Чоң ата-чоң эне, таята-таенелерибиз тууралуу жазабыз
#1 23 Февраль 2017 - 15:50
Ал эми чоң атам мен 3 жашка чыкканда дүйнөдөн өткөн. Сүрөттөрдөн анын бою узун, арыкчырай киши экенин көрөм. Эски сүрөттөрдү ачканда эле биринчи көзгө урунат. Чоң атам саяпкер болгон, ат таптап, күлүк салган. Аттын жан дүйнөсүн, башкасын түшүнгөн адам болгон экен. Ал киши 2 жылдай ооруп төшөктө жатты. Энемдин айтымында, мен ошол кезде ага эш болчу жалгыз киши болгон экем. Төшөктө жатып "энеңди чакырчы" десе сыртка чыгып, үйүбүздөн бир топ алыс жайгашкан тамда жүргөн (мал сарайды там дейбиз, киши жашаганды үй) энеме "эне-еее" деп кыйкрып, жооп берсе, башым менен көрсөтүп коюп кирип кетчү экенмин. Кийин кичине тилим чыкканда "эне, чыкатат" дечү экенмин. Муну энем айтып калчу. Менин да анча-мынча "контактарым тийишип" кеткендеги жерлери эсимде калыптыр. Мени Гүкүбай, Гүкү иши кылып Гү... менен ар түрдүү атап эркелеткендеги үндөрү кичинемде даана угулчу, бара-бара унутуп калдым ал үндү. "Бутуңду тос, таманыңды тос, өбөйүн" десе менин бутум диванга жетпей, бутумду көтөрө албай убара тартып жаткандарым эсимде бар. Балким, 3 жаштагы бала кантип эстеп калмак эле дешиңер мүмкүн, буга мен деле түшүнбөйм, кичинерээк кезимде эстеп калчу жашка келгенде кетсе керек деп ойлочумун, бирок кийин билсем 94-жылы, мен 3 гана жашка чыкканда көзү өткөн экен. Көзү өтөрдөн мурун "ушул кызыма эки дүйнө ыраазымын" деп кеткенин кийин эс тартканда уктум. Кичинемде ошол эркелеткен үндү сагынчумун, ошол диванды өзгөчө көрчүмүн, бул менин эч кимге айта элек сырым экен. Ооба, мен чын эле ошол үндү уккум келчү, көрсө, мен ошол диванда эки жыл төшөктө жатып көз жумган саяпкер чоң атамды сагынчу экенмин. Болгону элестете албайм ал кишинин басып, күлүп, кайгырып, каткырганын. Балким, азыр чоң кайнатамды ошон үчүн да аябай жакшы көрсөм керек.
Ал эми энем - чоң энем (кээ бир аймактарда чоң апа делет эмеспи) таза, тыкандыгында айып жок болчу, ошол эле учурда аябай намыскөй болгон. Энемден көбү сестенип да турушчу. Жыйылган жүгү тим эле кыры чыгып чыкыят. Ал жаткан бөлмөнү энемдин үйү деп алганбыз. Менден улуу эжем энемдин кызы эле, коюнунда жатчу. Мени бутуна отургузуп алып "чу-чу" деп ат кылып силкилдетип ойноткону, сыналгыдан жылан көрсө, чыга калчудай "какы-ыый, жогот!" деп кыйкырып бетин жаба калганы, туура эмес нерсени байкап калгандагы кабагы, үшкүрүнүп койсоң, "ок! Жаш эле туруп... Көйнөгүңдү бит жегир, көтөнүңдү ит жегир" дей салганы, чайнегин көтөрүп даарат алганы жөнөп калганы, баары эсимде. Ал кишинин даарат алган өзүнүн чайнеги бар эле, көзү өткөндөн 1-2 жылдан кийин ошол чайнеги менен түшүмө кирди...
Менин энем так, таза, анан "требовательная" болчу. Жаткан жерлери жайлуу болсун!
#2 23 Февраль 2017 - 16:58
Экөөнүн тең жакшы сыпаттарын, өзүмө жугузуп алгым келет Ин шаа Аллаh.
Таятам жоош момун киши, бир дагы ачуу сүйлөгөнүн уккан эмессмин. Чоң атам... Намазын эч калтырбаган, өз боюн тыптыкан алып жүргөн соолих инсан болчу. Жаткан жериңиз жайлуу болсун..
#4 23 Февраль 2017 - 20:34
Билдирүүнү түзөткөн: Aisuluu160790: 23 Февраль 2017 - 20:35
#5 24 Февраль 2017 - 03:47
Чоң атам мн таятам аябай жакшы инсандар эле.Таятамдын эң чоң небереси болгонума мени башкача эркелетеер эле,үйүнө шаардан ар суббота барчывыз,ошондо дайыма чычалата берчү"чоң атаң та-та-та "деп сүйлөйт"десе ыйлагым келип уруша кетчүмүн,антпейт чоң атам жакшы деп")).Кееде биздин үйгө келет эле тайнемдин салып бергендерин көтөрүнүп алып,кабар алганы келдим деп.Таятам аябай жакшы киши болчу,жөнөкөй, карапайым эле.62жашында баарыбызды таштап кете берди..
Чоң атам бою узун, сарысынан келген киши эле. Дайыма намазын окуп жүрчү,талаа түздө болову белиндеги чарчысын чече салып окуп алчу.Жума намазын ооруп эле калтырбаса, эч себепсиз калтырбайт эле,ал ал күнү атам үйдө болбойт дечүбүз)).Орозо күндөрү иптарлыктан келгиче иним экөөбүз уктавай күтүп отурчубуз түйүн алып келет деп))Үнү аябай бийик эле, жөн сүйлөсө да кыйкырып сүйлөгөндөй эле)))Бетке сүйлөгөн жайы барле,көңүлү ооруйт же жок деп отурбай, шарт сүйлөп салчу. Түндөсү төшөктө жатып уйкусу келбесе бизге(авамдын баласы экөөбүзгө)кыска сүрөөлөрдү, келмелерди жаттатчу.73жашында орозунун 15чи күнү Аллах өз жанына алды...Таятамдын да,чоң атамдын да жайлары жанаттан болсун...
Чоң энем иий соонун адамда)).Экөөбүз подружка элек сырдашып, өз апама айта албаганымды чоң энеме айтчумун.Чоң эне дебей апа деп чоңойдум.Дайыма мектептен келе жатканымда, көчөдөн жаап жаткан наныны жыты келчү.Коңшуларыбыз нан сурашса, кайра токочу мн алып келишеер эле наныңыздар чоң деп)).Инсульт бп ооруп калып,ал нанын жебей калганыбызга көп убакыт болду.Азыр барына шүгүр кылабыз,бактыбызга чоң энем дагы көөп жашаса экен.Кышында үйгө отпускага барсам, Зари жаныма кел деп чакырып алып кокус өлүп калсам алыстан убара бп келбе,жол алыс,андан көрө иштеп ал деп мени ойлоп жүрөт (((жүрөгүмдү оорутуп.
Тайэнем болсо бир башкача аял,аябай пакиза,үйдө чаң эмес кыл жатпайт эле.Качан барсак зымылдап, кийимдер кыры чыгып бүктөлүп турат шкафта.Тайэжемдер баары аны тартышкан,өтөле пухта))Даже апам чарчатып ийет кееде тайнеме окшоп))).Бүүт неберелерин чогултуп алып отурат багып,шоктонушса узун чыбыкты кармап алат)))Барсам эле айланып кагылып береерге ашын таппай калат азыр да.Ал дагы чоң энеме окшоп, эми сен келгинче бармынбы жокмунбу деп ыйлап адамдын жүрөгүн оорутушту.Кудайдан дайыма чоң энем мн тайнемдин аманчылыгын тилейм.Мен кайрадан баргырча эсендикте болушуп жүз көрүшсөм экен деп тилейм.
Билдирүүнү түзөткөн: zzari-83: 24 Февраль 2017 - 04:07
#6 24 Февраль 2017 - 18:59
Чоң атам пайгамбар жашынан өтүп калды шүгүр. Энем өткөндөн кийин жалгыз калды. Дагы деле данек кызым деп эркелетет.
Таенем 86га чыгып калды баарыбыз өмүрүн тилеп отурабыз. Каарып көп ооруп калган. Угуусу эле начарлаганы болбосо өзүнө тың аял. Жаш кезинде аябай тыкан,чебер аял болгон экен. Казандары да жылтырап турат экенле. кийимди түрлөп тигет экенле. Азырда апамдар тиккен кийимин мына жерин мындай кыл деп турат. Орусчалап сүйлөп баарыбызды күлдүрүп калат. Тилегеним эле оорубай көп жашап энем көрбөгөн тоюмду көрүп бата берсе экен.
Таятам мен бир жашта каза болгон экен. Сүрөттөнле көргөм бойлуу киши болгон. Чоң тагамды көрсөм таятамды көргөндөй болом аябай окщош.
#7 01 Март 2017 - 05:12
#8 01 Март 2017 - 16:02
Учурда чоң апамды да сагынып жүрөм,ал айылда бизди сагынып.. Кичинемден чоң апамдын жанында жүрүп,көп нерсени үйрөндүм.Дем алыш күндөрү чооң сандыгын ачып,болгон дүйнөсүн күнгө жайып,ирээттеп салдырат эле..Ал күн мага майрам,каалаган кооз жоолугунан алып калам)))
Мен окууну бүтүп,шаарга узатып жатып "сен жок,эмне кылам" деп ыйлаганын эстесем,айылга жүгүрүп жетким келет.Каникулда барган сайын,ыйлаган боюнча калат..Тилегеним эле,өмүрү узун болуп байкемдин жана менин тоюма күбө болуп,төрүбүздүн көркүн ачып отуруусу...Көп жашап,биздин сыйыбызды көрсө экен..
Таятамды эстей албайм,боз үй жасап,уста болгон деп айтышат..
Таенем каарылыктын доорун сүрүп,балдарынын төрүндө отурган чагы.Айда-жылда, каникулда барганда көп насааттарын, ооз комуз черткенин угуп эс алып кайтам.Өзү ууз,чебер болгон үчүн өз колунан жасалган,токулган буюмдарын берип кубандырат, таенемден көп нерсени үйрөнүп,сактап калуум керек.Өтө акылман аялзаты..Көп жашасын,бактыбызга бар болсун!
Карысы бардын-ырысы бар дегендей,чоң ата,чоң апа,таята,таенелерибиз бар болушсун!
#9 09 Март 2017 - 22:41
Тамекини көрсөм эле,чоң атам эске түшөт. Анткени анын тамекисин уурдап чегет болчум.
Таенем өзгөчө боорукер,баласаак аял болгон. Мен чоң небереси болгон үчүн, таенем жактагылар өзгөчө жакшы көрүшөт))азыр деле.
Чоң энем менен таятам эсимде жок ((.
#11 09 Март 2017 - 23:48
#12 10 Март 2017 - 02:31
Кадырман карыяларыбыз үйүңөрдүң төрү бп жүрө беришин тилейм баарыңарга.
Үйгө барсам тосуп алчу чоң энем жок,аттиң....
Билдирүүнү түзөткөн: zzari-83: 10 Март 2017 - 02:31
#13 10 Март 2017 - 10:01
zzari-83 (10 Март 2017 - 02:31) жазган:
Кадырман карыяларыбыз үйүңөрдүң төрү бп жүрө беришин тилейм баарыңарга.
Үйгө барсам тосуп алчу чоң энем жок,аттиң....
#14 10 Март 2017 - 13:10
#15 11 Март 2017 - 03:12
Билдирүүнү түзөткөн: Sezimim: 11 Март 2017 - 03:15
#16 11 Март 2017 - 06:03
Таятам.. Молдо болчу. Ооруган адамдар тынбай келчүү үйгө. Топуракты дем салып, ооруган жерлерине койсо айыгып калчу. Мен да түндө келишин күтүп отурчуумун. Күүндө барчу нике окуганы, дагы башкасына. Түйүн алып келчүү да. ))
Негизи эркектер айтып калат го, аялыман биринчи кетейин деп. Ошол аябай туура деп ойлойм, тайэнем өткөн соң таятам жалгыыз отура берчү. Кээде көзүнө жаш кылгырып калганын байкап калчуумун. Тамактанып бүткөн соң масала айтып берчү, күнүндө. Карыган адам сүйлөшүп отургусу келет го, мен тв га кирип кетсем чакырчу , мени ук деп. )) Ошондо айткан сөздөрү мага эми жетип атат... Өтүп кеткендерге, мен өтсөм мага ду'а кыла жүр деп дуаларды үйрөтчү. Бөлөлөрүм кыска шорта, лямкаларды кийсе кейип калчу, баарына жолук сал десем эч эле угушпады деп...
Сандыктагы Кураан китебин окуп калсам аябай сүйүнүп болбой калчуу. Эхх..
Чоң энем кичинекей кезимде артына көтөрүп жүрчү дайыма. Кыйын аял болгон дейт апам. Кыздары келсе келиним капа болот деп , алыстан келген кыздары менен сүйлөшүп жатчуу эмес деп апам аябай мактайт.
Чоң атам , айылга эле кетип кала берет. Уйум калды, огородум калды деп. Аларды кылбай бул жакта эле эс алып жүрө берсеңиз дешсе көнбөйт. Ашып барса 1 ай турат. Анан мен кете берейинчи, апам да атам да,энеңер да ошол жакта деп жөнөйт.. Мурда уу окуп жүргөн, армияга барган кездерин айтып берчү. Жаттап бүткөм. ) Өзү курактуу аксакалдардан жаш көрүнөт, чоң атам. Орозо убагында орозо кармап, күн өлө ысык убагында да талаа иштерин кыла берет. Өмүрүн берсин..
дастан жазып ийдим окшойт.
Билдирүүнү түзөткөн: lazygirl: 11 Март 2017 - 06:10
#17 20 Июнь 2017 - 15:10
Билдирүүнү түзөткөн: erketaiko: 20 Июнь 2017 - 15:17
#18 20 Июнь 2017 - 15:50
#19 20 Июнь 2017 - 16:19
Чон энем. Берекелуу, мээнеткеч, мунозу каттуу, кээде колдой чалкыган бул аял калмак кызы. Балалыгын арман менен эскерип, оз энеси отупкетип огой энеден коп кордук коргонун, ошол заманда ачарчылык болгонун коп айтчу. "Чон атан колунда бар жердин баласы болчу, огой энеден тажап , жакшы адамга жар кыл деп кудайга жалынып ыйлап журуп, турмушка эртелеп чыккам, огой баланы эч качан кордобогула, анын ыйы кудайга жетет" дечу. Дасторкондогу нандын кукумдорун, куручторду тергизип жедирчу, убал болот деп. Тарбияга каттуу болчу. Кочодо кыздар менен ойнотчу эмес. Кобунчо жожо бактырчу. Айыкпас рак оорусуна кабылып 63 жашында бул дуйнодон отуп кетти. Азыр деле нандын кукумдорун, куручту терип жейм. Апам "чон энендин эле озусун, кайненесин мага" деп тамашалапы же чындаппы айтып калат. Жаны тынбай мээнет менен кун кечирчу. Кимдин баласы кыз ала качып келсе тун жарымда келип чон энемди ойготушуп карызга акча алып кетишчу. Колокого карап намаз убактысын аныктап намаз окуп, орозо кармачу. Козу откон сон энемди сагынып коп ыйладым.
Тай атам. Мен тороло электе козу отуп кеткен. Согуштун ардагери, билим беруунун отличниги болгон эле деп апам эскерет. Тай атам тиккен бак бар, дагы деле момо берет.
Тай энем. Азыркыга чейин бир туугандар чогулганда тай энемдин создорун эстеп кулобуз. Бейиши болсун, аябай тамашакой, созду таап суйлогон кен пейил аял эле. Уйуно барып калсан тамагы ушунчалык бат бышчу. Бироо менен айтышып урушчу эмес соз менен эле "олтуруп" койчу. Ачууланганынын коргон эмесмин.
" Уулумдун бир башы экоо болуп, учунчусу кууп келе жаткандыктан тойду эртерээк белгиледик" дегени эсимде атама. 3-ким экен кууп келаткан? эмнеге кууйт тайкеми? деп тушунбоптурмун. Аны эми тушундум. Корсо келини кош бойлуу экен, кууп келатканы ичиндеги бала тура. Ичи билине электе уйго киргизип, той берейин деген тура.
#20 20 Июнь 2017 - 16:37
вызывает улыбку!