Суперстан: Жыландын сүйүүсү - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (17 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жыландын сүйүүсү «Жыландын сүйүүсү» автор тарабынан алымча-кошумчаланып, аңгемелер мене

#241 Пользователь офлайн   bema_bema   15 Ноябрь 2017 - 05:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Алда неден супсуну суугандай, жар боорундагы текчеде Зумурат көпкө отурду.

Ушул жер куйдун түбүнө түшкөндөн бери тырмалаңдап болгон күчүн, акыл-сезимин, болгон убактысын да жогору карай чыгууга жол, айла-амал издөө менен өткөрүп келет. Канча аракет кылганы менен жар боорунда бир топ жерге чейин чыгат деле, кум-шагыл менен кошо куюлуп, кайра эле жер куйдун түбүнө түшүп калат.

Анткен менен өгүнү төөнүн көзүндөй бол-гон булак тапты. Анда да бир далай жерге чейин чыгып барып, кум-шагыл менен кайра агылып түшүп, үңкүйүп жер чукуп отурган. Канча отурганын ким билет, бир убакта башын жерден көтөрө койгон жигит астынан бир нерсе “сүзгүлөп”, түрткүлөп жаткандай былкылдаган алакандай жерди тиктеп, нес боло түшөт. “Бака, жыланбы?” – дейин десе, ага да окшобойт, акыры камчынын учу менен чукулап көрсө, жер сууланыша калып жүрөт. Дагы тереңдеп чукулап отуруп, суу чыгарып алат. Кубанганын сураба! Кемеринде байла-нып жүргөн бош көөкөргө азыноолак суу чогултуп алып, кыздарды карай шашкан. Үчөө келген кезде жанагы жыбылжыган суудан шылдыраган үн чыгып, оргуштаган кичинекей булакка айланып, бирок кайра эле ошол чыккан жерине сиңип кетип жаткан болчу.

Эки кыз булактын тегерек-белин ачып, таш тизип, суу ылайланбасын үчүн таманына майда таш төшөп коюшкан.

Эртели-кеч эрмеги ошол булак болуп кал-ган кыздардын алдында жигиттин кадыр-баркы бийиктеп, зоболосу арта түшкөн. Айрыкча Дүрайым айтарга сөзүн таппай, Зумураттын кареги менен тең айланып, чебеленгени – чебеленген. Жайына койсо, кайда барса жанынан карыш чыкпай, эрчип деле алгысы бар. Бирок аны Зумурат каалабайт.

– Бири-бириңди таштабай, чогуу болгула, – дейт кетип баратып. – Мен жол издеп кет-тим. Жер үстүнө чыгар күн да келер. Күткүлө.

Деген менен жигиттин акыл-сезиминин баары – Күн кызда.

Канчалык ага жагууга аракет кылганы менен жакшы көргөнүн да, жаман көргөнүн да билгизбей, бир калыпта зымырайган кыз-дын кулк-мүнөзүнө таң берет. Мынчалык сулуу, мынчалык назик туруп, кайра ошончолук кайраттуулугуна, чыдамкайлыгына, сабыр-дуулугуна баа берет.

Бир-эки ирет Дүрайым анын сыйкырчы-лыгы тууралуу айтып: “Ушунун баарын кылган – ушул! Жер үстүнө чыгуунун жолун деле билет. Бирок аны бизге айтпай, жашырып жатат. Балким ал жолду сенден кызганып жатышы мүмкүн!” – дегендерин деле кулагына илгиси жок. Анткени ал Күн кыздын акыл-сезиминин канчалык терең да, бийик да экенине ишенет. “Балким, анын да бир билгени бардыр?” – дейт оюнда. Бирок Дүрайым кан-чалык шыкактаганы менен бир да жолу жер үстүнө кантип чыгуунун айла-амалы тууралуу Күн кыздан сураган жок. “Айткысы келсе, ошол ишенимине татыктуу болсом өзү айтар. Айтпаса деле мейли”, – дейт оюнда. Тескери-синче, ошол жолду өзү таап келип, Күн кыз-га кубаныч белек кылып, анын сүйүүсүнө, ишенимине чындап татыктуу болгусу келет.

Бирок бүгүнкү табылгасы демейдегиге караганда майнаптуураак болду. Бир кубанганы, Күнайым сүрөттөп айтып берген чөптү тапса, өзүн бир аз да болсо топук байлаткан дагы бир нерсе, бүгүнкү жолу демейдегиден алда канча бийиктеп, өзү канчадан бери се-зе элек жер кыртышынын жытын сезди. Жер үстүндө элпилдеп жүрүп турган айдарым желдин илебин, аркыраган шамалдын эпки-нин сезди. Жамгырга жуунду. Баарынан да, кенедейден бир сындырым нанды тең бөлүп жешкен кан досунун, жан досунун сөөгүн аска-нын боорунан таап, дуба кылды…

Мунун баары ага канчалык бир деңгээлде каниет болду.

Эң өкүнүчтүүсү, ушундан ары жер үстүнө чыгып кетүүгө жолдун жоктугу эле! Жер куйдун түбүнөн улам бийиктеген сайын: “Кудай буюруп жол таап алсам, кыздарга сүйүнчүлөп түшүп, анан аларды жер бетине алып чыгып кетсем!” – деп “жылт” эткен үмүттүн учкундары улам өчүп, улам жанып отурган болчу.

Эми да ордунан туруп, өзү турган текчеден жогору карай көз жиберип, кокус сөөмөйүң тийсе эле “талп” этип кулап түшчүдөй эңкейген асканы бир топко чейин айланта карап турду.

Анткен менен, ылдыйды карай түшүп кетүүгө мүмкүнчүлүктүн бар экенине бел байлады.Баарынанда: “Күн кыз бар эмеспи!..” – деген ой ага дем берип, ылдыйды карай чакырып, шаштыра баштады. “Кантип эле бир жол, бир айла табылбасын? Кантип эле баары ушуну менен бүтүп калсын? – деди оюнда жигит. – Сөзсүз табылат. Аманчылык болсунчу. Күн кыз сакайып кетсе эле, бир ай-ласы табылар…”

Эми ал ылдыйды карай агылып түшүүгө ыңгайлуу жер издей баштады.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#242 Пользователь офлайн   bema_bema   25 Ноябрь 2017 - 13:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Кыз да аны түшүнүп, адегенде ошонусуна маашырланып, атайылап эле кээде алаканын чапкылап, үнүн бек-бек чыгарып, буттарын тапылдатып чуркап келчү. Чымчыктардын чыйпылдап, аны бу жерден алаксытууга болгон аракетине кытылдап күлүп, жыргап калчу.

Бара-бара чымчыктардын үйүр алып, коркпой калышканы Дүрайым үчүн абалкыдан да башкача жагымдуу сезиле баштаган. Үйдөн даяр таруу, арпа-буудай уучтап келип бактын түбүнө чачып, таранчылар да аны күтүп, улам үй тарапка акмалап карап калган адат таап, бара-бара ынак болуп кетишкен. Ал түгүл алар кыздын ийнине, төбөсүнө да конуп алганга үйрөнүшкөн. Алардын бу кызыгына ата-энеси түгүл, коңшу-колоңдор, айылдын эли бүт айран-таң калыша турган болду. Ансайын Дүрайымдын кубанычы койнуна сыйбай, кичинекей досторуна ого бетер тартылып, ого бетер жакынсый берген. Ошондой күндөрдүн биринде уядан чыйпылдап, секирип түшчүдөй баштарын сереңдеткен балапандарды көрүп, ансайын бакытка бөлөнгөн.

Бир күнү кызык окуя болгон. Эртең менен келип караса эле, балапандардын бири уядан түшүп, өлүп калыптыр. Эки ийнин солкулдатып ыйлап отурса, Күнайым келип калган. Бир чети курбусуна, бир чети балапанга боору ооруп, же балким булардын үстүнөн аркы-терки кайкып учуп, чырылдаган эне-чымчыктарды аяган Күнайым тизелеп отура калып, кош алаканын жансыз балапандын үстүнө жапкан.

– Эмне кылып жатасың? – деген Дүрайым ыйын дароо токтото калып. Чындыгында ал чымчыктарын курбусунан кызгана турган. А бирок кичинекей курбусу үн каткан эмес. Ошо отурган калыбында көздөрүн жумуп, көпкө чейин үнсүз отурган. Анын аракетин түшүнгөндөй чымчыктар да абалкысындай чырылдабай, экөө эки жерге конуп, унчукпай калышкан болчу.

Заматта айлана-тегеректи кулак-мурунду кескендей жымжырттык уялап, бирок бул абал Дүрайымдын ичин бышырып, ыңгайсыздык жаратып жиберген болчу. Ал Күнайымга караганда өзүн кичинекей досторунун алдында алда канча алсыз сезип кеткен. Айткандай эле бир канча убакыттан кийин балапандын чийдей болгон буттары “дирт-дирт” эте түшкөн да, жумулган көзү ачылып, ордунан тура чуркачудай жанталашып жиберген. Ошондо гана Күнайым аны колуна алып, эки алаканынын ортосуна кармап турган да, жерге коё берген.

Демин ичине жутуп, жымылдаган айлана-тегерекке жан кире түшкөн. Чымчыктар чурулдап учуп келип, туш келди чуркаган балапандын артынан чуркашкан. Дүрайым же ыйларын, же күлөрүн билбей сенейген.

– Дүрайым, – деп колунан кармаган курбусунун колун:

– Кетчи, ары! – деп кагып жиберип, үйүн карай чуркаган болчу.

– Эмне болду сага? – деген эне. Эмне болгонун айтып бере албай, көпкө чейин өпкөлөп ыйлаган ошондо.

– Мен аны жек көрөм! – деген бир оокумда.

– Кимди, ботом?

– Күнайымды!

– Эмне болду дагы?

– Эчтеке! – деген кыз ошол Күнайымдай сулуу, кыйын кылып төрөп койбогону үчүн апасына да таарынган.

– Балам, – деген кийин, булар эс тарта баштаган кезде апасы. – Антип таарына бергенден пайда жок. Курбу-курдаштан да чыгып каласың, балам. Таарынып, ичи тардык кыла берсең Күнайым да жанына жуутпай коет. Андан көрө анын тилин таап, жакын курбу болсоң, башкалардын аарсында кадыр-барктуу болосуң. Экинчиден, анын сырын тартып, билгенин акырындан үйрөнүп, билип албайсыңбы. Ал деле баарын билген бойдон туулуп калган жок да. Ал деле атасынан үйрөнүп жатпайбы, ботом.

– Атасы мага деле үйрөтсүнчү! Күнайымдан үйрөнгүм келбейт!

– Кой, балам. Андай кишилер баарына эле сырын ачып, касиетин бере бербейт. Антүүгө шаасы деле жетпесе керек. Кызы болсо дайым жанында, көз алдында. Анын үстүнө канында бар да.. Сезимтал кыз…

Апасынын акыркы сөзү ага канчалык катуу тийсе да, эп көргөн. Ошондон кийин: “Ооба, адам жасаганды – адам жасайт. Андан менин эмнем кем? Ошентейин. Үйрөнөйүн”, – деп өзүн-өзү тарбиялоого, өзүн-өзү алдоого өттү да. Баягысындай курбусуна кырданып, кыял көрсөткөнүн, таарынганын азайтып, анын акыл-дээрин, туюм-сезимин аңдып, кыймыл-аракетине абай салып, акмалап калды.

Айткандай эле ушундан кийин ал кыйла өзгөрдү. Аны менен кошо, ага карата ата-энесинин да, башкалардын да мамилеси өзгөрүп баратты. Ансайын, кудум Күнайымдын өзүнө айланып бара жаткандай өзү да токпейил тартып, көп нерсеге бел байлачу болду. Адегенде курбусу ага тамыр кармаганды, кайсы ооруга кайсы дары даба экенин үйрөтө баштады. Бирок бул да оңой үйрөнө койчу нерсе эмес экенин билди. А бирок курбусу экөөлөп, кыйынчылыктарды акырындан жеңип келе жатышты.

Анткен менен Дүрайым: “Бул мага билгенин бүт үйрөтүп жатабы же кайсы бир учурларын жаап-жашырып, катып алып жатабы?” – деп көп учурда шек санай берчү. Ал эми Күнайым анын эмнени ойлоп, эмнени каалап жатканын, баарын тең эле кенедей кездеринен тарта билип, туюп турчу. Бирок, эмнегедир таарынчу эмес. Сыягы, аяса керек… Жылмайып коюп тим болчу да, бир убакта эч нерсе болбогондой кайра эле өзү күлүп-жайнап сүйлөп калчу. Курбусунун мындай айкөлдүгү Дүрайымга канчалык жагымдуу болгону менен, кайра ошончолук жагымсыз да эле. Ансайын анын алдында өзүнүн алсыздыгын сезип, жек көрүүсү ансайын күчөп кетчү. Ушундай учурларда:

– Туура, кызым. Сеники да туура… Бирок элде: “Бактылуу менен баарлашпа, таалайлуу менен талашпа” деген кеп бар. Ага таарынып, ага өчөшкөндөн эмне табасың? “Ооба, сеники чын”, – деп коюп, дагы билгениңден биле элегиң көп, үйрөнүп ал, кызым. Күнайым экөөңөр эмне, өмүр бою ушинтип “Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт” болуп, бирге жүрмөк белеңер? Ал – бир жерге, сен дагы бир жерге бүлө болуп кетесиңер. Ошондо, ал барган жеринде – күн болсо, сен – ай болосуң, – деп апасы жардамга келчү. “Айтса, айтпаса төгүнбү?” – деген кыз ошол күндүн ылдам эле келишин каалап кетчү. Күнайымдан кутулса эле бүт дүйнөгө өзү жалгыз сулуулуктун ханышасы болчудай, баары аны гана карап, баары ага гана суктанып, тамшанып карап калчудай сезилчү. Бирок ошол күн ушинтип келерин, Күнайымдан так ушинтип “кутуларын” ал анда кайдан ойлоду дейсиң?..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#243 Пользователь офлайн   bema_bema   28 Ноябрь 2017 - 17:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Бир заматтын ичинде ушунун баарын ойлоп алды кыз. Күнайым чындап эле корумдалган жеринен суурулуп чыгып, а бирок аягы жер баспай абада калкып, аркасынан калбай кууп келе жаткандай сезилди. Дүрайым токтогон кезде ал да токтоп, бирок сыйкыры аркылуу мунун буттарын тушап салгандай кош аягы жылбай калды. Бара-бара бүт тулку бою жансыздалып бара жаткандай эч нерсе сезбей, бир гана жону – эки далысынын ортосу арт жактан маалымат алып, ошол гана иштеп жаткандай ымыр-чымыр боло берди.

Ушундан улам тээ качанкы бир күндөр эсине түшүп кетти. Алда нелерди көрбөй туруп сезип, билип койгон Күнайымга таң кала берер эле анда. Бир жолу да:

– Кантип эле карабай, көрбөй туруп би-лип аласың? – деп сураган болчу.

– Жон терим менен сезип… – деп тамаша-чындан жарк этип күлгөн кыз. Дүрайым калп эле күлүмүш болгон. Бирок андай кездерде көпкө чейин ойлонуп, кыжалат боло бермей адаты бар эле. Ал дагы жон териси аркылуу баарын сезгиси, билгиси келчү.

“Мен дагы азыр баарын далым менен сезип, көрүп жатам”, – деп ойлоду азыр. Анткени анын туюмунда, Күнайымдын өлүм алдындагы эмес, абалкы ажарлуу, сулуу элеси кашкайып, элеси этек-жеңин желбиретип, эки асканын ортосунда муну карап, калкып турган болчу.

Ал азыр муну ушул турган калыбында ташка айлантып, катырып салчудай сезилди. Жандалбастап кетти кыз. Көкүрөгүн солкул-дата, терең-терең дем алып:

– Сага эмне керек?! – деди артына карабай, калчылдак баскан добушу менен өктөм.

Жооп болгон жок.

– Суранам, кетип кал?! Тийбе мага?! – деди Дүрайым кайра да үн катып.

Жымжырттык.

– Менин жашагым келет! Угуп жатасыңбы?! Жашагым келет! А сен өлүмдү өз каалооң менен тандадың! Канча кыздын, канча жигиттин убалына калдың! Эми эмне керек сага?!

– ?.. – жымылдаган жымжырттык.

– Андан көрө мага жардам бер?! Мени бошот! Мени жер үстүнө чыгар?! Суранам?! – эми ыйламсырап, жалооруп, жалбарып суранды Дүрайым. – Мени билесиң го, менин жашагым келет. Мен эне болгум келет? Суранам сенден, Күнайым?!

Канчалык артына карагысы келип, ант-кен менен мойнун такыр бура албай койду.

Жооп да болгон жок.

Күнайымдын шоораты жакындап келе жаткандай сезилди. Жан дүйнөсүндө жанталашып, өзү менен өзү алышып жатып, бир убакта араңдан зорго өз денин ийге келтирип, артына бурулду. Бирок көзүнө ийрелеңдеген ичке жол менен жараңканын эки бетинен башка эч нерсе көрүнбөй койду. Күнайымдын арбагы ошол аскалардын бетине жабышып, жашынып алгандай улам бир жерди чолуй тиктеп издеп кирди.

– Кайдасың?! – деди энтигип. – Эмне жашынасың?! Коркуткуң келип жатабы же менден коркуп жатасыңбы?! Көрүнбөйсүңбү? !

Оюна бир нерсе түшүп кеткендей каткырып күлүп жиберди.

– Ха-ха-ха! Көрүмчү?!. Ой, боорум ай! Сени көрүмчүгө айланып калат деп ойлогон эмесмин! Баягы Күнайым..! Баягы-ы Күнайым..! Ал эми көрүмчү!.. А-ха-ха!..

Анын күлкүсү жаңырык болуп кайра угулду.

Жаагы жап болуп, жаңырыкка көпкө чейин кулак түрүп турду.

– Бул – сенби? Сенин күлкүңбү?! – шыбырап, акырын унчукту. – Демек, мени шылдыңдап, табалап жатасың! Өлгөндөн кийин да менин шорума айланмак белең?! Мен сени жек көрөм, көрүмчү! Угуп жатасыңбы, жек көрөм! Жек көрөөө-өм! !!

Болгон күчү менен кыйкырып, би-рок ошол кыйкырыктын кубатына эки тизеси туруштук бере албай калгандай “шалак!” этип бүгүлө түшүп, жер сүзүп жыгылды.

Аны менен кошо көк тиреген аскалар урап түшкөндөй, ошого удаа эле күүлдөп-шаалдаган, тарсылдап-түрсүлдөгөн үндөр пайда болду.

Эки колу менен башын калкалап, демин ичине жутуп калган кызга бир убакта жан кире түштү. Бул күүлдөк-шаалдак ага барган сайын жагымдуу сезилип баратты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#244 Пользователь офлайн   Tenirova   29 Ноябрь 2017 - 20:27

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 184
  • Катталган: 14 Август 13
  • Соңку аракети: 20 Май 2020 17:17

Одноклассник тен кайсы топтон жазып жатасынар
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#245 Пользователь офлайн   BaysalRoma2014   30 Ноябрь 2017 - 22:21

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 49
  • Катталган: 22 Апрель 17
  • Соңку аракети: 10 Июл 2018 19:18

БемаБема сураныыыыыч бат баттан жазгылачы((((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#246 Пользователь офлайн   Asya_92   01 Декабрь 2017 - 14:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 508
  • Катталган: 13 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 16 Июн 2018 16:44
  • Жынысы:Аялзаты

:гезит: :батан:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#247 Пользователь офлайн   Faisa   04 Декабрь 2017 - 02:53

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 8
  • Катталган: 16 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 08 Мар 2018 13:42
  • Жынысы:Аялзаты

Эн сонун ото маанилуу чыгарма уландысын кутобуз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#248 Пользователь офлайн   rahmed   04 Декабрь 2017 - 03:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 64
  • Катталган: 08 Январь 17
  • Соңку аракети: 23 Дек 2017 10:40
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Супер
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#249 Пользователь офлайн   bema_bema   04 Декабрь 2017 - 08:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения Tenirova (29 Ноябрь 2017 - 20:27) жазган:

Одноклассник тен кайсы топтон жазып жатасынар
Фейсбуктан икитептин автору озу жазып атат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#250 Пользователь офлайн   Faisa   04 Декабрь 2017 - 20:02

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 8
  • Катталган: 16 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 08 Мар 2018 13:42
  • Жынысы:Аялзаты

Качан жазасынар
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#251 Пользователь офлайн   bema_bema   06 Декабрь 2017 - 13:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

“Зумурат?! ” – жан дүйнөсүндө бир катуу чаңырып алып, жаткан жеринен тез тура калды да, таш кулаган тарапка кулак түрүп, эми түз эле келген жагын карай дикилдеп кетип баратты. Кубангандан кыңылдап ыйлап, бир чети Күнайымдын элесин унутуп калгандай, бир чети аны табалап кетип барат-кандай ишенимдүү да, бактылуу да:

– Зумура-ат?! – деп жыгылып-туруп, этинин ооруганын деле сезбей кетип баратты кыз.

***

Кум-шагыл менен куюлуп, кээ бир жерде томпулдаган таштар менен тең жарышып кулап, канчалык жерге жеңил түшкөнгө аракет кылганы менен ага-буга урунуп отуруп жеткен Зумурат тээ бир топ-то барып эсине келди. Үстүнөн басып калган кум-шагылдын арасынан адегенде эки колун чыгарып, андан кийин өзү суурулуп чыкты.

Бу жерге келгенден бери эле канча жолу аскадан ушинтип агылып түшө бергенинин пайдасы тийип, мындай каттамга машыгып, ык алып калганын сезди.

Үстү-башын күбүп, ички чөнтөгүнө колун сойлотуп, кичинекей түйүнчөк алып чыкты. “Апамдын бетаарчысы…” – деп түйүнчөктү шорулдата жыттады. Ошол түйүнчөктүн ичинде андан да баалуу нерсе бардай анан жүзү тамылжып, эринине тийгизди да, кайра койнуна сала коюп, кыздарды карай ашыкты.

Бурчтан имериле берип эле этек-жеңин делбектетип келе жаткан Дүрайымды көрдү. Бул көрүнүш ага адат болуп, атүгүл ар дайым анын жолунан чыгышын күтүп да калган. Анткен менен Зумурат ар бир жолу өзүн утурлай чуркаган кыздын арт жагынан Күнайымды издечү. “Балким Күнайым да келе жатпасын?” – деген үмүт анын көкүрөк-көңүлүн кыты-гылап, кээде ошого ишенип, жүрөгү алып учуп кетер эле. “Анда мен кандай бактылуу болмокмун…” – дечү. Бирок умсунуп калчу. Көкүрөгүнө келип кулачудай, кубанып келе жаткан кыздан обочороок токтоп, кайпактапкетчү. Жанында келе жатканда да аралыкты сактап, алысыраак же болбосо кыздан кийин басканга аракет кыла берер эле. “Кокус Күнайым көрүп калса, алда кандай ойлоп калбасын. Өзүмдөн ого бетер алыстатып албайын”, – деп чочулаганы эле анысы. “балким Күнайым менин сезимимди ушинтип, курбусу аркылуу сынап жатпасын?” – деген да ой келип кетчү.

“Күнайым кайда?” – унчугушпай келе жатып, биринчи сураганы эле ушул болчу анда. Адегенде анчалык байкачу эмес, бара-бара Дүрайымдын үнүнөн, жообунан тымызын кызганыч, курбусуна карата болгон ичи тардык, жек көрүү ачык эле байкалчу болгон. Соңку убактарда жооп бербей да койчу. Эми да эки асканын ортосундагы жалгыз аяк жолдо жыгылып-туруп, чуркап келе жатат кыз. Бу жолу да жалгыз. Бир чети өзүн тосуп, күткөн бирөө-жарымдын бар экенине ичи жылыса, бир чети оюнда: “Күнайым кантип калды экен? Аны анча алыска жалгыз таштап, тоспой эле койсо болмок”, – деп алды.

Бирок жакындап келген кыздын жүзүнө бүшүркөй караган жигиттин жүрөгү мыкчыла түштү да, адатынча токтоп калды. Дүрайым да жигитке жетип жетпей чалынып, көмкөрөсүнөн жыгылды. Болгондо да бутун кучактап кулаган кыздын бул түрү кандайдыр жагымсыздыктын жышаанындай, жигиттин өңү томсоруп, көздөрү чыбыр-чыктап кетти. Эңкейип, кызды колтугунан сүйөдү. Чуркап келгенге күйүгүп, бир жагынан Зумуратты тапканына сүйүнүп, дагы бир жа-гынан ага болгон окуяны кантип айтышты билбей көздөрүн ала качып, тескери карады кыз.

– Дүрайым?! – кызды эки ийнинен кар-мап, акырын силкилдетти жигит. – Эмне болду? Мени карачы? – деди жигит.

Кыздын жашылданган көздөрү жигитти жалооруй тиктеди.

– Баары жакшыбы? – деди жигит.

Кыз башын ийкеди. Ушул ирмемдин, ушул караштын узакка созулушун каалагандыктан, ушул бакытты жоготуп алуудан коркконунан ушинтти кыз.

– Өх-х! – деген жигит санаасы тынчыгандай кызды бооруна кучактады. – Коркуп кеткенимчи…

Жигиттин карылуу колдору, тер жыттанган илеби, дүкүлдөп соккон жүрөгү – мунун баары Дүрайымдын канчадан берки ку-салыгы эле. Убакыттын жылбай, баарынын ушул боюнча сакталып, катып калуусун каалап кетти кыз.

– Эмне болду? Ыйлап жатасыңбы? – деди жигит кыздын чачынан сылап. – Корктуңарбы?

Башын ийкеди кыз. Ээгин көтөрүп, жигиттин жүзүнө, көздөрүнө кусалуу карап шыбырады:

– Корктум… Келбей калабы деп… Мен сени жоготуудан ушунчалык корком.

Жигит жылмайган болду.

– Мен да корком, – деди анан улутунуп. – Мен да силерди жоготуудан корком….

– Мен дайым жаныңда болгум келет.

– Мен дагы. Кудай буюрса, бу жерден аман-эсен алып чыгып кетсек… Сен менин эң жакын карындашым, бир тууганым болосуң…

Ушул кезде жигиттин көздөрүнөн кыз: “Ал эми Күнайым болсо, өмүрлүк жарым болот”, – деген баео ишенимди, үмүттү түшүндү. Дүрайым колун жигиттин мойнуна ороп, эчкирип ыйлап жиберди.

– Кой, ыйлаба. Баары жакшы болот. Ал үчүн ар бирибиз күчтүү болушубуз керек. Бирге аракеттенүүбүз керек. Жүрү, баралы. Кеч кирип баратат. Жолдон суу ала кетели.

Ушундан көп өтпөй эле төөнүн көзүндөй болгон булакка кочушун тосо коюп, шорулдата жутуп, андан соң бети-колун жуунуп жаткан жигитти карап, ойго тунуп отурду кыз. “Ооба, – деди ичинде. – Жаман оюңда Күнайымга жуунуп, жасанып барайын деп жатасың. Канчалык жүрөгүмдү, сүйүүмдү жолуңа ак жарык кылып төшөп, ар бир жолу сен кеткен сайын аман-эсендигиңди Кудайдан суранып, жолуңдан тосуп жүрсөм да мага сыртыңды саласың. Эми сага чала болот!

“Бир тууган карындашым…” дейт тура! Менин сага бир тууганың эмес, сүйүктүү аялзатың болгум келерин кантип билбейсиң? Билесиң! Бирок…”
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#252 Пользователь офлайн   BaysalRoma2014   10 Декабрь 2017 - 06:42

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 49
  • Катталган: 22 Апрель 17
  • Соңку аракети: 10 Июл 2018 19:18

Кутуп атабыыз(( уландысын качан качан жазасынар??? ?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#253 Пользователь офлайн   bema_bema   12 Декабрь 2017 - 17:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Жуунуп болуп, үстү-башын күбүп, боюн түзөгөн Зумурат кызга күлүмсүрөй карады:

– Кеттикпи?

Кыз унчукпай ордунан турду.

Жигиттин жүрөгү алып учуп, Күнайымдын балбылдаган кош карегин көрүүгө шашып, койнундагы дары чөбү менен кыздын бат эле сакайып, ордунан туруп кетишин көрүүгө куштар болуп, элебептеп келатты.

– Зумурат? – деди жолдо келатып кыз.

– Оу? – кубанып келаткан жигит шайдоот жооп берди.

– Бир нерсе айтышым керек!

– Мм… Шашпай айтасың…

Буга чейин да ушинтип жолдо келатып кыз бул тууралуу түш көргөнү, аны дайыма ойлой берери, жанынан узаары менен са-гына турганы жөнүндө айта берчү. Эми да тик карай албай кайпактап, үнү үзүл-кесил дирилдеп турганын да ошого жоруп, уккусу келбей койду. Демейде анын каалоосуна ка-рабай эле оюндагысын айта салчу Дүрайым да унчукпай калды.

Арышын кенен-кенен таштап, алдыда ке-латкан Зумурат артындагы кыздын алда кайда калганын байкаган жок. Антсе да жол узарып кеткенсип, өздөрү башпаанек кылган жерге жетмеги кыйын болуп, ансайын жүрөгү алда нени сезгендей уйгу-туйгу боло баштады.

***

Канчалаган, жүздөгөн жылдардан кийин так ушул Жер-Куй Жинди-Чап деп аталып, кайсы бир күнү анын так үстүндө ушинтип өздөрү тууралуу кимдир бирөөлөр жомок кылып айтышарын анда Зумурат да, Дүрайым да билген эмес. Ким билет, билсе, адамдан башкача зирек туулуп, эртеңкини алдын ала болжоп-туюп, бирок көп нерсени сыртка чыгарбай ичине каткан, жай чилде-де борошолото кар жаадырып, кыш чилдеде булбул сайраткан Күнайым билгендир? Билгендир да, бул окуя, бул күндөр, элге-жерге болгон бул сүйүү ошентип жомокко айланып,даңазага айланып айтылсын, тынч жашаган бейпил күнгө бүлүк салган душманга тизе бүгүп багынбоо, абийир менен ар намысты ансыз дагы түбү – өлүк жалган жашоонун бир бүркүм, арсыз күндөрүнө алмашпоо бар-дыгынан бийик турарын качандыр бир жер үстүндөгүлөр да билсин дегендир? Балким.

Жинди-Чаптын үстүндө алоолонуп, от күйүп жатты.

Кез-кез гана Асандын акырын туруп барып, отун алып келип отко салып турганы болбосо, андан ары эмне болуп кетер экен деп, ким-кимиси Алымкандын жомогунда жашап, береги Жинди-Чап тарапка улам карап коюшуп, бир дем менен угушууда.

Жада калса жинди Тынардын да уйкусу качкандай, апасынын оозун тиктеп, эс-мас. Кээде алда неге ачуулангандай күңгүрөнө кабагын чытып, муштумдарын түйүп, кээде Зумуратты асканын башына тартып алууга тура калчудай обдула түшөт. Уулунун ички түйшөлүүсүн сезгендей, апасы ансайын аны каруусунан катуу мыкчып, “шүк отур, баары жакшы болот” дегендей жерди карай ныгы-ра тартат.

Анткен менен эне байкуш, демейде түткүлөп ойготуп, кулагына куюп жатсаң да өлгөн немедей уктаган уулунун кепке кулак салганына кубанып отурат. Ансайын эргип, ансайын көптөн берки көкүрөк-көңүлүнө баптай, буга чейин мына-мына төгүлүп-чачылайын деп араң келип, эми Зумураттын булагындай көмөкөйүн жара тээп чыккан жомогун кудум өз көзү менен көрүп келгендей жорго тилге салып, жобурап отурат…

Кызмончок Алымкандын көздөрүнө тигилет.

Алда нени алдын ала божомолдоп, баарын батыраак эле билип алгысы келип, чыдамы түгөнүп барат. Анткен менен Алымкан шашпайт… Адамдын ичин, жандүйнөсүн кудум терезесинен шыкаалап көрүп алгансып, көздөрүнөн ой-сезимин окуп алган касиетке эгедер кыз, балким шашкалактап, жаза окуп, жаза көрүп, жаза бүтүм чыгарып албасын деп атайылап эле көздөрүн ачпайт. Алоолонгон кызыл жалындын жарыгында ысык-суукка тотуккан буудай ыраңы, желкесине шыпы-рылып түшүп кеткен жоолугунун астынан желге желбиреген ак чачы, бекем жумулган көздөрү анын каргылданган добушуна ого бетер сырдуу, сүрдүү түр берет.

Кызмончок жер жазданган калыбында тунжураган Жанды карайт.

Жан бала кезинде эле жомокту жакшы көрчү. Ар бир жолу Кызмончок узун жомокко киргенде ушинтип жер жазданып, көшүлүп угуп, эмнегедир ошол каармандардын арасынан өзүн издей берчү. Ошону сезген кыз да айрым жерлерге адамдай акылдуу, башкача бир кылык-жоруктарга ээ ак жылан туура-луу кыстара кеткенде, серпиле баш көтөрө калып, куйругунун учу менен чыпылдата жер чаап, кудуңдап калчу. Анткен менен андан аркысы ал күткөндөй болбой калчу. Баары бир эле бөксөөсү толбой, көксөөсү канбай коңултуктап, денесинин бир жерин-де оңурайган боштук калып калгандай боло берчү. Эми ошол боштук, ошол издегени мы-на ушул жомок менен толчудай, же болбосо көптөн бери жомок укпай кулагы ачынып калган өңдүү демин ичине жутат.

Алымкандын Жер-Куйдун ичин кудум көрүп келгендей, анын адам баласынын буту баспаган булуң-бурчунан бери так өзүндөй сүрөттөп, айрыкча Зумурат көзүн ачкан, төө көзүндөй булак жөнүндө айтышы, адам таң каларлык окшоштук, дал келүүчүлүк анын кызыгуусу менен ишенимин ого бетер күчөтүп жиберди.

Баарынан кызыгы, так ошол булак эми да так ошол жерде, так ошондогудай угулар-угулмаксан шырылдап, жер алдынан бүлкүлдөп агып чыгып, кайра эле жер алдына сорулуп, сиңип кетип турганын, анан да ошол булакты Жан канчалык жакшы көрөрүн, баягы-баягы адамдардын арасында жүргөн кезде да биринчи эле сагынганы, дегдеп келип, чарчап, чаңкап келип эс алган жери ушул булак экенин бул аял билет болду бекен?..

Алымкан жанында жаткан көөкөрчөнү алып, бир-эки ууртап суу жутту. Чөнтөгүнөн бетаарчысын алып, чекеси менен эки жаагы ылдый куюлуп, чыпылдаган терди арчып, желкесине түшүп кеткен жоолугун тартып, оңдоп салынды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#254 Пользователь офлайн   bema_bema   12 Декабрь 2017 - 17:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Жомоктун калганын айтпай койчудай өзүн одурая тиктеп, бир өңүрүн баса отурган уулуна Алымкан ичи ысый карап, жылмайган болду. Башынан сылап: “Э, айланайын Кудай…” – деп, ичинен Жаратканга тобо келтирип алып, Жер-Куй тарапты бир азга тунжурай карап отурду да, өзүн тиктеп жаткан жыланды, анын катарында эки кулагы жомокто болгону менен эки көзү, эси-дарты Кызмончокто болуп отурган Асанды карады.

Кызмончокту, адатынча карабай, көздөрүн жумду да, жомогун улантты.

***

Улам арышын кенен-кенен таштап отуруп, акыры чуркоого өткөн Зумурат Күнайым жаткан жерге жетип токтоп, кудум асканы сүзүп алгандай эси эңгиреп, көздөрү ала чакмактап кетти.

Көргөн көзүнө ишенип-ишенбей, денда-роо болуп, делдейди.

Асканын түбүндөгү өзү тегерек-белине кооз таштарды тизип, сыз өтпөсүн деп жерден бир аз бийиктетип, өзүнүн тердигин алдына төшөп, ээр токумун башына жаздап жаткырган текченин үстүндө топурак жа-мынып жатат!

Жүрөгү лакылдап, муун-жүүнү бошоп, тулку боюн калчылдак басып кеткен жигиттин оюна: “Ушинтип дарыланып жатабы? Оо-русун топуракка өткөрүп жатпасын?” – деген ой “кылт” эте калып, ошого бир аз шердене түшүп, ошого ишенгиси келип, өзүн-өзү жоо-шутуп: “Ооба, ошондой… ошондой!” – деп,ошону ырастагысы келгендей Дүрайымды карады.

Дүрайым алда кайда, эмнегедир эрдемсигендей: “Эми эмне кылсаң ошо кыл, көксөп келдиң беле, көрүп ал!” – дегендей башты бийик көтөрүп, карап турган.

Жигит Күнайымга жакындап келди.

Бети, көкүрөгүнөн тартып тизесине чейин топурак баскан кыздын этегин ылдый тартып, тизесин жапты.

Жерге карай салаңдаган колу кармап ту-руп, азыр эле таштап жибергенсип, жерде жаткан канжарды көрдү. Тааныды – жоокер башчынын канжары! Ал тирилип, бул үчөөнүн көмгөн жеринен туруп келип, карап тургандай, артына кылчайып карады.

Жакындап келген Дүрайымга суроолуу тигилди.

Үн-сөзсүз мелтиреди кыз.

Эсине келе түшкөндөй канжарды таш-тап жиберип, эми Күнайымдын үстүндөгү топурак-шагылды шилеп, ача баштады. Көкүрөгүнө башын коюп, жүрөгүн тыңшады.

– Күнайым?! – ойготуп алчудай ийнинен

кармап, тарткылады. – Күнайым?! Мен кел-дим, Күнайым?! Күнайы-ым-м? !

Шашкалактап, чөнтөгүнөн түйүнчөгүн алып чыгып, дары чөбүн бетаарчысы менен кошо Күнайымга жыттаткан болду.

– Мына…Жыттасаң? Карасаң, ошол бекен?

Ошол, өзү. Жыттасаң, – деди Күнайым азыр ошону гана күтүп жаткандай, азыр көкүрөгүн кере-кере кенен дем алып, көздөрүн ача салчудай далбастап.

Кыздын башын өйдө кылып оозу-мурдундагы, көздөрүндөгү топурак-кумду арчып, тазалаган болуп, тээ бир далайга чейин далбастай берип, акыры анын баары бекерге экенине ынана баштаган сайын денесин калчылдак басып, асман-жери аңтарылып:

– Аа-аа!!! – деп Жер-Куйдун ичин солкул-дата бир катуу бакырып алып, муздак денени бекем кучактаган боюнча баладай баркырап, алы кетип, солуп калгыча ыйлай берди.

Дүрайым алардан окчунураак жерде турду.

Бири – тирүү, бири –өлүк экөөнү көксөөсү сууган адамча көпкө чейин теңселип, текебер тиктеп туруп, улам убакыт өткөн сайын бардык нерсенин, айрыкча табанын да жет-кен чеги бар экенине ынанып, ансайын жал-гызсырап, өзүнө-өзү жек көрүмчү сезиле баштады… Азыр эле көкүрөккөңүлүнө сыйбай, бактылуу кылып бапырап турган табасы бара-бара суктанууга, кызганычка айланып, жандүйнөсүнүн тээ түпкүрүндөгү, кудум Күнайым менен кошо өлдү, бүттү деп эсепте-ген сезимдери кайра тирилип, жандүйнөсүн кайра эле баягыдай кемирип, жей баштаган сыяктанды.

Ошондон улам го, Дүрайымга суналып жаткан курбусунун денесине жан, колу-бутуна кыймыл кирип, көкүрөгү солкулдап дем ала баштагандай көрүнүп кетти.

Көздөрүн бекем жумуп жиберип, кайра ачты…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#255 Пользователь офлайн   bema_bema   21 Декабрь 2017 - 13:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Анда деле ошондой болду. Дүрайымдын көзүнө Күнайым башын көтөрүп, жигитти мойнуна бекем кучактап алгандай көрүндү.

Жигит да ансайын кызды бооруна басып, жанына – жанынын, жүрөгүнө – жүрөгүнүн жылуулугун, сүйүүсүн өткөрө тирилтип алып жаткандай эле.

Жан дүйнөсү сызгырылып, жалгызсырап кетти.

Ал түгүл жасаган ишине болгон: “Жөн эле койбой! Мени кайсы кара теке сүздү?!” – деген өкүнүч, өксүк бир “жылт!” – этип, каны-жанында, акыл-сезиминде ойгоно калып, кайра бирок жок болуп кетти. “Эми булар мени өлтүрүшөбү же жалгыз таштап кетишеби?! ” – деген муздак, коркунучтуу бир сезим дене-син “дирт” эттирип, эми эле шалдайып турган денесин “тирилтип”, чыйралтып жиберди.

– Жок, жок!.. Антпе? – деп жан дүйнөсүндө тыбырчылаган кыз Күнайымды бекем кучактаган калыбында ыргалып отурган Зумураттан өтүнүп да, өктөм да шыбырады. –Антпе?! Ал сени сүйбөйт. Ал сени да, мени да жек көрөт. Ал болбосо жер жарылбайт эле, бул азапка кабылбайт элек! Тирилтпе аны, Зумурат? Токто!”

Ушунун баарына Күнайымдын күнөөлүү экенин ал Зумуратка буга чейин да далай жолу айткан. А бирок эле жигиттин көзү тумандап, такыр эле уккусу келбей, укса да унчукпай койбодубу.

Жигит артында акырын “шырп-шырп” этип, жакындап келе жаткан дабышты тыңшап, демин ичине катты. Ошону сезген кыз да бурула каччудай же өзүн коргош үчүн акараат кылуучудай сак болчу. Бирок ал күткөндөй Зумурат ордунан тура калган жок. Тек гана, Дүрайым жакын келип, токтогондо гана ошо отурган калыбында коңур,токтоо, үшкүрүккө толгон күйүттүү, коймаарек үн менен:

– Күтөм дебеди беле? – деди.

Анын добушунан улам Дүрайымдын жаны жай ала түштү. Денесин солкулдата терең дем алып алды. “О, Кудай! – деди ичинде. – Менден көргөн жок. Өзүн-өзү өлтүргөнүнө ишенген экен…”

Өзүнүн акылына өзү ыраазы болуп, жи-гиттин жанында жаткан канжарды карады.

– Айтчы, ушундай кантип болсун?! – де-ди жигит, кудум Күнайым менен сүйлөшүп, ага таарынгандай.

– Билбейм, – деди Дүрайым. – Кандай-ча ушундай болуп кеткенин мен да билбей калдым.

– Мен келем дедим эле го?! Баары жакшы болот дебедик беле?!

– Ал бизди алдаптыр…

Жигит бурулуп карады.

– Сага дары чөп тууралуу жөн эле айтып койгонун айтты. Анткени, сенин бу жерде болбогонуңду каалаптыр… “Ал мен үчүн жан-дили менен кызмат кылып жатат. Бирок ал баары бир мен үчүн – душман. Эгерде минтип жатып калбаганымда, мен андан баары үчүн өч алат болчумун. Өз колум менен кый-ноого салып, көксөөмдү суутар элем”, – деди.

– Анан?

– “Ичер суумдун бүгүн бүтөрүн бала ке-зимден билчүмүн. Ошондуктан, менин өлүп калсам кейибей, жакшылыкка жоругула”, – деди. Экөөбүздүн бу жерден аман-эсен чыгып кетишибизди, өлгүчө бир болушубузду кааларын, биздин тагдырыбызга бир болуу жазылганын айтты. Анан да, өлгөндөн кийин денесин муздатпай, дароо топурак менен жаап коюшумду суранды.

– Канжарды кайдан алды? – мунун баарына ишенип отурганы, ишенбей отурганы белгисиз, жанагыдай эле бир калыпта үн катып, Дүрайымдын ичин аңтарып-теңтерип, баарын көрүп-билип жаткандай көзүнүн төбөсүнөн башкача сырдуу, сүрдүү тиктеди жигит.

Дүрайымдын денесинен чыпылдап, муз-дак тер чыгып кетти.

Күнайым ооруп жыгылган он күндүн ичинде Зумурат аны баладай карап, кээде бели талыды деп бир топко чейин көтөрүп, ары-бери басып жүрүп, анан жаткырчу. Алды жумшак болсун деп топуракты колу ме-нен майдалап турар эле. Ал түгүл Дүрайымга ишенбей чачын да өзү тарап, бети-колун, буттарын өзү жууп, ороп-чулгап аяр карачу. Ошондуктан Күнайымдын жанында, колунда бул канжардын кайдан пайда болгону ага табышмак эле.

– А… – кыз кепке какай түштү кыз. – Аны мен кайдан билейин? Мен булакка кеткем… Келсем эле…

– Булакка? Эмнеге?

Жигит кетеринде жоокерлерден калган көөкөр, чөйчөктөрдүн баарына суу толтуруп, тизип берип кеткен болчу.

Булардан анча алыс эмес жерде, жардын түбүндө тизилген идиштерди бир карап алып:

– Ал мени… – деп жалтаңдаган кыз андан ары шыр кетти, – Ал атайылап эле бул жерден кетип калсын десе керек. Жанын кыйганга кезде карышылык кылышымды каалабаса керек. “Эски суудан көңүлүм айнып жатат, таза суу алып келип берчи,” – деп жиберди. Бирок жолдон жүрөгүм бир нерсени сезгендей болуп, кайра чуркап келдим. Келсем эле…

“Калганын өзүң көрүп турбайсыңбы”, – дегендей, унчукпай калды Дүрайым.

Жигит андан ары эч нерсе сураган жок.

Кыз да унчуккан жок.

Билдирүүнү түзөткөн: bema_bema: 21 Декабрь 2017 - 13:58

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#256 Пользователь офлайн   NeRiNa   21 Декабрь 2017 - 19:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 533
  • Катталган: 13 Февраль 17
  • Соңку аракети: 31 Янв 2022 10:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Базар-Коргон гул коргон....)

Кунайым ушинтип эле олуп калабы...?
Бакыт - тынчтыкты суйот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#257 Пользователь офлайн   bema_bema   28 Декабрь 2017 - 00:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Ошол күнү Күнайымдын сөөгүн булакка жакын жерге жашырып коюп, Зумурат канча күн, канча түн ошол чакан дөбөнүн үстүндө оонап, ошол жерде уктап, кайра эле ошол жерден ойгонуп, андан башка жашоону унутуп койгондой бирде эки ийнин солкулдата ыйлап, бирде сооронуп, тилин жутуп алган немедей үн да катпай, анда-санда гана булактан барып суу ичип келгени болбосо, отко кактап бышырып, Дүрайым алдына койгон жылкынын этин карап да койбой, колдон келсе Күнайымды ээрчип кете берүүчүдөй чүнчүү менен күн өткөрө берди. Ошондон улам го, демейде бою-башын түзөп жүрчү кең далылуу, чымыр денелүү жигит шапайып арыктап, сакал-мурутунун арасынан жылтырап тиши менен эки көзү эле көрүнүп калды.

Ошондой күндөрдүн бир күнүндө Дүрайым үңкүйүп отурган жигиттин көңүлүн тапты. Булактын жанында отуруп, чөнтөгүнөн ооз комузун алып чыгып, өгүнү эле Күнайым ооруп жатып каккан күүнү какты. Бирок алар, экөө тең “Бакыт күү” деп өздөрү илгери үмүт, ишеним менен атап алган бул күүнү ушундай жерде, ушундай шартта ойнойбуз деп эч качан ойлоруна да келген эмес…

Бирде, кудум кыз кыялындай созолонуп жумшак, назик кубулжуса, бирде нак сүйүүнүн өзүнөн бүткөндөй сырдуу, ар-мандан бүткөндөй муңдуу сыздаган кай-рыктар эми жердин жети кабат түбүнө окшогон бул жараңканын ичинде сыбызгып, азыр эле сурданып, сустайып жаткан жер куйдун ичин ажайып жомокко айлантып, андан ары аскалардын боору өйдө сызылып барып, жер үстүнө чыгып кетип жаткандай эле.

Түйүнчөктөй түйүлүп отурган Зумураттын кулагынан кирген күү бүт дүйнөсүн, тулку боюн аруулап, сыйкырлап жаткандай каны удургуп, уктай баштаган ой-сезимдери ойгонуп, денесине жан кире баштагандай болду. Бирок акырындан жан жыргата баштаган ушул сезимди жоготуп алуудан корккондой, баш көтөрүүдөн коркуп, тек гана эки тизесин кучактаган калыбында жүзүнө аздап кан жүгүрүп, кокус күү бүтүп калбаса экен деп Кудайдан тилене берди.

Бул күүнү ал жакында эле Күнайымдан уккан…

Уккан да, күүнүн жан жыргаткан сыйкырын сезген. Ошол күнү тээ аскалардын боорун тиктеп мелтиреп жаткан кыз капыл-тапыл эле ооз комузун колуна алган. Балким, ал ким бирөөнү бактылуу кылайын же бактылуу болоюн деп эмес, тек гана бул күүнү эми эч качан ойнобой турганын билип, коштошуу үчүн ойногондур? Мүмкүн.

Ошондо сүйүүгө эс-мас, бар дүйнөсү магдыраган Зумурат Күнайымдын күү үйлөгөн сайын бүлкүлдөгөн тамагынан, диртилдеген эки уурту менен эриндеринен, сыйкырдуу, жумшак манжаларынан көз албай, ушул укмуштуудай жагымдуу учур менен жагымдуу күүдөн башкасынын баарына кайыл өндүү асман-жердин, бар-жоктун ортосунда калкылдап, каалгып отурган.

Ансайын, кызганычтан Дүрайымдын жандүйнөсү жанчылып, асман-жери аңтарылып бараткан. Канча ирет учуп жетип, курбусунун колундагы ооз комузду жулуп алып, бырчалап-бырчалап ыргыткысы келип, жек көрүү менен ызадан ынтыгып, аба жетишпей дем алуусу оордоп, ызага муунган.

Анткени, бул күүнү Дүрайым да билчү.

Канча ирет Зумуратка ойноп берүүгө камынып, бирок ыңгайлуу учур-саатын күтүп жүргөн. Бирок минтип, Күнайым озунуп ойноп жиберет деп эч качан күткөн да, ойлогон да эмес! Баамында, сезим-туюмунда мындай ишке барууга Күнайымдын акысы да жок болчу!

“Бакыт күүсүн” экөөнө Күнайымдын чон энеси үйрөткөн. Бак ичинде маңдай-тескей отуруп алышып, жарыша күү күүлөгөн эки кыздын устаты да ошол байбиче болчу. Бул жолу да ак жоолугун жарашыктуу салынып, саймалуу белдемчисинин астынан гүлдүү, жибек көйнөгүнүн этеги булактап, артына таштап койгон чач учтугун башкача бир шыңгырата ба-сып келип, эки кыздын жанына отурган да:

– Бул күүнү мен силердей кезде, ыраматылык чоң энем үйрөткөн. Ага да чоң энеси үйрөтүптүр. Баарынан кызыгы, алар да ушул күү менен бактыларын тапкан имиш. Мен да бир кыз оюнда ушул күү менен эч кимди теңсинбей жүргөн бир кербездүү, бирок кең пейил, келишкен сулуу жигиттин жүрөгүн багындыргам… – деп келатып, бири-бирин карап жымыйган кыздарды карап кебин бөлгөн:

– Ой, окшошкон! .. Мен да силердей болгом, ушул бойдон эле кемпир болуп туулуп калды дейсиңер го?

– Жок…

– Анан эмне болду эле, чоң эне?

– Эмне болсун, жеңемди төркүлөтүп, ушу айылга келип, кыз-оюнда ушул күүнү каккам. Ошондо улуу-кичүүнүн арасында отурган каратору, жылдызы жанган, кош кареги балбылдаган, кудум сен өңдүү бир сулуу жигит көз албай тиктей берди.

– Чоң атамбы?

– Ооба. Ошондон көп өтпөй эле ар-тымдан жуучу түшүп барышты. Кудайга шүгүр, бактылуу жашадык. Баш кошкондон тартып, көзү жумулуп кеткенге чейин эле кайраным: “Баягы күүнү кагып койчу?”– деп жүрүп өттү.

– Уккубуз келип жатат, чоң эне?

– Чон атаңар кеткени бул күүнү ойно-бой жүрдүм эле… – деген эне ооз кому-зун эрдине сүйөгөн калыбында көздөрүн жумган…

Ошондон кийин эки кыздын эрмеги ушул күү болуп, кээде отуруп алышып тең жарыша чогуу сыбызгытып ойношсо, кээде бири-бирин күтүп, улап ойношо турган. Канткен менен Күнайым курбусуна караганда алда канча батыраак үйрөнүп, анан калса уккулуктуу ойноор эле. Ошого бир аз чычалап, арданган Дүрайымдын колунан ооз комузу түшпөй, андан да алда канча мыкты ойногусу келип далбастай берчү.

Күнайым да аны сезер эле. Ойногонун токтото коюп, Дүрайымдын кайдадыр кайып, тетири кеткен кайрыктарын оңдоо менен алектенип калчу. Баары бир, Дүрайым өзүнө да, курбусуна да ыраазы болчу эмес.

“Балким мунун комузу башкачараак болуп жүрбөсүн. Атасы атайылап эле кызына мыктысын алдырып, мага жайынчасын бергендир?” – деп ойлоп, бир жолу: “Кел, комуз алмашабыз?” – деп Күнайымдын комузун алган. Алар да чоң энелери сыяктуу, сүйүүдөн бактылуу болууну самап, ушул күү менен өз-өз бактысын табар күндү күтүшчү…

***

Зумурат баш көтөрүп, күү ойногон кызды карады…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#258 Пользователь офлайн   bema_bema   09 Январь 2018 - 12:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Кандайсыздар, китеби болсо баарын жазып салгым келет куттурбой ,шартка байланыштуу чет жерде болгондуктан таппадым.Автор жазганда эле бул жака жазганын кочуруп атам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#259 Пользователь офлайн   bema_bema   09 Январь 2018 - 12:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Зумурат баш көтөрүп, күү ойногон кызды карады…

Бул күүнү биринчи жолу Күнайымдан уккангабы же жалгыз гана анын элеси менен жашап, оюнда да, түшүндө да Күнайым болгон үчүнбү, сокудай таштын үстүндө мойнун койкойто созуп, кыйгачтай отуруп алып ооз комуз каккан кыз ага кудум Күнайым түспөлдөнүп көрүндү.

Көздөрүн бекем жумуп, кайра ачты.

Ээгин саал өйдө көтөрүп, көздөрүн жумган кыздын эки бети ылдый жаш салаалап агып, көмөкөйүнөн чыккан күү кудум өгүнкүдөй жигиттин кулагынан кирип, боюна тарап, жан дүйнөсүн аңтар-теңтер кылып, жүрөгүн козгоп, андан барып Жинди-Чаптын ичин күүгө, ырахатка бөлөп, сыбызгып жатты.

Күүнүн уккулуктуулугу – сыйкырынан улам жигиттин канча күндөн берки жы-гачтай болуп катып калган денеси жибип, араңжан бүлкүлдөгөн кан тамырларына кан чуркап, уктап калган ой-сезимдерине жан кирип, жашоого болгон ышкысы кичинеден баш көтөрүп, ойгоно баштаган сыяктанды…

“Күнайым?..” – деди оюнда. Бирок ал муну үн чыгарып айта албай койду. Тамагына томуктай бир нерсе кептелип калгансып, үнү чыкпай, ал түгүл карегин каканактаган ысык жаш каптап калды да, бир убакта булактап ага баштады.

Ордунан турууну ойлоп, а бирок кайра ошол отурган жеринен козголгусу да келбей, коргошундай уюду… Бул анын – угуп жатканы, көрүп турганы өңү эмес, түшү болуп калабы деп корккону эле.

Дүрайым жигиттин жанданып, өзүнөн көз албай тиктеп турганын сезди да, жан үрөп, күүнүн бар кайрыгын кастарлап кайрып, ар бир ыргактын уккулуктуу, жеткиликтүү болушуна аракеттенди. А бирок барган сайын муун-жүүнү бошоп, комуздун кылын кайрыган манжаларынан ал кетип, күү үйлөөгө дарманы азая баштаган болчу. Ичине толгон букпу, ызабы, арманбы, а балким ашыктыктын азабы же бактысы, кубанычыбы, айтор кандайдыр бир күчтүү сезим көөдөнүндө айланып-тегеренип, сыртка чыгаарга арга таппай жүргөндөй тынчын кетирип, ан сайын кыз мына-мына азыр кооз комузун ыргырып жиберип, көмкөрөсүнөн жыгылып же учуп жетип Зумуруаттын кучагына кулап калгысы келип, көздөрү караңгылап, дарманы азайып баратты.

Күүнүн улам жүүнү бошоп, күчүнөн тайып баратканын Зумурат да сезди.

Бирок ошону каалабагандай, койкоюп маңдайында отурган Күнайымдын элесинин азыр көздөн кайым болуп кетишин каалабагандай, жан дүйнөсүндө далбастап, көз албай тиктеп, катып отурду жигит.

Дүрайым болсо азыр жигиттин өзүнө калдактап жетип келип, канатына калкалап, кучагына катып, кармап калуусун каалап, асман-жери азыр астын-үстүн болуп кетчүдөй көздөрү чыбырчыктап, жери айлан-көчөк болуп тегеренип барып, эки колу “шалак” дей түштү да, жер сүзүп жыгылды…

***

Алымкан айткан сайын Дүрайым менен кошо теңселип, башы тегерене баштаган Кызмончок да жер сүзүп жыгылчудай термелип, чайпала түшкөнүн баарынан мурун байкай койгон Асан дароо кызга учуп жетип, бооруна басты.

Алымкан жомогун токтотуп, алдастап калды.

Эски доордо болгон ошол жомок, ошол окуянын каармандарынын баары ага эски тааныштай, ал түгүл ошонун баарына өзү катышып, өзү көрүп келгендей, баары Жанга тааныш эле… Алымкандын азыр эмне тууралуу айтарын да алдын ала билип, ан-дагы каармандарын айтар сөздөрүн Алым-кандан мурун эле жадымында угуп, ар биринин кыймыл-аракетинен бери туюп, бирок кантип, кандайча мунун баары эстутумун-да бар экенин, буга чейин бирок эмне үчүн бул жомок бир да жолу эсине келбегенине таң калып, аныгын айрып биле албай, денеси мында болгону менен жаны так ошол качанкы доордо калгансып, дендароо жаткан болчу ал.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#260 Пользователь офлайн   bema_bema   14 Январь 2018 - 03:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Качан гана Асан үстүнөн аттап-буттап жөнөгөндө гана “селт” эте баш көтөрүп, мойну-башы шалактап, эс-учун жоготуп жаткан Кызмончокту көрүп, ал үчүн азыр баарын күм-жам кылып жиберчүдөй сереңдеп тура калды.

– Кызыке? Эмне болуп кетти, каранкүн?! – деди Алымкан.

– Аа-аа! – жыландын түрүнөн коркуп, түн жаңырта бакырган Тынар энесинин эте-гине жармашты.

– Чүш-ш! Тынч, – деди энеси.

Асан Кызмончокту жерге жаткыра коюп, тамырын кармады.

– Я, айланайын Кудай, эмне болуп кетти? – баарына өзү күнөөлүүдөй унчукту аял. – Эмне болот эми, каран күн? Кудай ушу мени албай койду го.

– Жакшы эле. Тынчтаныңыздар. Ортодогу оттун жалыны өчүп, кызыл чок гана чыртылдап, ансыз да караңгы, коюу түндүн кунары кача түштү.

Асан Кызмончокко күндүзгүдөн калган дары чөбүн жыттатып, бир аз бүрүн алаканына салып майдалай коюп, кыздын эрини алдына салды. Ошондон кийин гана туруп барып кызыл чоктун үстүнө каршы-терши отун таштап, тизелеп отура калып үйлөп жа-тып от тутантты.

– Тур, отун алып кел, балам, – деди Алым-кан бир өңүрүн басып, каруусуна жабышып, жыландан көз албай отурган уулун түрткүлөп.

– Тур. Ал эчтеке кылбайт, коркпо.

Жумуру денеси былкылдап жылып келип, кызмончоктун жанында ийрейип жаткан Жан эми тумшугун Кызмончоктун кежигесинин астынан киргизип, ары жагынан созулуп чыкты да, бир чоң аттам жерге чейин жылып барып, кайра имерилип келип, кежигенин асты-нан эми бери өтүп, эки-үч бүктөлгөн денесинкыздын башына жаздык кылып жаздап койду.

Аны карап отургандар унчугушпай, бири-бирин карашты.

Таң калгандай, тобо келтиргендей эриндерин “шык” эттирип шыпшынган Алымкан денесин солкулдатата узакка улутунуп алды.

Ушул тапта башын көтөрүп, кудум адам баласына окшоп Кызмончокту санааркай да, аяй да тиктеп турган жыландын көздөрүнөн эки тамчы “тып-тып” этип Кызмончоктун жүзүнө тамды.

Ансыз да дарынын кудурети менен жаңы эле эсине келип, эмне болуп кеткенине, деги эле эмне болуп жатканына түшүнүп-түшүнө албай, отундун чыртылдап күйгөнүн угуп, жамалын аймалаган муздак желдин шооку-мун сезип, кайда жатканын элес-булас боолгоп жаткан келин бетине тамган жаштан улам көздөрүн ачып, өзүн тиктеген Жанды көрдү.

– Жан? – муну Кызмончоктун көздөрүнөн окуду Жан.

– Кызмончок?..

– Ыйлап жатасыңбы?

– Жок…

– Булардын баары… түшпү?

– … – башын чайкайт Жан.

– Бул жомокту сен башта билчү белең? – анын көздөрүнөн бир нерсени окугандай таң кала карайт келин.

– Баары тааныштай…

– Анда эмнеге мага айткан жок элең?

– Унутуп калыпмын.

– Андан аркысы эмне болот? Булардын бизге кандай тиешеси бар?

– Билбейм…

Кызмончок менен Жандын тиктешүүсү дагы канчага созулмак, Алымкандын шаштысы кетип, ортого түшө калды:

– Кызыке, жакшысыңбы, айланайын?

Турууга аракеттенип, башын көтөргөн келинди Асан жөлөп-таяп, отургузду.

– Кызмончок, баары жакшыбы? – Асан тизелеп отура калып, тамырын кармады.

– Жакшы. Баарыңарды беймаза кылдым окшойм…

– Аз калды. Бу жерден кетебиз, кызым. Баары жакшы болот…

Алымкандын жомогу андан ары уланды.

***

Чөк түшүп отура калган жигит кыздын жүрөгүн тыңшады.

Ошондон кийин гана кызды жерден көтөрүп ала коюп, бооруна басты.

Кыздын колдорун оозуна алып келип, үйлөгүлөп жылыткан болду.

Тээ бир топто барып селейип каткан кызга жан киргендей, йкудан ойгонгондой эки йинин солкулдата улутунуп алды.

– Өлбө, өлбө! – деп ансайын алдастаган жигит кызды баладай алдына ала коюп, этек-жеңи менен кымтылап, ыйлап жатканы да, ырдап жатканы да билинбей, кудум бала таптагандай кыңылдап, ыргалып отурду.

Кызга жан кирди. Башын жигиттин көкүрөгүнө катып, бекем кучактап алды. Адамдын тер аралаш ысык демине мас болгондой магдырап, ушул учурдун эч качан бүтпөшүн каалады. Баягы, бала чагында апасынан качып барып, атасынын ичигинин ичинде эркелеп, жашынып алчу кездерин эстеди. Анда да атасынан так ушундай ысык илеп менен кошо тердин жыты канылжарын өрдөп, ансайын ата жытын кере-кере жыттап алып, бир убакта чуркап ойноп кетер эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (17 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 23 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 23, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 11:45

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: