Жан дүйнө менен күрөшүү. Мени түшүнүү оор, жадагалса өзүмдү-өзүм түшүнө албайм. Оор тагдыр.
#43 06 Октябрь 2018 - 04:01
(уландысы 4)
Ошентип ал кезигишүү да болду, отуруп баарын сүйлөштүк. Ашыкча эч нерсе деле болгон жок, экөөбүз ошондон тартып көп убактыбызды чогуу өткөрө турган болдук. Достук деп айтуу да болбойт эле, экөөбүз көрүшпөсөк сүйлөшүп, жазышып, күндү кандай өткөргөнүбүздү, деги эле оюбузда эмне болсок ошонун баарын бөлүшчүбүз.
Бирок андан ары уланбады, тагыраагы мен жол берген жокмун. Болушунча ортодогу аралыкты сактап жаттым, абийирим жол бербеди.
Акыры 11-классты бүттүк, ар кайсы жолго, турмуштун башка-башка кемелери менен сапарыбызды уладык. Азыр кадимки эски классташ, эски достордой кабарлашып калабыз. Бирок баарыбир айтылбаган көп- көп сөздөр калды. Бир жазуучу айткандай түшүнүшпөй калуудан корком дегендей, биз да түшүнүшпөй калдык.
Мен борбор калаага келип, окуй баштадым. Дартым күндөн күнгө өсө баштады, күрөшүү да оор болду. Ата-энеме айта албадым, жакындарыма да, психологго кайрыла албадым, биздин коомчулуктан корктумбу, же уялдымбы айтор такыр чечиле албай койдум. Дин жаатында, рухий жардам керек деп, көп-көп китеп окуп, намаз окуп, мечитти калтырбай барып жаттым. Ар бир намаздан кийин тиленгеним ата-энемдин амандыгы, анан дартымдан айыгуу эле. Ал да жардам бербеди, бирок мен да жеңилбедим.
Ажыкелердин сабактарын, кеңештерин угуп, жан дүйнөмдү азыктандырдым. Бирок натыйжа болбоду, кийинки жашоомду, ал жакта боло турчу нерсенин баарын ойлоп, оюм онго, саным санга бөлүнө турчу болду.
Жараткандан көп сурачу болдум: «неге мындай, эмнеге мен?» -деп. Бирок жообун али күнгө чейин ала албай, кыйналып келем.
Акыры намазды да таштадым.
Кадимки адам катары сүйө албайм, мен деле бактылуу болгум келет, үй бүлө күтүп, балалуу болуп, бактылуу түтүн булатып жашаганга не жетсин?! Бирок мен кыздарды сүйө албайм, аларга карата менде жактыруу, убактылуу алдануу гана болот. Бирок андан ары уланбайт. Досторум менен отуруп, кыздар жөнүндө сүйлөшүп калсак, сыр алдырбай, кошулуп «бул кыз мындай экен, тигил кыз тигиндей» деп коём, башкача айтканда бет капчан жүрөм ар дайым. "Кээде маршруткадан бир көрүп эле сүйүп калдым",-деген досторумду укканда ушундай да кантип болсун деп таң калам.
Эгер мага бир мүмкүнчүлүк берилсе, ушул дартымдан айыгайын, катардагы адам болуп, бактылуу болуп жашагым келет демекмин. Бул туңгуюктан тажадым. Күн сайын мени улам тереңге соруп барат.
Бүт баарына кайыл болуп, кетип калайын дейм, бирок ата-энемди кыя албайм. Алардын үмүтү, мага болгон ишеничи гана кармап турат. Далай жолу жип кармап, ваннада ойго келбеген нерселерди кылгым келди, бирок дитим барбады. Өз жанын кыйгандардын деле дартын толук билберибизди ошондо түшүндүм, балким алар да мен менен бир кемеде болгондур? Эх, түшүнгөн, колдогон адамым болсо, антпесе бул ойлордун баарын өзүмө ката берип, тумчукмай болдум... Жакында дем жетпей калабы деп да ойлойм, ошондой болуп калса, мен жөнүндө жалаң жакшы гана эскерүүлөр калсын...
Былтыр дал ушул маалда, бир бала менен тааныштым, жолугуп, сейилдеп, бири-бирибизди көз караштарыбыздан эле эң сонун түшүнүп турдук. Сүйүүнүн күчүн, чындап ашык болуу кандай экенин ошондо алгач сездим. Ага чейин болгон сүйүүлөрүм болбогон эле нерсе болчу экен да, неге эле бат тажап кетем десе, мен ал кезде коомчулук эмне кылса ошону кылып, коомчулуктун жазылбаган эрежелери боюнча жашоого аракеттениптирмин. А бул махабат башкача болду, жуманын акырында кезикчүбүз, ага чейинки убакыт кылымга созулгандай сезилчү. Көчөдөн басып баратканда эч ким бизден шектенбейт, күмөн да санабайт эле. А биз болсо күндөн күнгө жакындай бердик. Мени окуумдан күтөт, анан шаардын четине басып барабыз, анын жанында убакыт зымылдап учуп өтчү эле, ошондо мезгилди көз ирмемге токтото билсек деп көп айтчубуз. Анын ишине барып, күткөн күндөр, али кечээги күндөй эсимде. Уккан музыкалар, дале аны эстетип, ага болгон сагынычымды улам күчөтөт.
Кыш жакындап калган, эң акыркы жолу Чыгыш 5 кичи районунан жолуктук, жамгыр жаңы эле жаап өтүп, жеңил жел желп этип жүзүбүздөн сылап өтүп жатты. Ал сөзүн баштады:
-Даниэл, бул нерсе мындай улана албайт, албетте экөөбүз эч нерсени токтото албайбыз, биз ушундай жаралганбыз, мен деле канча аракет кылдым, эч болбоду. Бирок, аша чаап кетпейли, баары бир башкалар кабыл ала албайт, күчөп кете элегинде эсибизге келели, өтө берилип кетпе, биздин өлкөдө мунун келечеги жок, акыры өзүн каалабаган нерсени кыласың. Ата-энебизди, туугандарыбызды ойлойлу, келечегиңди ойло, кечир мени, жашоомдо сендей адамды жолуктурганыма эч өкүнбөйм. Сагынам сени! Өзүңдү жакшы кара! - деп кол чатырын ачты да басып кетти...
«Кет!»-дей албадым, бирок «Калчы!»-дегим да келген жок. Селпейип көчөдө туруп калдым, мен үчүн күтүүсүз болду. Ошондо сынууну, ташталууну, сезимдердин тепселүүсүн сездим. Ал мени сүйүүнү, кыйналууну, жек көрүүнү үйрөттү. Бирок аны деле эң сонун түшүнүп турдум.
Кезиккенде : «Эң жакшысы биз бири-бирибизди билбей эле, тааныбай эле койсок болмок!»- деп айткым келет.
Ошол окуядан кийин аябай чүнчүп кеттим, сагындым чындап, ыйлаган күндөрүм болду, жакын сырдашым, ошол убакта менин бир гана таянычым - күндөлүгүм болду. Болгон нерсемди ага айтып берем. Аны менен баарлашам. Сабакты да көп калтырчу болдум, достор сурап калса, өзүмдү жаман сезип жатам деп коюп кутулам, андай болсо да көңүлүмдү көтөрүү менен убара, байкуштарым. Чын сырымды билишсе деле, ошондой мамиле кылышат беле билбейм, бирок ушул дартымдын айынан көп нерсе жоготком, жоготуп жатам. Күндөр өтө берди, Куандык Рахымдын - "Кош, Махаббат! " ырын тынбай укчумун, азыр ал ырды уксам кадимкидей ошол ирмемдер келет. Анан жумушка орношуп калдым, кичине өзүмдү жумуш менен алаксытып, көңүлүм көтөрүлүп, жакшы болуп калдым, кышында окуп-иштеп, "жакшы бала" болгонго аракет кылдым, сонун эле бала болдум..

Билдирүүнү түзөткөн: TheBlueBoy: 06 Октябрь 2018 - 04:12
#44 06 Октябрь 2018 - 04:02
Адамдар мага окшогондорду абдан жек көрүшөт, түшүнөм, бирок мен өзүм тандап алган жокмунда!
Жыргал дейсинерби,
даарылаганга да болбойт, элестетиңиз сизди эле даарылап туруп, мендей кылып койсо болобу? Болбойт!!
! Ошондой эле бул дарт да айыкпайт!
Айыкпарына көзүм жетти! Жана да бул абдан өкүнүчтүү...
Эгер адамды чындап сүйсөң унута албайт экенсиң, билбейм меники ушундай болду. Канча аракет кылсам да, эстен кетпейт. Көзгө илинген ар нерсе аны эстетип тургандай. Жан дүйнөдөгү боштук, сагыныч сезилип жатты.
Февралдын төртүнчү күнү. Түшкү тамактын камын көрүп жаткам, телефонум шыңгырап калды, карасам Смс билдирүү келиптир:«Салам, достошуп албайлыбы?».
Такыр мүмкүн эмес деп ойлогоном нерселерим, ошол катка жооп бергенден кийин башталды...

Билдирүүнү түзөткөн: TheBlueBoy: 06 Октябрь 2018 - 04:14
#46 06 Октябрь 2018 - 10:28
Эмм көчөдө бири бирине жакыныырак баып бараткан эки жигитти көрсөм да подозрение кылып жүрбөсөмле,
бул тема эстен чыкпай
#47 06 Октябрь 2018 - 18:16
10-класска чейин жакшынакай журуп эле кийин ушундай болуп кетсениз, бул дн тубаса эмессиз, дарылансаныз болот.
#48 10 Октябрь 2018 - 08:32
Канасын автор? Окуянды жазып баштаган сон аягына чыксан болмок..
#53 01 Ноябрь 2018 - 02:24
+++ улант. "Журок сырынан" бир жигиттер жазган окуя окусам деп журчумун. "Жаштык мастык" дегенди коруп суйунуп окуп баштасам окшошпой калыптыр. Эми муну баштасам... уланта бер ар кандай тагдыр болот да...
Жашоону жакшы жака бура билуу да адамдын оз колунда экен.
#54 01 Ноябрь 2018 - 11:41
Эмнесин улантсын эми? Акырындык менен коомго биротоло эле жайылтып жатат эрксиздер.
#55 06 Ноябрь 2018 - 16:26
#56 06 Ноябрь 2018 - 16:52
#57 06 Ноябрь 2018 - 17:00
Ошондо,бир жакшына жүрүп тиги бала өөп койсо эле көгүш болуп кеттиңизби?
#58 11 Ноябрь 2018 - 10:42