Суперстан: Менин "Эркин темам" - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Менин "Эркин темам" Бир Нерсе / Bir Nerse

#21 Пользователь офлайн   Tansuluu09   01 Июнь 2017 - 22:47

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: Кечээ, 18:36
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

Баягы "Бай Атам, кедей Атам" деген китептеги Бай атасынын кенеши эске тушуп кетти .
Копчулук адамдар окуйт. Бирок , аз акча же болбосо айлыктан айлыка жетпеген акчага иштешет экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Letchik-bolgum-kelchuu   01 Июнь 2017 - 23:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 639
  • Катталган: 21 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 26 Июн 2020 17:40
  • Калаасы:Москва

Автор мен сенин оюнду тушундум. Мисалы ушул форумдан эле карап кор мектепте универде отличник болдум кызыл мн буттум дешет да, жазгандарына, соз байлыктарына, билимине келсен толгон токой ката. Кеп кызыл мн бутушто эмес албетте. Бар албетте чыныгы коп жагынан билимдуулор. Бирок Кыргызстанда кобу баа учун же эптеп эле диплом учун окушат.
Окуусун таштап ийгиликке жеткен инсандар

Жер шаарындагы эң жаш миллиардерлеринин
бири Марк Цукерберг 14-майда 33 жашка
чыкты. Жогорку билими жок болсо дагы,
ийгиликке жетип, миллиарддаган капиталдын
ээси болгон бизнесмендерди карап көрөлү

Марк Цукерберг

Марк кичинесинен программалоого кызыгып,
ийгиликтерди жарата баштаган. Жогорку
класстарда окуп жүргөндө эле ага AOL жана
Microsoft сыяктуу компьютердик гиганттар өз
компаниясынан жумуш орундарын
сунушташкан. Бирок Цукерберг жогорку
билимдүү болгусу келип, Гарварддагы
психология факультетине тапшырган. Кийин 2
жылдан соң Facebook социалдык тармагын
ойлоп таап, окуусун таштаган. Бул анын
карьерасына эч кандай кедергисин тийгизген
эмес, себеби 2010-жылы Times журналы ага
«Жылдын адамы» наамын ыйгарган.
Стив Джобс
Дагы бир жогорку билими жок, компьютер
дүйнөсүнүн генийи — Стив Джобс. Apple’дин
негиздөөчүсү Америкадагы эң кымбат жана
беделдүү окуу жайлардын бири Портленддеги
Рид-колледжге тапшырган. Бирок сабакка
келгендин ордуна чыгыш руханий дүйнөсүн
изилдеп, өзүнүн комьютердик компаниясы
жөнүндө кыялданууну жакшы көрчү. 4 жылдан
соң Стив өз кыялдарын ишке ашырат.
Роман Абрамович
Роман Абрамович- ийгиликтүү орусиялык
ишкерлердин бири. Ухтин өнөр -жай
институтунун токой техникалык факультеттин
студенти эле. Бирок акча таап, иштегиси
келген жаш студент, окууну таштап, толугу
менен бизнеске кирип кеткен. Азыр белгилүү
болгондой, бул анын жашоосундагы туура
чечимдердин бири болгон экен.
Билл Гейтс
Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү көп
жылдар бою планетанын эң бай адамдарынын
катарында болду. Ошону менен катар 1975-
жылы ал кездеги жөнөкөй студентти
Гарварддагы юридикалык факультетттен
окуугадагы жетишпегендиктери үчүн четтетип
салышкан. Бул окуя келечектеги милларддаган
байлыктын ээси Биллге тескеринче жол ачып,
ал өзүн программалоого толук түрдө арнай
алган.
Генри Форд
Генри Форд өзүнүн биринчи ишканасын 36
жашында негиздеген. Ал бул убакытка чейин
билим алып, ишмердүүлүктүн сырын үйрөнгөн
деп ойлосоңуз, анда жаңылышасыз. Ал
айылдагы жөнөкөй мектепти аяктап, 16
жашынан тарта жөнөкөй заводдо механик
болуп иштеп, жогорку билим алууну ойлонгон
дагы эмес.
Ингвар Кампрад
Ингвар Кампрад тууралуу эч нерсе билбесеңиз
дагы, анын компаниясы IKEA тууралуу уксаңыз
керек. Ишкер өз карьерасын мектепте окуп
жүргөндө эле баштаган, ал өз классташтарына
калем, дептерлерди сатып акча тапчу.
Чоңойуп калганда арзан эмерек менен соода
кылып, андан соң келечектеги
мультимиллиардер өз өндүрүшүн ишке
киргизген.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   04 Июнь 2017 - 13:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Азаматсыз.
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   progresskg   06 Июнь 2017 - 10:38

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 71
  • Катталган: 01 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 31 Авг 2018 19:54
  • Жынысы:Эркек

Кыргыздар эмне үчүн бай эмес же Жакырчылыктын факторлору bit.ly/2rO56Vz
Сүрөт
Кыргыздар эмне үчүн бай эмес же Жакырчылыктын факторлору

Бул темам жакырчылыкка жана байлыкка алып келген факторлор жөнүндө жана кыргыздарга да тиешелүү учурлар жөнүндө болмокчу.

Жакырчылыкка бир кирсең, андан кайра чыгыш оор болот. Мен муну жакшы билем, анткени мен ошондой жакырчылыкка кирип, эптеп кайра жакында эле чыктым:) Менин жакырчылыкка киргендин себеби – мен көп бизнестерди баштаганым болду. 10 жолу бизнес баштаганымдын (так айтсам 11 аракет кылгам) ошонун 9 жолусу – таптакыр ишке ашпай калган, убагында инвестиция болбой калганы үчүн. Менде капитал жана бай тааныштарым жок, бай ата-энем жок болгондуктан, мен акча аз талап кылган бизнестерди гана баштай алдым. Бирок алар да ишке ашпай калып, карыздар эле өсө берди. Күн сайын, чоң карызга батып турдум. Бирок андай жакырчылыктан чыктым, анткени буйруса менин мындан 3 жыл мурда баштаган бизнесим жакшы өсө баштады. 9/10 жолу ишим жүрбөсө да, 1 жолу ишке ашканы, мага жетиштүү жана ал баарын жапты деп ойлойм. Мен албетте бай эмесмин, бирок жок дегенде өзүмдү мурдагыдай өтө оор жакырчылыктан буйруса чыктым деп санайм.


Жакырчылык адамдын жашоосун кыскартат, стрессти, ооруларды көбөйтөт. Yй-бүлөөдө уруштарды көбөйтөт. Ажырашууларга алып келет. Ошондой эле жакырчылык бул криминалдын өсүшүнө да таасир берет. Билим берүү системасын да оор кылат. Жакырчылык деген жаман нерсе. Андан алыс болгонго аракет кылыш керек. Жакыр, кедей мамлекетте бай болуп жашаган да коопту. Анткени бир күнү революция болсо, сенин мүлкүңдү тартып алышы мүмкүн же үйүндү да кедейлер өрттөп салышы мүмкүн.


Кыргызстанда жакырчылыкта жашаган адамдардын так санын мен билбейм, бирок ал сан кичине эмес экени шексиз.
Кедей жана бай адамдар ар бир коомдо болот. Мен дүйнөдөгү бай мамлекеттерде болдум, ал жерлерде да өзүнүн кедейлери бар. Албетте ал жактагы кедейлер менен мисалы Африканын кедейлерин салыштырып болбойт, бирок ошентсе да, бүт мамлекеттерде, бүт коомдордо өзүнүн кедейлери жана байлары бар.

Азыр заман тез өзгөрүп жатат, мурда дүйнөдөгү эң баалуу компаниялар нефть жана газ тапкан компаниялар болсо (Shell, Exxon, BP сыяктуу), азыр болсо эң баалуу жана эң бай дүйнөлүк компаниялар бул технологиялык компаниялар – Alphabet (Google), Apple, Amazon, Facebook, Microsoft.

Ошондой эле азыр байлар абдан тез байып жатат жана бай менен кедейлердин ортосундагы айрыма бир эле көбөйбөстөн, ал айрыма аябай тез темпе өсүп жатат. Эмнеге байлар абдан тез байып жатат? Себептери көп, бирок негизги себеби бул байлардын инвестициялары тез өсүп жатканы.
Ал инвестициялардын баасы өсүп жаткандыктан, байлардын да байлыгы жалпысынан өсүп жатат.
Мисалы эгер сиз мындан 20 жыл мурун, Amazon компаниясынын акциясын сатып алганда, мисалы 5 миң долларга сатып алганда, ал 5 миң долларыңыз бүгүн 2,5 миллион доллар турат эле. :)

Мындай мисалдар көп. Бирок кээ бир инвестициялар, мындан бир топ эсе тез өсүп, чоң киреше берип жатат. Байлар ушуну жакшы түшүнөт, ал эми кедейлер мүнү жакшы биле бербейт. Чынында бизнес кылуу эмес, башка бирөөнүн компаниясына инвестиция кылып байыган адамдар көп. Кыргызстандын деле жарандары башка чет элдик компанияларга инвестиция кылса болот. Муну мен кийинчерээк түшүндүрөм.

Эми жакырчылык жөнүндө жазып кетсем. Менимче азыр КРда адамдарды жакыр кылып жаткан мындай 11 фактор бар:


Жалпы Экономиканын Абалы

Кыргыз экономикасы, салыштырмалуу, кичине эле. Экономикада жылына аз санда товарлар чыгарылат, кыргыз товарлары аз санда экспорт болот, экономикага аз инвестиция келет, аз жаңы бизнестер ачылат, аз жумуш оорундары түзүлөт. Кыргыз экономикасы негизи Россия менен Казакстанга эле байланган, тилекке каршы. Мен жазып кеткендей, көлөмү кичине болгондуктан, экономикада жылына аз санда эле жумуш оорундары түзүлөт. Ал эми жумуш оорундары бул кирешенин эң негизги булагы болгондуктан, бул да терс таасирин берет. Кыскача айтсак, кичине жана жай өскөн экономикада, жумуш оорундары да аз болот, баарына эле жумуш жете бербейт. Бул көп адамдарды жумушсуз калтырып жатат.
Жумушсуздук – биздеги жакрычылыкка алып келген негизги фактор.



Бул жакырчылыктын фактору, сенден көз каранды эмес. Башкача айтканда, сен жалгыз бул макроэкономикалык проблеманы чече албайсың.


Мүмкүнчүлүк: Бирок жаман болгону менен, кээ бир адамдарга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Экономика кичине, бирок ал экономика келечекте өсө берет. Демек келечекте ачылчу бизнестер, бүгүн али ачыла элек. Бул ишкерлерге жакшы мүмкүнчүлүк түзөт – конкуренция аз, жаңы бизнестерди тезиреек ачып, өзүңө байлык топтосоң болот.



Киреше Булактар Жок же Аз

Сенин чөнтөгүңө акча салып турган булактарды – “актив” деп айтат. Сенин чөнтөгүңөн акчаны алып турган булактарды – “пассив “деп айтат.

Активге жумушуңан тапкан акча, бизнесиңен түшүп турган киреше, ар кандай инвестицияларың берип турган акча кирет.
Пассив – сенин чыгашаларың, кредит, ипотека. Эмне сенин чөнтөгүңөн ай сайын акча алып турса, сени эмне “минуска” батырса, ошону пассив деп айтып койсо болот.


Байларда пассивдерге караганда, активдер көбүрөөк болот же 1 эле актив болсо, анда ал актив чоң киреше берип, бүт пассивдерди жаап тургандай болот.
Ал активдерден түшкөн акча, бир эле жашоодогу расходдорго эмес, башка нерселерге инвестиция кылганга да жетип турат. Кыргыз үй-бүлөөлөрдө жалпысынан активдерге караганда, пассивдер көбүрөөк. Бирок башка элдерде деле ушундай көрүнүш.



Бул жакырчылыктын фактору, сенден көз каранды. Башкача айтканда, сен жалгыз бул проблеманы чече аласың, аракет кылсаң.



Туура жолу: Пассивдерди кескин азайтыш керек же болбосо активдердин санын кескин көбөйтүш керек.




Финансылык Сабаттуулук

Мен атайын муну 3 чү оорунга койдум. Анткени бул абдан маанилуу фактор. Кыргыздар өзүлөрүн жана үй-бүлөөсүн, балдарын финансылык жактан сабаттуу болууну үйрөтпөйт, тилекке каршы. Бул абдан чоң ката. Ал эми бүгүнкү күндө, финансылык жактан сабаттуу болуу бул абдан пайдалуу нерсе.

Дүйнөдөгү көп бай адамдар муну өз балдарына кичине кезинен эле үйрөтө баштайт. Финансылык жактан сабатуу болуу деген бул финансы же экономиканы окуганды билдирбейт. Бул деген сенин өзүңдүн жеке акчанды, өзүңдүн “актив” жана “пассивдериңди” кантип туура колдонуу, кантип экономдоо жана кантип инвестиция кылып, өстүрүүнү билгенди түшүндүрөт. Кредиттер, карыздар жөнүндө билүү. Алардын жаман жана жакшы жактарын билүү.
Негизи эле акчаны туура пайдалaнууну үйрөнүү бул финансылык сабаттуулук.

Кыргыздар кредитке абдан жеңил ойлуу мамиле кылып жатышат, менимче. Ал эми кредит жана карыздар бул жакырчылыкка тез эле киргизип салышы мүмкүн, аларды туура колдонгонду билбесе. Убагында карыз төлөй албай калган адамдар көп. Батышта банкрот боюнча мыйзамдар бар, ал эми КРда банкротмун десең деле, сен өз кредитиңди төлөп беришиң керек болот. Ушунун баарын адам жакшы билбесе, финансылык жактан ал жаман абалга түшүп калышы мүмкүн.

Мен эгер билим берүү министри болсом, анда “финансылык сабатуулук” деген сабакты биринчи класстан баштап эле киргизет элем. Экономикага инвестиция келбесе да, бирок эгер жалпы эл финансылык жактан сабаттуу болсо, анда элдин жашоосу кыйла жеңил болот. Жок дегенде чоң финансылык каталарды кылуудан көп адамдар алыс болмок.


Бул жакырчылыктын фактору, сенден көз каранды. Башкача айтканда, сен жалгыз бул проблеманы чече аласың, аракет кылсаң.


Мүмкүнчүлүк: КРда финансылык жактан сабаттуу адамдар аз болгону, бул кээ бир адамдарга мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Мисалы финансылык жактан сабаттуу адамдар, андай коомдо оңойураак байый алышат.
Дагы бир мүмкүнчүлүк бул – финансылык сабаттуулукту окутуу бизнеси. Кыска мөөнөттөгү курстарды ачып, акча жазаса болот. Анткени бул жалпы элге керек жана пайдалуу нерсе.





Финансылык Тартип

Бул жанагы эле финансылык сабаттуулука барып такалат. Финансылык сабатуу болуу, карыз, кредит жөнүндө, инвестициялар жөнүндө билүү бул бир нерсе, бирок аны жашоодо кармануу бул башка нерсе. Бул практика жүзүндө иш алып баруу. Мисалы кереги жок нерселерге акчаны кетирбей, “жаман карыздарды” кылбай, болбогон нерселерге эле кредит албоо. Экономия кылуу. Инвестиция кылаардан мурун, абдан жакшылап изилдөө.

Айына бир бюджет менен жашап жана ошол бюджеттен ашпаганга аракет кылуу. Финансылык тартип жактан, “кыкеңдер” аябай эле тартипсиз, менимче.
Бирок муну деле оңдосо болот.


Бул жакырчылыктын фактору, сенден көз каранды. Башкача айтканда, сен жалгыз бул проблеманы чече аласың, аракет кылсаң.







Инвестиция Кылуу

Дүйнөдө көп адамдар өзүнүн бизнеси аркылуу эмес, башка бирөөнүн бизнесине инвестиция кылуу аркылуу бай болушат.


Кыргыздар болсо, жалпысынан алганда, инвестиция кылбайт, кылса да өтө “хай риск” инвестицияларга же аз % берген инвестицияларды кылышат.
Акчаңды туура иштетпесең, анын баасы түшө берет инфляция үчүн. Инвестиция кылган негизи кооптуу, бирок инвестициялардын аз риск болгон түрлөрү да бар.
Негизи эле инвестиция кылган адамдар менен кылбаган адамдардын айрымасы чоң.


Чынында көп бай адамдар, башка компанияларга инвестиция кылышат.
Бул алардын “секрети” деп айтсак да болот. Бирок бай эмес, жөнөкөй адамдар деле кылса болот. Мисалы мен Марк Цукербе Закрбергтей акылдуу эмесмин, бирок мен эгер Фейсбуктун акцияларын сатып алсам, анда мен Фейсбукка инвестиция кылган болуп саналам жана Марк Закрберг мен үчүн да иштей баштайт.
Фейсбук өзүнүн жылына тапкан кирешесин, өзүнүн инвесторлору менен бөлүшүп турат, мен анын инвестору болгондуктан, Фейсбук мени менен да өз кирешесин бөлүшөт. Эгер Фейсбук акча таппай, акча жоготсо, анда мен да киреше албайм, менин инвестициямдын баасы да төмөндөйт.

Же мисалы мен Элон Илан Масктай акылдуу эмесмин, бирок эгер мен Теслага инвестиция кылсам, анда Илан Маск мен үчүн да иштей баштайт, анткени компаниянын жетекчиси, компаниянын инвесторлоруна акча табыш үчүн иштейт. Бирок инвестиция кылууда, жакшылап изилдеп, билиш керек. Кээ бир компаниялар сени абдан бай кылышы мүмкүн, a кээ бир начар компаниялар сенин инвестицияңды толугу менен жоготушу мүмкүн. Ар бир нерседе риск бар.


Мүмкүнчүлүк: Муну көп кыргыздар билишпейт, бирок кыргыз жарандары деле чоң чет элдик компаниялардын акцияларын сатып алып, аларга инвестиция кыла алышат. Болгону кийин кайра акцияларын сатып жатканда, ошол мамлекеттен налог төлөйсүң.



Yй-бүлөөнү Пландаштыруу

Кыргыздардын, өзгөчө көп айылдык жаштардын, бала жасаардан мурда, балдарын кандай шартта багабыз, аларга канча акча кетет, алар кандай билим алат, алардын окуусуна канча акча топтойбуз деп, алдын ала пландаштырбаганы бул туура эмес көрүнүш. Андай планы жок болгону, кийин чоң проблемаларды жарaтaт.

Бир эле өзүн кыйнабастан, балдарын да кыйнашат. Миграция күчөп, канча деген балдар, өз ата-энелерин көрбөй өсүп жатышат?

Баласына жакшы тамак, жакшы медицина, жакшы билим бере албаса, анда 5-6 бала кылып өзүн, ата-энелерин жана балдарын кынабаса болот эле. Күтүүсүз чыгашалар же балдары бир нерсе болуп ооруп, аларга өз убагында акча таппай калса, ал адам тез карызга батып, жакырчылыкка батып калышы да мүмкүн.

Бул жакырчылыктын фактору, сенден көз каранды. Башкача айтканда, сен жалгыз бул проблеманы чече аласың, аракет кылсаң.





Бизнес Риск


Көп адамдар бизнес кылсам эле байып кетем деп ойлойт. Бул чоң жаңылыштык. Көп адамдардын бизнес кылууга шыгы болсо да, капиталы, билими же башка ресурстары жетпей калышы мүмкүн. Шыгы жана капиталы болуп туруп, туура эмес убакытта бизнес кылса, ал бизнеси банкротко учурашы да толук мүмкүн.
Факторлор аябай эле көп. Азыр бизнес кылуу деген мода болуп, анан баары эле бизнес кылыш керек деп айтышат.

Мен тескери кеңеш берет элем – бизнес кылбагыла деп. Эгерде өзүңөрдү чын ишкер деп сезсеңер эле жана бизнестен башка жол аркылуу акча таптакыр таба албаймын деп ойлосоңор, ошондо гана бизнес кылгыла. Антпесе бизнес ачам деп, кредит алып, банкрот болгондор аябай көп. Бизнес аркылуу байым деп, тескерисинче, жакырчылыкка кирип кеткендер да аз эмес. Ошондуктан бул факторду да эске алыш керек.

Бизнести баштасаңар, анда аз акча талап кылчу бизнес баштап көргүлө.



“Экстремалдык Фонд”

Жашоодо ар кандай, күтүүсүз же жаман окуялар болуп калышы мүмкүн. Ошондой убакта, “тез акча” сенин же сага жакын адамдын жашоосун сактап калышы мүмкүн. Андай сени тез куткарчу “тез акчаң” жок болсо, анда анын аягы жаман бүтүшү мүмкүн. Ошондуктан “экстремалдык” учурларга өзүнчө бир акча пландаштырып койгон туура нерсе. Анткени андай учурларда, сенин досторуң же жакындарың да сага жардам бере албай калса, анда иш жаман бүтөт.

Мисалы балаңа же өзүңө тез операцияга акча керек болсо, бирок сенде ага запас акчаң жок болсо, анда бул трагедияга алып келиши толук мүмкүн.
Бизде азырынча медстрахование деген нерсе жок да. Сен чоң % менен кредит алганга мажбур болосуң, эгер убагында толоп бере албасаң, ал сени жакырчылыкка алып келет. Ал эми эч ким сага кредит бербесе, анда эмне кыласың?

Ошондуктан башка бирөөгө ишенбей, өзүңө эле ишенип, ошондой бир “фонд” түзүп койгон бул жакшы идея. Aнткени андай фонд жок болсо, адам тез жакырчылыкка кирип кетиши да мүмкүн.

Бул жакырчылыктын фактору, сенден көз каранды. Башкача айтканда, сен жалгыз бул проблеманы чече аласың, аракет кылсаң.


Экономия Жок

Акчанын баркын баары эле билбейт. Акчаны өзгөчө чачкандар байлар эмес, көп учурда колунда жоктор акчаны аябай чачышат.
Алардын колуна кичине эле акча түшсө, аны бат чачып, ар кандай “понтторго” кетирип салышат. Анан кайра эле акчасы жок отуруп калат, жашоосун, бийликти же башкаларды күнөөлөп. Баары эмес албетте, бирок ошондой адамдар көп кездешет кыргыздардын арасында. Экономия кылган жакшы нерсе.

Мен таптакыр эле сараң болуп, бир тыйын кетирбе дегеним жок, болгону акчаны туура, рационалдуу сарптаган бул пайдалуу өнөр. Жакырчылыктан сактайт.
Анан туура нерселерге корото баштайсың акчаңды. Мисалы мен жакшы тамакка эч качан экономия кылбайм. Каалган тамак сатып алам, каалаган ресторанда.
Aр дайым пайдалуу гана тамак жейм. Бирок ошол эле мезгилде, мен башка нерселерге кетирчү акчаны, экономия кылганды жакшы көрөм.

Кереги жок нерселерге акчаны кетирбейм. Ар кандай болбогон тойлорго, мен өзүм сыйлабаган адамдар чакырса, эч качан барбайм, убакытымды кетирип. Мен өзүм баалуу эмес деп санаган нерселерге акча короткум келбейт. Ошондуктан башка, керектүү жана пайдалуу нерселерге акчаны оңой эле кетирем.

Бул жакырчылыктын фактору, сенден көз каранды. Башкача айтканда, сен жалгыз бул проблеманы чече аласың, аракет кылсаң.






Эмгек Этикасы

Ар бир чет мамлекетте, өзгөчө капиталисттик мамлекеттерде жашаган кыргыздар муну жакшы билишет. Кыргызстандагы бизнестер жана жумушчулар менен өнүккөн капиталисттик өлкөдөгү жумушчулардын чоң бир айрымасы – “эмгектин эффективдүүлүгү”. Бул көбүрөөк жумуш аткарууга жакшы шарттар жана технологиялар түзүлгөнүнө байланыштуу. Бул жактан, КРдагы жумушчуларды күнөөлөө туура эмес болуп калат.

Бирок дагы бир жагы бул “эмгек этикасы”. Бош отурган адамдарды абдан жаман көрөт Батыштын көп өлкөлөрүндө, ошондуктан андайларды тез кетирет жумуштан. Иштегенде, катуу иштегендерди баалашат. “Эмгек аркылуу бай болуу” бул деген христиандардын протестандык агымына жакын идея.
Бул аларда өзгөчө кеңири жайылган концепция. Эгер эмгекчил болсоң, анда бай болгонго жеңил болот деп айтышат.

КРда болсо шашпай иш жасаганды жакшы көрүшөт. Кээ бир жерлерде шашпай 1-2 саатык перерыв да болот күн сайын:).
Менимче кыргыздар мисалы америкалыктардай же немистердей катуу иштесе, анда экономика да тез өсөт эле. Анткени “эмкектин эффективдүүлүгү” экономикага түз таасир берет.
Жакырчылыктан алыс болуунун бир чын жолу бар – бул эмгекчил болуу. Мен ушуга 100% ишенем.
Эмгекчил адамдар ар дайым эле бай боло албайт, бирок менимче 99% учурда эмгекчил адамдар жакырчылыктан чыга алышат.
Жок дегенде орто класс боло алышат, жок дегенде ачкадан өлбөйт.


Бул жакырчылыктын фактору, сенден көз каранды. Башкача айтканда, сен жалгыз бул проблеманы чече аласың, аракет кылсаң.




Ден соолук

Ден соолук – адамдын эң негизги байлыгы. Адам миллиард доллар тапса да, бирок рак болуп ооруп, аны доктур бир айда өлөсүң деп айтса, анда ага ал миллиарддын да кереги жок болуп калат. Эгер адамдын ден соолугу тез начаралап кетсе, анда ал иштей албай калат, бул анын экономикалык абалын тез бузат.

Жаман ден соолук, жаман экономикалык абалга алып барат, эгерде активдериң жок болсо. Эгерде адам катуу ооруп, бирок ага керектүү дары абдан кымбат турса, өзүндө да ал дарыларга акча жок болсо, анда ал бир эле өзүн эмес, туугандарын, жакындарын да экономикалык жактан оор абалга коёт.
Жакырчылыкка да алып келиши мүмкүн. Көп кыргыздарды мен азыр социалдык тармактарда акча сурап жатканын байкап жатам. Көбүнчөсү так ушул начар ден соолукка байланышкан учурлар экен.


Чечүү жолу: Чың ден соолук – эң негизги байлык. Ден соолугуң начарласа, сен акча тапмак турсун, башкалардан акча алып, аларга жүк болуп калышың мүмкүн. Ошондуктан “өз ден соолугуңа инвестиция” кылып, аны жакшы формада кармап турган – туура стратегия жана сени жана туугандарыңды жакырчылыктан же оор экономикалык абалдан сакташы мүмкүн.


Мына ушул факторлор, менимче, эгер аларга туура эмес мамиле кылса, алар жакырчылыкка алып барат. Бирок аларга туура мамиле кылса, анда байлык болбосо да, жок дегенде, жакшы жашоо стандарттарына алып барат.




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   progresskg   10 Июнь 2017 - 10:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 71
  • Катталган: 01 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 31 Авг 2018 19:54
  • Жынысы:Эркек

Кайсыл партия элдин салыгына жашаганды жакшы көрөт? 8-июнда ЖК депутаттар өздөрү үчүн артыкчылыктарды жокко чыгарууга багытталган мыйзам боюнча добуш беришиптир. Бул мыйзам долбоору “Республика – Ата Журт” фракциясы тарабынан иштелип чыгылган экен.
Бирок биздин “сүйүктүү депутаттарыбыз” бул мыйзам долбоорун колдошкон жок. Кайсыл партиялар ага каршы добуш берди?
СДПК жана башка партиялар буга каршы болсо, Республика – Ата Журттун депуттары толугу менен колдошуптур.

Артыкчылыктан (кызматтык унаа, турак жай жана жардамчы) баш тарканга “каршы” добуш бергендер: КСДП – 33, “Республика – Ата Журт” – 0, “Кыргызстан” – 17, “Өнүгүү-Прогресс” -12, “Бир Бол” – 11, “Ата Мекен” – 1 депутат.
Сүрөт
Сүрөт
Артыкчылыктан баш тартууга “макул” деп добуш бергендер: КСДП – 4, “Республика- Ата Журт” – 25, “Кыргызстан” – 0, “Өнүгүү-Прогресс” – 0, “Бир Бол” – 0, “Ата Мекен” – 6 депутат.
Акты ак, караны кара деп айтыш керек. Республика партиясы, СДПК жана башка партияларга караганда кыйла эле өйдө турат экен деп ойлоп калдым:)
source: super.kg
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   izdeim.seni   10 Июнь 2017 - 21:37

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 814
  • Катталган: 04 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 07 Янв 2018 14:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Тынч токой

Акцияларды сатып алуу боюнча мурда тушунбойт болчум. Аны кантип сатып алабыз мисалга фейсбукка кирип кайсыл ссылка аркылуу киребиз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   progresskg   19 Июнь 2017 - 12:53

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 71
  • Катталган: 01 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 31 Авг 2018 19:54
  • Жынысы:Эркек

Сөз Эркиндиги


Сүрөт

Сөз Эркиндиги - Кыргыз коомуна таандуу баалуулук

Акыркы жылдары Батыш өлкөлөрү жана өзгөчө АКШ, сөз эркиндиги боюнча башка өлкөлөргө, башка коомдорго лекция окуп келишкен. Кыргызстанды да критика кылып келген.
Бирок сөз эркиндиги деген бул бир эле Батышка же Америкага тиешелүү концепция эмес, кыргыздар илгертеден бери эле аны колдонуп келишкен. Сөз Эркиндиги - Кыргыз коомуна таандуу баалуулук.

* Баш кесмек бар, тил кесмек жок * деген акыл сөз, кыргыз коомундагы сөз эркиндигин жана анын оордун так түш үнд үр өт.
Эмкиде чет элдик либералдар, сөз эркиндиги боюнча кыргыздарды критика кылганда, биз аларга караганда бул сөз эркиндигин илгертен бери эле колдонуп келе жатканыбызды эскертип койгула:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 03 Сен 2025 12:14

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: