Bitcoin жөнүндө эмне билесиз? Түшүнө бербедим анча эле
#1 10 Декабрь 2017 - 16:54
#2 11 Декабрь 2017 - 09:17
#3 11 Декабрь 2017 - 09:42
Билдирүүнү түзөткөн: Stark.T: 11 Декабрь 2017 - 09:43
#5 13 Декабрь 2017 - 00:04
Технологиянын өнүгүшү адамзаттын жашоосуна бир кыйла өзгөрүүлөрдү алып келип жатат. Жаңы инновациялардан улам учурда көпчүлүк нерсе компьютердин жардамы менен ишке ашып калды. Эмки кезек акчага жетти. Алардын ордун эми криптовалюта – электрондук каражаттар ээлеп баштады.
ЖАРАЛЫШЫ
Криптовалютанын жаралышы 2008-жылы дүйнөлүк финансы каатчылыгынан башталган. 2009-жылдын 9-январында биринчи криптовалюта биткоин жана анын электрондук капчыгы интернет тармагына чыккан. Анын ойлоп табуучусу Сатоши Накомото деген бир эле адам же ушундай ник менен бир канча адамдардан турган топ айтылат.
КРИПТОВАЛЮТА ДЕГЕН ЭМНЕ?
Криптовалюта – бул санариптик валюта. Жөнөкөйлөтүп айтканда, бул компьютердеги электрондук акча. Анын бирдиги – "коин".
Криптовалютанын өзү татаал коддордон турган санариптик маалыматтар. Аны интернет тармагынан табуу үчүн атайын алгоритмдерди эсептеп чыгып, тыйынды табууга болот. Тыйын табылып сизге таандык болгон учурда ал блокчейнге криптовалюта сакталуучу жеке капчыкка түшөт. Муну менен атайын программа менен жабдылган жана кубаттуу компьютери бар ар бир каалоочу колдонуп, криптовалютаны издей алат. Криптовалюта боюнча иш алып барган компаниялар аларды интернет тармагына коё берип турат.
БААСЫ КАНЧА?
Биткоинден башка лайткоин, нубитс, нэймкойн, пиркоин, рипл жана башка криптовалюталар бар. 2010-жылы биткоинди биржалык фонддордун бири кадимки акчага которуп, трейдерлердин кызыгуусун жараткан. Ошондон бери биткоиндин баасы көтөрүлүп отуруп, учурда бир биткоин тыйындын баасы 7-декабрга карата 11 850 долларды түзсө, эң арзан криптовалюта 1 долларга жетпеген баада.
НЕГИЗГИ КАДАМ
Электрондук акчанын реалдуу товар менен алмашуусу 2010-жылы май айында катталган. Америкалык Ласло Хенч тамаша иретинде 2 пицца үчүн 10 миң биткоин берип, төлөөнү ишке ашырган. Бул сыртынан жөнөкөй төлөм катары көрүнгөнү менен, криптовалютанын реалдуулукка карай таштаган негизги кадамы. Ушундан тарта криптовалюта менен төлөмдөрдү ишке ашырууга мүмкүн экендиги анык болуп, электрондук акчанын өнүгүүсүнө жол ачкан.
КАНТИП АКЧАГА АЛМАШТЫРАТ?
Бүгүнкү күндө кээ бир өлкөлөрдө криптовалюталарды банкоматтарда кадимки акчага алмаштырууга мүмкүн. Ошондой эле интернет-дүкөндөр, кызмат төлөмдөрдү биткоин аркылуу төлөп, ишке ашырыла баштады.
АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ:
Ачыктык. Криптовалютанын капчыктары кандай гана төлөмдөр же операциялар болбосун алардын тарыхынын баарын сактайт.
Коопсуздук. Криптовалютанын жасалмасын жасоо мүмкүн эмес.
Көз карандысыздык. Банктар жана салык кызматкерлери криптовалютанын кыймылын көзөмөлдөшпөйт. Криптовалютанын жүгүртүлүшү мамлекеттин карамагында эмес.
КЕМЧИЛИКТЕРИ:
Укуктук статусу белгисиз. Кээ бир өлкөлөрдө криптовалютага толугу менен тыюу салынса, кээ биринде колдонууга сунушталбайт.
Көмүскө экономикада колдонуу. Кылмышкерлер криптовалютаны өз ара алыш-бериши үчүн колдонушу мүмкүн.
Анын реалдуу баасы жок. Криптовалюталардын баасы бир дагы валюта же башка актив менен байланган эмес.
БИТКОИН ТУУРАЛУУ
Учурда криптовалюталардын эң баалуусу – бул биткоин. Биткоиндин ишин 2012-жылдан тарта «Bitcoin Foundation» америкалык компаниясы жүргүзүп келет. Компаниянын негизги куратору Гэвин Андерсендин айтымында, биткоиндин башкы максаты – интернет тармагында коопсуз, туруктуу каражатты түзүү. Аталган компаниянын айтымында, 2031-жылга чейин 21 миллион биткоинге жеткенде аны чыгаруу токтотулат. Учурда 15 миллионго жакын биткоин интернет тармагына коё берилген жана алардын ээлери бар.
ЭЛЕКТРОНДУК АКЧАДАН АЙЫРМАСЫ КАНДАЙ?
Азыркы электрондук акча (электрондук капчыктагы каражат) менен криптовалютанын айырмасы чоң. Электрондук акчага банк же терминалдан кадимки акчаны төлөө менен гана ээ боло алабыз, ал эми криптовалюта бир гана интернет тармагында. Ал бир дагы кадимки акча менен, бир дагы мамлекеттик валюталык систем менен байланышы жок. Криптовалюта көзгө көрүнбөйт дагы, колго кармалбайт дагы, бул түз маанисинде эле электрондук каражат.
КЕЛЕЧЕГИ КАНДАЙ?
Криптовалютанын келечеги жок деген пикирди көптөгөн адистер айтышканы менен, ал күндөн күнгө ордун бекемдеп баратат. Бул нерсени 1990-жылдардагы интернет жаңы өнүгүп келе жатканы менен салыштырышууда. Анда да көпчүлүк интернет технологиянын заманы келет дегенге ишенишкен эмес. Биткоин учурда дал ушундай мезгил сыноосунан өтүп жаткан убагы. Алгач кичинекей жана анча кирешелүү эмес компаниялар криптовалюта менен иштеп келген болсо, учурда дөө-шаа компаниялар криптовалюта менен иштегенге киришишти. «Азыркы убакытта адамзат биткоинге даяр эмес, бирок келечекте кадимки акчалардын ордун криптовалюталар алмаштыра турган мезгил келе жатканын танууга болбойт»,- деп белгилешет адистер.
ДҮЙНӨДӨ
Учурда дүйнө жүзү криптовалюта менен "ооруп" жаткан кези. АКШ биткоинди толугу менен тааныган өлкөлөрдүн сап башында турат. Евробиримдикте криптовалюталар интернет аркылуу төлөө системи катары бааланса, Японияда 2016-жылдан тарта мыйзамдуу түрдө төлөө каражаты. Ошондой эле Дания, Түштүк Корея, Канада, Улуу Британия биткоинди мыйзамдуу түрдө тааныган.
Ал эми Кытай, Бангладеш, Боливия, Эквадор, Исландия, Индия, Орусия, Таиланд сыяктуу өлкөлөрдө криптовалютаны пайдаланууга тыюу салынган.
КЫРГЫЗСТАНДА
Өлкөбүздө криптовалюта мыйзамдуу түрдө төлөө системи катары таанылбайт. Ушул жылы жайында интернет айдыңында Кыргыз өлкөсү криптовалюта чыгарат деген маалымат тараган, бирок бул маалымат өкмөт тарабынан жокко чыгарылган. Бирок Бишкекте биткоин-банкоматтарды кездештирүүгө болот. Алсак, шаардын ресторандарынын биринде биткоин менен төлөсө болот. Мындан тышкары интернет-дүкөндөр да биткоин менен төлөм кабыл алып баштаган.
УЛУТТУК БАНК ЖООП БЕРЕТ:
– Биткоин интернетте текшерүүсүз жүргөндүктөн эч бир мамлекеттик орган тарабынан көзөмөлгө алынбайт. Белгилей кетчү нерсе, Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча өлкөдө төлөмдөрдү ишке ашыруучу жалгыз расмий бирдик – бул сом болуп эсептелинет. Улуттук банкта азыркы учурда жарандар арасындагы жүгүртүлүшүндө канча биткоин бар экендиги тууралуу маалымат жок. Криптовалюта виртуалдык жүгүртүлүүдө болгондуктан, демек, ал глобалдык деңгээлде. Муну менен катар Улуттук банк эл аралык тенденцияда болуп жаткан криптовалютаны байкап, бул жаатта изилдөө иштерин жүргүзүүдө.
Каржы боюнча серепчи жана блокчейн адиси Назик Чоноева өлкөбүзгө алгачкы биткоиноматты алып келип, криптовалютаны жайылткандардын бири.
– 2014-жылы жолдошум Эмануэле Коста экөөбүз Бишкекке биткоиномат алып келип, шаар тургундарына тааныштырып, ошондон тарта өлкөдө биткоинге болгон кызыгуу башталган. Криптовалюта актив катары таанылып, анын келечеги кең болуусу үчүн мамлекеттик деңгээлде каралуусу керек деп ойлойм. Криптовалюта колдоого алынса көптөгөн инвестицияларды тартууга, жаңы компаниялардын ачылышы менен экономикага оң таасирин бере алат. Муну менен инновациялык борборго айлануусу толук мүмкүн.
Биз социалдык тармактарда:
#6 20 Январь 2018 - 12:21
#7 10 Февраль 2018 - 12:14
#8 10 Февраль 2018 - 14:40
Piligrim (10 Февраль 2018 - 12:14) жазган:
Ал жакта азыраак табасыз, бул жака кирин
https://getcryptotab. com/12728
#9 10 Февраль 2018 - 18:48
#10 10 Февраль 2018 - 19:26
Ойноп күлсөк ойго коюшпай
Гүлдөй назик адам көнүлүн
Жүргөн жакшы эч бир оорутпай.
Жүрөлүчү жүрөк оорутпай!
#11 06 Март 2018 - 23:19
Shorobashat (10 Декабрь 2017 - 16:54) жазган:
Шүгүрчүлүк!
1) жалпак тил менен айтканда, бул келечектин акчасы.
2) биткоин тууралуу маалыматты кенен-кесири кыргыз тилинде ала албайсың. өтө аз. болгон күндө да горе-переводчиктер которгон материалдын ашмалтайы чыгат. Такшыто, тоюс, ошондуктан, жакшысы орусча же англисче изденгениң оң. йутуп каналында азыр бул темада узун-сабак өткөн мыкчыгерлер мый-мый. Баарын катары менен уга берсең дагы болбойт, көп маалыматты сорттой билүү да азыр ЧОҢ талант. Жок, орусча маалымат албайм, "кыргыз деп келгем дүйнөгө кыргыз деп өтөм дүйнөдөн" деп ак калпакты баса кийип, жармадан уурттап отурган болсоң, анда фейисбуктан Juman Kenesh (бул сайыттын алкагында илгери jumanji деген ат менен катталган) байкенин баракчасынан карап көр. Анын ошол эле [moderated]да бирин-экин кыргызча маалыматы бар, башка маалыматтарга салыштырмалуу "үйрөнчүккө боло берет" деңгээлинде. Бирок, ошондон баштасаң болот, мүмкүн. Анан аркысын Пушкин акенин тилинде ала бересиң да.
Ийгилик, кыскасы. Бул - келечектин акчасы.
#12 06 Март 2018 - 23:22
Aksakal (10 Февраль 2018 - 18:48) жазган:
Бул нерсе капкан болушу дагы мүмкүн. Эгер бул жактан азыноолак биткоин чогултам деген болсоң, анда гугл-хромдо башка нерселерди (жеке маалымат, онлайн акча төлөмдөрүн) кылбоо керек. Андай максатта башка браузерди (мисалга, TOR) колдонуу дурус. "Жадность фраера погубит" деп коёт. Биртике тыйын алам деп, негизги капчыктагы каражаттан айрылып калуу акылдуулукка жатпайт... Кеңеш катары. (эгер бул темага кызыккандар болсо)
#13 06 Март 2018 - 23:34
Stark.T (11 Декабрь 2017 - 09:17) жазган:
Венесуэла жакында эле ошондой атайы улуттук криптовалюта чыгарышты. Аны чыгарганга орустардын программисттери жана Абрамовичтин айланасындагы үлкөн бизнесмендердин инвест-фонддору жардам бериптир имиш. Эми, жакында Венесуэланын саясий аренадагы душманы АКШ бул тармакта айлангандардын баарынын бизнесин кыкынтат го
Дагы айта турган нерсе, азыркы экон.гигант АКШнын санкцияларына каршы турушкан бир канча диктатордук режимдер өздөрунүн криптовалютасын чыгарууга кызыкдар. Бирок, экономисттер, алардын көрөр күнү чектелүү дешет. Бир өндүрүмгө (товар) кызыгуу болбосо "анын баасы беш тыйын"
Stark.T (11 Декабрь 2017 - 09:42) жазган:
Же кымбаттаганда алып арзандаганда сатып кейип да калышың толук мүмкүн.
Майнер деген сатып алган адам эмес. Mine - казуу, демек, майнер, казуучу. Мааниси, биткоин деген нерсе атайы татаал математикалык эсептөөлөрдүн аркасында, атайы ошол максатта чыгарылган компьютерлер аркылуу "казылып алынат". Ошондуктан, процессти майнинг, ал эми ошол нерсени казып алып аткан адамды майнер дейт. Ал эми биткоинди алып сатып аткан адамды бул тармактагы слэнгде "трейдер" дейт. Же "спекулянт" . Бизде спекулянт деген негедир (мүмкүн сссрдин таасири менендир) жакшы эмес маанини берет көбүн эсе. Бирок, түпкүлүгүндө, спекулянт деген сөз латын тилинен келген дешет билгендер. Мааниси - байкоочу экен. Демек, трейдер кырдаалды байкап, ошого жараша анализ жүргүзүп анан өзунүн ишин (соодасын) кыла берет. Утулат, утат дегендей, ал эми анын жөндөмүнө, эмоциясына, капиталына жараша.
izdeim.seni (11 Декабрь 2017 - 09:58) жазган:
Майнерден же спекулянттан сатып аласын да. Бирок, эске тутуу керек, шыто, "государство буга төлөп бербейт". Пулду өз чөнтөгүңдөн чыгарасын. Атайы сайттар бар, банкындан акча которосун, сатып аткан адам менен же сайт/сервис менен байланышасың, кадимки эле интернеттен көйнөк сатып алгандай эле кеп. Болгону, бир аз кымбат
Almasbekovna (20 Январь 2018 - 12:21) жазган:
Түшөт, кайра көтөрүлөт, кайра түшөт. Ошонусу менен кызык да. Бул түшүп кайра көтөрулүү процессин волатильность дейт. Канчалык бул нерсе көбүрөөк болсо, демек бул нерсеге кызыгуу бар. Андыктан, бул нерсе эртең жок болуп кетүүдөн алыс. Кыскасы, көтөрүлүп, тушүп турсун, бир калыпта турбасын. Трейдингде ошол нерсе менен жан багышат трейдерлер.
Ошоо, өзүм билгенден азыноолак болсо да түшүндүрмө берип кеттим. Түшүндүрө албай калсам үзүр. Азыр интернет деген итбекер. Толтура сайттар, маалыматтар бар. Убакытты болбогон нерсеге жумшабай тренд болуп жаткан нерсени, технологияны, бизнести өздөштүрүү керек. "Биз өнүкпөйбүз" деген наалыма кепти таштап.
#14 17 Март 2018 - 21:06
1-2 жылда төмөндөгү сүрөттөгүдөй болуп жүрбөгүлө анан ))
#15 29 Июнь 2018 - 12:53
Сегодняшнаяя медитация:
«- Биток 6000
- Все непостоянно в колесе сансары.
- Твои сбережения упали на 50%.
- Это лишь рябь на поверхности океана сознания.
- Ты уверен, что завтра сможешь наскрести денег на плошку дала с двумя чапати?
- Великие йогины не предают значения числу чапати в своей тарелке.
- А билетам в Индию йогины придают значение?
- Омммммм».
Окуп алып ыкшып күлдүм. Бирок, жогорудагы типа-диалогду түшүнбөгөндөр ыкшып күлгөндөрдү "бир аз жылып кеткендер" деп ойлоосу турган кеп. Түшүндүрмө жазсам деле болчудай, бирок, узун кеп болуп кетет. Ошондуктан түшүнгөндөр же кийин түшүнгөндөр окуп жылмайышаттыр.
Дегеним, азыр биткоиндин баасы 6000 ден да төмөн түшүп кетти. Бүгүнкү баасы 5880 usd. Май айында 9700, марттын башында 11000 доллар болучу. Баанын мындай кескин түшүп кетишинин же түшүрүлүп жатышынын да себептери бар. Финансы жаатында кызыгуусу жана түшүнүгү бар адам кайра битоктун түшүшүнөн пайда да көрө алат.
Сабыры күчтүүлөр HODL IT деп коюп отурат.
Билдирүүнү түзөткөн: Shanson: 29 Июнь 2018 - 12:57
#16 11 Май 2019 - 20:17
#17 14 Март 2021 - 03:01
#19 24 Декабрь 2021 - 20:02
#20 24 Декабрь 2021 - 20:09
Shanson (24 Декабрь 2021 - 20:02) жазган:
Негизи жашоодо эч нерседен коркпош кк ,бирок дагы эле биткоин сатып алгандан коркуп журом …Менин байкем да убагында криптовалютага акча салып , «иштеп» жургон .Бирок ушул эле жылы жарым млндон ашык акчага банкрот болду .Монеталардын ценасы резко тушуп кеткенине байланыштуу.
Бирок ушул биткоинди да бир коруш кк болуп жатат ))