Суперстан: К.Абылов: "Эгерде ошол убакта Чубак ажы болгондо, биздин ата-бабалар Чубактын чучугун чубап салышмак!" - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

К.Абылов: "Эгерде ошол убакта Чубак ажы болгондо, биздин ата-бабалар Чубактын чучугун чубап салышмак!"

#41 Пользователь офлайн   Piligrim   02 Август 2017 - 17:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 191
  • Катталган: 13 Август 12
  • Соңку аракети: 15 Авг 2018 00:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Мен учун экоотен- куудул.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   no.comment   02 Август 2017 - 17:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 375
  • Катталган: 19 Апрель 13
  • Соңку аракети: 31 Авг 2020 23:51
  • Жынысы:Эркек

clay (01 Август 2017 - 17:07) жазган:

Бугун 1-августа Кумондор Абылов фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

" Урматтуу туугандар! Урматтуу өзүн чын мусулман эсептеген Кудайдын кулу, Мухамметин үмөтү болгон туугандарым! Сиздерге, сиздерден акылдуу болбосом да, ушул оюмду айтууну эп көрдүм. Жактырасыңарбы, жактырбайсыңарбы, ал силердин иш. Алтындай убактыңарды алгандыгым үчүн, алдына ала кечирим сурайм!
Макул кечирели.


Мусулман дини бизге кегенден бери, азыркы убакка чейин мусулман экенибиз албетте чындык. Ал жөнүндө кымындай да талаш жок. Бирок бир жагдайды эстеп көрөлүчү?... Мисалы: Менин ата-энем, сенин ата-энең, анын ата-энеси, баарыбыздын ата-энелерибиз, чоң ата, чоң-энелерибиз мусулман болушкан, туурабы? Туура!
Ооба. Бул чындык иншалла.


Чынын айтсак, ал убакта алар, канчалык чын дилинен мусулман болушса да, молдокелердин билими аз, элдин шариаттан азыркыдай маалыматы жок эле го?
Кептин баары мына ошондо болуп жатпайбы, Кукем! Озунуз жакшы билет экенсиз элдин диний сабаты анчалык жакшы болбогонун, анан дагы эмне эле нааразы болосуз Кумондор мырза!?


Чубак ажычылап, ал кезде, кыргыздын каада-салтына, кийимине, ырым-жырымдары: "Тушоо-кесүү" , "Келинди отко киргизүү" , мазарга сыйынуу, арбакка сыйынуу, өлгөн адамга өкүрүп келүү, шам жагууларга эч ким тыйуу салчу эмес да?...
Урматтуу Кумондор мырза, ага Чубак ажы тыюу салып жаткан жери жок айланайын Кукем! Ал ырымдарга Аллах тыюу салып жатат, Аллах! "Сыйынууга бир Аллах татыктуу, Менден башкага сыйынбагыла" ,-деп кайра-кайра Куранда айтып жатат! А Чубак ажы Аллахтын окумдорун бизге туура жана так кылып жеткирууго аракет кылып жатат, анын боллгон айыбы ошол болуп жатат.

Андан да, кыз баланы тогуз жашында күйөөгө берсе болоорун, төрт аял алса болоорун, аялың жакпаса талак айтып, кайын эжеңе, же балдызыңа, же кайненеңе үйлөнүп алсаң болоорун, жети атага чейин эле бир туугандын балдары бири-бирине үйлөнсө болоорун эч ким үгүттөгөн эмес да?...
Талак - Аллахтын озу адал кылган амалдарынын эн жийиркеничтуусу. Нике, никеге бекитуунун жашы жана талак маселелери тууралуу бул жерде олтуруп алып, бир жактуу пикир калтыруу менен акыйкат такталбайт. Бул нерселер да Курандын окуму, Чубак ажыныкы эмес.

Улуттук кийимиңди селдеге, дамбалга, аялдардын көйнөгүнө эч ким алмаштырган эмес да? Же мен калп айтып жатамынбы? Эгерде ошол убакта Чубак ажы болгондо, биздин ата-бабалар Чубактын чучугун чубап салышмак! Ушул айткандардын баары кийинки эле он жылга жетпеген убакта чыкпадыбы? Мурда качан ушинтип, бири-бирибизге каршы чыкчу элек? Байлыкка жетпесек да, жакшы эле жашап жатпадык беле?
Кумондор мырза, хотя бы бир жолу чапан же чепкен кийип, калпак кийип концерттик номер алып бардыныз беле, башынан аягына чейин? Ушул пикирлерди жазып жатканда, башынызда калпак бар беле? Аялыныз уйдо же кочодо шокулочон журобу? Озгорууну озундон башта, деп коюшат эмеспи.

Селде, дамбалдар таблиг жамаатынын окулдору аркылуу келип, ошолор аркылуу тарап жатат, Чубак ажы аркылуу эмес.

"Кыргыз бойдон эле калалы, канга сиңип калган жакшы салттарыбызды унутпайлы, тилибизди бузбайлы, өзүбүздү өзүбүз чанбайлы" - дегендин эмнеси жаман? Анын кандай элди бузгандыгы бар?

Анын баары жакшы. Биз баарыбыз биргеликте ынтымакта болгондо гана алдыдагы кыйынчылыктарды женип, чон максаттарга жете алабыз. Ошону менен бирге эле кайсы салттарыбыз жакшы, кайсы салттарыбыз жакшы эмес, ошону да талдап иргеп алсак, эч ашыкча болбойт беле?

Ушунча болуп калды Кумондор мырза, адилеттуулук учун, кочодогу турса-майкачан эже-карындаштарыбызга да бир кайрылуу жасап коюнуз эми.

Ага эле эмне анча куйкаңар курушуп, тытынып, каргап-шилеп жатасыңар, туугандар? Же сийдик ичип жаткан кишини биз да мактап, баарыбыз анын артынан сийдик ичелиби?
Эми ар бир айтылган пикирдин чын-жалганы болот эмеспи. Андыктан туура пикир айтсаныз баарыбыз туура деп баш ийкеп кабыл алмакпыз да. "Сийдик ичелиби" - деп, кайдагы бир обу жок созду айтып, мисал келтирип жатсаныз ким анан сизди макул деп артыныздан ээрчисин. Же сийдик ич деп сизге бироо тануулады беле?

Койгулачы туугандар? Ар нерсенин да чеги болот да?..."
Ооба, Кумондор мырза. Ар нерсенин да чеги болот. Ошону менен бирге эле обу жок асылуунун да..


..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   no.comment   02 Август 2017 - 17:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 375
  • Катталган: 19 Апрель 13
  • Соңку аракети: 31 Авг 2020 23:51
  • Жынысы:Эркек

Piligrim (02 Август 2017 - 17:15) жазган:

Мен учун экоотен- куудул.



"Куудулдун коздору, баарын куудул кылып корсотот" ,- деп айтып калышчу эле илгери.
..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   tahircan   02 Август 2017 - 18:16

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 07 Март 07
  • Соңку аракети: 19 Окт 2018 16:06
  • Жынысы:Эркек

no.comment , кыскасы, "гап йок" ;)
Им-пич- мееееент!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   kelemdedin   02 Август 2017 - 19:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 209
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 15 Июл 2020 10:19

Чубак ажы ким да куудул ким?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   Nurdoolot94   02 Август 2017 - 19:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 877
  • Катталган: 02 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 11 Авг 2025 02:59

No.comment жооп эмес бекен!!!

Билдирүүнү түзөткөн: Nurdoolot94: 02 Август 2017 - 19:14

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   CEO   02 Август 2017 - 23:17

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 280
  • Катталган: 16 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Ноя 2017 17:07

Сен но коммент, атын айтып тургандай эле пайдалуу комментин жок окшойт, капа болбо, оз пикиримди айтканыма... Эми мен да сенин стилинде жазгандарынды талдап отойун:


Кайрылуунуздун мага тиешеси болбосо да, кээ бир учурлар учун жооп берип откум келди.

Кечоо 2 катын алуу темасын котордунуз, бирок мындагы форумчулардын 80-90%ти сиздин оюнузга каршы чыкты, же озунуз келип биздин талкууга катышпадыныз же шакирттериниз ондуу пикир жаза алышпады...
Негизи, 2 же андан кобуроок аял алуу, Чыбак ажыдан чыккан пикир эмес. Бул ошол мезгилге карата жана айрым бир шарттарга карата мусулмандарга тушурулгон Аллахтын буйругу, а балким кандайдыр бир денгээлдеги женилдик шарты болгон. Чубак ажы "тут не при чем". Бул амалдын башаты, Аллах жана анын элчиси С.А.В. болгон. Аны унутпоо керек.

Эми кулак сал, 2 аял алуу идеясы кимдин идеясы, пайгамбардыкыбы же жокпу деп талашып жаткан эч ким жок, 2 АЯЛ АЛУУ ТЕМАСЫН КОТОРДУНУЗ деп жазылыптыр, жакында Чубак ажы, Озубек ажы ж.б.катышып ушул теманы которуп чыгып талкуулашкан конференция, жыйындан кабарын болгондо, башкысы создун маанисин туура тушунгонундо ар нерсени айтып доорумок эмессин...



Союзду куноолой бергенди токтоткула. Сиз азыркы жаштардан айырмаланып Союздун нанын жеп, ал коомдогу адамдардын жашоосун, пейилин коруп калдыныз. Ал убакта адамдардын копчулугу намазга жыгылбаганы менен, пейли кенен, ак конул калк эле...

Туура пикир, биз бардык нерсени акыйкат коз караш менен карап баалай билгенибиз туура болот. Союздун адамдары андан мурунку муундун тарбиясын алган адамдар эле. А Союздан мурунку адамдар кимдер эле? Демек ошол адамдардын эмгегинин натыйжасы.


Союз канча жыл окум сурду, кабарын барбы?!! 70 жылдан ашуун убакыт аралыгында бир нече муун алмашты. Алардын тарбиясына Союзга чейинки кыргыз элинин дуйно таанымы, тушунугу, тарбиясы таасир этиши мумкун, анда эмнеге мындан 150 жыл илгеркилер, 50-60 жыл илгеркилер жакшы да, учурдагы адамдардын тарбиясы, ыйманы бузулуп кеткен?!! Учурда 70 жыл эмес 20-25 жылда эле биз кыргыздар кансэчалык озгоруп кеттик?!! Ылдыйкы комментинде жазып жатасын, капитализм, демократия, интернет айыпталуу деп... Демек адамдардын жакшы же жаман болуусуна алар жашаган заман, коомдун туздон туз тиешеси бар экенин, капитализмде же социализмде жашоонун асман менен жердей айырмасы бар экенин озун мойнуна алып отурасын...



Азыр кадам сайын мечит-медресе, диний аалымдар теле-радио, гезит, интернет менен элге уну жетип турган убак. Намазга жыгылгандар коп. Ошондой болсо да элдин пейили мурдагыдай эмес, азыр намаз окуганы да, окубаганы да алсам-жулсам деп озун гана ойлоп калган убак...
Мунунуз да туура пикир. Бугунку кундун жаштары кечээги муундун тарбиясын алган жаштар эмеспи? Эгер алар, сиз мактагандай даражадагы тарбиялуу, ыймандуу, билимдуу болушканда, ошол Союздан калган завод-фабрикаларды уурдап, тоноп, тыптыйпыл кылып сатып, бузуп жок кылышпаган болот эле да. Мен туулуп, эс тартып эле, алдым-жуттум, уурдамай, тоноп кетмей, тааныш аркылуу баарын бутурмой коомду кордум(92-98жж). Мен билгенден ал кезде, адамдар намаз эмес, келимени аран билишчу. Даават эмес, мечитке барып намаз окумай деле жок болчу. Арабдар да эч нерсени бизге тануулаган эмес.

Учурдагы кыргыз коомчулугунун абалына оз таасирин тийгизип жаткан факторлордун эн кучтуусу, капитализм(базар экономикасы), демократия(типа билгенинди кыл), интернет.
Каада-салт, диний угут-насаат иштери ж.б. салыштырмалуу абдан эле алсыз.

Биринчиден эгемендик жылдарында ар кайсы олко оз баалуулуктарын бизге тануулаганын тануу акылсыздык. Ошол эле Аиерика баш болгон Батыш олколору оз маланиятын, демократия деген ыплас баалуулуктарын бизге танууласа, турктор оз таасирин жайылтууна аракет кылды, арабдар оз таасирин... Жер-жерлерде арабдардын демоорчулугу менен мечит-медреселер курулуп, араб маданиятына баш-оту менен кирип аны башкаларга тануулагандар кобойду.

Ал эми жогорку пикирде "СОЮЗ УБАГЫНДА МЕЧИТ-МЕДРЕСЕ ОТО АЗ БОЛУР, НАМАЗГА ЖЫГЫЛГАН ЭЛ АЗ БОЛГОНУ МЕНЕН ЭЛ ЫЙМАНДУУ, ПЕЙИЛИ КЕНЕН БОЛУУЧУ. УЧУРДА КАДАМ САЙЫН МЕЧИТ-МЕДРЕСЕ КУРУЛУП, ААЛЫМДАРДЫН ЭЛГЕ КАЙРЫЛУУЛАРЫ ЭЛГЕ КЕНИРИ ЖЕТИП, ЭЛДИН КОПЧУЛУГУ НАМАЗГА ЖЫГЫЛГАН МЕНЕН ЭЛДЕН ЫЙМАН КЕТИП, БААРЫ ЭЛЕ ОЗУН ОЙЛОП КАЛГАН УЧУР. ЭМНЕГЕ МЫНДАЙ ТЕСКЕРИ ЭФФЕКТ БОЛУУДА?!" деп жазылыптыр. А сен адатынча туура тушунбой, тоо десе бээ деп жооп жазып коюпсун...



Ошондуктан бир нерсени каралап жамандоодон мурун ак-караны айрып тааный журсок.
Ии, мына эми озунузго келдиниз. Ошондуктан намазга же намаз окугандарга асылуудан алгач, "бузулуунун башаты" кайсы мезгил болгон, ошону тактоо керек. Андан сон гана ак-караны айрып таанууга болот.

Бузулуунун башаты ошол Союздун акыркы, эгемендиктин башаты болгон жылдар...



Жалгыз намаз окуу менен адам онолуп кетпейт, журогу таза болбосо, адам биринчи журогун тазалоосу керек...
Бул пикириниз да туура. Адам болуу учун бир гана намаз окуунун озу жетишсиз.

Сиз Ленин атабыз тууралуу дин аалымына жарашкыс пикир айткансыз, адашпасам Манас атабыз тууралуу да...
Чындыгында алар тууралуу кандай пикир калтырганын билбейт экенмин, ошондуктан бир нерсе деп айта албайм.
Мына сиз элди ыйман жолуна тартуу учун коп эмгектенип жатасыз, ал эми Ленин атабыз мусулман эмес, атеист болсо да, кыргыз эли учун сизден коп соопчулук иш кылганын негедир мойнунузга алгыныз келбейт.
Соопчулук иш бул - Аллахтын ыраазычылыгы учун, Аллах жана Анын элчиси буюрган амалдарды аткаруу болуп саналат. Аллахтын ыраазычылыгы учун болгондо гана - ал иш соопчулук болуп саналат. А В.И. Лениндин кылган иштери биздин келечегибиз учун, биздин олкобуз учун эн чон жакшылык, эн чон бурулуш болгон. Аны моюнга алып, ыраазы болбогон адам мусулман болуп деле кыйратпайт(жеке пикирим). Ошентсе да соопчулук менен башка бир жакшы амалдын айырмасын билип алсаныз сизге да ашыкча болбос.

Бул жерде соопчулук жакшылык деген мааниде жазылыптыр. Сен жакшылык деп алмаштырып окуп кете бер улантып...


Эгер ал адам болбогондо ким билет бугун Кыргызстан деген мамлекет болот беле же жокпу, Сиз менен Биз торолуп бугункудой алым-сабак айтышып отурат белек?!! Балким айтаарсыз, Алланын амири менен болгон баары деп?! Туура, Алланын амири менен болгон, бирок Алланын тандоосу ошол кишиге тушуп, ошол киши биздин бугунку кунго жетишибизге себепкер болуп отурат Алланын окумун аткарып.
Жогоруда калтырган ойлорунуз аралаш болуп кеткендиктен, айрымдарына кошулсам, айрымдарына кошулбайм. Бирок Алланын окумун аткарып, деген пикириниз анчейин чындыкка дал келе бербейт.


Дуйнодо бардык нерсе Алла Тааланын амири менен болот деп коет. Согуш болобу же сел журобу тегин жерден болбойт деп айтылат. Эгер Ленин кыргыз элине ат которгус жакшылык кылса, демек бул нерсе анын тагдырына жазылган экен деп тушун!!!

Сиз да Алланын амири, тандоосу менен бул даражага жетип, чон диний аалым болуп, бизди он жолго баштап отурасыз... Бирок ошол он жолдо баратып пендечилигинизге алып, туура эмес пикир айтып же иш жасап койгон учурларынызды мойнунузга алганды уйронунуз...
Бул боюнча Чубак ажы озу жооп бергени дурус болот...
[/quote]


Кыскасы теманы тушунуп-тушунбой пикир калтыруудан алдын кайра кайра, тушунгучо окуп чыкпаптырсын. .. Болбосо пикирлерин маанисиз "no comment" болуп калат экен....

Билдирүүнү түзөткөн: CEO: 02 Август 2017 - 23:32

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   CEO   02 Август 2017 - 23:45

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 280
  • Катталган: 16 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Ноя 2017 17:07

[quote name='no.comment' date='02 Август 2017 - 17:17' timestamp='1501672643' post='3496305' ]
Андан да, кыз баланы тогуз жашында күйөөгө берсе болоорун, төрт аял алса болоорун, аялың жакпаса талак айтып, кайын эжеңе, же балдызыңа, же кайненеңе үйлөнүп алсаң болоорун, жети атага чейин эле бир туугандын балдары бири-бирине үйлөнсө болоорун эч ким үгүттөгөн эмес да?...
Талак - Аллахтын озу адал кылган амалдарынын эн жийиркеничтуусу. Нике, никеге бекитуунун жашы жана талак маселелери тууралуу бул жерде олтуруп алып, бир жактуу пикир калтыруу менен акыйкат такталбайт. Бул нерселер да Курандын окуму, Чубак ажыныкы эмес.


Селде, дамбалдар таблиг жамаатынын окулдору аркылуу келип, ошолор аркылуу тарап жатат, Чубак ажы аркылуу эмес.


"Кыргыз бойдон эле калалы, канга сиңип калган жакшы салттарыбызды унутпайлы, тилибизди бузбайлы, өзүбүздү өзүбүз чанбайлы" - дегендин эмнеси жаман? Анын кандай элди бузгандыгы бар?

Анын баары жакшы. Биз баарыбыз биргеликте ынтымакта болгондо гана алдыдагы кыйынчылыктарды женип, чон максаттарга жете алабыз. Ошону менен бирге эле кайсы салттарыбыз жакшы, кайсы салттарыбыз жакшы эмес, ошону да талдап иргеп алсак, эч ашыкча болбойт беле?


______________________________

Эми Кумондор байке айткан кызды эрте турмушка узатуу кыргыз элинде болуп келген, 9 жашында болбосо да 12-14 жашында. Ислам дининде кызды балакатка жеткенде турмушка узатса болот дешет. Ошол балакатка жеткен жашы талашка тушуп жатат. Эн эле туурасы жаштарды 17 жашка чейин баш кошууга тыю салган мыйзам диндеги окумго салыштырмалуу кобурок адилеттуу... Ал эми талак маселеси учурдун койгойлуу маселесине бизде айлана элек болгону менен коншу олколордо бир топ койгой жаратканы айтылып журот...

Ал эми каада-салтты иргей турган болсок жакшы-жаман деп сорттоп, диндеги окумдорду да сорттоону талап кылгандар табылсачы... Мисалы эркек киши 2 же андан ашык аялга уйлонуу маселесине бугун коомчулуктун копчулугу терс коз карашта...

Билдирүүнү түзөткөн: CEO: 02 Август 2017 - 23:54

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   Linkin.   03 Август 2017 - 01:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 175
  • Катталган: 13 Февраль 17
  • Соңку аракети: 05 Авг 2019 14:31

Ит уро берет кербен журо берет. Талкууга арзыбайт турган тема экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   no.comment   03 Август 2017 - 02:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 375
  • Катталган: 19 Апрель 13
  • Соңку аракети: 31 Авг 2020 23:51
  • Жынысы:Эркек

CEO (02 Август 2017 - 23:17) жазган:

Сен но коммент, атын айтып тургандай эле пайдалуу комментин жок окшойт, капа болбо, оз пикиримди айтканыма... Эми мен да сенин стилинде жазгандарынды талдап отойун:

Башкы бетте Атай9292 мырзанын, сенин башкага айткан жакшы созун анын ошол созго татыктуулугу эмес, сенин даражандын ошондой бийиктигинен кабар берет, деген сыяктуу билдируусуно козум чалып калды эле. Соз торкунун тушундунуз деп ойлойм, андыктан мага карата туура же туура эмес сын пикириниз менин эмес, сиздин денгээлиниздин корсоткучу.

Эми кулак сал, 2 аял алуу идеясы кимдин идеясы, пайгамбардыкыбы же жокпу деп талашып жаткан эч ким жок, 2 АЯЛ АЛУУ ТЕМАСЫН КОТОРДУНУЗ деп жазылыптыр, жакында Чубак ажы, Озубек ажы ж.б.катышып ушул теманы которуп чыгып талкуулашкан конференция, жыйындан кабарын болгондо, башкысы создун маанисин туура тушунгонундо ар нерсени айтып доорумок эмессин...

Пайгамбар С.А.В. корсоткон амалда созсуз турдо пайда болот, бир эмес бир нече. Андыктан эки аял алуу темасын Чубак ажы которобу же башкасыбы, аны "катуу" сынга алып, резонанс жаратуунун кажети жок.

Союз канча жыл окум сурду, кабарын барбы?!!
Кабарым бар, СССР 1917-жылы 9-ноябрда тузулуп, 1991-жылы 31-августта кулаган(бизде). Алгачкы Совет бийлиги Талас жергесинде орногону, ошондой эле алгачкы Ислам дини да дал ошол Талас ороонуно келгенинен да кабарым бар.

70 жылдан ашуун убакыт аралыгында бир нече муун алмашты. Алардын тарбиясына Союзга чейинки кыргыз элинин дуйно таанымы, тушунугу, тарбиясы таасир этиши мумкун, анда эмнеге мындан 150 жыл илгеркилер, 50-60 жыл илгеркилер жакшы да, учурдагы адамдардын тарбиясы, ыйманы бузулуп кеткен?!!
Дал ошол нерсени мен сизге баса белгилеп айтып оттум СЕО мырза. "Союз учурунда адамдар жакшы болчу, ыймандуу болчу, пейили кенен болчу" - деп айтып жатышат, демек ошол мезгилдин адамдары андан мурунку муундун тарбиясын алган. А эгемендуулуктун алгачкы жылдарындагы муун, андан мурунку, тагыраагы Союз муунунун тарбиясын алгандар. Эгемендуулуктун алгачкы жылдарындагы аркечтик доор, уурдамай, малекеттик мулкту болуп жок кылгандар, СССРден калган бардык жумушчу орундарды тыптыйпыл кылган муун, элин чачып, туш тарапка таркаткандар да дал ошол Союздан тарбия алган муун болуп жатпайбы?! ? Же кайчылаш пикириниз барбы бул нерсеге? Арабдардын бизге келиши мындай турсун, бизди каафир деп таанышчу, дамбалчан дааватчылардын да изи жок эле, Чубак ажы чыбыктан ат жасап алып минип жургон кези эле, намазды кошуна айылдагы молдодон башка эч ким окучу эмес. Так ошол мезгилде олконун келечегине чон балта чабылып, дал ошол мезгил ыймандын, ырыстын кетип турган мезгили болгон. Кайра куруу, приватташтыруу, демократия деген коомго пайдадан коро кобуроок зыян алып келген демилгелердин баары диний эмес, атеист адамдардын демилгеси болгон. Же калппы? Ал нерселерге арабдардын эмне куноосу бар?

Учурда 70 жыл эмес 20-25 жылда эле биз кыргыздар канчалык озгоруп кеттик?!!
Бишкекте болсонуз, мечиттерге кирип корунуз(жумадан башка кундору), канча адам чогулду, анан чыгып кафе, бар, ночной клуб, бильярд, букмекерлерге барып корунуз канча адам чогулду? Анан кимдин же эмненин таасири кучтуу болот?

Ылдыйкы комментинде жазып жатасын, капитализм, демократия, интернет айыпталуу деп...
Айыптуу деп айткан жокмун, таасири чон дедим. Айып менен таасирдин айырмасы чон.

Демек адамдардын жакшы же жаман болуусуна алар жашаган заман, коомдун туздон туз тиешеси бар экенин, капитализмде же социализмде жашоонун асман менен жердей айырмасы бар экенин озун мойнуна алып отурасын...
Мен аны мойнума алгыдай анын таасирин четке каккан жокмун башынан эле. Асман менен жердей айырмасы деле жок, бузукулуктун башатын социализмдин идеяларына сугарылган муун баштап берсе, уландысын капитализмдин муундары(бул коомдун бардык окулдорун камтыйт) кылып жатат. Сиз "шилекейиниз агып мактаган" Союздун муунунун кылган кылыктарын жогоруда айтып оттум.

Дуйнодо бардык нерсе Алла Тааланын амири менен болот деп коет. Согуш болобу же сел журобу тегин жерден болбойт деп айтылат. Эгер Ленин кыргыз элине ат которгус жакшылык кылса, демек бул нерсе анын тагдырына жазылган экен деп тушун!!!
Лениндин, Сталиндин, Томас Эдисондун же башка бир атеисттин кылган жакшылыгын баалай билбеген мусулман, мусулман болуп деле жарытпайт деп айтып откон элем жогоруда. Аны мага тушундуруунун эч зарылчылыгы жок болчу.

Кыскасы теманы тушунуп-тушунбой пикир калтыруудан алдын кайра кайра, тушунгучо окуп чыкпаптырсын. .. Болбосо пикирлерин маанисиз "no comment" болуп калат экен....
Адам озунун оппонентин женуу менен эмес, чындыкты моюнга алып, акыйкатты ачыкка чыгаруу менен гана жогорку денгээлдерге жете алат..

..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   CEO   03 Август 2017 - 02:16

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 280
  • Катталган: 16 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Ноя 2017 17:07

.

Билдирүүнү түзөткөн: CEO: 03 Август 2017 - 02:25

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   no.comment   03 Август 2017 - 02:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 375
  • Катталган: 19 Апрель 13
  • Соңку аракети: 31 Авг 2020 23:51
  • Жынысы:Эркек

CEO (02 Август 2017 - 23:45) жазган:

Ал эми каада-салтты иргей турган болсок жакшы-жаман деп сорттоп, диндеги окумдорду да сорттоону талап кылгандар табылсачы... Мисалы эркек киши 2 же андан ашык аялга уйлонуу маселесине бугун коомчулуктун копчулугу терс коз карашта...


Диндин окумдорун сорттоого болбойт, бирок анын окумдорун учуруна карата тандап алса болот. Эки же андан ашык аял алууга коомчулук терс коз карашта болсо, демек аны жон гана оз ордуна коюп коюу жетиштуу, тополон кылууга арзыбаган нерсе. Себеби, эки аял алуу - бул парз эмес, катуу суннот да эмес, макталган да амал эмес. Чынында бугунку куну биздин коом, бул нерсени кабыл алууга даяр эмес. Аны коомго тануулоонун деле пайдасы жок, эгер аны кабыл албай жаткан болсо.

Турк окмоту оз жарандарына, Сириядан качып барган, куйоосу жок аялдарды экинчи аял кылып алгандарга, акысыз батир берууну кабарлады. Ушундай учурлар учун эки аял алуу маселеси кобуроок актуалдуу болуп саналат.
..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   CEO   03 Август 2017 - 02:27

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 280
  • Катталган: 16 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Ноя 2017 17:07

no.comment (03 Август 2017 - 02:18) жазган:

Диндин окумдорун сорттоого болбойт, бирок анын окумдорун учуруна карата тандап алса болот. Эки же андан ашык аял алууга коомчулук терс коз карашта болсо, демек аны жон гана оз ордуна коюп коюу жетиштуу, тополон кылууга арзыбаган нерсе. Себеби, эки аял алуу - бул парз эмес, катуу суннот да эмес, макталган да амал эмес. Чынында бугунку куну биздин коом, бул нерсени кабыл алууга даяр эмес. Аны коомго тануулоонун деле пайдасы жок, эгер аны кабыл албай жаткан болсо.

Турк окмоту оз жарандарына, Сириядан качып барган, куйоосу жок аялдарды экинчи аял кылып алгандарга, акысыз батир берууну кабарлады. Ушундай учурлар учун эки аял алуу маселеси кобуроок актуалдуу болуп саналат.


Эми каада-салтты сорттоп иргесе болот да, диндин окумдорун сорттосо болбойт бекен?!! Мага койсо жиликтеп сорттоп беришим мумкун, бирок ага азырынча чоло жок, зарылчылык да жок....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   CEO   03 Август 2017 - 02:31

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 280
  • Катталган: 16 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Ноя 2017 17:07

[quote name='no.comment' date='03 Август 2017 - 02:18' timestamp='1501705127' post='3496567' ]
[i][b][color="#000080" ]Пайгамбар С.А.В. корсоткон амалда созсуз турдо пайда болот, бир эмес бир нече. Андыктан эки аял алуу темасын Чубак ажы которобу же башкасыбы, аны "катуу" сынга алып, резонанс жаратуунун кажети жок.

______________

Эми 2 аял алууну пайгамбар айтса айткан чыгаар, аны кабылдоо же кабылдабоо ар бир адамдын оз эрки. Ал эми Чубак ажы аалым башы менен кокуй кыргызда эркек азайып бара жатат деп калп айтып, 2 аял алуу темасын которуп чыкканы аалымга жарашпас жорук. Анан калса эл эмнеге 2 аял алууга каршы экенин билгин келсе, ошол темага от!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   no.comment   03 Август 2017 - 02:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 375
  • Катталган: 19 Апрель 13
  • Соңку аракети: 31 Авг 2020 23:51
  • Жынысы:Эркек

CEO (03 Август 2017 - 02:27) жазган:

Эми каада-салтты сорттоп иргесе болот да, диндин окумдорун сорттосо болбойт бекен?!! Мага койсо жиликтеп сорттоп беришим мумкун, бирок ага азырынча чоло жок, зарылчылык да жок....


Каада-салт адамдардын оздорунун ойлоп тапканы, ал эми дин Аллах Тааланын адамдарга тушургон окумдору болуп саналат. Андыктан каада-салт менен шариат окумдорун бир орунга алып чыгууга негиз жок.
..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   CEO   03 Август 2017 - 02:40

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 280
  • Катталган: 16 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Ноя 2017 17:07

no.comment (03 Август 2017 - 02:18) жазган:


Дал ошол нерсени мен сизге баса белгилеп айтып оттум СЕО мырза. "Союз учурунда адамдар жакшы болчу, ыймандуу болчу, пейили кенен болчу" - деп айтып жатышат, демек ошол мезгилдин адамдары андан мурунку муундун тарбиясын алган. А эгемендуулуктун алгачкы жылдарындагы муун, андан мурунку, тагыраагы Союз муунунун тарбиясын алгандар. Эгемендуулуктун алгачкы жылдарындагы аркечтик доор, уурдамай, малекеттик мулкту болуп жок кылгандар, СССРден калган бардык жумушчу орундарды тыптыйпыл кылган муун, элин чачып, туш тарапка таркаткандар да дал ошол Союздан тарбия алган муун болуп жатпайбы?! ? Же кайчылаш пикириниз барбы бул нерсеге? Арабдардын бизге келиши мындай турсун, бизди каафир деп таанышчу, дамбалчан дааватчылардын да изи жок эле, Чубак ажы чыбыктан ат жасап алып минип жургон кези эле, намазды кошуна айылдагы молдодон башка эч ким окучу эмес. Так ошол мезгилде олконун келечегине чон балта чабылып, дал ошол мезгил ыймандын, ырыстын кетип турган мезгили болгон. Кайра куруу, приватташтыруу, демократия деген коомго пайдадан коро кобуроок зыян алып келген демилгелердин баары диний эмес, атеист адамдардын демилгеси болгон. Же калппы? Ал нерселерге арабдардын эмне куноосу бар?



Чындыкты бурмалоого уста экенсин. Мен алыс кетпей 70-80-жж кыргыз элин айтып оттум. Эми 1917-жылдан 1877-87-жж чейин ортодо канча муун алмашты, же ошол чындыкты коргун келбей жатабы?!!

90-жж.башындагы менчиктештирууну карапайым калк же атеисттер эмес, бийлик башындагы бир ууч жепжутарлар уюштурган, алардын балдары-кыздары бугун бийликте отурат аталарынын жолун улап, элди тоноп... Менимче саясатты аксап тушунот окшойсун...

Мисалы ошол менчиктегтируудон кайсы карапайым адам пайда коруптур же менчиктештирели деп тош кагып чыгыптыр?! ! Палан завод, тукун фабрика менчиктештирилиптир деген кабарды гана укпаса, олбо жаным олбо деп, жумушсуздук куч алган оор жылдары ар бир карапайым уй-було оз кара жанын багуунун айласын таппай кыйналып жургон....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   CEO   03 Август 2017 - 02:50

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 280
  • Катталган: 16 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Ноя 2017 17:07

no.comment (03 Август 2017 - 02:34) жазган:

Бишкекте болсонуз, мечиттерге кирип корунуз(жумадан башка кундору), канча адам чогулду, анан чыгып кафе, бар, ночной клуб, бильярд, букмекерлерге барып корунуз канча адам чогулду? Анан кимдин же эмненин таасири кучтуу болот?


Илгери Кыргыздар аксакалдарын катуу сыйлаган дешет. Кечке жуук айыл четиндеги добочого эркектер кары-жашы чогулуп, карылар нарктуу кептерден кеп салып, насаат создор, санжыралар айтылып, жаштар ошолорду угуп оскон дейт... Бугун жаштар кафелеп журсо, молдо-имамдарды тоготпосо, кулак тошобосо, балким мечит-медреселердин санын кыскартуу керектир, элди ыйманга чакыра албаган сон...

Динди ыймандан жогору коесун, бирок тарыхта Амир Темир сыяктуу канчалаган падыша откон, Аравия, Персия, Осмон империясынан Бухара, Самарканд, Хива ж.б.хандыктарга чейин. Ошол падышалардын жанында коптогон диний аалым кенешчилери болгон. Ошол диний аалымдар заалим падышаларды адам олтуруудон тыя албаган сон, динди каада-салттан жогору кою канчалык туура, элге жарыгы тегиз тийбеген сон?!!....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   no.comment   03 Август 2017 - 02:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 375
  • Катталган: 19 Апрель 13
  • Соңку аракети: 31 Авг 2020 23:51
  • Жынысы:Эркек

CEO (03 Август 2017 - 02:40) жазган:

Чындыкты бурмалоого уста экенсин. Мен алыс кетпей 70-80-жж кыргыз элин айтып оттум. Эми 1917-жылдан 1877-87-жж чейин ортодо канча муун алмашты, же ошол чындыкты коргун келбей жатабы?!!

Кыргыз ССРинин адабият китептерин окуп чыксаныз, ошол доордогу кызыктуу алдым жуттумдардын омур баяндары менен таанышып чыгасыз. Жалпы баарысы эмес, ошол сыяктуу адамдар жетиштуу эле болгон.

90-жж.башындагы менчиктештирууну карапайым калк же атеисттер эмес, бийлик башындагы бир ууч жепжутарлар уюштурган, алардын балдары-кыздары бугун бийликте отурат аталарынын жолун улап, элди тоноп... Менимче саясатты аксап тушунот окшойсун...
Балким саясатты аксап тушуноттурмун, бирок "Алма шагынан алыс тушпойт", "элдин пейили кандай болсо, падышанын пейили да ошондой", - деген элибиздин нарктуу создоруно кулагыныз чалды беле?

Мисалы ошол менчиктештируудон кайсы карапайым адам пайда коруптур же менчиктештирели деп тош кагып чыгыптыр?! ! Палан завод, тукун фабрика менчиктештирилиптир деген кабарды гана укпаса, олбо жаным олбо деп, жумушсуздук куч алган оор жылдары ар бир карапайым уй-було оз кара жанын багуунун айласын таппай кыйналып жургон...
Карапайым дегенде кимди тушуносуз билбедим го, бирок мен жашаган чолкомдо жарытылуу завод-фабрика болбогону менен, андан калганын озубуздун эл эле талкалап, уурдап, ташып кеткен. Мисалы, мал фермаларын, универмаг, ПМК, сарай, садик сыяктуу окмоттук ишканаларды.



Билдирүүнү түзөткөн: no.comment: 03 Август 2017 - 02:55

..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   CEO   03 Август 2017 - 02:57

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 280
  • Катталган: 16 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Ноя 2017 17:07

no.comment (03 Август 2017 - 02:34) жазган:

Мен аны мойнума алгыдай анын таасирин четке каккан жокмун башынан эле. Асман менен жердей айырмасы деле жок, бузукулуктун башатын социализмдин идеяларына сугарылган муун баштап берсе, уландысын капитализмдин муундары(бул коомдун бардык окулдорун камтыйт) кылып жатат. Сиз "шилекейиниз агып мактаган" Союздун муунунун кылган кылыктарын жогоруда айтып оттум.


Союз убагында адамдар аз намаз окуп, арак ичкени менен пейли кенен, жан дуйносу таза болушкан...
Союз учурундагы экономиканын жетишкендиктерин санабай эле коеюн, Союз убагында олко ар жыл сайын алдыга кадам таштаса, акыркы 26 жылдан бери олко артка кадам таштоодо. Жада калса оз кучубуз менен, оз акчабызга жол курууга да дараметибиз жок... Азыр арак ичуу мындай турсун, коз корбогон; кулак укпаган жамандыктын баары болууда. Наркоман, гомосексуалист, педофил, сойку ж.б.санабай эле коеюн... Буларды азыркы муун мурунку муундан мурас алган деп калп айтып журбо адатынча.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   no.comment   03 Август 2017 - 03:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 375
  • Катталган: 19 Апрель 13
  • Соңку аракети: 31 Авг 2020 23:51
  • Жынысы:Эркек

CEO (03 Август 2017 - 02:50) жазган:


Илгери Кыргыздар аксакалдарын катуу сыйлаган дешет. Кечке жуук айыл четиндеги добочого эркектер кары-жашы чогулуп, карылар нарктуу кептерден кеп салып, насаат создор, санжыралар айтылып, жаштар ошолорду угуп оскон дейт...
Сыйласа сыйлагандыр, илгерки жаштардын дээрлик баары о дуйно сапар тартканын эске ала турган болсок, алар оз сыйынын акыбетин коруп жатышат. Аксакалды сыйлоо, улуу урмат кылуу жонундо толтура хадистер бар.

Бугун жаштар кафелеп журсо, молдо-имамдарды тоготпосо, кулак тошобосо, балким мечит-медреселердин санын кыскартуу керектир, элди ыйманга чакыра албаган сон...
Бугунку жаштардын кафелеп журушу, бул капитализмдин таасиринин кучтуулугу жана ошондой эле бугунку "глобалдашуу дооруна" дал келген молдо-имамдардын жетишсиздиги. С.А.В. доору менен бугунку кундун талабын оз ара байланыштыра албагандыгы менен тушундурулот. Мечит-медресени кокбойтуп же азайтуунун пайда же зыяны жок, бирок анын ишмердуулугун жогорулатуу, бугунку кундун талабына ылайыкташтыруу маселени чечууго жардам берет.

Динди ыймандан жогору коесун,
Андай кылган адамдын амалдары Аллахка жакпаган жорук. Ким динди ыймандан жогору коюп жатат?
бирок тарыхта Амир Темир сыяктуу канчалаган падыша откон, Аравия, Персия, Осмон империясынан Бухара, Самарканд, Хива ж.б.хандыктарга чейин. Ошол падышалардын жанында коптогон диний аалым кенешчилери болгон. Ошол диний аалымдар заалим падышаларды адам олтуруудон тыя албаган сон, динди каада-салттан жогору кою канчалык туура, элге жарыгы тегиз тийбеген сон?!!....
Узун жана терен тарыхтын бардык учуру учун бир соз менен жооп берип коюу мумкун эмес. Анын кайсы бир учурун алып, анан талкууга кошпосонуз, жалпылап туруп динге куноо койгонунуз орунсуз.



..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 17 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 17, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 26 Авг 2025 02:16

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: