- (7 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Күйөөм үйгө түнөбөйт Сиздерден кенеш күтөм
#1 29 Май 2018 - 06:26
Теманын акырында сиздерден туура кенеш сурайм.Мага ката кетирбегенге жардам бергилечи... .
Жомоктогудай жашоомду бир заматта өзгөрткөн,азыркы учурдагы башымдагы проблеманы айткым келет.
Жолдошум экөөбүз 3 жыл сүйлөшуп,сүйүшүп жүрүп баш кошконбузга 20 жылга чукулдады.Ортобуз сый...бири бирибизди жакшы көрөөрүбүздү баары билип,идеальная пара деп баары суктанышчу.
Мен аны сүйгөндүктөн жана ишенгендиктен эч качан кызганып көрбөгөм.Ал түз жүргөн,так,түз сүйлөгөн,бир мүнөз жакшы адам.Ушуга чейин күнүгө сүйөм деген сөздөрдү айтышып,кучакташып жатчубуз.Ал болсо өтө кызганчаак. Акча ,оокат үчүн эмес ,только анын жөнү жок кызганганынан улам уруш чыкчу.Мени ак жеримден эле ар ким менен жүрдүртүп,жаткырып айламды кетирет.Достор болуп чогуу отурганда,сенин күйөөн түз...колунан тартсак да тескери жолго баспайт деп кеп кылышчу.А мен болсо ошондой деп сыймыктанчумун. Эгер чын эле башканы сүйсө кете берсин..бактылуу болсун..мен сени кармабайм деп айтчумун.Ал болсо сен мени такыр кызганбайсын. ..менин сага керегим жокпу дечу...
Адам 40тан ашканда өзгөрөбү же көбөбү билбейм,акыркы 3 айда өзгөргөнү даана билинди.Негедир мамилеси муздак.төшөк мамилеси таптакыр унутулду,кучактап жатмак турбай колун да тийгизбейт, жуурканды ортосунан кымтылап алат.Ары карап жатат,мени менен иши жок,балдарынын кем карчын толуктап,акча берет и болду...Өзү кичинекей ишканада 6 адамды иштетет.Акчасы бар.Алардын арасынан эн жашын алаарда,жумушту өзүм үйрөтүп...тын экен деп 20дан өтүп калган келинди жумушка алганбыз.Жолдошу экөө жаш семья болуп,ата-энеси жок жаш балага турмушка чыгып,2 кызын өзүнүн ата-энесине бактырат экен. Кийинчерээк жумушуна барсам,баякы мен айткан тын келин күйөөмдүн соткасын алып,сериал көрүп отурат.Күйөөм болсо күнүгө 200 сомго ед.салат.Анан жиним келип күйөөм менен,эзели мага бербеген сотканы эмнеге ага карматасын деп урушчу болдук.Ал болсо ой.жөн эле сураган деп актанат.Кийинчэрээк ал кыз өзүнүн номерин скрытый кылып,алып күйөөмө чалганы көбөйө баштады.Сотканы мен алсам ,унчукпай коюп коет.Мен күнүго күйөөмө аз чалсам ,ал номер менден көп чалат.Күнү чалат..Туну чалат...Бир күнү ..эй ,мен сен экенинди билем да.Өзүн күйөөн ,балдарын туруп,не эле чаласын десем,эже мен жумуш тууралуу эле чалам.Сиз мен жөнүндө жаман ойлобонуз дейт . Күйөөм болсо аны жумуштан кетире албайм,анын ордуна ким иштейт,бул жумушту оной менен үйрөнө албайт,сен менин жумушчуларыма кыйын болуп,чон болбо дейт.Акыркы убакта жумушуна барып калсам да ичине кирбей,сыртынан эле кетем.Кандайсынар деп коебуз,бүттү башка нерсе сүйлөкей жок.Үйго жакшылык болгондо иштеген жериндегилер да келип чай ичип кетип турушат.Баякы кыз да келет.Арык,сулуу, боенгон ,тын тарсылдаган кыз.Ответти укмуш берет.Кой сыйымды кетирбейин деп унчукпай жашап келем.Бирок ал кызды жек көрөм.
Өзүм болсо карапайым үй кожойкеси.Турмушта чынчылдыкты, ишенимди өйдө коем.Ажылдап, урушкум келбейт.Сен түшүнбөгөндөн кийин ,сага корогон кайран сөзум деп,сүйлөбөй, унчукпай, ичимден өзүмчө дүйнө түзүп алып жүрө берем
Мындан 4-5 ай мурда тиги кыз вотсаптан жазыптыр мага...Боюмда бар экен,алдыртсамбы билбейт.Күйөөм жумуш таппайт,жатат, кыйналып кеттим деп.Анан эле күйөөсү Бишкекке стройкада иштеп атат деп угуп калдым.Аябай жоош бала. 2 кызын ата-энесине берип коюп баякы кыз квартирада жалгыз жашайт.Кызганычтын айынан сураштырып атып,ал кыз кайда жашаарын билип алдым Андан бери 5айдай убакыт өтуп,баары унутулгандай болгон.
Анан менде проблема башталды.Соода сатык кылам деп,колуман келбей өтө эле чон сумма карызга батып калдым.Күйөөмдөн коркуп,биринен алып ,бирине берип атып,кашаны чалып,аргам калбай калганда күйөөм ,анын бир туугандары, меники бүт билип,уят эле болдум.Кечиргиле деп ыйлап...туруп бердим.Өлөйүн десем жан таттуу экен.Балдарым үчүн баарына чыдайм.Мени не дешсе да унчукпай көтөрөм дедим.Күйөөм болсо стресске тушту,жек көрдү,бирок акырында аман болсок кутулаарбыз, сарсанаа болбо мен турбаймынбы деп,ого бетер,жанталашып иштеп акча таап менин карыздарымды төгө баштады.Ата- энем билбейт,берээрге эчтекелери деле жок,атам давление,апам жүрөк оорусу менен ооруйт деп эчнерсемди билгизбейм. Алар үчүн мен турмуш орду түптөлгөн,жакшы кыз ,жакшы күйөө балабыз.
Менин карызым билингенге 3 ай өтту.Анын-менин бир туугандарым, болгон акчаларын берип,жардам кылышты.Күйөөмө кечирип кой,ушундан кутулта көр.Мен сага кара жумушчу күч болуп берейин деп ыйлап жалынгам.Бул жашоодо мага жалгыз гана күйөөм түтот экен.Аябай нерв болду,стресс болду,үшкүрүнүп эле отуруп калды.Мынча сумманы угуш ал үчүн түшкө кирбес нерсе эле.Себеби өзу карыз албаган,бербеген так адам болчу.Укканда сенден муну күтпөгөн,дүйнөдөгу эн честная деген сен болсон деп аябай нааразы болду.Койнумда аял эмес эле анаконда жаткан турбайбы деп...Бир жаман сөз укпаган жаным,башымды шылкыйтып анын мени жек көргөн сөздөрун угууга,заар чачкан көздөрүн көрүүгө туура келди.Анда санда коноктон ичкен жаны, ичкени көбөйө баштады,үйгө түнөбөйт.Машинасына плед салып алган.Үйгө түнөбөгөну көбөйдү,сурасам. ..жиним келип,стресс болуп ичтим.ГАИ кармабасын деп машинада жатам дейт.Мен күнөөлүдөй унчукпайм.Суроо берсем,эмне болду,ишин канча ,сен мага суйлөгөнгө укуксузсун дейт.Балдар үчүн баарына чыдашым керек дейм.Кээде Бишкекке баарын тыштап кетип калгым келет.Ушул убакта күйөөм баш аягы 1 айдай үйгө түнөгөн жок.Өмүрү бөлүнбөгөн экөөбүз уктабай жалгыз жатам.Телефонун өчүрүп салат же албайт.Акыркы убакта негедир соткасын мыкчып кармап,эч кимди тийгизбей жолотпой калганын байкадым.Үйгө кирсем эле сотка менен сүйлөшуп,смс жазышканын байкасам да байкамаксан болуп унчукпайм.1 жума мурда ал уктап жатканда соткасын текшерип кирсем,10 дон кийин баякы кыздын номери...атын жазбайт..только номер...Ал номерди мен да жатка билем.Өзумду күнөөлөп,байкуш күйөөм мен үчүн түн ичинде кетип,эртен мененкиге ишти эрте даярдап атат деп ойлоп жүргөн жаным негедир мунусунда шектенүү жаратты.Анын сим касы мага катталгандыктан ошкага барып мага 3 күндүн ичиндеги чалууларды чыгартып алдым да көргөн көзүмө ишене албай турдум.3 күндүн ичинле 82 жолу чалуу,. смс.Күйөөм көп чалат экен.1604 секунд сүйлөшулду дегенде укканда чалкаман кеттим.Демейде ооба,жок менен чектелген сүйлөбөгөн күйөөм анын жанында булбул болуп калган го...Эмнеси болсо да азыр ызы-чуу чыгарбай,дагы байкамай болдум.Корсулдаган күйөөм саат 12лерде түнкү сменге кетет...мен чарчадым ...күнүгө түнкү саат 3тө турам..Сенин карызындан кутулалы дейт.Мага мас болуп айтты:Баары бүткөндө мен сенден балдарды алып алып кетем деп,синдиме болсо карызынан кутулткандан кийин ажырашам..эженер ушундай иш кылды деп смс жазыптыр .Эми масчылыгы менен жазгандыр деп жүргөм.
Аны түндөсу 10до,кээде 12де жакшы бар деп узатып коюп..андымай болдум.Ал кетээри менен такси чакыртып ,тундө жумушуна бардым.Барсам жумуш бек.Жумушчуларынан аста сурамжыласам. ..күйөөн өмүрү түнкү сменге келбейт...дайыма танкы 5терде жумушка келет дешти.Менин күйөөм бирөө менен жатат-турат, ойнош күтөт деп өмүрү оюма,түшүмө кирмек эмес.Мен ага ушунча ишенчүмун.Байкатпай андымайым уланды.Жаны машина алганда агыш,боз түстогу полотенце салып койгом машинасына. Карасам эле ал кирдеп калгам...байкасам пудра суйкөлгөндөй. ..анан жатканда аарчылгандай агала-сагала. ..Бул эмне десем,балыкка барганда булганат да деп койду...Мурдагуну да үйгө конок келген анын бир туугандары. Тункү 11 болуп калганда батаны күтпөй мен кечигем...жумушка барып эрте эс алышым керек,түнкү үчтө турам деп характерин көргөзүп...жумушка шашып кетти.Баары кеткенде ,балдарды уктатып коюп жумушуна барсам...эшик бек..Таксини тиги кыз жашаган үйгө айдатып бардым..бирок машинасы көрунбөгөндөн кийин докозательство жок кайра келдим ...таксиде билгизбей күтүп турсам баякы характерин көргөзуп шашкан күйөөм танкы 5те жумушка келди...Жумушуна күндүз барсам..кандайсыз деп тиги кыз жүрөт...эчтекесин билдирбейт. Мүмкүн мен кызганычтан ичим өрттөнуп жатабы дейм.Кечээ түнү да ал кеткенден кийин да такси айдатып жумушка барсам жок, кайра тиги кыздын үйүнө келсем күйөөмдүн машинасы турат.Көргөн көзумо ишене албай турдум.Не кылсам...эшикке чык десемби...жаткан жеринен кармап алсамбы,бирок күйөөм тигинин көзунчө мени баса калып,тур жогол дейби деп...
#2 29 Май 2018 - 06:51
3)вариант .Баарын
#3 29 Май 2018 - 06:56
Ата-энесине барып айтсамбы?
Күйөөсунө чалсамбы?Аялын ойнош күтүп алган деп
Күто туруп,күйөөмө дагы шанс берсемби
Же дайнымды билдирбей таптырбай таарынып,үйдон чыгып кетсемби?
Же күйөөмдү үйгө киргизбей коюп,ажырашам деймби?
Же кызга чалсамбы?
Же баарын кечирип,эч кимге билдирбей зымпыйып,элге- журтка сөз болбой ушу жашоомду уланта беремби?
Же элдин баарына айтып шермендесин чыгарсамбы?
Кыскасы менин 18 жылдык жомоктогудай жашоом бир көз ирмемде урап тушуп,тозокко айланды...Журөгум баары бүтө элек,дагы далай сюрприздер алдыда дегенсийт.Бир күнү боюндагы 6 айлык бала күйөөсунөн эмес меники деп айтат го....деп шектенуу жаратат..Чындыгын каяктан билем.?Кандай кылсам туура болот.Сабырдын тубу сары алтын болобу...баары бир айланып жүрүп аэропортко конот дешет.Менин ага болгон сезимим тонуп муз болуп калбаса экен деп корком...Аягы...
Билдирүүнү түзөткөн: tannuru1503: 29 Май 2018 - 07:44
#4 29 Май 2018 - 07:10
Анан калса сенин да куноон бар. Суйушуп куйушкон жолдошун менен кенешпей иш баштап, банкрот болуп, ал аздай ар кимден карыз алып отуруп карыздарды 2-3 жселеп кобойтуп жиберип куйооно толошуп кой десен... Ким да болсо нерв болот, конулу сууйт аялынын акмактыгынан. ..
Билдирүүнү түзөткөн: fantomas: 29 Май 2018 - 07:18
#5 29 Май 2018 - 07:34
Билдирүүнү түзөткөн: tannuru1503: 29 Май 2018 - 07:55
#6 29 Май 2018 - 08:21
Куйоонузго "кечирдим сени" деп, чын журоктон кечирип, аны жумушка, жашоого шыктандырыныз. Мындай кыла албасаныз, озунуз жазгандай куйоонуз сиздин таманынызды ооп атканын элестете бериниз, чындап болгондой элестетсениз, кечиресиз. Анда да болбосо, сыртыныздан кечиргендей озунузду алып журунуз, ичинизден алгач кыйналасыз, бирок жашоонуз жакшы жакка жыла баштайт, карызды оной кутуласыздар, балдарыныздар менен чогуу, бактылуу жашоо, ден-соолугунуз жайында. А ойношу менен болгонун унута албайм деп озунузду жей бербениз. Унута албай турган нерсе жок жашоодо, мээни мусордон тазалап, жакшы жашоодо жашаса болот, ден-соолук учун.
Бул менин жеке оюм.
#7 29 Май 2018 - 09:21
#8 29 Май 2018 - 09:35
fantomas (29 Май 2018 - 07:10) жазган:
Анан калса сенин да куноон бар. Суйушуп куйушкон жолдошун менен кенешпей иш баштап, банкрот болуп, ал аздай ар кимден карыз алып отуруп карыздарды 2-3 жселеп кобойтуп жиберип куйооно толошуп кой десен... Ким да болсо нерв болот, конулу сууйт аялынын акмактыгынан. ..
Сен баласы менен тең экенсиң, сенсиребей кеңеш бербейле кой!
Т.боюнча,эже сабыр кылың баары жакшы болот.
#9 29 Май 2018 - 09:54
#10 29 Май 2018 - 10:31
ilgizk (29 Май 2018 - 09:35) жазган:
Т.боюнча,эже сабыр кылың баары жакшы болот.
Балким баласы эмес, атасы менен тен чыгаармын, сен кайдан билдин?!! Же форумчулар никте туура жашын жазат деп ойлодунбу?! ! 1945 же 1900-чу жылкы форумчулар да журот го андай болсо... Сен оз жолун менен кете бер, иничек!! !
#11 29 Май 2018 - 11:32
#12 29 Май 2018 - 12:29
#13 29 Май 2018 - 13:03
#14 29 Май 2018 - 13:41
Балдары учун экоо тен кечиришип , мурдагыдай жашоого аракет кылып жашап кала бериш керек.
Откон кун унутулбаганы менен жашоонун жаны барактары ачылган сайын артта кала берет. Кайра ал барактарды окубай картты сыйрып.
#15 29 Май 2018 - 13:45
Жеке оюм
#16 29 Май 2018 - 14:01
- Адам ачууланганда кобунчо туура эмес чечим чыгарып салат, ошондуктан эч ачууга алдырбаныз. ..
- Сиз мноолоруду туура эмес жасапсыз десем эле кайра ордуна келип калбайт сиздин туура эмес чыгарган чечимдериниз(туура эмес экенин озунуз деле билсениз керек).
- Майда барат нерселерде деле ачууланып чыгарган чечимиме дайыма окунуп калам анан озуму алаксытам бул деген тагдырдын жазганы качып кайда бармак элем Аллахым эмнени тагдырыма жазсам корушум керек деп)) ) Бирок ошол эле учурда тагдырга жазганды коромун деп олтуруп албай дайыма туура чечим чыгарууга туура жолдо журууго аракет кылам. Сиз мен туура эмес кылдым .. каап карыз албай эле койбой деп озунузду кыйнай бербениз болоор иш болуптур балдарыныз чон болсо озунуз иштениз ишке алаксыйсыз, озунузду карап, озунузду кубантып мыкты тамактарды жасап -озунузго, кызыктуу китептерди окуп куйоонузду менен ал кызды ойлобоого аракет кылыныз. Куйоонузго дайыма жакшы суйлонуз эч нерсе болбогондой журо бериниз. Убакыт отот ал келин эч качан куйоонуз менен тублуктуу жашап кетпейт! Акчасына кызгып эле журот озунун айдай балдары менен куйоосун ойлобогон сиздин куйоонузду деле жарытпайт эч ойлонбонуз куйоонуз озу эле уялып келет алдынызга. Сиз урушпай жакшы суйлоп мен куноолуумун жаным кечирчи сен болбосон кантем ушу сенден сурасам мындай болмок эмес менин акылдуум го сени менен сыймыктанам сен мен учун идельныйсын, дуйнодо бир эле штуксун ))) деп жакшы суйлой бериниз озу уялат кылган ишинен. Эгер ушунча жакшы суйлосонуз да суйуп мериминизди тогуп турсаныз да кайтпаса анда кубаныныз Алла Талаа сизге куйоонуздон да сонун башка бироону буйурат 40тан ашсаныз жап жаш экенсиз 45тен деле ашып бактылуу болсонуз болот.
#17 29 Май 2018 - 14:26
Жаштар айтат ар нерсени чатак иштин араксы барып ажырашуу болот.ошону бир бил.Чатак салба жузу жок эркек болсо ошончо адамдын козунчо аны суйдум десе ошондо жети омурун жерге кирет.Жакшысы чыр чыгарба.Озуно баш бербеген эркек ата эне бир туугандарын деле укпайт.Жакшысы кетсен кетерсин балдар оз кунун корот,мага озу Аллахым жардам берет,жерде калбасмын.Келсен уйун уй,жайын жай балдарына жакшы ата болосун мен балдарым учун жашайм да деп озунду озун тарбиялап кайдыгер карагансып тур.Суйгонунду ,куйгонунду билгизбе.Мин жалынсан да кетер эркекти кармай албайсын,балдар менен да ошон учун кайдыгер болгонсуп тур.Конулун орутар соз айтпа.намысына тийер суйлобо.Болор соз айт болбогон дейди соз конулун кана иренжитет.Кетем десе кармаба,калам десе кет дебе.Озу бир чечимге келсин.Канчалык жабышкан сайын эркек качат.Аркандап озуно карата албайсын.Кетерине да таяр бол бир айтарым кетем деп торт тошогунду которуп торкунго жонобо.Сен кечээ келген келин эмесин.Ошол босогодон карыганда соогун чыксын.Кетсе озу кетсин.Анан ат казыгын айланып табат болор ...
Кетсе сен балдарынды багып кайын журту колго алып,тарсылдап ишинди кылып журо бер.Тирик болгонду Аллахым курук койбойт.Аракет кылсан берекети болот кызым.
Анан дагы бир айтарым шашылып ажырашам дей корбо же коркутам деп акыры сенг эрге тийбейсин го.Озу келип загс кырктырам десе айла жок.Дегеле мин эркек жакшы болсо да озу бергиси келбесе алименти деле жарытпайт.Андан коро Аллахым берерин унутпасын озун тапкан акча берекелу болот,берекеси ичинде...
Дагы бир айтарым босогондон атай корбо кызым ошол босогодо таштай кат,ошол эшикете суудай син калганын турмуш корсотот.Балдарынды ая...Чымчыктын да уясы бузулбасын .Бузулган уяда тугонбос арман болот,аттини коп болот.Ошон учун кызым сабырдуу бол.
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 29 Май 2018 - 14:29
#18 29 Май 2018 - 15:01
#19 29 Май 2018 - 15:55
Ойношунун устуно киргизбей токтотсо уят бар.Сени мн жашайм деп келиптир....бул нерселер шанс эмеспи.
Ал аял жаш,ишинде коп убактысы ал мн чогуу,ал аялда бала жок болсо (кыздары энесинде) куйооно кооп убакыт боло алат.
Жаштын иши жаш,наглый болушат, дерзкая энергия башка жаштардын жанында.
Сизде болсо кооп жылдык аялдык орун,балдардын энеси.
Сабыр,эн жок дегендер карыздан кутултуу,балдарды туптоого финансы жолун ойлоп немисче Бетти сыйрып кармап турун
#20 29 Май 2018 - 16:12
- (7 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »