Суперстан: Жыландын сүйүүсү - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (17 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жыландын сүйүүсү «Жыландын сүйүүсү» автор тарабынан алымча-кошумчаланып, аңгемелер мене

#261 Пользователь офлайн   Asya_92   15 Январь 2018 - 03:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 508
  • Катталган: 13 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 16 Июн 2018 16:44
  • Жынысы:Аялзаты

Коптон жазып койгулачы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#262 Пользователь офлайн   bema_bema   16 Январь 2018 - 18:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Мына эми да, бардык жагымсыздыктан жашынып алгандай, эреркеп, бул жашоодо ушул мээримден өткөн мээрим, ушул жылуулуктан өткөн бакыт, жигиттин кучагынан өткөн керемет, ажайып дүйнө жок эле ага.

Жигит да жер алдына түшкөн убакытты кой, деги эле эрезеге жеткенден тарта минтип, болгондо да кыз балага эбедейи элжиреп, болгон мээримин төгүп, эркелетип көрө элек болчу.

Канча курдай Күнайымды бооруна тарткысы, жандүйнөсүнө сыйбай толуп-ташкан сүйүүсүн, мээримин, денесинин от-жалын болгон ысыгын ага арнап, кучактагысы келгени менен, кыздын салкын мамилеси аны көкүрөктөн түртүп, жанына жуутчу эмес. А бирок ал өлгөндөн кийин да көксөөсү суубай, үстүндөгү боз топуракты кучактап жатып, боюндагы болгон жылуулугун, мээримин, сүйүүсүн, жашоого болгон дараметин дагы ошол ным топурак соруп, сиңирип алгандай болгон. Мындан ары ошол муздак, мерез нерседен башканы – жылуулукту, жандуу сезимди, жүрөктүн турсүлдөп согушу менен кан тамырлардын бүлкүлдөп кагышын эч качан сезбей калгандай туйган. Өзү да ошого ынанган, ошого макул болгон. Качан гана, кудум Күнайым жер алдынан суурулуп чыгып, аны жашоо үчүн күрөшкө чакырып, шыктандырып жаткансып, сыйкырдуу кайрыктары бар “Бакыт күү” сыбызгып, сыздай баштаганда ал караңгы, суз дүйнөдөн бери баштанып, жашоо али бүтө элек экенин, дагы күрөшүү, аракеттенүү керек экенин сезбедиби.

Койнундагы кыздын бүлкүлдөп соккон жүрөгүнүн кагышын жүрөгү менен тыңшап отуруп гана, бир далайдан соң көздөрүн ачты. Ошондо гана кучагындагы кыздын Дүрайым экенине муюду. “Бул бечарада эмне күнөө? Бул да мендей бир шордуу… – деди оюнда кызды да, өзүн да актап. – Мында эмне күнөө?”

Кызды бооруна бекем-бекем кысып, саамайынан кайра-кайра жыттап, көзүнөн булактап куюлган жашты токтотууну ойлобой да, ушу азыр ыйдын да кандайдыр ырахаты бар экенин сезгендей термелип, отура берди.

Көздөрүн жумуп алган кыз да ошону сезди. Анын анда-санда баладай эчкирип алып, кучагына бекем жабышып, эки ийнин бүлкүлдөтө ыйлап отурганы жигитке жагып турду. Бул ага жашоонун али бүтө элек экенине каниет кылдырып, өчүп-жанып үлпүлдөгөн үмүтүнө кубат берип жатты.

Жигит минтип канчага отура берет эле, ким билет. Бир убакта ыйы басылып, тынчып калган кыз акырын ээгин көтөрүп, жигитти карады.

Сакал-муруту өсүп, бети түктүйүп, көздөрүнүн алды баштыкча болуп шишип, демейдегиден алда канча арыктап, жүдөп, улгая түшкөнсүп көрүндү.

Анткен менен Дүрайым үчүн ал – жалгыз эле! Бул дүйнөдөгү жалгыз жагымдуу, боорукер, күчтүү, теңдешсиз болчу!

Көздөрүн ала албай, көпкө тиктеп турду да, колун жигиттин мойнуна ороп, ээгинен өптү.

Ошол ирмем, ошол күндөн тарта алардын жашоолорунда “эки бакыр – бир тукур” болуп, бурулуш башталып, антсе да күндө бир маал жетелешип келип, Күнайымга дуба кылып кетип жүрүштү.

Канчалык билгизбегенге аракет кылганы менен, ушул учур бирок Дүрайымга жакчу эмес. Зумураттын көзүнүн жашын көрсөтүп да, көрсөтпөй да сызылып ыйлай бергени аны азапка салчу. Жандүйнөсү жанчылып, кызганычтан кээде Зумураттын өзүн да жек көрүп, кайра өзүн-өзү алдап: “Мен эмне болуп жатам? Күнайым жок да… Эмнеге кызганам?” – дегени менен курбусу анын сүйүүсүн уурдап, бекитип алып жаткандай ызалана берчү.

Күндөрдүн биринде чак түштө эле куш уйку сала койгон Дүрайымдын ачуу чыңырыгы селт эттирди.

– Эмне болду?! – өң-алеттен кетип, көзү алайган келинди бооруна кысып:

– Түш көрдүңбү? Баары жакшы. Мына, мен жаныңдамын. Коркпо… – деп анан тамашалаган болду:

– Баламдын жүрөгүн түшүрдүң го? – деп алаканын келиндин төмпөйгөн курсагына койду.

– Жылан! – деди Дүрайым.

– Жылан? Кайда жүрөт? – жанагыдай эле тамашалаган болуп, эки жагын каранды жигит, – Көрсөтчү мага. Дароо кармап, шишкебек кылып берейин. Өткөндө “дагы болсо” деп, тамшанып калдың эле го?

– Жок, кереги жок! – Дүрайым жигитти кучактап, көздөрүн жумду.

– Жыландын болгону экөөбүзгө жакшы. Айттым го, жалгыз болбойт эле, кайсы бир жерде дагы болуш керек деп. Балким жаңыдан келип жатышкандыр. Бу жерде бизден башка да жандуулардын жүргөнү бизге караан болот. Эми жайына коёлу, көбөйө берсин. Анан бу туюкбай төрөлсө, чекесинен кармап, бы-шырып жей беребиз…

– Түш көрдүм, – жигиттин сөзүн бөлдү келин.

– Жылан түшкө киргени жакшы болот.

– Уксаң…

– Болду эми. Экөөбүз күчтүү болушубуз керек да. Түшкө эле ушунча боло берсек…

– Үстүгө качан чыгабыз? – жаш каканактаган көздөр менен жалооруй карады келин.

– Менин деле оюм ушул, каалаганым ушул, – аргасы калбагандай унчукту жигит.

– Бир айла кылбайлыбы? Кантип жашайбыз? Балабызды кантип багабыз? Эки асканын ортосунда кыпчылбай, жок дегенде бир

аз кененирээк жер болсо эмне?.. Күндүн көзү көрүнсө эмне? Балабыздын бу жерде калышын каалабайм.

– Калбайт… – оозу бош унчукту жигит.

– Түшүмдө быкпырдай кайнап, үймөлөктөшкөн жыландардын арасында жүрүптүр…

Түшкө эмнелер кирбейт. Болду эми, – деген менен Зумурат ушул окуяга кабылардан бир-эки жума мурун, энесинин: “Балам, түндө бир жаман түш көрдүм. Жанагы зоңкулдактын түрү жакпай жүрөт. Силерге залакасы тийбей, деги өз өз башы менен кетсе экен. “Чөптү деле кордосо көзгө зыян” дейт. Бирөө-жарымга кыянаттык кылбасаңар болот эле”, – дегенин эстеди. “Зоңкулдак” дегени, ошол маалда: “Баланча деген жерде Күнайым деген сулуу бар экен. Жай чилдеде кар жаадырып, кыш чилдеде булбул сайратат имиш. Андай экени чын болсо, ал бизге кызмат кылууга тийиш, ал – биздики болууга тийиш! Тактап айтканда, меники болот! Бирок бизге алар бере коет дейсиңерби? Жок! Ошондуктан биз аны башкача жол менен алып келебиз!” – деп дөгүрсүп турган маалы болчу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#263 Пользователь офлайн   bema_bema   19 Январь 2018 - 23:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

– “Ой, апа, эчтеке болбойт! Коюңузчу. Кайдагы эле бир жомокторду айта бересиз!” – деп эрдемсиген бул да анда.

– Аа, балам, “Кудай деген кумурсканын буту сынбайт”, жаштыгыңар менен кара күчүңөргө ишенип, өзүңөрдү да, элди да азапка салбасаңар болду. “Карынын кебин капка сал” дегенди унуттуңар. “Качкандын да, куугандын да Кудайы бар” дейт, – деп таарынгансып калган.

Чыны менен эле жаштыктын шарапаты, күүсү менен ким-кимисинин көзүнө эч нерсе көрүнбөй калган болчу. Эми ошол күндөр кайра бир кайтып келсе, апакесинин бир сөзүн куру кетирбес эле го, аттиң! “Энелүү жетим – эрке жетим” кылып, “канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай” багып-тегип, эрезеге жеткирген энесин алаканга салып, кареги менен тең айланып, бутунан өөп турбайт беле!

Шордуу эне, эми эмненин күнүн көрүп жатты экен? Баласынын өлүү-тирүүсүн биле албай боздоп, күйүт менен күтүүдөн кареги соолуду бекен же бечара бүжүрөп, бүктүшүп жатып калдыбы? Балким, демейде эле баласынын кандай күндө экенин алыстан эле жүрөгү сезип, түшүндө көрүп, төлгө сала коюп божомолдой берчү эне эми да уулунун кайдадыр

канаттары кайрылып, бирок тирүү жан экенин сезип, ого бетер кайгыдан кабырылып калгандыр же: “Аман-эсен келгиче уулума Кудайдан күч-кубат сурайын, ага чейин санаам тынып кантип өлөм, кокуй!” – деп кайраттанып, кара күчкө басып жүрөбү? Атаңдын көрү, дүнүйө, жок дегенде ошол энесинен ка-бар ала алса эмне?!

Деги эле, жалаң солкулдап, күчкө толуп турган уулдарын жер жутуп кеткенин билип-билбей, бир айылдын элинин башына каран түн түшүп тургандыр?! Ошолор бар болду бекен деги?! Балким алар да?!.. О, жок,

жок!..

Жигит бир катуу күрсүнүп алды.

Көпкөндүк менен чак түштө айгай сала каптап келип, бир айылдын элин кыйсыпыр кылып, чаап-өрттөгөнүн эстеп, заманасы тарып кетти.

Ошондогу айылдын үстүн кара булуттай каптаган кара түтүн, дүркүрөгөн кызыл жалын, туш-туштан абалаган иттердин, бири-бирин жоктоп “кокуйлаган”, жансоога сураган кары-жаштын ызы-чуусу, чучуктай чыңырып алып “тып” өчкөн балдардын үнү…

Алардын арасында Күнайым менен Дүрайымдын да ата-энеси, бир туугандары…

Энеси айткандай, зоңкулдак жигит башынын кыйкырык-сүрөөнү менен жинди чөптүн күчү буларга ого бетер дем берип, эмне кылып жаткандарын бирде билсе, бирде билбей…

Дүрайымды кучагынан итерип жиберип, башын мыкчып отура калды да, адатынча жер сүзүп жыгылды жигит.

Тээ асканын башы тарапка бир умсуна карап, улутунган Дүрайымдын асманды, күндү, булуттарды көргүсү келип кетти.

Жамгырды сагынды.

Дыбыраган жамгырда: “Чачыбыз өссүн”, – деп көл-шал болуп турчу бала чагын эстеп, жымыйып күлүп алды. Анда да атаандашы – Күнайым боло турган.

– Дүрайым, өпкөңө суук өтөт! Кир үйгө! – деп апасы кайра-кайра чакырганына карабай, кыздардын баары эчак эле үйлөрүнө кирип кетсе да болбой, дыбыраган жамгырда тура берер эле.

– Апа, чачым эмнеге Күнайымдыкынан кыскараак? – дечү үйгө киргенден кийин, адатынча атасынын ичигинен башын чыгарып, ээги-ээгине тийбей үшүп отуруп.

– Бир чачтын өсүмү батыраак, бирөөнүкү жайыраак болот, балам.

Апасынын бул сөзү ага жакчу эмес:

– Эмнеге анда аныкы батыраак, меники жайыраак?

– Баягыңды дагы баштадыңбы?

– Эмнеге аныкы дайыма эле баары менден жакшыраак?

Апасы унчукпай, атасын карачу.

– Анткени, сен ага карганда акылдуу, бактылуусуң да, кызым, – дечү атасы кызын жубатып.

– Эмнеге? – бул жооп, бир чети жөн гана жубатуу экенин билсе да, майдай жакчу ага, ишенгиси келчү. – Чынбы?

– Чын. Мисалы, карачы, адам баласы төрөлгөндөн кийин бир жылда барып араң басат, ыраспы?

Кыз башын ийкейт.

– Ал эми козу, улак, күчүктөр туула калып эле чуркайт. Кана, ойлонолучу эми. Ким канчалык ылдам телчиксе, ошол бактылуу деп ойлойсуңбу?

Кыз ойлонуп калат.

– Жо-ок! – атасы кызын адатынча ушинтип алдап, соорото баштайт. – Алар канчалык эрте телчиккени менен, ошончолук эрте картайышат. Үч-төрт жылдан киийн эле тиштери түшө баштайт. Ал эми адам болсо, кеч басат, кеч торолот, ошончолук узак жашайт. Эми айтчы, кимиси бактылуу экен? Бат чоңоюп, баарына бат жеткенби же шашпайбы?

Кыз “жымың” этип күлүп жиберет.

– Ии, бучук, түшүндүңбү? – атасы кызынын көңүлүн таап, жооп берип кутулганына кубанып калат.

– Түшүндүм, – деген кыз кудуңдап жыргап калчу. Мындай учурда ага атасынан өткөн акылдуу эч ким жок эле. Ал түгүл ушуну да билбеген апасын аяп кетчү.

Ушул: “Мен баары бир сенден акылдуумун, бактылуумун. Анткени сенден көп жашайм”, – деген ишеним кийин, ал бой жеткен кезде деле жадымында жатталып кала берген болчу.

Ата-энесине болгон кусалыгы жанына батып кеткенин эми чындап туйду. Болбосо, Зумуратка болгон сезими аны буга чейин бир топ эле бар азаптан, анын ичинде сагынычтан арачалап, алаксытып келген экен.

Айрыкча, кара көрпө ичигин желбегей жамынган атасы калдайып, көз алдына келе калды.

– Атаке? – деп, көзүнүн жашы буурчактап, ээги эмшеңдеп кетти. – Сагындым. Мени бу жерден алып кетчи?

Зумурат башын көтөрүп, Дүрайымды карады.

Дүрайым чындап эле атакеси келип калгандай эреркеп, кайдадыр жалооруй тиктеп, кудум кубанычтан эмне кыларын, эмне айта-рын билбей калган адамча абдаарып турган.

Жигит артына бурулуп карады.

Бирок көзүнө баягы эле калдайган аскадан башка эч нерсе көрүнгөн жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#264 Пользователь офлайн   bema_bema   23 Январь 2018 - 14:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Тек гана Дүрайымдын көзүнө көрүнүп жатканын билип, антсе да бүткөн бою дүрүлдөй түшүп, ошол элестин алдында өзүн айыптуу сезип, жандүйнөсүндө далбастап, ансыз да мокоп, шалдайып отурган жаны, кудум кайнатасы кун сурап келгендей башын жерге салып, кулдук урган адамдай шалбырады.

– Ата, атаке? Бизди кечириңиз? – деп ыйлап турду кыз дагы.

Тээ бийиктен күн күркүрөп, боз күңүрт тартып турчу жараңканын ичи чагылгандан улам жаркылдап барып, жалп өчтү. Муну кудум атасынын каары өңдүү кабыл алган кыз:

– Бизди кечир, атаке? – деди көзүнүн жашын көлдөтүп. – Биз мындай болорун билген да, каалаган да эмеспиз. Эми бизди күнөөлөөгө да, жазалоого да кеч. Биз эми бир үй-бүлөбүз. Бизге жардам бер, ата? Зумуратты мен үчун кечириңиз? Ал күнөөлүү эмес! Аны мажбур кылышкан!

Жигиттин денесинен чыпылдап, муздак тер чыгып кетти.

Жер астын-үстүн болуп, тирелген аскалар урап келаткандай болуп кетти.

Канча убактан бери мындай жазаны ал өзүнө-өзү гана берип, өзү менен өзү алышып, өзүн-өзү күнөөлөп, өзүн-өзү актап келген. Кыздардын бири да, эмнегедир буга чейин аны күнөөлөп же анын көзүнчө мындай сөздү айтышкан эмес. “Эми баары кеч. Айтып, дегенде эмне? Ансыз да бечара өкүнүп, өзүн-өзү жеп жүрөт”, – дешкен ким-кимиси. Айрыкча, жигиттин кареги менен тең айланып: “Баарына бир гана Күнайым күнөөлүү”, – деп келген Дүрайымды чыны менен эле ак-караны анчейин ажыратып биле албаган эрке, маңыроо кыздай туюучу.

Күндүн күркүрөгү эми алыстан угулду.

– Кетип калды, – деди Дүрайым алда кимге таарынгандай ыйлап. – Кетип калды…

Ошондон кийин гана ордунан турган жигит Дурайымды бооруна кысты:

– Мени кечир, Дүрайым? Мен…

– Сенде эмне күнөө? – жигиттин жаагынан сылап, аяй тиктеди Дүрайым. – Бул – тагдыр. Балким, бул Жараткандын экөөбүзгө берген сыноосудур? А балким, бизге улуу сүйүү ушундай жол менен келгендир? Улуу бакыт канчалаган оор жоготууларды, азап-тозокторду жеңүүбүздү талап кылып жаткандыр? Демек, биз күрөшүүбүз керек! Биз күчтүү болушубуз керек! Суранарым, жеңилбе, жаным! Эч качан жеңилбе? Макулбу?!

Дүрайым жигиттин колун өзүнүн курсагына койду. Заматта өңү өзгөрүп, эки бети тамылжып, жылмайды келин. Жигит да эми эле жаш чайыган каректери жууган карагаттай болуп, жалжылдай тиктеген келинге ичи ысый карады:

– Бул эмне? – деди анан алаканынын астындагы бүлкүлдөктөн улам таң калганын жашыра албай.

– Сезип жатасыңбы? – деди ансайын жигиттин колун кое бербей, курсагына бекем баскан Дүрайым.

– Ооба.

Келин кыткылыктап күлдү:

–Коркпо! Бул – сенин балаң.

– Эмне болуп атат?

– Тээп жатат, — бактылуу күлүмсүрөп, күйөөсүн кучактады келин. – Мен кандай бактылуумун…

Унчугушпай калышты.

– Боюнда бар кезде жеңеме дайым суктанчумун, – деди бир убакта акырын улутунган Дүрайым. – Кош бойлуу кезинде ого бетер сулуу болуп кетер эле. Анан да, капилет эле күйөөсүн издеп калчу да, акем жеңемдин курсагына ушинтип алаканын коюп, же кулагын төшөп, тыңшап калчу.

Кээде жеңем: “Кызыке, келсең”, – деп мени да чакырып, алаканымды ичине койчу. Ошондой кездерде менин да жеңе болгум, эне болгум келип, бүткөн боюм балкып кетчү.

– Жаным… Кудайым тилегиңди кабыл кылсын.

– Кабыл кылат. Мен ага ишенем. Анын үстүнө, өлөрүндө Күнайым дагы: “Сен сөзсүз эне болосуң! Укум-тукумуң өсүп, тээ канчалаган доорлордон кийин урпактарың ушул күндү жомок кылышат”, – деген. Эгерде биз жер үстүнө чыкпай турган болсок, кайдагы урпактар болмок эле, кантип өсүп-өнмөк элек, ыраспы?

– Ооба.

– Бирок… – унчукпай калды келин.

– Бирок эмне?

Келин калган сөзүн ичине жутуп алгандай, кепке какай түштү.

– Бирок… дагы эмне дегенин билбейм.

Коркконум… – үнү дирилдеп, денесин титирек басып кетти. – Каргаган жок бекен деп эле корко берчү болдум.

Көз алдына баягы, оозу-мурдуна, көздөрүнө куюлган кумду чапчыгылап, тура качууга канчалык далбастап, бирок эки колу менен мойну-башынан башкасы жансыз жаткан Күнайымдын өлүм алдындагы элеси келе калды. Так ошондогудай жүрөгү лакылдап, шашкалактап кетти.

Ошондо: “Каргап жибербесин! ” – деген ой мээсине “тык!” эте калып, батыраак жаны чыгып кетсин деп кыздын көкүрөгүнө бычак матыра салып, жаны жай алган. Бирок улам убакыт өткөн сайын жарат улам кайра жаңырып, корккону эле ушул:

“Каргышы, дубасы куру кетчү эмес эле, жаны кыйналып жатканда каргыш айтып жетишкен жок болду бекен?..” Ага чейин курбусунун өзү тууралуу эч качан жаман ойлоп, кара санабаганын билчү. Бул канчалык арамданып, канчалык жек көрүп жатса да кечирим кылып, сабырдуу болчу. Бир чети, атадан жалгыз болгону үчүнбү, ал муну уялашындай жакын көрсө, бир чети түшүнүп, аяп мамиле кылчу. А бирок анын аёо сезими буга жакчу эмес! Ансайын итатайы тутулуп, арданар эле! Ансайын жек көрөр эле!

Балким, ошол ишенген курбусунун өз колунан өлүп баратып да, айкөлдүк кылып аяды бекен? Же жаны ачынган эме өзүнө ээ боло албай, каргап кеттиби?

– Корком! – деген Дүрайым жигитти каруусунан мыкчый кармады.

– Эмнеге? – алда нени ойлонгондой Зумурат ага бүшүркөй карады. – Эмнеге

коркушуң керек? Сен ага эмне жамандык кылдың эле?

Дүрайым башын чайкады:

– Эчтеке…

– Анда эмнеге коркосуң?

– Мен сени канчалык сүйөрүмдү билип… Балким…

– Жок! – чын дилден, ишенимдүү айтты жигит. – Күнайым жаш бол-со да акылдуу, даанышман кыз болчу.

Сүйүү үчүн ал сага жамандык кааламак эмес.

Оор онтоп алды кыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#265 Пользователь офлайн   bema_bema   29 Январь 2018 - 19:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Жинди-Чаптын үстүндөгү көктү ка-рай созулуп күйгөн кызыл жалын али өчө элек.

Ошол оттун чартылдаганы менен алда кайдан желип жортуп келип, кызыл жалынды жапырып, берки отургандардын этек-жеңин желпилдетип, андан ары барып Жер-Куйга куюлуп кетип жаткан чолок шамалдан жана береги төрт адам, бир жыланда башка бу жерде эч ким жоктой көрүнгөнү

менен, булардын ким-кимиисин астейдил карап, кыймыл-аракеттеринен көз албай, бирок алардын эмне кылып отурушканын, эмне деп жатышканын түшүнбөй чыйпылыктаган дагы бирөө бар эле…

– Күмүш жон жылан бар экенин эч ки-миси байкай элек.

– Жеңе, – деди бир убакта Кызмончок алда нени талап кылгандай да, таң калгандай да Алымканга суроолуу тиктеп.

Алымкандын жомогу токтоп калды.

– Мени караңызчы? – дирилдек баскан, шашкалактаган добуш менен Алымкан башын буруп, кызыкесин бир жалт карап алып, көздөрүн тартып кетти.

– Жеңе?!.

– Не дейсиң, кызыке? Токтот десең токтотоюн, – бир чети айыптуудай, бир чети өктөм үн катты жеңе. – Батыраак эле айтпайбы деп атасың го же кызыгы жок болуп баратабы?

– Ооба! — деген Кызмончок кайра кай-пактап кетти, – Чарчадыңыз го… Ток этер жерин эле айтсаңыз сизге да, бизге да жакшы болбойбу дегеним. Зумурат менен Дүрайым акыры Жер-Куйдан чыгабы?

– ? – Алымкан тилин жутуп алгансып же жомогун унутуп калгансып, отту тиктеген калыбында мелтиреп калды.

– Дүрайым ошондо аман-эсен төрөйт экен да, ыраспы? “Тээ канчалаган доорлордон кийин урпактарың ушул күндү жомок кылышат”, – дептир го, ошол урпактар… ошондо ким? Бизби?!

Жан да Кызмончоктон бетер жанын коерго жер таппай ойдолоктоп, так азыр бу жерден көздөн кайым боло, Жер-Куйдун астын карай зымырачудай мойну-башын койколоктотуп, аркан бою сойлоп барып, кайра имерилип келди.

– ?… – Алымкан заматта баягысындай тил-ооздон калып, атүгүл укпай да калган сыяктуу, бир чети сөзүн бөлгөнү үчүн таа-рынып калган өңдөнүп, сумсайып отура берди.

Кызмончок айла издеп, жардам сурагандай Асанды карады.

Асан да унчуккан жок.

Ал бу жерден анча алыс эмес жердеги, жанараак эле Тынар менен барып отун терип келген жакты карап: “Качан-дыр бу жерде көл болгону, токой болгону ырас окшойт…” – деп ойлонуп отурган болчу.

– Апа? – деп аңгыча колдурады Тынар.

– Апа, тетигинден коркуп жатам, бу жерден кетеличи. Анда да нес болгон немедей унчуккан

жок Алымкан.

Кызмончок канчадан бери күтүп, айттыра албай жүрүп, эми азыраак калганда чыдамы жетпей кеткенине өкүнүп, андан аркысы кайра да да табышмак боюнча калчудай жандалбастап кетти.

– Жеңе?! – деди аялды ийнинен түрткүлөп. – Эмне болду сага?! Кулагың укпай жатабы?! Тилиңди жутуп алдынбы?!

Эмне унчукпай калдың, жеңе?! Үү-үү…

Алымканга жан киргендей терең улутунуп алып, бирок дале кызыкесин карабаган калыбында:

– Мен шашпай айтуум керек. Кандай уксам, ошондой… – деди. – Антпесем, “Катын калп айтпайт, каңырыш угат” болуп, баш аламан кылып алсам…

– Макул, жеңе, – кубанып кеткендей шашкалактады кызыкеси.

Жылан кошо жаны жай алып, оролуп жатып калды.

Эки көзү Жанда болуп отурган Тынар да анын тынчып калганын көрүп, апасынын каруусун мыкчый кармап, унчукпай отуруп калды.

– Кай жерге келдим эле?.. – өзү менен өзү сүйлөшкөндөй ушинтип кобурап, жоолугун оңдоп салынып, этек-жеңин кымтыланып, боюн түздөп отурду да, жомогун улады Алымкан.

***

– Ой, ой?! – деп ичин басып, түйүн-чөктөй түйүлө түшкөн келинди жөлөп-таяп, үстүнө үйрүлуп түштү жигит:

– Дүрайым, эмне болду?!

– Ичим!..

– Эмне?! Бат элеби?!

Бир азга эринин тиштенип отуруп:

– Өх-х! – деп эс ала түшкөн келин өйдө болуп, чекесинен чыпылдап чыккан терди жеңи менен арчып:

– Өлүп кете жаздадым, — деди.

– Толготуп жатасыңбы? – мурун-кийин мындайды башынан өткөрбөгөн жигит таң калгандай да, корккондой да эле.

– Жок, – кыткылыктап күлдү Дүрайым.

– Толготуп дейт тура. Али эрте, апенди! Ашып кетсе төрт-беш ай болду.

– Анан эмне?..

– Тээп жатат! Ушундай катуу удургуп… өпкө-жүрөгүм үзүлүп кете жаздады. Азыртан минтсе, бир аздан кийин кантем?.. – санааркагандай сүйлөдү келин.

– Коркпо! – келинди бооруна кысты жигит. – Мага окшоп шок, тентек болот го. Мен бала кезимде аябай тентек болчу экемин. “Сени эмгектегенден тартып, кубалап жүрүп эле эсим оочу, кечинде чарчап, бутум баспай калар эле”, – дечү апам.

Зумураттын жөрмөлөп, жаны тынбай жүргөн наристе кезин, артынан калбай эси эки болуп чуркаган апасын элестетип, ууртунан жылмайып алды келин.

– Зумурат?

– Ов?

– Апаңды көргөм келип жатат…

– Апамдыбы?

– Сени төрөп, баккан аялды бир көрсөм арманым болбос…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#266 Пользователь офлайн   Diaza   30 Январь 2018 - 04:41

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 21
  • Катталган: 23 Январь 17
  • Соңку аракети: 17 Июн 2019 06:47

Азгоооо
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#267 Пользователь офлайн   bema_bema   31 Январь 2018 - 02:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

– Мен дагы…

– Жаным, мен сага ишенем. Кантип эле ушул жерден чыгууга бир жол жок? “Издеген – табат” дейт. Биз тирүү жанбыз го. Керек болсо, ошол жолду биз салбайбызбы. Бизди Кудай бекер тирүү калтырбаса керек. Болбосо, башкалардай эле эчак өлүп калбайт белек. Бул – экөөбүзгө берген тагдырдын сыноосу. Биз жеңүүбүз керек аны. Бул жерден чыксак, балабыз төрөлсө…

Дүрайым бир чети дилиндеги чыныгы каалоосун айтса, бир чети жигитке дем, күч бергиси келип:

– Мени карасаң, жаным? – деди.

Зумураттын көздөрү ага муңайым тиктеди.

– Чоң энеси небересин көрсө, кандай бактылуу болорун элестетсең… Кудум сен түспөлдүү кара көз, кара каш, сулуу, акылдуу, тентек бала чоң энесинин этегинен кармап, тызылдап чуркап жүрсө…

Кошо элестетип, жылмайды жигит:

– Кудай ушул тилегиңди берсе кана…

– Берет, жаным. Мен Кудайга ишенем. Сага ишенем…

Жигиттин көкүрөгүнө башын жөлөп, эки ийинин солкулдата улутунуп алды:

– Суранам, сенден. Бизди бу жерден бизди алып чык! Жок дегенде балаң үчүн, апаң үчүн чымыркан! Ал сени кандай күтүп жатканын бил. Сенин шалдайып чарчаганыңды, башыңды ылдый салып жеңилгениңди көргүм келбейт. Балаңдын да сезишин каалабайм. Ал атасы менен сыймыктанышын каалайм!

– Бары жакшы болот… – деген Зумурат бул сөздөрдү буга чейин канча угуп, кулагы деле көнүп калган. Өзүнүн деле бар тилеги ушул. Бирок канча далбас кылганы менен жер үстүнө чыгуу аракеттери ишке ашпай, жа-рым жолго чейин тырмалаңдап чыгып алган экөөнү мына сурданган ушул аскалар канча ирет кайра бу чуңкурга бүркүп салып жатпайбы. Акыры үмүтү деле үзүлүп, дарманы кетип: “Эми Кудайдын жазганы ушул экен…” – деп багына баштаган.

Бирок мына бу алаканы астында бүлкүлдөп, ал түгүл энесинин өпкө-жүрөгүн үзүп жиберчүдөй удургуган, өз канынан- жанынан жаралган адамчасы аны тунжуроодон ойготуп, чындап эле дем-күч, ишеним бергендей жандантып койду эми. “Ырас элемен ата турбаймынбы! Ичер суум түгөнүп, алы-күчүм калбай калгыча мен балам үчүн жашап, балама кам көрүшүм керек турбай-бы! ” – деген сезим канында чуркап, удургуй түштү. “Ботом, чымчык деле, ит менен мышык деле кара жанын карч уруп “балам” деп жашайт тура!” – деген апасы да көз алдына келе калды.

– Ооба, баары жакшы болот! – деп Дүрайымды бооруна бекем кысып, маңдайынан өптү.

Ошондон баштап булардын жашоосуна жан кирип, “эки бакыр – бир тукур” болуп баштагыдан да ымалашып, жогору карай кантип чыгуунун жолдорун ойлонушуп, чогуу издешип, “кеңешип кесип”, бири-бирине арка-бел, акыл-кеңешчи болуп күн өткөрүп жүрүштү. Ушундан уламбы, алар үчүн бу жерде жашоо да бир аз жеңилдей түшкөндөй сезилди. Бир гана жаман жери – улам убакыт өтүп, Дүрайымдын курсагы чоңойгон сайын анын абалы оорлой берди. Оордогону ошол

– ичтеги баланын да кыймылы күчөп, кээ бир кезде бирөө кытыгылап жаткандай кы-тылдап күлсө, кээде түйүнчөктөй түйүлүп, денесинен чыпылдап кара тер чыгып, көпкө чейин эрдин тиштеп катып калат да, тээ бир топтон кийин эс алат.

Адегенде көздөрү алайып, түгөйүнө кандай жардам кыларын билбей алактап калчу жигит да бара-бара буга көнүп, тек гана бул учурдун өтүп кетишин күтүп калат. Ал түгүл алаканын келиндин курсагына коё калып, ту-юкбайы менен сүйлөшкөнгө да көнүп алды.

Муну менен бир чети Дүрайымды алаксытып, абалын жеңилдетүүнү кааласа, бир чети баланы да “сооротуп”, тынчтандырууну ойлойт. Бара-бара курсактагы баласынын кыймылы ага кубат берип, ата-баланын ортосундагы жандуу мамиледей туюла баштаган.

– Ойгондуңбу, балам? – дечү ага алаканын аяр коюп. – Сени атаң кандай жакшы көрөрүн билесиңби? Ал да жооп бергендей азга тынчый калчу.

– Мен сага азыр жомок айтып берейин, угасыңбы? Анда ук…

Зумурат өзү жомок укканды жакшы көрчү. Апасы да айылда “жомокчу, кошокчу” катары сыйлуу болчу. Ар күнү баласы-нын маңдайынан сылап отуруп, үлпүлдөгөн чырактын жарыгында укмуштуудай жомокторду айтып берчү. Ошол каармандар менен кадимкидей аралашып, ал түгүл алар түшүнө да кирер эле. “Мен кийин буларды өз балдарыма айтып берем”, – дечү балалык кыялында. Ошол тилеги орундалып жатканына бир чети кубанып калчу.

Курсактагы баласы аны угуп жаткандай ишенчү. Анткени ал жомогун айта баштаганда улам бир жерден чыга калчудай бултактаган бала акырын бүлкүлдөп барып, тынчып алчу.

– Уктады… – дечү ата өзүнө ыраазы бол-гондой жылмайып.

Алардын бу жоругу Дүрайымга да жагар эле. Дүйнөдөгү эң бактылуу энедей, эң бактылуу аялзатындай бардык нерсени унута салып, бакыттан бою балкып, жаны жай ала түшчү. Ушул керемет сезимдин эч качан бузулбашын каалачу. Көздөрүн жумуп, магдырап жатчу да, бир убакта кирпиктеринин алдынан сызылып, ысык тамчылар кулай баштачу…

Уктаган сайын жердин үстүн түш көрчү.Ошондуктан го, жаны жер тартып эле уктагысы келе берчү. Уйкуга талгак экенин деле билчү эмес. Уктап калса эле бар балакеттен кутулуп, ушул үңүрөйгөн Жер-Куйдун ичинен бошонуп, жаны жыргап калчу.

– “Жер үстү – бейиштин дал өзү, – дечү ойгонуп алып. – Биз бейиште жашап жүрүп, анын баркын билчү эмес экенбиз. Эми бир жолу мага Кудай ошол бакытты туш кылса, мен анда башкача жашамакмын. Мага ошол ажайып дүйнөнү – күндүн көзүн көрүүдөн, жамгырдын, шамалдын шоокумун эшитүүдөн, чөптөрдүн, жалбырактардын дирилдеши менен чымчыктардын сайраганын угуудан артык байлыктын кереги жок эле. Бизден башка да тирүү жандардын басып-турганын, алардын арасында балдарымдын жүргөнүн көрсөм, күлкүсү менен үндөрүн уксам арманым бол-бос…”

Зумурат да андайда кыялданып жатчу:

– Ооба. Мен да ошентип ойлойм. Мен да түшүмдө жердин үстүн көрөм. Бирок эле бул жер мени бутумдан тартып, кое бербей кармап алгансыйт. Кээде мага кайдан-жайдан канат бүтөт. Кээде тээ бийиктен ылдый салаңдап, тепкич түшүп келе жаткан болот. Мына-мына жеткен кезимде эле кандайдыр тоскоолдук- тар жаралат…

– Жаным, эгер жер үстүно чыгып кет-сек, жашообуз кандай болот деп элестетесиң?

– Атаганат десең, эгерде Кудай бизди кайрадан жер үстүнө чыгарып койсо, мен да жашоону такыр эле башкача баштамакмын. Апам… Эң алды апамды алаканыма салып, кирпигине чаң жугузбайт элем. Мойну-ма көтөрүп багат элем. Эч качан сөзүн жерге таштамак, эч кимге жамандык жасамак эмесмин. Биз бакытты, байлыкты кечип жүрүп, аны башка жактан издеппиз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#268 Пользователь офлайн   Asya_92   07 Февраль 2018 - 20:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 508
  • Катталган: 13 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 16 Июн 2018 16:44
  • Жынысы:Аялзаты

Уландысы кутуп жатам . :батан:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#269 Пользователь офлайн   bema_bema   10 Февраль 2018 - 12:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Жер үстүндө түш оогон маалда, ан-сыз да күн тийбей дайым көлөкө түшүп турчу Жер-Куйдун ичи караңгылана баштайт.

Ошондон улам, кош бойлуу түгөйүн коркуп калбасын деп, демейде эртелеп жетип келчү жигит бир күнү жол издеп кеткен боюнча жок…

– Зумура-ат?! – деп кыйкырып, жараканын баш-аягына эки күндөн бери барып-келе берип, суй жыгылган Дүрайымдын бир убакта тамак жегиси келди. Бирок Зумурат отко кактап, бышырып кеткен этти карагысы да келген жок. “Атаганат, тузу болсо эмне?” – деп ар күнү тамшанып жечү тамагын танып, бу жолу таптакыр башка тамак көксөп туруп алды. “Эмне? Эмне жегим келип жатат?” Акыры тапты! Эмнегедир көзүнөн да, таңдайынан да өгүнкү ийрелеңдеген боз жылан кетпей туруп алды.

– Буларга эми тийбешибиз керек, – деген Зумурат тамшынып жеп отурган түгөйүнө. – Булар бизге караан болот. Экинчиден көбөйсүн… Жылкынын сүрү түгөнгөндө азык болот.

Жоокерлерден калган жылкыларды ар кай жерден казып алып, баягы Күнайымга каскак болгон кандуу канжар менен баа-рын союп, жиликтеп жер алдына көмүшкөн. Жердин муздактыгы, чымын-чиркейдин жоктугу абийир болуп, даам-татымы анчейин көңүл иренжитпейт. Анын үстүнө, “Эркелериң болбосо, эмшеңдеп ыйлап не пайда?” – дегендей, андан башка азык жок.Бирок азыр башканы эңседи.

Жаткан жеринен туруп, кайсалап эки жагын каранды.

– Зумура-ат?! – деди. Эки күндөн берки жалгыздыгынан да, ушу тамакка болгон эңсөө азабы жанына батып кеткен болчу. Эмнегедир эле ошону оозун толтура чайнап, бурдап сугунуп алса эле мына бу аскалар ага жол бошотуп, асманы шаңкая ачылып, күндүн көзү жарк этип көрүнө калчудай, күн нурун жамынган Зумура-ты кучагын жайып, алдынан утурлап чыга келчүдөй сезилип туруп алды.

Жоктун иши жок! Балким, Зумурат бол-со да эптеп бир айласын таапк елет беле? Ушинтип сабыр кармап, өзүн-өзү тынчытып жатты. Акыркы күндөрү ушуга үйрөндү. Антпесе, ал ашыгыраак кейип, же ыйлай баштаса эле курсагында “алаамат” башталчу болду. Ичинен бирөө ичеги карынын, өпкө-боорун антарып-теңтерип, атайылап эле дүкүлдөтүп ургулап жаткандай, бир топко чейин өзөрүп жатып, араң эс алат.

Санааркап, ойлой бергендики го, сонку убактарда, ичи удургуган кездерде эсине Күнайым түшчө турган болду. “Суранам, сенден Күнайым? Мени кечир? Билем, жаңылдым. Кечирилгис күнөө кылдым. Экөөбүздүн жатындаштай жакындыгыбызга, достугубузга чыккынчылык кылдым. Мына бу колум… алигиче меники эмес, бирөөнүкү сыяктанат. Кечир, курбум? Мунун баарына мен эмес – сүйүү, кызганыч күнөөлүү”, – дейт ансайын. Маңдайында сурдана карап тургансыйт Күнайым. Качан гана анын элеси кайып болуп кеткенде гана ичинин дүкүлдөгү басылып, тынчып жатып калат.

Жада калса, кара терге түшүп кеткен түгөйүнүн маңдайын алаканы менен арчып жатып, бир жолу Зумурат да:

– Күнайымга куран окуп коелучу, — деген болчу.

– Сага да… көрүндүбү? – жүрөгү опко-олжуй түшкөн.

– Ооба, – деген жигит.

– Эмнеге? – дендароо тиктеген келин.

– Эмне дейт?

– Тек гана… Биз ал тууралуу унутуп койдук да, ошого болсо керек… Биз алар тууралуу унутпай, дуба кылып турушубуз керек.

– Эмнеге андай?! – деген бала кезден калган адаты менен. – А биз өлүп калсак, бизге ким дуба окуйт? Эмнеге Кудайдын калыстыгы жок?

– Билбейм. Бирок биз али тирүүбүз да.

Мына эми, дагы башталды.

Келин курсактагы баласын алдагысы келди. Кудум Зумуратка окшоп колун курсагына коюп, улам бир жерден дүкүлдөп чыга калып жаткан туюкбайды алаканы менен жоошута сылап: “Балам, баары жакшы, – деди. – Атаңды сагынбыңбы? Жол издеп кеткен… Мен да сагындым. Чыдайлы, балам. Ал сөзсүз келет. Жөн келбей, бизге жол таап келет да, жер үстүнө алып кетет. Ал жактан сени чоң энең, эли-жериң күтөт…”

Анын “жомогун” уккусу келбегендей бала удургуп, дүкүлдөй баштайт.

– Менин жомогум жакпай жатабы? Сенин чоң энең жомокчу экен да. Ошондуктан атаң жомокту жакшы айтат. Мен сага күү чертип берейинби?

Чындап эле эсине ооз комузу түшүп кеткен келин жоолугунун учуна түйүлгөн ооз комузун чечип ала коюп, кайрый баш-таганда, күүнүн кереметинен чындап эле курсактагы эми эле туйлай баштаган бала бүлкүлдөп барып, мемиреп тынчып калат. Атүгүл көзүн жумуп алып, салаалап ак-кан көз жашына ээ боло албай, Күнайым менен бирге күү черткен бактылуу күндөрдү, ата-энесин, үйүн, жер үстүн сагынган кыз так жанына жыбылжыр келип калган бала жыланды байкабайт.

Соймоңдогон бала жылан кыздын эте-гинин үстүнө келип жатат.

***

– Жеңе?! – Жан тарапты бир карап алып, Алымканды жомоктон бери алып чыккысы келгендей шыбырайт кыз.

“Дагы эмне болуп кетти?” – дегендей көзүн ачып, бирок кызыкеси тарапка карабай, кулак түрөт аял:

– Оу, кызыке, эмне дейсиң?

– Жеңе, Дүрайым канткен менен аялзаты эмеспи, ал баары бир анчалыкка барбайт! Ыраспы?..

Анын эмне тууралуу айтып жатканы баарына маалым эле.

– Ээ, балам, кош бойлуу аялдын тал-гагы кээде ушундай ачуу болот… – деп келатканда:

– Жок! – дейт Кызмончок. – Жок деген-де сиз… ошол жерин айтпай эле коюңузчу?

Кызмончоктун көз алдына Жандын бала кези элестеп кеткен болчу.

Жан да ушуну ойлоп тургандай кайпактап, куйругунун учу менен чыпылдатып

жер чапкылап жиберди. Алымкан башын ийкеди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#270 Пользователь офлайн   bema_bema   10 Февраль 2018 - 13:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

– Алымкан жеңе, – деди баятан унчукпай отурган Асан кепке аралашып. – Жанагы күүнү сиз ойной аласызбы?

– Кайсы? – кайсы экенин билип туруп деп ушинтип сурап койду аял.

– “Бакыт күү” дедиңиз го?

Башын чайкады аял:

– Кайдан, балам. Менин комуз кармабай калганыма канча болду. Тээ беш көкүл кезде бир кызыгып, үйрөнсөм деп ара-кет кылгам. Колумдан келген жок. Андан кийин кармаган жокмун …

– Бирок сиз ал күүнү жан дүйнөңүздө угуп, сезе аласыз да? – деди Кызмончок да ушуну сурай албай эле араң тургандай.

– Туурабы, жеңе? Кулагыңызда угулуп турат эмеспи?

– Угулбай анан… анын керемет бир кай-рыктары ар дайым кулагымда.

Кызмончок жалооруду:

– Анда ошону мага бериңизчи?

Аялга бул сунуш жаккандай, кызыкесине жалт карады:

– Бербей анан… Ал – сеники…

Асан бул экөөнүн сөзүнө бир чети таң калып, бир чети күлкүсү келди: “Кээде чоң эле, акылдуу эле адамдар балага окшоп кетишет… Күүнү да берчү беле, үйрөтөт да.

Чарчагандыкы го…” – деди оюнда.

Ал антип ойлонгуча:

– Жеңеке! – деп элпектене түшкөн Кызмончок Алымканды мойнунан кучактап, эки бетинен өпкүлөп жиберди. – Сизди жакшы көрөм!

– Кагылайын десе!.. – Алымкан кызы-кесинин саамайынан жыттады.

– Эми ошол күүнү уккум келет? – деди Кызмончок эми жеңесинин көздөрүнө бүшүркөй тиктеп.

Жанарак эле Асан таштаган отундун жалбырттап күйгөн жарыгы экөөнүн жүзүн даана көрсөттү. Кызмончоктун көзүнөн жаш сызылып агып турган болчу. Алымкан адатынча кайпактап, көзүн ала качыпкетти эле кызыкеси анын колун силкилдетип:

– Жеңе?! – деди таарынгандай да, өктөм да.

– Азыр… –деди көздөрүн жумган Алым-кан. – Азыр, кызыке…

Анын эмнеге анткенин билди кызыкеси. “Катып жатат…” – деди оюнда. Айткандай эле, Алымкан бир чети адамдын ойлогонун көзүнөн окуп койчу касиетке ээ кызыкесине жан дүйнөсүндөгү чакчалекей, баш аламан ой-сезимдеринин баарын көрсөткүсү келбей жыйналып, бир чети күүнүн кайрыктарын бузбай, булгабай таза эстегиси келип, ой топтоп отурду.

Аялдын эки колун кармап, анын көздөрүнө ушунчалык сугалактана, ынтызарлык менен тигилип, эпейип күтүп отурган Кызмончоктун чыдамы кетип баратты.

– Жеңе? – деди акырын.

Тээ бир убакта Алымкан бул жерде эле эмес, бул ааламда жалгыз өзүнөн башка адам жоктой абалга келди. Баарын унутуп, баарын таштап салып, ой-чабытында Күнайым менен Дүрайымдын бала чагына кетип баратты.

Бутак-шагында чымчыктар безилдеп ырдаган чынар теректин түбүндө отурган үчөөнү – эки секелек кыз менен чоң энени көрдү…

Кудум азыркы Кызмончокко окшоп, кыздар байбичени кызыга тиктеп, ошол күүнү уккулары келип отурушкан болчу. А байбиче күүнүн таржымал-тарыхын айтып келип, колундагы ооз комузду оозуна аяр салып, күмүш шакектери жаркылдаган манжалары бир башкача койкоңдоп… кулактан кирип бойду алган сыйкырдуу кайрыктар сыбызгып… Ансайын, кыялдарында күүдөгү ханзаадасын тапкан бактылуу каарман кызга айланып, термелип отурушат…

Кызмончок да аларды көрдү…

Айтор, Алымкандын жан дүйнөсүндө болуп жаткан, ал сезип, элестетип, угуп, көрүп жаткандын баары анын көз карашы аркылуу Кызмончокко берилип жаткан болчу…

Күүнү туя баштагандан тартып эле, кудум ошондогу эки кызга окшоп, Кызмончок да нес болду. Селейип катты. Анткен менен жан дүйнөсүндө жагымдуулук жаралды. Кудум, ата-энесинин жанында отургандай бүткөн бою балкыды. Баягы бактылуу балалык сезимдер… Ара чолодо бул күүнүн эмне үчүн бакыт күү аталып калганын да боолгоду. Тирүүлүк… Жашоо… Өмүр… Агарып аткан таң менен кызарып баткан күн… Жакын адамдарың… Сүйүү… Барга каниет кылуу… Кызмончок жашоону сүйүп кетти.

Алар антип отурганда, Асан Алымкан менен Кызмончоктун кармашып алып, тилден калган эмелердей тиктешип отурушканын такыр түшүнө албай: “Буларга эмне болду? Эмнеге минтип отурушат?” – деп, бирок канчалык акыл калчаганы менен жооп таба албай убара тарта берди. Берки экөөнө карады.

Апасынын колтугуна ыктаган Тынар бырылдап эчак уктап кеткен. Баарынан кызыгы – Жандын да эки аялды тиктеп, катып калганы болду. “Буга эмне?..” – деди оюнда Асан. Бирок канча жолу:

– Силерге эмне болду?! Жакшы элесиңерби? –деп сурагысы келип, обдулуп барып токтоду. Күү улам акырындап барып, кайрыгы бактылуулук коңгуроосундай, башкача бир шыңгырап барып токтогондон кийин да Кызмончок мемиреп, ушул абалдан чыккысы келбей отура берди. Анткен менен Алымкан шашкалактап кетти. Колун Кызмончоктун колунан тартып алып, жоолугун ондоп-түздөгөн болуп, адатынча кайпактап калды.

– Жеңе, рахмат сизге, – деди Кызмончок.

Анын добушу абалкыдан такыр башкача – жандуу, шайдоот чыкты. Асандагы: “Эмнеге рахмат айтып жатат? Эмнеге Кызмончок жайдары боло түштү?” – деген дагы бир суроо жоопсуз калды. Жан да күүнү тааныды…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#271 Пользователь офлайн   bema_bema   10 Февраль 2018 - 13:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Ушуну менен "Жыландын сүйүүсү" сериалын берүүнү токтотобуз. Калганын китептин 3-бөлүгүнөн окуй аласыздар.



Автор ушунтип жазып койуптур((((((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#272 Пользователь офлайн   Eli.91   10 Февраль 2018 - 14:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 285
  • Катталган: 05 Апрель 17
  • Соңку аракети: 01 Июл 2024 16:25
  • Жынысы:Аялзаты

bema_bema (10 Февраль 2018 - 07:39) жазган:

Ушуну менен "Жыландын сүйүүсү" сериалын берүүнү токтотобуз. Калганын китептин 3-бөлүгүнөн окуй аласыздар.



Автор ушунтип жазып койуптур((((((

Мумкун болсо айтып койгулачы бул чыгарманын уландысын кайдан тапсак болот?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#273 Пользователь офлайн   Diaza   10 Февраль 2018 - 18:38

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 21
  • Катталган: 23 Январь 17
  • Соңку аракети: 17 Июн 2019 06:47

Андай болбойтда(((Кызыктырып коюуп атат жок дегени кандай((((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#274 Пользователь офлайн   bema_bema   11 Февраль 2018 - 01:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Eli.91 (О10 Февраль 2018 - 14:18) жазган:

Мумкун болсо айтып койгулачы бул чыгарманын уландысын кайдан тапсак болот?

Китебин басмага бериптир китебти чыкса китебин сатып алыш керек окшойт.Чала олгон жылаанга окшоп жаман эле болдукго.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#275 Пользователь офлайн   Faisa   24 Февраль 2018 - 03:17

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 8
  • Катталган: 16 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 08 Мар 2018 13:42
  • Жынысы:Аялзаты

Ким китебин сатып алса бул жака да жазып койгулачы сураныч китеби москвада дагы сатылат бекен э
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#276 Пользователь офлайн   bema_bema   26 Июль 2018 - 15:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Кызмончок көздөрүн жумду.
Ал күүнүн кереметин боюнан тараткысы келбей ошентти.
Эмнегедир, өзү да ушул күүнү ойногусу келип кетти. “Бирок кимге? – бул суроо жандүйнөсүнө чакчалекей түшүрүп жиберди. – Чын эле кимге?..”
Алаканын курсагына койду. “Бектемиргеби? Баламдын атасы го...” Жандүйнөсүндө жымжырттык. Жооп болгон жок. Тунжуроо...
Ага деле кайыл боло, кыялында өзүн дикилдеткен боюнча Бектемирди карай алып жөнөдү.
Алдынан кайненеси утурлап чыга калды.
Экөө тиктешип турушат.
Кызмончок анын көздөрүнөн көлкүлдөп тунган жек көрүү, айыгышкан айбаат көрдү. Жалтактап кетти. Ага удаа эле калдалактап, кайдан-жайдан Абылай пайда болду да, адатынча эмне кыларын билбей, эки жагын кайсалап жатып, кудум жанагысындай колунда кош ооз мылтыгы пайда болду. Кызмончокту мээлеп, шыкаалай баштады: “Атып таштайм! Аябайм! Ансыз да балам аз жерден калды. Араңдап жатып адам кылдык! А сен кет, кетип кал! Ордоңо бар! Бар!.. Аларды көрдүм, алар сени угат, алар күтөт сени. Бар!”
Кызмончок жандалбастап, Бектемирди издеди. Алаканын курсагына коюп: “Ата, апа, бул – силердин небереңер! Бул жакта силердин тукумуңар жатат!” – деп кара терге түшүп кетти. Ансайын Сайранын көзүнөн заары чыгып, Кызмончокту үйүнө жакындаткысы келбей, балапанын коркунучтан коргогон эне-чымчыктай канатын жайып, жолун тороду. “Ал сага талак берген! Кет, жылан! Жогол! Суранам, кет! Бизди жайыбызга кой!”
Ата-энесинин катарына Бектемир келди.
Кызмончоктон жүзүн үйрүп, тескери карады ал. “Бектемир, бул сенин балаң”, - деди Кызмончок. Анын кубанышын каалады.
Бирок ал кубанган жок. Кызмончокко бийиктен карады. Мыйыгынан күлдү.
Кызмончок өзүн таштап жиберди. Эки ийни “шалак” дей түшүп, кош карегин каканактаган ысык жаш каптап, артына кетенчиктеди. ..
Анын көзүнөн аккан жаш жүзүнөн агып, алкымын жууп жаткан болчу.
Алымкан, Асан, Жан үчөө аны унчукпай карап турушту.
Кызмончоктун кулагына кайдан-жайдан күү угула калды. “Селт” этти. Чыйрала түштү. Көзүн ачып, булактаган көз жашын алаканы менен арчыды. Ый аралаш жылмайды. Калгандары кошо жылмайды. Түн жылмайды.
Кайдан-жайдан күү менен ызылдап келген шамал көктү карай созолонуп күйгөн гкызыл жалындын белин бүктөп, бир-эки жолу жалпылдатып, жапырып кетти.
Алымкан жанында уктаган уулун кымтылап, чапанын тарткылаган болду да, тээ чыгыш тарапты карады. Таң сүрүлүп келатыптыр.
Асан үстүндөгү күрмөсүн чечип барып, Кызмончокко жапты.
Күрмөнүн ичи уядай жылуу болчу. Жылуулук менен кошо келиндин мурдуна эркек кишинин тер аралаш жагымдуу жыты “бур” этти.
Эми элеки элестер чыныгы болгон окуядай сезим калтырган Кызмончок Асанга муңайым жылмайып, камкордугу үчүн ыраазычылык билдиргендей башын ийкеди.
Жан буга ардана түштү. Чапансыз экенине өкүндү.
Жанараак Кызмончоктун башына жаздык болуп, оролуп бергенине аз да болсо эрдемсип турган болчу ал.
Баягы экөө гана жалгыздап кыр ашып барып, булактан суу чачышып ойнгон, оюндан бошой калган кезде Кызмончок божурап жомок айтып, ыр ырдап, күү чертип берчү бала кезди сагынган үчүнбү, эми да “Бакыт күүнү” Кызмончоктон уккусу келип кетти. Жок дегенде Кызмончоктун жандүйнөсүндөгү кайрыкты туюм аркылуу уккусу келди.
Бирок Кызмончок Жандын ички коңгуроосун кабыл албай, эмнегедир көкүрөк-көңүлдүн сыртында калтырып коюп жатты. Бул мамиле Жандын жанна батып, ызасын ого бетер келтирди.
Анын канчалык запатанып жатканын Кызмончок менен кошо, аларга абалкыдан да алда канча жакындап келип, тимийип тиктеп жаткан Күмүш жон жылан да туюп жатты. Ал Жанды адамдардын кызганып да, ким-кимисинин эмне кылып, эмне болуп жатканына акылы жетпей, а бирок азыр адамдар Жанга кенедей эле акарат кылып, айбат кылып баш көтөрсө, өлбөгөн жерде калышчудай сак эле.
Ортодогу жымжырттыкты Алымкандын жомогу бузду...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#277 Пользователь офлайн   bema_bema   26 Июль 2018 - 15:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

2
Ошентип, Дүрайым чарчап, манжаларынын алы кетип, көмөкөйү кургап калгыча ооз комуз какты. Ошо маалда ичиндеги бала да мемиреп, уктап кеткендей тынч жатып калды.
Курсагын алаканына коюп, карегине каканактаган ысык жашты бери чыгарбай, ары жутту. Кокус көзүнүн жашы куюлуп, алсыздана түшсө эле Күнайымдын элеси пайда боло калчудай сезди.
Канча күндөн берки жанды жеген жалгыздыктан, Зумуратты издеп таманын тешилип, анысы аз келгенсип жанына тынчтык бербей, ичинде удургуган баланын азабынан, аларга да кошул-ташыл жок тамакты күсөткөн талгагынан, ансайын тээ жердин үстү көздөн учуп, жандүйнөсүнүн аңтар-теңтер болуп эзилгенинен да, ал үчүн Күнайымдын элесинин көз алдына келип алганы оор! Андйда жанын коерго жер таппай, кайда качып кутуларын билбей, колдон келсе сымаптай көлкүлдөп эрип, же бир тамчы сууга айланып жерге сиңип, жок болуп кетүүнү каалап кетет.
Эми да көздөрүн ачууга даабай, мелтиреп отура берди.
Бирок ушул тапта этегин кимдир бирөө акырын тарткылап жаткандай сезим келип, денеси “дүр” этти. Тыңшап калды.
Айткандай эле, бир өңүрү акырын былкылдап, чындап эле бир тирүү жан сылап, сыйпалап жаткандай болчу. “Шамалбы? Желби?..” – көздөрүн жумган боюнча ушуну ойлоду ал. “Жок. Ушунча убактан бери бул жердин табиятын, үлп эткен желинен бери жатка билет. Кайдагы шамал? Шамал келсе, жок дегенде көкүрөгүн кере, терең-терең дем алып бир сергип албайт беле, атаганат?! Анда Кудайдын бергени эмес беле!”
Мына, атүгүл аяк алдынан шыбырт сезди...
“Бул эмне? Бул ким? Чындап эле Күнайымбы?! Күүдөн улам кайрылып, кызганып келдиби? Токточу, балким, канча күндөн бери Зумуратты да келтирбей, жолун бууп жаткан Күнайым болуп жүрбөсүн?”
Ой деген күлүк. Бир заматтын ичинде ушулардын баарын ойлоп жиберди. Денесин майда калтырак басып, маңдайынан чыпылдап муздак тер чыгып кетти.
Ой учугу келип-келип эле ушул акыркыга такалып туруп калды: “Алар биргеби? А балким, экөө аркы дүйнөдөн табышып алып, менден өч алууга келишкендир? !”
Ушул коркунуч башка коркунучтун баарынан күчтүүлүк кылды, Ушул кызганыч башка азаптын баарынан алда канча ачуулук кылды. Денеси чымырап муздап, бүткөн бою чыйрала түштү. Көздөрүн ачып жиберип, бирок жанын алар жакты дароо карап жиберүүгө даабай, мелтиреп бет алдын тиктеди.
А бирок канчалык аракет кылып аңдып-күткөнү менен жанынан башкача караандарды, кыймыл-аракеттерди байкаган жок. Ошондон кийин гана Дүрайым оң капшытына имерилип карап, этегинде ийрейип жаткан бала жыланды көрдү.
Көрду да, кубангандан көкүрөгүн солкулдата терең-терең дем алып жиберди. Өзүн эми элеки чыңалуудан бошотуп, шалдая түштү. Оозуна кара суу келип, курсагы курулдап, канча убактан бери наар албаганын эстеди.
Ал козголгондо бала жылан уйкудан ойгонгондой жан кирип, мына азыр сойлоп кетип калчудай баштанганда, өгүнү Зумурат кармагандай Дурайым аны “шап” мойнунан муунта кармады. Ип-ичке, эки ачакей тилин соймоңдотуп, бошонууга жандалбас кылган чыбыктай неменин башын анан урчугуй таш менен чапкылап, бөлүп таштап, шикебек кылуу менен алектене баштады.
Үстү жакта шамал болгондо ткалдактап учуп, томолонуп келип Жер-Куйга түшкөн камгактар, буларга жер үстүнүн жытын алып келчү. Кудум тирүү жандык түшкөндөй, улам жаңы камгакты таап алышып кармалап, жыттап, жакшы көрүп, чогултуп алышчу. Улам эскиргенин сарамжалдык менен урунуп, оттук таштардын жардамы менен отун катары пайдаланышар эле.
Эми да келин оттук таштарын бири-бирине ургулап жатып от тамызып, дүрүлдөп күйгөн отко олжосун шишкебек кылып кактап отурду.
Оттун, түтүндүн жыты, шишкебектин жыты жараңканын ичине аз да болсо жашоонун жытын берип, бышып-быша элек шишкебегин бурдай сугунган Дүрайымдын бир чети талгагы канып, бир чети курсагына бирдеме барганга бою балкып, жаны жай алып баратты...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#278 Пользователь офлайн   bema_bema   26 Июль 2018 - 15:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

3
Жардын боорундагы ийреледеген ичке тилкени кубалап, “Кудай, Кудай...” деп жүрүп отуруп, кыйла бийикке чыккан Зумураттын бу жолу дагы асман-жери аңтарылып кеткендей болду.
Аска-жардын боорунда жедеп машыгып, кээде кара жөргөмүш кейиптенип жеңил, шамдагай кыймылдап, аттап-буттап, көбүнчө жардын бооруна жарганаттай жабышып, улам жогорулаган сайын көзү жарыктан карыгып, анткен менен алыс-алыстан жер үстүнүн доошун эшитип, шамалдын ызылдагын, жамгырдын дыбырттаганын угуп, асманды кененирээк көрүп, ансайын ошого шерденип отуруп кыйла жерге келип калган.
Мындан жогору карай чыгууга мүмкүн эмес болчу. Кош аягы араң сыйып турган, жайган алакандай орчуктан башка таканч кылар, колго урунар эчтеке жок болчу. Антсе да илгери үмүт менен колу жеткен жердин баарын сыйпалап, илинчек издеди. “Кантип? Ушуга чейин алып келген Кудайым кантип эле куру калтырсын?” – деген үмүт, ишеним аны көпкө чейин убара тарттырды. Бирок тийип-тийе электе шыгырап куюлган кум бети-башына, коюн-кончуна төгүлүп, андан ары барууга мүмкүн эмес экенин айта берди.
Ичинин баары чылк эле келмеге толуп кеткендей, дем алган сайын келме келтирип: “О, Кудай, билип-билбей жасаган күнөөлөрүмдү кечир?! Кечир? Канча өмүр берсең, ошончо убак кыңк этпес кулуң болоюн! Мени бу жерден чыгар? Жардам бер, Кудай?! “ – дей берди.
Ичиндеги бар азабы ошону менен чыгып кетчүдөй, канча ирет көзүнүн жашын бурчактатып ыйлайын деди. Бирок канча күндөн берки үмүтү, ишеними, алы-күчү менен кошо көзүнүн жашы да калбай калган сыяктанып, тек гана кургак азап, өзөктү ызылдаткан кургак өксүк жанын жеп туруп алды.
Тээ жогору жакты карады.
Асканын үстүнө дагы канча чакырым бар экенин болжош кыйын болчу.
Бирок жолдун жарымын басып койгону анык эле.
Асманда калкып, айланып учкан эки канаттууну көрдү. Ошолорго суктана, умсуна карады: “Бүркүттөрбү? Балким кузгундар же башкасыдыр? Айырмасы кайсы? Кимиси болсо да кандай бактылуу? Канаты бар, кайда кааласа барып конот. Кайда кааласа учуп барат. О, Кудай, жок дегенде ушуларча болбодум го! Атаганат, ушу азыр канат бүтүрүп, чымчыкка айлантып ийсең кана?”
Коөздөрүн жумуп, кыялданды.
Кыялында, асман алдында айланып жүргөн ошол экөө шукшурулуп, так эле муну карай учуп келатышты. Бат эле жетип келишти да, жар бооруна канаттарын тарап, олжосун карап бир топко отурушту. Бир убакта чоңураагы канатын жайып, калдактап учуп чыкты да, мунун жонуна ачуу тырмактарын батырып, жогоруну карай көтөрүп алып жөнөдү.
Колу-буту тарбалаңдаган Зумурат адегенде кайда баратканына кайыл болду. Иши кылып эле ушул азаптан кутулганына кубанып, Жер-Куйдун улам артта калып бараткан түбүнө бүшүркөй карап, улам бийиктеп, жогоруну карай кетип баратты.
Аңгыча тээ төмөндөн “булак” этип Дүрайым көрүндү. Кош бойлуу бечара жараңканын бул башынан тигил башына кетип барат. Сыягы, муну күтүп, издеп жүргөн чыгар. “Сен эптеп чыдап тур, Дүрайым, мен жер үстүнө чыксам, элге жетсем, жалпылап бир айласын табарыз. Ага чейин чыдап тур. Суранарым мени кара жанын калкалап качып кетти дебе!..” – деп кыйкырып барат.
Бирок оюна башка бир нерсе түшүп кетет: “Кокус булар мени асканын башындагы уясына алып барып, балдарына жем кылып таштасачы?.. Көзүмду оюп, көкүрөгүмдү ачып, сөөгүмдү мүлжүп... О, жок, андан көрө Жер-Куйдун түбүнө өлгөнүм артык!”
Чындап эле бүркүттөр көтөрүп, абада калкып учуп кетип бараткандай башы тегеренип, көзү тунара түшкөн жигит жанталашып, көзүн ачкысы келди. Кирпиктери чаптпалышып калыптыр. Башын бир катуу чулгуп алды эле, аска кучактаган кулачы тайып, чалкасынан кулады.
- Аа-а! – деген ачуу үн жараңканын ичин жаңыртып, Жер-Куйдун түбүн карай түшүп келатты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#279 Пользователь офлайн   bema_bema   26 Июль 2018 - 15:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

4.
Канча күндөн берки тамакка болгон эңсөөсү канып, анын үстүнө Зумуратты күтүп, бир баскан жерин кайра-кайра басып жүрүп, жедеп чарчоодон суй жыгылып, өлгөн немедей катуу уктап кеткен Дүрайым уйку-соонун ортосунда алыс-алыстан адамдын жаңырыкка окшогон үнүн укту. А бирок көзүн ача албай койду, канчалык оюнда далбастагын менен тулку боюн кара тер басып, былкылдоого да дарманы жок эле.
Курсагындагы баланын бултактап, булкулдап-жулкулдаганы да аны ойгото алган жок.
Денесиндеги таш байлап койгондой, жерге ныгырылган мынчалык салмакты, мынчалык оордукту ал биринчи сезиши. Анткен менен ички жашоосунда – сезим-туюмунда, түшүндө жер үстүндө жүрдү. Бул ага жагымдуу болчу. Бир туруп, баягысындай үкү тебетейин үлпүлдөтүп кийип алып, айылдын кыз-келиндери менен кылактап айттап жүрсө, бир чети шарактап барып бойлорун сууга таштап, көпкөк асман алдында көгүлтүр көлмөдө балыктар менен куушуп ойноп, бир туруп Күнайым экөө шыбырашып сырдашып, бирде болсо асман тиреген мырза теректерге байланган селкинчекте күүлөнүп… бактылуу эле.
Ошондой учурда кайдан-жайдан чыккан, кандайдыр тааныш добуш аны «селт» эттирип, бардык кубанычына бүлүк салып жибергенин карабайсыңбы! Адегенде асман тараптан угулган үнгө: «Ким эле?» - деп бүшүркөй кулак төшөп, бара-бара баамдай калды: «Зумурат?! »
Ошондо да уйкусунан ойгонуп, ордунан дароо туруп кете албай: «Эмне болуп жатат? Кайдамын?» - деп, сезими дендароо болуп жатып, акыры боолгоду. «Зумурат жол издеп кетпеди беле! Келаткан го?! А бирок эмнеге добушу мындай?! Эмнеге?!» - тура чуркап, алдынан тосуп чыгууга, жардамга учуп жетүүгө далбастап, а бирок анте албай, кулаган жеринде кыйналып жатты.
- Аа-аа! – деген жаңырык эми ага жакындан угулду. Жаңырыкка удаа эле күүлдөп куюлган кумдун, тоңкулдап кулаган таштардын доошу жараңканын ичине кымкуут түшүрүп, чаң-тополоң салып жатканын сезди. Мындай учур да ага тааныш болчу. Жүрөгү сүйүнүп кетти. Демейде ойгонбой уктай берүүнү кааласа, эми ойгоно албай жатканына жаны кейиди. «Мен эмне болуп жатам? Же эмне, өлүп калдым беле? Мен өлүп калып, Зумурат ошон үчүн кыйкырып жатабы?!» - деди оюнда.
Күүлдөк-шаалдак жакындап, жер көчүп келаткандай болду. Көзүн ачууну, тура качууну каалады. Кудай жалгап, кудум бирөө атайылап чачып жибергендей, бети-башына жабыла түшкөн муздак нерсе аны эсине келтире койду. Башын көтөрүп эки жагын карады. Жараңканын ичи чаңдап, боз түшүп кетиптир болчу. Көзүнө адеп көрүнгөнү ушул болду. Топурак-чаңдын жыты урду. Андан аркысын ойлонуп, аңдап жетише алган жок. Так үстүнөн кирген суудай куюлуп, көчүп келе жаткан жер келинди тургузбай, үстүнөн басып калды.
Өпкө-жүрөгү үзүлүп кеткендей «өк!» - дегенге араң жарады.
Ошондон кийин кулак-мурун кескендей баары тынчый түштү. Эми элеки, бүт дүйнөнү каптап келе жаткандай болгон алаамат токтоп, жымылдап жымжырттыктын ыры ырдалып калгандай...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#280 Пользователь офлайн   bema_bema   26 Июль 2018 - 15:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

5
Тээ бир топто барып жашоого жан кирип, кулагы акырындап ачыла баштагандай болду.
Таш байлап койгонсуган кирпигин араң көтөрүп, көзүн ачты. Бирок эч нерсе көрө алган жок. Муздак, ным топурактын жыты келди. Жер астында жатканын сезди.
Кыймылдагысы келди.
Бирок былк этүүгө шайы келген жок. “Өлдүмбү?” – оюна дароо эле ушул келди. Ошо замат эле дем ала алуусу оордоп, бүт тулку бою, башы-көзү зыңылдап ооруганын сезди. “Өлгөн кишинин да дени, башы ооруйбу? Же түш көрүп жатамбы” – деди оюнда.
Анын ойгонушун эле күтүп жаткандай, ушул тапта ичи катуу удургуп, баласы бултактай баштады. Ошондо гана уйкусу ачылып, акыл-эси дааналана түштү. Онтоо аралаш: “О, Кудай! Тирүү экемин!” – деди.
Жандалбастап, турууга аракеттенди.
А бирок кыймылдай албай жатты.
Каяктандыр, жакын эле жерден адамдын үңүлдап ыйлаган ыйы угулуп, бат эле басылып калган сыяктанды.
Саамга тыңшай калды. “Ким?! Зумуратпы?! О, Кудай, Зумуратым келген го?! Бизди куткарганы адамдарды алып келгенби? Кокус менин бу жерде жатканымды билбей, көрбөй кетип калышсачы?! ” – деген ой, илгери үмүт ага дем боло түштү. “Мен биякта!” – деп кыйкыргысы келди. Бирок антсе эле кимдир бирөө оозу-мурдуна шурулдатып куюп ийгендей какап-чакап, дем алуусу ого бетер оордоп кетти.
Жок дегенде эки колунун бош эмес экенине заманасы тарып, эсине баягы Күнайым түшүп кетти. “Кечир? – деди оюнда чабалактап. – Кечир?”
Өзүн кудум Күнайым сезип кетти. Бу жерде өзү эмес, Күнайым жаткандай, болгону эле бул анын ичине кирип алып, ошондогу бечаранын акыбалын сезип жаткандай, мындан батыраак чыгууга далбастады.
“Кое бер мени, Күнайым? Кое бер? Мен курсактагы баламды көргүм келет. Жок дегенде ошол үчүн кое бер? “Көп балалуу болосуң” дебедиң беле, ошон үчүн кечирим кыл? Кое бер?”
Күнайым мыйыгынан күлгөн окшоду.
“Билем, сен менден алда канча акылдуу, алда канча сулуу болчусуң. Мен ошого арданчумун. Сендей, жок, сенден да артыкча болгум келчү. Боло албаганыма арданчумун. Сенин бардык сыйкырынды үйрөнгүм келчү. Үйрөнүп алып, качандыр бир кайра сенин өзүңө каршы иштетем дечүмүн. Сенин адамдын боору ооругудай өңү серт, анан калса оорукчан кылып алып, карагымк елчү. Ушул кебетеңди көрсөм деп тиленчүмүн. Муну сенден жашырып, билгизбей, тымызын ойлочумун. Бирок сен менин оюмду билчүсүң. Кээде аяй карачусуң. Кээде жылмайып, акырын баш чайкар элең. Эмнеге ошентчүсүң? Жок дегенде урушуп, акарат кылсаң да башкача болот беле? Мага сенин ченден ашкан айкөлдүгүң ого бетер жакчу эмес. Ошонун баары жыйылып отуруп, акыры ушундай күнгө алып келди. Мени кечир, курбум? Менин жанкурбум? Менин сулуум, менин айкөлүм? Мени куткар? Мени сакта? Менин эне болгум келет? Бала жыттагым келет? Менин жашагым келет? Жардам бер?”
Күнайымдын буту жерге тийип-тийбей, абада калкыган элеси адатынча аны угуп, ал жаткан топурак-шагылдын жанында аны жылмая карап тургандай болду.
Көздөрүн жумуп жаткан Дүрайым ушундай элестетти.
Күнайым курбусу тарапка колун алып келе жатып, кайра тартып алгандай болду.
Дүрайым акыл-туюмунда чырылдап жиберди.
Өзүнүн алы кетип, ичиндеги бала да бултактап жатып, акырындап тынчып баратканын сезди.
Дүрайым кайрадан жандана түштү. “Жок, жок, менин баламды аман алып кал, Күнайым? О, Кудайым, балам өлбөсүн?! Балам?!” – деп кудум баягы Күнайым кейиптүү башын чайкагылап жатты.
Ансайын ал жаткан жерден кум-шагыл акырындан былкылдап куюлуп, агылып түшүп жатты.
Үстү аздан жеңилдей баштаганын сезди Дурайым.
Күнайым алаканы менен анын бетиндеги кум-шагылды шилеп, түшүрүп жаткандай сезилди. Рахмат, рахмат, сага Күнайым!” – деп далбастады.
Караңгылык акырындан суюлуп, жарык боло баштаганс айын ого бетер жаналакетке түшүп, башын чайкагылай берди.
Бир убакта дем алуусу жеңилдей түштү.
Жарыктан карыккан көзүн дароо ачып жибере албай, озуна толгон топурак-кумду чыгаруу менен алектене баштады.
Ичиндеги баласына да акырындап жан кире түшкөндөй, былкылдай баштады.
Оозу бошогон келин эми терен-терен дем алды.
Көзүн акырын ачты.
Адегенде эле калдайга асканын бети көрүндү.
Кулап келаткандай, мына-мына азыр үстүнөн басып калчудай эле.
Көзү чакчайып кетти.
- Жо-ок!!! – алынын барынча кыйкырды.
Анын үнү жаңырык болуп, алда кайдан кайра кайталанды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (17 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 6 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 6, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 16:09

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: