Мурза акага Жапония тууралуу суроо берсең, бүттү, буудай ыраңына кан жүгүрүп токтобойт эле: ак бубактуу Фудзияма, Күн Чыгыш өлкөсүнүн эски ордосу Киото, самурайлар, сакуранын гүлдөрү, ракша, сака, бийикке чыккан кууш таш жолчолор, андагы чырак кармаган адамдар, күңүрт турмушту көрсөткөн киносу, куурчак оюндары, жалгыз адам ойногон салттуу театры… ошентип кете берет, кете берет, айта берет, айта берет. Сааттап, күндөп, айлап токтобойт.
-Мурза ака, Сиз Японияда канча жолу, кай жерлеринде болдуңуз? – деп сурап коём.
- Жол түшө элек, бара элекмин үка, Кеңеш досум барган, — деп коёт ал да айыптуудай.
Түш сатуучу
Өмүр күзүнүн кайсыл бир жылдары ал кайсыл бир гезиттен түшүн сатып жүргөн жапон кишиси тууралуу жомок окугандыгын, аны орус тилине Маркова деген аял которгондугун, ошол китеп жүдаа керек экендигин жолуккан сайын айта берчү. Кийин зайыбы экөө ал китепти түк эч жерден таппай, акыры маркум болгон Маркованын кызын сүрүштүрүп, ага телефон чалат. Кызы болсо сөзсүз жардам берерин айтып, анан бир нече күндөн соң деги эле апасы андан китеп которбогондугун, деги эле андай жомок жапондордо болгон-болбогонун өзүнө жакын кишилер билбегендигин телефондо билдириптир.
Андай болсо Мурза ака эмне, түш сатуучуну түшүндө көрдүбү дейсиң?..
Деги эле ал бир топ чыгармаларынын идеяларын, каармандарын түшүнөн тапчу окшойт дейсиң…
Дегустатор
Мурза ака сүрөтчүлөр менен өзгөчө жакын болчу. Сүрөттү профессионалдуу талдай турган.
Бир жолу ошондой эки таланттуу сүрөтчү Жамбыл Жумабаев менен Абдусалам Абдурахманов «Орто-Сай» базарында колдо жасалган винолоруна ишенбей иче албай турушат. «Сен башта», «мен башта» болуп, ууланып калбайлы деп коркуп турганда чеберканаларына Мурза Гапаров кирип калат. «Кудай берди» дешип, астына винодон куюп акырын жылдырып коюшат. Мурза ака сүйлөй берет, сүйлөй берет, винодон акырын уурттап иче берет, иче берет, тигилер улам толтуруп коё берет. Арадан бир нече саат өтүп кетеби, Мурза ака жыргап, тамылжып отура берет, анан экөө бири-бирине ымдап, «куй, өлбөдү» деп иче башташат.
Ушундай садда киши эле Мурза ака.
Мурза аке, же Мурза ака кантип Мурзаке болуп калды?
Кыргыздарда бир гана киши, балким дүйнөдө жалгыз гана киши ушинтип калгандыр. Өз аты Мурза. А элдин баары аны түштүкчөсүнөн (ай, бир тамганын азабы, ай) деп жүрүп журналисттер Мурзаке, Мурзака деп аташып, ушундай жазышып, акыры ушинтип кетти. Көбү бул кишинин чын аты Мурзаке окшойт деп ойлошот. Андыктан да мен да анысын да, мунусун да колдоно бердим…
Мааракесиз маанай
Акын Сүйөркул Тургунбаев алтымыш жылдыгын өткөрөт элем деп таза түйшүк тартты, чоңдорго кайра-кайра каттар жазды, анан эле сааты чыкпай улам артка сүйрөлөт.
Анан бир күн Мурза ака айтат: — Сүйөркул эмне кыйналат, Ала-Тоодой эт тартып, дежур калпактардан кийгиси келип атабы, мен дале алтымыш жылдыгымды өткөргөн жокмун, өлбөй эле жүрөм…
Өлгүм келет…
Мурза ака соңку жылдарда эгемен Кыргызстандагы таланттардын тебеленип,талантсыздардын бааланганына ичи чыкчу эмес. Биздин кимге керегибиз бар дечү…Көзүндө арман турчу. Балким «Өлгүм келет, спонсор керек» деген пьесасы ошондон улам жаралды го деп ойлойм.
Сырдуу сүрөт
14-июнда Мурза акани акырет жайга узаттык. Узатуу зыйнатында сөз алган Төлөгөн Касымбеков да, Кеңеш Жусупов да сүйлөп атып, ыйлап жатты. Келгендердин көбү ыйлашты. Мурза аканин тик караган сүрөтү гана ыйлаган жок, адамдарга таң кала «Эй, имнеле болуп атасыңар» дегендей тигиле тиктеп турду.
Топурак сала албаган достор
Мурза аканин Москвадан тапкан достору көп эле, өзгөчө кино драматургия жана жазуучулук жагында. Эски СССРде. Устаты кадимки «Жоро» фильмин тарткан Семен Григорьевич Нагорный. Курсташтары, же бир курс ары-бери окугандары Рүстөм Ибрагимбеков, Андрей Битов, Грант Матевосян, Анатолий Ким, Тимур Пулат, Тимур Зулфукаров, Эльдар Радзинский, Кубат Жусубалиев… Азыркы заманда алар досуна топурак салат элек деп кайдан келе алмак эле. Алайдын Кердегейинен жан досу Кубат ака Жусубалиев да келе албады, чамасы…
Шуайип Каракаштын сөзү
Аза күтүү кезинде түрк аалымы, «Манас» университетинин профессору Мурза акенин дээрлик көп чыгрмалары түрк тилине которулгандыгын, мына-мына китеби чыгат деп турганда минтип ошол китепти көрбөй кете бергенин арман кыла айтты…
Гапкана гап ээсин жоктойт
Чын эле Мурза ака узун сөздүн, кыска чыгармалардын чебери эле. Оозеки сөзгө уста эле, элестүү кылып айтат эле, сүйлөп бараткан түз жолунан чыгып, башка темага түшүп кетет эле.
Алым Токтомушев менен акыркы жылдары «Асаба»-«Агымда» сүйлөшүүлөрү эл тарабынан ушунчалык кызыгуу менен кабыл алынгандыгы кыргыз маданиятына жаңы форманын, жаңы жанрдын киришинде гана эмес, Мурза аканин тээ балалыгын төкпөй-чачпай кинодогудай кылып айтып бергендигинде да эле. Түштүктүн турмушунал кишинин ошол газеттик баянынчалык эч кимден окуган эмес экем. Жыргап окучумун, унут калган бала чакка – Ноокатка барып келгендей болчумун.
Мурза ака башка эч нерсе жазбаган күндө да ошол гапканасындагы гаптары менен өзүнүн маданиятын, сүрөткерлигин, гуманисттигин жаамы журтка көрсөтө алды. Ошол шаар четиндеги бир дүкөнчөнүн эски үстөлдөрүн эшикке чыгарып бергенине ыраазы боло кечке отуруп эки таланттын баарлашуусун «Жаңы Ала-Тоодон» азыр кайра окуп кыргыз классикасынан дагы бир жолу даам таттым, ашкере чаңкоом дагы бир жолу канды…
Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 25 Июль 2014 - 18:32