Суперстан: Жыландын сүйүүсү - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (17 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жыландын сүйүүсү «Жыландын сүйүүсү» автор тарабынан алымча-кошумчаланып, аңгемелер мене

#141 Пользователь офлайн   Kyrgyzka-95   24 Февраль 2017 - 05:34

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 13
  • Катталган: 11 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 11 Мар 2017 02:56
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

ЖЫЛАНДЫН СУЙУУСУ

ЭКИНЧИ КИТЕПТЕН

7

Өткөн-кеткенди көз алдынан чубата өткөрүп жатып, келип-келип аягы ушул күнгө такалган кезде гана Кызмончок ордунан турду. Этек-жеңин кагынган болуп, жоолугун оңдоп, алда неге бел байлагандай боюн түзөп, үйгө кирди. Босогону аттап эле төрдө илинген комузду көрдү. Чаң, желе басып кеткен комуз кол тийсе эле азыр даңгырап ыйлап жиберчүдөй туюлуп кетти, сунуп келаткан колун кайра тартып алды Кызмончок. Ушул тапта, жанынан кандайдыр бир караан «булак» этип өтүп кеткендей болду...
Кызмончок көздөрүн жумуп жиберди. Артынан куугунчу келгендей сезип кетти. Азыр Бектемир же башка бирөосү келип каруудан алып, аркта жетелечүдөй элестеди. Эмнегедир ушуну каалабай турду... Жандүйнөсүнүн тынчтыгын каалап турду. Бирок... эч ким үн каткан жок. Дабыш да угулбады. “Ким?” – ушуну ойлоду келин. Жан да эмес... Ата-энесиби? Алар да мунун келгенин билип, ушул жерди айланып-тегеренип турушту бекен? Коздөрү умачтай ачыла түштү... Жок! Башка...!
Бурчта бир топ жылдар мурун жүзгө чыгып өлгөн Бүбү байбиченин сөлөкөтү турган! Бакырып жибере жаздап, бирок корккондон тамагы буулуп, үнү чыкпай калды. Ыраматылык Бүбү эненин элесин ушуну менен экинчи жолу көрдү. Биринчи жолкусунда мүрзөлөрдүн арасынан көргөн. Анда айылдын эли куран окуганы Бүбү кемпирдин бейит башына барышкан. Дөбөдө кыдырата тизилген мүрзөлөрдөн анча алыс эмес жерге дасторкондорун жайып, даам сызып, энеге багыштап куран окуп кайтышкан. Кызмончокту да: «Кой, балам, комуз менен жыландан башканы билбей каласыңбы? Эл менен аралашып көн», – деп ата-энеси ээрчитип барган.
Эл бейит башында отуруп, куран окулуп жатышкан маалда, Кызмончок бир чекиттен көз албай көпкө катып калган. Бул тууралуу заматтын ичинде элге күбүң-шыбың тараган:
– Капырай, ошо жерден Кызмончок жыланга айланып кете жаздаптыр. Кареги катып, денеси муздап баратканда энеси алып калыптыр!
– Мен да өз көзүм менен көрдүм, ооба! – дешип. Бирок Кызмончок анда эч кандай жыланга айланбай эле, маркум Бүбү эненин элеси менен тиктешип, нес болуп калган. Бүбү эне анда да кудум азыркыдай – Кызмончокту аягандай, ага жан тарткандай карап турган. Көзгө илешпеген ирмем ичинде ушуларды ойлоп ийди келин.
– Балам, тек гана элестетип алсаң керек. Коркпо. Андан көрө тирүүлөрдүн ар кандай арам ойлорунан, жаман жорук-жосундарынан коркуш керек, – деген кечинде апасы. Ушуга өзү да ынанып, коркпой калган. Ушундан улам го, эми да Кызмончоктун тулку боюн ээлей калган коркунуч акырындап тарап, тескерисинче Бүбү эненин элесин караан тутуп кетти. Бирок кайра кайрылып караганда эненин элеси жок болуп чыкты... Дубалда илинген комузду алды... Алаканы менен аяр сылап, комуздун тулку боюнда илешкен желени тазалады. Эриндери эмшеңдеп, карегине тегеренген ысык жаш комуздун бетине тыпылдап таамп кетти. Ата-энеси каза болгондо, кайын журту булардын болгон жүгүн Абылайдыкына көчүрүп келген. Кызмончок ошондо атасынын комузун таппай калып:
– Апа, атамдын комузу көрүнбөйт го? – деген.– Бир-эки буюмун калтырдык, ботом. Өздөрү кеткени аз келгенсип, үйүн томсортуп коймок белек. Байкуштардын арбагы ыраазы болсун. Кийинчерээк аларбыз, – деген Сайракан. Кызмончок да муну эп көрүп, кайненесине ыраазы болуп калган. Бирок чынында Сайранын комузду алдырбай койгонунун жөнү башкада болчу. Өз көзү менен көрбөгөнү менен Сайракан Жандын комузду муюп угарын, Кызмончок да жыланга күү чертип берерин эшиткен. Ошондуктан, бул аспап жыландарды ордосу менен чогултуп келчүдөй чочуп, үйгө алдыргысы келген эмес. Атүгүл, колунан келсе, Кызмончоктун өзүн деле куттуу үйүнүн босогосун аттаткысы жок эле. Бектемир эле: «Кызмончокту алам!» – деп, айтканынан кайтпай туруп албадыбы. Болбосо, башынан эле көрөйүн деген көзү жок эле. Эмнеге ушундай экенин Кызмончок да билгиси, Сайранын оюн окугусу келчү. Бирок сыртында эле мынчалык каардуу кайнененин ичинде андан да катуу каар жатканын сезип, дити даабайт. Заарканат. Деги эле Кызмончок адамдардын оюн окугандан коркот. Чынында эле, сыртында күлүп, жакшынакай карап турган адамдын ичинде таптакыр башка дүйнө, башка сезим, башка ой жатканын билүү кандай кы йын?! Кызмончоктун көп учурда адамдардын көздөрүнө тик карабай жалтактап, деги эле адамдардан боюн ала качып, оолактап калышынын бир себеби ушул болчу. «Андан көрө жыландын оюн окуп, дилин туйган канча эсе оңой», – дейт баамында. Бир жолу бир кызык окуя болгон. Кайсы бир тойдо Кызмончок Бүбү эненин келини Алымкан менен маңдайлаш отурган. Ошондо, дудук аял Кызмончокту көпкө чейин көз албай, жалдырап тиктей берген. Адегенде аны анчалык деле этибар албаганы менен, кыз капилет эле ошол көздөрдүн ары жагындагы жазууларды окуй койгон: «Кандай жакшынакай кыз сың... – деп «жүгүрүп» турган Алымкандын ойлору. – Бирок сени алдыда эмне күтүп жатканын билбейсиң да. Бечара апаң да билбейт. Атаң болсо, баа рын ичине жутуп, батырып келет. Кайненем менен акыркы жолу сүйлөшкөндөн бери «ичкени – ирим, жегени – желим», байкуштун. Көрүнүп эле турбайбы... Сени ушулардын сүйүүсү гана сактап жүрөрүн билсең кана?! Болбосо, эчак эле жыланга айланып кетмесиң, шордуум!.. » Кызмончок «селт!» эткен. Ошондо эсине келе түш көн Алымкандын карек учкундары алда кайда ыргып, быркырап кетпеди беле. Ал оюн окутуп койгонун билген. Көздөрү алаңдап, анан Асылбек экөө саамга тиктеше калышкан. Асылбектин каны башына тээп, эки чыкыйынан кан тамырлары бүлкүлдөп чыга түшкөн болчу. Ачуусу катуу келгенде ошентип кетер эле. Ошондо Алымкан алдына аш келгенине карабай, элди аттап-буттап, эшикке чыга качкан. Эмнегедир, ошондо Асылбек да кызынан көздөрүн ала качып, кайпактап калган болчу. – Апа, мени эч ким жакшы көрбөй калса, жыланга айланып кетемби? – деген үйгө келгенде кыз.
– Кайдагыны айтпачы, балам! – деген апасы. – Ким айтып жүрөт антип?!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#142 Пользователь офлайн   Sushi_wok   25 Февраль 2017 - 21:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Улантып койгулачы бай болгурлар
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#143 Пользователь офлайн   bema_bema   28 Февраль 2017 - 03:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Бул жака улап жазып коёберейин автордон кечирим сарайым
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#144 Пользователь офлайн   bema_bema   28 Февраль 2017 - 03:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Жан биринчи жолу Кызмончоктун эркине каршы чыкты. Келбе дегенине карабай, айылга түшүп келатты. Өздөрүнө жолукпаса дагы, акыркы ирет болсо да үчөөнү алыстан акмалап, үндөрүн угуп, сагынычын таратып кетүүнү ойлоду. Ушул маанай менен тоо этектей түшүп, аңызга жаңы эле тумшугу салынган маалда Сайранын жанагы ачуу чаңырыгы аны да селт эттирди. Андан көп деле алыс эмес, тээ аңыздын ортосунда эшегин минип, он чакты койду алдыга салып алып тепеңдеп кетип бараткан Ишенбай да артына имерилип, айыл тарапты карап турду да, эшегинин башын буруп, жорголоткон боюнча кайра айылга түшүп кетти.

Тээ тигинде сууга келаткан кыз-келиндер да челектерин жерге коё коюп, кыйкырык угулган тарапка карап калышты. Баятан бери Кызмончоктон кабар алгысы келип, бирок батынбай келаткан жылан да жүрүшүн тездетти.

* * *
Жан түз эле Асылбектин үйүн карай келатты. Үйгө улам жакындаган сайын кудум өз үйүн, эң жакын адамдарын сагынып, кусалыгы көкүрөк-көөдөнүнө сыйбай келаткан адамга окшоп, аптыгуудан какап-чакап келатты. Ал азыр бардыгына кайыл болуп кетти. Иши кылып эле үчөөнүн көздөрүн көрүп, үндөрүн угуп, жытын искеп алса болду! Бул жашоодо ага андан ашкан бакыт, андан ашкан жыргал, кубаныч жок эле азыр! Бирок Асылбектин үйү аны таптакыр башкача тосуп алды. Баягыдай гүл бакча болуп кулпурбай, коко тикенек басып кеткен короонун ичине саамга көз жүгүртүп, эч нерсе түшүнө албай турду Жан. Эшиктин алдына чейин жай жыбылжып келип, ичкери жакка умсуна кулак түрдү. Жымылдаган жымжырттыктан башка эч нерсе угулган жок. Кыңайып ачык турган каалгадан башын салып, эки жакты карады. Үйдүн ичи аңгырап бош! Жылан бир шумдукту сезгендей денесин жыйрып алды да, оор тулкусу үйдүн ичине агылып кирип келатып, бир убакта ары да, бери да кетпей токтоп калды..! Ээн үйдүн бурчунда алаканын жаагына жаздап алып, кичинекей кыз уктап жатыптыр... Жан тирмийе тиктеп калды. Кыздын мойнундагы кыпкызыл мончокту тааныды... Кызмончок так ушул кыздай кезинде, ата-энеси аны айылга келген соодагерден сатып алышкан. Мончок кичинекей жыланга да жаккан. Мөлтүрөгөн туптунук, барсайган кызыл мончокту тагынып алып, Кызмончок кубангандан айланкөчөк тегеренип, башы айланып жыгылган сайын кыткылыктап күлүп, жылан да аны тегеренип ойноп, айтор, баары катуу кубанышкан. Жан кичинекей кызды чочутуп албайын деп, үйдүн аркы бурчуна барып, оролуп жатты. Ал кыздын ойгонушун күттү. Анын ким экенин, бул үйдөгүлөрдүн кайда кетишкенин, баарын ушул кыздан угуп, билчүдөй үмүттөндү. Көп өтпөй эле кыз быйтыйган колдору менен көзүн ушулап тура калды да, кудум Кызмончоктун кичинекей кезиндегидей, мойнундагы шуруну кармалап, сонуркап карап отуруп, жыланга көзү уруна түштү. Же корккону, же таң калганы белгисиз, кирпик какпай катты да калды. Жылан да баланы чочутуп албаш үчүн демин ичине катып, былк этпей жата берди. Болгону гана, ал да кызд ы көрүп, билип жатканын билдириш үчүн куйругунун учун ары-бери акырын кыймылдатып койду. Кыз ошону түшүнгөн сымал, «жымың» этип күлүп жиберип, жыланды карай ашыкты...

* * *
Таң калыштуусу, Бубү эне Бектемирдин да түшүнө кирди. Тирүү кезиндегидей эңкейбей, таягын колтугуна кысып алып, кадимкидей эле кайкайып, тээ бейиттер тараптан калдаңдап шашып келатыптыр. .. – Эне? Бүбү эне? – Бектемир анын сумсайган суз, сүрдүү карашынан жалтактай түштү. Денесин «дирт» этип, көзгө көрүнбөс жалын каптап, от-аптаптын ичинде калгансып денеси ысып-күйүп кетти. Колтугуна кыстарган таягына кош колдой кармап, ошого бар күчүн салып таянып турду эне. Бир убакта ошол таякка жан кирип, «бүлк-бүлк» этип барып, заматта жыланга айланып кетпедиби! Бектемир ыргып-секирип, коркуп кетти. Бүбү эне болсо колунда тыбырчылап, туйлаган таяк-жыланды так кекиртектен муунта кармап турду да, Бектемирге: «Бул эмне кылганың?» – дегендей карады. Бектемир анын Кызмончок тууралуу сурап жатканын түшүнө коюп, башын жерге салды. Эне жигиттин оюн түшүнгөндөй, жумшара түшкөн сыяктанды. Кайра бат эле артына бурулуп, келген жагына кетип баратып, Бектемирге дагы бир карады. Бу саам анын көздөрүнөн Бектемир: «Кызмончокту кор кылбай, аярлап күтүп ал», – деген өтүнүчтү байкады. Аңгыча эле аял кишинин ачуу чаңырыгы чыгып, Бектемирди оор дене келип басып жыгылып, Бектемир эмне болуп кеткенине түшүнбөй, тыбырчылоого да алы келбей калды.

– О, кокуй! Баламды жеди, эл-жу-урт?! – деп жатты ал. Үн кулагына тааныш сыяктанып, бирок кимдики экенин ажырата албай, бир аз ирмемдердин ичинде Бүбү энеден башка эч кимди эстей албай жатты жигит. Жакын эле жерден, так эле кулак түбүнөн эми апасынын үнү угула баштады: – Билгем, каран күн! Ушундай болорун билгем! Заматта чагып кеттиби коку-уй!! ! Уйку соонун арасында: «Мен өлсөм керек. Өлүп калыш ушунчалык оңой, тез экен го?» – деп ойлоду жигит. Байкуш апасын аяп кетти. Ага удаа эле атасынын:

– Турчу ары! Бошотчу баланы?! – деген үнү угулду. Үстүндөгү жүктү атасы алып ыргыткандай болду. Дене бою жеңилдеп, эс ала түштү. – Бектемир?! Бектемир?! – атасы аны эки ийнинен жулкулдатып, башын өйдө кылды.

– Аччы көзүңдү, кулунум?! Дагы башка кобур-собрулар угулуп жатты:

– Эмне болуп кетти, Сайра жеңе? Тынччылыкпы? – Сайра жеңе, көзүңдү ач, кокуй! Ушунун баарын үзүл-кесил угуп жаткан Бектемир ойгонууга жакшы эле аракет кылып, бирок кирпигин көтөрүүгө дарамети келбей, колун өйдө кылууга шайы жок, денеси жанчылып «сулк» жатты.

– Э, Жараткан?! Э, айланайын Кудай! Эмне болуп кетти экен? – деп эки жерде үймөлөктөгөн эл эне-баланын абалын жыланга жоруп жатышты. – Апа? – деди ойгонгон жигит. Бетине суу бүркүлүп жаткан Сайра баласынын үнүн угуп, дартынын дабасы ушул өңдүү көзүн ачты.

Бектемир өзүн тиктеп, үрпөйүп турган ата-энесин, чогулган элди көрүп, эсине келе түштү:

– Эмне болду? – Тирүүсүңбү, балам? – ыйламсырады Сайра.

– Апа, Кызмончок кайда? – жигиттин биринчи эле сураганы ушул болду.

– Кызмончок болбой, кымыран калсын! Ошол бир балакет кылды сени! Чаламандык чак түшүндө эс-учуң ду билбей жатып калыпсың!

– Уктап калыпмын. Сасык тумоонуку, апа. Бектемир Кызмончокту издегендей, эки жагын айландыра карады.

– Ботом, келиниңер көрүнбөйт го? – аялдардын бири аны коштоп кетти. – Кызмончок жеңем жана тиги үйүнө кирип бараткан, – деди босогодо эдирейип турган чыт курсак бала мурдун шуу тартып.

– Тиги үйүндө эмне, суутуп коюптуру ага?! Же күтүп алар бирөө-жарымы бар бекен?! Отургула, айланайындар? Жогору өтсө ңөр, – деп жарданып турган элге төрдү көрсөттү. Келгендер отуруп, кужулдап кепке киришти. Бектемир эртеден берки окуяны, Кызмончок экөө нүн мамилесин, түшүн эстеп, көз алдынан өткөрүп отурду да, ордунан турду.

– Каякка?! – деди ортого дасторконун жайып жаткан Сайра анын кайда бара жатканын болжоп, жактырбагандай карап.

– Эч жакка.

– Койчу, балам, аны кубалаган киши жок. Кайда бармак эле, бир убакта келер. Келбей, жоголуп кетсе, андан бетер жакшы! Кетип калган катындын артынан чуркап, баа-баркыңды кетирбе, балам.

– Ооба. Энеңди ук, кагылайын, – деди улуураак кемпирлердин бири. – Кайда барар дейсиң? – Эмне, уруштуңар беле? – деди Асанбү адатынча жоолугун калдайган кулагынын артына кыстара коюп.

– Абылайдын тизесине ысык чайды жаба куюп ийип жатпайбы, жарыбагыр!

– Апе-ей, ал эмнеси, кокуй?! Баары бурулуп, Абылайды карап калышты. Абылай ошондо гана дамбалчан отурганын эстей коюп, аркы үйгө кире качты эле, бир-эки келин «бырс» этип күлүп жиберди.

– Антип атса, анан эркектана болгондон кийин: «Абайлабайсыңбы! » – дейт да, ботом. Мен да жөн турамбы. «Капырай, эси-дартың кайда?! Эмне болуп атасың?!» – деймби, же: «Ырас эле кылбадыңбы, айлананайын», – дешим керекпи? Бектемир туруп, сыртка чыгып кетти. Сайра артынан аңкайып карап калды эле:

– Тиги үйүндө киши жок болсо, аякка эмнеге барат? – деди аялдардын бири шектенгендей.

– Ырас айтат, эмнеси болсо да барып көрбөйлүбү. Бири-бирин карашты. Чындап эле Асылбектин үйүн жыландар мекендеп алгандай элестеп, кээ бири денелерин жыйрып, ичиркенип да кетти.

– Барса, баралычы, – деди Сайра. – Э, абышка, басчы! Тигинде барып келели. Жанагы балаң да ошондой басты окшойт... Абылайдыкынан чыккан бир топ аял-эркек Асылбектин үйүн карай жөнөштү.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#145 Пользователь офлайн   bema_bema   28 Февраль 2017 - 03:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Ырыс тыпылдап басып, түз эле жыландын жанына келди да, быйтыйган колдору менен эки тизесин таяна эңкейип, анын көздөрүнө карады. Жылан былкылдаган жок. Бирок бу кыздын кылык-жоруктары кудум эле баягы бала Кызмончокту элестетип, муун-жүүнү бошоп, айрыкча, кызыл мончоктордун жөн-жайын биле албай, тырпырап жатты. Кыз жыландын жанына буттарын сунуп, тепейип отурду да, мойнундагы шурусун кармалап, алаксып кетти.

– Ыры-ыс?! – сырттан аялдын кыйкырганы угулду. – Ырыста-ай?!
Сыртка кулак түрүп, тыңшап калган кыз угулар- угулбас гана:
– И? – деп койду. Жылан эмне кылар айласын таппай кетти. Бу жерден кетиши керек болуп калды. Бирок кызды чочутуп аламбы деп, ордунан козголо албай жатты. Сырттагы элдин кужулдагы улам жакындай баштады. Жыландын дөңгөлөктөй түйүлүп жаткан денеси былкылдай түштү.
– Ыры-ыс?! – деген аялдын үнүнө удаа эле эркек кишинин:
– Кызмончок?! – деген үнү Жанды «селт» эттирди. Бул – Бектемир болчу.
Жан эми жата берүүгө болбой турганын билди. Адегенде башын акырын жылдырып, жерге түшүрдү. Анан мойну аз-аздан узарып, тамдын бурчу аркылуу чубалып жыла баштады. Саамга таң калып да, сонуркап да карап калган Ырыска мунусу жага түшкөн сыяктанды. Кыткылыктап күлүп жиберди. Чубалып кетип бараткан жыланды эрчий карап, бир-эки курдай кармайм деп, колун сунуп барып токтоду.
Короонун ичине эл чогулуп калыптыр. Жарым-жартылай ачык турган эшиктен жыландын башы эми эле чыкканда:
– Жыла-ан!! ! – деп, аны озунуп көрө калган бала кыйкырып жиберди. Калгандары баланын сөөмөйү көрсөтүп турган тарапты карап калышты.
– Жан экен! – деди кимдир бирөө. Анткени, күздөгү окуядан кийин айылдыктардын бири калбай, башка жыландарга окшобогон ак жыланды таанып, жадымдарында жаттап калышкан. Атүгүл көпкө чейин жыландар айрымдарынын түшүнө да кирип жүргөн. Бала кезинен алардын ар бирин көрүп, билип өскөнгө, Жанга да жарданып тургандар тааныш болчу. Атүгүл алардын үнү, кулк-мүнөзү да буга чоочун эмес. Айрыкча Абылайды, Сайраны, Бектемирди, Таңырбай менен Ишенбайды, Касенди, Алымканды, Бектемирдин досторун жакшы билчү. Эми деле баары баягыдай... Баарынын көздөрүндө дагы деле жыланга болгон чоочуркоо, коркуу...
Ар биринин бешенесине көз чаптырган Жан ушуну байкады. Бирок бир гана Асылбек, Сырга, Кызмончоктун эмне тагдырга туш болгонун аңдай албай жатты. Ушул эле адамдардын ушул үйдү курчоого алып, өрт коюп, таш жаадырып урган ирмемдер көз алдына элестей түштү. «Балким, мээримсиз адамдар биз кеткенден кийин аларды так ушинтип тегеректеп келип, жок кылып коюшту бекен?» – деп ойлогон жылан буларга каршылык кылууга даяр боло түштү. Эмнеси болсо да көпкө ойлонуп турууга болбойт эле. Босогодон жыбылжып түшүп, тамдын артын карай сойлоп баратты
Бектемир эмне кыларын, эмне дээрин билбей, эс-мас болуп турду. Ушу азыр Кызмончок жыланга кубулуп алып, кайдадыр кетип бараткандай сезилди. Каны башына тээп, деми кысылып чыкты.
– Кызмончоо-оок! !! – калч-калч этти.
Бектемирдин үнүнө жооп кылгандай, эми үйдүн эшиги «кы-ыйч» этип, акырын ачыла баштады. Тургандар артты карай кетенчиктеп барып токтошту. Бектемир гана ордунан жылбай, кирпик ирмебей катып турду.
Үйдөн Ырыс чыгып келатты. Эл ого бетер эс-мас болду. Кызмончоктун кыпкызыл мончогун тагынып алып, эч нерседен бейкапар, ушунчалык бактылуу болуп бажырая күлүп, элди карап турду кыз.
– Ыры-ыс? Кызым?! – жыйырма бештин тегерегиндеги келин элди жиреп өтүп, кызды карай чуркап келатты. Баятан бери: «Ботом, балаңды карабай эмне кылып жүрдүң эле?» – дегендерге, кызынын туруп кеткенин туйбай, өлгөн немедей уктаганын айта албай: «Жанымда ойноп отуруп эле жок болуп кетти», – деп калп айта салган болчу. Эми минтип, эч ким кирбеген ээн үйдөн, болгондо да Кызмончоктун үйүнөн жылан менен ээрчишип чыга келиши келинди жинди кылып жибере жаздады. Орто жолдо этегине чалынып кетип, көмкөрөсүнөн кулады. Энесинин ичинде эмне болуп жатканын наристе билип коюптурбу, ансайын кыткылыктап күлө берди...
Эки-үчөө чуркап келип, келинди ордунан тургуза койду. Сүрүлүп жыгылганга эки алаканы кызыл-жаян болуп канап кеткен келин аксалаңдап барып, кызын жерден так көтөрүп ала коюп, четке чыга качты.
Бектемир, Абылай, анын артынан Сайра баштаган эл үйдү карай басышты...
– Ай, бала, коё турчу! – деди Абылай алдыда бараткан баласын каруудан кармап. – Мен кирейин, токто!
– Ооба, ошент! – деп ийди араң турган Сайра да чебеленип. Бектемир аларды укпай, болбой эле озунуп үйгө кирип келип, ортодо туруп калды. Эки жагын тегеренип карап, Кызмончоктун жерде жаткан жоолугун таанып, ала койду. Артынан жарданып карагандар күбүң-шыбыңи боло түштү:
– Тиги эмне экен?
– Жоолук го?
– Келиндин жоолугу го! – деди алардан үнүн бийигирээк чыгарган Сайра баары уксун деген кыязда. Экиге тең бөлүнүп, ортосунан уланган жоолукту уучуна тоголоктой кармаган жигит эми төркү үйдүн эшигин ачып кирип барды. «Пыр-р!» этип чабалекей учуп, жолунан адашкандай ары жакка, бери жакка урунуп жатып, терезенин ачык көзүнөн сыртка чыгып кетти. Тамдын боорундагы уядагы сары ооз балапандар чыйпылдап жатышты... Бектемирдин ичи эңшериле түштү.
Ал артына имериле бергенде эрчип жүргөндөр экиге тең жарылып, жол бошотушту.
– Азама-ат!! ! – деп бакырды Бектемир элдин арасынан жанагы баланы издеп. Сыртта калып калган баланын:
– Ии?! – деген үнү чыкты.
– Бери кел?!
Эл жол бошото беришти.
Кабагын бүркөп, алда неге күнөөкөр окшоп жалтактаган Азамат кирди.
– Кызмончокту качан көрдүң эле?! – деди Бектемир.
– Жа-ана көргөм. Силердикине баратканда.
– Кайдан?!
– Биякка кирип келаткан болчу.
– Анан?!
Бала андан ары эмне айтаарын билбей, мукактанып калды.
– Кантип көрдүң эле, шашпай айтчы. Коркпо, ботом. Аны биякка сен жетелеп келипсиңби? ! – деди баланын энеси. Ошого демдене түшкөн бала эми шыр кетти:
– Мен өтүп баратсам, короонун эшиги ачык экен. Анан... жөн эле карасам, Кызмончок жеңем эшикти ачып, кирип бараткан болчу.
– Анан?!
Бала ийнин куушурду:
– Анан билбейм. Мен силердикине кетип калгам...
– Жанында ким бар эле?
– Билбейм. Ой, жок... эч ким жок болчу.
– Тиги Ырысты көргөн жок белең? – деди ортодон дагы бирөө кепке аралашып. Бала башын чайкады.
– Шурусун тагып коюптур, – деди Ырыстын энеси баланын мойнундагы мончокту көрсөтүп.
– Шумдук! – деди Асанбү адатынча жоолугун кулагына кыстара салып. – Жоолугун чечип ыргытып, шурусун буга тагып... акыры жыланга айланып кеткен го, ыя?! Жанагы ак жылан Кызмончок турбайбы!
Бу жерде тургандар, жада калса Бектемир да буга адегенде ынана түштү.
– Ким билет... – деди Дилдекан. «Мына, ушундай болорун мен силерге айттым беле! Мени укпай, кулак какпай жүрдүңөр беле?!» – дегендей Сайра абышкасы менен Бектемирге карады.
– Эми эмне болот катыгүн?! – чындап эле кабатыр боло, корккондой үн катты аялдардын бири.
– Узатпай табыш керек! – деди жанагы: «Ким көрдү кылмай болдук», – деп кобурап бараткан эркек.
– Тапканда эмне кылабыз? – сөзгө аралашты баятан унчукпай турган узун сары киши. – Ал жалгыз эмес да. Күздө эмне болгонун унутуп калдыңарбы?
– Ооба десең, ачууга алдырбай, акыл калчап иш кылыш керек! Биз го ичерибизди ичип, жээрибизди жедик. Балдарды ойлойлу, – деди бири.
– Бүбү эне менен Акбай атадан кийин акыл чыга турган бир киши жок, капырай! – аялдардын бири «шуу» үшкүрдү. Ишенбай, Абылай, дагы бир-экөө буга теригип кеткендей болушту.
– Дагы бир аз ары-бери жагыбызды байкай туруп, кечинде чогулуп кеңешели. Таңыкем да келип калар, – деди Ишенбай.
– Ой, ошол Таңырбай таякемден эмне акыл чыкмак эле?! – деди Асанбү.
– Анда, акылың даяр болсо, сен айтпайсыңбы? !
Бу жерге кечирээк келип, кеп төркүнүн угуп бүтө элек, айылдын аялдарынын билерманы Дилдекан:
– Ботом, Кызмончок колубузда турганда жакшынакай тилин таап, кептин чоо-жайын жакшылып билип, баарын тынч жайгарып алсак болот беле? – деп кепке аралашты. – Анткендин ордуна кайра «ажыдаардын куйругун басып», өчөштүргөн күнөө өзүбүздө болуп жатпайбы!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#146 Пользователь офлайн   bema_bema   28 Февраль 2017 - 03:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Короосуна «таш ыргып кеткен» Сайра аны бир «жалт» карап алып, акшыйды:
– Эмне деп атасың, Дилдекан! «Кыйын, кыйын» деп койсо, тим эле кыябыңды таппай кетесиң да! Көрөт элем сени!..
– Чычалабай эле кой, Сайра! «Отуң менен кирип, күлүң менен чыгып» эле сага баш ийип, кызматыңды кылып жүрдү го бечара. Бир каяша айтып, эшигиңди кайра жапканын көргөн жокпуз. Ата-энеси деле жаман кишилер эмес эле, ошонун эптеп тилин таап алсаң болот беле? Канча айттым сага.
– Апе-ей!.. Сүйлөйт десе эле, адам сүйлөй берет экен да!
Бектемир алардын айтышын уккусу келбегендей, элди аралап өтүп эшикке чыгып кетти. Тамды айланып, жылан кеткен тарапка басты. Бу саам аны артынан эрчиген киши болгон жок. Бектемир тикенек, чөп басып кеткен тегеректи айланта карап, Кызмончок менен Жан ушул эле тегеректе жашырынып тургандай үмүттөнүп, кулак түрдү.
– Кызмончок?! – деди анан жанагыдай эмес, жумшак үн катып. – Жан?!
Жооп болгон жок. Үйдүн ичинде кужулдашып, талашып-тартышып жаткандардын үнү басылып, сыртка кулак түрүп калышты.
– Кызмончо-ок? ! Жа-ан?! – Бектемирдин үнүндө ал экөөнө тең кечирим кылгандай, жибигендей белги бар эле.
Үйдөгүлөр сүрүлүп сыртка чыга башташты. Баягыдай эле Сайра баарынан озунуп, тамдын артын карай декилдеп чуркап келди. Колуна Кызмончоктун жоолугун кармаган Бектемир тоо тарапты беттенип, элге далысын салып туруптур. Башын саал чалкалата, эки ийни болор-болбос сүлкүлдөп турган жигиттин ыйлап жатканын билүү кыйын эмес болчу...
Сайра уулун карай обдула бергенде, жанындагы аял аны каруудан кармап, токтотуп калды:
– Жайына кой. Көксөөсүн суутуп алсын.
Бектемир көптөн бери минтип ыйлай элек болчу. Бүбү эненин аянына кошул-ташыл, Дилдекандын сөзү да чыны менен эле жүйөөлүүдөй өңдөндү. Эртең мененки: «Кетип кайда барам? Ата-энем болсо бир жөн?» – деп жалооруп, жалдырап турган Кызмончокту эстеди. Ошондо да анын кетип калуусун суранып, ачууга алдырып талак айтып салбады беле! Өзөгү өрттөнүп, өзүн-өзү жек көрүп, өзүн-өзү жемелеп, өксүп турду жигит.
Жылан мунун баарын так төбөдөн, теректин башынан карап, көрүп жатты.

* * *
Тамдын артындагы асман тиреген бул терек Жандын бала кезинен сүйгөн жайы. Бала кезинен эле ушинтип, шуудуруган теректин кыйла учуна чейин оролуп чыгып алып, айлана-тегеректи карап, бар кыймылды байкап жатканды сүйчү.
Бу жерден баары алаканга салгандай даана көрүнөт. Айрыкча жакканы – Бектемир, Чынтемир, дагы бир топ балдардын жолго чыгып алып чүкө атышканы болчу. Алардын чурулдап ойногонун карап жатып, кудум, кошо бала болуп кетчүдөй эдиреңдеп, ээленип кетчү. Өзүн ошол кичинекей адамчалар менен катар коюп, так ошолордой эки колдуу, эки буттуу болгусу келип, умсунганычы!
Бир сапар кужулдашып, кээде көкүрөктөрү менен жөөлөшүп, тиреше кетип, кээде элдеше калып ойноп жаткан балдардын ойнуна кызыгып отуруп, кантип жакындап барып калганын өзү да билбей калган. Бир топко чейин аларга жакын эле жерде, арыктын ичинде жашынып жата берип, акыры чыдамы жетпей кеткенде сойлоп чыга калган. Жаман оюнда балдар сүйүнүп кетчүдөй, ага таң калып, кызыгып карашып, атүгүл кармалап көрүп, башынан сылап: «Бул Кызмончоктун жыланы турбайбы», – деп бат эле ымалашып, достошуп кетчүдөй элестетип алган. Бирок ал ойлогондой болгон жок. Аны адеп көрө калган балдардын бири:
– Оо-ой, жылан! – деп кыйкырып жиберген. Үнүнөн улам, баланын катуу коркуп кеткенин билүү кыйынга турбайт эле. Башкалар да көрө коюшуп, адегенде бир топ жерге чейин дыргаяктап качып барышкан. Дагы эле кетип калбай, так ошол балдар ойногон жерде, чүкөлөрдүн арасында башын серендетип, өздөрүн караган жыланды алыс туруп алып карап турушкан. Тээ бир убакта таарынган, ызаланган баладай ошол жерде ийрейип жатып калган жыланга акырындап жакындай башташкан болчу.
– Сакамдын үстүнө жатып алыптыр эй! – деген бири.
– Меникине да...
«Ушинтип жата берсем, зыяным жок экенин балдар түшүнөр», – деген Жан балдарга ишенип, күтүп жата берген. Кудум Кызмончок менен ойногондой, коюн-колтук алыша достошуп, тил табышып кетербиз деп үмүт кылган. Айткандай эле, балдар ага бир кадамдан жылып, берилеп келе беришип, бирок эңкейип-тоңкоюп, колдоруна муштумдай болгон таштарды чогулта башташкан болчу. Эмнеге антип жатышканын кичинекей Жан жамандыкка жоруган эмес. Анткени, Кызмончок деле кээде таштарды чогултуп келип, кыдырата тизип үй жасачу. Экөө ошонун ичинде отуруп алып, тээ далайга чейин ойношор эле. Бир убакта балдардын бири:
– Жанчты-ык! !! – деп кыйкырып, ошого удаа эле таштар зыпылдап учуп келип, жандын баш-аягына топулдап түшө баштаганда, алардын оюн түшүнгөн Жан тызылдап качкан болчу. Балдар да ансайын артынан чымылдап чуркашып:
– Өлтүрүш керек! Чапкыла!
– Мына, мына! Бу жерге кирди!
– Чап!
– Ой, эн-нең, качты-ы! – деп топ жерге чейин кубалап барып, таппай калышкан. Жылан ушуларды заматта көз алдынан өткөрүп жиберди. Мына ошол Бектемир, Чынтемир, тигинде Жакшылык, Мукай... Баары өзгөрүп, алды бир-экиден балалуу болуп калышкан.

* * *
Бектемир элди аралап өтүп, кайдадыр ишенимдүү бет алды.
– Беки? – Сайра алдын тосуп, утурлай чыкты. Бирок Бектемир апасына да үн каткан жок, аярлаган да жок.
– Кетти! – деди Сайра жардам сурагандай Абылайды, Муканды, элди айланта карап.
– Издеп кетти...
Унчуккан киши болгон жок.
Сайра уңулдап ыйлай баштады.
– Капырай, ооз ачып койсоңор боло? – деди аңгыча аялдардын бири.
– Аттаналы! – баятан ындыны өчүп, ылдый карап турган Ишенбай баш көтөрүп, ишенимдүү унчукту.
– Кызмончокту табалы!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#147 Пользователь офлайн   bema_bema   28 Февраль 2017 - 03:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

«Кызмончокту табалы» деген сөз Жанга жагымдуу угулду. Оозунан эзели жакшы сөз чыкпаган Ишенбайга ичи жылый түштү. Бирок ый аралаш:
– Табылбаса тамыран калсын! – деп ийди Сайра. – Алып келбегиле мага! Көзүмө көрсөтпөй, жоготкула ары!..
– Анчалык катуу кетпе. Ата-энесин көрбөй, билбей жүрсөң бир жөн! Андай болсо, балаңа алып бербей койбойт белең! – деди Дилдекан. Кептин чоо-жайын аз-аздан боолголой баш тады Жан.
– Сабырдуу болгула. Кызмончок келсе сүйлөшөлү, – деди Ишенбай.
– Капырай! – өз жакасын өзү муунта карманды Асанбү. – «Келсе» дегениңиз кандай, жарыктык?! Азыр эле Кызмончоктун үйдөн жылан болуп кеткенин көргөн жоксузбу?! Батманын кызына шурусун берип, башындагы куттуу жоолугун бөлүп ыргытып, келбечүдөй кетиптир го!
Баятан бери өздөрү да ушуну ойлоп, бирок былтырк ы окуядан коркуп калганга батынып, унчуга албай тургандар Асанбүнү ырастагандай баштарын ийкеңдете, ынанып турушту.
Ырыстын энеси кызын жерге коё салып, мойнундагы мончокту башынан чыгарып салмак болду эле, Ырыс шуруну эки колдоп кармап алып, башын буйтаңдатып, чыгарбай ыйлай баштады.
– Эмне кыл дейсиңер, эл-журт? – шаабайы сууп, шалбырап турду Абылай.
– Эмне кылмак элек, акыры боло турган иш болду окшойт. Жайына коёлу. Калганын да көрө жатарбыз, – деди узун сары киши. Муну укканда тулку боюнун баары эле үшкүрүккө толуп кеткендей, денесин солкулдата узакка улутунган Сайра же сүйүнгөнү, же кү йүн гөнү белгисиз, шалдырап отуруп калды.
– Бектемирчи? – деди анан эриндерин араң кыбыратып. – Балама залакасы тийбесе, ошондон ары жоголуп кетсе экен.
– Сайра өзүнөн коркуп жатпайбы, – деди Дилдекан табалагандай. – Бечараны катуу кордоп ийдиң эле. Кайра келип, чагып койсо кантесиң, капырай?! «Чөптү кордосо деле көзгө зыян» дейт...

* * *
Адамдар антип айтышып турганда бактын бутагында кышылдап, ыйлап жатты Жан. Кызмончоктун эртең мененки: «Мен да сени сагындым, бирок келбе! Анткени...» – дегенин, Асылбек менен Сырганын өмүрдөн өтүп кеткенин эми түшүндү! Тулку-бою айбан болгону менен, акыл-эси адамга окшоп, жаңылыш жаралып калган тагдырына өкүндү! Адамдын – адам, макулуктун – макулук болуп жашоос унун өзү чоң бакыт экенин дагы бир ирээт туюп, эки бөлөк дүйнөнүн камыр-жумур биригип, бир бүтүндүккө айлануусу эч мүмкүн эмес экенине кейиди! Жашоонун ушунчалык оор сыноосу, балким жазасы, же жаңылыштыгы. .. айтор, бул тагдыр кантип, кай жазыктары үчүн, кандайча булардын маңдайларына бүткөнүн билсе кана, арман?! Бул жашоодо ушунун түйүнүн билип, чечмелей алчу бирөө-жарым бар болду бекен?! Эчактан жообу табылбай келаткан, эч качан табылбачудай дагы туюлган бул табышмак, бул өкүнүч, бул кыйноо эми да жыландын өзөгүн өрттөп, көөдөнүн көзөп, чыкыйынан тартып куйругунун учуна чейин мыжыгып жеп жатты... Ылдыйда тургандардын андан аркы кыжылдактары угулбай деле калды ага. Аны угуунун Жанга эми кереги деле жок болчу.

* * *
Бирөө-жарым артынан кубалап келаткандай, Кызмончок комузун бооруна кысып, дикилдеген боюнча ата-энесинин мүрзөсүнө келди. Жанаша жаткан эки кичирээк дөбөчөнүн биринчи эле кезиккенин кучактай жыгылып:
– Апакебай, атаке-е! Аа-аа-ааа... – деп солкулдап ыйлап жатты.
Желпилдеп соккон айдарым жел анын саамайын туш келди чачып, этек-жеңин учуруп турду.
Көзүнөн жаш чыкпай калганда гана топурак жыттап, кыймылсыз жатып калды келин. Чегирткенин чырылдагы, чымын-чиркейдин дыңылдагы, тээ өйдөтөдө канаттарын дирилдете асыл ып турган торгойдун безилдеги менен желип -жорткон жел эле болбосо, бу жерде кыбыр эткен жан жок. Жымылдаган жымжырттык. Ошондон уламбы, Кызмончоктун өмүр бою ушул жерде – ата-энесинин жанында жашап калгысы келип кетти. Жаны жай алып, көңүлү көөлгүп, атүгүл көзү илинип кетип жатты...
Аңгыча артынан «шырп-шырп» эттирип, акырын баскан дабыш угулду! Көздөрү умачтай ачылып, «былк» этпей тыңшап калды.
– «Шырп-шырп.. .»
Кызмончокту азыр басып жыгылчудай, дабыштын ээси өтө аяр, сак эле... «Жанбы? – деп жиберди Кызмончоктун бир ою. – Жок, ага окшобойт! Бектемирби? !.» Жүрөгү болкулдап, эми эле учу-кыйрысыз чалкып, балкып жаткан кең дүйнөсү бир ууч болуп тарый түштү. Күйөөсүнүн эртең мененки “талагы” болбогондо, балким мынчалык карарбайт да беле... Айтор, эми да так ошол кездегидей денеси жыйрылып, чыйрыга баштады. Бирок бу саам ал жыланга кубулуудан корккон жок... Тескерисинче, кайрадан Сайранын каарына кабылып, Бектемирдин жемесин угуп, баарынан да: «Кайсы күнү ким көрдү кылып коюшат?» – деп коркуп жашагандан көрө, ата-энеси жаткан ушул жерди маанектеп, жылан болуп сойлоп жашаган жакшыдай сезилди.
Дабыш улам жакындап, дааналанып келатты.
Кызмончок ансайын ылдам эле жыланга айланып кетүүнү каалады. Тиштенип, көздөрүн жумду... Айткандай эле, эми эриндери, тилинин учу, тиштеринин түптөрү муздай баштаганын сезди. «Же өлүп баратамбы?” – деди оюнда Кызмончок. Байкуш апасын жайына узатарда туш-туштан карагандарга ээ-жаа бербей жетип, апакесин кучактап алып ботодой боздоп: “Апаке, апакебай, кечир мени? Азапка салганымды кечир? Ак сүтүндү актай албаганымды кечир?! Апаке-е?! Мени кантип таштап кеттиң, апаке-е?!” – деп ботодой боздоп жатып, маркумдун денесинин канчалык муздак экенин туйган. “Эмнеси болсо да, тиги жетип келгиче, болчу нерсеси батыраак болсо экен...» - деди көз ирмемчелик убакыттын ичинде ошону элестете калган келин.
Бирок Кызмончок бул тилегине жеткен жок. Анткени, дабыш так кулак түбүнө жетти да, токтоп калды. Кызмончок анын дем алганан да укту. Атүгүл, өзүн үстүртөн карап, көз албай теше тиктеп турган сөлөкөттү да боолгоду. Баамында бул – Жан да, Бектемир да эмес эле. «Анда ким?!.» – жообун издегенге келиндин алы келбей баратты. Эгерде азыр Кызмончок көздөрүн ачып жиберсе эле тигил: «Баа!» – деп бакырып басып калчудай сезилди.
Сөлөкөт бир убакта колундагы таягынын учу менен Кызмончокту ар кай жеринен түрткүлөп, сайгылап көрдү. Ансыз да денеси катып, сенейип бараткан Кызмончок былкылдаган жок. Тигил эми эңкейип, келиндин дем алуусуна кулак түргөндөй болду. Андан соң ысык манжалар Кызмончоктун билегин кармап, тамырын тыңшаган сыяктанды.
Бирок билекти бат эле кайра «шалак» эттирип таштап жиберип, келиндин денесин айланып өттү да, андан ары кетти. Анын бул мамилесинен улам: «Тамырым какпай, чын эле өлүп калсам керек? Же чын эле жыланга айланып бараткамбы? » – деди оюнда Кызмончок.
Кетип бараткан белгисиз сөлөкөттү артынан карагысы келип, бирок анда эле бир балакет болуп кетчүдөй, тырышып жата берди Кызмончок. Шырпылдаган дабыш узап кеткенден кийин гана көздөрүн ачты. Ары карап кетип бараткан белгисиз бирөө – аял экен! Кызмончок анын ким экенин да жазбай тааныды – Алымкан! Бүбү эненин тил-ооздон калган келини!
Алымкан кайненесинин мүрзөсүнө келди да, таягын жерге коюп, сыңар тизелеген калыбында, бир топко чейин күбүрөнүп отуруп, тарбайта жайылган алаканын жүзүнө сүрттү. Ошондон кийин далайга чейин ошо ордунда кыңылдап отура берди. Ал ыйлап жаткан окшоду...
Кудум күн тийип келаткан сымак, эмнегедир... Кызмончоктун денеси акырындап жылый баштады. Так белине келип калган муздактык эми кайрадан ылдыйды карай «шыпырылып», жыбылжып жылып кетип баратканын туйду. «Мени ким эстеп жатат? Мага ким мээрим төгүп, мени ким жакшы көрүп жатат?..» – Кызмончокко ушул кызык болуп кетти.
Бир убакта Алымкандын ыйы «тып» басылып, алда неге кулак түрүп, алактап тура баштады.
Жер жазданып, Алымканды карап жаткан келинге да аттын дүбүртү угулду. Дүбүрт улам берилеп, буларга жакындап келаткан болчу... «Өлүп» жаткан Кызмончок ордунан ыргып тура калды!
Жаңы эле белин түзөп, өйдө боло берген Алымкан аны көрүп:
– А-паа!!! – деп чаңырып жиберди. Экөө тиктешип калышты. Бири-бирин чочуркай тиктеген экөөнүн тең көздөрүндө таң калуу бар эле. Экөө тең көргөн көздөр үнө, уккан кулактарына ишенбей, дендароо болуп турушту. Айрыкча Алымкан эс-мас эле. Кызмончокту жалдырап тиктеген калыбында анан калчылдаган колдорун өзүнүн кекиртегине араң алып келди да, мойнун кармалап, оозун сыйпалап көрдү.
Кызмончок да аны нес боло, көздөрүн албай карап турду.
– Жеңе? – деди анан Кызмончок акырын үн катып. Тигил унчуккан жок. Алда неге ишене албай жаткан дай аң-таң болуп тура берди. Кызмончок ага жакындады. Алымкан көздөрүн алаңдатып, ого бетер өң-алеттен кетип, артына кетенчиктеди.
– Алымкан жеңе? – Кызмончок ый аралаш, кубанычын жашыра албагандай унчукту.
– Жеңе, бул мен – Кызмончок. Алымкандын өңүнө кан жүгүрө түшкөндөй болду.
– Сиз «апа» дедиңизби? Сиз сүйлөдүңүз. ..
Ушул тапта, ылдыйтадан иттин үргөнү угулду. Кызмончок алдастап, эмне кылар айласын таппай, айланып-тегеренип калды.
Алымкан шамалдай тез кыймылдап, Кызмончокко жетип келди да, шап билектен алды! Кызмончок алынын келишинче жулкунуп, бошонууга аракеттенди.
– Жеңе, суранам сизден?! Мени коё бериңиз?!
Алымкан аны уккусу да келген жок. Мүрзөлөрдү аралата жетелеп, кайдадыр алып жөнөдү. Эскирип, үстү урап түшкөн күмбөздүн жанына жеткенде: «Ушунун ичине кир!» – дегендей ишарат кылды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#148 Пользователь офлайн   bema_bema   28 Февраль 2017 - 03:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Кызмончок жеңесинин оюна эми түшүнгөндөй болду...
Кызмончок кирип кеткенден кийин Алымкан Бүбү эненин мүрзөсүнө келди.
Так ошо маалда, тумшуктун имерилишинен Актуягын алкынтып Бектемир чыга калды. Алымкан аны байкамаксан болуп, алаканын жайган калыбында алды-артына ыргалып, куран окуп жаткан кейиптенип отура берди.
Бектемир түз эле кайын эне, кайын атасынын мүрзөсүнө токтоду. Сыңар тизелеп отура калып, бата кылды. Ошондон кийин гана мүрзөнүн ары жагына, бери жагын үңүлө карап, жаңы эле бирөө отуруп, туруп кеткендей жапырылып, тебеленген чөпкө кареги урунду. Эки жакты карады.
Алымкан аны көзүнүн кыйыгынан карап, дале алакан жайып отурган болчу. Бектемир аялдан шек алгандай карады. Жанына басып келип, кошо алакан жайып отурду да, Алымкан менен кошо бата кылды.
– Алымкан жеңе, Кызмончок келдиби? – деди анан. Алымкан баш чайкады.
– Сиз качан келдиңиз эле?
Алымкан эч нерсе түшүнбөгөң, укпаган кыязда дагы эле башын чайкады. Бектемир Алымканды билегинен кармап, Асылбек менен Сырганын мүрзөсүнө жетелеп келип, тебеленген шиберди көрсөттү. Анын эмне сурагысы келгенин эми араң түшүнгөн кишидей түр көрсөткөн Алымкан: «Бу жерде мен отуруп, куран окугам. Анан Бүбү энеме бардым», – дегенди колдору менен жаңсап, жандап көрсөттү.
Бектемир ишенип, шаабайы сууй түштү. Атына минип, Кызмончок жашынган күмбөздү карай бастырды...
Алымкан Бектемирдин артынан аңкая карап калды.
Жигит да артына улам кылчайып карап, кээде аттын башын тарта коюп, айлана-тегерекке кулак түрүп, ары-бери жакка көз чаптырып коюп баратты.
Кызмончоктун жытын билгенсип, ит да жерден тумшугун албай шимшилеп, түз эле эски күмбөздү карай жүгүрдү. Алымкан коркуп кетти. Жамандыкты көргүсү келбеген кишидей тура качты.
Бектемир Кызмончокко жакындаган сайын жүрөгү оозуна тыгылып, дикилдеп басыгы да күчөдү...

* * *
Дөбөт күмбөздүн жанына келгенде жерди шимшилеп, куйругун шыйпаңдатып, кыңшылап жиберди. Анткен менен ичкери кирүүгө даабай, шоңшоюп сыртта отурду. Бектемир иттин жоругуна адегенде анчейин деле көңүл бурган эмес. Тек гана: «Тумшугуна бир нерсенин жыты илинсе керек», – дегенсип койгон. Андан көрө, азыр эле ушул жерде туруп, жок болуп кеткен Алымкандан шектенди. «Заматта көздөн кайым болуп... кайда житип кетти?» Бектемирдин баамында дудук жеңенин түрү башкача болчу. Бир билгени бардай көздөрү алактап, бети албырып, сүйлөп жиберчүдөй, өзүн араң кармап тургансыган. ..
Анын оюн иттин үргөнү бөлдү. Ит төбөсү түшкөн күмбөздүн оозуна туруп алып, куйругун шыйпаңдатып, жан алы калбай арсылдап, кээде кыңшылап жата калып, тура калып жаткан болчу. Демейде оор басырык дөбөттүн бу жоругу башкача эле.

– Кет! – деди жигит куйругун чамгарактатып, жалпылдаган итин жактырбай.
Бектемирдин бул жерде экенин иттин кыңшылаганынан, Актуяктын дүбүртүнөн улам билген келин: “Алымкан жеңем айтып койгон экен,” – деди оюнда. Ошондон улам Бектемирдин: «Канчага чейин жашынасың? Чыкпайсыңбы бери!» – дешин күтту. Айласы келсе чымчык болуп учуп, жылан болуп сойлоп чыга качкысы келип, заманасы тарып турду. «Чыксамбы? – деди бир оюнда келин. – Чыгып, эми мындан ары жайына коюусун сурансамбы? Көнбөсө кантем?! Кокус, булар мени чындап эле өлтүргөнү келишсечи?! . О, Кудай, адамдардын колунан өлбөсөм экен! Андан көрө ит-кушка жем болгонум жакшы эле...»
Аркы бурчта калдайып, дүпүйгөн калың аткулактан Кызмончоктун көзү өтүп кетти. Ошо жалбырактын арасына жашынса, бир аз болсо да көздөн далдоо болчудай... Бул анын арга кеткендеги, акыркы жандалбасы болчу. Аңгыча, буту түшкөн жер «күр-р!» этип урап, бүт денеси менен ылдый түшүп кетти...
Жаагы басылбай үргөн ит эми күмбөздү айланып-тегеренип чуркай баштады.
Көргө түшүп кеткен келин бир жолу: «Ык!» – деген боюнча дымы чыкпай, бир чекитти тиктеп, тирмийген боюнча катты да калды... Анткени, анын так бет алдында Бүбү эненин ийри-муйру, ала-була таягына окшогон өңү суук, ичке кара чаар жылан көздөрүн тостойтуп, тиктеп турган.

– Эмне?.. Сен кимсиң? – деди Кызмончоктун алайган көздөрү. Чаар жылан ичинен кулпуланып алгансып, жооп берген жок. Тек гана Кызмончоктун кыймыл-аракетине, үн чыгарышына каршы экенин билдирип, тостоюп тиктеп турду...
Кызмончок кандай түшсө, так ошолбоюнча тизесин кучактап кыймылсыз отурду. Ким билет, бул түрү суук жылан болбогондо, Кызмончок коркконунан сыртка чыгууга жандалбастап, жер чапчылай бергенден бети-башы топурак-чаңга оонап, өзүн таптакыр жоготуп да салат беле?.. Чачы жайылып, саксайып кеткен келинчегинин башы көрдөн соройуп чыга калганын көрсө, Бектемир да кандай абалда калат эле?..
Эмнеси болсо да, чаар жылан азыр аны ушундай акыбалдан арачалап турду...

* * *

Ит жардам сурагандай кыңшылап, бирде Бектемирди, бирде күмбөздү карай чуркап, арсылдап үрө бергенинен, акыры атын жетелеген Бектемир келип, күмбөздүн ичин айланта карады.
Ээсин эрчитип келгенине ыраазы болуп, тилин салаңдатып жатып калган дөбөт арсылдап үрүп, кайдадыр чуркап кетти.
Ит кеткен тарапта үзөңгү кагышып келаткан беш-алты атчан көрүндү.
Бектемир келаткандарды жактырбагандай, атына шарт минди да, андан ары бастырып кетти.
Бектемирдин кетишин гана күтүп тургандай, эмнегедир ичке жылан да тулкусун жыйнап, көшүлүп жатып калды.

* * *
Бул учурда Асылбектин короосуна чогулган эл жылан менен Ырыс ачып чыккан эшикти жапканга да даабай, үйдөн же бир жерден серең этип бирөө-жарым чыга калчудай кооптонуп, короодон узап баратышкан. Айткандай эле, аңыча мышыктын ачуу чыңырыгы, ага удаа эле баланын:

– Жылаа-ан!! ! – деген кыйкырыгы араң турган айылды дагы бир жолу «селт» эттирди. Элдин эң артында калган, баягы көзү көрөнөөк Азамат болчу.
Жашоо саамга токтоп калгандай, айлана тымтырс боло түштү. Кетип бараткандар кылчайып, Азамат көрсөткөн тарапты карашты. Бактын бутактарында Жан менен таргыл мышык арбашып калыптыр. Жан канчалык буйтап, же бурула качууга аракет кылганы менен, мышык ансайын жолун тороп, эби келсе эжыландын кежигесине тиш матырып, баса калуучудай кежигесин түктөйтүп, кай бир кезде ачуу чаңырык салып, айтор, катуу кармаш башталып калыптыр.
Кетип бараткандар турган-турган жеринде катып, карап калышты. Бир убакта бардык нерсени ырбатып, көбүртүп-жабыртканды табиятынан жакшы көргөн Асанбү:

– Жеңе, бу жылан Жан эмес эле, Кызмончок окшойт! – деди Сайраны нукуп. Сайра унчуккан жок. Бирок жоолугу желкесине шыпырылып түшүп, өзү арбашып жаткан немедей тулку боюн кара тер басып кеткен болчу.
Жылан эми жерге ыргып түштү.
Ушуну эле каалап тургандай, мышык жай-баракат басып, жылан кай тарапка бурулса, так ошол тарапка секирип жетип жол тороп, ара чолодо эс алып жата коюп да атты. Бул анын баары бир жеңишке ээ болоруна ишенген токпейилдиги эле...
Айылда: «шалаакы», «бек отур» атка конгон, анысы аз келгенсип уйкучулугунун айынан колтугундагы баласынын көчөгө чыгып кеткенин да билбей калган келин кармашты карап, эси ооп туруп, бу саам да Ырыстын колунан кантип шыпырылып түшүп кеткенин байкабай калды. Качан гана кыз сербейип, жылан менен мышыктын ортосунда туруп калганда гана:

– Ыры-ыс!! ! – деп чаңырып жиберди. Карап тургандар жер сыйпалап, таш ала баш ташты. Ошол учурдан пайдаланып, жылан зыпылдаган боюнча чөп-чардын арасына кирип кетип, жок болду. Ырыстан, көпчүлүктөн жазганган мышык да аттап-буттап жоголду.

– Балаңды кармап тура албай, колуңа шал тийди беле, какмар! – ачуусу келгенинен Сайранын таноолору кыпчылып, Ырыстын энесин уруп жиберчүдөй чаңырды. – Арам шалбыр!
Ортодо бакырып турган баланы Азамат көтөрүп келип, энесине берди. Жыландан өчү алынбай, көксөөсү ичинде калган Сайра Ырысты акшыя карады:

– Баладан башкача экен, жаш-шабагыр!
Кызмончоктун шурусун тагынган Ырыс Сайрадан корккондой көздөрүн бекем жумуп, апасынын мойнунан катуу кучактап калды.

– Жылан да чакпайт экен муну! – деди Сайра.
Сайранын мунусу баятан унчукпай турган Жаңылдын жанына батып кеттиби:

– Оозуңузга карап сүйлөнүз! – деди тириле түшүп. – Улуу деп унчукпай койсо, андан ары каргап-шилей баштадыныз да?!

– Каргаганды көрө элек экенсиң! Ылайым кызың Кызмончок болуп калсын!

– Кызмончоктун балакетин ал! Кызмончок эмне кылды эле сага?!

– Акылдаба! – Сайра калчылдап, токтой калды.

– Акылдайм! «Келин жаман эмес, келген жери жаман» дейт, – Жаңыл ого бетер тастаңдады. – Кызмончокту жаман кылган сен, заар тилиң менен чагып атып! Баланы айтып коет дагы! Бала деген тамырчы болот, ошонун зыянсыз экенин билип, барып атат да! Кана, сен кел деп көрчү, келер бекен?!

– Апе-ей, какмар! Тарт тилиңди!

– Тартпайм! Дагы Кызмончок жакшы экен, ордунда мен болсом эчак чагып салмакмын!

Экөөнүн айтышын угуп, аңкайып карап калгандардын алды «бырс» этип күлүп жиберди. «Апе-ей, какмар, чыны менен эле Кызмончоктон каяша уккан жок элем. «Жерден алып көргө, көрдөн алып жерге урсам» деле ак-көк дебей, кирпигин нымдап тим болчу эле...» – деген ой Сайранын мээсине бир «тык» эте түштү
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#149 Пользователь офлайн   bema_bema   28 Февраль 2017 - 03:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Куугундан кутулганына кубанганданбы, же коркконунанбы, балким тагдырына кейиди бекен, кыңылдап ыйлай баштаган Кызмончоктун үнү жакын эле жерден угулган аттын дүбүртү менен адамдардын кобур-собурунан улам “тып” басылды:
– Ушу тегеректен эле чыккансыган, ээ? – бул Абылайдын үнү болчу. – Же угулуп кеттиби?
– Жок, биз деле укпадыкпы, – бул үндү да тааныды келин. Үн – Мукандыкы эле.
– Аялдын ыйлаганы сыяктандыбы? – кайра да бышыктап сурады Абылай.
– Ооба.
Ого бетер өң-алеттен кете түштү келин.
Кобур-собур пайда болору менен баягы жылан да кайра сереңдеп тура калып, келинден көзүн албай, тикчийип карап калды.
– Ата-энесинин мүрзөсүнө келди го дедим эле. Дагы кайда барышы мүмкүн? – кайнатасынын үнү эми жакын эле жерден чыкты. Алар Кызмончок жашынган күмбөздүн тушуна келгендей болушту.
– Үстү түшүп кетиптир го... – деди Мукан.
Эки тизесине кучактап, бүрүшүп отура калган келиндин жүрөгү оозуна кептеле түштү.
– Э, балам, качанкы бул... Мынча токтолуп калдык, куран окуп коёлу... Ауузу биллахи минаш шайтоонир ражиим, бисмиллахир рахмаанир рахим...
Курандын мукам кырааты ансыз да жымылдап, жымжырттык уялаган, анда-санда шамал гана улуп, чийлери «ыйлап» турган көрүстөндөрдүн арасын мелмилдетип жиберди. Жада калса «үлп» эткен жел да жок, отургандар баштарын жерге салып отурушту... Аңгыча, кайдан-жайдан, жакын эле жерден аял кишинин чүчкүргөнүнө да, жөтөлүнө да окшогон дабыш угулуп, отургандар бири-бирин карап калышты. Абылай куранын үзбөй, бирок үнүн акырындатып:
– Ихдинас сыроотал мустаки-им.. . – деп окуп жатып эки жагын каранып, аягын шыбырап айтып, шашкалактап бата кыла койду да, тыңшап калды. Мукан эски күмбөздүн ичин жаңсай шыбырады:
– Карайынбы?
Абылай башын чайкады. Кабыргасы катыгандык кылып, көрдүн ичин өзү карамак болду. Бирок дароо эле шар басып бара албай, кире бериште саамга буйдала калды да:
– Бисмиллахир рахмаанир рахим... – деп жаңы эле эңкейип, күмбөздүн ичине кирмек болгондо, арттан аялдын калп жөтөлгөн үнү угулду. Тургандар «селт» этип, ошол жакты карап калышты. Алардан он-жыйырма эле кадам арытада этегине уйдун бир-эки тезегин салып, жонуна кап көтөрүп алган Алымкан карап турган экен...
– Эк, Кудай каары! – деп ийди Абылай аны көрүп сүйүнгөнү да, күйүнгөнү да белгисиз. – Сен белең?!.
Алымкан башын ийкеңдетип, анан кайненесинин бейитин көрсөтүп, алда нелерди жаңсагылап жиберди. Абылай да, башкалар да жанагы кыңылдаган үн ушул Алымкандыкы деп ойлоп, аялдын артынан басышты.
Алдыда келаткан Алымкан артындагыларды шаштыргандай улам-улам кылчактап, буларды эски күмбөздүн жанынан алыстатып кетти.
Качан Бүбү энеге багыштап куран окугандар узап, аттын дүбүртү угулбай калганда гана Алымкан ордунан тура калып, дикилдеген боюнча Кызмончокко келди. Жонундагы кабын жерге таштай салып, күмбөздүн ичине баш багып, Кызмончокту таппай калды. Үстү түшүп, оңурайып ачылып калган көрдү көрүп, нес боло түштү.
– Кызмончок? – деди шыбырап. – Кыз...
Ушуну гана күтүп тургандай, көрдөн «сорок!» этип Кызмончоктун башы чыга калды. Мындайды күтпөгөн Алымкан:
– Аа-ааа!! !! – деп бир чаңырып алган боюнча оозунан келмеси ыргып,
жалдырама тийген эмедей катты да, калды.
Эки аял бири-бирин тиктеп, катып турушту. Бирок көрдөн чыга калган көрүмчүгө окшоп, ар бир тал чачынан бери боз топуракка боёлгон Кызмончок биринчи болуп эсине келип:
– Жеңе? – деди колун суна, кыңылдап ыйлап . – Же-ңе-е?! Үү-үү...
Алымканга жан кирип, бирок бу жерде эмне болуп жатканын, өзүнүн кайда жүргөнүн эстей албай жаткандай келинди бүшүркөй тиктеп, дагы бир топко кыймылсыз тура берди.
Кызмончок катуулап ыйлай баштады. Алымканды ал баягысынан да катуу эс талма, жинди болуп кетти деп ойлоду. Эми ал үчүн жардамга келчү бир гана тирүү Жан бар экенин эстегендей, үнүнүн бардыгынча:
– Жа-ан?! – деп бакырып алды.
Алымкан «селт» этти. Бул ат аны эсине келтирген сыяктуу, үстүнөн ылдый бирөө муздак суу куюп жибергендей чыйрала түштү...
– Жа-ан?!

* * *
Бул үндү Жан да укту... Ал бая мышык менен урушкандан кийин кайда бараткан өзү да билбей, туш келди эле алып учуп бараткан болчу. Бир кезде бүтүндөй айылга алаамат салчудай, ордосу менен агылып келип, Асылбектин үй-бүлөсүн ажалдан арачалап калса, эми минтип, билектей болгон бир мышыкка оюн болуп, жан алакетке түшкөнүн, ошончо элдин жарданып карап турганы – азаптын азабы болду ага! Ал мышыкка тиштетип коём деп корккон эмес, тескерисинче, эч кимге, эч качан жамандык кылбаска Кызмончокко берген убадасын бузуудан корккон. Каап десең!..
– Жа-ан?! – Кызмончоктун добушун дагы бир жолу эшитти. Жардам сурагандай алсыз, дирилдеген бул добуштун, бул чакырыктын кай тараптан чыкканын билгиси келип, демин ичине катты.

* * *
Алымкан Кызмончокту эми тааныгандай, отура калып колун сунду.
Бир убакта бүт тулку бою, бети-башы чаңга оронуп, өң-алеттен кетип, ошондо да бир колуна комузун кармаган бойдон боортоктоп, көрдөн араң чыккан келин жерде сүйрөлүп жатты. Алымкан аны жөлөп-таяп тургузуп, сыртка алып чыгууга аракеттене баштады. Мүрзөлөр турган жерден анча алыс эмес, эңкей иш жерде эки-үч киши кенен баткыдай үңкүр боло турган. Анткен менен тегерек-белин чий, чөп басып калгандыктан, жанынан өтүп бараткан кишиге деле анын бары-жогу билинчү эмес. Ошол үңкүрдү бир күнү Алымкан тезек терип жүрүп, капысынан таап алган. Ошондон бери кабына батпай калган, же кургай элек суу тезектерин ошол жерге чогултуп коё берет да, керек кезде кедеңдеп келе калып, салып кетип калат. Жана Бектемирден катыш үчүн Кызмончокту адегенде ушул жерге алып келатып, шашылыш болгон үчүн эски күмбөзгө киргизе салган. Кудум үйдүн эшигин ачкандай, киши бою өскөн чийди кош колдоп эки жакка жапырып ачып, өзү биринчи эңкейип ичкери кирди да, «босогодо» теңселип турган Кызмончокту колунан тартты. Ыргалып араң турган келин эңкейип, жарым жартылай кирген боюнча кулап калды. Алымкан ары жакта бүктөлүп турган капты жерге төшөй салып, келинди үстүнө чалкасынан жаткырып, дагы бир капты башына жаздай койду. Ошондон кийин гана жаны жай ала түшкөндөй:
– Өх-х! – деп терең дем алып, бир топко шалдайып отурду. Келиндин чекесиндеги чыпылдап чыккан терди жеңинин учу менен арчып, мойну-башына алаканын Кызмончоктун колу-бутун сылагылап, алда нелерди күбүрөнө эриндерин бүлкүлдөтүп, өзү да кудум кайненесине окшоп, келиндин башынан бутунун учу тарапты карай сыдыра:
– С-сүф! – деп үйлөп коюп жатты. Колдун жылуулугу, эненин мээрими, балким салган демдин касиети мененби, келин акырын көзүн ачып, эриндерин кыбыратты. Ушуну эле күтүп жаткандай, Алымкан бир колу менен Кызмончоктун башын көтөрүп, бир колу менен ары жакта турган кичинекей челекти оозуна алып келди. Кызмончок адегенде «кылк-кылк» эттирип бир-эки жутуп даамын татты да, Алымкан кайра алып койчудай шашкалактап, кулкулдатып жута баштады. Алымкан келинди кайра жаш баладай жаткырып, эки ууртундагы агарган чалапты жеңинин учу менен аарчып, маңдайынан сылады. Аны карап жаткан Кызмончоктун көздөрү жа шыл данып кетти. Канчадан бери эненин мээримин көрбөй, кусаланган жаш келин эреркеп, ый аралаш күлүмсүрөдү. Алымкан да аны түшүндү. Келиндин көзүнөн аккан жашты алаканы менен арчып, өзүнүн кемселин чечип, келиндин үстүнө жаап койду. Көп өтпөй Кызмончок кудум наристедей көшү лүп уктап кетти. Эмнегедир, түшүнө жайлоо кирди.

* * *
Туш тарабы тоолор менен курчалган, бир капшыт ынан күркүрөп-шаркырап, күргүштөп суу агып өткөн керемет жер. Ортодо чакан боз үй турат. Боз үйдүн алдында колго согулган кооз таар төшөлүп, таардын үстүндө арча бешик... Ал бешикте бала жатат... Бешиктин боосунда кичинекей жылан башын койкоңдотуп, баланы ойнотуп жаткансыйт. Ансайын наристе кыткылыктап күлүп, быйтыйган колдору менен жыланды кармайм деп аракеттенип, ошого жетем дегендей жаздыгынан улам башын көтөрө коёт... Бул – Жан экөөнүн мындан туп-туура он тогуз жыл мурунку бала чагы болчу...

* * *
Жан бу саам айыл жакка карагысы да келген жок. Мышыктын кесепетинен эмес, тек гана айылда аны сагынткан, аны издеткен, күткөн адамдарынын жок экени үчүн ошентти. Демейде, бу жарык дүйнөнүн куту, керемети, жыргалы менен бейиши ошол айылда уюп жаткандай, көргөндө көзү кубанып, эстегенде жүрөгү алып учуп турчу эле да... Тоону капталдай түшүп келатып токтоп калды Жан. Баш көтөрүп:
– Тс-ссс!.. – деп башкача бир созолонто «ышкырып», жооп күткөндөй, айланага кулак түрдү. Эч кандай жооп болбогон соң ызаланган, таарынган эмедей жатып калды.
– Жан, жан? Хи-хи... – кайдан-жайдан наристенин күлкүсү кулагына угула түштү. Баш көтөрүп, болгон дитин, дилин төшөп, тыңшап калды. Кудум Кызмончоктун бала кездеги күлкүсү эле бул. Ошол күлкү мелмилдеген айдарым жел менен дагы бир жолу элпилдеп келип, жаңырык сыяктуу андан да ары өтүп кетти:
– Жан? Жа-ан?.. Жан бая Асылбектин үйүнөн жолуккан кичинекей Ырысты эстеди. Табышмак ого бетер татаалдана түштү. Анткени, алыстан бири-бирин туюу, бири-бирин угуу жөндөмү экөөндө гана бар болчу. Ошондо да, бардык убакта эмес, экөө тең байланышууга чындап дил төшөгөн кездерде бири-бирин угуп, бири-бирин туя алышмак.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#150 Пользователь офлайн   bema_bema   28 Февраль 2017 - 03:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Батыш тарап жошодой кызарып, күн уясына батып бараткан болчу. Алымкан үңкүрдөн баш багып, дүпүйгөн чийдин арасынан эки жакка көз чаптырды. Кыбыр эткен жан жок экенин көргөндөн кийин гана сыртка чыгып, үңкүрдүн оозун жаап, жик билгизбей чийдин боюн түзөдү. Кабын жонуна көтөрүп, бөкчөңдөгөн боюнча анан айылды карай түшүп кетти.
Үйгө шашкалактап кирип келген Алымкан төрдө отурган Сайраны көрүп, чочуп кетти. Башын ийкеңдетип, учуршкан болуп, сыртка чыга качты. Колу-бетин жууп, саамга кайпактап жрп кирди да, текчеде бүктөлгөн чүпүрөк дасторконду ортого жайып, үстүнө нан, сары май, каймак койду.
– Ботом, тезекке кетсе мынчалык кечикпейт эле деп, сарсанаа болуп аттым эле. Эмне жоголдуң? – деди Сайра үзүп алган нанын сары майга малып, оозуна салып жатып. Алымкан кургак тезек табылбай, тээ кокту аралап, алда кайда барганын, анан Бектемирге, Абылайга жолукканын, энесинин мүрзөсүнө келип куран окуганын... ушунун баарын колу менен жаңсап, түшүндүргөнгө аракет кылды.
Сайра анын бирин түшүнсө, бирин түшүнбөй, калп эле башын ийкеңдетип коюп жатты.
Адамдарды жедеп көз карашынан, кыймылынан түшүнүп калган Алымкан Сайранын кыйды көз кыйыгынын Кызмончок экөөнүн бүгүнкү жолукканы тууралуу кабары жок, анткен менен олуттуу бир суроосу бар экенин түшүнүп, кудум азирейил периште суракка алганы келгендей, ыңгайсыздана баштады. Сайра анын жалтактап, көздөрүн ала качып, кайпактап жатканын баамдап, ого бетер көөдөнүн кере, башын бийик көтөрүп, теше тиктей, кырданып отурду. Сайра адамдын оюн окуп алчу касиетке ээ болуп кеткенсип, ушу азыр канча жыл мурун кайненесинен «уурдап» угуп, азабын тартып калган сырын билип алчудай, Алымкан тердеп-кургап кетти. «Кулагыма эле ошондо кум тыгылып калса эмне! Куураганда эмнеге тыңшадым экен?!» – деп ошондон бери өзүн-өзү жекирип, тилдеп келет. «Эмне кылсам?! Эми эмне кылсам ушул катындан кутулам?! О, Кудай, кудурети күчтүү Кудай! Бир гана сага ишенем, сага сыйынам! Жардам бер? Ушу абалдан куткар?! О, энекебай, арбагыңдан айланып кетейин энекебай?! Жардам кыл?!» – деп ичинде Кудайга, арбакка кошо жалынып-жалбарып, жан алакетке түшүп жатты аял. Ал ушинтип, «кирерге тешик таппай» турганда Сайра да өктөм үн катты:
– Алымкан?!
«Селт» этип чочуп кеткен Алымкан кантип:
– И, жеңе?! – деп сүйлөп жибергенин өзү да билбей калды.
Баятан байкуш аялды өйдөдөн карап отурган Сайра чочуп кетти.
Алымкан экөө тиктешип калышты.
– Я, Кудай каары? – деди бир убакта Сайра суроолуу, акырын унчуп. – Сүйлөйт турбайсыңбы? !
Анын бу суроосунда кубануу эмес, бир кылмыштын бетин ачып алгандай кекээр бар эле. Алымкан көздөрүн алайтып: «Мен өзүм да түшүнбөй калдым...» – дегендей ийнин кушуруп, колдорун жаңсады. Сайра аны кыйгачынан тиктеп, таңдайын шыкылдатты:
– Шык, шык, шык! Деги адамдар эмне болуп баратасыңар, ыя?! Ботом, жап-жакшынакай тилиңди “жутуп”, алчу мөрөйүң эмне?!
Алымкан эмне дээрин билбей, адатынча эле Сайраны алайып тиктеди. Ичиндегинин баарын көзүнөн окулуп жаткандай, кайра эле анан көзүн ала качып, ылдый карады. Кайненеси Бүбү эне көз алдына келе түштү: «Апаке?! Мени кечир?! Мени кечир, Жараткан?! Эмне кылам, бул аялга эмне дейм, мага жардам керек, апаке-е?!» – деди ичинде жалбарып. Ушул абалда алар канчага отурганын билбейт, бир убакта ал мелмилдеген жымырттыкты байкады. Жанараак эле какылдап-какшап жаткан Сайра да демин катып, тилин жутуп алгандай, ортону дүлөй тынчтык уялай түшкөн болчу. Бул Алымкандын тулку боюн ого бетер чымыратып жиберди. Башын ылдый салып, көйнөгүнүн этегин кармалаган боюнча Сайрадан сөз күтүп, дагы бир далайга отурду. Тээ бир оокумда анан күнөөкөр кишидей башын акырын көтөрүп, Сайраны карады.
Сайра жарым жартылай ачык турган эшиктен сыртты карап, кирпик какпай, оозу жарым жартылай ачылган тейден нес болуп, өң алеттен кетип отурган болчу.
Бирок Алымкан эч нерсе көрө албай койду.
Ордунан туруп, жыла басып сыртка чыкты. Анда да да Сайра “былк” эткен жок.
Бирок Алымкан босодон ары аттап үлгүрө электе эле үйдөн Сайранын жедеп кулакка сиңип бүткөн ачуу чыңырыгы чыкты. Аял кайра имерилип караган кезде Сайра көзүн чакчайта шыпты тиктеп, кыймылсыз жаткан...
– Жеңе-е?! – деп кыйкырып жиберди Алымкан. Чуркап келип Сайранын башын көтөрдү. Эми эле эси-карды соо, какылдап сүйлөп жаткан Сайранын мойну-башы шалактап, көзү аңтарыла түштү. Кайра жаткыра салып, сыртка атып чыкты. Көп өтпөй эле үйгө аялдар чуркурап кире баш ташты...
– Коку-уй, каран күн! Дагы эмне болуп кетти эми?! – деген Асанбү биринчи болуп жетип келип, Сайраны бетке чапкылап, коюн-колтугуна колун сойлотуп, денесинин ысык-суугун текшерип жиберди.
– Жийде кайда? Чакыргылачы, тамырын кармасын?! – деди баарынан улуу байбиче Сайранын абалын көрүп эле.
– Тегеректебей ары тургулачы, дем алсын!
Жардангандар ары боло беришти.
– Жийде ылдыйкы айылга кеткен, үйүндө эмес, – деди аялдардын бири.
– Суу, чүпүрөк алып келгилечи! Башын бийиктегиле!
Келиндердин бири жыйылган жүктү бузуп жиберип, төшөк алып келип, Сайранын башына экөө-үчөөлөп жаздай коюшту. Алымкан чоң кесеге мелт-калт кылып суу, чүпүрөк алып келди. Байбиче чүпүрөктү сууга малып алып, Сайранын бети-башын, мойнун, көкүрөгүн сүртүп, Алымкан баш болгон аялдар үрпөйүп карап турушту. Байбиче антип убараланганы менен, Сайра дале баяг ы боюнча эс-учтан танып жата берди.
– Капырай, Жийдеден башка тамыр камар киши жок экен э? – кара терге түшүп кеткен байбиче ушинтти.
– Я, Сайра, эмне болуп атасың, капырай?! Аччы көзүңдү?
– Бирдеме чагып алган жокпу? – Асанбү Алымканды карады. Заматтын ортосунда, соо туруп эле ушинтип калган Сайраны карап, көзү алайып турган Алымкан бу саам да талтөөндөй болуп:
– Жок! – деп, сүйлөп жиберди. – Жакшы эле отурган. Сүйлөп атып эле жатып калды...
Сайраны тегеректеп, жарданып карап турган аялдар эми Алымканды карап калышты.
– Каша-ак! – бул Сайраны кармалап отурган байбиченин таң калганы эле. Ыңгайсызданып, күнөө кылгандай кымырылып-кысына түшкөн Алымкан бир убакта: «Апей, мен эмне коркок-билиш болом? Же менин сүйлөгөнгө акым жок бекен?!» – деп чыйрала түштү да:
– Анча эмне карайсыңар? Мени же өмүр бою дудук болуп өткөнүмдү кааладыңар беле? Кудай өзү алган үндү, кайра берди өзү! – деди маңкайып. Ошондон кий ин гана аялдарга жан киргенсий түштү. Шыпшынган, күбүң-шыбың үндөр угулду.
– Кагылып кетейин, ооба. Кудайым берем десе, берет ошентип. Алам десе, алат... Мобу бечараны карабайсыңбы. ..
– Укму-уш, ай! Кандайча болуп үнүңүз ачылып калды, жеңе?
– Коё тургулачы, «Бири өлүп жатса, бири күлүп атат» болбой. Бу Сайра жеңемди эмне кылабыз? Ошондон кийин гана аялдардын көңүлү Сайрага ооду.
– Эркектер кайда? – деди байбиче.
– Кызмончок болсо – Кызмончокту, жылан болсо – жыланды кармаган жерден өлтүрөбүз деп, аттанып кетишти баары.
Алымкандын эсине Кызмончок түшүп, бейкапар уктап жаткан жеринен бечараны таап, «ким көрдү» кылыша тургансып, өңү бузулуп кетти. Сайраны жек көрө карады: «Өз үйүндө жатып өлбөй, бир жагынан да ушунуку өттү! – деди ичинде. – Эзели келчү эмес эле, мурду жыт алгансып, эмне келди десең! Бул го ичерин ичип, жээрин жеди, тиги эне сүтү оозунан кете элек байкуш эмне болот? Ойгонуп алып коркуп жатты бекен? Эмне кылам эми?...»
Алымкан үнкүрдөн: «Үйгө барып уй саап, сүт бышырып коюп, шорпо-шилең жасап келе калайын. Айыл тынч болсо, үйгө деле алып келе берем», – деп чыккан болчу. «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» болуп, минтип түшкө кирбеген окуя болуп кетерин кайдан билиптир?

Билдирүүнү түзөткөн: bema_bema: 28 Февраль 2017 - 03:43

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#151 Пользователь офлайн   bema_bema   28 Февраль 2017 - 03:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Эмнеси болсо да, такыр бүтпөчүдөй болгон ушул абалдан тезирек чыгууну ойлоно баштады. Сайранын жанына тепейип отура калды эле: «Кантсе да Бүбү кемпирдин келини» дештиби, же заматта тил бүтүп калган аялдан бир укмуштуу нерсени күтүштүбү, жанындагылар артка кетенчиктей беришти. Айткандай эле, чөк түшүп отурган Алымкан көздөрүн жумуп, бир топко чейин күбүрөнүп, ыргалып отурду да:
– Сүф-ф! – деп узакка бүркүп, дем сала баштады. Отургандар бири-бирин карашты. Анткени, ушунча болуп Алымканда мындай өнөр бар экенин билишкен эмес. Бүбү эне тирүү кезинде Алымкан тепилдеген, анча-мынчага маани деле бербеген, бирок шамалдай тез кыймылдаган келин болчу. Кийин, кайненеси өлгөңдөн кийин тил-ооздон калып, түйтөйүп жүдөп, санаадан кичирейип, «бир тирүү жан жүрөт да» болуп, элдин катарында саналса саналып, саналбаса унутулуп деле калган. «Өлгөндүн үстүнө көмгөн» кылып, күйөөс ү да: «Апамды нааразы кылгансың», – деп таарынымыш болуп жүрүп, коңшу айылдагы жесир келиндин үстүнө кирип алган. Андан да эки балалуу болду деп айтышат. Алымкандан туулган кызы – күйөөдө. Бир уулу айылдын жашоосуна алымсынбай, жер кезип кеткен. Кузүндө бир келген боюнча кайра дайыны жок. Жада калса, чоң энесин жерге бергенге да келбей калды. Колундагы уулу колдойгону менен, «берсе – ичет, урса – өлөт» болуп, акыл-эс жагынан оорукчан. Ошентсе да, кыйын кезде апасына караан-бутак болду. Канча ирээт Алымкан жанынан аша кечип, өлүп алгысы келип, бирок ушул бечараны кыйбай, ушуну аяп, ушул үчүн эле жашап калган. Канткен менен боорукер, апасы отуруп алып, кээде үңүлдөп ыйлаган кездерде колдурап кошо ыйлап, апасын сооротуп, кучактаган болот. Эртең менен уйду бадага жеткирип, кечинде тосуп, айдап келет. Музоо аркандап, суу алып келгенге жарайт. Эки-үч ирээт атасы алып кетти эле, кайра качып келе берди. Сыртына чыгарып айта албаса да, баласын бооруна бекем кысып, дилинде: «Аа, балам, бала-бакыралуу жесир катыны экөө сени жакшы көрүп жатат дейсиңби, мал бактырып, отун-суу алдыргылары келип жаткандыр да. Ырас эле келипсиң», – деген болчу эне.
Эми да сырттан кирип келип, үйдүн ичиндеги толгон аялды көрүп, томсоро түштү. Анткени, акыркы убактарда булардын үйүнө жамандык болгондо гана эл чогулуп калган. Чоң энеси өлгөндө, андан кийин апасы тилден калганда, атасы кеткенде... Көп аялдын арасынан апасын издеп, чалкасынан жаткан Сайраны, ага дем салып отурган апасын көрүп санаасы тынчыгандай, босогодо бопоюп отуруп калды.
Бир убакта Сайранын манжалары кыбырап, буту-колу диртилдей түштү. Акырын онтоп, кыңкыстай баштады.
– Эсине келип атат! – деди келиндердин бири.
– Сүф-ф!.. – акыркы ирет дем бүрккөн Алымкан чарчап:
– Өх-х! – деп шалдайып отуруп калды.
Сайра көзүн ачты. Биринчи жолу көрүп, же тааныбай жаткансып Алымканды, анан өзүн тегеректеген аялдардын улам бирин бүшүркөй тиктеди.
– Эсиңе келдиңби, айланайын? – Алымкан туруп кеткенден кийин Мыскал байбиче Сайрага жакын жылып отурду.
– Ботом, эсибизди чыгарбадыңбы.
Сайра анда деле унчуккан жок. Эмне болуп кеткенине түшүнбөй, эч нерсени эстей албай жаткандай жалдырап жата берди.
Алымкан сыртка чыкканда караңгы кирип калган. Ай сүттөй жарык. Тоо тараптан желпилдеп, айдарым жел уруп туруптур. Чекесинин терин жеңинин учу менен арчып, мойнундагы бүчүлүгүн бошотуп, таза абадан кере жутуп, бейиттер жакты карады.

* * *
Жан айылга жакын, баягы Акбай ата отурчу Элик-Жондун үстүнө келип токтоду. Ай нуруна чагылышкан ак денесин үстү-үстүнө орой тоголоктогон калыбында, бу дүйнөнүн жүрөгүн тыңшап жаткансып, болгон дитин теребелге төшөп, Кызмончоктун үнүн дагы бир жолу уккусу келип, сак жатты. Атын атап чакырып, кыткылыктаган наристенин күлкүсү, бирок кайра экинчи кайталанган жок. Өзү да бир канча жолу белги жиберди. Жооп бермек турсун, Кызмончок аны укпай дагы, таптакыр эле ичинен кулпуланып, бекинип алган сыяктанды. Бул мамиле Жандын жандүйнөсүн ого бетер жанчып таштады. Жана күндүз бир ыгын таап, элден суурулуп чыгып, Бектемирдин артынан жөнөбөгөнүнө өксүдү.

* * *
Бу кезде Бектемир жыландардын ордо мекени – Жинди-Чапка эчак жетип, бир учунан бир учуна бир ат чабым, ал эми түбүнө учу-кыйыры жок сыяктуу туюл уп, жерди экиге бөлү турган жараңканы жээктеп, кээде-кээде:
– Жа-ан! Кызмончо-ок! !! – деп тоо арасына жаңырык сала кыйкырып, капилет бирөө-жарым чыга калчудай алды-артына каранып, бар дабышка кулак түрүп бараткан. Ак туягы кээде кошкурук атып, кош кулагын тикчийте үркүп кетип, кээде окурана ооздугун чайнап чакчаңдап, ээсинин гана көңүлүң кыя албай бараткандай эле. Ансайын Бектемир да:
– Чү! – деп теминип, оңду-солду камчыланат. Бул Жинди-Чап тууралуу ал бала кезинен билчү. Эс тартканы деле канча курдай, бул өйүзүнөн тиги өйүзү аркан боюндай аралык жаткан жараңканы алыстан кызыгып карап өтчү. Жанында Мукан өңдүү достору бар кезде биринен бири өтүп эрдемсишип, аттарын тээ ары жакка байлап, же тушап коюшуп, жараңканын жээгине жакын келишчү да, боортоктоп жатып алып, төмөнгө көз жиберишчү. Төмөндү карай таш кулатышып, таштын колдурап-солдурап кетип бараткан үнү канча убакыттан кийин токтоор экен деп санаша турган:
– Бир, эки, үч... отуз... элүү... жүз... – Оме-ей, жүз болду! – Жок, ашты! – деп чурулдап атышып, бир убакта кызыктары тарачу бекен, же чындап эле сырдуу жараңканын сүрүн сезе башташчу беле, айтор, бу жерден кеткиче шашчу. Кээ бирлери ошондон кийин эки-үч күн ооруп калып, ата-энелери Бүбү энеге демдетип-домдотуп жатып айыктырып алышар эле.
– Коку-уй, Жинди-Чапка силерди шайтан айдап бардыбы?! Барбагыла экинчи!
Жер-Куйга түшүп кетсеңер эмне болот эле, каран күн! Ал жакка бир түшкөн мал-жан кайра чыкпайт! – деп айылдыктар коркутуша турган. Айткандай эле, дайынсыз жоголгон мал-жанды издеп, акыры таппасына көздөрү жетип, супсундары сууган кезде:
– Жер-Куйга түшүп кетсе керек. Эмне кылалы эми, буйругу жок мал экен... Жакшы эле издедик, – деп отуруп калышчу. Балдар анда деле буга ишенип, ишенбей кала беришчү. Кийин, кеч күздө эл Асылбектерди таш бараңга ала турган болуп үйүн курчап, оокат-кечесин өрттөмөк болуп турган маалда Жандын бир ордо жыланды дарыядай агызып алып келип, айылды каптатып жибергенинде, ордо жылан дегендин чыны менен эле боло турганына ишенсе, жыландардын мекени чындап эле ушул тарапта экенин үйлөнгөндөн кийин келинчегинен уккан. Кызмончокту түз эле ушул жерге издеп келгени да ушундан улам болчу...

* * *
Жан ылдыйлап, күмбөздөрдү көздөй бет алды. Анткени, айылга бу жерден түз алып бара турган кыска да, ыңгайлуу да жол ушул болчу. Ал Бүбү эненин мүрзөсүн тааныды. Мындан бир канча жыл мурун, маркум энени акыркы сапарга узатып, сөөгүн көтөргөн эл кыр өйдө чыгып баратышканда: – Тигине, байкуш энени көмгөнү алып баратышат, – деген Кызмончок. Анда алар жанагы мышык менен кармашкан карт дарактын бутагына чыгып алышып, сөөк койгондорду карап отурушкан. Ошондо, эмнегедир Кызмончоктун карегине каканактап жаш келе калган.
– Эмнеге ыйлап жатасың? – деген жылан. – Кайгырып жатасыңбы? Кызмончок башын ийкеп, кемшеңдеп ыйлап жиберген. Жан анын ийнине башын коюп, мойнуна жарым жартылай оролуп кучактаган. Бул анын соороткону болчу.
– Адамдар да, айбандар да бу жарык жашоого бир эле жолу жаралат. Эми Бүбү эне тирүүлөрдүн арасына эч качан келбейт... – деген кыз. – Анын артынан качандыр бир биз барабыз. Мен да ушинтип кетем... Бирок... – бир жакшы нерсе эсине түшүп кеткендей, кыздын бошоп, болбурай түшкөн муун-жүүнү тириле түшкөн, – Бирок адамдар оздөрүн: «Кудайдын кудурети менен, миңдин бири бул жашоого кайра кайтып келет» деп жооткотуп, алдап жашашат...
– Кантип?
Кыз ийнин куушурган:
– Билбейм. Балким, мурунку жашооңдо сен адам болгондурсуң? Бул божомол жыланга майдай жаккан. Андан аркысын уккусу келип, тирмийе тиктеген.
– Балким, мурунку жашоомдо мен жылан болгондурмун? .. Экөө тиктешип калышкан.
– Ишенип алдыңбы? – кыз каткырып жиберген. – Жөн эле айттым... Жомок бул. Бүбү эненин жанынан өтүп баратып, ушуну эстеди Жан. Эненин бейитинен анча алыс эмес жерге жаңы мүрзөлөр кошулганын көрдү.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#152 Пользователь офлайн   bema_bema   28 Февраль 2017 - 03:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

«Балким, бу жерге Кыз мончоктун ата-энесин көмүшкөндүр? ..» – ушинтип ойлоп, кылчактай калды жылан. Бирок ички каалоосу бат эле аны андан ары жетелеп, алдыда бир жакшы нерсе күтүп жаткандай туюм берип, шаштырып туруп алды. Эмнегедир, эми эле жанчылып турган жан дүйнөсүн, денесин бир жагымдуулук уялап, маанайы жакшыра түшкөнүн сезди.
Ал Кызмончокко жакындаган сайын ар дайым ушундай жагымдуулукту сезчү... Бирок азыр да Жан Алымкандын үңкүрүнө – уктап жаткан Кызмончокко жакындап келатканын баам алган жок...
Үңкүрдүн так үстүнө жеткен кезде, жакын эле жерден жагымдуу, тааныш илеп келди. Кызмончоктун илеби!
Башкача бир элеп-желеп болуп, боору жерде эмес, абада учуп бараткандай сезим келип кетти!
Аңгыча, тээ ылдыйтадан өзүн утурлап, этек-жеңи делбектеп келаткан жалгыз караан көзүнө урунду. «Кызмончок? !» – деди Жандын көздөрү!
- Кызмончок?!
Жооп болгон жок.
Андан ары токтоно албай кетти Жан. Кудум аткан октой алдыга окторулуп, ошол караанды карай алып учуп, үңкүрдүн оозун жапкан, адам бою өскөн боз чийлерди шуудурата, аралап өтүп баратты ал...
Ушул ирмем, үнкүрдө жаткан Кызмончоктун так үстүнөн өтүп кетип баратып, бүт тулку бою ысып-күйүп, кудум отко кирип чыккандай алоолонуп кетти анын!
Бакыттан башы айланып кеткенде гана ушундай учур болчу анда...
Көзүнө алиги караандан башка эч нерсе көрүнбөй, кулагы укпай, кубангандан кышылдап онтоп жиберди. Бирок улам барган сайын боюндагы эми элеки жалындын илеби сууп, эмнегедир эми элеки сезим артта калып бараткандай, сээлдей түшкөнүн байкады. Анын себеби, Кызмончоктон узап баратканы экенин билбей калды...
Караан да Кызмончокко окшобой, башкага кубулуп бараткан сыяктанды...
Күү менен келаткан тулкусун араң токтотуп, ылдыйда келаткан аялды шоңшоюп карап калды... Алымкан болчу ал! Жан аны таанып: «Тсссс!» – деп тызылдап ийди. Ызадан ичи өрттөнүп, күлгө айланып бараткандай сезилди өзүнө. Алымкан жакындаган сайын, анын эми элеки кубанычын, үмүтүн, ишенимин бүт ушул аял уурдап алгандай жек көрүп кетти! Бет алдында келаткан аялды азыр чагып алуудан кайра тартпачудай, калчылдап турду.
Бирок анте алган жок... Аялдан оолактап, айланып алыстан өттү да, андан ары, Бектемирдикин карай кетти...

* * *
Алымкан үңкүрдүн босогосун аттап келатып тамагын кырып, акырын жөтөлүп койду:
– Кхы-кхы...
Ширеңке күйгүзүп, Кызмончокту карады. Күкүрттүн жытын сезгендей, келин көзүн ачты:
– Жеңе?
– Мен... Коркпо.
Алымкан көтөрө келген чырагын жандырды.
– Кайсы убак болду?
– Эл жатар убак. Курсагың ачтыбы?
– Жок.
– Тура гой. Биртике азык ала келдим. Өзөк жалгап ал.
Кызмончок өйдө болуп отуруп, бирок алдыга келген тамактан алып жей албай, кайсактай түштү.
– Кол жууйсуңбу? – деди Алымкан.
– ? – келин унчуккан жок.
– Суу ала келдим. Азыр колу-бетиңди жууй тур. Анан эл жаткан маалда үйгө баралык. Жуунуп-тазаланып аласың.
Экөө сыртка чыгышты.
– Айылга түшпөйм, – деди Кызмончок колу-бетин жууп жатып.
– Анан ушу жерде эле жата бересиңби?
– Жок, кетем.
– Кайда?
– Билбейм, – деген Кызмончок коркуп кеткендей, Алымканды каруудан кармай калды:
– Жеңе, бирөөлөр келатат...
Алымкан Кызмончок көрсөткөн тарапты карап, көзү жетпей жаткандай бүшүркөй калды да:
– Кир, ылдам! – деп шашып калды. Бирөө кармап калчудай, келин үңкүргө жанталашып кире качты. Артынан кирген Алымкан чыракты үйлөп өчүрө койду. Эми эле жан кирип, жандана түшкөн үңкүрдүн ичи кулак, мурун кескендей жымжырт боло түштү. Ошондон го, же корккондон бекен, жүрөктөр кабынан ыргып кетүүчүдөй катуу-катуу кагып, атургай түрсүлдөгү бири-бирине угулуп жатты. Аттардын дүбүртү, кошкуругу, адамдардын кобур-собуру буларга жакындап келди.
– Ушу жерден көрдүңбү, Мукан? – деди сырттагылардын бири.
– Ооба. Эки-үч караан болчу.
– Ылдый түшүп кеткен жокпу?
– Жок. Түшсө деле узап кеткидей болгон жок.
Алардан ашып кетсе он, он беш эле кадам ары, ушинтип кобурап жатышты атчандар.
– Токтогулачы, – деди аңгыча токтолуп калган адамдын үнү. – Күкүрттүн, май чырактын жыты келип атабы? – Абылайдын үнү болчу бул. Жымжырт боло түшүштү.
– ооба. Жыттанып атат, – деди аңгыча бирөөсү. Айлана-тегерекке көз чаптырып, жыт алып, тыңшап жатышкандай, кайра да жымжырт болуп калышты. Кызмончок Алымкандын билегин кош колдоп, мыкчый кармады. Алымкан чөк түшүп отура калып, алакан жайып жиберди да, адатынча артка-алдыга ыргалып, дуба окуй баштады. Кызмончок анын кебетесин көрбөсө да, чийдин арасынан тарам-тарам кирген айдын жарыгынан чайпалып отурган сөлөкөтүн көрүп жатты.
Алымкан намазга жыгылган өңдүү жер сүзүп, көпкө чейин ошо калыбында былкылдабай жатып, кайра турду. Ушул убакта Абылайдын:
– Кырга чыгалычы, – дегени угулду. – Демим кысылып, жаман болуп кеттим да...
– Жакшы эле эмес белеңиз, эмне болду?..
– Кызмончок караңгыда бу жерде жалгыз жүрө албайт эле, мал-сал издеген бирөө-жарым го, – чарчаңкы, бу жерден тез эле кеткиси келип жаткан таризде унчукту Абылай.
Сырттагылардын дүбүртү арылап, кобур-собур алыстап баратты:
– Эртең менен эрте чыгалы анда. Балким, Бектемир таап келгендир? – деди Мукан.
– Артык аталар да издеп кетишкен. Бирок алар жыланды да, кызмончокту да тапсак өлтүрөбүз деп жатышкан, - деди бири.
– Жакшылык эмне кечикти? – деди Абылай.
– Тигине, келетат.
Атчандардын кобуру угулбай калды...

* * *
Артта калган Жакшылык тумшуктан бери бурулганда, артынан эрчиген ит тамак-аштын жытын алып, шимшилеп түз эле үңкүргө жетип келди. Тилин салаңдатып, акактаган ит жарымы үңкүрдүн ичинде, жарымы сыртта жата кетти.
Адегенде алдастай түшкөн Алымкан иттин алдына бир үзүм эт таштай койду. Ит «ап!» эттирип сугунуп жиберери менен дагы бир үзүм, анан дагы бир үзүм таштады. Айткандай эле, керелди кечке курсагы ачкан ит аялдарга бат эле үйүр алып, улам дагы тамак үмүт этип босогодо жатып калды.

* * *
Жан Абылайдын короосуна кирди. Үйдүн короочусу Бектемирди эрчип кеткендиктен, жыландын алдын тосуп, баягыдай ажылдап чыккан ит болгон жок.
Үйдүн эшиги да ачык экен. Жылан киши-кара чыга калса, жашынууга ыңгайлашып, тамдын бурчу менен жыбылжып сойлоп келди да, босогонун сыртында туруп, ичкери кулак түрдү.
– Ботом, Алымканга эмнеге бардың?! – деди Сайрага жан тарткан Мыскал байбиче. – Кайненеси өлгөндөн кийин ал үйгө киши кирип-чыкпай калганы бекеринен дейсиңби? Башынан эле жин-шайтандар бар экенин билесиң. Болбосо, карабайсыбы, канча жылдан бери дудук болуп калган неме тигинтип сайрап, анын ордуна сен...
– Ошону айтсаңыз, – деди Асанбү. – Шайтан азгырып барган го жеңемди... Капырай, түштө эле талтөөмдөй болуп сүйлөп аткан.
Жылан босогого жакын келип, үйдүн ичине көз жиберди. Калыңдап, катталып салынган төшөктө Сайра шыпты тиктеп, үн-сөзү жок жалдырап жатат. Жанында Мыскал, Асанбү, Алмаш, Зейне. Алардан ылдыйраакта Чынтемир башын жерге салып, мурдун «шуу!» тартып, ыйлап отурат.
– Капырай, эркектер келсе да жакшы болот эле. Жоо чапкансып, айылда колго илинер бирөө жок болуп калат деген эмне шумдук.
– «Жоо чапкандай» дейсиз да, жеңе, андан да жаман иш болуп атпайбы, – дээринен кыңылдап акырын сүйлөгөн Зейнеп бу саам да ушинтип созолонуп койду. Аңгыча көчө өйдө келаткан бир топ атчандардын үнү угулду. Жан заматта көздөн кайым болуп, көңдүн арасына кирип кетти.
Чынтемир келаткандарды утурлап, чуркап чыкты. Атасын аттан түшүрүп, атты мамыга алып барып байлады.
– Бектемир келдиби? – деди Абылай. Эртеден бери ыйлаган уулу эки ийнин солкулдата улутунуп, тадайын «шык!» эттирди да:
– Апам тилден калды, – деди.
– Эмне дейт?! Дагы эмне болуп кетти, кокуй?! – Абылай чапанынын эки өңүрүн делбектете, үйдү карай чуркады.
Кирип келип эле тил-оозу жок суналып жаткан аялын басып жыгылды:
– Сайраш?! Сакиш?! О,Кудай, О, эл-журт?!
Мыскал аны далысынан таптап, кайраттандырган болду:
– Капырай, ботом. Сайрашың жакшы эле!
Муну укканда Абылай эс ала түшкөнсүп, сыңар тизелеп отурган калыбында Мыскалдан дагы жакшы сөз уккусу келгендей карады.
– Тиги Алымкандыкына барган экен... Кудай каарылардын кичине бирдемеси чарпып кеткенби, жыгылып калыптыр.
– И?!
– Тиги келин, дем салып атып эсине келтирди.
– Ким?!
– Алымкан! Тил бүтүптүр, капырай! Заматтын ортосунда эле ага тил кирип, мунун тили буулуп...
Абылай ызырынып, ордунан тура жөнөдү:
– Эн-нең! Эмне кылыптыр ал?!
– Ой, ким билет эмне кылганын?! Ай, уул, токто! Бери кара! – деди сыртка бет алган Абылайга Мыскал. – Азыр Алымканга барган менен пайда жок. Эртең деле күн бар. Андан көрө өйдөкү айылдан молдо алдырып, дем салдырбасаң, бу бечарага убал го?! Ии! Баятан ошенте берели десек, колго илинер бир эркек жок.
Абылай уулуна карады:
– Касенди чакыр!
Чынтемир чуркап чыгып кетти. Абылай аялынын буту-колун кармалап көрдү. Абышкасы келгенге ого бетер эреркеп ыйлап, бирдемени эле айтып жаткандай кыңылдап жатты Сайра.
– Бечара уулун сурап жатат окшойт, – деди Мыскал. – Келатабы?
Абылай аялын карап, болбурап башын чайкады:
– Тигини издеп... Жинди-Чапка кетиптир... Келип калат.
Муну укканда Сайранын көздөрү алайып:
– А... а...а.. – деп кекечтенип, дем алган сайын көкүрөгү солкулдап, көтөрүлө калып атып эле, эстен тангандай тынчып жатып калды...
– Касен?! – деп бакырды Абылай. – Касенди чакыргыла!
Жылан болсо, Бектемирдин Жинди-Чап тарапта экенин укту да, Жер-Куйду карай зыпылдады. Анткени, жыландардын мекени болгон ошол ордо тууралуу кыз далай жолу кызыгып, ошол жерди көрсөтүп келүүсүн сурана берчү. Кызыгар эле. «Демек, Кызмончок мени издеп чыгып, Бектемир аркасынан кеткен турбайбы! » – оюна дароо ушул келди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#153 Пользователь офлайн   bema_bema   28 Февраль 2017 - 03:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

ЖЫЛАНДЫН СУЙУУСУ


Бул убакта Кызмончок Алымкандын үңкүрүндө, бет маңдайында жаткан итти тиктеп, катып отурган. Аңгыча ит ээсинин узап баратканын билип, ордунан турду да, эттен дагы эле үмүтү үзүлбөй жаткандай эки аялды алмак-салмак кыңшылай карап, акыры үмүтү үзүлгөндө үңкүрдөн чыгып, арсылдап үргөн боюнча ээсинин артынан кетти.
– Өх-х! – деди Алымкан иттин «арсылдагы» алыстаган кезде үстүнөн оор жүктү алып ыргытып жибергенде жеңилдеп. – Кутулдук окшойбуз. Тура гой. Үйгө баралы.
Бүрүшүп отурган Кызмончок үндөбөй, башын чайкады.
– Ук мени. Алы-күчүңдү топтоп, шорпо-шилең ичип ал. Жыгылып калсаң, ит-кушка жем болосуң.
Караңгыга көзү көнө түшкөнгө Алымкан бу жолу ширеңке чакпай эле буюм-теримин капка салып, жонуна көтөрүп ала койду:
– Тур...
Экөө айылды карай түшүп келатышты. Бир колуна комузун көтөргөн келиндин көздөрү караңгылап, мас немедей кээде темтеңдей түшүп келатты.

* * *
Ай сүттөй жарык.
Бир убакта, ансыз да жал-көкүлү үрпөңдөп араң келаткан Актуяк алда неден үркүп, кош аяктап тура калганда, жедеп ойго чөмүп, бош отуруп келаткан Бектемир аттын башынан ыргып, эк-үч аласалып кетти. Жыгылган жеринен тура калмак болуп, канча аракет кылганы менен тулку-бою жерге маталып калгансып, ордунан козголо албай койду. Жардын кылда учунда отурганын көргөндө жүрөгү «солк!» этип алды. Бир аз эле жел үйлөп кетсе, чалкасынан кулап, Жер-Куйдун түбүн карай зуулдап жөнөчүдөй акыбалда эле.
Көздөрүн жумуп, өзүн-өзү жооткотуп жиберди: «Баары жакшы... Азыр турам. Баары жакшы болот...» Бирок туруп кете албасына көзү жеткенде гана бир катуу күрсүнүп алды. Антсе да жандалбас кылды. Бу жерден жөрмөлөп болсо да эптеп арылап, түзөңдү карай жылып алуу керек болчу. Бирок эки колу, көкүрөгү, ийни, мойну-башы эле алдыга жүткүнүп, белден ылдыйкысы жерге кагып койгондой козголбоду. ..
Актуягын карады. Чылбырын сүйрөп, алда кайда кетиптир. Бир гана ишенгени ошол болуп калды. Жанына келсе, куйрук-жалына, үзөңгү, чылбырына эептеп жабышып, бу жерден оолактап кетпесе болбойт...
– Мо?! Мо?! Актуяк?! – ал үнүн канчалык катуу чыгарган сайын астындагы шагыл көчүп, шагырап ылдый куюлуп кетип жатты. Жерди сыйпалап, колуна илинер бир нерсе издеди. Бүрү түшүп, саргайган шыбак менен майда чөптөн башка эч нерсе жок эле. Жер кыртышы борпоң, боз топурак болгондуктан, бетиндеги чөп-чарын бир аз эле катуураак тартсаң, отурган жериң менен кошо көчүрүп, жер куйга алып кирип кетчүдөй араң турат.
Бектемирдин заманасы тарып кетти. Биринчи эле оюна апасы келди: «Эмне эле күйүп-бышып, азап тартып куурайт десе, ушундай болорун байкуш апам сезген окшобойбу... Апакебайым! Кечир мени?!» Карегине каканактап жаш тегерене түштү. Аны сыртк а чыгаргандан намыстангандай, кайра ичке жутуп, башын чалкалатып, асманды карады.
Айдын толуп турган убагы тура. Ошого болсо керек, жылдыздар да бүгүн башкача бадырайып, көзгө толумдуу, даана экен. Же асман дайыма ушундай болду бекен? Эс тартканы жалгыз Кызмончоктон башканын баарын байкабай, көрбөй, укпай калганын сезди. «Балким, Кызмончок да ушул айды карап отургандыр? » – деген менен, ушунча убарага салганы үчүн ага чын жүрөгүнөн таарынып, жек көрүп кетти. Апасынын: «Бала – белде, аял – жолдо», балам. Бул болбосо, башкадан багың ачылар. Ушуну бир билип, эсиңе тутуп жүр. Бул сага катын болуп жыргатпайт. Алдыда эмне күтүп турганын кайдан билесиң?» – дегенин эстеди. Ошондо апасын уккусу да келбей, тескерисинче ага: «Апам эмнеге эле ушинте берет? Мени жакшы көрсө, мен жакшы көргөн адамды деле жакшы көрбөйбү! Мен эми Кызмончокту сүйгөндөй дагы бирөөнү кантип сүймөк элем? Деги, ушу апам менен атам качандыр бирөөнү же бири-бирин сүйүп көрүштү бекен? Сүйүү эмне экенин, жок дегенде анын бу жашоодо, жүрөктөрдө бар экенин билишет болду бекен?» – деп таарынып да, аяп да койгон.

* * *
Актуяктын кошкуругу, «дүпө-дүп» эткен дабышы алда кайдан угулду. Айткандай эле ээсин карай беттенип калган болчу. Бектемир кайра да турууга аракет кылды. Ылдыйды карай шыгырап, шагыл куюлду.
Актуяк аркан бою жакындап келди. Бирок адатынча ээсин жыттагылап, ары жак, бери жагына чыгып жапакечтенип жетип келбей, алда неден корккондой кулактарын тикчийтип, көзүн чакчайта кошкурук атып, обочороок туруп калды. «Жардан коркуп атабы? Жок. Коркпойт эле. Анда эмне?..» Ушундан улам Бектемир бул тегеректе дагы бирөө-жарымдын бар экенин боолгоду. «Ким?!.» – жүрөгү кабынан ыргып кетчүдөй дүкүлдөп, тулку боюн кара тер басып кетти. «Кызмончокпу? Жок, анда Актуяк үркпөйт эле. Жыланбы?!»
– Жан?! – айланага кулак төшөп акырын, бирок өктөмүрөөк унчукту жигит. Анын бу добушунда: «Эмне жашынасың?! Чыкпайсыңбы бери?!» – деген маани бар эле. Актуяк турган ордунда кайра да жер чапчып, алда нени эскертип, айтып жаткан таризде кошкурук атты. Атүгүл, азыр «шарт» артына бурула качууга комдонуп, кыйгачтай калып жатты.
– Жан? Кызмончок?!
Так эле жанынан, сол жагынан «шырп!» эткен дабыш чыкты.
Бектемир «жалт» карады... Жан эмес, андан алда канча чоң, алда канча ыраңы суук кара чаар жылан экен! Тостогой, жансыз, жагымсыз көздөрүн Бектемирден албай теше тиктеп, аны карай акырындан жылып келаткан. Бектемир аны көрөр замат, тигил да кыймылын токтотуп, теше тиктеген калыбында катты да, калды. Экөө тиктешип калышты. Кара чаар жылан ачакей, ичке тилин чыгарып, соймоңдото коюп атты. Бектемир да кирпик ирмебей тиктеп турду. Кокус, кичине эле кареги огунан тайып кетсе, кара чаар жылан ай-буйга келтирбей, так эле кекиртектен алчудай туюлду ага.
Актуяк кудум чыңырып ыйлагандай, ачуу азынап жиберди. Анын бул үнү алда кайда тарап, жаңырыкка айланып барып басылды.
– Тс-сс!! – адам баласынын акыбалын, алсыз болуп турганын билген сымак, жыландын турушунда кандайдыр менменсинүү, өзүнө-өзү ишенүү, анан да: «Бул чөйрө, бул жер – меники!» – деген сыяктуу бой көтөрүү бар эле.
«Жатып өлгүчө, атып өл» деп, Бектемир тура калып, Жылан менен кармашкысы келип кетти. Ордунан тура албай, очорулуп отуруп калганына, ызасы жанына батып кетти. Ал жыланга жөн эле, каршылык да кыла албаган бечарага айланып, алсыз «жем» болуп берем деп эч качан ойлогон да эмес. Антсе да, дагы бир ирээт турууга аракет кылып көрдү. Бу саам алдынадагы шагыл шагырап, көбүрөөк куюл ду... Денеси болсо, дале ордунан жылган жок!
– Ух-хх! – катуу күрсүнүп алды жигит. Жанын сыйпалап, жок дегенде курал-жарагы да жок экенине өкүндү. Актуяк дүпүлдөп, дагы арылап барып токтоду. Ооздугун чайнап, жер чапчып турду. Эки тизгин, бир чылбыры жерде сүйрөлүп, кош чырактай балбылдаган эки көзүнөн жаш агып, ыйлап турду... Ким бирөөлөрдү жардамга чакыргандай башын толгой, ай ааламга үнү жетип, дагы бир катуу азынап алды жаныбар. Ушул тапта анын көзүнө дагы бир укмуш нерсе урунду! Аппак айдын алтын нуруна чагылышып, Бектемир менен кара чаар жыландан анча алыс эмес жерде ийрелеңдеп, аларды карай учуп-күйүп аппак жылан келатат! Актуяк Жанды тааныды.
Кубангандай, Бектемирге сүйүнчү айткандай, Жандан жансоога сурагандай, окурана жер чапчып, азынап жиберди.

* * *
Капортосуна чейин тура калып, айланага көз жиберген Жан жар учунда учунда отурган Бектемирди тааный койду. Анын жанында эле шоңшойгон кара чаар жыланды да көрдү. Боору жерге тийип-тийбей, зыпылдаган боюнча эми түз эле ошолорду карай бет алды. Бирок азыр тиги экөөнүн кимисине жан тартып келатканы... анын өзүнө дагы табышмак эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#154 Пользователь офлайн   bema_bema   28 Февраль 2017 - 03:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Келаткан дабышты кара чаар жылан алда кайдан сезип, эмнегедир денеси диртилдеп кетти. Каршылашынын башкача бир октоло түшкөнүн байкаган жигит: «Кол сала турган учуру келди окшойт», – деп жоруду. Бирок ага каршылык кылууга, сактанууга эки колунан башка эч нерсеси жок эле! Ошентсе да жыланды кекиртектен алчудай, кош канатын тарбайта жайып, камданып калды.

* * *
Жан жакындап келди.
Кара чаар жылан адам баласынан көз албай туруп, Жанды байкады. Куйругунун учун тикчийип өйдө көтөрүп, ошонусу менен алда нени эскертип жаткандай титиретип турду да, «топ» эттирип жерге бир урду. Комөкөйүнөн:
– Тс-сс! –деп узакка созолонто ышкырган үн чыгарды.
Бу тегеректе өздөрүнөн башка, үчүнчү дагы бирөөнүн пайда болгонун Бектемир да сезди. Бирок айланасына кылчайып кароого мүмкүн эмес эле. Кара чаар жыландан көз албаган калыбында, ал да кулак төшөдү. Кара чаардын ышкырыгынан айырмаланган, башкачараак ышкырыкты эшитти. Каршылашы да Бектемирден көз албаган калыбында тигиге жооп кылды:
– Тс-сс!
Куйругу бир канча жолу көтөрүлө түшүп, топулдап кайра жерге чабылды. Бул кайым айтыштын эмне тууралуу экенин билбесе да, Бектемирге дагы бир жыландын пайда болгону түшүнүктүү болду. «Атаңдын көрү-ү, кем дүйнө! – деди заманасы тарый түшкөн Бектемир. –Бирөө аз келгенсип, эми экинчиси келгенин карачы! Ажалым акыры жыландардан экен да! Бечара апам ушуну айтчу турбайбы! » Ал антип оюн жыйгычакты, экөөнүн ортосунда экинчи жылан тура калды! Эмнегедир Бектемирдин ийиндери, моюну, каруу эттери чымырай түшү. Ортодо турган жыланды ишенип-ишенбей жаткандай, бүшүркөй карады. Ак тулкусу ай нуруна чагылышып, анын көз алдында аппак жылан – Жан турган! Бектемирдин денесине кан чуркай түшкөн окшоду. «Ак жыланды көргөн жерден жанчыйм!» – деп, качантан бери кек сактап, бу сапар да ошондой максат менен аттанып чыккан жигит дендароо боло түштү. Жан менен ушундай абалда, ушундай шартта жолугам деп, «үч уктаса түшүнө кирген эмес».
Жигиттин чекесинен чыпылдаган муздак тер жаагы ылдый куюлуп кетти.
Ак жылан келгенде кара чаар жылан башын түшүрүп, жерде кыймылсыз жатып калды. Анткен менен эки көзү Жанда болуп, бардыгына сак, даяр болчу. Ак жылан ага жакындап келип, ал да жер менен жер болду. Экөө узакка бири-бирин тиктеп, кыймылсыз жатышты. Алардын бул көрүнүшү Бектемирге – кудум эркелешип, жытташып тургандай элес берди. Эмкиси эмне болуп кетери табышмак эле. «Кызмончокпу? ..» – эмнегедир Бектемирдин оюна азыр ушул келе калды. Кара чаар жыланга айланган Кызмончок Жанды атайын жардамга, же бул адам баласынын өлөр алдындагы аянычтуу абалын көрсүн деп атайын чакыргандай, аздан сөң экөө Бектемирди карай «шарт» бурулуп, экөөлөп кол салчудай туюм келди ага.
Аларды карап турган Актуяк да абалкысындай азынабай, кошкурук салбай, жер чапчыбай, эмне болуп кетер экен дегендей алыстан акмалап, карап турду. Ким-кимиси демин ичине жутуп, бир топко чейин былкылдабай турушту. Бир убакта кара чаар жылан Бектемирди беттенип, билинер-билинбес жыбылжып, акырындан жыла баштады. Жан болсо, жанагы эле бойдон – Бектемирге аркасын салып, кара чаар жыланды беттенип жаткан калыбында былк этпей, кудум чаар жылан арбоо менен катырып койгонсуп, кыймылсыз жата берди...
Бектемирдин жүрөгү кабынан ыргып кетүүчүдөй, катуулап сого баштады. «Акыры жылан мени жеңди окшойт, – деди оюнда. – Бүттү баары! Байкуш апам… ушуну билген экен да?» – муну ойлоп үлгүрө электе, көз ачып жумгуча Жан чагылгандай тездик менен «шарт!» артына бурулду! Анын түрү ушу саам таптакыр башкача суук, башкача каардуу эле. Аңгыча, баардыгына сак келаткан кара чаар да:
– Тсс-ссс! – деп капортосуна чейин титиреп тура калып, экөө тирешип, тиктешип калышты!
Актуяк азынап жиберди. Бектемир нес болуп катты. Эки жылан бири-бирин азыр бүкүлү сугунуп алчудай тиктешип турушту. Кара чаар эки-үч жолу Жандын мойнунан тиштемекке, тиштери аркайган оозун аңырдай ачкан боюнча чабуулга өтүп, бирок Жан алдырбай буйтап, ал да кара чаарды кежигеден тиштегенге аракет кыла баштады. Айдын жарыгында экөөнүн арбашып, кармашып жатканы айлана-тегерекке алаканга салгандай ачык, даана көрүнүп турду. Бектемир Жандын кара чаардан алда канча ичке, кыска экени байкады. Ошондуктан жумуру, олбурлуу кара чаар жылан Жанды эки чайнап, бир жутчудай сезилип жатты. Бирок Жан ага караганда чагылгандай тез кыймылдаган ыкчам болчу.
Эч качан Жанга болушуп, ага боор ооруп, жан тартам деп ойлобогон Бектемир эми аны менен кошо алышып жаткандай, белинен өйдө кара тер басып, жан алакетке түшүп кетти. Ушу азыр буттарына кадимкисиндей күч кирип, так секирип тура калсачы, атаганат! Береги кара чаарды качырып, көк желкеден капшыра кармап, баса калмак!
Ордунан турганга аракет жасап, обдулуп көрдү. О, Кудай, оң бутунун учу болор болбос жан кирген сыяктанды. Бирок өйдө жагы сайдын кара ташындай болуп, ордунан такыр жылбай койду. Сол буту болсо, караманча жансыз!
– Ух-хх!!! – муштуму менен жер сабап жиберди Бектемир. Так ушу маалда эки жылан бири-бирине кудум эшилген кыл аркандай оролушуп, узатасынан жатып калышты. Кайра эле ыкчам тура калышып, бири-биринен ажырай түшүп, кайра да чырмалышып, түйүнчөктөй түйүлө калышып, кармаш катуулап баратты. Кара чаар бир убакта, ак жыландан бошой түшкөн маалда: «Эмне болсом да ала жатайын», – дегендей, Бектемир тарапка октолуп, бирок Жан алдына каршы тура калып, желкесинен чала-була тиштегенге жетишип калды. Тишине илинген жыланды эми бу жерден алыстатып кеткенге аракет кылып жатты Жан. Эки жылан бири-бирин сүйрөшүп, кыналышкан боюнча бир топ жерге чейин зыпылдап кетип калышты.
Алардын карааны көрүнбөй калганда гана эки ийнин таштап, бошой түштү жигит. Кара чаардын Кызмончок эмес экенине ишенип, ошол үчүнбү, же тигилерден кутулганынабы, Бектемир:
– Өх-х! – деп, ичи бүт үшкүрүккө толуп кеткендей терең дем алып, эс ала түшкөндөй болду. Ары-бери айланып карап, бу жерден кантип жылып кетүүнүн аргасын издеди. Ушундай учурда Актуягы келе калса кана, атаганат! Эмнегедир, Кызмончок ушул эле тегеректе жүргөндөй туюм кайра да мээсине «тык» этти.
– Кызмончок?! – айланага кулак түрдү. Жооп болгон жок.
– Кызмончок?!
Алда кайдан жепилдеп бар болуп, кайра жер менен жексен болуп кеткендей жок болуп келаткан жылаандын карааны көрүндү. Улам жакындаган сайын тааныла баштады – кара чаар келатыптыр! Эмнегедир жанында Жан жок... «Өлгөн экен!..» – деди оюнда Бектемир. Каңырыгы түтөп, кабыргасы кайышып кетти.
– Жа-ан?! – тоону жаңырта кыйкырыды Бектемир. – Жа-ан?!
Эси ооп, сулк жатып калган Жан «селт» этип, баш көтөрдү.
– Жа-ан?! – жардам сурагандай да, анын өлү шүн каалабай, жан тарткандай да маанини тү шүн дү бул үндөн. Шердене калды. Кара чаардын артынан жөнөдү. Жанды турбай калды деп ишенип, жеңишке жеткенине корстон болуп, койкоңдоп келаткан кара чаар анын келатканын туйбай да калды. Кара чаар Бектемирдин так маңдайына келип, капортосунан туруп, алдыга-артка ыргалып, күүлөнүп турган кезде, Жан анын так кежигесине жабышып, кырча тиштеп калды! Экөө кайрадан жерге кулашты. Кара чаарды тиштеген Жандын жаагы карышып, коё бербегенге тырышты. Бири-бирине кайрадан ала аркандай эшилишип, буралышып, бултактаган жыландар бир убакта Бектемирди да күү менен уруп өтүп, өздөрү да жар ылдый кулашты. Ошол учурда адам баласынын:
– Аа!!! – деген ачуу үнү түнкү адырды бир титиретип басылды.
Жардын так алдында, жараңканын бул өйүзүнөн тиги өйүзүнө карай «жыгылып», кудум асма көпүрөнү элестетип, капталдап өскөн карт дарак боло турган. Топтой томолонгон Бектемир так ошол дарактын үстүнө келип түштү. Канча жылдардан бери «былк» этпей турган дарак омкорулуп кетчүдөй, солкулдап барып токтоду. Бир катуу:
– Ык!– эткен боюнча унчукпай, бак кучактап жатты адам. Бирок төмөндү карай аккан шагыл менен, бири-бирине урунуп, тарсылдаган таштардын үнүн көпкө чейин басылбай турду. Андан аркысын билбейт. Көзүн ачып эле тээ жер куйду көрдү. Азыр ушул даракты минген боюнча так ошол жер куйду карай сызып бараткандай сезилип, көздөрүн кайра жумуп жиберди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#155 Пользователь офлайн   bema_bema   28 Февраль 2017 - 03:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Көзүн ачып эле тээ жер куйду көрдү. Азыр ушул даракты минген боюнча так ошол жер куйду карай сызып бараткандай сезилип, көздөрүн кайра жумуп жиберди.
Таң агарып, жерге жарык кирип калыптыр. Көзүн ачкандан кийин да төмөндү карабаганга аракет кылды. Башын буруп, үстү жакка көз жибергиси келди эле, белинин сыздаганы мээсине жете түштү. Антсе да, кайра да бир чымыркана имерилип алып, бактын жалама асканын бооруна өскөнүн көрүп, жүрөгү «шуу!» этти.
Жалама аскада калган Кожожашты элестетти. «О, Жараткан! – деди ызадан өзөгү өрттөнүп. – Сүйүүдөн алар аласам ушул экен да?! Же бирөөгө жамандык кылдымбы? Ууру кылып, ушак айттымбы? Кай жазыгым үчүн ушинттиң, Кудайым? Балким, бечара апамды укпаганым үчүн: “Карга-кузгун менен бака-жыланга жем болсун” – дедиңби?! Бу жердеги азабым канчага созулар экен?!”
Асман- жердин ортосундагы “асма көпүрөнүн” үстүндө дагы канчага чыдайт? Кайсы маалда алдан-күчтөн тайып, «ичер суусу түгөнүп», боору менен сойлогон макулуктарга жем болуп, «талп» этип кулап түшөт? Же ага жетпей эле төбөдө айланган таз жорулар сөөгүн тазалап , «мүлжүп» коёбу?..
Бактын бутагында чымчыктын уясы бар экен. Аны тээ бир топтон кийин байкады. Жумшак чөп менен жүн кошулуп, бапестеп салынган уяда эки-үч сары ооз балапан отурат... Ошол эле бутакка жакын дагы бир уяда кара темгилдери бар төрт-беш жумуртка жатат... Жумурткаларды көрүп, кечээтен бери оозуна наар албаганын эстеди. Өзөгү карарып, оозуна кара суу келе түштү. Анын ошол оюн окугандай, алардын так үстүндө кичинекей боз чымчык канаттарын дирилдетип, жан алы калбай ары-бери уча баштады. Буту-колун салаңдатып, бакта асылып жаткан адам баласына акырындан жан кире баштаганын билгени, чымчыктын ого бетер чыйпыйы чыгып, атүгүл ага айбаат кылгандай күү менен келип, чала-була тийип өтүп, жандалбастай берди. «Уяга кол салар алым болсо кана?..» - деген Бектемир мыйыгынан күлүп койду. Кандай болгон күндө да, бу жерде канча жатса да, жанында тирүү жандыктардын бар экенине каниет кылды. Бир убакта чымчыктардын «чырылдагы» күчөп, муштумдай да чыкпаган макулуктардын «айылында» ызы-чуу түшүп кетти. Бейпайга түшкөн чымчыктар жанагыдан да арбып, балапандардын чыйылдагы да көбөйүп баратты...
Алда нени сезгендей, Бектемирдин жүрөгү «шуу!» этти...

* * *
Актуяктын жайдак келиши айылдыктарды катуу дүрбөлөңгө салып койду.
– Актуяк жайдак келиптир!
– Караан кү-үн, байкуштардын шору каткан турбайбы! – деген аял-эркек, чоң-кичине дебей кайра эле Абылайдыкын карай жөнөп жатышты. Элдин алды келген кезде Абылай короодо кокуйлап, кош этегин делбектетип, адатынча эки санын чапкылап, эмне кыларын билбей басып турган экен. Таңырбай баштаган жоон топ элди көрүп эле бакырып ийди:
– Кара көзүм кашайган го, кокуй?!!
– Эк, жаман жорукту баштабай турчу! – деди Таңырбай жөн-жай эле келгенин билгизип. – Баланын дайнын билели деп келдик. Аты жайдак келиптир дейби? Үркүп баса бергендир да?
– Жо-ок, жок, ушу соо эмес го балам! Аты аны эч качан таштачу эмес! Түрүңөр жаман силердин! Түрүңөр жаман!..
– Жамандыкты чакырбай, жакшы сүйлөчү Абылай! Кайдан билесиң, балким келин экөө жолугуп... атты унутуп калышкандыр.
Абылай бир аз эс ала түшкөндөй болду:
– Оозуңа май! Ылайым эле ошондой болсо кана?!
Антсе да бир жамандык ала келишкендей, сырттан келгендерди чочулап карай берди.
– Сайра кандай? – деди Мыскал байбиче.
– Түнү менен кыйналып чыгып, жаңы эле көзү илинген. Ошого Актуяктын жалгыз келгенин айтпай эле тургулачы? – деди Абылай.
– Ооба. Араң турган эмени ого бетер коркутуп... Баланын дайны билингиче, айтпаш керек.
– Балдар, атка мингиле! – деди аңгыча Таңырбай тегеректеген эркектерге буйрук бере. – Издейли. Актуякты Чынтемир минип алсын, эстүү жаныбар эмеспи, ээси калган жерге алып барар.
Абылай калдаңдап, атына чуркады.

* * *
Бул кабар эркекче кийинип, арпа-буудай салынчу ороодо отурган Кызмончокко да жетти. Аны Алымкан жуунтуп-тарантып, үстүнө уулунун түзүгүрөөк кийимин кийгизип, таңга маал бу жерге түшүрүп жатып:
– Сен бүгүн жолго чыкпа. Издегендердин изи суугандан кийин чыксаң деле жетишесиң. Тилимди ал, балам. Эки-үч күн аярлап, ушул жерде жашына тур. «Катыным эмне болуп тил-ооздон калды?» - деп, кайнатаң да келиши мүмкүн. Шек албасын. Тиги жаман уул да дөңкөйгөнү менен эс-акылы жаш баладай эле, айтып коюшу мүмкүн, ал деле билбесин. Шашылыш кабар болуп эле келбесем, мен кечинде эле бир келем. Алдагы азыктан оозуңа салып, эс ала бер, – деп кеткен.
Ошондон бери комузун кучактаган Кызмончок ороодо отурат. Бирок көргө караганда бу жер бейиштин төрүндөй эле болчу ага. Бир убакта Алымкандын адатынча тамагын кырып, аста жөтөлгөн үнү угулуп, ороонун үстүндөгү капкак калдырап, ачыла баштады.
– Бектемирдин аты жайдак келиптир, – деди Алымкан чала ачылган капкактан шыбырап.
– Ыя?! Анан? Эмнеге?
– Эмнеге экенин ким билсин. Актуяк кара терге түшүп, таң эрте келген экен, эркектин баары эми Бектемирди издегени аттанып жатышат.
Кызмончоктун эси эңги-деңги боло түштү. Оюна бир нерсе түшүп кеткендей:
– Мен бу жерден чыгышым керек, – деди.
– Кайда барасың чыгып?
– Бара көрөм... Бирок сизден сурай турган бир су роом бар. Сиз деле билесиз аны... Суранам, жеңе?
Алымкандын өңү бузула түштү. Ороонун жарым- жартылай ачылган оозунан жүзүн дароо тартып алды да: «Сура», – деп да, «Жок!» – деп да кесе айта албай, буйдалып калды. Маңдайынан чыпылдап тер чыгып кетти.
– Жеңе? – деди ичтеги үн.
– Ии-и? – добушун саал калтырак басып, акырын, анан да жактырбагандай унчукту жене. Аңгыча ары жактан арсылдап ит үрүп жиберди. Ушуну эле күтүп тургандай, шашкалактаган Алымкан:
– Келатышат! – деп ороонун оозун жаба салып, капкактын үстүнө калдыратып, алда нелерди төгүп жибергендей болду. Баятан бери анча-мынча шоола түшүп турган ороо эми капкараңгы боло түштү. Ошондон көп өтпөй эле, бир айыл бүт көчүп келаткандай, аттардын дүпүрөгөн дүбүртү, атүгүл кишилердин үндөрү ороонун ичине даана угулду:
– Ой, балдар, бастыргыла батыраак! – бул кайнатасынын үнү болчу.
– Чынтемир?!
– Келатам, ата.
– Топ-топ болуп, кокту-колотторго бөлүнгүлө. Кокус жыгылып калган болбосун, куш айланган жердин баарын карагыла! – деди Таңырбай. – Дүрбүңөрдү унутпагыла!
– Чү! Атаңдын оозун урайын! – наалыды Ишенбай. – Ата-бабабызда мындай шумдук жок эле...
– Жыландар чээнде жатканда эле жанакынын көзүн тазалаш керек болчу! Эмнени күтүп жүрдүк, билбейм!
– Баланын башы аман болсунчу, калганын да көрө жатарбыз!
Мунун баары өзүнө таандык экенин Кызмончок түшүндү. Дүбүрт алыстап, кобур-собур угулбай калган кезде келин:
– Жеңе? – деди шыбырап. – Алымкан жеңе?
Жооп болгон жок.
– Жеңе?
Кимдир бирөөнүн акырын басып келген дабышы угулду. Кызмончок унчукпай калды. Сырттагы дабыш да дымып, тыңшап турган сыяктанды. Бир аздан кийин жана кандай келсе, так ошондой кайра ары басып кетти. «Демек, жеңем мен тууралуу билет, – деди онда Кыз мончок. – Бүбү энеден укканы чын окшойт. Кокус айтып албайын деп коркот. Ошондуктан элден оолактап, жалгыз жүрөт... Бирок мага жан тартып жатканы чын болсо, анда эмнеге айтпайт?..» Баягы тойду эстеди. Анда Алымкандын каректери аны: «Сени азыр ата-энеңдин сүйүүсү, мээрими гана сактап турарын, алардан айрылган күнү жыланга айланып кетериңди сезсең кана, бечара кыз?..» – деп аягандай карап турган... Кызмончок мунун түпкүрүндө эмне жатканын түшүнгөн эмес. Тек гана Алымканды кадала тиктеп, бадырайган капкара каректери где: «Эмнеге?..» – деген чоң суроо турган болчу. Бирок Алымкан жооп берүүдөн качкан. Алда неден коркуп кеткендей шарт жүзүн буруп кетип, атүгүл элди аттап-буттап сыртка чыга жөнөгөн. Ошондо ал экөөнөн бир нерсени шектенгендей, Асылбек да бирде Алымканды, бирде Кызмончокту карап, алдастай түшкөн болчу!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#156 Пользователь офлайн   bema_bema   28 Февраль 2017 - 03:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

– Жана Алымкан жеңең эмне деди? – деген үйгө келатканда. Кыз ийнин куушурган:
– Эчтеке...
Бирок бул тууралуу кыз бат эле унутуп калган. Ушул акыркы күндөрү гана булардын баары эсинен кетпей туруп алды. Түндө, үйгө келгенден кийин да батынып сурай албаганы менен, Алымкандын оюн окуганга жакшы эле аракет кылган. Бирок ошону билгендей, Алымкан да ичинен такыр «кулпуланып», Кызмончоктун көзүнө тике карабаганга, ал тууралуу такыр ойлонбогонго аракет кылып, таптакыр башканы сүйлөп, муну жандүйнөсүнө «киргизбей» койбодубу! Анын ушинтип тайсалдаганы Кызмончоктун бүйрүн ого бетер кызытып койду. Алымкандын ою менен болуп, бул жерде байырлап, токтоп калганы да ушундан улам болчу. Болбосо, бир аз эс алып алгандан кийин эле ай-буйга карабай жолго чыгып кетмек! Оюна Жан түшүп кетти. Байланышка чыккысы келип, бирок дагы азыраак сабыр кыла турууну ойлоду. «Алымкан жеңе менен сүйлөшөйүн, сырын тартайын. Канткен менен мен тараптык болуп жатпайбы...»
Сырттагы дабыш кайра да угулду.
– Жеңе? – деди Кызмончок. Дабыш ороого жакындап келди.
Кызмончок унчукпай калды. Сырттагы да унчукпай тыңшап туруп, бир убакта ороонун оозундагыларды алып, дүпүлдөтүп ары ыргыта баштады. Кечээтен бери Алымкандын дабышын таанып калган. Бул аныкы эмес сыяктанды... Кызмончок сестене түштү. Ороонун ичине түшкөн агыш жарык көбөйүп, жыгач капкактын жылчыктарынан күндүн шооласы тарам-тарам болуп түшүп, Кызмончок жарыктан жалтанып, көздөрүн калкалай калды. Капкак кылдырап жыла баштады. Кызмончок бурчка тыгылды. Жогору жактан эркек кишинин калдайган карааны көрүндү! Кызмончоктун жүрөгү «солк!» этти. Бир убакта капкак жарым жартылай жылып, тиги эркек көмкөрөсүнөн жата калып, ороонун ичин карады...
Ороонун ичине башын салаңдатып турган – Алымкандын оорулуу баласы Тынар болчу! Экөө тиктешип калышты!
Бир аз убакыттан кийин Кызмончок эсине келгендей, алда неден кичине санаасы тынчыгандай улутунуп, эки ийнин «шалак!» эттире таштап жиберип:
– Чүш-ш! – деп сөөмөйүн эриндерине такады. Тынар аны ого бетер дендароо болуп тиктеп тура берди да, бир убакта тура калып:
– Аа-а-па-а! – деп бакырган боюнча кетти. Кызмончок алдастап калды.
* * *
Эби-сыны жок калдаўдаган Тынар аңылдап, «апалаган» боюнча кєчє аралай чуркады.
– Ботом, бу Алымкандын уулу сообу? Минтчї эмес эле? – деди аны кєргєн Дилдекан артынан карап. – Жылан кєргєнсїп...
– Жинди да, – деди бой жетип калган кызы кїлкїсїн тыя албай кыткылыктап, – Кебетесин... Далдайып алып апасын эрчип... Хихи...
– Кой, балам, оору менен єлїмгє кїлбєш керек...
– Анан тигини карабайсызбы, эмчек эмчїдєй болуп. Апасы жаўы эле музоо аркандаганы бараткан.

***
Аркан байланган казыкты таш менен кагып жаткан Алымкан уулунун үнүн угуп, чочуп кетти. Казык уруп жаткан тебетейдей кара ташты ыргытып жиберип, үйдү карай энтелендеп жөнөдү. «О, Кудай, айланайын, сактай көр. Дагы эмне шумдук болуп кетти?! Жан келип калдыбы?!. Эмне болду, ботом?»
Үйгө жакын калганда жүрөгү дагы бир катуу «шуу!» этти. Ороонун оозуна төккөн бир кап көң туш келди чачылып калган болчу. Бирок жетип келип кароого да үлгүргөн жок. Тынарды ортого салып, декилдетип жетелеген эки аял өзүнө удаа эле жетип келди.
Апасын көрө калган баласы аялдардын колунан суурулуп чыгып, ороо тарапты көрсөтүп, алда нелерди айтып күңкүлдөп-мыңкылдай баштады. «Аа, жарыбагыр, жаман арында деги эле тапкычтыгын кантейин! Көргөн тура! – деди оюнда шаабайы сууй түшкөн Алымкан. – Эми эмне кылам?! Кууратканда да Кудай бизди ченебей кууратпадыбы эми!»
Аялдарды үйгө алып кирип кетмек болуп, үй тарапка басты Алымкан:
– Жакшысыңарбы, айланайындар? Келгиле?
– Жакшы, ботом, тынччылыкпы? Бу балаң көзү-башын алаңдатып эле бирдеме дейт, же түшүнбөйбүз.
– Бала неме дей берет да. Кээде ошентип калат. Ай толгон маал эмеспи... Келгиле, үйгө киргиле.
– Ии, ошондой эле болсунчу. Дагы эмне балекет болуп кетти деп... Айылда бир эркектана калган жок. Баары Бектемирди издеп кетишти. Деги аман-эсен болгой эле...
– Даам ооз тийип эле чыгалы. Сайра бечаранын жанына барбасак болбойт. Жанагы Кызмончок деген эме кайда кетти экен десең?
Жоошуй түшкөн Тынар «Кызмончокту» укканда кайра жан кире түшкөндөй:
– Ыы, ыы!.. – деп ороо тарапты көрсөтүп, чебеленип жиберди.
– Басчы бери! Кир үйгө! – деди энеси зекип. Уулу ого бетер чебеленип, апасын билегинен кармап, ороону карай жетеледи.
– Капырай, кантет?! – декдеңдеп, жетеленип баратып уулун колго, далыга муштагылады энеси. – Коё бер дейм!
Чыны менен эле Тынар бир укмушту көрсөткөнү жатканындай, аялдар да ансайын ынтызарланып калышты:
– Барып, карап койчу. Бир билгени бар окшойт.
– Жылан эмеспи, ыя?!
Ороонун оозуна жеткенде апасын коё берип, сөөмөйү менен төмөн жакты көрсөтүп:
– Ыы, ыы-ы, – деди Тынар бир чон эрдик жасагандай кодураңдап.
– Апее-ей! Чын эле жылан жаткан окшойт! – турган ордуларында катып калышты аялдар. Алымкан эңкейип, ороонун ичин карамыш болуп, капкагын жаба салайын деп ойлоду. Бирок эңкейген боюнча катып калгандай, ойлонуп отуруп калды.
– Жеңе, тынччылыкпы? ! – деп ийди тынчы кеткен Асанбү.
– Эмне экен?! Жыланбы?!
Алымкан анда деле унчукпай, кайра да эңкейип, ороонун ичин жакшылап карады – Кызмончок жок болчу...
– Эчтеке жок, – деп ийди этек-жеңин күбүнүп, өйдө боло берген Алымкан кубангандай. Аялдар ошондон кийин гана жакындап келип, ороонун ичине көз жиберип, карап жатышты...

* * *
Бу кезде Кызмончок кыйла жерге узап кеткен. Бая Тынар бакырып чуркаганда эле артынан чыгып, арыктын ичине түшүп алып качкан болчу. Анткен менен Алымкандан сыр түйүнүн биле албай кеткенине катуу өкүнүп бараткан. «Канатым кайрылбаса, кайрылып кайра да бир келермин, жолугармын. ..» – деди өзүн-өзү алдап. Бирок көп узай электе эле көрүнбөс жип менен кимдир бирөө аркандап алгандай, буттары тушала баштады: «Кокус, бул айылга кайрылып келбей, Алымканга жолуга албай калсамчы?! .»
Комузун бооруна кысып, эпейип отура калды.
Көп өтпөй эле ай талаада адамдын сайсөөгүн сыздаткан муңдуу, кайрыктары жүрөктү эзип, жүлүндү титиреткен мукам күү сыбызгый баштады. Күүгө бүткөн бою балкып, ичтен кайрып күңгүрөңгөн келиндин жумулган кирпиктерининн алдынан мөлтүр тамчылар сызылып чыгып, эки бети ылдый кулап жатты...
Бул анын эч ким уга элек, тек гана качантан бери ичинен гана кайрып жүргөн жаңы, арман күүсү эле...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#157 Пользователь офлайн   bema_bema   28 Февраль 2017 - 03:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Шаңыраңдаган аттардан озуп, айткандай эле Ак туяк алдыда баратты. Алда неге кабатыр болгон сымак ооздугун чайнап, улам-улам башты чулгуй, азынаган жаныбар камчы деле салдырган жок. Чынтемирдин шаштысы кетип, аттын жүрүшүн дагы катуулаткысы келип, бир кезде оң-тетири камчылап жиберди эле, ошону эле күтүп келаткандай Актуяк атырылган боюнча алда кайда кетти. Баятан бери улуулардан озунуп бастыра албай, айбыгып келаткан Мукан, Жакшылык баш болгон жаштар:
– Кеттик! – деп Актяктын артынан «чү» коюшту.
Ат чабым алыс кеткен жаштардын артында кары-картаңдар аттарын жорголотуп келатышты...

* * *

Дарактын бутактарындагы чымчыктар чырылдап, туш-тушка уча качышты. Бектемир башын аста көтөрүп, артына кылча йып карады. Бектемирдин бутунун аягына чейин чубалып, бактын боорунда Жан келаткан.
Жигит кайра да жакшылап карады.
– Жан?
Жан да башын көтөрдү. Бектемир анын көздөрүнөн кудум адам баласындай чарчап-чаалыккан, муңайым карашты көрдү.
– Келдиңби? – деди адам баласы. Ушул тапта алардын так үстүнө айланып, таз жору жүрдү.
– Жан, Кызмончок кайда? – деди Бектемир.
Сүйлөгөн сайын оозунан ысык жалын чыгып жаткандай туюлду өзүнө.
Жан кышылдап, көмөкөйүндө бир нерсе деп жооп берген окшоду.
– Кечир, эмне дегениңди түшүнгөн жокмун, – деди Бектемир.
Жанды кайра да жакшылап карады.
– Бирок кара чаардан арачалаганыңа рахмат.
Бектемир көздөрүн бирде ачып, бирде жумуп, булдуруктап сүйлөгөн болуп жата берди. Жан Бектемирдин белин бертинтип алганын түшүнгөн жок. Бир топко чейин күтүп жатып, бир убакта жакындап жылып келди.
– Эмне дейсиң? – Бектемир алсыз унчукту. Жылан артка баштанып: «Жүрү!» – дегендей белги кылып жатты.
– Мен тура албайм! Эми эч качан турбайт окшойм... – деди анын ишаратын түшүнө койгон жигит. Муну укканда жылан башкача, аянычтуу үн чыгарып жиберди.
– Аяп жатасыңбы? – деди Бектемир. – Андай болсо, өйдө жакка чык. Ары-бери өткөндөр, же мени издегендер болсо, бул жакка ээрчитип кел? Жок дегенде өлүгүмдү алып кетишсин...
Ал муну тек гана айтып койду. Болбосо, көрүп туруп деле, жыландын мынчалык деңээлде кеп-сөзгө түшүнүп жатканына ишенген деле эмес. Жан Бектемирдин акылын туура көргөндөй, аны бир кылчайып карап алды да, ийрелеңдеп жар өйдө чыгып кетти.
- Демек, тушүндүң, - деди Бектемир шыбырап.
Жан кетери менен жалгызсырай түштү. Оор онтоп, күрсүнүп алды.

* * *

Бектемирди издегендер түз эле Жинди-Чапты карай келатышып, Жер-Куйдун – жараңканын башына жеткенде аттардын ооздугун тартып, жайлап калышты. Кара терге түшүп, күүлөнүп алган аттар кошкурук атып, таноолорунан буу бүркүп, жер чапчыйт. Арт жагында келаткандарды күткөндөй, келген тараптарына имерилип карашты.
– Кандай кылалы? – деди Жакшылык.
– Актуякты коё берип көрөлү, – деди Мукан. – Бектемир калган жерге барат болуш керек.
Чынтемир Актуятан ыргып түштү да:
– Бар, Бектемирге бар! Чү! – деп сооруга чаап, айдап жиберди. Ошону түшүнгөндой, Актуяк башын оңду-солду силкилдеткен боюнча жүрүп кетти. Бир топ жерге чейин акшыңдап, катуу келди да, токтоп калды.
– Кашайып туруп албадыбы, эн-нең…– деди Чынтемир атка жини келип. – Мээси жок, баспайбы!
Жакшылык аны далыга таптады:
– Баары жакшы болот, иним. Көрөсүң го. Актуяк канткен менен акылдуу... Бир аз сабыр кыла туралы...
– «Урушта – туруш жок», бөлүнөлү анда. Аскат, Мурат, силер тээтиги тарапты карай жөнөгүлө, – деди баятан айланага дүрбү салып турган Мукан.
– Тээтигинде айланган куштарды көрдүңөрбү?
– Көрдүк!
– Баргыла анда! Белек, Узак, Асанбек, силер тээтигил сур булут жакта, боордогу дүпүйгөн бакты көрдүңөрбү?
– Көрдүк.
– Жөнөгүлө! Эмир, Жолдош, силер айланып, жараңканын аркы өйүзүнө чыккыла. Эч бир жер көз жаздымга калбасын! Аттан түшүп карагыла!
– Макул, байке! Чү! – эки улан аттардын башын буруп, айткан тарапты көздөй кетишти. Аңгыча артта калган абышкалардын карааны көрүндү.
Чынтемир Жакшылык менен Мукандан бөлүнүп, жардын үстүнө келип, ылдыйды карады. Жерди экиге бөлүп, тээ алда кайда созулуп жаткан жараңка Бектемирди түбүнө соруп алып, ошого да тойбой, оозун аңырдай ачып, дагы азык утүп жаткан ажыдаардай туюлуп кетти ага. Тамагы жашка муунуп, ыйлагысы келе баштады.
Жар бойлоп, ылдыйды карай басты. Мойнундагы дүрбүсүн ала коюп, тээ төмөн жакты карап, көзүнөн куюлган жашты жеңинин учу менен арчып кетип баратты.

* * *

Топтон бөлүнүп чыккан Чынтемир улам бир жерден токтоп, көзү токтогон жердин баарына дүрбү салып келатат.
– Бектеми-иир! !! – Абылайдын чакырыгы жаңырыкка айланып барып басылды.
– Атаңдын оозун урайын! – Абылай Актуякка жете келип, эңкейип чыбырдан алып, жетелей бастырды.
– Мал деген малдыгын кылат экен да акыры! Балам жанындай көрчү эле, таштай качканын карабайсыңбы! Сени шашпа! Бекибайым аман-эсен табылса, садага чаппасамбы, карап тур!
Ушу убакта Чынтемир оң капшыты тараптан ийрелендеп, чийдин арасына кире качкан ак жылданды байкай коуду. Жылан куйругун атайылап эле, белги катары сыртка таштап койгондой туюм келди ага. Анткени, Бектемир алдыга беш-алты кадам таштады эле, жыландын куйругу да “култ” этип чийдин арасына кирип кетти.
Эми түз эле ошону карай келатты бала. Айткандай эле, баятан күтүп, имериле карап турган ак жылан да ал жакындаган кезде алдыга жылды...
- Жан? – деди аны тааныган Чынтемир.
Жан бая эле буларды алдынан тосуп чыгып, булар улам токтогон сайын чый-пыйы чыгып, канча ирет «сорок» этип чыга калып, Бектемирди карай шаштыра жол баштагысы келип, бирок дагы алда кандай болуп кетпесин деп көрүнбөй келаткан.
- Жан? – Чынтемир кайра да үн катты.
Жан артына кылчайып карап койду.
Ушундан улам Чынтемир анын жол көрсөтүп, эрчитип жатканын түшүндү.
Ушул тапта артта келаткан атасы:
– Чынтемир?! – деди. Бирок Чынтемир үн катып да койбой, алдыны түп-түз тиктеп, кадамын ылдамдатып барып, эми чуркаганга өттү. Арттагылар бири-бирин карашты.
– О, Чынтемир?! – деди Мукан. Чынтемир карап да койгон жок.
– Атаңдын оозун урайын! Буга эмне болду?! – үрпөйө түштү Абылай.
– Артынан баргылачы!
Өзү да атын теминип, шашып калды эле, Чынтемир артына бурула калып, эки колун жогору көтөрүп, каршы-терши булгалап койду. Арттагылар сестене түшүштү.
– Бул соо эмес! – деди Абылай. Атына мине коюп, дүрбү салган Мукан да:
– Ак жылан! – деди аңгыча.
– Ыя?!
– Чынтемирдин алдында Жан кетип баратат!
– О, Кудай! Бул эмнеси?! – Абылай алдастап калды. – Жакшылыкка болсо экен?!
– Эмнеси болсо да сак бололу, – деди дээринен коркок Таңырбай. – Жазгырып барып, баарыбызды жарга салып ийбесин!
Муну укканда Абылайдын тулку боюн кара тер басып, көздөрү чыбырчыктай түштү.
– Эмне дейт?! – деди эриндерин араң кыбыратып. Аттан кулап кетчүдөй көзү тунарып, ыргала түштү:
– Балдарымды. .. – көздөрү тунарып, майда чыбырчыктан башка эч нерсе көрүнбөй, кулап түшчудөй теңселип калды.
– Э, Абыке, эмне болуп жатасыз?! Өзүнүздү кармаңыз! – деди Касен сары. – Балаңызды издейбизби, же сизди өңөрүп алып кайра тартып кетебизби?!
Муну атайын, Абылайды чыйралтыш үчүн айтты Касен.
– А... ооба! Мен куруюн, мен жакшы эле!.. – эсине келе түшкөнсүдү Абылай.
– Таргыл мышыкты алып алсак эмне! – деп ийди арттагы жаш балдардын бири. Бул сөз Мукан менен Жакшылыктын намысын козгоп жиберди. Экөө биринен-бири озуп, алдыга суурулуп чыгышты.
Чынтемир артында жакындап келаткандарды туюп, бирок кайрылып караган жок. Тек гана эки колун эки жакка жайып, кайра алдыны көрсөтүп: «Аралыкты сактагыла! Артымдан тынч келгиле!» – дегендей белги кылды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#158 Пользователь офлайн   bema_bema   28 Февраль 2017 - 03:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Шаңыраңдаган аттардан озуп, айткандай эле Ак туяк алдыда баратты. Алда неге кабатыр болгон сымак ооздугун чайнап, улам-улам башты чулгуй, азынаган жаныбар камчы деле салдырган жок. Чынтемирдин шаштысы кетип, аттын жүрүшүн дагы катуулаткысы келип, бир кезде оң-тетири камчылап жиберди эле, ошону эле күтүп келаткандай Актуяк атырылган боюнча алда кайда кетти. Баятан бери улуулардан озунуп бастыра албай, айбыгып келаткан Мукан, Жакшылык баш болгон жаштар:
– Кеттик! – деп Актяктын артынан «чү» коюшту.
Ат чабым алыс кеткен жаштардын артында кары-картаңдар аттарын жорголотуп келатышты...

* * *

Дарактын бутактарындагы чымчыктар чырылдап, туш-тушка уча качышты. Бектемир башын аста көтөрүп, артына кылча йып карады. Бектемирдин бутунун аягына чейин чубалып, бактын боорунда Жан келаткан.
Жигит кайра да жакшылап карады.
– Жан?
Жан да башын көтөрдү. Бектемир анын көздөрүнөн кудум адам баласындай чарчап-чаалыккан, муңайым карашты көрдү.
– Келдиңби? – деди адам баласы. Ушул тапта алардын так үстүнө айланып, таз жору жүрдү.
– Жан, Кызмончок кайда? – деди Бектемир.
Сүйлөгөн сайын оозунан ысык жалын чыгып жаткандай туюлду өзүнө.
Жан кышылдап, көмөкөйүндө бир нерсе деп жооп берген окшоду.
– Кечир, эмне дегениңди түшүнгөн жокмун, – деди Бектемир.
Жанды кайра да жакшылап карады.
– Бирок кара чаардан арачалаганыңа рахмат.
Бектемир көздөрүн бирде ачып, бирде жумуп, булдуруктап сүйлөгөн болуп жата берди. Жан Бектемирдин белин бертинтип алганын түшүнгөн жок. Бир топко чейин күтүп жатып, бир убакта жакындап жылып келди.
– Эмне дейсиң? – Бектемир алсыз унчукту. Жылан артка баштанып: «Жүрү!» – дегендей белги кылып жатты.
– Мен тура албайм! Эми эч качан турбайт окшойм... – деди анын ишаратын түшүнө койгон жигит. Муну укканда жылан башкача, аянычтуу үн чыгарып жиберди.
– Аяп жатасыңбы? – деди Бектемир. – Андай болсо, өйдө жакка чык. Ары-бери өткөндөр, же мени издегендер болсо, бул жакка ээрчитип кел? Жок дегенде өлүгүмдү алып кетишсин...
Ал муну тек гана айтып койду. Болбосо, көрүп туруп деле, жыландын мынчалык деңээлде кеп-сөзгө түшүнүп жатканына ишенген деле эмес. Жан Бектемирдин акылын туура көргөндөй, аны бир кылчайып карап алды да, ийрелеңдеп жар өйдө чыгып кетти.
- Демек, тушүндүң, - деди Бектемир шыбырап.
Жан кетери менен жалгызсырай түштү. Оор онтоп, күрсүнүп алды.

* * *

Бектемирди издегендер түз эле Жинди-Чапты карай келатышып, Жер-Куйдун – жараңканын башына жеткенде аттардын ооздугун тартып, жайлап калышты. Кара терге түшүп, күүлөнүп алган аттар кошкурук атып, таноолорунан буу бүркүп, жер чапчыйт. Арт жагында келаткандарды күткөндөй, келген тараптарына имерилип карашты.
– Кандай кылалы? – деди Жакшылык.
– Актуякты коё берип көрөлү, – деди Мукан. – Бектемир калган жерге барат болуш керек.
Чынтемир Актуятан ыргып түштү да:
– Бар, Бектемирге бар! Чү! – деп сооруга чаап, айдап жиберди. Ошону түшүнгөндой, Актуяк башын оңду-солду силкилдеткен боюнча жүрүп кетти. Бир топ жерге чейин акшыңдап, катуу келди да, токтоп калды.
– Кашайып туруп албадыбы, эн-нең…– деди Чынтемир атка жини келип. – Мээси жок, баспайбы!
Жакшылык аны далыга таптады:
– Баары жакшы болот, иним. Көрөсүң го. Актуяк канткен менен акылдуу... Бир аз сабыр кыла туралы...
– «Урушта – туруш жок», бөлүнөлү анда. Аскат, Мурат, силер тээтиги тарапты карай жөнөгүлө, – деди баятан айланага дүрбү салып турган Мукан.
– Тээтигинде айланган куштарды көрдүңөрбү?
– Көрдүк!
– Баргыла анда! Белек, Узак, Асанбек, силер тээтигил сур булут жакта, боордогу дүпүйгөн бакты көрдүңөрбү?
– Көрдүк.
– Жөнөгүлө! Эмир, Жолдош, силер айланып, жараңканын аркы өйүзүнө чыккыла. Эч бир жер көз жаздымга калбасын! Аттан түшүп карагыла!
– Макул, байке! Чү! – эки улан аттардын башын буруп, айткан тарапты көздөй кетишти. Аңгыча артта калган абышкалардын карааны көрүндү.
Чынтемир Жакшылык менен Мукандан бөлүнүп, жардын үстүнө келип, ылдыйды карады. Жерди экиге бөлүп, тээ алда кайда созулуп жаткан жараңка Бектемирди түбүнө соруп алып, ошого да тойбой, оозун аңырдай ачып, дагы азык утүп жаткан ажыдаардай туюлуп кетти ага. Тамагы жашка муунуп, ыйлагысы келе баштады.
Жар бойлоп, ылдыйды карай басты. Мойнундагы дүрбүсүн ала коюп, тээ төмөн жакты карап, көзүнөн куюлган жашты жеңинин учу менен арчып кетип баратты.

* * *

Топтон бөлүнүп чыккан Чынтемир улам бир жерден токтоп, көзү токтогон жердин баарына дүрбү салып келатат.
– Бектеми-иир! !! – Абылайдын чакырыгы жаңырыкка айланып барып басылды.
– Атаңдын оозун урайын! – Абылай Актуякка жете келип, эңкейип чыбырдан алып, жетелей бастырды.
– Мал деген малдыгын кылат экен да акыры! Балам жанындай көрчү эле, таштай качканын карабайсыңбы! Сени шашпа! Бекибайым аман-эсен табылса, садага чаппасамбы, карап тур!
Ушу убакта Чынтемир оң капшыты тараптан ийрелендеп, чийдин арасына кире качкан ак жылданды байкай коуду. Жылан куйругун атайылап эле, белги катары сыртка таштап койгондой туюм келди ага. Анткени, Бектемир алдыга беш-алты кадам таштады эле, жыландын куйругу да “култ” этип чийдин арасына кирип кетти.
Эми түз эле ошону карай келатты бала. Айткандай эле, баятан күтүп, имериле карап турган ак жылан да ал жакындаган кезде алдыга жылды...
- Жан? – деди аны тааныган Чынтемир.
Жан бая эле буларды алдынан тосуп чыгып, булар улам токтогон сайын чый-пыйы чыгып, канча ирет «сорок» этип чыга калып, Бектемирди карай шаштыра жол баштагысы келип, бирок дагы алда кандай болуп кетпесин деп көрүнбөй келаткан.
- Жан? – Чынтемир кайра да үн катты.
Жан артына кылчайып карап койду.
Ушундан улам Чынтемир анын жол көрсөтүп, эрчитип жатканын түшүндү.
Ушул тапта артта келаткан атасы:
– Чынтемир?! – деди. Бирок Чынтемир үн катып да койбой, алдыны түп-түз тиктеп, кадамын ылдамдатып барып, эми чуркаганга өттү. Арттагылар бири-бирин карашты.
– О, Чынтемир?! – деди Мукан. Чынтемир карап да койгон жок.
– Атаңдын оозун урайын! Буга эмне болду?! – үрпөйө түштү Абылай.
– Артынан баргылачы!
Өзү да атын теминип, шашып калды эле, Чынтемир артына бурула калып, эки колун жогору көтөрүп, каршы-терши булгалап койду. Арттагылар сестене түшүштү.
– Бул соо эмес! – деди Абылай. Атына мине коюп, дүрбү салган Мукан да:
– Ак жылан! – деди аңгыча.
– Ыя?!
– Чынтемирдин алдында Жан кетип баратат!
– О, Кудай! Бул эмнеси?! – Абылай алдастап калды. – Жакшылыкка болсо экен?!
– Эмнеси болсо да сак бололу, – деди дээринен коркок Таңырбай. – Жазгырып барып, баарыбызды жарга салып ийбесин!
Муну укканда Абылайдын тулку боюн кара тер басып, көздөрү чыбырчыктай түштү.
– Эмне дейт?! – деди эриндерин араң кыбыратып. Аттан кулап кетчүдөй көзү тунарып, ыргала түштү:
– Балдарымды. .. – көздөрү тунарып, майда чыбырчыктан башка эч нерсе көрүнбөй, кулап түшчудөй теңселип калды.
– Э, Абыке, эмне болуп жатасыз?! Өзүнүздү кармаңыз! – деди Касен сары. – Балаңызды издейбизби, же сизди өңөрүп алып кайра тартып кетебизби?!
Муну атайын, Абылайды чыйралтыш үчүн айтты Касен.
– А... ооба! Мен куруюн, мен жакшы эле!.. – эсине келе түшкөнсүдү Абылай.
– Таргыл мышыкты алып алсак эмне! – деп ийди арттагы жаш балдардын бири. Бул сөз Мукан менен Жакшылыктын намысын козгоп жиберди. Экөө биринен-бири озуп, алдыга суурулуп чыгышты.
Чынтемир артында жакындап келаткандарды туюп, бирок кайрылып караган жок. Тек гана эки колун эки жакка жайып, кайра алдыны көрсөтүп: «Аралыкты сактагыла! Артымдан тынч келгиле!» – дегендей белги кылды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#159 Пользователь офлайн   bema_bema   28 Февраль 2017 - 04:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Аты жыланды байкай коюп, чакчаңдап үркүп кетти эле, Жакшылык ыргып кете жаздап, аз жерден калды. Мукандын жоргосу да баспай, кетенчиктей баштады. Ошондон улам экөө тең жерге түшүп:
– Силер шашпай келе бергиле. Биз жөө кеттик! – деп чылбырды арттагыларга карматышты.
Жылан да жүрүшүн ылдамдатты. Жигиттер баягы бала кезде, Жанды кубалап чуркагандай, ага куйрук улай жүгүрүп келатышты...
Балдар жеткенде жар учунда соксоюп отурган жорулар калдактап уча качышты... Так ошол жору отурган жерден ак жылан жар ылдый кирип кетти.
Биринчи болуп жете келип, төмөн жакты эңкейип караган Чынтемир:
– Байке-е!! ! – деп ый аралаш бакырып жиберди. – Ата-а?! Байкем биякта экен!
Жакшылык менен Мукан жетип келишти. Артта келаткандар жетип-жетпей эле аттан түшө чуркашты.
Абылай дарактын бутактарында колу-бутун салаңдатып жаткан уулун көрүп, жар ылдый секирип кетчүдөй калдактап калды.
– Ата, абайлаңыз! – Чынтемир атасын кучактады. – Азыр алып чыгабыз.
– Балам? Бектемир? Бекибай?! Тирүүсүңбү, кагылайын? Белги берип койчу бир?! Бекиба-ай?! – көз жашын балбаалатып, бакырык салды ата.
Жан Бектемирдин үстүнөн сойлоп, далысына чейин келди. Бектемир кыймылсыз жата берди. Кулап кетчү кейиптенип, төмөн жакты эңкейип карап турган Абылайдын чыдамы жетпей кетти. Чапанын, тебетейин чечип, ары жакка таштады.
– Аркан бергилечи? – деди жанындагыларга. – Чынтемир?!
Чынтемир чуркап барып, канжыгага байланган арканды чечип келе койду.
– Ата, бери болуңуз? Мен түшөм, – деди Мукан.
Таңырбай жыландан чочуркагандай:
– Балдар, бир аз коё турсаңарчы? – деди.
Касен Бектемирдин жонундагы ак жыланды үркүтүп жиберчүдөй эки колун жогору көтөрүп, кайра түшүрүп:
– Кышш! – деди. – Кышш!!!
Жылан алардын чочулап жатканын түшүнгөндөй, кайдадыр түшүп кетти.
– Кетти! Жеңилиңер түшкүлө! – деди Ишенбай. – Кимиңер түшсөңөр да Бектемирди жакшылап байлап, арчындап таңгыла.
Кезек менен тартып алалы. Касендин айтканын баары эп көрүштү.
– Мен түшөйүн, – деди Чынтемир.
– Кой, калдайган менен жеңил элемин, – деди Абылай бир чети Чынтемирди түшүргүсү келбегендей, бир чети башкаларга ишенбегендей.
Алар антип тургуча Мукан белине арканды күрмөп байлай коюп, бир учун Жакшылыкка, анан калгандарга карматты:
– Мен «болду!» дегиче акырындан кое берип туруңуздар, – деди чечкиндүү кыймылдап. Баары дым-дым болуп, анын айтканындай кыркар тизилип туруп калышты.
Мукан ылдый түшүп келатты.
Жардын боорунан топурак-шагыл куюлуп, эми эле чаңкайып таза турган жер чаңдап кетти. Бир убакта ылдый жактан:
– Болду! – деди Мукан. Чынтемир жардын учунда туруп, эки жакка ортомчу болуп карап турду. Мукан ала түшкөн аркан менен Бектемирдин санынан, белинен, ийининен арчындап байлап, аркандын бир учун колуна орой кармаган боюнча:
– Тарткыла! – деди Чынтемир үстүңкүлөргө белги берип. Жабылып тартып киришти. Аркан сүрүлүп, жогору жылган сайын жардын учу урап, араң турган кум-шагыл курулдап, таштардан дүпүлдөп кулагыны угулуп жатты.
Бир убакта жардын кырынан Мукандын аркан оролгон билектери, анан боз-ала чаң болгон башы-көзү көрүндү.
Мукан чыгаары менен калгандары чуркап келип, ылдый жакты карашты.
Жар кулап кеткенсип, чаңдан эч нерсе көрүнбөй калды. Бектемир асылып, ылдый баштанып турган бак чаң суюлган маалда гана көрүндү.
– Бала кандай?!! – деди ошондо Абылай. – Аманбы, айланайын?!
– Аман, ата.
– Оозуңа май, кагылайын.
Жакшылык менен Чынтемир Мукандын билегине оролгон аркандын учун жанталашып чечип алышты. Эми Бектемирдики тартып алыш керек.
– Чынтемир, сен карап тур! – деди Мукан. Чынтемир адатынча жардын учунда келип турду. Калгандары Бектемирди тарта башташты.
– О, Кудай? Айланайын, Кудай? Жардам бер, жаман уулумдун чымындай жанын сактай көр? – деп күбүрөнүп жатты Абылай.
Бектемирдин тулкусу урунган сайын жар жанагыдан да катуураак көчүп, чаң эми жогору көтөрүлүп чыкты.
– Аз калды! Дагы, дагы!.. – деп, бирок Бектемир жарга сүрүлгөн сайын сайсөөгү сыздаган Чынтемир ыйлай баштады. Бир убакта Бектемирдин тулкусу жар боорундагы урчук ташка урунду да, токтоп калды.
– О, Кудай, эмне болду?! – деп ийди Абылай.
– Таш! Чоң ташка такалып калды. – деген Чынтемир бир убакта:
– Токтогула! !! – деп чаңырып ийди. – Тартпагыла! !!
– Эмне болду?!
– Аркан... кырчылып атат!
Баарынын шаабайлары сууй түштү. Аркан жардын боорундагы урчугуй кара таштын бычактын мизиндей кырдуу жерине сүрүлгөн сайын кырчылып, кесиле баштаган болчу.
– Эмне дейт кокуй! – деди ошону түшүнө койгон Абылай.
– Кичине ылдый коё бергиле! – деди Чынтемир. Беркилер ишенип-ишенбей туруп, айтканын аткарышты.
– Эми мен жакка бир-эки кадам жылгыла! Бери-бери... Дагы бир аз! Ии, болду! Эми тарткыла! Айткандай эле аркан акырындап жыла баштады.
– Келатабы?! – деди Мукан. – Канча калды?!
– Аз калды, – деген Чынтемир.
Күн бүркөлүп, бири-серин майда жамгыр себелеп келди...

* * *
Жана ак жылан бир аз ылдыйлап түшүп барып, жардын боорундагы кичирээк коңулга кирип кеткен.
Бу жерден Бектемир асылган бак, жардын үстүндөгүлөр дагы даана көрүнөт. Кече кара чаар менен алышканга тулку бою жанчылып, денесинин тиш малынган жерлери «тыз-тыз» этип ачышкан Жандын эч нерсени сезбей, укпай, көрбөй, ушул бойдон былкылдабай тынч жатып алгысы келди. Кайдан? Жардын башындагы адамдардын кыжылдак-кужулдагы, мына азыр суурулуп түшчүдөй солкулдаган бак, үстүндө тегеренген таз жорулар, курулдап аккан шагыл, таштардын дүпүлдөгү Жанга тынчтык берген жок. Баарынан да Бектемирдин онтогон үнү жадымынан кетпей туруп алды. Балким, адамдардын бар жоругуна кайыл болуп, кайдадыр житип кирип кетет беле... «Кызмончок кайда, кандай абалда жүрөт?!» – деген санаркоо бар дүйнөсүнө эч тынчтык бербей, жанын кемирип-жеп баратты. Бала кезинде, Кызмончоктун жанына жада калса курт-кумурсканы да жакын жолотчу эмес эле, эми ушунчалык оор учурда аны калкалай албаганына арданып, заманасы тарып кетти...
Бир жолу Кызмончоктун ооруп калганын эстеди. Ошондо да ал Жанды күтүп, денеси от менен жалын болуп, акырында ар кайсыны сүйлөп, ар кайсыны көрсөтүп, жөөлүй баштаган:
– Жан? Жан кана, апа? Жанды кетпе дечи, ата? Ал учуп баратпайбы. .. Тигини карасаңыз? – деп чочуп тура калып, кайра «сулк» жатып калып, кара терге түшкөн. Демейде Жандын келишин каалабаган Асылбек:
– Жанагы Жан деген эме кайда жүрөт?! – деген анын ушул эле арада экенин билгендей, эки жагына кайсактап:
– Келбейби эми! – деген. Ошондо, тамдын бурчунан жасап алган кичинекей тешиктен Жандын башы кылтыйып чыга калган да, жетип келип, Кызмончоктун көкүрөгүнө башын коюп сулк жатып калган. Анткени ал өзү да Кызмочнокту сагынып, аны менен кошо ооруп, араң турган.
Бир караган кишиге ал ооруган кыздын демин тыңшап, денесинин ысыгын, бүт оорусун тартып алып жаткандай, бир караган кишиге кышылдап ыйлап жаткандай эле. Айткандай эле, эч нерсени сезбей, шалдырап жатып калган Кызмончок кирпиктерин араңжан көтөрүп, ууртунан жылмайгансыган:
– Жан?!
Алсыз колдорун араң жылдырып келип, Жандын башына койгон. Асылбек менен Сырга бири-бирин карап же сүйүнөрүн, же күйүнөрүн билбей турган. Анткени, бир топ күн мурун эле Асылбек Жанды өзүнчө чакырып алып, мындан кийин бул үйгө эч качан кайрылып келбешин талап кылып, макулдугун алып койгон:
– Сенин айыңдан Кызмончокту бүт айыл ажыдаар атка кондурду! Сенин айыңдан кызым адамдардан чыгып, бактысыз болуп калышын каалабайм! Же сен ошону каалайсыңбы? ! – деген. Ушуну уккандан кийин Жан денесин араңжан сүйрөп, айылдан чыгып кеткен. Жандын биротоло кеткенине Кызмончок адегенле ишенген эмес. Бара-бара сабыркап, бир күнү катуу ооруп жыгылып, түн ортосунда Асылбек Бүбү энени алып келген:
– Сары оору… – деген Бүбү эне кыздын тамырын кармап отуруп. – Башка дарты жок, сары оору...
Айткандай эле, жылан келген күндүн эртеси Кызмончок куландан сопсоо айыгып, ыргып-секирип ойноп кеткен. Ой деген кандай күлүк? Заматтын ортосунда ушуларды ойлоп жиберди Жан. Өзү да азыр кусаланып, сары оору менен ооруп жатканын сезди. Эгерде азыр Кызмончокту бир көрүп, бир эле жолу үнүн укса, анда боору менен жерде сойлогонду мындай кой, аба менен сызгырылып учуп калчудай сезим келди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#160 Пользователь офлайн   bema_bema   28 Февраль 2017 - 04:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

«Бир чети ушул жаткан бойдон өлүп калсам деле жакшы болмок...» – деди оюнда Жан. Анда, Бектемир Жандын өлгөн денесин чубалтып, Кызмончоктун алдына сүйрөп барып таштаса... Кызмончок кантет эле?!. Жок! Андан аркысын Жан ойлой да, элестете да албай койду. Ансыз да ата-энесинен ажыраган аялуу бечарага андай сыноону ыраа көргүсү, жалгыз калтыргысы келген жок! Ойдон алаксыш үчүн жогору жакты карады.
Адамдар бели-башынан арчындалып байланган Бектемирди тартып, жардын үстүнө алып чыгарына аз калган болчу.

* * *
Ушундан өп өтпөй эле Бектемир жардын үстүнө чыкканын билип-билбей жатты.
Ишенбай менен Таңырбай карыя, Касен сары отура калып, Бектемирди байлаган арканды чече башташты.
– Балам?! Бекибай?! Кагылып кетейиним?! Амансыңбы, атаңды угуп атасыңбы, берекем?! – Абылай баласынын жанына тизелеп отура калып, барсайган манжалары менен бети-башынан сылагылап, кара жанын карч уруп, калдактап жатты. Кулагын көкүрөгүнө төшөп, дем алганын тыңшады. Анан билегин ала коюп, тамырын кармады:
– О, Кудай, айланайын! Аксарбашыл, Кудай! – деп ийди уулунун аман экенине чындап көзү жеткен соң.
– Балам аман экен! Кудайга ыраазымын, айлананйындар! Кудайга рахмат!..
Куйрук-жалын саксаңдаткан Актуяк да ээсине жетип келип жыттагылап, санаасы тынчыгандай, таноолоруна от бүркө кошкуруп алып, ары оттоп кетти. Абылай баш болуп, тургандар эми Касен сарыны карашты.
– Аттын көрпөчөсүн чечип келгилечи! – деди Касен сары алардын оюн түшүнгөндөй. Жакшылык чуркап барып, Актуяктын басмайылын чечип, ээрин шыпырып алып салып, көрпөчөсүн сыйрып келе калды.
– Тигиндей жая салгыла! – деди Таңырбай ары жакты көрсөтүп. Балдар көрпөчөнү түз жерге алып барып жая салышты. Мукан Бектемирди көтөрмөк болуп аракет кылды эле, Бектемир онтоп жиберди.
– О, Кудай! – Абылай калдаңдап калды. – Бир жери сынганбы, эмне болгон?! Этияттачы, айланайын!
Касен сарынын айтканы боюнча Бектемирди баарылап көтөрүп келип, көрпөчөнүн үстүнө жаткырышты. Эриндерин кыбыратып:
– Суу?! – деди Бектемир. Чынтемир чуркап барып, канжыгага байланган чакан чаначты алып келе коюп, оозуна кичинеден кымыз тамчылатты. Ошого ыраазы болгондой, Бектемир тынч жатып калды. Касен сары жеңин чыканагына чейин түрө салып, колуна суу куйдуруп жуунду да:
– Өтүгүн чечкиле, – деди. Балдар заматтын ортосунда өтүктүн кончун тилип жиберип, чече коюшту.
– Биссимиллахи рахмониррахим. .. – деп, дагы алда нелерди күбүрөнүп, Бектемирдин денесин алаканы менен аяр сылагылап оорусун издей баштады.
– Буттары таза, көгөргөн, шишиген жери жок... Аман-эсен, – күңкүлдөдү Касен сары.
– Белим, – деди Бектемир акырын кыңкыстап.
– Белим дейби?! – үрпөңдөй түшкөн Абылай Касен сарыны карады.
Касен сары баланы акырын капталына кыңайта, колун бел алдына сойлотуп, омурткаларын сыйпалап карап жатып:
– Куймулчактын үстүңкү омурткасынан кетиптир, – деди.
– Ыя?! Сыныппы? Эмне болот эми, Кудай?! Айыгабы, ыя?! Басабы?! – Абылай чебеленди.
– Кудайдын көзү түз болсо, шыпаа кылам десе айыгат, – деген Касен сары Бектемирдин тамырын кармап отуруп, мындан да маанилүү бир нерсени айта албай жаткандай кайпактай түштү.
– Эмне?! Ачык айтып, ак сүйлө! – деп ийди Абылай.
– Баланын жүрөгү опкоолжуп турат, сыртынан билгизбей бсып жүргөнү менен ичинде бөксөрүп кетиптир... Бул бир эле күндүк илдет эмес, өнөкөткө айланып калган. Ирденип, алы-үчүнө келиши керек, тыңышы керек баланын. Аттан жыгылганы деле ушундан – алсызданып кетиптир.
– Эмне кылышым керек?! – Абылай Касенди жалдырай тиктеди.
– Мындайга жыландын жүрөгү миңдин бири деп уктум эле... – деди Касен сары. Аңгыча ар тараптан татырактатып чаап келаткан балдардын карааны көрүндү.
– Атаңдын көрү-ү, балам атка жакшы эле тың эмес беле, эзели жыгылып, бир жерин майып кылган жок эле… – деди аларды карап калган Абылай ким бирөөнү күнөөлөгөндөй, ызасын ичке жутуп.
– Тиги капысынан чыга калган го, – деди кепке аралашкан Таңырбай.
– Ким? – Ишенбай аңырая карады.
– Ким болмок эле – жылан! Ботом, биз деле аттан түшө калган үчүн калдык го. Актуяктын үркүгөнү көрүнүп эле турбайбы.
– Атаңдын оозун урайын!.. – ызырынды Абылай.
Араң дем алып, чабалактап жаткан Бектемир булардын сөзүнө аралашкысы келгендей, башын чайкады.
– Не дейсиң, каралдым? – атасы ага үйрүлүп түштү. – Азыраак чыдай гой, чырагым. Азыр кетебиз.
– Жан... – деп келатып бир катуу онтоп алды баласы. Тегеректеген үч абышка анын оозун карап калышты. Бектемир андан ары эчтеке айта алган жок. Эринин тиштенген боюнча, унчукпай калды.
Бая эле сойлоп чыгып, буларды акмалап, карап турган Жан Бектемирдин: «Жан күнөөл үү эмес, ал мени сактап калды», – деп айткысы келгенин, бирок ошого чамасы жетпей жатканын түшүндү. Бирок ошону башкалар туура эмес түшүнүп, тунжурай түшүштү. Абылайдын калчылдаган колу белиндеги канжарына урунду:
– «Карысам да бир койлук алым бар!» Жыланан да, Кызмончогун да жайлап, жүрөктөрүн балама дары кылбасам Абылай атым өчсүн!
Ушуну уккан Жан кайра ылдый түшүп кетти...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (17 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 32 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 32, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 16:52

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: