Суперстан: Хан Ормон - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Хан Ормон Токтоналиев Жапаркул Хан Ормон: тарыхый роман

#61 Пользователь офлайн   Disappear   15 Март 2019 - 03:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Баракелде, күч деп ушуну айт! Аттары майышып жатса, өздөрү ээрден копшолуп койбойт,— деген кобур-күбүр чыкты эл ичинен. Эки эрен тартыша бири-бирин козгой албай турушту да, колдорун кое беришип, кайра бурула кол сунушту. Билектеше чиренип бири-биринин колун ээрдин кашына кысууга аракеттенише, бир кыйлага алышышты. Кармашып туруп кое бергенде билектери агара түшүп кызара жондонгон тактар пайда боло калып жатты. Билектешип алыша албай, моюндан, белден алып, бири-бирин аттан оодарууга аракеттеништи. Чымыркана күч салышып, чирене тартышканда аттары очорулуп барып оңолушат. Бир чай кайнамдан ашык айыгышкан таймашууда эрендер бири-бирин оодара албаган соң атчан байкап турган калыс Шамен колун көтөрө эки баатырды ажыратып, жанына чакырды да, жанында турган жарчыга бир нерсе айткандай болду эле, жарчы: — Оо, калайык көрдүңөр,
Адыл, Балбай эки эрен,
Арыстанча алышты,
Илбирстерча качырып,
Камандарча чалышты.
Билектери кычырап,
Карууда колдор карышты.
Керкашка, Аксур тулпарлар,
Эр күчүнө чыдабай,
Очорулуп майышты.
Экөө тең эрен эр экен,
Күчтөрү бирдей тең экен,
Калыс Шамен кеп айтат,
Тең чыгышты деп айтат...
Эки баатыр достошуп,
Өрүүдө, жоодо көрүшөт.
Төө баштаган бир тогуз,
Байгени тең бөлүшөт, — деп жар салды.

— Баракелде, экөө тең эр экен. — Энелерине ыракмат, ушундай уулдарды төрөгөн. — Атанын балдары да, — деп эл бир кыйла дуулдап басылганда, экөөнүн үстүнө эки чепкен жабышты. Баатырлар кол алыша бөлүнүшүп, өз тараптарына кетишти.
— Эзелтен бери келаткан,
Элимдин каада салты бар.
Эрендер өнөр көрсөтсө,
Аны баалай билчүү калкы бар.
Өнөр ээсин ардактап,
Сыйлай билчүү шарты бар.
Акыркы оюн жамбы атыш,
Кыл учунда күмүштү,
Кыйын иш го кыя атыш.
Кесе кармап, жаа тарткан.
Кыл мергендин жумушу.
Кызыкка батып таң кала
Оюн көрөт миң киши, — деп жарчы жарыя ырын айтып бүтө электе Боронбай куда тараптан ышкын түптөлгөн сайма багалектүү чалбар, таар кемсел, бүйүрмө кайыш чокойчон шыңга бойлуу, кыюусуз кара калпакчан, бети толмоч, чекирирээк сурмалуу көзү тикчие тиктеген, элинде оңко тургузган мерген атанган Элтуйбас уулу Эрдене чыкты. Оң жамбашында жебелүү саадак, сол колуна жаа кармай, салабаттуу басып, жамбы илинген шырыкты көздөй жөнөдү. Жыйылгандардын арасында: — Оңко тургузган көзгө атар дейт. — Жебе менен жипти кыя атуу кыйын го. — Кара мылтык менен атса дале болмок. — Анда оңой да, дары бүрксө деле үзүлбөйбү. — Көзгө атарлык өнөр ошо жебе менен жипти кыя атканда билинет да, — деген кобур угулуп турду. Мерген жамбылуу шырыктан жүз кадамча алыс чийинге жеткенде, калыс токтотуп, ага жамбы атуунун шарттарын түшүндүрө колун жаңсай ийгилик каалады. Мерген саадактан жебе алып, ачасын кермесине иле, жаанын дал ортосуна жебени туура тарта, боюн түзөп, сол колу менен жааны кармай, оң колу менен кермени чое көз кырына алып, бир аз мээлеп турдуда, шарт тартты. Тай туяк жамбы ары серпиле, бери серпиле чайпалып турду. — Жамбынын өзүн атты. — Жипти атыш керек эле да. — Ата көрү кайыш канжыга бекем тура. — Мерген экен, иши кылып жамбыга тийгизди да. — Үзүлүп жерге түшпөсө мөрөй жок да. — Жебе таамай тийбей кайый тийди го, болбосо үзүп кетет эле да, — деп кобурап турду эл ичи. Ормон куда тарабынан узун бойлуу, кең далылуу, чап жаак кабагы бийик, сурмасыз кой көздөрү ирмебей тиктеген, сакал-муруту жок дээрлик сейрек, эриндери жука, кырдач мурун кара сур киши чыкты. Башында ак калпак, боз пиязы кемселине кемер кур курчанган, сол карысында жаа, оң жагында жебелүү саадак. Ал калбаат басып келип, чийинге токтоду да, калыска карады. Милдетин, шартын уккан соң, догону сол колуна кармап, саадактан жебеалып кермесине иле, догонун ортосуна тууралай, өйдө тарта көз деңгээлине жеткире жеткирбей жамбыны карай жаа тартты. Көз ирмемде жамбы жерге түшө эл: — Мына, көзгө атар деп ушуну айт! — Кайыш жипти кыя атты. — Жок, жамбынын ортосуна дал тийди. — Жо андай болсо учуп түшпөйт беле, жипти атты. — Эмнеси болсо да эр экен. — Саяк Кетирекейдин Алыбеги тура, — дегенче даекчилер жактан килем жабылган чуудалуу кара атанды жетелеп чыгып, буйласын кармата, үстүнө кымкап чепкен жабышты. Эл дуулдап адис мергенди куттукташты. — Баракелде, атанын уулу, — деген алкоо үндөр угулуп турду. Жарчы оюн бүткөнүн жарыялаган соң, эл аттуу, жөөлүү болуп айылдарына тарашты



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   Disappear   15 Март 2019 - 03:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Отуз күнгө созулган шаани-шөкөттүү кыз узатуу тоюна кошумча деп көз каранды байлардан, жай чарбакерлерден, куда-сөөк, илик-катыштардан кошумча, тартууга келген мал-пул чыгымынан ашып, Ормондун өрүшүн кеңейтип, мартабасын арттырды. Кокон ханынын өкүлү тартуу менен келип, «Ордонун парваначысы» деген жогорку наамдын берилишин кабарлап, Коконго сыйга чакырганы ого бетер зоболосун арттырып, калайык ичи дүң болуп турган кез. Салтта жок шерт менен кудалашкан Ормон Боронбай кудасынын адөөлөттүгүнө ыраазы боло, өзүнүн даңкын да арттыруу максатында, Кулан кызын салттан ашкан марттык, бир чети бийлик күчүн туйдурган катаалдык менен узатууну чечти. Күйөө-кызына аземдүү үй, ич эмереги менен тогуз канат өргө, конок күтүүлөрүнө алты канат өргө, аш үйүнө да жаңы көтөрүлгөн боз үй берип, кыз-күйөөсүнө түбөлүк кызмат өтөө үчүн жаңы үйлөнгөн жакыр үй бүлөгө өзүнчө үй тигип, кошо көчүрмөк болду. Бул кулдантуунун катаал жана сыпайы түрү эле. Эртеси күн аркан бою көтөрүлө, ком-чомдору оюлана шөкөттөлүп, калы килем жабылган жети төөгө артылган кымбат баалуу сеп көчү аялдар жетелеп, жигиттердин узатуу астында кыркар тарта Кош-Булактан Каркырага узады. Көч башында Caрт аке, Муратаалы, Боронбай бийлер баштаган кадырлуу адамдардын атчан тобу баратат. Алардан бир аз артта ак элечектерин заңкайта оронгон, баалуу кийит кийишкен салт атчан байбиче кудагыйлар баратат. Алардан бир аз куйрук үзө аземдүү көч каалгыйт. Көч башында Куландын өргө турманы жүктөлүп, перси килеми жабыла, үстүндө бугу мүйүзүнөн кынаптала күмүш чегеленген түндүк бастырылып, күмүш самоор, көөкөр байланган ком жабуусунун жибек чачылары сеңселген, ботолуу боз каймалдын мойнундагы коңгуроо басык ыргагында шыңгырап, чубала каалгыган сеп көчүнүн кыймылына өзгөчө шаң кошуп турду. Кыя жол менен чубаган көч белес аша караан үздү. Кыз журтунан бөлүндү.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   Disappear   15 Март 2019 - 03:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

ТЫҢЧЫ

Тогуздун айы жарымынан ооп калган. Ай арасында да күн жаабагандыктан аба үп тартып, күз аптабы күчүндө. Күн төбөдөн оой, булутсуз мелмилдей көгүлжөн асман мухитинин ак мөңгүлөрдү алкактаган ажайып көркү көл бетине чагылыша аалам чексиздигинин сырдуу купуясы кыялды жетелейт. Өмүрү мылтык үнүн укпаган каз-өрдөктөр жээкти бербей жабыла учуп-коно тирилик аракетинде. Көлгө суу түшкөн капчыгайлуу өрөөн оозунан ылдыйкы булуңда көйкөлө сүзүп турган эки ак куу негедир тынчсызданып, чочугансып далбас ура асманга көтөрүлдү. Чиркештирилген эки төө жетелеген эки атчан Тамга суусун кече чыгышка бет алып баратат. Алдыда соорусу жайык жалдуу карагер аттын шайбыр басыгына көнө тизгинди бош кармай, хром өтүкчөн буттарын күмүш жалатылган үзөңгү алкактарына сүйөй, ак калпагынын алдынкы кырбуусун түшүрө кийген, ногойчо тигилген боз нооту кемсел шымчан, кабагы чүңүр, мурду кырдач, көзү көк, жээрде сакалы ээгин каптай тегиз кыркылып ,муруту сыпаа серпилген алтымыш жаш чамасындагы салабаттуу киши өзүнө ыраазы маанайда баратат. Артында эки төөнү чиркештире жетелеген, тору атчан, бети жайык, келте мурун, чекир көз, ээрди желки сары жигит, башында эскилиги жеткен кийиз калпак, каралатаар кемселин кайыш кур менен курчанган, бутунда кайыш мөкү, капталбаган жыгач ээрде талыган көчүгүн бир аз кыңайтып, сол бутун жыгач үзөңгүгө илип, желдире келатат. Алдыда баратканы семейлик көпөс Поповдун приказчиги Файзулла Ногаев. Жайлата айыл аралап жүргүзгөн соодасынан жыйнаган малын күзгө жуук Көк-Арт аркалуу Анжиянга айдап барып сатып, андан ары Омбудагы үйүнө барып кышты өткөрүп кайта келүүсү көнүмүш болуп калган. Өткөн жайда Боронбай айлындагы жыйында Ормондун кокондуктарга көрсөткөн ыдыгын уккандан соң Омбуга шашылыш жөнөп кеткен. Азыр ошондон кайтып келаткан сапары. Омбудагы иштеринен, үй-бүлө жагдайынан көңүлү тынып, генерал-губернатордон кыргыз ичиндеги иштери, айрыкча Ормон жөнүндөгү акыркы маалыматы үчүн мактоо угуп, мындан аркы иштерине шыктанган Файзулла ичинен кыңылдап татар обонун созуп келатат. Соода иштеринин пайдасы көңүлүнө толот. Кудайга шүгүр, кыргыздардан болор-болбос буюм-тайымга алмашып алган малын Анжиянда беш-алты эсе кымбат соодалайт, кирешеси мол. Андан тышкары кыргыздар ичинде Орусиянын пайдасы үчүн жүргүзгөн иштери үчүн генерал-губернатор айына жүз сомдон төлөөчү күмүш акчалар Омбу банкында сакталып, жыл сайын көбөйүүдө. Бул кирешелүү ишке мындан он жыл илгери кабылган эле. Ошондогу жолу ачылган жолугушууну көз алдынан өткөрүп баратты...


1814жыл. Батыш Сибирдин жаңыдан калыптанып келаткан борбору Омск шаары, Европанын архитектура стилинде пландалган он-чакты түз көчө, эки-үч кабаттуу бир нече үйлөр, үч-төрт чиркөө, мейманкана, кадет корпусу, аскер ооруканасы жайланышкан. Борбор көчөдөгү эки кабат имараттын алдына тандалма үч ак боз ат чегилген карета келип токтоду. Кучердин жанында отурган поручик секирип түшө каретанын эшигин ачты. Улгайса да кыймылы аскерче шайдоот, кагелес, орто бойлуу, ак баскан муруту серпиле чыйратылган, сакалы чокчолоно тегизделген, арык чырай, маңдайы жазы, үрпөйгөн ак каштуу бийик кабак алдындагы көк көздөрү акылдуу тиктеген генерал каретадан түшө фуражкасынын козырегун бир аз көтөрө, формасын түзөгөн болуп, имаратка бет алды. Кантсе да карылыктан куник тартып бараткан тулкусуна генерал формасы коомайыраак көрүнгөнсүйт. Тепкичтерден көтөрүлө экинчи кабаттын вестибюлундагы кабелтең эшик көрүнгөндө поручик адеп сактай алдына өтүп, эшикти ача генералды киргизип, өзү эшик алдында кайтарыкта калды. Генерал-губернатордун кабыл алуу бөлмөсү итабар кенен, алдына килем төшөлүп, терезелери жука пардаланган. Эшиктин оң тарабындагы император Николай биринчинин чоң портрети алдындагы жабуусуз столдо отурган майор генералды көрө какайып тура честь берип, эшикти ачты. Сол тараптагы диванда кара фракчан, ак көйнөгүнө көпөлөк галстук тагынган, өскүлөң сары чачы артына таралган жээрде сакал кишинин какая тура калып берген саламына билинер-билинбес баш ийкеген болуп, генерал кабинетине кирди.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   Disappear   15 Март 2019 - 03:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Төрдө императордун тулкусу менен түшкөн портретинин алдындагы жашыл сукно жабылган жазуу столунун алдындагы арты бийик креслого генерал боюн түзөй отуруп, бет аарчысы менен мурдун кагып, кайра ката стол үстүндөгү папканы ачып, кагазга үңүлдү. Кабинеттин сол жагындагы жашыл сукно жабылган узун столдун эки тарабына стулдар коюлган. Генерал отурган столдун алдынан бир аз обочороок эки кресло коюлган. Генерал кагазга көңүл коюп окуй баштаганда эшик ачылып, шыңга бойлуу майор адъютант: — Сиздин улуу урматыңызга татар Файзулла Ногаев кабыл алууңузду өтүнүп турат, — деп сыпаа кайрылды. — Аа, Ногаев, көрдүм, кирсин, — деп кайра кагазга үңүлдү. Эшиктен кара фракчан, ак көйнөгүнө кара көпөлөк галстук тагына, чачы артына тыкан таралган, жээрде сакалы чокчолоно тегизделип, муруту кыска серпилген ФайзуллаНогаев кирип, оң колун көкүрөгүнө басып, ийиле таазим этип турду. Генерал ордунан тура утурлай басып, колун суна саламдашып: — Рахим этиңиз, урматтуу мырза Файзулла Казимович, — деп креслого колун жаңсады. Өтө ыраазымын, Улуу урматтуу, — деп мукактанды Файзулла. — Густав Христианович дей бериңиз. Биздин мамилелерибиз өтө ишенимдүү мүнөздө болууга тийиш деп ойлоймун, — деди генерал. — Өтө бактылуумун, — деп төшүн баса дагы бир жолу таазим эте, стулду өзүнө жылдырып,генерал орун алгандан кийин отурду. Генералдын жылуу мамилесинен улам ал өзүн эркин кармоого аракеттеңди. Бир тынымга Файзуллага сынаакы көз жибере: — Сиздин европача билим алган, тарбиялуу киши экениңизди жана Улуу империянын идеалдарына, улуу даражалуу императорго берилгендигиңиз жөнүндө укканым бар. — Ыракмат, Густав Христианович, Казан гимназиясында окуганым бар, Улуу даражалуу императорго ден-соолук тилеймин, — деп көшөкөрлөнө ордунан тура төшүн басты Файзулла. — Отуруңуз, көрүп турамын сиздин Улуу империянын иши үчүн өтө дилгирлигиңизди. Соода иштериңиз менен кыргыз талааларында көп болуп алака түзөт деген маалыматым да бар.Алардын тилинде сүйлөй аласызбы? — Кыргыз арасына бир нече жолу каттаганым бар. Алар өзүлөрүн казакбыз дешет, тилдери биздин татар тилине окшош, эркин сүйлөшөбүз. Кыргыздар алардан ары Жети-Суу тоо арасында көчүп-конуп жашашат, деп угамын. Казанда, Уфада окуган кыргыздар менен жолугуп сүйлөшкөнүм бар. Сүйлөгөндөрү казакка, татарга жакын, эркин түшүнүүгө болот. — Абдан жакшы экен, — деп генерал ордунан тура ары-бери ойлуу басты да: — Орто Азиянын жапайы, караңгы элдерине Улуу империянын шарапатын тийгизип, жарыкка алып чыгуунун жооптуу милдетин алдыбызга койду Улуу даражалуу император. Муну улуу империянын цивилизация алдындагы парзы десек болот. Бул үчүн көп жана чыдамкайлык менен иштөөгө туура келет, — деп ойлуу таризде кайра ордуна отурду генерал. — Биз улуу империянын иши үчүн талыкпай ак ниет кызмат өтөөгө даярбыз, — деп ордунан элпек тура ийилди, кытмыр туюмунда өзүнө пайдалуу сунуш болорун баамдаган Файзулла. — Отуруңуз, Файзулла Казимович, биз өтө олуттуу иштер жөнүндө сүйлөшөбүз, — деп папканы ачып, кандайдыр бир кагазга көз жүгүрттү генерал. — Улуу императордун жана сиздин кызматыңызга даярмын, — деп сыпайылана кыйпычыктады Файзуллин. Анын бул иштен өзү үчүн пайда күтүп турганын түшүнгөн генерал: — Улуу императорго кызмат кылуу өтө чыдамдуулукту, сабырдуулукту, көп жылдар кыйынчылыктарга чыдап иштөөнү талап кылаарын эсиңизге салып койгум келет, Файзуллин мырза, — деди. — Сөзүңүздө калет жок, урматтуу Густав Христианович, улуу ишке бел байлаганда баарына кайыл болуу керек да, — деп өзүн салабаттуу кармоого аракеттенди, генералдын сөзүнүн төркүнүн байкаган куу приказчик. — Аныңыз абдан жакшы, тили да силердикине окшош дедиңиз. Дини да Магометандык болсо керек. — Дал ошондой, урматтуу Густав Христианович, Орто-Азия элдери мусулмандар. — Албетте мусулманчылык биздин ишибизге бөгөт болушу ыктымал. Арийне, билгичтикменен иш жүргүзүлсө кандай иш болсо да ордунан чыгат эмеспи. Сизге тоолук кыргыздардын арасына барып, Орусия букарасы болуунун артыкчылыгы жөнүндө Улуу империянын пайдасына иш жүргүзүүңүздү каалаар элек. Албетте тиешелүү маянага. — Мен баарына жан-дилим менен макулмун, — деп ордунан тура төшүн басып, ыраазылыгын билдирген болду Файзулла. — Отуруңуз. Көрүп турамын сиздин дилгирлигиңизди. Иш бир эле жолу барып келүү менен бүтпөйт. Ал жакта эл ичинде көпкө чейин, мүмкүн ондогон жылдар бою жүрүүгө туура келер,— деди да, акыркы сөздөргө Файзулланын ыргылжың боло түшкөнүн байкаган кыраакы генерал “көчмөндөр арасында соода жүргүзүп, Омскиге каттап турууга да болот” - деп болочок тыңчынын көңүлүн жубатууга аракеттенди. Соода жүргүзүп, ара-чолодо келип кетип туруу мүмкүнчүлүгү купулуна толо түшкөн Файзулла: — Жан-дилим менен, Густав Христианович, бирок менде соода айлантууга каражат жок, —деди. — Ал жагынан кам санабаңыз. Соода иштериңиз үчүн сизге жетишерлик күмүш акча берилет. Андан тышкары Омскидеги ачылган эсебиңизге жылына 200 сом күмүш акча которулуп турат. Үй-бүлөңүздүн муктаждыктарына да көз салынып турат, — деп генерал сөзүн бүтөр замат бети албырып, көзү коймолжун тарта түшкөн Файзулла: — Сиздин көрсөткөн улуу ишенимиңизди актоого даярмын, — деп ордунан козголо төшүн басты Файзулла.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   Disappear   15 Март 2019 - 03:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Абдан жакшы, ал жакка барып кыргыздар арасына кирип көпкө жүрүп, эл менен алынышуу керек. Менин билишимче алар калмактарды кубалап чыккандан кийин бириге албай, уруу-уруу болуп көчүп-коно чачыранды абалда турушат. Ошол уруулардын биригишине жол бербей, бирден бөлүп, Орусия букаралыгына алуунун мүмкүнчүлүгүн табуу зарыл. Сиз бул ишти чар жайыт эмес, чоң уруулардын бирин колго алуудан баштаганыңыз туура болор деймин. Толук инструкцияны майордон аласыз. Чакан караван курап, сизди жолго кай жерден чыгарууну господин Попов уюштурат. Чоң ордодогу пристав менен байланышта болуңуз. Иш бүтүп жөнөр алдында мага жолугуңуз, — деп аңгемелешүү бүткөнүн билдире ордунан туруп, стол жанына чыга генерал сыпайкерчилик эте колун сунду. Генералга колун бере кетенчиктей ийилип, артына жыла Файзулла Ногаев эшикке чыккан. Андан бери ондогон жылдар өттү. Кыргыз айылдарында, айрыкча бугу уруусунда абсий аталып, кадырлуу. Кыргыздарды бириктирбей, бугу уруусун Орусия букаралыгына өтүүгө ийиктирип койгону үчүн генерал-губернатор алдында да баркы көтөрүлүп, Тархан наамын алган. Бүгүн Кызыл-Жардагы Боронбай бийдикине жете конгону көңүлү жай баратат. Тескей Ала-Тоонун бетеге, тулаңдуу апай беттери өйдөлөй берип, карагайлуу, борчуктуу аскаларга улана келберсийт. Баш жагы жылаңач аска, ак мөңгүлүү чокулары булут челе чалкаят. Мөңгүлөр алдынан сызыла чыгып, тоо арасынын тоңбос жылуу булактарын камтый, агымын арбыткан көк кашка тоо суусу өзөндү көркүнө чыгара атырылып, Кызыл-Жар капчыгайынан чыга көгөргөн көлгө сапарын улайт. Кол жээгинен оңго бурулуп, төтө жол менен өр тарта келаткан жетегинде жүктүү төөлөрү бар эки жолоочу Файзулла Ногаев жана анын малайы суу бойлой келатып, Кызыл-Жар капчыгайын өрдөөгө өтүштү. Төбөсүнөн асман көрүнгөн көлөкөлүү капчыгайды өрдөй жарым чакырымча узагандан кийин көз алдыларына суу бойлой эгин эгилген чакан өрөөн тартылды. Жолоочулар өзөндүн баш жагындагы дүпүйгөн бактуу имараттарга бет алышты. Өзөндүн оң ыптасындагы жайыкта жатакчылардын айылы, үч көөнө боз үй, эки жолум алачык, кемегелерден түтүн булап, куурулган дан жыттанат. Сол жагын бойлой текши бышкан буудайда беш-алты киши орок оруп, артында эки аял боолук салып, эки эркек боолап жүрүшөт. Аларга удаа бооланган буудайды чөмөлөлөп эки эркек келатат. Ээр токумдуу өгүздөрдүн эки жагына баштары бекитилген эки шырыктан жасалган чийнеге бооланып чөмөлөнгөн эгинди жүктөп, тестиер балдарды мингизе бактуу имараттар алдындагы кырманга жөнөтүп дагы эки эркек келатат. Кырмандын ортосуна орнотулган мамыны тегерете калың түптөлө башы менен жайылган буудай сабактарынын үстүндө он чакты ат кошулган темин айланууда. Кара быштычан тестиер бала темин айдап:
Оп-оп-оп майда,
Майда, майда, майда,
Эгиндери бизге пайда,
Самандары сизге пайда — деп ырдай аттардын текши басуусуна көз сала кырманды чарк айланууда. Теминдин четиндеги көк бышты желе таскактаса, андан аркысы желе басып, улам аркы түпкө жакындарынын басыгы жайлоодо, эң түпкү мамыга — опко байланганы четки кырманды айланып чыкканча араң кыбырап, мамыны тегерете бир айланууга гана үлгүрөт. Боз камсуп көйнөгүнүн жонунан тери шоролонгон, малакайчан, жаргак шымчан орто жаштагы олбурлуу киши колуна жыгач айры ала, аттардын туягынан жанчылган эгин катмарын көтөрүп, тегиз басылышына көз салып турат. Кырмандан үч-төрт аргамжы бою алысыраак жарым тешече жерди ээлеп алма багы дүпүйөт. Бактын өйдөрөк үстү балык жондоно жабылган, анча чоң эмес терезелери айнектелген, эшик алды жыгач секичелүү эки там үй турат. Алардан 150— 200 кадам алысыраак жети байсалуу чоң короонун төр жагында эгин сакталуучу кампалар, сол жагында үстү бастырмаланган аткана, ат байлануучу акырлар жайланышкан. Оң жагында жапыс боз тамдарда ат багарлар, отун-суу алуучу малайлар турушат. Жемиш багынын алды жагына кырмандан обочороок тигилген алты канат ак боз үй аштыкчыларга баш-көз болууүчүн көчүп келген Боронбайдын чоң уулу Кылычтыкы. Анын катарындагы эскирээк боз үйдө аштыкчылар тыныгып тамактанышат. Ал аштыкчылардын кадырлуусу, иштин көзүн тааныган, дыйканчылыкты да, багбанчылыкты да жетик билген Ыбырайымдыкы, Чүй жактан ооп келип Боронбайды пааналаганына он чакты жыл болду.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   Disappear   15 Март 2019 - 04:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Жайлоодон түшүп, күздөө конушунда отурган Боронбай бий аштык бастыруунун абалын, там-тарагын көрүү үчүн бүгүн келген. Өзү менен кошо келген айылындагы эки-үч кадырман кишилер менен маектешип, Кылычтын үйүндө. Эки кертим чакан жүк жыйылган үйдүн төрүндө кара саксак көлдөлөң үстүндө жашы алтымыштан ашса да боюнан эр туушу оой элек сары чийкилинен келген толмоч Боронбай бий отурат. Ногойчо тигилген бозомук нооту кемселинин өйдөкү бүчүлүктөрүн бошото күрөң баркыттан шырылган топусун желкеге оодара кийип, кырма аяктагы сары каймактаган таруу бозодон кере жута дасторконго коюп, сыйда серпилген сейрек жээрде мурутун жаный, сакалын сылай ойлуу отурат. Маңдайы жайык, кабагы тайкы, келте кырдач мурун, суйдаңыраак узун каштуу, сүйрүрөөк сурма сызсургулт көздөрүнөн жашоонун жыргал-кууралын, мүшкүл-машакатын таразалаган акыл илеби жанат. Бийдин оң тарабында отурган көк ала сакал, калпагынын алдынан тепчиме ак топусун чыгара кийген, карасурунан келген кырдач мурун салабаттуу карыя аягындагы бозону түгөтө жутуп: — Бали, Ыбырайымдын байбичеси бозону түзүк ачыткан экен, таңдайда каймак татып, бойду жибитти. Мына бул да дыйканчылыктын үзүрү, — деп мурутун сылады. — Буудай нанды айтпайсызбы, бейиштен келген ак буудайдыкы, — деп нандан үзүп оозуна салды, анын жанындагы кызыл чийкил кара сакал эткел киши. — Баба дыйкан колдогон бийдин эгини быйыл өтө түшүмдүү экен, — деди анын катарында отурганы. — Атаганат, буудай нан ар бир үйдө болсочу, — деп сөзгө аралашты сары чийкил жээрде сакал салабаттуу киши. — Кайдан жүрүп ар бир үйдө болсун, эгин эккенге жатакчылардан башка эч кимдин мойну жар бербесе. — Алдуулар Чүйдөн, Кашкардан ташып келип алышат. Алсыздар ак менен, эт менен күн көрүшөт, жайкысын жер тырмалап, эгин эккенден көрө, жайлоолоп кымыз ичкенди жакшы көрсөк, эгин өзү эгилип бермек беле, — деп беркинин сөзүн чечмеледи бийден төмөн отурган, жээрде сакалы жайкала төшүн жаба, муруту суналган, коңкогой мурун чекир көз, боз пиязы чепкен, ак калпакчан сыпаа киши, — Жатакчы, ороочу деп жериген болобуз кымыз уулап тоодо жүргөндөрүбүз. Ошол ороочу, жатакчылардын курсагы ток. Өзүнүкүн эксе да, өзгөнүкүн эксе да ороосунан эгини үзүлбөйт,— деп жанындагы киши жолдошунун сөзүн ырастады. — Куру намыс шайтандын азгырыгы. Мына, карачы, бийдин эгинин эккендердин эгини да,малы да, мингичтери да бар, — деп жылма кошомат айтты отургандардын бирөө. — Бийдин буудайынын үстүнө тебетей ыргытса түшкүс болуп турган экен. Буюрса ак төөнүн карды жарылгандай эле береке болот деген ушул, — деди Боронбайдын оң жагында отурган көк ала сакал карыя. Отургандардын сөзүнө кунт коюп угуп отурган Боронбай бий: — Ар ким алы келишинче тырмалап эгин эгип, мал-тегесине жем-чөптү өзү камдап алганга үйрөнөр күн гана. Көптө болсо... — деп сөзүн бүтө электе эшиктен кирген жигит; — Бий аке, Байсылда абсий келди, — деп ийиле кабарлады. — Аа, Байсылда мырза келген экен да. Ат ылоосун жайлаштырып, өзүн мында кийиргиле, —деп ордунан козголо оңдонуп отурду. Боз үйдөн бир аз обочо кемегеге асылган казанда бий келгенде мууздалган кыркыла элек күрпөң улактын эти кайноодо. Бир тынымдан кийин ат ылоолорун короого жайлаштырып, санаасы тынган Файзулла Ногаев Боронбай бийдин үстүнө салам айта кирди. — Ассалому алейкум, хурметли бий ва кутлу бугунун хадрлы адамлары, — деп оң колун төшүнө баса ийилип, эшик ача киргизген жигиттин алдында турду Байсылда абсий атанган Орусия тыңчысы Файзулла Ногаев. Боронбай жана анын эки жагындагы салабаттуу карыялардан башкалары жапырт орундарынан турушту. — Алейкума салам, урматтуу мырза, ат көлүгүңүз аман, арыбай-ачпай келдиңизби? Мындай отуруңуз, — деп ак сакалдардын жанын жаңсады бий. Файзулла баары менен кол алышып, бийдин жанындагы ак сакалдардын катарынан орун алгандан кийин: — Аллахи акбар, Аллахи таала аммасни эсен сактагайлар, — деп алакан жайды. Отургандар жапырт «оомийин, Аллоху акбар» деп бата тилешти. Бата тиленип, өз ара баш ийкеше эсендешкенден кийин: — Суусун келтиргиле, Байсылда мырзага, чаңкагандыр жол келген неме, — деп үй ээси Кылычка ээк какты да: — Ии, кандай катын-бала, мал-жаның эсен жаткан бекен? Губурнадыр улугун кандай экен? — деп Файзуллага суроо жөнөттү Боронбай бий. Кыргыз ичинде кыйын иш менен көп жылдардан бери жүрсө да, кыргызды кыртышы сүйбөгөн Файзулла тыңчы кыргыз тилин сүйлөөгө үйрөнө алган эмес. Эптеп түшүндүрүүгө далбастап татарча, өзбекче, кыргызчаны аралаш сүйлөй берет. — Кудаага шукри, демликлармиз бий ака, хатун-балалар жами эсен турипти. Генерал губернатор Гасфорд төрө сизге салам йолдады. Өзиңгизге презент билалари бар. Оларни шашилмай көрсөтөргө. Көп-көп хызыкли хабарларимиз бар. Худаа кааласа аммасини өзиңгизге геплап берерге, — деп сунулган аякты алып, бозодон кере жута аякты дасторконго койду. Бир жигитке чара көтөртүп кирген Кылыч: — Шорпону татып көрөсүңөрбү, эт бышкандай болду, — деп атасына аяк сунду. Шорпону татып көрө бий: «Дурус экен» деген соң тегиз шорпо ичиле баштады. Колго суу куюлуп, эт желип, ак серке ичилгенден кийин, Кылыч тестиер уулун алдыга чыгарып, бата сурады. — Оомийин, Аллоху акбар, өрүшүңөр кеңейип, өркүнүңөр өссүн, айдан аман, жылдан эсен болгула, — деп бий бата берди. Отургандар жалпы батага кошулушту. — Ал-жайды көрдүк. Иншалла, бир жумадан кийин чеч кор өткөрүп, кызыл сузабыз. Ишиңерге ыракмат, Ыбырайым мырза. Орокчу аштыкчылардын тамагына кысынбагыла, уулум Кылыч, адал маңдай терин төккөндөрдүн эмгегин сыйлагыла. Кудай ыраазы болсун. Кана эмесе, биз аттаналык. Байсылда абсийдин мал-пулдарын кудай аманат үжүрөлөрдүн бирине жайлаштырып койгула. Каалаганда алып соода-саттыгын жүргүзө бергендей болсун. Өзү биз менен өйдөкү айылга барат, — деп бий ордунан турду. Баары тышка чыгып серүүндөп, отко коюлган аттарды алып келгиче бак аралап, Ыбырайымдан багбанчылыктын жайын угушту



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   Disappear   15 Март 2019 - 04:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Күздөө конуштагы Боронбай бийдин айылы. Азем менен жасалгаланган жүз баштуу ак боз үйдүн төрүндөгү аюу талпакта Боронбай бий, орус губернатору тартуулаган күрөң баркут халатты жамынып отурат. Бийден бир аз төмөнүрөөк Файзулла, төрдүн эпчи жагында Боронбайдын улуу аялы Алым байбиче орун алышкан. Элүүдөн ашып калса да аялдык сымбаты калыбында, маңдайы жайык, таноосу кененирээк кырдач муруну, ийилген кара каш алдындагы коймолжуп кара көзү, эптүү бүйрүлгөн эриндери, ак жуумал субагай жүзү, ээк алдынан кылайган ак богогу жеңил кийме элечегине жараша байбиченин чырайы сөөлөтүнө төп келип турат. Башында жеңил кийме элечек, жука күрөң баркут кемселине өңдөш сайма белдемчи байланган, сыңар тизелей отуруп, эркектердин сөзүнө кулак төшөөдө. — Губурнадырыңыздын белек-тартуулары түзүк экен. Аны кечөө кечинде эл көрдү, көргөнү жакшы болду. Эми орус жайынан, ага букара болгондордун жайынан кеп уруңуз, Байсылда мырза, — деди Боронбай бий. — Иншалла, ярай, якшилик яидан геп урарга. Мен мурда ям айтып юр эдим гой, Урус яман түгүл. Ал үлкен эл. Унер-билими ускан эл, завуд-фабрикалари, университетлери, академиясы бар, көп кабатли там үйлөрү, — дегенде, Боронбай бий анын сөзүн бөлүп: — Буларың менин жадыма түшпөй турат абсий, аларыңа тилим да келбейт, мага керектүүсүн айтчы. Букара болуп орус амирин туткандардын абалы кандай? — деди. — Букара түгүл, подданный императорнын амирин туткандар жуда көп миллатлар: татар, башкурт, удмурд, калмак, өтө көп хисаб йетмайлар. Аммаси тыныч оокатларини өткөрөди, балалары билим алады, үнар үйрөнөдү, караңгылыктан кутулуп, таза, овкатли турушади. Окуб улуг булган угулдари ям бар, — деп орус букарасы болуунун артыкчылыгын далилдөөгө аракеттеңди Файзулла. — Мунуңуз дурус дейли. Кичүү жүз, орто жүз казактарын жеринен сүрүп чыгып, чеп куруп, мужуктарын көчүрүп келип атат дегени кандай? — деп Боронбай бий күдүктөнүп турганын билдирди. — Ич ким, ич кимни сүрмөйт түгүл. Мен сизга геп уруп юрмун гой, мына биз татарлар, башкуртлар үч жүз жыл урус амирини тутамыз. Казандан, Өфадан бизларни ич ким сурмадилар, — деди Файзулла. — Чокунгандарчы? Орустар букараларын чокундурат дейт го. — Ич кимни зорлап чокундурмайды. Шайтан азгырыгына кирип, чокунгандар бар. Олар совсем аз, — деди бир аз кыстала түшкөн Файзулла. — Ботом, татар, ногойдон бөлөк сапсим деген да эл барбы? — деп таңыркады сөзгө кулак төшөп отурган Алым байбиче. — Байбиче, ол бир сөз го. Урус сөзүдүр. Нечайно айтылып кетти, — деп жооткотууга аракеттеңди Файзулла. Мурдагысын тактайм деп дагы бир чоочун сөз уккан байбиче дагы сурайын деп бийден айбыга тим болду. — Байбиче сөздү бөлбөчү, — деп Алымга көз кырын жиберди бий. — Байсылда айтчы, силер татар, ногойлор, өзүн айткандай, үч жүз жыл орус менен камыр жумур болуп көнүп калгансыңар. Биз сыяктуу көчмөн казактардын жайын айтчы, — деди Боронбай. — Орынбор, Орол казаклары уруслар билан чеклаш көчүп-конуп уйрадилар. Олар Аблай ханувагидан бери урус амирини тутшади. Мунан алтымыш жыл илгери ол хан болганда падыша хатун Екатерина ога грамота бергенлер. Кигин Абулхаир хан ям уруска ыклас кылган. Падыша оларга йардам итканлар. Ушбу махалда Аблай хан уулу Валиханнын, Самеке, Буейханларнын урпаклари падышага хисмет өтөп, чин алып, төрө болуп юрадилар. Ич кимйаманлик курадилар, — деп чебеленди Файзулла.

Боронбай бий үн дебей көзүн жума ойлуу мостоет. Кожоюндун ынана бербей турганын байкаган тыңчы: — Оо, бий аке, сиз хам санабаңыз. Мен тавир айтып турмын, тузларни татып йурмунгой, —деп чебеленди. — Аблай хандын уулу Касым төрөнүн балдары орустан сүрүлүп, Сыр-Дарыя боюнда Кокон ханын пааналап жүрүшкөнү кандай, — деди бий көзүн ачып-жума ойлуу отурган калыбында. — Оо, бий аке, бул узак гап дур. Касым төрө ва онын уулдары Эсенгелди, Саржан казакларни Урусиядан совсем ажыратып алып, узумизче казак уч юзуни бириктирип хан боломуз деп бунт чыгарып йурадилар. Болмаз иш. Уруслар сибирден кетмайлар. Шахарлар, крепостлор куруп, көп аскер күтүп турадылар. Казаклар камчы, таяклари билан уруснын замбираклариге, көп атар винтовкаларига каршы не кыладилар башка сыймаз иш. Ойланып акыл билан ишйазаганлар орыстан пайда көрүп турадилар, — деп бийге көз кырын жиберди, сөзүм таасир эттиби деген ойдо кысталыңкы отурган Файзулла. — Анда эмесе ошол орустан сый көргөн казактар жөнүндө кеп уруңуз, — деди бий. — Оо, Бий аке, сый көрүп турганлар совсем көп гой. Аблай ханнын уулу Вали хан өзү, амма ууллари орыска кызмат кылышады. Полковник чинлерини алган неверелари кадет корпусларида окуп, төрө, офицер болодилар. Башкалари да окып, бай адамлар болып турарлар. Валиханнын айели Айганым байбичеге падыша йарлиги билан эки кабат ак үй куруп бердилар. Андай үйдү кыргызлар көрө элек. Анжиян, Наманганда ## ондай үйлар йокдур, — деди Файзулла бул сөздөрүм жетти го деген маанайда, мурутун сылай ондонуп отура. — Түзүк, түзүк, орусча окугандарды чокунтат го, — деп күдүктөндү Боронбай бий. — Йок. Бий аке, хадариңгиз жан болсын. Ич кимди чокунтмадилар, орусча окуп, мусулман динини тутуп жүрө беришади. Айыллларда намаз окуп, ураза тутуп, мусулманчиликте болса өз эрктери. Исламни тыймас тугул. Омбуда мусулманларнын мечити бар, — деп сөзүн ишенимдүү улады Файзулла. Йаш балалари орыс-тузем мектебларида окуп, онан мыктылари Петербор, Маскөөдөн окуп төрө, чиновник болышади. — Атаганат биздин Түркмөн да ошол Битирбордон окуса ээ, — деп астыртан бийге көз жиберди Алым байбиче — Баары Кудаанын колунда, көрө жатарбыз, — деп бий сөзүн бүтө электе эшик ачылып: — Бий аке, аттар даяр болду, — деп ийиле таазим этти бийдин ат кошчу жигити. — Аа, ошондойбу, Самсаалы бий түштөнүүгө чакырбады беле. Ошол жакка аттанабыз. Байсылда абсий сен да жүр биз менен, — деп ордунан турду, байбиче кошо козголуп, күмүш ала баканда илинүү турган күрөң нооту чепкенин кийгиз дегендей жигитке ишарат этти да,баш кийимин өзү кийгизди. Бий Байсылда кийгизген генерал-губернатордун сый халатын чечип, жигиттин колунан күрөң нооту чепкенин кийип, камчысын алды. Жигит илбериңки эшик ача, Боронбай бий Файсылданы ээрчитип, Самсаалы бийдикине түштөнүүгө аттанды.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   Disappear   15 Март 2019 - 04:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

ПАРВАНАЧЫ

1838-жыл. Тогуздун айынын баш чени. Хан чакырыгы менен Коконго сыйга келүүдөн Ормондун сыпайы баш тартуусу ордонун кооптонуусун арттырды. Бухара эмиринин Коконго кол салуу коркунучу ашкереленип, ордо төбөлдөрүнүн ички кутумдары күчөп турганда, бул катаал, кайраттуу жана чечкиндүү кишини айла менен колго алып, Аркадагы кыргыз урууларына хан бийлигин туттуруу үчүн пайдалануу ордого зарурат эле. Бишкекке Кады кеңешчи баштаган Кокон өкүлдөрү кечөө кечинде келип түшүшкөн. Бишкек чеби. Тогуз байсалуу коргон чептеринин төрт бурчундагы кароол мунаралары алыстан көзгө урунат. Коргонду тегерете аң казылып, коргондун ичинен мылтык атууга ылайыкташтырылган көзөнөктөр калтырылган, төрт бурчуна төрт замбирек орнотулган. Чептин төр жагындагы чыгыш архитектура стилине түспөлдөш салынган терезелери бийик имаратта чеп башынын иш бөлмөсү, турагы, анын катарында мейманкана жайланышкан. Чептин ички эки тарабындагы жапысыраак там үжүрөлөрдө сыпайлар, сарбаздар турушат. Кире бериш эки тарабында атканалар, орто жерине мечит жайланышкан. Бийик дарбазанын эки жагында куралдуу сарбаздар турушат. Чеп ичиндеги Алишер бектин мейман күтүүчү үжүрөсү, бийик керегелери акталган, төбөсү оюу салына кынаптала сырдалган, кире бериште беш-алты кадам көлөч чечүүгө калтырылып, ары жагы төрүнө чейин жарым кез бийиктикте такта көтөрүлүп, үстүнө перси килемдери төшөлгөн. Төрт тарабын айланта атлас төшөктөр салынып, арка төшөөчү чакан жаздыкчалар коюлган. Жашыл шалпар жабылган төрт чарчы жапыз үстөлгө дасторкон жайылып, дүюм даам коюлган. Эртең мененки намаздан кийинки чай. Төрдө айтылуу хан кеңешчиси Кады, ага катар чеп башы Алишер бек отурат. Элүүнү аралап калган тегерек бет, сары чийкил, жазы маңдай, куш мурун, коюу кара каштуу, амалдуу күлүңдөгөн алагар сурмалуу көзү, жумурулана тегизделген кара сакалы, кыскарта серпилген мурутуна жарашып, сыпаа кымтылган калың эриндерине төп келип турат. Башында азем оролгон сургулт чалма, тик жака ак кемселинин сыртынан жука суп чепкенди желбегей жамына отурган бек бөйрөктүү ак чайнектен чай куюп, а дегенде өзү ичип, экинчисин Кадыга узата: — Чайга караңыз, урматтуу Кады аке, кандай, беймарал дем алдыңызбы? Келгенден бери жай отуруп баарлаша албадык, — деп жайдарыланды. Илбериңки кыймылынан, күлүңдөгөн көз карашынан тымызын кошомат сезилет. Биринчи пияланы өзү ичкени Ордодо илгертен келаткан салт, сыйлаган болуп уу берип коюунун кесепетинен улам калыптанса керек. Кады кеңешчи чыныны алып, бир ууртап дасторконго коюп: — Рахмат бек, түзүк дем алдык, жайыңыз бакубат экен. Өзүңөр кандай турасыңар? Кыргыз туугандар менең алакаңар кандай, салыктар, зекет пулдар убагында жыйналып турабы? —деп суроо узатты Кады кеңешчи. — Кудаага шүкүр, Кады аке, салык, зекет орду менен жыйналып турат. Кыргыз туугандар менен мамиле ар кандай. Чүй боорундагы Атаке сарыбагыш, солто жана башка майда уруулар Кокон амирин тутат деп айтууга болот. Солтодо Жангарач бий элине алымдуу, ордого мамилеси хам түз киши. Атаке сарыбагыш бийи Жантай жуда татаал киши, ары жактагы сарыбагыш мыктысы Ормон тууганын карап кылчактай калат. Ормон катаал да, чечкиндүү да, өзүм билем деген жуда коркунучтуу киши, жоруктары ордого маалым. Кийинчерээк Жумгал, Талас, ал эмес Чүй өрөөнүнүн мыктылары да Ормонго ийигип турган учурлары болот. Өткөн жылкы кыргыз курултайында Ажыбек датка Ормонго баш бий болуучу өз ордун берип, аны Коконго көрсөткөн айбаты үчүн мактаптыр. Бизди курултайына чакырышпады .Бул менин оюмча кооптуу иш. Саяк бийи Медет датка да Ормонго ыктап турганын байкоого болот. Бугу уруусунун билерманы Боронбай бий Ормон менен куда болду. Бирок бугу уруусунун ичинде орус тыңчысы татар Файзулла Ногаев соодагер кейпин кийип, эл аралап, Боронбайды орус букарасы болууга үндөп, Ормонго да, Коконго да каршы тукуруп жүргөнү байкалат. Бул иштин келечеги өтө коркунучтуу деп ойлоймун, — мейизден чымчып оозунасалып, чай ууртап, Кадыны карады. — Ормондун Кокон бийлигине каршылыгы жана анын таасири кыргыз урууларынын арасында күчөп баратканы тууралуу маалыматтар айрым ишенимдүү кишилерден ордого келип турат. Бирок айрым кооптуу жагдайларды эске алып, Ормон менен мамилени жакшыртууга мажбурланып жатабыз. Ормонго парваначы наамын берип, анын таасирин Арка кыргыздарын башкарууну жеңилдетүүгө пайдаланууну чечти таксыр ханыбыз, — депчеп башы бекке сынаакы көз жиберди Кады кеңешчи.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   Disappear   15 Март 2019 - 04:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Таксырдын жарлыгы албетте туура деңизчи. Ошентсе да Ормонду тутуп, «көзүн тазаласа», кескин чара көрүлсө, кыргыздардын үшү качып, ордо бийлигинен баш тарта албай калар беле деп ойлоймун, — деди Алишер чалмасынын маңдайын өйдө экчей оңдонуп отура. — Оо, бек, абайлаңыз, бул иштин өзөгүндө үч жагдайды камтыган татаал саясат турат. Биринчиден, өзүңүз айткандай орусия бери жылып, тыңчылары аркалуу кыргыз урууларын бир-бирден колго алууну көздөп турса, Орусия менен салгылашып турган Кенесары султандын кыргыздарды өзүнө кошуп алуу максаты бар, анын көзү ордого түз эмес. Агалары Эсенгелди менен Саржандын баштарын Ташкендеги Кокон кушбеги Бегдербек алганын ал унута койбос. Ордого баарынан күчтүү коркунуч Бухара жактан келатат. Насрулла амир Коконго кол салганы азирленип турганы жөнүндө ишенимдүү маалыматтар бар. Ал Шахрук бийден бери 131 жыл бийлик күткөн “Алтын бешик” мураскорлорунун бийлигин кулатып, Коконду Бухара амирчилигине кошуп алууну каалап турат. Эл ичинде, ордодо анын кишилери бар. Ушак таратып, кутум түзүү аракетин көрүп жүрүшөт. Кээ бирлеринин бети ачылып, жазага тартылууда. Ушундай шартта Аркада Ормонду кармоо жаңжал отун тутандырат, эң чоң кесепет болору бышык. Ушул жагдайларды эске алуу менен жети өлчөп бир кесип отуруп, Таксыр ханыбыз Ормонду колго алып, анын таасири менен Арка кыргыздарына амирин туттурууну чечти, — деди Кады узун каштуу бийик кабак алдындагы курчу тунарган көзүн ачып-жума чайдан ууртай. — Башка арга жок болсо кантебиз. Ормонду колго алып, пайдалануу туура экен да, — деди Алишер бек хан чечиминин туура экенин түшүнгөнүн билдирүү аракетинде Кадынын кирпигине көз жибере. — Кеп ушундай, бек, — деп чайдан ууртап, мандашын түзөй, көзүн жума бир аз ойлоно калган Кады сөзүн улады. — Айтмакчы Ажыбек, Медет даткаларга, солто, сарыбагыш бийлерине хан жарлыгына ылайык кабар жибергендирсиз, — деди. — Таласка, Жумгалга кабар жеткирген чабармандар мурдагы күнү кайтып келишти. Медет, Ажыбек даткалар эртең келип калар. Жангарач, Жантай бийлер менен сүйлөшүлгөн. Эртеңкиге киши жиберсем деп турам, баарын чогуу күткөнүм дурус го. Ормон да эртең келип калышы ыктымал, ага жиберген чабарман да келген. Куда кааласа улук жарлыкка ылайык кыргыз уруу билермандарын, иншалла, эртеге баш коштуруп каларбыз, — деди Алишер бек. — Мунуңуз дурус. Кыргыз бийлерин кандай кабыл аласыз? — Мейманкананы азирлетип койдум. Аш, анан кебаб жасатармын, кымыз болор,.. мусалла, —деп жылмая казыны карады бек. — Мусалланы коюң. Ордо кишилери мусалла ичет экен деп кыргыз арасында кеп болот.Андан көрө кыргызча өргө көтөртпөйсүзбү, ошол үйдө кыргызча сый көрсөтүп,мейманканада өзбекче сыйлаңыз. Кеңешибизди болсо иш үжүрөңүздө өткөргөнүбүз оң болор, — деди Кады. — Аны ойлобоптурмун, үй табылат, тиктиребиз, — деп жапакечтенди бек. Чайга бата тиленип, Кады бекти ээрчитип, чептин чарбасын көрүүгө кыдырып кетти. Чептин дал ортосундагы бош аянтка боз үй тигилген. Ички, тышкы жасалгалары мартабалуу кыргыз манаптарынан кем эмес. Бир кана айырмасы жүк жыйылбастан, керегелерге ич жагынан килемдер каланып, үйдүн алдына тактай төшөлүп, ала кийиздер салынган. Төрдө капшытта кара саксак көлдөлөңдөр салынып, экиден чакан жаздыкчалар коюлган. Чепке кечээ түш оогандан кийин удаа келип түшкөн Ажыбек, Медет даткалар, аларга бүгүн эртең менен келип жүздөшкөн Жантай, Жангарач бийлер боз үйдөн сый көрүп, келери жакындап калган Ормонду күтүп отурушат. Күз маалы болгондуктан дасторкон үстү сары өзөн Чүйдүн мөмө жемиштерине мол

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 15 Март 2019 - 04:35



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   Disappear   15 Март 2019 - 04:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Төрдө баарынан жашы улуу, улгайса да эр туушу боюнан кайта элек сымбаттуу Ажыбек датка ак суп чепкен ичиндеги кара кемселине мата белбоо курчанган, башында кырбуусу тайкы ак калпак, ак сакалы жайкалып төшүн жаба өскүлөң каштуу бийик кабак алдындагы курчу кайта элек алагар көздөрү сабырлуу тиктейт, чайдан ууртап, салабаттуу отурат. Анын оң тарабында жашы элүүнү аралап калган, кең далылуу, жазы маңдай, субагай жүздүү, кырдач мурун, кабагы тайкыраак, сурмалуу кой көздөрүнө ой уялаган, кара сакал, мурутун ак аралай элек Жантай бий отурат. Башында кара баркыт кыюланган ак калпак, көбөлөнгөн ак пиязы чепкенинин ичинен кийген тик жака ак кемселине курчанган күмүш кемерин бошото, көңүлү жай сыяктуу. Ажыбектин сол тарабында шыңга бойлуу, мойну узунураак, кара сурунан келген субагай жүздүү, кырдач мурун, бакырайган сурмалуу кара көздөрүнөн жагымдуу акыл учкуну жанган, сакал-муруту сыйда, жашы кыркты аралап калган Жангарач бий отурат. Алдыларында памили чай куюлган ак чынылар, көптөн бери көрүшө элек журт аталары баарлашып отурушат. — Кудаага канимет, жер алыс, ар кимибиз ар жерде көчүп-коно, тиричилик менен алпурушуп, жылдар өтө бирер жолугушабыз, журт байгерчиликтеби? Сары өзөн Чүйдүн аштык чөбү кандай? Жерге тер төгүп, дыйкан болоюн деген эл барбы? Береке байлык жерде экен го,— деп кызара бышкан тандыр нандан сындырып оозуна сала, чай ууртады Ажыбек датка. — Бирин-экин бар ар бир айылда ороочулар. Мал-тегеси аздар жатакта калып, эгин эгип, буудай, арпа, сулудан арбын түшүм алгандар бар. Ошолор көптү багып турушат. Алар да жер жемишти чанда эгишет, — деди Жангарач бий. — Ооба, ошол эле жатакчы, орокчулар баарыбызды багып турушат. Куру намыс этип аларды «ороочу» деп жеригендер күзүндө ошолорго союшун берип, эгин сурашат, — деп күлдү Жантай бий. — Албетте кыргыз баласына малдан, жайлоо, жайыттан айрылууга болбойт дечи, ошентседа ар бир түтүн жер ээлеп, кыштоолорун ар кайсы кокту-колотко эмес, түзөңгө түшүрүп, айыл-айыл кыштоолорун бириктирсе деген ойго кетем кээде, — деди Жангарач оюм жагабы дегендей Ажыбекке көз жибере. — Оо, бул бар кеп. Жангарачты түйшөлткөн ойлор менин да жадымда жүрөт. Элди дыйканчылыкка үйүр алдыруу абзел. Бирок, саратан жайда аптапка какталып ойдо отургандан көрө, көчүп-коно мал менен күн көргөн эл оңой эле жерге отура койбойт го. Ошентсе да бара-бара малына жем-чөптү өзү камдап алууга өтөр деп ойлойм. Жашоонун нугу ошого түртүп турат го, — деди Жантай бий, бошогон чынысын узата. — Муназалуу сөз, — деп чай куйган жигитке астыртан көз кырын жибере сөзүн улады Ажыбек бий. — Бир коркунучту туйгандай болом кээде. Бирер жылдар өтө эгинканалуу жерлер өзгөлөрдүн колуна өтүп, элибиз тоо, таш арасында калабы деген ой жүрөгүмдү өйүйт,— деди да, бир тынымга тунжурай отурду. — Айтсаңыз, датка аке, кандай коркунуч, ой бөлүшүп отуралы, — деп малдашын түзөй,илбериңки обдула сөзгө үйрүлдү Жангарач бий. — Мына сары өзөн Чүйгө чеп курулганы caрт туугандар келип, там салып, жер ээлей баштады. Жылдар өтө дагы арбыйт. Динибиз бирге, дилибиз бирге тууган элбиз го. Ошентседа азыртан булар менен ымалалашып, жерге ээ болууга аракеттенбесе, келечек кандай болоруна көзүм жетпейт. Калыгул олуя айткандай, орус келатат, узун чөптү оруп, кыска чөптү коруп келатат. Узун кулактан укканыбызга караганда казактарды жапырып, чеп куруп, береке төгүүчү жерлерге мужуктарын көчүрүп орундаштырып, казак туугандарды сүрүп атат дейт. Бери жыла кыргыздардын жерине да кызыгып турушабы деп ойлойм, — деп тунжурады көптү көргөн кыраакы датка. — Орустарды токтотууга казак туугандардын чамасы жетер бекен? Аблай хандын небереси султан Кенесарыны хан көтөрүп, үч жүз биригип орустарга каршы кол курап урушуп атат деп угулат, — деди ар нерседен кабардар Жангарач бий. — Казактар арбын эл эмеспи, Аблай хандын туусун көтөрүп биригишсе, Букара, Кыйва, Кокон сыяктуу эле өзүнчө хан күтүп алышар беле деп ойлойм, — деди хан бийлиги жөнүндө, Ормон менен санаалаш жүргөн Жантай бий. — Кичүү жүз казактары Абылкайыр хандын тушунда эле Орусиянын катын падышасынын букаралыгына өткөн тура. Аларды Кенесары султан кайра алышы кыйын иш го, — деди жакын турган казактан кабары көп Ажыбек датка. — Кенесарыны хан көтөргөндөн бери казак колу арбып калды. Орустарды чебинен кууп чыгып, Акмолону ээлеп алышыптыр деп угулат, — деди Олуя-Ата, Мерке казактары менен алыш-катышы бар Жангарач бий. — Эл бириксе чоң күч эмеспи. Жантай бий айткандай, казактар илгертеден хан күткөн ордолуу журт эмеспи, деди баятадан сөзгө аралашпай отурган Медет датка. — Көз жетпейт, казактар биригип хан көтөргөндө бизге кандай болоруна, — деп бир аз ойлонуп турду да, — чоң атасы Аблайдын жолун жолдосо кыйын болор бекен дейм. Тууганча биригели дебей, зордук менен келер бекен, — деди Ажыбек датка. — Садыр, Жайыл баатырларды шейит кетирип, жазыксыз миң түмөн кишилердин каны төгүлгөн мүшкүлдү экинчи эл башына салбагай экен жараткан, — деп жакасын кармай тобо келтирди Медет датка. Бул сөздөрдөн кийин үй ичи бир тынымга тунжурап үнсүз боло калды. — Кандай дейсиз, датка аке, кыргыздарды тыштан бирөөлөр каптап кирсе, Кокон калканч боло алар бекен, — деп Жантай Ажыбекти карады.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   Disappear   15 Март 2019 - 04:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Болор эле го, болор эле го, эгер өзүнүн иши оң болсо. Азыр Кокондун кедери кетип турган кези, — деп чай ууртай башын чайкады да, сөзүн улады. — Өткөн жылдагы топ жыйында Ныязбек бийдин уулу Ормондун биригели деген сөздөрү жадымдан чыкпай жүрөт, — деп тунжурай көз алдынан өткөндүн оомал-төкмөл окуяларын чубатып тургансыды, Кокондун жайын коен жатагынан бери билген карыя датка. Бир тууган карындашы Нарбото бийдин иниси Хажынын аялы болгондуктан, ал Алим хан убагында ордого жан-дили менен кызмат өтөгөн. Тактыны талашат деген ичи тарлык менен Алим хан Хажыны өлтүргөндөн кийин, карындашын эс кире элек уулу Шераалы менен алып, түн ката ордодон чыгып кеткен. Мына ошол күндөн бери эр ортонуна жеткенче Шераалыны хан тукуму экенин билгизбей асырап жүрөт. Азыр да Алтын бешик ордосу, дин ислам үчүн карысы казык болгончо кызмат өтөөгө ынтызар. Нарбото бий көтөргөн ордого ниети ак. Акыры Арка кыргыздары да ордого толук биригет деген ойду багып жүрүчү эле. Бирок азыр ордодон көңүлү кайт болуп турган кези. Мадали атасындай кыраакы өкүмдар боло албады. Адилеттиги, кайраты жетише бербей, эл ичинде баркы жок. Анысы аз келгенсип, напсиси кургур, атасы Омор хандын жаш жесири, кичи энеси ханыша айымга никелешип, мусулманчылыкка жады эле адамгерчиликке сыйбаган жорук баштады. Жосунсуз иши эл алдында баркын ого бетер кетирди. Ордо ичинен ирип эки жаат: кошоматчылары ханды колдосо, бир даары ага каршы.Кокондогу мындай мажес абалды Букара амири Насрулла илгиртпей пайдалангысы келип турат. Алтын бешик урпагы Шахрух бий Коконду Бухарадан бөлүп, миң мураскорлугуна тиешелүү хандыкты негиздеген. Эми анын мураскору Мадали ханды дин бузар, ата безер деп тактан кулатып, Коконду өзүнө баш ийдирүү үчүн кол курап, чабуулга азирленип турган кези. Ушул жагдай жүрөгүн өйүгөн Ажыбек датка Көтмалдыда өткөн жыйында кыргыз биримдиги жөнүндө айтылган сөздөрдү эсине түшүрүп отурат. Ою бөлүнүп тунжураган датканын сөзүн улагысы келген Жантай бий: — Калайыкка Кокон калканыч боло албаса, анда Ормон баатырдын биригүү жөнүндөгү ойлорун масилеттеп көрбөйлүбү, — деп көптөн бери багып жүргөн оюн ортого салды. — Мунуңуз бул жерде айтылуучу сөз эмес, бий, эч ким уккан жок. Буюрса башка жерде сүйлөшөлү, иншалла, — деп ызаат кыла Жантайды карады Жангарач. — Алишер бек кечээтен бери эпилдеп, сый көрсөтүп атат. Эч нерсе айтпайт, салык жайын да сурабайт. Эмнеге чакырды экен баарыбызды чогуу, кандай ойлойсуз? — деп Медет датка сөздүн нугун башкага бурууну кааладыбы — Ажыбек датканы карады. — Биз сөз кылып токтогон маселенини учугу ушул чакырыкта жатабы дейм. Кылычын жалаңдатып капталында Букара турганда, бул жакты колдон чыгарбай кармап туруунун айласы го. Ормон баатырга Кокон ордосунун бийик ченин бериптир деп укканбыз. Кокондон хандын кеңешчиси Кады да келиптир, — деди Ажыбек датка чайга ыраазылыгын билгизе. — Ормон баатыр элге эгедер болуучу эр окшойт. Тайлак баатыр өлгөндөн кийин Нарын жакта өзүлөрүн ээн жердин бөрүсү сезип калган Кокон салыкчылары айыл аралап, элдин малын тартып алып, ага алымсынбай эки кызды ат соорусуна салып ордого алып баратканда кабар жетип, Ормон жигиттери менен кууп жете, зордукчуларды селейте чаап, элдин малын, кордолуп бараткан кыздарды ажыратып калганын уктук, — деди Медет датка. — Сөзүңүздө калет жок, бизге да жеткен бул кабар. Атынан ажыраган салыкчылар өлдүм талдым дегенде араң жетишиптир Коконго. Баштагыдай алы болсо Нарын жакты кызыл уук кылат беле, ким билсин, — деди Ажыбек датка. Аңгыча эшиктен самоор кайнатып жүргөн жигит кирип: — Алишер бек бир зор кишини дарбаза алдынан тозуп алып, бул жакка ээрчитип келатат, —деди улуулардан ыйба кыла, чай куюп отурган жигитке айткан болуп. — Аа, Ормон баатыр келген экен да. Бек өзү тозуп алганын кара, — деп Жантай бий малдашын түзөп, Жангарачты карады. — Парваначы наамын берсе ал чеп бегинен улук да, — деп Ажыбек датка сөзүн бүткөндө, боз үйдүн эшиги ачылып, Ормон, анын артынан Алишер бек, Саза киришти. — Ассалоому алейкум, кадырман датка аке, урматтуу бийлер, — деп төшүн баса саал ийиле салам айтты Ормон.«Алейкума салам», деген үнгө удаа Ормондон жашы кичүү Жантай, Жангарач бийлер ордунан тура калышты. Ажыбек датка отурган калыбында: — О, Ормон баатыр, ат көлүк аман келдиби, мындай отур, — деп катарын жаңсады. Ормон адегенде Ажыбекке, анан Медет, Жангарач, Жантайларга кол берип, жай алды.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   Disappear   15 Март 2019 - 05:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Аа, Урман баатыр, жүрүң, хандын кеңешчисине жолугалы десем, бизде мансап улук эмес, жаш улук, алгач Ажыбек даткага кол беремин деп, мында келди, — деди борс-борс күлө, үй ээси катары Жангарачтан кийин орун алды бек. — Кана ука, Урман баатыр чөлдөп келгендир. Кымыз келтириң, — деп ал чай куюп отурган жигитке карады. Жигит илбериңки кыймылдап, сыр аякка кымыз куюп, Ормонго узатты. — Алыңыз, датка аке, — деп Ажыбекке сунду Ормон, — Ыракмат, баатыр, биз ичип отурдук, — деп ыраазылык билдирди датка. Ормон кымызды тынбай жутуп аякты узата: — Бали ыракмат, суусун канды, — деп жанынан бет аарчысын алып, мурутун жаный жайланып отурду. — Баатыр, эл-журт эсенби, быйыл көл кылаасында эгин-чөп мол болчудайбы? Мал-теге жайлоодон төмөн түшкөндүр. Жай оттуу болдубу? — деди Ажыбек датка. — Кудаага шүгүр, датка аке, мал жайлоодон эттүү түшүп атат. Эгин эккендердин кырмандары кызылга толду десек болот. Бирок ошо эгин эккендердин саны аз. Эл дыйканчылыкка үйүр алыша албай турат, — деди Ормон кымыздан кийин куюлган чайдын чынысын бошото ыраазылык билдире. — Хазрети ханыбыз Арка кыргыздарын жуда сыйлайт. Мына Ормон баатырга жогорку наам берди. Ажыбек, Медет даткалар ордонун кадырлуу адамдары. Жантай, Жангарач бийлер да ордодо белгилүү адамдар, — деп чайдан ууртай меймандарына жайдарыланды Алишер бек. — Хан калкын сыйлай билсе, ханды Кудай сыйлайт. Ылайым эле ошондой болсо экен, — деди Ажыбек датка. — «Сыйга сый, сыр аякка бал» деп айтылат кыргызда. Эки жак тең — эл да, өкүмдар да —сыйга татыктуу болгону абзел, — деди Ормон. Чай дасторконуна бата тиленгенден кийин Алишер бек: — Урматтуу меймандар, хан кеңешчиси Кады аке күтүп турат, кана, рахим этилар, — деп ордунан турду. Меймандар эшикте бой жаза турган соң бектин үжүрөсүнө бет алышты. Чеп бегинин мейман тосуучу үжүрөсү. Жасалгалуу кенен бөлмөнүн төр жагындагы жука килем жабылган жапыс үстөлчөнүн үстүндө жабылуу куран, жанында түрмөктөлгөн кагаз жатат. Төрдө жаздыкчаларга аркасын сүйөй Кады кеңешчи, мечит имамы Махмуд ажы отурушат. Эшик ачыла: «Ассалоому алейкум» деп салам айта Ажыбек датка баштаган Арканын билермандары киришти. Кады кеңешчи ордунан тура: — Алейкума салам, кадырлуу меймандар, — деп утурлай келип, Ажыбек даткага, Ормонго, Жантайга, Жангарачка, Сазага кол берип учураша, — келгиле, мархабат, төргө өткүлө, — деп ызаат көрсөтө, баарынан ийнинче озуп турган салабаттуу Ормонго көз кырын жиберди. Меймандар хан кеңешчиси менен имамдын эки тарабынан жаш курагына жараша орун алышкандан кийин имам: — Ва рахмати Аллахи, ва баракатухи, калайык калкка тынччылык береке орносун, хантактысында, калк ордунда болсун, Аллохи Акбар, — деп бата тиледи. — Урматтуу Ормон баатыр, урматтуу даткалар, урматтуу бийлер, кандай эли-журтуңар эсен, байгерчиликте турабы? Өзүңүздөр сак-саламат жүрөсүздөрбү? Куш келипсиздер, берекелүү Арка жергесине, касиеттүү ордонун шарапаты тийип турган Бишкек чебине. Сиздерге Аллаяр Сейит Мухаммед али хандан салам дуба, — деп сакалын сылай, көкүрөгүнө колун тийгизе меймандарга кайрылды Кады кеңешчи. Ормон ызаат кыла Ажыбек датканы карады. — Касиеттүү алтын бешиктердин ордосуна, Хазрети хан Мадалиге, хан кеңешчиси урматтуу Кады сизге, жергелүү кокон элине ылайым жакшылыктар болсун, Аллахи тааланын ырайымы менен эл-журт эсен, байгерчилик, — деп датка жооп кайтарды. Көптү көрүп, калк карыткан, окумал Кады эми сөзүн алыстан баштады; — Пайгамбарыбыз Мухаммед мустафа саллолоху алейхи ва салам Мекеден Мединага көчкөн касиеттүү Хижрадан 1135 жыл өтө, Алтын бешик урпагы касиеттүү Шахрух бий атпай түрк насили өзбек, кыргыз туугандарды бел тута, Бухарадан бөлүнүп, бийликке отурган тууралуу «Тарихи Шахрух ва туфхит ат таварихте» айтылат. Бул арада бийлик тактысында Абдрахман, Абдулкерим, Низамеддин, Мухаммед Баба, Эрдене, Нарбото бийлер, Алим хан, Омор хандар өтүштү. Аллахи Таала биздин динибизди, тилибизди, дилибизди бирге жараткан экен, биргелешкен тамырыбыз тереңде. Оо, ал кездерде, — деп көзүн ачып-жума башын ийкей, кылым тереңинде калган эл тагдырын көз алдынан чубата, каалгый сөзүн улады. — «Баш канжыгада, кан көөкөрдө» деп айтылгандай, дин ислам тиреги, түрк биримдиги үчүн, жунгарларды касиеттүү Ферганадан сүрүп, кырчылдаша кылычташкан кыргындуу күндөр өтүптүр. «Мунтахабр ат таварихтен» окуйбуз 1166-санада бириккен өзбек, кыргыз күчтөрү жунгар ханы Галдан Церендин кол башчылары Септел, Хотол эрендердин жыйырма миң аскерин Ферганада талкалаганын. 1169-санада кыргыз жоокерлери жекеме-жеке салгылашууда Зайсан Доржундун түмөнүн талкалап, ферганадан сүргөнү айтылат, — деп бир тынымга ойлуу тунжурай түшүп, кайра сөз улады Кады кеңешчи. — Аллахи таала жар болуп,дин ислам үчүн бириккен кыргыз, өзбек жоокерлери 1170—1171-санада касиеттүү Фергананы бутпарастардан тазалаптыр. Хаср тереңине көз чаптырсак, кыргыз Акбото бий Абдулкарим бий менен, кыргыз кушчу Кубат бий Эрдене бий менен үзөңгү кагыша ордону чыңаганын көрөбүз. Сарысейит, Атаке, Белек, Маматкул бийлер да ордо менен кызматташ болушкан. Иншалла азыр да биргебиз, — деп ынтаа коюп угуп отурган кыргыз бийлерине астыртан көз жиберди Кады кеңешчи



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   Disappear   15 Март 2019 - 05:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Алхамду иллахи биргебиз, — деп сөзгө аралашты имам. — Ошондой, — деп сөзүн улады Кады кеңешчи. — Фаргана, Алайда Алымбек, Алымкул кадырлуу адамдар, Аркада мына Ажыбек бек, Медет даткалар, Жантай, Жангарач бийлер, Ормон баатыр дин ислам, түрк биримдиги, ордо тиреги болуп калайык кызматын өтөп турушат. Ушул бир туугандык биримдикти күчөтүү үчүн, Алляр Сайид Мухаммед Али хандын жарлыгы менен Ормон баатырга Ордонун урматтуу бийик наамы ыйгарылды. Ормон баатырга Ордонун Аркадагы бардык иштерине баш-көз болуу вазийфасы ыйгарылды, — деп сөзүн бүтө чептин катчысына ишара этти. Илбериңки катчы кагаз түрмөгүн жандыра: — Бисмиллахи рахмани рахим , «Ал тирик: Бизги Абдул Гази Сайид Мухаммед Али Багадур хандын сөзү. Ааламдын жаратуучусу, жашоонун башаты, падышалардын падышасы, асман-жердегинин баары анын амиринде турган Аллахи Таала чексиз ырайымдуулугу менен тартуулаган күчтүү кудуретине ылайык Ормон Ныязбек уулунун өз элине, Ордого өтөгөн кызматын эске алып, биздин падышалык мээримибиздин четин тийгизип, ага ушул жарлык менен Парваначи наамын ыйгарабыз. Ага карамактуулардын бардыгы үчүн бул жарлыкка ылайык, Парваначинин өкүмү таратылат. Буйрук сөздүн мааниси Биздин падышалык мөөрүбүз менен бекитилет. Ал эч ким тарабынан бузулууга тийиш эмес. Раджабоульмутатжаба айы. 21-күнү. 1256-сана», — деп үнүн каадаланта созгон катчы жарлыкты окуп бүтөрү менен имам Курани каримден сүрөө окуп, фатва жасай, «АллохиАкбар» деп алакан жайды. Отургандар жапырт бата тилешип, Кады Ормон баатырга ак суп чепкен жаап, маңдайына кичирээк асыл таш коюлган сургулт чалманы башына кийгизди. Аземге катышып отургандар Ормон баатырды куттукташты. Олбурлуу келбетине, карасурунан келген сүрдүү чырайына ак суп чепкен, асыл таштуу сургулт чалма куп жарашкан Ормон ордуна отуруп, хан кеңешчисине кайрыла: — Таксыр хандын акылман кеңешчиси, урматтуу Кады карыя, Кокон ордосунун бийлиги улук ханына, анын атынан чен берген Сизге ыраазылык билдиремин. Биз калк камкорлугун моюнга алган кишибиз. Элдин убал-сообу моюнда, элдин эркин зордук, зомбулуктан коргоого бел байлаганбыз. Ордонун максаты журт байгерчилиги болсо, биздин ишибизге эч ким кийлигишпесин. Биз аны болтурбайбыз. Аркада элдин биримдиги жөнүндө азрети хан бей кам болсун. Зекет шариат жолуна ылайык жыйналып берилет. Калган иш биздин камкордугубузда болот. Таксыр Мадали ханга бизден салам дуба, деди. Ар бир сөзүнө маани бере кунт коюп угуп отурган кеңешчи: — Рахмат, Ормон баатыр, ата-бабалардын жолун жолдоп, Ордого тирек болот деп ишенебиз,— деп алакан жая бата тиледи. Аземге катышкан датка, бийлерге баалуу сарпайлар жабылды. Азем аяктап, Кады меймандар менен сый аш берилүүчү үжүрөгө өтүштү. Эртеси эртең менен күндүн нуру чачырай, чеп ортосуна көтөрүлгөн ак өргө алдында тегерек тарта үзүрлөшүп турган сый ээлеринин жана меймандардын алдына токулуу аттар тартылды. Ойноктогон ак боз ахалтеке аргымагы көзгө өзгөчө урунат. Сымпоочтолгон ээрден баштап, жүгөн, көмөлдүрүк куюшканына чейин күмүштөлгөн ат жабдыгы менен токулгаланган чалышынан келген элик моюн ак боз, соорусун жаба берип, чачылары жерге тиер-тийбес ыргалган жука жибек жабууну оорсунгандай тыбырчылап турат. — Урматтуу датка, — деп тегерете тургандардын жашы улуусу Ажыбекке кайрыла, сөз улады Кады кеңешчи, — сиз уруксат этсеңиз, мен каададан четтеп, аттандырууну Ормон баатырдан баштайын деп турам — Биз баарыбыз ыраазыбыз. Бул аркалыктарга көрсөтүлгөн жаңы урматка, — деп сакалын сылай эки жагын карады датка. Ак боз аргымак Ормондун алдына тартыла, чеп башы Алишер бек өзү колтуктай атка мингизди. Ак боз аргымактын үстүндө ак кементай, ак калпакчан, жайкалган кара сакалы төшүн жаба, бийик кабак алдындагы сургулт көздөрүнөн кайрат учкуну жанган зор киши өтө сүрдүү көрүндү. — Оомийин, Аллох Акбар, аргымагыңыз арыбасын, калк иши үчүн кайратыңыз жанбасын, —деп Кады алаканын жая бата тиледи. Ормон аргымактан түшүп, өз атын минүүгө ыңгайланганда Ажыбек датка: — Баатыр, хан тартуусу алдыңызда болсун, — деп колун жаңсай, өзүнө тартылган атка минди. Меймандар сый ээлери менен кош айтышып, чептен чыга, бир өргүп кеткиле деген өтүнүчүн сыйлап, Жангарач бийдин айлына бет алышты. Жангарач бийдикиндеги маселетте өткөн топ жыйындагы биригүү жөнүндө айтылган Ормондун оюн ортого салышты да, Бухаранын Коконго каршыгуусу эмне болорун байкап иш кылалы деп тарашкан. Эмне болорун күтүп турганча, оюндагысын болтурууну эп көргөн Ормон аракетке киришти. Хан бийлигин басынткан каршылыктары үчүн, жасоо чыгарбастан өзүнө жогорку наам берип сыйлоосунан Мадали хандын айкөлдүгүн эмес, аргасыздыгын туйган кыраакы Ормон бул чоң мансапты тобокел Алла деп өмүрүн тиккен түпкү максатына пайдаланууга бел байлады. Адегенде аркадагы Кокон бектерин, уруу бийлерин, элди өзүнө үйрүп алууну чечти. Октон жалтанбас, катаал, кайраттуу инилери Төрөгелди, Адыл, Абыкан, Саза баштаган жигиттерди көл айланасына, Ат-Башы, Нарын, Кочкор, Жумгалга парваначы бийлиги атынан атайы иштер менен бир жума мурун жиберген.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   Disappear   15 Март 2019 - 05:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Тоо этеги өндүргө суу бойлой өйүз-бүйүз конгон Ормондун айылы. Он эки канат ак үй айылдан обочо тигилген. Эшигинин оң ыптасына түпөктүү найза тирелген, сол ыптасына парваначынын бийлик белгиси — жашыл желек — желбирейт. Бүгүн эртең менен удаа келип түшкөн Жантай, Жангарач, Качыке, Бүргө, черик Ажыбек, бугу Боронбай, Тилекмат, Муратаалы, Самсаалы бийлер Ормондун чоң үйүндө сый үстүндө баарлашып отурушат. Айылдан бир аз өйдө суунун аркы өйүзүнө тигилген көөнөрөөк алты канат үч боз үй ээн турду эле, кечээтен бери үзүл-кесил аттуу-жөөлүү кишилер келип жайланышууда. Аларга да союш берилип, конок сыйы көрсөтүлүүдө. Шам-шаркыт эч ким каттабайт. Айыл ичи күбүр-шыбыр, оң-доң. Бирөөлөр кытайдан ооп, эл болобуз деп келгендер экен десе, бирөөлөр жок андай эмес, Ормондун казак аялынын төркүндөрү экен. Ал жакта ачарчылык болуп, жан сакто оайынан сөөк-тамыр издеп келишиптир дешет. Бүгүн жигиттер үч кокон сыпайын коштоп келип, ошол көөнөрөөк үйлөрдүн бирине түшүрүштү. Айылдан өйдө суунун берки өйүзүнө көтөрүлгөн тогуз канат үч ак өргөгө бүгүн түш оогондон кийин келишкен Бишкек, Көтмалды, Барскоон, Куртка чептеринин бектери Ормонго чоң үйүндө жолугушкандан кийин, жайланышып сый көрүп, эс алышууда. Ормондун чоң үйүндөгү сый-масилет аяктагандан кийин, Боронбай, Муратаалы, Тилекмат,Ажыбек, Жантай, Жангарач бийлер мейман өргөлөрүнө өтүштү. Эртең менен күн аркан бою көтөрүлө, айылдын каптал жагындагы төш таянган дөбөнүн алдына эл арбын чогулду. Дөбөдөгү өрө кийиздер үстүнө салынган кара көлдөлөңдөрдө эл башы билермандар, Кокон бектери Алишер, Мамаразык, Ташмухаммеддер отурушат. Баарынан жашы улуу Боронбай бий ортодо, оң жагында Ормон, эки тарабында черик Ажыбек бий жана башка бийлер жаш курагына жараша орун алышкан. Өз ара сүйлөшө жыйылгандарга көз жиберип, дагы бирөөлөрдүн келишин күткөн сыяктуу отурушат. Өйүздөгү көөнө боз үйлөрдөн чыккан бир топ кишилер жыйынга жакындап келатат. Арасында орто жаштардагы 5—6 эркек, 3—4 аял жана бир бойго жеткен кыз көрүнөт. Башында үкүлүү кундуз тебетей, кош этек көк көйнөк, тик жака жеңил кара кемселчен, чачтары беш көкүлдөнө эки жаагына жана артына өрүлгөн, 16—17 жаштардагы кара сурунан келген субагай сулуучумак жүзүнөн, ийилген кара каш алдындагы сурмалуу кара көздөрүнөн боюна ишенген кайрат, адеп жана акыл туюлат. Топтун артында илкий басып үч кокон сыпайы келатат. Жыйын алдына келгенде кокон сыпайлары дөңдө кыргыз билермандары менен отурган бек кожоюндарын көрө, аларга барууга умтулушту эле, коштоп келген эки жигит жолун тосту. Чоочун жай адамдардын арасынан өз сыпайларын көргөн кокон бектери бири-бирин карай, тынчсызданып турушту. Келгендерге таңыркап маңодур боло түшкөн көпчүлүктүн кобуру басыла Боронбай бий үн катты: — Оо, улуу-кичүү, ага-тууган калайык, барсынарбы? Бар болгула! Ылайым бар болгула!Ылайым бир болгула! Мына бүгүн Ормон баатыр эли менен дидарлашуу үчүн алдыңарда турат. Кокон ханы Таксыр Мадали хандын жарлыгы менен Ормон баатырга ордонун жогорку бийлик наамы ыйгарылыптыр. Баатыр ошол жарлыкты калайыкка урматтуу кокон бектерине угузуп, өзүнүн парваначылык бийлигин жүргүзсөм дейт, — деп сөзүн бүтөр замат Ормондун айлында бала окутуп, бир жагынан ага катчы катары жүргөн кашкарлык молдо Якуб ордунан тура түрмөктөлгөн кагазды жандырып, хан Жарлыгын жарыя салды. Эл ичинде: — Хандан кийинкиси го ... Берген экен. — Оозкерге тең болуу керек. — Датка сымал го... — Жо, даткадан чоң дейт, — деген кобурга аралаш, молдо Якуб Курандан узун сүрөө окуп,алакан жая эл дүр этип бата тиледи.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   Disappear   15 Март 2019 - 05:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Бишкек чебинин беги Алишер ордунан туруп: — Алхамдуиллахи, Аллахи Таала жар болсун кыргыз агаинлер, Аллаяр Сайид Мадали ханымыз кыргыз журтуна рахим этип, Урман батырга парваначи наамини бердилар. Үч апта илгери Бишкек чебиде хан кеңешчиси хурматлы Хади ак сакал хан атынан бийик наамнын күбөлүк наамасыны, жарлыкты тапшырып, урмат көрсөттү. Мына бу күн сизлар билан Урман баатыр касиеттүү Кокон ордосунун улук наамли парваначысы катары жолугушуп тур. Биз Кокон бийлигинин өкүлдөрү кутлук айтамиз, — деп төшүн баса элге таазим этти. Ормон каалгый ордунан тура: — Оо, калайык, мен силердин убал-сообуңарды аркалап жүргөн кишимин. Кудаага шүгүр, Кокон ордосу берген бийлик бул вазийпаны дагы оорлотуп койдубу дейм. Мына, орой-чарай бүгүнкү жыйында, — деп оюн жыйнагансып бир аз ойлуу турду да, — угалы кимдин арыздаты бар, кайгы-зары, доосу бар, — деди да, ордуна отуруп, көөнө үйлөр жактан келген топко көз жиберди. Боз таар кемселине мата кур курчанып, эндей кийиз калпагын баса кийген орто жаштагы, сары чийкил, келте мурун чекир көз, жээрде сакал киши бийлердин алдына чөгөлөй салам берди да, ошол калыбында — Баатыр, эсеби бул Кокон кишилери, — деп ээрдин жалай мукактанды. — Айтыңыз, мына бектер уксун, — деди Ормон. — Эсеби, анан... алар салык, деп келип... — кызымды карашат, — деп оюн айта албай,шилекейин жута сүрдөп турду. — Караганы кандай?.. оюңузду жыйыңызчы, — деди Ормон. Эл ичинен бышкырган күлкү угулду. — Эмчеги жыгыла элек, — деп ымшыды киши. Эл ичин күлкү аралады. — Кайсы сыпай экен, — деп Ормон жигиттерин карады. Отуз-отуз беш жаштардагы, топусунун сыртынан жашыл жоолук оронгон, этеги тилик көк чапанчан, муруту чычайган, карасур сыпайды бир жигит дегдеңдете жетелеп, жыйын алдына келтирди. Ормон бул кимиңердики деген таризде бектерди карады. Куртка беги Мамаразык ордунан козголо: — Аа, наадан, хайван, бул неме кылганың, — деп зирк этти. Сыпай үнсүз жер карап, жашылданып турганда, топтон үкүлүү кундуз тебетей, жеңил кара кемселчен, кош этек көйнөгүнүн этеги көлөч маасысынын өкчөсүн жаба көйкөлгөн, узун бойлуу карасурунан келе моймолжуган беш көкүл кыз шайдоот басып келе: — Акелер, кечиргиле. Мен оюмду айтайын, — деди сыңар тизелей отуруп башын ийе. — Айта гой, карагым, — деди аталык мээрими жанган Ормон. Кыз ордунан тура башын салаңдатып турган сыпайдын жанына келип: — Мына сага менин көкүрөгүм, — деп кулачын созо эки жаакка «чуу» дедире эки чапты. Ормон кызга ыраазы боло карап турду да: — Абийирсиз жоругу менен хан бийлигинин баркын түшүргөнү үчүн эл алдында отуз балак урулсун, калган жазасын Мамаразык бек өзү берсин, — деди. Ылдый карап турган кыз Ормонго жүгүнө: — Баатыр ата, бул наадандын эркек аты бар эмеспи. Эл алдында менин урганым жетишер, жазаңызды кечсеңиз экен, — деди. — Бали, айланайын кыз эмес бекен. — Муну тууган энеге ыракмат, — деген үндөр угулуп турду — Болуптур карагым, сен айткандай болсун, — деди Ормон. Кыз шарт бурула ылдам басып, тобуна кошулду. Сыпай да топту көздөй илкиди. Даттануучулардын тобунан отуздар чамасындагы, карала таар кемселине кайыш кур курчанган, маңдайы тайкы, келте мурун, көзү жүлжүгүй, ээрди түйрүк, карасур жигит жай басып келип: — Ассалоому алейкум, акелер, менин да датым бар. Кудай акы баатырдын жигиттери келбегенде эмне болорубузду, — деп буулуга сөзүн улай албай турду. — Айта бер, — деп демөөр берди Жангарач бий. — Кокондуктар экөө экен, айылга келип эле, «бизге үй тиккиле, эс алып, мейман болобуз» дешет. Болуптур конок болгула. Үйдө орун бар, атайын тиккенге үйүбүз жок, десек аттан түшүштү. Анан, — деп мукактанып турганда, кошо келген кошунасы орто жаштардагы токтолуп калган киши: — Ой, акелер, алар кызуу экен. «Силер менен чогуу болбойт, өзүбүзчө болобуз, бир үйүңөрдү бошоткула» дешет. Ылжакташат, аялдардын төшүнө кол салып, — деп ылдый карады. — Төшкө түртүп, үйдөн чыгарып, ушул сыйыңар менен кеткиле десем, «анда салык үчүн алабыз» деп мамыда турган атымды чечишет. Мен колунан чылбырды жулуп алганда, силердин жигиттер үстүбүздөн чыгышты, — деди жигит. — Келсин мында сыпайлар, — деди Ормон эки санын таянган калыбында. Топуларын айланта жука чалма оронгон, тилик этек көк чапанчан 35—40 жаштардагы баштарын жерге сала илкиген эки сыпайды бийлердин алдына келтиришти. — Бул баскынчылар бектердин кимисиники болду экен, — деп эки жагын карады жаалы келип, көзүнөн каар жанып турган Ормон. — Ха, икки аякли хайванлар, өлсаларчи мунан көрө. Мен силерни... — деп калчылдады Ташмухаммед бек. — Мейли, өргө көтөрүп чардаганды өзүңөр тапкандырсыңар. Түтүн салыкты канча малдан доолагыла деп жиберди эле силерди, — деди ойлуу отурган Боронбай бий. — Хар йуз баш малдан бирини, — деп салаңдады сыпайлардын жашы улуусу. — Алиги жигиттин атын алмакчы экенсиңер, анын малы жүз бекен, — деп такыктады бий. — Буларга эмне, ээн жердин бөрүсү да, — деп эл ичинен бирөө үн катты. Санын мыкчый эки жагын карап жаалы келген Ормон: — Экөөнө элүүдөн жүз балак ургула, калганын бек өзү берет, — деди. Чыйпыйы чыга калчылдаган Ташмухаммед: — Багатур ачыгыңызни бериң, биз өзимиз, — деди сөзүнүн аягын жута. — Мен Кокондун өзүнүн каттасымын. Балак эселектерди эсине келтирет, калганын өзүңүз бериңиз, — деди Ормон суз калыбында. Шымаланып даяр турган жигиттер арыдан-бери сыпайлардын сырт кийимдерин чечип, көйнөк-дамбалчан көмкөрөсүнөн сала, эки жигит эки жагынан өрүм булдурсун менен жонго сабап турушту. Эл ичинен: — Бечараларды. .. — Ушунча ырайымсыз... — Бечаралар өлүшөт го. — Чала болот көпкөн немелерге. — Желдери чыксын, — деген үндөр угулуп турду. Жазалоо бүтүп, жондорунан шүйшүңдөгөн кан ак көйнөктөрүнө чыккан сыпайларды боз үйлөргө алып кетишти.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   Disappear   15 Март 2019 - 05:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Жыйын үстү жымжырт. Алдыга жашы алтымыш ашкан, көгала сакал, көрпө кыюулаган кулун тери малакайчан, карала таар чепкенин жип менен курчанган карыя менен отуз беш кырк жаштардагы, орто бойлуу, жеңил кара кемселчен жылаң баш, таар пиязы чалбарынын багалектери өтүк кончуна кийрилген москоол карасур жигитти алып чыгышты. Эл ичинен: — Аа, тиги Алаке чал тура... — Ысман ууру жанындагысы, — деген үндөр чыкты. Алаке карыя бийлерге ийилип салам айта: — Оо, баатыр, датымды айтайын, — деп тамагын жасай сөзүн улады карыя. — Кудай акы эч кимге залалым жок, музоолуу уюм, бээм, бир тайым, жыйырма чакты жандыгым бар, — деп энтиге көкүрөгүн баса токтой калды. — Шашылбаңыз, дем ала сүйлөңүз. Шашпай угабыз, — деди Ормон чалга дем берген болуп. — Бээм быйыл туу калды эле. Мына бу жигит жайыттан уурдап, анжыян caрттарына өткөрүптүр деген имиш угуп, уулум, эки иним артынан кууп, Көк-Арттын берки оюнан жетип ажыратып келишти. Бул кесепте доом жок. Жазасын акыретте көрөр, кое бергилечи ушуну. Балдары бар, — деди карыя сакалын сылай. — Пейли кенен Кудай деген киши да... — Кесепти жөн кое берсе дагы бирөөнүкүн уурдайт, — деген кобур угулду эл ичинен. — Малыңыз колуңузга тийгени дурус. Тийбегендери да бар. Бакан басылсын, — деп жигиттерди карады Ормон. Эки жигит уурунун көн өтүгүн чечип, багалектерин түрө тактайга чөгөлөтө отургузуп, ийри такымдын астынан балтырдын үстүнөн баканды сойлотуп, экөө эки жагынан алмак салмак баса баштады. Тактайга чөгөлөгөн киши алгач кыйноого чыдайын деп эки колун жерге таяп, күч менен энтиге онтоп турду. Бакан алмак-салмак оой басылып, балтыры эзиле баштаганда, өзөктөн азаптуу созула уңшуган үн ачуу чаңырыкка айланып теребелди жаңыртты. Эл ичи уу-дуу. — Оо, Кудай сактай гөр мындайдан. — Чала болот кесепке, далайды боздоткон немеге. — Эмне, жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк бар бекен? — деген уу-дуу аралап, жыйын ичи түйшөлдү. Сыздап ыйлаган аялдын үнү азаптуу кыйноо зарын коштоп турду. Ордодогу кыйноонун опсуз түрлөрүн, киши мууздоону көрүп жүрүшкөн Кокон бектери да: «Яа,Кудаалап» жакаларын кармана чайпалып турушту. — Баатыр, болду го, токтоттуруңузчу бул азапты, — деп Боронбай бий Ормонго кайрылды. Ормон колун жаңсай, жигиттер такымынан баканды суурар замат күнөөкөр шалк жыгылды. Боюн жыйноого чамасыз ууруну эки жигит колтуктап жыйындан чыгарып кетишти. Уу-дуу басыла жыйын бир тынымга дымып турду. Төрдөгү билермандардын катарында отурган узун бойлуу, чап жаак, карасур, кабагы терең, сурмасыз көзү суз тиктеген Саза: — Баатыр, эр эрденип, эриш бузган синакор аял, эркек бар экен, — деди. — Көрсөткүлө элге маскараларды, — Ормон кыймылсыз эки санын таянган калыбында. Жазалоочу жигиттер элдин алдына отуз-отуз беш жаштардагы кер мурут жигитти жылаңбаш, көйнөк, дамбалчан алып чыгышты. Анын артынан эки жигит эки жагынан колтуктай, көйнөкчөн, жылаңбаш, эки өрүм кара чачы соорусуна төгүлгөн, 20—25 жаштардагы сулуу келинди сүйрөлтө жетелеп чыгып, суулукталып турган жайдак аттын жанына жеткиришти. Жазанын түрү жигиттерге маалым окшойт. Көйнөк, дамбалчан шөлбүрөгөн жигитти атка мингизип, артына аялды тескери карата учкаштырып, кыл аркан менен көкүрөгүнөн, белдеринен ала чытырата таңып, эки жигит атка мине, бири жетелеп, бири айдай элди айланта баштаганда эл ичинен бирөөнүн (кыясы аялдын эри го): — Эр эрденип, эриш бузгандар ушулардай болсун, — деп кыйкырды. Жазалангандарды топту айлантып чыга, айылды көздөй жетелеп жөнөштү. Ормон козголбогон калыбында: — Бул пенделерди ушул тейлеринде айыл-айылды аралатып, маскаралыктарын ашкерелешсин. Бирөөнүн ак никесин арамдаган Малдыбайдын уулу эр эрденип талак болгон аялдын эри Серкебайга үч тогуз, жана ага аялдын төркүнү да үч тогуз айып төлөшсүн. Айып дароо өндүрүлсүн. Урматтуу калайык, урматтуу бийлер, кадырман бектер, шариат жолунан чыгып, бирөөнүн адал малына, ак никесине кол салгандарга хан бийлигинин атынан аесуз чара көрүлөт. Зекет жана салык шариат ченемине, Ордо мыйзамына ылайык биздин көзөмөл алдында жүргүзүлөрүнөн кабардар болуңуздар. Сиздер менен бирге эл ичинде бейкуттукту, адилеттикти, байгерчиликти болтуруунун вазийпасын моюнга алалы. Бар бололу. Эл-журт эсен болсун, — деп сөзүн бүтө жыйын аяктаганын билдирди. Көз алдыларынан өткөн ырайымсыз, катаал жазаларды ар кандай жоромолдоп эл тароодо. Анда-санда эчкире ыйлаган аялдын, күрсүнө кобураган эркектин үндөрү угулат. Бийлер, бектер сый өргөлөрүнө, келгендер көөнө боз үйлөргө бет алышты.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   Disappear   15 Март 2019 - 06:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Мына 96 беттин аягы. Биринчи кунго чейин китеп уланбайт. 2-3 кунго жеткире эрмектеп турушсун деп көп бет, калп айткан кишиге 30-50 баракка жакын текст биринчи вордго көчурү п, ал жактан кыргыз алфавитине ондолуп, андан супер инфого көчүп, редакцияланып, андан сон туздөл үп , сиздер окуганга даяр болду. Өзум кошо биринчи жолу окуп жатам, окуган сайын өрөпк үп, өзүм ө өзүм батпай кеткен кездерим коп болду, акыркы 10 беттей кезде. колумдун иштебей калганына карабай бутургонго шаштым го.
Толуп турган ойлорду айтып, акыркы беттерди талкуулагым келди, бирок... Бирок) чогуу талкуулайлы демекмин. Көчмө ндөр кагылышын окуган адамдар учун жаны ой толгоолор, жаны акыл ой эмгеги даяр. Өзүм кошо жаңы окуп, ар бир автордун кол эмгегинде коп нерсе жатканын байкадым, башка бир автордо Ормон чыр, зордукчул болуп баяндалса, бул жерде башка жагынан ачылып отурат. Чын чынына келгенде баатырдын оз убагында кандай адам болгону бизге чындык катары жетпейт окшойт... Тарыхый маалыматтар, андан соң автордун фантазиясы менен бирөө бузгө жек көрунс ө, бирөө бузгө суйкумдү ү. Алдыда дагы 215 беттей көлөм турат. Аз аздап шартыма карата бутуруп, анан толук талкуулайбыз деген оюм бар. Бирок окулган урунттуу окуяларга таасирленип өз оюн айтамын дегендерге абдан кубанычта болом. И баса акыркы курч окуялардан баштап, өзумө урунттуу корүнгон саптарды өзгөчө белгилеп коем, мумкүн сиздер да мен көргөндү көруп, мен туйганды туярсыздар.

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 15 Март 2019 - 06:09



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   ALATOOLUK.JIGIT   15 Март 2019 - 19:53

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 210
  • Катталган: 13 Апрель 16
  • Соңку аракети: 06 Фев 2021 18:36
  • Жынысы:Эркек

Менин баамымда,албетте чыгармадан; Ормонду ото каардуу,айбаттуу, алдында киши бужуроп турган,айтканын айткан,дегенин дегендей кылдырган,жанындагы кенешчилерине кобуроок таянган хан элестетчумун. Бул чыгармада милайым,боорукердей корунуп,менин элесимдеги Ормон хандын образына анчейин коошподу. Антсе да мен чыгармадагы кыргыздын каада-салты, жоомарттыгы, бабалардын нарк-насилинин баяндалышына купулум толду. Автор,рахмат сага. Жан-дуйнонун ачкан курсагын эн жакшы тамак менен тойгозуудасын. Уланта бер,кутобуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   Disappear   16 Март 2019 - 14:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Просмотр сообщения ALATOOLUK.JIGIT (15 Март 2019 - 19:53) жазган:

Менин баамымда,албетте чыгармадан; Ормонду ото каардуу,айбаттуу, алдында киши бужуроп турган,айтканын айткан,дегенин дегендей кылдырган,жанындагы кенешчилерине кобуроок таянган хан элестетчумун. Бул чыгармада милайым,боорукердей корунуп,менин элесимдеги Ормон хандын образына анчейин коошподу. Антсе да мен чыгармадагы кыргыздын каада-салты, жоомарттыгы, бабалардын нарк-насилинин баяндалышына купулум толду. Автор,рахмат сага. Жан-дуйнонун ачкан курсагын эн жакшы тамак менен тойгозуудасын. Уланта бер,кутобуз.


Ага) дал ошол нарк насил, салттар мени ойго салды. Азыр эч нерсе калбагандай. Мурдагыдай шан жок... Алыста журуп биздин салт санааны абдан сагындым ) китептен кыз узатуу, кудалашуу, олуячалыш бийлердин накыл кептерин окуп, бир топ дем куч алдым, ошол замандарга жакындагандай боло туштум. Озубуз майдалангандайбыз, биз менен кошо журт, калк насили жоголуп бараткандай. Ажыбек датка айткандай эл-жерибизди ээлетип, озубуз тоо-таш койнунда калгандайбыз. ... Кыргызбыз деп тош каккылаганыбыз менен...((( Курсунто турган бир топ окуя бар... айткандын оозу жаман болот, бир нерсе десен. кузундо кайтканда бир нече китеп сала келгем эле. Ошолорду азык, дем кылып отурам азыр. Адабий тилибизди, биз азыр колдонбогон создорду окуп отурам.

Сиздин жан дуйно ачкасын деген созунуз абдан жакты...


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   Disappear   16 Март 2019 - 14:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Ну раз моя поездка в никки бич накрылась, то улантабыз Сүрөт


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 9 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 9, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 17:56

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: