Суперстан: Мухаммед пайгамбарыбыз (С. А. В.) өмүр баяны - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Мухаммед пайгамбарыбыз (С. А. В.) өмүр баяны Мухаммед С.А.В пайгамбарыбыздын толук 4-чыгарылышындагы китеп

#121 Пользователь офлайн   seli   26 Июль 2017 - 22:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

⚜ *Савр үңкүрүнө келүү* ⚜

Үйүнөн чыккан пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) түз эле азирети Абу Бакрдын үйүнө барат. Алар анча-мынча күлазык камдап алышып, үйдүн артындагы жашыруун эшиктен чыгып, Меккенин түштүк тарабындагы Савр тоосун көздөй жөнөшөт.

Жума түнү Савр үңкүрүнө жетишет.

Үңкүргө оболу азирета Абу Бакр кирип, ичин тазалап, үңкүрдөгү тешиктерди үстүндөгү кийими менен бүтөйт, калып калган кичине тешикти буту менен калкалап, Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи васаллам) ичкери чакырат.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) ичкери кирип, башын азирети Абу Бакрдын тизесине таяп, уктап кетет. Бир аздан соң азирети Абу Бакрдын тешикти тоскон буту аябай сыздап ооруп чыгат. Жылан чакканын сезет. Бирок тешиктен бутун тарткан жок. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) ойгонуп кетет деп, тизесин да кыймылдаткан жок. Катуу ооруга чыдабай, көзүнөн жаш чыгып кетет. Аккан көз жашынын бир нече тамчысы, Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) жүзүнө тамчылар менен ойгонуп кетип:

- Абу Бакр, эмне болду сага? - деп сурайт.

- Оо, Аллахтын элчиси, бутумду бир нерсе чаккансыды. Бирок эчтеке эмес, ата-энем сага садага! - дейт ал.

Азирети Абу Бакрдын бутун жылан чагып алганын билгенде, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) берекелүү шилекейи менен сүртүп коёт. Жылан чаккан жер дароо сакаят.

Ошол убакта Алла Тааланын буйругу менен жөргөмүш келип үңкүрдүн оозуна желесин жаят, бир жуп көгүчкөн келип уя курат.

Мына ушул жаныбарлар Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи васаллам) жана азирети Абу Бакрды бутпарастардан коргош үчүн күзөтчү катары келишкен эле.

Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи васаллам) үйүнөн таба албаган бутпарастар абдан жинденишип, Меккенин ар тарабын тинтип издей башташат. Азирети Абу Бакрдын үйүнө барышат. Аны да таба албаган соң, бул жолу жалпы Меккеге жарыя кылышат:

*«Мухаммед, же Абу Бакрды таап алып келгенге, же өлтүргөнгө жүз төө беребиз!». *


Мына ушул жарыяны угаар менен Меккеде канчалык уруу-кески, зөөкүр, талоончу бар болсо, баары колуна кылыч кармап, издей башташат. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) менен азирети Абу Бакрдын издерин табышат. Из туп-туура Савр тоосунун этегине чейин алып келет.

Из кубарлардын бири:

- Алар мына ушул үңкүрдөн ары өтө элек экен! Из ушул жерден жоголду! - дейт.

- Умаййа бин Халаф баштаган бир нече адам үңкүрдүн оозуна чейин келишет.

Мына ушул убакта Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) менен азирети Абу Бакр аларды көрүп, бирок бутпарастар аларды көрө алышкан жок.

Азирети Абу Бакр кантер айла таппай кайгыра баштады.

- Ээ, Аллахтын элчиси, - деди ал, - мени өлтүрүп салышса да мейли эле, мен болгону жөнөкөй бирөөмүн. Бирок Аллах жүзүн ары кылсын, сага зыян жеткирер болсо, бул бардык үммөттүн бакытсыздыгы болбойбу.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) эч бир кабатырланбастан:

- Кайгырба, Аллах биз менен бирге! - деп аны жубатты.

Абу Бакр:

- Оо, Аллахтын элчиси! Тигилердин бири келип бутунун түбүнө караса эле бүттү, бизди көрүп калат, - дейт.

- Ээ, Абу Бакр, эки кишинин үчүнчүсү Аллах болсо, абал кандай болот деп ойлойсуң? Кармалып калабыз деп жатасыңбы? - дейт, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) камарабастан.

Жараткан Алла Таала, Куранда бул окуяны төмөнкүчө баяндайт:

*«Эгер силер ага (пайгамбарга) жардам кылбасаңар, Аллахтын Өзү ага жардам кылды. Ал жардамын аябайт. Аны каапырлар ал эки адамдын экинчиси болгон абалында (бир жолдошу менен Меккеден) айдап чыгышканда (ага Аллах жардам берди эле го). Ошондо алар экөө үңкүрдө турган чактарында жолдошуна: «Кайгырба, Аллах биз менен бирге» дегенде, Аллах ага көңүл токтук түшүрдү жана аны силер көрбөгөн аскерлер (периштелер) менен колдоп-кубаттады, ошондой эле каапыр болгондордун сөздөрүн пас кылып койду, Аллахтын Сөзү гана жогору Сөз. Аллах Кудуреттүү, Даанышман». *

Савр үңкүрүнө жакындашкан бутпарастар:

- Ушул үңкүрдү да бир карап көрөлү, - дешет.

Алардын сүйлөгөн сөздөрү пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) менен азирети Абу Бакрга угулуп турду. Ичинен бирөө үнкүрдүн оозуна чейин келет. Бирок ичкери кирбей, кайра тартат. Себеби ал жерде жөргөмүштүн тартылган желеси жана көгүчкөндүн уясы бар болчу. Үңкүрдүн ичине киргенге эч кандай негиз жок эле.

Ошентип, алар Алла Тааланын жардамы менен бутпарастардан кутулушат. Ал жерде жума, ишемби жана жекшемби болуп үч күн-үч түн тургандан кийин, Мадина сапарына камынышат. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алей) туулуп өскөн, киндик каны тамган ыйык шаардан кетип баратып, ата журтуна кайгылуу карап туруп, мындай дейт:

*<<Кудай акы, мага сенден сүйүктүү, көркөм жер жок. Сенден зордо чыгарылбасам, сенден эч качан айрылбай, сенден башка жерди журт тутпас элем!>> *

Жараткан Алла Таала сүйүктүү элчисине (саллаллаху алейхи васаллам) жооп катары төмөнкү аяттарды түшүрдү:

*<<("Оо, Мухаммед), албетте, сага (ушул) Куранда (аны окууну, ага баш ийүүнү жана үммөттөрүңө жеткирүүнү) парз кылган Аллах, шек - күмөнсүз, сени кайра кайта турган жайга (Меккеге) кайтарат>> *

Душмандардын арттан сая кууп келишинин алдын алуу максатында, Мадинага алып барчу демейки кан жолду таштап, тоо аралап башка жол менен сапар тартышты. Оболу түндүк жактагы Кызыл деңизди жээктеп Тихамага барышты. Анан түштүккө бурулуп, деңизден алыс чөл менен жээкке паралель келген жол менен сапарларын улантышты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#122 Пользователь офлайн   seli   26 Июль 2017 - 22:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

Сураканын башынан өткөн окуялар

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) жана азирети Абу Бакр бул узак жолдо сапар тартып баратышканда бир топ кереметтерге күбө болушту. Чөлдө мал багып жүргөн койчуга жолугуп андан сүт сураганда, койчу саан малы жок болгондуктан сүт да жок экенин айтты. Пайгамбарыбыз (САВ) анын кысыр калган эчкисин апкелдирип, куттуу колдору менен сааганда кадимкидей сүт бергенин көрүп койчу аябай таң калды жана мусулман болду.

Айрыкча, курайштар пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи васаллам) колго түшүргөн адамга жүз төө сыйлык жарыялагандыктан, кинана уруусунун чөлдө жашаган айылдарына да бул кабар жеткен болчу. Алар деңиз жээгин кыркалай эки төөлүү адамдын өтүп кеткендигин да угушкан эле.

Ушул уруунун баатырларынан жана тажрыйбалуу из кубарларынан болуп саналган Сурака бин Малик ошол жүз төө сыйлыкка оңой эле жетем деген ой менен пайгамбарыбыздын (САВ) изине түшкөн. Ал тез эле чөлдөгү изди таап алат. Күлүк аты менен чаап жүрүп олтуруп пайгамбарыбыздын (САВ) караанына жетейин деп калганда, азирети Абу Бакр дагы элеңдей баштады.

- Кайгырба, Алла Таала биз менен бирге, - деди Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) үңкүрдө айткан сөзүн кайталап.

Кайрылып Сураканы караганда анын атынын буттары заматта тизесине чейин жерге батып калды. Бираздан кийин ал атынын буттарын чыгарып кайрадан чапкылап кууганга аракет жасады. Бирок атынын төрт туягы дагы эле жерге терең батып калды жана ал жерден көк түтүн чыгып жатты. Ошондо гана Сурака Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи васаллам) кармай албасын түшүндү жана жалбара кыйкырды:

«Оо, Мухаммед! Дуба кылып мени куткара көр! Эми сага кийлигишпеймин. Сенин изиңе түшкөндөргө да сен тууралуу эч нерсе айтып бербегенге убада берем!».

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) дуба кылгандан кийин Алла Таала Сураканы кыйын абалдан куткарды.

Сурака Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) жанына жай басып барып, өзүнүн ким экенин тааныштырды да, кандай жардам берерин сурады.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам):

- Кете бер, бирок башкалар артыбыздан кууп келбегидей болсун, - деди.

Сурака кайтып кетти. Курайштардын куугунтукчаларын жолдон жолуктуруп, аларга: «Мен бул жактардан эч калтырбай из куудум, эч кимди таба албадым. Башка жактардан издейли» деп аларды тескери жолго бурду.

Тагдырдын буйругун көрүңүз. Эртең менен сүйүктүү Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи васаллам) колго түшүрүү же өлтүрүү максатында аттанган Сурака түштөн кийин аны коргоп чыгат.

Кийинчерээк Абу Жахил Сураканын башынан өткөн окуядан кабардар болуп, өтө ачуусу келет жана анын кайратсыз, коркоктугун ырга айлантып мазактаганга өтөт.
Ошондо улуу кереметке күбө болгон Сурака:

«Эгерде атымдын төрт бутунун жерге кантип батып калганын көргөн болсоң, сен да Мухаммеддин пайгамбарлыгын кабыл кылмаксың» деген мааниде жооп берет.

Ошол Сурака хижраттын сегизинчи жылы Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Хунайн согушунан жаңы эле кайткан кезде алдына келип мусулман болгон.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#123 Пользователь офлайн   seli   31 Июль 2017 - 12:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

*ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН (саллаллаху алейхи васаллам) МАДИНАГА КЕЛИШИ*


Мадинага мусулмандар Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) Мадинага жолго чыккан болчу. Ошол үчүн ар күнү багымдат намазынан кийин Харра деген жерге жыйналып түшкү ысык күчөгөнгө чейин аларды сабырсыздык менен күтүшчү.

Ошол убакта бир иш үчүн тамынын башына чыккае бир жөөт ак кийимчен бир нече кишинин шаарды бет алып келе жатышканын көрөт. Ал мусулмандардын көптөн бери Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи васаллам) күтүп жатышкандарын билчү. Өзүн кармай албастан:

- Эй, араб калкы! Мына күтүп жаткан кишиңер келе жатат! - деп мусулмандарга сүйүнчүлөйт.

Мына ушул кубанычтуу кабар, Иадина көчөлөрүнө чагылгандай тез эле тарайт. Шаар көз ачып - жумгуча майрамдагыдай абалша бөлөнөт . Себеби адамзатка ыйман нурун тартуулап, бейкуттук сунган адамзаттын сыймыгы (саллаллаху алейхи васаллам) келе жаткан эле! Мусулмандар ошол замат алдынан тосуп жүгүрүшөт.

Тосуп алуучулар Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) менен азирети Абу Бакрга бир курма дарагынын көлөкөсүнө келип эс алып олтурганда жолугушту.

Курма дарагынын көлөкөсүндө бир аз эс алган Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) бир аздан кийин жанында алар менен бирге, Мадинанын оң тарабындагы Кубаа айылыны көздөй жөнөйт.

Түш оой, Кубаа айылына жетип барышат. Ошол жерден Амр бин Ауф уулдарынын бир тууганы Гулсум бин Хидмдин үйүнө түшөт.

Ысык кумдуу чөл үстүндөгү жол азабы Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи васаллам) аябай чарчаткан эле. Эс алуу, ошондой эле ушул жердеги мусулмандар менен жолугушуу үчүн Кубаада бир нече күнгөкалмак болот.

Түнкүсүн Гулсум бин Хидмдин үйүндө болуп, күндүзү мусулмандар менен маектешүү үчүн бойдок сахабалардын бири Саад бин Хайсаманын үйүнө барчу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#124 Пользователь офлайн   seli   31 Июль 2017 - 12:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

АЗИРЕТИ АЛИНИН КЕЛИШИ

Азирети Али Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) буйругу менен Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) тапшырылган аманаттардын ээлерине бергенден кийин, ал дагы Меккеден Мадинага карай жолго чыгат. Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) Кубаадан жолугат. Жөө жүргөндүктөн буттары шишип кеткен эле. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) аны көз жаштарын төгө кучактап тосуп алды жана буттарынын сакайышы үчүн дуба кылып, колдору менен укалап берет. Азирети Алинин оорусу ошол замат айыгат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#125 Пользователь офлайн   seli   31 Июль 2017 - 12:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

КУБАА МЕЧИТИНИН КУРУЛУШУ



Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Амр бин Ауф уулдарыныкында он күндөй конок болуп калат. Ушул кыска убакыттын ичинде Кубаа мечитин куруп бүтүшүп, анда намаз окушат.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) салдырган бул мечиттен мурда кээ бир мусулмандар жекече курган мечиттер бар болсо да, Исламда жамаат менен биринчи тургузулган мечит ушул Кубаа мечити болуп саналат.

Гулсум бин Хидм курма жайып кургатчу жерин берип салынган бул ыйык имараттын курулушу убагында Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) өзү да иштейт. Бир жолу ал чоң таш көтөрүп баратканда сахабалардын бири келип:

- Сиз ташыбай эле коюңуз, ташты мага бериңиз, - дегенде:

- Жок, сен башкасын ал, - деп, жумуш кылуудан ыракат алганын билдирген.

Ал өзүнүн мээнеткечтиги менен бардык сахабаларга үлгү болуп жатты. Анын мына ушундайча иштеп жаткандыгын көргөн мусулмандар өтө берилүү менен иштеп жатышты.

Кубаа мечити Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) улуу хижраты жана Кубаа айлына жетүүсү менен башталган улуу жана нурдуу доордун башталгынын түбөлүктүү эстелиги катары тарыхий мааниси зор курулуш болгондуктан, бул мечит тууралуу Куран мындай дейт:

* «Биринчи күндөн тартып такыбалык негизинде курулган мечит бар, сенин ошондо намаз окушуң ылайык. Анда тазалыкты өтө сүйө турган адамдар бар. Аллах болсо өздөрүн ар дайым таза тутуучуларды сүйөт» (Тауба сүрөсү, 108-аят).*

КУБААДАН МАДИНАГА


Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Кубаада он күнчө турган соң, жума күнү Мадинага карай жөнөдү. Ал Касва деп аталган төөсүн минген болчу, алдында азирети Абу Бакр. Оң-сол жагында энесинин туугандары, таякелери болуп саналган Нажжар уулдарынан куралчан жүз чакты киши жана бир топ мадиналык мусулмандар коштоп, такбирлер айтып кубанычтуу түрдө Мадинаны көздөй бет алышты.

МАДИНАДА ОКУЛГАН АЛГАЧКЫ ЖУМА НАМАЗЫ

Мадинага келе жатканда пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Салим бин Ауф уулдарынын журтуна барат. Рануна өрөөнүнө келгенде, жума намазынын убактысы кирген болчу. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Рануна өрөөнүндөгү Жума мечитинде жума намазын окуйт. Бул пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) Мадинада окуган биринчи жума намазы болчу.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) ушул жерде удаасы менен эки жолу хутба окуйт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#126 Пользователь офлайн   seli   31 Июль 2017 - 12:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

МАДИНАГА КИРҮҮ


Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) жума намазын окуган соң, төөсүнө минип, азирети Абу Бакр, Нажжар уулдарынын жигиттери жана мадиналык мусулмандар менен бирге Мадина шаарын көздөй жөнөйт. Сүйүнүч толкундары шаардын ар тарабынан курчап, исламдын борбору боло турган мына ушул ыйык шаар өзгөчө шаңга бөлөнүп турду.

Аялдар, жаш балдар ырдаган ырлары менен шаңдуу көрүнүшкө көрк кошуп турушту. Ошондон бери эскирбей келе жаткан обондуу ыр бул:

Асыл зат чыкты белестен,
Ай сымал нурун тараткан.
Дубасы бизге берет дем,
Шүгүрлөр сага, Жараткан! Кудайым тандап жөнөткөн,
Куш келдиң куттуу тараптан!

Обондуу ырдын ыргагы менен айлана өзгөчө шаттыкка бөлөнүп, мусулмандардын кубанычы койнуна сыйбай толкуп жатышты…

Мадина калкы айланага нур чачкан Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) берекелүү жүзүн көрүш үчүн көчөнүн эки жагына кырка тизилишет. Жаш балдар майрамдык кийимдерин кийип, күлкү-шаттык ичинде ойноп жатышты. Мадинада буга чейин элди мынчалык толкундаткан окуя болгон эмес. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) өтүп баратканда, бардыгы ага «Кош келдиң, оо, Аллахтын элчиси!» - деп жатышты.

Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) алдынан чыккан ар бир мадиналык мусулман аны үйүнө чакырып, конок кылуу урматына ээ болуш үчүн төөсүнүн чылбырын кармап:

«Оо, Аллахтын элчиси, бизге келиңиз!» деп жатышты.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) ууртунан жай гана күлүмсүрөп: «Жакшылык силердин үстүңөрдөн кетпесин, жакшылыкта болгула, төөгө жол бергиле. Ага барар жери буюрулган», - дейт.

Төө болсо оңуна-солуна карап коюп бара жатты.

Акыры Малик бин Нажжар уулдарына тиешелүү болгон үйлөрдүн жанына барып, бош жаткан жерге чөгөт.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) төөнүн үстүнөн ошол замат түшкөн жок. Төө бир аздан соң өөдө туруп, бир аз алдыга баскандан соң, кайрадан артка кайрылып келип, биринчи чөккөн жерине кайрадан чөгүп, экинчи жолу кайра ордунан турган жок.

Касва экинчи жолу кайрадан турбаган соң, пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): «Аллах насип кылса, кала турган жерибиз ушул жер» - деп, төөдөн түшөт. Ошентип, ислам тарыхындагы эң маанилүү окуя болуп саналган пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) куттуу хижраты ушул жерде бүтөт.

Анан ошол жерге эң жакын жашаган сахаба Абу Аййубдун үйүнө түшөт. Бул үйгө кишилер көп келип-кетип үй ээлерин беймаза кылабы деген ой менен пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) үйдүн биринчи кабатында турайын деп суранган болсо да, азирети Абу Аййуб жана анын үйүндөгүлөр Пайгамбарыбыздан (саллаллаху алейхи васаллам) кайра-кайра суранып аны экинчи кабатка жайгаштырып, өздөрү алдынкы кабатта турат. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) азирети Абу Аййубдун бул карапайым үйүндө туура жети ай туруп калат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#127 Пользователь офлайн   seli   13 Август 2017 - 11:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

Мекке доорунун жыйынтыгы

Пайгамбарыбыздын (САВ) пайгамбарлыгынын он үч жылдык Мекке доору, Мадинага көчүп келиши менен артта калды. Ислам тарыхында өтө маанилүү бир орунду ээлеген мына ушул доорду кыскача баштан аяк жыйынтыктап кетүүнүн, пайгамбарыбыздын (САВ) ушул доордо жасаган иштерин кыскача карап чыгуунун көп пайдасы бар. Пайгамбарыбыз (САВ) б.з. 610-жылында Жараткан Алла Таала тарабынан пайгамбарлык милдети берилген убакта, ошол күндүн араб калкы бүткүл дүйнө менен бирдикте тарыхтын эң караңгы убагын баштан өткөрүп жаткан. Өзү ичинде жашаган коомду жана бүткүл адамзатты ушул абалдан куткаруу милдети пайгамбарыбызга (САВ) жүктөлгөн болчу. Өзү жашаган коомдун өзгөчөлүктөрүн, салт-санаасын өтө жакшы билген пайгамбарыбыз (САВ) пайгамбарлык милдети берилер замат динди ачык түрдө жайууга шашылган жок. Бул үчүн убакыт жана кээ бир оңчулуктуу шарттардын болуусу керек эле. Пайгамбарыбыз (САВ) Исламды жаюуну эң оболу жакындарынан баштаган. Биринчи болуп зайыбы Хадичага айткан. Хадича энебиз анын пайгамбарлыгын тастыктап, мусулман болгон. Андан соң эң жакыны болгон, төрт-беш жаштан бери андан тарбия алган азирети Алини Исламга чакырган. Ал дагы Исламды кабыл кылган. Андан соң үй-бүлөсүнөн башка, эң жакын, ишенген адамдарга ыйман жана Исламды түшүндүргөн. Алардын башында азирети Абу Бакр бар эле. Азирети Абу Бакр аркылуу дагы бир топ киши мусулман болгон. Жашыруун үгүт доорунда пайгамбарыбыз (САВ) өтө этияттык менен иш кылгандай эле, биринчи мусулмандардын да өтө этият жана жашыруун аракеттенүүсүн өтүнгөн. Пайгамбарыбыз (САВ) үч жыл үгүт ишин ушундайча жашыруун уланткан. Мына ушул убакыт ичинде Исламды кабыл кылгандардын саны араң эле отуздай болгон. Андан кийин ыйманга чакырууну дагы бир аз кеңейтип, биринчи жолу Сафаа дөбөсүнөн Мекке калкына динин жарыя кылган. Аларды Аллахтын бир экенине жана өзүнүн пайгамбарлыгын кабыл алууга чакырган. Бул ыйманга чакырууга жооп келбегени аз келгенсип, Абу Лахаб өтө эле чектен чыгып, пайгамбарыбызга (САВ) акаарат келтирген. Бирок пайгамбарыбыз (САВ) мындай акаараттардан шагы сынып отуруп калбастан, эч жадабастан ыйманды жайууну уланткан. Меккеде түшүрүлгөн аяттардын өзгөчө эки негизги максаты бар болчу: 1. Аллахтын бар жана бир экендигине ишенүү. 2. Өлгөндөн кийинки тирилишке ыйман келтирүүнү адамдардын акылына, дилине жана рухтарына жеткирүү. Бул эки максаттан башка дагы толгон-токой маселелер бар эле, бирок эң маанилүүсү ушул экөө эле. Булар чечилмейинче, калган коомдук маселелердин аткарылышы мүмкүн эмес эле. Айткандай эле, ал бул маселелерди бир бирден ишке ашыруу аркылуу жемиштүү ийгиликке жетишкен. Мына ушул себептерден улам, пайгамбарыбыз (САВ) адамзаттын эң түпкү сезим-туюмдарын ойготуп, Алла Тааланы кабылдоо түшүнүгүнө көбүрөөк басым жасап, ушул ааламдын Ээси жана Жаратуучусу жалгыз Алла Таала экенин айтуу аркылуу баштаган. Алла Тааланын эркинен башка баш ийиле турган башка эч кандай кудуреттин жок экенин айткан. Буларды айтып жатканда кандайдыр бир материалдык күчкө таянуу муктаждыгын сезген эмес. «Алла Тааладан башка кудай жок дегиле, өзүңөрдү куткаргыла» - деп жалпы адамзатка үн салган. Пайгамбарыбыздын (САВ) мына ушул чакырыгы байларга, күчтүүлөргө жана журт башчыларына жаккан эмес. Жалган дүйнөнүн көрүнүштө таттуу бирок, рухий түрдө уу кошулган балга окшогон уят-сыйытка терс келген «жыргалдарынан» баш тарткылары келген эмес. Ачыгын айтканда, кызыкчылыктары эски жашоо мүнөздөрү аркылуу гана уланат деп ойлошкон. Мына ошол себептүү пайгамбарыбызга (САВ) каршылык көрсөтө башташкан. Оболу, алар пайгамбарыбызды (САВ) коомдон бөлүп, өз жайына коюп, айткандарына көңүл бурбай, бардык аракеттерин жокко чыгаргылары келишкен. Бирок ал айткан нерселерди угуп, мусулман болгондордун саны күн өткөн сайын көбөйгөн. Муну көргөн бутпарастар чочулашып, пландарын өзгөртүшкөн. Аларга каршы ушак-айың кеп таратышып, ар кандай жалааларды жабышкан. Пайгамбарыбызды (САВ) «сыйкырчы, көз боёмочу, акын» дешти, бирок булардын да эч бири туура келген эмес. Бардык жалаа жабууларга карабастан эч кандай натыйжа чыккан эмес, туура динге ыйман келтиргендердин саны күндөн күнгө көбөйө берген.

Анан алар ачыктан - ачык күч колдонуп, зордук - зомбулуккөрсөтө башташкан. Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) жана мусулмандарга Каабада намаз окууга тыйуу салышып, үстүлөрүнө намаз учурунда акыр - чикирлерди ыргытышып, намаз окуй турган, ары - бери баскан жерлерине тикенектерди чачышкан. Алсыз, жакыр жана башпаанексиз мусулмандарды каттуу кыйноолорго алышкан, жада калса алардын кээ бирөөлөрү кыйноолордон улам жан берип, улуу шейиттик даражасына жетишкен.

Мындай абалга чыдоо кыйын эле. Анын үстүнө мусулмандар аз эле, алсыз эле. Мына ушул себептүү алардын кыйноо - кордугуна жана акаараттарына каршы чыкканга күчү жеткен эмес. Эгер каршы чыкканда, бутпарастар аларды биротоло жок кылып койушу мүмкүн эле.

Бардык ушул кыйынчылыктарга жана ар - түрдүү карама - каршы оор шарттарга карабастан Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) чаалыгып - чарчабастан Исламды жайууга болгон күчүн жумшаган. Башка мусулмандардай эле, ал дагы бутпарасардын кыйноо - кордуктарына дуугар болгон. Бирок буга карабастан Алла Тааланын буйругуна ылайык сабыр кылып, диндин жаюудан такыр баш тарткан эмес.

Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) жана мусулмандардын Мекке доорунда эң чоң куралы сабыр болчу. Айткандай эле мына ушул сабырдын оң натыйжалары көрүнгөн. Кыйноого дуушар болгон мусулмандардын пайдасына жакшы абал түзүлгөн. Мунун натыйжасында бир топ адам мусулман болгон. Азирети Хамза да алардын ичинде эле.

Бутпарастар кыйноолорун ушунчалык көбөйтүшкөн, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Меккеде ибалаттарын ээн - эркин кыла турган ыңгайлуу бир дер издөөгө аргасыз калган. Ошондуктан Аркам бин Аби Аркамдын үйүн борбор кылып, кызматын мына ушул жерден уланткан. Бул үйдө бир топ адам мусулман болгон.

Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) бардык тоскоолдуктарга карабастан динин үгүттөөдөн баш тартпагандыгын көргөн бутпарастардын башчылары кийин атасынын бир тууганы Абу Талиб аркылуу Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) дининен баш тартуусу үчүн кайрылышкан.

Абу Талиб абалды Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) айтканда мындайча жооп берген:

"КҮНДҮ ОҢ КОЛУМА, АЙДЫ СОЛ КОЛУМА КОЙУШСА ДА, МЕН ДИНИМДЕН БАШ ТАРТПАЙМЫН! АЛЛАХ БУЛ ДИНДИ БҮТКҮЛ ААЛАМГА ЖАЯИ, МЕН МИЛДЕТИМ БҮТӨТ, ЖЕ БОЛБОСО УШУЛ ЖОЛДО ӨЛӨМҮН".

Бутпарастар Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи васаллам) коркутуп - үркүтүүлөр менен зордопьбул иштен баш тартыра албай тургандарын даана түшүнүп, башкачараак айла ойлоп табышкан. Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) мал - мүлк, байлык, атак - даңк, башкаруучулук кызматын сунуш кылышкан. Бирок алар Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) булардын эч бирине көңүл бурбагандыгын жана ошондой эле Исламды тездик менен жайгандыгын көрүшкөн.

Көрсөтүлгөн кыйноолор жана зомбулуктар эми мусулмандардын сабырын түгөтө турган абалга чейин келген эле. Мына ушул себептен Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мусулмандардын Хабашистанга (Эфиопия) көчүүлөрүн сунуш кылган.

Мына ушундан соң динди сактап калуу жана аны жайуу максатында мусулмандар эки топко бөлүнүшүп Хабашистанга көчүшкөн.

Азирети Умардын мусулманчылыкты кабыл алышы Исламдын тез жайылышына жана күчтөнүшүнө себеп болгон. Бутпарастар мусулмандарды кыйнаганын басаңдатканга мажбур болушкан. Мусулмандаг эми булуң - бурчта сактанып, намаздарын коркуу ичинде жашыруун окууга керек калбай калган.

Арадан белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи васаллам) коргогон Абу Талибдин өлүмүн бутпарастар кубануу менен кабыл алышкан. Кайрадан ыксыз кыйноолор бир нече эселеп көбөйгөн. Мына ушундай абалда Исламды жайылтуу үчүн Таифке барган. Өкүнүчтүүсү бул жерде кылган бардык аракетткрине карабастан, каалаганына жете алган эмес. Анын чакырыгына каршылык көрсөткөн таифтиктер аны таш - бараңга алышып, бети-башын канга боёшкон. Ушуга карабастан ааламга мээрим катары жөнөтүлгөн Пай[moderated]рыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) аларга каргыш дуба кылган жок, тескерисинче *"Жаратканым бутпаоастардын тукумунан Исламга кызмат кыла тургандарды чыгарсын" * деп дуба кылган.

Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) Меккеде, Исламдын алгачкы жылдарында, көзгө урунган маанилүү аракети ар жылы ажылык убакта Меккеге келген уруулар менен жашыруун көрүшүп, аларга Куран окуп, Ислам дининин негиздерин үйрөтүштү. Уруулар арасында кыдырып, Исламды түшүндүрүп жүргөн убагында да курайш бутпарастары анын аркасынан көлөкөдөй ээрчип, ар түрдүү ушак - айың кептер менен калкты андан алыстатууга аракет жасашкан. Бирок алардын бүткүл мындай иш аракеттери суу кечпей калган. Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) көңүлдөрү багынткан дини барган сайын жайылып Меккенин сыртына чыгып, Мадина өрөөнүдө да жандана баштаган.

Мадинага көчүү менен мусулмандардын жаңы доору башталган.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#128 Пользователь офлайн   seli   13 Август 2017 - 11:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

ТОГУЗУНЧУ БӨЛҮМ

Хижраттын алгачкы жылы

Мадина калкы


Мадина калкы Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) көчүп келиши менен Мадина шаары ислам борборуна айланган. Мына ушул жерден Мадина жана анда жашаган калк жөнүндө кыскача маалымат берип кетсек.

Азыркыдай эле, ошол убакта да Мадина, Араб жарым аралынын эң маанилүү шаарларынын бири катары белгилүү болчу. Ээлеген аянты өтө чоң, климаты жагымдуу келип, жери да берекелүү болгон. Абасы таза, суусу башка жерлерге караганда муздак жана өтө мол болуп, жамгыр дагы Меккеге салыштырмалуу көбүрөөк жаайт эле.

Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) көчүп келишине чейин бул шаар «Ясриб» деп аталчу. Бул ат ушул жерге биринчи болуп отурукташкан Ясриб аттуу бир адамдын атынан улам коюлган экен. Бирок ушул сөздө «бузулуу» деген маани болгондуктан, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) бул атты жактырбай, аны «Мадина» деп өзгөрткөн. Эми мусулмандар бул шаарды «Ясриб» эмес, «Мадина» деп атап калышат.

Мадинада мусулмандардан башка жөөттөр жана христиандар жашачу. Ошондуктан калкы өтө көп шаар катары эсептелчү. Ошол убакта калктын саны болжол менен он миңден ашуун эле. Ушул жердеги мусулмандар аус жана хазраж урууларынан болгон.

Аус жана Хазраж аттуу эки бир туугандан тараган мына ушул эки уруунун ортосунда ар кандай чатактар дайыма болуп келген. Мына ушу чатактардын эң чоңу Буас согушу жүз жыйырма жыл созулуп, Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) көчүүсүнөн беш жыл мурун аяктаган. Ушул согуш учурунда эки тараптан тең эчен-эчен баатырлар өлүп, же майып болушкан. Мына ушундай оор абалда калган ансарларга Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) көчүүсү туш келген.

Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) көчүп келиши менен эки бир тууган уруунун ортосундагы чыр-чатактар басылат. Бул жердеги жөөттөр үч урууга таандык болушкан: Кайнука уулдары, Курайза уулдары жана Надыр уулдары.

Шаарда сан жагынан эң азы христиандар эле. Алар Исламдын Мадинада өтө тездик менен жайылышына чыдай алышпастан, Мадинаны таштап, көчүп кетишкен. Ухуд согушунда бутпарастар менен бирге согушкан ушул христиандар кийинчерээк Византияга баш калкалашат.

Саясий жашоо жагынан Мадина ошол убакта туруктуу абалга келе баштаган. Уруучулук түзүлүш өкүм сүрүп турган. Бутпарас арабдардай эле, жөөттөрдө да ар бир уруу өз-өзүнчө жашачу. Өз башчыларынан башка эч кимди тааныгысы келчү эмес.

Бул жерде тең укуктууулук деген түшүнүктөн алыс жашоочу. Соттор маселени өз акылына жараша жана өз кызыкчылыгын көздөп чечишчү. Сабаттуулардын саны өтө аз болгон.

Мына эми пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) ошол географиялык, саясий жана коомдук абалы туруктуу эмес шаарга көчүп келет. Алдында өтө маанилүү милдеттер жана чечилүүгө тийиш болгон бир топ оор маселелер бар эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#129 Пользователь офлайн   seli   13 Август 2017 - 12:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

БУТПАРАСТАРДЫН КОРКУТУУСУ.

Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) жана мусулмандардын Мадинада эркин жана коопсуз абалда жашап жаткандыгын көргөн бутпарастар көрө албастык менен аларды Мадинада да жайына койгулары келген эмес. Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) жана анын сахабаларына Меккеде кандай кордук, зомбулук көрсөтүшсө, Мадинада дагы ошондой кылгылары келишкен. Мына ушул максатта аны коргоо үчүн ант берген ансарларга коркутуу ниетинде жазылган үч кат жөнөтүшөт.

Катта, ансарлардын Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи васаллам коргоодон баш тартууларын талап кылышып, эгер талап аткарылбаса, баштарына келе турган ар кандай мүшкүлгө туш боло тургандыктарын эскертишет. Бирок курайш бутпарастарынын мындай коркутууларынан мусулмандар коркуп калган жок. Тескерисинче, өтө каттуу жооп беришти. Ошентип, Меккелик бутпарастар Мадинада коркутуу менен эч кимди Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) каршы коё албай тургандарын түшүнүшөт.

Мадиналык мусулмандарга келген эскертүү катары тууралуу Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) да кабардар эле. Мына ошол себептүү Мадинадагы ар кандай уюштурулуучү чатактарга каршы дайым даяр турду. Бутпарастар эч күтүлбөгөг убакта кол салышы мүмкүн деген ойдо Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) дайыма этият болуп, мусулмандарды да өтө сактыкка чакырып жатты. Мына ошол себептүү кээ бир түндөрдү уйкусуз өткөрөт.

Меккелик бутпарастар мадиналык мусулмандарды жалгыз кат аркылуу гана эмес, башка чараларды дагы колдонуп коркутуп көрүшөт. Алар Мадинадагы кээ бир эки жүздүүлөр жана жөөттөр менен макулдашып, мусулмандардын арасында ар дайым ушак - айың, бузукулук иштерди жүргүзүп турушкан.

Ушулардын бардыгына карабастан, мадиналык мусулмандар Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам), Исламга карата болгон ойлорун такыр өзгөрткөн эмес. Тескерисинче, мурдагыдан да сак болушуп, Исламга чын дилдери менен кызмат кылуусун улантыша берген.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#130 Пользователь офлайн   seli   13 Август 2017 - 12:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

Мухажирлер менен ансарлардын ортосундагы боордоштуктун түзүлүшү


Ансарлар Аллахтын ыраазычылыгы үчүн колдон келген бардык нерселерин таштап, Меккеден көчүп келген мухажир мусулмандарды чын жүрөктөн кучак жая тосуп алышкан. Колдорунан келген жардамдарын алардан аяшкан эмес. Бирок мухажирлер Мадинанын климатына, адаттарына каада-салттарына жана иш шарттарына дароо эле көнүп кетишкен жок. Меккеден көчүп келатып өздөрү менен чогуу эч кандай оокат-жайын ала келишкен эмес эле. Ошол себептүү бардык жактан жардам берген ансарлар менен жылуу мамиле түзүүлөрү керек болчу.

Ошентип, Мадинага ыйык көч аяктагандан беш ай өткөндөн кийин, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) ансарлар менен мухажирлерди бир жерге топтойт. Кырк беш мухажир менен кырк беш ансарды бири-бирине боордош, бир тууган деп жарыялайт.

Мына ушул боордоштук боюнча, мадиналык үй-бүлө башчыларынын ар бири мухажир мусулмандардан бир үй-бүлөнү өз үйлөрүнө алып, мал-мүлкүн, оокат-жайын алар менен тең бөлүшүп, бирге иштей тургандыгы милдеттендирилет.

Мадиналык мусулмандар, башкача айтканда, ансарлар бардык нерсесин үй-жайынан алыс жерде жашоонун кыйынчылыгын тарткан мусулмандар менен тең бөлүшүп жатышты. Мухажирлер ыңгайсыз абалдан акырындап чыга баштайт. Адамзат тарыхында көптөгөн көчтөр болуп өткөн, бирок мынчалык маанилүү, мындай ыйык көч, келгиндер менен жергиликтүү элдин мындай ысык алака-катыштары өзгөчө көрүнүш эле. Мына ушул боордоштук мамиледен эбегейсиз бир күч-кубат жарала баштаган. Бул улуу күч, бат эле бүткүл Аравияны өзүнө багындырган.

Мухажирлер ансарлардын кылган жакшылыгын ачык сезип, колунан келишинче жанталашып иштегенге аракеттеништи.

Мунун эң сонун өрнөгү катары мухажир Абдуррахман бин Ауфту айтууга болот. Ал ансарлардан Саад бин Рабианын бир тууганы болуп калган эле жана бейиш менен сүйүнчүлөнгөн он сахабанын бири болчу.

Боордошу азирети Саад:

- Мен Мадинада мал-мүлкү эң көп адаммын, байлыгымдын жарымын сага бөлүп берем, - дегенде, улуу сахаба Абдуррахман бин Ауфтун берген жообу да ушунча улуу болду:

«Аллах сага мал-мүлкүңдүн берекесин берсин, менин байлыгыңа муктаждыгым жок. Мага жасаар эң жакшы жардамың катары, соода кылган базардын жолун көрсөтүп койсоң болот».

Ал азирети Сааддын жол көрсөтүүсү менен базарга барып соода кыла баштаган. Көп өтпөй соодасы жакшы жүрүп, Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) да берекелүү дубасын алып күндөн-күнгө иши алгалап баратты. Мадинанын чоң соодагерлеринен болуп калды.
Ал өзү айткандай:

«Ташты колума алсам да, же алтынга, же күмүшкө айланаар эле».

Кийин Аллахтын ыраазычылыгына Ислам дини үчүн азирети Абдуррахман бир жолкусунда эле 700 төөнү жүгү менен, ком-чому менен багыштаган болчу.

Азирети Абдуррахман бин Ауф сыяктуу көптөгөн мухажирлер алдарына көп өтпөй эле, өз алдынча оокат кыла башташкан.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#131 Пользователь офлайн   seli   13 Август 2017 - 12:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

ТҮЗҮЛГӨН БООРДОШТУКТУН ОҢ НАТЫЙЖАЛАРЫ.


Түзүлгөн бул боордоштук бат эле оң натыйжасын берген. Коомдун ар кандай катмарлары, мына ущул бир туугандыктын аркасында бири - бирине аралашып, ысык мамиле кура алышкан. Бул боордоштук уруучулук курулай намысты жана мурунку кек - кастыкты жойгон.

Ансарлар мухажирлерге көрсөткөн теңдешсиз боордоштугун, меймандостугун, жоомарттыгын, адамгерчилигин Жараткан Алла Таала Куранда төмөнкүчө билдирет:

*"Алардан (мухажирлерден) илгери (Мадина) жергесиндее орношкон жана ыйман - ишенимди бекем кармагандар (ансарлар) болсо, өздөрүнүн жандарына көчүп келген адамдарды жакшы көрүшөт жана жүрөктөрүндө аларга (мухажирлерге) берилген нерсе-олжолор себептүү, кандайдыр көрө албастыкты туюшпайт, ал турсун өздөрү муктаж болсо да, өздөрүн коё туруп (өзгөлөрдү) ыктыяр кылышат. Ким өз напсисинин сараңдыгынан сактана алса, дал мына ошолор кутулуу табуучулар".*
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#132 Пользователь офлайн   seli   13 Август 2017 - 13:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

МУХАЖИРЛЕР ДА ӨЗ АРА БИРИ - БИРИНЕ БООРДОШ БОЛУШТУ.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) көчүп келген мухажир мусулмандардын ортосунда да боордоштук сезимдерин бекемдеди.

Бир күнү азирети Абу Бакр менен азирети Умар кол кармашып келе жатышкан. Мына ушул чын дилден болгон мамилени алыстан көрүп турган Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) жанындагы сахабаларга:

*"Пайгамбарлардан башка, бүткүл мурдагы жана кийинки бейишке багытталгандардын үлгүсүн көргүсү келгендер буларды карасын", * деп алардын боордоштугун үлгү катары элге жарыя кылат.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) меккелик мусулмандарды бири-бирине экиден боорлош кылып жаткан эле. Ошол убакта азирети Али чыга келет. Ыйамсырай:

- Оо, Аллахтын Элчиси,- дейт, - сен сахабаларды бири-бирине боордош кылдың. Мага эмне үчүн эч кимди боордош кылган жоксуң?

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам):

- Ээ, Али, сен бул дүйнөдө жана акыретте менин боордошумсуң, - деп аны сооротот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#133 Пользователь офлайн   seli   13 Август 2017 - 13:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

"ПАЙГАМБАР МЕЧИТИНИН" КУРУЛУШУ.

Хижраттын биринчи жылы. Биздин замандын 622-жылы.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Мадинага келген убакта чогуу намаз окуй турган, керек болгон убагында жыйналып,.ар кандай маселелерди кеңешип чече турган жай жок эле. Мына ушундай жагдайда мусулмандар үчүн борбор боло турган бир мечит куруу керек болчу.

Пай[moderated]рыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Мадинадагы алгачкы ишин мечит куруу менен баштайт.

Шаарга биринчи киргенде төөсү Нажжар уулдарынан Сахл жана Сухайл аттуу эки жетимдин курма кургаткан жерине чөккөн эле. Бул эки жетим мадиналык мусулмандардан Муаз бин Афраанын кароосунда болушчу. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мына ушул жерди сатып алууну каалагандыгын азирети Муазга билдирет. Бирок ал саткысы келбей, Аллахтын ыраазычылыгы үчүн бекер бергиси келет. Бирок Пай[moderated]рыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) кабыл албайт. Жердин баасын бычып, сатып алат. Сахабалар тарабынан аянт тез эле тазаланып, Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) буйругу менен кыштары куюлуп, даярдалат.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мечиттин пайдубалын кура баштаганда жанында азирети Абу Бакр, азирети Умар, азирети Усман жана азирети Али бар болчу. Ошол жерде турган мусулмандардан бирөө:

-Оо, Аллахтын Элчиси! Жаныңда болгону ушул гана бир нече киши барбы? - деп сурайт.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) төмөнкүчө жооп берди:

"БУЛАР - МЕНДЕН КИЙИН УШУЛ ИШТИ УЛАНТА ТУРГАНДАР" .

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) берекелүү колдору менен пайдубалдын биринчи ташын коёт. Анын аркасынан кезеги менен азирети Абу Бакр, азирети Умар, азирети Усман жана азирети Али пайдубалга бирден таш койушат. Мына ушинтип "Пайгамбар мечитинин" пвйдубалы менен бирге төрт халифанын колу тийген мечиттин рухий пайдубалы да курула баштаган.

Мечиттин курулушунда Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) чаалыкпастан иштейт. Мусулмандардын дем албастан иштешинин натыйжасында "Пайгамбар мечити" бат эле бүтөт. Ар кандай жасалгалоосуз эле төрт дубалы тең кыштан курулган бул ыйык сыйынуу жайынын чатыры жок болчу. Меккедеги Кааба кыбыла катары белгилене элек болчу. "Пайгамбар мечитинин" кыбыласы Кудус (Иерусалим) шаарын карап турчу. Төрт бурчтук түрүндө курулуп, үч эшиги менен михрабы бар эле. Михрабдын ордуна курма устундары тизилип, минбары жок эле. Бир гана Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) хутба окуурда жөлөнүшү үчүн курма устуну коюлган эле. Кийинчерээк сахабалардын өтүнүчү менен үч тепкичтүү бир минбар тургузулган.

"Пайгамбар мечити" жамаат менен намаз окуш үчүн гана колдонулчу эмес. Намаздан тышкары мусулман калкынын диний муктаждыктары дагы ошол мечиттен чечилчү. Айрыкча бул жерде диний билимдер берилчү жана сырттан келген элчилер, уруу башчылары кабыл алынчу.

"Пайгамбар мечитинин" жанына кыштан, бири азирети Саудага, экинчиси азирети Айшага тиешелүү эки бөлмө курулат. Бөлмөлөрдүн үстү курманын бутактары жана жалбырактар мн жабылат. Кийин Пайгамбарыбыз (саллаллаху алецхи васаллам) башка аял алганда бөлмөлөр көбөйтүлөт.

"Пайгамбар мечитине" улай бөлмөлөр тургузулгандыктан, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) азирети Абу Аййубдун үйүнөн ал жерге көчүп келет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#134 Пользователь офлайн   seli   13 Август 2017 - 15:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

Курма дарагынын ыйлоосу

«Пайгамбар мечити» тургузулган кезде минбары жок болгондуктан, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) хутба окуп жатканда курма устунуна таянчу.

Бирок кийинчерээк сахабалардын өтүнүчү менен үч тепкичтен турган бир минбар жасалган. Эми Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) жасалган минбарга чыгып, хутбасын окуй баштаганда, ботосунан айрылган ингендин боздогонуна окшош аянычтуу ыңыранган үн чыгат.

Таң калган сахабалар айланасын карашат, бирок эч кандай инген жок болчу. Ыйлаган мына ушул курма устуну эле. Ошол кургак жыгачтын ботодой боздошун Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) менен бирге сахабалар да угушат. Аянычтуу үн такыр басылбай коёт. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) минбардан түшүп келип, колун анын үстүнө коюп, сылаганда гана боздогон үн басылат. Курманын ыйын уккан сахабалар да токтоно алышпай ыйлашкан.

Ырас, кургак дарак Пайгамбарыбыздан (саллаллаху алейхи васаллам) алыс калдым деп, ыйлап жаткан эле. Курма дарагын соороткон Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам), сахабаларына бурулуп:

*«Эгер мен аны сооротпогондо, кыяматка чейин ушинтип ыйлап кала бермек»,* - дейт.

Кургак жыгачтын сахабалардын көзүнчө аянычтуу үн чыгарып ыйлашы – Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) ачык бир мужизасы болчу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#135 Пользователь офлайн   seli   13 Август 2017 - 15:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

Азандын белгилениши

Хижраттын биринчи жылы. 622-жыл.

Меккеде жашаган убакта мусулмандар Алла Таалага сыйынууларын жашыруун аткарышып, намаздарын эч ким көрбөгөн жерлерде окушчу, ал кезде элди намазга ачыктан-ачык чакыруу мүмкүн эмес эле.

Бирок Мадинада абал таптакыр башкача болуп өзгөргөн. Диний эркиндик орноп, мусулмандарга ибадаттарын ээн-эркин аткарууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

«Пайгамбар мечити» курулган, бирок мусулмандарды бир жерге чогултуш үчүн чакыруунун ыкмасы али аныктала элек болчу.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) бир күнү сахабаларын чогултуп, алар менен намазга чакыруу үчүн эмне кылыш керек деп кеңеш курат. Кээ бири христиандардай коңгуроо кагыш керек дейт, кээ бири жөөттөрдөй сурнай чалалы дейт, кээ бири болсо отко сыйынгандарга окшоп бийик бир жерге от жагалы деп сунуш кылат. Пайгамбарыбыз (саллалаху алейхи васаллам) айтылган ушул сунуштардын бирөөнү да жактырбайт.

Ошондо азирети Умар сөз алып:

- Оо, Аллахтын элчиси! Калкты намазга чакырууга эмне үчүн бир адам жөнөтпөйсүз? - дейт.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) ошол замат азирети Умардын сунушун туура көрүп, азирети Билалга кайрылып:

- Билал, ордуңдан туруп намаз үчүн элди чакыр, - дейт.

Мындан соң азирети Билал бир топко чейин Мадина көчөлөрүндө: «Ассаллаат, Ассалаат! » (намазга келгиле, намазга келгиле!) деп, мусулмандарды намазга чакырып жүрдү.


Абдулла бин Зайддын (р.а.) түшү.


Бир күнү азирети Абдулла бин Зайд деген сахаба түш көрөт. Анын түшүнө азыркы убакта айтылып жүргөн азандын сөздөрү ирети менен кирет.

Ал таң атаары менен сүйүнгөн бойдон Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) чуркап келип, түшүн айтып берет. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) «Кудай буюрса, бул туура түш» деп, намазга чакыруунун ушул жолун туура көрөт.

Азирети Абдулла пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) буйругу менен азанды азирети Билалга үйрөтөт.
Азирети Билал уккулуктуу үнү менен Мадина көчөлөрүн жаңырта баштайт:

Аллаху акбар, Аллаху акбар! Аллаху акбар, Аллаху акбар! Ашхаду ан лаа илааха иллаллах! Ашхаду ан лаа илааха иллаллах! Ашхаду анна Мухаммадар- расулуллах!
Ашхаду анна Мухаммадар- расулуллах!
Хаййа алассалах, Хаййа алассалах! Хаййа алаль-фалах, Хаййа алаль-фалах!
Аллаху акбар, Аллаху акбар!
Лаа илааха иллаллах!


Азандын кыргызча мааниси:

Аллах Улук, Аллах Улук!
Аллах Улук, Аллах Улук!

Аллахтан башка кудай жок экендигине күбөлүк берем!

Аллахтан башка кудай жок экендигине күбөлүк берем!

Мухаммед Анын элчиси экедигине күбөлүк берем!
Мухаммед Анын элчиси экендигине күбөлүк берем!

Намазга шашылгыла, намазга шашылгыла!

Кутулууга шашылгыла, кутулууга шашылгыла!
Аллах Улук, Аллах Улук!
Аллахтан башка кудай жок!


Азирети Умардын да ушул түштү көрүшү.

Мадинада азан чакырыгын уккан азирети Умар толкунданган бойдон Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) келет.
Абалды билген соң:

- Оо, Аллахтын элчиси! Сени акыйкат дин менен жөнөткөн Аллахка ант беремин, Абдулланын көргөндөрүн мен да түшүмдө көрдүм, - дейт.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) эки кишинин бирдей түштү көрүшүнөн улам Алла Таалага шүгүр кылат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#136 Пользователь офлайн   seli   23 Август 2017 - 10:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН (саллаллаху алейхи васаллам) ҮЙ - БҮЛӨӨСҮНҮН МЕКККЕДЕН АЛЫП КЕЛИНИШИ.


Мадинага көчүп келген Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) жубайы Сауда, кыздары Умму Гүлсүм, Фатима жана Зейнеп менен бирге Айша энебизди Меккеде таштоого аргасыз болгон.

*"Пайгамбар мечити"* курулуп бүткөндө, ага тиешелүү бөлмө тургузулган соң, аларды алып келүү үчүн Зайд бин Хариса менен бирге Абу Рафини Меккеге жөнөтөт.

Мына ушул эки сахаба Меккеге барып, аларды алып, Мадинага келишет. Бир гана Зейнептин али мусулман боло элек күйөөсү уруксат бербегендиктен, аны алып келе алышкан эмес. Бирок бир топ убакыттан соң, ал да Мадинага көчүп келет. Күйөөсү болсо кийинчерээк мусулман болгон.

Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) азирети Айша энебиз менен никеси Меккеде кыйылган эле. Бирок той кийинкиге калтырылган.

Мадинага келеери менен хижраттын биринчи жылы Шаввал айында той өткөрүлөт. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) ошол убакта 55жашта болчу.

Азирети Айша энебиздин Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) жанында башка аялдарынан өзгөчө орду бар эле.

Азирети Амр бин Аас бир күнү:

- Оо, Аллахтын Элчиси! Элдин ичинен кимди көбүрөөк сүйөсүң? - дегенде,

- Айшаны, - деп жооп берген.

- Эркектерденчи? - дегенде,

- Айшанын атасын, - деген.

Азирети Айша энебиз назик, мүнөзү жумшак жана түшүнүгү кенен акылдуу аял эле. Ал бат эле Пайгамбарыбыздан (саллаллаху алейхи васаллам) көптөгөн хадистерди жаттап, Исламдын көптөгөн өкүмдөрүн үйрөнөт. Ошондүктан сахабалардын арасында өзгөчө орунга ээ болгон. Ал Пайгамбарыбыздан (саллаллаху алейхи васаллам) 2210 хадис риваят кылган. Көптөгөн сахабалар түрдүү маселелер тууралуу Исламдын өкүмдөрүн андан сурап, үйрөнүшчү. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) өзү:

*"Диндин жарымын Айшадан үйрөнгүлө" * деп азирети Айшанын илимий деңгээлине жогору баа берген.

Азирети Айша энебиздин шарият илимин эң сонун билүүсү Ислам укугунун калыптанышында өтө чоң пайдасы тийген. Аялдарга тиешелүү көптөгөн маселелердин булагын түзгөн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#137 Пользователь офлайн   seli   23 Август 2017 - 11:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

АСХАБУ СУФФА

Кыбыла али Каабаны көздөй бурула элек болчу.

*"Пайгамбар мечитинин" * түндүк жагында, (азыркы михраб тарабында) үстү курманын талдары менен жабылган көлөкөлүү бастырма тургузулат. Аны *"Суффа" * деп аташат. Ал эми ушул жерде жашаган мусулмандарды *"Асхабу Суффа"* (суффадагылар) деп аташчу.

"Пайгамбар мечитинин" жанындагы Суффада жашаган бул сахабалардын Мадинада үй - жайы, тууган - уруктары жок болчу. Булар Куран илимин үйрөнүшүп, Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) диний маселелерин угуп, сабак алышчу. Көпчүлүк убакта орозо кармашчу.

Убактыларын Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) жанында өткөрүшкөн бул адамдар Исламды кабыл алыскы урууларга барып Куран үйрөтүү үчүн, Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) үйрөткөндөрүн жайылтуу үчүн жөнөтүлчү.

Саны 400-500гө жакын бул сахабалар бүткүл убактыларын Куран жана Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) сүннөттүн үйрөнүүгө арнашкан. Алар толук бойдон илим аскери эле. Соода - сатык менен, же башка кесиптер менен алектенчү эмес. Тамак - ашы жана башка муктаждыктары Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) жана анын бай сахабалары тарабынан каржыланып турчу.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Асхабу Суффага өзгөчө маани берип, алар менен дайым бирге олтуруп, кеңешип, сүйлөшүп турчу.Кээде аларга:
*"Эгер силер үчүн Аллах тарабынан эмнелердин даярдалып жаткандыгын билгениңерде, муктаждыктардын мындан көбүрөөк артуусун кааламаксыңар" * деп алардын кылган ишинин өтө маанилүү жана керектүү экендигин баса белгилечү.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) оболу ушул берекелүү жамааттын муктаждыктарын жоюуга аракеттенчү. Ал эми өзүнүн үй - бүлөөсүн экинчи планга калтырчу. Бир жолу кызы Фатима жаргылчак менен буудай тарьуудан кыйналганын айтып, бир жардамчы кыз сураганда Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам):

- Кызым, сен эмне деп жатасың? Мен Асхабу Суффанын муктаждыктарын али жоё элекминда! - деп жооп берген.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) ар түрдүү нерселер алып келингенде:

- Садакабы, же белекби? - деп сурачу.

Алып келгендер "садака" дешсе, ошол эле жерден аны токтоосуз түрдө Асхабу Суффага жөнөтчү. "Белек" десе, аны кабыл алып, Асхабу Суффага анын бир болүгүн алып койчу. Себеби Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) өзүнө садака кабыл алчу эмес, бирок белек болсо кабыл алчу.

Бир күнү бирөө бир табакка курма алып келет. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам)

- Садакабы же белекби? - деп сурайт.

Ал адам:"Садака" дегенде, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) аны түз эле суффадагыларга жөнөтөт. Ошол убакта небереси Хасан Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) алдында олтурган. Табактан бир курма алып оозуна салганда, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) дароо курманы оозунан чыгарып:

- Биз Мухаммед жана үй - бүлөөсү садака жебейбиз, бизге садака адал эмес, - деген.

Төмөнкү аят Асхабы Суффа жөнүндө келген:

*"(Кайыр - садакалар) Аллахтын жолунда тосулган (өздөрүн карманган), бир жерге сапар кылууга күчү жетпеген, каниет кылгандыгы себептүү, билбеген адамга бай, колунда бар болуп көрүнгөн кедей - кембагалдардын акысы. Алардын кедейлигин маңдайынан (жүзүнөн эле) билип аласыңар. Алар суранып - тиленип туруп алышпайт. Кандай жакшылык кылсаңар, албетте, Аллах аны билип турат. Бул - өздөрүнүн мал - дүнүйө байлыктарын күнү - түнү, жашыруун жана ашкерек садака кыла тургандар үчүн Жараткандын алдында улуу сооптор бар. Алар үчүн эч кандай коркунуч да жок жана алар кайгы да чегишпейт" .*

Аллах жолунда өзүн толук арнаган бул адамдар Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) бир дагы сөзүн калтырбай угушчу. Ар дайым ал барар жерге мурунтан эле даяр болушуп, айтылган сөздүн баарын кунт койуп угушуп, андан башка сахабаларга баяндап беришчү. Ушул жактан алып караганда, Ислам өкүмдөрүнүн так сакталуусунда жана кийинкилерге жетүүсүндө Асхабу Суффанын аткарган кызматы өтө чоң болгон. Куран нурунун аалымдын ар тарабына өтө тездик менен жайлышында да бул улуу инсандардын чоң үлүшү бар. Мына ушул себептерден улам Асхабу Суффанын Ислам тарыхында маанилүү орду бар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#138 Пользователь офлайн   seli   23 Август 2017 - 11:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

Алгачкы Ислам мамлекети

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Меккеде он үч жылын толугу менен ыймандын негиздерин элге жеткирүүгө арнаган. Бул кылган кызматынын натыйжасында көптөгөн адамдар ыйманга келишкен. Мусулмандардын саны көбөйгөн эле, бирок ошол учурда мусулмандар ислам душмандарына каршы күч колдонуп каршылык көрсөтүүгө чамасы келбейт эле. Мусулмандардын жалгыз куралы бар эле, ал - сабырдуулук болчу.

Бирок Мадинага көчүп келишкенде, абал таптакыр башка нукка өзгөргөн. Мусулмандар эми каалаганындай ибадат кыла башташкан.

Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) Мадинага келери менен кылган негизги иши мухажирлер менен ансарларды боордош кылуу болду. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) муну менен мусулмандарды тыгыз бириктирген.

Бирок ушуну менен гана бардык нерсенин бүтпөсү ачык иш эле. Мадинада жалгыз мусулмандар гана жашачу эмес. Бул жерде жөөттөр, бутпарас арабдар жана христиандар жашачу. Булар өз ара дайыма согушуп турушчу. Албетте, мусулмандарга зыяны тийбей коймок эмес.

Анын үстүнө меккелик бутпарастар каалаган убакта Мадинага кол курап келип чабуул коюусу да мүмкүн эле. Мындай болуп калса, арадагы муздак уруш заматта согуш өртүнө айланмак.

Демек, ушундай татаал кырдаалда бирдей аскердик, саясий жана коомдук тартипти орнотуу өтө зарыл маселе болчу.

Али хижраттын биринчи жылы аяктай элек эле. Бул жаңы жерде мусулман болбогондор менен тынчтык келишим түзүү керек болгон. Сотко тиешелүү, аскердик жана саясий кээ бир негиздердин аныкталышы керек эле. Кыскача айтканда, мамлекетке эмне керек болсо, ошол мыйзамдардын иштелип чыгышы керек болчу.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) бүткүл Мадина коомчулугунун өкүлдөрүн азирети Анас бин Малик деген сахабанын үйүнө чакырат. Максаты - кээ бир коомдук эрежелерди аныктап алуу болчу. Жолугушуунун натыйжасында бул принциптер аныкталып, ошол замат ишке ашырылууга коюлду. Маанилүү мыйзам эрежелери жазылып, өкүлдөр тарабынан кол коюлат.

Мына ушул мыйзам эрежелери Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (саллаллаху алейхи васаллам) башчылыгында түзүлгөн биринчи Ислам мамлекетинин расмий баш мыйзамы болгон. Бул конституция 52 статьядан (беренеден) турган. Бул мыйзам эрежелери менен Исламдын жаңы турмушу башталган.


Бул мыйзамдын биринчи жана экинчи беренесинде мындай делген:

1. Бул китеп (бүтүм) Аллахтын Элчиси Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) тарабынан курайштык жана ясрибдик мусулмандар жана аларга байланыштуу адамдарга, ошондой эле аларга кийин кошулгандарга жана биргеликте (сырткы душмандарга каршы) күрөшкөндөргө карата түзүлдү.

2. Жогоркулар башка адамдардан айырмалуу өзгөчө коомчулукту түзүшөт.

Демек, бул мыйзамга ылайык Мадина калкы диний ишенимдерине карабастан башка элдерден айырмаланган өзүнчө калк жана коомчулукту түзгөндүгү көрсөтүлгөн.

Мыйзамдын 16-статьясында «бирге жашоо» шарты астында жөөттөр жана христиандардын мусулмандарга көмөктөшүүгө укуктуулугу жана сырткы жоого каршы мамлекетти чогуу коргоолору, ошондой эле аларга карата алып барылган согуш мусулмандарга карата козголгон согуш менен айырмасыз экендиги көрсөтүлгөн.

Демек, Мадина шаар мамлекетинин баш мыйзамында китептүүлөрдүн (христиан, жөөт) диний ишеним эркиндиги жана тең укуктуулугу белгиленген, бир өлкөнүн жараны катары өз ара көмөктөшүү маселеси анык бекитилген.

Тилекке каршы, кийинчерээк жөөттөрдүн уруулары бул мыйзамга оор чыккынчылык кылып, меккелик бутпарастар менен жашыруун тил бириктирип мусулман мекендештерине каршы кыянат жасашкан жана ошол себептен тиешелүү жазаларын алышкан.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#139 Пользователь офлайн   seli   23 Август 2017 - 12:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

БУТПАРАСТАРГА КАРШЫЛЫК КӨРСӨТҮҮГӨ АЛЛА ТААЛАДАН УРУКСАТ БЕРИЛИШИ.

Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) Меккеде согуш жана күч колдонуп каршылык көрсөтүүгө уруксат берилген эмес эле. Алла Тааладан алган буйрук бойунча бардык күчүн ыйман негиздерин адамдарга түшүндуруүгө жумшаган. Мына ушул доордо ар түрдүү зулумдүкка каршы сабырдуулук менен жооп беришкен. Меккеде алгачкы мезгилдерде түшүрүлгөн аяттарда мына ушул маселелер сыппатталган болчу.

Дегеле, Ислам укугу бойунча коомдо негиз болгон нерсе - бул тынчтык. Согушка өтө зарыл убактарда гана уруксат берилет.

Ислам Мадинада күндөн - күнгө күч алып, өтө тездик менен жайылып, Куран нуру адамдардын көңүлдөрүн багындыра баштайт. Бирок али мусулмандардын коопсуздугу жөнүндө маселе чечиле элек болчу. Мадиналык мусулмандар Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи васаллам) майрамдык маанай менен тосуп алышкан, бирок эки жүздүүлөр менен жөөттөрдүн көңүлдөрүндө аябай дек көрүү пайда болгон. Жөөттөр Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) менен канчалаган келишимдерди түзсө дагы, кылган иштери берген убадаларына такыр дал келген эмес.

Эки жүздүүлөр анда да коркунучтуу эле. Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) Мадинага көчүшүнөн бир нече күн мурда, хазраж уруусунун башчысы болгон Абдулла бин Убай бин Салул үчүн бир көркөм таажы даярдалган. Мамлекет катары шаан - шөкөт ичинде таажысын киер убакта Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам Мадинага хижрат кылып келген. Мунун натыйжасында анын уруусу - хазраждын баары мусулмандыкты кабыл адышкан эле. Ошентип, таажы кийүү иши унутта калган.

Абдулла бин Убай уруусуна баш ийип, сөз жүзүндө мусулман болгон. Бирок, башчылыктан кол жууп калгандыктан, эки жүздүүлөрдүе жашыруун башчысы боло баштаган. Мына ушул эки жүздүүлөр колдорунан келишинче мусулмаедарды ар - кандай ушак - айыңдар менен бөлүп - жаргылары келишкен.

Мындан тышкары Мекке бутпарастары мадиналык эки жүздуулөрдү, жөөттөрдү жана Мадинанын айланасындагы урууларды мусулмандарга каршы тынымсыз тукуруп турушкан.

Тышкы жана ички душмандарга каршы сабыр кылуу мүмкүн болбой калган эле. Мусулмандардын көбү курайштарга каршы чыгып, алар менен эсептешүүнү каалашкан.

Мына ушул убакта Пай[moderated]рыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) коргонуу уруксаты берилет. Төмөнкү аят буга далил:

*"Душмандын чабуулдарына учурап жаткандарга зулумдук көргөндүктөрү себептүү (согушууга) уруксат берилди. Албетте, Аллах аларды жеңишке ээ кылууга кудуреттүү" .*

Аятта берилгендейт эле, бул жерде ыйык согушка (жихад) чыгууга уруксат берилген жана "зордук - зомбулукка дуушар болуп, зулумдукка учураганда гана" ушундай уруксат берлиген. Тактап айтканда, мусулмандар эч кандай күч колдонуп, зордук - зомбулук кылбайт, эгер зулумдукка, кандайдыр бир кол салууга учурашса гана, өзүлөрүн коргоо үчүн согушушат. Мына ушул аят менен ошол эле учурда Ислам согуштарынын баскынчылык согушу эмес, коргонууга таянгандыгы белгилүү болуп турат.

Бул аяттар мусцлмандарга кол салган душманга каршы күрөшүү жана коргонууну мыйзам - ченемдүү деп аныктаган. Мусулмандардын саясий абалы жана экономикалык күчү жашырганда, кийинки түшурулгөн аяттарда ыйык согуш мусулмандарга парз кылынат.

Жихад - бир гана куралдуу согушуу, күч менен коргонуу эмес, адамдын өзүн руханий жактан, адеп - ахлактык жактардан тарбиялап жеткирүүсү, мындан тышкары илим - билим үчүн күрөшүү дегенди да билдирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#140 Пользователь офлайн   seli   17 Сентябрь 2017 - 10:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

⚜ *Кыбыланын Меккедеги Харам мечитин көздөй бурулушу* ⚜


Мусулмандар Мадинада намаздарын Аллахтын буйругу менен пайгамбарлардын жери болгон Иерусалимге, тактап айтканда, Аксаа мечитине карап окушчу. Бирок пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мурдатан бери эле жалгыз Алла Таалага ишенүүнүн, жер бетинин алгачкы сыйына турган жайы жана бабасы азирети Ибрахимдин да кыбыласы болгон Каабага карап намаз окууну чын жүрөктөн каалачу.

Жөөттөрдүн «Мухаммед жана сахабалары биз көрсөтмөйүнчө кыбылаларынын кайда экенин дагы билишпейт» деген ушак-айың кептери да аларды ыңгайсыз абалга калтыргандыгы үчүн пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) бул тууралуу Алла Тааладан ыйык кабар күтө баштайт. Акыры бир күнү Жебреил периште келгенде:

- Жаратуучумдан жүзүмдү жөөттөрдүн кыбыласынан Каабага буруусун тилеймин, - дейт.

Жебреил периште болсо:

- Мен жөнөкөй бир кулмун. Сен Жаратканыңдан кааладың. Муну Андан сурагын, - дейт.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Мадинага көчүп баргандан он жети айдан кийин кыбыланын Меккедеги Харам мечитин көздөй бурулуусун билдирген аят түшөт: *«Кээде жүзүң көктө кезгенин көрөбүз. Эми, албетте, Биз сени өзүң ыраазы (макул) болгон кыбылага бурабыз. Эми жүзүңдү Харам мечити (Мекке) тарапка бургун! (Эй, момундар, силер да) каерде болбогула, жүзүңөрдү ал тарапка бургула! Китеп берилген адамдар (христиандар жана жөөттөр), албетте, мунун Жараткан тарабынан (келген чыныгы өкүм) экенин билишет. Аллах алар жасап жаткан иштерден кабарсыз эмес»* (Бакара сүрөсү, 144-аят).

Бул ыйык кабар келген учурда пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мусулмандар менен бешим намазын окуп жаткан. Намаздын алгачкы эки рекети окулуп бүтүп, кийинки эки рекетине келишкен эле. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) жүзүн акырындап Каабаны көздөй бурат, мусулмандар дагы аны ээрчип, Кааба тарапка бурулушат.

Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) буйругу менен бардык мусулмандарга кыбыланын Харам мечити тарапка бурулганы жарыяланат.

Кыбыланын Каабага бурулушу менен кээ бир мусулмандарда түшүнбөстүк пайда болгон. Анткени кыбыла өзгөртүлөөрдөн мурун Аксаа мечитине карап намаз окуп өлгөн, же шейит кеткен мусулмандар да бар эле. Бул себептен улам Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) келип: «Мурда өлгөн мусулман боордошторубуздун абалы эмне болот? Алар Аксаа мечитине карап намаз окушчу да?», - деп кабатырланганын билдиришет.

Алла Таала алардын шек-күмөндөрүн төмөндөгү аяты менен жойгон:
*«(Ээ, Мухаммед), Сен (мурда) караган кыбыланы Биз бар болгону ким пайгамбарды ээрчип, ким аркасына каапырлыкка кайтып кете тургандыгын билүү үчүн гана жасаганбыз. Шексиз, бул оор иш. Бирок Аллах Туура жолго салгандарга гана (оор эмес). Аллах ыйманыңарды (ыйман менен окуган намазыңарды) кабыл кылат. Албетте, Аллах - адамдарга Мээримдүү жана Ырайымдуу»* (Бакара сүрөсү, 143-аят).

Пайгамбарыбыз (саллалаху алейхи васаллам) жүзүн Аксаа мечитин көздөй буруп намаз окуй баштаганда, меккелик бутпарастардын ачуусу келген эле. Ал эми кайра Меккени көздөй бурула баштаганда, бул сапар, жөөттөр ар кандай ушактарды таркатып, наалый башташат. Алардын кээ бир аалымдары келип:

- Ээ, Мухаммед! Сени кыбылаңдан бурдурган эмне себеп? Ибрахимдин дининде экенин айткан киши сен эмес белең? - дешти.

Кийин алдаганга өтүшөт:

- Эгер мурдагы кыбылаңа кайтсаң, сенин Пайгамбар экениңе күбөлүк келтиребиз!

Төмөнкү аяттар бул окуя тууралуу баяндаган:

*«Адамдардын акылсыздары: «Аларды (мусулмандарды) илгерки караган кыбылаларынан кандай нерсе жүз бурдурду?» - дешет. Айткын: «Чыгыш да, Батыш да, Аллахка таандык. Ал Өзү каалаган кишилерди Туура жолго багыттайт»* (Бакара сүрөсү, 142-аят).

*«Ант болсун, эгер сен Китеп берилген адамдарга бар болгон мужиза-кереметтердин баарын келтирсең да алар кыбылаңа ээрчишпейт- карашпайт. Сен да алардын кыбыласына кароочу эмессиң. Алардын (жөөт жана христиандардын) өздөрү да бирөөсү бирөөсүнүн кыбыласына кароочу эмес. Ант болсун, эгер, сага келген чыныгы билимден (вахийден) кийин да сен да алардын көңүлү каалаган нерселерине ээрчип кетсең, анда, күмөнсүз залымдардан болуп каласың»*
(Бакара сүрөсү, 145-аят).
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 17:11

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: