Олумду эстоо жана кобуроок эстоого кызыктыруу жонундо.
Баракча 1 - 1
Өлүмдү эстөө Момундар учун белее.
#2 08 Январь 2017 - 12:48
Билиниз!Дунуйого баш оту менен кирип кеткен,анын азгырыгына ишенип,магдыроолордун кучагында калган кишинин журогу,кумонсуз,
олумду эстоо амалынан кайдыгер,бул ниматтан бейкабар.Мындай адам олумду эстоону жактырбайт,
мындан качат.Алла Таала айтты:"Айт:
Силер качып жаткан бул олум,албетте силерге жолугуучу.Анан силер жашыруун жана ачыктарды билуучу Затка кайтарыласынар.
Демек,Ал зат силерге кылып откон амалдарынардын кабарын берет!(жума суросу,8-аят).
Демек адамдар уч турдуу болот:
-Дунуйого баш оту менен кирип кеткендер;
-тообо жолуна киргендер;
-толуктукка жеткен Аарифтер(Алланы чын дилден таануучулар).
Дунуйого баш оту менен кирип кеткен киши олумду эстебейт.Эстеген учурда да дунуйосу калып кетип жатканына окунуп,ага олум себеп болуп жатат,деген беймаани кыялга барат.Олумду бул абалда эстоо жакындык пайда болууга эмес,тескерисинче Алла Тааладан алыстоого себеп болот.
Тообо жолуна кирген киши олумду коп эстейт.Эстеген сайын журогу толук коркунучта болот.Ырас,бул кээде олум капыс келип,тообонун аягына жетпей,акырет азыгы камдалбай калуудан чоочуп,олумду каалабайт.Бирок анын бул абалы себептуу.Ошондуктан да ал Пайгамбарыбыз соллоллоху алайхи васалламдын томондогу хадисте айтылган кишилердин катарына кирбейт:
"Ким Алла менен жолугушууну каалабаса,Алла да аны менен жолугушууну каалабайт" (Абу Хурайра риваяты,муттафакун алайх).Анткени, тообо жолуна кирген адам Аллана жолугуудан жана олумдон качпайт.Тескерисинче, озунун айып,кемчилдиктери себептуу Аллага жолугуу сыяктуу бийиу ниматтардан куруу калуудан чочулайт.Ал кадимки суйуктуусу ыраазы боло турган жолугушууга даярдануу менен алек болуп,жетууго кечигуудон чочулап жаткан киши сыяктуу.Жетууго кечигуудон чочуу бул-жетууну каалабагандык эмес.
Демек тообо жолуна кирген кишинин белгиси-ал ар дайым озун олумго даярдайт,олум болсо анын дайыма алек болуп турган жумушуна айланат.Кимде- ким мындай болбосо,Демек, ал Дунуйого баш оту менен киргендердин катарында.
Аариф(Алланы чын дилден таануучу)киши олумду узгултуксуз эстейт.Анткени, ал жакшы билет:олум суйуктуу Заттын алдына болгон биринчи кадам,жуздошуу жана убадалашуу орду.Суйуучу суйгонунун жолугушуу убадасын эч качан унутпайт.Кобунчо, аариф зат куноокорлор уйу болгон ушул куноолуу дуйнодон толук кутулуп,буткул ааламдардын Ээсине жакын болуу учун олумдун келишин чыдамсыздык менен кутот.
Хузайфадан(Алла Таала ага ыраазы болсун),риваят кылынат,олум учуру жакындаганда ал мындай леди: "...Оо,Алла! Эгерде мен учун кедейлик байлыктан,оору саламаттыктан, олум жашоодон артык болсо,олумду мага женил кыл,сенин бет алдына тезирээк жетейин".
Демек тообо жолуна кирген кишинин олумду каалабастыгы себептуу болгондой эле,аарифтердин олумду энсеши да себептуу болуп саналат.Бирок эн негизгиси-ишти бутундой Алла Таалага тапшыруу.Бул абалга кирген кишиде олумду да жашоону да тандоо ыктыяры болбойт.Ээсине эмне суйуктуурок болсо,ошол нерсе ал учун жогору турат.Бул абалдын куч алуусу терен суйуу жана жакындык менен эн сонку чегара-(Жан)таслим жана ыраазылык ордуна жетет.
Ар кандай учурда олумду эстоо сооп жана пайлалуу.Ал тургай Дунуйого баш оту менен берилген киши да олумду эстегенде дунуйодон тыйылат.Бара- бара дуйно ниматтары анын журогуно урат,дуйно ырахатына кызыгуу калбайт.Демек инсандын журогун дуйно ырахатынан жана кызыкчылыгынан куткаруучу ар кандай нерсе акырет бактысына себеп болот.

#3 08 Январь 2017 - 15:38
Кандай абалда болбосун олумду эстоонун артыкчылыгы.
Расулуллох соллоллоху алайхи васаллам айтты:
"Лаззаттарды жок кыла турган нерселерди коп эстегиле" (Абу Хурайрадан Тирмизий,Насаий, Ибн Маажа риваяты).
Тактап айтканда,олумду коп эстоо менен лаззаттардын сарайын бузгула.Ошондо аларга болгон кызыгуунар жоголот,Алла Таалага жакын болосунар.
Росулуллох соллоллоху алайхи васаллам мындай деген:
"Эгерде жаныбарлар да адам баласынын даражасында олумду тушунушкондо алардын семизин жебеген болоор эленер" (Байхакий риваяты).
Аиша розияллоху анха Пайгамбарыбыздан сурады:
-Оо,Алланын элчиси,махшарда шейиттер менен бирге тириле турган кишида болобу?
-Ооба,бир кун,бир тун ичинде олумду жыйырма жолу эстеген пенде шейиттер менен бирге тирилет,деди Пайгамбар соллоллоху алайхи васаллам.
Демек олумду коп эстоо ушунчалык пайда пендени акыретке даярдайт,жалган дуйнодон алыстатат.Олумдон кайдыгерлик бул,дунуйо азгырыктарына баш оту менен кирууго ундойт.

"Олум момундун белеги" (Абдуллох бин Умардан Ибн Абу Дуня,Табароний жана Хаким риваяты).Чынында, дуйно момундун зынданы.Момун киши бул зынданда нафсинин жамандыгынан азап чегет,азгырыктардын астында шайтандын айла амалдарынан кыйналат.Олум аны ошол азаптардан куткарат.Бул азаттык момундар учун белек.Расулуллох соллоллоху алайхи васаллам:
"Олум ар бир мусулман учун куноодон тазалануу" -деп айткан.(Анас розияллоху анхудан Байхакий риваяты).
Тактап айтканда,чыныгы мусулман-ушундай чынчыл момун,мусулмандар анын тили жана колунан зыян корушпойт.Эгерде кичине куноолордон арыла элек болсо да,мына ушул нерседе момундардын мунозу жузоого чыгат,олум аны тазалайт.Такай фарздарды аткарып,чон куноолордон сактанган болсо,олум анын кичине куноолорун жууйт.
Ато ал-Хуросоний айтты: " Расулуллох соллоллоху алайхи васаллам маектешип олтурган бир топ адамдардын жанынан отуп бара жатып,кулку унун угуп,аларга:
-Мажлисинерге дуйно рахатарынан арылта турган зикирлерден кошкула,-деди.
-Рахаттардан эмне арылтат?-деп сурашты.
-Олумду эстоо,-деди Расулуллох соллоллоху алайхи васаллам" (Анас розияллоху анхудан).
Анас розияллоху анху Пайгамбарыбыз соллоллоху алайхи васалламдан мындай риваят калган:
"Олумду коп эстегиле.Анткени ал куноолордон тазалайт,дунуйодон тыйылууга чакырат" (Ибн Абу Дуня риваяты).
Пайгамбарыбыз соллоллоху алайхи васаллам айтты:
"Олум насыйкат алууга жетиштуу" (Табароний жана Байхакий риваяты).
Расулуллох соллоллоху алайхи васаллам мечитен чыгып баратып,маектешип, кулушуп олтурган кишилерди коруп айтты:
" Олумду эстегиле! Жаным колунда болгон Зат менен ант беремин,эгерде менин билгендеримди билгенинерде, азыраак кулуп,кобуроок ыйламаксынар" (Ибн Абу Дуня алсыз таяныч менен Ибн Умардан риваят калган).
"Расулуллох соллоллоху алайхи васалламлын алдында бир кишини эстеп,аны ото макташты.
Ошондо Пайгамбар соллоллоху алайхи васаллам :
-Досунар олумду да эстеп журчуу беле?-деп сурады.
-Олумду эстегенин эч качан укпадык,-деп жооп беришти.
-Демек досунар силер айткандай эмес экен,-деди Алланын элчиси" (Анас розияллоху анхудан Ибн Абу Дуня алсыз таяныч менен чыгарган).Алла ыраазы болсун,Ибн Умар айтты:
"Пайгамбар соллоллоху алайхи васалламдын алдына келдим.
Ошондо ансарлардан бири сурады:
-Оо Алланын элчиси!Адамдардын эн зээндуусу ким?
-Олумду коп эстей турган,ага катуу даярдык коро тургандар.Мына ошолор дуйнонун шарапатына жана акыреттин урматына жетишкен акыл ээлери" (Ибн Маажа риваяты).
Хасан Басрий айтты:Олум дуйнонун баарын ашкере кылды.Акылы барлар учун дуйнонун кубанычы калбады".
Роби бин Хасим айтты:"Момун киши ынтызарлык менен куто турган кайып нерселердин жакшыраагы олум".
Даанышмандардан бири жолдошуна мындай мааниде кат жазган экен:"Эй,досум! Олумду канча арзуу кылсанда олбой турган дуйного кетуудон мурда,мына ушул дуйнодон олумдон кабардар бол!"
Айтымдарга караганда,олум эстелгенде Ибн Сиринин ар бир туктору коркунучтан титиреп кетчу.Умар бин Абдулазиз ар куну кечинде аалымдарды жыйнап,олум, кыямат,акырет коркунучтарын эске алышып,кадимкидей алдыларында табыт тургандай ыйлашчу.
Ибрахим Таймий айтат:"Эки нерсе мени дуйно лаззатынан узот:олумду эстоо жана Алланын алдында туруу".
Каьб айтат: "Ким Олумду тушунсо,ага бул дуйнонун кыйынчылыктары, машакаттары арзыбаган нерсе болуп калат".
Мутарриф:Дал тушумдо болуп жаткандай эле;Басрадагы мечиттин ортосунда бир адам:" Алладан коркуучу журоктор олумду эстоодон токтосо,Алла менен ант берип айтамын,албетте алар ээсин жоготушат" ,деп кыйкыраар элем",деп айтты.
Иса алайхи васаллам олумду эстеген учурда терисинен кан таамп турчуу экен.Давуд алайхи васаллам олум жана кыяматты эстеген учурда,ыйлап, эсин жрготчу экен.Алланын рахматын Эстеген де озуно келчу.
Умар ибн Абдулазиз аалымдардын бирине:
-Мага насаат кылып,-деди.
-Олумго карай бараткан биринчи халифа эмессин,-деди ал.
-Дагы насаат кылып,-деди мусулмандардын амири Умар.
-Адам алайхис саламдан тээ ата-бабаларына чейин олум суусун татпаган эч ким жок.Эми сенин кезегин келе жатат.
Анан Умар бин Абдулазиз ыйлады.
Робиь бин Хасим короосуна кабыр каздырып койгон эле.Ар куну бир нече жолу ошол кабырга кирип жатчу,ушундай жол менен олумду дайыма эсине тутчу жана:"Эгерде журогум бир аз эле олумду эстоодон бошосо,бузулат",дечу.

#4 16 Май 2017 - 13:16
Ассаляму алейкум. Бул айым кайда экен аа? Сонун китепти баштаган экен эле...
Мен улантып турайын...
Мен улантып турайын...
#5 16 Май 2017 - 13:18
Муттарриф бин Абдуллох бин Шухайр айтты:
*"Өлүм ар кандай дүйнө ниъматынан тайдырат. Демек, тайбас түбөлүктүү ниъматтарды издегиле! "*
Умар бин Абдулазиз Анбасага: "Өлүмдү көп эсте, эгерде ашып - ташып турсаң, тарчылык эмне экенин билесиң. Эгерде абалың тар болсо, өлүмдү сени эстөө сени кенендикке чыгарат", деп насаат кылган эле.
Абу Сулайман Дароний айтат: Умму Харундан:
- Өлүмдү жакшы көрөсүңбү? - деп сурадым.
- Жок, - деди ал.
- Эмнеге?
- Чынында бир адамга жамандык кылсам, ага жолугуудан кыжаалат боломун. Ошондуктан кантип тынымсыз күнөө кылып жатып, Алла менен жолугам?! - деп жооп берди.

#6 20 Май 2017 - 15:09
БИСМИЛЛААХИР РАХМААНИР РАХИИМ.
КАНТКЕНДЕ ӨЛҮМДҮ ЭСТӨӨНҮН АКЫЙКАТЫ ЖҮРӨКТӨ БОЛОТ?
Бил, өлүмдүн коркунучу жана азабы оор. Адамдар аз пикир кылып, аз эске алгандыктан да өлүмдөн кайдыгер.
Эстегендер да жүрөктөрдү бардык нерседен бошотуп эмес, дүнүйө менен алек болгон абалдарында эстешет. Мындай эстөөдөн пайда жок.
Өлүмдү чыныгы эстөө жолу - өлүмдү дайыма жанында деп билүү, өлүмдөн башка нерсени жүрөктөн чыгаруу.
Муну коркунучтуу талаа же деңиз аркылуу сапарга аттанган кишинин мисалындай абалга салыштырууга болот. Анын бүтүндөй пикири сапарда болот.
Жүрөк да өлүмдү эстөө менен алек болсо, бул нерсе жүрөктү толук байлайт. Өлүм менен байланган жүрөктө, бул жашоого болгон талабы, дүнүйө кубанычы азаят.
Киши өлүмдү көп эстеген сайын ар кандай өлүм абалдары, бул азаптуу абалдарды башынан өткөргөн достору, тең - курдаштарынын жалбаруу толгон акыркы көз караштары эсинде жанданат.
Алардын өлүмүн, соңку турактарын эстеп, оор ойлордун кучагында калат: алар кимдер жана кандай эле? Эми алардын турактары, абалдары кандай? Бул нурдуу жүздөр топуракка кандай сиңип жоголот? Алардын денелери кабырларда кандай майдаланат?
Алар аялдарын жесир, балдарын жетим калтырышты, мал - дүйнөлөрүн таштап кетишти. Алардын мечит жана мажлистерлеги орду бош, кадамдары бул дүйнөдөн үзүлгөн...
Ооба, киши өлүмдү эстеген сайын жүрөгүндө мына ушундай узак жана жакын өлүмдөр, коркунучтуу көрүнүштөр кенен жандана берет.
Кээде артка кайтып, алардын күчкө толгон жаштыгы, адашуулары, жашоого болгон кызыгуулары жана өзүн кадимки түбөлүккө кала тургандай тутуулары, өлүмдү унутуулары, жаштыктагы кайрат жана кубатка сүйөнүп калуулары, оюн - күлкүгө берилүүлөрү, жанындагы өлүмдөн, аны күтүлбөгөн учурда келишинен кабарсыз болгонлорун эстейсиз.
*Тирүүлүктө денени көтөрүп жүргөн буттар аракетке себеп болгон мүчөлөр жексен болду, эми кайдан жүрсүн? Тилин курттар кемирет, кайдан сүйлөсүн?! Оозуна топурак толгон, кайдан күлсүн?! Өлүп бүттү, эми өзүнө өлүмдүн даярдыгын кылуудан эмне пайда?! Ушунча жылдар бою кош көңүл, кайдыгер жүрдү, өлүм периштеси күтпөгөн учурда келди жана мындай үн салды: "Эй бейиши, же тозоку".*
Мына ушул учурда киши өзүнчө назар салат, өзүнүн да аларга салыштырып көрөт, кайдыгерлиги да, акыбети да алар менен бирдей болушу мүмкүн экендигин сезет.
Абу Дарда розияллоху анху айтты: *"Өлүктөрдү эстесең өзүңдү да алардын бир катары сана".*
Ибн Масъуд розияллоху анху: *" Башкалардан үлгү алган адам гана бактылуу" , деп айткан.*
Мына ушундай пикирлер жана мисалдар аркылуу өлүмдү эстейсиз, өлүм жаныңызда турганын сезесиз.
Алда качан өлүмгө даярдык көрүү учуру жеткендигин, дүнүйөнүн канчалык алдамчылыгын, азгырыгын терең түшүнө баштайсыз.
Эми өлүмдүн атын тил учунда гана эстеп, өлүмдөн үлгү алуу пайда болбостугун жакшы билесиз. Демек, качан жүрөк дүнүйөгө бериле баштаса бериле баштаса, ошол замат өлүмдү эстеңиз, негизиңизге кайтасыз.
Бир күнү Ибн Мутиънин короосуна назар салып, анын кооздугуна суктанды, анан:
*"Аллага ант болсун, эгер өлүм болбогондо, сени көрүп шаттанаар элем. Эгерде кап - караңгы, тар көргө кайтуу болбогондо, дүнүйө менен көздөрүбүз кубанаар эле" - деп, каттуу өкүрүп ыйлады.
*Карабатынын бейкапарларга өлүмдү эстеткени.*
*Жүрбөгүн каплет менен бир күн жаның алат,*
*Жыйнаган мал - дүйнөнүн бүт баары мында калат.*
*Бул карып башка кара күндү салат,*
*Көп каталык пенденин кылган иши.*
*Бул каталыктын дабасы көз жашы,*
*Дүйнөнү сүйүү бардык катанын башы.*

#7 20 Май 2017 - 16:48
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
ДҮЙНӨГӨ КЫЗЫГУУДАН ТЫЙЫЛУУНУН ПАЙДАСЫ, АГА БЕРИЛҮҮНҮН СЕБЕПТЕРИ ЖАНА БУЛ ДАРТТЫН ДАБАСЫ.
*ДҮНҮЙӨ АЗГЫРЫГЫНАН ТЫЙЫЛУУНУН ПАЙДАСЫ.*
Расулуллох саллаллаху алейхи васаллам Абдуллох ибн Умарга айтты:
*"Эртең менен ойгонсоң, кечтин арзуусун кылба! Кечинде жатканыңда, таңдын арзуусун кылба! Жашооңдон өлүм үчүн, саламаттыгыңдан ооруң үчүн үлүш ажырат. Аткени, эй Алланын пендеси, эртең кандай наам алышыңды билбейсиң" (Имам Бухарий риваяты).
Азирети Али (Алла анын жүзүн нурдуу кылсын) Расулуллох саллаллаху алейхи васалламдан мындайча риваят кылат:
*"Эки нерсе бар, силерге ал экөө аркылуу зыян жетүүдөн кооптономун: менменсинүүгө берилүү жана арзуу - кыялдарга берилүү. Менменсинүүгө баруу - Хакдан (Алладан) тосулуу, арзуу кыялдарга берилүү дүнүйөнү жакшы көрүү. Эсиңерде болсун! Алла Таала дүнүйөнү сүйгөн пендесине да, сүйбөгөг пендесине да берет. Ал эми ыйманды сүйгөн пендесине гана берет. Эсиңерде тутукула! Диндин да, дүнүйөнүн да балдары бар. Силер дүнүйө баласы эмес, дин баласы болгула. Билгиле, дүнүйө силерге артын салуучу, акырет болсо бет алдыдан чыгуучу. Эсиңерде болсун! Бул күн амал күнү, анда эсеп жок. Дагы эсиңерде болсун! Эсеп күнү жакын, ал күндө амал кылуу жок!" (Ибн Абу Дуня риваяты).
Умму Мунзир айтты:
*"Бир күнү кечинде Расулуллох саллаллаху алейхи васаллам:*
*"Эй адамдар! Алладан уялюайсыңарбы? ! деди.
"Эмне үчүн оо, Расулулоох? " дешти алар.
"ЖЕЙ АЛБАЙ ТУРГАН НЕРСЕЛЕРДИ ТОПТОЙСУҢАР, ЖЕТЕ АЛБАЙ ТУРГАН НЕРСЕЛЕРДЕН ҮМҮТ КЫЛАСЫҢАР, ИЧИНДЕ ЖАШАЙ АЛБАЙ ТУРГАН ҮЙЛӨРДҮ КУРАСЫҢАР" , деди Пайгамбар саллаллаху алейхи васаллам" . (Ибн Абу Дуня риваяты).
Абу Саъид Худрий айтты: "Усама ибн Зайд акчасын бир айдан кийин берүү шарьы менен Зайд ибн Сабиттен жүз динарга күң сатып алды. Мунун кабары Расулуллох саллаллаху алейхи васалламга жетип, ал зат:
"Акчасын бир айдан кийин келишкен Усамага таң калбайсыңарбы? ! Ооба, чынында, Усама арзуу кыялдарга берилиптир! Жаным колунда болгон Зат менен ань беремин, ар дайым көзүмдү жумуп - ачкан сайын: жумулган көзүмдү жапкан кабактарым кайрадан көтөрүлгөнчө, Алла Таала жанымды албас бекен, деген күмөнгө барамын. Бир үзүм тамакты оозума салсам, аны жутканга үлгүрбөй: ушул үзүм кекиртегимде калып кетпес бекен деген коопто боломун. Эй адам балдары! Эгерде акыл - эсиңер ордунда болсо, өзүңөрдү өлүктөрдөн деп санагыла.
Жаным колунда болгон Зат менен ант беремин, деп
*"Албетте силерге убада кылынган нерсе шек - күмөнсүз келүүчү"* деген Анъам сүрөсүнүн, 134-аятын тафсир кылды".
(Ибн Абу Дуня, Табароний жана Байхакий риваяты).
Риваяттарга караганда, Расулуллох саллаллаху алейхи васаллам үч тал чырпык алып, биринин алдына экинчисин, анын жанына үчүнчүсүн алысыраак сайып, минтип айтты:
- Бул эмне экендигин билесиңерби?
- Алла жана Анын Элчиси билүүчүрөөк, - дешти.
- Мына бул инсан, мунусу ажал, ал эми тигиниси болсо инсандын арзуу - кыялдары. Адам баласы арзуу - кыялга берилет. Ажал аны далбасага салганда арзуу - кыялдардан белги калбайт", деди Пайгамбар алайхис салам. (Ибн Ахмад риваяты)
Пайгамбар алайхис салам айтты:
"Адам баласынын айланасында токсон тогуз өлүм бар. Эгерде бул өлүмдөр адам баласын белгиге алууда адашса, ал каарылык тарапка бет алат" (Тирмизий риваяты).
Ибн Масъуд айтты: " Кишинин айланасындагы өлүмдөр ага алып баруучу көчөлөр. Анан карылык келет, анан арзуу - кыял. Киши арзуу - кыялга берилсе, өлүм көчөлөрүнө кирип барат. Өлүмдөргө анын арзуу - кыялдарын кармоого буйрулат. Эгерде өлүмдөр адашса, баары бир карылык бул арзуу - кыялдардын башына жетет. Инсан болсо алардын жүзөөгө чыгышын күтө берет".
Абдулло айтты: "Расулуллох саллаллаху алейхи васаллам бизге төрт бурчтук үлгүсүндө сызык сызып, анын ортосуна узун сызык сызды. Бир сызыктын учун төрт бурчтуктун сыртына чыгарып койду да:
- Билесиңерби бул эмне? - деп сурады.
- Алла жана анын Элчиси билүчүүрөөк, - дедик.
- Төрт бурчтук болуп, инсанды ороп турган сызык анын ажалы. Кыска сызыктар дүйнөдө жете турган жамандыктар болуп, эгерде инсанды бул жамандык адаштырса, мунусунун, ал жамандык адаштырса, тигинисинин жабырын тартат. Учу сыртка чыккан сызык бул инсандын арзуу - кыялдары" . (Бухарий риваяты).
Анастан "Расулулоох саллаллаху алейхи васаллам айтты:
" Адам баласы картаят. Андагы эки касиет: дүйнөгө кызыгуу жана арзуу - кыял такыр картайбайт" . Дагы бир риваятта: "Эки касиет жашара берет: мал - дүйнөгө жана өмүргө кызыгуу" (Имам Муслим риваяты).
Бул үмөттүн оболкусу якин (анык, күмөнсүз ишенүү) жана такыбалык, дүнүйөдөн алыстоо себептүү ийгилик тапты. Бул үмөттүн акыркысы сараңдык жана арзуу - кыялдарга берилүү себептүү куруйт" (Ибн Абу Дуня риваяты).
Айтымдарга караганда, "Иса алайхис салам күрөк менен жер оодарып жаткан карыяга көзү түшүп:
"Оо Алла, бул карыядан арзуу - кыялдын туйгусун алып кой", деди.
Бир убакта карыя колундагы күрөктү таштап, четирээкке чыгып, жатып алды. Иса алайхис салам дагы дуба кылды: "Оо Алла, ага арзуу кыялды кайтар".
Карыя ордунан туруп, кайра иштей баштады. Тса алайхис салам таң калып, карыядан бул абалдын сырын сурады. Карыя айтты:
- Иштеп жаткан убагымда нафсим:
"Качанга чейин иштейсиң, өзүң бир каарыган абышка болсоң?" деди. Дароо күрөктү таштадым да созулуп жатып алдым. Бир аздан кийин нафсим мага: "Аллага ант болсун, сен дагы калган өмүрүңдү да жашашың керек", деди. Ошол замат ордумдан туруп, күрөккө жабыштым" .
Хасан риваят кылат: " Расулулоох саллаллаху алейхи васаллам айтты:
- Бейишти баарыңар жакшы көрөсүңөрбү?
- Албетте, оо Алланын элчиси, - дешти.
- Арзуу - кыялдардан тыйылгыла, ажалды дайым көз алдыңарда туткула! Алладан чындап уялгыла"
Расулуллоох саллаллаху алейхи васаллам айтчу:
*"Оо, Алла! Акырет жакшылыгынан тосо турган дүнүйөдөн сакта! Өлүмдүн жакшылыгын тосо турган жашоодон сакта! Жакшы амалды тосо турган арзуу - кыялдан сакта!" .* (Ибн Абу Дуня риваяты).

#8 13 Июнь 2017 - 10:35
*САХАБАЛАРДЫН ЖАНА ААЛЫМДАРДЫН СӨЗДӨРҮ*
Мутарриф ибн Абдуллох айтты:
*"Ыктымал ажалым качан келишин билгенимде, акылдан ажырап калмакмын. Бирок Алла Таала пенделерге өлүмдөн бейкапардыкты берди. Эгерде мына ушул бейкапардык болбогондо, пенделер жашоонун даамын тата алышмак эмес. Базарларды курбайт эле".*
Хасан Басрий айтты:
*"Адам баласына унутуу жана арзуу-кыял сыяктуу эки улуу ниъмат берилген. Эгерде ал ниъмат болбосо, мусулмандар жолдорунда жүрмөк эмес".*
Суфян Сарвий айтат:
*"Эгерде инсан акмак болбогондо жашоого даярданбас эле".*
Аллах ыраазы болсун, Салмае Фарсий айтты:
*"Үч иш бар, күлкүм келе тургандаражада таң калтырат:
1. Инсан баласынын өлүм чакырып турган учурда дүнүйө арзуусуна берилиши;
2. Ар бир демин эске алып жаткан бир учурда инсандын бул эскерүүдөн кайдыгерлиги;
3. Адамдар Роббисинин ыраазы же ачууланууда экендигин билбей туруп, ооздорун толтуруп күлүшү.
Дагы үч нерсе бар, ыйлата турган даражада мени кыжаалат кылат:
1. Достордон - Мухаммад алайхис салам жана ал заттын жамаатынан айрылуу;
2. Кыяматтын коркунучу;
3. Бейиш же тозокко жиберилишини билбестен Алланын алдында (дендароо болуп) туруу".
Өткөндөрдөн бири айтты:
*"Зурора ибн Абу Авфа ааламдан өткөн кийин аны түшүмдө көрдүм. Ошондо андан:*
- Сиздин ойуңузда эң толук амал кайсы амал? - деп сурадым.
- Аллага тобокел жана дүнүйө арзуусунан тыйылуу, - деди Зурора".
Суфян Сарвий айтат:
*"Дүйнөдөн оолак болуу каттуу нан жеп, жупуну кийинүү гана эмес, тескересинче чыныгы дүйнөдөн оолактык - арзуу - кыялдардан тыйылуу". *
Өткөн даанышмандардан бири:
*"Менин абалым башы дөңгөчкө койулуп, кыя чабуу үчүн жогору көтөрүлгөн кылычтын мойунга түшүүсүн күтүп жаткан кишинин абалына окшойт" деди.*
Давуд Тоий айтты:
*"Эгерде көңүлүмө бир айдан ашыгыраак жашоонун арзуусу келсе, өзүмдү чоң күнөөгө баткандай сеземин. Негизи адамдар күндүзүн күнөөлүү иштер менен өткөрүп, кечтери күнөөлөр менен кирип жатканын көрүп, кантип бир ай жашоону арзуу кылууга мүмкүн?!*
Умар ибн Абдулазиз кутбаларынын биринде айтты:
*"Албетте, ар кандай сапар алдында жол азыгы даярдалат. Демек, дүйнөдөн акыретке карай боло турган сапарыңыз үчүн такыбалык азыгын даярдаңыз.*
*Алла Таала даярдап койгон сыйлык жана жазаны кадимки көрүп турган кишидей болуңуз. Ибадатка кызыгуу арттырып, күнөөдөн чегиниңиз.*
*Мөөнөттү узак билип, жүрөгүңүз катпасын, душманга мойун сунуп калбаңыз.*
*Аллага ант болсун, кечинде уктап, таңда ойгогушту, ойгонгондон соң кечке жетүү - жетпөөнү билбеген киши эч качае куру кыялга берилбейт. Өлүм чеңгели кекиртегибизде, кайда качабыз?*
*Дүнүйөгө алдангандардын көбүн көрдүк. Бирок чыныгы кубаныч - Алла Тааланын азабынан кутулууга ишенген көздөрүн кубанычы, Кыямат кыйынчылыктарынан эсен болгон кишинин кубанычы.*
*Бир жаратты дабалаймын деп, башка жараат арттырган киши кандай кубансын?! Өзүмдүн напсимди тыя албай туруп, сизге наасини тый десем, бул кандай болду?! Тескерисинче, убадама зыян жетет, айыбым ачылат. *
*Чыныгы байлык жана кедейлик аян боло турган, тараза курулган күндө кедейлигим ачык болот.*
*Чынында, сиз ушундай бир иш менен алек болдуңуз, эгерде жылдыздар бул ишти кылса, тунарат, тоолор эрип, жер жарылып кетет турган.*
*Албетте сиз бейиш жана тозоктон башка орун жок экендигин билесиз! Амалдарыңыз сизди бейишке же тозокко жетелейт" .*
Өткөн улуулардан бири досуна мындай мазмунда кат жазды:
*Дүйнө түш, акырет ойгоолук. Өлүм бул экөөнүн арасында. Болгону биз бири - бирине байланбаган, олку - солку түштөрдүн ичиндебиз! "*
Дагы бир досуна жазды:
*Дүйнө үчүн кам көрүүнүн чеги жок. Өлүм инсанга ушунчалык жакын! Инсан өмүрүнүн өтүп жаткан ар күнүндө өлүмдүн үлүшү бар. Өмүрдө инсандын денесине канчалаган балээлер жолугат. Демек, кетүүгө кабар келбестен туруп, даярдык көрүңүз, бүттү".*
Убаданы кылып Хактын алдында.
Бузуп аны куу нафсиге алдырба.
Абдуллох иб Самит айтат:
*"Атамдын мындай дегенин уктум:
"Эй дайыма ушундае сак-саламат болуп жүрөмүн, деп алданган инсан!
Ооруга чалдыкпастан өлгөн кишини көрбөдүң беле?
Эй мөөнөт узак деп алданган инсан!
Даярдыксыз колго алынган тосмону көргөн жоксунбу?
Эгерде өмүрүңдүн канчалык экендигин пикир кылганыңда, өтөөр нерселерди унутмаксың.
Жакшы көрүнүштүн улануусуна алданып жатасыңбы?
Же өлүмдөн аман калууну, өлүм периштесине каргылык кылууну кыялга салуудасыңбы?
Билгин, байлык да, жер жайнаган кошунуң да сени өлүмдөн куткара албайт.
Билгин! Өлүм сааты - кайгв жана касырет, кайдыгер өткөн демдерге бушаймандык.
Өлүмдөн кийинки түбөлүк жашоо үчүн амал кылган пендесине, өлүм келбестен туруп, назарын өзүнө бурган пендесине Алланын рахматы (кечирими) болсун"!
Абу Закария ат - Таймий айтат:
"Сулайман ибн Абдумалик менен Харам мечитинде элек.
Үстүндө жазуулар чегилген бир ташты алып келишип, ал жазууларды окуй ала турган адамды издешти.
Вахб ибн Мунаббихти чакырышты.
Ал таштагы жазууну окуду:
"Эй адам баласы! Эгерде ажалың канчалык жакын келгендигин билгениңде, мынчалык узак куру кыялдарга берилбес элең, жакшы амалдарыңды арттырууга ынтылып, кызыгуу жана азгырыктан алыс болмоксун.
Бүгүн адашсаң, эртең бушайман болосуң, үй-бүлөңө, кызматкериңе моюн сунасың.
Атаң жана туугандарың сени ташташат, балдарың жана үй - бүлөң сени жокко чыгарат.
Артка кайта албайсың, сооп амалдарыңды көбөйтө албайсың.
Демек, касырет жана өкүнүчтө калбастан мурда Кыяматты ойлоп, сооптуу амалдарга шашыл!"
Бул сөздөрдү угуп жаткан халифа Сулайман ибн Абдумалик өңгүрөп ыйлап жиберди".

#9 13 Июнь 2017 - 11:04
Даанышмандардан бири айтты: "Мухаммад ибн Юсуфдун Абдурахман ибн Юсуфга жазган катын көрдүм.
Анда мындай дептир: "Сага салам!
Жалгыз гана болгон зат - Аллага алкыш болсун!
Мен сени өтөөр дүйнөдөн амалдарыңа жараша жооп боло турган түбөлүк дүйнөгө өтүшүң үчүн себепчи нерсени эскертемин.
Жер жүзүнөн жер астына кетесиң.
Мункар жана Накир жаныңа келип, сени олтургузушат, суроолорду жаадырышып кыйнашат.
Эгерде Алла Таала сени менен бирге болсо, үмүтсүздүккө, коркунучка кордукка орун жок.
Алла Таала сактасын, эгерде тескерисинче болсо, азап бет алат, кабыр тарып, кысат.
Анан сен Махшардын кыйкырыгын угасың, сурнай тартылат.
Алла Таала макулуктардын арасында акыйкат менен жалганды ачыкка чыгаруу, жер жана асмандарды бар нерселерден бошотуу үчүн өкүмдү жарыялайт.
Сырлар ачылат.
От күрүлдөйт.
Таразалар курулган.
Пайгамбарлар жана шейиттер келтирилет.
Алардын арасында акыйкат орнойт.
Бүткүл ааламдардын Ээси - Алла Таалага алкыш айтылат.
Таң калыштуу шерменде болгондор канча!
Айыбы жабылгандар канча!
Куругандар жана ийгилик тапкандар канча!
Азапка дуушар болгондор жана кечиримге жетишкендер канча!
Кана, ошол күнү менин абалым жана сенин абалың эмне болоорун билсем.
Демек, мына ошондо лазаттар унутулуп, берилүүлөр кесилмек.
Арзуу - кыялдар кыскарып, уйкудагылар ойгонмок, кайдыгерлер эсине келмек.
Бул үлкөн коркунуч алдында сени менен мага Алланын өщү жарламчы болсун.
Такыбалардын жүрөгүндө дүйнө жана акырет кандай орунда болсо, менин жана сенин жүрөгүңдө да Алла Таала аларды ушундай орунда жайгаштырсын.
Биз Алланыкыбыз, Алла үчүн барбыз, болгону ушул гана!"
Умар ибн Абдуллазиз Алла Таалага мактоо - шүгүр айтып, мына бул кутбаны окуду:
"Эй инсандар! Билгиле, силер бекерден жаралбадыңар жана эч качае бекерге ташталбайсыңар. Убада кылынган күн албетте келет.
Алла Таала ал күндө бардыгын топтойт, акыйкатты жалгандан ажыратып, өкүмүн жарыялайт.
Өмүрүн текке өткөргөн бактысыз пендени эртең Алла Таала өзүнүн бардык нерседен кең рахматынан, асмандар менен жерди камтыган бейиштен тосот.
Алладан корккон, такыба, азга көптү, өтөөргө түбөлүктүү, бактысыздыкка бакытты сатып плган пенде эртең ийгилик табат.
Силер өтүп кеткен атаңардын белиндеги урук элеңер, силерден соң балдарыңар калат, үлгү - өрнөк албайсыңарбы? !
Өрнөк албайсыңарбы: ар күнү мөөнөтү бүткөн арзуу-кыялы өчкөн бир кишини улуу жана Кудуреттүү Заттын алдына күзөтөсүңөр.
Аны жаздыксыз, төшөксүз кара жердин бооруна коёсуңар.
Анын ахыбалы оор: тирүүлүк себептеринен үзүлгөн, жакындарынан ажыраган, эсеп - китеп менен бет маңдай...
Аллага ант болсун, бул сөздөрдү айтып жатамын, балким күнөөм силердикинен көбүрөөк.
Албетте Алла Тааланын мыйзамы адилетүү, ибадатка буйрат, күнөөдөн тыят. Алладан кечирим тилеймин" , деди да жүзүн жеңи менен жаап, ыйлай баштады.
Көз жаштары сакалын жууп жатты..."
Абу Мухаммад ибн Али Захид мындай деди:
"Куфада бир жаназага чыктык. Давуд Тойий да ал дерде бар эле. Өлүк көмүлгөндөн соң, ал четирээке чыгып олтурду.
Мен да анын жанына барып олтурдум.
Ал айтты: "Кимде Кыямат коркунучу болсо,алыстык жакындайт.
Ким куруу кыялдарга берилсе, амалы алсыздашат.
Ар бир келүүчү нерсе жакын.
Билгин эй тууганым! Роббиңден чалгытуучу ар бир нерсе балекет келтирет.
Билгин, дүйнө элинин баары кабыр элинен.
Дүйнө эли артта калганына бушайман болот, колго киргенине кубанат.
Кабыр эли бушайман боло турган нерсе үчүн дүйнө эли талашып - тартышат, келише албай казыга кайрылышат, чыр - чатакка барышат".
Мухаммад ибн Абу Тавба айтат: "Алла рахматына алсын, Маъруф ал-Кархий намазга такбир айтып, мени имамдыкка чакырды. Ошондо мен:
- Мейли бул намазда имамдыкка өтсөм да башкасында өтпөймүн, - дедим.
- Сен эмне, дагы эле напсиңе башка намазга чейин жашап, аны аткарууну айтып жатасыңбы? Алла Таала бизди арзуу - кыялдарга бөлүнүүдөн сактасын. Арзуу - кыялдарга берилүү жакшы амалды тосот, - деди Кархий".
Умар ибн Абдуллазиз бир кутбасында мындай деди:"Дүйнө дайым тураар жайыбыз эмес. Алла Таала ага өтүүнү жазган.
Дүйнө элине болсо дүйнөдөн кетүү жазылган. Дүйнөнүн эң бекем, ишеничтүү коргону да аз гана убакыт өтүп, жок болот.
Эң туруктуу кубаныч да бир аз туруп таркайт. Алла Таала силерге рахматтын төксүн, жакшы амалдар менен акырет сапарын кооздогула. Жол азыгын даярдагыла.
Албетте, эң жакшы азык такыбалык (Алладан коркуу).
*Дүйнө көлөкө сыяктуу, кыскарып олтуруп, жоголот.*
Адам баласы дүйнөгө сүңгүйт, дүйнө күрөштөрүндө жеңип, көздөрү кубанчка толот. Күндөрдүн биринде Алла Таала аны Өз тагдыры менен алдына чакырат.
Кабырдан жай берет, дүйнөдөн тыят. Анын ишкана жана байлыктары башкалардын колуна өтөт. Чынында, дүйнөнүн кармаган кубанычы ал жеткизген зыяндын алдына арзыбайт..."
Абу Бакр Сыддык, Алла андан ыраазы болсун, бир кутбасында мындай деди:
*"Жаштык курагы кулпуруп турган көркөм, жарык жүздөр кана? Шаарларды куруп, аларды бекем дубалдар менен курчаган падышалар кана? Согуш майданында жеңип, жеңиштин үзүрүн көргөндөр кана?*
*Заман алардын далысын жерге тийгизди, кабырдын караңгылыгына батырды. Силер ийгиликке (амалга,амалга) шашылгыла!"*

#10 19 Июнь 2017 - 09:32
*ДҮЙНӨ АРЗУУСУНА БЕРИЛҮҮНҮН СЕБЕПТЕРИ ЖАНА БУЛ ДАРТТЫН ДАБАСЫ.*
Билгиле, арзуу - кыялдарга берилүүнүн эки себеби бар: жахылдык (исламды түшүнбөстүк) жана дүнүйөнү сүйүү.
"Дүнүйөнү сүйүү" деген эмне?
Инсан дүнүйөнү, дүнүйө калоолорун, дүнүйөнү колго киргизүү ыкмаларын дос тутат. Бул туйгудан ажыроо, бул ажыроого себеп болуучу өлүм жөнүндө пикир кылуу оор. Эмнегедир бир нерсени жаман көрүү, ал нерсени өзүнөн алыстатууна мажбурлайт.
Инсан болбогон арзуу-кыялдарга ашык. Ал дайым максатына ылайык келген нерсенин арзуусунда болот.
Максатына ылайык келген нерсе ал дүйнөдө түбөлүк калуу. Ал ушул максат жолунда изденет, бул изденүү жашоосунун мазмунуна айланат.
Ал өзүнүн эч качан ишке ашпай турган максатын ишке ашыруу үчүн мал дүйнө, бала-чака, үй-жай, дос-жар, унаа сыяктуу дүйнөлүк себептерди ушул даражада кадырлайт, ушулардан өзү түбөлүү жана ушул колдонмолор гана жалгыз чара боло тургандай.
Ооба, инсандын жүрөгү бул жалгандарга алданган. Өлүмдү эстөө, бул туйгуга жакын баруу ага чоочун. Кээде өлүм жана ага даярдык көрүү жөнүндөгү ойлор көңүлүнө келет.
Бирок инсан ошол замат бул ойлорду кыялынан кууп: өзүнө-өзү, азыр жашсың, алдыда канча күндөр бар, тообого жетишесиң, дейт.
Убакыт өтүп, жашы өткөндө айтат: бул күчкө толгон кезиң, картайып, абышка болгонго чейин тообону кечиктирүүгө чебеп боло турган шылтоолор дагы көбөйөт: ушул курулушту куруп бүтүрөйүн же ушул сапардан кайтсам, анан албетте тообо кыламын; уулумдун үйүнө баландай - түкүндөйлөрдү алып берейин, же балан душманымды бир жаңысыл кылайын, анан биротоло тообого жүздөнөмүн, дейт.
Ушул абалда бир ишке он иш уланып кетеберет, дүйнө түйшүгү түгөнбөйт. Күндөрдүн артынан күндөр өтө берет, тообону кечиктирүү тээ акыркы күнгө чейин, күтүүсүздөн өлүм жакадан ала турган демге чейин улана берет.
Ошол мүнөттөрдө касырет көп, кайгы чексиз болот. Негизи тозок элинин өкүргөнүнүн көпчүлүгү тообону кечиктиргендиктен. Алар: биз тообону кечиктирүүчүлөрдүн шору курусун, деп өкүнүч менен бакырышат.
Тообо деген эгер чыкса тилиңден,
Ал пайдасыз, болбосо чын дилиңден.
Тообону кечиктирген шорлуу инсан бүгүн тообону артка сүрүүгө үндөп жаткан себеп эртең да өзү менен бирге болушун түшүнбөйт.
Убакыт өткөн сайын бул бейбаштык күч алып, бекемделип барат.
Шордуу инсан да дүнүйөгө сүңгүйт жана дүйнөдөн үзүлүүнү үмүт кылат! Өкүнүчтүү! Дүйнө сүйүүсүнөн кечүү дүйнөгө кучак ачуу менен эмес, андан жүз үйрүү менен пайда болот.
Кээде инсан: азырынча жаш болсом, өлүм мага дагы ущак деген ойдо жаштыгына артыкча ишенет.
Негизи, "шордуу бала" бүтүн шаардагы эркектерге караганда карыялардын саны андан бир өлчөмдөн да кемирээк экендигин кыялан келтирбейт.
Болбосо, өлүм жашьар арасында көбүрөөк болгондуктан да кыялдардын саны аз?! Эгерде салыштырылса, бир картаң кишинин өлүмүнө чейин миңге жакын наристе жана өспүрүм жашоо менен кош айтышкан.
Инсан азырынча дене тараптан саламат болгондуктан өлүмүн күтүрбөй келишин ойго албастан, узак убакыттардан кийин келиши мүмкүн деп ойлойт, анын жакын экендигин сезбейт.
Эгерде, өлүмдүн шарпасы дале алыста - деп өзүн ишендирсе да, дарт, дарттын капыстан келиши ыктымалдан алыс эмес.
Күтүлбөгөн ар кандай дарт, ар кандай ооруга тиешелүү негиз. Ооруга чалдыккан кишинин соо кишиге караганда өлүмгө жакындыгы көпчүлүккө ачык акыйкат.
Ким мына ушулар жөнүндө ой жүгүртсө, кайдыгерликтен даярдыкка карай кадам таштаган болот. Даяр инсан өлүм үчүн жаштык, карылык, орто - жаш же жаз - кыш, жай - күз, эрте - кеч сыяктуу чектелген убактарда даярданмакты жакшы билет.
Өлүмдү көз алдында тутуп, дайыма ага даярдык менен алектенет.
Бирок түшүнбөстүк жана дүйнөгө берилүү инсанды узун дүнүйө арзуусуна, өлүмдүн жакындыгынан бейкапар калууга үндөйт.
Туура кээде бир нерсе себеп болуп, ал өлүмдү эстей баштайт. Бирок инсан бул окуя дал өзүндө болушуна, бир күнү өзү да албетте бул дүйнө менен коштошуусу анык экендигине орундуу карабайт.
Ал жаназа намаздарына катышат, маркумдарды акыркы сапарша узатат. Бирок өзү да жакында ушундай узатылышын кыялына келтирбейт.
Анткени буттар башкалардын жаназасына барууга адаттанган, көздөр башкалардын өлүмүн көрүп көнгөн. Мындай болсо, инсан кантип өзүнүн өлүмүн кыялга келтирсин?!
Бул ага чоочун сезим. Себеби ал азыр тирүү. Кээде өлүмдү эстеп койу маселесине келсек, бул өтүп кете турган абал. Инсан бул абалдан тез чыгып кетет, аны дароо эле унутат.
Ошондуктан өлүмдү түшүнүү жолунда пайда болгон бул абал ар дайым биринчи жана акыркв абал болуп кала берет.
Билгин, качан пенде башкалардын тагдырынан өзүнө үлгү ала баштаса, ага маъгрифат (Алла Тааланы таануу) эшиги ачылат.
Бул эшиктен кирген Аариф (таануучу) эртең (өзүнүн да) табыты көтөрүлүшүн, кабырдын оозу да кыш менен жабылып, адамдар кабырдан акырындык менен узап бара жатканын элестет. Муну түшүнбөстүк, түшүнүүнү кезиктирүү наадандыктан башка эч нерсе эмес!
Демек түбү жок куру кыялдарга байланып калуу да бир дарт. Бул дарттын дабасы аны алып келүүчү себептерди жөнгө салуу менен иш жүзүнө ашырылат. Эгерде бул дарттын наадандык жана дүнүйөгө берилүү сыяктуу эки илдетү жоюлса, дарт айыгат.
Наадандыктан кутулуу жолу - акыретке дайым сапардуу жүрөктөн чыга турган таза пикир ошондой эле аруу - таза жүрөк ээлери айткан мааниси терең хикматтарды (таасирдүү сөздөрдү) угуу.
Дүнүйөгө берилүү оор дарт. Бул дарттын дабасы оболкуларды жана кийинкилерди кыйнап келет. Шек күмөнсүз, бул дарттын бирден - бир дабасы акырет күнүнө, акыретте биле турган оор азап жана улуу соопторго ыйман келтирүү.
Ишенич *"якин" * даражасына жеткенде, тактап айтканда шек - күмөндөн толук кутулганда дүнүйөгө болгон берилүү туйгусу жүрөгүнөн чыгат, жүрөктө арзуу - кыялга орун калбайт.
Анткени жүрөктү анда бийигирээк берилүү ээлейт. Дүнүйөнүн канчалык кор жана акыреттин канчалык улуктугун түшүнгөн киши, эгерде чыгыштан батышка чейин болгон жерлердин падышалыгы тартуу кылынса да, бул арзыбас нерсеге кыйып да карабайт.
Эмне дегенде, тынчсыздануу жана акырет камынын очогу болгон ушул дүйнө анын алдында кыпынчалык да кадыр баркы жок. Кадыр барксыз нерсеге кубануунун кереги жок! Баасыз кенч болгон акыретке болгон ыйман турганда өтөөр дүйнөгө берилүү жүрөккө кантип орносун?!
Алла Тааладан жакшы амалдарды кылуучу пенделерине бул дүйнөнү кандай көрсөткөн болсо, бизге да ушундай ачык кылуусун сурайбыз. Дүйнө менен кош айтышып жаткандарды көрүп жатасыңарбы? Өлүм келгенде алар кандай ахыбалда эле? Алар өлүмдү күткөн беле?
Өлүмгө даярдык көргөн киши түбөлүктүү жашоого жолдонот. Кимде - ким өтөөр дүйнөнүн арзуусуна алданса, айдан-ачык ал зыянга учурайт.
Инсан ар бир учурда өзүнүн мүчөлөрүнө назар салсын. Учуру келип, бул мүчөлөрдү курттар кандай кемиришин, сөөктөр кандай чачылышын пикир кылсын. Шашылбастан, кенен, көз алдына келтирсин: курт - кумурскалардын кемиришин биринчи оң көзүнүн карегинен баштайбы же солбу?
Чынында инсандын бүткүл дене мүчөсү курт - кумурскаларга жем болуштан башкага жарабайт. Алла Тааланын ыраазылыгы үчүн пайда болгон илим жана калыс амалың аны менен калат.

#11 20 Июнь 2017 - 15:01
ӨТӨӨР ДҮЙНӨГӨ КАРАТА ИНСАНДАРДЫН АЙЫРМАЛАНЫШЫ
Билгин! Ушундай бир инсандар бар, түбөлүк жашоону арзуу кылышат:
"... алардын айрымдары миң жыл өмүр сүрүүнү каалашат..." (Бакара сүрөсү, 96 - аят).
Ушундай кишилер бар, картайып, мөңкөйүп калуу даражасына чейин узак өмүр сүрүүнү каалайт. Алар дүйнөгө катуу берилгендер. Расулуллох саллаллаху алейхи васаллам айтты:
"Киши картайып, мөңкөйүп калса да, жүрөгү дайыма узак өмүр жана байлыкты сүйүүдө жаш бойдон калат" (Абу Хурайрадан Бухарий жана Муслим риваяты).
Дагы ушундай адамдар бар, бир жылдык өмүр арзуусунда болушат. Андан ары жагына ал баш катырбайт. Өзүн кийинки жылы жашабагандай тутат.
Бирок ал жазда кыш үчүн даярдык көрүүнү унутпайт. Бир жылга жете турган тамак топтоп, ибадат менен алек болот.
Ушундай инсандар бар, бир мезгил гана жашоону арзуу кылат. Алар жазда кышкы, кышта жазгы кийим үчүн кайгырбайт.
Кимдир бирөөлөр бир күн бир түн жашоо арзуусунда болот. Аларжа ушул күндүн камы бар, эртесиники жок. Иса алайхис салам айтты:
"Эртеңки ырыскы үчүн кам жебе. Кокус эртең ажалың жете турган күн болсо, ырыскың да бүтөт. Эгерде ажалың жетпесе да баары бир эртеңки ырыскың белгиленген. Демек, башканын ажалы үчүн кайгыруунун эмне кажети бар?!"
Ушундай инсандар бар, жашоо арзуусу сааттан ашпайт.
Расулуллоох саллаллаху алейхи васаллам айтты:
"Эй Абдуллох! Эртең менен ойгонсоң кечтин арзуусун кылба! Кечинде жатканда эртеңдин арзуусун кылба!" (Бухарий).
Ушундай инсандар бар, алар өлүмдү эч убакта унутпайт, дайым көз алдында тутат. Алар өмүрүнүн убакты - сааты жетишин күтүп турган адамга окшойт. Мындай инсан окуп жаткан намаз коштошуп жаткан инсандын намазын элестетет.
Бир күнү Маъаз ибн Жабал Пайгамбар алайхис саламдан ыймандын акыйкаты жөнүндө сурады. Пайгамбар алайхис салам айтты:
*"Ар кадам таштаганымда мына ушунусу акыркы кадамым эмес бекен деген ойго келемин"* (Анас ибн Малик риваяты).
Демек инсандар мына ушундай абалда даражаланат. Алардые ар бири Алла Тааланын алдында өз мартабасына ээ. Бир ай жашоону каалаган кишинин мартабасы менен бир ай жана бир күн жашоону арзуу кылган кишинин мартабасы бирдей эмес. Алардын Алланын алдындагы даражаларында айырма бар:
*"Алла (эч кимге) бир кыпындын салмагынча (да) зулум кылбайт"* (Ниса сүрөсү, 40 - аят).
Арзуу - кыялдан тыйылуу күч алган сайын жакшы амалдын салмагы артат. Кимде - ким: мен арзуу - кыялга берилбеймин десе билгин, ал жалганчы. Инсан тирүү болгондон соң арзуу - кыялдардын кучагында болот.
Арзуу - кыялдан тыйылуу адамдарга карап билинет. Инсан өмүрүндө муктаждыктан тышкары болгон нерселердин камында жүрөт. Мына ушул анын арзуу - кыялга берилгендигине жетиштүү далил.
Кимде топук болсо, анын белгиси ушул, өлүм дайым анын көз алдында, ал эч биручурда өлүмдөн кайдыгер болбойт. Белгиленген убактан бир демге да кечикпец келе турган ажалга ал ар дайым даяр турат.
Эгерде таңда ойгонуп, өмүрү кечке чейин жетсе, ошол күнкү ибадаттары үчүн Алла Таалага чексиз шүгүр айтат. Күндү беперге кетирбегенине көңүлү.жай алат. Ал бүгүнкү күндүн үлүшүн алды, эртеңкиге - таңга даярдык көрүп койду, эми киши эмнеге кубанбасын!
Ооба, ал киши ар күнү ушул рухта жаңыдан жашайт, ар күн сайын ушундай абал улана берет. Албетте, мындай абал эртең жана эртеңки иштердин камынан кутулган ынсандын гана турмушу тынчтык кубанычынын тахатына толот. Анын өлүмү - бактылуу өлүм, жашоосу ансайын үлгүлүү.
Эй мискин инсан! Өлүм дайым эсиңде болсун. Бул темселеп жургөнүң өзүңдү өзүңдөн кайдыгер кылат. Көзүңдү ач, балким акыркы орунга аз калгандыр. Мүмкүнчүлүктү каниймет билип, жакшы амалдарга шашыл!

#12 01 Июль 2017 - 11:09
ЖАКШЫ АМАЛДАРГА ШАШЫЛУУ ЖАНА АНЫ КЕЧИКТИРҮҮ АПААТЫНАН САКТАНУУ.
Бир кишинин башка журтта эки жакыны болуп, алардан бири эртең, экинчиси бир ай же бир жылдан соң келиши күтүлүп жаткан эле.
Айтыңызчы, кайсы конок үчүн даярдыкты мурдараак баштайт? Албетте, жакынкы келе турган конокко мурдараак даярдык көрүлөт. Бир нерсеге даярдык көрүү, ошол нерсени жакында жүзөөгө чыгышынан дарек берет.
Мисалы, ким өлүмдү бир жылдан соң келет, деп ишенсе, жүрөгүнө ошол мөөнөт орноп калат, башка мөөнөттөр аны кызыктырбайт. Күндөр өмүрүнүн бир бөлүгүн алып кетип жаткандыгы кыялына да келбейт.
Эгерде бир күндүк өмүрү калган болсо да, дал бүткүл өмүрү дале алдыда тургандай бейкапар жүрөт.
Мындай инсан жакшы амалдарды кылууга шашылбайт. Убактысы пайдасыз өтөт, жакшы амалдары кечигет. Расулуллоох саллаллаху алейхи васаллам айтты:
*"Силердин дүйнөдө күтө турганыңар чектег чыгаруучу байлык же акыретти унутуруучу жакырлык, бузукту козгоочу дарт же бутка тушоо карылык, тиш - тырмагы менен куралданган Өлүм же Дажжал. Силер күтүп жаткан кайып нерселердин жаманы Дажжал же Кыямат сааты! Кыямат сааты эң азаптуу жана ачуу!"* (Абу Хурайра риваяты. Тирмизий)
Ибн Аббас айтты: "Пайгамбар алайхис салам бир кишиге мындайча насыйкат кылды:
*"Беш нерсени беш нерседен мурда каниймет бил:
1. Карылыгыңдан мурда жаштыгыңды.
2. Ооруңдан мурда дени сактыгыңды.
3. Келейлигиңден мурда байлыгыңды.
4. Алектенүүдөн мурда боштугуңду.
5. Өлүмдөн мурда тирүүлүгүңдү.
(Амр ибн ал - Азийден. Ибн Дуня риваяты).
Пайгамбар алайхис салам айтты: *"Инсандардын көпчүлүгү эки ниъмат - саламаттыктын жана бош убакыттын кадырына жетпейт"* (Ибн Аббас риваяты. Бухарий).
Расулуллох саллаллаху алейхи васаллам айтты:
*"Корккон киши түндө жолго аттанат. Түндө жолго аттанган адам жайга жетет. Эсиңерде болсун! Алланын малынын баасы бийик! Эсиңерде болсун! Алланын малы бейиш!" *. (Абу Хурайра риваяты. Тирмизий).
Пайгамбар алайхиса салам айтты:
*"Рожифа келет (тактап айтканда, титиретүүчү , жер титиреп, үстүндөгү бар нерсе жок кылынат) ага Родифа кошулат (тактап айтканда арадан кырк жыл өткөндөн кийин, сурнай экинчи жолу тартылып, бардык нерсеге кайрадан жан берилет) жана өлүм бүтүн бардыгы менен келет (тактап айтканда Кыямат башталат)" *. (Убай ибн Каъбдан Тирмизий риваяты).
Расулуллох саллаллаху алейхи васаллам сахабаларынын бейкапар же этибарсыздыкка карай кетип жаткандыгын көрсө, бийик үн менен минтип айтчу:
*"Өлүм кандай милдет болсо, ошондой абалда келип, силерди же бактысыздык же бактылуулукка алып кетет".* (Зайд Сулаймийден, Ибн Абу Дуня риваяты).
Абу Хурайрадан мындайча риваят кылынат:
*"Мен эскертүүчүмүн. Өлүм чабуул жасоочу, Кыямат сааты убада кылынган убак"* (Ибн Абу Дуня риваяты).
Ибн Умар айтты: "Күндүн нурлары курма бактарына түшүп турган учурда Расулуллох саллаллаху алейхи васаллам мечитке кирип, мындай деди:
*"Кечээги күнгө салыштырмалуу бүгүндөн канча калган болсо, дүйнөдөн да болгону ошончо калды".* (Тирмизий риваяты).
Расуллуллоох саллаллаху алейхи васаллам мындай деди:
*"Дүйнө башынан аягына чейин жыртылып, бир гана жипке илинип калган кийимге окшойт. Мына ушул бир жип да үзүлүүгө жакын турат."* (Анасдан. Ибн Абу Дуня риваяты).
Жабир айтты: "Пайгамбар алайхис салам кутбада Кыямат саатын эске алса, добушу бийик көтөрүлүп, көзүнүн чанактары кызарып кетээр эле. Дал эртелеп же кечинде жапырылып келиши мүмкүн болгон кошундан (душмандан) эскертип жаткандай минтип айтчу: *"Мен жана Кыямат сааты мына ушул экөө сыяктуу жакын",* деп эки манжасынын арасын жакындатып көрсөттү" . (Муслим).
Алла ыраазы болсун, Ибн Масъуд айтты:
*"Алла кимди туура жолго салууну кааласа, анын көк үрөгүн исламга кенен кылып коёт"* (Анъам сүрөсү, 125), ушул аятты Расулуллох саллаллаху алейхи васаллам тилават кылып (окуп): "Акыйкат, эгерде нур жүрөккө кирсе, жүрөк кеңейет, - деди.
- Мунун белгиси кандай болот? - деп сурашты.
- Жалганчы дүйнөдөн алыстоо, түбөлүктүү дүйнөгө кайтуу, өлүмдөн мурда ага даярдык көрүү кандай көркөм! - деп жооп берди Расулуллоох саллаллаху алейхи васаллам" (Ибн Масъуддан. Ибн Абу Дуня риваяты).
"(Алла Таала) силердин кимиңер жакшы амал кылуучу экендигиңерди сыноо үчүн өлүм жана жашоону жараткан ал улуу, кечиримдүү (Зат). (Мүлк сүрөсү, 2-аят). Суддий (толук аты Мухаммад ибн Марван ал - Куфий) бул аятты мындай тафсир кылды (чечмеледи): "...(Алла Таала) силердин кимиңер өлүмдү көбүрөөк эске алуучу жана ага жакшы даярдык көрүүчү, өлүмдөн каттуу коркуп, ага даяр экендигиңерли сынамак үчүн өлүм менен жашоону жараткан Алла Таала".
Хузайфа айтты: "Ар күнү эртең менен жана кечинде бир үн салуучу: "Эй инсандар! Аттангыла, аттангыла! - деп үн салат. Төмөндөгү аят аны тастыктайт:
"Албетте ал (тозок бардык) инсандар үчүн силердин араңарда (жакшылык жана ибадат тарапка) илгерилеп жаткан же (күпүр күнөө тарапка) чегинип жаткан кишилер үчүн эскертүүчү болгон чоңдордон (азаптардан) бири" (Муддассир сүрөсү, 35 -36 - 37 аяттар).
Алла ыраазы болсун Умар айтты: "Кимде - ким шашылбаган болсо, демек, мында жакшылык бар. Бирок акырет үчүн аткарыла турган жакшы амалдар мындан сырткары" .
Мунзир ибн - Саълаба ал - Абдий айтты:
*"Малик ибн Динардын өзүнө - өзү мындай дегенин укканмын: " Шордуу, өлүмдөн мурда шашыл! "Шордуу, өлүмдөн мурда шашыл!" Ал бул сөздөрдү отуз жолу кайталады. Мен аны угуп турдум, ал мени көрбөдү". "*
Хасан Басрий баяндарынын биринде айтты: "Шашылгыла, шашылгыла! Эгер демиңер токтосо, силердм улуу жана кудуреттүү Аллага жакындата турган амалдардан кесилесиңер. Өзүнө назар салып, күнөөлөрүнүн көптүгүн эстер ыйлаган кишини Алла рахматына алсын! Андан соң төмөнкү аятты окуду:
*"Эч шек - күмөнсүз биз аларды анык эсеп - китеп кылып турабыз" (Марям сүрөсү, 84 - аят).
Тактап айтканда, демиңди, демиңдин акыркы демдерин, жакындарыңдан ажырап жаткан учурдагы акыркы демдкрди анык эсеп - китеп кылып турабыз.
Абу Муса ал - Ашъарий өлүмгө жакын калган күндөрдө ибадатка каттуу берилди. Ошондо ага: "Бир аз тынч алып, напсиңе жеңилдик бербейсиңби? " дешти. "Байгеге чуркаган аттар маарага жетейин деп калганда болгон күч аракети менен жан талашып чуркабайбы? Менин ажалыма мындан да аз калды" - деди Абу Муса. Бир аздан соң ал жан берди.
Халифалардан бири минбарга чыгып, мындай деген эле:
*"Эй Алланын пенделери! Мүмкүнчүлүгүңөрдүн жетишинче Алладан корккула.*
*"Билгиле! Бул дүйнө туруксуз, өлүм башыңарга карай саябан салууда, сапардын камын көргүлө.*
*Кыска гана мөөнөт үчүн жаралган бул дүйнө мүнөт сайын кемип, саат сайын жемирилүүдө. *
*Күн жана түн деп аталган кайып шарпа аны жеп бүтүрүүдө. Бул майданга кирген инсан жеңет же жеңилет.*
*Демек, инсан дайыма сапардагыдай турушу керек. Өзүнө насыйкат кылган, тообо кылып, азгырыктарды жеңген киши Роббисине жарык жүз менен жолугат.*
*Ажалдын качан жетишин инсан билбейт. Арзуу - кыялдар инсанды алдайт*
*Шайтан анын жанында туруп, тообону кечиктирүүгө, күнөөлөрлү кылууга үндөйт. Күнөө иштерди көркөм сүрөттө көрсөтүп, өлүмдөн бейкапар калтыруу максатында болот.*
*Эсиңерде болсун! Силер менен бейиш жана тозоктун арасында өлүм гана бар.*
*Ох! Өлүм келип турса, а сиз мындай бейкапар болсоңуз, өткөн өмүрүңүз өзүңүзгө далил болсо, күндөр сизди бактысыздыкка карай жетелесе, бул кандай касырет!*
"Алла силерди жана бизди Өзүнүн ниъматына шүгүр кылуучу жана ибадатка бекем кылсын. Өлүмдөн кийинки касыреттен сактасын. Албетте Алла Таала дубаларды угуучу, бардык жакшылыктар колунда болгон Зат. Ал Зат эмнени кааласа, албетте аны кылуучу"
*"... өзүңөрдү азгырууга дуушар кылдыңар, көз туттуңар ошондой эле шектендиңер жана тээ Алланын буйругу келгенче силерди куру кыялдар алдады..." * (Хадид сүрөсү, 14 - аят).
Муффасирлердин (Куръан аалымдарынын) бири ушул аяттын чечмесинде мындай деди:
*"Өзүңөрдү берилүүлөр жана азгырыктарга дуушар кылдыңар. Тээ өлүм келгенге чейин шайтан силерди алдады".*
Хасан Басрий айтты:
*"Сабырдуу болгула, белди бекем байлагыла. Күндөр өтүүчү. Силер дал кербен сыяктуусуңар. Жетээр орунга аз калды. "Токто! " десе, демек чакырыкка жооп бересиңер. Көчүүдөсүңөр, бара турган жайга эң жакшы нерселер менен баргыла". *
Ибн Масъул айтты:
*"Түндөн өтүп, таңга жеткен киши конок. Анын мал - дүйнөсү аманат. Конок кетет, аманат ээсине кайтарылат" .*
Абу Убайда ал - Бажий айтты:
*"Ооруган убакта Хасан Басрийнин алдына кирдик (ушул оору аны өлүмгө карай жетелеп жаткан эле). Ал бизге: "Кош келипсиңер. Силерге Алланын саламы болсун, деп өзүнө чакырды. Жараткан Эгем силерге жана бизге бейишти насип кылсын.*
*Билгиле, эгерде сабырдуу болуп, ырас сүйлөсөңөр жана такыба болсоңор - бул ачык айкын жакшылык. Алла Таала силерге рахматын төксүн, укканыңар бул кулагыңардан кирип, экинчисинен чыгып кетпесин.*
*Алланын элчиси - Мухаммад алайхис саламдан үлгү алгыла... Шашылгыла, ийгиликке шашкыла!*
*Кайда жүз буруудасыңар? ! Каъбанын Ээси үчүн, билгиле, өлүм жаныңарда, силер менен бирдей турат. Бир үзүм нанга каниет кылган, жамаачы кийимге ыраазы, жерге жабышып ибадатка берилген, каталары үчүн ыйлаган, азаптан качып, рахматтан үмүттө болгон кишиге Алланын рахматы болсун". Хасан Басрий ушундай абалда жан берди".*
Кабарың барбы сөөгүң бар капас,
Жаның бир куш аты анын дем - нафас
Куш эгер чыкса капастан бир жолу,
Тутууга кишинин эч жетпейт колу.
*Саади*

#13 01 Июль 2017 - 16:47
*ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ*
*"ӨЛҮМ ДАЛБАСАСЫ ЖАНА УШУЛ АБАЛДА АТКАРЫЛЫШЫ ЖАКШЫ САНАЛГАН ИШТЕР ЖӨНҮНДӨ"*
Билгин! Бул мискин пендеден дүйнөнүн бардык кайгы - коркунучу, кам саноолору жана кыйынчылыктары алынып, жалгыз өлүм далбасасы калган учурда да мына ушул азаптын өзү анын бүтүн жашоосун заарлап, сүйүнүчүн кайгыга айландырууга, унутуу жана бейкапардык эмне экендигин билбестен, ушул азап жөнүндө гана ойлонуп өтүүгө жетээрлик. Ооба, өлүм далбасасы узак жана терең ойлонууга, тынымсыз даярдык көрүүгө ылайык азап
Лукман Хакимдин уулуна айткан насаатын эстеңиз: *"Уулум! Өлүмдүн качан келишин билбейсиң. Демек, капыстан сага жолугушунан мурда даяр тур".*
Эгерде инсан эң агылып - төгүлгөн жана рахаттуу конокто жакшы көңүл менен олтурган учурда капыстан бир сакчынын кирип, ага беш камчы ураарын эстеп калса, эмне болот? Эми ага бул олтуруунун рахаты барбы? Жок! Рахаттан из да калбайт, кубанычы кайгыга айланат.
Өлүм периштесинин алдында бул сакчы эмне деген кеп? Өлүм далбасасынын алдында беш камчы эмес, андан көбүрөөгү да арзыбас нерсе го! Негизи ар бир демде өлүм периштеси инсандын алдында даяр болушу, аны далбасага салып койушу мүмкүн. Ал болсо мындан бейкапар. Бул барып турган наадандык жана алдануудан башка нерсе эмес.
Түшүн! Өлүм далбасасындагы оор азапты аны таткандар гана билишет. Бул азаптын оордугун татпаган адам ушунчалык ооруларга салыштырмалуу же өлүм далбасасына күбө болгон адамдардын далилдерине таянып, бул жөнүндө эмнени айтышы мүмкүн.
Жансыз мүчө ооруну сезбейт. Ооруну жан билдирет. Мүчөгө бир жараат жетсе же күйсө мунун таасири жанга билинет. Жан ушул таасирдин өлчөмүндө ооруну сезет. Анан оору этке, канга жана башка бөлүктөргө бөлүнөт. Албетте жанга да оорудан үлүш жетет. Жанга жеткен мына ушул үлүштү башка мүчөлөр татып көргөндө, такыр чыдай алмак эмес. Бул өтө оор азап.
Жан чыгаар абалы жандын салыштырмасыз азабы болуп, анан бул оору дененин ар бир чекитине, бүтүндөй мүчөлөрүнө таралат. Эгер денеге тикен сайылса, эң биринчи ооруну жан сезет. Денени күйгүзгөн оттун таасири мындан да оор. Анткени оттун жалыны денени толук каптайт, от жетпеген бир да мүчө калбайт. Эттин ар бир торундагы жан жиптери муну сезет.
Бычак, кылыч жана найза сыяктуу нерселерден жеткен жаракат миз тийген жайда гана болот. Ошондуктан да бул жаракаттын оорусу от жеткирген ооруга тең келе албайт. Жан чыгаар азабы дал жанга кылынган чабуул. Жандын ар бир бөлүктөрү бул ооруга чөгөт. Анткени жан ар бир тамырдан, ар бир тарамыштан, ар бир муундан, баштан аяка чейин болгон ар бир теринин түгүнөн суурулуп чыгат. Бул кайгы, бул оору жөнүндө сураба!...
Айтышат, өлүм кылыч соккусунан, араанын тишинен, кайчынын курчтугунан да каттуу. Денени кылыч кессе жан ооруйт. Эгерде сокку түздөн - түз жанга болсочу?! Кылычтын соккусу алдындагы кишинин алы - күчү болсо кыйкырат, жалбарат, жардам сурайт. Жан чыгаар учурда болсо оорунун азабынан үн өчүп калат. Кайгынын караңгылыгы койуланып, жүрөктү толук ээлейт, күч бүтүндөй жексен болот. Күч - кубат жоголгондо, кыйкырууга ахыбал калбайт!
Бул ахыбалда акыл чайылып, ылайланат. Тил оорлоп, дене - мүчө бошошот. Киши өңгүрөө, кыйкыруу, жардам суроо менен өзүн жибитүүнү каалайт, бирок буга кубат кайда? Эгерде аз гана кубат калган болсо, ал да акыркы демдерде кырылдоону, көтөрүлүп - түшүп жаткан көкүрөккө бирде жетип, бирде жетпей, алкымдан кайтып кетип жаткан акыркы демдерди - гаргара үндөрүн угууга сарпталат.
Өңү өзгөрүп, күл өңдүү түскө кире баштайт. Бул демде инсандын, түпкү жаралышы - топуракка кайтып жаткандай, бардык тамырлары үзүлгүдөй тартылат, оору ичи - сыртына азаптуу абалда жайылат. Көздүн каректери көтөрүлөт, эриндер каттуу кысылат, тил таңдайга жабышат. Эркектик жумурткалары кубугуна тыгылат, манжаларынын учу көгөрүп кетет.
Ар бир тамыры үзүлгүдөй болуп тартылып жаткан дененин ахыбалын сураба! Бир тамыр тартышканда да мунун азабы канчалык оор. Бирок, бир эмес бардык тамырлардан өткөн жан тамыры тартылсачы? !
Андан бирден мүчөлөр өлө баштайт. Биринчи, буттун манжалары, Балтырлар, анан сандар муздайт. Тээ жан кокого келгенге чейин ар бир мүчө кайталап, өлүм далбасасын, өлүм азабын тартат. Анан кишинин назары дүйнө жана дүйнө элинен биротоло ажырайт. Тообо эшиктери жабылат. Касырет жана өкүнүч аны чулгап алат.
Расулуллоох саллаллаху алейхи васаллам айтты:
*"Жан гаргарага келгенче, пенденин тообосу кабыл кылынат"* (Ибн Умар риваяты, Тирмизий).
Адамдар өлүм далбасасынан кабарсыз болгондуктан аны эске алышпайт, анын азабынан кутулууну тилешпейт. Пайгамбарлар жана олуялар бул коркунучтан кабардар. Пайгамбарлык жана олуялык нуру аркылуу алар өлүм келбестен мурда өлүм далбасасынтүшүнүшөт. Ошондуктан алардын коркунучу тез.
Иса алайхис салам айтты: "Эйхаварийлердин жамааты. Алла Тааладан өлүм далбасасын жеңил кылуусун сурангыла. Акыйкатта коркунучу мени өлүмдөн токтотту" .
Риваят кылынат: "Бани Исраилден бир тобу үөрүстөндүн жанынан өтүп баратып, бири-бирине:
*"Алла Тааладан мына ушул кабырдагы жасатты тирилтишин сурайлы", дешти. Анан алар Алла Таалага дуба кылышты. Ошондо алардын кашында бир киши пайда болду. Кайсы бир кабырдан чыккан бул кишинин маңдайында сажданын белгиси бар эле.
Ал айтты: "Эй адамдар! Менден эмнени каалайсыңар? Өлүмдү татканыма элүү жыл болуптур, азырга чейин анын даамы жүрөгүмдөн кете элек"
Аиша энебиз (Алла андан ыраазы болсун) айтты: "Расулуллоох саллаллаху алейхи васалламдые башынан кечирген өлүм азабынан көргөнүмдөн кийин, өлүмү жеңил болгон кишиге суктанбай койдум"
Пайгамбар алайхис саламдын мындай дегендери риваят кылынат:
*"Аллам! Жагды тарамыштардан, муундардан, тырмак учтарынан сууруп алуучу Өзүңсүн. Аллам, өлүм учурунда мага жардам кыл, өлүмдү мага жеңил кыл" (Ибн Абу Дуня).
Расулуллоох саллаллаху алейхи васалламдын өлүмдүн азабы жөнүндө сурашканда айтты:
*"Өлүмдүн эң жеңили жүнгө кадалган тикенди тартканда ар бир тикен жүн менен кошулуп суурулуп чыкканы сыяктуу"* (Ибн Абу Дуня риваяты).
Али (Алла анын жүзүн нурлуу кылсын) согушка үндөп айтчу: *Эгер өлтүрбөсөңөр өлөсүңөр. Жаным колунда болгон Затка ант болсун, кылычтын миң соккусу төшөктөгү өлүмдөн жеңил".
Зайд бин Аслам атасынан риваят кылат: " Момун амалы менен гана акыреттин мартабаларына жете албайт. Ал өзүнүн бейиштеги даражасына өлүм далбасасы жана кайгысы аркылуу жетишет. Ал эми каапыр үчүн бул дүйнөдө окшошсуз жакшылыктар берилет жана бул жакшылыктар жана да толук болсун үчүн аларга өлүм да жеңил кылынат. Анан алар түз эле тозокко киришет".
Өткөндөндөрдөн риваят кылынат:
*"Өлүм төшөгүндө жаткан оорудан өлүм жөнүндө суралганда, мындайча жооп берген эле: "Дал асмандар жерди каптап алган, дал жаным ийненин тешигинен өтүүдө".
Расулуллоох саллалаху алейхи васаллам айтты:
*"Күтүүсүз өлүм момун ачүн рахат, күнөөкөргө касырет" (Аишадан, Имам Ахмад риваяты).
Риваят кылынат: "Ибрахим алайхис салам жан бергенден соң, Алла Таала ага мындай деди:
- Эй Халилим (досум)! Өлүм кандай экен?!
- Өлүм учуру ным болгон жүнгө батырып, анан тартып алынган илмектүү темирге окшоп, өзүнө тартат.
- Албетте, биз сага өлүмдү жеңил кылдык, - деди бүткүл ааламдардын Роббиси".
Риваят кылынат: "Муса алайхис саламдын руху Алла Тааланын алдына чакырылганда, ааламдардын Роббиси анлан өлүм жөнүндө сурады. Иуса алайхис салам айтты: "Жанфм кызып туршан казанда куурулуп, бирок өлбөгөн куш сыяктуу эле. Анан ал тынчтанды, бирок кутулбады. Бир аздан соң учуп кетти".
Дагы бир риваятта Муса алайхис салам айтты: "Жаным касаптын колунда тирүүлөй териси шылынып жаткан кой сыяктуу азапта эле".
Риваят кылынат: "Өлүм учурунда Пайгамбар алайхис саламдын жанында суу толо идиш бар эле. Ааламдын чырагы колун сууга малып, суу алды. Анан аны жүзүнө сүртүп: "Аалам! Өлүм далбасасын мана жеңил кыл" - деди. (Аиша риваяты, муттафакун алайх).
Алла ыраазы болсун, Умар Каъбул Ахбарга айтты:
-Эй Каъб! Бизге өлүм жөнүндө сүйлө.
- Мейли, эй момундардын башчысы, - деди Каъб.
- Өлүм кишинин курсагына сайылган тикендүү шактын мисалындай. Ар бир тикен тамыр менен бирге суурулат. Анан бир киши бул тикендерли күч менен тартат, алынганы алынат, калганы калат.
Пайгамбар алайхис салам:
*"Пенде албетте өлүм кайгысы жана өлүм далбасасын башынан өткөрөт. Албетте, анын мүчөлөрү бири - бирине салам берип айтат: "Сага салам болсун, менден ажырадың, мен да кыяматка чейин сенден ажырадым" (Анас ибн Малик риваяты).
Алла Тааланын достору жана сүйүктүүлөрүндө өлүм далбасасы ушундай болсо, кокого чейин күнөөгө баткан биз күнөөкөрлөрдүн ахыбалы кандай болоор экен?!
Албетте өлүм далбасасы менен бизге башка кыйынчылыктар да бет алат. Мындай кыйынчылыктар үчөө:
1. Башта айтылгандай жан берүү азабы.
2. Өлүм периштесин көрүү жана жүрөктү азаптуу коркунучтун ээлеши. Жан берип жаткан киши канчалык бакыбат болбосун, эгер ал күнөөгө баткан болсо, өлүм периштесине тигилүүгө алсыздык кылат.
Риваят кылынат: "Ибрахим Халилуллох өлүм периштесинен сурады:
- Күнөөкөр кишинин жанын кандай абалда аласың? Ошол абалда көрүнө аласыңбы?
- Туруштук бере албайсың, - деди өлүм периштеси.
- Балким туруштук берээрмин.
- Демек, андай болсо менден жүзүңдү бур.
Ибрахим алайхис салам андан жүзүн бурду. Анан кайрылып карады жана: ал зат маңдайында чачтары тип - тик кап - кара кишини көрдү. Кара кийимдеги бул кишиден колоңсо жыт чыгып, оозунан от чыгып, мурун таноолорунан буруксуп, түтүн чыгып турду. Ибрахим алайхис салам үшүнөн кетти. Бир аздан сөң өзүнө келди. Өлүм периштеси баштагы кейпине келди. Ибрахим Халилуллох ага минтти:
- Эй өлүм периштеси! Эгерде өлүм учурунда күнөөкөрлөргө ушул кейипте жолуксаң, ушунун өзү ага жетиштүү болот".
Абу Хурайра Пайгамбар алайхис саламдан риваят кылат:
*"Давуд алайхис салам кызганычы күчтүү адам эле. Сыртка чыкса үйүнүн эшигин бекем бекитчү. Күндөрдүн биринде адаттагыдай эшигин бекем жаап, көчөгө чыгып кетти. Аялы аны күзөтүп калды. Бир маалда аялы короодо бейтааныш кишинин туршанын көрүп: "Бул кишини короого ким киргизди? Эгер Давуд келск, албетте бир жагымсыздык болот ко" деп турганда Давуд алайхис салам келип калды жана ал кишиге минтип айтты:
- Кимсиң?
- Мен ушундай затмын, падышалар да мени көркута албайт жана эч бир тоскоолдук мени тосо албайт!
- Демек, Аллага ант болсун, сен өлүм периштнси экенсиң, деди Давуд алайхис салам жана ага ээрчиди".
Икая кылынат, пайгамбарлар өлүм периштесин коркунучтуу кейипте көргөн киши туйган коркунучту эмес жан берүү далбасасын гана сезишет.
Эгерде өлүм периштеси кишинин түшүнө кирсе, анын калган жашоосу тынчсызданууга айланат, өмүрүнөн даам кетет. Бул абал анын түшүндө эмес, өңүндө болсочу?!. ..
Бирок Алланын ибадатындагы пендеге өлүм периштеси көркөм кейипте көрүнөт.
Икрима Ибн Аббас риваят кылат: Ибрахим алайхис салам кызганычы күчтүү адам эле. Үйүнөн чыкса эшигин бекем бекитчү. Бир күнү сырттан үйүнө кирип баратып, короосунун ортосунда бир бейтааныш кишинин турганын көрдү.
- Сени короого ким киргизди? - деп сурады Ибрахим алайхис салам.
- Бул үйгө ээлик кылууга мен жана сенден акылуу Зат мени бул короого киргизди.
- Сен кандай периштесиң?
- Өлүм периштесимин.
- Момундардын жанын ала турган кейипте мага көрүнө аласыңбы?
- Ооба, менден жүзүңдү бур!
Ибрахим алайхис салам андан жүзүн бурду, анан кайрылып карады: бет алдында кооз кийимчен, жагымдуу жыттанган, жүзүнөн нур балкыган бир жигит турат. Ошондо Ибрахим алайхис салам айтты:
- Эй өлүм периштеси! Эгерде момун өлүм учурунда мына ушул кейпиңде сага жолукса, бул ага жетиштүү" .
Аткарылган ар бир амалдарды жат алып, жазып туруучу эки периштени көрүү да өлүмдүн азаптарынан. Вахиб айтат: "Айтылат, өлгөн кишиге амалдарды жазып туруучу эки периште көрүнөт. Эгерде өлгөн киши ибадаттуу, жакшы амалдуу болсо, периштелер ага:
- Алла Таала сеги биз үчүн да жакшылык менен сыйласын. Бизди канчалаган жакшылардын мажлисине алып кирдиң жана канчалаган жакшы амалдарга алып бардың.
Эгер өлгөн киши күнөөкөр болсо, эки периште ага айтат:
- Алла Таала сени биз үчүн да жамандык менен жазаласын. Бизди канчалаган бузук мажлистерге алып кирдиң, жаман амалдарга алып бардың, жаман сөздөрдү угуздурдуң. Бул үчүн Алла Таала сенин сазайыңды берсин!" .
Өлүктүн көздөрүнүн амалдарын жазып туруучу эүи периштеге тигилип калышы мына ушул. Бул тигилүү эми эч качан дүйнөгө кайтпайт.
Өлүмдөгү үчүнчү кыйынчылык күнөөкөрлөрдүн өз жайлары тозокту көрүшү жана андан алдыңкы коркунуч. Алар өлүм далбасасында жаткан учурунда күч - кубаттан айрылат, жанын тапшырууга даярданат. Өлүм периштеси алып келе турган эки кабардан бирин укмайынча алардын жаны чыкпайт. Өлүм периштеси минтип эскертет: " Эй Алланын душманы! Сага тозокту кабарлаймын" . Же: "Эй Аллахтын досу! Бейиш сага кут болсун".
Акыл ээлеринин коркунучу мына ушул себептен.
Пайгамбар алайхис салам айтты:
*" Силерден бир киши бараар жайы кайсы экендигин билмейинче, орду бейиш же тозок экегдигин көрмөйүнчө бул дүйнөдөн кетпейт"* (Ибн Абу Дуня риваяты. Хадистин башка риваяты эки "сахих" те (тактап айтканда ишенимдүү хадисте) Убада ибн Самиттен риваят кылынган).
Риваят кылынат: "Хузайфа ибн Яман өмүрүнүн акыркы кечтеринин биринде Ибн Масъудга айтты:
- Барып карачы, азыр кайсы убакыт?
Ибн Масъуд ордунан туруп анын алдына келди да:
- Күн кызарууда, - деди.
- Тозокко жетелөөчү таңдан Алла сактасын, - деди Хузайфа".
Өмүрүнүн соңку сааттарында Абу Хурайранын жанында Марван бар эле.
- Аалам, ага өлүмдү жеңил кыл, - деди Марван. Ошондо Абу Хурайра:
- Аалам, өлүмдү оор кыл, - деп ыйлады.
- Аллага ант болсун, дүфнө үчүн кам жеп же силерден айрылып калуудан коркуп ыйлап датканым жок. Бирок күтүп жатам, Роббим эмнени кабарлайт: бейиштиби же тозоктубу?! "
Пайгамбар алайхис саламдан риваят кылынат: " Эгерде Алла Таала пендесине ыраазы болсо, айтат: "Эй өлүс периштеси! Баланчынын жанына бар, анын жанын алып кел, ага мен жакшылык багыштайын. Анын амалы мага жетиштүү, аны сынадым. Ал менин сүйүктүү пендем".
Андан соң өлүм периштеси жыттуу райхандар жана заъфарон уруктары менен безенген беш жүз периште менен бул сүйүктүү пенденин алдына түшөт. Ар бир периште башкаларыныкынан айырмалуу, өзүнө гана тиешелүү куш кабарды сүйүнчүлөйт. Рух денеден үзүлгөндө райхандар менен безенген периштелер пенденин жанында эки катар болуп турушат. Бул абалды көргөн Иблис колун башына койуп, чыңырып жиберет. Ошондо Иблистин аскерлери:
- Сага эмне болду, эй жетекчи зат - дешет.
- Бул пендеге кылынып жаткан сый - урматты көрбөй жатасыңарбы? Көзүңөр кайда эле, эмнеге аны жолдон адаштырбадыңар? !
- Каттуу кириштик. Ал күнөөсүз эле". (Ибн Абу Дуня риваяты).
Хасан Басрий айтты: "Момун киши Аллага кезигүү менег гана рахат табат. Аллага кезигүүдөн разат тапкан кишинин өлүм күнү - шаттык жана кубаныч күн, тынчтык күнү жана шарапат күнү".
Өлөөрдө Жаабир ибн Зайддан:
- Эмне каалайсың? - деп сурашты.
- Хасан Басрийни бир көрсөм, - деди Жабир.
- Мына Хасан Басрий! - дешти. Жабирага карап айтты:
- Досум! Убакыт жетти. Аллага ант болсун, мен эми силерди таштап бейиш же тозокко карай кетип жатамын".
Мухаммад ибн Васиъ өлөөргө жакын: "Досторум! Силерге Алланын саламы болсун, тозокко же Алланын кечиримине кетип жатамын", деди.
Кээ бирөөлөр жан чыгаар абалы түбөлүк уланышын каалайт. Алар сооп үчүн да азап үчүн да тирилүүнү каалашпайт.
Демек, жаман натыйжа коркунучу Аарифтердин (Алланы чын дилден таануучулардын) жүрөгүн талкалайт. Бул да өлүм учурундагы оор кыйынчылыктардын бири.

#14 14 Июль 2017 - 13:45
ӨЛҮМ УЧУРУНДА ЖАКШЫ САНАЛГАН АМАЛДАР БАЯНЫ.
Билгин! Өлүм учурундагы тынчтык жана жайлуулук, тилдин бир гана "ЛАА ИЛААХА ИЛЛАЛООХ" келмесин айтып, дилдин шек - күмөндөн толук сырткары болушу, өлүмү жакындаган киши үчүн эң жакшы учур.
Пайгамбар алайхис саламдан риваят кылынат:
*"Өлүмү жакын калган кишиде үч абалды күзөткүдө: Маңдайынан тер куйулуп, көздөрүнөн жаш агып, эриндери кургаса, демек бул абал Алланын ал кишиге түшүргөн рахматы. Эгерде жан таслим кылып жаткан киши буулгандай кырылдап, өңү кызарып, эриндери күл өңдүү түскө кирсе, демее бул ага Алланын азабы"* (Салман Фарсий риваяты, Тирмизий).
Тилдин шахаадат келмесин кайра - кайра кайталашы жакшылыктын жышааны. Абу Саид Худрий айтат: Расулуллох саллаллаху алейхи васаллам айтты:
*"Өлүмү жакындаганыңарга "Лаа илааха иллалло" ну кайталап тургула". * (Ибн Хиббан риваяты).
Расуллуллоох саллаллаху алейхи васаллам мындай деген эле, деди Усман розияллооху анху:
*"Кимде - ким Алладан башка илах (сыйынууга татыктуу зат) жок экендигин, бир гана Алла Тааланын бар экендигин билип туруп өлсө, бейишке кирет".* (Имам Ахмад, Муслим, Насаи риваяты).
Аллах ыраазы болсун, Умар айтты:
*"Өлүмү жакындаган кишилериңерде даяр болуп тургула, аларга Алланы эстеткиле. Анткени, алар силер көрбөй жаткан нерселерди көрөт. *"Лаа илааха иллаллоо" ну кайталап тургула". *
Абу Хурайра айтты: Расулуллоох саллаллаху алейхи васаллам мындай дегенин уктум:
*"Өлүм периштеси жан берип жаткан кишинин алдына келип, анын жүрөгүнө назар салат. Жүрөгүнөн эч нерсе таппайт. Андан соң анын эки жаагын ачып, тилинин "Лаа илааха иллаллох" деген абалда таңдайына жабышып калганын көрөт. Ыклас келмеси себептүү бул пенде кечирилет" .* (Байхакий риваяты).
Өлүмү жакын калган кишиге шахаадат келмесин кескин талап менен эмес, жумшактык менен айтып туруу керек. Кээде тил сөзгө келбей калат. Мындай учурда каттуу айттуу машакат туудурушу, же келмени айттуу кыйын болуусун, ал тургай айтууга болгон каалоосун жоготууга да алып келиши мүмкүн.
Бул келмени ушунчалык олуттуу керектелишинен максат - жашоо менен коштошуп жаткан инсан акыркы демдерине чейин жүрөгүндө Алладан башкага орун калтырбастык. Качан жүрөктө бир гана жалгыз Алладан башкага орун калтырбастык. Качан жүрөктө бир гана жалгыз Алладан башка талап калбаса, өлүм - сүйүктүү тарапка жакындашуу, нимъаттарга жеттүү болуп саналат. Эгерде жүрөк дүнүйөгө баш оту менен кирип, бүтүндөй ага жабышса, калып жаткан өтөөр нерселерге ачынса, шахаадат келмеси жүрөктөн эмес, тил учунан чыгат. Бул канчалык жаман натыйжа! Анткени дилсиз тилдин аракетинен пайда аз. Бирок Алла Таала кааласа сөз жок!
Өлүм алдында жакшы күмөндө болуу да мустахаб амалдардан болуп саналат.
Ваила ибн Аскоъ өлүма жакындаган оору кишинин алдына кирип, сурады:
- Алла Таала жөнүндө эмнелерди ойлоп жатасың?
- Күнөөлөрүм мени көмдү, азаптар жакын. Бирок Роббимдин кечириминен үмүткөрмүн.
Ваила такбир айтты (Алланы улуктады). Оорулуунун үй - бүлөсү да *"Аллооху акбар"* дешти. Анан Ваилп Расулуллоох саллаллаху алейхи васалламдан мындай деп укканын айтты: *"Алла Таала айтты: "Мен мени ойлоп жаткан пендемдин үйүндөмүн, мен жөнүндө каалаганын ойлой берсин".
"Пайгамбар алайхис салам өлүмү жакындап калган бир жигиттин алдына кирип сурады:
- Өзүңдү кандай сезүүдөсүң?
- Алла Тааладан үмүткөрмүн, күнөөлөрүмдөн коркуудамын. Ошондо Расулуллоох саллаллаху алейхи васаллам:
- "Бул эки касиет бир пенденин жүрөгүндө чогулса, Алла ал пендеге үмүт кылганын берет, коркуп жаткан нерсесинен сактайт" (Тирмизий риваяты).
Бир аъробий (көчмөн, карапайым) киши ооруп калды. Ага:
- Сен өлөсүң, - дешти.
- Мени кайда алып кетишет? - деп сурады карапайым көчмөн.
- Алла алдына!
- Андай болсо, жакшылыктардын ээси болгон Затка кайтуумдун эмнеси жаман?! - деди көчмөн.

#15 16 Июль 2017 - 11:35
БисмилЛаахир Рохмаанир Рохиим
КЫЯМАТ КУНДУН УЗУНДУГУ
Ал Кундо коздор тигилген боюнча катып калган, журоктор талкаланган, бироо бироого ун катпайт, бироого бироого тигилип карабайт. Уч жуз жыл туз татпастан, бир култум суу ичпестен турушат, шыр эткен шамалды, же колоко учун жай таба алышпайт.
Алла Таала айтты:
"Ал кундо бардык адамдар (буткун) ааламдардын Ээсинин алдында тик турушат" ( Мутоффифиин суросу 6-аят). Ушул аяттын тафсиринде Каьб жана Катода мындай деди: " Уч жуз жыл олчомундо турушат". Абдулло ибн Амр мындай деди:
" Расуллуллох соллоллоху алайхи васаллам бул аятты тилават кылып, (окуп): " Алла силерди мооноту элуу мин жылга барабар бир кундо окторду саадакка салган сыяктуу топтоп, (бирок) силерге карабаган кундо абалынар кандай болот?!(Табароний) риваяты).
Хасан Басрий мындай деди: " Мооноту элуу мин жылга тен бир кундо жебестен, ичпестен аякка туруу жонундо ойлонуп кордунорбу? Суусагандан тамактар кургап жарылат, ачкалыктан курсактар куйот. Ушул абалда тозокко карай журушот, кайнап турган булактан ичишет. Ысык ого бетер куч алып, карындары куйот. Абалдары чыдап болбос даражага жетет. Ошондо алар:
" Алла Тааланын алдында куттуу болгон бир зат бизди шапаатына албас бекен?" деп бири-биринен сурашат. Анан алар кайсыл пайгамбардын жанына барышпасын, ал пайгамбар: " Мени тынч койгула, озум менен озум убарамын, озго менен ишим жок" деп жооп берет. Алла Тааланын катуу азабынан чочуган ар бир пайгамбар: " Жаратканыбыз мурун да кийин да ушундай азаптабаган" деп шапаат суроочуларга оздорунун узурун айтат.
Анан Пайгамбарыбыз Мухаммад алайхис салам, уруксат берилген кишилерди шапаат кылат".
Алла Таала айтты:
" Ал кундо шапаат (колдоо) пайда бербейт (бирок) Рахман уруксат берген жана созунон Ал ыраазы болгон адамга гана (пайда берет).
(Тоха суросу, 109-аят).
уландысы бар.....

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
Баракча 1 - 1