Суперстан: Жыландын сүйүүсү - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (17 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жыландын сүйүүсү «Жыландын сүйүүсү» автор тарабынан алымча-кошумчаланып, аңгемелер мене

#221 Пользователь офлайн   bema_bema   19 Сентябрь 2017 - 23:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Асандын оозунан сөзү ыргып, эми элеки жылмайып турган жүзү акырындап өзгөрүп, Тынар көрсөткөн тарапты карады.

Тынар болсо жанагысындай эле апасы менен Кызмончокту жылмайыңкы карап, бактылуу келе жаткан.

Ортого чакан от жагылып, ошонун табы бүтүндөй ай ааламды жылытып жаткандай эле. Чатырап, учкундары бийикке чачыраган оттун табынан албырган жүздөр, кандайдыр бир олуттуу нерсенин түйүнү чечилчүдөй бири-бирин ишеним, күтүү, үмүттүн учкундары чачыраган көздөр…

Алымкандын алдында жерге сайылган жети чий – кебез оролгон жети шам күйүп турат. Муну жана, эки улан отунга кеткенде Алымкандын эски чыптамасынан кебез чубай коюп орошкон. Ара чолодо:

– Бул – ыраматылык кайненемден калган чыптама. Өзү да көп кийбей, ал да келин болуп жаңы келген кезде өзүнүн кайын энеси тигип кийгизгенин айтар эле. Кийин эле кийди апам… Анан көзү өтөрдө мага берип: “Ушуну үстүңдөн түшүрбөй кийип жүр, балам. Ысыкта – ысытпайт, суукта – үшүтпөйт. Касиеттүү кишинин колунан чыккан кийим. Жаман жерге таштаба”, – деп мага берген.

Бир-эки жолу этегинен кебез чубатып алып, экөөбүз так ушинтип отуруп шам орогонбуз. Так ушундай маалда шам жакканды жакшы көрчү… – деп кобурап берди Алымкан. Мына эми, так ошондогудай кылып шам күйгүзүп, көздөрүн бирде жумса, бирде ачып, кандайдыр бир улуу иш баштай тургандай Кудайга жалынып, күбүрөнүп отурат. Башкалар демдерин ичине жутуп, ар бири өз алдынча Кудайдан жакшылык сурап, бирде Алымканды, бирде ортодогу отту, оттун баласындай үлпүлдөгөн шамды тиктеп, үнсүз отурушат.

Анткен менен Асандын ою чакчалекей. Бир жагынан айылда аны күтүп жаткан атаэнесин ойлоп: “Эмне дешер экен? Атам ар качан түшүнүп, туура, калыс жооп айтканга аракет кылчу эле. Бул саам кантээр экен? Эгерде менин Кызмончокко болгон сезимимди четке какса, анда кандай кылам? Же Кызмончок мени теңине албай, тескери жооп айтып койсочу? Мен Бектемирдей боло аламбы? А бирок анын менден деле өзгөчөлүгү жок го?

Өзгөчө болсо, ушинтип аялын ай талаада тентитпейт эле да. Коё турчу, балким Кызмончок меникине эле эмес, айылга баруудан да баш тартсачы? А бирок анда кайда барат? Субай салтаң болсо бир жөн. Кош бойлуу болсо… Же ага деле кайыл болуп, Жанды эрчип кетип калабы? Жайы, кышы талаада – тооташтын коңулунда, үңкүрлөрдө жашаган жапайы адамдар деле болот дешет го. Адамдардын арасындагы азап-тозоктон тажап, андан көрө ошол жапайычылыкты каалап турганы калппы? Эмнеси бар экен, жанында кайтарган жыланы бар..! Ошол жакта төрөп, ошол жакта тукум улап… О, жок, жок! Каалабайм! Мен Кызмончокко андай жашоо каалабайм!

Андан көрө өзүн сүйгөн адам менен бактылуу болуп, кадыресе адамдардай жашоо кечиргени жакшы эмеспи! Мен деген Бектемир эмесмин да, азапка салган!..

Бирок кептин баары Алымкан жеңеге келип такалат окшобойбу. Ал эмне чындыкты айтам деп жатат болду экен?! Адамдар билип, биле элек укмуштуу чындык, тагдыр чечер чындык имиш! Ал эмне болгон чындык болду экен?! Эмнеси болсо да жакшылыкка алып бара турган чындык болсо экен. А бул жеңе аны кайдан билет?!”

Улутунуп, баш көтөрө Алымканды карады Асан. Кызмончок да, Жан да жарым жартылай күйүп калган шамды желпилдеп желипжортуп келип жаткан желден эки алаканы менен калкалап, термелип отурган Алымканды үмүттүү тиктеп турушкан.

Бир убакта Алымкандын калтырак басып, каргылданган добушу айлана-тегеректи ого бетер сырдуу, сүрдүү кылып жиберди:

– Мени кечириңиз, энекебай?.. Кудай үчүн, мына бул кыз үчүн, өзүңүздүн жаман уулуңуз үчүн кечириңиз? Сизден суранам?..

Бул сураныч отургандардын баарын таңдантты. Баары Алымкан тирмийип тиктеп турган жакты карашты. Ал тараптан көөдөй караңгыдан башка эч нерсе көрүнгөн жок:

– Туура жолуңа, он жолуңа баштай көр, айланайын Кудай?! Жаңылдым эле, жаздым эле.. Эми түз жолуңа сал.

Баары өзүңдүн колуңда, баары сен каалагандай болот! Жокту – бар кылып, барды – жок кылып коюуң да бат. Кудуретиңден кагылайын Кудай, колу-бутумдан кеткенин, оозу-мурдумдан кеткенин, баарын кечир?..

Ушинтип, өзү менен өзү сүйлөшүп, кээде кимдир бирөөнүн сөзүн угуп жаткандай бүшүркөй карап, башын акырын ийкеңдетип, алда неге макулдук берип жаткан сыяктанды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#222 Пользователь офлайн   pupsik98p   21 Сентябрь 2017 - 20:58

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 44
  • Катталган: 25 Июль 17
  • Соңку аракети: 26 Июл 2020 23:26
  • Жынысы:Аялзаты

Аягында жылан озу кетип калат беле
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#223 Пользователь офлайн   bema_bema   27 Сентябрь 2017 - 00:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

– Анан… кайсы бир күнү ошол айылдын башына каран күн түшүп, бейкам жаткан элди кайдан-жайдан жоо каптап, заматтын ортосунда айылды өрттөп, күлүн көккө сапырып жиберишет! Сууда ойногон кыз-келиндерди тегеректеп, мазактап кордомой болушат. А бирок ошол кыз-келиндердин арасында жай чилдеде борошолоп кар жаадырып, кыш чилдеде торгой ырдаткан жайчынын жалгыз кызы болгон имиш. Ошондо кыз: «Ушуларга кордолгуча өлүп тыналы! Тынч элибизге кастарын тиккен канкорлорду ала жаталы!» – деп атасынан үйрөнгөн дубалардын эң катаалын каргыш менен жууруп окуй баштайт. Ошондо жер алай-дүлөй болуп, заматтын ичинде кара түн түшүп, асман-жердин ортосунда чагылгандар каршы-терши сайылып, тоо козголуп, жер көчүп, алаамат болуптур! Баягы булактуу аскалардын арасынан ажырап жараңка кетип, кыз-келиндер да, жоо да курал-жарагы, ат-маты менен бүтүндөй ошол жараңкага – жер куйга түшүп кеткен имиш!

Ошондон кийин ушул адыр, ушул Жер-Куй ушинтип ыйлап, шаркыратма, булагы соолуп, боорунда бороону улуп, кагырап калган дешет… Бирок тагдыр-буйрукка айла жок, жайчынын кызы – Күнайымды Кудай колдоп, эч бир жери жабыркабай, аман калат. «Көзүмө бирөө-жарым тирүү көрүнөөр бекен?» – деп, жараңканын ичиндеги өлүктөрдү кыдырып, бир жерден кыңкыстаган үндү угат…

Жылан кайда жатканын унутуп, кыялында так ошол түндө, Бүбү эненин сөрүсүндө жаткандай элестетип, ошондогу көз менен айлана-тегеректи абайлап карап, эстей баштады. Көрдү! Көрдү! Бул үчөөнөн да башка бирөөнү – болгондо да Алымкандын так өзүн көрдү! Тигине… Ай жарыгында адам боюнан бийик жыйылган көңдүн артынан аялдын чыканагы, анан да ала-була көйнөгүнүн этеги булаят.

Бул – Алымкан болчу. Кайненесинин Асылбекти түн жарымында чакыртып алып, эмне укмушту айтат болду экен деп, качан гана эненин тамагы кургап, коздөру сүзүлүп, үнү чыкпай калгыча тыңшап отурган болчу.

Эстеди! Жан Алымканды ошол түнү так ушул отурушунда көргөн. Бирок элес алган да, кайра ал тарапка кылчайып караган да эмес. Ошондон улам го, унутуп калганын карабайсыңбы! Буга чейин жок дегенде бир жолу эстебегенин көр! Эчактан издеген табышмактын жообун таап алгандай, Жандын көздөрү чекчейе түштү.

***

Эки улан бири-бирине өчөшкөнсүп, бири-бирине жооп кылгандай ортодогу отко тең жарыша чычала таштаган майда учкундар чачырап, бийиктеп барып “жылт” этип көрүнбөй калып жатты.

Уландардын кудум ошол учкундар сыяктуу чачыраган каректери дале тирешип, көз караштар аркылуу бири-бирин жөөлөп, бири-бирин омуроолоп, атүгүл бири-бирин карай кантип жылып, ортодогу аралык кантип жакындап калганын да байкабай отурушту. “Байкушум, — деди оюнда. – “Кызмончок сени карабайт! Мен аны сага эмес, сенден кыйындарга бербейм! Уктуңбу?! Алыбек, алыңа карап ышкыр” дегенди билесиңби, жинди?!.”

Тынарды шылдың кылгандай, мыскылдуу жылмайып, башын чайкады Асан. Бул Асанга жакпай кетти. Анын эмнени ойлогонун ачык билбесе дагы, мыскылдап, кемсинтип, оюнда аны менен доолашып, жоолашып, ошол жалгыз жана кымбат адамын талашып турганын ачык эле көрүп турду. Ачуусу келгенденден карасур өңү түктөйүп, жаак эттери карыша түштү да, ордунан калдалактап тура калып:

– Меники! А… ал меники!.. – деп Асанды алка жакадан алып, басып жыгылды.

Адегенде эмне болуп кеткенин түшүнбөй антаңдап калган Алымкан тура калып:

– Кокуй, каран күн! Тур, ай, бала! – деп, Асанды басып жыгылган баласын тарткылап калды.

Асан да Кызмончоктун алдында уят болуп калбасам экен деп, өзүнөн алда канча карылуу Тынардын үстүнөн оодарып түшүргөнгө аракет кылып жатып, акыры суурулуп чыкты да, Тынарды бир колу менен кекиртектеп, барскандай болуп түйүлгөн муштумун күү менен алып келатып, бирок өзүн-өзү токтотуп:

– Жүрү, кыйын болсоң өзүбүзчө барып келели?! – деп ордунан туруп кетти. – Бас, жүрү!– Кокуй, эмне дейт?! Ботом, ушуга теңелесиңби? ! Сен деген акыл-эстүү баласың го?! – деп чебеленди Алымкан. – Жакшынакай эле келбедиңер беле, ботом. Баламдын мындайы жок эле, кишиге катылчу эмес эле, катыгүн! Эмне болуп кетти деги?!

Асан этек-жеңин күбүнүп: “Карап кой, муну!” – деди дале болсо буга чейин “жинди” катары маани берип келген уландын өзү менен жол талашып жатканына бир чети таң калып. Баласынын үстү-башын кагып, күйпөлөктөгөн эне:

– Кагылып кетейиним, кагылып кетейиним! – деп уулунун бир чети эркектана окшоп мушташканына жетине албай, бир чети эмне болуп кеткенине түшүнө албай, алдастай берди:

– Кой, балакетиңди алайын! Антпей жүр. Асан – жакшы адамдын баласы… Ал мени өлүмдөн сактап калбадыбы… Болбосо, апаң өлүп калат беле…

– Өзү… – деди Тынар колдурап.

– Балакетиңди алып кетейин, сенин! Сени аман-эсен көрсөткөн Жараткандан айланайын. Отурчу, балам. Отура гой. Мына, бары жакшы болот. Кетебиз үйгө. Аз калды. Эл катары жашайбыз. Баары жакшы болот… Бир жүктөн кутулуп алсам эле… Мына бу Кызмончок эл ичинен ордун тапса эле…

Алымкандын бул сөзү Асанга жакты. “Эл ичинен…” Ооба да, Кызмончокко анан жыландардын арасы орун болмок беле?” Бири-бири менен тиктешип отурган Кызмончок менен жыланды карап койду:

“Мен кантип ушул макулукча болбоюн?! Кызык, булар азыр эмнени ойлоп, эмне тууралуу сүйлөшүп жатышты экен? Бири-биринин тилин кантип таап, билип алышты экен? Жылан го, адамдар менен аралашып, чогуу жашап жүрдү. А Кызмончок кантип?.. Адамдын оюн да окуп, билип алат дешет. Балким, төрөлгөндө эле ага Кудай ушундай өнөр берип койду бекен? Мүмкүн. Бирок анын эмнеси жаман? Эмнеге эл андан чочулап, жерий беришет десең? Караңгылык да. Эгерде мен адамдын оюн окуп, же жан-жаныбарлардын биринин эле тилин билгенимдеби, анда укмуш болмок да… Табыпчылыгымда колдонот элем го? Мейли. Болгону гана Кызмончогум меники болсо болду! Кудайым мага жардам берсе экен? Экөөлөп эл керегине жарайбыз ошондо. Мен сага убада берем, Жаратканым. Менин эс тарткандан берки ушул суранычымды, менин бир каалоомду кабыл кылчы, Жараткан?! Мен Кызмончокту сүйөм, экөөбүздү өмүр бою бир кылчы, Кудай? Мен аны эч качан кор кылбаска, өзүңө да, элге да өмүр бою ак кызмат кылууга убада берем. Атүгүл жыландарга да залакамды тийгизбейм? ..”

Ойго батып кеткен Асан мунун баарын Кызмончок менен Жанга окутуп койгонун аңдаган жок. Тээ жымыңдаган жылдыздардын арасынан алда нени, ким бирөөнү туюп, көрүп жаткан сымак, жайнаган каректеринен жаш куюлуп, ушинтип суранып турган болчу ал.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#224 Пользователь офлайн   bema_bema   27 Сентябрь 2017 - 00:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Алымкан Асандын ыйлап турганын көрүп, алдастай түштү. “Бечара, ыза болуп калган тура”, – деди оюнда.

– Деги эле өнөрүн кара! – деп уулун бир жекире карап алып:

– Асан? – деди уланды айыптуудай карап.

– Кагылайын, бу карылуу неме бир жериңди оорутуп койгон го? Бизди кечир, садага болоюнум?

Асан ыйлап жатканын ошондо билди.

Шашкалактап, алаканы менен көзүнүн жашын арчып, Кызмончоктон жүзүн ала качып, тегеренип кетти.

– Жок-жок, баары жакшы. Сиз мени кечирип коюңуз? – деди Алымканга жылмайган болуп. – Баары жакшы… Биз жөн эле…

Алымкан Асанды аягандай бооруна тартып, башынан сылады:

– Кагылып кетейин десе! Көзүндүн жашынан айланайын! Ылайым жакшылыктын жашы болсун. Кудай башыңды таштан жаратып, тилеген тилегиңе жетип, эл керегине жарап жүрсөң экен…

Көптөн бери көкүрөк-көңүлүндө көлкүлдөгөн көп сырын ичине жутуп, араң жүргөн Асан бу сөзгө эреркеп, бошоп кетти… Эненин ийнине жөлөнүп, кирпиктерин бекем-бекем ымдап, үн чыгарбай, көзүнүн жашын буурчактатып алды. Ал түгүл эжеге азыр бар сырын төкпөй-чачпай айтып, ачылып-чачылып, бугун ошону менен чыгарып алгысы келди.

Бирок бул көрүнүш Тынарга жакпай кетти. Аларды адегенде аңырайып карап калган улан бир убакта барскандай болуп түйүлгөн муштумдарын калчылдатып, ордунан тура калды. Ыйлап ийүүчүдөй энтигип, ызадан оозуна сөз келбей калгандай бар үнү менен баркырап:

– Аа-аа-аа! – деп бакырып, калдалактап калды.

Аны көрүп, эмнегедир Асан жылмайды. Анын көз алдында Асан кудум кичинекей наристеге окшоп, балалык аруу, таза сезим менен апасын кызганып турган болчу. Тынар баарынан катуу жакшы көргөн аялзат ким экенин ошондо түшүндү Асан. Алымкандын кучагынан бошоп, Тынарды аяп да, жакшы көрүп да, күнөөлүүдөй:

– Досум, мени кечирип койчу? – деди.

Тынардын калчылдаган муштумдары акырындап жазылып, денеси бошой түштү.

***

Ушул түнү Сайра да, Бектемир да, Абылай да уйку көргөн жок. Бая Касен табып баштаган кошуна-колоң, туурган-урук үй-үйлөрүнө кеткенден кийин эле Абылай менен Чынтемир Сайраны көтөрүп келип, уулунун жанына жаткырышкан. Бул – эне-бала бири-бирин сезип, туюп, бири-бирине дем-күч берсин, өздөрү да чыйралып, чыңалсын деген ой-тилек эле. Экинчиден, Сайра да көзүн жалдыратып эле карай бергенинен, уулун сурап жатканын түшүнүп, анын үстүнө экөөнү бирдей карап жатайын дегени болчу.

Айткандай эле бир убакта ойгонгон Сайранын колдорунун башы кыбырап, уулун издегендей болду.

Карап жаткан Абылай анын колун ала коюп, уулунун колунун үстүнө койду. Сайранын ээги титиреп барып, көзүнөн ысык жаш мөлтүлдөп, томолонуп кетти. Баласына алаканынын жылуулугун, мээримин өткөрүп жаткандай, бекем кармап жатты.

Тээ бир убакта Бектемир да ойгонуп, башын буруп апасын, аларды карап отурган атасын көрдү. Дагы ким бирөөну издегендей башын болор-болбос көтөрүп, эки жакты караган болду.

Үлпүлдөп күйгөн шамдын кызыл жарыгында аркы бурчта колу-бутун туш-тушка жайып жиберип уктап жаткан Чынтемирден башка эч кимди көргөн жок. Ордунан туруучудай аракет жасап, бирок эч бир козголо албай койду.

– Беки? – деди калдаңдап туруп келген Абылай. – Суу ичесиңби? Бектемир жооп бериштин ордуна бир катуу онтоп ийип, унчукпай жатып калды. Уулунун онтогону баарын сезип, туюп, бирок айласыз жаткан эненин жүрөгүн көзөп өткөндөй, ал дагы кандайдыр бир акырын, бирок аянычтуу кыңкыстап алды.

– Айланайындар… – Абылайдын көзүнө жаш тегеренди. – Экөөң бирдей ушинтип, мени азапка салат белеңер? Экөөңордүн ушу азабыңарды тарткандан көрө, силердин ордуңарга Кудай мени жыга чапса кана? Мындан көрө мага ошол жеңил болбойт беле?

– Ата?.. – бар күчүн жыйнап, акырын үн катты Бектемир.

– Оуу, кагылайын? Атаң сенин алдыңа кетсин…

– Апам?

– Апаң сен жакшы болсоң эле жакшы болуп кетет, айланайын. Апаңдын силер үчүн жашарын билесиң да… – уулуна күч бериш үчүн ушинтти эми ата. Бала манжаларын кыбыратып, апасынын колун кармагысы келди.

– Мен..?

Бектемирдин суроосун түшүнгөн ата:

– Сенин белиң катуу ооруксунуп калыптыр. Касен сары болгон дары-дармегин шыбап, алакан оту менен баарын ордуна келтирдим деди. “Баары жакшы болот, бир аз чыдасын. Мен уруксат бергиче ордунан козголбосун”, – деп кетти. Апаңды да: “Кудай кааласа, эки-үч күндө жакшы болот”, – дейт. Айтканы келсин, балам. Оозунда бардыр. Касиеттүү Жайчынын уулу да… Калп айтчу эмес, айтканы – айткандай келчү эле.

Бектемир мунун баарын уктубу, же укпай калдыбы, айтор кайра эле башын көтөрүп, ким бирөөнү издеп жаткандай болду.

– Чынтемириң тигинде уктап жатат, — деди Абылай. – Бала эмеспи, чарчаптыр бечара. Энең экөөңө сары санаа болуп, кечке ары чуркап, бери чуркап…

– Ата?

– Ии? Суу ичесиңби? Жанагы суусатып жатат го… Кечке шалдыратып, кара терге түшүргөн да ошол дебедиби Касен…

Анын “жанагысы” эмне экенин Бектемир да, Сайра да түшүнгөн жок. Абылай өзү атып өлтүргөн кара чаар жыландын жерде сороктоп сектирген башын эстеп, эки ийнин солкулдата жыйрылып алды:

– Астафрулла… Балама Кудай шыпаа кылсын… Келе гой, суу ууртап алчы…

Абылай уулунун кежигеси астынан бир билегин сойлото коюп, башын өйдөлөтө, оозуна суу ууртатты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#225 Пользователь офлайн   perim.ai   27 Сентябрь 2017 - 19:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 147
  • Катталган: 24 Апрель 15
  • Соңку аракети: 27 Янв 2020 19:31
  • Жынысы:Аялзаты

Уландысын кутобуз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#226 Пользователь офлайн   bema_bema   29 Сентябрь 2017 - 20:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Башы жаздыкка тийген соң:

– Ата,– деди уулу акырын, бирок алда неге кабатыр болгондой, чындыкты айтуусун талап кылгандай үн катып. Атасы анын эмне тууралуу сурагысы келип жатканын түшүнгөн сымак, жооп бергиси түгүл, деги эле ал тууралуу уккусу келбегендей башын чайкап, апасы жакты көрсөтүп, көз ымдаган болду. Анысы: “Апаң укпасын, капа болот”, – дегени болчу. Үлпүлдөгөн чырактын жарыгында баласы муну байкадыбы, жокпу, же байкап туруп эле ансайын чындыкты билгиси келдиби:

– Кызмончок… кайда? – деди.

Сайра муну укканда денеси үркүп кеткендей, баласынын колун кармаган манжалары бошоп, кыңкыстап алды.

– Балам, – деди аны байкаган Абылай.

– Аны эмне кыласың сурап? Энең экөөндү минтип «жыга чаап», баарыбызды азапка салган эмени…

– Ата?!

– Эх, балам, балам… Дале баласың. «Акылы бар, эсиң жок». Аны Кудай алмак беле, аман эле экен. Андайдын жаны да бек болот белем. Алымкан экөө бири “өлүп”, бири чалажан жаткан жеринен… – деп келе жатып Абылай алда нени эстей койгондой ойлоно калып, жакасын карманды:

– Шумдугуң кур, жолдо келе жатканыбызда артыбыздан катуу куюн келип… ошончобуздун арасынан Асанды асмандатып алып учуруп кеткен. Ошондо тээ көктү карай уюлгуган куюндун арасынан тарбаңдап кетип бараткан кишини көргөнбүз. Карасак эле жаныбызда Асан жок. Мен да Чынтемир эмеспи деп, үнүм Кудайга жете түшкөнүн айт! Анан эле жарымыбыз сени алып айылга түшүп кеттик, Мукан, Калыс болуп Асанды издеп кетишти. Табылбай калды го дедим эле. Мындай укмушту ким көрүптүр? Көрмөк турсун, атамзаманда уккан эмесмин. Тиги Касен табып кошо баласынын артынан чуркачудай болгондо, этегине эрмешип, жакасына жармашып: “Балаң аман-эсен эле келет, Бектемирди кантип таштап кетесиң?!” – деп жатып араң көндүрүп, айылга алып келдим. Ал кетип калса, шорум катпайт беле… Анан эле кеткен балдардын жарымы кечке маал кайтып, жарымы тээ бир убакта келишти… Көрсө, Асанды куюн учуруп барып, так ошол Алымкан менен Кызмончок жаткан жерге алып барып таштаптыр… А бирок Асан куландан соо дейт. Ошончо күү менен учуп кеткен эме кайра кантип соо түштү десең?! Кудайым сактайм десе, октон, чоктон сактайт экен да. Же колдоочусу колдодубу?..

Ошентти го. Анын чоң аталары илгери каарына калса, жайдын саратан күнүндө кар жаадырып, “тү” деген түкүрүк жерге түшпөй, ит өлүп турган маалда булбул сайраткан жаачы, олуя киши болгон экен. Кудайдын кудурети менен ошолор сактаганбы? .. Болбосо… Бирок кичине акылынан айнып калган го, же тигилер башын тегеретип алышканбы, айтор, ошолордун кебин сүйлөп калыптыр дейт…

– Эмне болуптур?

Ушу тапта Асандын капилет эле: “Кызмончокту алам”, – деп чыкканы бүтүндөй айылды дүрбөлөңгө салып: “Эми эмне болуп кетер экен? Эртең Касен табып кандай чечимге келет? Бектемир ойгонсо, укса эмне дейт? Кызмончокту кайра алам десе кандай болот? Бирок ушунчалыкка баргандан кийин кантип? Ошонун айынан энеси экөө тең эки жерде тигинтип, жарым жан болуп жатат. Эгерде ал үйгө Кызмончок кайра кирсе, Абылай менен Сайра өлүп калар бекен?” – дешип, чоңунан-кичинесине чейин ойлогону ушул.

Баятан бери кирпик какпай жаткан Абылай да ушуну ойлоп жаткан: “Кандай болгон күндө да койнунда жатып, жыты сиңишип калган колуктусу эле да. Балалык кылып, эсине келгенде: “Мен Кызмончокту кетирбейт болчумун, силер кылдыңар. Апам экөөндүн эле кылганыңар! Алып келгиле кайра!” – десе эмне кылабыз? Чынында экөөнүн кер-мур айтышып, урушуп-талашканын деле көргөн жокпуз. Келин бизге деле өйдө карабады. Анан эмне болду? “Балама залакасы тийип калат”, – деп Сайра байкушум көгөрүп туруп алды.

Түшүнөн да чочуп… Баягы жылан менен арбашкандан кийин ого бетер эле дени сууп калбадыбы. Көрсө, билиптир, шордуум?” – деген Абылай Касенди эстеди. “Анда эмнеге Касен токпейил? Бая күндүз быкбырдай жайнаган жыландардын ортосунда жылан болуп отурган Кызмончокту көрдү эле го?! Чөптүн тилин билген, адамдын дартын тапкан тамырчы эмнени туюп, билип жатат? Ал эмнеге баласынын жоругуна түтөп, чычалабай тынч? “Бүлөңөрдү алып алгыла, балама жакын жолотпогула! ” – деп чамгарактайбы дедим эле. Же баласына кошуп, анын да башын имерип коюштубу?! ” – ушунун баарын ойлой берип, мээси “шишип”, жаны кейиген Абылай эми да уулуна эмне деп угузарын билбей кайпактап кетти:

– Э, эмне болсо ошол болсун! – деп кол шилтеди эми. – Мага десе бири өлүп, бири калсын! Ошондон ары тентип кетишсе кана! Энең экөөңдүн жаның аман болуп, элге кошулгаңар эсеп мага.

– Ата? – иштин чоо-жайын тактап, кыстап сурады уулу. – Эмне болду?

Абылай баласына эмне деп айтарын билбей, кепти алыстан баштады:

– Эмне болсун?! Сени жардан араң алып чыгып жатсак, кайдан жайдан кара чаар неме пайда болуп, канчообузга кол салчудай болуп… Сени бизден талашып… Талашканы ошо, кол салгысы келдиби…

“Кара чаарды” укканда Бектемир бир “солк” эте денесин жыйрып, көздөрүн жумуп жиберди.

– Баса, жардан эмне болуп кулаганың эсиңдеби?

Бектемир бир азга унчукпай жатты да, ал тууралуу сүйлөшкүсү келбегендей кепти буруп кетти:

– Анан?

– Анан Касен табып: “Балаңдын дартына ошонун жүрөгү миңдин бири”, – дегенинен, атаң кара чаарды атып тынчытты. Ошондо да моюн сунгусу келбейт! Ошондо, калп айтпайын, муштумдай болгон башы кудум менин билегимдей болгон мойну менен сороктоп, бир далайга чейин бизге карай секирип, акарат кылып жүрбөдүбү. Көрсө, жүрөгү ошол жагында калыптыр да. Атаң чапан менен баса калып, каапырдын жүрөгүн суурап алганда тынчыды… Ошондо Жер-Куйдун түбүнөн, Кудай бетин көргөзбөсүн, баягылар жамырап, агып чыгышпадыбы. Кудум былтыр айылга келгендей жер жайнап, быкылдап… Аңгыча аларга Кызмончок келип кошулду. Кудум бир тууганын, бир боорун көргөндөй баягылар аны курчап, бутуна жыгылышып, баш уруп турушпадыбы. Аңгыча эле, кайдан-жайдан Алымкан пайда болду… Энеңди тил-ооздон калтырып, минтип сулата чапкан ошол да, эннеңди… Бирок жыландар аны да Кызмончокко жеткирбей сулатты. Эмне кылышканын билбейм. Чагып жыктыбы, же чалып жыктыбы, айтор көзү аңтарылып-теңтерилип барып эле көмкөрөсүнөн кулады. “Кызмончок, бизди коё бер?! – деп сурандым ошондо. – Баламды алып кетейин. Мына буларыңа айт, жол бошотсун! Ушуларың менен сен да кет! Элге залакаң тийбесин! Биз да сага жамандык кылбайбыз! ” – дедим. Айткандай эле, ошондон кийин тигилери кетишти. Жер которуп кетишти го сыягы. Биз сени алып, айылга шаштык… Анан эле жолдо куюн кубалап жетип, Асанды алып учуп кетип жатпайбы…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#227 Пользователь офлайн   bema_bema   05 Октябрь 2017 - 11:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Ушул жерге келгенде Абылай: “Уктап калды бекен…” – дегендей Бектемирди карады. Бирок кайдагы уйку:

– Анан? – деди уулу андан аркысын ылдам эле уккусу, билгиси келип. – Эмне болду анан?

– Анан эмне болсун… Асан барыптыр да, “өлгөн” Алымканды кайра тирилтип алыптыр. Калыс менен Мукан Асанды алып кетели десе: “Барбайм! Эгерде ата-энем да, эл да Кызмончокту кайра кабыл ала турган болсо, барам. Болбосо мен да тентип кетем”, – деп айттырыптыр. Кызмончоктун жанында баягы ак жыланы кошо жүрөт дейт.

– Мм… Билгем.

– Эмнени?

– Асанды… Шашпасын… Кызмончокту караганы башкача болчу. Чынтемирге келимиш болуп… Эки көзү…

– Мм… кантип эле капыл-тапыл ушундай болуп кетти дедим эле да! А тигичи? Келин? – алда неден шектенгендей сурады ата. Бектемир башын чайкады.

– Балким, күн мурунтан сүйлөшүп коюшту бекен? – азга унчукпай отуруп, чечкиндүү сүйлөдү эми Абылай. – Ылайым эле куттуу үйүбүздөн оолактатып, биротоло тентип кетишсе кана! Бирок… Касен карып баратат.

Баралына келгенде, ал бала атасынан өткөн табып болмок…

Бектемир ордунан тургусу келгендей кыңкыстап, эки жанын сыйпалап, башын көтөрдү.

– Балам! Кыймылдаба, каралдым! – чебеленди атасы. – Белиңе доо кетет, жата гой. Унут баарын. Өзүңө-өзүң жардам бер, балам. Болбосо, өмүр бою майып болуп калсаң, катын эмес кара балакет да жок!

Энең экөөбүздөн башка эч кимге керегиң жок болуп калат!

– Кантип жашайм, ата? – андан аркысын айта албай үнү каргылданып кетти.

– Кантип дегени эмнеси?! «Бала – белде, катын – жолдо». Кандай болгон күндө да сенден кеткен жок. Аны-мунусуна карабай колукту кылдың… «Бөрү баласы ит болбойт» экен да, балам. Ыраазы болсун эми. Көрдүк го…

Барсын… Бактылуу болсун… Асан – чөптүн тилин билген, тамырды кармап адамдын дилин билген эме. Тилин таап, «эки бакыр – бир тукур» болуп кетишер. «Тең – теңи менен» дейт.

Бектемир ээгин тиштене, көздөрүн жумду. Канчалык ичке жутуп, сыртка чыгарбоого аракет кылганы менен көзүнүн жашын тыя албай койду. Анын ыйлап жатканын ал түгүл апасы сезип, катуу үшкүрүнүп алды.

– Жайына кой, – деди эми кимисине ачууланганы белгисиз, бек-бек унчугуп. – Кайра “Кудай” деп кубангандын ордуна, бошогонуң кандай?! Ата-энеси, урук-тууганы уруксат берсе, ала берсин! Катындын каатчылыгы болсо да эмне болуптур?! Кудай буюрса, апаң экөөң аман-эсен жаркырап тура келсеңер, кыз деген табылат… Ата-энең, урук-тууган деген бар. Чекеге чертип туруп бир суйкайган кызды киргизип, бапыратып той берип, небере жыттап… Анын үстүнө тигиге талак да берип койбодуңбу, балам. Эми ал сенин катының эмес!.. – кесе айтты Абылай.

Бектемир бир катуу онтоп алды.

– Биз эле эмне, бу дүйнөгө тирөөч болмок белек? Өлсөк да силерден санаабыз тынып өз ажалыбыздан өлөлү да! Же эмне, ага чейин эле… бир катын үчүн энең экөөбүздү эртелей өлтүрүп аласыңбы?! Мына, энеңдин акыбалы! «Кантип?!» дебей, ошону ойлосоң боло, жок дегенде! Же бизди ошол кеткен катынга садага чабасыңбы, ыя?! .

Бектемир көзүнүн жашын арчып, жанында жаткан апасын карады.

***

Касен табып бул түнү үйүнө түнөгөн жок.

Эки колун артына алып, эшиктин алдында аркы-терки басып жүрүп, бир убакта шартылдаган боюнча Элик-Жонду карай жөнөдү.

Анын кайда баратканы, эмнеге баратканы артынан аңырайып карап турган аялына табышмак да, кызык да эле. Ансыз да уулун ойлоп, ою – онго, санаасы – санга бөлүнгөнү аз келгенсип, баятан бери улам жатып, улам туруп, күйөөсүн акмалай берип чарчады.

“Өлүк-тиригиңди көрөйүн! – деди эми карааны караңгыга сиңип, улам алыстап, көрүнбөй кетип бараткан эрине карай. – Деги эле кой! Мага десең ошондон ары жоголуп кет! Тим эле… унчукпай койсо, кара муну! Башка чыгып алат тура!”

Демейде мунун бардык кыял-жоругун көтөрүп, жөнсүз ажылдап жатса деле: “Болду эми, бай болгур. Тамакты тынч ичели”, – деп акырын-аста сүйлөп, кээде тек гана башын ийкеп унчукпай отуруп берчү күйөөсүнүн бүгүн минтип таанылгыстай өзгөрүп кетиши, баарынан да түнү бою үйгө кирбей, сырта жүрүшү ызасын кайнатты. “Алымканга баратабы?! – капыл-тапыл эле оюна ушул келе калды. – Ошого баратат! Эмнеге эле бүгүн башкача десе! Эмнеге эле Асандын тигини алам дегенине унчукпайт десе! Көрсө, кептин баары ушу экөөндө жаткан турбайбы?! ”

Ушул ой ага тынчтык бербей, ой-санаасы удургуп, кызганычтан мээсине кан тээп кетүүчүдөй башы чатырап, чыңалып чыкты. Бая, эртең менен Алымканга тил бүтүп, кадимкисиндей какылдап сүйлөп калганын укканда бир ушинткен болчу. Көзү караңгылап, кулагы чуулдап барып, тээ бир топко чейин жатып, качан гана Касен баштаган эркектер Бектемирди көтөрүп, тоодон түшүп келишкенде гана оңолгон. Алымкандын талаада жыгылып, ошол бойдон турбай калганын: “О, айланайын Кудай, ошого чала! Ошого сооп! Ырас гана болуптур! ” – деп ийген. Ошондо ал, ушунча жыл чогуу жашап, эрине биринчи жолу ичи жылып, ыраазы болгон. “Кантип таштап кетти экен? Өлүгүн көтөрүп келсе кантет элем? Анда эч качан кечирмек эмесмин!” – деген. Кубанычтан өзүнө-өзү батпай, элеп-желеп болуп, бир буту Абылайдыкында болуп, эне-балага бирдей дем салып, жараатын таңган эрине ичи ысып, эптеп эле элден четтеп, үйүнө келсе кучактап, өөп-жыттагысы

келип, кайра үйүнө чуркап казан асып… Бирок мунун баарын тең бат эле кайра Асандын жоголушу тууралуу кабар ойрон кылып кетпедиби. Баары бир тең, ушул бир тең болуп, асман-жери аңтарыла түштү. Бирок Касендин токпейилдигин жакшылыкка жоруп, ишенди.

Канчалык каарып-кууруганы менен, ичинде айылдыктарга эле эмес, табыпчылыгы узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына тараган эри менен тымызын сыймыктанган да жайы бар. Ошонун арты менен өзү да компоюп, кыйынсыган көп катынга теңелип, башын бийик көтөрүп келе жатпайбы. “Ийи, эмне экен, табып болсо, кыйын болсо – ошо элге болсун, ал сенин – койнунда жаткан эриң. Тигинтип, балканактай болгон уул төрөп бердиң. Жакасын агартып, тамагын жасап, үйүн- үй, жайын – жай кылып отурасың. Өйдөсүнбөй өлсүн! Өзүңө тың бол. “Эркекке ишенгиче, эки босогоңо ишен” дейт. Бир бузулса оңдой албайсың. Эмитен бек карма. Ала жибиңди аттатпа. Кыйын болсо “кыңк” этип көрсүн. Эл караган бетин жер катарып, абийирин аштай төгүп салсаң эмнеси калат?!..” – апасы муну келген сайын кулагына куйчу. Айткандай эле, апасы күйөо баласынын талуу жеринен кармап берген экен, Касен элге-журтка шерменде болуудан коркчу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#228 Пользователь офлайн   nurka85   09 Октябрь 2017 - 21:39

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 178
  • Катталган: 15 Январь 13
  • Соңку аракети: 07 Май 2018 12:49

А бүгүнчү? Бүгүн эмне болду ага?!

– Шашпа! – таноолору кыпчылып, энтиге түштү аял. –Көрсөтөм мен силерге! Же – мен, же – Алымкан! Ушундан келгенди көрбөсөм элеби, шашпасын! Жетип бүттү! Кекиртегиме жетти!..

Бул убакта Касендин караанын караңгы түн жутуп алгандай, көрүнбөй калган. Шашкандан көлөчүн оң-тетири кийе салып, эринин артынан жөнөдү аял. Демейде үйдү айланып барып келгиче эси чыгып, элеңдеп киргиче шашкан жаны, бу саам коркууну да унутту. Кээде өзүнүн эки бутуна ороло түшкөн этегине чалынып, кээде уңкур-чуңкурга түшүп, жаза басып көмкөрөсүнөн кетип, ансайын “Алымканды карай кетип бараткан” күйөөсүнө кыжыры кайнап, жек көрүп, бирде уңулдап ыйлап, бирде сооронуп барат. Колунда – чыга берерде кайсалап жатып көзүнө урунган бычак. Ишенгени, бел тутканы ошо. Касен менен Алымкандан өчүн ошол алып берүүчүдөй бекем кармап, мына азыр күнөөкөрлөр алдынан чыга калса уруп алчудай алып учуп, көзүнүн жашын булактатып алган. Бир убакта эсине өлгөн энеси түшүп кетти.

– Апа-а?! – деп, чындап энесин көргөндөй эреркеп кетти. – Апа-а?! Кана, баары жакшы болгону?! Кана, мени сүйгөнү?! Кана, элден корккону?! Ажаан болсоң эле коркот, эч жакка кетпейт дечү элең го! Тигине, эми Алымканына кетип баратат! Мени анчалык жакшы көрбөйт. Ал жөн гана мени алдайт. Баласы үчүн алдайт! Элге шерменде кылбасын деп алдайт! Мени эмне, билбейт дейсиңби?! Үүүү… Апа-а?! Мен тажадым минтип жашагандан! Мен жалгыздыктан тажадым! Үү-үү…

Алымканы дудук болуп калганда экөөбүз сүйүнбөдүк беле?! А тиги менден качып барып, ыйлап жүрдү го?! Мени билбейт, сезбейт деди ал. Ансайын ичимде ит өлүп жүргөнүн эмнеге сезбейт ал?! Баарын сезген эме эмнеге менин канчалык жакшы көрөрүмдү, ошон үчүн кызганарымды, ошон үчүн тажаалданганымды билбейт! Үү-үү… Алымканы өлүп калган жеринен эми Асан тирилтип алыптыр го?! Эмнеге антти, апа?! Эмнеге балам мени аяган жок?! Эмнеге?! Мен эми кантем, айтчы?!. Андай кыйын болсо, сени эмнеге тирилтип беришкен жок мага?! Үү-үү…”

***

Касен табып Элик-Жонго келди.

Ыраматылык Акбай карыя да көп учурда ушул жерде боло турган. Жондо отуруп, алаканга салгандай көрүнгөн айылга, тегерекбелге көз салып, көп маселени ушул жерден чечип келчү. Көпчүлүк менен кеңешип-кесер ишти да айылдын аксакал-көксакалын бу жерге чакырып, өткөн менен кеткенден кеп салып, кулактын кумарын кандырып отуруп анан маселенин ток этер жерине токточу. Карыянын кудум ыр айтып жаткансып куюлушкан жагымдуу кебине кулак төшөп, муюп клышар эле баары. Жада калса тестиер балдар да мурдуларын улам “шуу” эттире тартып коюп, былкылдабай отура беришчү.

Айрыкча, Акбай карыя комузун көтөрүп жөнөп калганда тестиерлер бири-бирин чакырып, жылаңайлак, жылаңбаш чуркап калчу эмес беле. Алардын арасында Асан да боло турган. Акбай карыя нускалуу, нарктуу жан эле, кайран киши! Эми бүгүн ошондой кишинин жоктугун айт. Карыганда адамдын баары эле жакшы карый албайт экен көрсө. Акылмандык, асылдык, аксакалдык – баарынын эле колунан келе бербейт окшобойбу…

Элик-Жондо отуруп, ушуну ойлоду Касен. Былтыр күздөгү окуяны эстеди. Ошондо алакандай айылга аңырбай, Кыдый сыяктуу беш-алты эле киши, болгондо да пайгамбар жашынан өтүп, өр таяп эле калган эмелер кыйсыпыр түшүрүп, Асылбекти үй-бүлөсү менен тирүүлөй өрттөп ийерде… жыландар ордосу менен каптап келип сактап калышкан.

Акбай атанын ошондогу, ай жарыгында этек-жеңи делбектеп, Элик-Жондон түшүп келе жаткан, андан кийин дүрбөп алган элди токтото албай, башынан тебетейи ыргып, өзү топуракка оонап жыгылып, жерде үч бүктөлүп жаткан элесин көрдү. “Кечириңиз? .. – деди кудум Акбай карыя алдына келип калгандай башын жерге салып. – Кечириңиз? Сизге канчалык жан тартып турсам да, ошондо мококтук кылып, өз кара жаным менен кулагымдын тынчтыгы үчүн тилимди тишиме каткан алсыздыгым үчүн кечириңиз?.. ”

Качантан берки бугун чыгарып, катачылыгынын баарын ошону менен жууп салгысы келгендей, эки ийнин сүлкүлдөтө ыйлап алды. Алымкан, уулу, Кызмончок калган тарапка кылчайып карады.

Айылдан, эң негизгиси атасынан жооп күтүп, Жинди-Чаптын үстүндө жаткан уулуна эртең бала чаптырып, “бар” же “жок” деген жообун айттырышы керек. “Ушундайда акыл кошор бирөө-жарымдын жоктугун кара, капырай! “Атадан алтоо болсоң да, ар жалгыздык башта бар” деген ушул белем?..” – деген Касен кеңешип-кесер адамды көрө албай койду. Анын үстүнө кимдин болбосун жообу: “Жогот де, кокуй! Жолотпо! Абылайдын катын-баласы эмне болгонун көрүп жатпайсыңбы! ” – деген сөз болорун билип эле турат. Бирок анда баласын кантет? “Жаштык – мастык” дейт, карманар жалгыз баласы, караан-бутагы, кагылып-согула элек неме таарынып, чындап эле жоголуп кетсе кантет?Ансыз да Кудайым сыр көрсөтүп, тигинтип учуруп барып алып барып, ошолорго кошуп коюптур… Эмне кылсам? “Алып келе бер!” – десем, энеси да киши өңдүү эмес. Сайрадан кыйын кастарын тигип, келинге душман болуп алсачы?..

Абылай менен катыны го, Кызмончоктон кутулганына кубанар. Ал эми Бектемир эмне болот? Ачуусу менен талагын берип, коё берип ийип… Эмнеси болсо да баары Кудайга аманат. Калганын да көрө жатарбыз! ” – деген Абылай бир бүтүмгө келгендей башын көтөрүп, түнкү айдарым абага жүзүн тосуп, көкүрөк кере терең-терең дем алды.

Тезирээк эле таңдын атышын каалап кетти. Так ушул жерге айылдын улуу-кичүүсүн чакырып, Кызмончокту үйүнө бүлө кылып кабыл алууну чечкенин айтып, андан кийин тыңыраак эки баланы өзүнүн кара жоргосуна мингизип, уулун карай чаптырууну ойлоду. “Ага чейин, баарынан мурда Абылай менен акылдашып, оюн угайын, Бектемирдин да алдынан өтөйүн…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#229 Пользователь офлайн   bema_bema   11 Октябрь 2017 - 14:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Балдар келгиче анан урук-тууган менен тойго камынып, баламды жер каратпай бетин ачып, элдин батасын алып… Андан кийинкиси дагы Кудайга аманат. Баарыбыз бир пикирге келип турак, энеси деле кайда барат? Кандай болгон күндө да эне эмеспи…” Каяктандыр кыңылдаган үндү эшите калды. Кулак түрдү. Аялдын ыйына окшоду. Этек-жеңин кагына ордунан туруп, үн чыккан тарапка басты.

– Ким, ой?! – үн катты Касен. – Кимсиң?! Аялдын үнү “тып” басылып, тынчып калды.

Тек гана кулагына угулуп жаткандай, кулак-мурун кескендей жымжырттык…

Эки колун аркасына алып, кабыл алган чечимине канааттанган кыязда эми батбат шартылдай басып, айылды карай түшүп кетти Касен.

***

Жана жыгылган боюнча бүктүшүп жаткан аял башын араң көтөрүп, Касендин карааны көрүнбөй калгыча карады. Табылгасын кимдир бирөө менен бөлүшүүгө шашып бараткандай эки этегин делбектетип, үйдү карай арышын кенен-кенен таштап кетип бараткан эрине эмнегедир ичи жылыды.

Ошол жылуулук бүт тулку боюн ысытып бараткандай, жаны жай алып, барган сайын магдырап, көзү жумулуп бараткан болчу… Айлана-тегерекке ак жарык түшүп, ордунан жеңил туруп, кызыл-тазыл гүлдөрдү аралап, кайдадыр кетип баратты анан… Эки ууртунан күлкүсү төгүлүп, канат бүтүп калгандай башкача бир жеп-жеңил, бактылуу болуп алыптыр. Алыста аппак кийинген кыз-келиндер кол булгалап чакырып, бул жакындаган сайын улам арылап, кудум абада калкып бараткандай буттары жерге тийбей, шарактап баратышат.

– Жаңылай?! – дейт аңгыча тааныш үн.

– Чоң энемдин үнү го?! Эне?! – айланыптегеренип чоң энесин издейт.

– Кайда баратасың, ботом? – арт жактан угулат үн. Алыстан үрүл-бүрүл элеси көрүнөт.

– Үйүңө барбайсыңбы? Касениң издеп жатпайбы! Капырай, эмне болуп калгансың, карыганда?! Бала болуп кеткенсиңби?

– Карыганда?

– Кудай карытсын балам. Карылыкка жеткирсин. Асаның колукту алам деп, кайнене болгону жатсаң… Камынбайсыңбы, ботом!

– Кайнене? Кызмончоккобу? Эмнеге сиз да ушинтесиз? Эмнеге мен бактысызмын, чоң эне? Жаңылай үнүлдөп ыйлай баштайт.

– Балакетиңди алайын. Сенин бактың башыңдан чоң. Ошону билбей жатпайсыңбы. Кандай жерге бардың, адамга туш болдуң, карачы?

– Сиз муну мен күйөөгө кетип жатканда айткансыз. Кана, ошол бакыт? Ошондон бери эле ыйлап, куурап келе жатам го?

– Сен өзүңдү-өзүң кууратып жатпайсыңбы? Капырай, кызгануунун да чеги болот. Же Касениң башкаларга окшоп, үстүңө бирөөнү киргизип койдубу? Ойлончу. Жакшы аял – жаман эркекти орто, орто эркекти мыкты кылат. Ал байкуш эле жыргап жүрөт дейсиңби? Катындан бак айтпаса, кай эркек жыргап кетиптир? Жакшыны – жакшыдай күтүп алыш керек, балам. Сен канчалык жакшы болсоң, башыңарга бак конот. Ыркырап эле турсаң, койнуңдагы эриң эмес, башыңдан– бактың, үйүңдөн – ырыскың качат. Аял – жердей көтөрүмдүү, кечиримдүү болуш керек. Ушунун баарын жанагы келин кылды, кирише берип…

“Жанагы келин” дегени – Жаңылайдын өз энеси болчу. Небереси дагы бир нерсе айтып, жооп бергиче:

– Бар, балам! Батыраак үйүңө бар! – деди да, шарт бурулуп көздөн кайым болуп кетти.

– Эне-е?! – ыйлап ойгонду аял. Эми элеки ысып-күйүп жаткан денеси муздап, үшүп калыптыр. Колу менен бекем басып жаткан жеринен кан жыбылжып агып, бир ыптасы чыланып кетиптир.

***

Касен келип эле аялын таппай калды. Чай кайнам күтүп отуруп, санаасы чыдабай сыртка чыкты.

Үйдү айланып-тегеренип, карап:

– Жаңылай?! – деди.

Жооп болгон жок. Эсине Элик-Жондогу үн “тык!” эте түштү. “Баягысын аңдымайын карматкан экен, – деди адегенде ачууланып.

– Адат деген калбайт экен…” Буйдалбай ошол тарапты карай басты эми.

“Анан сеники туурабы?” – деди жолдо баратып экинчи бир туюму кайра. Жаңылайдын жанагы кирбиңдеп, күнөөсүн мойнуна алып калганына да ичи жылыды. “Анын кыялжоругун, кызганчаак экенин билесиң. Бир жагынан баласын ойлоп, аларга Кызмончок кошул-ташыл болуп… Болгон мүнөзү, түшүнүгү ошол болсо кантсин, бечара? Антип турса сен да бир ооз үн катпай, баса бербедиңби… Ар демени ойлогондур да, издегендир. Бирок, демейде менден мурда келип калчу эле үйгө. Эмне болду десең? Же баласын издеп, Жинди-Чапка кетип калдыбы?..”

***

Бир ыптасын кош колдой мыкчыган Жаңылай улам туруп, улам жыгылып, кээде боортоктоп боору менен жылып отуруп, бир далай жерге келди. Анда-санда:

“Касе-ен! – деп кыйкырган болот. – Аса-ан?” Бирок алы кетип, муун бошоп барат. Шыбырга айланган кыйкырыгын өзү гана угат. Ошол маалда кандын жытынан го, бирэки ит шимшиңдеп келип, кайра кетти. Аларды көргөн сайын заманасы тарып: “Я, айланайын Кудай, ушул жерде өлүп калып, ит-кушка жем боломбу? Тирүүлөй кардымды жарып, үзүп-жулкуп жеп кетишсе кантем?!

Жок, кантип эле ушундай болсун? Кантип эле баары ушинтип бүтүп калсын?” – деген ой айланчыктайт. Ансайын чымырканып, тиштенип, алдыга жылат. Үйү, жылуу төшөгү, алдуу-күчтүү кези көзүнөн учат. “Кокус өлүп калсам эмне болот? Касендин катыны талаага барып жарынып өлүп, ит-кушка жем болуптур дешер?”

Короосуна боз үй тигилип, Касен менен Асандын эки колун бөйрөгүнө алып, өкүрүп ыйлап турганы элестейт. Башкаларга эмне, ичип-жеп алып кетип калышат. “Жаңылай андай эле, мындай эле” деп кеп кылышат…

Мага ошол экөө эле күйөр… Бирок өлгөндүн артынан ким өлмөк эле, алар деле бир күнү сууйт эмеспи. Ким-кимиси өз күнүн өзү көрүп…

Асан катын алса, бат эле алаксып унутат. Энени ким эле эстеп жүрүптүр. Мен деле жашап жүрбөймүнбү, жалгыз карманарымдан айрылып. Касен болсо канчага жалгыз чыдайт дейсиң? Алат да алчусун. Болгондо да Алымкандын колун сурап барар…”

Жок! Мындай жашоону каалабай кетти ал. “Ой, Кудайым ай, ушунун баары түшүм болуп калса эмне? Анда жашоону сүйүп, өмүрдүн ар бир ирмемин сүйүп, Касенди кадырлап, сыйлап алат элем! Мейли, балам деле Кызмончокту алса мейли дейт элем. Андан аркысын алар менен чогуу көрөт элем…”

Анын ушул үнү Кудайга жеткендей, жакын эле жерден Касен:

– Жаңылай?! – деди. – Кайдасың, Жаңылай?!

Жаңылай болгон күчү менен:

– Биякта-а! – деп кыйкыргандай болду.

Бирок анысы сыртка чыкпай, ичинде калды. Жандилинде далбастап жатып, араңдан зорго колун өйдө көтөрүп, бирок бат эле кайра таштап жиберди. Жаңы эле ошол туштан өтүп бараткан Касен “селт” этти. Адамдын онтогон добушун эшитти.

– Жаңылай?!

Кыңылдап, кыңкыстаган Жаңылайды аңыздын ичинен тапты.

– Жаңылай?! Эмне болду сага? – сулк жаткан аялынын башын көтөрүп, денесин сыйпалап жатып, колу капилет бычакка урунду.

– Бул эмне?! Бул эмне кылганың?! – калдастап калды. – Олда, шордуум, ай!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#230 Пользователь офлайн   Tenirova   16 Октябрь 2017 - 20:27

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 184
  • Катталган: 14 Август 13
  • Соңку аракети: 20 Май 2020 17:17

Бема кутуп жатам ушул чыгарманы аягына батырак чыгарынчы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#231 Пользователь офлайн   bema_bema   17 Октябрь 2017 - 16:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

– Кечир? – аялдын эриндери алсыз дирдир этти. – Мени кечир? Касендин көзүнөн тыпылдап кулаган жаш Жаңылайдын жүзүнө тамды.

– Ыйлап жатасыңбы? – аягандай, ыраазы болгондой сурады аял.

– Сен да мени кечир? – Касен аялын колуна таптак көтөрө коюп, калдаңдап айылды карай келе жатты.

***

Асан Жан менен Кызмончоктун жанына келип отурду. Экөөнүн ортосунда отурган келиндин эки көзү, кулагы Алымканда болгону менен, туюмунда бир жаны экиге тең бөлүнүп, кимисине көбүрөөк ооп, кимисине көбүрөөк тартыларын өзү да биле албай, бушайман болуп кетти.

Жылан тараптан келген эчактан тааныш, боорукер, камкор, сызылып сыздап турган сүйүүнүн мелүүн илеби менен Асан тараптан келген өжөр, аруу, алгачкы сүйүүнүн ысык илеби так Кызмончоктун жүрөк тушунда урунушуп, жол талаша тартылышып, түртүлүшүп, ансайын ал экөөнүн өзүн да, айрыкча Кызмончокту кыйын абалга кептеп, кыл тиштешип турган болчу.

Сыртында тек гана бири-бирине жакын отурган үчөө сыяктанып көрүнгөн булл үчөөнүн бул абалын сезбей, өз дүйнөсүндө өзүнчө түйшүктөнүп отурган Алымкан тизесине башын жөлөп жатып, мемиреп уктап кеткен уулунун маңдайынан сылап отуруп, кайненесинен уккан жомогун баштаган болчу…

…Эмнегедир апам ошол күнү башкача эле…

Көптөн бери төшөктө жатып калганына карабай баш көтөрүп, айлана-тегерекке суктана карап, ал күнү сыртта – өзү жакшы көргөн секичеде жата турганын айтты. Суранычын аткарып, жуунтуп-тазалантып, чыпалактай эки өрүм күмүш чачын сыйдалап өрүп, жаңы кийимин кийгизип жаткырдык. “Апам жакшы болуп калды”, – деп балдарымдын, айрыкча тун уулумдун кубанычында чек жок. Көрсө, бой түзөгөн экен жарыктык.

Ошентип, ошол күнү кечинде апам кол арага жарап калган неберелерине да ишенбей, өз уулун – менин күйөөмдү жиберип, Асылбекти чакыртты. Түн ичинде, болгондо да баарыбызды жаткырып коюп, Асылбекти чакыртышы – таң калыштуу да, кызык да эле. Анын үстүнө, апамдын ичинде эч кимге, эч качан айтылбастай туюлган кандайдыр бир улуу сыр жатканын келген күндөн тартып туяр элем. Айрыкча, апам карып, алдан-күчтөн тайыган сайын ошол сырын эч кимге айтпай, өзү менен кошо алып кетип калабы деп бушайман да болуп жүрдүм. Кээде, апамдын көңүлү жайдары кезде: “Апа, эмнени эле күңгүрөнүп ойлоно бересиз? Мага деле айтсаңыз?” – деп чекесин чыгарып сураган күндөрүм болгон. Андайда: “Ок! Арам какмар, узун кулактыгыңды коюп жүрчү!” – деп чочуп кетчү. Ансайын кызыгуум күчөп кетер эле. Жарыктык киши…

Ошентип, Асылбектин келе жатканын билгенден кийин апам баарыбызды үйгө киргизип жиберип, секичеде өзү жалгыз жатты…

Менде кайдагы уйку? Жолдошум балдары менен уктагандан кийин кайра туруп, шырп алдырбай сыртка чыктым. Асылбек экөө сүйлөшүп отурушкан экен.

Апам абдан кыраакы киши эле да. Менин чыкканымды сезгендей демин ичине жутуп, унчукпай тыңшап калды. Дымып эле калдым. Бир чети билинип калбасам экен деп коркконумдан, бир чети уятымдан эки бетим от менен жалын болуп, ысып кетти. Бирок бул эчактан берки мени таңсык кылган сыр мени ынтызарлыгымдан тайбас кылып койду да. Дабыш чыгарбай жылаңайлак келип, жакыныраак бир жерге далдаланып отуруп, тыңшай баштадым…

Апам Асылбекти жанына жакын отургузуп, ансыз да алсыз үнүн басаңдата, жай сүйлөп жатты.

– Мен бул таңдан чыкпай калдым го. Бирок мен билгенди жер үстүндө бир киши билип калсын дедим… Бирок бу сырды башка эч кимге айтпашың керек, – деди жарыктык киши. Ошондо менде: “Колуна бала кезде келдим эле. Ушу кезге чейин көзүнүн карасы менен тең айланып, кирпигине кир жугузбай багып келе жатам. Неберелерди төрөп бердим.

Апам мага ишенбей, мага айтпай, башка бир адамга, болгондо да эркек кишиге ишенип сырын айтканы эмнеси?” – деген таарыныч да, кызганыч да пайда болду.

– Катының да укпасын. Антпесең, арты жакшы болбой калат, – деди анан. Биякта туруп менин бүткөн боюм “дүр” этти.

– Илгери-илгери тээ Жинди-Чап түшкөн жер көк тулаңы жайкалган жашыл төр болгон дешет… Береги жылаңач асканын боорунан дирилдеп булак агып, ал булактан кыз-келиндер суу алып, сапырылган шаркыратмага денелерин жуучу тура… – деп мына азыр биз отурган жер – ушул адыр, ушул Жинди-Чап тууралуу кебин улады энем, жарыктык.

Алымканды угуп отургандар бүшүркөй карашты. Асандын оюна дароо жанагы отун чогулткан жер элестеди.

Алымкан болсо укканын – уккандай, ал түгүл Бүбү эненин ошондогу каргылданган добушу, ошондогу ыргагы менен эч бир сөзүн төкпөй-чачпай, ырааты менен айта баштады.

Ооба, ал түгүл эненин кай жерден дем алып, кай жерден унчукпай, кай жерден үнү үзүлүп калчудай дир-дир этип барып уланган жеринен бери жатка билчү. Анткени муну ал ар дайым, келме айткандай ичинен кайталап, ичинен угуп жүрөр эле…

– Анан… кайсы бир күнү ошол айылдын башына каран күн түшүп, бейкам жаткан элди кайдан-жайдан жоо каптап, заматтын ортосунда айылды өрттөп, күлүн көккө сапырып жиберишет! Сууда ойногон кызкелиндерди тегеректеп, мазактап кордомой болушат. А бирок ошол кыз-келиндердин арасында жай чилдеде борошолоп кар жаадырып, кыш чилдеде торгой ырдаткан жайчынын жалгыз кызы болгон имиш. Ошондо кыз: «Ушуларга кордолгуча өлүп тыналы! Тынч элибизге кастарын тиккен канкорлорду ала жаталы!» – деп атасынан үйрөнгөн дубалардын эң катаалын каргыш менен жууруп окуй баштайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#232 Пользователь офлайн   Suiomseni   19 Октябрь 2017 - 13:39

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 71
  • Катталган: 17 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 09 Май 2021 17:23

Кутуп атабыз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#233 Пользователь офлайн   bema_bema   21 Октябрь 2017 - 03:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Тээ качанкы жомок…

Бүбү эненин гана дүйнөсүндө тымызын жашап, кийин Асылбек менен Сырга билген, бирок үчөө тең өздөрү менен кошо оо дүйнөгө

ала кеткен табышмактуу сыр. Ошол сырды жашырып, уурдап уккан Алымкан ким бирөөгө шыбырай коём деп кайнененин каарына калып тил ооздон калган, ошондон кийин тилин тишине катып жүргөн каат сыр. Антсе да “калк айтса – калп айтпайт” деп, калың элди дүрбөлөңгө салып, бири билип айтып, бири билбей айтып, аягы үрөй учурган укмуштуу ойго салып, айылдын элин Асылбектин кызына, үй-бүлөсүнө каршы төбө чачты тик тургузган айла-амалдарга алып барган апаат сыр.

Айтор, Кызмончок менен Жандын таң калыштуу тамырлашкан тагдырларына кандайдыр тиешеси бар өңдүү ошол табышмактын жообу так ушул күнү ушинтип, укмуштуу жомокко айланып, аялдын каргылданган добушу караңгы түндө ансыз да сырдуу, сүрдүү адырга ого бетер сүр берип, ушинтип башталды…

***

Ал күнү алардын оюнда эч жамандык жок эле.

Ар бир үйдүн ак таңындай, ар бир үйдүн күнүндөй болуп, ошол күнү да алар күлүп, жадырап ойгонушкан. Баары жаш, баары сулуу, күлгүндөй кыздар. Арасында турмуш босогосун эми гана аттап, жаңы эле башына ак жоолук салынган, курсактарына кичинекей “түйүнчөк” көтөргөн жаш келиндер да бар болчу.

Алар булакка ойноп келишкен. Ойногону ошо – булактын этеги тээ ойдуңга түшүп барып, ботонун көзүндөй болгон көлмө болуп чогулуп, андан чыккан билектей суу мына бул Жер-Куй жаткан жер менен тээ кайдадыр агып кетер эле. Ошол жерге келип жуунуп, кудум ак куулардай калкылдап ойноп кетишчү. Көлмөнүн тегерек-белиндеги кол менен жасап койгондой шуулдап, ийилген бутак-шагында куштар уялап, булбулу сайрап, күкүгү үн салган тал-теректер кыздарды далдалап, айтор, ажайыпты айтып берүүгө сөз жетпечү экен…

Мына ошондой маалда жер дүпүрөп, алда кайдан келе жаткан укмуштуудай добуш айылдыктарды “селт” эттирет.

– Жоо! Жоо келе жатат! Айланайындар, жоо-оо! – деген чаңырык айылды бир каптап өтүп, “тып” басылат.

Айгай салып, чуру-чуу менен чаап келе жаткандардын сүрүнөн жер титиреп, аскатоо солкулдайт. Алдынан тосуп, чуркап чыккандардын баштары ыргып, көкүрөктөргө малынып, канга жуулуп, жалаңдаган найзакылычтар күнгө жаркылдайт!

Эми эле тып-тынч жаткан айылга каран күн түшүп кыйкырык, ый, алоолонгон кызыл жалын, кара түтүн каптап, бир заматта алаамат түшөт да калат. Дүпүрөгөн үйүр-үйүр жылкы, короо-короо кой-эчки айдалып, олжого түшөт. Бирок дагы аласалары калып калгандай, жоо жигиттер аттары менен айланып-тегеренип, айылдан бир да кыз бала көзгө урунбаганына ишенбей, кылчакташат.

– Ал кайда?! – дейт ат үстүн-өлүү-тирүүлөрдү кыдырата карап бастырган башчысы алда неден шектенгендей, жанындагы жигитке карап. – Же келерибизди билип, бир жерге катышканбы? !

– Андай болушу мүмкүн эмес. Мобу адырдын үстүндө кыз-келиндери жуунуп келчү булак бар. Болду-болбоду, алар ошол жакта, – дейт мурдараак думана кейпин кийинип, келип-кеткен тыңчы жигит.

– Не бар, не жок, балким бара кетерсиз, улугум?

Ошентип, атчандар жоо жарагын шарактатып, булакты карай чабышат.

Капыл-тапыл тапырап чаап келе жаткан атчандарды алыстан көрүп, кыздар чаң-тополоң түшүп калышат. Көп нерсени алыстан баалап, сезе билген Күнайым:

– Келе жаткандардын түрү жаман! Оңбой калыппыз! Биз баарынан айрылган экенбиз, кыздар! Ата-энеден, бир туугандан, баарынан! – деп көзүнүн жашын буурчактатып, боздоп ийгени!

Ушул убакта айылдын үстүнөн боргулданган кара түтүн асманга тарап, каңырсыган күйүк жыты бу жерге да келип калган.

– Оңбогурлар! – Күнайым чурулдап-чуркурап, бири-бирине коргологон кыздардын алдына суурулуп чыгат.

– Мобу кыз эмеспи?! – дейт буларга жетип-жетпей токтогон башчы жигит камчысы менен Күнайымды жаңсай.

– Дал өзү! – анын оюн түшүнө койгон жигит шар кетет. – Дал өзү!

– Керемет!.. – көзү агып түшүп калчудай тиктейт.

Ошол тапта Күнайым тизелеп отура калып алакан жаят:

– О, Кудай?! Мага жардам бер? – атасынан үйрөнгөн дубаларынын кайтарымы жок эң катаалын, эң күчтүүсүн окуй баштайт. – Мени кечиргиле, кыздар?! Айылыбызга апаат салган эки аяктуу айбандарга тебеленип-тепселгиче, өзүбүз да өлүп, буларды да өлтүрүп тыналы!

Карап турган атчандар кыздарды карап, бир аз убакытка нес болуп, кыздардын ажарына, келбетине мас боло маашыркап тургуча Күнайым дубасын толук окуп жетишет. Айткандай эле, ошондо алай-дүлөй болуп, заматтын ичинде кара түн түшүп, асман-жердин ортосунда чагылгандар каршы-терши сайылып, кар жаап жиберет. Көздү ачыпжумганча тоо козголуп, жер көчүп, алаамат болуп кетет! Баягы булактуу аскалардын арасынан ажырап жараңка кетип, кыз-келиндер да, жоо да курал-жарагы, минип турган атматы менен бүтүндөй ошол жараңкага – жер куйга түшүп кетет!

Ошондон кийин ушул адыр, ушул Жер-Куй ушинтип ыйлап, шаркыратма, булагы соолуп, боорунда бороону улуп, кагырап калган дешет… Бирок тагдыр-буйрукка айла жок, жайчынын кызы – Күнайымды Кудай колдоп, эч бир жери жабыркабай, аман калат. Тээ бир далайдан кийин эсине келген кыз: «Көзүмө бирөө-жарым тирүү көрүнөр бекен?» – деп, жараңканын ичинде ар кай жерде сенейген өлүктөрдү кыдырып жүрөт…

Каректери чанагынан чыгып кетчүдөй окшуңдап, ар кай жерде корулдап, тоодой болуп жаткан жылкы, ар кай жерден колубуту чыгып, топурак-ташка басылган жансыз денелер…

Күнайым улам бирөөнө чуркайт. Сыртта жаткан кыздардын тамырын кармайт, ага да ишенбей, жүрөгүнүн тыңшайт. Таштай коюп кийинкисине чуркайт.

– О, Кудай?! Ким бар?! Ким бар?! – дейт.

Бирөө-жарымдын тирүү экенин көргүсү, үнүн уккусу келет.

Элеңдеп, айлана-тегерекке кулак түрөт. Тээ көз жетпеген бийиктиктен агылып, куюлуп түшүп жаткан топурак-шагылдын, ар кай жерден тоңкулдап кулаган таштардын доошу, ара чолодо адамдын кыңкыстаган үнү угулат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#234 Пользователь офлайн   bema_bema   24 Октябрь 2017 - 16:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Ый аралаш, ыза аралаш кыйкырат кыз:

– Ким баар?!

Үнү аска-жарга барып урунгандай кайра өзүн туурап, жаңырыкка айланат:

– Ким ба-ар?! Ким ба-ар?!

Ансайын топурак-шагылдын курулдап куюлганы күчөй түшөт. Асман кайда?! Айланып-тегеренип асманды таппайт кыз… Тең жарылып кеткен жараңканын ичинен чаңга аралаш кара булоолонгон буу чы-гып, боз туман каптап калгансыйт.

– Ким ба-ар? – акырын, алсыз кыйкырат кыз. Жакын эле жерден топурак бүлкүлдөп, жер алдынан кыңкыстаган үн чыгат.

– Ким?! – жетип келип кулак түрөт кыз. «Кокус душман тараптан эмеспи?» – деген ой «тык» этет. Жер алдындагы үн кыздын үнүнө окшошот. Ошого көзү жеткенде гана Күнайым ошол жердин топурак-шагылын колу менен шилеп, жанталашып каза баштайт. Тырмактары сыйрылып түшүп, манжаларынан учунан кан сызылып, таамп калгыча жер казат. Акыры мээнети текке кетпей, курбусу Дүрайымды таап алат. Булар бир жылда, бир ай, бир күндө туулгандыктан, ата-энелери ушинтип окшош ысым берип, экөө бир туугандай коюндаш, моюндаш болуп өскөн кыздар эле.

– Дүрайым? Суранам, көзүңдү аччы? – эс-учун билбей шалактаган кыздын колу-бутун ушалап, өз этегинен айрып ала коюп жаратын таңат. Болгон күч-аракетин жумшап, эсине келтирет.

– Эмне кылсаң да мени бу жерден чыгар? – дейт ойгонгон курбусу көзүнүн жашын көлдөтүп. – Өлгүм келбейт менин! Угуп жатасыңбы? Өлгүм келбейт! Эмнеге ушундай кылдың, я?! Жек көрөм мен сени, Күнайым! Жек көрөм?!

– Мени кечир? – айыптуудай жер тиктейт кыз. – Башка аргабыз жок болчу. Ата-энебизди, бир туугандарыбызды өлтүрүп, айылыбызды өрттөп, күлүн көккө сапырган душманга мындан артык жаза таппадым. Биз ата-энебиз, элибиз үчүн өзүбүздү курмандык-ка чалуу менен душмандан кек алдык! Башка аргабыз жок эле!

Дүрайым калчылдак баскан колдору менен Күнайымдын колун мыжыга кармайт:

– Жок, жок! Мен бу жерден кетем! Сен кааласаң кала бер! Бирок мага жардам бер! Мени жибер! Мен – эне болушум керек! Мен балдарым менен жер астында эмес, жер үстүндө жашашым керек! Айт, аткарам де! Мына мунун баары колуңдан келген, ошол кантип келбесин?! Ооба дечи, байболгур?!

– Ооба. Ал үчүн сен да аракет кылууң керек.

– Кантип?

– Ал-күчүңдү, эсиңди жый! Калганын дагы көрө жатарбыз!

Дүрайым ый аралаш жылмайып:

– Билесиңби, менин ушундай көп уулум-кызым, алардын да ошондой балдары, балдарынын да балдары болот, ээ? Баары айланып-тегеренип, менин жанымда болушат.

– Кудайым насип кылсын, – курбусунун тилегин ый аралаш ичи элжирейт.

– Алардын арасында сендей сулуу, сендей акылдуу, сендей… жок, бирок сенден да башкача кудуреттүү, күчтүү, жерде сойлогон жыландын да тилин билген, адамдан башкача кыз туулат. Ал ушундай акылдуу болот…

Ооба дечи? Алсырап, араң дем алган Дүрайымдын жайнаган кош кареги: “Ушундайбы? ” – дегендей жалдырап, үмүттүү тиктейт.

– Кудайым тилегиңди кабыл кылсын, — дейт кыз. Курбусунун маңдайынан сүйүп, боо-рунун жылуулугун өткөрүп, кучагына кысат. Ошондон көп өтпөй, Дүрайым куландан соо туруп кетет.

Экөө андан ары тирүү жан издеп, үчүнчү бирөөнү – жоо тараптын бир жигитин табышат. Башка тирүү киши табылбайт. Баягы жигиттин онтогону, үнү Кудайга жеткидей болсо, киши чыдап тура алгыс дейт.

– Экөөбүзгө мунун күчү, жардамы керек! Жок дегенде бизге караан болсун! – дейт

Дүрайым жоо жигитинин жанында башын шылкыйтып, ойго чөгүп, ыргалып отурган Күнайымга. – Жардам берели?! Курбусунун дегенин эп көрүп, ынанат кыз.

Мына ушул күндөн тарта, үчөө жер үстүнө чыгуу менен алектенип, бирок аракеттеринен майнап чыкпай, Жер-Куйдун ичинде эле айланып-тегеренип, бака-жыландар менен аралашып жашап калышат. Ошондой күндөрдүн биринде жигиттин Күнайымга болгон жылуу сезимин Дүрайым байкай баштайт. Ансайын жүрөгү «тыз-тыз» этет. Анткени, жигитке өзүнүн көөнү түшүп, жактырып жүрөт. Курбусуна тымызын кек санап: «Сени шашпа!» – дей баштайт. Канча курдай аны көз жаздым кылып коюуну ойлоп, бирок бир гана нерсе аны кармап турат: “А кокус, бул өзу менен кошо жер үстүнө чыгуучу дубаны ала кетпесин”, – деп коркот. Күнайымдын ичи-койнуна кирип, сырын тартат. “Балким, атайылап эле айтпай, атайылап эле кеткиси келбей жатат”, – деп шектенет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#235 Пользователь офлайн   Suiomseni   27 Октябрь 2017 - 08:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 71
  • Катталган: 17 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 09 Май 2021 17:23

Уландысы качан эми
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#236 Пользователь офлайн   bema_bema   27 Октябрь 2017 - 20:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Ал эми Күнайымдын жүрөгүндө душ-ман жигитке карата жибибеген, ты-мызын жек көрүү бар болчу. Муну жигит да сезип, андыктан ашыктыгын айта албай ай-быгып келет. Мына ушундай күндөрдүн биринде Күнайым ооруп калат. Жигит катуу сабыркап, кыздын сакайып кетиши үчүн кам көрүп, күн-түн жанынан чыкпай зарлап, Жараткандан анын эсенди-гин тиленет. Ансайын кызганып, Дүрайымдын күй-бөгөн жери күл болот. Күнайымга кастарын тигип, ниети ка-рарып, жек көрүү сезими күч алгандан күч алып отурат. Бир күнү Күнайым өз дартына шыпаа болчу бир гана чөп бар экенин, ал чөп жа-лама асканын боорунда гана болорун айтат.

– Мен аны таап келем! – дейт жигит. – Сөзсүз таап келем! Сен болгону күчүңдү жый! Мени күткүн, макулбу? Мен сөзсүз таап келем! Чын ниети менен аттанып бара жаткан жигитке Күнайымдын ичи жылыйт. Дүрайымдын жан дүйнөсүнө ого бетер кыйсыпыр түшөт.

Акыры, экөө жалгыз калган күнү:

– Күнайым, ачык айтып, ак сүйлөшөлү, бизди жер үстүнө алып чыгуу эми чындап эле колуңдан келбейби же каалабай жатасыңбы? – дейт.

– Колумдан келбейт, – дейт Күнайым. – Дуба окуурда мен анын кайра кайтарылбасын суранган болчумун.

– Демек, сенден үмүт кылуубуз бекер турбайбы? Ушул чуңкурда өлөт экенбиз да?

– Кечир?

– Мен сени кандай жек көрөрүмдү билесиңби?! – муун-жүүнү калчылдаган курбу кыз жер чапчыгылап, ый аралаш чаңырат.

– Сабыр кылчы, Дүрайым, сура… – деп келе жаткан Күнайымдын оозуна кум кочуш-тап куюп жиберет.

Тура калууга аракеттенип, башын кө-төрөм деп жер таянган кыз какап-чакап кай-ра жыгылат.Дүрайымда тээ бала кезинде эле курбусу-на суктана турган. Беш көкүл кезинен тартып эле өзүнө караганда курбусунун алда канча сулуу, алда канча акылдуу, анан калса башка-ча бир артыкчылыктары бар экенин сезип, билип, бара-бара ошол суктануу – тымызын ич тарлыкка, атаандашууга, анан билинбеген жек көрүүгө ооп, бирок Күнайымдын эсепсиз жароокерлиги баарын жууп, унуткарып салчу. Бул Жер-Куйга түшкөнү, айрыкча алар-дын жашоосунда Зумураттын пайда болушу ошол сезимдерин ого бетер өрчүтүп, күчөтүп жиберди.

– Мен сени жек көрөм! – деди какап-чакап, жер чапчылап жаткан кызды туш кел-ди ургулаган Дүрайым:

– Мен сени жек көрөм! Жек көрөм!

Курбусунан мындайды күтпөгөн Кү-найым балбылдаган кош карегин бир че-ти таң калып да, бир чети жардам сурап да жалдыратат. Баягы Жер-Куйга кулаган күнү белине доо кетип, бирок ооруганына кайыл болуп басып жүрө берген кыз азыр турмак турсун, оодарылууга дарамети жок эле. “Жок де-генде башымды көтөрүп койсо эмне?” – деп Дүрайымдан көзү өтөт.

– Арам өлүк! Тирүүнүн өлүгү! “Ашка жүк, башка жүк!” Канча күндөн бери өлүгүңдү ар-тып жатасың, какмар!– өзүн жогото, ичинде-ги бугун төгүп, буулуккан сырын төгүп, эмне деп жатканын өзү да кээде билсе, кээде билбей сүйлөй берди Дүрайым. – Тиги асман менен сүйлөшчү элең го?! Эми эмне жатасың жал-дырап?! Же эмне, Зумураттын көзүңдү карап, колуңду кармалап отурганы жагып калдыбы?! Болбосо, кыйын эмес белең, турбайт белең! Кара жерди айрып, баарыбызды ушул акы-балга алып келген сен, эми өлүгүндү артып калат экенсиң, а?! Сен да өлөт экенсиң, а?! Мен сени кыйын деп ойлопмун да?! Сен де-ле мендей бирөө экенсиң да?! – балбаалаган көз жашын жеңи менен арчып, бир убакта

Дүрайым:

– Какмар! Баарын кылган сен, уктуңбу?! – деди мистейип. – Эгер сен болбосоң, жок дегенде биз тирүү калмакпыз! Жоого тиет бе-лек, зоого тиет белек, бирөөнө катын болмок-пуз! Бала тууйт элек, эне болот элек! Сен канча кызды өлтүрүп, убалга калдың, какмар! Мы-на эми, өлгөн аттын этин жеп, ач күсөнгө ай-ландык! Канчык! Топурак-ташка каткан арам тамагың канчага күлазык болот, я?! Мына бу кейпибизди карачы! Жок дегенде өлүп бара-тып да менин шыбагамды талашасың! Мен сага, Зумуратты бербейм, уктуңбу?!

Эриндери көгөрүп, көздөрүн жалдыратып “сулк” жатып калган курбусунун алдындагы көрпөчөнү сууруп алат:

– “Душман!” деп коет! Андай болсо, душ-мандын төшөгүндө эмне жатасың?! Алып кел?!Бугу суугандай, саамга тынчып отуруп калат.

Бир убакта эсине келип, кыймылсыз жат-кан курбусун карайт. Эңкейип дем алганын тыңшайт. Тээ үстү жакта күн күркүрөп, чагыл-ган чартылдайт. Ансыз да күн тийбей, ар дайым көлөкө болуп, нымдалышып турчу жараңканын ичин кара күүгүм басып, каяк-тандыр таштардын тоңкулдап кулап, күрүлдөп кум-шагылдын көчкөнү угулат. Эки тизесин кучактап, ыйлап отурган кыз “селт” этет. Ушул таш, ушул шагыл асканын бооруна дары чөп издеп чыккан Зумуратты кошо алып түшүп, бир жерге көөмп салгандай сезим берет. Тура калып, айланып-тегеренет.

– Зумура-ат?! Зумура-ат?! Ыы-ыы… – анын ый аралаш кыйкырыгы жаңырыкка айланып келип, кайра өзүнүн кулагына ку-юлуп жаткансыйт. Күндүн күркүрөгү… Чагылгандын чар-тылдагы… Асканын боорунан күрүлдөп түшкөн көчкү… Кулагын басып, отура калат…Онтоп, кыңкыстаган курбусуна карайт.“Жада калса, жаны кыйналып жатып да сулуу! – өзүн жалдырап тиктеген Күнайымды карап отуруп ушуну ойлойт ал. – Ушунда да көздөрү башкача!” Күнайымдын жайнаган кош каректери-нен сызылып чыккан жашка күн желесин-дей болгон узун кирпиктери жуулуп, ого бе-тер ажарланып кеткенсийт. “Кокус Зумурат келип, ушунун баарын көрүп калсачы?” – Дүрайымдын оюна ушул “тык” этет. Колундагы көрпөчөнү курбусунун алды-на кайра салмай болуп, бирок Күнайымдын жайнаган каректерин дит багып карай албай, кайпактап кетет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#237 Пользователь офлайн   Suiomseni   28 Октябрь 2017 - 21:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 71
  • Катталган: 17 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 09 Май 2021 17:23

Улантып койгулачы бай болгурлар же дагы каерден окуса болот ушул чыгарманы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#238 Пользователь офлайн   bema_bema   28 Октябрь 2017 - 22:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Suiomseni (28 Октябрь 2017 - 21:31) жазган:

Улантып койгулачы бай болгурлар же дагы каерден окуса болот ушул чыгарманы

Мен дагы одноклассникиден бул жака кочуруп койдум,сиз катары кутуп окуп атам китебин таппадым чыга элек окшойт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#239 Пользователь офлайн   bema_bema   31 Октябрь 2017 - 22:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Ушул көздөргө ал бала күндөн сук-танар эле. Кээде ыйлап, кээде кы-ялданып, кээде Жаратканга, кээде апасына нааразы болуп кетчү. Айылдагы “мен кыйын” деп көзгө көрүнгөн уландардын баарын ушул көздөр арбап, арзытып, азгырып жаткандай, жандүйнөсүн кызганыч бийлечү. Анткени, билчү, ким болбосун баарынан мурда Күнайымга назар төшөп, ким болбосун анын көзүнө көрүнүп, көңүлүнө илинип калууну самачу. Жада калса, эми да бул Зумуратты канчалык итерип, жек көрүп жатса да, имерилип туруп албадыбы тиги!

Ушуну ойлогон кыздын оюна баягы ук-муштуу ой кайра да келе калды! Канчалык ошол азгырыктан алыстап кетүүгө аракет кылганы менен, айланып келип эле экинчи бир туюму: “Жок! – деп шыкактап туруп алды. – Мунун жанында сен дайыма экинчисиң! Азбы, көппү, канча жашасаң да анын көлөкөсү болуп жүрүп өтөсүң! Ошондуктан, Зумурат келгиче муну жогот! Анын үстүнө, бул мамилең үчүн сени ал эми эч качан кечирбейт! Зумурат да жек көрүп калат!”

Кум аралаш көбүк аккан ууртун арчыгы-сы келгендей, манжаларын кыбыратып, колун көтөрүүгө аракет кылып, бирок ошого да алы келбей көгөрүп-татарып жатат Күнайым. Болгону гана эриндерин кыбыратып, түшүнүксүз кыңкыстаган болот. Дүрайымдын оюн оку-гандай, ага бир нерсе айткысы келгенсийт. Дүрайым тескери бурулуп кетет. Айныгыс чечимге келгендей, башын бийик көтөрөт.

Отура калып, эки уучуна кум толтуруп келет да, өзүн карап жайнаган кош карекке куюп жиберет! Демейде, карап койгону эле адамдын жандүйнөсүн жылытып, күнгө окшоп балбылдап турчу кош карек үстөккө-босток топурак-кумга көмүлүп, башын ары-бери ала качкан сайын кулак-мурдуна кошо кум толуп, үнү чыкпай, дем жетпей тумчугуп, бирок жандүйнөсүндө, жандилинде жан-дай көргөн курбусуна таарынып да, наа-разы болуп, ара чолодо: “Ичиңден ийри жылан чыксын! Ичиңден ийри жылан чыксын! Ичиңден ийри жылан чыксын!” – деп үстөккө-босток каргыш айтып, жандалбастайт .

– Мына, мына! Дагы керекпи? Ал, мына! – дейт бир чети кайгыдан, ыза менен азап-тан, бир чети коркконунан, да бир чети кыз-ганычтан, жек көрүүдөн өзүн-өзү жоготуп, өзүнө-өзү ээ боло албай калган Дүрайым.

Тырмактары сынып, колдорунун учтары-нан кан шорголоп агып калгыча жер чап-чылап, Күнайымдын бети-башын топурак, кум, таш менен тирүүлөй корумдап, ошон-до да көксөөсү басылбайт. Ушунун баарына күнөөлүү деп эсептеген курбусун ушинтип салса эле баары ордуна келип калчудай болгон. Бир убакта чарчап, суй жыгылганда гана жер сүзүп ыйлап жатты.

Ушул кезде дыбырап жамгыр жаады. Бул жерге түшкөнү жамгырды ал биринчи жолу көрдү. Болбосо, күн күркүрөп, чагылгандын гана чартылдаган үнү угулчу. Булар мында келгенден бери адырдын боорун канча ирээт эзип, нөшөрлөп жамгыр куйду. Бир тамчысы да жер-куйдун түбүнө жетпей, учу кыйыры жок тикчийген асканын орчукбурчук беттери тосуп калчу да, тээ бир убакта туруштук бере албай эзилген кумтопурак куюлуп, күүлдөп-шаалдап көчүп түшчү.

– Асканын беттери кургап, бекемделгиче ушинте берет, – деген бир жолу Күнайым.

Үчөөлөп, денеси сыртта калгандарды жерге жашырып, “өлгүчө кереги тийер” деген буюм-терим, кийим-кечегин бир жерге чогултуп, баш паанек кылганга жайлуураак деп ушул жерди табышкан. А бирок Күнайым кыз-келиндердин сөйкө-шакектерине, атүгүл жоокер башынын аты жогундагы бир үйүр жылкыга алмашкан кымбат ташка, алтын менен жалатылган кемерине да тийгизбей, кошо жашырышкан.

“Жер үстүнө баары бир чыгабыз”, – деп ишенген Зумурат менен Дүрайым кылчак-таган кезде:

– Булардын бизге эми кереги жок, – деген Күнайым. – Эч качан!..

Дүрайым ага ишенген эмес. Ошон үчүн башчы жигиттин кончундагы бүктөлмө, күмүш сап макини алып өз чөнтөгүнө сала койгон. Ыйлап жатып, эмнегидир эсине ошол түшүп кетти. Кемселин сыйпалап, макини колуна алды. Канча убактан бери ачып да көрө элек болчу. Эми анын жука, бирок жалаңдаган курч мизи: “кызматыңа аярмын!” – дегендей коңулунан серектеп чыга калды…

***

Колу-бутун тарбайтып, асканын бооруна жабышкан Зумураттын айласы куруп турду. Ылдый жакты карагысы келген жок. Өйдө жакты кароо да канчалык кооптуу эле…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#240 Пользователь офлайн   bema_bema   06 Ноябрь 2017 - 08:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Төбөсү ылдый шатырап куйган жамгыр анын көл-шал болуп куюлган көз жашын тынымсыз жууп, агызып кетип жатты. “О, Кудай, ушунун баары өңүм эмес, түшүм болуп болуп жүрбөсүн?..” – ушу оюна чындап эле ишенгиси, жаман түштөн ойгонгусу келип кетти.

Болбосо, үрөйдү учурган ушундай укмуштуу күндөргө туш болом деп үч уктаса түшүнө кирген эмес. Энесинини зар какшап: “Балам, саат-кырсык деген каш-кабактын ортосунда. “Кудай деген кумурсканын буту сынбайт”. Этият болчу. Эмнеге эле делебептеп калдың, балам?! Бир балакеттин үстүнөн чыкканы жүрөсүңбү? Эки эмчегим эле зырпылдап, сыздап калчу болду. Мени кууратпасаң экен…” – дегенин чымын чаккандай да көргөн эмес. Деги эле энесинин мындай кептерин башынан эле кулагынын сыртынан кетирип, кээде: “Эк, жарыктык апам, кайдагынын баарын эле айта берсиз да”, – деп жактырбай туруп кетчү. Көрсө, эненин жүрөгү сезген тура.

Бая күнү таң эрте аттанып чыгып жатып да, атына жаңы эле камчы салган кезде үйдөн шашкалактап чуркап чыккан. Колунда кармаган кичинекей түйүнчөгү бар эле. Ошонусун булгалап:

– Ай, бала?! Ай?!. – деп бир топ жерге чейин чуркап келип, калып калган. «Апам кызык! – деп ойлогон татырактатып чаап кетип баратып. – Мени кичинекей баладай көрөт. Койнума түйүнчөк салгыдай, бала белем?»

Эми ошону эстеп ыйлады улан: «Байкуш апам… Азыр жанымда ошол түйүнчөгүң болсо эмне? Куудураган колдоруң менен кармаган, жакшы тилектериң менен камдаган, алакандарыңдын мээрими, жылуулугу өткөн түйүнчөк жанымда болсо эмне?.. Мага дем, кубат болбойт беле! Мени кечир, апакебай?! Айланып кетейин апакебай?! Кадырыңды билбегенимди, кечигип билип жатканымды кечир, апакебай?! . Үү-үү…” Жогору жактан кулдурап, таш кулады.

Оюнан ойгоно түштү Зумурат.

Ошого  удаа  эле  көз  алдына  Күнайымдын элеси келди. «Мен сенин дарыңды таптым. Мен барам сага! Сөзсүз барам! Сен болгону мени күт, чыда, Күн кыз!» — ушул ой анын өзүнө кайрат, кубат берди. Ичинде дайым: «Күн кыз» деп атаган кызды кайрылып барып көргүсү, кубанткысы, айыктырып алгысы келди. Анын ишенимине ушинтип кирип, анын кечиримин  ушинтип  алгысы,  сүйүүсүн билдирип, колун сурагысы келди. Андан кийин аны менен ошол үңкүрдүн ичинде өмүрү өткүчө күн кечирүүгө да кайыл. Иши кылып эле Күн кыз жанында болсо болду.

Мына бу, өзү асылып турган жала-ма асканын үстүнө чыкса эле жолу бир аз жеңилдей түшчүдөй сезилди. Шырылдап кум куюлду…Кум менен кошо агып кетчүдөй аскага бекем жабышып, көздөрүн жумду. Качан гана баары тынчыгандан кийин жогору ка-рап, көрүп турган көзүнө ишенип-ишенбей кетти. Боп-боз  тумандын  арасынан  ийрелеңдеп, өзүн карай салаңдап турган арканды көрдү!

Жүрөгү “болк!” этти. “Адамдар?! – мээ-сине дароо ушул ой келди.

– Кантип? Каяктан?! Же биздин балдардын бирөө-жарымы ушул жакта калып калганбы? Же артыбыздан издеп чыккандар барбы? О, Кудай?! Көрөр күнүм, ичер суум бар экен да?!” Ушул аркан аны ушул жерден сууруп алып, жер үстүнө чыгарып алып кетчүдөй жүрөгү дүкүлдөп кетти. “Күн кызчы? – деди бир ою.

–Дүрайым да күйүткө алдырып койду. Алар өлүп калышат…”

Жогору жактан бирөө-жарымдын үнүн, добушун уккусу келгендей, алда неге ишен-гиси келгендей кулак түрдү. Бирок анда санда гана кум-шагылдын шыгырап ку-юлганы болбосо, башка эч нерсе уга албады. Канча ирээт өзү да: “Ким бар?!” – деп сурагысы келип, бирок үн чыгарса эле ылдыйды карай зуулдап жөнөчүдөй сезилди.

Эми так төбөсүндө ийрелеңдеп турган арканды кармоо ага азаптын – азабы болду. Колун бошотсо эле кулачудай, адамдын үрөйүн учурган бийиктиктен көздөрү караңгылап кетти. “Токто! — деди өзүнө-өзү күч-кубат берип.

– Асканын боорунда канчага чыдайсың?! Аракет кыл! Ажалың жетсе, өлөрсүң. Болбосо, Кудайдын жазганын көрөрсүң! ” «Азыр… – деди кайра өзүнө да, жогору жакка да жооп кылып.

– Азыр…»

Бир колун акырындан жылдыра баштады. Салмагы оорлой түшкөнгө бутунун алдындагы учтугуй, жалпак таканч бошой түштү. Томпулдаган майда таш ылдый жактан дагы бир топ ташты өзү менен кошо ала кеткендей курулдак-шурулдак көбөйүп барып жок болду. Антсе да аркан-ды кармап, акырын тартып көрдү. “Былк” эткен жок. Дагы катуураак тартты. Таман алдындагы таш упурап кулап, эми аркан-ды эки колдоп кармаган улан асканын бо-орунда салаңдап, илинип турду. «Эмне турушат, тартышса боло?!.» – оюна ушул келди.

– Тарткыла! – деди. Жооп болгон жок.

Бир жагынан ишеним, үмүт, бир жагынан баягыдан да катуу коркунуч каны менен айланып, күрөө тамырлары көөп, чыңалып чыкты. Асылып турган аркан солкулдап, бир аз ылдыйлай түшкөн сыяктанды. «Мени мазактап жатышабы?» — деди оюнда. Улам бир колун өйдө жылдырып, акырындап жыла баштады. Аркан токтогон жерден адегенде улан-дын  тарбаңдап  колу  чыкты.  Бирок   ал күткөндөй, колунан тартып алган бирөө-жарым болгон жок. Ошого удаа эле сороюп, баткакка чыланган башы көрүндү.

Бирок өзү боз үйдүн ордундай болгон түзөңдөн башка эч нерсе көрө алган жок. Акыркы күчүн жыйнап, кырга чыкты да, бир далайга чейин сулк жатты. Карышкан колдору жазылып, күйүккөнү басылгандан кийин гана жерден боор көтөрүп, колундагы аркандын бир учун издеди. Аркандын учу асканын астында экен.

Баары түшүнүктүү болду.

Чөгөлөп отура калып, ылайга чыланган арканды жеңинин учу менен сүргүлөп, жүзүнө жакын алып келип карады. Тааныды. Эриндери эмшеңдеп барып, эми эки ийнин солкулдатып, көпкө ыйлады.

– Досум-м?!. Биякта белең?!.

Жерден топурак уучтап, дөбөчөнүн үстүнө таштады.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (17 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 15:35

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: