(Драма, детектив, триллер)
-Бугун биздин кун урее! самокат менен шаар кыдырабыз, деп уйкудан жаны ойгонгон секелек ата энесинин болмосуно жугуруп кирип эле али тошоктон тура элек атасынын мойнунан кучактап жузунон алмак салмак суйуп жатты.
-албетте менин секелегимдин айтканы болот, деп кызын так которо керебетке ыргытып кытыгылап жыргап калышты ата бала.
Кече кечки тамакта отурушуп, коптон бери убакыт таппай кийинге жылдырып келе жаткан дем алыш кунун бугун бирге откоролу деп суйлошушкон бул уй булоо, кандай откоруу чечимин 8 жашар кызына коюп беришкен. Кызы туну менен ойлонуп эрте менен ушул акылды тапкан экен.
Жуунучу болмодон башына чачык оронуп чыга келген апасы да аларга кошулуп эркелешип жыргап жатышкан. Бул бактылуу кунду апасынын кол телефонуна келген конгуроо бузду. Алардан алысыраак барып суйлошуп келген Гулжандын жузу озгоруло тушкон эле, андан жооп кутуп карап калган жолдошу менен кызын карап куноолудой,
-жумуштан. Оор оорулу тушуптур тезинен барбасам болбойт, геморрагиялык инсульт дейт мээсине кан куюлуп кетиптир тезинен операция жасалыш керек.
Кызынын маанайы тушо тушконун коруп,
-кызым кечир сага берген созумдун устунон чыга албай турган коруном, бирок соз берем баары жакшы отсо бугунку кечти жомоктогудай откоробуз, деп чебелектеп кетти.
Аларды карап отурган Эркин да жубайына жардамдаша,
-албетте барышын керек, оорулууга жардам беруу учун ант ичкенсин. Биз кызым экообуз сенсиз деле кунду конулдуу откоробуз, кечки оюн сенден болот, ээ кызым ошондойбу деди кызынын чачын уйпалап.
Жаш бала эмеспи дароо эле конулу ачыла тушту, анан да озу апасына караганда атасына жакын оскон.
- Чындап эле сен мени менен самокат тээп шаар кыдырам деп турганына ишене албай турам, алдабайсын ээ ата.
-эмнеге болбосун, сен менин бар байлыгымсын, сенин жанында журуп элдерди суктандыргым келет, бах кандай бактылуу адам, жон эле журчу эле корсо ушундай перинин атасы тура деп кундун нуру алардын эмес менин жанымда баратканына коздору куюшсун.
Аргасы кетип турган учурда жардамга келген жолдошуна ыраазы боло экоонун жуздорунон суйуп,
- кечкиге кызыктуу суротторду кутом, деп тез кийинип жумушуна жоноп кетти Гулжан.
Атасы менен кызы эрте мененки нануштого жумуртка кууруп жешип бактылуу боло спорт кийимдерин кийинип даярданып жатышкан, ангыча Эркиндин телефону шынгырап калды. Кызына кечир дегендей эки ийинин куушура конгуроого жооп берип, оор ушкуруп бойрогун таянып туруп калды секелегине карап не дээрин билбей.
Самокаттын устундо турган кызы жерге тушуп уйдун айбанчасындагы тепкичке отура кетти.
-жумушундан ээ?
-кызым билесинби бир адам бар аны мен жакшы тааныйм, азыр ошол адамды кармап алышып жасабаган эле жоругу учун куноолоп жатышыптыр, барып бошотуп келбесем аны карангы жерге камап коюшат милиция байкелер, байкуш ал карангы жайда отура берип жадап калган... деп кызына тушундурууго аракет кылып жатты.
-ооба ата, апам адамдардын омурун сактайт сен алардын эркиндиги учун курошосун, эркиндик болбосо омурдун не кереги бар. Албетте барышын керек, мен уйдо отуруп турам, баары жакшы бутсо кечти конулдуу откоробуз.
Кичине деп жургон кызынын мындай акылдуу создорду суйлоп турганына тан кала, аны так которо айландырып,
-акылдуум менин, сага ким уйротту бул создорду деп опкулоп жатты.
-Апам, деп кыткылыктаган секелегин жерге тушуруп,
-сен короодо ойноп тур ээ мен бат эле келем, кийин экообуз самокат менен шаар кыдырабыз, сен чон кыз болуп калдын коркпойсун да ээ, деди анын боюна тен боло отура калып.
-ата кыжаалат болбо, мен биринчи жолу жалгыз калып жаткан жокмун.
Кызынын чачын уйпалап жузунон суйуп, кийип жургон спорт кийими боюнча эле унаага отуруп жоноп кетти. Кызыл аскер шаарчасынан биринчи май райондук ички иштер болум башкармалыгына жеткиче бир кыйла убакыт отуп кеткен, шаша ичкериге кирип тергоо болумундо сурак берип отурган тааныш жузду коруп баш ийкеп учурашкан болду да тергоочуго карай,
-саламатсызбы майор, эч кандай суроо жооп журо элек деп умут кылам, деди.
-саламатчылык кел Манасов. Дем алышка карабай ушундайлардын артынан жургондон чарчаган жоксунбу? -хы деп же мыскылдаганы же боору ооруганы белгисиз дем чыгарып койду тергоочу.
-сиздей эле абалдамын.
-аргасызмын де, ооба бизде башка айла жок. Бизде да катын бала чака болушу мумкун экени эч кимдин эсине келбесе керек. Жумуш эле тороп бергенде ошого эле уйлонуп алмакмын, деди майор жазууга даярданып калемин колуна алганча.
Байкуш мунун да жубайы кулагын жеп бутсо керек, Гулжан эмне дээр экен кызды жалгыз калтырып кеткенимди билсе, ал келгенче жетип барып калышым керек, деп ойлонуп кетти Эркин, ансыз да бизге конул болбой эле жумуштап калдын бир кун кочодо бизди коруп тааныбай калбасан эле болду ошол жумушундун айынан деп айтып жургон жубайын эстеп.
-анда эртелетели, бири бирибизди тушуно тургандай эле абалда экенбиз. Менин кардарым билсе керек эмне себептен экообуздун арыз арманыбызды угуп бул жерде отурууга мажбур экенин.
-кечинде жакынкы бактан 10 жаштагы наристе кыздын соогу табылды, сенин кардарындын бул ишке катышсыз экенин тактап коелу дегенбиз болгону ошол эле, бирок озун коруп тургандай бул адамга уйротуп буткон экенсин сенсиз "а" деп да айтпайм силерге деп жатат.
-туура кылат, сиздерден коркуш керек белгилуу а деген эле адамды "б" дедиресинер да, деп кулуп калды.
-ай Эркин ай, бизден коркпо мына ушулардан корк, тегеректе кандай гана журок титирете турган окуялар болуп жатат. Олгон наристени элестетип жатасынбы болгону 10 жашта, ким болсо да айбанча иш кылган. Байкушту олтуруп гана тим болбой, тумчуктуруп туруп кийин жансыз дене менен куурчакча ойногон. Ушунча жылдан бери канчалаган турлуу олукторду корбодум дейсин, ошентсе да ар дайым маркумдун денесине колум тийгенде биринчи жолу болуп жаткандай денем титиреп кетет, а бул жерде жон гана колун тийгизип эмес денени мычкылап ойногон.
-жолдош майор сиздин тынчсыздануунузду эн туура тушунуп турам, бирок бул жерде менин кардарымдын эмне тиешеси бар, маселеге отсок, деп шашылып жатканын биллире саатына карап койду Эркин кызынан тынчсыздана.
-сенде кыз барбы? А менде бар, бул окуядан кийин тынч уктай аламбы деп бушайманмын деген тергоочу,
Кызы тууралуу соз болгондо ачуусу келип, жузундогу тарамыштары туйуло тушкон жактоочуну карап ал созун токтотуп маселеге отту.
-белгилуу сенин кардарындын бул жагынан тажрыйбасы бар, сот окуму менен куноолу деп табылып деп келатканда, анын созун оозунан жулуп Алды Эркин.
-бирок ал куноосу учун толук жооп берип буткон, кийин сот окуму акыркы соз эмес анткени менин кардарым куноосун мойнуна албаган, балким коп жолкудай сот адашкандыр. Ошентсе да бир жолу жасалган кылмыш учун экинчи бети ачыла элек кылмышты бир адамга далилсиз жуктоп кою туурабы?
-мен али эч кандай куноо кое элекмин, тескерисинче болгон окуяга катышы жок экенин аныктап жатам.
-а эмне учун катышы бар деп ойлойсуз, себеби бир жолу соттолгон ишине окшоштугу болгону учунбу. Андай болсо менин кардарым абакта отурган маалда мындай окуя катталбаган чыгаар ээ? Жылына канча ирет жаш балдарды зордуктоо факты катталып анын канчасынын бети ачылат. Эмнеге андай кылмышка тиешеси барлардын баары бул жерге чакырылбай бир гана адамды шектуу деп таптыныздар? Мунун бир жуйоолуу себеби бар деп умуттоном, антпесе кызым менен откорчуу убактымды бул жайда откоруп жатканым адилеттуулукко жатпай калат, деп дагы бир ирет кол саатына карап койду.
-сен эмне учун тиешеси болбош керек деп ойлойсун.
-окунучко карай мыйзам сиз менен биздин оюбуздан куралбайт, фактылардан турат. Демек мыйзам боюнча биз актанууга тийиш эмеспиз, сиз фактыларга таянып куноо коюп корунуз биз ошого карап иш тутабыз.
Майордун так айтпай айландырып суйлоп жатканынан эле билген, анын колунда кардарын куноолой турган эч нерсе жок экенин, ошондуктан озуно ишенимде суйлоп отурбайбы.
Айткандай эле тергоочудо мандайында жашы кырк бештерге барып калган каштары узун болуп осуп кеткен орто бойлуу, коздору кулмундоп аяз атага окшоп отурган адамга карата эч нерсе жок эле. " Озу абактан жаны бошоп жумушсуз журсо шаардын белгилуу жактоочусун жалдаганга кайдан акча табат, тиги жактан да моонотунон мурда бошоп чыгыптыр, кантип?" деп ойлогончо ага карап,
-кече кечки саат жетиден онго чейинки аралыкта кайда болдун? Деди.
Ал жактоочуга карап калды эле, Эркин жооп бер дегендей баш ийкеп койду.
-оз уйумдо.
-Ким тастыктайт.
-мен жалгыз жашайм.
-демек маалыматты тастыктай албайсын.
-мен мындай болушун билгенимде уйумо видео козомол орнотуп коймокмун, тилекке каршы ал оюма келбептир.
Мындай ишенимдуу суйлоп жатканынын себеби жанындагы жактоочусунун дем алышы бирдей болуп, эч кыжаалатсыз отурганында эле, демек баары жайында, мени кармап отурууларына себеп жок деп беймараал болуп калган.
Узакка созулбаган суроо жооптон кийин Эркин кардары менен бирге ал суук жайдан чыгып, кол алыша учурашып ар Ким оз жолдоруна тушушкон. Жолдо бараткан Эркин маселененин оной чечилгенине суйунуп кызы менен Шаар кыдырыш учун шашып баратты, бирок эмнегедир журок согуусу бир калыпта эмес.
Билдирүүнү түзөткөн: Dimedra: 19 Сентябрь 2018 - 23:15