жатпайт” деген сыяктуу фразаларды айтпаңыз. Мындай жокко чыгарууңуз менен сиз балаңыздын мүмкүнчүлүктөрүн тыйып, келечекте өзүнүн максаттарына жетүүсүнө тоскоолдук кыласыз. Андан көрө “бул сенин колуңдан келет”, “сен көп нерсеге жөндөмдүүсүң”, “сен таланттуусуң” деген сыяктуу позитивдик фразаларды көбүрөөк колдонуңуз.
Билдирүүнү түзөткөн: Ashka: 16 Февраль 2017 - 15:06
Жүрөк жумшак Ыйман менен.
АЛЛАХ берген өмүр таттуу.
Ушул ыйык күндөр менен!
#14 16 Февраль 2017 - 22:44
Билдирүүнү түзөткөн: defne15: 16 Февраль 2017 - 22:45
#15 17 Февраль 2017 - 22:46
Emkgupa (16 Февраль 2017 - 06:22) жазган:
Мен, мисалы, баланы боюнда болгон кезден баштап тарбиялаш керек дегенге ишенем жана кошулам. Бала ата-энесини ар бир кыймылын алат өзүнө, боюнда бар кезде энесинин үнү, колу туюкбай үчүн эң алдыңкы нерселер, энесинин үнү музыка сымал, аны угат түйүлдүк, ошон үчүн боюңда бар кезде сүйлөш дешет. Классикалык музыкаларды көбүрөөк ук, балаң акылдуу болот дешет, классикалык музыка түйүлдүккө эң жагымдуу экен. Анан ошол мезгилде эмнени жактырсаң, кандай жүрсөн, ошонун баары таасир этет экен, мисалы, бир музыканы жактырып угуп жүрсөн, ал балаң төрөлгөн соң анын да сүйүктүү музыкасына айланат дейт. Жаңы төрөлгөн бала энесинин үнүн гана уга алат дейт 3 күнгө чейин, аны дагы кыйкырык эмес, жай сүйлөгөн үн ага музыка сымал угулат дейт жана башка.
Эми биздин тарбия берүүдөгү эң чоң каталарыбыз деп мен баланы кичинекей, түшүнбөйт деп анын көзүнчө жаман адаттарды жасай бергенибиз, мисалы, тамеки чегип, ичип, сөгүнүп, кыйкырып, тырманып жана башка... Анан баланын көзүнчө ата-эненин урушканы, ушакташканы, ашыкча эркелешкени да туура эмес деп ойлойм. Баланы басынтуу, ашыкча мактоо дагы туура эмес таасир берет жана башка.
#16 17 Февраль 2017 - 23:09
Таза аппак суттой куноосуз наристени биз озубуз жаман жолго туртобуз деп
Тили чыга элек жатып эненди деп кой атанды деп кой деп анан ал айтса тим эле курсант болуп анан кичине эс акыл кирип калып согунсо каяктан уйрондун согунбо деп оозуна урабыз кичинесинде озубуз уйротконубуз менен ишибиз жок
Урганды да биз озубуз уйротуп анан кайра озубуз ошол адатын калтыра албай убара болот экенбиз
#17 14 Март 2017 - 12:22
#18 14 Март 2017 - 13:07
#19 14 Март 2017 - 13:36
#20 14 Март 2017 - 18:07