Суперстан: Хан Ормон - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (11 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Хан Ормон Токтоналиев Жапаркул Хан Ормон: тарыхый роман

#41 Пользователь офлайн   Disappear   13 Март 2019 - 08:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

ТОП ЖЫЙЫН

Жатакчылар эгин, чөптү жыйып бүтүп, дың сууп калган күз күндөрүнүн бири. Тескей тоо кыркаларынан көтөрмө бою көтөрүлгөн күн нуру күз асманын чайыган боз булуттарга чулгана кунарын того албай турат. Кызыл-Омпол жактан соккон шамалдын илеби салкын. Үч тараптан каттоочу жолдун тоому Көтмалдыда Чүй суусунун оң жакасын бойлой конгон айыл демейдегиден өзгөчө. Өңчөй ак боз-үйлөр үч тарапка бөлүнө тигилген. Кемегелерден түтүн булап, кирип-чыга кылактаган эркек, көзгө чалынат. Үйлөрдөн обочо үч тарапка керилген кермелерде байлануу аттар турат. Айылдан аркы дөңсөөлүү түзөңдө жыйылган калың эл жыйынга келишкен. Кыргыз урууларынын бийлери, эл башы билермандары, кадырлуу карыялары кабарлашып макулдаша, мындай топ жыйындар эки жылда бир өткөрүлөт. Өтмө катар куда сөөк, илик жарма кыргыз урууларынын арасындагы жашоонун оош-кыйыш көрүнүштөрү: жесирдин башын ачуу, жетим акы, напака кун, эриш бузган үчүн айып жана башка эл ынтымагына доо кетирүүчү, улут биримдигин иритүүчү маанилүү маселелер ортого салынып, бийлердин, билермандардын талкуусуна түшөт. Жыйынды уруу бийлери кезек менен башкарышат. Жүйөлөр, далилдер ортого салынып, топ жарган кара жаак чечендер өз тараптарын коргоп сөз өнөрүн көргөзүшөт. Калк карыткан көсөм карыялардын калыс пикирлери угулгандан кийин, бийлер ой ойлошуп, бүтүм чыгарууга өтүшөт. Жыйын башкарган башкы бий тараптардын арыз-датын, актанган жүйөөлөрүн, бийлердин ойлогон ойлорун уккандан кийин бүтүмдү өзү чыгарат. Бүтүм даттануусуз аткарылат. Бүтүмдө жесирдин башын ачуу, жетим акы, кун төлөө, уурулук, жылкы тийүү айыбы мал саны өлчөмүндө аныкталат. Бүтүмдө жаза өлчөмү иштин жагдай салмагына жараша чыгарылат: төө баштаган бир тогуздан, үч тогузга чейин, же кырктан бир жүз элүү жылкыга чейинки өлчөмдө чыгарылат. Жарым көчмөн кыргыз коомунда социалдык адилеттикти, улут биримдигин камсыздап туруу үчүн мындай топ жыйындар коомдук өнүгүүнүн диалектикасы аныктаган көрүнүш болгон. Топ жыйынды тосуп конок күтүүчү уруулар кезек менен моюндап, бир жыл мурда күтүнүшөт. Кызуу даярдык кеминде эки ай алдын ала колго алынат. Тандамал боз үйлөр ички, тышкы жасалгалары менен тигилип, союлуучу мал камдалып, конокторду тейлөөчү кишилер дайындалат. Бул намыс сактоочу жооптуу да, опурталдуу да иш. Топко келген манаптар, бийлер конок күткөн тараптын үйлөрүнөн, төшөнчү-орунчуларынан, дасторкон, майлыктарынан, тейлегендердин жүрүш-турушунан кынтык табылса, тамаша ирээтинде шылдыңдап, жыйын алдында сөзгө сындырат, кээде өзүлөрүн жандап жүргөн жамакчы ырчыларына ырга коштуруп, эл алдында тамаша кылса андан бетер уруунун намысы сынып, кордолот. Мындай жагдайды кээ бир манаптар, бийлер өзүнө теңтайлаштарын басмырлап, өз зоболосун көтөрүп, элге көрүнүү үчүн атайын жасашат. Ушул жагдайлардан улам топто конок күтүү үчүн айылдын жөн билген, тарбиялуу шайдоот жигиттери, адеп-ахлакты билген, уяттуу, сөөгү таза келиндери тандалат. Үч тарапка үйлөрүн тиккен үч уруу — сарыбагыш, бугу, саяк элдери конок күтүүдө. Солто, саруу, кушчу, черик,сарыбагыштын тынай уругунун кезеги келерки жыйын болгондуктан алар конок катары келишкен. Дөңсөөнүн алдындагы түзөңдө эл уй мүйүз тарта отурушат. Дөңсөөгө өрө кийиздер үстүнө шырдактар салынган. Атпай кыргызга таанымал жашы улуу, кадыры артык [moderated] аке, Ныязбек бий, Качыке бий, Медет, Ажыбек даткалар, Боронбай, Муратаалы, Жантай, Жангарач, Ормон, черик Ажыбек бийлер отурушат. Азыркы жыйынды башкаруу кезеги көбүнөн жашы улуу Ажыбек датканыкы. Чогулган эл өз ара кобурашып, бийлер жакты карашат. Жетимиш ашса да эр туушу боюнан кайта элек, сымбаттуу Ажыбек датка кара баркыт кыюуланган ак пиязы чепкенчен, башында кундуз кыюулаган жеңил малакай, аксакалы жайкалып төшүн жаба, өскүлөң ак каштуу, бийик кабак алдындагы курчу кайта эле калагар көзү сабырлуу тиктейт, сакалын сылай ордунан турду да: — Оо, калайык, айдан аман, жылдан эсен, мал-жаныңар эсен, Кудай таала чачкан ырыскыны татып, бакубат турасыңарбы? — деп каргылданган бийик үн менен элге кайрылды да, демин ичине тарта бир аз токтой калды. Жыйын ичинен: — Оо, кайран киши!.. — Журт атасы... күүлүү экен али, — деген үндөр угулуп турду. — Айда-жылда бир көрүшөт экенбиз, буга да каниет кылалы, — деп сөзүн улады датка. —Кадеми каткан калмактардан жергебиз бошотулуп, чабылып, чачылган элибиздин өрүшү кеңейип, бөксөсү толуп келатат. Алла таалага шүгүр дейли. Калк үчүн баш канжыгада, кан көөкөрдө, тобокел, — деп калмакты капшырып, жергебизди бошотуп, майданда курман болгон Садыр, Жайыл жана башка баатырлардын, калмакты сүрүп, эл биримдигин түптөгөн Эсенгул, Атаке, Белек баатырлардын арбагын эскерип, куран окуп, бата кылалы, — деп эки жагын карады Ажыбек датка сөзүн токтото. Карыялардын бири курандан Альфатиха, ыклас сүрөөлөрүн окуп, алакан жая жыйын «Аллоху акбар», деп дуу эте бата тиледи.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   Disappear   13 Март 2019 - 08:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Бар бололу, калайык, — деп сөзүн кайра улады датка, — ынтымак-ырашкерлик бизди эл катары бириктирип сактап келатат. Ошо ата-бабадан мурас калган ынтымагыбызды сактайлы. Теребелге көз чаптырсак: Кашкар, Үрүмчү жакты кытай ээлеп, бери карай ыкыс берип турат, түндүк жакта Оролдон бери казактарды сүрүп орустар каптап келатат дешет. Дини бирге, дили бирге, деп кокондун амирин туткан болобуз. Бирок Нарбото бий көтөргөн ордодон ырк кетип, ичинен кутумдашып, эл тагдыры үчүн толгонгондору жок өңдүү. Элетти аралаган бектери, сыпайлары ээн баштанып элге ыдык көрсөтүүдө. Мына жакында айыл аралап келген сыпайлар элге зомбулук көрсөткөн экен. Жөн койсо алар ошентип төбөгө чыгышат. Кудайга шүгүр уучубуз куру эмес экен. Элдин намысын коргоп калуучу азаматтарыбыз бар экен. Ормон баатыр зордукчулардын жазасын колуна бериптир. Болгондо да акыл менен катаал жазалаптыр. Урдурбай-соктурбай эле, ээрлерин тескери токутуп, артын карата мингизип, ээрлерине таңып, ооздорун тыгындап чептерине кийириптир. Бул саясаттуу эр айбаты. Ордодогулар бул жазадан: «Тоолук кыргыздар эч кимге кор боло албайт. Түшүнсөңөр шүк жүргүлө. Түшүнбөсөңөр ээриңердин кашын өз жагыңарга бургула» деген элдин айбатын туйган окшойт. Жасоо куруп, кыргыздарды жазаламак тургай, Ормон баатырга ордонун эң жогорку наамын ыйгарып, ордого сыйга чакырат экен деген кабар алдык, — дегенде, эл ичинен: — Баракелде, эр экен го жүрөгүндө жалы бар. — Кокондун эсин кетирген экен. — Атанын уулу да, Эсенгул баатырдын небереси да. — Өз атасы Ныязбек бий да кезегинде калмактардын катыгын берген. — Эл үчүн башын тиккен эрлер бар экен да журт ичинде, — деген үндөр угулуп, жыйын бир тынымга дуулдай түштү. — Калайык, улуу-кичүү ага-инилер, бүгүнкү жыйыныбыз ирээти менен ынтымак ырашкерликте, биримдик, адилеттик алдында өтсө деген тилек бар. Эл арасындагы оош кыйыш, талаш-тартыштарга бийлер Кудай алдында калыс ойлоп, адилет бүтүм чыгарышса, жыйынды ынтымак-ырашкерлик менен бүткөрүп, ыраазылык менен тарасак жыйыныбыздын иши элибиздин мындан аркы ынтымагына өбөлгө болор. Быйылкы жыйынды башкаруу кезеги меники эле. «Жүйөө билген намыстууга сөз бер» дегендей,жыйын башы кезегимди Ормон баатырга беремин. Кел, Ормон баатыр, менин жаныма, —дегенде: — Мына эмесе, көсөмдүн иши. — Туура кылды, датка айкөл тура. — Өзү эле башкарса болмок. — Датканын көзү келечекке жетип турбайбы. — Ошондуктан Кокон сыйлайт да датканы, — деген сөздөргө аралаш отургандардан моюнча ашып турган олбурлуу Ормон баатыр ордунан туруп, Ажыбек, Качыке, Боронбайлардын катарынан орун алды. — Кана эмесе, калайык, Ормон баатырдын ишине ийгилик каалап, бата берели. Кара кылды как жарган калыс болсун, узак өмүр сүрүп, кара кыргызга кызмат өтөсүн, Аллоху акбар, —деп алакан жайды Ажыбек датка. Калың жыйын дуу эте бата берди. Ормон ордунан турду. Кара сурунан келген чап жаак, жазы маңдай, калың кара каштуу, терең кабак алдындагы ирмебей тиктеген көздөрүнөн кайрат жанат. Коңкогой кырдач муруну, калың эриндерин алкактай сыпаа серпилген узун муруту, төшүн жаба жайкалган кара сакалы бири-бирине төп келише, бул зор кишинин турпатына өзгөчө сүр берип тургансыйт. Башында кара кыюуланган төбөсү бийик ак калпак, боз пиязы чепкени олбурлуу денесине куп жарашып турат. — Зор киши экен да... — Келбетин кара, эр тууштуу экен. — Бар болсун, — деген уу-дуу басыла түшкөндө: — Датка аке, сизге, калайык калк, сага ыраазымын. Моюнга тагылган озуйпаны аткарууга азырмын, — деп бир аз демин баса сөз улады Ормон. — Кокон сыпайларын ошондой жазаладык. Башкача болбойт эле. Кокон адисинен ашып баратат. Чалгы азуусун сындырса каман чала албай калат. Ошентиш керек. Калайык силер аман, биз аман болсок, алдыда олуттуу иштер бар. Кытай да, орус да, Кокон да кыргызга жакшылык кылайын деп жүткүнүп турушкан жок. Аларга жер, мал, байлык керек. «Касапчыга мал кайгы, кара эчкиге жан кайгы»деген кеп. Кайтаруусуз үйүргө ууру да, бөрү да кол салат. Бул башка сөз. Убагы келер. Эми азыркы жыйындын ишине өтөлү. Кана, кимдин кандай даты, доосу бар экен? Шашпай угуп,ийри отуруп, түз кеңешели, — деп жыйынга кайрылды Ормон. — Баатыр, биз бийлер баш кошуп отуруп, болуучу иштердин чама-чаркын чактап көрдүк, —деп сөз баштады ой ойлоого отурган бийлердин кичүүсү, шыңга бойлуу, кагелес, отуздардан аша элек, кара сур субагай бет, маңдайы жазы, кабагы бийик, сурмалуу кара көзүнөн акыл учкуну жана, сакал-муруту сыпаа серпилген, боз нооту кемсел, кыюусу тайкы ак калпакчан илбериңки Жангарач бий. — Бул жыйынга черик, моңолдор ортосунда жесирдин башын ачуу, саяктын өз ичинде бир напака доо, сарыбагыш менен бугунун ортосунда кайындуу кызды ала качканга доо, солто менен тынайдын ортосунда эриш бузган аялдын төркүнүнө коюлган доо бар экен. — Аа, андай болсо кезеги менен даттанган, актанган тараптарды уга берели, — деп эки жагын карады жыйын башы. — Баштай бериңиз, — деп макулдук беришти ой ойлоочу бийлер. — Кана эмесе, жесирдин башын ачууну сураган доокер жана жоопкер тараптар ортого чыгышсын, — деди салабаттуу отурган Ормон жыйын башы. Ким чыгарын күткөн жыйын тынч.. Жыйындын туура жагынан жашы элүүдөн ашкан, ак калпак, көк чыт чапанчан, жээрде сакал, көзү чекирирээк, ээрди желки толмоч сары чийкил киши илкий басып бийлердин алдына келе, оозун дембедем ачып, сүйлөй албай турду



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   Disappear   13 Март 2019 - 08:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Аксакал, шашылбаңыз, сабыр этип боюңузду жыйыңыз. Биз да сиздин сөздү шашылбай угалы, — деп сүрдөп турган кишиге дем берди Ормон. — Аа, баатыр, ылайым ошондой... эсеби, менин ысмым Сөлпү, — деп бир аз токтоп, үзүл кесил сөзүн улады. — Менин уулум Шеркул көкбөрү тартышта жыгылып... — деп үнү дирилдеп буулугуп турду. — Кайрат кылыңыз карыя, кулак сизде, — деп дем берди жыйын башы. — Ошентип каза болгон, — деп сөз улады Сөлпү, — келиним эки жашар баласы бар, уул, —деп эчкире жашый түштү карып киши. Жыйын тунжурай: — Алда бечара ай. — Башка балдары бар болду бекен? — Кудайдын буйругу да, — деген үндөр угулуп турду. — Тагдыр ошол карыя, мүдөөңүз эмнеде? Дагы балдарыңыз барбы? — деп жашый түшүп, жүдөп турган бечарага дем берүүгө аракеттенди Ормон. — Бар эмей, — деп чыйрала түштү да, баш бийдин жылуу ырайын туйган Сөлпү сөз улады.— Он эки жашар кичүү уулум, эрге тийген кыздарым, жээндерим бар. Менин кудам Майлыбай... бар эмеспи, болбойт ал, келиним Моймолду эркек баласы менен алып кетемин дейт... жесирдин ээси кичүү уулум турбайбы... өлүүсүнөн өлүү, тирүүсүнөн тирүү... — деп сөзүн улай албай кардыгып турду Сөлпү. — Келиниңиз кандай ойдо болду экен? — деп суроо узатты жыйын башы. — Ал ыйлайт, баласын бооруна басып... — деди Сөлпү ылдый карап. — Бул кишинин мүдөөсү түшүнүктүү болду го. Сиздерде собол барбы? — деп ой ойлоого отурган бийлерди карады жыйын башы. — Бүлөөсүнөн айрылгысы келбейт да бечара, — деди Жангарач бий. — Жесирдин төркүндөрү эмне дейт экен, ошолорду угалы, — деди Жантай бий. — Сөлпү сен кайраттанып, оюңду жыйна, — деп карыпка дем берди Боронбай бий. — Кана ким келиндин төркүндөрүнүн мүдөөсүн коргойт, — жыйын башы топко кайрылды. Жыйындын төр жагынан кара тыштуу кырбуусу тайкы мадыл тебетейчен, кара лампук кемселине эни тайкы кемер курчанган, көн маасысына ултарма кепич кийген, орто жаштагы олбурлуу кара чаар киши турду. Ээктериндеги суйдаң сакал, мурут арасынан чечек тактары көрүнөт, кабагы кууш жүлжүгүй көздөрүнөн чечкиндүүлүк туюлат. Боюн салабаттуу кармап, бийлердин алдына келди да: — Кудам айтпадыбы, менин ысмым Майлыбай, деп тамагын кыра жөтөлгөн болуп сөз улады. Кудай кошкон куда элек. Куда, кудагыйым жакшы кишилер, күйөө балам, кызыбыз да ынтымактуу эле, уул көрүштү эле. Тагдыр экен, ойдо жок мүшкүл башка түштү. Кантейин, оң бармагымды тиштесем сол бармагым ооруйт дегендей, Сөлпүнүн ою менен болоюн десем, кызым жыйырма үчтө, кудамдын уулу он экиде, кандай оокат болот, баса көктөгөндөй болуп,— деп сөзүн андан ары улаарда. — Оо, айланайын кудам, уулум он экиде болгону менен москоол, жетилет. Көнүп кетишет, —деди шашкалактай ээрдин жaлaп, бирде кудасын, бирде жыйын башыны карап, жашып турган Сөлпү. — Оо, бурадарым, кудам... баса көктөгөндөй жасап экөөнүн тең убалына калабызбы? — деп түтөй түштү, өзүн сабырдуу кармаганга аракеттенип турган Майлыбай. — Олда бечаралар ай, кыйыша албай турушат, — деген үн эл ичинен угулду. Чөнтөгүнөн бет аарчысын алып, көздөрүнүн алдын, оозу-мурдун аарчып, кунарсыз сакал-мурутун сылай сөзүн улады Майлыбай: — Урматтуу бийлер, билермандар, урматтуу баатыр, кудамды туюп да, күйүп да турамын. Бирок анын айтканы коошпогон иш. Жесирдин башын ачып бергиле. Канча ойлосоңор да төлөп беремин. Болгон малымды бүт айдасам да кызымды колума алайын тамтуң баскан баласынан ажыратпай, — деп сөзүн бүтө ордуна барып отурду. Илкий басып Сөлпү да ордуна кетти. — Жесир келиндин сөзүн укпасак иш чала бүтөт го, — деп эки жагында отурган бийлерди карады жыйын башы. — Азыр, айланайын, чакырып келебиз. Тигинде отурат. — Жүгүр, Моймолду чакыр, — деп жанында отурган жигитти жумшады Сөлпү. — Сакалдуу кишилердин алдына кантип келер экен бечара. — Келет да, башка түшсө байтал жорго .. — Оо, тагдыр, — деген үндөр угула жыйын дымып турду. Аңгыча сын-сыпаты келишкен, кара жоолугун бүркөй салынган кара кемселчен жаш келин улгайган эки аялдын коштоосунда топтун сыртына келип иймене токтоду. — Аа бечара, ийменип турбайбы. — Кантет анан, ушунча эл турса. — Сакалдуу, касиеттүү карыялар отурса. — Келет да, айла канча. — Өткөргүлө, ортого бечараны, — деген үндөр угула, жыйын чети жарыла, келин ылдый караган калыбында ортого өтүп, илкий бийлердин алдына токтоду. Каралуу кийим да сымбаттуу боюна жарашып турат. Кара жоолукчан, тик жака кара кемселинин күмүш топчулары бүчүлөнгөн, кош этек көк көйнөгү булгары көлөч-маасысынын апкытын жаба көйкөлөт. Артка өрүлгөн эки өрүм кара чачына уланган анжиян шурулуу күмүш чачпагы соорусун жаба каралуу келиндин сымбатын арттырып турат.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   Disappear   13 Март 2019 - 09:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Карагым, ыракмат ийменгениңе. Өтө бер бери. Тагдыр башка салса кантмек элең. Бий акелериңдин соболдоруна жооп бере гой, — жылуу үн салды Ажыбек датка. Башын ылдый сала аяр басып бийлердин алдына келип, бүркөнчүк жоолугун ылдый тарта, кысылып турду жаш келин. Ак саргыл субагай жүз, кырдач мурун, жаркын маңдай, ийилген кара каш алдындагы сурмалуу кара көздөрүн кайгы чайыган, эптүү кымтылган жука эриндерин жоолугунун учу менен жаба, дирилдеп айласыз турду жаш келин. — Шашылбаңыз, сабыр этип оюңузду жыйнаңыз. Эмнеге чакырылганыңызды билесиз да, —деди жыйын башы үнүн жылуу чыгарууга аракеттенип. Билем... күйөөм өлгөн... балам бар, — деп келин бир аз сүрдөңкүрөп тура сөзүн улады. — Тагдыр экен акелер, ыгы келсе мен балам менен төркүнүнө кетейин, атам ыраазы болсун. — Оо, айланайын Моймол, балам, энең экөөбүздү талаага таштаба. Кайниң турбайбы, — деп каргылдана Сөлпү ордунан турду. Келин көзүн жоолугу менен баса, дирилдеп ыйлады. — Кайын атаң кайниңе баш байлап коелу, ата расими деп турат го, — деди бийлердин бири. — Бытыкый бала өз баламдай, акелер, уят, — деп сөзүнүн аягын жута токтоду Моймол. — Жеке эле ушул бекен жесир болгон. «Алтын баштуу катындан бака баштуу эр ийги», бала көнүп кетет... жетилет. Сөлпүнүкү жүйөөлүү, ата салты эзелтен бери, — деп обдулду бийлердин бери четинде отурган кара сакал кызыл чийкил эткел киши. — Ата салты болгондо эмне. Тырмактай баланы килейген катынга, — деп ордунан тура калды жапырык шырымал тебетейчен, кара кемселине кайыш кур курчанган Майлыбайдын айылдашы — атка минер. — Токтоткула, найэсеп сөзүңөрдү, орду жок макал, обу жок сөз, — деген Ормон жыйын башынын катаал үнү тиги экөөнү селейтти. — Эмесе тараптардын жактоочулары сүйлөсүн, — деп Ормон жыйынга кайрылды. Кырбулуу жылбырска тебетей, ак кементай кийген, ийиндүү, шыңга бойлуу, ачаланган көк ала сакалы төшүн жаба жарашкан, тарам кызылдуу субагай жүзүн бырыш аралай баштаган, келте мурун,коюу каш алдындагы сурмалуу көзү ой калчай сабыр тутунган салабаттуу карыя ордунан турду. Бул черик бийи Турдуке эле. — Оо, жыйын башы баатыр, ак сакал акылмандар. Калайык калк, бүгүн биз ата-баба салтын улап, эл ичиндеги өйдө-төмөн, талаш-тартыш маселелерди чечели деп чогулдук. Бечара Сөлпүнүн башында эки кабат мүшкүл турат. Баары Кудайдын колунда. Тагдыры жетип уулу каза болсо, чырактай жанган келини жаш баласын бооруна кысып жесир отурат. Келинге да өтө оор. Майлыбай куда болсо кызымдын башын ачып бергиле дейт. Жесир келин да ошону каалайт экен. Сөлпүнүн айтканына көнүп, балакатка жете элек уулуна баш байлайлы десек жаш келиндин өмүрү сая кетет. Балалык сезиминен адашкан балага да убал. Менин оюмча,жесирдин башын ачып, төркүнүнө берип, баланы Сөлпүдө калтыралы. «Ургаачынын чырагы кырк» дейт, келин дагы балалуу болор. Кызынын башы ачылганы үчүн төө баштаган үч тогуз төлөсүн Майлыбай... —деп бий сөзүн бүтө электе: — Айланайын акелер, баламдан ажырабайын, — деп келин жоолугу менен бетин баса эчкире ыйлап турду да, — мейли, тобокел, атамдын үйүндө жесир бойдон отуруп, уулунун ордуна каруум казык болгуча кызматын кылайын, бир гана өтүнүчүм, Бытыкый баланы да соо койгула. Уулум катары болсун. Бой жеткенде өз теңине үйлөнсүн, — деди келин. — Баракелде, эстүү жан тура. — Баласы үчүн өмүрүн сайганы да, — деген үндөр угулуп, Турдуке бий сөзүн бүтө албай ордуна отурду. Элдин уу-дуусу басыла түшкөндө: — Жесирдин төркүндөрүнүн талабын жактоочу ким? — деп Ормон ой ойлоп отурган бийлерге, жыйынга суроо салды. Башында эндей ак калпак, кара нооту кемселчен, тууралжынынан келген эткээл, сары чийкил, каш-кабагы тайкы, чекир көзүнөн өкүмдүк туюлган моңолдор бийи Салыбек: — Оо, калайык, оо, жыйын башы баатыр, жүйөөлөшө келсе адилеттик ордун табат деген сөз бар, Турдуке бийдин айтканына көнүүгө болбойт. Жаакты баштан айрыгандан бетер. Бала жүрөк, жигер, жүлүн менен тең, жесирдин сөзүн угуп, бала үчүн башын байлаган эненин эрдигине кол койдум. Ошонуку туура. Келиндин сая кеткен жаштыгынын өтөлгөсү уулу эр жетсе ошону менен төлөнөт. Биз төркүн жагы кызыбызга ыраазыбыз, — деп сөзүн бүтүрдү Салыбек бий. — Сакең калыс сүйлөдү өз жагына тартпай. — Келинге убал болот го, өмүр бою жесир өтүп, — деген үндөр басылып, жыйын тынчый түшкөндө Ормон калбаат ордунан турду. — Бийлердин сөздөрү угулду. Баатыр ага, жыйын башы мансабыңызды мага ыйгардыңыз эле, сиздин кеңешиңизди уксак дейм, — деп Ажыбек даткага кайрылды. — Ыракмат баатыр, кеңеш сураганыңа. Бийлик кезмегин эрким менен бердим эле, бүтүм чыгаруу эрки да сизде болсун. Жоомарттыгымды акырына жеткирейин, — деп борс-борс күлдү датка. Ой ойлоого отурган бийлердин арасынан омоктуу бугу бийи Боронбай: — Эки тараптын мүдөөлөрүн, ой ойлогон бийлеринин сөздөрүн уктук. Эми баатыр, бүтүмдү өзүң чыгар, — деди да обдула козголуп, кончунан күмүш чегеленген чакчасын алды. — Ыракмат. Ойчул бийлер, калайык калк, тагдырдын оош-кыйышы татаал иш. Ошентсе да,ак менен каранын, мүдөөлөрүн айтышкан үй-бүлөлөрдүн бүгүнкү мүшкүлү менен келечек үмүттөрүнүн ортосун жара, адилеттик издеп көрөлү, — деп бир тынымга ойлуу тура сөзүн улады. — Жеңесинин жанында уулундай эркелеп жүргөн наристе балага баш байлоо экөөнүн тең өмүрлөрүнө каскак болот. Бала бактылуу баео балалыгынан ажырайт. Келиндин жаш өмүрүн сая кетирип, арзуунун арылгыс кайгысына чөгөрөт. Үй-бүлөдөгү адамдык салтка да доо кетет. Келиндин өмүр бою Сөлпүнүн үйүндө уулунча кызмат кылып өтөйүн дегени, бала үчүн баарына кайыл болгон эненин өз тагдырын курмандыкка чалганы, адамдыкта өтөлгөсү өмүр кунуна теңдеш аруу туюмдардын бар экенин далилдеген эненин эрдиги. Бирок курмандыктар да дайым эле кабылдана бербейт. Алла таала да Ыбырайым байгамбар уулун курмандыкка чалганда кабылдабай ыраазы боло курмандыкка асмандан кой түшүргөн. Бизда эненин курмандыгын кабылдабайлы, — деген сөздөргө дуу эткен жыйында: — Бали, топ салыштырды — чечен тура. — Көсөм киши тура, — деген кубаттоолор Ормондун сөзүн коштоп турду. — Бүтүм мындай болсун, — деп сөзүн улады Ормон, — жесирдин башы ачылсын төө баштаган үч тогузга. Бирок баласы эр жеткенче энеси менен жашасын. Эр жеткенде, Кудай акы, Сөлпү карыянын колуна келерин аныктап коелу. Небере чоң атасынан чоочун өспөсүн үчүн Майлыбай баланы жыл сайын кеминде эки ирет белек-бечкек менен жиберип турууга милдеттүү болот. Эки куданын байланышы үзүлбөсүн. Келин эрге тийсе да ушул шарт сакталсын. Бул шартты бузгандар Кудай алдында, эл жыйыны алдында жаза тартат. — Баракелде, адилет бүтүм болду. — Албетте боконосу катканча баланы энеси тарбиялаганы оң. — Уулу Сөлпүдөн кол үзбөй турган болбодубу, — деген кобур аралап жыйын дүүлүгүп турганда, жарчы жыйын тыныгып түштөнүүдөн кийин кайра башталарын жарыялады. Эл түштөнүү үчүн боз үйлөргө бет алышты.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   Disappear   13 Март 2019 - 09:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

КУДАЛАШУУ

Көтмалдыдагы үч күнгө созулган жыйын бүтүп, жыйынга келгендер айылдарына тароодо. Жыйындан тараган жоон топ атчандар көл кылаасына бет ала жөнөдү. Кыркаланган алдыңкы катарда Калыгул акылман, Муратаалы, Боронбай, Ормон баштаган сакалдуу билермандар үзөңгү кагыш баратышат. Чоң жээрде жоргодо омоктуу отурган, эткелирээк сары чийкил, маңдайы жазы, сакал-муруту суйдаң, сурмасыз сургулт көздөрүнөн ой калчаган акыл, өз баркын билген салабат туюлган Боронбай бий сөөлөттүү көрүнөт. Көгүш нооту чепкенинин этектерин тизе алдына кыса, күмүштөлгөн үзөңгүгө булгары маасы-көлөччөн буттарын бошураак таяп, чепкенине өңдөш көгүш баркыт тышталган кырбуусу тайкы сүлөөсүн тебетейин көтөрө кийип, тизгин-чылбырды сол колуна шалкы кармай, бүлдүргөлүү булдурсун камчыны оң билегине иле, жоргонун шайбыр басыгына төнүп каалгый баратат. Төрөгелди, Балбай, Адыл, Өмүргө курбалдаш бир даар жашы кичүүлөр адеп сактай артта өз тобу менен келатышат. Айылдан чыккандан бери атчандар жыйын жөнүндөгү ойлорун бөлүшө келатышат. Бир оокумда Боронбай бий: — Ормон баатыр, Кудаа кааласа, жыйынды ирээттүү, адилет өткөрдүң. Түйүндүү, чырлуу маселелер адилет чечилди. Эми сага бир собол, бу кокондуктардын жазасын берипсиң. Бирок ордолуу журт эмеспи, ажыдаардын куйругун басып алган жоксуңбу? — деп Ормонду карады. — Тобокел Алла дедим бий. Куйругун баса электе эле оп тартып келатпайбы, — деди Ормон камырабай. — Ажыбек датканын айтканына караганда, Кокон Ормон баатырдын айдыңынан чочуп калган тейи бар го. Бийик наам берип, ордого сыйга чакырат экен деди го, — деди катар бастырып келаткан Муратаалы бий. Бир азга сөз үзүлө ар ким бул окуяны өзүнчө жоруган сымал үнсүз баратышты. — Кокон ордосунда Нарбото бийден калган нарк бузулуп, касиет качты. Кичүү энеси, Оморхандын токолу менен сына кылган Мадали хандын абийири төгүлүп турат. Бухар эмири Насрулла шариат жолунан чыккан бузуку Мадали ханды Кудай атынан жазалайм, деп Коконду чапканга азирленип турган кези, — деп сөзгө аралашты Боронбай менен катар келаткан Калыгул олуя. — Оо, Кудай аткыр, хан башы менен маскара болуп, — деп жакасын кармай тобо кылды кыдык бийи Самсаалы. — Ханды Кудай урарда,
Каада унутуп мас болот.
Кылган иши пас болот.
Абийири төгүлүп,
Калкы менен кас болот, — деди ойлуу бараткан Калыгул.
— Анда Ормон баатыр куп иштептир, — деди Калыгул акылмандын сөздөрүн кыбасы кана угуп бараткан сакалдуулардын бири. — Ай, кантер экен акыры... жакшы болбойт го Кокондун... Орустарды жакшы айтат, Байсылда абзий, — деди Боронбай тамагын жасай, ат үстүндө оңдонуп отура. — Доңуздун этин жеп, чокунган орустардан көрө, дини бирге, дили бирге, тили да окшош Кокон эле жакшы го бизге, — деп темине бастырды Самсаалы бий.—Байсылда абзийдин эки сөзүнүн бири эле орус, өзү да чокунган немеби дейм, — деп сөзгө аралашты катарда келе аткандардын бири. — Жогуңуз, Байсылда абзий кудай деген мой сопут киши, — деп Боронбай өз сөзүн ырастады. — Кокон да, орус да өз көмөчтөрүнө күл тартышат. Көрүп турбайбызбы Кокондун кыргыздарга көрсөтүп турган ыдыгын. Кыргыз өз камын өзү көрбөсө, Кудайдан башка эч кимден жардам жок, — деди Ормон баатыр ат үстүндө ойлуу бараткан калыбында. — Аай кантээр экенбиз, акырына көз жетпей турат. Оролдон, Омбудан орус чыгып,казактарды жеринен сүрүп чыгарып, мужуктарын көчүрүп келип атат деген каңырыш угулат,— деди Муратаалы бий. — Орус өнөрлүү да, билимдүү да көп эл, келсе өнөр-билими жугар беле, бирок элдин кую бат эле өзгөрүп кетээр бекен. Салт бузулуп динге күч келер, — деди да, өзүнчө тунжурай күңгүрөнө:

— Өңү сары, көзү көк Орус чыгат деп айткан.
Миң түтүнгө бир киши.
Болуш чыгат деп айткан.
Буйрук менен кондурган,
Конуш чыгат деп айткан.
Узун чөптүн баарысын,
Оруп чыгат деп айткан.
Кыска чөптүн баарысын,
Коруп чыгат деп айткан.
Жылдан жылга замана,
Кыйын болот ошондо.
Эсеп кылып мал алган,
Тыйын чыгат ошондо.
Андан кийин билимдүү,
Адам чыгат деп уктум.
Түрдүү-түрдүү акылдуу,
Аяр чыгат деп уктум,
Калайыкты бийлеген,
Аял чыгат деп уктум.
Албан түрлүү ушундай,
З аман чыгат деп уктум.
Кийин чыккан адамы,
Аяр болот деп уктум.
Кандай болсо жумушка,
Даяр болот деп уктум.
Ошондогу адамдар,
Молдо болот деп уктум,
Минген атын карасаң,
Жорго болот деп уктум.
От араба, дилгирем,
Жол кыскарат ошондо,
Этек-жеңи чолоюп,
Тон кыскарат ошондо.
Атасынын сөзүнө,
Бала кулак көп салбайт.
Атанын тилин бала албайт.
Андан артык биле албайт.
Айт дедирбей жедирбей,
Аяр болот ошолор.
Жоо дегенде дегдешип,
Даяр болот ошолор.
Түн ичинде уктабас,
Баатыр болот ошолор.
Бисмилланы айтпаган,
Каапыр болот ошолор.
Жарды-байы билинбей,
Жалпы болот ошолор.
Ошол жакшы биз жаман.
Кийин келет бир заман.
Биз жашаган тар заман,
Кийин келер зар заман.
Кыйкырыгы бел ашпай,
Үн кыскарган бир заман,
Кылса жумуш бүтпөгөн.
Күн кыскарган бир заман.
Кожо, молдо жоголуп,
Дин кыскарган бир заман.
Орозо, намаз окулбай,
Дил кыскарган бир заман, — деп күңгүрөнө «ушундайбы» деп эки ийнин карап, ат үстүндө каалгып ойлуу баратты Калыгул олуя.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   Disappear   13 Март 2019 - 09:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Акылман олуянын меселине муюп, жай келаткан атчандар Ормон тобу Күңгөйгө, Боронбайлар Тескейге кайрыла турган жол айрылышына келгенде салабаттуу Боронбай бий тизгин жыя: — Атаганат, кайрылышка келдик го. Калыкемдин насыяттарын үч күндөн бери угуп канбадык. Эми кайра көрүшкөнчө соо бололук, — деп күмүштөлгөн чакчасын алып, насвай чекти. Ормон да чакчасын алып, чайкай, бош экенин көрүп, кайра катты да: — Бий, насыңыздан бир атым бериңизчи, меники бүтүптүр, — деп колун сунду. — Жогуңуз баатыр, нас бекер берилбейт, — деп күлө чакчасын экчеди Боронбай. — Өлбөстүн куну болсо да, бериңизчи, өтөөсүнө чыгармын, — деп күлдү Ормон колун сунган калыбында. Атчандар экөөнүн тамашасына маашырлана тизгин жыйып, күлө бага кобурап турушту. — Өлбөстүн дабасы болбосо да, кыздын калыңына тете, баатыр, — деп чакчасын кармаган тейде борс-борс күлдү Боронбай. — Алда жарыктык ай, ачууну аяган болбойт деген накыл бар эмеспи, — деди Ормон колун сунган бойдон. — Мен аябайм, өтөөсү төп келсе беремин, — деди Боронбай. — Өтөөсүнө чыга алам, бериңиз эми колду талытпай, — деди Ормон. — Куда болоюн десең берем, — деди Боронбай мостойгон тейде. — А, болуптур, куда болсо бололу, — деп обдула колун узатты Ормон. — Мына, эмесе, — деп атчандар кыраан-каткы күлүштү. — Аа... баракелде. Мына чакча, бирок кол Кудайдын мөөрү дейт, келе колуңузду, — деп кол сунду Боронбай. Ормон Боронбай менен кол алышып, чакчаны алып, нас чекти. — Насыңыз баалуу болду го, — деди Муратаалы күлө бага Боронбайды карап. — Баркын билген кишиге, — деп Ормонду карап күлүмсүрөдү Калыгул. — Айдай сулуу Кулан кызга сөйкө салынды го. — Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт. — Берген март эмес, алган март. — Экөө тең жоомарт кишилер, куп келишет кудалыктары, — деп атчандар кобурап турганда: — Кана эмесе Калыке, Ормон баатыр, көрүшкөнчө Кудайга аманат. Кудаа кааласа жакында көрүшөбүз, куда болуп калбадыкпы, — деп күлө Боронбай Калыгулга, анан Ормонго кол берип, калгандарына баш ийкей Тескейге тизгин бурду. Калыгул акылман, Ормон тобу Күңгөйгө бет алышты.
Жайдын толгон кези. Асман чайыттай ачык. Мөңгүлүү чокулардан төмөнкү борчуктанган аскалар, караган шактуу куюлма шагыл төмөндөй келип жашыл тулаңдуу төргө жалгашып турат. Төрдүн оң жагы бетеге, тулаңдуу апай бет, сол жагы арча, карагандуу торпу. Мөңгүдөн түшкөн көк кашка суу өзөндү жара шаркырап, табият жарашыгын даңазалап тургансыйт. Суу бойлогон жайыктагы калың айыл Ныязбектин сегиз бегинин чыгааны, баатыр атанып, мартабасы жогорулап турган Ормондуку. Айылдын баш жагындагы Ормондун он эки канат ак өргөсү алда кайдан көзгө урунат. Уяң жүндөн кылданып, бордолуп жасалган үзүк, туурдуктарын жашыл, кызыл манаттан оюлуп жасалган кере карыш тасма айкалыштырып турат. Үзүк, туурдуктун боолору, кырчоосу түстүү жибектен ак жүнгө айкалыштыра эшилген. Эшигинин төрт жагы тең көк кызыл оюу түшүрүлгөн тасма менен алкакталган. Эшиктин оң жагына үйгө жөлөй түпөктүү найза сайылган. Үйдүн ичине өрө кийиздерге кабаттала алакийиздер салынып, капшыттарына, төргө шырдак, кара саксак көлдөлөңдөр төшөлгөн. Килем жабылган тактага адеми үч кертим жүк жыйылып, үстүнө ак мамык жаздыктар тирелген. Үйдүн капшыттарына кара баркыттан аземдүү сайма сайылып, жашыл жибек менен ортолонгон туш кийиздер тартылуу. Туш кийиздердин баш аягында, ортосунда илбирстин, бөрүнүн терилери кере илинген. Төрдө аюу талпак үстүндө сексен ашкан айтылуу Ныязбек бий, анын эки жагын бугу мыктылары Боронбай, Муратаалы бийлер, Калыгул акылман, аларга улай үй ээси Ормон отурат. Төрдүн эпчи жагында Боронбайдын улуу аялы Алым байбиче, Муратаалы бийдин байбичеси, Ормондун улуу аялы Кусубалды байбиче жай алышкан. Ормон менен Боронбай бий бир атым насвайдын колкосу үчүн кудалашкан Кулан кызга сөйкө салуу жөрөлгөсүнө баш кошуп отурушат. Дасторкон жайылып, чай ичилүүдө. Сакалдуу кишилерден келин-кезектер айбыккандыктан самоор чайын Уулбала өзү куюп, жеңил кийинген тестиер улан сылык ийиле бошогон чыныларды алып кайра узатууда. Боронбай бий чайдан жай ууртай Ныязбек бийди карап: — Баатыр аба, кудай кошкон куда болот, байгамбар кошкон дос болот дегендей, Ормон уулуңуз менен куда бололу, — деп убадалашканбыз. Эми небереңиз Куланга сөйкө салып,уулум Өмүрзакка жар болсун деген ак тилек менен алдыңызга келип турабыз. Кудай алдында кулдугубуз бар, — деди. — Укканбыз. Бу Ормон экөөңөр салтта жок жөрөлгө баштапсыңар го, — деп жылмайды да,— эмне демекбиз, кадыр-көңүл жарашса бир атым насбай да арага жүргөнү ошол, — деп чайдан ууртап, дасторконго койду. — Урпактарга уламыш болуп айтылуучу кеп болду эки эрендин кудалашканы, — деп сөзгө аралашты Муратаалы бий.
— Учурун таап кармаганын кара Боронбай бийдин, капырай жүйөөлөшпөй эле, — деп шыпшына сөз кыстарды, сурмалуу кара көз, толмочураак ак жуумал жүзүн бырыш аралай элек, келиштире оронгон ээк алмалуу жеңил элечеги, тик жака кара бешманты турпатына жарашкан Кусубалды байбиче. — Боронбай бий менен Ормондун пейилдери төп келип турганда, Кудай буйруп учуру келе шылтоо табылды да, — деп Ныязбек бийди карады Калыгул. — Албетте кут болсун, Боронбай чануучу кишиби. Небере Кулан кыз не дейт болду экен, —деди Ныязбек бий. — Өмүрзак экөө кыз оюндарда жолугушуп жүргөн. Бири-бирине тең, ата эрки болгондон кийин айланайын Кулан баш чайкабас, — деп бийдин сөзүнө жооп каткансыды Боронбайдын аялы сымбаттуу Алым байбиче. Атасы макулдугун билдирген соң, Ормон сөз катпай конокторду сыйлаганын билдире сыпаа отурду. Дасторкон жыйылып, бата тиленди. — Баатыр аба, калк карыткан журт атасысыз, Бул жалган дүнүйөнүн байлыгы менен ыраазылашуу уккан, көргөнгө керек. Чын ыраазылыгыбыз Кудай алдында кол алышып, кыяматтык куда болгонубузда. Алла таала төп көрсүн, батаңызды бериңиз. Ыроолоп күлүк аргымактын көкүлүнө кебез байлап, бир үйүр жылкы, бир тогуз мал менен келдик. Ормон баатыр экөөбүз кол кармашалы, — деп Боронбай Ныязбек бийден өтүндү. — Эл-журт айда аман, жылда эсен болсун. Эл ичинде эсен болуп, Кудай кошкон, кайрымдуу, мээрбан кудалардан болгула. Кайындалган уул-кызыңардын өмүрлөрү узун болуп, алдыларынан бала, артынан мал өксүбөсүн, өркөнү өсүп, өрүштөрү кең болсун. Оомийин,Аллоху акбар, — деп ак сакалын жайкалта Ныязбек бий алакан жайды. Бата тиленгенден кийин, Боронбай бий ордунан туруп, күмүш кемерин чечип мойнуна сала: — Дагы бир ирээт кулдук этем, кутман аба, зоболосу бийик Ормон баатыр, — деп эңкейгенде, Ормон ордунан туруп, Боронбай менен кучакташа кол алышты. Орундарына отургандан кийин Боронбай: — Кудаага шүгүр, көптөн бери көксөгөн тилегим ишке ашты. Жамаатташ тууган элек, бир Кылжырдын балдары. Мына эми Кудай кошуп куда болдук Эсенгул баатырдын балдары менен. Кудай ийгилигин берсин. Ыракмат, ийрибиз жанбады, — деп сунулган кымызды алып, бир ууртады да: — Кана, Алым байбиче, куда, кудагыйларга ыроологон кийиттериңди чыгарчы, — деп тамагын жасай оңдонуп отурду. Алым байбиче килиттүү чоң ак куржундан алып чыккан жакасы менен тик турган кашкардын кара кыргактуу кымкап чепкенин Боронбай бий Ныязбектин ийнине жапты. Ормонго илбирс ичик кийгизди. Муратаалы Калыгулга күрөң кымкап жапты. Сүлөөсүн жакалуу суусар ичикти Алым Ныязбек бийдин байбичесине кийгизди. Кусубалды менен Уулбалага кундуз жакалуу, кара баркыт тышталган жылбырска ичиктер тартууланды. Жашы улгайып баратса да кыймылы илбериңки, аялдык сымбаты кайта элек Алым байбиче чаканыраак ак куржундан кызыл баркыт тышталып, маңдайына бармак басым каухар таш чөгөрүлгөн, төбөсүнөн кырбуусуна чейин төрт талаа жыш бермет тизилген, кырбуусуна тегерете алтын жалатылган күмүш күбөктүү желбирчектер тагылып,күрөң кундуз менен кыюуланган шөкүлөнү, сагагына кызгылтым майда акак таштар чөгөрүлүп, бермет тизилген алтын сөйкөнү алып чыгып: — Байбиче, мына Кулан кызыңызга салынуучу сөйкө, шөкүлө, — деп Кусубалды байбиченин колуна карматты. — Азем буюмдар экен, — деп Кусубалды шөкүлөнү кызыга карап: — жеңелери салар сөйкөнү, шөкүлөнү тойдо кийет да, — деп Уулбалага берди. Эркектер буюмдарга назар салбаган болуп өздөрүнчө кобурашып, салабаттуу отурушат. — Кана, кызыбыздын сөйкөсү кулагынан, шөкүлөсү башынан түшпөсүн, бата тилейли, —деп Ныязбек бийдин байбичеси алакан жайды. Бата тиленери менен эшиктен кирген жигит ийиле салам айтып: — Конокторго арналган малга бата сурайбыз, — деди. Отургандар жапырт ордунан туруп,эшик ачыла сыртка чыгышты.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   Disappear   13 Март 2019 - 09:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Үйдөн оолагыраак, кермеден берки аш үйдүн алдында кысыр эмди тай ноктосун кармаган жигиттин колунда ойноктоп турат. Эл кыркар тарта кыбыланы карашты: — Оо, Жараткан, эл журт тынч болсун, айдан аман, жылдан эсен бололу, кайындалган эки чүрпө бактылуу болуп, үрөн-бутактары өссүн, оомийин Аллоху акбар, — деп жапырт бата тиленди. Куда-кудагыйлар үйгө киришип, мейиз чайкалган кымыз сунулуп, астейдил субкатташууга өтүштү. Конокторго атайын өргө көтөрүлүп, эки өргүй конок болушту. Көңүлдөгүнү төгө баарлашып, чер жазышты. Коноктор узар күнү чай үстүндө Боронбай: — Баатыр аба, — деди Ныязбек бийди карап, — ата-бабадан калган кеп бар эмеспи: Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт деген. Ормон баатыр сизден өтүнө албас, небереңизге калын айтсаңыз, — деди сакалын сылай салабаттуу калыбында. — Ээ, бий кудам ай, биз эми картайдык. Биздин убак өтүп кетти го. Сөз эки куда өзүңөрдө болсун, — деди Ормонду карап. — Кудалашуубуз да салттан тышкары болду эле. Мен кызыма калың сурагым келбей турат. Кара чечекей балабыздын наркын малга бычпайлы. Кандай каадаменен келесиз — эрк сизде, — деди Ормон кудасына сала-сал эте. — Туура сөз. Ата-бабадан бери калыптанып калганы эле болбосо, кара башыл адамды малга баалоо Кудайга жакпаса керек. Ормон баатыр жаңы жөрөлгө баштады, — деди Калыгул акылман. — Дурус, дурус, биз да өз баркыбызды сактай келербиз, — деп сакалын сылады Боронбай. — Сары журт болуп, конуш эскирип баратат. Он чакты күндө конуш которобуз —кабарлашарсыңар, — деди Ормон. Чайдан кийин кымыз сунулуп. Өспүрүм Сейилкандын комуз черткенин угушуп, түштүгүнө союлган баглан козунун эти желгенден кийин, баалуу кийит кийишкен кудалар айылдарына кайтышты.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   Disappear   13 Март 2019 - 09:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

КАБАР

Баш жагын мөңгү баскан карагайлуу тоо этегинин ылдый эки тарабынан дөңсөөлөнгөн жашыл адырлар капшырган көк шиберлүү кең өзөн чалкаят. Өзөндү жара аккан тоо суусунун өйүз-бүйүзүндөгү тай чабымга созулган жайыктар жогорулаган сайын куушурула тоо этектеген караган-шактуу колотко такалат. Мөңгүдөн куралган тоо суусунун башаты бийик аскадан атырыла ак тасмадай созулуп, карагайлуу тоо бетинен анда-санда жылт көрүнө, карагай-чер аралай, коктунун таманынан нугун таап, өзөндү жара көбүк чачып жулкунат. Коктунун жапсарындагы эгиздей окшош, тоңбос эки мөл булактын агымы шоорат сала тоо суусуна кошулат. Ушундан улам жайлоо Кош-Булак деп аталат. Кош-Булактын мөл суусу кермек даамдуу болгондуктан касиеттүү деп эл дарыланып сыйынышат. Кош-Булактын эки тарабында өскөн четиндин жалбырактарына дайыма чүпүрөк айрындылары байланып турат. Өзөндүн мемиреген ээндигине каңырт сала, күн батыш жагындагы кашатты кыялай келаткан кызыл-тазыл көч көрүндү. Өзөндүн төр жагынан дүбүрт сала каптап кирген көп жылкынын алды өзөндөн суу ичип жайылууда. Көч башында жүгү азем жасалгалуу, жибек буйлалуу, чуудасы төгүлгөн кара атанды жетелеп,басыктуу карагер атчан, ак элечек ороно, жашыл макмал чепкенинин этектерин тизесине кыса, булгары маасы-көлөччөн буттарын күмүш жалатылган үзөңгүгө бошураак таяп, жашы кырктан ашып калган ак саргыл толмоч аял келатат. Кара атанга кооз сызмадан чачылуу нокто катылып, чүлүгүнө жибек буйла тагылган, жүгүнүн үстүнө кызыл күрөң калы килем жабылып, түндүк бастырылган, эки жагына самоор, кооз көөкөрлөр байланган, жүктөн көрүнгөн уук-керегелердин баш-аяктарына оймолонгон чачылуу уук кап, кереге каптар кийгизилген, төө комунун кызыл ала чачылары боорунан ылдый самсаалайт. Жүгү азем,чуудалары чубалган кара атандын калбаат кадамдары карагердин шайбыр басыгына төп келе каалгый келатат. Көчтө экинчи болуп мойнуна жылаажын тагылып, жүгүнө килем жабылган, жибек буйлалуу карача каймал жетелеп, кула жорго минген каркыралуу, бойго жеткен кыз көрүндү. Башында үкүлүү кундуз тебетей, кайырма жакалуу кызыл баркыт кемселчен, мойнунда тутам анжиян шуру, сагактуу алтын сөйкө салынган кемселинин этегинен ашкан кош этектүү сары жибек көйнөгү күмүш үзөңгүгө таяган кара булгары маасы көлөчүнүн өкчөсүн жаба, тизгин-чылбырын тыкан кармап, оң колундагы күмүш чегелүү элик сап камчысын анда-санда солбуйт. Кундуз тебетейинин кырынан көрүнгөн жазы маңдайы,субагай ак жуумал жүзү, ийилген кыйгач кара каштары, сурмалуу кара көзү, эптүү кымтылган эриндери төп келише, жаактарын жаба сеңселген беш өрүм кара чачтары кыздын жарашыктуу келбетин ого бетер көркүнө чыгарат. Жетегиндеги карача каймалдын элпек кадамдары жоргонун басыгына айкалыша шыңгыраган жылаажын үнү көчкө өзгөчө шаң берүүдө. Үчүнчү болуп аземделип үй турманы жүктөлгөн ботолуу боз инген жетелеп, жалдуу күрөң жорго минген, тик жакалуу сур тукаба кемселчен, жибек тасмалуу элечек оронгон жаш келин көрүндү. Буудай өңдүү субагай жүзү, кырдач мурун, жазы маңдай, каштары тууган айдай ийилген, сурмалуу кой көзүнөн кумар мээрими жана, жоргонун басыгына төнө бактылуу сыяктанат. Көч Ормондуку, куданы жаңы конушта тосуу үчүн Кош-Булакка конгону келатат. Көч баштаган карагер жоргочон улуу аялы Кусубалды, карача каймал жетелеп, сур жорго мине суйсалган кичүү кызы Кулан, жалдуу күрөң жоргочон кичүү аялы казак кызы Уулбала сулуу. Аларды ээрчий ар кандай жасалгалуу жүктүү төөлөрдү жетелеп, алына жараша кийинген элечекчен, жоолукчан аялдар, тебетей, такыя кийген бойго жеткен кыздар чубоодо, мингендери да ар түрдүү. Шайдоот жигиттер тандамал аттарды минип, ооган жүккө,жыгылган унаага көз сала, көч жандап келатышат. Ормон өзү айылдагы сакалдууларды, жигиттерин ээрчитип, эртең менен көч жөнөй электе конуш чалуу үчүн Кош-Булакка жөнөп кеткен. Кимдин үйү кайсы конушка түшөрүн аныктап болушуп, суунун жээги кашат алдындагы дөңдө ар тарапка сереп сала, аңгемелешип отурушат. Аттары төмөнүрөөк caрт байлоодо турат. Илбериңки жигиттер серке чаначтан кымыз куюп, отургандарга сунууда. Кыядан өзөнгө түшкөн көчтү тосо чыккан жигиттер жүктүү төөлөрдү белгиленген конушка баштап, өйүз-бүйүзгө үйлөр тигиле, көк шиберлүү өзөнгө шаң кирди



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   Disappear   13 Март 2019 - 09:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Кеч бешим. Суу бойлогон өйүз бүйүздөгү көк жайыктар көркүнө чыгып, чатыраган эки айылда, көөнөрөөк бөз үйлөр, жолум алачыктар ак өргөлөр арасында комсоо көрүнүшөт. Ормонго тиешелүү он эки канат ак үй айылдын өйдө жагына обочо тигилген. Чоң үйдө Кусубалды байбиче, тогуз канат өргөнүн биринде Уулбала, бири Куланга арналып көтөрүлгөн, биринде ашмачылары, бири конокторго тигилген. Үйлөр тигилип бүтө дөңдөгүлөр caрт байлоодогу аттарына минип, өз үйлөрүнө жөнөштү. Дамамат жанында жүрүүчү эки жигити менен Ормон чоң үйүнө жөнөдү. Тушуна түпөктүү найза сайылган даңкайган ак үй уйпалана элек көк шиберде чатырап көрктүү да, сүрдүү да көрүнөт. Мал аягы тие элек жайкалган көк шибер кыбыладан соккон сыдырымга жапырылып, кеч дигердеги күн нуруна жалтылдайт. Үйдөн обочороок тартылган кермеге келгенде жигиттердин бири шып жерге түшүп, Ормондун атын алып, кермеге байлады. Саза да аттан түшүп, Ормонду ээрчий баса үйгө бет алышты. Эки жигиттин бири алдыга өтүп, эшик ачты...
Үйдүн жасалгасы орду менен олуттуу да, сүрдүү да. Ормон көлөчүн улагага калтырып, калпагын, чепкенин эпчи улагадагы күмүш ачалуу ала баканга илип, кемселчен, топучан төрдөгү аюу талпакка отурганда, аялы тура калып, жүк үстүнөн жаздык алып, оң жагына койду. Саза да жеңилдене эр жактагы кара көлдөлөң үстүнө отурду. Кусубалды байбиче оймолуу кара көөкөрдөн кымыз куюп, Ормонго да, Сазага да сунду. Кымыздан кере жутуп, тамшана жерге коюп, мурутун сылай: — Байбиче, конушуңду майлайсың го, — деп жылмая Кусубалдыны карады Ормон. — Кысыр эмди жабагы камдатып койдум эле, силерди келип бата жасайт, деп күтүп отурабыз, — деди камдуу байбиче. — Аа, дурус иштепсиңер, — деп кымызды түгөтө жутуп аягын узатты Ормон. — Мал-аш үйдүн жанында, союучу жигиттер да даяр, — деди бабиче. Кымызга бата тиленип тышка чыгышты. Үйдөн он-он беш кадам оолак шымаланган жигит ойноктогон жабагыны кармап турат. Кыбылага бет ала Ормон: — Оо, Жараткан, тынчтык бере көр, конуш оттуу, куттуу болсун, Аллоху акбар, — деп бата тиледи. Үйгө кирип жайланып отургандан кийин: — Конушту жалгыз майлабайлы. Киши жиберип, Калыкеме, Төрөгелдиге, башка сакалдууларга айттырып койгула. Байыма жетише албаспыз. Өзүнчө чакырарбыз, — деп байбичесине карады Ормон. Амалкөй, эпчил, акылдуу жигити Саза купулуна толгондуктан көп иштерин ага ишенип кеңешчү. Азыр да экөө Көтмалдыдагы жыйын, уруулар арасындагы өйдө-төмөн жагдайлар тууралуу ой бөлүшүп отурушту. Көз байлана Калыгул аке жана башка чакырылган карыялар, Төрөгелди, Адыл инилери келип, дасторкон жайыла самоор чайы үстүндө жаңы конуштун жайыты, Кош-Булактын дарылык касиети жөнүндө кеп салынып, беймарал аңгеме куруп жатышты. — Кудаа каласа жайыт оттуу экен, иши кылып элге тынччылык болсо эле болду. Теңир жалгагыр Ормон баатырдын айдыңынан айбыгып, Кокон сыпайлары да мурдагыдай сороңдоп айыл аралап тынчты алганын коюп калды, — деди жанатан сөзгө аралашпай эпчижакта отурган кызыл чийкил кара сакал салабаттуу киши. — Кимбилет, ала чапандардын амалы күч эмеспи, — деп чайдан ууртап, жерге кое малдашын түзөдү Адыл мырза. — Ажыбек датка жыйында айтпадыбы, Кокон бизге жагынгысы келип турган го, — деп күлүмсүрөй Ормонду карады Төрөгелди баатыр.
— Кокондун айласы түгөнүп турат го. Кудай жолунан безген хан сөрөйдү эли да, Букар кошунасы да жек көрүп турган кези, — деди унчукпай ойлуу отурган Калыгул акылман. — Укканбыз маскара сынакор хандын жоругун. Маскараны Кудай урар, — деп жакасын кармай тобо келтирди отургандардын баарынан жашы улуу ак сакал карыя. — Кудай алдында жазалайм, деп Букаранын падышасы Коконду чапканы турат деп уктук, —деди Калыгул акеден төмөнүрөөк отурган кара сакал салабаттуу киши. — Шариат жолунан чыккан немени жазалайм деп Кашкар кожосу да камынып турушу ыктымал, — деди Төрөгелди. — Кашкар кожосунун айласын кытайлар кетирип турат го, — деди Адыл. Ат дүбүртү угулуп,иттер үргөндөн улам тышка чыккан кызмат жигиттеринин бири шыңга бойлуу, кара сур таар кемселин кайыш кур менен курчанган кер мурут жигитти ээрчите кайра кирди. Бейтааныш жигит: — Ассалоому алейкум, — деп салам айта, сыңар тизелей улагага отурду. — Алейкума салам, жол болсун, өйдөлөй отур, — деди Ормон жигитке сынаакы көз жибере. Өйдөлөп Адылдын жанынан орун алган жигит суратпай сөз баштады: — Көтмалды жактан Сары-Камыштан келатам. Турдубай аке атайын жиберди. Ормон баатырга айтып кой, беш-алты сыпай менен чеп башы Ташмукаммет барат экен. Не бар, не жок деди, — деп сунулган чыныны алып оңдонуп отурду жигит. — Аа, келатыптырбы, мейли, жолу болсун. Ниетине жараша кабыл алабыз да, — деди Ормон ойлуу калыбында. — Жоолашканы келе атпаса керек. Ажыбек датка айткан хандын чакырыгын алып келиши мүмкүн. Сыр алдырбай, орду менен тос. Атайын үй тиктир, куйуна жараша узатарсың, — деди Калыгул аке. — Ооба... ооба, ошентели. Айылдан обочо, өзүнө бир, сыпайларына бир үй тиктиргиле. Аттарына керме керилсин, тейлей турган жигиттер шай болсун, — деп Сазага карады Ормон. — Келер убагы кайсы экен? — деп кабарчы жигитке карады Саза. — Толуктап айткан жок. Эртең, же бүрсүгүнү келчүдөй түрү бар го, — деди жигит. — Не бар, не жок, отуз-кыркча жигит куралдана бугуп турушсун. Чоң үйдүн алдына, алар үчүн тигилген өргөнүн алдына куралдуу жигиттерден кайтарык койгула. Келүүчү жолуна байлатып тургула. Күн мурун кабар алгандай бололу. Калганын убагында көрөбүз, — деди Ормон. — Ошенткениңер оң, сактыкта кордук жок. Жакшы санаа деген болуп, жай келишсе, сен да сыпайкерчилик менен узатарсың, — деди Калыгул акылман. — Кандай дейсиз, эгерде жай келишсе Кокондун бегин Төрөгелди, Адылдар эле тосуп, сый көрсөтүшсүн. Мен узатарда бул үйгө чакырып көрүшөйүн. Ушул үйдөн узаталы, өзүңүз да болосуз да биз менен, — деп Калыгулга кайрылды Ормон. — Ошол оң болот. Капталыңды ачпай, ызаат менен салкын эле узатканың туура болор, —деди ойлуу отурган Калыгул. Аркы-беркини айта сүйлөшүп отуруп, конуш майларга келгендер тай этин жешип, түн бир оокум болгондо кайтышты.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   Disappear   13 Март 2019 - 21:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Күн тоо башынан кылая, көлдүн күңгөйү менен беш-алты атчан келатат. Алдыга бөлүнө ат жабдыгы келишкен, суйдаң жалдуу кара аргымак минген киши өзгөчө көзгө илинет. Сургулт чалмасын алчыланта оронуп, көк бейкасам чапанынын ичинен кийген ак кемселине чепкенине түспөлдөш көк белбоо курчанган, сол ыптасында Шам усталары соккон кындуу канжар, тулкусу чымыр кызыл чийкил тегерек бет, маңдайы жапыз, куш мурун, эриндери түйрүк. Быжыгыр кара сакалына кыскарта серпилген муруту куюлуша түйрүк эриндерин алкактап тургансыйт, коюу кара каш алдындагы алагар көздөрү текеберлүү тиктейт. Бул Кокон хандыгынын Көтмалды чебин башкарган Ташмухаммед бек. Анын артындагы жалдуу көк ат минген, ак селдесинин учу күрөң бейкасам чапанынын жонунан ылдый түшкөн, эткээл тегерек жүздүү, үрпөйгөн узун каштары кабагын жапкан, кыркыла тегизделген көк ала сакал муруттуу улгайган киши чептеги мечиттин имамы Ахрар ажы. Алардын артында топуларынын сыртынан жеңил чалма оронуп, бачайы чепкендеринин ичинен кылыч байланган беш сыпай келатат. Ормондун кокон сыпайларына көрсөткөн кордугу жөнүндө кабарды алса, ордодон аскер келет, өзүм барып, айылын өрттөп, өзүн колго түшүрүп ордого жөнөтөм деп өзүн сооротуп жүргөн Ташмухаммед бек бүгүн Ормондун алдына кечирим сураганы күнөөкөр катары баратат. Ызага ичи бышып, буулугуп бараткан бек Ахрар ажыга: — Хазрети, мен түшүнбөдүм ордонун жарлыгына... кыргыздар хан бийлигин тааныбай ордо кызматында жүргөндөргө мүшкүл кордук көрсөтсө, Ормонду жазалоонун ордуна эми минтип баратабыз, — деди оюн толук бүтүрө албай күйүп-быша. — Ээ, бегим, нени айтасыз, аргасы кеткен ордонун амалы да, — деп ээрдин кашын кармай оңдонуп отурду мурда атка минбегендиктен коомай бараткан ажы. — Я, хазрети, Ормонго наам берип, тартуу тартып, пас болгондон көрө, жүз сыпай жиберсе болот эле да, — деп тизгинин жыя нааразыланды чеп башы. — Бек, ойлоп көрүңүзчү, ары жагында Бухар эмири Насрулло ордону басып киргени турса,кантип бул жакка аскер жиберет. Өтө коркунучтуу абал болуп турат ордо үчүн. Эмне болорун Кудай билет, — деп жакасын кармай тобо келтире күрсүндү көптү көргөн имам. — Насрулло Бухараны башкарбайбы, Кокондо эмне иши бар экен, — деп күдүктөндү Ташмухаммед. — Аа, анын да өзүнчө жүйөөсү бар. Ал шариат жолунан чыкканды жазалайм, деп каарданып турат го, — деди Ахрар ажы. — Ким анын колунда экен, кимди жазалайт экен, — деп алаканын жая таң кала сүйлөдү бек. — Хан падыша айым жайын укпагансызбы, — деп ичинен жылмайды ажы. — Укпай анан... дүйнөдө андай чырайлуу аялзаты жок дейт го. Бир көрө албадык го дидарын перинин, — деп күрсүндү ургаачы жандуу Ташмухаммед. — Эмесе, ошол перини жазалайм деп чамынып турат Насрулло эмир, — деди Ахрар. — Немеге? — деп таң калгансыды бек. — Никеге турду хан менен, шариат жолуна туура келбес иш атасынын аялы болгондон кийин, дейт экен Насрулло эмир. — Атасы эбак өлгөн да, — деп таң калды, иштин ички жагдайына түшүнө албаган, дин жагынан сабаты анча эмес бек. Чеп башынын караңгылыгын туйган Ахрар ажы бир аз буйдалды. — Чынында бул түйүндүү иш. Бул кепти токтотолучу бек, — деди алды-артын ойлогон аяр имам. Сөз токтолуп, атчандар кокту өрдөй солго бурула Кош-Булак жайлоосун карай бет алышты. Көтмалдыга чогулган кыргыздардын жыйынына өзү да, чептин имамы да чакырылбаганына ыза болуп, жасоо куруп кыргыздарды чаап алууну дегдеп турганда, Ормонго Парваначы наамы берилгенин кабарлап, аны ордого сыйга чакыруу үчүн өзүн барууга буйруган жарлык Ташммухаммеддин аргасын түгөткөн. Жарлыкты аткарбай коюуга чарасы жок чеп башы имамды ээрчитип, саардан жолго чыккан сапары эле. Кокту өрдөй өйдөлөп барып солго бурула, кыя жол менен белеске чыгышып, артылыш жолдо ар кимиси өз ою менен алектене баратышат. Бир кыйла жүргөндөн кийин сол тараптан мөңгүлүү, карагайлуу тоо бети көрүнгөндө сыпайлардын бири: — Бек, Кош-Булакка чукулдап калдык көрүнөт. Тээтиги карагайлуу беттин алды кенен, ошону Кош-Булак дешет, — деди сыягы мурда бул жакка каттап жүргөн сыпай. — Аа, ошондойбу? — деди ээрине оңдонуп отура, — хазрети, кандай кабыл алар экен кыргыздар, — деп Ахрар ажыны карады Ташмухаммед бек. — Кудаага сыйынабыз да, хан бийлиги атынан келебиз. Колубузда жарлык бар. Кантсе да эл башкарган Ныязбек бийдин уулу эмеспи, сый менен кабыл алар деп ойлоймун. Сиз бек каадасын тутуп, сыпаа болууга, көп сүйлөбөөгө аракеттениңиз. Мен кыргыз бектери менен жолугушууларда болуп көргөнмүн. Булардын каада-салттарын да бир аз билемин. Сиз өзүңүздү кайтарууга сыпайларды койсоңуз осол болор, — деди имам.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   Disappear   13 Март 2019 - 21:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Айылга жакындаганда бойлорун түзөп, оңдонуп отура шайбыр жүрүшкө өткөн атчандар эки үч артылыштан кийин белес аша, кашатка чыкканда көз алдыларына келбээрсиген КошБулак өрөөнү тартылды. Төр жагы ак мөңгү баскан карагайлуу аска тоо, көйкөлгөн көк шиберлүү өзөндү жара аккан көк кашка тоо суусунун эки өйүзүнө конгон калың айыл, көк шиберлүү түзөңдө чатыраган ак үйлөр көздүн жоосун алат. Берки өйүздөгү айылдын өйдө жагына тигилген беш үй өзгөчө көрүнөт. Он эки канат аземдүү ак үйдүн оң ыптасына түпөктүү найза сайылган, ак калпак, ак пиязы кемселчен, күмүш кемер курчанып, кылыч байланышкан, саймалуу кандагайларынын багалектери көн өтүктөрүнүн өкчөсүн жаба көлбүгөн шайдоот эки жигит эшиктин эки жагында турат. Көтмалдыдан келүүчү коноктор үчүн ашкана үйдөн өйдөрөөк көтөрүлгөн ак өргөнүн жасалгасы да өзгөчө. Атчандар кашаттан көрүнгөндө утурлай алдынан тосуп чыккан эки жигит меймандарга салам айта, атайын көтөрүлгөн өргөгө узатып келип, колтуктап түшүрө, аттарын кермеге байлашты. Өргөдөн чыккан салабаттуу Саза колун көкүрөгүнө баса салам айтып, ызаат менен өргөгө кирүүлөрүн өтүндү. Тогуз канат өргөнүн ичине ала кийиз, шырдактар салынып,үстүнө кара саксак көлдөлөңдөр төшөлгөн. Төрүнө адеми жууркандардан чакан жүк жыйылып, ак жаздыктар тирелген, капшыттарына килемдер тартылган. Кокондуктарга ыңгайлуу болсун үчүн төргө кыдырата жаздыкчалар коюлган. Эпчи жагында кийим илүүүчүн күмүш чабылган ачалуу ала бакан турат. Үйгө кире бир аз элейе калган кокондуктарга: — Өтүңүздөр төргө, маркабат, — деп сыпаа ызаат көрсөттү Саза. Коноктор сырт кийимдерин чече ала баканга илип, төрдөн жай алышты. Ахрар ажы алаканын жая: — Аллоху акбар, Аллахи таала эл-журтка тынччылык, береке, бейпилчилик берсин. Элине кызмат өтөгөн Ормон баатырдын мартабасы өссүн, — деп бата тиледи. Саза сыңар тизелей отуруп имамга кошула бетин сыйпай күбүрөдү да: — Кандай, азиз меймандар, чарчабай, арыбай келдиңиздерби? — деп жай сурады. — Кудаага шүгүр, — деп коноктор жарыша ыраазылык билдиришти. Тыштан ийнине сүлгү иле кирген жигит колго суу куюп, дасторкон жая боорсок, эжигей, курут, сары май коюп, көөкөрдөн сыр аяктарга кымыз куюп, меймандарга сунду. — Алыңыздар, чаалыгып келдиңер го, күн да ачуу тийип турат, — деп өнтөлөгөн болду Саза. Коноктор кымыздан кере жутуп дасторконго коюп, муруттарын жаный жайланып отурушту. — Алыңыздар, биздин өрүк, мейиздерибиз ушулар, — деп дасторконду жаңсай меймандарга жылмая карады. — Оо, булар өтө ширин даамдар да, — деп эжигейден оозуна салып, жолдошун карады бек. — Кандай, Саза мырза, Ныязбек бий күүлүү турабы? Ормон баатыр демдүүбү? Өзүңүз бакубат жүрөсүзбү? — деди мурда Сазаны көрүп жүргөн Ахрар ажы. — Ыракмат, азирети, бий, Кудайга шүгүр, күүлүү-күчтүү жүрөт. Ормон баатыр эл камында.Кокондун улуу даражалуу ханы Мадалы таксырга жакшылык тилейбиз. Кандай, таксыр ханыбыз ден соолукта элин бакубат башкарып турабы? Анын караанында ордо билермандары күүлүү турушабы? Кокон эли тынч бейпилдикте турабы? — деп ызаат менен имамга жооп кайтарды Саза. — Тилегиңизге ыракмат, Саза мырза, Тендешсиз улуу падышах, сахип кыраан Амир Темир урпагы, Алтын бешик мураскору улуу даражалуу таксыр Мадали хандын калкасында эл-журт эсен, тынччылыкта турат. Касиеттүү ордодон, таксыр Мадали хандын өзүнөн салам дуба алып келдик. Ормон баатыр менен учурашып кайтсак деген ойдобуз. Урматтуу Ташмухаммедбек ордонун өкүлү, чепте да бул кишини зарурат иштер күтүп турат, — деди имам кымыздан татып жерге кое. — Чоң ыракмат, биздин тилегенибиз да ордого жакшылык. Ормон баатыр менен да жолугасыздар, убагы келгенде, — деди Саза. Эшиктен шуулдай кайнаган самоор кийирилип, шамдагай жигиттер чыныларга чай куюп сунушуп, меймандар сый үстүндө отурушту. — Сыпай жигиттер тиги үйдө өзүлөрүнчө конок болууда, кам санабаңыздар. Жай отуруп даам татып, эс алыңыздар. Кыргызда жол азабы, көр азабы, деп айтылат, — деп сөзмөр Саза өткөн замандын кызыктуу окуяларынан кеп сала меймандарды күлдүрүп, үй ичин көңүлдүү маанай ээлеп турду. Эшиктен кирген жигит Сазага: — Меймандарды түштөндүрөлү деп козуга бата сурайбыз, — деди. — Меймандар чарчап келишти. Тургузуп убара кылбай, козуңду баш бактыр — көрүшсө болду, конок тойбодум дебейт, сойбоду дейт, — деп күлдү Саза. Козуга бата тиленгенден кийин: — Эми, урматтуу бек, азирети ажы, бүгүн силер биздин эркибиздесиздер, сыйламак бизден, сый көрмөк силерден. Кымыздан ичип отуруңуздар. Убагы келгенде тамаша курдуруп беребиз, эрикпейсиздер, — деп күлдү Саза. — Ичтик го кымызды, — деп белбоосуна оң колун сыртынан өткөрүп, чалкалай ыңгыранды Ташмухаммед бек. — Ээ, бек, алдыда тура берсин, кымыз өз ордун табат. Азыр комузчу-ырчы да келип калаар,кыргыз айлына келип ыр, күү укпай кетүү арман болоор деп сөзүн бүтө электе, колуна комуз кармаган орто бойлуу, кара кемсел, ак калпакчан, кара сур, кер мурут жигит: — Ассалому алейким, Ала-Тоону аралай келген азиз меймандар, куш келипсиздер айтылуу Ормон баатырдын айылына, — деп салам айта эр жактан төмөнүрөөк орун алды. — Комуз кыргыз менен кошо жаралган, конок сыйын комуз, ыр коштобосо болобу. Меймандарга эрмек болоюн деп келдим, — деп Сазаны карады комузчу жигит, камчы салдырбаган сөзмөр Бекенбай. — Бали, азамат, таап сүйлөйт экенсиң. Саза мырза комуз деп айтаары менен кирип келгениң ажайып болду, — деп күлдү, эшикте тыңшап даяр тургансыңбы деген сөзүн айтуудан айбыккан Ахрар ажы.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   Disappear   13 Март 2019 - 21:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Дамбылда, бизде атайын чакырганга коңгуроо жок. Пейли жакшы сиздер өңдүү меймандардын урматына ырчыларыбыз чакыртпай эле убагында даяр болушат, — деп күлдү Саза текеберлүү отурган чеп башыга көз кырын жибере. Бекенбай ырчы кымыздан жутуп аягын узата, комузун күүлөп: — Дамбылда менен урматтуу бекке насыйкатты чертип берейин, — комузунун кулагын толгой күү баштады. Комуздун ойду жетелей, көңүлдү арбаган мукам кайрыктары адамзатынын асыл зат аруулугу, Алла таала бир бүтүн жараткан табият менен айрылгыс биримдиги, көчмөндөрдүн тобокелчил эр көкүрөк, адал, боорукер ийкемдүү жан-дүйнө туюмунан кабар бергенсип, бирде күңгүрөнө коңур тартып муңайым, бирде созолоно сыздай муңдуу, бирде көкөлөй эргип шаңдуу созулган ажайып ыргагы теребелди терметкенсип турду. Күүнүн акыркы кайрыгы бүткөндө: — Оо, жараткан, не деген кереметти кабарлады бул үч кылдуу жыгач, — деп сакалын сылай сөз улады көптү көргөн окумал аалым Ахрар ажы, — бали, уулум, бар бол, комузуң тээ дүйнө түпкүрүнөн кеп салып, делебени козгоду го, — деди Бекенбай ырчыга, кыргыз өнөрүнө ыраазылыгын билдире. Комуздун күүсүн кызыгып укса да анча түшүнө албаган бек Бекенбай ырчыга: — Ашулла айтасызбы, — деди. Бекенбайдын түшүнбөй калганын байкаган ажы: — Өлөң айтасыңбы, — деп бектин суроосун тактаган болду. — Өлөн эмес, «Манас» айтамын, — деди Бекенбай комузун керегеге жөлөп, ондонуп отура:
Тээ, тиги мунарыктап бурчтанган,
Булуңгур болуп учтанган,
Чет Бээжин деген жер ошол,
Черүүсү түмөн эл ошол.
Сараланы жоорутуп,
Көңүлүмдү оорутуп,
Качып чыккан мен ошол.
Калың кытай эл ошол.
Кадиксиз кооз жер ошол.
Жоктон бар болуп жаралып,
Киндик каным тамган жер,
Кичине жүрүп чоңоюп,
Күндөн күн ишим оңолуп,
Кишиликке жанган жер.
Жаштыгымды узатып,
Тамаша менен оюнга,
Канбаган жерим ошол жер.
Дудунун кызы Турнаны
Жандаган жерим ошол жер,
Агала шайы дамбалын
Кандаган жерим ошол жер, — деп кыймыл-аракетин келиштире күпүлдөгөн Бекенбай бир аз токтогондо үй ичи дуу күлкүгө жаңырды. Сөздөрүн түшүнө бербесе да, манасчынын элестүү кыймылы, айрыкча армандын акыркы эки сабы өтө жаккан Ташмухаммед каткырып күлө, дагы айтсаңыз, — деп өтүндү. Кымыздан кере жута бир аз демин жыйган Бекенбай:
Кааладым келдим диниңди,
Калыйпа султан пириңди,
Кангайдан кайтып келгенде,
Хан кыл деп айттым кимиңди?
Каарым келди какайдым,
Кайра бузам динимди.
Ханың экөөң бир болчу,
Кагайынбы жиниңди.
Мээледим келдим диниңди,
Мекеде султан пириңди,Б
ээжинден качып келгенде,
Бек кыл, деп айттым кимиңди?
Бегиң экөөң бир болчу,
Мертинтейин белиңди.
Какая кылган кызматым,
Калың кыргыз эл үчүн.
Калкка кызмат кылдырбай,
Кайтарып жүрүш кай күчүң?
Эрикпей кылган кызматым,
Эзелки кыргыз эл үчүн,
Элге кызмат кылдырбай.
Ээрчип жүрүш кай күчүң?
Элдүү киши зор экен,
Элинен азган кор экен.
Элинен азган жигитке
Эртелеп өлүм оң экен.
Калктуу киши зор экен,
Калкынан жазган кор экен.
Калкынан азган жигитке
Кадимки өлүм оң экен.
Атаңдын көрү дүнүйө,
Арбыды мээнет күнүгө.
Атпай түрктүн балдары
Жамандык кылдым кимиңе,
Каарым келди какайдым,
Катылбай койбойм бириңе, — деп күпүлдөп токтогондо күлүп отурган бек сөзүн түшүнбөсө да, бул саптардан кандайдыр бир жигердүү кайратты туя, мостое түштү. Анын көзүнө Кокон сыпайларынын кордолгону элестеп турду. Бекенбай чоң казаттан дагы үзүндүлөрдү айтып, Алмамбет кол башынын аскерлерди он башы, жүз башы, миң башы, түмөн башыга бөлүп башкарганын, бир жолу аскерлеринин санын тактаганда бир киши жок болуп чыкканын, издей келгенде ТазБайматтын он башылыгында эсептелип жүргөн Манасты унутуп калышканын айтып, конокторду күлдүрүп, курсант кылып отурду.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   Disappear   13 Март 2019 - 21:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Убакыт өтө куйрук боор, шорпо сунулуп, эт тартылды. Куймулчак Ахрар ажыга, баш Ташмухаммеддин алдына коюлду. Казак, кыргыз ичинде болуп көргөн ажы адегенде кабырганы сыйрып, анан куймулчакты аздан кесип жеп отурду. Ташмухаммед башты колуна алып тегерете карап: — Калланы не кылады, — деп бычакты колуна алып, кай жеринен кесерин билбей кысталып турганда: — Бек, аны мен тууралап берейин, сиз буларды эрмектеп туруңуз, — деп алдына арка койдуда, баштын төбөсүнөн ылдый жара тилип, куйкасын кулактары менен эки жагына жазып, көзирмемде башты сөөктөрүнөн ажыратып, эки көзүн тостойто мээсине, кеңилжерине кол тийгизбеген бойдон бектин алдына койду. Бул көрүнүшкө айран таң калган ажы менен бек бири — бирин сырдуу карай Сазага ыракмат айтышты. Эт желип, кол жуулгандан кийин, Бекенбай комузуна кол ойнотуп черте конокторду таң калтырып тамаша салууга өттү. — Саза мырза биздин сапарыбыз карыды го. Кыргыздар кел демек бар, кет демек жок дешет эмеспи, — деди Ахрар ажы. — Чакырып келтире албай турган меймандар өзүлөрү келсе. Биз бир өргүтүп тай сойбой кетире албайбыз го, — деди Саза. — Ыракмат, бизди зарурат иштер күтүп турат чепте. Ормон баатырга жолуктуруңуз, — деди Ташмухаммед. — Азыр бир аз күтөсүздөр, — деп кымыз сундуруп, Кокон-Кыргыз ынтымагы жөнүндө өз ойлорун айтып, конокторду сөзгө алаксытып отурду Саза

Чоң үйдө төрдө Калыгул аке, ага катар Токтор аке, алардан төмөн эр жакта Ормон, Жаманжээн, Төрөгелди отурат, Адыл экөө конокторду узатууга келишкен. — Ормон баатырды ордого сыйга чакырган кабарды алып келишиптир, дешет го, — деди Токтор аке. — Ошондой дейт, Саза тосуп алып сыйлап отурат, — деди Ормон. — Чакырыктын жөнү кандай болду экен, ошого жараша узатасың да, — деп Ормонду карады Калыгул аке. Аңгыча эшиктен кирген жигит адеп менен ийиле: — Баатыр, коноктор бүгүн эле кетебиз, сиз менен жолугушсак дешет, Саза акем жиберди, —деди. — Кандай отурушат коноктор, сыйлап атасыңарбы? — деди Ормон. — Саза акем менен сүйлөшүп отурушат. Бекенбай байке “Манас” айтып берди. Козунун эти желип бүттү, — деди жигит. — Андай болсо келишсин мында, — деди Ормон кебелбеген калыбында. Өргөгө кайра келген жигит Сазанын жанына келип бүлк эте бир деме дегендей болду. — Болуптур эмесе, өргүп кеткиле десе болбодуңар, Ормон баатырга жолугалы, — деп ордунан тура ызаат менен меймандарга карады Саза. Ийкемдүү элпек жигит кийимдерин кийгизип эшик ачты. Ахрар ажы чыгып баратып: — Сыпай башыга айттырыңыз куржунду алып артыбыздан келсин, — деп Сазага кайрылды. Саза жигитке ишараттады.

Чоң үй. Төрдө аюу талпак үстүндө салабаттуу Калыгул бий, андан ылдый отургандардан мойнунча озо, денеси олбурлуу, кара сурунан келген, чап жаак жүзүнө төшүн жаба жайкалган кара сакалы жараша, дөңсөөрөк кырдач мурун, кабагы бийик, тереңинен кайнаган оттуу сургулт көзүн ирмебей тиктеген, турпатынан эр сүрү жанган Ормон, башында төбөсү бийик кара кыюулуу ак калпак, тик жака ак кемселине күмүш кемер курчанган, кенен чалбарынын багалеги булгары маасысынын кончуна камтылган, малдаш уруна кебелбей отурат. Андан төмөнүрөөк өткүрлүгү, эрлиги менен казак, кыргызга таанымал Төрөгелди, Адыл баатырлар орун алышкан. Эпчи жаккы төрдө жеңил кийме элечек оронуп, кара кемселине саймалуу белдемчи байлаган, ак жуумал толмоч Кусубалды байбиче отурат. Эшиктен кирген селдечен, көк ала сакал дин адамы дамбылданы көрө баары ордунан туруп ызаат көрсөтүштү. Кыдырата кол алышып келип, Ахрар ажы Калыгулдун жанына, ага удаа Ташмухаммед бек отурду. Имам дуба окуп, колун жая баары бата тилешти. — Калыгул акасакал, Ормон баатыр, эл-журтуңар эсен, мал-жаныңар түгөл, бакубат турасыздарбы? — деди Ахрар ажы. — Кудайга шүгүр, Алла таала чачкан ырыскыны татып элибиз эсен турат, биз да эсенбиз эл ичинде. Өзүңүздөр арыбай келдиңиздерби? Урматтуу өкүмдар, таксыр Мадалы хан демдүүбү. Кокон ордосу, эли тыныч, байгерчиликте турушабы? — деп Ахрар имамдын соболуна сылык жооп кайтарды Калыгул акылман. — Алла тааланын рахими жааган сахип храан, улуу падыша амир Темирдин урпагы, бүткүл Индустан, Түркстанга өкүмдар болгон Бабур падышанын алтын бешигинин мураскору, мусулман журтунун калканычы Омар ибн Мухамед Али хандан, ордо жамаатынан салам дуба алып келдик. Касиеттүү Ала-Тоо кыргызына, журт атасы ак сакалдарга, Ныязбек, Калыгул бийлерге, эл башында кызмат өтөгөн Ормон баатырга жакшы санаабызды билдиребиз. Касиеттүү ордонун көл жээгиндеги өкүлү урматтуу Ташмухаммед бек жана имам Ахрар ажы мен улуу даражалуу хандын белектерин алып келдик. Кана Сабыржан, чыгарчы хандын белектерин, — деп улагада отурган сыпайга кайрылды. Ал илбериңки кыймылдап, ак куржундан кымбат баалуу ак кездемеден тигилген чепкенди, атайын жашыл топу үстүнө алчыланта оролгон сургулт чалманы, ага түстөш белбоону алып чыгып, Ташмухаммед бекке берди. Бек ордунан салабаттуу тура: — Касиеттүү Кокон ордосу, улуу урматтуу Мадали хан Арка кыргыз элинде береке, ынтымак болушун каалайт. Арка кыргыз журтунун эл башысы Ормон баатырга эли үчүн иштеген эмгеги үчүн Ордонун жогорку бийлик наамы парваначылык ыйгарылганын айтып, Касиеттүү ордого сыйга чакырууну жана хандын атынан ушул сарпайларды кийгизүүнү мага тапшырды, — деп чепкенди кийгизүүгө даярдап: — Алхамдуу-иллахи, бисмиллахи рахманирахим, — деп обдулганда, Ормон ордунан кебелбеген калыбында: — Ыракмат, байбиче алып койчу, — деди Кусубалдыга. — Падыша Кудаа эмес, Кудаадан жудаа эмес, хандын сыйлыгын кабыл алып кийип көр, —деди Калыгул акылман. Ормон каалгый ордунан турганда бек өзү жакын келип, суналган ак чепкенди Ормондун ийнине жаап, сургулт чалманы башына кийгизди. Олбурлуу москоол келбетине, кара сакалы жайкалган, сүрдүү кара сур ыраңына кыналган ак чепкен, алчылата оролгон чалма өзгөчө жараша көйкөлүп турду. — Сарпайы кут болсун. Кантсе да хандын табериги, — деди Калыгул. — Ыракмат бек, урматтуу дамбылда, чапан жаап сыйлаганыңарга. Ансыз дале элди зордукчулардан сактап жүрөм, — деп сүрдүү жылмая чепкенди, чалманы чечип: — Мына байбиче, алып коюңузчу, — деп Кусубалдыга берди. Сөздүн төркүнүн түшүнгөн бек менен ажы ыңгайсыздана бири-бирин карашты. — Бирөөнүн тоогун алсаң каз байла, деген кеп бар бизде, урматтуу бек, азирети ажы. Биз да колдон келген кызматты өтөрбүз. Ыракмат, деп коюңуздар Мадали ханга, — деди да Ормон куттуу үйдөн даам ооз тийишсин, — деп байбичесин карады. Дасторкон жайылып, даам төгүлдү


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   Disappear   13 Март 2019 - 21:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Чай үстүндө Ташмухаммед бек: — Ормон баатыр, сизди хан ордосуна келип, Парваначылык күбөлүк наамени, чен белгилерди алуу сыйына чакырат таксыр ханыбыз. Сиз качан барар экенсиз? Биз ордого кабарлоого милдеттүүбүз, — деди Ормонго суроолуу карай. — Бек биздин күн жүрүш жагыбызда чиндер ыкыс берип турат, түн жагыбыздан орустар жылып келатат. Мен элден алыс кете албаганым үчүн таксыр хандан кечирим сураймын. Берүүчүсүн ушинтип эле берип жиберсин. Убакты келгенде барып да каларбыз. Азирети имам, урматтуу бек, бүгүн өргүп мейман болуп, эртең узаңыздар, — деди Ормон. — Ормон баатыр, бизди Саза мырза жуда жакшы коноктоду. Комуз черттирип, ашулла айттырып эриктирбеди. Ыракмат, чепте иштерибиз зарурат, күн кечтеп баратат, кайталы, —деп чайга ыраазылыгын билдире чынынын үстүн жаңсады бек. Бата тиленгенден кийин Ормон Кусубалдыга: Азиретиге, бекке бир нерсе ыроолобойсуңбу, — деди. Кусубалды байбиче калибет кыймылдап жүк бурчунан жаңы тигилген ак пиязы чепкенди Калыгул акеге, ак кементайды Ормонго сунду... — Кана, Ормон баатырдын үйүнөн ийниңер жаңырып чыксын, келиңиз азирети, — деп чепкенди ажыга кийгизди. Кементайды Ормон бектин ийнине жапты. Кыргыз кийимдери бойлоруна жараша жылмая орундарына отурушту коноктор. — Сарпайылар кут болсун, — деп Калыгул аке меймандарды куттуктады. Ахрар ажы: — Аллоху акбар, Кокон менен Аркага Куда тынчтык берсин, — деди. — Ракмат, кыргыз туугандардан табылгыс таберик алдык, бизге уруксат болсо аттаналы, —деп бек үй ээсин карады. — Болуптур, кана эшик ачкыла, — деп ордунан турду Ормон. Күн кеч бешим. Асман чайыттай ачык. Коноктордун аттары чоң үйдүн алдына келтирилген. Алардан башка тор кашка чалыш аргымак мамыда жайдак байланып турат. — Кана, тарткыла коноктордун аттарын, — деди Ормон. Ажы менен бекти жигиттер ызаат менен аткарышты. Коноктор «кош» деп жөнөй берерде: — Бек, мына бу тору кашка аргымакты сизге мингиздик, жетелетип кетиңиз. Биз жакшы атты кааласак эркибиз менен эле беребиз, — деди Ормон. Карап тургандар тартуунун маанисин түшүнө жылмайышты. Бек менен ажы ыңгайсыздана бири-бирин карай аргымакты жетелетип, Көтмалдыга кайтышты.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   Disappear   13 Март 2019 - 21:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

АЙЛУУ ТҮНДӨ СЕЛКИНЧЕК

Сөйкө салуу аземинен кийин кайыңдуу кыз Куланга өзүнчө өргө көтөрүлгөн. Кусубалды байбиче ички-тышкы жасалгасын, жыгач-ташын кыз балакатка жеткен күндөн тарта баштаткандыктан өргө көргөндүн көзүнүн жоосун алат. Эртең менен жакын жеңеси Адылдын аялы келгенден бери кайын сиңди, жеңе өргөдө отурушат. Үйгө от жагылбагандыктан коломтого орун калбай эки катталган өрө жана ала кийиздер жыш төшөлүп, капшыттарына адеми шырдактар, төргө көлдөлөң салынган. Килемдүү такта үстүнө жыйылган үч кертим жүктүн эпчи жаккы бурчунда кыз текчеси, текчеде кыздын жыгач каптуу темир комузу, эндик, бет май салынуучу атайын кутучалары, кооз самын кабы,тарак-күзгүлөрү жана башка жеке керектелүүчү буюмдары сакталат. Эпчи жакка тартылган саймалуу жибек көшөгө кыстарылуу. Көшөгөнүн баш жагы жүк бурчунда Кулан кыз жеңеси Жаркын менен сыр айтышып отурат. Кош этек ак көйнөк сыртынан жашыл баркут чыптама кийген, башында үкүлүү күрөң кундуз тебетей, бештен өрүлгөн кара чачтары жаагынан төгүлө, арткы беш өрүмү ай далыны жаба берметтүү күмүш чач кап менен ортолой бекитилген. Кундуз тебетей кырынан жазы маңдайы изги көрүнөт. Тууган айдай ийилген кара каш, комуздуктай кырдач мурунуна төп келген сурмалуу кара көздөрү ойлуу, сыңар тизелей жеңенин сөздөрүнө кунт коё угуп отурат. Күлө бага олуттуу сүйлөп отурган жыйырма бештер чамасындагы, сур тукаба бешмантчан, башына сайма тасмалуу элечек салынган, ак саргыл, кара каш сурмалуу кой көз келин Жаркын кайын сиңдисине сөйкө салынганын угуп, кешик менен кызга тартуулап кийим-кече алып кайын энеси менен келген. Кайын энеси чоң үйдө Кусубалды байбиче менен баарлашып отурат. Уулбала да ошолордун жанында. Үйдө эркектер жок, эки үйдө тең аялдар кенен отуруп, аркы-беркини сүйлөшүп, сыр төгүшүүдө. — Кызыке, айланайын, ата-эне өз баласын жамандыкка кыят беле, жабыкпачы. Тектүү жердин баласы Өмүрзак өзүңө тең жар болор, ата-эне тарбиясын көргөн эмеспи, — деп кыздын колун кармай чачынан сылады Жаркын. — Билбейм жеңе, капысынан эле... бей тааныш киши, — деп улутунду кыз. — Баарыбыз эле бейтааныш жерге келип, анан ашык жар болуп кеткенбиз... агаң менен да —деп кыткыт күлдү женеси. — Силердин жөнүңөр башка да, — деп ойлуу калыбында ылдый карады кыз. — Баса, кызыке, Өмүрзакты көрдүң беле? — деп суроолуу карады Жаркын. — Бир жолу кыз оюнда көргөнүм бар. Бийдин уулу, мырза... Кыздар болуп сүйлөшүп,селкинчектен оолагыраак турсак, жаныбызга келип: — Кыздар, көлдөгү койкойгон ак куулардын бирин асмандан көргөн ак шумкар илип кетпесин, — деп тийишимиш болгондо, мен: — Асманда ачка каңгырып жүргөн шумкарга ак куу кайдан алдырсын, — десем кыздар каткырып калышса, сөз таба албай, өзү да күлүмүш болуп басып кеткен, — деди Кулан. — Кайран кызыкем, катырган экенсиң, «ачка жем издеп жүргөн» дегениң өтүптүр, — деп каткырды жеңеси. — Сөз келгенде айтылган да... — Эми күйөөлөп келгенде таап келер жообун, же өзүң жардамдашарсың, — деп кыздын билегине колун тийгизе дагы күлдү Жаркын. — Күлөсүң да жеңе, санаам бөлүндү болуп турса, — жеңесин карыга түрттү кыз. — Ии, айылда көңүлүңө толуп жүргөнүң бар го ... кайран кыз кезек, — деп бир аз мостойо түштү келин. — Болгондо эмне, — деп улутуна ылдый карады кыз. Аңгыча эшиктен өйдөкү айылдагы Токтор акенин келини эки кыз менен кирди. — Оо, кайран кишилер, жеңе менен кайын сиңди сыр төгүшүп отурган экен да, — деп шаңкылдады ачык-айрым, сымбаттуу кара тору келин Урум, көлөчүн улагага чече. — Ээ ботом, а дегенде амандык сурасаң боло. Сыр төгүшпөгөндө анан, көптөн бери көрүшө да элекпиз, — деди Жаркын курбусунун тамашасына жооп кайтара. — Ичим жылып кетпедиби экөөңөрдүн эзилишип отурганыңарды көрүп, — деп күлдү Урум. — Келгиле, төргө өткүлө, — деп Кулан ордунан туруп, төрдү жаңсады. Кыздар бири-бирин карыга түрткөн болуп, Урумдан ылдыйыраак жай алышты. Кулан турган бойдон: — Жеңеси, сиз кыздар менен Урум жеңеме эрмек болуп отуруп туруңуз, мен даам келтирейин, — деп тышка чыгып, аш үйдөн көөкөр, чыны аяк алып келип, дасторкон жая даам коюп, кымыз сунду. Кымыздан бирден жута боорсок, эжигейден ооз тийе кыздар дымып отурушту. Чыныны бошотуп кайра сунган Урум: — Жакшы болбодубу Жаркын сенин да мында келгениң. Биз Куланды селкинчекке чакырып келгенбиз. Айылдан өйдө Кош-Булактын секисине селкинчек курганбыз. Куландын темир комуз күүлөрүн, ырдаганын угалы, деп эңсегендер көп, баарынан көп эңсеген менмин, — деп күлдү Урум. — Ичсеңер кымыздан, алсаңар дасторкондогулардан, жеңемдин кешиги... селкинчекти билбейм, — деп күдүктөндү Кулан. — Мен Кусубалды апама, Уулбала жеңеме айтам. Биз өргүгөнү келгенбиз. Апам да жок дебес. Андан көрө оюнуңардын орду менен болоруна кам көргүлө, — деди Жаркын чечкиндүү. Бир аз сүйлөшүп отургандан кийин айылдын өйдө жагынан тосуп аларын айтып, Урум келин кыздар менен чыгып кетти



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   Disappear   13 Март 2019 - 22:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

...Карагайлуу тоо бети, шиберлүү кең өзөн толгон айдын күмүш шоокум жарыгына бөлөнө толукшуй суналат. Айлуу түндөгү жайлоо жарашыгын күүгө салгансып, өзөндү жара тоо суусу шаркырайт. Кашаттын түбүнөн окторула чыккан кош булактын жылаажын шылдыры бөлүнө угулуп, кыялды арбайт. Карагай арасынан элик куранынын үзүл-кесил үнү угулат. Суу боюнан бери булак алдындагы түзөңгө алты бакан селкинчек салынган. Комуз күүсүнө коштолгон ыр угулуп, селкинчек күүлөнүүдө. Кулан Жаркын жеңеси менен жакындаганда: — Куландар келатышат. — Кечигишти го. — Кайындуу кыз да. — Кайындаптырбы? — деген үндөр угулду. Эки кыз менен тосо чыккан шайыр келин Урум: — Оо, кайран кишилер десе, ушунчалык күттүрүп, — деп шаңкылдады. — Эч нерсе эмес, кадырлаш курбулар күтүшпөсө болобу, — деп жооткото жылмайды Жаркын. Селкинчектеги жигит:
Маңдайдан элик бакырат,
Байдын кызы чакырат.
Барайын десем ит үрөт
Барбайын десем ич күйөт, — деп ыр созду. — Дарылдабай түшчү. Иттен корксоң үйүңө барып укта, — деди селкинчекти тээгинен кармаган келиндердин бири. — Кана, кезекти жаңыдан келгендерге берели. Кулан менен ким чыгат, — деп жигиттерди карады. — Кое турчу, декилдетпей. Биз демибизди жыялы. Оюн көрөлү, ыр угалы. Тиги жигит иттен корксо, жакшылап ырдасын, — деп күлдү Жаркын .
Селкинчекте күүлөнө дарылдаган жигит:
— Чамбыл ала чаар тай,
Чаап келдим кыз билиш.
Караңгыда үйүңдү,
Таап келдим кыз билиш.
Эшигиң ач үйүңө,
Кирейинчи кыз билиш,
Кийимимди чечинип,
Илейинчи кыз билиш.
Билгизбестен койнуңа,
Кирейинчи кыз билиш, — деп ыр улады. — Мындан абзелирээк ыры жок бекен коркок жигиттин, — деди Жаркын. — Ой, сен түшчү, жана коркуп атат элең, эми жаткың келип турса, түшүп бетегеге оона, —деп Урум шакылдаганда, оюндагылар кыраан каткы күлүштү. Селкинчектен түшкөн кара таар кемсел, жаргак шым, кайыш мөкү жигит: — Оо, кайран жеңем, шакылдап эле калыпсың, чүкөң чик түшкөнү турган го, — деп купшуңдай тигилердин жанына келди. — Муну көр, купшуңдаган чечек, мени менен чүкө калчашкысы бар, — деп жигитти далыга муштап калды. Урумдун сөз көтөрүмдүү шайырлыгына ыраазы жаштар каткыра күлүштү. — Кана эмесе, баарыңар уккула оюндун иретин. А дегенде шакек жашырмай ойнойлу, анан жоолук таштамай, ара чолодо селкинчек тебебиз. Бириндеп кетмей жок болсун, чогуу тарайлы. Шакек таштамайдын тартибин айтайын. Тегерек тартып турабыз. Бир кыз, же келин, бир жигит ортого чыгышат, биринин уучунда шакек, колтугунда эшилген жоолук, алуучун тегерете тургандардын уучтарына тийгизип, шакекти бирөөгө таштаган болуп айлана берет. Жанындагысы шакектин кимге ташталганын билүүгө аракеттенип абайлап жүрөт. Кыдырып бүтүп, шакекти кимдир бирөөнүн уучуна салганы экинчисин «шакекти тап», деп жоолук менен сабап, артынан түшөт. Шакекти тапканы таптырганы менен кошо алым сабак ырдашат. Кыдырып чыга таппаса өзү ырдайт. Шакек колуна түшкөн да ортого чыгып өзү ырдайт да, жоолукту колтугуна кысып, шакек таштоого киришет. Таппай калганы тигинин артынан ээрчий аңдыйт. Шакекти таап алса, ырдап шакек салганга өтөт, таптырып ийгени артынан аңдыйт, ушинтип оюн улана берет, уктуңарбы?

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 13 Март 2019 - 22:05



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   Disappear   13 Март 2019 - 22:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Эмесе баштадык, — деп колтугуна жоолук кысып, уучуна шакек ала шакекти таштаган болуп Урум баратат. Анын артынан шакекти кимге таштаарын байкоого үңүлүп, кара кемселине тайкы кемер курчанган, сары чийкил, куш мурун, чекир жигит Борбу баратат. Тургандарды тегерете кыдырып чыккандан кийин Урум жоолукту колуна алып, «шакекти тап» деп Борбуну чапкылай артынан түштү. Борбу кантсе да ушуга таштады го деп Куландын уучун ачтырды, шакек жок, оюндагылар күлүштү, Борбу:
Элкин, элкин, элкин тоо,
Элкин тоого мен чыксам,
Эл карааны көрүнбөйт,
Кол жээгинде көп өрдөк,
Ылаачын тийбей бөлүнбөйт.
Кусадар болдум зарыгып,
Кумар көз селки не билбейт.
Капталдан учкан кара каш,
Канатың жайбай көзүндү ач.
Капталдым ашык отуна,
Кара көз селки жолумду ач, — деп созолонто ырдап токтогондо, шакек табылбай колунда калган, үкүсү сеңселген кундуз тебетейчен, кош этек ак көйнөк кара чыптама кийген, ачык-айрым, шыңга бойлуу ак жуумал кара көз кыз Акылай:
— Издеген табат алтынды,
Изги адам билет баркыңды.
Ичимден сыйлайм тымызын,
Ичке чок салган жаркынды, — деп жагымдуу ичке үнү менен созолонткондо: — Оо, кайран кыз, ушинтмек, ким болду экен кызыбыздын ичине чок салган, — деп каткырды жанындагы келин. Акылай ыр улады:
— Эл өйдө көчөт козголуп,
Эриккен көңүл кош болуп,
Элимде жүрүп байкабайт,
Эр жигит мууну бош болуп... — Акылайдын сыбызгыдай ичке үнү айлуу түнгө жарашык бере созолонду. — Үнүңдөн, кызыке, сендей асылдын сырын туя албаган эр жигиттин жолу болсун, — деп Акылайды кучактады жибек жоолукчан, кош этек көйнөк, кара кемселчен, ажарлуу чырайы ай жарыгына даана көрүнгөн сымбаттуу келин. Оюн өз ирети менен уланып жатты. Аягыбыз талып кетти го, эми отуруп комуз угалы, — деди Урум. Баары кырка отуруп ким чертер экен дегендей дымый түшүштү. — Кызыке, садагаң, сенин темир комуз какканыңды сагындык го. Кулактын курчун бир кандырчы, чер жазалы, — деп Жаркын Куланга кайрылды. Кулан ушуну эле күтүп тургансып, илбериңки кыймылдап, жыгач кутудан темир комузун алып чыгып, ак жибек жоолугу менен сүртө, оозуна алып бир аз күүлөй, узак кайрыды да, “Керме тоону” безелентти. Темир комуздун бирде мукам созулган, бирде муңкана арзыган, бирде эргий көкөлөп, жан дүйнөнүнаруу туюмдарын арбаган мукам кайрыктары айлуу түндүн мемиреген тынчтыгында кубулжуй, эки келбес өмүрдүн, көз ирмемдеги ажайып кайталангыстыгын даңазалагансыйт. Кулан күүнү аяктап, ак кол жоолугу менен эринин, комузун сүртө кутуга саларда, күүгө бериле дымып тургандардын: — Бали, комузду какса ушундай каксын», — «Каккан ээсине жараша сайрады», — «Тим эле торгойдой сайратты го», — деген үндөрү угулду. — Кана, эмесе, жыгач комузга кезек берели, ким чертет, — деп жигиттерди карады оюн башы Урум. Ак калпакчан, тик жакалуу пиязы кемселинин өңүрлөрү, этеги кара баркут менен тайкы көбөлөнгөн, сымбаттуу жигит Келдибек малдаш урунган калыбында комузун күүлөп, күүнүн башы Камбарканды бир кайрыды да, кайра толгоп, созолоно муңканган обонго салып үн кошту:
Чылбырдай кара чачыңа,
Чырмалбайм го кыз бийке.
Чыныгы буйрук жок окшойт,
Сени албайм го кыз бийке.
Олоңдой кара чачыңа,
Оролбойм го кыз бийке,
Оболтон буйрук жок окшойт,
Сени албайм го кыз бийке.
Аргымак минип дууладым,
Адырдан коен ууладым,
Ал коенго жетпеген,
Аргымак аттын жоктугу,
Алтымыш берип, сени албай,
Азаптуу малдын жоктугу.
Тобурчак минип дууладым,
Токойдон коен ууладым,
Ал коенго жетпеген,
Тобурчак аттын жоктугу,
Токсонду берип сени албай,
Тозоктуу малдын жоктугу.
Үртүктөп жорго ат минип,
Үй турман себин арттырып.
Калы килем жаптырып,
Кааданды журттан арттырып,
Карача каймал жетелеп,
Каптал жол менен төтөлөп,
Өтөсүңбү кыз бийке?
Кадырлаш курдаш курбунду,
Кайгыда мында калтырып,
Кетесиңби кыз бийке? — деп келип, обонду үнсүз бир жолу кайталаганда, «оо, каркыбарым, арманың күч го», ден санынан укуду жанында отурган жигит.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   Disappear   13 Март 2019 - 22:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Куланды айтып атат, — деп шыбырап келиндердин бири жанындагысын укуду. Кыз-келиндер күбүрөшүп, Кулан ыңгайсызданганын байкаган жигит тамашага чала жанындагы келинди эргий карап:
Карала-Таш, Шамшыдан,
Карала бүркүт шаңшыган,
Колтуктап атка мингизип,
Кое бербей камчыдан.
Кое берсең бешимде,
Конокко келсем кечинде, — деп созгондо: — Ой, кеп эмес бекен, бешимде кое берсе, кечинде кайра келгенин кара, —деп жигиттер каткырганда келиндер кошо каткырышты. Кыздар төмөн карап бири-бирин нукушту. — Койгула эми, ыр көбөйүп баратат, селкинчек тебели, — деди Урум. Жабыла туруп селкинчекке келишти. — Кана ким-ким менен чыгат, — деди Урум жайдары. — Кулан менен Келдибек, — деди бирөө. — Койгулачы аныңарды, кайындуу кызга, Кулантай Акылай экөө бир жуп тебишет, — деди билгиликтүү Урум. — Кундуз тебетейлеринде үкүлөрү сеңселе, беш көкүлдөрү жаактан төмөн төгүлгөн, кош этек ак көйнөк, чыптамачан эки кыз селкинчектин жаактарына аркаларын сүйөп, тээктерин тебе, эки жаккы аркандарын кармай, тизе бүкпөй күүлөнүп турушту. — Кыздардын селкинчегин өзүм тейлейм, — деп Урум жигиттерди жолотпой, өзү күүлөп турду. Ак көйнөк, чыптамачан, кундуз тебетейлери сеңселген беш көкүл кыздардын ай жарыгында бирде өйдө эргип, бирде ылдый каалгыган ажайып көрүнүшүн ажарына чыгарып, алтын сөйкө, сагак-күбөктөрү селкинчек ыргагына төп келе назик шыңгырап, көйнөктүн кош этектери бирде шамалга желбиреп,бирде жерди желпийт. Экөө макулдашкандай алым сабак ыр башташты:
— Күн тийген тескей тептегиз,
Күдүргө баккан мал семиз, — дейт Кулан өйдө эргип баратып.
— Күлүп бир ойноп бир жүрүп,
Күлгүндөй өстүк мына биз, — дейт Акылай ылдый кайкып келатып.
Ыргак кайталана Кулан: — Ай тийген тоолор тептегиз,
Адырга бакан мал семиз.

Акылай: — Аралаш ойноп бир жүрүп,
Алпечтей өстүк мына биз.

— Баракелди кыздар, жаша, — деп жердегилер сүрөй, жыгач комузда жигит ырдын обонун безентет.
К у л а н: — Орой орой күн жааса.
Ойго түшөр бубагы.
А к ы л а й: — Оролун таап ойнойлу,
Оюндун өтөр убагы.
Кулан: — Кыра-кыра күн жааса,
Кырга түшөр бубагы.
Акылай: — Кыюусун таап ойнойлу,
Кызыктын өтөр убагы.

Экөөнүн алымсабагы бир кыйлага созулуп бүтө, беттери албырган кыздар жерге түшүп, боюн оңдошту. — Бали, кыздар эмес бекен, — деди бирөө. — Ушундай асылдар да өтөт го, кол жеткис, — деп күрсүндү жигиттердин бири. — Өмүрүңөр узун болсун, бактылуу болгула, — деп кыздарды беттеринен өптү Урум. Селкинчек бир кыйлага уланып, анан ак чөлмөк ойноп тарашты. Жаркын менен Куланды эки келин жигиттер менен узатып барып, суудан өткөрүп коюшту. Асманда таң чолпону жанып турду.

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 13 Март 2019 - 22:20



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   Disappear   15 Март 2019 - 03:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

КЫЗ УЗАТУУ

Баш оона айынын орто чени. Кош-Булак жайлоосунда Ормондун кызы Куланды күйөөгө узатуу тою каада менен өтүп жатты. Бугу уруусунун чыгааны Боронбай бий: «Кызымдын башын малга баалабайм», деп койгон кудасына, «Сен калың сурабасаң мен адөөлөттүк көрсөтөйүн», — деген кыязда, асый чыкма тандамал бээлердин кардай ак бозунан кыркты, чымкый карасынан кыркты, илбирс чаарынан кыркты айгырларынын көкүлүнө кебез байлатып, асый чыкма карача каймалдан тогузун буурасы менен айдатып, той түшүрүп келген. Чоң кудасы Ныязбек бийге, кудасы Ормонго бирден ахалтеке аргымак тартуулап, келини Куланга мингизүү үчүн күмүш чабылган ээр токумдуу, үртүктөлгөн жорго алып, куда, кудагыйларына суусар, илбирс, сүлөөсүн, кундуздан жасалган адеми кийиттер алып, шаани шөкөт менен келип түшкөнүнө бир ай болот. Ормон кудаларына айылдан өйдө КошБулактын оюндагы түзөңгө төрттөн сегиз өргө, куда, кудагый үчүн өзүнчө он эки канат ак үй тиктирип тосуп алган. Ар бир үйгө нарк-насилдүү, сөөгү таза илбериңки келиндерден экини,шамдагай, илбериңки жигиттерден экини тейлөөгө койгон. Биринчи күнү өз үйүндө сыйлаган соң, Ормондун ага-инилеринин, жакын туугандарынын ар биринин үйүндө куда тою, кыз оюну өтүп, бүгүн акыркы отузунчу күнү Ормондун өз үйүндө сый көрүп узамак. Ат чабыш, кунан чабыш, жорго салыш, кыз куумай, жөө жарыш, көз таңмай, аркан тартыш ,төшөк талаш оюндары буга чейин бүткөн. Кыз тою сыпайы өтүш үчүн эр сайыш, төө чечмей оюндары болгон жок. Салттуу оюндардан бүгүн балбан күрөш, эр эңиш, жамбы атуу болору күтүлүүдө. Күн аркан бою көтөрүлгөн, асман ачык. Кудалар үчүн көтөрүлгөн өргө айыл менен Ормондун өз айылынын ортосундагы дөңсөөлөнгөн түзөңгө жаадай ийиле казганактап кыркар тарткан калың элдин алды жагы ачык. Сол тарапта эркектерден бир аз бөлүнө элечекчен, жоолукчан аялдар, тебетейчен, такыячан, чыптамалүү кош этек көйнөк кийген кыздар өзүнчө турушат. Дөңсөөдө элден бир аз обочо бөлүнө эки топ өзүнчө отурат. Сол жагындагы топто Ныязбек бий, Калыгул акылман, Caрт аке, Боронбай, Ормондун башка кудалары болуп жыйырмадай сакалдуулар. Арасында Ныязбектин сегизинин улуулары Бердибек, Бердикожо, Ажы, Субандар бар. Сол жактагы мөрөй кармаган топто Ныязбектин уулдары Шатен, Кожобек, Рыскулбектер, инилери Төрөгелди, Адыл, Абыкандар, Эсенгул баатырдын кенже небереси Шамен, ага даекчи калыстык милдети жүктөлгөн. Түзөңдүн дал ортосуна орнотулган бийик карагайга ашталган ичке шырыктын учунда шоонага байланган тай туяк жамбы күнгө чагылыша жаркырайт. Эл өз алдынча кобураша оюндун башталышын күтүүдө. Сол жактагы даекчи турган топтон узун бойлуу, кара лампуктик жака кемселине күмүш кемер курчанган, саймалуу чалбарынын багалеги булгары мөкүсүн жаба суусар тебетейин кырданта кийген Ныязбектин кенже уулу Түлкү аксакалдардын алдына келип, тизелей бүгүлүп салам бере: — Даекчи агалар сиздерден оюнду баштоого бата сурашат, — деди. Ныязбек бий кудалардын улуусу Caрт акеге карап: — Урматтуу куда, балдардын оюнуна, тойго ак тилек билдирели, — деди. Caрт аке козголуп, сакалын сылай алаканын жайып: — Оо, Жараткан Теңир Алла, эл-журтка ынтымак, тынччылык бере көр. Тойлор тойго жалганып, урпактар өмүрдү уласын. Ормон, Боронбай эрендер жуучу салбай, калың бычпай,салтта жок кудалашты эле, кудалыктын арты салттуу болсо экен. Оо, Жараткан, кемчил, кетиктери болсо кечире гөр, элди айдан аман, жылдан эсен сактап, байгерчилик бере көр. Аллоху акбар, — дегенде эл-журт дүр эте бата тиледи. Орозбактын сурнайы бапылдап, оюн башталганынан кабар берди. Камыш кулак, жалы тайкы зээри бийик чабдар ат минген, ак кементай ак калпакчан жарчы комузуна үн кошуп элди айлана: — Кош-Булактын оюнда,
Кулан кыздын тоюнда.
Боронбай, Ормон эрендер,
Оюн куруп атышат.
Тамашага карк болуп,
Эл кубанычка батышат.
Отуз күнкү оюндун,
Бүгүн болот акыры.
Ага баары катышат,
Бай, жардысы, жакыры.
Бүгүн болот үч оюн,
Балбан күрөш, эр эңиш.
Жамбы атыш жаа менен,
Көзгө атарга күч оюн,
Ар оюндун мөрөйү,
Аргымак ат, атан төө,
Төө баштаган бир тогуз,
Кызыл кымкап, суп чепкен,
Кыл торкодон бир тогуз.
Оо, калайык, кулак сал,
Эки куда, эки тарап угуп ал.
Азыр балбан күрөш башталат,
Балбанын жыкса мөрөй ал.
Жыгылганы басынып,
Мөрөйүнөн куру калат, — деп жар чакырып жүрдү.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   Disappear   15 Март 2019 - 03:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Кудалар эки тараптан балбан тандап атышты. Бир оокумда Боронбай куда жагы боз пиязы чепкенди желбегей жамынта, узун бойлуу, чачы жаңы алынган, Нанжебестин Ыстамын жетелеп чыгышты. Ал желбегей жамынган калыбын дакыбыланы карап чөк түшө отуруп, алаканын жая элден бата сурады. Эл дуу этип балбанга бата бергенден кийин, жетелеп келген киши үстүндөгү чепкенди ала басканда, эки ийни кере кулач, төшү жайык, мойну кыска, чачсыз сүйрү башы күнгө жалтырап, булчуңдары буржуюп өзгөчө көрүнгөн, сары кандагай шымчан олбурлуу кара жигит атаандашын күтө, чөк түшкөн калыбында көптүн ортосунда отурду. Бир азга күймөлө түшкөн Ормон куда тарабынан кара чепкенди желбегей жаап, кырылган чачы кыртыштана өсүп калган, чарчысынан келген москоол Токтордун уулу Оңолду алып чыгып, мурда чыккан балбанга катар кыбыланы каратып отургузушту. Жигит алакан жая элден бата сурады, эл дуу эте бата берди. Чепкенин коштоп келгенге берип, жигит ордунан турду. Буту-колу бууранын санындай дегендей балбандын турпаты төп экен. Эки балбан эки жактан калбаат басып келе, бири-бирин сынай карап кол алыша, кетенчиктей тоорушуп тургандан кийин, тууралжынынан келген балбан илбирстей тез умтула, шапа-шупа ичине кирип, каршысын белден ала так көтөрүп жерге таштаарда, узун бойлуу москоол жигит аягы менен тик таканчыктай, тигини моюндан алып колтукка кыса жамбашка салып жерге чабарда, ал жыгылбастан бир айлана кайра тигини каршысынан качырды. Экөө билектеше жулкушуп, кол чалмага салышып, бир-биринин оңтойсуз учурунан пайдаланууга аракеттенип турушту. Бой тиреше сүрүшүп турганда, каршысынын бүт салмагын сала тирешип турганынан пайдаланган узун бойлуу жигит көз ирмемде жата калып, тең салмагын жогото түшкөн каршысын тизеси менен серпе башынан ары ыргытты. Багалчак жигит далысын жерге тийгизбей, согончогу менен таканчыктай тик тура, тигини кайра качырды. Экөө кайрадан беттеше курдан алышып силкише турушту да, шапа-шупа коен колтук алышып, бири-бирин жерге чабуу аракетинде айыгыша кармашты. Күчтөрү тең келе жыгыша албай, моюндаша, чөгөлөй бири-бирин буттан алып ала салдыруу аракетинде таймашып турганда, узун бойлуу арышы узундук кылып, тигинин санынан, ийнинен колун өткөрүп, аңтара салып далысын жерге тийгизе ыргып турду. Эл уу-дуу түшүп: — Баракелде, балбан экен. — Экөөнүн күчү тең экен. — Тигиниси арышы узундук кылды, — деп турганда, жарчы Боронбай куданын балбаны жеңгенин кыйкыра жарыялап, карап турган калыс эки балбанды кол алыштырды. Даекчилер тараптан келген киши экөөнө эки чепкен жапты да, тор кашка аттын чылбырын жыккан балбанга карматты. Ал ийилип элге таазим этти да, балбандар өз тараптарына өтүштү. Эр эңишке эки тараптын күн мурунтан даярдап койгон эрендери жок эле. Бүгүн акыркы күн, акыркы оюн намысты колдон чыгарбайлы деп Caрт аке баштаган карыялар баатыр атанган жоо жүрөк эр жигит Балбайга: — Баатыр, эр намысын аркалачу кезиң келип турат. Акыркы оюн экен, эр эңишке түшүп бербейсиңби? — дешти. Ак калпак, ак кементай ичиндеги күрөң нооту кемселине күмүш кемер курчанган, орто бойлуу, эки ийнине эки бала отургандай кең далы, төшү жайык, мойну кыска, сары чийкил тегерек бет, кырдач мурун, кашы суйдаңыраак, терең кабак алдындагы чекир сургулт көзүнөн кайрат учкуну жанган, сейрегирээк сакал-муруту сыпаа серпиле, турпатынан эр мүнөзү жанып эркин отурган Балбай: — Менден башка деле элде жигиттер бардыр, — деди адеп сактай, сакалдууларды карап. — Бар дечи, ошентсе да өзүң түшсөң ишеним бек болор эле да, — деди Боронбай бий. — Эсенгулдун өз тукумунан бири чыкса мен түшөйүн, болбосо менден башкалар деле жарайт,— деди Балбай баатыр. — Субандын уулу Адыл чыгат дешет, — деди сакалдуулардын бири. — Аа, андай болсо мен чыгайын, — деди Балбай камырабай. Ат тандоо керек, эңишке мыкты ат керек, — деди Муратаалы бий. — Өзүмдүн кер кашкам эле жарайт, — деди да, Балбай ордунан тура жыйындын сыртын көздөй басты. Ормон куда тарабындагы топтон Субандын уулу, баатыр атанып келаткан Адылды даярдашты. Көрпөчө бөктөрүлүп, жалаң анжиян ээр токулган Аксурду кош басмайыл тартып,кандагай шым кийе, бел кырчоосуна чейин жылаңач, эки ийиндин ортосу кере кулач, булчуңдары көмкөрүлгөн аяктай бөлүнгөн, төшү жайык, моюну жумуру, кара сурунан келгенжазы маңдай, тегерек бет, бүркүт кабак алагар көзүнөн боюна ишенген эр илеби жанган, орто бойлуу Адылдын алдына тартышты. Ал Аксурду ойноктотуп топтун алдына чыкты. Эл ичинен: — Бали, туушу бар эр экен. — Атка отурган турпатын көр — Субандын Адылы тура деген үндөр угула, тиги тараптан суйдаң жалдуу, зээри бийик, соорусу жайык Керкашканы ойнотуп, бөктөргөлүү анжиян ээрге куюп койгондой жарашкан, бел курчоосуна чейин жылаңач, жашыл шалпар буунган, башы ийни менен чулу бүткөндөй дукүйөт, жазы маңдай, суйдаң каштуу бийик кабак алдындагы сургулт көздөрүнөн кайрат учкуну жанган Балбай кыл чайнап алдыга чыкты. Эки эрен таскактата каршы келишип, кол алыша, кайра эки жакка бөлүнө тизгиндерин жыя, кыбыланы карай алакандарын жая бата сурашты. Жыйын дуу эте бата берген соң, эки эр алыстан кайрылып, аттарына камчы баса катуу келип, бири-бирине маңдайлаша калышты да, ар кимиси билектен озунуп кармоого аракеттенип, буйдала түшүштү. Аңгыча «кезек сеники» дегендей, Адыл колун суна берди эле, Балбай шап билектен алып, өзүн көздөй тартты эле, Адыл бир булкуу менен колун бошотуп алды. Эми Балбай билек сунду. Адыл илгиртпей билектен алып, ээрдин кашына басмакчы болуп тартты эле, Балбай кайра колун суурмакчы болгондо экөөнүн тең аттары майыша түштү



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (11 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 15:50

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: