Хан Ормон Токтоналиев Жапаркул Хан Ормон: тарыхый роман
#81 16 Март 2019 - 14:37
Таштагы жазуу:
«Жакшы болсоң, жердей бол,
Баарын чыдап көтөргөн.
Таза болсоң суудай бол,
Баарын жууп кетирген.
Ырыс алды ынтымак,
Ынтымагын болбосо,
Алдыңдан таяр алтын так».
( Калыгул.)
Кара-Ой
1842-жыл, баш оонанын ортосу. «Алда кандай жай болот, орус менен кокондун кимиси бизге бай болот» деген кооптонуу лакапка айланып, эл тагдыры аразатта турган кез. Айланага боз түшүп, асман мунарыктап, Көл башынан көтөрүлгөн күндүн нуру боз мунарыкка жуурула аптабын төгүүдө, жел жүрбөй, аба үп тартып турат. Жыбыраган майда толкундарында күн нуру ойногон көл бети чалкайып, жээктери көздөн уча ак чокулуу тоо этектерине жалгашкансып мунарыктайт. Көл аягы Көтмалдыда, Чүй суусунун оң жээгиндеги түзөңгө казганактай конгон айыл демейдегиден өзгөчө көрүнөт. Тогуз канаттуу тандалма боз үйлөр беш-ондон топ-тобу менен катарлай тигилген. Ар биринен бир аз обочо керилген кермелерде байлануу аттар турат. Анда-санда айыл арасына каттагандардын карааны кылаңдайт. Айыл курултайга келүүчү конокторду күтүүдө.Конокторго мал союп, аш бышырып, ат көлүктөрүн кайтаруу үчүн өз үйлөрү менен көчүп келип, төмөнүрөөк конгон көөнө айылдан түтүн булайт. Кемеге баштарында кыймыл көзгө илинет. Бул жолку курултайды күтүү милдети Кылжырдын эки уулуна — Сарыбагыш менен Бугуга — тиешелүү. Камылга көрүү, күтүү даярдыктары Ормон менен Боронбайдын көз кыры астында жүрүүдө. Ар бир уруунун өкүлдөрү туруучу тогуз канат жасалгалуу ак боз үйлөрдүн ичине адеми туш кийиздер, жабык баштар тартылган, өрө кийиздер үстүнө кара саксак көлдөлөңдөр салынып, жаңы капталган жууркандардан эки-үч кертим жүктөр жыйылып, жаздыктар тирелген. Эпчи жаккы улагадан өйдөрөөк кийим илүүчү ала бакандар коюлган. Ар бир үйгө конокторду тейлөө үчүн сөөгү таза, тарбиялуу жаш жубайлар дайындалган. Төшөнчү-орун, майлык, суулук же тейлегендердин жүрүм-турумунан кенедей кынтык табылса, конок күткөн тарап уятка калат. Бири-биринен өйдөсүнгөн бийлер, манаптар ырчыларына жамактатып топко жар салдырса, конок күткөн тараптын баркы түшөт. Даярдыктын ушул жагына өзгөчө көңүл бурулууда. Саза баш болгон Ормондун көрөр көз жигиттери ар бир үйдүн даярдыгын колмо-кол текшерип, тейлөөчү жубайлар менен көзмө-көз сүйлөшүп, жагдайды ар кечте Ормондун өзүнө баяндап турушат. Ормондун өзү үчүн ичи-тышы жасалгалуу он эки канат ак үй тигилген. Эшигинин оң ыптасына — эр жагында ак айчыктуу кызыл туу желбирейт, эпчи жагына түпөктүү найза жөлөнгөн. Келим кетимди тейлеген эки жигит дайыма эшик алдында турушат. Кокон ордосунда бийик мансап ээлеген Анжиян, Алай кыргыздарынын билерманыАлымбек датка жан-жөкөрлөрү менен туруучу үйлөр жыйын айылынын баш жагына өзүнчө тигилген. Алымбек датканы күтүү «сегизбектин» кенжеси Ырыскулбекке дайындалган. Тейлөөчү жубайлар Ырыскулбектин өз келин, уулдарынан. «Сегизбектин» ар бирине кадырлуу уруу бийлерин күтүү вазийпасы тагылган. Уруу башчылары туруучу үйлөрдү «сегизбектин» ар биринин өз уул, келиндери тейлешет. Алыскы Анжиян, Алайга, Талас, сары өзөн Чүйгө, Ат-Башы, Нарын, Жумгал, Кочкорго чын куранда эле кош аттуу чабармандар салам дуба жеткиришип, курултай ордун, өтө турган күнүн кабарлап келишкендиктен, мурда күндөн бери уруу башчылары удаа келип түшүүдө. Акыркысы болуп Алайдан Алымбек датка жигит-жалаңдары менен кечээ кечинде келип түшкөн. Аны Ормон чоң үйүндө тосуп алып, сый көрсөтүп, баарлашкандан кийин, атайын көтөрүлгөн өргөгө узаткан.
Fall into my trap :)
#82 16 Март 2019 - 14:48
Fall into my trap :)
#83 16 Март 2019 - 15:00
Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 16 Март 2019 - 15:02
Fall into my trap :)
#84 16 Март 2019 - 15:14
Курултай башы Ажыбек бий: — Иншалла, жакшы санаалуу ойлор ортого салынып турат. Эми көптү көргөн көсөм Миназарбийди угалы, — дегенде, жашы улгайса да эр сымбаты кете элек, орто бойлуу, кең далылуу, кызыл чийкил чап жаак, кабагы бийик, куш мурун, көк ала сакалы жайкалган, эндей кийиз калпакчан, боз пиязы чепкенинин ичинен кийген кара нооту кемселине ак мата кур курчанган, салабаттуу карыя ордунан турду.
Fall into my trap :)
#85 16 Март 2019 - 15:23
Fall into my trap :)
#86 16 Март 2019 - 15:29
Fall into my trap :)
#87 16 Март 2019 - 15:34
Аба жарган ызы-чуу.
Ата-журтун коргогон,
Айкөл Манас кеби бу, — деп туу алдында манасчы күпүлдөйт. Манасчынын эргүүсүн коштогонсуп бапылдаган сурнай үнү курултайда хан көтөрүү аземи башталарынан кабар берди. Курултай башы Ажыбек бий ордунан туруп: — Алхамдулиллахи шүгүр калайык, ордолуу журт болдук. Ата-бабабыздан калган туубузду жайдык, түпөктүү найзабызды сайдык. Хан ордобуз көтөрүлгөнү ушул. Эми, калайык, байыркы бабалардын салтын улап, жами кыргыз үчүн кам көрүп, кара кылды как жарган калыс боло турган, кашкая калк камын ойлоп, кара өзгөйлүктөн алыс боло турган, кылычын алып, кыйырды бузуп жоо келсе кол баштап, эл сактай турган, кылкылдаган мал бактырып, кызылын күрөп дан бастырып, эл бага турган, шариат жолун туттуруп, ууру-кескилерди жоюп, мечит, медресе курдуруп, балдарды окутуп, элди агарта турган, өнөр-билим үйрөтүп алга сүрөй турган, аттанып чыкса ак жолтой, алышкан жоого сан колдой эрендердин бирин хан көтөрүп алалы. Кана, сөз силерде, калайык, — деп элге кайрылды.
Эл ичи дымып курултай бир тынымга үнсүз турду. Саруу Алчикен уулу Ажыбек датка ордунан тура үнүн бийиктете: — Оо, калайык, элибизде эрендер арбын, Кудаага шүгүр. Ошентсе да биринин чечендиги, жоомарттыгы жетишсе, көсөмдүгү төп келбейт. Камбылдыгы, чукугандай сөз тапкан, чукул жерден жол тапкан амалы жетишсе, кашкая чыкчу кайраты жетишпейт, жоо качырып колбаштаар айбаты жетишпейт. Биринин кайраты, жоого каршы айбаты жетишсе, акыл калчаган кыраакылыгы жетишпейт, кашкая жара тарткан катаалдыгы жетишпейт. Албетте бул жалганда телегейи тегиз, кемчиликсиз киши жок дечи, ошентсе да караңгыда жол таап, карайлаганда акыл таап эл баштоочу, тайманбай тосуп жоо майтарчу кайраты, айлакер кыраакылыгы, кашкая жара тартчу катаалдыгы, кара кылды как жарган калыстыгы төп келген эрен арабызда бар. Эсенгул баатырдын небереси, Ныязбек бийдин уулу Ормон баатырды кыргызга хан көтөрүп алалы, калайык, — деп жыйынды айланта карап бир аз турду да, ордуна отурду. — Туура айтты. — Коконго көрсөттү го кыргыздын азуусун. — Көк мелтей, көйкашка. — Андан мыкты да бардыр, — деген үндөргө удаа Карабек уулу Жантай бий ордунан тура сөз алды: — Ажыке датка таамай баалады Ормон баатырды. Бала кезинен жоого аттанып, эл коргогон,жаш кезинен эл аралап, акыл калчап эл ишине аралашкан, адилетсиздикке кашкая каршы туруп, ханга каяша берген эрдигин эли баалап турган, көк мелте эрдиги, эч нерседен жалтанбас шердигине талаш жок. Баарыбыз эле тебетейди кырданта кийген менен Ормондон өтөрүбүз жок. Кара кыргыз үчүн каруусу казык боло хан даражасында кызмат өтөп өткөн айтылуу Эсенгул баатырдын небереси кажарлуу эр, хандыкка башы жаралган Ормонду хан көтөрөлү, — деп ордуна отурду. — Кайран бийдин сөзмөрлүгү. — Атаке баатырдын тукуму да, — деген үндөр коштоду бийдин сөзүн. Саяк Дуулат курултай башыга карап: — Ажыке баатыр, бул кутмандуу окуяга калың саяк элинин атынан сөз кошпосом айлымды аралай албай калам го, — деп күлдү. — Оо, баатыр, сиз сүйлөбөсөңүз курултайдын куржуну толобу, — деп күлө бакты Ажыбек. — Кадырман калайык, өйдөгү сөздөр айтылып, менин да кыбам канып, жетине албай отурам. Бүгүн кара кыргызга тобокел Алла деп хан шайлоочу касиеттүү күн болгону турат. Коңшулардын абалы, бизге мамиле жөнүндө бийлер айтышты. Үч тараптан кысып турушпайбы, биз муштумдай түйүлүп, кайраттуу туралы. Ормон баатыр жөнүндө төп сөздөр айтылды. Тайлак баатырдан кийин, эл четинде жоого сес көрсөткөн кимибиз барбыз Ормон баатырдан башка. Чычалабай эле коёлу, көбүбүз үйдө баатыр жоодо жок дегендей элебиз. Жантай бий туура айтты. Ормондон өтөрүбүз көрүнбөйт. Саяк элинин атынан колдойбуз, —деди Дуулат. — Саяк элдин тыңы. — Бийи да тың көрүнөт. — Тукуму мыктылардан эмеспи, — деп жактырган үндөр. — Эл тагдыры таразага түшүп турган маанилүү курултайда солто элинин атынан ой кошоюн деп турамын, датка аке, — деп Ажыбекке кайрыла ордунан турду Жангарач бий. — Арийне, урматтуу бий, сүйлөңүз, — деди Ажыбек. — Кечээтен бери эл тагдыры, жер тагдыры жөнүндө оюмду айттым эле, бүгүн хан көтөрүү жөнүндө бир-эки ооз сөз сураймын. Омоктуу ойлор айтылып турат. Хандыкка көтөрүлүүчү кишинин тагдырына суктанууга болбойт. Мындай оор жүктү көтөрүү эбегейсиз зор машакат. Аны көтөрүү үчүн Ормон баатырдыкындай кебелбеген сабырдуулук, кашкайган катаал кайрат, кыраакы айлакерлик керек. Күчтүү коңшулардын курчоосунда хандык жүргүзүү үчүн чукулунан эп тапкан айлакерлик, ийкемдүүлүк, акылга жуурулган катаал кайрат, ыгы келсе душманды адаштырып, айласын кетире турган бардаш, ыктуу опуза да керек. Кыйынчылыкта жанды оозго тиштеген сабырдуу тобокел керек. Мына ушул сапаттары бар Ормон баатырдан өткөн хандыкка жарачубуз жок. Ормон баатыр хан болсун, — деп ордуна отурду Жангарач бий.
Fall into my trap :)
#88 16 Март 2019 - 15:40
Fall into my trap :)
#89 16 Март 2019 - 15:45
Ормон хандын заманы.
Ормон хандын максаты,
Ордолуу кыргыз аманы.
Кара кылды как жарган,
Калыс болсун ханыбыз.
Кара өзгөйдүн саатынан,
Алыс болсун ханыбыз.
Кыйын күндө элиңе,
Жол баштай көр, ханыбыз.
Кылычын алып жоо келсе,
Кол баштай көр, ханыбыз.
Шариат жолун туттуруп,
Дил агарткын, ханыбыз.
Өнөр-билим үйрөтүп,
Эл агарткын, ханыбыз.
Кылкылдап жайыт толтура,
Малын көбөйт элиңдин.
Кырмандан кызыл суздуруп,
Данын көбөйт элиңдин, — деп Орозбак жарчы калайыктын каалоосун ханга билдире жар чакырып бүтө, жигиттерОрмонду ак кийизге көтөргөн бойдон курултай төрүнө баш бийдин жанына алып келишти.Курултай башы Ажыбек ичке кырчын талды колуна ала ордунан турду. Боронбай,Муратаалы, Жантай, Жангарач, Медербек, Качыке, Ажыбек, Миназар бийлер анын жанынакелип талды тутамдап турушту. Ак сакал [moderated] аке кырчынды ортосунан кесип: — Кыргыздын кыйырынан чыккан ушул талдай кыйылсын, — дегенде жыйын жапырт бататиледи. Жыйын үстүндөгү уу-дуу басыла түшкөндө Ормон хан ордунан туруп, коңур бийикүн менен: — Алла тааланын атынан жардам тилеп, биринчи хан жарлыгымды билдиремин. Хандынкеңешчилигине Калыгул аке, Жаманжээн, Сергеян, Шамен дайындалат. Элдин урууларарасындагы өз ара доосу, жесир, жетим акысы, кун төлөө, баш ачуу, ууру-кескилерге айыптөлөтүүнү чечүү үчүн баш бийлик вазыйпасы Минназар, Медербек бийлерге жүктөлөт.Уруунун өз ичинде бул иштерди уруу бийлери өзүлөрү чечишет. Уруулар арасындагыбайланышты, хан жарлыгынын аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Саза баштаганжигиттер тобуна жүктөлөт. Кокон, Кытай, Букар, Кыйва, Казак, Орусия бийликтери менентышкы мамилелерди менин көзөмөлүм алдында Байсерке бий жүргүзөт. Аскер курап, колбашчы болууну Төрөгелдиге тапшырамын. Атка минген эр бүлөнүн баарынын үйүнүнтушунда найзасы сайылуу, аты кермеде байлануу тургандай болсун. Кетирекей уулу Алыбек,Субан уулу Адыл Төрөгелдинин аскер ишиндеги жардамчылары болушат. Курал-жарак согууүчүн устакананы кеңейтебиз. Үрүмчү, Кашкар, Омбу, Кокон, Букар жактардан курал-жарак, мылтык, кылыч сатып алууну колго алабыз. Шариат жолун үйрөтүп, мечит, медресеачтырууга кам көрөбүз. Бул үчүн Наманген, Анжияндан аалым молдолорду чакырабыз.Мечит, медресе ачуу уруу билермандарына, оокаттуу байларга жүктөлөт. Эми кыргызга башбий болгон Миназар, Медербек бийлердин сөзүн угалы, — деди Ормон сөзүн аяктай, экижагын карана. — Биз кечээтен бери жыйынга келген акылман бийлер менен кеңешип, ар кандай кылмышүчүн жаза ченемдерин белгиледик. Медербек бий айтып берсин, — деди салабаттуу Миназар.Илбериңки ордунан турган Медербек бий: — Уруулар арасында болуучу айрым калабалуу кылмыштарга: эр өлтүрүүгө 300 жылкы, аялзаты өлтүрүлсө 150 жылкы кун төлөнсүн. Бирөөнүн никелүү аялын бузгандарга 40 жылкыайып салынат, уурулар уурдалган малдын башынан үч эсе көп айып төлөшөт, эң аз болсо биртогуз төлөйт. Хан жарлыгы ушундай, — деп сөзүн бүткөндө: — Оо, калайык, Кудаага шүгүр, курултайыбыз максатына жетип, кара кыргызга ханшайладык. Эми уруулар ичиндеги арыздоолорду кароого өтөлү. Кезеги менен уга берели, —деп бийлерге кайрылды.Жесирдин башын ачуу, жетим акы, кун төлөө жөнүндөгү арыздарды караган курултай эртесикечинде бүтүп, келгендер хан сыйын көрүп айылдарына тарашты.Хан көтөрүү ырасмиси бүткөндөн кийин Ормон хан айылында түлөө да өткөрбөдү. Ордоүйүнө байырлабай, таң саардан ат үстүндө мал-тегесине көз салат, айылдарды аралай эшик алдыларына токтоп, ат жалынан даам сыза, ал-жай сураган болот. Кеч кыстай үйүнө кайтып,эч кимди кабыл албай, түнөрүп отурууну өнөкөттөп жүрөт
Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 16 Март 2019 - 15:45
Fall into my trap :)
#90 16 Март 2019 - 15:55
Үй ичи сөзгө уюп,бир азга тынч боло калды. — Ырас келипсиңер чакырып келтире албай турган керектүү кишилерим, — деп обдула санын таяна сөз улады Ормон хан. — Көптөн бери калайык үчүн тобокелге бел байлап жүрдүм эле. Тобокелдин салмагын башка бак конгондо ашкере туйдум. «Арстан алсыздыгын билгизбей жүнүн түктүйтөт», деген накыл биздин азыркы абалга дал келип тургансыйт. Хандыктын шайы ичинен жупуну болсо да, сыртынан аны салттуу, сүрдүү жана катаал кармоо зарыл дейм. Бул үчүн оюмду силерге билдирип койгонум жөн болор. Сырттан келген кербенчи, соодагерлер, календер, дербиштер ордо күткөн айылга жакын жолотулбасын. Кимде-ким мындай кишилерге ордонун ички абалынан маалымат берсе аёосуз жазаланат. Тескерисинче андай кишилерге ордонун абалын көтөрө чалып, ханды сүрдүү, каадалуу, катаал деш керек, андай жолоочуларга жолугушу ыктымал кишилер аяр жана сөзгө даяр болуулары зарыл. Мында Тайлак баатырдын тагдыры бизге сабак болууга тийиш, — деп кеңешчилерине астыртан көз жиберди. — Айтмакчы, Коконду Аксылык Нүзүп бий баштаган кыргыз колу Насрулла эмирдин өкүлүнөн тартып алып, Алтын бешик урпагы Шераалыны такка отургузуптур деген кабар угулду. Бирок азыр Кокон баш-учун жыя элек шекилдүү, кабарың бардыр, — деп Ормон ханга сылык кайрылды Калыгул аке. — Кабарым бар, Калыке. Букар өкүмүнө караганда, бул бизге бир аз жагымдуу болор деп ойлойм, — деди Ормон хан. — Шераалы хан бу биздин Таластык Ажыбек датканын бир тууган жээни болот тура. Так талашуучулардын көзүнөн далда эр жеткизген даткага ыракмат, — деп сөзгө аралашты Жаманжээн кеңешчи. — Туура айтасың, атасын так талашат деп чочулаган Алим хан өлтүрүлгөндөн кийин датка энеси экөөнү өзү асырап, Шераалыны эрезеге жеткирген тура. Бул кабар менин көңүлүмө толду. Эми элчи жиберип, Кокон менен мамиле түзөбүз. Коконго элчиликке Байсерке бий сиз барасыз, — деп Ныязбек бийдин сол жагында отурган салабаттуу бийди карады да, — Ормон хан сөзүн улады: — Арстан жүнүн кандай түктүйтөрүн билесиз да, коңшулук мамиленин шарттарын сүйлөшөсүз, Кокон чептеринин келечегин макулдашасыз. Бизге ак ниеттүү аалым молдолор керек. Бийлик менен, ордо менен байланышы жок Кудай момун аалымдарды иликтеңиз. Биз шариат, мыйзам тууралуу элге түшүнүктүү «Жооп наме» китеп жаздырабыз. Ага жарачу аалымды урматтап тосуп алабыз. Акыны өзү каалагандай төлөйбүз. Бул иштер азыр өтө зарурат. Даярдансын бий, кандай дейсиздер, — деп отургандарга кайрылды. — Түзүк ойлор экен. Шариат жолун терең билген ак ниет аалымды ордоңузда такай кармаганыңыз абзел болот. Идиректүү балдарды окутуу керек ошол Кокон медресесине жиберип. Ал жөнүндө да бий макулдаша келер дейм. Кыргыздарга түшүнүктүү китеп жаздыруу өтө керек, — деди Ормон хандын сөзүн ынтаа менен угуп отурган Калыгул акылман. — Жакшы кеп, ири айылдарда балдарды окутуу да дурус болор эле. Молдо аз. Кокон, Букара медреселеринен, Калыкем айткандай, идиректүү балдар окуп келишсе, иншалла, бир аз жылда иш оңолуп кетер, — деп чайын уурттап дасторконго коюп, колун жаңсай ыраазылыгын билдирди Ныязбек бий.
— Эмики ишемби күнгө Төрөгелди, Адыл, Балбай, Алыбектерди чакырткың, аскер иштерин сүйлөшөбүз. Бир жерге жыйып кол күтүүгө чама жок. Ар бир түтүндөн бир эр бүлө аты, найза,кылыч жана башка болгон курал-жарагы менен күн десе күнү, түн десе түнү даяр тургандай болуусун камсыз кылуубуз зарыл, — деди да, оюмду колдошобу дегендей Ормон хан отургандарга көз жиберди. — Арийне, аскерди дайыма чогуу кармоого кайдан күч жетсин. Айтканың туура, уруу билермандарын жыйып келишесиң го, — деди Калыгул аке. — Курултайда патба кылынбады беле. Эми жигиттерди жиберип орундаттырабыз да. Үч айдан кийин добулбас урдуруп, аскер жыйноонун даярдыгын көрөбүз, — деди хан. — Жоокерлерди курал-жарак менен жабдуу жагы дароо бүтпөйт го, кошумча чара көрүлбөсө, - деп сөз кыстарды Шамен кеңешчи. — Ансыз иш болобу. Чоюбай устанын устаканасын кеңейтип, ага жардамга элден чебер усталарды чогултуп, курал согууну күчөтөбүз. Аны менен да иш бүтпөйт. Букара, Кокон, Кашкар жактарга эстүү кишилерден мал айдатып, курал-жарак, курч болот, темирлерден саттырып келүүнү колго алуу керек. Ал жактардан бизге өтүүчү жолдорду мерчемдүү жерлерден тостуруп, туяк пул ала баштообуз керек. Бул ишти Сазага тапшырамын, — деди Ормон хан ойлуу отурган жигит башыны карап. — Бул иш жакшы колго алынса арбын пайда алып келер эле, хан казынасын түптөө үчүн, —деди эртеден бери унчукпай отурган Сергеян кеңешчи. — Туура айтасыз, «Үйдө отуруп эсептеп, кулундуу бээ, ботолуу төө, музоолуу уй, мал аламын, жыя келсем сайда саны жок дегендей, бул өтө машакаттуу иш — деп Сергеянга сала-сал кыла Ормон ханга сөз кыйытты аяр Саза
Fall into my trap :)
#91 16 Март 2019 - 16:00
Fall into my trap :)
#92 16 Март 2019 - 16:05
«Ханды Кудай урарда, калкын чабат».(Эл оозунан)
1846-жыл, чын курандын ортосу. Жаз эрте келип, төл тез ирдене, мал көк уулап жайытта, элчыңыртып кулун байлап турган кез. Жаздын булутсуз асманында Көл башынан көтөрүлгөн күн балкый нурун төгүп, жан-жаныбар жаз мээримине бой сала, бейкут тирүүлүк камында.Ордолуу айыл тоо этеги өндүрдө суу бойлой конгон. Хан ордосу — он эки канат ак үйдүн эшикалды оң ыптасында ак айчыктуу кызыл туу желбирейт, эпчи жагына түпөктүү найза сайылган. Туу түбүндө туулга кийип, кылыч байланган эки жигит күзөттө турат. Ордо үйдөн обочороок тогуз канат эки ак өргөө тигилген. Бири атайын конок үйү: ханга четтен келгендерди хан жигити кабыл алып, хан кеңешчилерине жолуктуруп, хандын кабылдоосуна даярдайт. Кечээ кечинде казак ханы Кенесарынын элчиси Сайдак кожо эки жигити менен келип түшкөн. Элчини Саза тосуп алып, кеңешчилер Жаманжээн менен Шаменге жолуктурган. Эртең мененки чай дасторкону жыйылып, кымыз куюлууда. Төрдө кара көлдөлөң үстүндө кайырма жакалуу ак кемселине жашыл белбоо курчана, жеңил ак чалмасын алчыланта оронгон, жүзү субагай, маңдайы жазы, коңкогой куш мурундуу, коюу сары кашалдындагы көк көздөрү кытмыр тиктеген, жээрде сакал, муруту сыйда тегизделип серпилген элүү жаштар чамасындагы кагелес Сайдак кожо отурат. Кожо аталганы: насили казак аксөөктөрүнөн, Казандагы медреселердин биринен таалим алып, ислам негиздери, чыгыш тарыхын, поэзиясын үйрөнгөн аалым киши, акындыгы да бар. Кенесарынын «эл боштондугу»деген чакырыгын жан-дили менен колдоп, анын кыймылынын алгачкы күндөрүнөн бери кеңешчиси, катчысы катары кызмат өтөп келаткан өз кишиси. Сунулган аякты колуна ала: — Бисмиллахир рахманир рахим, ва рахмати Аллахи, ва баракатуху, — деп бир жутуп, алдынакойду да: — Алхамду лиллахи шүгүр, дурус кымыз экен — ичкиле, — деп жолдошторуна карады.Сунулган аяктар бошоп, экинчи кайталанганда эшик ачылып: — Ассалоому алейкум, азиз меймандар, — деп салам айта узун бойлуу, кең далылуу хан кеңешчиси Жаманжээн кирди. — Алейкума салам, — деп ордунан козголбой алик алды элчи. Жанындагы экөө жана чайкуйган жигит тура калып, алик алышты. Кеңешчи Сайдак кожо жана аны менен отургандардын баары менен кол алыша орун алып: — Жакшы жатып, жай турдуңарбы, урматтуу меймандар, — деп сылык жай сурады. — Кудаага шүгүр, биз өз үйүбүздөгүдөй, ээн-эркин эс алдык. Үлкен рахмет. Кыргыз, казакэлдеринин каада-салты, үрп-адаты айырмасыз окшош экен го. Ушундай жиксиз биримдиктитуюп, бизди жиберген хан Кенесарынын айкөл, көсөмдүгүнө таң кала ыраазы болуп отурабыз, — деди кымыздан татып алдына койгон элчи. — Айтканыңызда калет жок. «Казак, кыргыз карлыгачтын кош канатындай бир тууган эл»деген накыл кеп бар. Карлыгачтын канаттары кагылышпайт эмеспи, ал эми биздин эки элде ушул жагдай бир аз төп келбей турганы гана өкүндүрөт, — деди кеңешчи билинер-билинбес жылмая, мындан мурдараак Кенесарынын инилери Норузбай, Эржандар баштаган жортуулчулардын кыргыз айылдарын чаап, бирок жолдору болбой, куугунтук жеп качып кетишкенин кыйыта. Бир аз ыңгайсыздана түшкөн элчи малдашын копшой сакалын сылап: — Ойбай тусканым, бул тириликте казан-аяк да кагышады гой. Шыны-аяк сынып калышы этимал гой. Ага эш ким кайгырмайды гой. Арты жаксы болсын деп тиленеди гой. Сонын сыңары казак, кыргыздын ынтымагы болсын деп тилегенимиз оң болар, — деп жымсалдады сөзмөр элчи. — Айтканыңыз дурус, казан-аяк кагышканда чыны сынса канча айтса да зыян да. Казан аякты да этият кармаган оң болор, — деди сөз нөөмөтүн кетиргиси келбеген кеңешчи. — Сынмаганы дурус деңизши, сынса ага кайгыруу төлөө болмайды го, тусканым. Одан көрө Орман хан таксыр бизди кабыл алса, жүз көрүшүп, дидарлашсак, касиеттүү Аблай ханнын насили, алты сан казак үч жүзүнүн ханы Кенесары жахангердин салам дубасын тапшырсак деп тиленип турмыс, — деди элчи. — Шашылбай даам сызыңыздар. Ар иштин өз убагы болот эмеспи. Кымыздан ичиңиздер, көктөмдөгү байтал бээнин кымызы. Урматтуу коноктор үчүн атайы жасалган, — деп сылык өтүндү Жаманжээн. Аңгыча эшик ачыла кирген жигит Жаманжээнге кайрыла: — Аке, конокторду хан күтөт, — деп көкүрөгүн баса таазим этти. — Жакшы болот, даамга бата тилейли, — деп алакан жайды Жаманжээн. — Оо, жараткан, жалгай көр пенделериңди. Казак, кыргыз бир тууган эки элге ынтымак берекөр. Ушул эки эл бир болсун, баштарына бакыт консун, кас душмандарына бирге аттанып, жолу болсун. Бейкут, берекеде бирге жашап, өркөндөрү өсүп, өрүштөрү кеңейсин. Ынтымактуу эл болсун, Аллахи акбар, ва рахмати Аллахи, ва баракатуху, — деп бата тиледи Сайдак кожо. Батадан соң илбериңки жигит эшик ача, меймандар тышка чыгышты. Күн чоң шашке, асманда сейрек ак булуттар жай каалгыйт. Тоо жактан соккон сыдырым шамалга ордоүйдүн эр жагында ак айчыктуу кызыл туу желбирейт, оң ыптасына түпөктүү найза сайылган, туу түбүндө туулга кийип, кылыч байлана, кыска найзаларын кесе кармаган жоокерлер какайышат. Коноктор ордого бет алганда, алдыда бараткан Жаманжээн: — Таксыр хан элчи сизди гана кабыл алат, жолдошторуңуз өргөөдө болушсун, — деп Сайдак кожону ээрчите ордо үйдүн эшик алдына келгенде, туу түбүндөгү жоокерлер найзаларын кесе кармап, зыңкыя бой түзөп элчиге, кеңешчиге ызаат көрсөтүштү. Жандап келаткан жигит алдыга өтүп, эшик ача Жаманжээн алдыга Сайдак кожону киргизди.
Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 16 Март 2019 - 16:08
Fall into my trap :)
#93 17 Март 2019 - 09:54
#94 20 Март 2019 - 13:13
— Ассалоому алейкум, касиеттүү кара кыргыз элинин өкүмдары, кадырлуу хан сизге асманды титиреткен амири күн чыгыш, күн батышка жеткен, Улуу Чыңгыз хандын насили, Жоочу хандын небереси, Аблай хандын небереси, башына теңирим хандык мартабасын кондурган, касиеттүү Алаш хандын атынан калың казак элинин үч жүзүн баш кош турган Кенесары хандан салам дуба, — деп сөзүн аяктай, башын жерге сала таазим этти. Ормон хандын оң жагында Калыгул кеңешчиден төмөнүрөөк отурган хан катчысы Махмуд молдо элчинин колунан катты алып, түрмөгүн жандырды. — Окуңуз, — деди Ормон хан кебелбеген калыбында. Махмуд молдо тамагын бир «кхи» деп жасап алды да, катты окуй баштады.
«Кара кыргыз калкынын бастыгы хурметли Ормон Ниязбек углына казак үч жүзүнүн касиетти ханы, Улуг Аблай хан туысын көтөргөн Кенесары кара кыргыз калкынын басына бакыт кондуруны каалаймын. Каптап келаткан апааттан сактап калуу максатында акылман элчи Сайдак кожону аттандырдым. Омбудан каптап орус келатады. Эдилди, Жайыкты кечип, Оралдан өттү. Сарыр-Аркадагы сан казакты алып, Эртиштен чыга Илеге жакындап калды. Андан ары Ала Тауга Чүй боюна ат кояды. Арыны эң катты, аскери көп. Казак, кыргыз эзелтен эл четинде, жау бетинде бирге эдик. Жыргал-куралымыз тең, мал-жанымыз аралаш эди. Биригип жауга карсы күресейик. Казак, кыргыз бириксе Ташкен, Кокон, Самаркан бизден алыс кете алмайды. Мен жауласу ушин эмес, элдесү ушин келатамын. Кан төгүсмейли. Арада өйдө-төмөн жагымсыз иштер болып өтти. Оган салават жарыялаймын. Сендердин акылдан адашуңарды кеширемин. Калчаны эки жүз жигити мен бошоттум. Бул катты алган соң жүрегиңердеги коркунучту тастап, мага келип, ханга бас ийип, улы бактыга жетиңер. Эгер менин суныстарым көниңерге жакпаса, анда өз убалыңар өзүңерде. Сендерге ырайым этүчи Хан Кенесары Касым оглы.
мөрүмдү бастым.1244сана, мамыр айы»/
Кат окулуп бүтө үй ичи бир тынымга тынчтыкка бөлөндү. Махмуд молдо катты түрмөктөп, жанына коюп, малдаш уруна отурду. — Элчиде жазык жок, отурсун, — деп аны карабай, мелтиреген калыбында жай унчукту Ормон хан. Сайдак кожо Жаманжээнге катар жай алып отура, алакан жая бата жасаган болду. Кенесары хандын катын ынтаа коюп угуп, ойлуу отурган Калыгул кеңешчи: — Эли-журтуңуз эсенби, урматтуу элчи? Алты сан казак араздашып, өз ичинде кан төгүлүп турат деп угабыз. Кенесары хан өз элин тынчытып, ынтымак күттүрүп коюп, кыргызга ырайым кылайын деп келаткан го? — деп элчиге капыя суроо узатты. Жүйөөлүү жооп табуу кыйынга турган суроого кыстала түшкөн Сайдак кожо: — Кудаага шүгүр, эсенчилик. Мал ичинде да ала бар го акылманым. Кене хандын ыгына көнбөй бөлүнүп, капырларга бой салгандар акыры түбү кайра кошулады гой. КасиеттүүАблай хандын небереси Кене хан Аллахи таала бак берген калк өкүмдары гой, — деп элчи оңтойсуз абалдан чыгууга аракеттенди. — Айтпаса жүрөктө, чаппаса билекте калат дегендей, элчиге оюбуздагыны айтып коёлу. Катка жооп кийинчерээк болор, — деп уруксат сурагансып, Ормон ханга көз жибере сөз улады Жаманжээн кеңешчи. — Катта айтылган сөздөрдөн улам Кенесары хандын ырайым кылганынан коркутканы күчтөй туюлат. Биздин элде: «Какайганга какайгын —байгамбардын уулу эмес, эңкейгенге эңкейгин, — энең тапкан кул эмес» деген накыл бар. Бул жакта ээн жаткан эл жок, чачылып жаткан мал жок экенин Кене хан эстей жүрсө экен. — Эстейди гой, эстүү киши. Кене хан айкөл адамгой. Катта коркутуу эмес, туускандык доомат айтылып тур гой. Хурметли кеңесши ону сиз да куп билип турсуз, — деп жайкаган болуп, Жаманжээндин тизесине колун таяп, күлгөн болду элчи. Ормон хан үн дебей мелтиреп ойлуу. Элчинин сөзгө жүйрүк аракетин байкап отурган Калыгул: — Урматтуу кожо, сизди илимдүү аалым киши деп угабыз. Бул жалганда чындык бирөө эледа. Кайсы жагынан айланбаңыз андан буйтап өтүүгө болбойт эмеспи. Казак, кыргыз теги бир эл. Биринен биринин артык кеми жок. Дини да, тили да бир, кою короолош, айлы аралаш дегендей, бир жамаат эл. Элчи эки элдин ынтымагына данакер болууга тийиш. Кыргыз туугандарыңыздын мүдөөсүн угуп алыңыз. Алдыда ынтымак күтүп биригүү үчүн өткөндөн таалим алганыбыз оң болор. Зордук бар жерде ынтымак болучу беле. Бири-бирибизге өйдөсүнбөйлү. Чөптү кордосо көзгө зыян дегендей, калмак коогалаңынан арыла электе, тынч жаткан кыргызга Аблай хан кыргын салып, Садыр, Жайыл баатырларды шейит кетирип,жазыксыз кан төгүп, элди канабайран кылган эле. Акыры эмне менен бүттү? Эсенгул, Белек баатырлар каршы аттанып, миңдеген казактын да каны төгүлдү. Алардын убал-сообу кимге,— деп башын ийкей, сакалын сылап турду да, сөз улады: — Эки бир тууган элди бириктирип, ынтымак күтүү үчүн өткөндөн сабак алуу керек. Бири бирибизди опузалап, тез артканда ынтымак болобу? Сиз Кенесары хандын алдындагы билимдүү, аалым киши буларды хандын эсине сала жүргөнүңүз оң болор. — Акылманым сөзүңүздө калет жок. Арийне, күч менен ынтымак болмасы ырас гой. Оны Кене хан да куп биледи. Сонын ушин ынтымак сурап отур гой. Катта өткөндү унуталы деп тургой, — деп Сайдак кожо Кенесарынын оркоюп турган текеберлүү опузасын жымсалдоого аракеттенди.
Fall into my trap :)
#95 20 Март 2019 - 13:20
Хандын сөз бүттү деген тейин түшүнгөн Шамен кеңешчи: — Урматтуу элчи, жүрүңүз конок өргөсүнө, эс алыңыз, — деди. Кабыл алуу учурунда сөздөрү Ормон хандын назарына илинбегенине маанайы пас болгон элчи Сайдак кожо ордунан тура төшүн баса ийилип, ханга ызаат көрсөткөн тейде, Шаменди ээрчип, конок үйүнө жөнөдү. Алканча болсо да жоопту күтүүгө аргасыз эле. Кечээтен бери ордо үйдүн айланасы катуу кайтарыкта турат. Үйдөн жүз кадам алыс төрт тарабында төрт жоокер найзаларын кесе кармап, жан каттатпай какайышат. Кош аттуу чабарман жеткирген хан чакырыгына ылайык Талас, Чүй, Кемин, Жумгал, Ат-Башы, Нарын, көл айланасынан келүүчү бийлердин акыркысы кушчу Бүргө бий кечээ кечинде келип түшкөн. Өргөдө багымдат намазы окулуп, чайланышкандан кийин бийлер хан ордосуна өтүшкөн. Саруу Ажыбек, саяк Дуулат, черик Ажыбек, саяк Качыке, бугу Боронбай, Муратаалы, сарыбагыш Жантай, солто Жангарач бийлер, Ормон хандын кеңешчилери Калыгул акылман, Жаманжээн, Шамендер жаш курагына ылайык хандын эки жагынан орун алышты. Жай сурашып, амандашкандан кийин Калыгул акылмандын жанында отурган Махмуд молдо алакан жая: — Аллохи акбар, ва баракатуху, ва рахмати Аллохи. Оо, жараткан, элге-журтка тынччылык, береке-бейпилчилик бере көр, — деп бата тиледи.
Үй ичинде бир тынымга өкүм сүрө калган тынчтыкты Ормон хандын салмактуу коңур үнү бузду. — Калың кара кыргыздын убал-сообун аркалап жүргөн журт аталары, сиздер менен айрым дидарлашканда иштин чоо-жайын учкай баяндаган элем. Кыргыз жергесине көз арткандар көп экенин билесиздер. Анын сыңары казак ханы Кенесары дооматы күч кекээрлүү кат жазып, Сайдак кожо деген элчисин жибериптир. Элчинин сөзүн угуп токтоттум да, «кеңешип кескен бармак оорубайт» дегендей, силерге акылдашууну туура көрдүм. Кенесарынын катын окутуп, чогуу угалы. Казак ханынын кесири башынан ашып турган тейи бар. Окуңуз, — деп Ормон молдо Махмудга карады. Молдо Махмуд чөк түшүп отурган калыбында турмөктөлгөн катты жандырып, тамагын жасай: — Бисмиллахи рахмани рахим, ва рахмати Аллахи, ва баракатухи — деп өз алдынча күбүрөй, үнүн созо чыгарып:
«Кара кыргыз калкынын бастыгы хурметли Орман Ныязбек углына, бизги казак үч жүзүнүн касиетти ханы, Аблай хан туысын көтөрген жахангер, улук даражалуу Кенесары Касым оглы,кара кыргыз калкына ырайым этип, бактылуу кылып, кырсыктан сактап калуу ниети менен кат жолдоп, акылман элчи Сайдак кожону жиберемин. Түн жактан каптап келаткан апаат, алааматтан сактап калайын деген оюм бар. Ойткени... Омбудан каптап орус келатады. Орыс деген көп эл болады. Сары-Аркадагы сансыз казакты алып, Эртиштен чыга Илеге жакындап калды. Арадагы Ала-Тауга Чүй боюна ат кояды. Арыны эң катты, аскери өте көп, тез атар мылтыктары, замбиректери бар. Сендердин күлүңдөрдү асманга сапырады, доңыз этин жедирип, шокундурады. Кыргыз эли жок болады. Сендерге баурым ашыйды. Казак, кыргыз эзелтен эл шетинде, жау бетинде бирге болатын эди. Жыргал, куралымыз тең, мал-жанымыз аралаш эл эдик. Биригип жауга карсы күресейик. Казак, кыргыз бириксе, Кокон, Ташкен, Самаркан бизден алыс кете алмайды. Мен сендер менен жауласу үшин эмес, элдесү үшин келдим. Кан төгисмейли. Арада бирер өйдө-төмөн жагымсыз истер болуп өтти. Оган салават жарыялаймын. Сендердин акылдан адасуңарды кеширемин. Калчаны эки жүз жигити мен босоттум. Бул катты алган соң көңилүңердеги коркунушту тастап, мага келип, ханга бас ийип,улы бактыга жетиңдер. Эгер менин сунысым журегиңдерге жакпаса, анда өз убалыңдар өзиңерде. Сендерге рахим этиши казак үч жүзинин ханы Кенесары Касым оглы.
Мөөрүмдү бастым.1244-сана мамыр айы»
Fall into my trap :)
#96 20 Март 2019 - 13:27
Коңшум датканын сөзүнө дыкат көңүл коюп угуп отурдум. Кантсе да Алаш хандын, Аблайхандын туусун көтөрүп, арбактарын оозанып, эл биримдиги деп падышалуу журт Орусияга акарат көрсөтүп чыккан Кенесары Кудай акы көйкашка эр экен го. «Эрдин эрдигин билбеген Кудайдын бирдигин билбейт» дегендей, ойлонолу. Кенесары калың казактын эле эмес, жамы мусулман журтунун таламын талашып тургандай туюлат. «Эсери болбой эл болбойт» дегендей, кээ бир эсерлери эл биримдигине жолтоо болсо, Кенесары аларды теске салып тургандыр дейм. «Түбү бирге кошулат, учу бирге жазылат» дегендей, калың казак бөлүнүп, жарымы кайда бармак эле. Акыры Кенесары ханга баш ийет да, — деп сөзүм жагабы кыязында эки жагын карана сөзүн улады. — Күн жүрүштө кумурскадай жайнаган капыр кытай турса, түн жактан тигинтип казакты жапырып орус келатса, мусулман түрк баласы бирикпесе бир-бирден сай сайлатып бөлүп кетет го, ойлонолу, — деп эки жагын карана сөзүнүн отургандарга жага бербегенин туйдубу, оюн толук айта албай токтоду. — Оо, Буке, жарыктык, сиз Кенесарыны жалпы түрк журтуна хан шайлап алалы дегени турасыз го, — деди да, Ормон ханды карап, сөзүн улады Жангарач бий: — Хан ага мен да өз оюмду айтайын. «Бийлик кумары, мансап кумары кишинин көөмөйүндө уктаган кара чаар жылан, ал ойгонсо уу чачат» деп карылардан укканым бар эле. Кенесарынын көөмөйүндөгү Жоочу тукумуна тиешелүү кара чаар жыланы ойгонгон тура. Анын ою казактын үч жүзүн эле эмес, түпкү атасы Чынгыш хандын жолун жолдоп, бүткүл ааламды бириктирем деп турушу ыктымал. Өзүн «жахангер» деп атаганы бекеринен эмес. Биз солто эли казак туугандар менен жамаатташ, үймө-үйбүз деп айтсамда болот. Казак ичиндеги окуялардын өкүнүчтүү жагы, Ажыбек датка ак сакал айткандай, орус аскерлерине алы жетпей, өз элин канабайран кылып кырып турганында. Эми ал аз келгенсип кыргызды көздөп алган тура. Туушканбыз дейт тура, анткор, билебиз, Жамангара баатырга көрсөткөн «туугандык сыйын» унута элекпиз, жыландай ышкырган кесепет колуна тийсе кыргызды кырып мүңкүрөтүп, кул, күң кылууну каалайт. Арийне, «жок» деген жооп Кенесарыны тынчытпайт. Күчүбүздү жамдап, күтүнүүбүз абзел. — Таксыр хан, — деп кудасына карап сөз баштады сейрек сакалын сылай сөзгө кулак түрүп отурган Боронбай бий. — Бүргө баатыр менен Жангарач бийдин сөздөрүнүн төркүнү эки башка чыктыбы дейм. Ырас, Бүргө бийдин уулу баштаган эки жүз кишинин бошогонуна ыраазы болсо болор эле. Бирок биздин баамыбызда, алардан арбыныраак мөөсүл алуу үчүн жасалган, арам айлалуу митайымдык деп түшүнүүгө болот, — деди ынтыга демин жыйгыча.
«Туура айтат! Митайым канкордун алдап жем таштаганы да», деген үндөр отургандар арасынан угулганда, сөзү колдоо таап, эргий түшкөн Боронбай бий: — Кенесары орусту мокочо көрсөтүп, кыргызды коркутайын деген экен. Корко койчу кыргыз жок. Кара таандай каптаган калың калмактын баштары да тоголонуп, сай-сайда жатат. Аларда келишкен кирген буурадай чамынып. «Акты, караны ылгабай, алдастагандын акыры аягы асманды карайт» делет эмеспи байыртадан бери эле. Кенесары өткөндөн таалим алса болмок. Угуп турабыз казакты кандайча бактылуу кылып турганын, ошонусу эле жетишмек. Кыргызга Кенесары эмес, Кудай таала өзү ырайым кылат... — Иншалла, бий таамай айтты. — Ойдогуну айтты, — деген үндөр коштогон бий сөзүн улады: — Эми орусту айтсак, падыша күткөн уюткулуу, өнөрлүү журт экен. Ырас, дини башка, дили башка, ошентсе да мокочо эмес. Тиги илгери катын падыша тушунда эле букарасы болгон кичүү жүз казактарын деле курутуп ийбептир. Балдары Битирбор, Маскөөдон окуп, өнөр билим үйрөнүп, элдин көбү ысык там, короо жай салышып, кышкысын анда, жайкысын кадимкисиндей эле көчүп-коно жайлоосун жайлап, күн өткөрүп турушат дейт, — дегенде: — Бий, сиз, кыясы, татарыңыздын сөзүн сүйлөп турасыз го, — деп жылмая сөз кыстарды черик Ажыбек бий. — Айтса эмне экен, Ажыбек бий, Байсылда абсий да көргөнүн айтат. Анын кыргызга кенедей жаман ою жок, такыба киши. Дагы айтайын, Кенесары бизге орустарды көрсөтүп «бөө» дейт. Өзүнүн эле орто жүзүнөн Жоочу насили Самеке, Бөкөй султандардын балдары орусия амирин тутуп, төрө чендерин алышып, Кенесарынын өзүнө каршы орус жанында турушат. Аны Жангарач бий да айтпадыбы. Биз дагы ойлонуп көрүшүбүз абзел. Улукман деген казагыбыздын тейи бул болсо, өзүнчө кан көтөрүп алган кыргызга Кокондун ичи ысып турбаса керек. Акыры азгантай кыргыз Орусия менен ымалага өтүп, ошону арка тутсак кандай болор. Ушул ишке акыл калчап көрсөкпү дейм, — деп бир аз толкундана сүйлөп, демиге түшкөн эткел бий жоолугу менен бети-башын сүртө сөзүм жактыбы деген таризде, эки санын таяна мелтиреп ойлуу олтурган Ормонду карады. Ормон мелтиреп кебелбейт.
Fall into my trap :)
#97 20 Март 2019 - 13:34
— Боронбай бий орустун этегин кармасакпы деген ойду кыйытып өткөндөй болду. Орустан казактын тумшугу жылып, эми кыргыз калыптырбы? Биз дагы өзүбүзчө элбиз. Казактын, же орустун ирегесине кирип берели деп хан көтөрдүк беле. Кокондун ирегесинен жаңыдан чыгып отурабыз го. Бирөөлөргө киренди киргенден көрө, өз кошунубузду түзөлү. Кенесары «бөө» деп койсо эле анын койнуна кирип берүүчү кыргыз жок. Кудай берген жанды Кудай алат. Чамабызды чактап, капсалаңдуу окуяларга даяр туралы. Кандай жооп берсек да Кенесарынын коогалаңы каптаганы турабы дейм. Жообубуздун сырты сыпайы, өзөгү кайраттуу болор, — деп дагы бир жолу Ормон ханга көз жибере сөзүн аяктады Дуулат. — «Ийри отуруп, түз кеңешели» дечү эмес беле бабаларыбыз, — деп малдашын түзөй бир аз обдула отуруп кеп улады жетиген Медербек бий. Кыйын кырдаал башка түшкөнү турганын туюп, кеңешке чакырганыңыз ырас болду, таксыр. Эл башынан нечен кыйын кезең күндөр өткөн эмеспи. Калмак каптап, казак кайың саап, кыргыз Гысар Көлөпкө тентиген алааматты да башынан кечирип, уюткусун бузган эмес элибиз. Ал кезде казак, кыргыз бири-бирине дөгүрсүп кыр көрсөтпөй эле, тең ата ат салышып, калмакты сүргөн экен. Ошол ынтымакты эске албаган экен Кенесары. Кантсе да өз өлүктөрүн тепсеп такка отуруп жүргөндөрдүн насили да. Ал эми биздин эл бирөөлөрдүн жерине, малына көз артпаган момун эл. Эч кимге катылбайт, катылгандын катыгын колуна берип коёт, берип да келген. Аны да Кенесары унутса керек. Өзгөнү коюп, бабасы Аблайдын кыргыздан көргөнүн эстесе болмок. Кенесарынын айтканына көнүп, орус менен кагылыша турган кыргыз жок. Орус деген өкүмү Кырым, Урум, Шыбырга жеткен чоң эл. Аны менен кармашып жүргөн Кенесарынын «жылкысына ченеп ышкырбай, мурдуна ченеп бышкырбай» көпкөн текеберлиги да. Болбосо өнөрлүү орус ким да, түркөй казак, кыргыз ким — ушуну ойлосо болмок. Кенесарынын көпкөн желин Кудай таала өзү чыгарып коюшу ыктымал. «Кыргыздар айтканыма көнбөдүң, айдаганыма баспадың» деп кол салса, азбыз деп айбыгып турбайлы. Көпсүнгөн көөдөктүн күчүн майданда сынайлы. Кылыч, найзабызды камдап, күч жыйнайлы, — деп меселдете Медербек сөзүн бүттү, жаштайынан элге төбөсү көрүнүп, жетиген уруусунун, жамы кыргыз журтунун намысын коргоп жүргөн, сөзгө чечен, ишке чебер бий. — Медербек бий меселдетти го, — деп жылмая, сакалын сылай чечен бийге ыраазылыгын билдирди саруу Ажыбек датка. — Айтса, айтпаса төгүнбү, Кенесарыдан колоп калат белек, — деп мурутун жаный копшоло сөз кыстарды Муратаалы бий.
Fall into my trap :)
#98 20 Март 2019 - 13:41
«Касиеттүү казак үч жүзүнүн кадырлуу ханы, урматтуу Кенесары Касым уулуна, Атпай кыргыз калкынын ханы бизги Ормон Ниязбек уулунан дубай салам. Алаш хандын жолун жолдоп, ордолуу журт болгон үч жүз казак калкына тынччылык, бейкуттук, байгерчилик тилээрибизди билдирүү бактысына мүмкүнчүлүк берген урматтуу хан Кенесары Касым уулуна ыраазылык билдиребиз. Илгертеден эле ирегелери бөлүнбөй, айылы аралаш, кою короолош, тойду бирге тойлоп, кайгуулда бирге болуп, жоого бирге аттанып жүргөн казак, кыргыз эки элди туугандаштырып, бириктирели деген сиздин кеменгер оюңузду колдойбуз. Бул эки элдин биримдигинин башаты улуусун урматтап, карысын кадырлап, кичүүсүн ызааттаганында эмеспи. Байыртадан эле калк эл бийлиги улуусунун колунда болуп, кичүүлөрү эл башкарып, кол башкарып, тышкы, ички жоонун мизин кайтарыпкелген эмеспи. Биригип бир бийлик тутунсак, ата-бабанын салтын сыйлап, хан бийлиги жашыбыз улуу бизде болсун, калк бийлиги, кол башчылык сизде болсун. Ымалабызды бириктирип алсак, Иншалла, Орусия, Кокон менен болуучу мамилелерди да бирге акылдашып, чечип аларбыз.Кыргыз, казак эки элге Аллахи таала ынтымак, ырашкерлик берсин. Береке, бейкуттукту тилейбиз.
Кара кыргыз ханы Ормон Ныязбек уулу.Мөөрүмдү бастым.
1244сана, Бугу айынын, онунчу күнү»
Fall into my trap :)
#99 20 Март 2019 - 13:46
Fall into my trap :)
#100 20 Март 2019 - 13:52
Казак үч жүзүнө хан көтөрүлгөн Кенесары Касым уулунун аземдүү он эки канат ак ордосу. Кыргызга кеткен элчи келгенден кийин чакырылган хан кеңеши казак улуу жүзүнүн билермандары Кенесары хандын жакын кеңешчилери жашына, мансабына жараша орун алышкан. Төрдө, чыканак жөлөнгүчтөрү алтындалган, арка сүйөнүчүнүн баш жагына Аблай хандын бийлик белгиси түшүрүлгөн орундукта орто бойлуу, тулкусу чымыр, жоон моюн, жайык төш, жазы маңдай, бүркүт кабак, кырдачынан келген куш мурундуу, күрөң коюу каш алдындагы ирмелбей тиктеген сүрдүү сургулт көздөрүнөн кайрат учкуну жанган, сүйрүлөнгөн күрөң жээрде сакал, муруту сыйда серпилген Кенесары хан отурат. Башында кырбуусу тайкы кызыл макмал тышталган тебетей, тик жакалуу сургулт нооту кемселине күмүш кемер курчанган, колдорун отургучтун сүйөнүчтөрүнө жөлөп, кебелбей отурат. Эки тарабында уй мүйүз тарта чубуртмалуу Агыбай баатыр, ак койлуу Байет, Чымыр Байзак, ботпай элинен Супатай бий, Султан Үрүстөм, инилери Норузбай, Эржандар отурушат. Бөлтүрүк ырчы, элчи Сайдак кожо, Төлөңгүттөр башчысы Мырза төмөнүрөөк отурушат. Кебелбей отурган Кенесары отургандарга бир сыйра көз жибере: — Кыргызга кеткен элчим келди. Наадандардын дымактары күч окшойт. Сендер да угуңдар.Кана, оку, — деп Сайдак кожого карады. Каадалана салабаттуу кыймылдаган кожо жанынан түрмөктөлгөн кагазды алып жандыра: — Бисмиллаахи рахмани рахим, ва рахмати Аллахи, ва баракатухи.
«Касиеттүү казак үч жүзүнүн кадырлуу ханы, урматтуу Кенесары Касым уулуна, атпай кыргыз калкынын ханы бизги Ормон Ныязбек уулунан дубай салам. Алаш хандын жолун жолдоп, ордолуу журт болгон үч жүз казак калкына тынччылык, бейкуттук, береке, байгерчилик тилей турганыбызды билдирүү бактысына мүмкүндүк берген урматтуу хан Кенесары Касым уулуна ыраазылыгыбызды билдиребиз. Илгертен эле ирегелери бөлүнбөй, айылы аралаш, кою короолош, жылкысы өрүштөш, тойду бирге тойлоп, ойду бирге ойлоп, кайгуулда бирге болуп, жоого бирге аттанып жүргөн казак, кыргыз эки элди туугандаштырып, бириктирели деген сиздин кеменгер оюңузду колдойбуз. Бул эки эгиз элдин биримдигинин башаты улуусун урматтап, карысын кадырлап, кичүүсүн ызааттаганында эмеспи. Байыртадан эле калк бийлиги улуусунда болуп, кичүүлөрү эл башкарып, кол башкарып, ички, тышкы жоонун мисин кайтарып келген эмеспи. Биригип бир бийлик тутунсак, ата-бабанын салтын сыйлап, хан бийлиги жашыбыз улуу бизде болсун, калк бийлиги, кол башчылык сизде болсун. Ынтымак күтүп биригип алсак, Иншалла, Орусия, Кокон менен болуучу алака мамилелерди да бирге акылдашып, чечип аларбыз. Казак, кыргыз эки элге Аллахи таала ынтымак, ырашкерлик берсин. Береке, бейкуттукту тилейбиз.
Кара кыргыз ханы Ормон Ныязбек уулу.
Мөөрүмдү бастым.1244сана, Бугу айынын 10күнү».
Кат окулуп бүтө, кебелбей отурган Кенесары: — Хандык мен косо катыныңды да бер демегени оң болгон экен, баччагардын. Кана, кимиңдер не дейсиңдер, — деп отургандарга кыдырата көз жибере, — Сайдак кожо, сен айтып көршү кыргыз жайын көзүң мен көрүп келдиң гой,—деди. Катты түрмөктөп жанына коё эркин отурган Сайдак кожо: — Таксыр, кыргыздар бир кыйла жыйнактуу халк сыяктанат. Аскери канша биле алмадым. Ар бир үйдүн жанында найзасы жерге сайылуу, кермеде аттары байлануу турганын көрүүгө болады, жоокер халк оксайды. Хан тартиби өтө катаал, ашык сөз сүйлөнмөйдү. Ормон өзү өтө зор, албеттүү, көзүнөн акыл да, каар да жанган сүрлүү киси экен. Көз карасы шилиден өтөт, көп сөйлемейди, айтканы эки эмес. Кол бастай турганы Төрегелди деген, жолборс шапкан, болумдуу эр экен, дагы да жолборс чапкан Балбай, кос Түлкү, Адыл деген баатырлары бар экен. Айтор ким менен болсо да кармасуга даяр туратын халык көрдим, — деди
Fall into my trap :)