Эркелеп бир күлгөнүң.
Жаныма кубат берээр,
Сүйөм деген сөздөрүң.
Сенсиз бул өмүрдө,
Жалгыздыкка кабылам,
Булут каптап көңүлдө,
Жандүйнөм муңга багынам.
Сенсиз караңгы күнүм,
Ызгаардуу салкын түнүм.
Суусуз калган чөлдөгү,
Шыбыраар алсыз үнүм.
Катуу сүйлөп талаштык,
Неге мынча таймаштык.
Кызганычтан таарынып,
Түшүнүшпөй адаштык.
Сенсиң менин барым да,
Бакытым да, багым да.
Алыстаба жанымдан,
Мага кымбат сен гана.
Билдирүүнү түзөткөн: Kyialke4: 22 Октябрь 2018 - 22:00