Суперстан: Жыландын сүйүүсү - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (17 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жыландын сүйүүсү «Жыландын сүйүүсү» автор тарабынан алымча-кошумчаланып, аңгемелер мене

#161 Пользователь офлайн   bema_bema   28 Февраль 2017 - 04:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Үстүнөн караган адамга кум-ташы куюлуп агып турган, бирок эч качан толбогон бу жер куйдун түбү такыр жоктой сезилет... Атүгүл, өмүр бою ушул жерде жашаган Жанга да азыр так ошондой туюм келди.
Ар кай жерде агарып, мал-салдын сөөктөрү жатат. «Мен өз мекениме сени алып бара албайм...» – деген бир жолу Жан Кызмончокко. «Баары бир көргүм келет...» – деген кыз көшөрүп. Анан кыз эмне үчүн Жинди-Чаптын анчалык коркунучтуу экенин сураган. Жан ошондо деле оңчулуктуу жооп бере алган эмес.
Эстутуму эми да ушул: «Эмне үчүн?..» – деген суроого улай, кайсы бир жыл мурунку окуяга «тык!» этип такала түштү да, кайдадыр зыпылдап бараткан Жандын жүрүшү жайлап калды...

* * *
Түн болчу...
Бүбү эне эшиктин алдындагы, таканчатры ийри-муйру устундан жасалып, үстү дагы чырпык менен жабылган, жанынан шылдырап билектей суу агып турчу секичеде жаткан.
Ай сүттөй жарык болчу. Ошондуктан, так үстүнөн – секиченин төбөсүнө жабылган чырпыктардын арасынан карап жаткан Жанга эненин жүзү дап-даана көрүнүп турган. Чүңүрөйүп, майы өчүп жылтыраган көздөрүн араң ачып, кан-сөлү качып кубарган, эки жаагы ичине шимирилген эне ошондо Асылбекти атайын чакыртып алып, кагаздай жуп-жука эриндерин алсыз кыбыратып, каргылданган үнү менен, эмнегедир «жомок» айтып жаткансыган. ..
Кызмончоктон далай жолу жомок уккан Жан ушинтип ойлогон.
Айтор, ошол түнү жомок угуш үчүн Асылбек үйдөн жашырынып чыккан да, ууруга бараткандай эки жагына элеңдеп карап алып, көчө өйдө салган.
А бирок ал кошо эрчик чыккан Жанды байкаган эмес.
Асылбек эненин жанына отурганда, Жан секиченин үстүндө жаткан.
– Балам, бери жакыныраак отур... – деген Бүбү эне Асылбекти жанына чакырып. Асылбек жакындап жылып отурган.
– Мен бул таңдан чыкпай калдым го, – деген эне каргылданган добушу менен. Бирок жүз жыл жашаган эненин добушунан эч кандай өксүүнүн, өкүнүүнүн белгиси сезилген эмес. Ошондуктанбы, Жан алардын «жомогуна» көп деле маани бербей, бирин укса, бирин укпай, көшүлүп жата берген.
– Мен сени чакырган себебим, мен билгенди жер үстүндө бир киши билип калсын дедим... Бирок бу сырды башка эч кимге айтпашың керек.
Бүбү эне Асылбекти суроолуу караган.
– Өзүм менен кошо ала жатам, эне, – деп ийген Асылбек.
– Катының да укпасын.
– Укпайт, эне.
– Ошент, – эне көктү тиктеп, түздөнүп жаткан. – Антпесең, арты жакшы болбой калат.
Асылбек денеси дүркүрөп кеткенине карабай, башын ийкеген:
– Макул...
Ошондон кийин гана Бүбү эне ыраазы болгондой башын ийкеп, көп өтпөй эле «жомок» уланган.
Так ошол түн, ошол окуя кайталанып жаткандай, так ошол кездегидей, Бүбү эненин каргылданган алсыз үнүн кайра да кайталап угуп келатты Жан...
– Илгери-илгери ушул адыр көк тулаңы жайкалган жашыл төр болгон дешет... Береги жылаңач асканын боорунан дирилдеп булак агып, ал булактан кыз-келиндер суу алып, сапырылган шаркыратмага денелерин жуучу тура...
Эне кудум ошол асканын түбүндө, булактын жанында жаткансып сүйлөгөн...
– Анан… кайсы бир күнү ошол айылдын башына каран күн түшүп, бейкам жаткан элди кайдан-жайдан жоо каптап, заматтын ортосунда айылды өрттөп, күлүн көккө сапырып жиберишет! Сууда ойногон кыз-келиндерди тегеректеп, мазактап кордомой болушат. А бирок ошол кыз-келиндердин арасында жай чилдеде борошолоп кар жаадырып, кыш чилдеде торгой ырдаткан жайчынын жалгыз кызы болгон имиш. Ошондо кыз: «Ушуларга кордолгуча өлүп тыналы! Тынч элибизге кастарын тиккен канкорлорду ала жаталы!» – деп атасынан үйрөнгөн дубалардын эң катаалын каргыш менен жууруп окуй баштайт. Ошондо жер алай-дүлөй болуп, заматтын ичинде кара түн түшүп, асман-жердин ортосунда чагылгандар каршы-терши сайылып, тоо козголуп, жер көчүп, алаамат болуптур! Баягы булактуу аскалардын арасынан ажырап жараңка кетип, кыз-келиндер да, жоо да курал-жарагы, ат-маты менен бүтүндөй ошол жараңкага – жер куйга түшүп кеткен имиш!
Ошондон кийин ушул адыр, ушул ЖерКуй ушинтип ыйлап, шаркыратма, булагы соолуп, боорунда бороону улуп, кагырап калган дешет... Бирок тагдыр-буйрукка айла жок, жайчынын кызы – Күнайымды Кудай колдоп, эч бир жери жабыркабай, аман калат. «Көзүмө бирөө-жарым тирүү көрүнөөр бекен?» – деп, жараңканын ичиндеги өлүктөрдү кыдырып, бир жерден кыңкыстаган үндү угат. Ошол жердин топурак-шагылын колу менен шилеп, жерди ача баштайт. Тырмактары сыйрылып түшүп, манжаларынан учунан кан сызылып таамп калгыча жер казат. Акыры мээнети текке кетпей, курбусу Дүрайымды таап алат. Булар бир жылда , бир ай, бир күндө туулгандыктан, ата-энелери ушинтип окшош ысым берип, экөө бир туугандай коюндаш, моюндаш болуп өскөн кыздар болот. Атүгүл Күнайым курбусуна атасынан үйрөнгөн дубаларын да тымызын үйрөтүп жүрөт... «Жомогунун» ушул жерине келгенде эне:
– Угуп атасыңбы? – деди тунжураган Асылбекти «уктап калган жокпу?» же «жакшылап уксун» дегендей бышыктап.
– Ооба, эне. Угуп атам.
Эненин жомогу андан ары уланган:
– Ошентип, экөө андан ары тирүү жан издеп, үчүнчү бирөөнү – жоо тараптын бир жигитин табышат. Башка тирүү жан табылбайт. Баягы жигиттин онтогону, үнү Кудайга жеткидей болсо, киши чыдап тура алгыс дейт. Ошондо кыздардын боору ооруп: «Душман болсо да, адам уулу эмеспи», – деп, жардамга келишет. Ошентип, үчөө жер үстүнө эч качан чыга албай, Жер-Куйдун ичинде эле айланып-тегеренип жашап калышат. Анткени, каргышка жууруп окуган дубасында: «Эл үчүн жаныбыз курман, жоону кайра чыккыс кылып ала жаталы!» – дептир, кайран кыз!
Эне унчукпай, ортону саамга жымжырттык уялаган.
– Азбы, көппү, арадан мезгилдер өтүп, жүздөгөн жылдардан бери ушул жерди мекендеген жыландар менен камыр-жумур болуп, аралашып жашай башташат...
Эненин каргылданган добушу улам барган сайын акырындап, алсызданып барат:
– Ошондой күндөрдүн биринде жигиттин Күнайымга болгон жылуу сезимин Дүрайым байкап калып, жүрөгү «тыз» этет. Анткени, жигитке өзүнүн көөнү түшүп жүргөн эме, курбусуна тымызын кек санап: «Сени шашпа!» – дей баштайт. Күнайым болсо экөөнүн тең ичинде эмне сыр бар экенин билбейт. Анын үстүнө, анын жүрөгүндө душман жигитке карата жибибеген, тымызын жек көрүү бар эле да... Муну жигит да сезчү. Андыктан айбыгып, ашыктыгын айта алчу эмес.
Мына ушундай күндөрдүн биринде Күнайым ооруп калат.
Жигит катуу сабыркап, кыздын сакайып кетиши үчүн кам көрүп, күн-түн жараткандан эсендигин тиленип турат дейт. Ансайын кызганычтан Дүрайымдын ниети карарып, жек көрүү сезими күч алгандан күч алып отурат. Акыры, жигит дары чөп издеп кеткен маалда эки кочушуна кум толтуруп ала коюп, уйкудан эми ойгонгон Күнайымдын эки көзүнө куюп жиберет! Курган кыз бети-башын чапчыгылап жатканда көкүрөгүнө канжар малып жиберип, жигитти артынан кууп жетип, Күнайым жайчынын кызы болгонун, ошол күнү дуба окуп, алай-дүлөй түшүргөнүн, ошондон улам жер жарылып жараңка кеткенин, акыры минтип ушул жер куйдун түбүндө калышканын айтат. «Мына бүгүн да сени өзү үчүн курмандыкка чалмак болгондо, айласыз ушундай ишке бардым!» – деп буркурап-боздоп ыйлайт. Бирок бул чыккынчылыгы үчүн ага жаны үзүлүп бараткан жайчы кыз Күнайым эмне деп каргыш айтканын билбейт...
Эненин үнү кыйкылдап барып, бир убакта үзүлүп кеткендей: «кыр-р» дей түшкөндө Асылбек ыргып тура калып, эненин башын жөлөп, үйдөн бирөө-жарымды чакырып, жанталашып жибергени да жыландын эсинде:
– Ким бар? Эсентур?! Алымкан?!.
Ошондо Алымкан биринчи болуп чуркап келип, эненин оозуна кашык менен суу тамчылатып, башын бийиктете койгон. Эс ала түшкөн эне балдарына: «Кете бергиле», – дегендей ишарат кылып, келин-уулу узап кеткенден кийин кебин кайра улаган...
Бирок Жан Алымканды жаман көрүп калган жайы бар. Анткени ал кайненесинин: «Кеткиле! » – деген ишаратынан кийин калп эле кетимиш болгон да, далдаада тыңшап отуруп, эненин: «Башка эч ким билбесин», – деген жашыруун «жомогун» тыңшап, угуп алган...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#162 Пользователь офлайн   bema_bema   28 Февраль 2017 - 04:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Ушул убакта:
– Жа-ан!! – деп жер силкинткен ачуу кыйкырык жыландын оюн бузуп жиберди. Мойнун созуп, тээ асман тарапты карады. Жар башында Абылай туруптур:
– Жа-ан?! – ый менен ыза аралаш кайра да бакырды Абылай. «Бектемир өлүп калдыбы?!» – деген бир кызык сезим жыландын денесин дирилдетип жиберди. Шашып калды. Бмпрк ошого удаа эле Касен сарынын: «Жыландын жүрөгү керек!» – деген үнү эсине «тык» эте туштү. «Демек, мени ошого чакырып жатышса керек?!. – Жандын оюна ушул кетти. – Балким, чындап эле Бектемирге жүрөгүмдү берсем кандай болот?!.»
Бир чети ал буга макул өңдөнүп кетти. «Же адам эмес, же айбан эмес, ара жолдо жашагандан көрө, ошенткеним оң эмеспи...» – деди оюнда. Бирок бул кылганы Кызмончокту кубантар бекен? Жандын бул кылганын ал эрдик, жоомарттык катары баалар бекен, же утулуу, коркоктук катары баалайбы? Деги эле, Кызмончокко бул экөөнүн кимиси көбүрөөк керек? Албетте, Бектемир! Анткени, ал – адам да. А бул ким? Ортодогу бир макулук!..
Ызадан Жандын алкымы кысылып, атүгүл, каректерин ысык жаш каптап, көзү тунарып кетти. Муну ал буга чейин да бир канча жолу байкаган.
Кээ бирде көз жаш кубанган кездерде, жагымдуу учурларда пайда болорун билчү. Анткени, андай учурда жыбылжыган бир жылуу агым бүт тулку боюн магдаратып жибергенин сезчү. Денеси балкылдап эрип бараткандай, жагымдуулук пайда болор эле. Бүт денеси эрип, жок болуп кете тургансып, Жанды бул сезим алдастатып жиберчү.
Кудум бүгүнкүдөй алда неге ыза болуп, катуу кайгырып турган кездерде да ушинтип, көзүнө жаш каканактап келчү болду.
Башын көтөрүп, жогору жакты карады.
Жардын учунда дагы экөө-үчөө жүрүптүр...
Кызмончок менен байланышка чыгууну самады. Аны жок дегенде алыстан болсо да уккусу, туйгусу келди. Башындагы бардык жагымсыз ойлорду кубалап, сезим-туюмун жакшы ойлор менен жууп-чайкап: “Балким, байланышууга мүмкүнчүлүк табылып калар...” – деген үмүткө жетеленди.
Жок. Үмүтү акталган жок. Кызмончок аны менен сүйлөшүүгө даяр эместей, анын «чакырыгын» күтпөгөндөй. .. кабыл алган жок! Бул мамиле Жанды ого бетер ызалантты. Бул жашоодогу бар жазанын кыйыны ушул эле! Жашагысы келбейт кетти анын!
Кызмончокко жетип, анын жанында өмүр бою бирге жашап калуунун жолун тапкандай болду: “Билем, азыр алдыларына барсам, адамдар адегенде башымды жанчышат. Анан көкүрөгүмдү тилишет да, жүрөгүмдү жулуп алышып, солкулдап согуп турган боюнча Бектемирдин таңдайына салышат... Ошол жүрөк бир далай убакытка чейин Бектемирдин оозунда, анан алкымында, ашказанында согуп турат да, кан-жанына бөлүнүп тарап кетет... Анан...ошол жүрөк менен Бектемир Кызмончокту сүйөт! Мен кандай сүйсөм, ал да ошондой жалындап сүйөт! Мен кандай аярласам, ал да ошентип аярлайт!.. Демек, аны Бектемирдин эмес, менин сүйүүм бактылуу кылат!.. Кызмончок күйөөсүнүн деминен менин демимди, жытынан менин жытымды сезет... Менин сүйүүм, менин жүрөгүм Бектемирдин каны аркылуу айланып жүргөнүн туят... Ичи элжирейт, ал үчүн ушундай курмандыкка барганым үчүн ыраазычылык билдирип, Бектемирдин мен жүргөн денесин бекем кучактап, бакытка мас болот...
Кокус андай болбой, адамдар Кызмончокту кошо өлтүрүп коюшсачы, анда эмне болот?!»
Ушуну ойлонуп отуруп, жардын үстүнө чыга калган Жан нес боло түштү! Кечээ эле муну менен кармашып жүргөн кара чаар жылан Бектемирден алынбай калган өчү, көксөөсү бар немедей кайра да кайрылып келип, адамдар менен тирешип калыптыр!
Жандын денеси чатырап, чыңала түштү. Кечээ жаны ачып калгангабы, же балким, кандай болгон күндө да адамдарга жан тарттыбы, көз ачып жумганча кара чаарга «учуп» жетип, тикесинен бойлошуп туруп калды! Экөө укмуштуудай, ызылдаган ышкырык чыгарышып, бири-биринен көз айырбай, кудум каккан казыктай денелери катып, солкулдап турушту. Бу саам да бири-бирин кежигеден алганга аракет жасашып, тиш салышып, «жалп!» этип жерге кулашып, бири-бирин денесине орой, муунтуп салчудай моюндан кысышып, калчылдашкан катуу кармаш башталды...
Карап турган адамдар оолактап, артка жыла беришти. Абылай жанталашып, уулунун жанына келди. Кайра кайтып, колунда канжарын оңдой кармап, баласы үчүн кармашка түшчүдөй комдонуп туруп калды. Калгандары анын артында... Ишенбай жанталашып, Мукандар кеткен тарапты карап:
– Атаңдын оозун урайындар, ушундайда жоголуп кетишет! Алар келгиче бизди жеп кетпесе болду булар! – деди ыйлап жиберчүдөй үн менен.
– Мылтык кайда?! – деди коркконунан денесин кара тер басып кеткен Таңырбай алдастап.
– Абыке, мээлегениң жаза тийчү эмес эле, ушундайда экөөнү тең жайлап салсаңчы, ыя?! Бекибайга дары кылсын деп, Кудайым өзү алып келгендир да? Ошентсеңчи, ыя?! – деп безилдеп ийди.
Абылай: «Ырас эле», – дегендей, жерде – Бектемирдин жанында жаткан мылтыгын ала коюп, кармашып жактан экөөнү карай мээлеп калды.
– Ата? – кара терге түшүп, чабалактаган Бектемир оор уйкудан ойгонгондой аста кыңкыстады. – Атпа...
Мылтыктын көзөнөгүнүн ичинде титиреген сөөмөйү илинчекти мына-мына басып алчудай болуп калган Абылай мылтыгын ылдый түшүрүп, жеңинин учу менен маңдайынын терин арчып: «Эмне кыл дейсиң, каралдым?» – дегендей уулуна карады. Ишенбай менен Таңырбай муну анча деле жактырышкан жок.
– Эк, кокуй! – деди Ишенбай Абылайга нааразы болгондой этегин кагынып. – Эмне деген адам бул?!
Бу кезде жыландар бири-бирин кежигеден тиштеген боюнча сүйрөшүп, сүйрөлүшүп баратышкан болчу.
– Ата, Жан мени... куткарып калды, – деди Бектемир үзүп-үзүп сүйлөп. – Кара чаар жыландан...
– Куткарып? – баласынын тилге келгенине жетине албай кеткендей, үйрүлө түштү Абылай. – Кара чаардан?..
Кептин чоо-жайын түшүнгөндөй, жыландар кеткен тарапты карашты.
– Атаңдын оозун урайын, баламда анын эмне өчү бар экен?! – деди өңү түктүйгөн Абылай. Ошо кезде бири-бирин кубалаган Жан менен кара чаар кайра берини карай келатышкан.
– Кара чаар – Кызмончок эмеспи, ыя?! – деп ийди Таңырбай. Абылай тура калып, мылтыгын шыкаалап, жыландарды мээлей баштады. Бир убакта: «Баң-ң!! !» – эткен ачуу үндөн Жинди-Чаптын жары урап, уюлгуган коюу чаң асманга сапырылып, Жер-Куйдун ичине алаамат түшүп кетти. Мунун залакасы жыландардын ордосунда да тийип, тээ бийиктен күч менен келип түшкөн койдой, уйдай таштардан бир канча жылан жанчылып да калды... Жыландарды бул окуя ордосунан козгоп койду...

* * *
Ок тийген жер тытылып, алакандай жер оңурая түшүптүр.
Кара чаар жыландын башсыз калган денеси ошо жерде ийрелеңдеп жатат. Бир карыштан узунураак мойну менен калган башы жанында секирип жүрөт!
Жыландын башы эми топулдап, адамдарды карай секирди. Алынбай калган өчү бардай оозун ачып, тилин чыгарып, айбаат көрсөткөн болду…
Адамдар артты карай кетенчиктеп жылышты. Абылай гана уулун калкалап, калдаңдап канатын жайып, кете албай турду. Так ушу маалда тал сүйрөтүп келаткан балдар аттарынан ыргып түшө, колдоруна таш ала коюшуп, сыраңдап секирген кара чаардын башын таш бараңга алып жиберишти.
Жыландын башы кичинекей үймөк таштын алдында көмүлүп, ың-жыңсыз, тынчып калды. Көп өтпөй эле Абылай жыландын тулкусун чапаны менен жаба салып, үстүнөн басып жыгылды да, боорун тилип жиберди. Баары аны карап, жарданып турушту.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#163 Пользователь офлайн   mmiram   28 Февраль 2017 - 14:33

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 25
  • Катталган: 18 Март 13
  • Соңку аракети: 12 Июл 2024 23:13

Ой алтын кыз экенсин да бизди зарыктырбай
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#164 Пользователь офлайн   Kyrgyzka-95   01 Март 2017 - 00:21

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 13
  • Катталган: 11 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 11 Мар 2017 02:56
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

ЖЫЛАНДЫН СУЙУУСУ

ЭКИНЧИ КИТЕПТЕН

28

Жыландын боорун туш келди кескилеген колдору калчылдап, өзу кара терге түшүп кеткен Абылай бир убакта Касен сарыны айласы түгөнгөндөй, жалооруй тиктеди:– Жүрөгү жок го, Каке?!
Бектемирдин жанына аралжы издеп, Алладан шыпаа сурап, алынын келишинче аракетин кылып отурган Касен адегенде оңурайып, суроолуу карап калды да:
– Тиги ташты ачып карагылачы? – деди анан. – Ошол жакта калбасын?
Абылай баш болгон жоон топ киши анын айтканына адегенде түшүнө беришкен жок. Бир убакта гана мээсине эми жеткендей, Абылай ордунан калдаңдап тура калып, үйүлгөн ташка келди. Бирок жыландын башы таштардын арасынан сороңдоп чыга калчудай, дароо катыла албай, элди карады. Кооптонуп турган балдар адегенде артка кетенчиктеп барышып, көп өтпөй эле камчынын, союлдун учу менен таш корумду ачып жиберишти.
Абылай жыландын кыймылсыз жатып калган башына адатынча чапанын жаба салып, бир топко чейин басып жатты да, жансыз экенине көзү жеткенден кийин да башты чапанын этеги менен орой салып, тизеси менен ныгыра басып алып, сороюн чыккан моюнду узатасынан тилип жиберди.
Көп өтпөй эле Абылай солкулдап согуп турган, бармактын башындай болгон жүрөктү алаканына салып, кубангандан алдастап, кара терге түшүп турду...

* * *
Ок атылганда алда кайда ыргып-секирип кеткен Жан жакын эле жерде мунун баарын карап жатты...
Кечээ кара чаар экөө Жер-Куйдун түбүндө кармашып жатып, Эне-жыландын бир булак суудай жыбылжып «агып», аларды көздөй келе жаткан шооратын угуп, туш-тушка бөлүнө качып, бири-бирине болгон кектери ичинде букулдап кайнаган боюнча өз-өз жолдоруна түшүшкөн да, Жан дароо эле Бектемирди карай ашыккан. Анкени кара чаардан мурда жетип, адам баласын андан коргогусу келген. Эми ошол кара чаардын аёосуз өлтүрүлүп, боору тилинип, жүрөгү ысуулай дары болуп жатканын көрүп, эмне ойлоп, эмне кыларын билбей, эси эңгиреп турду...
Бирок кара чаардын алдында анын эч кандай күнөөсү жок эле. Бар болгону – ортого арачы болгон.
Бир убакта Жан «селт» этти! Башын жерге коё коюп, бир нерсени тыңшап калды. Алда нени угуп, туюп, айласы кете түшкөндөй анан куйругу менен же сабай кышылдап, ыйлап жиберди! Анткени, так ушул маалда ордодон үрккөн жыландар ордунан козголуп, кудум былтыркыдай кылкылдап, жар өйдө «агылып», жер үстүнө чыгып келатышкан болчу!..
Жандан кийин эле аларды жылкылар сезип, кошкурук атып, үрпөңдөгөн боюнча алда кайда үркүй качышты. Кээси ээр токумчан, кээси жайдак татырактаган аттардын туяк алдынан сапырылган чаңы менен азынаган ачуу үндөрүнөн талаа-түскө алаамат түшүп кеткендей, адырдын ичи ызы-чуу эле болуп жатып калды. Жаңы эле Актуякка кызыгып мине калган, балдардын эң кенжеси Эрмек да үрккөн аттын үстүндө эбелектей болуп кетип баратты. Эмне болуп кеткенин аңдай албай, аңырайган адамдар эми айлана-тегерегин чочулап карай баш ташты.
– Жыландар! ! !– деп чаңырып жиберди аңгыча балдардын бири.
Жыландардын алды жыбылжып, жар астынан чыга баштаган болчу!
Адамдар нес болуп катып турушту... Алардан беш-он эле кадам арыда кара чаардын башы, тулкусу жаткан...

* * *
Так ушул маалда, тээ айыл тараптан уюлгуган чаң чыгып, тумшуктан бери имериле чаап келаткан жалгыз атчан көрүндү... Кубалашып келе жаткандай, артынан дагы бири пайда болду...
Кулактары жапырылып, жал-куйругу сапырылып, оозунан ак көбүгү куюлуп, алдыда келе жаткан – Актуяк. Үстүндөгү Эрмек эчак эле эбелектей болуп ыргып түшүп, жолдо калган... Анын ордуна эркек баланын тебетейин, кемселин кийген Кызмончок келатат. Арткы карагердин үстүндөгү – Алымкан экен.
Эртең менен Актуяктын жайдак келгенин угуп, Жинди-Чапта бир укмуштар болуп жатканын сезип, санаасы тынчыбаган Кызмончок Алымкандан жол сураган. Алымкан аны жалгыз жибергиси келбей, уулуна деп багып-тегип жүргөн жалгыз атын токуй салып, кошо аттанган болчу. Учкашкан экөөнүн алдынан жыландардын үрккөн Актуяк кезиккен. Кызмончок карагерден түшө калып, Актуяктын артынан чуркаган. Чакчаңдаган жаныбар Кызмончоктун үнүн таанып, тээ бир далайга чейин токтоно албай барып, артына кайрылып келген да, келинди жыттагылап, жер чапчып, алда нени айтып жаткандай азынап турган. Анын минтип, экинчи жолу да жайдак келиши жөн эмес экенин түшүнгөн Кызмончок атка ыргып минип, камчы артынан камчы уруп, алып учуп келаткандагы кези эле.

* * *
Жыландардын алдында келаткан эне-жылан бир убакта токтоп, артында кыжылдап келаткан жыландарды да токтоткондой башын көтөрдү. Ылдый жактан таштардын тарсылдап кулаганы, кум-шагылдын шагырап агылганы болбосо, эми эле шуудураган, шуулдаган бир башкача добуш басылып, жымжырт боло түштү.
Эне-жылан алда нени сезген, туйган окшоп тунжурап, жар үстүндө жабалактап турган адамдарды кыдырата карады. Алардын арасында кызыл-жаян болуп жанчылып, башы үзүлүп жаткан кара чаарды көргөндө денеси жыйрыла түшүп, ошону тиктеген калыбында көздөрү бир далайга чейин катып калган окшоду...
Бир гана Бектемирдин акырын кыңкыстап онтогону болбосо, адамдардын ооздорунан келмелери ыргып, демдерин ичине жутуп турушту. Эне-жыландын оор тулкусу эми кара чаар тарапка бурулганда. .. Жан ордунан аткан октой ыргып-секирди. .. Чагылгандай ийрелеңдеп, адамдарды ушунчалык тездик менен аралап өтүп, эне-жыланга жетип-жетпей токтоду.
Жыбылжып жылып келаткан эне-жылан токтоп калды.
Адамдарга бир аз жан кире түшкөндөй болду. Туш-туштан:
– О, Кудай?! – Айланайын Кудай?
– Жан, айланайын?.. – деп күбүрөнгөн үндөр угулду. Жан ордо жылан менен адамдардын ортосуна арачы болгондой, ортодо ышкырып турду:
– Тс-сс..!
Жыландар тараптан да бирөө-экөө ага жооп бергендей, сыягы акараат кылгандай баш көтөрө коюшуп, бирок эне-жыландан ыйбаа кылгандай кайра «жыгылышты. ..»
Эне-жылан менен Жан тиктешип калышты...
Экөөнүн диалогу бара-бара курчуп бара жаткандай, тулкулары кез-кез «калч-калч» этип, куйруктарынын учуна чейин титирей түшүп, токтоп жатты. Моюндары бирде оңго, бирде солго, бирде алдыга, артка карай ойдолоктоп, кызуу талкууга киришкендей эле...
Алдастап өзүн жоготуп, эмне кылып жаткан өзү да билбей калган, эс-акылында бир гана: «Баламды сакташым керек», – деген ой менен турган Абылай да адатынча мылтыгын ала коюп, мээлей баштады.
Аңгыча, Актуяктын азынаганы угулду...
Көл кечип келгенсип, булоолонуп тердеп алган Актуяк буларды аралап кирип келе албай, кош аяктап тура калды.
Кызмончок аттан ыргып түштү да, чылбырды таштап жиберип, эми жөө чуркады. Алымкан да алда кайдан эле аттан түшүп алып, каргылданган үн менен:
– Кызмончо-ок? ! Кагылайын кыз?! – деп, Кызмончок бир балакетке кабылганы бараткандай колдорун булгалап, жыгылып-туруп, ыйлап келатты...
Адамдарды, Жанды карап кышылдаган жыландардын мойну эми Алымкан менен Кызмончок тарапка бурулду.
Эне-жылан менен Жан ошондо да бири-биринен көздөрүн тартып ала албай, бири-бирине бир топко чейин «байланып» турушту да, качан Кызмончок аларга аралашып кирип келгенде гана бурула карашты.
Эки ийнин солкулдата энтигип, күйүккөн келин жыландарды аралап кирип келип, башындагы эски тебетейди колуна ала койгондо, төбөсүнө ороп алган олоң чачы далысы ылдый куюлуп, такымына жабыла түштү.
– Кызмончок?! – адамдар жандана түшкөндөй болушту.
Жан тикесинен тура калды.
Кызмончок адегенде Жанды, андан кийин эне-жыланды, анын айланасындагы чубалжып, жыбыраган макулуктарды айланып-тегеренип карады. Адамдардын бу жолу да калпыстык кетиргенин түшүнгөндөй, жыландардан жансоога сурагандай, жерге тизелеп отурду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#165 Пользователь офлайн   Sushi_wok   01 Март 2017 - 21:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Улантып жазып койгулачы суранам эн кызыгына келгенде токтотуп койбой бай эле болуп кеткирлегир
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#166 Пользователь офлайн   mmiram   01 Март 2017 - 21:35

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 25
  • Катталган: 18 Март 13
  • Соңку аракети: 12 Июл 2024 23:13

Ооба кайра кайра карап куурадык го
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#167 Пользователь офлайн   bema_bema   01 Март 2017 - 22:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Эне-жылан да, башкалар да аны түшүнгөндөй, атүгүл ага баш ийип, ыйбаа кылгандай акырын жыбылжый жылып, айлана-тегерегине чогула башташты. Мындайды күтпөгөнгө, Кызмончоктун эриндери эмшеңдеп, муун-жүүнү бошоп кетти.
Бирок бул да көпкө созулган жок... Бир убакта келин Абылайдын так өзүнө мээленип турган кош ооз мылтыгы менен тиктешип калды!..
– А... та? – деди Кызмончок шыбырап.
– Кет! – көзөнөктү шыкаалаган калыбында калчылдады Абылай. –Желкемдин чуңкуру көрсүн сени! Кет! Апкет..! Баарын апкет!
Кызмончок Абылайдын жанындагы адамдарды карады. Бирок алардын биринин да түрүнөн, көзүнөн өзүнө карата жылуулук көрө алган жок. Бардыгы тең анын ылдам эле жыландарды алып, бу жерден кетип калышын каалап да, суранып да, талап кылып да жаткандай телмире тиктеп, үн-сөзү жок карап турушкан болчу.
Кызмончок кекиртегине тура калган томуктай нерсени «кылк» эттирип, акырын жутуп алды. Адамдардын Кызмончокко карата болгон жер көтөрө алгыс жек көрүүсү аны азыр, мына бул буту-колсуз макулуктарга кошуп, ошолордун агымы менен агызып жибериши мүмкүн эле! Бирок, Кызмончокту үлпүлдөгөн бир үзүм сүйүү ошо азаптан арачалап турган сыяктанды! Кызмончок мунун кимден, кайдан экенин да билет. Ал – Алымкандыкы! Бирок андан да башка билинер-билинбес, өчүп-жанып турган, Кызмончокко сезилбеген бир үзүм билик бар экенин бул али биле элек...
Кызмончок аяк алдында жыбылжыган жыландарды, жанындагы тынчы кете тыбырчылап, элди тиктеп тирмийген Жанды карады! Буту-колсуз макулуктар ага боор тартып, мээримдерин төшөп, адамдардын таш боор мамилесинен, ар кандай жосунсуз жоруктарынан арачалоого дапдаяр экендигин билгизип, буйрук күтүп, демдерин ичтерине жута, ынтылып турушкан эле... Кызмончок жерде жаткан Бектемирге көз жиберди:
– Бектемир?.. – деди ал. Башын жерден болор-болбос көтөрүп, угуп-көрүп жаткандарынын өңү, же түшү экенин ажыратып биле албай жаткан Бектемирдин көз алдында мунун баары кылкылдап, чала-була элес-булас болуп көрүнүп жаткан болчу. Кулагына атасынын:
– Кет! Кет! – дегени гана ташка тамга баскандай угулуп жатты.
Көздөрүн чоңураак ачып, айлана-тегерегин дааналап көргүсү келди. Кызмончоктун караанын элес-булас баамдады:
– Кызмончок?..
Жерди каптап, кара жабыргадай кыжылдаган жыландардын арасынан Кызмончок кошо жылан болуп көрүнүп кетти. Кудум кечээки кара чаардай айбаат берип, атасына кол салганы жаткандай түшүндү. Бир туруп, жыландар Кызмончокту тегеректеп алышып, ага сес көрсөтүп, талап жаткандай элестелди.
– Ата, ат! – деп чулдуруктады Бектемир. – Өлтүр, ата!
Мылтыгын шыкаалаган Абылай баласынын мунусун Кызмончокко карай жоруп, ого бетер калчылдап калды. Аңгыча:
– Жо-ок!!! – деп ый аралаш чаңырган аялдын үнү угулду. – Атпагыла!
Жоолугу башынан шыпырылып, эки өрүм куудай чачы жазылып, энтиккен Алымкан буларга жетип-жетпей, аркан бою аралыкта жер кучактап, көмкөрөсүнөн кулады.
– Жеңе-е?! – чаңырып жиберди келин. Айлана кулак-мурун кескендей жымырап, бардыгы Алымкандын тура калышын күтүп калышты. Бирок аял жыгылган боюнча былк этпей жата берди... Кызмончок Алымканга аттап-буттап жетип, эки ийнинен кармап, өйдө кылууга аракеттенди. Бирок аялдын дене-башы салактап, өйдө турууга такыр аракеттенбей койду!
Кызмончок элди карады.
Абылай дагы эле мылтыгын түшүрбөй, бирде келинин, бирде жыландардын улам бирин мээлеп, баласын корголотуп турган.
Таңырбай менен Ишенбай анын артында, балдар Мукандын далдоосунда, эч кимиси эч качан козголбоочудай катып турушат.
Кызмончок туш-тушка жайылып, жыбылжыган жыландарга, алардын арасында суналган эне-жыланга, жанында айланчыктаган Жанга:
– Кеткиле! – деди энтиге.
– Ылдам! Болбосо, жайлап салам! – деди Абылай.
Кызмончоктун эси-дартынын баары Алымканга ооду. Жыландар кетсе эле, адамдардын баары жабылып, Алымканга жардамга чуркачудай ойлоду.
– Кеткиле? – деди келин. – Суранам, кеткиле. Ансыз, Алымкан жеңеме кыйын болот, кеткиле!
Ошондон көп өтпөй эле жыландар кыр ашып, кайдадыр ооп кетип баратканын адамдар узата карап турушту. Абылай мылтыгын дале таштабай, аларды артынан шыкаалаган боюнча эле. Качан гана жыландар көрүнбөй калганда, адамдарга жан киргендей болду. Ким-кимиси карбаластап, кеткенге камына башташты. Алардын түрүн көргөн Кызмончок:
– Ата-а?! – деди шашкалактап. – Жеңеме жардам бериңиздер? ..
Аны эч ким укпай, көрбөй жаткандай, тыңшап да коюшкан жок. Бектемир жаткан көрпөчөнү туш-тушунан көтөрө коюшту да, эки аялды айланып өтүшүп, айылды карай жөө-жалаңдап жөнөй башташты.
– Жардам кылгыла-а, ата-а?! – деп жалдырап ыйлап, сурана берген Кызмончоктун үнү чыкпай калды. – Мукан? Ата? Чынтеми-ир?
Жерге чөгөлөп отура калып, эки жагынан өтүп жатышкан адамдардын улам бирине үңүлүп, жеңесине жансоога сурай берди:
– Жеңемди ала кеткилечи? Таштабагыла- ачы?! Же ңем ди-и...
Уккан киши болгон жок. Айланып өтүп кете беришти... Кетип бараткандар тээ бир далайга узап кеткенде гана келин ордунан тура калып, дикилдеп бир далайга чейин арттарынан эрчип, бара-бара үнү таптакыр чыкпай, шыбырап калды:
– Жеңемди... ала... кеткиле..?
Ал адамдардын карааны узап кеткенде гана токтоп, бир топко чейин узата карап турду да, өзү да азыр «күп» этип кулап түшчүдөй ыргалган калыбында кылчайып, артына карады. Алымкандын жансыз денесинин жанында сороюп Жан турган...
Кызмончок толкундун үстүндө калкылдап тургандай сезди өзүн. Жер чайпалып жатты ага. Көзү караңгылап, башы тегеренип баратты. Дыбыраган муздак жамгырдын тамчылары саамайы ылдый шорголоп агып, эки бетин, алкымын, мойнун жууп, койну ылдый агып кирип жатты. Жакын эле жерден, так төбөсүнөн чагылган чартылдап жиберди. Ушунун көбүн сезип-сезбей, эс-мас болгон Кызмончок өзүнөн-өзү жумулган көздөрү менен, чапталышкан кирпиктерине ээ боло албай шалдайды. Жада калса бутунун учунан жогоруну карай чымыратып, тоңуп келаткан «муздун» көкүрөк алдына чейин келип калганын туйбай да калды. Бар болгону эле сенейип бараткан денесинин катуу бир диртилдеп, титирей түшүп, серпилип алганын сезди да, турган жеринде «шалак!» этип кулап түштү. Көп өтпөй эле уюлгуп келген шамал жыгылган келиндин этек-жеңин делбектетип, жанында айланып-тегеренип турду да күүлөнүп, коюуланып отуруп бир кучак куюнга айланып, дамдар кеткен тарапты көздөй жөнөдү...

* * *
Бектемирди көтөрүп алып, тумшуктан жаңы эле имериле берген адамдарды бура бастырбай, бет алдыдан урган бороон-чапкын жол тороду. Баштарын өйдө кыла албай, бөкчөңдөп келаткан адамдар акыры бети-баштарын калкалап, Бектемирди ортого жаткыра коюшуп, өздөрү бири-бирин кучактай, уй мүйүз тартып, чогулуп турушту.
Кудум өгүнкүдөй бороон улуп келип, боз адырдын боорун тытмалап, чаңын асманга сапырып жиберди. Эми эле ачык турган айлана-тегерекке боз түшүп, топурак-чаңдан көз ачылбай калды. Асманды кара булут каптап, күн күркүрөп, чагылган чартылдап, мөндүр аралаш жамгыр жаап жиберди.
Ар кай жерден аттардын азынаган, иттердин улуган үндөрү угулуп турду.
Бир убакта адамдар булардан анча алыс эмес жерде уюлгуган куюнду байкашты. Турган жеринде ушунчалык ылдамдыкта айланып-чимирилген куюн эми түз эле буларды карай келатты...
– О, Кудай! Айланайын Кудай? Колдой көр?!
– Ла илаха илла аллах Мухаммаду расулу аллах... – деп, биринен сала бири Кудайга жалынып, келме айта башташты. Күү менен чимирилип келген куюн үймөлөктөшкөн топко чала-була «тийип» өтүп, асманга карай көтөрүлдү. Ошол маалда куюндун ичинен адамдын тарбалаңдаган колу-буту көрүнө түшүп, жок болуп кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#168 Пользователь офлайн   bema_bema   01 Март 2017 - 22:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Китептин автору Жыпар Исабаева эжебиз жазып атат, эже жазганда эле бул жака суйроп келдим .Китеби болсого баарын кочуруп салмакмын.Сиздер сыяктуу кутуп окугандардын катарындамын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#169 Пользователь офлайн   bema_bema   03 Март 2017 - 02:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Адамдар кум учурган алай-дүлөйдөн баштарын көтөрүүгө, өйдө кароого алдары келбей, Абылай болсо жерде уулун кучактап, жерде бөк түшүп жатышты.
Куюн бийиктеп көтөрүлгөн сайын алай-дүлөй басаңдап, айлана-тегерек тынчый баштады. «Куйругу» кудум ак жыландай ийрелеңдеп, жерден араң үзүлүп, улам бийиктеген сайын айылдын четиндеги карт чынарды элестетип, канат-бутагы жайылып бараткан куюнду иээ бир убакта адамдар аңкая карап турушту. Качан гана куюн тоонун «үстүнө чыгып», көрүнбөй кеткенде гана эстерине келгендей карбаластап, бири-бирин толуктай башташты. Аңгыча Абылайдын абалкысындай эле:
– Балам, балам кана коку-уй?! – деп баркыраган үнү жымжырттыкты жарып жиберди. Ким-кимиси жанталашып, ортодо оролуп-чулганган Бектемирди карашты. Ал ордунда эле жаткан болчу.
– Чын-те-ми-ир? ! – асманды карап, барбайган колдорун жая, кайра да баркырады Абылай.
– Ата, мен мында турбаймынбы! – артынан чыккан үнгө «жалт» карады атасы. Уулун көрүп, кубангандан балбаалап ыйлап жиберди.
– Ким жок? – деди Таңырбай.
– Асан?! – Аңгыча Касен сары чыйылдап жиберди. – Менин уулум жок го?!
Ошондон кийин гана адамдар жанагы куюн булардын арасынан баарынын кенжеси – Асанды жула качканын билишти. Аңырайып асманды – куюн кеткен тарапты карашты. Касен сары чөгөлөп отура калып, башы менен жер сүзгүлөп, Кудайга үнү жете боздоп жатты.
– Жана Алымканды бекер таштап кетпедикпи- и, кокуй! – баятан бери ушуну ойлонуп, ичинен кыжалаттанып, бечара аялдын жерде суналган денесин айланып өтүп кеткенине жүрөгүн мыкчылып, карегиндеги кылгырган жашты сыртка чыгарбаш үчүн эринин кесе тиштеп келаткан Касен сары ушинтип боздоп жатты.
– Ошону ала кетсек мындай азап болбойт эле го, кокуй?! О, Кудай! Эми эмне кылам, кокуй?! Ой, боорум, ай!...
Азыр алардын арасынан бирөө эле үн чыгарса, тең экиге жарылып кетүүгө, элүү менен алтымыштын ортосунда турган табып даяр эле. Керек болсо ал баятан бери ичинде Абылайдын «мен, өзүм гана» деген өзүмчүлдүгү үчүн тымызын жек көрүп да келаткан. Анткени тиги жерден узаарда: «Алымканды карап койбосом, табыпчылыгым кайсы? Кудайга деле жакпай калат го?» – деп күңкүлдөгөндө, Абылай: «Арамдан бүткөн андай эмелерге имерилиштин өзү күнөө!» – деп тыйып койгон болчу. Болбосо, бой жеткен боз улан кезинде: «Болочок жарым Алымкан болсо?..» – деп арзып, ак эткенден так эткен, а бирок тартынчаактыгынын айын ан кеч калып, башкага алдырып жиберген, атүгүл али күнчө жүрөгүнөн өчпөй калган алгачкы махабатын кантип ушундай учурда таштап, жок дегенде башын жөлөп, оозуна суу тамчылатып койбой басып кетти десең, арман!
Алымкан дудук болуп, тил ооздон калган кезде да кабыргасы бир катуу кайышпады беле! Атүгүл айыктырып алууга арга издеп, табыпчылыктын артынан түшүп кеткени да ошондон эле го! Алымканга тил бүтүп, айыкканын укканы, кубангандан буту жер баспай, канат бүтүп калбады беле катыгүн!
Жолду катар мына ушуларды ойлоп келаткан Касен сары, Кызмончоктун жардам сурап, кыңылдаган алсыз үнүн уккан сайын жаш баладай баарын таштап салып, артына шарт бурулуп чуркагысы келген! Анткен менен: «Сакалың өрттөнгүр! » – дейби деп элден, «Жарыктык киши!» – дейби деп балдардан тартынган! Ансыз да булардын жаш кездеги ашыктык ышкысын билген эмелер эртең эле ушак кылып жиберишмек. Андайда, араң турган үйдөгү тажаал катын мунун кактабай канын ичмек! Ушунун баарына кошул-ташыл, баласын көз көрүн өө алдырып жибергени боорун эзип, ботодой боздогон Касен сары боортоктоп жатып калды.
Абылай баштаган эркектер бир топко чейин эмне кылары түгүл, эмне дешерин билбей, бири-бирин карап, унчукпай турушту.
– Бул – Кызмончок жеңе болуш керек, же Жан... – деди аңгыча жаш балдардын бири асманды карап.
– Куйругу ак жыланга окшошуп кетти го? Көрдүңөрбү?
– Касен аба, сабырдуу болуңуз! – деди Мукан жерде сойлогон табыпты ийнинен кармап. – Асанды да табабыз! Силер Бектемирди алып айылга түшө бергиле. Биз... артынан баралы.
Анын айтканын баары эп көрүп, ынана түшкөн сыяк танды.
– Мен да барайын? – Касен сары ордунан тура калды. – Баламды издейин?..
– Жок! – «селт» этип, чочуп кетти Абылай. – Биякта бала чыдабай жатса, эмне деп жатасың, акмак?! Кантип таштап кетем дейсиң, ыя?!
Касен сары абалкыдан да катуу калчылдап, бетинин түгү сыртына чыга түштү:
– Омо-ой, эл-журт, эмне деп атат бул, ыя?! Сенин балаң – бала, а меники бала эмес экен да, ыя?! Улуу деп, сакалын сыйлап койсо, кара муну! Сенин балаңды карайм деп, өз баламды талаага таштап кетишим керек экен да, өгүз!
– Эмне деп атасың?! Ким өгүз, ыя?!
Экөө жакалашып, ийиндери менен түртүшүп, тиреше калышты.
– Кой, койгула! – Таңырбай ортого түшө калды. – Экөөңдүн тең башыңа иш түшүп турганда, антпегиле. Акыл калчап, бир чечимге келели, баатырлар?! Бир ачууңарды бергиле. Койгула!
– Касен ата, сиз да бара бериңиз. Биз Асанды таап, артыңардан бат эле барып калабыз. Куюн – анча чоң эмес, менимче алыс деле кеткен жок. Тоо бар эмеспи... – ишенимдүү да, өктөм да унчукту Мукан. – Жөнөңүздөр!
Ошондон көп өтпөй эле, келаткан топ экиге бөлүнүп, кары-картаңдар баштаг топ Бектемир салынган көрпөчөнү тырбалаңдап туш-тушунан көтөрүп айылды карай, Мукан баштаган топ тоонун боору менен кыйгачтап, адырды карай баратышты...

* * *
Алымкандын денесинин так үстүндө калкылдап, коно албай жүргөн таз жорулар эми канаттарын калдактатып, жыгылыпк алган Кызмончокту карай учушту.
Жандын айласы кете түштү. Кудум асманга учуп чыгуучудай октоло түшүп, Алымканды бир кылчайып карап алды да, ал дагы эми Кызмончокту көздөй жөнөдү. Жаңы эле конуп, канатын жыйып ала элек таз жорулар жылан жеткенде калдактап уча качышты.
Жан Кызмончоктун билинер-билинбес дем алган көкүрөгүнө башын коюп, канчадан берки сагынычын таратып, же бала кездегидей эркелеп жаткандай, балким Кызмончоктун ылдам жыланга айланып баратканын билгиси келгендей кыймылсыз жатты да, бир убакта күйүнгөнү да, сүйүнгөнү да белгисиз, кышылдаган бир түшүнүксүз үн чыгарып, куйругу менен жер чапкылап жиберди. Кудум Кызмончоктун муштумундай болгон жумуру башы койколоктоп, келиндин коюн- колтугуна кирип, бирде жакасынан, бирде жеңинин учунан чыга калып жатты.
Келиндин жарым жартылай, көкүрөгүнүн жогору жагы гана жылымык тартып, денесинин калган бөлүгү муздап кеткен болчу.
Жан Бүбү эненин качанкы жомогун кайра да эстеди...

* * *
Ошол күнү эриндерин кыбыратып, шыбырап сүйлөп, акырын дем алып жатканы гана болбосо, кансөлү качып, сөлөкөтү гана калган кемпирдин «жомогун» угуп отуруп, бир убакта Асылбек:
– Эне?! Бул эмне дегениңиз?! – деп, жансоога сурагандай, Бүбү эненин тарбайган манжаларын кош колдой кармап, чөк түшүп отура калган.
– Токто..! «Мен айтчумду али айтып бүтө элекмин», – дегендей ишарат кылып, баш чайкаган эне, Асылбектин ордуна отурушун күтүп, сабырдуу болушун талап кылгандай, саамга унчукпай жаткан. Ошону түшүнө койгон Асылбек, Бүбү эне ушул боюнча токтотуп койчудай коркуп кеткен. Анын жалдырап, жалооруй караган көздөрүндө, окуянын аягынын жакшы бүтүшүн күтүп, жакшы корутунду уккусу келген каалоо бар эле.
– Бул сырды сен ичиңе бекем сакташың керек, – күткөн маалы келгендей, Асылбек тынчып отуруп калганда кайра кобурай баштаган эне. Так ошол тапта жакын эле жерден «шырп» эткен дабыш чыгып, байбиче жумулган көздөрүн бүлбүлдөтүп ачып, кулак түрүп калган да:
– Ким бар? – деген, алардын сөзүн өздөрүнөн башка да бирөө жарым тыңшап жатканын шекигендей. Асылбек эки жагын айланып карап:
– Эч ким жок, эне, – деген. Эмнегедир эне башын акырын ийкендетип, саамга үнсүз жаткан да:
– Кызмончок менен жыландын... – деп келатып, кимдир бирөө муунтуп жаткандай кыйкылдап, колу-буту тарбалаңдай түш көн болчу. Ыргып тура калган Асылбек башын жөлөп, жанында турган кеседен оозуна суу тамчылата калган. Ошондон кийин гана кемпир эс ала түшкөндөй көкүрөгүн солкулалдата, терең-терең дем алып, «жомогун» айтып жетишпей калчудай шашкалактап:
– Ушундай, балам... Кызмончоктун – адамдарга, адамдардын – Кызмончокко карата ишеними, мээрими менен сүйүүсү муздабасын. Сүйүү, мээрим, ишеним... Кызды мерездиктен, жандүйнөсүндөгү жалгыздыктан сактагыла. Аны сүйүүдөн кем кылбагыла. Булардан айрылган күнү – Кызмончок жыланга айланат!
Муну укканда Асылбек түгүл, Жан дагы бир «селт» этип алган. Бирок эненин бул созү жыланга жаккан. А кийин Кызмончоктун жыланга айланар күнүн күтүп, бара-бара мунун тек гана «жомок» экенине ишенип, эсинен чыгарып койгон.
Асылбек:
– Эне?! – деп буркурап ыйлап жиберген. Эненин жыгачтай болгон колун эки алаканынын ортосуна салып, көздөрүнөн көз албай, айла сурагандай жалооруп тиктеп отурган.
– Муну жан киши укпасын, антты бузсаң өзүң да, уккан адам да соо калбайт. А силер Кызмончокко керексиңер. .. – деген кемпир. Ошол кезде «шырп» эткен дабыш кайра да угула түшүп басылган. Эне бул дабыштын кайдан жана кимдики экенин билип, нааразы болгондой сумсая тушкөн...
Ошондо Жан булардан анча алыс эмес, киши бою тиреле жыйылган көңдүн артында баятан бери кеп тыңшап отуруп, «жомок» бүтөрү менен тура качкан Алымканды «булак» этип көрүнө калган көйнөгүнөн таанып калган. Жан Алымкандын кийин эмнеге тил-ооздон калганын, эмнеге эми минтип ай талаада жатканын, атүгүл Асылбек менен Сырганын да эмнеге Кызмончокту ушундай азапка калтырып, өмүрдөн эрчишип эрте кете беришкенин да ошол «жомокко» жоруп, ошондогу жомоктун чындыкка айланып бара жатканына ишенип-ишенбей, ай талаада аргасы кетип турду эми.
– Бүбү эне? Ата? Апа? – жыландын оюн окугандай, кеберсип кеткен эриндерин араң жан кыбыратты Кызмончок. – Жеңе?..
Уйку-соонун ортосунда, жок, бири-бирине такыр коошпогон эки өмүрдүн, эки дүйнөнүн ортосунда жаткан келиндин көз алдына, сезим-туюмуна – Бүбү эненин, Асылбек менен Сырганын, Алымкандын, Жандын элестери булактап, элес-булас көрүнө калып жаткан болчу азыр.
Жандын эстутумундагы ушул окуя – эми элеки ойлогонунун баары экөөнүн бири-бирин туюп-сезүү жолдору аркылуу келинге өтүп жатканын жылан байкабай калды.
– Жеңе? – кыңкыстап жиберди Кызмончок. Жан эсине келе түшкөндөй, Алымканды карады. Аялдын денесине таз жорулар калдактап коно баштаган болчу.
Жандын айласы кете түштү. Алып учуп, эми Алымканды көздөй кетти.
Кызмончок бир катуу онтоп алды. Анткени жыландын узап кетиши менен Бүбү эненин «жомогу» да көз алдынан жоголуп кетти. «Анан? Андан ары эмне болду эле?..» – өзүнүн бар-жоктун ортосунда асылып турганын сезген келин ушинтип жанталашып жиберди.
– Жан? Ата?– баарын кайра чакырып, окуянын андан аркы чоо-жайын уланткысы, билгиси келди анын.
– Эне?.. Жеңе?
Бирок бу саам аны алар эмес, кандайдыр түшү нүксүз, бейтааныш көлөкөлөр, бейтааныш туюм, быкылдаган бейтааныш дүйнө курчап, белгисиз дүйнө кай жаккадыр оп тарта баштады. Асман-жердин ортосунда асылып тургандай тырпырап жатып, үзүл-кесил пайда боло калып жаткан жарыкты да көрө койду... Бирок ал жарык кимдики, эмненики экенин ажыратып биле албай жатты.
– Кимсиң?.. – деди туюмунда. Анын жакыныраак келишин каалады. Белгисиз караандан тирүүлүктүн илеби, жан ы магдыраткан жылуулук келип жаткандай болду. Ошол караандан чыккан, күн нуруна окшогон тарам-тарам агыш желелер Кызмончоктун көкүрөк-көңүлүнө төгүлүп түшүп, муздак дүйнөдөн талашып, арачалап жаткан сыяктуу эле... Бул – тирүүлүктүн, болгондо да адамдын мээрими сыяктуу болчуу...
– Бул ким?– деди Кызмончок. – Бектемир?.. Жан? Жеңе?.. Жок. Алар да эмес. – Ата? Апа?
Ата-энесинин ушул эле арада жүргөн үрүлбүрүл көлөкөсүн көрдү. Бирок ал муздак, жарыксыз эле...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#170 Пользователь офлайн   alykul   03 Март 2017 - 13:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 261
  • Катталган: 06 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Июл 2018 23:38
  • Жынысы:Эркек


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#171 Пользователь офлайн   bema_bema   04 Март 2017 - 00:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Адырдын бети мелмилдеп, бул жерде эч качан, эч нерсе болбогондой, эчендеген мезгилдерден бери эле так ушул боюнча тунжурап, тынч жаткандай, бозоргон боорун күнгө кактап, демин ичине жутуп, жымылдап туруптур. Адырдын үстүнө чыкса эле Асанды таап алчудай антаңдап алган жигиттер бири-бирин карашты.
Ангыча балдардын бири:
– Куюн! – деп кыйкырып жиберди. Уландын сөөмөйү көрсөткөн тарапты карап калышты. Айткандай эле, булардын так ошол Жинди- Чапка барчу жолунда чубалжып, асман-жердин ортосуна созулган куюн турган.
– Түтүн эмеспи? – дешти балдар. Дүрбү салып караган Мукан:
– Жок... – деди маанайы түшүп.
– Алигиче куюндун ичинде жүрсө, Асан байкуш соо болбой калды го! – анын оюн Калыс да айтты.
– Кеттик! Бирок алар канчалык чуркаганы менен жол арбыбай, куюнга жете албай баратышты. Бир карасаң, ордунда эле тургандай көрүнгөнү менен, эмнегедир булар жакындаган сайын ал да улам жылып, арылап бараткандай эле.
Балдардын арасындагы улам жыгылып, улам туруп келаткан, баарынын эң кенжеси, чабалыраагы Эсен бир убакта көмкөрөсүнөн жыгылган боюнча турбай калды. Адатынча анын тура калып чуркашын күтүп, тээ кыйлага узап барып токтогон жигиттер кайра тартышты.
– Улан, сен мунун жанында кал! – эриндери кара көк тартып, бүт денеси менен дем алып, кыйналып калган Эсендин тамырын кармап туруп ушинтти Мукан. – Мындан ары бара албайт. Өзүнө келген кезде ылдый түшө бергиле.
– Муну жана эле калтырып койбойт белеңер! – бир кызык нерседен куру калып жаткансып буркуйду Улан. Мукан куюн тарапты карады: – Кеттик! Биринен-бири озуп, эрбеңдеп бараткан эки караан бир убакта жайлап, «тушалып» калышты. Анткени азыр эле жардын кылда учуна жетип, «титиреп» турган куюн төмөндү карай «кулап», – Жер-Куйга түшүп кеткенсип, көздөн кайым болуп кетти. Асан менен үч атадан барып кошулган, бир короодо өскөн Калыс жер муштагылап, өкүрүп ыйлай баштады.
– Калыс? – анын ийнине колун койду Мукан. – Сабыр кылалы, досум.
– Кантип?! – ботодой боздоду Калыс. – Мен аны мына бу колдорум менен көтөрүп, мойнума отургузуп ойнотчу эмес белем. Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек эмес беле?!
– Кантели?..
– Жаңы эле, жаңы эле кыз сүйө баштаганын айтып, чоңоюп калбады беле?! Эмнеге?! Кантип ушундай болсун, ыя?! Кимдир бирөөлөрдүн кылганын эмнеге күнөөсүз адам тартышы керек, ыя?! Эмнеге Чынтемирди же Абылайды алып кетпей, башканы курмандыкка чалат, ыя?! Кызмончо-ок? ! Эмнеге ушинттиң, ыя?!
– Тур, – тизелеп отурган Калысты колтугунан сүйөп, өйдө тартты Мукан, – Асандын дайыны али билине электе жаман жорону баштабачы. Тур, издейли!
– Кайдан?! Жинди-Чаптанбы? ! Жер-Куйдун түбүн өнбү?! А балким, ааламдын аркы четине алып кеткендир? Аякка да барасыңбы?!
Калыс бир чети ызалангандай, бир чети мыскылдагандай мыйыгынан жылмайып, ый аралаш кыйкырды:
– Издейли деп коёт дагы!
– Эмне кыл дейсиң?! – Мукан да кыйкырды эми. – Мунун баарын мен кылгансып, мунун баары мен үчүн болгонсуп сүйлөйсүң да!
Чындап эле Калыс эсине келе түшкөнсүдү.
– Болуптур! – деди Мукан чындап эле. – Сен бу жерде отура бер, анан эс алганда айылга түшүп бар да, алаканыңды жайып карап тур! Мен кеттим.
Мукан куюн «түшүп» кеткен тарапты көздөй ишенимдүү, чечкиндүү жүрүп кетти. Далайга башын салаңдатып, үңүлдөп отурган Калыс бир убакта көз жашын арчыды да, Мукандын артынан жөнөдү... Күйүгүп, энтиккен Мукан жардын кылда учуна токтоду. Алдыда ааламды оп тартып алгысы келген ажыдаардай оозун аңырайтып, бир учунан бир учуна ат чабым Жер-Куй... Кокус, азыр жаза басып, буту тайыса эле ошонун «алкымын» карай түп-түз зымырачудай. Антсе да дүрбүсүн кош карегине кадап, Асанды так ошол ажыдаардын оозунан таап алчудай, анын уңкул-чуңкулун, көзү жеткен жердин баарын калтырбай караганга аракет кылды.
Ичиндеги көлөкө тереңдик улам арылаган сайын коюуланып отуруп, түбү капкара караңгыга айланып кетчү жараңканы үстүнөн үңүлө карай берип, бир убакта көзү карыгып, башы тегерене түштү. Артынан жете келген Калыс:
– Эмне?! – деди акактап.– Эмне экен?!
Мукан унчуккан жок. Ааламды айланта карап жаткандай тунжурады. Канчалык карагысы келбей жатса да, Алымкан менен Кызмончок калган жакка көз жиберди. Эки аял эки жерде жаткан болчу. Ортосунда сороңдоп, Жан жүрүптүр... Дүрбүнүн көздөрү алардан бат эле ары жылып кетип, бир убакта ары да, бери да кетпей катты да калды...
– Эмне?! Көрдүңбү?! – деп ийди ошону байкай койгон Калыс. – Айтпайсыңбы!
Мукандын колунан дүрбүнү жулуп алды.

* * *

Асанды шамал ойготту. Атүгүл кулагына атайын эле ышкырып жаткандай бир азга тынчый калып, бирок кайра эле ызылдап келип, бети-башын «аймалап», багалек-жеңин үзүп алчудай делбектетип, түрткүлөй баштады...Эми элеки «булутка оронуп» алып, тоолордун үстүндө «учканы», атүгүл ага чейинки окуянын баарын, анын ичинде Кызмончокту да түшүндө көргөндөй сезип, кайра уктап калгысы келгендей көздөрүн ачпай, мемиреп жата берди.
Эсине Кызмончок түшүп кетти. Кызмончок тууралуу айылдыктар жакаларын карманып, ар кандай имиш-имиштерди айтышкан сайын күчөп, атүгүл үч-төрт жаш кичүү экенине карабай, тестиер кезинен эле ага болгон ышкысы бар. Бирок кызды канчалык жакындан көргүсү, жок дегенде аны жакындан көргүсү келгени менен, антүүгө оңой менен, деги эле эч качан мүмкүнчүлүк болчу эмес. Кээде боз балдар чогулуп отуруп алышып, ушул кыз тууралуу сүйлөшөр эле. Арасынан бирөө-жарымы туура эмес пикирин билдирип, жаман сөз айткан болсо жакалашып, мушташканга чейин барчу. Анткен менен, ошол балдардын баары эле бул табышмактуу кызды көрүүгө куштар экенин билчү. Чыны менен эле баары тең Кызмончокту жакындан көргүсү келчү. Андыктан, Кудай жалгап ккэде Асандын:
– Жүргүлө, Асылбек атаныкына барып, кызын көрүп келебиз? – деген сунушун эч кимиси жерге ташташчу эмес. Ким-кимиси ошону каалап тургандай:
– Жүргүлө!
– Кантип?! – деп ыргып-секирип кетишер эле. Эми элеки жакалашкандарын унутуп, балдар анан уй-мүйүз тартып бириге калышып, Асылбек атаныкына баруунун ар кандай айла-амалдарын, жолдорун ойлоп таап, шадыраңдап жөнөп калышчу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#172 Пользователь офлайн   Sushi_wok   04 Март 2017 - 22:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Кызыгып оюмдан кетпей калды ушу чыгарма.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#173 Пользователь офлайн   bema_bema   05 Март 2017 - 02:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Башкаларды ким билсин, жолду катар Асандын жүрөгү элеп-желеп болуп, эмнегедир кара терге түшүп кетчү. Кызмончокко кокус жолугуп калчудай, балдардан өзгөчөлөнүп көрүнгүсү келип, алдыга түшүп алчу. Канча ирет ушинтип барышканы менен, Кызмончокту көрүү Асандын да, башкалардын да шыбагасына бир гана жолу туш келген. Эшиктин алдында топтошуп, күбүң-шыбың болуп, короонун ичин шыкаалап турган балдар бир убакта экиге тең жарыла беришкен. Эки чака суу илинген апкөчтү ийнине көтөрүп, булактан келаткан кыз делдейген балдарды карап да койбой, тек гана суйкайган калыбында аралап өтүп, короого кирип кеткен. Кыздын артынан карап, балдар эс-учтарын жыя электе үйдөн анталаңдап Асылбек чыга калган да:– Эмне турасыңар?! Тарагыла! Болгула! О, чычымдар! – деп жерден таш ала коюп кубалаган болчу. Асылбек деле Кызмончоктун айылдын балдары, кыздары менен ойноп, аралашып жүрүшүн жандилинде канчалык каалаганы менен, мунун канчалык опурталдуу экенин билчү. Анткени Кызмончокту курт-кумурскадан да сак-сактап кайтарып турчу бала жылан айбандык кылып, бирде болбосо бирде балдарга залакасын тийгизип коёбу деп коркчу. Ата-эненин андай аракетин булар түшүнүп коюптурбу, кыйла жерге чейин дыргаяктап качып барышчу да, Асылбекти жек көрүп атышчу. Бирок бат эле баарын унутуп салышып, Кызмончоктун сулуулугу тууралуу биринин оозундагы сөзүн бири жула качып, айтып түгөтө албай жатышар эле.– Эй, кирпиктери мо-омундай экен, – дейт Болот деген бала колу менен өз кирпигин чубап, узартып жаткандай көрсөтүп, – ийилип турат экен. – Мойну у-ушундай узун турбайбы, көрдүңөрбү? – Анан бети аппак экен ээ, ыя? – Эй, этеги менин колума тийип кетпедиби кичине! – О-ой, калпычы! – Өлүп кетейин, чын! Андайда Асан Кызмончокту балдардын баарынан кызганып кетчү. Алардын ичин күйгүзүш үчүн Кызмончокту буга чейин канча жолу жанынан көрүп, суусун көтөрүп келгенин, ал гана эмес ырдап бергенин, Кызмончок бетаарчысы менен чекесинин терин арчып, бетинен сылап, күлүп койгонун, Асылбек ата деле эчтеке дебегенин, айтор, кыялында жашап жүргөн «жомокторунун» баарын чынга айланып айтып берип, балдардын оозун ачырчу. Адегенде ага баары ишенип, балдардын арасында аброй да күтүп жүрдү. Балдар түгүл, Кызмончокту биринчи жолу айылдын кыздары, чоң-кичине дебей баягы, Бүбү эненин бейит башында көрүшкөн. Анда деле Асылбек менен Сырга кызын ээрчитип, элдин эң артында келип, бат эле шашкалактап кетип калышкан. Андан кийин эл Асылбектин үй-бүлөсүн таш бараңга аларда, жыландардын ордосу айылды каптап келгенде гана даана көрүшкөн. Ошол кеч күздө Кызмончоктун Бектемирге турмушка чыкканын уккан Асан жылаңайлак, жылаңбаш кар кечип, үйдөн качып чыккан. Улам үйдөн, айылдан алыстаган сайын катуулап ыйлап, акыры өпкөсү көөп, баса албай калганда гана токтоп, кимге таарынганын өзү да билбей, ээги-ээгине тийбей отура берип, үшүгөндө гана үйгө кайтып келген. «Абылай баласына Кызмончокту алып берет экен», – деген имишке адегенде ишенбей, акыры эл менен кошо тойлоп жүрүп келген ата-энеси Асандын денеси от менен жалын болуп, ооруп калганын түндүн бир оокумунда араң байкашкан. Кызмончоктун жубан болушу менен эс-акылында: «Болду, баары бүттү, өттү-кетти! » – дегени менен, жүрөгүндө сакталып калган алгачкы сезимдин, кызганычтын тагы, Кызмончоктун колунан чай ичкен күндөн баштап кайра жаңырган. Анын турмушка чыкканынын бир жакшы жери – Кызмончок мурдагыдай эч кимге табышмак болбой, эч кимден жашырынбай калганы эле. Себеби, Кызмончок менен ымыркай кезинен бирге өсүп, «жансакчы» болуп алган жыландын айылдан кетиши менен элдин шыбагасына Бектемирдин келинчегин жакындан, жанынан көрүү эркиндиги тийген. Айрыкча, Абылайдыкы келин алгандан бери алардын үйүнөн киши үзүлбөй, айылдын чоңу- кичинеси, аял-эркеги дебей, «келин көрдү» кылып, кайра-кайра эле келе беришчү болгон. Ошолордун арасында боз балдар да бар эле. Кызмончок сунган чайдан шорулдата ичишип, жеңенин кирпигинин ирмелишинен тартып, анын бар кыймыл-аракетине карек төшөп, эстери ооп отуруп кетишер эле. Атүгүл, бир сапар Кызмончокту караган боюнча «катып» калган Асанды балдар бышкырып күлүп, чыканак менен турткүлөп жатып «эсине келтиришкен». Ошондон кийин Асандын мүнөзү өзгөрүп, ойлуу тартып, чүнчүп кеткен. Ар кайсыны шылтоолоп, Чынтемирге бара берчү болгон. Андан жеңеси жөнүндө кыйытып сурап алып, ал тууралуу уккан ар бир сөздү көкүрөккө уялатып, кыялында жомокко айлантар эле. Ал эми кечээ Кызмончоктун жоголгондугу тууралуу жаңылык анын жандүйнөсүн жанчып жиберген болчу! Алапайын таппай, кайсактап калган... Элге кошулуп, Бектемирди издеп чыкканы менен: «Кайда кетип калды экен байкуш? Же жыландарга кетип калдыбы?» – деп, эси-дартынын баары – Кызмончокто боло берген. Анан эмне болду эле?.. Бети-башын топурак-кум менен «чапкылап», жада калса ой-сезимин кошо сапырып, көз алдындагы «сүрөттөрдү» жула качып, кулагында атайылап эле ызылдаган шамалга анын итиркейи келди. Канча жолу бетин катып, көмкөрөсүнөн оодарылып жатып алгысы келип, бирок «былк» этсе эле ойлорунун бардыгын жоготуп алчудай, кыймылдабай, көздөрүн ого бетер бекем жумуп, андан ары эмне болгонун эстеди... Анан... Кызмончоктуң жанараак эле кудум жыландардын ханышасындай койкоюп, кыжылдаган макулуктардын арасында отурганы элестеди... Кулагына кош ооз мылтыгын ошолорду карай соройтуп сунуп, калчылдаган Абылайдын кышылдап, тез-тез дем алганы угулду... Анан эле кайдан-жайдан пайда боло калып, эт-бетинен кулап түшкөн Алымкан... Көп өтпөй эле байкуш аялдын башын жөлөп, колтугунан көтөрүп тургуза албай, адамдардан жардам сурап ыйлап отурган Кызмончок... Көп өтпөй эле кыр ашып, кылкылдап «көчүп» бараткан жыландар... Ошону гана күтүп турган адамдар Бектемирди көтөрө калышып, Алымкандын сулаган денесин кучактап, жардам сураган Кызмончокту айланып өтүп, адамдар айылды беттенип кетип жатышкан... Канча ирет адамдардын арасынан суурулуп чыгып, байкуш Кызмончокко учуп жеткиси келип, обдулуп барып токтогон. Боорукерлик, кайрымдуулук издеп атасын, агасын, башкаларды караган. Анын мындай аракетин байкаган атасы: «Тынч тур!» – дегендей билегинен кармап, катуу-катуу кысып койгон. Анткен менен Асан атасынын көзүнүн кычыгынан «тып» этип кулап түшкөн тамчы жашты көргөн да, таң калып койгон... Артына кылчайып карагысы, булардын тобунан «бөлт» эте бөлүнө качып, Кызмончокту карай чымылдап чуркагысы келип, бирок атасынан, жанындагылардан жазганып, алсыздыгына өзөгү өрт менен жалын болуп, ыйлап бараткан... – Кантет, чоң эле бала! – аны алдыртан байкап келаткан атасы, баласынын эмнеге ыйлап жатканын түшүнбөсө да ушинтип зекип коюп аткан. «Бектемирге боору ачып, же бала неме катуу коркуп калса керек...» – деп болжосо керек атасы. Аңгыча эле бура бастырбай, буларды бет алдынан боздогон бороон-чапкын тосуп, жолун торогон... Көзгө көрүнбөс таш дубалга кептелип калгандай, алдыга жыла албай, ал гана эмес шамалдын күчү, агымы менен келген жактарын көздөй бир топко чейин түртүлүп, дикилдеп «чуркап» барышып, анан бири-бирин кармап, оорулуу адамды ортого жаткыра коюшкан да, уй мүйүз тартып, чогула калышкан. Ошондо да артына кылчактап турган Асан бир кызык көрүнүшкө кабылган. Аны карай чымын-куюн болуп келаткан зор, ак жылан буларга жетип-жетпей, чимириктей чимирилген, куйруктуу куюнга айланган дагы, Асанды заматта ымыркайдай бооруна ороп-чулгай коюп, жерден тап-так көтөрүп алып асманды карай алып учкан. – Ата?! – деп тыбырчылап, кыйкырып бараткансыган ал. Бирок үнү сыртка чыкпай, ичинде калып жатканын сезген. Ал андан аркысынын өңү же түшү экенин ажыратып биле албай калган болчу. Жерден канчалык алыстап, бийиктеген сайын, ылдый жакта калгандар улам кичирейип, адамдардын жанараак эле калдайган калың тобу алакандын отуна баткыдай, бир ууч болуп кичирейип отурган... Анан? Андан кийин эмне болду эле? Билбейт. Эч нерсе эсинде жок... Бир билгени – ушул жерде жатканы. Шамал басылып, кулак-мурун кескендей боло түштү. Мунун баарын уктап калып, түшүндө көргөндөй бир сезим келип кетти...Алда нени сезгендей жүрөгү дүкүлдөп, муундарын билинер-билинбеген калчылдак басып кетти. Кудум жымжырттыкка сорулуп бараткандай сезилди. Көзүн ачканча, сулк жаткан денесин, буту-колун кыймылдатканга, тура калганга шашты. Адегенде ээн талаа, эрме чөлдө калгандай көрүндү... Асманда калдактап учкан карга-кузгундан, жерде өзүнөн башка жан жоктой сыяктанды... Анткен менен, денесинин ооруксунганы деле билинген жок. Колдору менен ар кай жерин, бети-башын сыйпалап көрдү. Эч нерсе болбогондой, баары жайында окшоду. Жаткан жеринен тура калып, айланып-тегеренип, туш-тарабын карады. Көзү каныккан сайын бул жер ага тааныштай көрүнө баштады... «Кайда жүрөм?.. Кай жер эле?..» Эми-эми эстеген, тааныган сыяктанды... Жинди-Чап?! . Энтигип, көкүрөгүн солкулдата бат-бат дем алып, кай тарапка чуркарын билбей жаткандай октолуп, кайсактай түштү да бала. Карга-кузгун айланган тарапты карай чымылдады анан. Айткандай эле, анча деле алыс эмес жерде жаткан караанды көрдү. Ызылдаган шамал да Жер-Куйга түшүп кетип, эми эле араңдан зорго чыгып келгендей, так ошол Асан бараткан тарапты карай беттенип, кудум уланга бүткөн кош канаттай алып учуруп, тең жарышып баратты...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#174 Пользователь офлайн   bema_bema   07 Март 2017 - 04:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

ЖЫЛАНДЫН СҮЙҮҮСҮЭКИНЧИ КИТЕПТЕНДүрбү салып турган Калыс бир убакта кубангандан калчылдап, кыйкырып жиберди: – Аса-а-ан!! ! – Кана-а?!– дүрбүнү ала коюп караган Мукан да кубангандан кыйкырып, Калысты кучактап калды: – Тирүү! Тирүү экен! * * *Жаны кейигендей кышылдаган жылан келиндин бооруна жарым-жартылай сойлоп чыгып, бир чети анын дем алышын тыңшап жаткандай, бир чети чарчап-чаалыгып, сагынып келип эң жакынынын кучагына кулагандай, жүрөк үстүн жазданып, жатып калды. Асан аларга жетип-жетпей, кадамын жайлатты. Жан ары карап жатып да, адам баласынын келгенин билди. Антсе да, ушул ирмемдерин жоготкусу келбеген өңдүү, же тигинин жакындап келишин күткөндөй, кыймылсыз жата берди. Качан гана Асан аларга жетип-жетпей токтоп калганда гана имерилип карады. Муштумдары бекем түйүлүп, өпкөсү көөп, терең-терең дем алып, бир карасаң жакындоодон жазганып, бир карасаң Жанды эрөөлгө чакырып турган өңдүү Асан энтигип турган болчу. Жан калыбынан кебелбей, тиктеп жата берди. Анын көздөрүндө: – Эмне эдиреңдейсиң? ! – деген жазуу менен кошо эле, жадымынын тээ тереңинде кандайдыр кызганыч да «бүлк!» этип ойгоно калган болчу. – Тур, мындай! – деди Асан жандилинде жандалбастап. – Тур деп жатам сени! Жан ага өчөшкөнсүп, эми жерде жаткан жарым тулкусун да Кызмончоктун денесине алып чыгып: «Эр болсоң жакындап көр!» –деп биротоло аны ээлик кылып алгандай түр көрсөттү. Асан эки жагына кайсактап, колуна илинер бир нерсе издеди. Жыланды ушу азыр үстүнөн алып ыргытып салса эле Кызм ончок: «Өх-х!» – деп ордунан тура калчудай сезилип, бирок сурданып, абалкыдан алда канча каардуу, сүрдүү өндөнүп көрүнгөн жыланга катылууга даабай, кара терге түшүп кетти. – Тур деп жатам! – бакырды улан. Жылан кебелген жок. Ызалангандай, кыңылдап ыйлай баштады бала: – Ы-ы... Жогол дейм, бу жерден!Качантан берки уга берип жадымына сиңип калган: «Кызмончок качандыр жыланга кубалат! Кубулат... кубулат...! » – деген үндөр кулагына жаңыра калып жатты. Жан аны арбап, жыланга айлантып жаткандай, мына-мына Кызмончок анын алдынан жылан болуп суурулуп чыга келчүдөй сезилип, бир жагынан буга ишенгиси да келбей кайсактады бала. «А кокус, өлүп калган жокпу?!» – ушул ой мээсине «тык!» эте калганда дагы бир-эки кадам алдыга жылды: – Кызмончок жеңе, туруңуз?.. Кызмончок?! . Жылан чындап эле Асандын улам берилеп келатканын жактырбагандай сес берип, башын көтөрүп койду: – Тс-ссс! Асандын асман-жери аңтарылып кетти. Жанараак эле Кызмончок андан да, башкалардан да жардам сурап, жалдырап ыйлап турганда жардамга келе албай, эми баары кеч болуп калаганын карап туруу, ал үчүн азаптын – азабы, тозоктун – тозогу эле! Чөк түшүп отура калып, алынын барынча баркырады бала: – Кызмончо-ок? ! Мен сени сүйө-өм, Кызмончо-ок? ! Жылан «селт» этип, башын көтөрө калды. Ушул үн Жинди-Чаптын ичин жаңыртып, Жер-Куйдун тээ түбүнө чейин жетип, андан чыгып алып адыр-түздү аралап, бүтүндөй ааламга тарап кеткендей сезилди ага... – Мен сени сүйө-өм, Кызмончо-ок! !! Кандайдыр белгисиз дүйнөгө сорулуп кетип бараткан келинди да «ойготту» ушул үн. Өзүн ороп-чулгап алып, кайдадыр «алып кетип» бараткан түшүнүксүз нерселерден бошой түшкөндөй болуп кетти! Кимдир бирөө үстүндөгү оор жүктү алып ыргытып жибергендей, ийиндери жеңилдеп, тез-тез дем алып жиберди. «Кызмочнокко адамдардын ишеними, сүйүүсү, мээрими түгөнгөн кезде, ал – жыланга айланат...» – Бүбү кемпирдин Асылбекке айткан ушул «жомогу» чынга айланып, келиндин жыландардын дүйнөсүнө «келе жатканына» ишенип... Бир чети аны аяп, бир чети адамдык азаптардан арыларына каниет кылып, бу жерден жыланга айланган Кызмончокту эрчитип алып, кайдадыр алыс-алыс кетип калууну каалап турган Жандын дүйнөсү чакчалекей боло түштү! Бат-бат дем алган Кызмончоктун адегенде көкүрөгү солкулдап, анан колу-бутунун учтарына, кирпиктерине болор-болбос кыймыл кирип, андан кийин көзүн ачууга аракет кылып жатты келин. Асан аны туйган жок. Бөк түшүп, түйүнчөктөй түйүлүп, жерде солуктап жатты: – Кызмончо-ок? ! Кечирип койчу-у, Кызмончок?! .Асан жүрөгүндөгү, жандүйнөсүндөгү аялуу, алгачкы аруу сырын ачыкка чыгарып, төгүлүп- чачылган сайын Кызмончоктун жүрөгүнүн согушу катуулап, денесине жан кирип, «тирилип» баратты. Ошону сезген Жан жыбылжып, келиндин денесинен жерге түшө баштады...* * *Адегенде асманды көрдү Кызмончок... Улам башка сөлөкөткө айланып, түрмөктөлгөн булуттардан көзүн албай, бала кезиндегидей карап жатты. Мындайда бала жылан да жанында болор эле. – Тээ тиги булутту карасаң, Жан, сен экенсиң... – дечү Кызмончок. – А тигил болсо – мен... Жан асманды карап, бирок булуттардын арасынан Кызмончокту да, өзүн да таба албай, убара тарта берчү. Кыз кытылдап күлчү... Эми да Кызмончок чубалган ак буланын арасынан өзүн, жакын адамдарын издегендей, умсуна тиктей берди. Каяктандыр, кимдир бирөөнүн кыңылдап ыйлаган үнүн эшитти. Алыстан угулуп жаткандай, үзүл-кесил угулган ошол ый улам дааналанып, ага жакындап келаткан сыяктанды. Канчалык укпай, кулагынын сыртынан кетирип, маани бербейин дегени менен, ботодой боздоп, сыбызгыдай сыздаган үн такыр эле басылбай койду. – Кечир мени, Кызмончок? Суранам сенден, кечир?! Мен сени куткарып кала албаганым үчүн кечир?! Жардам бере албаганым үчүн кечир?!. Ы-ы-ыы... «Бул ким?» – демин ичине катып, кимдин үнү экенин ажыратып билгиси келди эми. –Мен сага татыктуу болбосом да сүйгөм! Менин алсыздыгымды кечир, Кызмончок... Аа-аа!.. «Кызмончок дейби?.. – бүшүркөй түштү келин. – Сүйгөм дейби? Ким бул? Бектемирби? ..» – Сенсиз мен кантип жашамак элем, мага да эми жашоонун кереги жок! Кереги жо-ок!.. Үү-үү... «Жок. Бектемирдин үнү эмес...» – үн чыккан тарапка карады... Жакын эле жерде бирөө бир томолонуп, ыйлап жатат... «Ким бул? – деди оюнда Кызмочнок. “Буга эмне болгон? Мен кайдамын?..» Ушуну ойлоп үлгүрө электе, баланын жанында сорондоп дагы бирөө пайда боло калды. Жандын ийрелеңдеген элесин элес-булас элесин боолгоду. «Жан?!.» – кайда жатканын, буга чейин эмне болгонун эми эстегендей, көздөрү умачтай ачылып, көмөкөйүндө бир катуу чыңырып алды келин. Жан жерде жаткан адам баласынын жанына сойлоп келип, кудум чагып алчудай, башын алдыга-артка күүлөп, сереңдеп калган болчу. – Жа-ан?! – ордунан ыргып тура калды келин. «Селт!» этип чочуган Жан «ыргып-секирип» кеткендей, Кызмончокту карай имериле калды. Ый дагы «тып» басылды. Айлана-тегерек кулан-мурун кескендей жымжырт боло түштү. Кызмончок менен Жан көз аркылуу, көмөкөй аркылуу сүйлөшүп жатышты: – Жан? – анын жоругуна ишенбей жаткандай, таарынгандай жооп күттү келин. – Кызмончок?.. – Сага эмне болду, Жан?! – Кызмочноктун денесин майда калчылдак басып, болор-болбос теңселип турду. – Бул эмнең?! Сен... Кантип ошого барат элең?!. Жылан эмне кыларын, эмне деп жооп берерин билбей, ынгайсыз абалда калды. Жанын коёрго жер таппай, сырттан караган адамга келин менен арбашып жаткан өңдүү, тирмийген көздөрүн тартып ала албай тиктешип турду. Бая, Кызмончоктун үнүн угуп эле жаагы «жап» болгон Асан жерден башын көтөрүп, Кызмончок менен Жандын «арбашуусун» карап, эгерде эле жылан келинди карай октолуп, айбаат кылып баратса, береги макулукту так моюндан кош колдой, муунта кармап, кысып өлтүрүүчүдөй комдонуп, сак жатты. Бирок жылан каккан казыктай болуп кый мылсыз, катып тура берди. Ушул учурда ал: – Булар сени эмне деген акыбалга алып келишти, Кызмончок?! – деп турган. – Сенин азап чеккениңди көрүү – мага жеңил дейсиңби? Чындап эле кимдир бирөө мойнунан кармап, кысып жаткандай, ызалуу кышылдады жылан. Кызмончоктун дээринен дилгир, сезимтал туюму анын канында адамдарга карата ыза менен кек, жек көрүү кайнап, кайра тартпачудай каарданып турганын байкап, башын чайкады. Жыландын эми элеки тарамыштай түйүлгөн денеси бошоп, жумшара түшкөн окшоду. Ошондон кийин гана: – Бул ким? – деди Кызмончок жерде боз-ала чаң болуп, алайган көздөрү эле калып, бети-башы жаш менен топуракка боёлуп, таптакыр таанылгыс болуп калган Асанды карай. Жан адамдар кеткен тарапты жаңсады: – Тигилерден. .. Алардын өзү тууралуу сүйлөшүп жатканын боолгогондой Асан ордунан туруп, өзүн бүшүркөй тиктеген келинди тик багып карай албай, үстү-башын күбүнгөн болуп, кайпактап кетти. – Сен кимсиң? – деди Кызмончок.– Мен – Асан... – каргылданган үн менен акырын унчукту улан. – Касендин баласы... Дыбырап жамгыр жаап келди. Жан башын көтөрүп, асманды карады...(Экинчи китептин соңу)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#175 Пользователь офлайн   Sushi_wok   09 Март 2017 - 01:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Буттуюу ошондо?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#176 Пользователь офлайн   alykul   10 Март 2017 - 08:27

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 261
  • Катталган: 06 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Июл 2018 23:38
  • Жынысы:Эркек

Бүтпөсүн үйлөрүнө кетер тарап .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#177 Пользователь офлайн   Sushi_wok   10 Март 2017 - 12:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Кокуй бир айласын кылгыла. Кызмончок бактылуу болсун иши кылса.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#178 Пользователь офлайн   asi.gulum   11 Март 2017 - 20:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 805
  • Катталган: 05 Январь 16
  • Соңку аракети: 17 Апр 2025 17:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анын жүрөгү♥

О ииии өтө кызык чыгарма экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#179 Пользователь офлайн   alykul   18 Март 2017 - 12:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 261
  • Катталган: 06 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Июл 2018 23:38
  • Жынысы:Эркек

Жан жан жан жолуктуң кайдааан ?жазды бекен деп киргем үчүнчү китеби чыкты бекен?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#180 Пользователь офлайн   Aruukeramazan   18 Март 2017 - 22:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 14:47
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол

Чала олгон жыландай кылбай бутурсонор боло аягына чейин. Маашырлана бир окуп салалы бир демден.
Чийки май жегендей эле болуп атабыз
Айдан аман кыл
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (17 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 8 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 8, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 17:22

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: