Жалаң эски ырлардын текстин жазабыз... Эски ырлар тексти
#21 30 Апрель 2010 - 16:11
Биз жолуктук билбейм качан кунбу тун
Журок отун ээлеп алдын сен бутун
Бир гана эмеа тагдырга мин таалайыма ырахмат
Бизди кошкон ошол айлуу ошол бейпил ошол жыргал тун учун
Мен жашоодо канча жолу ыйладым
Бакыт издеп озумду озум кыйнадым
Жолукканда карай берип карай козунду
Кубанычтан коодонумо кокурогум сыйбады
Ошондогу сулуулугу ай дуйнонун
Бут жер шаарын чарк айланып жургонмун
Билбесем да бар экенин бул дуйнодо ак суйуу
Мен озуно качандыр бир убакта жолугаарым билгенмин
#22 30 Апрель 2010 - 16:19
#23 30 Апрель 2010 - 16:37
#24 25 Июль 2010 - 11:23
Айзиля (30 April 2010 - 16:19) жазган:
ЖАМГЫР
Сөзү, обону Т.Казаковдуку
Жамгыр төктү эч басылбай,
Биз келаттык көл-шал болуп.
Жол кароого көз ачырбай,
Бет алдыдан шамал согуп.
Кайырма:
Күн күркүрөп, жамгыр төктү
Ошол күндөр кайда кетти
Жаштыгымдай же кечээги
Кайрылбай кетеби.
Жамгыр төктү эске түштүң,
Алыс калган жаштыгымдай.
Сагынтасың, жүрөктү эзип
Колдон учкан ак куумдай
Жамгыр учаар канаттуудай,
Жамгыр төгөт эч басылбай.
Жамгырларда эскерербиз
Алгач сүйүү унутулбай.
#25 25 Июль 2010 - 11:59
С ө з ү Ж . Мамытовдуку ,
обону А . Керимбаевдики
Кезигип жылдардын бир жылдарында ,
Кайырсыз айлардын бир айларында .
Кайдадыр алып кетти ң жаштыгымды ,
Жер чийген чачтары ң а байлады ң да .
Тир үү л ү к б ү т ү н бойдон тушап алып ,
Т ү ш ү мд ө ө м ү р менден ушаланып .
Узун т ү н элеси ң ди унуталбай Унчукпас болуп кеттим кусаланып .
Коноктой к ү нд ө р ө т ө т алчыланып ,
К ү м ү ш сап камчы менен камчыланып .
Бой таштап тегирмендин парасына Кээ кү н ү калгым келет кайчыланып .
К ө з т ү ш ү п кө к к ө йн ө кч ө н убагы ң дан ,
Арбын жыл аты ң кетпей кулагымдан .
Т ү ш ү м ө кириши ң ди к ү нд ө тилеп ,
Уктаарда угузбаган дуба кылам.
Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 25 Июль 2010 - 12:01
#26 25 Июль 2010 - 12:02
С ө з ү Обону : Чубак Сатаев
Бирге ж ү рд ү к бир далай
Ал к ү нд ө р ү м жыраглы ай
Азыр жоксу ң жанымда сен
Э ң сеп ж ү р ө к кыйнады ай
Бирге ж ү р ү п к ү тип калды ң
Арман арман арман арман
арман арман арман ай
Кагылайын каралдым ай
Кайсыл к ү н ү жаралды ң
Ж ү р ө г ү мд ү эзип б ү тт үң
Эми жоксу ң кайдан табамын
Арман арман арман араман
Арман арман арман ай
Ойноп к ү лг ө н ал к ү нд ө р
Жаштык болот турбайбы
Жаштык кезде ал к ү нд ө р
Аздык болот турбайбы
Ойноп к ү лг ө н ал к ү нд ө р ү м
Ө тп ө й кетп ө й койбойт турбайбы
Арман арман арман арман
Арман арман арман ай
#27 24 Ноябрь 2011 - 13:12
Ырдын аткаруучусу: Рыспай Абдыкадыров
Издесең түгөй табылар.
А бирок көлгө конбосоң,
Аккуулар сени сагынар.
Жериңден кеттим алыстап,
Жемиштүү бекен алыс жак,
Каранып кандай көөнүндүн (?)
Карап көр өзүң калыстап.
Тагдырга ар ким кезигет,
Таасири күчтүү сезилет.
Кечикпей ушул турмуштан,
Кезиксем деймин тезирээк.
Турмуштун ар кыл даамы бар,
Тузу бар ширин балы бар,
Айланып көлгө конбосоң,
Аккуулар сени сагынар.
Алмалуу бактын шагы бар,
Ай тийген түндүн таңы бар,
Акыры көлгө конбосоө,
Аккуулар сени сагынар.
Айланып көлгө конбосоң,
Аккуулар сени сагынар.
#28 24 Ноябрь 2011 - 13:13
Болбосо андан учкан бубак белең
Кайрылбай кайда кеттиң айтчы деги
Адашып айлыңды мен сурап келем
* * *
Он сегиз жаш, жайдын жарык таңы белең
Болбосо боз туйгундун шаңы белең
Бир жолу кайрылгыстай тамшандырган
Жылт эткен жаштыгымдын шамы белең
* * *
Он сегиз жаш, күндө белем сени менен
Болбосо жүрөгүмдүн теңи белең
Кош эми өкүнсөм да унутпаймын
Өткөргөм өмүрүмдү сени менен
#29 24 Ноябрь 2011 - 13:16
Ак ирим келдүн жакасы.
Айтмайынча жазылбайт,
О, кургур!
Күнөтай кыздын капасы.
О-ой, бай-бай-бай- бай!
Күңөтай кыздын капасы.
Көк боз аттын такасы,
Көк ирим келдүн жакасы.
Кермөйүнчө жазылбайт,
Күнөтай кыздын капасы.
О-ой, бай-бай-бай, бай!
Күңөтай кыздын капасы.
Тескейдеги куу казык,
Текенин эти жол азык.
Теңтушун таап алган соң,
О, кургур!
Күңөтай кызда не жазык.
О-ой, бай-бай-бай- бай!
Күңөтай кызда не жазык.
Топ-топ учкан таранчы,
Тобун бузбайт карачы.
Топ бийкечтин ичинде,
О, кургур!
Күңөтай барбы карачы.
О-ой, бай-бай-бай- бай!
Күңөтай барбы карачы.
Сап-сап (бир-а) учкан таранчы
Сабын (бир-а) жазбайт саначы.
Сан бийкечтин ичинде
О, кургур
Күнөтай барбы карачы.
О-ой, бай-бай-бай- бай!
Күңөтай барбы карачы.
#30 02 Декабрь 2011 - 09:29
Карып чыккан аккан суу.
Толгон айдай жаркырап
Жарык чыккан аккан суу.
Булаң куйрук, жез канат
Балык чыккан аккан суу.
Курт-кумурска жандууну
Багып чыккан аккан суу.
Кара жердин алдынан
Жарып чыккан аккан суу.
Көз жетпеген кара кыр
Тоого чыккан аккан суу.
Кош тегирмен паралуу
Ноого чыккан аккан суу.
Жети кабат жер менен
Зорго чыккан аккан суу.
Көз жетпеген ала кыр
Сайда болгон аккан суу.
Чаңкаганда адамга
Пайда болгон аккан суу.
Азган менен тозгонго
Айла болгон аккан суу.
#31 02 Декабрь 2011 - 09:33
Көргөн бала, Мырзайым.
Алты алыштын боюснан
Суу аласың, Мырзайым.
Алты кар баскан түлкүдөй
Чубаласың, Мырзайым.
Ашыктыктан ырдасам,
Уяласың, Мырзайым.
Жети алыштын боюнан
Суу аласың, Мырзайым.
Жети кар баскан түлкүдөй
Чубаласың, Мырзайым,
Алты ай баккан атка окшоп
Элиресиң, Мырзайым.
Эл ичинде ырдасам,
Жеңилесиң, Мырзайым.
Көлдө ойногон өрдөктөй
Папырайсың, Мырзайым.
Көмөкөйдө күмүштөй,
Жаркырайсың, Мырзайым.
Көл боюнда эрмендер,
Көгүчкөн атат мергендер.
Ана ушу мерген мен болуп,
Көгүчкөн атып алганмын.
Мырзайым, сенин дартыңдан
Көмүрдө, отто калгамын.
Суу боюнда эрмендер,
Суусар атат мергендер.
Ана ушу мерген мен болуп,
Суусар атып алгамын.
Мырзайым, сенин дартыңдан
Суктанып ырдап калгамын.
Сай боюнда эрмендер,
Сагызган атат мергендер.
Ана ушу мерген мен болуп,
Сагызган атып алгамын,
Мырзайым, сенин дартыңдан
Санаа тартып калгамын.
Тулаңдуу жерде эрмендер,
Түлкүнү атат мергендер.
Ана ушу мерген мен болуп,
Түлкүнү атып алгамын,
Мырзайым, сенин дартыңдан
Түпөйүл дартка калгамын.
Өрдөк куштун пашаасы
Сонор деймин, Мырзайым.
Өзү келип колума,
Конор деймин, Мырзайым.
Өз алгандан зыяда
Болор деймин, Мырзайым.
Жагачтардын пашаасы
Чынар деймин, Мырзайым.
Акыр бизди күйгүзбөй,
Ынар деймин, Мырзайым.
Анан көңүл бир жолу
Тынар деймин, Мырзайьш
Канаттуунун асылы
Булбул деймин, Мырзайым
Убададан жылбастан
Тургун деймин, Мырзайым.
йлбээсиндин пашаасы
Жолборс деймин, Мырзайым,
Ынабасаң көп жакшы
Болбос деймин, Мырзайым.
Бизди мынча боздотуп,
Койбос деймин, Мырзайым.
Жамалыңа эч киши
Тойбос деймин, Мырзайым.
Күндүз сайрап, түн жаткан
Күкүк деймин, Мырзайым.
Имаратты көтөргөн –
Түркүк деймин, Мырзайым.
Орогуңду үч-төрт күн
Орсом деймин, Мырзайым.
Күндө үч убак мен сени
Көрсөм деймин, Мырзайым.
Күнү-түнү сени ырдап,
Жүрсөм деймин, Мырзайым.
#32 02 Декабрь 2011 - 09:36
Баарыбызга жер эне.
Жер эне терең, ким болгон?
Жерден чыккан кен болгон.
Жер бетинде бүткөн кум,
Кумдан ойноп чыккан суу.
Берекелүү дыйкан суу—
Туулган жердин баласы.
Такылетин1 карачы.
Жаркырап жердин койнунан,
Жайнап чыккан аккан суу.
Булак болуп тоолордон,
Кайнап чыккан аккан суу.
Топуракты нымдатып,
Сүзүп чыккан аккан суу.
Жер астынан аңтарып,
Бузуп чыккан аккан суу.
Эгизден2 туруп, пас жакка
Шаркыраган аккан суу.
Жүрүп кетсе алтындай,
Жаркыраган аккан суу,
Жылгадан түшсө, обону
Шылдараган аккан суу.
Жээгине ар түрлүү
Гүл бураган аккан суу.
Кесек жатса эритип,
Майда кылган аккан суу.
Түрлүү элге белгилүү
Пайда кылган аккан суу.
Аяк-башын билбейсиң,
Бирдей кеткен аккан суу.
Чарчаганын, талганын
Билбей кеткен аккан суу.
Эски болуп бир жери
Сүзүлбөгөн аккан суу.
Жүз жылдык жолго жүрсө да,
Үзүлбөгөн аккан суу.
Нам1 жеткен жерден гия2 өсүп,
Дүркүрөгөн аккан суу.
Абаны сүрлүү, жай кирип,
Күркүрөгөн аккан суу.
Аккан суу элге жарыя
Чогулса болгон дарыя.
Эл сугарып көгөрткөн.
Бүт зырааты3 аккан суу.
Жер үстүндө жандардын
Бүт ырааты аккан суу.
Ар ким ичсе кубанып,
Маза кылган аккан суу.
Макур4 болсо бир жериң.
Таза кылган аккан суу.
Сымап менен окшошсуң,
Сылыктыгың, аккан суу.
Адамдын жүзү көрүнгөн
Тунуктугуң, аккан суу.
Жеткен жериң гүлстөн –
Шаар болгон, аккан суу.
Кимге керек шол заман
Даяр болгон, аккан суу.
Сен жүргөн жериң баары абад
Шириндигиң, аккан суу.
Ыктыярын, көңүлүн,
Жерге берген аккан суу.
Касиетин көрсөтүп,
Элге берген аккан суу,
Жайы-кышы мал ичип,
Семиз болгон аккан суу.
Барган сайын көбөйүп,
Деңиз болгон аккан суу.
Жээгинде жекендер
Ойноп жүргөн аккан суу.
Өрдөк, чүрөк куштары
Жойлоп жүргөн аккан суу.
Баарыбызга пайда деп,
Ойлоп жүргөн аккан суу.
Жай дагы керек, кыш керек
Сенден пайда, аккан суу.
Касиети башкача,
Сендей кайда, аккан суу?
Бууңдан булут ичкени
Жамгыр болгон, аккан суу.
Бул кызматың эл үчүн
Мазир1* болгон, аккан суу.
Ар шагыда мөмө алган
Анжир бүткөн аккан суу.
Кубанышып эл жеген
Курма бүткөн аккан суу.
Жер энеден көбөйүп,
Шунда бүткөн аккан суу.
Жумшак бүтүп, эзилген
Жүзүм бүткөн аккан суу.
Анык мөмө тазасы
Анар бүткөн аккан суу.
Мындан белөк мөмөдөн
Далай бүткөн аккан суу.
Өзөндүү сайдын боюнда
Өрүк бүткөн аккан суу.
Аккан суу, сенде шарапат:
Ак алма менен нак1 бүткөн,
Көгөрүп өсүп бак бүткөн.
Көп пайдаңдан, аккан суу,
Көгөргөн дарак кайналы2
Жарашкан бактын майданы.
Ак пахта бүткөн жайдары.
Бозоргон чөлдө көгөрүп,
Асили3 күрүч көбөйүп,
Шалы бүткөн аккан суу.
Дарбыз, коон палектүү
Дагы бүткөн аккан суу.
Арпа, буудай чайлаган,
Дыйкандар алыш байлаган,
Ичкендин баары жайнаган,
Ай ракмат, аккан суу.
Жер энеден таралып,
Болду ракат, аккан суу.
Сүйлөшөсүң ким менен?
Жолдоштугуң күн менен.
Күн жолдошуң эритет,
Күн тийбес жердин музуну.
Ай жолдошуң тиктеди,
Аккан суу, сенин жүзүңдү.
Көргөндүн көөнү кубанган,
Сенин көркүң, аккан суу.
Өзүң менен бир жүргөн
Сенин эркиң, аккан суу.
Макулуктун баарынын
Каны сенсиң, аккан суу.
Айбан ат менен куштардын
Жаны сенсиң, аккан суу.
Жер үстүндө мөмөнү
Сен сугарган, аккан суу.
Мураптар арык улаган,
Дыйкандар келип сураган,
Тең сугарган аккан суу.
Эгизги тоонун эрки жок,
Эл болбосоң, аккан суу.
Эч ким тирүү күн көрбөйт,
Сен болбосоң, аккан суу
Сенсиз дарак көгөрбөйт,
Сенсиз мөмө көбөйбөйт.
Жер үстүндө гия-чөп,
Тамыр алып жылтылдайт,
Сени менен, аккан суу.
Сен болбосоң бир нечен
Какшып өлөт, аккан суу.
Бүркүт учпай алыска
Шаңшып өлөт, аккан суу.
Жээгинде дарак көгөргөн,
Сен жаралдың, аккан суу
Кыбыраган жандарга
Тең жаралдың, аккан суу.
Мөлтүлдөп аккан бөлөкчө,
Түшпөй1 өткөн киши жок
Ар күнү сенден бир даам
Ичпей өткөн киши жок,
Эң пайдалуу аккан суу.
Жарандардын2 жаны – сен
Жаратылган каны –сен.
Бул дүйнөдө түгөнбөйт,
Бир омуруң,3 аккан суу.
Асман, жерге белгилүү
Шул добуруң,4 аккан суу
Дүнүйөдө эң керек,
Төрт такылет,5 аккан суу.
Төртөөндө барабар
Бар акыбет,6 аккан суу.
Бурум-бурум жер болсо,
Буруп аккан, аккан суу.
Колу-буту белгисиз
Жылып аккан, аккан суу.
Күркүрөп аккан, аккан суу,
Күркүрөп аккан шарыңдан,
Суучулдар өтөт, сүздүрүп,
Аккан суунун маанисин,
Жазып турам тизилтип.
Четиңде кыздар суу алган,
(Арка чачы чубалган).
Толкунуңа кубанган.
Түшүнсөм сендей болбогон,
Түрлүү жаштар дагы бар
Шарыңда жүрөт ойногон.
Акылымды жиберсем,
Ар киши көсөп ойлогон.
Кеткен жериң арыктан
Бурум-бурум, аккан суу.
Жер бүткөндө жаралган,
Элден мурун, аккан суу.
Элге ракат көрсөткөн
Сенин нуруң, аккан суу.
Ада болбойт аккан суу,
Ар канча ырдап, мен айтсам.
Көңүлүмдү ачасың,
Узактан какшып келатсам.
Жаратылыш жараткан,
“Дүйнөгө керек суусуң” деп,
«Дүнүйө бою түгөнбөйт,
Узак жашап турсун» деп,
Жеткире сени мактадым,
Чечилип ырдап жатамын.
Шириниңди келтирип,
Эзилип ырдап жатамын.
#33 02 Декабрь 2011 - 09:44
Көктөн иман толкуп түшкөндө.
Жылдыз көккө толгондо,
Дүнүйө пинаа болгондо.
Ай асмандан букканда,
Күн кызарьш чыкканда,
Адам-Ата, Обо-эне,
Оозунан чыккан лапеси,
Кудайга дайын болгондо,
Суу атасы Сулайман,
Жардам сурап кудайдан
Суу бергин деп муңайган.
Кудурети кудайдын,
Кубат берип түбөлүк,
Орун берди бу жайдан.
Ошондо он сегиз Ааламдан,
Коркуп чыккан аккан суу.
Жер жүзүнө чайпалып,
Толкуп чыккан аккан суу!..
Жети кабат Жер астын,
Жарып чыккан аккан суу.
Жер, Ааламдын баарысын,
Багып чыккан аккан суу.
Алты кабат Жер астын,
Атып чыккан аккан суу.
Адам-Ата, Обону,
Багып чыккан аккан суу.
Ала-Тоонун боорунан,
Жарып чыккан аккан суу.
Алтын канат жез куйрук,
Балык чыккан аккан суу.
Кара-Тоонун боорунан,
Жарып чыккан аккан суу.
Күмүш канат, жез куйрук,
Балык чыккан аккан суу.
Кара жердин астынан,
Жылып чыккан аккан суу.
Жаамы күнөө кылганды,
Билип жаткан аккан суу.
Кара таштан жаркырап,
Түшүп жаткан аккан суу.
Жан-жаныбар шимирип,
Ичип жаткан аккан суу.
Ак кыянын боорунан,
Канаат алган аккан суу.
Карып, мискин, бечера,
Даарат алган аккан суу.
Ылай, чопо, киринен,
Арылдырган аккан суу.
Ай тийгенде шооладай,
Жарык чыккан аккан суу.
Алып кетсе жетелеп,
Кете берген аккан суу.
Бөлгөн жерге токтобой,
Жете келген аккан суу.
Түбү жумшак, үстү бек,
Саздан чыккан аккан суу.
Тиктеген менен көз жетпес,
Таштан чыккан аккан суу.
Көк жалкаяк асканы,
Тешип чыккан аккан суу.
Көк торпулуу көк жарды,
Эшип чыккан аккан суу.
Нечен жерди аралап,
Кезип чыккан аккан суу,
Керектигин адамга,
Жандуу менен жансызга,
Сезип чыккан аккан суу!..
Зоодон сынбай бир жери,
Кулап түшкөн аккан суу.
Аяк, башын үзүлтпөй,
Улап түшкөн аккан суу.
Өзүн-өзү көбөйтүп,
Курап түшкөн аккан суу!..
Ташка тийип чачырап,
Быркыраган аккан суу.
Далай жерге токтобой,
Шыркыраган аккан суу.
Кууш жерге келгенде,
Күркүрөгөн аккан суу.
Үрөйүңдү учуруп,
Үн сүрөгөн аккан суу.
Барган сайын күч алып,
Дүркүрөгөн аккан суу!..
Жайык жерге барганда,
Жаркыраган аккан суу.
Алды эңкейиш жар келсе,
Аркыраган аккан суу.
Кулагыңды тундуруп,
Капчыгайды чуу кылып,
Шаркыраган аккан суу!
Коркок адам сүрүнөн,
Калтыраган аккан суу!
Сурап-сурап отурсаң,
Кайда болот аккан суу?
Башы туюк капчыгай,
Сайда болот аккан суу.
Издегенде табылбас,
Жайда болот аккан суу.
Тескейи бийик, терең сай,
Коодо болот аккан суу.
Ак асаба мелжиген,
Зоодо болот аккан суу.
Бетегеси кулпунган,
Төрдө болот аккан суу.
Жаратылыш жасаган,
Өрдө болот аккан суу.
Каз-өрдөгү калкыган,
Көлдө болот аккан суу.
Бопбоз болуп кор болгон,
Тамчы сууга зар болгон,
Элге келген аккан суу.
Мурда болуп көрбөгөн,
Жерге келген аккан суу.
Жер үстүндө жашаган,
Элге келген аккан суу.
Өз тулкусун жоготпой,
Бир тамчысын коротпой,
Кармап келген аккан суу.
Курмандыкка денесин,
Арнап келген аккан суу!
Аягы жок, колу жок,
Токтойм деген ою жок,
Жүрүп келген аккан суу.
Бара турган жерине,
Кире турган көрүнө,
Күлүп келген аккан суу.
Бир жагына көгөртүп,
Дарбыз кылган аккан суу.
Эч кимди шерик кылбастан,
Жалгыз кылган аккан суу.
Алабата, көк беде,
Жалбыз кылат аккан суу,
Аюу чачы, ак сокто,
Андыз кылат аккан суу!
Жүргөн жерин аңдатып,
Кыя кылат аккан суу.
Түлкү куурай, чытыры,
Мыя кылат аккан суу.
Тоого чыккан кемпир чач,
Дагы кылган аккан суу.
Жанузактай бир чөбүн,
Дары кылган аккан суу.
Сазык тана, шорону,
Сазык матар, согону,
Айтпасак болбойт ошону.
Тогуз төбө, тенге чөп,
Топчу куурай, ак кодол,
Төө куйрук, камгагын,
Төө таман, жер чайын.
Уу коргошун, сары куурай,
Улар пыяз, ак куурай,
Арпа менен ак буудай,
Жылтырканы, шыбагы,
Тегерек баш, уйтана,
Адырашман, ыкшары.
Чачыраткы, жөрмөгү,
Келиндердин өрмөгү.
Меңдубана, ажырык,
Уйтана, көдөө, мийбеги,
Ушунун баарын айтпасак,
Уккандар калар таарынып.
Кара кыяк, шибери,
Кызгалдагы, эрмени,
Кызыл от чыккан береги,
Көөдөк менен чийбеги,
Көйкөлгөн көк шибери,
Кымыздык, ышкын, балтыркан,
Кийик оту, калдыркан,
Айтып бери жылдырсам,
Аны кылган аккан суу!..
Үстүңө кийип жүрүшкө,
Кийим кылат аккан суу.
Өз өнөрүн билбестен,
Кыйын кылат аккан суу.
Чайга салып ичишке,
Нават кылат аккан суу.
Барган жерин кулпунтуп,
Абад кылат аккан суу.
Айтып жана кеткендей:
Чөп жаратат аккан суу.
Төрт-түлүктү семиртип,
Эт жаратат аккан суу.
Алма, жүзүм, алмурут,
Алча кылат аккан суу.
Четин, шилби, карагай,
Арча кылат аккан суу.
Биз билбеген дүйнөдөн,
Канча кылат аккан суу,
Ай жаныбар, аккан суу!..
Жердин үстүн тепсеген,
Малга келген аккан суу.
Ай, Ааламда жашаган,
Жанга келген аккан суу.
Арык казып төтөлөп,
Алып кетсе жетелеп,
Кете берген аккан суу.
Бурган жерден токтобой,
Чарчаганга окшобой,
Жете келген аккан суу.
Ак жектенин жеңине,
Кир койбогон аккан суу.
Көңүлүңдү калтырып,
Бир койбогон аккан суу!
– Ай, аккан суу, аккан суу,
Ай, Ааламды баккан суу.
Сыр-Дайрадан чоң туруп,
Сыр аякка баткан суу.
Жандын баарын баккан суу,
Жазда кирип, ташкан суу.
Тартынбастан баскан суу,
Тар арыктан ашкан суу.
Жабыркатпай жай, кышы,
Жандын баарын баккан суу!.
Агыны катуу болгон суу,
Ар өзөнгө толгон суу.
Жаз келгенде кирген суу,
Жандын баары сүйгөн суу.
Эки өркөчү баладай,
Төө келген аккан суу.
Аюу, каман, илбирси,
Чөө келген аккан суу.
Биз көрбөгөн жин-пери,
Дөө келген аккан суу!
Бөкөн менен элиги,
Бугу, марал, кийиги,
Дагы келген аккан суу,
Бали, ыракмат аккан суу!..
Аккуу, өрдөк, чүрөгү,
Анда болгон түнөгү.
Безбелдек менен ак чардак,
Кара кашка кашкалдак.
Чөкө таан, бөктөргө,
Четинен айтам көп элге.
Кызыл тумшук чар карга,
Кетишпей конот ак жарга.
Булбул куштун акыны,
Торгой жээн жакыны.
Сары жаман, күйкөсү,
Салпылдаган бакылы.
Канаттуунун жаамысы,
Күн көрүшкөн баарысы,
Булар сенсиз жашабайт,
Бали, ыракмат, аккан суу!..
Кара шибер көк майдан,
Саздуу болот аккан суу.
Аккан жери дайыма,
Эңиш болот аккан суу,
Ай чапчыган толкуну,
Эч билбеген коркууну,
Деңиз болгон аккан суу!..
– А, жаныбар, аккан суу,
Деңизиңде сойлогон,
Алышканын мойсогон,
Арыстан баштуу мурду шиш,
Канаты бар учканга,
Бул дүнүйө жалганды,
Кайраты бар жутканга.
Алтымыш кулач, беш баштуу,
Ажыдаарың дагы бар.
Жарык кылган түндөсү,
Кулагынын түбүндө,
Күйүп турган шамы бар.
Сырларың көп катылган,
Көк өгүздөй балыгың,
Көктү көздөй атылган.
Жаркыратып түн ичин,
Кайра сууга сайылган,
Балыктарың дагы бар!..
Тоодон аккан жеринен,
Жаралганда тегинен,
Тунук болгон аккан суу.
Тазалыгы жагынан,
Карап турсаң баарынан,
Улук болгон аккан суу.
Кемеринин ичине,
Алтын канат, жез куйрук,
Балык толгон аккан суу.
Керектиги Ааламга,
Анык болгон аккан суу!..
Алдына шайтан жуутпай,
Кууп турган аккан суу.
Ажал жетип өлгөнүн,
Ак кепиндеп, аруулап,
Жууп турган аккан суу!..
Арам менен адалды,
Ылгабайсың, аккан суу.
Бир адамдап жамандап,
Булгабайсың, аккан суу.
Жайы кышы барабар,
Саан алган аккан суу.
Асмандан булут кубулуп,
Жаан алган аккан суу.
Алты айчылык жол кетсе,
Арасынан үзүлбөй,
Созуласың аккан суу.
Алтымыш бөлөк баш жагың,
Аягың келип бир жерден,
Кошуласың аккан суу!
Дыйкан-чарба адамды,
Бүт тындырып мудааңды,
Жабыркатпай баккан суу.
Кызматы менен кишиге,
Мына ушундай жаккан суу!..
Челек менен көтөрсө,
Түгөнөм деп шашпаган.
Тиктеп туруп байкасак,
Калыбынан жазбаган,
Кандай молсуң, аккан суу!
Тоо боорунан оргуштап,
Булак болгон аккан суу.
Катын менен балага,
Ынак болгон аккан суу.
Жоодураган ботогөз,
Моймолжуган ширин сөз,
Күмүш үндүү күн жүздүү,
Жан эриткен бал тилдүү,
Шыбырашып сүйлөшүп,
Бирин-бири жүр дешип,
Аста күлүп шыңк этип,
Алтындан иймек сөйкөсү,
Кулагында жылт этип.
Муну көргөн жигиттин,
Эт жүрөгү зырп этип,
Эки челек көтөрүп,
Күймөнсө атыр жыттанган,
Көркүнө киши суктанган.
Кыраңда гүлдөй бөлүнгөн,
Кирпиктери төгүлгөн,
Кош-коштоп чачы өрүлгөн,
Кундуз бөрк кийген башына,
Көлдөгү куудай көрүнгөн,
Кыздар келген, аккан суу!..
Ай тамагын кылайтып,
Ак көйнөгүн булайтып,
Ак элечек кайкайтып,
Ак маралдай маңкайып,
Аста басып жөнөсө,
Асмандан түшкөн жел кайып.
Күлкүсү күмүш үндөнгөн,
Сүйлөөдөн жигит сүрдөнгөн.
Ачылган кызыл гүлдөнгөн,
Абыдан кооз түрдөнгөн.
«Секетпай» деп ыр айтып,
Секин сууга сыр айтып.
Жанаша басып кыналып,
Жадабай күндө суу алып.
Карыяны көргөндө,
Каада сактап уялып.
Өңүн суудан каранып,
Тотукуштай таранып,
Келиндер келген аккан суу!..
Булактын башын болжошуп,
Муңайып күтүп, жол тосуп.
Жашчылык менен каңгышып,
Жаныман булак аңдышып.
Чылбырдан атын кармашып,
Чын перидей сулууга,
Чын дилден сөзүн арнашып.
Чыңыртып күлүк минишип,
Чийбаркыт тандап кийишип,
Чымчылашып тийишип,
Далбас уруп жаштыкта,
(Алдастаткан адамды,
Арагы жок мастык да).
Бир көз салып калууга,
Ынактыгын билгизип,
Учуру келсе айтууга.
Жеңесин салып ортого,
Желдирип эрте кайтууга.
Жашчылык иштин айынан,
Башын да сайып тартууга.
Булактан көзү өтүшүп,
Жигиттер келген аккан суу!..
Белдемчисин байланып,
Балдарына айланып,
Бирин жонго көтөрүп,
Бирин алган ээрчитип.
Бирин жүргөн телчитип.
Секин басып чайпалып,
Отурганда «белим» деп,
Чоочуганда «эрим» деп,
Карылык мени жеди деп,
Жаңы келген жылдары,
Буралган келин кезим деп.
Кайдагыны козготкон,
Карылык сенин кезиң деп.
Кемпирлер келген аккан суу!.
Ак сакалын жайкалтып,
Аста сүйлөп, нарк айтып,
Жолдун ташын теришип,
Булак оңдоп беришип,
Жигит чагын эстешип,
Өткөн экен убак деп,
Кеткен экен курак деп,
Атаңдын көрү дүнүйө,
Өзгөрүлбөй турат деп,
Санжыра, кебин чуурутуп,
Чалдар келген аккан суу!..
Божурашып сүйлөшүп,
Бир күндө он беш суу кечип.
Суу боюна барышып,
Балтыркандан кесишип,
Суу мылтык жасап алышып,
Бирин-бири атышып,
Бир кумардан канышып,
Ит балдакты тебишип,
Мен кыйын деп жарышып,
Балдар келген аккан суу!..
Ай туяктан арнашып,
Ак боз бээ союшуп,
Ак кымызга тоюшуп.
Көпкө арча чыдайт деп,
Каржыгачка коюшуп.
Карагай кесип кынашып,
Карылар менен сынашып.
Чеңгек менен бекитип,
Чечилип сырга келишип.
Суу кечпей малы өтсүн деп,
Семирип тез кетсин деп.
Эл катташып оңсун деп,
Эбин таап жасаарга,
Эпчил уста болсун деп.
Эптеп салып көпүрө,
Элдер келген аккан суу!..
– А, жаныбар, аккан суу,
Таң кашкайып сүргөндө,
Булутту шамал түргөндө,
Катуулап суу киргенде,
Тараза жылдыз бөлүнүп,
Тоо, таштын баары көрүнүп.
Сүрүлүп жылдыз качканда,
Сары Чолпон жылдыз батканда,
Өзөндөн ак шамал жүрүп ыркырап,
Суудан, кара буу чыгып буркурап,
Асмандын, жылдызы качып дыркырап.
Токойдо гүлдөр гүлбурап,
Бутакта булбул ыр курап,
Шыбакта торгой чулдурап.
Жылгадан алты миң булак шылдырап,
Жарашкансың, аккан суу!..
Күн жайылып келгенде:
Күңгүрөнүп күч алып,
Күмүш комуз күү чалып.
Аркыраган күч алып,
Алтын комуз күү чалып.
Күн келбетин бетине,
Жаркыратып түшүрүп.
Чаңкап келген мал, жанга,
Тартынбастан ичирип.
Күмүштөй болуп жалтылдап,
Берекесин арттырып,
Ийип берген балкылдап! ..
Бири консо, бири учуп,
Бири кетсе, бири келип.
Эки жагын карашып,
Канаттарын тарашып.
Мукам-мукам сайрашып,
Бутагында жарашып.
Уядагы күтүшкөн,
Балапанга суу берип.
Кужурашып отуруп,
Коркунуч болсо дуу кетип,
Куштар келген аккан суу!..
Куйрук жалы бир карыш,
Кулан келген аккан суу.
Аягы жок, колу жок,
Жылан келген аккан суу!
Чымын менен чиркейи,
Буда келген аккан суу.
Бөгөнөгү, бүргөсү,
Жуда келген аккан суу.
Ийнелиги, көгөөнү,
Ал да келген аккан суу.
Жөргөмүшү, сайгагы,
Бул да келген аккан суу.
Сары тампыз, саратан,
Санап айтып баратам,
Буда келген аккан суу.
Кумурскадан пилге че,
Жуда келген аккан суу!
– А жаныбар, аккан суу,
Түш мезгили маалында,
Күкүктөнүп күүлөнгөн,
Күкүк болуп сүйлөнгөн.
Шамал чыгып өзүнөн,
Шапатасы жыргаткан.
Шайырланып шар агып,
Шаңшыттырып ырдаткан.
Жандап барган мал ичип,
Суусап барган жан ичип,
Боору менен сойлогон,
Буту менен баскан да,
Асман менен учкан да,
Баары өзүңө келишкен,
Асилденсиң, аккан суу!..
Бешим убак болгондо,
Бир аз калган тартылып,
Тандырбаган адамды,
Тамашасы артылып.
Башбалдак атса өрдөгү,
Байкалат балык көлдөгү.
Койкоюп сүзсө каздары,
Калбай ээрчип балдары.
Ылаачын, көк куш келе албай,
Ыкыс берип тебе албай,
Ичинде калат арманы,
А жаныбар, аккан суу,
Көпкө тийген жардамы!..
Кечке маал болгондо,
Керимсел жүрүп ойногон.
Кара суучул, чулдук куш,
Кыялай учуп тойлогон.
Кыбыланын кызыл шамалы,
Кыдырып дүйнө жойлогон.
Кылкылдап күн батарда,
Кыялды жайга койбогон.
Күндүн нурун сүртүнүп,
Күлүңдөп көркүн жойбогон.
Караган менен канчалык,
Көркүнө көзүң тойбогон! ..
Түн ичинде карасаң:
Өзөндүн ичи шуулдап,
Көктөн жайнап жылдызы,
Өз өңүн карап жымыңдап.
Көк жылдызын батырып,
Табактай Айды калкытып,
Аттай ак боор балыгын,
Асманды көздөй атылтып.
Күкүмдөлгөн тамчысын,
Күргүштөп жээкке чачылтьш.
Чарадагы кымыздай,
Чачыратып сапыртып,
Кереметиң бир сонун,
Көргөндүн оозун ачылтып!..
Агыласың жулунуп,
Алда кайдан сайраган,
Күкүк менен Зейнептин,
Сайраганы угулуп.
Жалбыздын жыты буркурап,
Көңүлүңдү сергитип.
Ырдагыңды келтирет,
Ылаачындай эргитип!
Жаз келгенде токтобой,
Өрдөн чыккан аккан суу.
Кайык сүзүп өтө албас,
Кара тоонун боорунан,
Көлдөн чыккан аккан суу!
Жер үстүндө мелмилдеп,
Дарыя болгон аккан суу.
Жеңижок төккөн ыр менен,
Жарыя болгон аккан суу.
Желип өткөн жерине,
Жемиш өсүп, бак болгон
Келип кеткен жерине,
Шаар орноп эл толгон
Пейли кенен, тар эмес,
Бир калыпта бузулбай,
Агып жаткан аккан суу.
Дүнүйөнүн баарына,
Балдан таттуу шипширин,
Жагып жаткан аккан суу!..
– А жаныбар, аккан суу,
Ылдыйды карап жүргөн суу,
Ылайланып кирген суу.
Эңишти карап жүргөн суу,
Эрки менен кирген суу.
Шамалдай үнүң шуулдап,
Тирилигин өтөгөн,
Топ паренде чуулдап.
Жээгиңде сайраган,
Күкүк менен булбул бар.
Көлүндө киши көрбөгөн,
Кара Кашка дулдул бар.
Жүнү сеңсел, ак куйрук,
Кундузу бар аккан суу.
Көзгө жылуу көрүнгөн,
Жылдызы бар аккан суу.
Жүнү түркүн кубулган,
Суусары бар аккан суу.
Дүйнөдө түркүн сонунду,
Мына ушинтип баккан суу.
Кимге болсо баары бир,
Мумуядай жаккан суу!..
Суусуз чөлдө жашап көр,
Өтөр суунун азабы.
Айта берсем түгөнбөйт,
Аккан суунун казалы.
Керүүдөн кыян кошулуп,
Сел болосуң аккан суу
Этек жагың буулса,
Көл болосуң аккан суу
Чөлдүү жерге барганда,
Алтын менен күмүшкө,
Тең болосуң аккан суу!..
Кыртыш байлап бетине,
Жүн чыкпаган аккан суу.
Айбанатпы, адамбы,
Башын салса: «Тур, кет!» деп,
Унчукпаган аккан суу!
Ирик менен чирикти,
Таза кылган аккан суу.
Эл жайлоого конгондо,
Эртерээк ичсем дедиртип,
Эки агайин кишини,
Ача кылган аккан суу.
Жүргөн жерин гүлдөтүп,
Жумуш кылган аккан суу.
Нөөбөтү мага келбейт деп,
Коңшу отурган адамды,
Уруштурган аккан суу.
Жаздын айы келгенде,
Байчечекей башбагып,
Булак ийип таш жарып.
Тоо башынан мөңгү эрип,
Токсон миң булак бир келип,
Асмандан булут бүркөлүп
Жамгырын төксө – ал көрүп!
Жекендин башы желпилдеп,
Камыштын башы калкылдап.
Ааламга булут оролуп,
Айдын башы тоголуп.
Чагылганы чартылдап,
Ай караңгы түнүндө,
Күндүзгүдөй жаркылдап.
Жердин жүзүн термелтип,
Каарданып киргенде,
Каптап сел ылдый сүргөндө,
Капчыгайга толгондо,
Жандап барган мал-жанды,
Ажыдаардай жалмап соргондо.
Алачыктай таш агып,
Аюу, жолборс, сүлөөсүн,
Алдынан чыкса баары агып.
Байлап койгон сал агып,
Байкабаган жан агып.
Көпүрөлөр дагы агып,
Кечип кирген мал агып!
Бузуп өткөн кыяны,
Бул – аккан суунун зыяны!..
Ташка тийген жеринен,
Таамай жалын, от жанып.
Жарга тийген жеринен,
Жолум үйдөй из калып!
Ортосунан карасаң,
Оргуган кара кан агып!
Түптүү терек токтобой,
Бир куурайга окшобой.
Карагайы, арчасы,
Карайган токой канчасы,
Бир токтошко жарабай,
Агып барат даң салып.
Ташка тийсе чачырап,
Таамай жанды качырат.
Күкүктөнүп, сүйлөнүп,
Күчү ташьга, жинденип.
Тамдай болгон таштары,
Тоголонгон калдырап.
Аны көргөн пенденин,
Акылы калат дабдырап.
Аскага тийсе жанчылып,
Айбатынан жан чыгып.
Кирип барат аккан суу!..
Буда аккан суунун зыяны!..
А, жаныбар, аккан суу,
Жаз келгенде күрпүлдөп,
Ээ-жаа бербей ташкан суу.
Тоодон чөлгө жеткенче,
Далай жолду баскан суу.
Жан-жаныбар күйөнү,
Жаамы ушул дүйнөнү,
Жаркыратып баккан суу!
Жиктеп журтка бөлбөгөн,
Жанында адам болбосо,
Жакын көрүп чөлдөгөн.
Арык кайрып байласа,
Пайдасы бар аккан суу.
Жашап турса түгөнбөс,
Жайрасы бар аккан суу.
Жандуу менен жансызга,
Өмүр отун күйгүзгөн,
Айласы бар аккан суу!
Ташкыны бийик дүйнөнүн,
Таалайындай жаралган.
Түрдүү чөпкө, мивага,
Каны болуп таралган,
Тегеренип жанынан,
Карып мискин кетпеген,
Кандай молсуң, аккан суу,
Жердин үстүн тепсеген! ..
А, жаныбар, аккан суу,
Аккан суунун белгиси:
Камчыланбай тез кеткен,
Мудаасына бат жеткен.
Жийиркенбей ичине,
Кырк аяктуу курт күткөн,
Камыш чыгып көлүнө,
Кара бээ оттогон.
Балырынын ичине,
Бака чардап токтогон.
Келишкенсиң аккан суу!..
Көрүп адам жыргаган,
Бейиштенсиң аккан суу.
Арам, адал дебеген,
Асылдансың аккан суу.
Өз башыңдан күнөөнү,
Арыткансың аккан суу.
Кимге болсо «макул» деп,
Баш ургансың аккан суу.
Туш тарапка бет алып,
Агып өттүң аккан суу.
Адашпастан өз жолуң,
Табып өттүң аккан суу.
Кыялданып кыйшайып,
Шоокумданып, үн салып,
Желип өттүң аккан суу.
Аласасын адамга,
Берип өттүң аккан суу.
Кышын-жайын барабар,
Коргошундай көлтүлдөп,
Тунук болуп мөлтүлдөп,
Эрип өттүң аккан суу.
Келин менен кыздарга,
Керектүүн алгын деп,
Челегине толтуруп,
Берип өттүң аккан суу!
Өмүр шерик адамга,
Болуп өттүң аккан суу.
Бул дүнүйө жарыктан,
Толуп өттүң аккан суу.
Кара жерге жымылдап,
Кирип өттүң аккан суу.
Бара турган жериңди,
Билип өттүң аккан суу.
Киши баргыс чуңкурга,
Кирип өттүң аккан суу.
Касиеттүү аккан суу,
Күз мезгилде карасаң
Калыбынан тартылган,
Кубатынан айрылган.
Мөңгүсү аздап эриген,
Булагы ийбей кемиген.
Каркылдап учкан каз кеткен,
Куркулдап жүргөн куу кеткен.
Өрдөк, чүрөк калбастан,
Жылуу жакка дуу кеткен.
Жинин каккан бакшыдай,
Жарым болуп суу кеткен.
Эртең менен кечинде,
Буркурап чыккан буу кеткен.
Кыш чилдеде карасаң,
Көрүнүшүн байкасаң,
Көк муз карга оронуп,
Көңүлдүү ыры жоголуп,
Туңгуюкта чулдурап,
Агып жатыр булдурап
Алкынган алы жок болуп,
Араң жандай токтолуп,
А бирок моюн бербесген,
Аяз суукка көнбөстөн,
Агып жатат аккан суу!..
А жаныбар, аккан суу,
Күнү-түнү аксаң да,
Кызмат этип жатсаң да,
Кадырыңды билбейбиз.
Көңүлүңдү кир кылып,
Кайра өзүңдү тилдейбиз.
Жок дегенде бир жылда,
Зыярат кылып жүрбөйбүз.
Суу сыйлаган зор болор,
Суу кордогон кор болор,
Өзүнө өзү жоо болор.
Акыл менен ойлоп ал,
Айткан жокмун тим гана!..
А, жаныбар, аккан суу,
Жок дегенде бир күнгө,
Келбей койсоң таарынып,
Кесирленип жүргөндөр,
Чуркайт эле ак уруп!
Барктабастан жүргөндөр,
Айчылык жерде болсоң да,
Бир ууртап сени алганга,
Жетет эле жалынып.
Колунда болгон дүйнөсүн,
Берет эле жабылып!..
Бирок сен андай эмессиң,
Чалкып жаткан кененсиң.
Керектеген жандуунун,
Кызматына беленсиң.
Байыртадан бер жакка,
Керектелип келгенсиң,
Бали, ыракмат, аккан суу!
Толкуп, ташып ага бер.
Тегеренип Жер жүзүн,
Турмуш отун жага бер!..
Мөңгү болуп ашууда,
Үнөмдөлгөн аккан суу.
Жети күн, бир түн айтсам да,
Түгөнбөгөн аккан суу.
Аккан, аккан, аккан суу,
Аманат жанга жаккан суу!..
#35 26 Декабрь 2011 - 02:10
#36 26 Декабрь 2011 - 10:43
umka506 (26 Декабрь 2011 - 02:10) жазган:
" Ак булуттар " бул ырды сурап жатат окшойсуз.
Роза Шакированын аткаруусунда. Ырдын сөзү да ошол жакта бар.
#37 28 Декабрь 2011 - 20:12
Убайым тартып алыстан,
Унутуп бардык нерсени.
Сары оору болуп ансызда,
Сагындым туулган жер сени.
Канатым болсо азыр мен,
Калкылдап учуп жетсем дейм.
Калдайган сары талааңа,
Карлыгач болуп кетсем дейм.
Уктасам кирип түшүмө,
Аргымак чапкан талаалар.
Тыйылбай такыр кусалык,
Тынчыбай койду санаалар.
#38 17 Январь 2012 - 11:31
Обону элдики
Сен кызыл гул жайнаган,
Мен булбул бакта сайраган.
Мен бир панаа, сен панар,
Жарыгын тийсе жайланам.
Кылчайып булбул конууга,
Кызыгат кызыл гулуно.
Бурулуп кулак сала жур,
Булбулдун мукам унуно.
Коз салам гулго кунуго,
Коонумду ачып кулууго,
Конулум калат ачылып,
Гулундун жатсам тубуно.
Кулуп от гулун бар чакта,
Куйутту бойго таркатпа.
Буралып бакта сайраган,
Булбулдун тилин чарчатпа.
Ачылган гулго жетемби,
Ашыктыгын бекерби,
Ачылган гулго жете албай,
Арманда отуп кетемби.
#39 15 Март 2012 - 10:00
Таянарга аска зоон болор ким?
Жыгылганда арка жолок болор ким?
Баарынан да адам кылып чонойтуп,
Аралаштырып эли журтка кошор ким
____________________________
________________________________.
Алыс жолго чыксан бата берер ким?
Аман кел деп артына суу себер ким?
Аман келсен дасторконун жайнатып,
Ысык нанын, ысык чайын берер ким?
Карабасан ата-энен кор болот
Таштап салсан ал бироого кордолот
Андай ата пешенеси шор болот ай
Андай эне пешенеси шор болот.....
Ушул ырды толук билгендер жазып койгулачы, суранааааам
Билдирүүнү түзөткөн: Fekus: 15 Март 2012 - 10:01
#40 28 Март 2012 - 22:24
Элегия
Сөзү: Омор Султановдуку
Обону: Түгөлбай Казаковдуку
Эмненидир мен сага арноом керек,
Көз көрүшүү болбойт го кайрадан бир.
Ал күндөрдө түбөлүк калгым келет,
Эмненидир мен сага арноом керек.
Кайырма:
Сен кайдасың бул күндө мен кайдамын,
Боз жоргодой таң ашчу жайдакталдым.
Биз жоголдук экинчи кайрылбайбыз,
Сен кайдасың бул күндө мен кайдамын.
Жакшы ыр жазып мен сага арноом керек,
Барбы алдыда көздөшүү эч ким билбейт.
Ошол түнгө кайрадан баргым келет,
Жакшы ыр жазып мен сага арноом керек.
Кайырма:
Сен кайдасың бул күндө мен кайдамын,
Боз жоргодой таң ашчу жайдакталдым.
Биз жоголдук экинчи кайрылбайбыз,
Сен кайдасың бул күндө мен кайдамын.
Өзүмдү-өзүм мен эми алдоом керек,
Качандыр бир кездерде жолугам деп.
Ушул ырды жакшы деп арноом керек,
Өзүмдү-өзүм ошентип алдоом керек.
Кайырма:
Сен кайдасың бул күндө мен кайдамын,
Боз жоргодой таң ашчу жайдакталдым.
Биз жоголдук экинчи кайрылбайбыз,
Сен кайдасың бул күндө мен кайдамын.