Суперстан: Бир үйдүн баяны - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Бир үйдүн баяны

#1 Пользователь офлайн   scorp   07 Май 2017 - 22:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 546
  • Катталган: 31 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 03 Май 2024 03:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Суперстан

Бул баян чындыктын негизинде жазылды. “Табышмактуу” бул үйдүн ээси убагында аты дүңгүрөп турган кыргыздын кулуну эле. Азыр да анын өтмүш тагдыры эч кимди кайдыгер калтырбагандыктан, баяндагы адамдардын аттарын өзгөртүп жазууга туура келди. “Бир үйдүн баяны” жөнөкөй аялдын айылдан шаарга келип, жумуш издеп жүрүп ушул табышмактуу үйгө туш келгенинен башталат. Бул өзү кимдин үйү эле? Эмнеге табышмактуу? Эмне үчүн бир үйдүн баяны? Бул суроонун жандырмагын автор өзү айтсын. Анткени ал дал ушул үйдөгү түрдүү окуялардын, оор тагдырлардын күбөсү болду.


Көчөлөр элдин агымына, машинанын көптүгүнө толуп шаар ичи жандуу. Кооз имараттар бир аз иреттүү салынып, жолдор кеннирээк болсо мындан дагы көрктүү болмок. Бардык шарттары келишкен заманбап үйлөр мурун бирин-серин гана болсо, азыр көбөйүп, материалдык байлык, жаңы илимий-техникалык ачылыштар элди таң калтыра да албай калды. Албетте баары элежыргап кеткен жок дечи, күнүмдүк оокатка жетпей жүргөндөр канча. Ошентсе да бул чакта турмушуңдун тынч өтүп жаткандыгына каниет кылып, бала-чакаңдын, тууган уругуңдун,жалпы элдин аманчылыгын гана тилеп жашап калат экенсиң. Эч кандай байлык да, мансап да, саясат да кзыктырбай жөн гана башыңдан өткөн окуяларды балдарыңа айтып бергиң келет. Убагында атам дагы өзү жөнүндө жазып: “Үлгүлүү жактарым болсо өрнөк алып, катачылык кетирсем кайталабай сабак алгыла” – дебеди беле. Ошол китепчени окуп чыккан бир көрүнүктүү инсан: “Ар бир ата-эне балдарына ушинтип жазып кетсе жакшы болмок”, - деген эле. Ошол сыңары мен да өзүм жөнүндө, чөйрөмдөгү адамдар жөнүндө бир аз болсо да жазууну ылайык көрдүм. Улуу, атактуу инсандар болобу, криминалдык чөйрөнүн кишисиби, саясатчыбы алардын жасаган иштери жөнүндө билгендер гана жазбаса бизге окшогон карапайым кишиге анын кызыгы деле жок. Тек гана адам катары анын жан дүйнөсү кандай экенин, билгениңди гана айткың келет. Саясатты түшүнбөгөндөн кийин жөнү жок эле аралаша бергендин кереги не. Андан көрө адамдарга канчалык жакшылык кылсаң ошол кайра кайтаарын унутпаш керек. Ар бир киши башкалардын жакшыраак жагын көбүрөөк көрө билсе, ошондо өзгө да тазарат, өзүң да тазарасың. Тукумуңдун жакшы жашашын кааласаң биринчиден өзүң таза болуп, бирөөнү жаман жакка түртүп пайдаланбашың керек. Ошон үчүн ар бир адамдын жакшы жагын гана айтсак. “Жаманды деле жакшы дей берсең акыры барып жакшы болот”, - деп коюшат го.

Мен окуучуларыма эч убакта жаман баа койчу эмесмин. Эң начар окуган окуучума да бир-эки жолу жакшы баа койгондон кийин алардын окууга кызыгуусу арта баштаганын байкачумун. Жыл аягында жыйынтыгыма өзүм да таң калып кубанчумун.

Албетте, кишинин жаман жасаган ишин, кылмышын жокко чыгара албайсың дечи. Бирок кылдаттык менен тарбиялап, жакшы нукка буруш керек го. Буга ондоп, жүздөп жылдар кетсе да жан дүйнөнү, коомду, жаратылышты, Жер энени тазартып жашоону сактоо милдет.

Жогоруда заманбап үйлөр курулуп жатканын айтпадымбы. Шаардын көркүнө көрк кошкон мындай үйлөр ал кезде саналуу гана болчу. Бул үй да борбордун кичи райондорунун биринде салынган. Сыртынан көргөн адам булбир чиновниктин же бизнесмендин үйү деп божомолдоору анык эле. Суктантып караган бул үй канчалаган оор тагдырлардын, бакубат жашоочулардын, бейкапар таза наристелердин, түркүн кесип ээлеринин тагдырына күбө болуп келе жатат. Анда баарын башынан баян этейин.

Бактылуу балалык, алгачкы аруу сезимдерди кучагына алган окуучулук күндөр, курч жаштыкты, билимге болгон чаңкооң канбай турган мезгил, махабатка малынган таттуу студенттик кечтер артта калып, үй-бүлө куруп ата-эне болдук. Жолдошум экөөбүз бири-бирибизди айттырбай түшүнүп, кайын-журтка да экөөбүз тең аябай алымдуу элек. Университетти бүтүргөн соң мен айылдагы мектепте иштеп калдым. Жолдошум болсо окуусун улантыш үчүн Санкт-Петербургга кетти. Кайын-журттун сен да кошо бар дегенине карабай, кайненемди аяп кыздарым менен айылда кала бердим. Кайненем экөөбүз ынтымакта жашадык. Ал кишини өз энемдей көрүп, колумдан келген жардамымды аяган жокмун. Мектепте иштеп, талаа жумуштарына да чыгып жүрдүм. Түнкү саат үчтөргө чейин сабак өтүүгө даярданып, көрсөтмө курал жасап, аябай жигердүү иштечүбүз. Окуучулар, мугалимдер үчүн өткөргөн кечелерди, конкурстарды азыр да эстеп жылмаябыз. Эки тоонун ортосунда жайгашкан ошол айылды, мектепти, андагы мугалимдерди, окуучуларды, айылдын ак көңүл адамдарын эстесем азыр дагы сагынып кетем. Өмүрүмдөгү эң жаркын элестер ошол мезгилдер болгон экен. Шаар турмушун жакшы билбесек да телевизордон көргөндөрүбүздү кайталап ар түрдүү конкурстарды уюштураар элек. Айылда телевизор жакшы тартпагандыктан шаарга тууган-уруктукуна, төркүнгө барганда бир-эки жолу көрүп калган Россиянын “Поле чудес” телеберүүсүн кайталап, конкурс уюштурмакчы болуп, эркек мугалимдерге тумба жасатканым эсимде. Айландырыш үчүн ичине эмненин моторун койгонун билбейм, бирок үнү аябай катуу чыкчу. Аябай кызыктуу өткөн бул оюнду сурангандарынан кайрадан айылдык клубда жаштар үчүн да уюштурганбыз. Ал мезгилде кафе деген шаарда эле болгондуктан мектепте Жаңы жыл алдында менин кабинетимди ресторандагыдай кылып жасап, мугалимдер үчүн Жаңы жылдык оюн-зоок кечесин уюштурганбыз.

Ал эми 8-мартта кайненемдин тоогун 7 сомго сатып алып бышырып, үч тарелкага устукан салып мен, Замира эже, Батина эже, Мурат агайлар болуп аукцион уюштуруп, ар бир тарелкадагы этти 15 сомдон сатканбыз. Бул күнкү кече дагы аябай кызыктуу өткөн. 45 сом болду тоогуңуз деп акча алып барсам үйдөгүлөр аябай күлүшкөн. Дайыма ар түрдүү кечелерди уюштуруп, шаар мектептеринин деңгээлине чыгууга аракеттенчүбүз.

Турмушта эмнелер гана болбойт. Кайнимдин ооруп калышы, айылдын оор түйшүгү мени чочуткан жок. Жолдошумдун окуусун бүтүп келишин күтүп жүрүп, арадан жети жыл өтүп кетти. Ошол жылдар ичинде болгон ийгиликтер, жаап-жашырып айталбай турган кыйынчылыктарды азыр эстесем өзүнчө эле бир жомок. Жан дилим менен берилип, ак мээнет өтөгөнүм, жети жылдык күтүүгө толгон сезимдеримди бир күн келип, так ошол күткөн адамым тебелеп кетээрин билсем кана ошондо. Мейли, ак жүрсөң кудайдан кайтат.

1996-жылы борборго көчүп келдик. Квартирадан квартирага көчүп жүрүп, жетип-жетпей тиричилик өтүп жатты. “Таланттуу кыздарыңар бар, жакшы шарт түзүп берсеңер болмок”, - дегендердин сөзүн уксак да каражаттан улам мүмкүнчүлүк болбой жатты. Жолдошум жакшы жумушка орношуп, эмижакшы маяна ала баштаган мезгилде ойдо жок жерден турмушубуз бузулду. Адам деген заматта өзгөрүп, жакындарынын келечегине гана эмес, өткөнүн да өчүргүсү келгенин көрүп күйүп кетет экенсиң. Мейли, эми эч кимди деле күнөөлөгүм келбейт. Балдарым аман болсо болду. Жалгыз бой болуп балдарды багыш, элден кем кылбай өстүрүш, жашоо агымы менен бирдей кетиш кыйын болсо да кудайга шүгүр бутубузга туруп кеттик. Эжем менен жездем Москвага барып соода кылып, мен аларга бул жактан товар салып акча чогулттук. Эки бөлмөлүү квартира алганда чүнчүп жүргөн кыздарымдын сүйүнгөнүн айтпа. Д аттуу курбу кызым жумуш таап берип, кыйла жардам берди. Жан дүйнөң эңшерилип, болуп жаткан окуялар өңүмбү же түшүмбү деп аңдай албай турган убакта айланаңда жакшы адамдардын бар болгону кандай жакшы. Анткени жолдошумдун кылган кылыгы менин жашоомдогу эң чоң сокку болчу.

Ушундай күндөр чубуруп өтүп жатты. Мен болсо жумуш издеп жүргөн күндөрүм эле. Кыргыз элинин сыймыгы болгон атактуу бир инсан менен тууганчылык жайыбыз бар эле. Ошол адамдын кызынын жардамы менен ушул табышмактуу үйгө жумушка орноштум. Ал мезгилде бул заңгыраган кимдин үйү экендиги мени кызыктырган жок. Ак эмгек, мээнетим менен кайсы жерде болсо да иштеп акча табыш керек эле.

Билдирүүнү түзөткөн: scorp: 07 Май 2017 - 22:50

С одним человеком и на всю жизнь...
Вот чего я хочу...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   scorp   07 Май 2017 - 22:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 546
  • Катталган: 31 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 03 Май 2024 03:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Суперстан

Айтылган дарек боюнча келип, үйдүн короосуна кирдим. Заңгыраган эки кабаттуу бул үйдүн короосунда көз жоосун алган гүлдөр, жаңы тигилген жаш арчалар, фонтан, короонун ар тарабына коюлган жашыруун камералар, катар-катар тизилген машиналар бул жөнөкөй бир адамдын үйү эмес экенинен кабар берип турду. Курулуш материалдарын ташып, ары-бери жүрүшкөн жумушчулар көрүндү. Үйдүн каптал жагына бир нече бөлмөлүү үйдүн фундаментин куюшуп, дубалын көтөрүп жатышкан экен. Аңгыча эле үйдөн арыкчырай сулуу келин чыгып, үйгө кирүүмдү өтүндү. Кире бергендеги чоң бөлмөдө кымбат баалуу эмеректер орду менен коюлуп, терезе пардалар ага түспөлдөшүп, өзүнчө көрк берип турат. Үстүңкү кабатта болсо ар бир баласынын уктоочу бөлмөсү бар экен. Биз эми эле сүйлөшө баштаганыбызда мотурайган балдар бирин-бири кубалашып, жаныбызга келе калышты. Тим эле татынакай балдар. “Буларга кыргыз тилин үйрөтүш керек”, – деп келин күлүп койду. Дагы бир бөлмөдөн кичинекей баланы көтөрүп, тарбиячы келин чыкты.

Босогону аттаганда апкаарый түшкөнүм менен жылуу-жумшак мамиле менен тосуп алган кишилерди көрүп, өзүмө келе түштүм. Сүйлөгөн сөздөрүнөн ушул сулуу келин үй ээси экенин түшүндүм. Өз курагынан бир топ жаш көрүнгөн бул аял ушунча баланын энеси экенине ишениш кыйын эле. Балдары жаш болгондуктан, тарбиячы келин жетишпей жаткандыгын айтты. Мен болсо иштөөгө макулдугумду бердим.

Эртеси келээрим менен үйгө мени жалгыз таштап, балдарды алып, шаарга чыгып кетишти. Биринчи эле көргөн адамына ишеним арткан бул кожейке кичи пейил, боорукер, куулук-шумдугу жок, байлыкка чиренбеген аял экени билинип турду.

Ал эми Чолпон болсо балдарды өз баласындай көрүп, балдар да ага биротоло көнүп алышыптыр. Оор басырыктуу, ашыкча сүйлөбөгөн, милдетин так аткарган бул тарбиячы экөөбүз тез эле тил табышып эже-сиңдидей иштеше баштадык. Эки баланы мектепке жөнөтүп, кайра тосуп алуу, үч наристени кароо, үй ичин иретке келтирүү биздин милдетибиз эле.

Педагогдор деги эле балдар дүйнөсүн тез түшүнгөн калк келет эмеспизби. Барган сайын балдар мага көнө башташты. А мен болсо бир күн аларды көрбөй калсам сагынып, аларды көздөй шашчу болдум. Улуураактары Чолпонду кечке ээрчип жүрүшсө, кичүүсү эртең менен мен бармайынча ыйлай берчү. Кечинде уктатып коюп, анан үйгө келчүмүн.

Мектепке чейинки балдарды окутуу боюнча атайын мугалимдерди жалдап, биргеликте тарбиялап жаттык. Ал эми мектеп жашындагыларды ар түрдүү кружокторго катыштырып, жетишпей калган сабактарынан кошумча адабияттарды алып берип, мугалимдерге кайрылып, алдыңкы окуучулардан болуусуна бардык шарт түзүлүп жатты.

Балдарынын ар бир суроосуна зерикпей жооп берип, терең түшүндүрүп, бирин-бири сыйлоого, тартиптүү болууга үйрөтүп жаткан энесинин стажы баарыныкынан жогору эле. Баладай кыялы менен кошуналардын, тууган-уруктарынын балдары менен ойноп кирсе, чоң кишилерге кадимкидей кеңешин берип, акыл-насаатын айтат. Сүйлөгөн сөзүнөн, жасаган ишинен, кишиге болгон мамилесинен бул үйдүн кожейкеси деп айтуу кыйын эле. Адам канчалык жөнөкөй болсо, улуу болооруна ушул жерде дагы бир жолу ынандым. Келиндин ишэнчээктиги гана кээде өзүнө зыян алып келээр эле. Бул аялдын дагы жакшы бир касиети – эч качан байлыкка кызыкпаганы, саясатка аралашпаганы эле. Газета окуп, сыналгы көрчү эмес. Сырткы дүйнөдө эмне болуп жаткандыгы менен иши жок. Ошого биз да көнүп калыптырбыз. Себеби, короодон кирээриң менен сырткы дүйнөнү унуткансып, жашоо жалгыз эле ушул жерде жүрүп жаткандай. Ал эми үйдүн ичине киргенде мезгил, убакыт деген жоголуп кеткендей болот. Кайсыл мезгил экенин да унутуп каласың. Эмнеден экенин түшүнүү кыйын. Же жумушка, балдарга, же ушул кичинекей дүйнөгө сүңгүп кирип кеткендиктенби, билбейм. Бир жолу айылдан кайненем келгенде: “Чөп чабылып бүттүбү?” дептирмин. Анда чочуп кеткен ал: “Ээ, балам, азыр кышкы чөптү мал жеп бүтөйүн деп калбадыбы”, – дегенде гана эсиме келе түштүм.

Бул үйгө көп кишилер жардам сурап келе берчү. Үй ээси да колунан келишинче жардам берип, ыраазы кылып жөнөтчү. Мага кээде бул үй гуманитардык жардам көрсөтүүчү жайга окшой берчү. “Акчаңы чача бербей, мүмкүнчүлүк болуп турганда дагы үй алып, дүкөн ачып иштетсең боло”, – деген тели-теңтушунун айткандарын жактырчу эмес. А бир туугандары болсо: “Тим койгула, мунун жашоосундагы миссиясы – башкаларга жардам бермей, элди жумуш менен камсыз кылмай, акча чачмай. Ошон үчүн кудай буга берип жатат”, – дешчү. “Мынча акчаны кайдан алат?” деп бири-бирибизден сурап калчубуз. Анда бирөөсү: “Ээ, байлардан алат, анан дагы күйөөсүнүн чоң бизнеси бар. Соопчулук үчүн элге жардам берет”, – дейт. Кандай бизнес, эмне болгон бизнес бизди кызыктырчу эмес. Ар бирибиз милдетибизди так аткарып, алган маянабызга ыраазы болуп жүрө берчүбүз. Анткени биздин эмгегибизди аябай баалап, маянабызды аябай жакшы төлөп берчү. Чолпон экөөбүздөн башка бул үйдө бир үтүкчү, иттерди кароочу бирөө, короону жыйнаган бирөө, үйдөгү бузулуп калган техникаларды оңдоочу киши, короодогу гүлдөрдү өстүргөн бирөө, ашпозчу дагы бир топ адамдар иштейт эле. Үй аябагандай чоң болгондуктан баарыбыздын өзүбүзгө тиешелүү жумушубуз бар эле. Эң кызыгы келгенден бери үй ээсин көрбөгөнүм болду. Мен эле эмес баары эле көрүшпөптүр. Кожойкебиз менен канчалык жакын болсок дагы эч кимибиз ооз ачып сурачу эмеспиз.

Күндөр өтүп, жай да келди. Балдарды алып баарыбыз Ысык-Көлгө эс алганы бардык. Ушунчалык кооз жаратылышты биринчи жолу көргөндөй, көлдү тиктейм. Негедир жээкке барганда ыйлагым келе түштү. Ички сырымдын баарын билип койгондой көл мелтирейт. Үнсүз көл менен сырдашып жаттым. Жумуш менен алаксып жүрүп, өзүмдү өзүм унутуп коюптурмун. Көрсө, ичимде таштай катуу уюп калган бир нерсе бар экен. Буга чейинки жашоом экрандай болуп, көз алдыма тартыла түштү. Кандай гана максаттарыбыз бар эле...

Илгеркилер бекеринен жаман түш көрсөң сууга айт дешпеген экен. Көрсө суу сени түшүнүп, жамандыктарды өзүнө алып, жакшылыктарды сага тартуулап сени кадимкидей жеңилдетет тура.

Апам менен атам Көлгө эс алып келгенден кийин, апам ыр жазган экен. Ошол ыр да эсиме келе түштү:

Алайын биринчи ирет колго калам,
Арнайын Ысык-Көлүм сага салам.
Анча-мынча көргөнүмдү жазайынчы,
Бардыгын мен айтууга жетпес чамам.
Ысык-Көлүм койнуң кенен, боюң терең,
Мен сага жете албай жүргөн элем.
Көңүл чаап, эс алууга келип калдым
Көркүңө кумарланып, карай берем.
Ысык-Көл тоо койнунан орун алган,
Тоолору ак булуттан селде чалган.
Айланасын ак кар, көк муз каптаса да
Ысык-Көл эмнеликтен ысып калган.
Ысык-Көл неге толкуп турасың?
Кулачыңды жаясын да, жумасың.
Ашык жарың алыс жакта калгандай
Жээктерге өз боюңду урасың.
Ысык-Көлүм неге бетин чайпалат?
Чайпалганда мага бир сыр байкалат.
Же түбүндө кыз келиндер селкинчек
Тебет бекен аны кимдер айта алат.

Сууга түшүп, таза абадан дем алып, жайды өткөрүп, кайра шаарга келдик. Турмуш жашоо баягыдай эле уланып жатты. Арадан бир жылдан ашык убакыт өтсө да, келиндин күйөөсүн көргөнүм жок. Бул үйдө ал киши жөнүндө эч ким сүйлөчү эмес. Ошондуктан сырттан анча-мынча уккан сөздөргө маани деле берчү эмеспиз. Бирок капысынан ойдо жок жерден жүрөктү титиреткен бир кайгылуу окуя баарыбыздын эсибизди оодарды. Үй ээсинин улуу баласынын табышмактуу өлүмү бул үйдөгү бейкапар тынч жашоону асты-үстү кылды. Ошол окуя болгондо гана бул үйдүн кожоюнун көрдүк.

Билдирүүнү түзөткөн: scorp: 07 Май 2017 - 22:49

С одним человеком и на всю жизнь...
Вот чего я хочу...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   scorp   07 Май 2017 - 22:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 546
  • Катталган: 31 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 03 Май 2024 03:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Суперстан

Эч нерседен бейкапар жатууга камынып жаткам. Кеч чалынган телефондун үнүнөн чочулап ала койсом, кожойкенин жээни экен. “Тез жетип келесизби?! ”- деген ый аралаш үнүн уккамда, эмне болгонун сураганга чамам да келбей калды. Такси менен жетип бардым. Сыртта күтүп турган жээни буркурап ыйлап, бир нерселерди айтып жатты. Сөзүнүн бирин уксам, бирин укпай, үйгө чуркап кирдим. Улуу баласынан айрылып калганын айтып, кожойке ыйлап жатыптыр. Бир нече кишилер, врачтар баланын жансыз денесин тегеректеп турушуптур. Эмне болгонун түшүнө албай турганымда, үстүнкү кабат жактан баланын уңулдап ыйлап жаткан үнү угулду. Жогору көтөрүлүп баратсам тепкичте ыйлап отураган кийинки баласы мени көрөр замат мойнума асылып: “Ишенбейм, ал өлбөйт”, - деп эчкирип кирди. Аны араң өзүнө келтирип, наристелер ойгонуп кетпесин деп балдарга жөнөдүм.

Күндүз эле күлүп-жайнап жүргөн баланын заматтын ичинде бул дүйнө менен коштошуп кете берүүсү баарыбызга табышмак бойдон кала берди. Баскан-турганы, сүйлөгөнү, кыз сүйүп, аны жандап зоңкоюп турса да мамасына келип эркелегени – баары көз алдына келе берип, көпкөй чейин өзүбүзгө келе албай жүрдүк.

Кичи инилерине, карындашына угузбай, башка жакка окууга кетти деп алдап жүрдүк. Сагынышып, күндө эле сурай беришкендеринен, кожойке: “Бул дүйнөдө башка дагы жашоо бар. Байкеңер ошол жакка кетти. Силерге эми көрүнбөгөнү менен жаныңарга келип турат”, - дегенде, эсине кирип калган үчүнчү уулу ыйлап, чаң-тополоң салды. Ошондон кийин чүнчүп да кетти. Кечке чейин байкеси жөнүндөгү сөздөрү бутчү эмес. Бир жерден чыга калчудай болуп күтө беришчү.

Ошол каргалашуу күндөрү кожоюнубузду көрдүк. Биринчи эле көргөндө кээ бирөөлөр сүрөттөгөн кишиге окшоштура албай жаттым. Эки ийини ылдый түшүп, көздөрү кайгыга толуп, бул дүйнөгө наалат айтып турган байкуштай эле. Баладан айрылуу оңойбу. Анан калса, элчилеп эл аралабай, тагдырдын татаал жолунда сыноолорго туруштук берип, куугунтукта жүргөн убагы экен.

Жогоруда айтып кеткендей, эмне жумуш жасаарын, кандай куугунтук, жакшы билбейм. Жөн гана ошол инсандын үйдө кандай киши, балдарына кандай ата экендигин айткым келет. Үйдө көп деле болбойт. Болгон күндөру балдарынын жанынан чыкпай эркелетчү. “Мени тааныбай калышыптыр”, - деп кейичү. Андай дегенинин да жөнү бар эле. Кызы кээде байке деп, кичүү уулу болсо апасын кызгана берчү. Негедир жатыркап жаткан наристелер барган сайын атасына имерила башташты. Өзү да талаа-түздө жүрүп, балдарынан алыстай түшкөнбү, эркелеткенге эби келбей, куурчак ойноп жаткан балага окшоп кетчү.

“Менин балдарым боорукер эле болуп өсүп жатышат, ээ?”- деп сурап калчу. Анда биз: “Чымчык өлсө да ыйлап көмдүрүшөт”, - дечүбүз. Чындыгында балдары аябай назик. Балдарына кыргызча сүйлөгөндү, намаз окуганды үйрөтчү.

Аялын киши келгенде узун көйнөк кийип, жоолук салынышын талапк ылчу. Ошентип кийиндирип алып, өзү уурданып, суктанып карап турганын байкап калчубуз. Бирок келген кишилердин үстүнө аял кишини кийиртчү эмес.

Баштапкы убактарда кожоюнга биз да көнө албай жүрдүк. Бирок: “Өз үйүңөрдө жүргөндөй жүргүлө. Тартынбай ичип, жегиле. Силерге рахмат! Менин эң оор күндөрүмдө аялымдын, балдарымдын жанында болдуңар”, -деп айтчу.

Ал эми коноктор келгенде дасторкон үстүн жайнаттырып салчу. Биринчи тамакты берип бүтө электе эле,экинчисин тарткыла деп шаштыра берчү. Келген коноктордун баарын ыраазы кылып жөнөтчү. Куру кетирчү эмес. Ошондуктанбы, белек-бечкек да көп келчү.

Мечиттерге, жетим-жесирлерге, карылар үйүнө деп мал сойдуруп, акчалай жардам көрсөтчү.

Кожоюн үйгө келгенден баштап, сырттагы сөздөргө биз да кулак төшөй баштадык. Ал жөнүндө канчалык жаман сөз уксак, ошончолук мактоо да угуп жаттык. “Кичи пейил, боорукер кишини эмнеэле жамандашат”, - деп биз уккан “коркунучтуу” адамга окшоштура албай турчубуз. Себеби, бул кишинин атын укканда, уруксаат берилбей турган жерлерге дагы эшик ачылчу. Ар жактан ыраазычылык каттары келип турчу. Мен деген атка минерлер да жакшы мамиледе экенин билдирчү. Бул сыйбы же коркуубу түшүнө алчу эмеспиз. Бирок жаштар арасында кадыр-баркка ээ экендиги анын ашыкча патриоттуулугундабы.

Жаман жагын терең түшүнбөгөндөн кийин кантип айтасын. Мүмкүн өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланышып, өздөрү суудан кургак чыгып, жаман жолго салып, өз эркине баш ийдирбей коюшкандыр. Мүмкүн, жакшы санаалаштары менен, жакшы кишилер менен каршылаштырып, ортосуна от коюшкандары. Мүмкүн, жаман деген сайын жаман жакка сүңгүп кирип кеткендир, балким мажбурлашкандыр. Бул жолго түшүп алганына, ишенгенине, улам тереңдеп кирип кеткендигине миң мертебе өзүнө нааразы болгондур.

Эмнеси болсода, биз тааный баштаган убакта жанын карч уруп, элге кызмат кылам деп калган учуру экен. Мүмкүн кетирген каталары болсо, мындан ары ак эмгек менен жууйм деген го. Бир жолу биз тааныбаган кишилер келди. Кимдер экенин көрбөй да калдык. Аларга:”Силер эч нерседен кем эмессиңер. Эл кыйналып жатат. Ошолордун турмуш деңгээлин көтөрүш керек. Ушул заманда, ушундай жерибиз, байлыгыбыз менен элибиз ачка калат деген эмнеси? Менин көзүм эми ачылып келе жатат. Буга чейинки жашоомду колумдан келсе өчүрүп салгым келет. Мен ишенген, илим-билимдүү, эл үчүн деп калп эле көкүрөк каккандарды ээрчип эмне болдум? Эл көзүнө өздөрү аппак болуп, мени жан алгыч кылып коюшту го. Эми абайлап кадам таштагыла. Менин атыма жамынып, силер да пайдаңарга иштеп жатасыңар. Мен ак-караны ажырата албай жатам. Көп кишилер менен каршылаштырып коюшту. Чындыгында биз бири-бирибизди туура эмес түшүнүп жатабыз. Мен ортодо курал гана болуп калдым окшойт”, - деп сүйлөп жатканы эшикке чейин угулуп жатты. Сөздөрүн укканыбыз менен келгендер кимдер, “аппак” болгондору ким, каршылаштары ким, ага кызыкпаптырбыз.

Кожоюн келгенден баштап, негедир тынч жашообуз бир кыйла кооптонууларга дуушар болуп, эч нерседен бейкапар жаныбыз кээде түшүнүксүз көрүнүштөргө да туш келип жаттык.

Билдирүүнү түзөткөн: scorp: 07 Май 2017 - 22:49

С одним человеком и на всю жизнь...
Вот чего я хочу...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   scorp   07 Май 2017 - 22:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 546
  • Катталган: 31 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 03 Май 2024 03:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Суперстан

Кожоюндун тегерегинде эмне болгонун билбейм, бирок ошол убакта дагы бир оор жоготууга дуушар болду. Бул анын жүрөгүн тилген өмүрүндөгү эң кайгылуу учурлар эле. Кара чечекей бир боору киши колдуу болуп өлдү. Кимдин колунан жан бергенин билгени менен, ким буйрук бергенин билбей, кан жутуп турду. Адамды баса берсе мүңкүрөгөндүн ордуна кайра жаалданып, чыйралып калат тура. Эми анын көздөрүнөн кайгы менен кошо жек көрүүнү, өч алууну эңсеген көз карашты көрүүгө болот эле. Көзүнүн огу болсо атып салчудай болгон кайгылуу көз караш... Мындай абалды душманыңа да каалабайсың.

Анын айланасындагы оор жоготуулар, күтүлбөгөн окуялар, аны саясатка алып барып аралаштырып салды. Анын кетирген эң чоң катачылыгы да ушул болду. Ал өзү да: “Мен таза, ак дүйнө деп келгеним ушулбу?! Чындыкты ушул жерден табам деп ойлодумбу?! Тегерегиңдеги галстукчандардын кайсы бирине ишенсе болот? Айланып келип баягы эле чуңкурга түшөмбү?” – деп өкүнгөнүн далай жолу уктук.

Жайында көлдө эс алып жүргөнбүз. Кечке көлгө түшүп, кечинде үйгө келсек, дубалдан бирөө секирип түшүп, дарбазаны ачыптыр. Дайыма байланып турчу ит да көрүнбөйт. Үйдүн ичине кире албаптыр. Ал күнү түнү жакшы уктай албай чыктык. Дагы бир күнү негедир түн жарымда телефон үнү тынбай шыңгырап жатты. Эч нерсе оюмда жок туруп, алайын деп баратсам, мени токтотуп коюшту. Түнү менен уктабай, жарыктарды күйгүзбөй, терезенин түбүндө олтуруп чыгышты. Бир нече күндөн кийин да ушундай тынбаган телефондун үнүнөн кооптонуулар болуп, түнү уктап жаткан балдарды көтөрүп, үйдү таштап чыгып кеттик. Эмне болуп жатканы мен үчүн табышмак эле. Же сурасаң эч ким алгылыктуу жооп бербейт, ийиндерин куушуруп гана тим болушат.

Ал эми күндүзү көлгө түшкөнү барганда, кээде чочун эле кишилер балдарына балмуздак алып берип, эркелетип, аты-жөндөрүн айтпай эле кетип калышчу. Эч кимибиз тааныбай, рахматыбызды айтып кала берчүбүз.

Мындай сырдуу окуялар шаарга келгенде да болуп турду. Кыш айларында күн кыска эмеспи. Кар калың жааган күндөрдүн биринде эртең менен эрте жерге жарык түшө электе дарбазанын жанына келип, коңгуроону басайын десем, мурдума керосиндин жыты келе түштү. Дарбаза капкара болуп күйүп кетиптир. Үйгө кирип айтсам, эч нерсе байкабагандарын айтышты. Ошол ошол боюнча ким жасаганы белгисиз бойдон кала берди.

Кээде үйдү акмалап бирөө жүргөндөй боло берчү. Чоочун, номери жок машиналар үйдүн айланасында пайда боло калчу. Ушундай окуялардан кийин үйдүн бардык жерлерине жашыруун камералар орнотулду, мектепте окуган баласына жансакчы алды. Кожейкебиздин үстү ачык кабриолет машинасы кымбат баалуу, айнектери күңүрт түстөгү машинага алмаштырылды. Кожоюнубузду жандап жүргөн адамдардын саны да көбөйдү. Биздин ээн эркин себепсиз көчөгө чыкканыбыз, дүкөн аралаганыбыз токтоду. Мындай өзгөрүүлөрдөн кийин биз менен иштеген орус аял коркконунан жумуштан бошоп кетти. Күндөн күнгө мындай түрдүү окуяларга туш болгондуктан, машиналарды сыртка коюдан да кооптонуп калышты.

Күндөрдүн биринде “Дордой Плазага” соода-сатыкка бардык эле. Кожейке бутиктерди аралап кетти эле. Мен болсо балдар ойноочу аянтчада бөбөктөрдү карап отургам. Негедир ошол жердеги балдарды жөн эле жакшы көрүп карап отурган жигиттер көзүмө шектүүдөй көрүнө түштү. Өз оюмдан өзүм чочулап турганда, ар жактан кожейке менен иниси келип, балдарды тез сыртка алып чыгуумду айтып, өздөрү чуркап кетишти. Кудая тообо, ички туюм бир нерсени алдын ала сезет экен. Болбосо, кадимки эле күндөрдүн бири эмес беле.

Сыртка чыксак эл көп, кожейке ыйлап турат. Бир машинаны тегеректеп милиция кызматкерлери жүрөт. Чак түштө, күпкүндүзү машинада отурган кожоюндун досун бирөө атып кетиптир. Бир жумуштап келип, түшөйүн деп жатканда атса керек.

Кожейке ыйлап, күйөөсүнө телефон чалды. Анын ар жакта бакырып ийген үнү чала-була угулуп жатты. Ал андан мурунку күнү да бир досунан айрылганын айтып, ыйлап жибериптир.

Мындай коркунучтуу окуялар уламдан-улам көбөйүп, өз көлөкөбүздөн өзүбүз корко баштадык. Ошол күндөрдүн биринде кожейке күйөөсүнө:

– Саясаттан да, башкасынан да чыгып, тынч гана өмүр сүрбөйсүңбү? – деди.

– Өзүм да ошону каалап турам. Кайсы күнү илээшип калганымды билбейм. Мыйзам деген бар, чындык деген ушул жерде деп келсем, саясатың жеткен ыплас нерсе турбайбы. Мындан көрө өзүмдүн чөйрөм тазараак экен, – деди.

– Мага байлыктын да бийликтин да кереги жок. Жүрү башка жакка кетели. Эч кимге ишенбе, эч кимди ээрчибе. Тынч гана оокат кылалычы.

– Анда эл эмне болот? Ар кимибиз өз көмөчүбүзгө күл тартып кете берсек, мамлекетти ким ойлойт? Мен эми түшүнүп келе жатам. Мындан ары элге жардам бергим келет. Кетирген каталарымды ак эмгегим менен жуугум келет. Душмандарым менен элдешип, бир чечимге келишим керек. Мындан кийинки өмүрүмдү кыргызыма арнайм. Азыр кетсем атым булганган бойдон калат. Жаштарды туура жолго салууга кудуретим жетет. Себеби, мен аркы өйүздө да, берки өйүздө да болуп көрдүм. Эч кимдин сөзүнө кирбей, эл үчүн өз жолубузду, өз багытыбызды белгилеп алышыбыз керек. Биз такыр башка жолду, түз жолду тандайбыз. Жаштар мени ээрчийт. Мен баскан ийри жолдордон аларды коргоп калам. Ийри жолдо жүргөндөрдү да түшүндүрүү иштери менен өзүмө кошом. Алар мени угушат. Биз биргеликте башкача заман курабыз, күчүбүздү жакшы жактарга иштетебиз. Менин артта калган жашоомдогу ачуу чындык ушул тыянакка алып келди. Биз баскан жолдор ката экенин аңдап билдим. Бирок баары бир мунун баарын бирөө жасаш керек эле да. Ошону мен жасадым. Бир гана жери менин ой-максатымды азыр көпчүлүк билбеши мүмкүн. Мейли, бирок мен эми эмгегим менен далилдейм, – деди.

Мына, бул адамдын канындагы атуулдук милдет, демдин кайнап турганы! Мындан бир нече жыл мурда болгондо… Бирок адам, орустар айтмакчы, “на ошибках учится”. Бул да сыноо, ал эми башка бирөөлөргө сабак болуш үчүн курулган тагдыр.

Бирин-бири жек көрүү, өч алуу адам баласынын жашоосунда болуп эле келе жаткан көрүнүш. Чындыгында кек сактоонун, өч алуунун түбү барбы? Ошондой учурда бир эле тарап жабыр тартпайт да. Тереңдеген сайын жоготуулар көбөйө берет. Мунун кимге кереги бар өзү?! Жамандыктын чексиз түбүнө түшүп кете электе өзүн өзү токтотуп калуунун өзү чоң жеңиш. Башкаларды токтотуп калуунун өзү андан өткөн эрдик...

Бир күнү үйдөгү конок кетип жатканда, сырттагы эшикти ачар замат лып этип бирөө кирип келди. Аны жакын тааныштарынан го деп ойлоптурбуз. Терезеден көрүп калган кожоюн:

– Эмнеге киргизип жибердиңер? Тез чыгаргыла! – деп тынчсызданып калды.

Кирип келген киши сыртта ойноп жүргөн балдарды эркелетип, жакын кишилердей сүйлөшүп, анан үйдү көздөй кирип бара жатканда кожейке алдынан тосо калды:

– Кечиресиз, үйдө кожоюн жок эле, – деди.

– Мага азыр үйүндө деп айтышпадыбы. Суйлөшө турган сөздөр бар эле. Жок болсо күтө турайын, – деп көшөрүп туруп алды.

– Бирөө келет деп мага эскерткен эмес. Телефон аркылуу байланышып, анан келиңиз, – деген келиндин сөзүн укмаксан болуп, тепкичтен көтөрүлүп бара жатканда, айлабыз кетип корко баштадык. Аңгыча сыртта жүргөн кожойкенин туугандарынан бирөө сырткы эшикти ачып:

– Байке, сизди сыртта бирөө чакырып жатат. Кожоюн да келди окшойт деп, сыртты көздөй алып жөнөдү.

– Мениби? Сырттабы? – деген боюнча шашып сыртка чыгаары менен, эшикти шарт жаап салды. Тиги киши бирдемкелерди сүйлөгөн боюнча жини келип, машинасына олтуруп кетип калды.

А кожоюн болсо, уруксатсыз эч кимди киргизбөөнү эскертти.

Бирок адамдан айла качып кутулбайт демекчи,кээде начар кийинген, үй жайы жок бир байкушка айланып келишсе, кээде күчүгүн акырын киргизип жиберишип, аны чыгарып алууга келген киши болуп, аңдып жүргөндөр да болчу. Буларды кимдер жиберип жатканын билбей, башы маң болуп калды. Себеби, бирөөлөр менен сүйлөшүп олтурганда:

– Биз ойлогон кишилерди текшердик. Алардан жөнү жок эле шекшинип жатыптырбыз, – деди.

– Ошолор деп айтышпады беле. Далил бар деген. Же жанагыдай оюн башташтыбы. Бирибизди бирибизге жаман көрсөтүп, өз максаттарына жетип жатышабы! ? – деп кыжырданып кирди.

Булар эч качан кишилердин атын аташчу эмес. Ошондуктан азыркыга чейин кимдерди душман катары көрүп, кимдерди дос тутунганын аялы да билбейт.

Душмандары менен да каршылашпай, бир чечимге келип, ортодо саясий оюндардын курмандыгы жана куралы гана болуп жатышкандыгын түшүндүргүсү келип жатты.

Мындай адамдар эле эмес, улуу мамлекеттердин президенттери да марионеткадай сезилет. Дүйнөнү башкарган бир күч бардай. Себеби, кантип эле адам баласы барган сайын бири-бирине өч болуп бара жатсын. Өз пайдасы үчүн бирине-бирине тукуруп, элди кырдыртып, анан эки жакка тең куралын сатып акча жасашат да. Адам баласы бири-бирине, анан калса табиятка, Жер Энеге кол көтөрүп жатпайбы. Жашоонун убактылуу кызыкчылыгына баткан адамзат кайда баратат. Барган сайын роботко айланып, жошоону токтотот окшойт.

Ал эми бизге окшогон кичинекей мамлекетке кичине акча көрсөтүп койсо, так, акча талашып атып эле өздөрүн өздөрү кыра беришет...

Кожоюн мурда каршылашып жүргөн кишилеринин, шек санаган адамдарынын ортосундагы "кара мышыкты" таппай, бушайман болуп жүргөнүн кээде туугандары айтып жүргөнүн угуп калып жаттык. Мүмкүн кээ бир жаман иштерге колу баргандыр. Бирок кээде жасабаган ишин да жасады деп коюшканынын бирөөсүнө күбө болуп калдым. Себеби, бир күнү ал күндүзү үйүндө тамак жегени ашканага кирип бара жаткан. А аялы болсо:

– Он мүнөтчө күтө турасынбы, стол үстүн даярдай коелу, – деп калды. Себеби салган этибиз катуураак болуп, бышпай жаткан.

– Мейли, анда мага телевизор коюп бересиңерби, – деди.

Кайсыл берүү кайсыл каналдан тартаарын жакшы билчү эмес. Мен пультту алып, "НТС" каналына коё калсам, жаңылыктарды берип, ошол мезгилде белгилүү саясатчылардан бирөөнү уруп кетишкендиги жөнүндө айтып жатыптыр. Кожоюн шалак деп олтура калды. Анан бирөөнө телефон чалды да: "Эмне болуп жатат? Дагы мени каралагысы келишкен го," – деп, бирдемелерди сүйлөп жатты. Ошол учурда бул кишинин физиономиясын көргөн адам, бул ишке эч кандай тиешеси жок экенин байкайт болчу. Жини келген кожоюн тамагын да ичкен жок.

Массалык маалымат каражаттарынын ишине аябай таң каласың. Ошол эле күнү шаар ичи дүң дей түштү. Териштирип териштирбей эле бул иштин күнөөкөрү деп кожоюнду айыпташты. Бир жолу бир таанышыбыздын мындай дегенин угуп таң калган элем: "Телевидениеге барсам, кааласаңыз каарманыңызды кардан ак, жек көрсөтөм десеңиз көөдөн кара кылып бере коёбуз. Ал сиздин каалооңузга жараша" Мына сага чындык...

Мындай көңүл чөктүргөн окуялардын арасына күлкүлүүлөрү да болуп турчу. Жашоо ошонусу менен кызык да. Кожейке күйөөсүнөн жашырып балдарына күчүк сатып берди. Ал күчүктү эки ай үйдүн ичинде багып жүрдүк. Атасы келе жатканда балдар күчүктү коробкага салып, үстүн жаап, бир бөлмөгө шкафтын ичине киргизип салышчу. Бир күнү кожоюн так ошол бөлмөнүн тушуна туруп калды. Өчөшкөнсүп ар жактан күчүк үрө баштады, кызы күчүктүн үнү чыккан сайын кошо жарышып, үнүн окшоштуруп үрүп коёт. Атасы эч нерсе түшүнбөй:

– Эмне эле болуп жатасын, – деди.

– Тоту кушка үргөндү үйрөтүп жатам, – деп клетканын жанына барып калды. Ансайын күчүктүн үнү чыга баштаганда, уулдарынын бирөө да үрө баштады.

– Ушундай да болчу беле?

– Ата, мен күчүк болгум келип жатат, – деп коёт.

Биз бир жагынан чочуласак, бир жагынан балдардын жоругуна, тапкычтыгына күлкүбүз келип, араң турдук. Үй ичинде ит кармаганды кожоюн жаман көрчү. Эч нерсени шексинбей өз бөлмөсүнө кирип кетти. Андан кыйла күн өткөндөн кийин тиги күчүктү көрсөтүп, уруксат сурашканда:

– Мусулман баласы үй ичинде ит кармабайт, – деп болбой койду.

– Балдар аябай жакшы көрүшөт, – деген аялынын сөзүн укпай, күчүктү бирөөгө бердирип салды. Балдары ыйлап, ага кошулуп аялы да ыйлады. Аялынын ыйлаганына күлкүсү келген күйөөсү бери жакта тургандарга көзүн кысып коюп, ансайын ачуулангансып: "Же күчүктү танда, же мени танда! Күчүк үчүн ыйлаган катынды биринчи жолу көрүшүм," – деп коёт.

Ошентип тиги күчүктү (кымбат баалуу породадагы чихуахуа болчу) ардагерлер күнүндө бир орус кемпирге белек кылып берип койду. Аны көрүп калган келиндин эжеси кемпирге идиш-аяк берип, алмаштырып келди. Анан жашырып айылда багып жүрүштү.

Дагы бир жолу кожоюнга балдарыңызга белек болсун деп эликтин балдарын алып келишти. Тим эле жакшынакай эликтер. Короонун көркүнө көрк кошуп, үй астында кериле басып жүрүшчү. Балдар дагы алардын жанынан чыкпай айланчыктап, эркелетип жүрүштү.

Балдарды ээрчип жүргөн чаарчыктарды карап отурган кожоюн:

– Тоого алып барып берсекпи, - деп калды.

– Ата, сиз эмнеге жаныбарларды жаман көрөсүз? Тоту кушту да коюп жибергиңиз келет?, – деди уулу нааразы боло.

– Ээ, балам, ээн эркин өз чөйрөңдө жүрө албагандан кийин бул дүйнөнүн кызыкчылыгы кайда, түшүнбөйсүң да, балам, – деди үшкүрүп.

Ошол күндөрдөн аз өтпөй, эликтин бирөөсүн чоң ит (эшиги ачык калып) тиштегилеп, өлтүрүп салыптыр. Балдарга көрсөтпөй алып барып көмүп салышты. Шеригинен айрылган чаарчык жалгыз калганын сезгендей, элең-элең этип эки жагын каранат. Аны карап отуруп айылдагы бир окуя эсиме келе түштү. Уюбуз тууп, торпогу өлүп калды. Саадырбай койбосун деп, кайын энем торпоктун терисин сыйрытып, ичине саман салдырып койду. Күнүгө саарда тигини уйдун алдына таштап койчубуз. “Жансыз торпокту” ###### жатканда, уй кадимкидей ыйлачу. Аны карап алып биз да жаман болчубуз. Ал эми индюктун жөжөлөрүн мышыгыбыз жей берчү. Бир күнү мышыкты байлап коюшту. Бир убакта ойноп жаткан балдар чурулдап эле калышты. Бара калсак, индюк чуркап келип мышыкты чокуп, тепкилеп жатыптыр. Кайын энем: “Шумдугуң кургур, өч алып жатат”, - дейт. Мына, акыры келип жаныбарлар менен адамдарды да салыштырууга туура келип жатат...

Кожоюндун артынан аңдуулар көбөйө бергенинен, үйгө көп келбей калды. Келген учурда балдарынын жанынанчыкпай: “Жакшы окугула, намаз окуганды үйрөнгүлө, эч ким менен урушпагыла, бирөөнү ээрчибегиле”, - дей берчү.

Күндөрдүн биринде үйгө конок келип анын мектепке жогорку класстын окуучулары тоноп, дагы акча алып келүүсүн талап кылышканын, баласы ата-энесине айтпай, үйүнөн акча уурдаганын айтып калды. Ушуларды угуп отуруп, жаш балдардын мындай жоруктары барган сайын өөн учурабай, көнүмүш адатка айланып баратканына кейип:

– Мына, жашоодогу туура эмес кадам ушулжерден башталат. Тамырын ушул жерден кыя чаппасаң, кийин кеч болуп калат. Барган сайын өөрчүп отуруп, берген акчаңды чыгарып алыш үчун сен да кылмыш кыласың. Андан да жаманы материалдык дүйнөнүн кулу болуп, акчанын артынан кууп гана жашап каласың, - деди.

– Буга ким күнөлүү? – деди конок.

– Ар бирибиз, коом, анан кайдыгерлик мүнөзүбүз күнөлүү.

– Сен бир мектеп ачат окшойсуң?, – деди.

– “Кримавторитеттин мектеби” депби?, – деп күлдү, – чындыгында, мына, мектеп, окуу жайлары, массалык-маалымат каражаттары, диний мекемелер – баары эле таалим-тарбия берип жатышат. Бирок илимдүү-билимдүү, адептүү балдарга караганда терс жакка баскандар басымдуулук кылып жатпайбы. Ошондуктан, мен башкача жол менен күрөшөйүн деп жатам. Өзүмдүн өмүр жолумдагы катачылыктарды баса белгилеп, өзүм көрсөтүп, ошол жерден кантип оңдоп кетиш керек эле, ошону түшүндүрөм. Ал үчүн жаштарды өзүмө тартышым керек. Менин биринчи кадамымаларды спортко тартуудан башталат. Спорт менен айкалыштырып программа түзөм, жумуштарды пландаштырып, системалаштырам. Эмнеге мен буларды мурун ойлободум экен – деди.

– Ушуларды жеткирүү үчүн кудай бир жаза бастырып, анан эсине келтириш үчүн сени тандаса керек, – деди.

– Эми кудай жаза бастырбай эле баарыбыз туура жолдо жүрсөк гана.

– Анда бул жашоо бейишке айланып кетпейт беле. Пендебиз да.

–Адамдын жан-дүйнөсү жарды болуп, жеке кызыкчылык үчүн арам ой ойлоп, жаман жолго бирөөлөрдү кошо түртүп, жыргалчылыкты өзүбүз жок кылып жатабыз да. Барган сайын туңгуюкка түшүп баратабыз.

–Ооба, мына сенден баштайлы. Артыңды карап эми өкүнбө эми. Ошол учурда эмне жумуш жасап, кимге алданып жатканыңды аңдап-билишиң керек эле да.

–Кептин баары ошондо болуп жатпайбы. Эми ишеничтүү адамдар келип эле: “Булар минтип олтурса Кыргызстанды тоноп жок кылышат. А мына бул кишилер элдин эмгегин жеп жатышат. Мындай болсо эл жакырданып отуруп башкаларга кул болуп калат. Канча айтсаң да моюн бербей законго тууралап, өз көмөчтөрүнө күл тартып жатышат. Элди ойлогон эч ким жок. Эл түшүнбөй алданууда”, – дей берсе , чолок оюбузда патриот болуп чыга келдик да. Өз түшүнүгүбүздө “элдин жыргалчылыгы үчүн” деген девиз менен эл душмандарына каршы чыгып жаттык.

–Эми сага ким ишенет? Кечирип кой, бирок, ким сени ишенип ээрчийт?

–Ооба, кудайдан улук болуп, көп нерсени өзүбүз чечкенге аракет кылат экенбиз. Мага ишениш үчүн, айтпадымбы, кайсыл жерде эмне жасаганымды, кайсы жаман иштерге жөнү жок мени күнөөлөшкөнүн, бирөөлөрдүн тукуругу менен жок жерден жакшы санаалаштар менен душман болуп калганымды өзүм айтып түшүндүрөм. Чындыкты өз оозуман укканда мага ишенээрине көзүм жетет. Өзү ооруп көргөн адам гана оорунун кандай экенин врачка караганда жакшы айта алат. Оорулууга оору адам кеңеш бергенде көбүрөөк таасир этет. Ал үчүн убакыт керек. Ачуу чындыкты моюнга алып туура жеткире алсаң жаштар ээрчийт.

–Аз жашооңдо көп кыйынчылыктарга дуушар болдуң. Ылайым мындан кийинки өмүрүң, өзүң айтмакчы, өзүңө эле эмес өзгөгө да таасир этип, оң нукта улансын.

–Мен кандай кемчилик кетирсем, андан өткөн жаза алдым. Адам баласы көтөрө алгыс оор жоготуулар, инимден, баламдан айрылдым. Досторумдан күн санап айрылып жатам, өзүң деле көрүп турасың. Булар мага чоң сабак болду. Эми мен эч кимдин тилине кирбей, кудай алдында ак эмгек өтөйм.

–Анда өз алдыңчажумушуңду жасай бер да, колуңдан келген жардамыңды элге көрсөтө бер. Бирок, бизнестериңди да унутпа.

–Мен да ошону каалап турам. Бирок жумушумду да жасатышпай жатпайбы. Жок жерден өз “оюндарына” менин атымды алып барып жармаштырып салышканда, тапкан жолумду жоготуп ала жаздап жатам. Өз жолума ишеничтүү түшүп алганга чейин убакыт керек, – деди кожоюн.

Дайыма сак, анча-мынчы сөздү кишинин көзүнчө талкуулабай жүргөн кожоюн жана анын коногу кошуна бөлмөдө балдарды уктатып жаткан бизди байкашкан жок

Мындай сөздөрдүн анча-мынчасын угуп калган үтүкчү эже: “ Эмне эле ушундай жакшы, кичипейил кишини, укмуш жамандап элдин үрөйүн учуруп жатышат”, – деди. Анда ашпозчу эже: “ Биз билбеген жактары да бардыр”, – деп койду.

Биздин кожоюн үйдө кандай киши экенин көрүп турсак да, сыртта айтылган сөздөрдөн улам кимисине ишенээрибизди билбей маң болуп калчубуз. Бирок мен бул адам жөнүндө эч кандай бир жактуу пикир айтпайм. Болгону көзү өткөн атактуу кримавторитеттин мен көргөн жашоосун гана жазгым келет. Анткени, мен ушул үйдө анын татаал тагыдырына күбө болуп жаттым...

Күндөрдүн биринде үйдүн жанына бир машина келип токтоп, катуу сигнал бере баштады. Келип жүрчү кишилерден экен деп, иттерди кароочу бала эшикти ачып жиберди. Ошол мезгилде коңшу киши да машинасын чыгарып жаткан. Тез аранын ичинде артты көздөй айдап жөнөгөн машина кимге келгени белгисиз эле. Ага анчалык деле маани берилбей калмак, эгерде ошондой сигнал түнү үч-төрт жолу кайталанбаса. Аңдышса сигнал бермек эмес да, жөн гана жаш балдар болсо керек деп ойлоп калдык. Бирок коңшунун айтымына караганда, бир нече күндөн бери ар түрдүү машиналар пайда боло калып, аңдып жаткандай көрүнүптүр. Ошол күндөрдөн көп өтпөй, үйдүн курулушуна көмөк көрсөтүп жүргөн байке келип, тээ алысыраакта бирөө эртеден бери үйдү акмалап жатат деп калды. Себеби ал машинасы менен кетип бара жатып, бирөөнүн тамды айланчыктап жүргөнүн көрүп, сыртынан байкап туруптур. Көпкө чейин жүргөн чоочун киши кол телефону менен бирөө менен сүйлөшүп, ары барып, бир таксиге отуруптур. Анын ордуна башка бир киши пайда боло калды дейт.

Ошол учурларда күүгүм кирээри менен терезе пардалардын баарын жаптырып салчу. Себеби көчөдөгү бак-дарактардын башынан да бирөөлөр аңдып жаткандай болуптур. Ошондон улам дубал артында өсүп турган дарактардын баарын кыйдырып салышты.

– Барган сайын өз көлөкөбүздөн өзүбүз корко баштадык. Деги сен эмне жумуш кылып жатасың? – деп келин чайга олтурганда жолдошунан сурай баштады.

– Эки башка дүйнөнү бириктирип, адашкандардын көзүн ачып, адаштыргандардын тизгинин тартып койчу коом түзөйүн деп жатам.

– Сен өзү кимсиң? Мен билбеген кандай жактарың бар? Ушунчалык душман арттыргыдай эмне күнөөң бар?

– Мен өз ордун таба албай чытырман токойдо адашып калган жанмын. Жарык шоола чыккан жакка бассам, сазга батып бара жатам, артты көздөй жөнөйүн десем, жарга барып такалам. Сен билбеген жактарымбы? ! Аны өзүм да билбейм. Күнөөмбү?! Күнөө иш кылдымбы же сооппу, аны да билбейм. Душманым ким, досум ким, аны да ажырата албай жатам.

– Мени билесиң. Мага акча, дүнүйө, бийлик керек эмес. Саясатты түшүнбөйм дагы. Мен эч качан сенин жумушуңа кызыккан эмесмин. Бирок, түшүнүксүз окуялар мени кабатырлантып жатат. Мен ачка олтурсам да, балдарым менен тынч жашагым келет.

– Баары жакшы болот. Мени аңдып жүргөн душмандар менен да жарашам. Каршылашуу акыр түбү жакшылыкка алып барбашын айтам. Кечире билип, кечирим сурайм. Кудай алдында ар кимибиз жооп берип каларыбызды түшүндүрөм. Бир аз убакыт гана керек, - деп, эч качан ачылып сүйлөбөгөн жан аялына жер тиктеген боюнча сүйлөп жатты. Ушул учурда эч нерседен жеңилбес деп сүрөттөлгөн кожоюн бир нерседен алсыз болуп тургандай сезилди.

Ашкананын эшигин жаап, андан ары эмне жөнүндө сүйлөшүп жатканын укканыбыз жок.

Эртеси эртең менен барсам, көп конок келерин айтып, ашпозчу эже менен кожейке базарга кетишти. Чолпон экөөбүз балдарды тургузуп, тамак берип жатканбыз. Коңгуроо кагылып, бир жаш жигит эшикти ачып коюубузду суранды. Эмне максат менен келгенин сурасак, “Кожоюн жиберди “, – деди. Ар кимден шексинген жаныбыз келинге телефон чалдык. Ал дароо эле күйөөсү менен байланышып, эч кимди жибербегенин айтыптыр. Кара көз айнекчен шыңга бойлуу жигитти дарбаза артынан сылык-сыпаа айтып, кожоюн жакынкы күндөрдө үйгө келбей турганын түшүндүрдүк. Арадан бир-эки саат өтпөй, дагы эки киши белек-бечкек алып келгенин айтышты. Аларды да кожоюн менен байланышып, кийин келүүсүн сурандык. Минтип бей уруксат келгендер көп боло турган. Мүмкүн чын эле жакшы ниет менен келгендери да бардыр. Бирок кантсе да ар кандай коркунучтуу окуялардан кийин этияттануу керек болуп калды.

Жакшы ниет менен дегенимдин себеби, бир жолу эки аксакал келишкен. Биздин түшүнүгүбүз боюнча бирөөсүнүн күйөө баласынын чакан бизнеси бар экен. Кимдир бирөөлөр кожоюндун атынан барып, салык салып, болгон акчасын алып коюп жатыптыр. Аксакалдарды жөнөтүп, дароо кол алдындагы балдарды чогулткан. Ким экендигин билбей, катуу жини келген келген ал балдарынан таптырганда, бийлик өкүлдөрүнүн бирөө болуп чыгыптыр. Дагы бир жолу кожоюндун жигиттеринен запкы жеген кишилер арызданып келишкен. Ошондо баласынын айдоочусунун айтымына караганда, кожоюн алынган акчаны беш эселеп төлөп берүүсүн жигиттеринен талап кылып, запкы жеген кишилерден кечирим сураттырыптыр. А кыз абийирине кол салган бир акмак жең ичинен акча берип, райондук милиция кызматкерин сатып алганда, айласы кеткен кыздын тууганы кожоюнга кайрылган. Бийлик бутактарынын биринде турган тиги акмак кыздан да, кожоюндан да кечирим сурап, ишти жапты-жапты кылышкан. Буга окшогон окуялар көп болгондуктан, кожейке да күйөөсүнүн казылык милдетин көп көрүп: “А мен билбеген кандай жактарың бар?” – деп жатпайбы.

Башка аял болсо эбак эле жолдошунун эмне кылып жатканын, кайдан акча таап, эмнеге жумшап, кимдер менен байланышканын териштирмек. Бул аялдын дүйнөгө болгон көз карашы такыр башкача. Асман менен жердин ортосунда калкып учуп жүргөндөй. Күнүгө эки-үч саат медитация жасайт. Өстүргөн гүлдөрү, баккан жаныбарлары менен сүйлөшөт. Балдары ооруп калганда, өзүнүн ар кандай ыкмалары менен дарылай баштайт. Дары-дармекке караганда дары чөптөрдү көбүрөөк колдонот. Өзүнүн күчү жетпей калганда гана медиктерге кайрылат. Мүмкүн ушундай өз дүйнөсү менен алек болгон аял кожоюндун оор тагдырын көпкө чейин түшүнө албай жүргөндүр...

Жогоруда конок келмек деп айтпадымбы. Стол үстүн түркүн тамакка толтурдук. Күүгүм кирерде беш-алты машина менен Казакстандан кожоюндун кадырлуу делген коноктору келишти.

Үйгө киши келгенде аялдар тамак гана бышырып, эркектер өздөрү тейлешчү. Бака-шака түшкөн коноктор аябай көңүлдүү отурушкансышты. Себеби, күлкүлөрү сыртка да угулуп жатты. Ашпозчу эже тамак ташыган жигиттердин бирөөсүнөн:

– Казак туугандардын көңүлүн жакшы эле алып жатасыңар окшойт? - деп калды.

– Ооба, кыргыздардын меймандостугун баалап жатышат, - деди.

– Кыргызстанга эле курса жакшы болмок. Бизде асыл тукум жылкылар көп болсо, бул да чоң бизнес да, - деди жигиттердин бирөөсү.

– Мага баарынан да спорткомплекс сала турганы жагып турат. Укпадыңбы, кыргыз менен казак дүйнөлүк спорт аренага жөн эле чыгат. Ат жалында ойногон калкпыз. Ар кандай мелдештерди уюштуруучу чоң стадион курсак, ал жактан да акча түшмөк. Чет элдиктер Көлүңөргө түшөт, стадионуңарга чуркайт дегенине караганда бизге салганы турушат го, - деп калды.

–Өткөндө Казакстанга барганда курула турган жерди көрсөтүшпөдү беле?

– Билбейм, ал жерге да спортко байланыштуу бир нерсе курушат окшойт. Материалдарын Кытайдан алабыз деп жатышкан. Тиги кореецти спортсмен деп айтыштыбы? - деп сурап калды.

– Олтургандардын баары эле спортко тиешеси бар кишилер окшойт.

– Казактар бай, алар баштаса аягына чыгышат. Курулушка көп акча керек. Биз кантер экенбиз.

–Ошол үчүн казактар менен чогуу салабыз деп жатышат да. Алар жардам беришсе кийин кирешеден чогуу бөлүшмөкпүз да.

– Оо, чын эле, чет мамлекеттегилердей бизде да олимпиадалар өтүп турса, Көлгө келчүлөр да көбөйөт. Кыргыздар да байып калат элек.

– Бирок, жогорудагылар түшүнбөй жер бербей коюшсачы?

– Ооба, акчаны го грант жана башка кылып табышат. Жер эле бөлүп беришсе жакшы болмок. Бирок ошондо да мага тигинче пайыз бересиңер деп асылышат. Негизинен бул жөнөкөй калкка эле пайда алып келмек.

– Элди качан ойлочу эле биздин чоңдор, - деп ашпозчу эже тамак салып жатып, сөзгө аралашып кетти. Жанатан бери кызуу маек куруп жатышкан балдар шарт бурулуп, бизди карай калышты. Ашканада өздөрүнөн башка адамдар бар экенин унутушуп, өздөрүнчө байып жатышкан эле. – Ичип алган го, араң басат, - деп айдоочу машинесин жүргүздү.

– Дайыма эле мас болуп дарбазанын түбүнөн кетпейт. “Итиңерди багып берейин, корооңорду да тазалайын, мени жумушка алсаңар” деп нечен ирет кожойкелерге жармашты, - деди жанымдагы эже.

– Ушул эмнени жасап жарытмак, - деп таксист күлүп калды.

– Атка минесиңерби? – деп сурады деди балдардын улуусу.

– Жогору жакта кооз карагайлар бар, айландырып көрсөтүп келебиз дешти, - деди кызы.

– Ал соо эле, акыл-эси жайында, жакшына эле сүйлөгөн бала экен. Тиги нан бышырып жаткан балдардан жумуш сурап жатыптыр. Нанга бара калган элем. Бирок башкача кийинип алыптыр,- деди.

– Курсагын тойгузуш үчүн ар кандай амал ойлоп тапса керек. Же сен адашып алгансың, - дедим.

– Жок, эже. Тиги нан бышырган балдар кечинде да ушул жерде айланчыктап жүргөнүн көрүптүр. Жөн жүргөн бала эмес, - деп калды.

– Ой, ким билет. Кассаңарды абайлагыла. Ууру деген эмелерге кино үйрөтүп жатпайбы, чак түштө кантип уурдаганды, - деп баштыгына сатып алган нерселерин баштыгына салып жаткан аял сөзгө аралашты.

– Жок, силердин үйдү акмалагандай, балдар айтып жатышат, - деп мага шыбырай калды.

– Кызык, ушул үйдөгү жашоого аябай көптөр кызыгышат окшойт. Дүкөнгө келгендердин баары эле “баланчанын үйүбү?2 деп сурай беришет. Менин ата-энем да силердин кожоюнуңарды көп айтышат, жакшы көрүшөт. Анын үй-бүлөсү биздин дүкөндөн соода кылат деп мен мактанам, - деди сатуучу кыз.

Кызмат кылып жаткан жигиттерге чай берип жатканыбызда, алардын сүйлөшүп жатканын угуп калып жаттык.

Түн бир оокумга чейин олтурушкан коноктор көңүлдүү жөнөп кетишти. Биз да үйгө кетмек болдук. Күтүп турган таксиге отурайын деп жатсак, дубал түбүндө бирөө тургандай болду. Таксисттен жарыгын күйгүзүп көрүүсүн сурандык. Бурчта бөтөлкө кармаган кошуна бизди көздөй басып калды.

Булар минтип бакылдашып баратканда, менин оюм башкага кетти. Себеби өткөндө кожоюндун жигиттеринен бири келинге: “Ушул кишини үйгө киргизбегиле. Мындай адамдар бир бөтөлкө арак үчүн энесин да сатып жибериштен тартышпайт” дегенин угуп калган элем. Анда кожейке: “Балекет болбодубу, кыйындарынан да корксок, алкашынан да корксок, эч ким жок ээн талаага кетсек окшойт. Деги чыгып баратканыңарда бирөө жарым кирип кепесин, абайлагылачы”, - дегени эсиме түшүп кетти.

Ээн талаа демекчи бир жолу кожоюндун уруксатысыз эле балдарды эс алдырып, таза аба жутуп келели деген ой менен шаар четине чыкканбыз. Негедир биздин артыбыздагы машина кай жакка барбайлы, ошол жакта пайда болуп калып жатты. “Коркконго кош көрүнөт, кошогу менен беш көрүнөт” демекчи, андан шексинген жаныбыз эс алып жаткан элдердин арасына кирип кеттик. Балдар сайдагы сууга таш ыргытып ойноп, улуулар дасторкон четинде кызуу маек куруп жатышкан. Аңгыча эле балдардын жанына эки жигит барып, бир нерселерди сүйлөп жатканын байкап калдым. Тура калып аларды көздөй жөнөдүм. Ташка урунуп, мүдүрүлүп жатып барганча тигилер ордуларынан жылып, узап кетишти. Балдардан эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн сурасам:

Менин шашып жөнөгөнүмдү көргөн келин артымдан жетип келди. Балдардын сөзүн уккандан кийин: “ Атына олтургузуп ойнотуп, акча таап тиричилик кылган балдардан турбайбы”, - деп камырабай кайра ордуна кетти. Себеби алар бат-бат басып ылдый түшүп кетишти. Андан көп узабай жанагы машине да ылдый көздөй жөнөдү. Эмне болсо да эл ичинде бололу деп, балдарды ээрчитип келдим.

“Коркконго кош көрүнөт, кошогу менен беш көрүнөт” дегендей болуп жатам дейин десем, негедир кечке жүрөгүм жаман болуп жатты. Кечинде үйгө келсек келиндин абысыны отуруптур. Ал дароо эле: “Талаа түзгө чыкпай эле койбойсуңарбы. Ар кандай ушак-айың угуп жатам. Акча үчүн арам ойлуулар эмнеге гана барбайт”, - деди.

Коноктор кеткен күндүн эртеси үйгө жакын жердеги дүкөнгө кирсем, бир начар кийинген жигит сатуучудан бир нерсе берүүсүн суранып, сакоолонуп сүйлөй албай алдымда тура калды. Кезекти берип күтүп туруп калдым. Боору ооруп кетти окшойт дүкөнчү нан, булочка салып колуна карматты. Кийин ашпозчу эже туз калбай калганын айтканда дүкөнгө жөнөдүм. Мен кирээрим менен сатуучу кыз: “Эже, кечээки сакоо баланын өңүн эстейсизби? ” – деп сурап калды. Мен анын өңүн деле карабагандыгымды айттым. Ал аптыгып сүйлөп жатты.

Мына эмесе, биз эле эмес, колу-кошуна, тегерегибиздин баары чочулай баштаган тура. Сыр бербей:

– Эмнеге акмаламак эле. Эгер аңдый турган болсо, өздөрүн байкатпай, иш жүргүзмөк. Анан калса бул үйдөгүлөрдүн эч кимге карызы деле жок го, - дедим.

Мындай учурда жылмайып гана кутулушуң керек.

Мен бул үйгө келгенден баштап жашоом өзгөрө баштады. Анткени кожоюн үйдөгү ар бир жумушчуну үй-бүлө мүчөсү деп эсептеп, кем-каржыбызды сурап, жардам берип турчу. А мен болсо кээде үйгө барбай балдардын жанында жатып калып, бул үйдөгү коркунучтуу жашоого аралашып, ысык-суугуна бирдей күйүп, сиңишип бараттым. Кожейке да эмнегедир мени жанына жакын тутуп, акча жагынан каралашып, мени өз бир тууганындай жакшы көрөр эле. Балдар болсо мага көнүп калгандыктан кечке тегеректеп жанымдан чыгышпай ойношот, жумуш кылсам ар кайсыны айтып беришип ээрчип жүрө беришчү. Менден мурдагы иштеген Чолпон деген бала багуучу эми үйдүн тазалыгына жооп берип, балдарды караш менин милдетим болуп калды. Бул убакта Кыргызстандагы саясий абал туруксуз болгондуктан, бул биздин кожоюндун жашоосуна өз таасирин тийгизип, бизге болсо кооптонууларды жаратып жатты. Бир айда жок эле дегенде бул үйдө кээде көрүп калчу кожоюндун тааныштарынан, досторунан, жандап жүргөн балдарынан эки-үчтөн киши колдуу болуп каза болуп жатышты. Денени титиреткен окуялардан улам үйдөгү жумушчулардын көбү иштен чыгып кетишти. Менин башыма болсо бул ой келген да жок. Балдарды таштап, кээде түнү коркуп уктабай чыкканыбызда, тагдырына наалат айтып ыйлаган кожойкени эч качан таштап кетмек эмесмин.

Адам баласы баарына көнөт экен. Кожейке күйөөсүнүн куугунтуктоого чейинки, анан издөөдө жүргөн мезгили мынчалык кооптуу болбогондугун айтчу. Же жашыраак болуп көп маани берген эместир. Анан калса “Күйөөңдүн аялы, балдарынын энеси гана болушуң керек. Алардын жумушуна аралашып, кызыгуунун кереги жок. Эркектердин өз дүйнөсү бар”, - деген түшүнүктү катуу карманып келгенин айтат. Кийинки мезгилдеги түшүнүксүз окуялар гана чочута баштады. Бир нече жолу күйөөсүн башка жактарга кетип калуусун суранды. Себеби, кожоюндун тегерегиндеги санаалаштарын кимдир бирөөлөр жок кылып жатышты. А кожоюн болсо: “Мен эч кимге зыян келтирбейм. Тескерисинче эл үчүн кызмат кылам, элди багам. Менин жакшы пландарым бар. Кудай мени өзү колдойт”, - деп көгөрүп туруп алды. Кудай деле сактанам дегенди сактайт турбайбы...

(Уландысы бар)
С одним человеком и на всю жизнь...
Вот чего я хочу...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Dilbaranurdinova   07 Май 2017 - 23:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 432
  • Катталган: 06 Февраль 17
  • Соңку аракети: 17 Янв 2021 18:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:убактылуу жашоодо!!!

кызык...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   chyrok   08 Май 2017 - 00:47

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 38
  • Катталган: 23 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 26 Сен 2021 11:00

Рысбек жонундо окшойт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Fanatka900   08 Май 2017 - 06:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 77
  • Катталган: 13 Апрель 17
  • Соңку аракети: 25 Июн 2017 09:01

Бакиев жонундо эмес бекен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Gupa   08 Май 2017 - 09:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 087
  • Катталган: 10 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 30 Дек 2021 14:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:БИШКЕК - Ош

Просмотр сообщения scorp (07 Май 2017 - 22:43) жазган:

Бул баян чындыктын негизинде жазылды.



Бул чыгарма болсо, туура эмес бөлүмгө ачыптырсың.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   pompowa   08 Май 2017 - 11:32

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 43
  • Катталган: 27 Март 13
  • Соңку аракети: 18 Фев 2022 16:58
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал-Абад

калганы качан күтөбүз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   scorp   08 Май 2017 - 12:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 546
  • Катталган: 31 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 03 Май 2024 03:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Суперстан

Просмотр сообщения Gupa (08 Май 2017 - 09:50) жазган:

Бул чыгарма болсо, туура эмес бөлүмгө ачыптырсың.

Мм кечиресиз, ушурпай эле жылдырып коет деген умуттомун анда...
С одним человеком и на всю жизнь...
Вот чего я хочу...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   -FREEDOM-   08 Май 2017 - 13:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 474
  • Катталган: 19 Февраль 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:00
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Москов

Жазгыла
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   admin_superstan   08 Май 2017 - 14:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Тема "Адабият жана поэзия" бөлүмүнө жылдырылды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   ALATOOLUK.JIGIT   08 Май 2017 - 22:16

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 210
  • Катталган: 13 Апрель 16
  • Соңку аракети: 06 Фев 2021 18:36
  • Жынысы:Эркек

Рыспек кыйратып деле журбоду саясатта. Эми эле саясатка киришкенде жок болду. Мин коркомдосо да Санжар бул каарманга караандабайт. Баяманбы? Ага да анчейин окшой бербейт. Анда ким?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Giza   09 Май 2017 - 20:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 700
  • Катталган: 20 Июнь 11
  • Соңку аракети: 18 Янв 2025 22:38
  • Жынысы:Аялзаты

Автор кулак сизде
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Erkele95   11 Май 2017 - 01:24

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5
  • Катталган: 15 Апрель 17
  • Соңку аракети: 07 Мар 2018 21:44

Рысбек
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Erkele95   11 Май 2017 - 01:24

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5
  • Катталган: 15 Апрель 17
  • Соңку аракети: 07 Мар 2018 21:44

Башкаларынын бир тууганынан ажыраганын билбейт экеи
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   -FREEDOM-   12 Май 2017 - 09:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 474
  • Катталган: 19 Февраль 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:00
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Москов

Жазып койгулачы,адамды куттурбой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   -FREEDOM-   12 Май 2017 - 09:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 474
  • Катталган: 19 Февраль 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:00
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Москов

Жазып койгулачы,адамды куттурбой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Giza   28 Май 2017 - 22:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 700
  • Катталган: 20 Июнь 11
  • Соңку аракети: 18 Янв 2025 22:38
  • Жынысы:Аялзаты

Автор кайда жүрөт?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   mega777   22 Июнь 2017 - 23:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Чыгарманын авторун жазыңыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 19:37

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: