General.kg (22 Август 2017 - 02:18) жазган:
Кошуна эле жашаган аяш атама кыз качырмак болуп, кинодон чыккан бир кызды качырышат. КАМАЗ менен. Үстүндө(бортунда) балдар жатат имиш качыра турган, атам менен кыз кабинада экен. Жолдо кетип жатып үйлөнмөк эки үй кийин жашаган, аяш атам менен атам машинадан түшүп кандай кылабыз деп план түзүп атам кайра машинага түшсө
-Мына бала эмнедейт? Десе
-Кастюмуму ала кел дейт, деп коюптур атам. Антсе жанагы кыз
-Өлүңүтурайын ушу баланы эле жаман көрөм деп коёт имиш ошого качырып кетип жатканы менен иши жок.
Анан башка жака кетип жатканын көрүп машинанын каяка десе атам үйдөн кийинип алайынчы десе ишенип алыптыр. Эки үй ылдый өтүп аяш атамдын үйүнө киргизип машинаны үйгө келип уктап калыптыр. Кемпир-кесек баарысы жабыла түшүп калган кызга дейт.
Анан ойгонсо эле кыз отурбай кетип калганын угат.
Кийин жолдо атам экө жолугуп калса атам өлдүм эми көчө менен бир болуп ажылдап ит кылат деп коркуп турса(аябай митаам кыз экен эле) атама мынтет имиш.
-Ошого алып баргыча эки үй өйдөдө эле экен үйүң киргизип катын кылып алсаң болмок же эмне духуң жетпедиби дептир.
Көп өтпөй эле башка бир досуна башка бир кызды ала качмак болушат ал кызы болницада медсестра имиш буларды шекшип калып эки күн күттүрүшөт көрсө болницанын арткы эшигинен чыгып кирип жүрө бериптир. Ал кыз азыр менин алтын апам
Кандайча десеңиздер атам досуна качырганы барып жактырып калыптыр. Анан апамдын үйүндөгүлөрү менен макулдашып качырды кылып алган.
Аягы сонун экен