Каба уулу Кожомкул 1888-ж. Суусамыр өрөөнүндө туулган. Кыргыздын саяк уруусунан чыккан дүйнөлүк алп балбан. 47 жашында салмагы 164 кг. бою 1 м. 97 см (кээ маалыматта бою 2 метр 36 см, салмагы 208 кг болгон). 52-өлчөмдөгү өтүк кийген. Атасы Кошуна уулу Каба (болжолу 1827-1906-ж.) күчтүү балбан болгон. Кожомкул Жоо-Жүрөк жайлоосундагы арыкты бөгөгөн 1247 кг. ташты тээп жылдырган. Энеси Алмадай эр сайышка түшкөн белгилүү зайып болгон. Кожомкул 15 жашында дасыккан 45 жаштагы балбанды жыккан. өмүр бою күрөштө, эңиште эч кимге жеңилген эмес. Казак балбаны Балуан-Шолакты жыккан, казакка даңазасы тараган. Жаш кезинде салмагы 400 кг. өгүздү жаракадан сууруп алган. 22 жашында Суусамыр өрөөнүнүн Арамза төрүндө бийиктиги 1 метр 60 см, жоондугу 1 метр 89 см. ташты 100 метрдей аралыкка көтөрүп барып, жерге күч менен уруп киргизген.
Баракча 1 - 1
Кожомкул балбан Өмүр таржымалы, сүрөттөрү
#2 10 Ноябрь 2011 - 13:14
Эл аны азыр «Кожомкулдун ташы» деп аңыз кылат. Суусамырда Кожомкулдун мындай таштары Бөйрөк, Кең Суу, Жоо Жүрөк жайлоолорунда,
Кетмен Төбө өрөөнүндө бар. Чүйдөн Суусамырга баратып аты баспай калганда аны Төө Ашуудан (ашуудан) өзү көтөрүп өткөн. Дүйнөлүк алп жана коомдук ишмер Кожомкул Каба уулу 1955-ж. өлгөн. Анын күмбөзүн 1956-ж. Очобай уулу Исабек салган. Кожомкулдун 2 уул, 1 кызы болгон. 1962-ж. Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясы эркин күрөш боюнча Кожомкул атындагы байге белгилеген.
Ал байге үчүн жыл сайын эл аралык мелдеш өткөрүлөт. 1990-ж. «Каба уулу Кожомкул» деген документалдуу-
хроникалык фильм тартылган. Ал жөнүндө бир нече китеп чыккан. Ысымы Бишкектеги Спорт сарайына берилген. Суусамырда 1989-ж. анын атындагы музей ачылган.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#3 23 Ноябрь 2011 - 17:14
Атасы Каба атагы бир топ жерге жеткен балбан болгон. Ал баласынын ар бир кыймылын, келбетин байкап, анын балбандыгын арттырууга кеп-кенешин берип турган.
Кожомкул жаш кезинен эле аш-тойлордо откорулуучу эниш-курошко катыша баштайт. Кайсы бир тойдо куч сынашып коргусу келген мактанчаак бир байдын сунушуна макул болот. Койрон немени которо чаап аны эл алдында уят кылат. Ошондон тартып, ал баатыр, балбан атыга баштайт. Бай ага коп жолу асылып,ал тургай жаны тон, калтар тебетей кийгизип, он кой тартуу кылайын бир ирет жыгылып бер деп жалынат. Кожомкул мындай соодага барган жок. Анткени ал оз кучу менен "соода кылууну" ойлобогон карапайым адам эле.
Казак элинен чыккан далай балбандар менен да куч сынашып женишке жетишкен.
Суусамырдагы айыл советинин торагасы болгон. Минген атын желкесине артып ашуу ашкан деген уламыш эл арасында кенири тараган.
47 жашында Кожомкулдун бою 197см, салмагы 164 кг,манжаларынын узундугу 26 см болгон.

Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#4 14 Декабрь 2011 - 16:13
Кожомкул балбан
Кожомкул бир адам менен кермур айтышып калат. Ал адам өтө чыр мүнөздүү болгондуктан Кожомкул ага теңелбей атын бура тартып, бастырып кетет. Анда тигил чыр киши арданганынан турган адамдардын кой-ай дегенине болбостон байлануу турган атын минип, Кожомкулдун аркасынан чаап жетет. Атайылап чыгарып алган өзүнүн жез үзөңгүсү менен Кожомкулду төбөгө чаап өтөт. Ал адам дагы – “Кожомкулду жыга чааптыр” – деген атагым калсын деп ойлосо керек.
Жерге түшкөн тебетейин алыш үчүн Кожомкул атынан түшүп ылдый эңкейгенде үзөңгүнүн урчугу тийген куйкасы томуюп чыккан экен. Кожомкул башын сыйпалап:
- Жамандын жини да жаман, - деп кобурап, тебетейин баса кийип, атына минип бастырып кеткен экен.
Бул окуядан ар ким өз-өзүнчө жыйынтык чыгарса болот. Менин оюмча, Кожомкулдун денеси эле эмес, анын адамдыгы да алп болгон. Андай алп мүнөз, ошол учурдагы батыштын таасиринен таза замандын, өзүбүздүн кыргыз маданиятына сугарылган замандын, адамдын денеси менен парасаты ар тараптан канааттанган замандын туундусу болгон.

#6 13 Февраль 2016 - 03:15
Кожомкулдун атасы да атадан жалгыз болгон экен. Кожомкулдан да жалгыз эле уулу калыптыр. Жана аябай боорукер адам болгон дешет.
БААРЫ ЖАКШЫЛЫК УЧУН!!!
#8 24 Февраль 2016 - 22:07
#9 24 Февраль 2016 - 22:29
Дагы колунун ортону узундугу 22см,жоондугу 5 см болгон,ал бодонону кармай алчу эмес деп окугам.
#10 02 Март 2016 - 20:07
Разговоривать с полным ртом не красиво.
Но разговаривать с пустой головой еще хуже.
Но разговаривать с пустой головой еще хуже.
#11 01 Август 2016 - 09:32
Википедияда жургон айрым маалыматтар туура деп ойлойм бою 2 метр 36 см, салмагы 208 кг болгон.Тиги эки орустун ортосунда отуруп тушкон суроту (именно отуруп тушкон), орустар туруп тушкон Сибирге сургунго барып келген, эгер бою 191 см болгондо, тике туруп ошончо болмок. Уй которуп тушкон ал эмес деп ойлом, казак болсо керек. Бир казак балбаны менен жакшы мамиледе болгон. Ал казакстанга чакырып, керек болсо Иван Поддубный менен курошпойсунбу деген сунуш кылат. Бирок Кожомкул ал учурда 47 жашка келдим айылды, ким карайт, уй булону ким карайт деп баш тарткан экен. Ошол учур алп балбандардын греко-римский курошу менен машыгып Европаны кыдырып курошуп жургон учурларга туура келет. Орустун Георгий Лурих баш болгон бир катар балбандары , казактан Ажы Мукан алардын катарында болгон.
Аттын жанында тушкон суроту
jpg]

kg-3-1.jpg]
uulu-kozhomkul-3.jpg]
Аттын жанында тушкон суроту

Билдирүүнү түзөткөн: Komrad: 01 Август 2016 - 09:43
Баракча 1 - 1