Баракча 1 - 1
Маалыматтык тенологиялардын өнүгүүсү IT - айти
#1 12 Февраль 2018 - 18:09
Маалыматтык технологиялардын пайдасын баарыбыз билебиз - маалыматты тез жеткирүүгө жардам берет. Бирок анын өнүүгүүсүнүн канчалык зыяндуулугу бар? Азыркы учурда адамдар кайсыл жерде болбосун ар биринин колунда смартфондор бар. Адамдар смартфонсуз дааратканада да тынч отура алышпайт. Ал эми китепканаларга барган окурмандардын саны азайып, көпчүлүгү электрондук китептерди экрандан көзүн үзбөй окуп калышты. Эгерде IT ушул темпте өнүгө турган болсо адамдар маңкуртка(зомби) айланып калышы мүмкүн.
#2 12 Февраль 2018 - 18:16
#3 12 Февраль 2018 - 18:31
Коомчулук бийликке нааразычылыгын социалдык тармактардан гана билдирип калышты. Көчөдө койдон жоош болуп калды.
#4 12 Февраль 2018 - 18:37
Адамдын мээси интернетке кирип күнүгө маалымат алып турууну талап кылып калды.
#5 12 Февраль 2018 - 18:41
Интернетте атактуулукка жетишкендер биротоло виртуалдык дүйнөгө кирип кетишти.
#6 12 Февраль 2018 - 18:46
Интернетте ар кандай сүрөттөр жана видеолор жаштардын тарбиясын бузууда.
#7 12 Февраль 2018 - 18:51
Жаш балдар болсо компютердик клубдарга барып мыкаачылыкты үйрөткөн оюндарды ойношот.
#8 12 Февраль 2018 - 20:05
friendwipkg (12 Февраль 2018 - 18:51) жазган:
Жаш балдар болсо компютердик клубдарга барып мыкаачылыкты үйрөткөн оюндарды ойношот.
#9 13 Февраль 2018 - 08:53
daring_girl (12 Февраль 2018 - 20:05) жазган:
ооа менин уком..компьютерден (сузушуп кагышкан...бирин бири олтургон оюндардын видеосун коруп отурат кечке...)) кел башканы коробуз десемда укпайт...тим койсон саат 8 ден кечки 11 ге чейин игра ойнойт..!!
болгону 1 класс
Компютердик оюндардын зыянынан башка пайдасы жок. Анын ордуна 5 мүнөт спорт менен алектенген пайдалуу.
#10 13 Февраль 2018 - 09:00
Маалыматтык технологиялардын зыяны жөнүндө айтам деп, кайра өзүм анын курмандыгына айланып жатам. Экранды карай берип башым ооруп кетти.
Баракча 1 - 1