Динден кабары жок адамдарго, Тообо кылдым, тообо кылам! Ошол кантип болсун нике кыйбай кыз жигитти жалгыз уйго калтырып коюшат.
Тагдырдын белеги...
#23 19 Февраль 2017 - 10:10
Урматтуу окурмандар андан кийин да тааныштарымдан көп сурап журдум: "Менин ордумда болсоңуз эмне кылмаксыз?"
, -деп. Бирок, сиздер сыяктуу эч кимиси жооп беле алчу эмес. Бирок, убакыт ошол учур менен токтоп калбайт да, бир чечимин кылуу керек. Мен ошол бир сааттын ичинде бир жашоону ойлонгондой болдум. Алардын мага кылган мамилелерин,
эркеңки күн... Эгер балалуу боло албасак, ал дагы өзүн күнөөлүү сезип, эл менден көрүп... Чайналып отура бергенде эмне дедим бир кезде...
- жыйырма күндөн кийин жеткирип салганың керек эмес. Азыр апамды чакыртайын. .. Өздөрү эле алып кетишет чыгар...
- Балким баары башкача болмок беле... Мен сени бактылуу кылгым келген. Окууңдан кабатыр болбо, байкемдикине туруп деле улантасын.
- Мен колумдан келгенин кылдым. Ала качып келдин келесоо кишидей. Отурдум, бир эмес, 2 ирет кирип отурам. Менде да намыс бар да, качанкыга чейин басынтасын. ..
- ...
Жабылып турган жуурканды ачты да, чөмкөнүп жатып алды. Мага билгизбегенге аракет кылды, бирок, көзүнөн жаштар куюлуп атканын билим отурдум. Аягым келди, жүрөгүм ооруду, бирок мени тагдыр жарга такап атса эмне кылам?.. Эшикке чыктым акырын, сиңдимди чакырып алып телефон алдырдым да, апама чалдым. Болгон окуяны айтсам, ал эч нерсе дей албады. Бир аздан кийин: "Атаң азыр бир жерге чыкты, келсе сүйлөшүп көрөйүн. Сен кетип калсам эле жыргап кетем деп ойлобо. Күйөөң жакшынакай эле бала экен, баш чанба! Жакшылап ойлон!" -деди. Аңгыча апалары келип калышты. Баласы үчүн жаны түтөп жүрөт да анын деле. Баласына кирди эле: "Апа, үйдөгүлөрдү кетире бериңиз, той бүттү" деди ый аралаш. Мен башымдан ак жоолугумду алдым... Апасы чыркырап мага бир нерселерди түшүндүрүү менен алек... Негедир мага дагы эле анын сөздөрү башынткан сыяктуу сезиле берди. Мындай жерден кетип бактылуу болом деп ойлобо деген сыяктуу сөздөр... Бир аздан кийин апам чалды: "Азыр барам" -деп. Атам кыйган эмес окшойт: "Кызымды ыйлатпа. Азыр жаштардын мүнөзү да оор. Балабызды чоңойгондо жоготкон кандай оор экенин көрдүк го. Эми кызыбыздан айрылып калбайлы. Барып алып кел көңүлү болбосо" -деген экен.
Көпчүлүк үйлөрүнө тарап кетишти... Туугандарынын баарынын кабагы салыңкы, кээ бирлери мени жаман көргөн түр көрсөтөт. Жеңелерим менден бетер ыңгайсызданып эмне кылышаарын билбей жер тиктей. Сиңдим эле анча-мынча эс тарта элек 9 жашта болсо керек эле. Кийимимди издеп бир бөлмөсүн ачсам бир бөлмө толтура китеп, кичүү карындашы жашын көлдөтүп ыйлап атыптыр. Аябай мөлтүрөгөн сулуу кАга чейин айла

#25 19 Февраль 2017 - 10:52
Аябай мөлтүрөгөн сулуу кыз эле. Аны кучактап соороткум келди, анын башына мендей учур жазбасын дедим ичимден. Кыскасы, аябай оор учур болду...
Апамды келди деп калышты бир кезде. Бирок аны үйдө дагы бир топ күтүп калдык. Жолдон атасы сүйлөшүп көрөлү деп кармап калган экен. "Кызың мага келин болгонго татыктуу кыз экен. Баламдын деле көп кыздарга көңүлү түшчү эмес. Кызыңдын жаш экенин көрдүк, бирок ушундай чечкиндүү сөздөрү бизди сындырып атты... Баламдын кичинекейинде ушул жаатта көйгөйү болгон. Кийинчерээк баары жакшы эле го деп көңүл деле бурбаптырбыз. Үйлөнтүүгө канча ирет аракет кылбайлы, кызым жок деп кутулуп кетчү. Кийинчерээк эле дарыланам деп болницага жатып дарыланып, андан кийин эле үйлөнөм деп, биз сүйүнүп даярдык көрүп калдык. Буйруса үлпөт тоюн өткөрүп беребиз. Ата-эне катары колубуздан келгенин жасап атабыз. Сиз дагы балдардын бактысын ойлоп, жаштык кылып аткан кызыңызга акылыңызды айтып көрүңүз. Баламды ойлоп дагы жүрөгүм канап турат. Муну көтөрө албай муунуп өлүп алабы деп да корком" -деген экен. Апам: "Сиздей адамдар менен куда болуу бизге деле сыймык болчу. Кызым ордун тапты го деп эле сүйүнүп калганбыз. Бирок, бул маселеде бир нерсе айтуу кыйын экен. Эртен кызым мени күнөөлөп жүрсө кантем... Ал дагы айтканын бербеген көк атасына окшоп. Бизге таарыныч, капа болбоңуздар, биз дагы колубуздан келгенин кылдык"-деген экен.
Жүргүлө эми деди апам үйгө кирбей... Бут кийимибизди кийип, босогону аттап чыгуу кандай оор экенин айтып бере албайм. Жарым жүрөгүм ошол үйдө калгандай болду. Өкүрүп ыйлагым келди. Бир эле күндө ушунча жакын болуп калганына таң калдым. Чынымды айтсам, апама "кайра калам" дегим келди... Жаныбекти кыя албай ичимден ыйлап бараттым. Алар да ушунчалык аз убакытта мага боор басып, кыйбай аткандарын көзүмдүн кыйыгы менен көрүп бараттым. Дарбазага жакын калганда жакшынакай менден улуу күйө баласы: "Жеңе калыңызчы" деп жиберди. Араң шилтенип бараткан буттарымды токтотуп: "Мен дагы кыйбай турам, бирок, ушундай болду, эмне кылмак элем" дедим да, апамдын артынан чыгып кеттим...
Машине да жүргүсү келбей бир аз туруп калдык. Анын үйүнөн көзүмдү ала качам. Ошол кезде келин көргөнү дагы бирөөлөр топурап машинеден түшүп калышты. Дарбазадан чыккан апасы аларды суз гана артка кайрыды... Биз жөнөп кеттик...

#26 19 Февраль 2017 - 11:24
Үйгө келип эч кимдин бетин карай албадым. Тамакка табитим дагы жок, ооруган адам эмес же соо эмесмин... Ичим ачышып эмне кыларымды билбейм... Сыртымдан аңдып коюшкандары болбосо, үйдөгүлөр менин тынчымды алышпады. Билгиси келип келген абысын-ажындары көбөйдү. Андай жерге биздин кыздар жетпей атышса, силер чанасыңар да. Бир эрге тийди кылып кызыңды алып келип алып, эми кара далы кыласыңарбы деген сыяктуу ачуу сөздөр... Биздикилер эми тигиндей-мындай болду деп актанмак беле, элдин оозуна кимдин алы жетмек, тим койдук... Айылда көпкө жүргөнгө мүмкүн эмес, анын үстүнө окуумду улантуум керек, бир жумадан кийин кайра шаарга чыктым. Курбум көрүп таң калып кады. Менимче, ал баарын билсе керек. Аны аябай жакын бир тууганымжай көрсөм, кийин андай кыздар достукту да пайдалана турганын билдим...
Күндөр өтө берди... Элдиярга болгон окуяны айткам. Мага ошондо эле айтпайт белең, жумушта атайын кызмат бар эле, ошондо эле алып келмекмин. Эми жашоодо ар кандай болот да, кааласаң үйлөнөлү деген сунуш кылды. Мен ал абалдан чыга элекмин. Бул темада кийин сүйлөшөрбүз, болгон нерсени унутууга убакыт керек дедим.

#27 19 Февраль 2017 - 12:14
Чыдамсыздык менен кутуп отурам! Тынбай кирип чыгып :-)
Билдирүүнү түзөткөн: perizat91: 19 Февраль 2017 - 12:15
#28 19 Февраль 2017 - 13:55
Бала тарап,силер тарап,элдер билдиби балада айып экенин же кыз чыкпай калып кетти деп ойлоп калыштыбы?
#30 19 Февраль 2017 - 14:53
Окуп олтуруп ыйлап да алдым ото таасирдуу окуя экен. Тезираак улантынчы автор.
#34 20 Февраль 2017 - 00:37
Аябай тушунуктуу жазып атасыз автор,батыраак улантсаныз жакшы болмок кутуп калдык
#35 20 Февраль 2017 - 01:31
#36 20 Февраль 2017 - 01:37
Ушундай окуяларды окуганымда кадимкидей эки жашка боорум ооруп ыйлагым келет да. Как будто озумун башыма келгенсип ойлонуп, кыжаалат болуп. Кудайым эчбир адамдын башына мындай иш салбасын!
Автор сизге ТУБОЛУКТУУ БАКЫТ КААЛАЙМ!
#37 20 Февраль 2017 - 10:31
Ала качканда сизге бооорум ооруса, кийин аны аяп кеттим. Жакпадыбы үмүт бербесеңиз болмок экен.
#40 20 Февраль 2017 - 13:59
Кеңештериңизге чоң рахмат. Мен ошол оор уурларда ушундай кеңештерге абдан муктаж болгонмун. Бир нерсемди жоготуп алгансып, жетпей ичтен кыйналчу болдум. Телефонумду тиктеп отуруп, карындашынын номерин өчүрбөй калган экенмин, ага: Эми мени жек көрсөңөр да баары бир. Байкеңди жакшылап карагыла. Ал буйруса бактылуу болот! Бул менин колумдан келбеди, Кечиргиле...
" деп жазып жибердим. Көпкө күтсөм да жооп келбеди. Жазганыма өкүндүм... Кеткенди немени жакшы демек беле, кийинчерээк ар кандай айтылган сөздөрдү угуп жүрдүм. Өздөрүнүн кадыр-баркын түшүргүлөрү келишпейт да албетте, мени дагы жаман атты кылышса керек, кандай болсо да эми баары бир деп күндөр өтө берди...
Элдияр 2-3 ирет жолугушууга чакырды. "Ушинтип өмүрүң өтмөк беле. Өзүңдү аясаң боло. Мен сага жардам бергим келет" - деп. Менин эч нерсеге көңүлүм келбеди... Шаардын шартына көнүшүп, группадагы кыздар ачылып, жигит жандап, кээ бирлери турмушка аттана башташты. Менин болсо эч нерсеге көңүлүм жок. Өзүмө каранганды дагы койдум. Кийимим кир болбосо болду, Башкасын ойлонуп да койбойм...