Кызыктай эле. Кээде ойлонгонго ой калбай калгансып качанкы бир кездеги бир адамдар эске түшө берет. Бир түшсө мейли эле, адатка айлангандай кайра-кайра эле келе берет ойго. Же аны менен эч кандай мамилең жок, же таанышчылыгың,
тууганчылыгың жок, жадагалса, аты-жөнун, ал тургай жашаган жерин, жаш-курагын да билбейсиң, тек гана кайсы бир жылы, күндөрдүн бир кундөрүндө бир жерден тагдырдын жазмышына ылайык туш келип бир саамга эле бет келе түшкөнсүңөр,
бирок, эстен чыкпайт, негедир. Ошондой адамдар барбы силерде?
Мисалы, мен кээде ушундай учур болгондо негедир тии илгерки 24 жыл илгерки Жамбыл шаарындагы май куйгуч бекеттеги чачы саксайган, кийими ботала май, ошол кездеги мен курактуу тестиер баланын элеси жадыма келе берет. Мен автобустун ичинде, колумда балмуздак. Шаардан болушунча соода кылып үйгө кайтып бараткан жолдо, автобус токтоп май куюп атканда ошол бала чуркап келип май куюп атканы. Менимче, ошол кезде май куйгучтарды атайы жалдабаса керек эле маянага. Ал бала азыркы тил менен айтканда волонтер (ыктыярчы) болуп анан анын кылган аракетине май куйгуч бекетти иштеткендер азыноолак тыйын-тыпыр берип коюп тургандыр. Ошого ушундай боорум ачып кеткен эле. Азыр ал деле эл катарына кошулгандыр,
же кыштан чыкпай калгандыр, ким билет. Бир ойлогонум - көчөдө жүргөн бирөө болсо керек деп койгом. Эч ким менен деле ал тууралуу сөз кылган эмесмин, түшүнбөгөн же мага кызыктуу нерселерди эч ким менен деле талкуулабай өзүмдүн ичимде кала берчү. (Азыр деле ал нерсе өзгөргөн жок дечи). Андан кийин деле толтура адамдар менен жолугуп, суйлөшүп, таанышып, даамдаш-туздаш болдук дечи. Бирок, негедир ошол баланын элеси келе берет.
Силерде да ушундай боло береби?
Баракча 1 - 1
Тааныбаган эле бирөө...
#2 13 Ноябрь 2017 - 13:44
Адамдар тушкону жакшы экен сенин оюна. Меникине иттер, уйлар ж.б жандыктар деле тушо берет. Качаанкы олуп кеткен корозуму деле эстей берем.
#3 13 Ноябрь 2017 - 18:46
Ооа. Мен да тааныбаган бирөөнү эстей берем. Тааныбаймын,
билбеймин, кандай адам экенин да билбеймин бирок эстей берем.
Жашоо кыйын. Бирок, мен да оңой эмесмин....
#4 13 Ноябрь 2017 - 19:12
мен анда 16 жашта элем, чон ата менен чон энемдин уйуно кетип жаткам автобус менен , автобус сары эски автобус ) Исфанадан чыгып баратканбыз акырындап жылып, бир убакта бир ак койнок (рубашка ) кийген бала байке байке токтото турунуз досум калып калды деп автобусту токтотуп досун да салып алып кетип жатабыз , тиги экобу ушунчалык таза жана тыкан кийинген кинодо гана корчумун андай балдарды ) адам азайып жатып месталар бошой баштаганда бироосу менин жаныма олтуруп экобу суйлошуп кеткен болчу... Ошол экобун ойлой берем внезапно оюма келе берет кимдин балдары болду экен, ошол убакта кайсыл олкодон келди экен деп ойлоп кала берем. Мен учун будто алар адашып келип калгандай сезиле берчу...
Жүрөгүмсүң
#5 13 Ноябрь 2017 - 19:49
Менин коз алдыма бир бала келе берет,ал баланын ата-энеси ажырашып кеткен экен,ал бала ушунчалык татынакай бала болчу,сырттан гана таанычымун,
иниси менен дос элек,ал бала болгону манден 2 жаш улуу болчу,Кызыл-
Кыялык болчу,ушунчалык бит сырдуу бала эле,ошону корп ойлойт болчумун,кантти экен деп?иниси менен свияз узулгонуно коп жылдар болду,мен алжака коноктоп барчумун туугандарыма,
ал туугандар менен катышбай калганбыз,биток ошол баланын жашоосу кызыктырат эле мурда азыр анда санда Эстер калам ошол бала не болду экен дер?аты Алмаз болсо керек эле.
#7 14 Ноябрь 2017 - 16:37
Ушул сүрөттөгү баланын элеси эч кетпей жатат....Бул бала жөнүндө тааныгандар билгендер болсо да жакшы болот эле.....

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#8 17 Ноябрь 2017 - 10:18
Бул тема мен үчүн ачылгандай го.....
Мындан эки жыл мурун, жолдошум экөбүз, Оштун четинде бир таанышына барган элек. Ал жерде жолдошум ичкериге кирип мен сыртта машинада олтурган элем.Бир убакта сапсары өңу кубарган, бир бала колуна эки үч жашар баланы ээрчитип чыга калды, аркасынан аялы колунда баласы менен, аябай ыйлап, ээрчип алган.Ээрчиткен жаш бала аркасында апасына талпынып, артын апасын карап ыйлайт, антсе тиги "зөөкүр "булкуп жетелеп алат, аркасында апасы буркурап ыйлап "кантип өзүдүн балаңы ушинткенге дитиң барат, ал кичине, ал мага муктаж, ташта баланы "дейт,антсе тиги күйө сөрөйү, муштумун көтөрүп аялына обдулуп, болгон үнү менен сөгүп аркасына кууп кете берди. Бул убакта ордуман улам тура коем, сыртка чыгып койгула десемби, же эрди катын уркшса эси кеткен болушат болбойун деп эрдими тиштеп олтурам.
Бир убакта бала колунан чыгып, апасына карай чуркап апасынын этегине жармашып чыркырап ыйлап жатты....тиги "зөөкүр "жете келип кайра жетелеп жөнөдү. Апасы да кое бербей тырышса, эхххххх мынчалык мыкачы боору таш белем, аялын эмес колунда жети сегиз айлык баласынын башына гилтейген муштуму менен былчылдатып уруп жиберди, бала чыркырап ыйлап жиберген де апасы баласы менен убара болгон маалда, тиги "зөөкүр" такси токтотуп чыгып кетти.....
Бул маалда машинадан түшүп сыртка чыгып калган элем,"гүрөздүн "балдарына кылган, аялына кылган мамилесин көрүп,ээ Аллахым өзүң ушундай эне менен баланы ажыраткан инсандарга ынсап берсин дегенден башка эч нерсе кылалбадым, кыла албайт дагы элем, алар бир үй бүлө болсо.
Ошол окуя азыр да эсимден кетпейт, дайыма эстейм, ошол аялы, ошол ээрчитип кеткен баласы эмне болду экен?!

#9 17 Ноябрь 2017 - 14:48
#10 27 Апрель 2018 - 17:37
Мен да атын, жашын билбеген бироону эстеп коём кээде...
Билдирүүнү түзөткөн: Mydearzh: 27 Апрель 2018 - 17:38
#12 27 Апрель 2018 - 21:33
Ымм, жакшы тема экен. Эстейин деп андай адамдарды эстей албай койдум. Балким, кийинчерээк жаза кетээрмин. Мен кобунчо жыттарды, озгочо атмосфера, озгочо сезимдерди эстейм. Акыркы жылдары атайылап ушундай маанай, сезим, убакыттарды коз, мурун, тил, кулак менен "фоткалап"
коюуга уйрондум. А мындай суротко тартсам кийин караймбы, жокпу, такыр эсте калбайт экен. Ошого элдер "чыркылдатып"
жатканда, мен да "ушуну эске сакта" дегендей аракетте болом. Кийин козду жумуп ошол убакка кайра барууга сонун мумкундук)
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#13 27 Апрель 2018 - 21:51
Эстей турган жакшы адамдар, окуялар ото эле коп. Ошол эскеруулор жук болуп, артка тарткандай эле сезиле берет. Эскеруулор менен жашап калгандаймын.
Жашоонун кызыктуу учуру бут отуп кетип (лимит тугоп), кызыксыз болугу калгандай эле кылчактай берем. (Монолог болуп кетти го)))
#14 27 Апрель 2018 - 22:20
Тааныбаган адамдар боюнча. Андайларды кочодо, айрыкча коомдук транспорттордо коп жолуктаргам.
Коздор козго кадала тушкондо, журоктор "тырс" этип, озунчо эле суйуп алгандачы. Анан тушуп кетип калса, жакын адамымды жоготконсуп бир кайгырып алып, эстеп кала бермейим бар эле.
Эми азыр жакшы метод таап алдым. Кочодо кыздарды карабаганга аракет кылам. Болбой эле карап алсам дагы "бул менин бир тууган карындашым" деп озумду алдап, ошого озум ишенип, жаман ойлордон сактанып алам)))

Билдирүүнү түзөткөн: Pelargos: 27 Апрель 2018 - 22:23
#15 27 Апрель 2018 - 22:52
aijan (27 Апрель 2018 - 15:33) жазган:
Ымм, жакшы тема экен. Эстейин деп андай адамдарды эстей албай койдум. Балким, кийинчерээк жаза кетээрмин. Мен кобунчо жыттарды, озгочо атмосфера, озгочо сезимдерди эстейм. Акыркы жылдары атайылап ушундай маанай, сезим, убакыттарды коз, мурун, тил, кулак менен "фоткалап"
коюуга уйрондум. А мындай суротко тартсам кийин караймбы, жокпу, такыр эсте калбайт экен. Ошого элдер "чыркылдатып"
жатканда, мен да "ушуну эске сакта" дегендей аракетте болом. Кийин козду жумуп ошол убакка кайра барууга сонун мумкундук)
Окшоштук.Мен да качааанкы төрт-беш жыл мурунку жыттарды эстей берем.Ошол одеколону түгөнүптүрбү? же ошол духисин дагын деле иштетет болду бекен деп.Кокус ошол жатты кокус кезиктирип калсам,эски картиналар көгө чууруп тартыла баштайт.Өзүнчө эле носталгия)
Ишиң жок болсо да,максатың болсун!
Баракча 1 - 1