Анын ушунчалык жонокой адам экенине суктана, ар бир кыймыл аракетин мелтирей тиктеп отура берип, анын эмне жонундо суйлоп жатканы угулган жок. Сагынычымды тарката тиктеп алып уйго жонодум. Анын айткандарынын бироосу мээме кирсе олойун.
Уйго келип ойлуу отурдум. Назииии, кок мээ, эсине кел. Жинди болбо, Эрмек ким? сен кимсин? Жон эле убара. Кичине бироо ушинтип жакшы мамиле кылып койсо ушинтип далдырап, озунду жоготуп каласынбы? Карачы жон эле уйундун кебетесин карачы. Эрмектики менен салыштырып болбойт.Эсине кел дегеним менен болбоду. Ары жок мен ошол кундон тарта Эрмекти суйдум. Эми не кылайын атайылап барып суйойун деген жокмун да. Суйуу дегенин кааласан да, каалабаганына карабай келе берет турбайбы. "
"Суйуу, суйуу деп коет, суйуу нервти жеп коет." дешкени чын экен. Жакшынакай мени болушунча алагды кыла, кандай азаптарды тарттырды(((.
Аябай берилип кетиптирмин го. Анан ошол куну кечинде Эрмектин кетээрин уктум. Балким шаардан жолугаарбыз.
Кечке маал атам кылгырып кызуу болуп келди. Ар нерсени суйлосо кыжырым келе баягы булакты коздой жонойм. Шылдырап аккан булактын уну мени кадимкидей эс алдырып, жинимди таркатып канча жолу уйго узатты.
"Сырларымды булака айтып жатам, анткени булак сырларды терен катат." деп койбоюнбу))) тамаша))). (кээде ушинтип оюма келгенди тамашалап калам)
Атам уктаган маалда уйго жонодум. Кун батып, куугум кирип калган. Алыстан аппак кийинген Эрмектин карааны корунду. Бери келе жатыптыр. Суйуубир заматта мени озгортуптур. Жон гана ийгилик каалап коюу учун кутуп турдум. Келди. Менин ойлуу калыбыма карай:
-Кечинде не кылып журот мобу кыз?
-Жон эле сейилдеп. Озунчу не кетпей калдынбы?
-Кетмекмин тунку автобус менен тайкемдин машинасы бузулуп калыптыр, ондоп жатат.
-Ийгилик, жакшы бар.
Ичимдеги вулкан атылып, сел журуп, журогум титиреп атканын билгибей жылмайдым. Ал да жылмая:
-Рахмат, шаардан жолугабыз да. Пока.
Андан ары бурула берди. Ушуну менен акыркы жолу корушуп жаткандай козумдон жаш агып кетти. Кетти, ал кетти. Эки, уч кадам аттап барып, мени карап бурулуп колун булгалайын деп ыйлап турганымды коруп токтоп калды. Шаша козумдун жашын аарчыганга жетишпедим. Жылмайып турган ону дароо тан калычтуу тиктей жакын келип:
-Не болду? Ким капа кылды?
-....
Аран турган коз эле, чыгып кетт озу эле болуп жаштарым токтобой шолоктоп агып баштады, мага баш ийбей. Эрмек бир ирмемге тиктеп турду да:
-Хочешь поговорить? Журу сен суйгон булака.
Башымды ийкегеним менен бул мен суйгон булакты кайдан билет деп катарлаш бараттым.
Билдирүүнү түзөткөн: NIkalike: 11 Июнь 2017 - 20:37