- (66 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Жыртык жүрөк Эң алгачкы бизди эмес...
#1 13 Март 2018 - 16:11
Терезенин пардасын кычыгынан шыкаалай скамейкада бурушо отурганын кордум. Дагы канча отурмак, бир куну атасы же жаалданган апасы келип жетелеп кетээр. Балким милиция чакырсам кантет? Балким депортация болуп биротоло жоголот. Кудайым ай, дагы булардын кызуу кандуулугун айт. Милицияга чалып келишин кутуп отурдум.
Келди милиция. Эшиктин алдында турган Алинин жанына барып документин сурап, коп отпой суракка алып кетишти окшойт. Алар кетээри менен вокзалга жонодум. Айылга.
#2 13 Март 2018 - 18:54
Ушул айылдын кочолорун чаныта ойноп журуп чонойдук. Атам айылдагы окмотто иштечу.Мунозу ото корс же убагында кичине жогорку кызматта иштегенине маашырланып жургон окшойт. Апам уй кожойкеси болчу. Ото жонокой жана сулуу аял. Уч бир тууганбыз. Мен уулусумун. Менден кийин эки синдим бар. Эн кичуу синдим торолгондо атам учунчусу да кыз болуп калганына териге апамды торот уйунон чыгарып келбей койгонун билемм. Андан кийин негедир апам торогон жок. Кийин чоноюп калганда оорунун айынан жатынын алып салганын уккам. Атам бизди эч нерседен кем кылган жок. Болгону апам экоонун оз ара урушу бутпой бир куну атам костюмун ийинине иле чыгып кеткен боюнча келген жок. Корсо, башка бироо менен чогуу жашап жургонуно коп болуптур. Ал келин бир турмуштан ажырашкан бир баласы бар ага кошуп атама уул тороп бериптир. Ойлобогон жерден атам бизди таштап жаш келинге кеткени апама ото оор тийди. Анткени атамды катуу суйуптур.
Бизге билгизбегени менен тан эрте козу корунбой калгыча шишип, бир чекитти мелтирей тиктеген апамды коруп боорум ооруйт. Атамдын туугандары ортого тушуп, атама кандай создор айтылса кайтпашы белгилуу болду. Акыркы чечим сот аркылуу эки ажырым жолго тушуу калды. Сотко жакындап калган. Апама айтпай мектепке кеткен боюнча районго жол тарттым. Атамдын жашап жаткан уйунун дарегин издеп таап эшигинин алдында кутуп отурдум. Коп отпой ал уйдон жаш келин чака которо сууга чыкты. Артынан жетип барып,
-Кечириниз бир уй булону бузуп, аялы бар эркеке коз арткан келин сизби?
Мени тиктеп кабагын буркой,
-Мен сени тушунгон жокмун чон кыз. дейт.
-Менин атам сиз учун бизди таштап кетти. Озунуздун биринчи турмушунузду бузганыныз аз келгенсип, эми биздин уй булону бузганга кантип бардыныз?
-Чон кыз, мен сени менен акыйлаша турган убактым жок. Мен атанарды чакырган жокмун, керек болсо кечинде келет жумуштан жетелеп кет колундан келсе. Кочодон мага кыйкырбай, мен шашып жатам уйдо жаш балам бар.
Эч нерсе дей албай калдым. Узап кеткен аялды карап атам чындап келбешин тушундум. Анткени жаш, сулуу анан ото куу экени корунуп турат.
Билдирүүнү түзөткөн: Fortuna1987: 13 Март 2018 - 19:14
#3 14 Март 2018 - 11:01
#4 14 Март 2018 - 14:25
-Кызым не болду сага? Эмне кылып журосун?
Ызаам ичиме толуп турган жаным атамдын кучагына жыгыла ыйлап жибердим,
-Ата, атаке сизди сагындык, журунузчу уйго неге кетип калдыныз? Бизге капа болсонуз кечирип коюнузчу. Сиз жок жаман экен. Атооуу...
Моюнунан асыла атакемдин жытын сагыныптырмын опком кооп калгыча ыйлап жаттым. Мени соорото уйуно киргизди. Аялы дасторкон жайып кутуп туруптур. Эшиктен кирип келген атам экообузду кутпогон кишиче далбасатап чайын сунду. Курсагым ачып, ушуп турганыма карабай ысык чай кекиртегимден отпой койду. Атам бешикте жаткан уулун чечип колуна алып, эркелете ар нерсени божурап, шуу жыттай бактылуу. Менин эмнеге келгеним деле атама баары бирдей туюлду. Ичимден негедир кызганычтын оту куйкалап баштады. Ордумдан тура,
-Ата, журу кеттик. Апама айтпай келгем. Сарсанаа болуп жатат го.
Эч шашпай баласын аялынын колуна карматып жатып мага карай,
-Ааа... сени апан жиберди экен десе.
-Апам жиберген жок, озум келдим. Эми сиз менен кетем.
Кабагын кичине туйгону болбосо атам менин созумду эч нерсе болбогондой кабыл ала,
-Кызым кеч болуп кетти. Бул жака эле жатып ал. Эртен тан эрте кетесин. Апана тушундуруп айтып коем.
Денемди кумурска каптагандай боло чымырай туштум.
-Ата, сиз мени тушунгон жоксуз. Мен сиз менен чогуу кетем. Сизди алып кеткенге келдим.
Менин чыйпылдаган абалыма аялы тамаша коруп жаткандай мыскылдуу жылмайганы ого бетер ызаама тийип жатты. Эшиктин оозун ачып босогодо турдум,
-Ата, журу кеттик.
Мени тиктеп тан калган тур менен отурду. Ангыча аялы,
-Эшикти жап, уулума суук тиет. Атам да кошулду анын созуно. Чындап ардандым,
-Ата эгер азыр сиз мени менен кетпесениз анда экинчи мени корбойсуз, мен сизди атам деп эсептебейм. Сиз бизди ушул аялга кантип алмаштырдыныз? Апамдан эмнеси артык? Сиз кантип? Ата, апам ушинтип биз деп омурун арнады, сиз деп жаштыгы отту. Апамдын жаштыгын соруп эми улам жашына кеткенинизге уулунузду шылтабай эле коюнуз. Мен бир сурандым эми келбейм жана сиз дагы бизди издеп келбениз.
Эшикти тарс эттире жаап сыртка бет алдым. Балалык оюмда мен келсем эле атам ээрчип келип калчудай сезилген тура. Жолдо катар ыйлап жонодум. Карангы. Аз отпой артымдан атамдын машинасы токтоп, мени билектен жулкуп машинанын ичине отургузуп, болгон ылдамдык менен айылга айдап жоноду. Унчукпадым. Ал да суйлободу. Эшикте ары бери басып апам кутуп турган экен. Машинадан тушкон биздин алдыбыздан чыгып, мени кучактай ыйлап алды. Атама уйго кируусун отунгон апама карап,
-Апа, экинчи бул киши уйго кирбейт. Эгер бул киши кирсе мен жок болом.
Мындайды кутпогон атам менен апам мени тиктеп калышты. Апам адатынча,
-Кызым кой антпе, кандай болсо да ал сенин атан.
Буркан шаркан тушо ыйлап да, суйлоп да жаттым.
-Апа эми мага ата эмес. Жон гана чоочун киши. Ата деген мындай эмес. Эми бул жолоочу. Мага бул кишиден коро.... сизден коро... итим артык.
Жаагыма алакан шак дей эле тушту. Атам мени карай,
-Кир уйго, козумо корунбой, унчукпай койсо муну кара.
Апама бурулуп,
-Кызындын тилин тый. Жакшылап кара.
Мени кучактай ыйлап турган апамды коруп ого бетер кучодум.
-Бар кетиниз. Кайрылбаныз. Апа ыйлабанызчы. Мен ... мен бир уул эмес он уулдан артык, аларга тете кыз болуп берем.Мага ишениниз.
Ошол муноттон тарта ушул кунго чейин атамды жашоомдон чийип салдым.
Кундор ото берди. Апам менен кыбырап кунубузду кордук. Атам бироолордон акча берип жиеет. Бизде жылкылар коп болчу. Кузундо жылкыларды уйуру менен айдап кеткен атам. Кечке маал мектептен келсем атам уйдо отуруптур. Учурашпастан болмомо кирип кеттим.Бир сааттай убакыт отту. Кыжырым келе ары бери басып журо бердим. Апамдын кайра-кайра чакырганыган улам ашканага жонодум. Атамды карагым да келген жок. Бизди таштап кеткенинин балким себеби бар чыгаар деген ойлорду ойлогонум менен дагы деле кок беттигим калбады. Кызык, уул бала дешет. Кыздын андан эмнеси кем? Кыз болуп торолгонубузго жазыптырбызбы? Азыр заман башка. Мен корсотом кыз баланын кандай болоорун. Ээкк... ушул эркектер тогуз ай которуп, толгоосуна чыдап, тун уйкусун болуп, азабын тартпагандан кийин буюм тандагансып кыз, уул деп тандашат. Ушундай акылы аздарды неге кудайым тукумсуз кылып койбоду экен. Корот элем кудайым кыздан да айтпаса. Ошол жылы мектепти аяктамакмын. Чынында жакшы окучумун. Мектепте катары менен уч жыл президент болдум. Бала кезимден бери доктур болуу кыялымда. Жер тиктеп чайымды ичип отурган мага карап атам,
-Кызым, быйыл сен окууга таршырасын, мед. академияга отконуно жардам берем. Камсанаба, озум окутам. Бала кезиндеги тилегинди орундатабыз.
Атам суйлосо эле жиним келе берчу болду. Озгочо жаш аялы менен уулун эркелетип жатканы коз алдыма тартылат. "Кызым" деп коет дагы.
-Кечириниз мага тиешеси жок адамдан эч кандай жардам сураган жокмун. Кереги жок. Эгер мен мектепти аяктагандан кийинки пландарым сиз учун кызык болуп жатса айтып берейин. Куйоого тием. Эркек балалуу боло албай жургон уй булолуу кишини таап, уй булосун бузуп, экинчи аял болуп, даяр жашоодо жата бербеймби. Эмне азап окуп. Жаштыгымды, сулуулугумду пайдаланып. Мен тием десем колунда байлыгы бар, башы жок эркектер толтура. Мага бул жолду практика турундо корсотуп бергендер бар. Уядан эмнени корсон албетте, соз жок, талашсыз ошону алат. Рахмат сунушунузга.
Ордумдан тура эшике чыгып кеттим.
Айдап кеткен жылкыларынын акчасынан болушконго келиптир. Апама бир топ акча таштап кетти. Болмомдо бук тушуп жаткан мени апам чачымдан сылай,
-Кызым, турмуш деген баары биз ойлогондой болбойт. Тагдыр деген нерсе бар. Биз мандайга жазгандан эч кайда качып кутула албайбыз. Айланчыктап кандай жолду издебе баары бир жараткандын колунда. Атана андай мамиле кылба. Колундан келсе кечир а келбесе соз кайрыба. Унчукпай кой. Кантсе да ал сенин атан. Сен ошол адамдан жаралгансын. Эки дунуйодо да атандын алдында башынды которууго акын жок.
Билдирүүнү түзөткөн: Fortuna1987: 14 Март 2018 - 15:20
#5 14 Март 2018 - 22:00
#6 14 Март 2018 - 22:02
#7 14 Март 2018 - 22:23
#8 15 Март 2018 - 10:50
#9 15 Март 2018 - 11:35
#10 15 Март 2018 - 14:06
-Атам эмнеге бизди таштап кетти? дедим.
Апам суйлоп жаткан созун токтото менин чекемден сылай озуно тартып бекем кучактады,
-Кызым менин сен озгочо атана жакын болуп чонойдун. Калган эки синдин мага жакын. Баарыбыздан да сен атанды тушунушун керек.
-Апа, мен атамдын бизден кеткенин белгилуу себебин билип анан чечим чыгарбасам анын атын да уккум келбейт. Мейли мин жерден мен ага жаралып калганым учун башымды ийууго мажбур болсом, ал мени жаралып, жашап калганым учун миллион жерден мен учун жооп берууго милдеттуу. Сиз айтып жаткан жараткан да бул кылыгына каршы чыгаар. Айтып коеюн мен буюм эмесмин. Менин да жан дуйном, журогум бар. Апа, себебин гана айтыныз атам бизден эмнеге кетти?
Апам менин айтканымдан кайтпаган мунозумду билет. Тикирейип тиктеп турган менден ыйлам сыраган жузун ала кача,
-Кызым биринчиден атан жалгыз уул. Менин уул бала тороп бере албаганым кайнатамдын тукуму уланбайт дегендик. Атан менен токтомок. Ар бир инсан озунон кийин урпак калуусун, анын атын алуусун каалайт экен. Мен атана жашоодогу эн башкы мумкунчулукту тартуулай албайм. Экинчи себеби атан тиги жаш келинди суйуп калыптыр. Не дейбиз алдыма отура абалын чоголой тушундуруп берди. Атан экообузду ата энелерибиз кудалап эле уйлонтуп коюшкан. Бири бирибизди бир эле жолу коргогбуз. Билгеним ар бир жанга чыныгы суйуу деген келет экен. Атан омурундо бир келген суйууну жолуктурду. Анын устуно уулу бар. Биздин жаныбызда жургону менен оюу башка жерде боло жудоп да кетти. Мен атандын болгону бактылуу болуусун кааладым.
-Ааа.. апа бизчи? Сизчи? Бактылуубузбу? Эмне учун бир адамдын сезимдери учун баарыбыз азап тартышыбыз керек? Хмм... тукум уланат денизчи, ар бир инсандын кыялы... бул жашоо бир келет дегениниз чын. Бирок биздин козубуз откон сон жашоо улана берет тоетобойт. Арадан он, жыйырма, элуу жылдар, кылымдар, миндеген кылымдар ото берет. А ошол учурда бизди эч ким эстеп койбойт. Боз чанга айланып жок болобуз. А атам чыркырап тапкан тукуму да эстебейт.Ооба, биз келечегибизди ойлошубуз керек бирок ушул жарыктыктагы. Ким кандай ойлойт билбейм, бир келген жашоодо бироонун конулун ооруткандан откон жаман нерсе барбы апа? Биз кыз болуп торолдук. Демек, атам адам заттын жашоосун улантууга салымды кошо алды. Уффф, апа эгер атамдын тукуму уланбай калса жер огунан чыгып токтоп калмак беле? Ошол атамдын баласы атамдын атын айтып жургону менен чон атамды элестете албайт. Коросузго, ашып кетсе жуз жылда жок болобуз.Бул жашоого келгенибиз биз учун берилген бир шанстай же узун сериалдын биринчи болугу сыяктуу элестетем. Атам жана бизди сиз айткандай эч ким эч качан болуп карай албайт. Эн окунткону атам кайдагы бир иллюзияга азгырылып,конулубузго так сала, али жаш журогубузду жыртып биздин психологиябызды талкалап жатат.
Дагы коп, ото коп создор ичимден чыкпай калды. Андан ары уланта албай ыйлап калдым.
Апам айткандарымды уккандарына ойлоно,
-Кызым жер бетинде канча адам болсо ошончо ой-пикир бар. Булар сенин ойлорун, ал эми атан буларды тушуно албайт го. Чон энедей суйлойсун кызым. Бул ойлордун баары сенин башына кайдан келет шумдук.
-Апа, мен тушундуром! !! Акыры тушундуром атама. Качан атам тушунгондо гана кечиришим мумкун мейли кайтып келбесин бирок тушунсо болду.
Билдирүүнү түзөткөн: Fortuna1987: 15 Март 2018 - 14:45
#11 15 Март 2018 - 17:35
#12 15 Март 2018 - 18:07
Supsuluu (15 Март 2018 - 17:35) жазган:
Тескерисинче ушундай муноздогу айымдар кобуроок жашайт сиз менен мага караганда. Бир тарыхий кино коргон элем, автордун мунозун так ошондогу айымга окшоттум, башына кандай кун тушсо да, олум алдында турса да айтканынан кайтпаган мамлекет башчы болот. Акыры оз принциптери деп журуп, омурундо бир ирет катуу суйгон адамын да оз колу менен олтурот. Так ошол кино эсиме тушту.
#13 15 Март 2018 - 19:08
Мектептен алып келген бааларымды эн биринчи атама корсотчумун. Мен аны узулуп тушо ушунчалык жакшы корчумун. Биздин уй булодо эч ким козумо корунчу эмес. Атам болсо эле конулум куунак. Сарайда мал жайгарып журсо арабанын бир учун кармап тырбаландап, сугарса аркасынан калбай кошо каралашып жургон мен. Эгер алыс жака кетсе кабатырлана жети нан жасап кочого таратып келчумун. Коркконум атамды жоготуп алуу эле. Атам да мени жакшы коргондой сезилген. Ар дайым мени менен атам сыймыктанса деген ойтурчу башымда. Атам...атам.. атам... мен атамды жакшы коргондой ушул кунго чейин башкача сезим болбоду. Кийинки кундору атам уйго коп келбей калды. Кадимкидей уйубуз ангырап калгандай сезиле, бир ордума тура албайм. Уч кун болду. Сагынып кеттим. Бир нерсе жетпегендей туталана ыйлагым келе баштады. Ары бери басып кабатырлана улам жолду карайм. Эшиктен бироо кирип келсе ордуман атып тура тосуп чыгам. Атам эмес экенин коргон сон кадимкидей шаабайым сууп, кыжырым келе отуруп калам.
Мен учун карааны эле тоо болчу. Алыстан купулдоп иштеп жатканын, ар бир кыймылын карап, сагынып кеткен кишидей чуркап барып бетинен ооп алып кеткенимчи. Ал да билчу, мен жоногондо эле бетин тосуп туруп калчу. Ооруп калса кошо кайгырып, апамды шаштыра ысык шорпо жасашып, жанынан чыкпаганымчы. Атаке эгер билсениз мен сизди жарым эле кун корбой калсам сагынып кетчумун.
Тундо ыйлап жатып уктап кетем. Сыртымдан ага таарынып, ачууланганым менен ичимде сагыныч менен куса жеп баратты. Кызык жанагы алган жаш аялы атамды менчелик жакшы короор бекен?
Мектепти аяктадык. Маанайым суз. Эч нерсеге конулум жок, эч ким суйлошкум келбейт. Мына бир жыл болду атам бизди таштап кеткенине. Апам тушундуруп, эркелетип, урушуп да озумо келтире албады. Акыры шаарга окууга кеттим. Бишкек биздин айылдан анча алыс эмес бир саатка жетпеген убакта жетип барабыз. Ошондуктан шаардын мен учун тангалычтуу эч нерсеси жок. Бирок сюрприздерсиз болбоду.
Билдирүүнү түзөткөн: Fortuna1987: 15 Март 2018 - 19:43
#14 16 Март 2018 - 12:25
#15 17 Март 2018 - 04:42
#16 24 Март 2018 - 01:32
Медициналык академияга отпой калдым. Даярдоо карсуна тапшыргым келген жок. Шаардагы университеттерди максатсыз кыдырып журуп акыры ОРТдан калган баллдарымды ар бир жерге таштап койдум да айылга жонодум. Бишкектен айылга эки сааттык эле жол.Уйго келсем апам менден жанылык кутуп отуруптур. Менин кабагымды коруп дароо тушунду окшойт. Сураган жок эч нерсе. Окуу жайдын жыйынтыгы чыккыча огородтон чыкпай жер тытып, жашылчаларды чаап, отоп журо бердим. Башымды которбой ишке алаксысам гана кичине ар кандай ойлордон кутула тушом. Кечке маал чай устундо апам дагы атам жонундо кеп баштады эле уккум келген жок. Эшике чыгып жылдыздарды тиктеп копко отурдум. Ушундай да болот экен э? Апам атама таарынбагандай. Ортолорунда эч нерсе болбогондой. Канча жыл чогуу жашашса да апамдын менчелик кыйналганы байкалбайт. Балким бизге билгизбей жаткандыр. Кантип тез эле озуно келсин? Мумкун ото кечиримдуу жандыр. Оздору айткандай экоо бири бирин суйбогон окшобойбу? Чексиз ойлор...
Шаарга жоночу убак келип, акыркы жыйынтыктарды карап отуруп бир эмес уч окуу жайга отуптурмун. Суйундум.Мыкты окуу жайлар. Туштон ооп калганда гана курсагым ачканын билдим. Айылга чейин чыдачудай эмесмин. Жолдун боюндагы тамактануучу жайга баш бактым. Кичине шам-шум этип албасам башым айланып кетмейи бар. Жаны эле тамактан ооз тийгенимде кайдан жайдан атам пайда болду. Кутпогом, не мени андып журобу. Кудум кездешууго келгендей мандайыма отурду. Жерди тиктей тамактанып отура бердим. Башымды которсом эле ыйлачудаймын. Бирок эми коз жашымды эч кимге корсотпойм деген убадамды эстедим. Атам да бир топко унчукпай туруп соз баштады.
-Кызым, жыйынтыктар кандай болуп жатат? Мед. академияга тапшырбаганынды угуп ото кабатырландым. Бюджет болбосо деле тапшыра бер, озум контрагынды толоп, колумдан келишинче камсыздап окутам.
Эми контракт болумуно тапшыруу да кеч болуп калган.Менин унчукпаганыма кайыл ондуу атам божурай берди.
-Кызым, билем мага таарынчын тоодой. Бирок жашоодо тушунбогон себептер коп. Сенин келечегиндин алгачкы кадамдары башталууда. Мага эрегише окууга тапшырбай койбо. Азыр жашсын. Чонойгондо баарын озун тушуносун.
Атамды карагым келген жок. Бир далайга суйлоп отуруп акыры таштай каткан мени жибите албашына козу жете сылык коштошо ордунан турду. Эгерде абалыбыз мурункудай болгондо окууга откондугумду суйунчулой моюнуна асыла чуркап чыкмакмын.
#17 24 Март 2018 - 01:46
#19 01 Апрель 2018 - 23:12
Азыр ошондогу айткан сөздөрүмдү эстесем бир чети күлкүм келет, бир чети өзүмө боорум ооруйт. Мен дагы 11 жашымда папамдын любовницасына барып, уятыңыз барбы мен сизди жек көрөм, өмүр бою каргап өтөм дагы көп жаман сөздөрдү айткам. Түнү менен уктабай эмне деп айтсам деп даярданып алганымчы.
#20 03 Апрель 2018 - 12:45
orhideya_15 (01 Апрель 2018 - 23:12) жазган:
Азыр ошондогу айткан сөздөрүмдү эстесем бир чети күлкүм келет, бир чети өзүмө боорум ооруйт. Мен дагы 11 жашымда папамдын любовницасына барып, уятыңыз барбы мен сизди жек көрөм, өмүр бою каргап өтөм дагы көп жаман сөздөрдү айткам. Түнү менен уктабай эмне деп айтсам деп даярданып алганымчы.
Анан папаыз келдиби
- (66 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »