Саламатсызбы.
Менин суроом мындай болот эле, жардам берип коюуунузду суранам. Мен турмушка чыктым. Нике болгондо кайнатам менен кайнэенем свидетель болушкан. Убакыт отту. Мен торой турган убакыт келип калды. Кайненем куйоомду Кытайга жонотуп жиберген.Мен баламды ичимде которуп жургондо эле кайнэнем озунун врачтарына алып барып ,"баланы алдырыш керек экен" деген создорду коп уккам. Мен макул болбой койгом, аягында мен жалгыз торогом. Ата энемдин жардамы менен жашап келем. Биздин ЗАГС ыбыз жок. Куйоомдун документтерин бербей коюшкан. Ошентип ЗАГС быз жок. Мен эми кантип Алиментке жазсам болот? Мага жардам берип коюнузчу, суранам. менин почтама жазып коесузбу - bermetsan@mail.ru. Рахмат.
Баракча 1 - 1
Алимент өндүрө аламынбы?
#3 02 Август 2010 - 22:41
fari (29 July 2010 - 14:01) жазган:
Жолдошунуз азыр кайда жашайт? Дарегин толук билесизби?
бул суроону жон берген эмес элем... жолдошунуз Кыргызстанда жана Кытайда деген эки вариантын тен карап королу.
Жолдошунуз Кыргызстанда деген вариантты карап корсок:
Балага алимент алуу учун, алгач баланын атасын аныктатышыныз керек. Себеби сиздин баланыз алимент толоочу адамдын дагы баласы экендигин далилдеш керек. Аны далилдоочу негизги документ - баланын туулгандыгы тууралуу куболугу. Куболуктун "атасы" деген графага атасы жонундо маалымат жазылат. Сиздин учурда, баланыз Сидин фамилиянызда катталып, куболуктун "атасы" деген графада Сиздин фамилияныз, жолдошунуздун аты катталган болушу керек
#4 02 Август 2010 - 22:44
Кыргыз Республикасынын Уй було кодекси
50-статья. Ата-энелер менен балдардын укуктарынын жана милдеттеринин келип чыгышына негиздер
Ата-энелер менен балдардын укуктары жана милдеттери мыйзам тартибинде белгиленип ырасталган балдардын тегине негизделет.
51-статья. Баланын тегин аныктоо
1. Баланын энеден төрөлгөндүгү (энеси) баланын медициналык мекемеде энеден төрөлгөндүгүн тастыктоочу туулгандыгы тууралуу маалымдаманын негизинде, ал эми бала медициналык мекемеден тышкары жерде төрөлгөн учурда - тийиштүү саламаттык сактоо органы тарабынан ыйгарым укук берилген врач же медицина кызматкери берген же соттун чечими менен берилген баланын туулгандыгын ырастоочу маалымдаманын негизинде жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан аныкталат.
2. Эгерде бала өзара никеде турган адамдардан, ошондой эле нике бузулган, аны жараксыз деп тапкан же баланын энесинин жубайы өлгөн учурдан тартып үч жүз күндүн ичинде төрөлсө, эгерде башка жагдай далидденбесе, эненин жубайы (мурдагы күйөөсү) баланын атасы деп (ушул Кодекстин 55-статьясы) таанылат. Баланын энесинин жубайынын аталыгы алардын никеси жөнүндө жазуу менен ырасталат.
3. Эгерде баланын энеси баланын атасы өзүмдүн жубайым (мурдагы күйөөм) эмес деп билдирсе, балага карата аталык ушул статьянын 4-пунктунда же ушул Кодекстин 52-статьясында каралган эрежелер боюнча аныкталат.
4. Баланын энеси менен никеде турбаган адамдын аталыгын жарандык абалдын актыларын жазуу органына баланын атасы менен энесинин биргелешип жазган арызын берүү менен; энеси өлгөн, аракетке жөндөмсүз деп табылган, энесинин турган жерин билүүгө мүмкүн болбогон учурда же аны ата-энелик укуктардан ажыратканда - үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөрдүн макулдугу менен баланын атасынын арызы боюнча, мындай макулдук болбогон учурда - соттун чечими боюнча аныкталат .
Аталыкты аныктоо тууралу биргелешкен арыз берүү бала төрөлгөндөн кийин мүмкүн эмес же кыйынчылык туудурушу мүмкүн болгон болжолдоого негиз болуучу жагдайлар болгон учурда өз ара никеде турбаган болочок баланын ата-энеси мындай арызды эне кош бойлуу кезинде жарандык абалдын актыларын жазуу органына берүүгө укуктуу. Баланын ата-энеси жөнүндө жазуу бала төрөлгөндөн кийин жүргүзүлөт.
5. Он сегиз жашка толгон (бойго жеткен) адамга карата аталыкты аныктоого - анын өзүнүн макулдугу менен гана, эгерде ал аракетке жөндөмсүз деп табылса, анын камкорчусунун же үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөрдүн макулдугу менен гана жол берилет.
(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 20-июнундагы N 80 Мыйзамынын, 2008-жылдын 12-июнундагы N 117 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

#5 02 Август 2010 - 22:48
52-статья.
Баланын атасын сот тартибинде аныктоо
Никеге турбаган ата-эненин ортосунда бала төрөлгөндө жана ата-эненин биргелешкен арызы же баланын атасынын арызы жок болгон учурда (ушул Кодекстин 51-статьясынын 4-пункту) баланын белгилүү бир адамдан (атадан) төрөлгөндүгү ата-эненин биринин, камкорчунун (көзөмөлчүнүн) арызы боюнча же ошол бала багуусунда турган адамдын арызы боюнча, ошондой эле бала өзү бойго жеткенде жазган арызы боюнча сот тартибинде аныкталат . Бул учурда сот баланын белгилүү бир адамдан жаралган деген тастыктоону тактоо менен социалдык, ошондой эле биологиялык далилдерди эске алат.

#6 02 Август 2010 - 22:52
Жыйынтыктап айтканда, жолдошунуз экоонуздор ЖААК органына барып, баланын аталыгын аныктоо боюнча биргелешип арыз беришиниздер керек. Атасы андан баш тартса сотко кайрыласыз.
Сотко «Аталыгын аныктоо жана алимент ондуруу» жонундо доо арыз менен кайрыласыз. Ддоо арызга баланыздын туулгандыгы тууралуу куболугунун кочурмосу (нотариустан куболондуросуз), сиздин паспортунуздун кочурмосу, эгер болсо жолдошунуздукун дагы кошунуз, баланыздын атасына турмушка чыгып, бирге жашап, ортонуздарда баланыздар бар экендиги жонундо далилдер (билген адамдардан тушунук аласыз, бирге жашап жургондо жолдошунуз же кайын журтунуз менен бирге тушкон суротторду, Кытайда жургонундо жазган каттары болсо, ж.б.у.с. тиркесениз болот..), сиз жашаган жерден справка, жана уй було составы тууралуу справка(баланыз сиздин багуунузда экени коргозулуп созсуз жазылышы керек), жолдошунуз иштеген жеринен эмгек акысы тууралуу справка тиркейсиз.

#7 02 Август 2010 - 22:56
Бишкек шаары 2005-жылдын 12-апрели N 60
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН Жарандык абалдын актылары жөнүндө МЫЙЗАМЫ
51-статья. Аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоонун орду
Аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо бала төрөлгөн учурда өз ара никеге турушпаган баланын атасынын же энесинин жашаган жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы, болбосо баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоодон өткөргөн жери боюнча, ал эми ушул мыйзамдын 56-статьясында (56-статья. Соттун чечиминин негизинде аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо) каралган учурда аталыкты аныктоо жөнүндөгү же аталыкты таануу фактысын аныктоо тууралу сот чечим чыгарган жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы жүргүзөт.

#8 02 Август 2010 - 23:08
Эми Сотко караштуулук боюнча (кайсыл жердин сотуна кайрылыш керек?)
Бишкек шаары 1999-жылдын 29-декабры N 146
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси
28-статья. Жашаган жери же жоопкердин жайгашкан жери боюнча доо коюу
Доо жоопкердин жашаган жериндеги сотко берилет.
Юридикалык жакка карата доо юридикалык жактын жайгашкан жери же анын мүлкү турган жери боюнча коюлат.
Юридикалык жакка карата уюштуруучунун (катышуучунун, акционердин) доосу ушул юридикалык жактын жайгашкан жери боюнча коюлат.
(КР 2009-жылдын 24-июлундагы N 252 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
29-статья. Доогердин тандоосу боюнча сотко караштуулук
1. Жашаган жери, жүргөн жери белгисиз болгон же Кыргыз Республикасында жашаган жери жок болгон жоопкерге карата доолор Кыргыз Республикасындагы анын мүлкүнүн жайгашкан жери боюнча же акыркы белгилүү болгон жашаган жери, же жүргөн жери боюнча коюлушу мүмкүн.
2. Юридикалык жактын филиалынын же өкүлчүлүгүнүн иш-аракетинен келип чыккан доо доогер тарабынан филиалдын же өкүлчүлүктүн жайгашкан жери боюнча да коюлушу мүмкүн.
3. Алиментти өндүрүү жөнүндө же атасы экендигин аныктоо жөнүндө доогер жашаган жер боюнча да коюлушу мүмкүн.
…
Негизи доо жоопкер жашаган жердеги сотко берилет (28-бер.), бирок 29-бер.3-пунктун жетекчиликке алып Сиз озунуз жашаган жердеги сотко кайрылсаныз болот.
Иий, кеч болуп кетиптир. Калганын шашпай улантайын. Тушунбогон жери болсо сураныздар, колуман келишинче жооп берем. Кошумчаласаныздар кубанычта болом.

#9 06 Август 2010 - 16:50
Саламатсызбы.
Менин дагы суроомо жооп бере аласызбы? Куйомдун иштеген жери повар го деп ойлойм анткени анын почтасын карасам суроттору бар экен повардын кийимин кийген.Суротторун чыгарып алгам, бирок ошону кантип доказывать этем, анткени справка ала албаймын да.Ал Кытайда болгондуктан.
Кантишим керек? Жардам бересизби? Же болбосо сиз менен суйлошсом болобу жолугуп.Рахмат
#10 06 Август 2010 - 17:10
#11 06 Август 2010 - 17:13
#12 17 Август 2010 - 17:14
bermetsan (06 August 2010 - 16:50) жазган:
Саламатсызбы.
Менин дагы суроомо жооп бере аласызбы? Куйомдун иштеген жери повар го деп ойлойм анткени анын почтасын карасам суроттору бар экен повардын кийимин кийген.Суротторун чыгарып алгам, бирок ошону кантип доказывать этем, анткени справка ала албаймын да.Ал Кытайда болгондуктан.
Кантишим керек? Жардам бересизби? Же болбосо сиз менен суйлошсом болобу жолугуп.Рахмат
Жолдошунуз Кытайда болгону кыйын болуп жатат.
Алгач баланын атасы деп аныктатып алганыныз он болот эле. Ал учун атасы сотко катышуусу керек да... азыр жумушум аябай коп болуп жатат. дагы кирип кантип кайда кайрылуунуз керектиги жонундо оюмду жазам.
Мен Нарын шаарында болгондуктан жолуга албайт экенбиз. Бишкектен адвокат жалдап алуунузду сунуштайм. Жолдошунуздун катышуусусуз Сиздин пайданызга чечим чыгартуу оор болуп калат.
Ал эми иштеген жеринен справканы кантип алам деп ойлонбой эле коюнуз. Ал милдеттуу турдо тиркелуучу документ эмес, эгер ала алсаныз гана кошсонуз болот. Аталыгын аныктатып алсаныз жок дегенде баланыздын чон ата, чон энесинен алимент ала алат элениз.
#13 28 Октябрь 2016 - 18:14
Адвокат Фари мага аябай керек болуп жатасызда,окусаныз байланышып коюнузчу.
#14 05 Февраль 2017 - 23:34
Сотко арыз менен кайрылсаныз болот, алиментти ондуруу боюнча атайын адамдар иштейт.
#16 06 Май 2017 - 20:15
Ассалам алекум магада юристьтин жардамы ( совети) к.к болуп атат эле болсо магада жазып койсонор жакшы болмок, ватсаптанда боло берет0779136587 ырахмат
Баракча 1 - 1