Бейшебай Усубалиев:" Шакардай кайнаган бук менен өтүп кетебизби деп корком"

- Көптөн бери гезит беттеринен сизди жолуктура албадым. Абалыңыз кандай? Чыгармачылыгыңыз кандай?
- Башынан эле өзүм көп чыга бербейм. Ойлоп көрсөм мурункуга караганда көркөм чыгармачылыкта азыр көбүрөөк чыккандай болуп жатам. Ал эми илимдин өз жолу бар. Чыгармачылык токтоп калган жок. Албетте жаш өйдөлөгөн сайын ар кандай кырдаалдар таасир эте баштайт экен. Илимди жалгыз өзүң отуруп алып жазбайсың. Жаныңда аспиранттарың болот. Алардыкын окуп жүрүшүң керек. Ушунун баары убакытты алат. Кээде жалаң бир беткей ойлонууну эңсейм. Сагынам. Кээде илимди таштап жалаң чыгармачылык менен кетсемби деген ойго келем. Бел байлап баарын жыйыштырып туруп чыгармачылык менен кетсемби дедим эле, бирок дагы деле илимди таштай албайм. Эрким жетпейт. Бул үчүн да эрдик керекпи деп ойлойм. Көркөм чыгармачылыкка өтүп кетсең эле кайрадан илимди сагына баштайсың. Түшүнгөн адамга илимдеги чыгармачылык өзүнчө бир керемет. Көркөм чыгармачылыктан да өтүп кетет. Илимий чыгармачылыкта жылт эткен жаңылыкты сезесиң. Көркөм чыгармачылыктан байкабайсың. Бирок мен кагаз, калем кармап отуруп алып жазбасам да мээмде жазыла берет. Акырындан топтоло берет. Мээдеги жазылып калган нерсе кээде унутулуп кала электе деп жазганча шашасың. "Жираф" анан "Куткарбас" деген эки аңгеме жазып бүттүм жакында.
Илхамды жаныңды кыйнасаң келе берет деген да көз караш бар. Биз көбүнчө илхам келбей жатат деп жүрөбүз. Айрым учурда ошондой болот. Жазуучулук кызыктай нерсе. Кээде жаза турган учурда кантип жазбай коюуга шылтоо таппай, колуң калем кармагандан, кагаздан качат. Өзүңдү алаксытып, шылтоо таппай, атаңгөрү бүгүн бүтүп салат элем мындай болуп калбадыбы деп өзүңдү өзүң жооткоткон учурлар болот. Бир жылдын ичинде окурмандардын жүрөгүнө жетип турган кыргызча экиден-үчтөн аңгеме берип турсак деле бул чоң жетишкендик. Мен ушу окуя баяндаганда ошол окуя болуп өткөн жерди көрбөсөм таптакыр чыгармам бүтпөйт. Мындайча айтканда, көз образдары деп коет. Аны көрбөй жатсам деле билип эле турам, бирок негедир өзүм ыраазы боло бербейм. "Адрес" деген повестим улуу балам Мейкиндин балалык чагындагы окуяга байланыштуу да. Ошого Мейкин чоңойгондо деле ээрчитип алып ал окуя болгон жерге беш-алты ирет бардым. Жолдогулар, темир жолдон өткөнүбүз баягы бак-дарактар ошолордун баарын улам-улам өтүп жатып эстеп калам. Кайра эле элес жоголуп кетет. Ошентип кайта-кайта барып жатып жазылды.
- Өткөн жылы "Түн" аттуу китебиңиздин бетачары болуп белгилүү журналист Бейшенбек Бекешов "20 жылдан бери китептей китеп окуй элек элем. "Түндү" окуп китеп окугандай болдум" деп айтып калды. Азыр жеңил-желпи арыдан бери жазылган, саны бар, сапаты жок китептер, көркөм чыгармалар көбөйдү. Гезит беттеринде жеңил-желпи жазылган сериалдар жарык көрүүдө. Бул абалга кандай пикириңиз бар?
- Биринчиден, ичиң күйөт. Анткени жеңил-желпиге берилип кеткендигибиз. Бул адамды тез эле буруп коет экен. Адам тез бурулат экен. Атүгүл кийинки муунду жөн эле коелук, менин муунум дагы бурулуп кетет. Жеңил-желпи кинолор бар. Урушмай сыяктуу. Кыйын психологиялык оор тасмаларды көрсөң табитиң тартпагандай абалда болуп каласың. Табитти тез эле буруп коет экен. Бул абдан өкүнүчтүү. Бирок эл окуп жатат. Жазбагыла деп кантип айтабыз. Анда жылт эткен бир кызык окуялар бардыр. Бирок мен таңгалам. Л.Толстой, Ф.Достоевский, А.Чеховдорду окуп жатып мурунку окурмандардын деңгээли менен азыркы окурмандардын деңгээлин салыштырып көрөм. Биз эмне артка кеттикпи деп ойлоном. Баягы цензура, көзөмөл жетишпегенсийт. Көркөм чыгармаларга бир көзөмөл керек болуп турат. Болбосо биз олуттуу окурмандарыбызды, олуттуу бир муунду жоготуп алабыз. Бир муундун кетиши бул "Элүү жылда эл жаңы" дейт. Аны кайра жаңыртып, кайра ордуна алып келүү бул тирүүнүн тозогу. Жоготуу деген абдан оор. Ордун толтура албайсың. Жаман да болсо ордунда турганы жакшы. Кандай көзөмөл керек?
Бизде кудайга шүгүр илимдин докторлору, илимдин кандидаттары адабият боюнча шагырап жакшы эле чыгып жатат. Адабий көркөм чыгарма токтоп калды деп эч ким айта албайт. Нускасы аз болсо да "Жаңы Ала-Тоо" журналы чыгып жатат. Сериалдар уланып чыгып жатат. Бирок бир адабий сын жок. Кайда жанагы илимдин докторлору? Илимдин кандидаттары эмнени жасап жатышат? Алар деле адабий процесс менен чогуу жүрүүлөрү керек эле да. Булар мындай болуп жатат деп элге жеткирип, айтып туруу керек, адабият деле тазалоо да. Адабият боюнча мыкты чоң окумуштуу, адабий сын боюнча жакшы жетилип, килейген академияны башкарып Абдыганы Эркебаев турат. Омоктуу, окурмандардын бүйүрүн кызыта турган ойлор айтылса силер жарыялайсыңар да. Эмнегедир жазбай жатышат. Изилдөөлөр кайда? Сыны жок адабият жок сыяктанып калып жатпайбы. Адабияттын бир бөлүгүн сын түзүш керек.
- Азыркы учурда калемдештериңиз менен бул тууралуу баарлашасыздарбы?
- Биздин жазуучулук муунубуз бир кызыктай муун болуп калды. Жазуучу муун катары жетиле албай калдык. Алыскы аскаларга уча албай калдык. Жашап жүргөнсүйбүз, бирок жок сыяктуубуз. Бул эмне болгон заман, түбүң түшкөн дүйнө башың катат. Ошондуктанбы калемдештер биз өзүбүз да өзгөрүп кеттик. 2000-жыл менен 2013-жылдын ортосу эле далай кылымдын башын жутуп койгон сыяктуу. Эмне экенин билбейм. Же бүт дүйнөдө ушундай процесс болуп жатабы? Кандайдыр бир окчундоо, алыстоо деген психологиялык бир чек коюлду. Телефондон кээде Алым аке менен сүйлөшөм. Алдыман карпа-күрпө чыгып калса Мамат менен сүйлөшөм. Анан эзилишип адабият мындай болуп баратат деп сүйлөшкөн деле бир кишим жок. Эмне сүйлөшсөк деле баягы балакет баскан көр тириликти сүйлөшөбүз. Мен өзүм да баштабайм. Алар да баштабайт. Мен Шакеме жолуктум, экөөбүз жазуучулар үйүнөн аялдамага чейин чогуу келдик. Азыр сен сурасаң мен да таңгалып жатам. Адабият тууралуу сүйлөшпөптүрбүз. Эмне үчүн сүйлөшпөдүк, таңгалам. Же биз бүгүнкү кыргыз адабиятын окубайбыз. Кыргыздар бири-бириникин оңой менен окубайт. Айтматовдукун уялганыбыздан окучубуз. Мен улуулардан билгеним Мурза Гапаров окучу, Өскөн Даникеев, Кеңеш Жусупов, анан мен өмүрүмдө бир сүйлөшүп көрө элек Кубатбек Жусубалиев анда-санда окуп турганын маектеринен билчүмүн. Азыркылар бири-бирибизге пикир айтсак болмок. Жазуучулар өзүбүз кайдыгер болуп кеттик. Болбосо чыгып жаткан чыгармаларга пикир айтсак болот да...
- Ушундай кайдыгерликке жүрөгүңүз ооруйбу? Бук болосузбу?
- Бук болмок тургай ыйлагым келет. Мен илгерки учурду сагынам. "Элүү жылда эл жаңы" дейт. Мындан он жыл мурунку адамдарды көргүм келет. Он жыл мурдагы адамдарды сагынам. Он жыл мурдагы адамдардын жашоого, адабиятка болгон мамилесин көргүм келет. Бул бук шакардай кайнап турган учуру. Ушу бук менен жүрүп өтүп кетебизби деп корком. Ичте кайнаган канча нерселер бар. Канчалаган аңгемелер жазылбай турат. Таза кыпкыргызча аңгеме жазгым келип жүрөт. Айтматов каарманы Толгонай апанын образы менен бүтүндөй кыргыз аялдарынын көкүрөгүн аңтарып берди. Согуш, согуштан мурунку учурдагы энелердин образын жалпылаштырып ачып турат. Андан кийинки да энелер бар. Алиман кыргыздын чыныгы келини. Ушул сыяктуу таза кыргызча, кыргызча ой жүгүртүү менен эненин образын, бүгүнкү эненин жүзүн бергим келип жүрөт. Накта кыргыз тилинде ушундай образдарды жазгым келип жүрөт. Андай энелер бүгүн да бар да. Кандай сүйлөшөт, эмнени көрүшөт? Бүгүнкү Толгонайда эмне кеп бар? Алиманда эмне кеп, Жамийлада эмне кеп? Ошолорду айткым келет. Бул деле бук.
- Мурза Гапаровго арнап жакшы эскерүү жазганыңызды окуганым бар?
- Мурза байке чынында эле мырза болчу. Бул киши кыялданчу. Анан ал кыял экенин билчү, бирок турмушта болуп жаткан нерседей ишенчү. Дайым ошол мүнөзүн эстейм. Жөнөкөй, көтөрүлбөгөн адам болчу. Үтүрдү да ыйынып-ычкынып жатып койчу. Чыгарма жазганда ар бир тамгасына, тыбышына чейин көңүл бурчу. Мен драмаларын анча билбейм. Тойо билбейм. Аңгемелерин жакшы билем. Бир дагы жаман аңгеме жазган эмес. Балким жазгандыр. Бирок алардын бирин да жарыялаган эмес. "Айгүл гүлү" чыгармасын өзүнүн жүрөгүнөн сууруп берди. Гүлдү тоодон тербей эле жүрөгүнөн сууруп бергендей өзүнүн чыныгы күйүтү. Адамгерчилиги да таза болчу. Кыйтың-куйтуңду билчү эмес. Бу киши жерге, уруу-урууга бөлүүгө такыр эле аралашпаган өзгөчө жан эле. Кеңеш Жусупов, Өскөн Даникеев, Кубат Жусубалиев, биз көп элес албай жүргөн кыргызда бир мыкты жазуучу бар, ал Элүүбай Отунчиев, эстетикалык мектеп түзгөн адам эле. Жакшы чыгармалары бар эле. Ушу киши унутта калды. Сындын жоктугу ушу да. Орозбек Айтымбетов бар эле. Түштүк тарапта да ушундай эки-үч жакшы жазуучу бар. Бул кишилер сынга алынышы керек эле. Ушулардын жүзүн ача турган адабий изилдөөлөр жок.
"Түнкү таң же өлүм неге сулуу көрүнөт" аттуу эссеңиз жакынкы жылдарда басма сөз беттерине жарык көрдү. Өлүмдүн сулуу көрүнгөнү таңгалычтуу?
- Неге мен өлүмдү сулуу көрдүм чын эле кызыктай. Бул эссе акын Жумакан Тынымсеитова тууралуу да. Эже экөөбүз көп деле бет маңдай отуруп сүйлөшкөн жокпуз.Ушу эже мага бир керемет көрүнсө керек. Сулуулугу эмес. Бирок анча-мынча сепкил баскан жүзүнүн ар жагында бир элден бөлөкчө бир сулуу ыраң жаткандай, үнү да өзгөчө илбериңки, таасирдүү чыкчу. Ошо киши өтүп кеткен адам болгондон кийин өлүм менен өмүрдүн ортосундагы байланышты, ассоциацияны көрүп жазсам керек. Өзүңдүкүн чечмелөө оорураак да. Бөлөк бирөөнүкү болсо мен чечмелеп бермекмин. Өзүмдүкүн чечиш кыйын болуп калат. Эмне үчүн таң анан түн, жарык анан караңгы, өлүм анан сулуулук бири-бирине карама-каршылыктар. Мен бул чыгарманын темасын карама-каршылыктуу болсун, элге кызыктуу болсун деп койгон эмесмин. Капысынан кайдандыр-жайдандыр келген ой бүтүн чыгарманын өзөгүн айтып берген. Бул эссени отуруп, кыйналып жазган жокмун. Бир жазып баштаганда эле куюулушуп жазылган чыгарма. Ошондо өлүмдүн да жакшы жагы бар деп ойлосом керек.
- Эмнегедир өлүм тууралуу чыгармаларыңыз көп экен. Жана "Өлгөндөр неге түшкө киришет" аттуу чыгарма жазып жатам дедиңиз. "Көмгөндөр" аттуу чыгармаңыз бар...
- Чын эле бул темадагы чыгармаларым көп. Адамдын табияты ушундай болот окшобойбу. Өлгөндөр тууралуу көп жазыпмын. Чогуу иштегендерден да жалаң өлгөндөрдү жазыпмын. Жээнбай Мукамбаев, Алымов ж.б. Бул эмне болгон ички күңгүрөө же өлүмгө башкача караймынбы, өзүнө өлүм тартып турабы ушундай бир сыр болсо керек. "Акча", "Бука", "Түн" бул чыгармалардын баарынын акыры өлүм менен бүтөт. "Көмгөндөр" чылгый эле өлүм. Бүтүн эле бейит. "Көмгөндөр" чынын айтканда башынан аягына чейин болгон окуя. Жанымдагы кишилерди көрсөм Жээнбай Акимжан жүрөт. Өскөн байке, Үмөтовдор жүрөт. Бир үйдө жашап жүрүп каарманыбыздын үйүн таппай койгонубуз, батирлерден темселеп издегенибиз ошонун баары чындык. Аял кишилер ал жакка барбайт эми. Айрыкча бала кезде ким өлсө да бүтүндөй айыл, коңшу төрт-беш айылдан кишилер келип көмүшчү.Бир ирет бир адамды узатып жатканда, жаныбызга дагы бир өлүк коюлду. Беш-алты эле адам келиптир. Көзгө жаман көрүндү. Бир итти көмүп кеткендей эле болуп калды. Мындай көрүнүштөр көбөйүп баратат. Биз чоң нерседен ажырап баратабыз. Бүтүндөй бир ааламдан ажырап баратабыз. Барып топурак салып коюштун өзү канчалык нерсе, =н чыгарып туруштун өзү канчалык нерсе. Өлгөндөн кийин жылуу бойдон коюш керек деп жатышат. Биздин өзүбүздүн салтыбыз бар. Үч күн болгон бала-бакырасын, тууган-туушканын күтүш керек. Үч күндүн чоң философиясы бар. Кездешпегендердин баары кездешет. Маркумду эскеришет. Үчүлүгү, жетилиги, кыркылыгы азыркылар баарын аралаштырып эптеп эле өлүктөн оңой кутулгулары келип калды. Арбактар да ушу жагыбызды кечирбей жатабы деп ойлойм.
Жамиля НУРМАНБЕТОВА, "Жаңы Агым"
Билдирүүнү түзөткөн: admin_superstan: 23 Февраль 2015 - 11:04