Суперстан: Хан Ормон - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Хан Ормон Токтоналиев Жапаркул Хан Ормон: тарыхый роман

#121 Пользователь офлайн   Disappear   20 Март 2019 - 18:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Олуя-Ата, Мерке чептерин багындырып, өзүн Искендер Зулкарнайндай сезген Кенесары хан, найзакерден кагуу жебей, накта казак насилинен чыккан бийлерге «сен карасың», деп колбербей текеберленген Норузбай төрө, «Аблай насилиненбиз» деп кекирейген султандар саздын кара баткагына булганган кийимдеринен суу шорголоп шөлбүрөй, колдору байлануу айдакта баратышты. «Кысасы кыяматка кетпейт» деген накылдын чындыгы ушул го. Күн кеч бешим. Ормон хандын Текелик-Сеңирдеги көчмө ордосу. Хан алдында кол башылар, акылмандар кыргыз жоокерлеринин жеңиши жөнүндө ой бөлүшүп отурушат. Баарынын маанайлары жаркын, көңүлдөрү шат. — Бейкүнөө төгүлгөн элдин каны Кенесарыны узаткан жок. Кудаага шүкүр, канкордун алааматынан эл кутулду. Байлык издеп келген баскынчылар кыргыз кылычынын мизин туйгандай болушту окшойт, — деп канааттана сакалын сылай Ормон ханга көз кырын жиберди Жантай бий. — Бүгүн казак жоокерлери дээрлик каршылык көрсөтө алышкан жок. Биздин жоокерлердин жаккан отунан, салган чаңынан жүрөксүп, суусуз калган бечаралар качып баратып, Мыкандын сормо сазында, агыны катуу кара сууда сорулуп, чөгүп мерт болушту. Биз жактан жоготуу болгон жок, — деди Чынгыш баатыр. — Атаңдын көрү амалы күчтүү казак, Чубуртмалуу Агыбай биз чабуулга киргенде жигиттерин аттандырбай буктуруп коюп, чабуул өтүп кеткенден кийин Мистенин белин аша куткарып кетти. Артынан кубалабадык, — деди Төрөгелди баатыр, адөөлөттүк кылганын билдирген таризде узун мурутун сылай. — Кенесарынын кесепеттүү дооматы калың казакка тийди, кыргызга да оңой болгон жок, —деди Жангарач бий. — Эки элге тең кыйын болду, — деп кебелбеген калыбында сөз улады Ормон хан. —Качкандарды кубалабаганыңар дурус болду. Алданган, зордолгон бечараларды. .. Казак тараптан көмүлбөй калгандарды да мусулманчылык менен жашыруу керек. Туткунга түшкөндөрдү кааласа коё бергиле өз жерлерине, кыргыз ичинде калып, эл болууну каалагандардын өз эрки, — деди Ормон хан. — Таксыр, бүгүн ар бир кошунга мал союп, түлөө өткөрөлү. Жоодон түшкөн олжону бөлүштүрөлү, — деди Жантай бий. — Олжону биринчи кезекте толугу менен казатта шейит кеткендердин, жарадар болгондордун үй-бүлөлөрүнө бергиле, — деди Ормон хан. — Абдан адилет болор эле. — Кудай алдында туура болор эле, — деген кобурга аралаша эшик ачылып, ийиле салам айтып Калча, Дайырбектер киришти. — Алейкума салам, келгиле азаматтар, орун алгыла, — деди жигиттердин согуштагы эрдиктеринен кабары бар Ормон хан. — Кенесары, Норузбай бир нече төрөлөрү менен колго түштү, — деди Калча. — Кудай колго берген экен, канкорду, — деп ыраазы боло оңдонуп отурду Жантай бий. — Көп жойлогон бөрү капканга түшпөй койбойт дегендей, он жыл чамалуу жаны тынбай жортуп жүрдү эле, казакты бошотуучу киши болуп, кайра элине бүлгүн салып. Түшкөн экенда башына көр пенденин тагдыры, — деди Жангарач бий. — «Ханга жолуктургула» деп суранып турушат, — деди Дайырбек. Жыйындагылардын назары эмне дээр экен деген кыязда Ормон ханга бурулду. Кабарды канааттануу менен кабылалганы туюлуп турган Ормон хан: — Менин алдыма келтирбегиле. «Күндүн көзүн көргөн үшүбөйт, хандын көзүн көргөн өлбөйт» деген накыл бар. Анын тагдыры азыр ачакей. Эки бир тууган эл сөөк өчтү болбосун деп эки-үч ай туткунда кармап, элчиликке келип коё берсек да болор эле. Бирок каны төгүлгөн эл эмне дейт? — деди Ормон хан. — Азыр эле колубузга бергиле. Кандарын ичип, көксөөбүздү суутабыз деп сагалап турушат Калпак, Субанбек, Ормонбек баатырлардын үй-бүлөлөрү, — деди четтерээк ызаат сактай турган Калча. — Ошолордун колуна берели, — деди Жантай бий. — Албетте бейкүнөө кан жуткандардын колуна бергиле. Тил алышса өлтүрбөй кармап турушса болор эле, — деди Ормон хан. Дайырбек, Калчалар жыла чыгып кетишти. Шейит болгондорду жашыруу, үй-бүлөлөрүнө көңүл айтуу, жардам берүү, элди кайра конуштарына кайтаруу жөнүндө кеңеш улана берди.Эртеси чоң шашкеде Ормон хандын ордосуна Алыбек уулу Калыгулду ээрчите Жантай бий келип түштү. Амандаша жай алып отургандан кийин: — Сиз айткандай болбоду, таксыр. Жолболду дегендин үйүнө туткундарды камап кайтартып коюшкан экен. Каны кайнаган эл сакчыларды жөөлөп кирип, Кенесары, Норузбай экөөнү тең өлтүрүшүптүр, — деди Жантай бий. Бир аз кабатырланганы байкалган Ормон хан: — Кимдер өлтүрүптүр, — деди санын таяна мелтиреген калыбында. — Кенесарыны Субанбек, Ормонбектердин иниси Тайсары жайлаптыр. Норузбайга күйүтү күч Калпак баатырдын жесири кол салганда, көк жал эрен «оо кыргыздар, эркегиңер жокпу»дегенинен улам, намыстанган Төлөбай деген жигит аялдын колунан кылычты алып, Норузбайдын суроосун орундаптыр, — деп канааттанган таризде Ормон ханды карады Жантай бий. Ормон хан көз ирмебей үнсүз дүйнөнүн оомал-төкмөлүн таразалаган сыяктуу турду. Бир тынымдан кийин Жантай бий мурутунан жылмая Ормон ханды карап: — Көк жал Кенесары өлүм алдында аба жара өлөң айтып, эки ирекет намаз окутууну өтүнүптүр, — деп кошумчалады. — Ыйман келтиргенден мурда ырдап өлгөн экен да талаанын бөрүсү, — деди Ормон хан. — Акылдаша турган иш бар. Калыгул экөөбүз ошол үчүн келдик, — деди Жантай бий. — Айткыла, угалы, — деди Ормон хан. — Кенеханды орустар он жылдан бери колго түшүрө албай жүргөнүн билесиз. Мунун башын кесип, Омбудагы орус жарым падышасына жиберсек көп тартуу алабыз. Орусия менен ымалабыз да жакындайт, — деди да, тапкан акылым жагабы дегенсип, Ормонду карады. — Жөнү бар сөз. Бирок ушунча алыс жерге кантип жеткирер экенсиңер? — деди Ормон хан. — Ал иштин жайын Калыгул баатыр табат, — деди Жантай бий жанында отурган Калыгулду карап. — Калыгул баатыр, сиз кыргыз элчиси катары бизден жарым падышаага салам айтып барасыз, — деди Ормон хан салабаттуу көп сүйлөбөгөн Калыгул Алыбек уулун карап.Аракет жасайбыз, таксыр, — деди Калыгул токтоо калыбын жазбай. — Кудай кааласа бул жактагы иштер ойдогудай бүттү. Калгандары кечээки жыйында сүйлөшкөндөй болсун. Эми биз Байсоорунга кайтсак болот, — деди Ормон хан. — Андай десеңиз, Кудай кааласа эртең узаталы ордоңуз менен, — деди Жантай бий. Сөз Калыгулдун Омбуга сапары жөнүндөгү маселеге ооп, аңгемелешүү уланды.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#122 Пользователь офлайн   Disappear   20 Март 2019 - 18:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

УРПАКТАРГА ТЫНЧТЫК МУРАС


1847-жыл. Баш оона айы. Кенесары хандын баскынчылыгынын бетме-бет согушта тамыры суурулгандан кийин Ормон хандын эл ичиндеги жана эл аралык зоболосу көтөрүлүп турган кез. Тартуу менен куттук айтып кыргыздын мартабалуу бийлери, байлары эки күндүн биринде келип турат. Файзулла тархандын бузуку аракети менен Орусияга таянып, жалпы кыргыз эркиндиги үчүн болгон салгылашуудан четте калган кудасы Боронбай бий да, «кабар даана жетпей калды» шылтоосун айта, тартуу ыроолоп келип кеткен. Олуя-Ата, Мерке чептерин басып алып, хандыктын келечегине коркунуч туудуруп турган душманынан куткарганы үчүн Кокон бийликтери да атайын элчилерин жиберип, ыраазылыктарын билдиришкен. Чыгыш Түркстанды Кытайдан бөлүп, өз алдынча мамлекет түзүү үчүн күрөшүп турган Кашгар өкүмдары Кожонун куттуктап жана аскердик жардам сурап жиберген элчилери кечээ узаган. Батыш-Сибирь генерал-губернатору князь Горчаковдун жана өзүнүн атынан куттук айттырып жиберген Батыш-Сибирдин чек ара начальниги генерал-майор Вишневскийдин Чоң Ордо Аягуз приказынын катчысы Галим Якубов Ормон хандын кабыл алуусунда отурат. Хан ойлуу кебелбеген калыбында орус генералынын сөзүн көңүл коюп угууда. Оң жагында Калыгул акылман отурат. Он жылга жакын убакыттан бери регулярдуу аскер бөлүктөрүнө моюн бербей согушуп келген Кенесары султандын кара кыргыздар тарабынан бетме-бет согушта талкаланып, өзү инилери менен колго түшүп мерт болгонуна Орусия таң калып да,ыраазы болуп да турат, — деп Ормон ханга көз жиберди жашы кыркка жете элек, өзүн салабаттуу кармаган татар жигити Галим. — Душманын жеңип берген кишиге ким ыраазы болбосун. Орусия, өзүңүз айткандай, Кенесары султанга алы келбей кармашып келбеди беле. Орусиянын ыраазы боло турган жөнү бар, — деди элчинин сөзүн ынтаа коюп угуп турган Калыгул. — Кенесары султандын башы барганы ырас болду, болбосо, регулярдуу аскер бөлүктөрүнө баш бербеген күчтүү жоону кара кыргыздардын жеңишине ишенүү кыйын эле да, — деп тамагын жасай сөзүн улады Галим мырза. — Башты Санкт-Петербургга падышанын өзүнө жиберишти. Сизге, урматтуу хан, генерал-майор Вишневский салам айтты. — Ыракмат, саламат болсун генерал өзү да. Биз Орусия менен жылуу мамиледе болууну каалайбыз, — деди Ормон хан. — Генерал сизге улуу императордун жарлыгы менен алтын медаль жана алтын галундуу чепкен, Жантай бийге жана башка кол башыларга алтын медалдар берилерин кабарлап коюуну өтүндү. Бул жөнүндө Батыш-Сибирь генерал-губернатору князь Горчаков өзү улуу император Николай биринчиге кайрылганын да айтып коюумду өтүндү. Куда кааласа сиздерге ак падышанын сыйлыктары келе турган күн да алыс эмес, — деп мурутун сылай өзүнүн бул ишке курсант экенин билдирген болуп ондонуп отурду Галим Якубов. — Биздин ыраазылыгыбызды да генералга билдирип коюуңузду өтүнөбүз. Кыргыз эли өзүнүн эркиндигин кимден болсо да коргоп калууга даяр, — деди Ормон хан элчини ирмебей тиктеп, мелтиреген калыбында. — Албетте генерал да ошондой ойлойт. Генерал дагы бир өтүнүч айтты. Анын оюнча кыргыз эркиндигине коркунуч Кокон хандыгы жактан болууга тийиш. Алар кыргыздарды басып кирүүгө даярданып турат деген кабары бар окшойт. Генерал эгер кыргыздар Коконго каршы аттанса жеңерине ишенерин, эгер керек болсо Орусия аскер жагынан жардам берүүгө даяр экенин билдирип коюумду өтүндү, — деди Галим. Ойлуу отурган кеңешчи Калыгул акылман мурутунан жылмая Ормон ханды карады. — Кокон катылса биз өзүбүз деле катыгын беребиз. Орусия жардам берсе кабыл алууга даярбыз, — деди Ормон хан. — Кенесары султандын колун талкалаган кыргыздардын Коконду да жеңерине Орусия ишенет, — деди Галим. — Кенесары демекчи, Галим мырза, казак, кыргыз тили, дини, каада-салттары бирдей,эзелтен кою короолош, жылкысы өрүштөш бир тууган эл эле. Кенесары хандын бийлик көксөгөн дооматынан улам согуш болуп, бейкүнөө адамдардын каны төгүлүп, алаамат болуп кетти. Эки эл байыртадан ынтымак, ырашкерлик күтүп, бири-бирин кадырлап келген эле. Генералга биздин өтүнүчүбүз бар. Орусия букарасы болгон казактарды биз, кара кыргыздар менен элдештирүүгө кам көрүүсүн сурайбыз. Эки эл жарашып, атайын шарт намеге кол коюшалы. Бул өтүнүчтү сиз генералга атайын жеткириңиз, кайра сиз аркалуу кабар алалы. Аяк оона айынын ичинде Орусия кепилдиги астында казак туугандар менен жарашууга биз даярбыз, — деди Ормон хан. — Өз букарасы болгон казак эли менен жарашканыбыз, Орусия падышасы менен тынч ымала түзгөнүбүз болор эле, — деди Калыгул акылман. — Бул жагымдуу кабар. Мен жан-дилим менен колдоп, генералга жеткиремин. Ал киши мындай акылман сунушту колдой турганына ишенип коюңуздар, — деп кожоюнуна жакшы кабар алып барып, мактоо угарын элестете дилгирлигин билдирди Галим мырза. Андан ары аңгеме букаралыгына өткөн казактарга орустардын мамилесине өтүп, кыйлага созулду. Ормон хандын конок өргөсүндө сый көргөн Галим Якубов эртеси Аягузга жөнөп кетти






Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#123 Пользователь офлайн   Disappear   20 Март 2019 - 18:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

ого ) вот и конец 145 стр. Бир кундо 97 беттен 145 жеттим :) дем алыш кун ушундай


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#124 Пользователь офлайн   ALATOOLUK.JIGIT   21 Март 2019 - 16:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 210
  • Катталган: 13 Апрель 16
  • Соңку аракети: 06 Фев 2021 18:36
  • Жынысы:Эркек

Эх,бутуп калдыбы. Эн сонун чыгарма. Созунун тузу жок адамдарга караганда ушундай бир китеп артык. Рахмат сага автор.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#125 Пользователь офлайн   ALATOOLUK.JIGIT   21 Март 2019 - 16:38

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 210
  • Катталган: 13 Апрель 16
  • Соңку аракети: 06 Фев 2021 18:36
  • Жынысы:Эркек

Бирок Ормон хандын андан кийинки тагдыры,эки уруу эл,эки куданын чыры,Ормондун олуму жонундо жазылбаптыр же чыгарманын 2-болуму да барбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#126 Пользователь офлайн   Disappear   27 Март 2019 - 14:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

1847-жыл, аяк оонанын 22-күнү.
Капалдагы аскер чеби. Сибирь карагайынан кыналып, орус архитектура стилинде курулган казармалар, турак үйлөр бийик дубал менен курчалган. Эки бурчундагы тепкичтүү күзөт мунараларында, дарбаза алдында куралдуу солдаттар турат. Коргон ичинде узатасынан кеткен солдат казармалары, дарбаза жаккы эки тарабында бир ыптасы жабык, үстү ачык акырлуу атканалар жайланышкан. Төр жагындагы чатырчалуу эки үйдүн бири чеп комендантыныкы, экинчиси — конок үйү. Батыш Сибирь кыргыздарынын(казактарынын) чек ара начальниги генерал-майор Вишневскийдин чепке келип түшкөнүнө бүгүн беш күн болот. Чептин алдындагы жайыкка төрт ак боз үй тигилген. Генерал Вишневскийдин чакыруусу боюнча кыргыз өкүлдөрү Үмөтаалы Ормон уулу, Жантай Атекин, Жангарач Эшкожо уулу, Токтор Карачуңур уулу мурдагы күнү кечинде келишкен. Аларды генерал Вишневский, казак өкүлдөрү Супатай Алыбек уулу, Үрүстөм Аспандияр уулу, Суюк Аблай уулу кадырлуу коноктор катары тосуп алышып, атайын көтөрүлгөн он эки канат боз үйдө сый көрсөтүшүүдө. Бүгүн аларга казак тараптан Али Адил уулу, Акиш Аблай уулу, Тууганбай Конгелдиндер кошулушту. Эртеден бери тараптар сүйлөшүүлөргө ылайыкталып, атайын көтөрүлгөн өргөдө даам сызышып, өткөн-кеткенден кеп козгошуп, бири-бирин түшүнгөн маанайда отурушат. Үйдүн төрүнө генерал Вишневский тилмечи менен отуруу үчүн эки орундуктуу стол коюлган, ал азырынча бош турат. Ар жак тарапка коюлган төрт орундуктуу столдо кыргыз өкүлдөрү Үмөтаалы, Жантай, Жангарач, Токтор бийлер, бетме-бет эпчи жагындагы столдо казак өкүлдөрү Супатай, Үрүстөм, Суюк, Али, Тууганбай, Акиш бийлер отурушат. Кенесары жаңжалы жөнүндө жүйөөлүү сөздөр айтылып, бири-бирин түшүнгөн жаркын маанайда аңгемелешүү жүрүүдө. Стол үстүнөн даам татуу аяктаганда отургандардын баарынан жашы улуу Супатай бий: — Казак, кыргыз бээнин эки эмчегиндей эгиз эл элек. Каскак болуп ортодо бейкүнөө кан төгүлүп кетти. Шейит кеткендер жаннаты болсун. Эки элдин азыркысына, келечегине ынтымак бере көр, Жараткан Алла, Аллоху акбар, — деп алакан жайганда, жапырт бата тилешти. — Сыйыңарга курсантпыз, байыртадан эле сыйлашып келаткан өтмө-катар куда-сөөк эл элек. Өткөндүн өксүктөрүн эстен чыгарышып, Кудай алдында көңүлдү агарталы. Орус төрөсүнө да ыракмат. Эки элдин баш кошуу демилгесине данакер болуп турат, — деп кыргыз өкүлдөрүнүн жашы улуусу Токтор аке сөзүн бүткөндө эшик ачылып, узун бойлуу, кең далылуу генерал Вишневский кирди. Отургандар жапырт ордунан тура, ызаат көрсөтүштү. Саргыч күрөң чачтары артына сылай таралган, жазы маңдай, коюу каштарынын алдындагы көк көздөрү күлүңдөгөн, мурду кырдач, жээрде сакалы эки бөлүнө ээги такыр, муруту серпилген, ийнинде чачылуу жумуру погондору жалтылдайт, галифе шым, жалтырата майланган кара хром өтүк генералдын келишкен турпатына жарашып турат. Генерал башын бир аз ийе, отургандарды урматтаганын билдирип, төрдөгү столдон тилмечи менен жай алгандан кийин, отургандарга күлө бага: — Туугандар маанайыңар жаркын, менсиз эле жарашып алгансыңар го, — деп жайдарылана эки жагын карады. Тилмеч сөздөрүн которуп турду. — Урматтуу төрө, айтканыңыз төп. Биз эки элдин мындан аркы туугандык ынтымагы жөнүндө ой бөлүшүп отурдук. Оюбуз бирдей чыгып турат, — деди кыргыз тараптын башчысы, мурда генерал менен тааныш Үмөтаалы. — Ошондой болду, урматтуу төрө, биз тууганча тил табышып отурабыз, — деди казак тараптын башчысы Али Адил уулу. — Оо, андай болсо менин ишим бир кыйла жеңилдеген экен. Эмесе ишке киришели, — деп алдындагы көк папкеден кагаз алып, сөзүн улады. — Кара кыргыз жана чоң ордо кыргыздары тарабынан жарашуу шарттарын карап чыгып, бир беткей келтирилген тынчтык келишиминин долбоорун даярдадык. Долбоор шартнаме эл аралык укук алкагында түзүлдү.Азыр сиздерге окуп берет, — деп тилмеч катчыга кайрылды. Тилмеч кагазды илбериңки алып, төмөнкүлөрдү окуду:
«А\ 1847-жыл, август 22-күнү.
Капал чеби. Биз кыргыз элинин ишенимин алып, Сибирь Кыргыздарынын чек ара начальниги генерал-майор Вишневскийге келген кыргыз бийлери төмөнкүчө милдеттенме шарттарды коёбуз:

1. Улуу Россия падышасынын букаралары чоң ордо жана орто ордо кыргыздары менен ынтымакта, тынчтыкта жашоого милдеттенебиз. Барымта жасап, мал тийип, киши өлтүрүүгө жол бербестен, өз ара чыккан келишпөөчүлүктөрдү эки тараптын салт-мыйзамдарына ылайык тынч жайгаштырабыз.
2. Биздин элдин көчмөн жолдору аркалуу өтүүчү кербендерге, соодагерлерге кысым көрсөтпөйбүз. Аларды коргоп, мүмкүн болушунча жардам беребиз. Ушул шарттарды ыйык сактайбыз жана бузбайбыз. Бул шарттарды аткаруудан аз эле баш тартсак Кудай алдында жоопкер экенибизди моюнга алабыз.
Түп нускасынамөөрүн баскандар: Үмөтаалы Ормон уулу, Жантай Атекин, Жангарач Эшкожин, Токтор Карачүңүр уулу».

«Б\ 1847-жыл, август 22күнү. Биз төмөндө мөөрлөрүбүздү басып, тамгаларыбызды койгон Чоң ордонун султандары жана бийлери Сибирь кыргыздарынын чек ара начальниги генерал майор Вишневскийдин катышуусунда кыргыз элинин манаптары жана кадырлуу адамдары менен өз ара төмөнкү шарттарды кабыл алдык:
1. Кыргыз эли менен тынч жана ынтымакта жашоого милдеттенебиз. Барымта жасоого, тоноп-талоого, киши өлтүрүүгө жол бербейбиз. Өз ара чыккан келишпөөчүлүктөрдү элибиздин салт-мыйзамдарына ылайык эки тарап тынч чечебиз.
2. Эгерде биз эки тараптын тынчтыгын барымта алуу, тоноп-талоо, киши өлтүрүү менен бузсак, Кудай алдында жана Россия мыйзамдары алдында жооп беребиз.
Кол коюп, тамга салгандар:Али Адилов, Акиш Аблаев, Үрүстөм Аспандияров, Суюк Аблаев. Булан Шанкаев, Тууганбай Конгелдин, Ачеке Дайырбеков. Супатай Алыбеков. Дыйканбай Кобсалов, Сарке Алтыев».
Шартнаменин долбоору окулуп бүтө: — Тараптар макулбу окулган шарттарга? — деди генерал Вишневский. — Макулбуз, — деп эки тарап жапырт жооп берди. — Андай болсо эки тарап бирден келип кол коюп, мөөрүңөрдү баскыла, ушинтип жакшы ишти бүтүрөлү, — деп күлө бакты генерал. Эки тарап кезеги менен кол коюп, мөөрлөрүн басып бүткөндө, тарап башчылары Үмөтаалы, Алилер төш айкалыштыра кучакташып, келишимдерди алмашышты. — Россиянын Улуу императорунун атынан тынчтык келишим түзүп жарашкан эки элди куттуктаймын, — деди генерал Вишневский жаркын маанайда. — Аллаху акбар, эки элдин азыркысына, келечек муундарына Алла таала тынчтык,бейкуттук, достук буюрсун. Урпактарга тынчтык мурас болсун, — деп бата тилешти эки элдин өкүлдөрү.

(Биринчи китептин аягы)



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#127 Пользователь офлайн   Disappear   27 Март 2019 - 14:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

II КИТЕП АЗГЫРЫК «Тамчы таш тешет» (Эл макалы)

1854-жыл, жетинин айынын аягы. Ай арасынан кийинки кеч күздүн асманы чайыттай ачык. Кызыл-Жардын батыш кыраңына аркан бою кыңайган күн өзөнгө нурун март төгүүдө. Өзөн боюндагы мөмөлүү бактагы шакийген ала бөйрөк кызыл алмалар күн нуруна ажарын ачып, көз жоосун алат. Имараттардан ылдый, алмалуу бактын жанына күздөөгө тигилген ак боз үйдөн тик жака ак кемселинин сыртынан жалаң суп чепкенин желбегей жамына топучан чыккан Боронбай бий бак аралай сейилдөөгө басты. Жашы улгая, эткээл тартып, сары чийкил жүзүнө майда бырышкире баштаган, маңдайы жайык, мурду жалпагыраак, тайкыраак суйдаң каштуу кабак алдындагы ой уялаган сурмасыз көздөрүнүн алды көбүңкү, ак аралаган жээрде сакал-мурутусыйда серпилген, турпатынан кадыресе күткөн сөөлөт туюлат. Ал демейкидей дарак жанына байырлап, Көлдө биринчи болгон өрнөктүү ишине маашырлана албай, санаасы уйгу-туйгу. «...Кара кыргыздагы экинин бири деген белдүү билермандардын бири элем. Жамы эл биригип жоо кайырганда четте турдум. Казак-кыргыз жоолашканда катышпадым. Орусия кепил болуп казак-кыргыз жарашып, урпактарга тынчтык мурастаганда да четте болдум. Ашмарада Кокондун баскынын кайырганда да болбодум. Орусия, Орусия деп жүрөм. Орусиямага чапан-чапкыт, идиш-аяк тартуулайт. Ормонго алтын чен, медаль, алтын тон берип,жарым падыша жандыралы** кат жазыптыр... Мен эмнеден жаңылдым... эмнеден жаздым?Баары акылга чегерилген эле... — деп өткөн окуяларды көз алдынан өткөрүп турду. Баарынбилет, баары көз алдында. Эмнеден башталды эле?..»

1847-жыл. Жалган курандын башы. Жаз асманында бозомук киргил булуттар каалгыйт.Кызыл- Жардын чыгыш кыраңынан кылайган күндүн нуру күңгөй кыркаларды чала, өзөналдына тие элек. Боронбай бийдин бак-дарактары бүрдөй элек, имараттары көлөкө алдында. Кары кете элек Жууку ашуусу тараптан өзөн ылдый суук сыдырым сого, жаз түнүнүн тоңгологу жибий элек. Бийдин ысык үйүнүн алды тактайланган төркү бөлмөсү: ала кийиздер үстүнө шырдактар төшөлүп, төргө, эки капшытка кара саксак көлдөлөңдөр салынган. Төрдөгү килем жабылгантактанын үстүндөгү күмүш жагдандарга адеми жууркандардан эки кертим жүк жыйылган,жүк үстүндө ак жаздыктар тирелет. Улага жактагы кетирмаңке меш үй ичин мелүүн жылуулукка бөлөп турат. Боронбай бийдин чакырыгы менен кечээ келип конок болушкан бугу билермандары эртең мененки чайдан кийин масилеттешип отурушат. Capт аке, Муратаалыдан төмөн отурган үй ээси бий малдашын түзөп, сейрек сакалын сылай: — Мурдагы күнү Ормон хандан шашылыш чабаган келип кетти. Кадимки кандуу Абылайдын небереси Кенесары хан түмөндөгөн кол менен Таластын капкасы алдындагы кыргыз айылдарына кыргын салып, Кокондун Мерке чебин багындырып, Чүй боорун кана карап кылып каптап келатат. Төрөгелди, Жангарач, Жантай бийлер солто, сарбагыштан жасоо кайрып, Токмоктун алдында жоону тосуп, кан төгө салгылашып турушат. Эли-журтубузду кара өзгөй канкордун кыргынынан сактап калалы. Эки күндүн ичинде жасооңорду кайрып,Көтмалдыдан бизге кошулгула» дептир ханыбыз, — деп үнүн бир аз созо, акыркы сөзгө басым жасай, сөзүн улады бий: — «Кеңешип кескен бармак оорубайт» дегендей, кеңешелидеп сиздерге кабар бердирген элем. Өтө кооптуу иш болуп турат, — деп сөз учугун Caрти аке, Муратаалы, Качыке, Тилекматтарга таштагансыды. Кандуу кыргындын кабары отургандардын үрөйүн учура, үй ичи бир тынымга үнсүз тунжурай түштү. Бир оокумдан кийин: — Оо жараткан алла, кандуу алааматтан сактай көр калкыңды, — деген Caрт акенин коңурүнү отургандардын көңүлүн бурду. — Абылай насилинин кан көксөгөн бийлик кумарыойгонгон экен да. Оо, жараткан эгем, өзүң жар боло гөр, — деди да, көптү башынан кечиргенакылман карыя бир аз демин жыя сөзүн кайра улады. — Кудайга сыйынып, солто, сарбагыш туугандар токтотуп турган экен да канкор жоону. Кудай алдында аларга Азыретаалы жар болсун. Биз да баш кошуп, жоого каршы тургандан башка арга жок. Угуп турабыз го, Кенесарынын өзүнө баш ийбеген казак урууларына салган кыргынын, андан ырайым күтүүгөболбойт. Ар түтүндөн жоо беттээр бирден эр бүлө чыгарып, Ормон хандын кайырган жасоосуна кошулгула. Өзүңөр баш болгонуңар оң, билермандар. Айлакер, илекор кайраттуу эр эмеспи — Ормон хан Кенесарыга жемин жедире койбос, «Жатып өлгөнчө — атып өл»деген бабалардын осуяты бар эмеспи. Жоону тосолу, — деп муюп угуп отурушкан Боронбай, Муратаалы, Самсаалы, Качыбектерди карады. Күтүүсүз коркунучтуу кабардан улам ооздорунан сөздөрү түшкөн билермандар Боронбай бийге астыртан көз жиберишүүдө. Журт башынын кыйын кезеңде эл биримдигин сактоо парзынан жеке кусаматы жана Орусия азгырыгы шыкак болгон Боронбай бий ойлуу, үнсүз отурду. Малы, дүнүйөсү арбын, элинде кадыр-баркы, дөөлөтү төп болуп, Боронбай бий менен астыртадан басташып жүргөн кыдык бийи Самсаалы: — Кудаң да, хан Ормон кабарды сага жиберген тура. Неге тунжурайсың? Хан кабарынынучугу сенин алдыңда турат да. Айт оюңду, — деп кырдана, кончунан күмүш чегелеген мүйүзчакчасын алып, насыбай чекти да: «Сөзүм жактыбы» — деген таризде Caрт акени карады.Тизесин таяна ойлуу олтурган Боронбай бий: — Айткыла силер да оюңарды. Эл жүгүн чогуу көтөрөлү. Кенесары оңой жоо эмес, — деди. — Орусиянын регуляр армиясына баш бермеген түгүл султан Кенесары. Таякчан малчылардан куралган Урманның лашкер сөрөйү ога каршы туралмай түгүл. Оларның тезатар мылтыклары, замбиреклери бар. Зря өлүм болосыңар. Урманга бармаңлар, ал өзү багышлары, саяклары билен бара берсин. Алар өлөрга, силер өлмөңлар, — деп чебеленди Файзулла Ногаев, бийдин сөзүн ырастаган болуп.
— Байсылда абзий, бул не дегениңиз?! Кыргыз бир четинен кырылып жатса, үйүңөрдө жатып өлө бергиле дейсизби? Өмүрү элибиз мындай апааттарды бирге тоскон, — деп Боронбайды карады салабаттуу отурган Муратаалы бий. — Бий аке, совсем олай демедим түгүл. Урман Кенесары султандан өлүм табады дегеним гой,— деди да, астыртан Боронбай бийди карап, сөзүн улады. — Омбуга Орусияга кайрылыңдар. Аскер сураңар. Омбуга генерал-губернаторго мен өзүм барарга керек. Ал замбирек,пулемётлары билен аскер жиберсе, иш тамам болоды. Улук императорям курсант боларга, —деп отургандарга компоё карады, аракеттенүүчү учурдун келгенин туйган Орусия тыңчысы Файзулла. — Мына кызык, абзий, сиз Омбуга барып орус алып келгиче элди кыргындап келаткан Кенесары күтүп турабы? Эл кырылып бүткөндөн кийин орусуңуздун келгени кимге керек, —деп сөзгө аралашты ойлуу отурган тарам кызыл жүздүү көгала сакал карыя. — Керек эмес түгүл, жуда керек, империяга керектур. Олар Кенесарыны уштай албай жүрүшөдү. Шул ерден Кенесары колго түшсө хаммабызга улук императордон сый-урмат болоды, — деди тыңчы. — Сиз, абзий, орустан сыйлык аларыңыз турулуу иш. «Касапчыга мал кайгы, кара эчкиге жанкайгы» деген сөз ырасталып турат го. Кыргыздын кырылганына жаныңыз кейибегенин көрүп турабыз, — деди да, кыйладан бери бул татар соодагердин мүнөзүн баамдап жүргөн Caрт аке Боронбай бийге кайрыла сөзүн улады. — Бий, бул өтө зарурат иш го. Күн сайын күнөөсүз элдин каны төгүлүп турганда ыкчам аракеттенгиле. Болгон мүмкүнчүлүктөр менен кол курап, Көтмалдыда Ормон ханга кошулгула, бүрсүгүндү болжогон тура, кечикпегендей болгула, — деди

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 27 Март 2019 - 14:41



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#128 Пользователь офлайн   Disappear   27 Март 2019 - 14:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Чекесин таяна ойлуу олтурган Боронбай бий кабагын көтөрө: — «Өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң араба сынат» деген учур. Элди бөөдө кыргынга учуратып алабызбы деп чочуймун. Кеңешели, атаганат, Байсылда айткандай, орустан жардам болсо элди сактап калар белек. Бирок кеч болот го, — деп сөзүн бүтө электе, Файзулла: — Кеч болмой түгүл, мени Аягөзгө тез жибериң, Урман багышлары, саяклары, солтолору билен согуша берсин. Перемышльский корпуснойдон бир сотня Челек аша келип сендерди кайтарып турарга. Онан соң Омбыдан аскер келеди, — деп Боронбайды жубаткысы келип жапалактады. — Абзий, сөздөрүңүз коошпой турат го. Өзүңүз айттыңыз, Кенесары орустун көп армиясына моюн бербей келет деп, эми Омбудан он чакты солдат алып келип, бугуну коргойм дейсиз, бул бир. Дагы бирөө Кенесарынын түмөндөгөн колу Омбудан орус аскерлери келет деп күтүп турабы? Ормон хандын аз гана колун талкалап, эртең эле Көлдү каптап, кыргын салбайбы. Элдин убалы кимге, — деди Файзулланы иренжий карап турган Балбай. — Бий аке, мен дагы оюмду айтайын, — деп Боронбайды карады орундуу сөздөрү, калыс мүнөзүнөн улам элге алынып келаткан Тилекмат мырза. — Абзийдин азгырыгына ынанып, «Жолоочуну ээрчип, жолу каткан ит өлөт» болбойлу. «Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт» дегендей, Чүйдө кыргыздар кырылып жатса, биз чүмкөнүп жатып аман калмак белек. Акебиз айткандай, ар түтүндөн бирден эр бүлө чыгарып, кошулалы Ормон ханга. — «Атасына баласы неткенди үйрөтүптүр» дегендей болбойлу, мырза иним, чүмкөнүп жатып алалы деген эч ким жок. Караламан калктын каны бейкүнөө төгүлбөсүн деген камкордук, — деп Боронбай сөздөрүнүн аягына чыга электе: — Анткенди кишиден үйрөнбөсүңдү билебиз дечи. Какпагын, бий, мыкты чыкма уулду. Ардайым кысталышта кеңешке келгенде ушинтип каадалана бермейиң бар, — деп, тизесин кагып обдулду Самсаалы бий. — Калдактаган кокуй кишисиң. Жаштын адеп сактаганы оң? Эмнеге каадаланам? Тыяктан жоо каптап келатса, кеңешели, айла табалы деп отурамын, — деди бий, «туурабы» дегендей олтургандарды тегерете карап. — Мен кокуй кишиминби? Кыйкырсам үч миң киши атка минет, бирге бололу, кеңешели деп келип отурабыз, — деп кырдана сүйлөдү Самсаалы бий. — Кер-мур айтышканды коюп, каптап келаткан жоону кайтаруунун айласын көрсөк боло, —деди Муратаалы бий нааразы болгондой. — Көрүп турамын, — деп бир аз тунжурай жер карап турду да, сөз улады Боронбай бий: — Ашыкпайлы, экиден кош ат менен эки жигит кошуп, Байсылда абзийди Аягөзгө чаптыралы. Абзий сен бизди ынандырып жүрөсүң го, тез атарларынан башка да ок чачма мылтыктары, замбиректери бар деп. Орусия бизге жан тартары чын болсо ошондой куралдары менен салдаттарын жиберсин Челек аркылуу. Күңгөй эмеспи, ашуу деле ачылып калды. Алар артыбыздан такоол болушсун, биз даярданып турабыз, — деп, кабагын көтөрө Файзулланы карады. — Бий аке, мен азырдур даярмын, хам этпеңиз. Хаммасы сиз каалагандай болоду, — деп көшөкөрлөндү Файзулла. — Орустар артыбыздан тирек болсо жакшы дечи. Өзүбүздүн колду даярдап тактайлы, кай жерде чогулабыз? Бүрсүгүнү Көтмалдыда хан жасоосуна кошуларыбыз ырас болсо ушуларды тактап алганыбыз оң, — деп Боронбай бийди карады, анын хан көтөрүү аземинен кийин кудасы менен кыргый кабак болуп жүргөнүн жана Кенесары менен согушууга барууну каалабай турганын баамдаган кыраакы Муратаалы бий. — Ашыгуунун кереги эмне. Өз камыбызды көрүп турсак аңгыча Аягөздөн Перемышльский төрөдөн жардам да келип калар, — деди Боронбайга ою төп, орус бийлигинин өкүлдөрү менен жолугушуп жүргөн, ар ишке камбыл, оозунда сөзү бар Качыбек Шераалы уулу. — Качыбек мырза, ашыкпайлы дейсиң, жоо ашыгып келатпайбы, ашыкпай отура берип бөөдө өлүм болобузбу? — деп ийнин куушура түйшөлдү, Боронбай менен Качыбектин «орусо юнун» түшүнө билбеген айыл башынын бири — жээрде сакал, келте мурун, чекир көз, эндейак калпакчан, кара кемсел кийген орто жаштагы киши. — Бөөдө өлүм болбос үчүн ар түтүндөн бирден эр бүлөнү ат жабдыгы, куралы менен камдап тур, — деди Боронбай, куралдуу эр бүлөлөрдүн кайсы күнү, кайсы жерге чогулаарын бүдөмүктө калтырып. — Бий аке, мен Аягөзгө тез жөнөргө. Кош атлуу жигитлер хазыр болсо. Увакыт күтүп турмайды түгүл, — деп Боронбайга кайрылды Файзулла Ногаев. — Кылычка айт, көздөй эки жигит, төрт ат даярдасын. Барыңыз, жөнөөр алдында менден дубай салам аласыз Аягөздөгү, Омбудагы төрөлөрүңүзгө, — деп компоё олтурду үй ээси. Файзулла жылып чыга жөнөдү. Кеңешменин акыры эмне менен бүтөрүн баамдай албай олтургандар бири-бирине көз жибере, үй ичи тынчый түштү. Хан көтөрүлгөндөгү жыйында өзүнө кыргыздын баш бийинин мансабы тиет деген мүдөөсү орундалбаган ички кусаматына татар тыңчынын оруска кошулуу жөнүндөгү азгырыгы шыкак болгон Боронбайдын жалпы кыргыз кошуунуна бириккиси келбей турганын сезип турган Capт аке: — Менин жадыма түшпөй турат, бий, качан, кай жерден баш кошуп жөнөөрүңөр? ! Оролду каптап, орусту багынтып, Кырым-Урумга атынын туягы жеткен Чынгыс хандын насили Кенесары ашыкпай күтчү жоо эмес го. Ногойуңар орус алып келгиче эмне болор экенбиз? Оо,жараткан, сактай гөр, күнөөсүз пенделериңди, — деп сакалын сылай тобо келтире: —Ойлонгула, билермандар, элдин убал-сообу мойнуңарда турат. «Казак-кыргыз жоо болсун,кара башым соо болсун» болбойлу. Чыбык кырккан антыбыз бар эле. Мойноп кетсеңер аягы эл башына түшүүчү кандуу мүшкүлгө алып келбесин, — деп сөзүн Боронбайга саласал этти, үнү каргылдана жашый түшкөн акылман карыя. Карынын жан туюму келечекте болуучу кандуу жоболоңду сезе, калкы үчүн кабыргасы кайышып турган абалы, келечектеги алааматтын добушу беле анын жашыган үнү? — Оо, жарыктык десе, калкыбыз үчүн «карыбыз казык, башыбыз токмок» болуп кызмат өтөгөнгө даярбыз. Ар айыл, ар үй-бүлөдөн бирден эр бүлөнү ат жарагы менен чыгарсын. Өзүбүз даяр туралык, кабарлашалы. Элди бөөдө кыргындан сактап калуунун чарасын көрөлү,— деп кайпалактатты, Кенесарынын баскынына каршы согушка бара албайбыз деген оюн ачык айтуудан айбыккан Боронбай бий.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#129 Пользователь офлайн   Disappear   27 Март 2019 - 14:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Аңгыча түштөнүү дасторкону жайылып, кырма жыгач табактарга көк жалтаң сүр карчыгалар, «узун сарыга» сактаган чучуктарга аралаш кыш туума сүт эмген күрпөңдүн эти тартылды. Коноктор сый көрүп бата тиленип, уруу билермандары айыл-айылдарына аттанышты. Файзулланы Аягөзгө кош ат менен чаптырып, кайпыткан сөздөрүнөн бугу уруусу Ормон хандын жасоосуна кошулуп, Кенесарыга каршы барбай, орустардын келишин күтөрүн түшүнүшкөн билермандар өз айылдарын сактоонун камын ойлоп баратышты. Сыртынан өзүн сабырлуу тутуш, жаз камында чарбасына көз салган болуп, күнүгө бир маал Ыбырайым багбандын мөмөлүү бактагы иштерине алаксып өзүн жооткотсо да, Боронбай бий оюн жыйнай албай эки анжы. «Ормон хандын азгантай жасоосун талкалап, Кенесарынын түмөндөгөн колу бери карай каптап кирсе эмне күн болот. Айыл-айылдарды кайтарып турган куралдуу эр бүлөлөр анын кандуу жаалына туруштук бере албайт го. Ок чачма мылтыктары, замбиректери менен орустар келип калбаса, эл кырылат го. «Орусия колдойт» деген Байсылданын азгырыгы жамы кыргыз ынтымагынан оолактатканы аз келгенсип, эл кызылуук болуп кыйраса, алардын убалын Кудай алдында кантип көтөрөм?» — деген мүшкүл ойлор жанын кыйноодо. Анын оюн аңгыча: — Бий аке, «Чүйдөн келдим, сизге киремин» дейт бир киши, — деп эшиктен кирген жигиттин сөзү бийдин көңүлүн бөлдү. — Оо, жакшы, келген экен да, жагымдуу кабар болгой эле, кирсин, — деди мандашын түзөй оңдонуп олтуруп.Эшик ачыла орто бойлуу, арык чырай, кара сурунан келген чап жаак, сакал-муруту сейрек, кабагы тайкы, көздөрүнөн чарчоо сезилген боз таар кемселчен, эндей ак калпакчан орто жаш киши салам айта кирди да, бийге кол берүүдөн айбыккансып туруп калды. — Аа, келдиңби, мындай өтүп жай ал. Ат-көлүгүң аманбы, арыбай, кыйналбай келдиңби?Алтын шилекейиңди чачырат эми, — деп орун жаңсады бий. Жылуу мамилени сезген кабарчы бийге аяр кол берип, төмөнүрөөк отурду. — Кудайга шүгүр, сүйүнчү, бий аке. Кенесарынын колу талкаланып, өзү иниси Норузбай менен кечээ колго түштү. Бул кабарды алып, сизге сүйүнчүлөөгө шашылдым, — деди тымызын кабарчы. — Баракелде, баракелде, жакшы кабарың бар экен. Сүйүнчүң менден болот. Айтчы, согуштун жайын, — деди бий, чакчасын алып насыбай чеге. — Оо, бий аке, жүзү курусун согуштун, аябаган кыргын болду. Бөтөнчө Кенесары тараптан көп өлдү. Сыртынан байкап жүргөн биздин жаныбыз жай таппай жүрдүк. Согушуп жүргөндөрдүн абалын Кудай билсин. Ормон хан айлакер кыйын киши тура. Тоо жылгаларынан караган-шак сүйрөтүп чаң салып, түнкүсүн талаага жер жайнаган от жактырып, душман арасына жаман ооздорун жиберип үшүн алды. Акыры ичип турган суунун нугун буруп, Кенесарынын жоокерлерин суусуз калтырды. Кенесарынын жоокерлери айласы кетип, дүрбөлөң түшкөндө Ормон хандын колу аларды талкалады да койду деп, бийдин «сүйүнчү берем» дегенине көңүлү көтөрүлүп, санаасы тынган кабарчы чокчо сакалын сылай жагалданды. — Аа, андай иш Ормон баатырдын колунан келмек. Өзүбүз катыша албасак да,кыргыздардын жеңгенине курсантпыз. Каталашсак Кудай өзү кечирсин. Эми айтчы,Кенесары, Норузбайды эмне кылышты? Өлтүрүшкөн жокпу? Азыр алар туткундадыр, кимдин колунда болду экен? — деп такыктады бий. — Кудай акы биле албадым, бий аке, өлтүрүштүбү же жокпу? «Мыкандын кара суусунда сазга тыгылып көбү өлүп, Кенесары инилери менен колго түштү» деп гана уктум. Такып суроодон айбыктым. Биздин бугунун кармашка барбай калганына эл ичинде нааразы сөздөр айтылууда. Биздин ким экенибизди, байкап жүргөнүбүздү туюшса, оңбой калат элек, бий аке. Өтө сак жүрүүгө туура келди, — деди кабарчы. — Сак жүргөнүңөр, албетте, акылдуулук. Эми барып эс ал, дагы жай сурашабыз. Берки экөө качан келет? Бери чыгарда аларга жолуга алдыңбы? — деди бий. — Жолуктум, бий аке. «Сен барып кабарлай бер бийге. Биз дагы жүрө туралык. Дагы тактай турган иштер бар» деди бизге баш-көз болуп барган Берикбай мырза, — деп, ызаат менен ордунан тура жөнөдү кабарчы. — Берикбай эстүү киши, туура иштептир. Куда кааласа эртең-бүрсүгүндөн дагы даана кабар угат экенбиз. Иншалла, барып эс ал, — деди бир жагынан болсо да санаасы тына түшкөн Боронбай.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#130 Пользователь офлайн   Disappear   30 Март 2019 - 11:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

ОМБУ ТАҢ КАЛДЫ

1847-жыл. Теке айынын аягы. Омск шаарындагы Батыш Сибирь генерал-губернаторунун кеңсеси. Сибирь кызыл карагайынан кынаптала орустун архитектуралык стилинде салынган имараттын экинчи кабатындагы кенен вестибюлдун бийик терезелерине ак жибек пардалар тартылган. Алдына килемдер төшөлүү. Кире бериштин эки тарабында булгаары дивандар, төрдөгү кабелтең эшиктин оң жагында Николай I-нин портретинин алдында күрөң нооту жабылган столдо муруту түрпөгөй, көз айнекчен кашка баш майор папка ачып, кагазга үңүлүүдө. Ичкеридеги кенен бөлмөнүн төрүндө императордун тулку бою менен түшкөн портретинин алдында жашыл нооту менен кынапталган жазуу столунун артында генерал губернатор князь Горчаков иш үстүндө отурат; суйдаң чачтары артына таралган; маңдайыжазы, каштары коюу, мурду келтерээк, алтын алкак көз айнек алдындагы көгүш көздөрү ойлуу тиктейт; суйдаңыраак жээрде сакал-муруту чокчолонто серпилген. Кара френчичиндеги ак көйнөгүнүн жакасына көпөлөк галстук тагынган, сибирь казактарынын начальниги генерал-майор Вишневскийдин сөздөрүн кунт коюп угуп олтурат. Генерал оң тараптагы креслодо. Саргыч коюу чачтары артка таралган, маңдайы жазы, коюу саргыч каштарынын алдындагы көк көздөрү күлүңдөйт, мурду кырдач, жээрде сакалы эки бөлүнө, ээги такыр. Муруту сыйда серпилген, ийнинде чачылуу погондору жалтырайт. Көгүш нооту китил тулкусуна төп жараша, адеп сактай отурат. — Урматтуу князь, Сизге жасаган мурунку баянымда козголоңчу Кенесары Касымов 20 миң жоокери менен Чүйдөгү жапайы таш кыргыздарын басып киргенин кабарлаган Есаул Нюхаловдун рапортун көргөзгөн элем. Эми Сизге өтө кубанычтуу кабарды билдирериме курсант болуп турамын. Кенесары Касымовдун күчтөрү толук талкаланып, өзү инилери менен жапайы таш кыргыздарынын колуна түшүп, өлүм тааптыр, — деп канааттана оңдонуп олтурду. — Мына эмесе, кандай кубаныч. Улуу император Николай Павлович да өтө курсант болот экен. Бирок кабардын аныктыгына ишенүүбүз зарыл, — деди князь. — Кабар ишенимдүү колдордон алынды. Аягөз округунун приказчигинин билдирүүсү, Тамин болушунун башкаруучусунун рапорту да ушуларды тастыктап турат, — деп сол тизесин таптап койду генерал. — Өтө кубанычтуу да жана таң калыштуу да кабар. Жапайы таш кыргыздардын күчү ушунчалык мыкты уюшулган экен да, Кенесары султандын отряддары биздин регулярдуу бөлүктөр менен канча жыл салгылашкан тажрыйбага ээ эле. Аны талкалаган күч абдан мыкты уюшкан жана ийкемдүү болуу керек, — деп креслонун таянычын манжалары менен такылдатып ойлуу турду да, — абдан жакшы, бирок урматтуу генерал, айтканыңыздын аныктыгына далил керек. Ансыз улуу императорго билдире албайбыз, — деди князь. — Жапайы таш кыргыздарынын арасында урматтуу Густав Христьяновичтин атайын тапшырмасы менен көптөн бери соодагер кейпинде биздин ишенимдүү киши, татар Файзулла Ногаев жүрөт. Анын кабарларына караганда, жапайы таш кыргыздарда өзүн Кенесары сыяктуу хан деп жарыялаган Ормон Ныязбек уулу деген айлакер, катаал киши бар. Кенесарыны талкалоону ошол уюштурган болуу керек. Бул кабардын анык экени талашсыз. Эки колдон алынган кабар бир-бирине төп келип турбайбы, — деп Вишневский князга ынанымдуу көз жиберди. — Ошентсе да айныксыз далил керек, — деди князь Горчаков ойлуу калыбында. — Айныксыз далил Кенесарынын башы гана болуу керек. — Мен да ошондой деп ойлоймун. Ошол далилди мында келтирүүнүн чарасын көрүнүз, —деп князь сөзүн бүтө электе эшик ачылып, кирген адъютант: — Сиздин улуу урматыңызга, «жапайы таш кыргыздарынан шашылыш кабарым бар» деп кирүүнү суранат татар Файзулла Ногаев, — деп какая честь берди. — Мына эмесе, «Аңчыга илбээсин өзү жолугат» дегендей болду го, — деп алакан жая князды карады генерал Вишневский. — Кирсин, кандай илбээсин экенин көрөлүк, — деп майорго ээк какты князь. Эшик ачыла кайырма жака, күрөң френччен, ак көйнөгүнө галстук тагынып, чачын аркасына жылма тараган жээрде сакал-муруту сыйда серпилген коңко мурун, чекир көздөрү кытмыр тиктеген Файзулла төшүн басып эңкейе: — Улуу урматтуу князь, улуу даражалуу генерал, сиздерге салам айтып, башымды ийем, —деп улагада турду. — Аа, Файзулла Касимович, келиңиз. Жолуңуз ачык экен. Сиздин иштериңизди эске алып отурдук эле, — деп тыңчыга күлө карады генерал. — Орун алыңыз, урматтуу Ногаев, сизди көргөнүмө кубанычтамын, — деп орун жаңсады князь. Генералга бет маңдай креслого отуруудан айбыккан тыңчы дубалга такай коюлган стулдардын бирин жылдырып, обочороок отурду да, бир нерсе күткөндөй отургандарды карады. — Кулак сизде, угалы, — деп Ногаевди карады князь. — Жан-дилим менен дилгирмин, Сиздин урматыңызга, — деп төшүн баса Файзулла ордунан турду. — Отуруңуз, сүйлөңүз, — деп Ногаевге сынаакы көз жиберди князь. — Жан-дилим менен, — деп дагы бир ирет төшүн баса сөз баштады тыңчы. — Мен жапайы таш кыргыздарында улуу урматтуу Густав Христьяновичтин тапшырмасы менен... — деп, өзүн тааныштырууга аракеттенген тыңчынын сөзүн бөлө: — Сиздин иштериңиздин жагдайынан маалыматым бар. Эми алып келген кабарыңыз жөнүндө сөз болсун, — деди князь. — Албетте, албетте... — деп шашкалактай оюн жыйнап тына калды да, сөзүн улады. — Эки апта илгери Кенесары 20 миң кол менен жапайы таш кыргыздарын басып кирди, —деп сөзүн андан ары улантаарда: — Бизде ал жөнүндө... — деп тыңчынын кабарынын кечиккенин айтмакчы болгон генералды көз карашы менен токтотуп: — Сөздөрүн толук айтып бүтсүн мырза Ногаев. Айта бериңиз, кулак сизде, — деди генерал Вишневский, тыңчыга күлүмсүрөп карай. — Каптап кирип, айылдарды өрттөп, кыргын салды. Кенесары сыяктуу өзүн хан деп жарыялаган Урман Ниязбек уулу, Жантай, Жангарач бийлер Кенесарыга каршы кол топтоп согушуп жатышат. Ушул учурда орус аскерлери келсе Кенесары кыйрап, колго түшөрү айныксыз. Уруштун капшабы менен Урман да өлтүрүлсө, жапайы таш кыргыздары улуу империянын букарасы болор эле. Жапайы таш кыргыздарынын ири уруусу бугу жана анын манабы Боронбай Бекмурат уулу Сиздерге салам айтып, орус букарасы болорун каалай тургандыгын өтүндү. Алар Ысык-Көлгө аскер жиберип, чеп куруп, өзүлөрүн Кенесарыдан, Урмандан да коргоону өтүнүшөт. Корпусной Перемышльскийге Челек аркылуу жарым сотня солдат жиберип, бугуларды коргоону сурасам, ал унабады. Эгер ушул кезде аскер барып калса Кенесарынын иши бүтүп, империянын максаты ордунан чыгарына кепилмин, — деп бирде князды, бирде генералды карап кыйпычыктап турду, бугу уруусун Кенесарыга каршы согушка бардырбай койгонун айтуудан айбыккан Файзулла.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#131 Пользователь офлайн   Disappear   30 Март 2019 - 11:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Генерал Вишневский князды күлүмсүрөй карап, унчукпай олтурат — Айтыңызчы, Ногаев мырза, «жапайы таш кыргыздарында өзүн Кенесары сыяктуу хан жарыялаган киши бар» дедиңиз. Анын аскери, ордосу барбы? — деди князь. — Мен урматтуу Густав Христьяновичке ал өтө коркунучтуу, катаал киши, оруска душман экенин билдиргенмин. Жапайы таштагылар мындан беш жыл илгери курултай чакырып, өзүлөрүн Кокондон бөлүндүк, өз алдынчабыз деп жарыялап, Урман Ниязбек уулун хан көтөрүшкөн. Бирок уруу бийлери өз аймактарында көчүп-коно бийликти өздөрү жүргүзүшөт. Урмандын уюшкан аскери да, ордосу да жок, өзү да көчүп жүрөт. Сизге айттым го, чоң уруу бугу хан бийлигинен чыкты. Алар орус букарасы болууну каалашат. Бул — чоң иш. Алардын таасири күчтүү, — деп, «муну мен иштегенимди билсеңиз экен» дегендей князга жагына карады тыңчы. Анын көз алдына Ала-Тоого орус аскерлерин алып барып, ою үстөм болуп, аброю өсүп турган учур элестеп турду. Тыңчынын абалын байкаган генерал: — Файзулла Касимович, аракетиңиз үчүн рахмат. Маалыматтарыңыз туура, бирок бир аз эскирип калыптыр. Бизде Кенесары Касымовдун отряддары жапайы таш кыргыздарынан талкаланып, өзү султандары менен колго түшүп өлтүрүлгөндүгү жөнүндө анык маалымат бар, — деди. Арып-ача, мүшкүл тартып алып келген кабары керексиз болуп калганына шалдая түшкөн Файзулла оюн жыйнай албай, бирде князды, бирде генералды карап, оозунан сөзү түшүп турду. — Сиз кабатырланбаңыз, аракеттериңиз мактоого татыктуу. Империянын ишине чын дилиңиз менен берилгендигиңизди көрүп турабыз, — деди князь тыңчынын көңүлүн жубаткан болуп. — Ногаев мырза, Сизге кайра жапайы таш кыргыздарына сапар тартууга туура келет. Кенесары Касымовдун өлгөнүнө айныксыз далил керек, — деп генерал сөзүн бүтө электе, кытмыр оюнда эмне керек экенин дароо туйган тыңчы: — Улуу даражалуум, анын башын кесип келтирүү керек, — деди. — Бул оюңуз да мактаарлык болду. Эми аны ишке ашыруунун аракетин көрүңүз, — деп тыңчынын уңгучул, кытмыр, өз пайдасы үчүн бардыгына кайыл экенин туйган генерал ичинен жийиркенип турду. Колунан келбей турган ишти айтып жибергенине Файзулла Ногаев кыстала түштү. Ал Кенесарынын башын кесип келмек тургай, Кенесарыны жеңгендердин көзүнө да көрүнө албайт эле. Ошентсе да бул иш мойнуна тагылганын тыңчы туюп турду. — Сиз кандай дейсиз, Кенесары Касымовду жеңген жапайы таш кыргыздарын жана анын жол башчысын көңүлгө түйүү керек го, — деп генералды карады князь. — Албетте абал такталгандан кийин алардын кол башчыларын жана башкы адамын мында чакырып, сый көрсөтүп, акырындык менен колго алуу керек деп ойлоймун, — деди Вишневский. — Ооба, мен да ошондой ойдомун. Бирок данды чарынан ажыратып пайдалануу керек. Кенесары хан сөрөйдөн кийин дагы бирөөнүн кереги эмне, — деди князь. — Албетте кызылды чарынан ажыратып, үйлөтүп салуу керек. Кенесары окуясынан кийин Урман Ниязбек уулунун таасири күчөп, жапайы таштагылар анын айланасына биригиши мүмкүн. Мунусу жагымсыз. Ал эми анын уюшкан күчүн пайдалануу керек. Мурун вассалы болгон кошунасы үчүн өтө зарыл, — деп капыялата сүйлөдү генерал. — Аны пайдалануунун ыгы табылар. Сиз, генерал, чайга лимондун ширесин көп эле кошкондурсуз, — деп күлдү князь. Сөз Ормон хан жөнүндө баратканын, анын күчүн Коконго каршы пайдалануу керектигин, эгер Ормон оруска баш ийбесе, акыры анын көзүн «тазалоо» керектигин туйган тыңчы кантип сөзгө аралашардын айласын таппай кыйпычыктап турду. Анын абалын байкаган генерал: — Кабатыр болбоңуз, Файзулла Касимович. Сиздин бугу урууңузду улуу империянын букаралыгына кабыл алуу маселеси оң чечилет. Сиз алардын кайра Урманга кошулуп кетпеси үчүн кам көрүңүз. Кенесарынын колу талкалангандан кийин, аларды коргоонун кажети жок болуп калды, — деди генерал. — Эми, урматтуу генерал, аларды Урмандан кайтарыш керек. Ал бугуну соо койбойт. Алардын оруска өткөнү турганын билет, — деди куру кол кетүүнү каалабаган тыңчы. — Кабатыр болбоңуз. Чоң ордо приставына тиешелүү көрсөтмө беребиз. Ал бугу уруусун Урмандын коркунучунан сактоонун чарасын көрөт. Анан сиз айттыңыз го, «бугу ири уруу» деп, алар өзүн сактоого да аракеттенишсин. Урманга каршы турушсун. Керек болсо биз жардамга келебиз, — деди генерал. Генералдын сөзүнүн ички маанисин айттырбай түшүнгөн тыңчы: — Баары түшүнүктүү, урматтуу генерал, аракеттенебиз. Сиздер каалагандай болот. Мен Поповдун приказчиктери менен жумуштарымды бүтүп, дароо кайра жөнөймүн, — деп ордунан турду. — Файзулла Касимович, ошентиңиз. Жөнөр алдында майордон кошумча көрсөтмөлөрдү аласыз. Өзүңүз айткан далилди тез келтирүүнүн аракетин көрүңүз, — деди князь. Файзулла жыла басып, сыртка жөнөдү. Андан кийин князь менен генералдын аңгемеси жапайы таш кыргыздарынын күчүн Коконго каршы пайдаланып, өзүлөрүн Орусия букаралыгына алуунун маселесине ооду.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#132 Пользователь офлайн   Disappear   30 Март 2019 - 11:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

КОКОН КОЗГОЛДУ

Бишкек чебиндеги Алишердин иш үжүрөсү. Текчеленген кенен бөлмөнүн алдына жыш килем төшөлгөн. Төрдөгү жашыл шалпар жабылган жапыз үстөлдө дасмалданган бөйрөктүү ак чайнек, майда ак чынылар, үстөлгө чыканактай малдаш уруна олтурган бек чыныга чай куюп бир ууртады да, оор улутуна ордунан туруп, терезени карай басты. Мына бир жума болду. Жаны жай таппай, ою чаржайыт. Өзүн ордого тирек болуучу кайраткер мыктылардын биримин деп демдүү жүргөн бек өзүнөн өзү корунуп, бечара абалда. Кандуу коркунуч бетме-бет келгенде жанын сактап жашынган макулуктай сезет өзүн. Куран кармап ордого берген антын актай албады; Кенесары менен жан кыя салгылашууда бел байлай албады. Кыргыздар өзүнчө хан көтөрүп бөлүндүк дегени менен чеп кыргыз жеринде, ордо Аркадан кол үзүп кетелек — кыргыздын тузун татып турат. Кыргыздар менен биригип, Кенесарыга каршы турууга болот эле да. Ага жарабады. Жантай, Жангарач бийлердин жардам сурап кайрылган өтүнүчүнө от жагып, жоо келатканын кабарлаган болуп тим болду да, дарбазасын бекитип, чебине жашынды. Бир жумадан бери кыргыздар Ормон хандын туусу астында жан кыя салгылашып, жерин коргоп атышат. Бек сыртынан байкап кабар алганы болбосо, бул окуядан четте. Мына бүгүнда ал Шор-Дөбө, Текелик-Сеңирден кабар күтүп турат. Кыргызча, казакча жакшы билген сыпайларынан эки жакка тең тымызын байкоочуларды жиберген. Алар казак-кыргыз арасында абалды байкап жүрүшөт. Коконго шашылыш кабар жиберилген, бирок жооп жок. Бектин санаасы тынчыбайт. Эшик ачыла орто бойлуу, тилик этек, көк бейкасам чапап кийген жээрде сакал, күрөң селдесин алчыланта оронгон Хаким паңсат кирди. Анын саламын алик алуунун ордуна: — Тышкарида нема гяп бар? Якши хабарыңыз барма? — деди бек терезени тиктеген калыбында паңсатка жүзүн бурбастан. — Ярадарларни таудагы аулларына алып бараткан талкан кыргызларына жолуктум. Алардын гяпларына ишенсак, кыргызлар Кенесары хандын лашкерлерини талкалай турган сыяктуу. Урман хан Чүйдүн суусунун нугун башка жакка буруп, казак жоокерлерини ичарга суусуз калтырыптыр. Суусуз олтурганларга сокку уруп, кыйлаларыны өлүмгө учуратып турганы имиш, — деп бекти карады да, уруксатсыз олтурууга батынбаган паңсат ыңгайсыз абалда турду. Аңгыча терезе жакты карап турган бек кайра бурулуп: — Жай алыңыз, паңсат, отуруңуз, — деп үстөл жакты жаңсады да, — кана-кана, жай алыңыз,— деп, өзү да үстөл жанына малдаш уруна олтуруп, чай куюп суна: — Кана, чайга караң, кыргызлар дагы нема гяп урушады? — деп суроолуу карады. — Урман хан жуда көп кол жыйнаган имиш. Түндөсү жоокерлердин оту талаага батпай кетиптир. Так араларынан чаң салып, ар кайдан жоокерлер келип кошулуп турган имиш. Урмандын колу Кенесарыныкынан кем эместей. Бирок Кенесарынын колу суусуз ачка калып, ичинен бөлүнүп турат дейди. Лакин суусуз калган олар көпкө чыдай алмайды го, — деп чайдан ууртап, бекти карады паңсат. — Якшы, жуда якшы кабарларыңыз бар экен. Кыргызлардын иши адилет дур. Алла таала оларга жар болор. Күнесиз кыргынга тушуккан калкка боорум ачыйды. Урман хан кахарманям хайратлык кишидир. Оның иши үстөм болоды деп турмун. Куда кааласа, Аллаяр ханымыздан хам ярдам келип калса, биз Ормонго көмөк болорбуз, — деди бек. — Майдандан жараланып чыккандар Кенесарынын иши бүтөрүнө аз калды дешеди. Жаңабизге ярдамга келмегенибиз үчүн нааразылык айтышады, — деди паңсат. Паңсаттын сөзүнө көңүл бөлө ойлуу турган Алишер бек башын ийкеп турду да: — Бизге тыншлык болгон якшы, тыншлык болсо кыргызлар билен ярашып да алармыз, —деди. — Айтканыңыз туры, бек, чебимиздин дарбазасыны меркеликтердей душманга ачип бермедик, сыпайларимиз, сарбашларимиз аман, — деп бектин көңүлүн жубатууга аракеттенди паңсат. — Гяплариңиз, Хаким мырза, көңүлүмө ягып тур. Аллаяр ханымыз ям бизлерни Кудай алдыда туура түшүнгөй, — деди бек, калың кашын сол колунун учу менен сылай. — Оларга Алла таула яр болсун. Алар бизни туры көрөр деп ойлаймын. Бирак «жеримизде туруп ярдамга келмедиңер» деген кыргызларның таринчиси бир четинен тугры гой, бек, —деди кантсе да аскер адамы, жоокер абийири ойгонгон паңсат. — Көпкө топурак чачамызбы, бейсебеп кан төгүшгүмүз келмеди. Куда алдыда, Аллаярханымыз алдыда абиримиз тазадыр деп ойлаймин. Урман хан Хохандан бөлүнүп, зякатсалыкларыны төлөмөй калганына канча болду. Шондуктан оларның бизге таринчиси яманчажүйөсүздүр, — деп бек сөзүн бүтө электе эшик ачылып: — Хурматли бек, Текелик-Сеңирден, Шор-Дөбөдөн хабар менен келген сипай киргизүүнү өтүнөдү, — деди эшик кайтарган сакчы ийилип. — Ха, якши хабарлар болгай, — деди бек оңдонуп отура. Эшиктен салам айта кирген ак калпакчан, карала таар кемсел, көн өтүкчөн, көзү жүлжүгүй, чолок мурун, кер мурут жигит көлөч чечилүүчү жерге токтоп ийилип турду. — Өтүң, булай өтүп жай алың, гяп уруң, — деп үстөлдүн жанынан орун жаңсады бек. Үстөл жанынан жай алып олтурган кабарчы: — Хурматлу бек, Кенесары хан Ормон хан жоокерлеринин колуна түштү, — деди кабарчы, ток этер жерин айтып. — Алхамду лиллахи шүкүр, якшы кабарың бар экен. Толук айтың, уруш кандайча бүттү? —деп кабарчыга карады Алишер бек, иштин чоо-жайын толук билгиси келип. — Кенесары жоокерлери ичээрге суусуз калган үч күнү жоокерлер бүлүнүп, айрымдары качада баштаган. Кыргыздар чабуул койгондо көбү кырылды. Көбү Мыкан суусуна чөгүп, сазга сорулуп апаат болду. Сорулма сазда өлө-сала чыгалбай жаткан Кенесары менен Норузбайды кыргыздар туткунга алышты, — деп кабарчы сөзүн бүтө электе: — Кенесары ханны туткунга алган ким болду экен? — деди каарынан кан тамган берендин аргасыз абалын көз алдына келтирип турган бек. — Солто, тынай жигитлери колго түшүргөндөй болду. Аныгын байкай албадым. Кээ бирөөлөрдүн айтканына караганда, Жамангара баатырдын айылына алып кеткен окшойт, —деди кабарчы. — Анда алардын өлтүрүлүшү ыктымал экен, кандай дейсиз, же Урман саясатчыл адам эмеспи, хандын башын сактап калар бекен? — деп паңсатты карады бек. — Ким биледи, канга-кан деп жаны күйгөн Жамангара, Калпак баатырлардын туугандары Ормон ханга жеткизбей мерт кылышы да ыктымал. Кенесары бейкүнөө канды аёосуз төкпөдүбү, — деди өздөрү кандуу кагылыштан аман калганына ичинен ыраазы болуп турган паңсат. — Ормон хан тарабынан кандай кабарың бар? — деп кабарчыны карады бек. — Куп кабардармын. Казактардын кабарын сыртынан байкап жүргөм. Көбүнчө кыргыздар жагына жакын жүрдүм, кыргызча жакшы сүйлөйм да, — деп компоё сөзүн улады кабарчы: —Өткөн күнү күндүз Кенесары хандан жарашалы деген өтүнүч менен элчилер келди эле, Ормон хан аларды кабыл албады. Саза деген жигит башы тосуп чыгып, Ормонго киргизбей кайра жөнөттү. Астыртан иликтесем Ормон хан: «Биз Кенесары ханды согушка чакырган эмеспиз, жараша турган жөнүбүз жок» — деген жооп айтканын уктум. Ошол түнү кыргыздар ак көйнөк кийип чабуул коюшту. Чабуул алдында жер жаңырта мылтыктар атылып, керней-сурнай тартылып, жоонун аргасын кетиришти. Ушинтип Кенесары тамам болду, — деди кабарчы. — Рахмат, укам. Кыргыз-казак арасында акыл менен жүрүп, ишке ярап келипсиң. Эми барып эс ал, — деди бек.Кабарчы ордунан этият туруп, көкүрөгүн баса таазим этип эшикке чыкты.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#133 Пользователь офлайн   Disappear   30 Март 2019 - 12:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Таң каларлык окуя. Орустарга моюн бербей бир канча жылдар согушкан Кенесарынын түмөндөгөн жоокерлерин таякчан, чокморчон малчы кырыздардын жеңгенине ишенүү да кыйын, — деп өзүнчө сүйлөгөнсүп ойлуу олтурду бек. — Менин да акылым жете албай турат, бек. Шунча көп жоокерлерни кыргызлар тооташ арасыдан кантип жыйнады экен? Айттым го, түндөсү жоокерлердин оту Чүй талаасына батпай кеткенин. Ар тараптан чаң салып келип жаткан жоокерлер канча болду, — деди бектин оюна кошумча болгусу келген паңсат. — Анда ошол күчүнө ишенип кыргыздар хан көтөрүп, Кокондон бөлүнгөнү бекер эмес экенда, — деди бек. — Курултайлары алдында Көтмалдыдагы, Курткадагы чептерди өрттөп, ордо кишилерин кубалап чыгышпадыбы. Хайриет биздин Бишкек чебине кол сала алышпады, — деди паңсат негедир корстон боло. — Урман хан илекор, саясатчы киши. Кокон ордосу менен алаканы аягына чейин бузууну каалаган жок, — деди бек, өзүнүн паңсатка караганда эл ара саясатынан жетик экенин туя ичинен компоё. Аңгыча молдонун азан чакырган үнү угулуп кулак төшөп, тымтырс олтуруп калышты. Бүткөндө бата тиленип: — Кана, бешим намазга, — деп бек ордунан тура жөнөдү. Мечиттин ичи итабар кенен. Алдына жыш килемдер төшөлгөн. Намаз окулуп бүтө жамааттагылар бири-бири менен кол алышып, ыйман тилешти. Төрдө жамааттын алдында имам болгон дамбылда намаздан кийин элге ыраазылыгын билдирип, катарындагылар менен кол алышып, бата тилей, кайра олтурду. Оң жагынан Алишер бек, сол жагынан Хаким паңсат жай алышты. — Алхамду лиллахи раббилалоомийин Аллахи тагла хамма калкка тынччилик берсин, — деп имам дагы бир ирет бата тилеп, сөз улады. — Бек, Токмок тарабынан хабар алдыңызбы? Не болду экен, Кенесары Урмандын кармашлары? — деп бекти карады. — Хазирети, кубанычтуу кабар келди. Кенесары хан кыргыздардан жеңилип, иниси Норузбай жана башка султандары менен туткунга түшүптүр. Намаз алдында атайын ал жакка жиберген кабарчым келди, — деди Алишер бек көңүлү тынчыган маанайда. — Оо, жараткан Аллахи тагла, бейкүнөө кан төгүү токтогон экен да. Маут болгондордун жандарына жаннаттан жай бере гөр. Тирүүлөргө ырыскы, ынтымак, ыйман, бейкут жашоо бере гөр, Ва Рахматиаллахи, ва баракатуху, аллоакбар, — деп бата тиледи имам. — Кабарчынын жана паңсат жолуккан жаралуу кыргыздардын айтымында, Урман хан жудакөп аскер жыйнаган имиш. Жоокерлер Кызыл-Суудан Кең-Булуңга чейинки талааларга жыш баткан имиш жана чар тараптан чаңдатып жоокерлер келип кошулуп турду дейт. Эки күн илгери Чүй суусунун нугун башка жакка буруп, Кенесары кошуунун ичээрге суусуз калтырып, тынымсыз сокку уруп туруптур. Акыры өткөн түнү жамы жоокерлерине ак көйнөк кийгизип, Урман хан чабуулга өтүп, Кенесарынын колун талкалап, өзүн туткунга алыптыр, — деди бек. Башын ийкеп, сакалын сылай ойлуу угуп олтурган имам: — Кенесары хан оңой жоо эмес эле, Урман хан эми эл-журту үчүн жанын кыйган эрдиги, жахангерлик жайын куп билген акылдуу айлалары үстөм болгон экен да. Ушул дымагына таянган го. Кенесары хандын мансап көксөгөн кесепетинен мусулманчылыкты тооп кылган түрк насили эки эл мүшкүл тартты. Артын Аллахи тагла кайырлуу кылсын, — деп алаканын жая дагы бир жолу бата жасады. — Хазырети, кандай дейсиз, жеңиши менен куттуктап, Урман ханга өкүл жиберсемби деп турам, — деди бек. — Абдан туура ой. Кат жазып, тартуу менен бир-эки сыпай ээрчитип өзүңүз барсаңыз да чеки болбос эле, — деди имам. — Хазырети, мына Кудай сүйгөн үйдө отурабыз. Кудай акы, чынымды айтайын, кыргыз туугандар алдында бетиме чиркөө болгон жагдай бар. Жоо каптап киргенде жардамга бара албадык. Урман ханды куттуктап, Хаким паңсатты сыпайлары менен тартуу берип жиберсемби, — деп бек агынан жарылды. — Кебиңиздин жөнү бар. Анда ошентиңиз. Ордого да шашылыш кабар жибергениңиз зарыл,— деди имам. — Өзүңүз көрүп турасыз, хазирети, биздин абалды. Кыргыздар минтип ордонун жардамысыз жоосун кайрып койду. Ордо Арка кыргыздарынан оолактап калды десек да болот. Мен ордого өзүм барып, аллаяр Саид Бахадур ханымыз менен көзмө-көз жолугуп, абалды түшүндүрүп, келечек иштерибиз жөнүндө кеңеш суроом зарурат болуп турат, — деди бек. — Оюңуз жөндүү, Арка колдон чыгып калды, аны жашырууга болбойт. Кенесары колун талкалаган күч оңой эмес. Ормон хан менен мамилени кандай жүргүзөбүз. Акылдашып келиңиз. Барыңыз, аллаяр Саид Бахадур ханымызга. Бишкек жеринде алал кызмат өтөп турган ак ниет момун букараларынан саламдуба айтыңыз. Ак жолуңуз ачылсын, — депдамбылда алакан жайды. Олтургандар бата тилеп, мечиттен чыга бекти узатуунун аракетине киришишти.
Чиркин, чексиз бийлик кумары кишинин көөмөйүндө ийрилип уктаган кара чаар жылан го. Ал ойгонуп уу чачса ата-бала, эрди-катын, бир туугандар бири-биринин денесин тебелеп, бийликке жетүү аракетинде болушат. Адам коомуида бийлик зарылдыгы туулган күндөн тартып, бул ырайымсыз чындык, адамгерчилик, адилеттик деген аруу туюмдар менен жанаша өкүм сүрүп келатат. Тарых түпкүрүнө терең сереп салбай эле, кечээки орто кылымдагы алтын ордо хандарынын, Иван Грозныйдан берки орус падышаларынын тагдырына көз жиберсек ата-балдардын, бир туугандардын, эрди-катындардын ортосунда бийлик кумарынан чыккан кандуу драмалар көз алдыга келет. Бул катаал чындык. Шахрух бийден берки алтын бешик мураскорлорун да кайып өтпөдү. Нарбото бийден кийин такка олтурган Алим хан бийлик талашат деп атасынын иниси Хаджины өлтүрсө, анын уулу Муратшах Шераалы ханды жайлап такка олтурду эле, жети күн өтпөй аны кулатып, Шераалыхандын кичүү уулу Кудаяр такты ээледи. Хан бийлигин көксөгөн мураскорлор тоолук кыргыздардын, кыпчак кыргыздарынын, өзбектердин таасирдүү феодалдарынын шыкагында болушкан. Алар тигил же бул мураскорду такка олтургузуп, өзүлөрүнүн ордодогу таасирин күчөтүүгө аракеттенип турушкан.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#134 Пользователь офлайн   Disappear   30 Март 2019 - 12:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Кокон ордосу. Диванхананын кайтарыгы күчөтүлгөн. Тактыда өспүрүм хан Кудаяр олтурат. Жүзү субагай, буудай өңдүү, мандайы жайык, дөңсөөлөнгөн куш мурун, коюу кара каштуу, көзү сурмалуу, ээрди түйрүгүрөөк, эрин үстү жаңыдан түктөнө хандын жигит баралына толо элегин кабарлап турат. Башында маңдайына бармак басым каухар кадалган жашыл селде,алтын ноколуу тик жака ак кемселине, чалмасына өңдөш белбоо курчанган, сол ыптасында Шам усталары соккон алтын кындуу шамшар. Эки колун тактын алтын жалатылган таянычтарына бош сүйөп, сөөлөттүү келберсийт. Хандын оң тарабында аны такка олтургузган кыпчак кыргыздарынын чыгааны, катаал, кайратман Мусулманкул аталык олтурат. Башында саймасыз күрөң макмал кокон топу, бүркүт кабак, үрпөгөй коюу каш алдында тереңинен караган алагар көзүнөн ой учкуну жанат, чап жаак, келтерээк кыр мурун,ак аралай элек сүйрүлөнгөн жээрде сакалы, узун муруту сыйда серпилген. Тик жака күрөң нооту кемселине өңдөш белбоо курчанган. Турпатынан качырганынан кайтпаган, эр туушу байкалат. — Аллаяр, Сиз туура баамдап турасыз. Сатыбалды Мурат шахтын тирүү качып кеткени кооптуу. Вилайеттерден анын тыңчыларынан Сатыбалды Рахматуллалардын санаалаштарынан, тоолук кыргыздардын таасирлүүлөрүнөн арылтуубуз зарыл, — деди Мусулманкул аталык, өзү менен пас талашуучу дагы кимдер бийликте жүргөнүн көз алдынан өткөрүү аракетинде. — Айтыңыз, кеңеш бериңиз. Сизге баары белгилүү да. Шектүүлөрдүн баарын жайламайынча санаабыз тынчыбайт. Хан бийлиги хамтамасыз болууга тийиш. Бул үчүн баарына кайылбыз,— деди ордодо бийлик күтүүнүн көп буйткалуу амал-айлаларынын баарына толук көзү жетпесе да, хан мартабасынын баарынан бийиктигин туя баштаган, өз алдынча бүтүм чыгарууга, катаал да, кайраттуу айлакер да аталык кайнатасынан өтүнө албай ичинен бушайман болуп жүргөн өспүрүм хан. — Албетте Аллаяр, менин жадымда айрым бир катаал жарлык чыгара турган жагдайлар бышып жүрөт. Убагы келгенде Сиздин назарыңызга салууга аракеттенемин. Азыр мен сиздин көңүлүңүздү Аркадагы иштерибиздин кетенчиктеп, ал тарап ордо бийлигинен чыгып баратканына бурсам дейм. Мына төрт-беш жылдын жүзү болду. Аркадан зекет салык пуллары түшпөй калды. Ормон Ныязбек уулу хан көтөрүлгөндөн бери ушундай болду. Аны хан көтөргөн курултайга Алымбек датка катышып, пикирлеш болуп келгенин эсиңизге салгым бар. Алымбектин санаасы Ордого түз эмес. Абайлап көрөсүз го, — деди аталык, өзү ичинен душман туткан тоолук кыргыз чыгаанын көздөй таш ыргыта. — Алымбек датканы көрө жатабыз. Арканы эркинче коё бергенибизге капамын. Ормонхандын элчисин Ордодо кабыл алган хан атабызды караң, — деп көзү өтүп кеткен атасы Шераалы ханга нааразылыгын билдире такка оңдонуп олтурду Кудаяр хан. — Аллаяр, хан атаңыздын маалында шарт ошондой эле да. Бухаранын дооматы алка жакадан алып турганда аркалыктардын демин басууга мүмкүн эмес эле да. Андан бери тактын ээлери улам алмаша берип, Арка өзүнчө бойдон калды эле. Эми ал жакта абал коркунучтуу болуптурат. Казак ханы Кенесары 20 миң аскери менен каптап кирип, кыргыздарга кыргын салып турган кези. Биздин Мерке чебиндеги суу жүрөк Абдулазиз Кенесарынын алдына аргымагын тартып, чептин дарбазасын ачып бергени Сиздин кабарыңызда бар, — деп аталык оюн бүтө электе: — Андай коркоктордун башын алдырамын, — деп үнүн чечкиндүү чыгара, бийлик ээси өзү экенин билдирүү аракетинде комдонуп олтурду өспүрүм хан. — Албетте Аллаяр, ал Сиздин амириңизде, — деди Мусулманкул, хан күйөөсүнүн оюн тээп турган бийлик кумарын баамдап, бир четинен жаш хандын бийлиги күчөсө, аталыктын бийлигине кедерги болорун эсине тута сөз улады. — Кенесары хан Арка кыргыздарын басып калса, иш оор болуп кете турганына Сиздин көңүлүңүздү бургум келет. — Орус аскерлери менен согушуп жүргөн Кенесары хандын жоокерлерине тоолук кыргыздардын таякчан, чокморчон кишилери кайдан тең келсин. Бат эле жеңилет, —акыркы сөзүнө басым коё сүйлөдү жаш хан, жаангерлик ишке да көзү жетик экенимди аталык кайнатам туйсун деген таризде. — Аллаяр, ошонусу Ордо үчүн жагымсыз болор, кыргыздарды багындырып алса, ал биздин жакка кол салары бышык. Анын түпкү максаты терең, ал орустарга биздин күч менен кайра кайрылууну көздөп турат, бул өтө коркунучтуу, — деп, ушуну туйсаң экен деген ойдо хан күйөөсүнө көз жиберди кыяр аталык. Аңгыча эшик ачылып, жыла кирген эшик ага: — Аллаяр таксыр, Аркадан Бишкек чебинин беги Алишер мырза Сизге кирүүнү өтүнүп турат,— деди төшүн баса бүгүлүп. — Жол ачык экен, иншалла — деп, ордунан козголо хан уруксатынан озо үн катты Мусулманкул. — Кирсин! — деп бурк этти аталыктын өзүнөн мурда сүйлөгөнүнө ичинен кысыла түшкөн хан. Бул хан күйөө менен кайнатасынын келечектеги кайгылуу мамилелеринин доошу эле. Эшик ага кайрылып тымызын чыккан соң: — Ассалому алейкум, жамы мусулман бийлигинин түркүгү, касиеттүү алтын бешик насили Аллаяр Саид, Алла таала сүйүп бак берген Бахадур ханымыз, — деп бүгүлө улагада турду Бишкектеги Алишер. Такка оңдонуп олтурган Кудаяр хан алик ала: — Алейкума салам, бек, арыбаңыз, мындай өтүп жай алыңыз, — деп бекке орун жаңсады, астыртан аталыкка көз жибере. Бек ийилген бойдон ханга, анан аталыкка кол берип, андан төмөнүрөөк орун алды. Аталык алакан жая: — Аллоху акбар. Аллахи таала Аллаяр Саид ханымыздын өмүрүн узун кылып, мартабасын арттырсын, душмандары басылып, туугандары, жакын санаалаштары зобололуу болсун, калкыбыз бейкут тынчтыкта, береке байгерчиликте жашасын, — деп бата тиледи. — Аллаяр ханымыз, Ордонун душманы, Кокон чептерине кол салып, калктын тынчын кетирип турган Кенесары хандын тоолук кыргыздардан жеңилип, колго түшкөнүн билдирүүгө рахим этиңиз, — деди Алишер бек ханга, аталыкка көз жибере. — Кудурети күчтүү Алла таала берген экен канкордун жазасын колуна. Алхамду лиллахишүкүр, Коконду колуна алып, оруска каршы барууну көздөгөн, кең көөдөн казактын жазасы колуна тийиптир, — деп Мусулманкул оюнда тынчын алып жүргөн коркунучтун жокболгонуна ыраазы экенин билдирип, күлө-бага ханды карады. — Биз үчүн жагымдуу кабар алып келгениңизге, бек, сизге рахмат айтабыз. Коконду бирөөнүн колуна бере коюучу киши жок. Ошентсе да кесепеттин жексен болгону жакшы, —деп оң чыканагын алтындалган тактын таянычына сүйөп, каадалана козголуп олтурду хан. — Аллаярга жагымдуу кабар жеткиргениңиз мактоого татыйт, бек, — деп хандын көңүлүн жубата сөз кошту аталык.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#135 Пользователь офлайн   Disappear   30 Март 2019 - 12:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Тоолуктардын күчү бекем экен да, Кенесары хан Норузбай, Эржандар майданда каза табыштыбы, же тирүү колго түшүштүбү? — Кенесары хан менен Норузбай баш болгон он чакты султанды кыргыздар туткундаптыр деп укканбыз. Мен бери чыгарда алардын өлтүрүлгөндүгү жөнүндө кабар келди, — деди бек. — Мусулман баласыбыз, таба эмес, тобо. Кенесары хандын он жылдан бери жай таппаган жанын тындырган экен — жараткан Алла өзү калыс, — деп, көптөн бери жүрөгүн өйүгөн кабатырлыгы жазылгансып сөзүн улады да, жумуру баштуу ар бир пенденин башында өлүм парзы турганын эсине алып, бетин сыйпап, сакалын сылай күбүрөп тобо келтирди. Такта сөөлөттүү олтурган аталыкка сөз кезегин берүүнү каалабаган өспүрүм өкүмдар: — Айтыңызчы, бек, бу тоолуктар кандайча Кенесарынын оруска моюн бербей он жыл ашып согушуп жүргөн аскерлерин жеңе алышты? — деп суроо узатты. — Оо, Аллаяр таксыр. Ормон хан жуда көп кол жыйнаган имиш. Түнкүсүн жоокерлердин жаккан оттору Чүй талаасына батпай кетиптир. Күнү бою ар тараптан жоокерлер келип кошулуп турган экен, ушундай кабарлашты биз атайын жиберген байкоочуларыбыз, — деди Алишер өзү да куру карап отурбаганын ханга билдиргиси келип. — Кенесары хандын 20 миңден ашык колу аздык кылбайт эле. Бул окуяда тоолуктардын санынын арбындыгы да жана согуш амалын билген жаангердин аракети барбы деп ойлоймун. Я, өкүмдар, Сиз кандай дейсиз? — деп Кудаяр ханды карады, анын оюнун маанилүүэкендигин билгизгиси келген аталык. — Мен да ошондой ойлоймун. — Оо, Аллаяр, Сиздин улук оюңуз ак. Ормон хан өтө катаал, кайраттуу киши. Сиз аны баамдап турасыз, — деди хан күйөөсүн көтөрө чалган аталык. Кудаяр хан суз, ойлуу олтурду. — Албетте Аллаярдын көзү аскер ишин жетик көрүп турат. Бек, сиз кыргыздар тарабына жардам бере алдыңызбы? — деди Мусулманкул. — Таксыр, жоо каптап келатканда кыргыздарга кабарладым. Түмөндөгөн кол каптап, жолдор тосулуп калды. Жоо беттеп, кыргыздарга кошулууга болбоду. Сыпайларды көрүнөө өлүмгө кыя албдым, — деп ханды карады Алишер бек. Карамагымдагыларды аман сактап калган камкордугумду билгизсем деген ой көөмөйүндө турду. — Сыпайларыңыздын өмүрү үчүн кам көргөнүңүз туура, — деди ойлуу отурган Кудаяр хан. — Албетте өкүмдар, айтканыңыз ак. Бир гана жагдай, жанаша туруп жардамга келбеди деген кыргыздардын кусаматы болушу ыктымал, — деди көптүн кыйырын баскан Мусулманкул аталык. — Оо, таксыр! Ушул жагдай азыр да мени беймаза кылууда. Арга болбоду, — деп алаканын жайып кайпактады Алишер бек. «Кыргыздар Кенесарыны жеңет деп ким ойлоду. Болбогондокүн мурунтан жоо келе электе эле сыпайларды паңсатты баш кылып, кыргыз тарабына кошуп койбойт белем» деген өкүнүчү бар эле бектин. — Аркалыктардын хан көтөрүп өз алдынча турушу Ордого керексиз. Аларды кайра каратып алуунун чарасын көрүү керек, — деп Кудаяр хан Мусулманкулду карады. — Аллаяр, оюңуз акылман. Акыры бул абалды түзөөнүн чарасын көрөбүз. Азырынча Ормон хандын Кенесарыны жеңген күчүн, бизди карап ыкыс берип турган орустарга каршы пайдалануунун чарасын көрсөк кандай болот, — деди аталык, чечимди өкүмдардын өзүнө калтырганды туура көрүп. — Албетте ал үчүн алардын «өз алдынчабыз» деген дымагын басынтып салуу керек. Аркадагы кыргыздарга хандын кереги жок. Алардын бизде жүргөн элчиси бул жердеби? —деп Мусулманкулду карады Кудаяр хан. — Бул ишти аярлык менен иштейли. Адегенде Сиздин атыңыздан куттук айтып тартуу жиберип, көңүлүн тынчыталык. Бейкапар тура берсин. Аркага аттана турган аскерлер даяр. Куда кааласа өзүм башында болуп, кыргыздардын демин суутамын. Ормонду колго түшүрүп, ордого алып келемин, — деди Мусулманкул. Менин колумдан эмне келерин биле жүр, дегендей хан күйөөсүнө көз жиберип турду да: — Элчи Байсерке бул жерде, аны сыр алдырбай сыйлап турабыз. Аскер аттанган күнү зынданга салдырабыз, — деди. — Кечиктирбеңиз, жөнөрдө өзүбүз жоокерлерге ак сапар каалап сөз айтабыз, тездетиңиз, —деди хан. — Бир айдын ары-бери жагында, иншалла, өзүм баштап жүрүшкө чыгамын. Азыр Ормон ханбиздин куттуктаганыбызга манчыркап тура берсин. Ага тартуу да жиберелик. Тартууну сиздин кат менен Алишер бек өзү алып барсын, — деди аталык. — Албетте аркалыктарга караганда, орустар коркунучтуу. Азыр жамы мусулман биригүүсү керек. Ошондуктан аркалыктарды тез кошуп алуу керек, — деди хан. — Аллаяр, оюңуз ак. Аркалыктарды кошуп алуунун чарасы эле жүрүш жасап барууда. Азырынча Ормон ханды алаксытып туралык. — Жарлык даярдаңыз. Кам көрүңүз, бул иш өтө зарурат, кечиктирбеңиз, — деп дагы бир жолу кайталай Мусулманкулга кайрылды хан. «Жоо каптап келатканда чепке жашынып аласыз. Кыргыздарга жардам берсеңиз, азыр алар бизге милдеттүү болбойт беле» деген жеме угамбы, балким жашы жетелек курч хан андан да катуу чара көрүп койбос бекен деген күмөндүү ойлор мазасын алып жүргөн Алишер бек ичинен жымыңдап, сакалын сылай оңдонуп олтурду.Андан ары масилет Арка кыргыздарындагы абал жана аларды кайра каратып алуу чаралары жөнүндө уланды.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#136 Пользователь офлайн   Disappear   30 Март 2019 - 12:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

СЫЙЛЫК АЗГЫРЫГЫ

1847-жыл. Теке айынын орто чени. Күн кылкылдап шаардан аркы токой четине жашынууда. Шайбыр бастырган үч атчан киши, шаардын түштүк тарабындагы узата кеткен чоң көчөнү аралай кирди. Алдыда жапыз кула атчан Аягөз приказынын тилмечи Галим Ягудин, ага улай жалдуу чоң торунун үстүндө жеңил боз суп чепкен, төбөсү бийик ак калпак кийген, чап жаак, сакал-муруту сыйда серпилген, кырдач мурун, бүркүт кабак, алагар көзү ойлуу тиктеген салабаттуу кыргыз элчиси Калыгул Алибек уулу баратты. Артында куржун-кече салынган эки жигит удаа келатат. Ээрчише чубашкан атчандар көчөнүн оң тарабындагы чоң дарбазалуу эки кабат карагай имараттын кенен короосуна киришти. Короонун төрүндө терезелери бийик эки кабат конок үйү, сол тарабында жабык акырлуу аткана; оң тарабындагы бир кабат карагай үйлөр конок үйүнүн кызматкерлерине тиешелүү. Тосо чыккан жээрде сакал, келте мурун, көк көз, эткээл кишиге: — Кабыл ал, Никитич, кадырлуу конокторду. Кара кыргыздан генерал-губернаторго атайын салам дуба менен келген кадырлуу меймандарды жакшылап конокто, — деп күлө бага саламайтты Галим Ягудин. — Рахим этиңиздер, губернатор таксырдын конокторун жакшылап күтөбүз. Түшүңүздөр. Ефимка, конокторго ат байлануучу жайларды көрсөтүп, жүктөрүн түшүрүп, конок үйүнө алып кел, — деп, тигил Галимди ээрчитип конок үйүнө жөнөдү. Жигиттер куржун-кечелерин түшүрүшүп, малай Ефимканын жардамы менен аттарын жайлаштырышып, көтөрүнө Галим Ягудиндин артынан жөнөштү. — Ой, шумдугуң курган орустар, үйдүн үстүнө да үй салып коюшкан тура, — деп, таңдана ээрчип баратты, жүүнү тирүү кара сур жигит Кыштообай. — Кудай болтурса болот да, — деди анын жанындагы экинчиси. Экинчи кабаттагы кенен бөлмөдө үч жыгач керебет коюлган. Саман толтурулган матрацтардын үстүнө жууркан салынып, шейшеп жабылган. Жаздыктары дагы ак. Үйдүн ортосуна узата жыгач стол коюлуп, жанында үч жыгач орундук турат. Кире бериштин бир жагындагы жыгач кийим илгичке чепкенин, калпагын илип, топучан, тик жакалуу боз кемселине курчанган кемер курун бошото жайланышкан Калыгул олтурат. Жигиттер жүктөрүн тамдын түбүнө жөлөй, өзүлөрү мындай жайда биринчи болгондуктан эмне кыларын билбей, ыңгайсызданып турушту. — Олтургула силер да, эс алгыла чечинип, «Талаа жери кең жер, улуу кичүүгө тең жер» дейт эмеспи биздин элде. Чоочун жерге да ошол макал төп келет. Отургула, — деди өз үйүндөгүдөй жайма-жай олтурган Калыгул. Мындай мартабалуу кишинин тең ата сүйлөп турганына ийиккен жигиттер орун алышты. Эшик ачыла кирген Галим мырза: — Аа, жай алдыңыздарбы? Кысынбай эс алгыла. Мен тамак-аштын жайын билип келем, —деп кайра чыкты. Жигиттер да керебеттерге олтуруп, өмүрүндө чоочун жерден мындай сыйды көргөнүнө, сөз тапкыч чечендиги, көсөгөндөй таамай айткан көйкашка калыстыгы үчүн эл ичинде кадырлуу, мартабасы арткан Калыгул менен бир үйдө сыйда отургандарына терилерине батпай, кубанып отурушту. — Ээ, Кудай айланайын, ушул жыгачтын үстүнө киши кантип жатат кулап кетпей, — деди өзү олтурган керебетти колу менен таптап, момун жигит Эшим. — Кулайм деп корксоң ычкырыңды сууруп, керебетке таңып коёбуз, — деп тамашалады Калыгулду көп ээрчип, жер көрүп каныгып калган Кыштообай. Жигиттердин сөзүнө мурутунан жылмайып олтурган Калыгул: — Кыштообай, тиги куржундагы «мүлкүңдү» карадыңбы? Эртең жарым падышага көрсөтөбүз, карап көрчү, — деди. — Эки күндөн бери тынбай жүрүп келатабыз. Караганга да чоло тие элек. Кана, көрөйүнчү, казактын ханы кантип келатты экен, — деп, ордунан турган Кыштообай куржундун килиттерин чечип терезеге жакындатып, оозун ачып: — Оо, өзүбүздүн карагайдын арасында жүргөндөй чайыр жыттанат, балакет, — деп эңкейдида, — бүтүн бойдон эле келаткан экен, — деди. — Бүтүн болсун, орустун жарым падышасынын үрөйү учпагандай кылып кебетесин, сакалбашын түзөп кой, — деди Калыгул. Кыштообай Эшим экөө куржундун ичинен кездемеге оролгон чоң чаканын оозун ачып, үңүлө карап жатышты. Эшик ачылып кирген Галим: — Жүрүңүздөр, конок үйүнүн ашканасынан тамак ичели, — деди. — Жүргүлө, жигиттер, калганын кайра келип тууралайсыңар, колуңарды жуугула, — деп Калыгул ордунан туруп, Галим мырзаны ээрчий жөнөдү. Конок үйүнүн биринчи кабатындагы узата коюлган узун столдо бөйрөктүү сары самоор шуулдайт, ак бөлкө нан тууралып, чакмак канттар чачылган. Столдун эки жагында жыгач орундуктар. — Кана, олтуруңуздар, Калыгул аке, өйдө өтүңүз. Жигиттер, кысынбай олтура бергиле, чай ичебиз, — деп жайдарыланды Галим. Мурда көрбөгөн чоочун жагдайда өзүлөрүн коомайыраак сезип олтурган жигиттерге Галимдин сөзү демөөр болгонсуду. Алжапкыч байланган, башына жоолук бууган, толмоч орус аял тоолуктарга күлүмсүрөй карап, пиялаларга чай куюп узатып турду. Чайды үйлөп, шорулдата ууртаган Эшим: — Нан-чайы, канты жакшы дечи. Доңуздун этин бербесе эле болду, — деп Галимди карады. Чайды сыпаа ууртап, салабаттуу олтурган Калыгул: — Ырас эле, Галим абзий, эттүү тамак болсо доңуздукун коштура көрбөңүз, — деди. — Никитичке эскертип койгонмун. Түшкү тамагыңар сыйыр этинен жасалат, — деп, коноктордун оюн жубатты Галим. Чай ичилип, бата тиленгенден кийин: — Эми сиздер түнөгөн жайыңыздарга барып, эс алып туруңуздар. Мен силерди генерал губернатор төрө качан кабыл аларын тактап келейин, — деп конокторду өйдө узатып, өзү короого чыкты. Жигиттер ат ылоолорду кароого чыгышты. Бөлмөдө Калыгул жалгыз, ойлуу олтурат. Сөзгө чечен, ойго чебер, эч кимдин алдында кабагын түшүрүп мүңкүрөбөгөн, убагында Кенесарыханга сөз кайрып жүйөгө жыккан кыргыздын көйкашка мыктыларынын бири орус жарым падышасына жолугуу алдында өзүн оңтойсузураак сезип олтурат. Улуктан сүрдөгөнүнөн эмес, абалынын эки анжылыгы санаасын бөлүүдө. Ушул сапарга чыгаар алдындагы Жантай бий менен болгон жолугушуу чекесин таяна ойлуу олтурган Калыгулдун көз алдына күнү бүгүнкүдөй тартылып турду...



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#137 Пользователь офлайн   Disappear   30 Март 2019 - 12:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Ормон ханды узаткандын эртеси Жантай бийдин 12 канат чоң үйүндө чакан масилет өтүүдө. Төрдө Жантай бий, бир аз төмөнүрөөк оң жагында Калыгул, бер жаккы улагадан өйдөрөөк жоо сайып, баатыр атанган жигит Калча олтурат, жанындагы таар куржундун түбү томпоёт. Үйдө бийдин байбичеси да жок, эшик кайтарылуу. Унчукпай ойлуу олтурган Калчага кабагын көтөрө бий: — Алып келдиңби? Канын-сөлүн тазаладың беле? — деди. — Бий аке, өзүм тууралаганмын, таптаза, — деп обдула оңдонуп олтурду Калча. — Кана, көрөлү, канкор маркумду, — деп бий оңдонуп олтурду. Илбериңки кыймылдаган Калча куржундун килитин бошотуп, ичинен боз матага оролгон тоголок нерсени алып чыгып, жүзүн ача көрүнөө койду. Кан-сөлү качып кубарган, чачы кыртыштана өскөн, кабагы бийик, коңко мурун, көздөрү жумулуу, оозу кымтылуу, сүйрү сакалы, серпилген муруту уйпаланган Кенесарынын башы жатты бийдин алдында. Оозун күбүрөтүп, ичинен келме келтирген болуп, сакалын сыйпаган бий: — Оо, жараткан Алла, бизди кечире көр. Тынч жаткан эл элек. Орусту да, capты да, өз элинда чаап, жаны тынбаган канкор хан элибизди кырып киргенде башка арга болбоду, аягы ушу болду. Бул иш зарураттыктан болуп атат. Бизди, бечара пенделериңди кечире көр жараткан,— деди. Мелтиреп үнсүз олтурган Калыгул: — Болор иш болду, боёсу канды. Баарыбыз Кудай тааланын алдындабыз. Ал баарын көрүп турат. Кудай таала калыс, өзү колдойт. Эми, Калча, сен эрдикти аягына чыгар. Айылдагы балдарды шашылыш жыйна да, дарылыкка деп карагайдын чайырын чогулттур. Бир чака толтура болсун. Маркумдун башын үч эли кылып, чайыр менен капта. Бүрсүгүнү жөнөймүн. Ага чейин бузулуп кетпесин. Муз майдалап, көк бедеге аралаштырып муну орогун да нымдуу кумга көөмп сактап тур. Мен сураганда даяр болсун, — деди Калыгул. Калча куржунду көтөрүп чыгып кеткенден кийин, үй ичин бир азга үнсүз тынчтык ээлеп турду. Экөөнүн санаалары эки башка эле. Бириники — көрө элек алыс жактын жол азабы, көр азабы. Экинчисиники — орус жарым падышасынан Ормон хандан кем эмес сыйлык алып, аброй күтүүнүн амалы эле. — «Жол азабы, көр азабы» дегендей, жол алыс, анын үстүнө алып бараткан жүк да кооптуу. Казак жеринен алып өтүү кыйын болор бекен, орустар жардам бербесе, — деп бийге сөз учугун таштады Калыгул. — Албетте Калыке, жол алыс, сенин кайратыңа ишенемин. Аягөзгө чейин биздин куралдуу жигиттер узатып барат. Андан ары Перемыш төрө кам көрөт. Жаныңа кош ат менен курал жарактуу эки камбыл жигит ал. Кудай жар болсун, кам санаба. Түн ортосу оогондо жолго чыгарабыз, — деп, оюнун аягына чыкпай токтоп, чакчасын алып, насыбай чеге көзүн жуумп ойлуу олтурду бий. Көөмөйүндө багып жүргөн ою түз сөздүү Калыгулга жакпас деп, аны жайгаруунун ыгын издеген бий: — Узак жолго баратасың. Жол каржысы орустардын мойнунда болот. Мен дагы каржыга кошуламын, кам санабагын. Сенин алып барган жүгүңүчүн орус падышасынын жарым казынасын чачууга даяр турушат. Баары ойлонулган, андан көрө... — деп, бир аз унчукпай ойлуу турду да, сөзүн улады: — Ормон хандын каты жаныңда, хандын элчисимин деп аны бересиң... Атаганат, бири кем дүнүйө. Үчүкө, Түлкү артык-кеми жок бир атанын балдары эле. Атаке бий Эсенгулдан артык десе артык, кем эмес эле. Кең атадан кем туулуп калгансып бөксөрүп жүрөм. Калыке, жашың кичүү болсо да, жанынды курбу көрөм. Сага айтпаганда кимге айтам. «Жоону сайса ким сайды,аты калды Манаска» дегендей, Кенесарынын алдын тосуп жапырган биз элек. Кылыч мизинде, найза учунда да биз болдук. «Кенесарыны Ормон хан жеңди» деген аңыз калды эл ичинде. Орус падышасынын чоң сыйлыгы да ага тиет, — деп сакалын сылай Калыгулга көз жиберди бий. — Манас болбосо Чубак да болбойт эле да, бий аке. Кудай акы Ормон хандын айлакер амалдуулугу, жаангерлик жайын куп билген илекорлугу болбогондо, Кенесары көптүгүнө салып болсо да каптап кетпейт беле. Болгонду болгондой айтпаса болумсуздук болор, — деп Жантай бийди тике карады Калыгул. — Анысы бар, анысы бар дечи. Ошентсе да көлөкөдө калганыбыз жарабайт. Мен өзүмдүн атымдан жандыралыга кат жолдоюн. Аны Ормон хандын катына удаа тапшыргын, оруска биринчи кол созгон Атаке бийдин небересинен деп тапшыр. Куда кааласа өзүңдү да жарым падыша куру койбос, — деп Калыгулга жапакечтенди бий. — Сыйлык алайын деген оюм жок, бий аке. Журт атасынын вазийпасын алып барайын деп турам. Бир жакадан эки баш чыгаргандай болом го, бир элдин атынан эки кат сунсам, — деди Калыгул. — Оой, сенден сөз качып кутулбайт да, Калыке. «Бир жакадан эки баш» — деп, борс-борс күлдү да, кайра мостоё түшүп, сөз улады бий. — Кеп андай эмес, жөн эле «Атаке бийдин урпагы, Орусияга санаасы түз кишиники» деп менин катымды да берип кой, — деди. Эшик ачылып, бийдин балдарын окутуп жүргөн кашкарлык Магзум дамбылда салам айта кирди. — Алейкума салам, дамбылда, ырас келбедиңизби. Келиңиз, мындай өтүңүз, сизди кантип чакыртып алам деп турдум эле. Калыгул баатыр Омбуга Орусия падышасына жөнөөгө камынып атат. Мен өз атымдан улук төрөгө салам дуба кат жолдоюн деп турамын, — деп жанынан орун жаңсады. — Ва рахмати Аллахи, ва баракатуху, Аллахи таала ишиңизди оң этсин, — деп бата тилей,бийдин жанынан орун алды дамбылда. — Магзум дамбылда, кагаз-карындашың жаныңдабы, өлүмдөн башканын эрте болгону жакшы, — деди бий. Чепкенинин ичинен асынган китеп кабынан калем-кагаз алып, китебин тизесине коюп, оңдонуп олтурган Магзум дамбылда: — Алланын аты менен баштайлы, — деп бийге кызмат өтөөгө дилгирлигин билдирди. — Жазыңыз. «Өзүбүздүн улуу орус падышасынын ырайымдуулугуна таазим кылабыз. Омский губерния башкаруучусу Сизге, урматтуу князь генерал-полковниктерге. Чүй дарыясынын боюндагы көчмөндөрдүн манабы Жантай Карабек уулу менен козголоңчу султан Кенесары үч жылдан бери бири-бирине душман эле. Мындан бир жыл илгери көп аскер менең кол салган Кенесары 3400 кишисин жоготуп, биздин соккудан араң качып кутулган. Быйыл жазда биздин айылдарды көп аскер менен каптап кирип, кыргын салды. Биз каршы согуштук. Үч күн камап турдук. Кудайдын жардамы менен Кенесары, Норузбай, Эржан, Кудайменделерди колго түшүрдүк. Кенесары султан инилери менен өлтүрүлдү. Улуу урматтуу падышага өтөгөн кызматыбыздын далили катары анын башын жиберебиз. Улуу жандырал бизге ырайым этип, кат-кабар жиберүүнү кааласа, Аягөздөгү Галим Ягудин аркалуу күтөбүз. Кат жазып, мөөрүмдү бастым. Жантай Карабек уулу. 1847-жыл, 9май».
Катты бийдин айтуусундай дыкат жазган молдо дагы бир ирет окуп бергенден кийин: — Кудай акы, болгонун болгондой жаздык. Ормон хандын каты өзүнчө. Ага биз капа эмеспиз. Биздин кат өзүнчө. Калыке, сен түз кишисиң, билип турамын ичиңден ыргылжың болуп турганыңды. Сенде айып жок. Хандын элчисисиң. Аны өзүнчө, биздикин өзүнчө бер, баатыр,— деп жубатты Жантай бий.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#138 Пользователь офлайн   Disappear   30 Март 2019 - 12:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Ушул учурларды көз алдынан өткөрө ичинен ыңгайсызданып олтурган Калыгулдун оюна эшиктен кирген Галимдин: — Калыке, аксакал, «беймарал отурасызбы? Князь Горчаков Сизди түштөн кийин кабыл алмак болду», — деген сөздөрү аралжы болду. Батыш Сибирь генерал-губернатору князь Горчаковдун иш бөлмөсү. Эменден жасалган жазуу столунун артында жөлөңгүчү бийик креслодо князь, анын алдындагы эки булгаары креслонун биринде олтурган генерал Вишневскийдин сөздөрүн кунт коюп угуп олтурат. Эшик ачыла кирген майор какая честь берип: — Сиздин улуу урматыңызга татар Галим Ягудин, жапайы таш кыргыздарынын өкүлү менен кирүүнү өтүнөт, — деди. — Аа, Галимби, киришсин, — деп ордунан копшоло көз айнегинин үстүнөн эшикке көз жиберди князь. Эшик алдында узун бойлуу, денеси кагелес, бүркүт кабак, төбөсү бийик кыюулуу ак калпакчан, коюу каштуу, бийик кабак алдындагы сурмалуу көздөрү токтоо тиктеген, кырдач мурун, сыйда сакалы, узун муруту сыпаа серпилген тик жакалуу ийи майда, ак пиязы кемселине күмүш кемер курчанган, өңдөш шымынын багалектери булгаары өтүгүнүн кончуна камтылган салабаттуу киши салам айта: — Сизди урматтаган кара кыргыз ханы Ормон Ныязбек уулунун элчиси Калыгул Алыбек уулумун, — деп төшүн баса бир аз ийиле ызаат көрсөтүп турду. Ордунан тура утурлай тосуп кол алышкан ак сөөк князь: — Аа, ошондойбу, көргөнүмө курсантмын, — деп кексе жылмая, тоолуктардын элчисинин кебелбеген токтоолугуна, кадыресе баркын сактаган салабаттуулугуна тан бере көз жиберип турду да, «отуруңуз» деп колун жаңсай, конок олтургандан кийин өз ордун ээледи. Отургучтардын бирин креслого жакын жылдырып олтурган Галим алардын сөздөрүн сөзмө сөз которуп турду. Ак куржун кармап кошо кирген жигит четтерээк отурду. — Урматтуу элчи, чаалыкпай келдиңизби, эли-журтуңуз эсенби? Дитим Сизде, — деди князь. — Кудайга шүкүр, урматтуу князь төрө. Сизге кара кыргыз элинин ханы Ормон Ныязбек уулу салам дуба жолдоп, ден соолук жана бардык жакшылыктарды каалай турганын билдиремин. Тынч жаткан элди кырып-чаап кирген Кенесары хандын аскери талкаланып, өзү инилери Норузбай, Эржан жана отуз султаны менен колго түштү. Кенесары, Норузбай өлүм жазасын алышты. Сиздин урматыңыз аркалуу улуу Орусия падышасына кабарлоону өтүнөт. Далил катары Кенесары хандын башын жиберди, — деп сөзүн бүтө Горчаковго кат сунду. Князь катты ачып көрдү да: — Оо, араб арибинде жазылган тура. Муну толук которуп бериңиз, — деп Галимге берди да: — Буюм-далилин көрсөк кантет, — деп генералга карады князь. Галим кыргызчага которуп, Калыгулга кайрылды. Салабаттуу олтурган Калыгул: — Кыштообай, далилиңди көрсөт, — деди. Баарынын көңүлү москоол жигиттин кыймылына бурулду. Илбериңки, эптүү Кыштообай куржундан ак чүпүрөк жабылган чакан жыгач челекти чыгарып, ичинен мөлтүрөй жыттанган чайыр капталган кишинин башын алып, алдыларына койду. Князь, генерал, Галим орундарынан тура жакын келип көз жиберип турушту. Чайыр кабыктын ичинде чачы кыртыштана өскөн, кабагы бийик, көзү жумулуу, коңко мурун, оозу кымтылган, сакал-муруту бир аз уйпаланган Кенесарынын башы турду. Бир тынымга бөлмөнү үнсүз тынчтык ээледи. — Тынчыбаган козголоңчунун башы тынч орунду эми тапкан экен, — деп генерал Вишневский князь Горчаковду карады. Башын билинер-билинбес чайкап, унчукпай турган князь: — Туура айттыңыз, генерал. Султандын башы тынч орунду эми тааптыр. Тоолуктардын колу чебер белем, египеттиктерден кем эмес мумиялашыптыр. Эми султан Кенесарыны көргөн биздин офицерлерден, аны тааныган шаардыктардан татар, кыргыз өкүлдөрүн алып,экспертиза уюштуруңуз. Аныктыгы далилденгенден кийин императорго жиберебиз. Бузбай сактоонун кошумча чараларын көрүңүз, — деп оолагыраак олтурган адъютантына кайрылды. — Барып далилди өткөрүп алып, князь айткан чараны көрүүнүн аракетинде болуңуз, — деди Вишневский. Адъютант Кыштообайды ээрчитип кеткенден кийин: — Урматтуу князь төрө, Сизге Атаке баатыр урпагы Жантай бий да өзгөчө салам айтты, —деп Калыгул чөнтөгүнөн кат алып Горчаковго сунду. — Дагы бир ханыңар барбы? — деп келекелегендей үн менен Калыгулду күлүмсүрөй карап, катты алып генералга сунду. — Таксыр князь, андай эмес. Жантай бий оруска биринчи кол сунган Атаке баатырдын урпагы болгон үчүн өзүнчө салам айтууну жөн көрдү, — деди Калыгул. Генерал катты алып ачып көрүп: — Бул да араб тамгалары менен жазылыптыр. Чыгыштын табышмактарынын түйүнүн ишүчүн пайдаланууга болор. Толук которуп бериңиз князга, — деп Галимге узатты. Генералдын сөздөрүнө кулак төшөй отурган кыргыздын өзүн эркин жана сабырдуу, ары салабаттуу кармаганына сынаакы көз жиберип турган князь: — Урматтуу элчи, сизди көргөнүмө ыраазылыгымды дагы бир ирет билдиргим келип турат. Улуу империянын тынчын алып, өз элине да бүлүк салган козголоңчу султандын куралдуу күчтөрүн жеңип, өзүн адилет жазага тарткан баатыр элди жана анын баатыр жетекчисин куттуктаймын. Сиздердин Улуу империянын алдындагы кызматыңарды улук императорго билдиребиз. Ал жактан сый жана жакшы кабар күтөбүз, — деп тилмечтин которуп сүйлөшүнө тыным жасай сөзүн улады. — Сиздердин өз алдынчалыгыңар кыпчактарга (Коконго) жакпасын билебиз. Аларга каршы көтөрүлүп, өз алдынчалыгыңарды коргой турган болсоңор, биз тарабынан жардам болот. Аларды жеңээриңерге да ишенебиз. Азыркы кызматыңар үчүн сый болорун дагы бир жолу кайталаймын. Кымбаттуу элчи! Эс алыңыз, Сизге сый көрсөтүп узатуу үчүн генерал кам көрөт, — деп күлө бага генерал Вишневскийди карады. — Кара кыргыз элине жана анын ханы Ормон Ныязбек уулуна Сиздердин ыраазылыгыңыздарды жана бийик баалаганыңыздарды толугу менен жеткиремин, — деп Калыгул сыпаа ийиле князга таазим этти. Князь ордунан козголо колун сунуп, аңгемелешүү аяктаганын билдирди. Билгиликтүү кыргыз элчиси князга кол бере ордунан турганда, генерал Вишневский да ордунан туруп,эшикке чейин барып узата кол берди. Элчи кеткенден кийин князь менен генералдын аңгемеси жапайы таш кыргыздарынын аскер күчү жана анын «катаал лидери Ормон хан жөнүндө», аларды империянын кызыкчылыгына пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү масилетке алынды. Аңгемелешүү кыйлага созулду.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#139 Пользователь офлайн   Disappear   30 Март 2019 - 12:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

КАЗАГЫҢ ЖАТЫҢ ЭМЕС

1847-жыл. Тогуздун айы. Ормон хандын айылы күздөө конушта отурат. Көз байлана, түн кирип келаткан учур.Уулбаланын азем жасалгалуу тогуз канат өргөөсү; аш үйү бөлөк болгондуктан өргөө алдына өрө кийиздер төшөлүп, үстүнө перси килемдери салынган. Төрдөгү килем жабылган тактанын үстүндөгү күмүш чабылган жагдандарга адеми жууркандардан үч кертим жүк жыйылуу, үстүндө ак жаздыктар тирелет, төрдөгү кара саксак көлдөлөң үстүнө аюу талпак салынган. Бер жак капшытта алтын аралаш чыйратылган жибек жиптер менен ноколонгон, эки жагына тартылып ачылуучу жашыл жибек көшөгө керегенин үч көгүнө жеткен ак жаздыктуу, эки кишилик мамык төшөктү калкалап турат. Эпчи жакка Уулбаланын ашкере уздугун айгинелеген, түстүү макмал манат өөндөрүнөн кынапталып, курак эмес аземдүү сайма элеси түшүрүлүп, кундуз кыюуланган туш кийиз тартылган. Коломто ордуна орнотулган төрт ачалуу күмүш калыпта жагылган мом шамдардан үй ичи жагымдуу мелүүн жарыкка бөлөнүп турат. Эпчи жак төрдөн ылдый дасторкон жайылуу, казанга жабылып кызара бышкан нан, омкорулган кошкон май, чагылган чакмак канттар төгүлгөн. Уулбала сыңар тизелей олтуруп, Айымкан жеңесине бөйрөктүү ак чайнектен пиялага чай куюп суна: — Алыңыз, жеңгей, кыргызда «Көз ачып көргөн, ооз ачып өпкөн» деп коёду гой, сол сыңары биринши ирет жүзүмдү ашып, маңдайымдан сүйгөнүңүз эсимден кетпейди. Шолпан жеңгемдей сыйлаймын. Андан бери каншама суулар агып, жылдар өттү. Сол биринши күн эсимден кетпейди, — деди Уулбала. Чай ууртап, жылмая күлгөн Айымкан: — Менин өпкөнүмбү, же баатыр уулдукубу? — деп тамашалады. — Ойбай, жеңгей, кайтесиң, баатыр уулуңуз, — деп шыңгыр күлдү да: — Айтканым ырас гой,жеңгей. Анда мен каншама тагдырыма тике карап, кайраттансам да, аке-шешемден ажырап, туулган калкымдан бөлүнүп, азган бешара кыз эдим гой. Жадымда карыптык турган эле да. Сол учурда сизден эне мээримин сезген элем. Сизге милдеттүүмүн. Ыраазы бол, жеңгей, —деди Уулбала. — Кудай колдоп, тобокелиң төп чыгып, бел байлап издеген көңүл кушун таптың, такыялуу кыз элең, таажылуу ханайым болдуң. Уул таптың, кудайга тобо кыл, — деди жеңеси. — Кайриет, аныңыз ырас. Кудайга ризамын. Аке-шешемди, туускандарымды баатыр уулуңуз кайын күтүп, катышып турамыз. Уулуңуз да эсейип келатады, — деди Уулбала. — Баса, төркүндөрүңдү, жеңең менен иниңди кечээ узаттың го. Мен айылчылап кетип, коштошо албай калдым, — деди жеңеси. — Ооба, кечээ узаттым, жеңгемди, сиңдим Саулени, агайымдын уулун, — деп Уулбала сөзүн бүтө электе, кызматчы жигит эшиктен кире: — Ханайым, таксыр келатат, — деди адеп менен ийиле. — Аа, баатыр уул келер маал болгон тура. Мен кайтайын. Сага бир аз эрмек болоюн деп кирдим эле, — деп бата тилей ордунан тура жөнөдү Айымкан жеңеси. — Жеңгей, келип турсаңыз, — деп узата чыгып, кайра кире дасторконду жыйып, үй ичине баары жайындабы дегенсип көз жиберди да, саймалуу жашыл тасма тартылган жеңил элечегин оңдоп, боюн түзөдү. Эки бала көтөрсө да чырымталы жаш, чырайы жанып турган отузга чыга элек Уулбаланын нооча бой, кымча белине тик жака, сур тукаба кемсели кынала, жарашыктуу оролгон жеңил элечек кырынан изги көрүнгөн жазы маңдай, жаңы тууган айдай ийилген каштары, коймолжун тарта коюуланган сурмалуу көздөрүнөн бакыт учкуну жана эптүү бүйрүлгөн кызгылт эриндеринен лаззат илеби ура, хан күйөөсүн күтүп турду. Капалдан кайтып келген уулу Үмөтаалы, Токтор аке менен казак-кыргыз жарашуусу кандай өткөнү жөнүндө аңгемелешип, кимдин эмне айтканын талдап угуп, боордош, жамаатташ эки элдин жарашуусу купулуна толсо да, мындан ары Орусия, Кытай, Кокон менен өнүгүүчү мамилелеринин келечеги санаасын бөлгөн хан өргөөгө ойлуу кирди. — Арыбаңыз, таксыр, — деп жылуу жылмая тосуп алган Уулбала Ормондун чепкенин, тебетейин илбериңки алып, эпчи улагадан өйдөрөөк турган күмүш ачалуу ала баканга илип, саймалуу сүлгүнү карысына кыса, чакан жез чылапчынды алдына коюп, ак аптабадан хан эринин колуна суу куйду. Хан колун аарчып, жубайлык мээрим төгүп турган жаш жарына ичинен ыраазы боло сакалын сылай, төрдөгү аюу талпактан орун алды. Уулбала арыдан бери дасторкон жая даам коюп, оюулуу кара көөкөрдөн кесеге мейиз чайкалган кымыз куюп сунду ойлуу олтурган жарына. Кымыздан кере жутуп, дасторкондон даам ооз тие: — Төркүндөрүңдү кечээ узаттыңбы? Ыраазы болуп кайтыштыбы? Ата-энеңе бизден салам айттыңбы? — деди Ормон. — Арийне, Сизден саламдуба айттырдым, риза болуп кайтышты. Бир сыйра кийим кийгизип,аке- шешеме деген тартууларымды бердим. Кайындарыңыздын Сизге деген сарпайларын үлкен үйгө, апамызга жиберген элем. Кийип көргөндүрсүз? — деди Уулбала, эрине жоодурай карап. — Аа, ырахмат! Көрдүм, кийсем калдайган казак болуп калчудаймын, — деп мурутунан жылмайды Ормон хан ойлуу калыбында. — Хан күйөөм, казагың жатыңыз эмес гой. Казактын кара көз кызы кашыңда турмун. Чүрпөңүз Сейилкан артыңыздан ээрчип турады. Кудайга шүкүр, — деп бир аз ойлоно турдуда: — Өз элиңиздин да, кайын элиңиздин да бейкүнөө каны төгүлгөн кыргынды басканыңызга ыраазылыгымды майдандан кайтканда айттым эле, — деп салмактуу сүйлөөгө аракеттенсе да, кылгырган сурмалуу көзүнөн эр туюмун дүрт жандырар лаззат илеби жанып турду. — Энди, тенирден сурарым, эки элимизге ынтымак, өздөрүмүзгө денсоолук тилеймин, — деди Уулбала. — Иншалла, эми тынчтык болот, — деди Ормон хан. Эшик ачыла шуулдай кайнаган самоор киргизген жигитке «өзүм тейлейм» дегендей ишарат кылды да, бөйрөктүү ак чайнекке чай демдеп, назик кыймылдай эки чыныга чай куюп, бирин күйөөсүнө суна, экинчисин өзү алып, ойлуу калыбын жазбай отурган күйөөсүнө: — Баса, Капалга кеткен чоң уул келди деп уктук, — деп сөз учугун күйөөсүнө таштады. — Ооба, Үмөтаалы баш болуп, Токтор, Жантай, Жангарачтар орус жандыралынын кепилдигинде казак-кыргыз тынчтык наамесине кол коюп кайтышты. «Иншалла, эми эки эл тынч болот», — деп, жаш жубайынын эл камын ойлогон паразаттуулугуна ичинен ыраазы болуп олтурду Ормон хан. — Ылайым солай болсун. Теңирден элимдин башынан бакыт кушу учпаса экен деп тилеймин. Баса, мени келерки жайда төркүлөп келсин деп айттырыптыр аке-шешем. Сейилканды ээрчитип, мени жибериңиз. «Күмүш үйлүү күйөө, камыш үйлүү кайнатадан сый көрөт» дегендей, балким, сиз да барып кайын журтуңуздун сыйын көрүп келерсиз, — деди Уулбала. — Кайдан камыш үйлүү болсун. Кайнатабыздын төрт түлүк малы өрүшүнө батпайт, алтын күмүш зары канча. Андан көрө өзүң айткан эл камы мойнунда турган кишиде катынын төркүлөтүп барганга убакыт болобу, — деди Ормон хан. — Оны түшүнөмүн гой, эреркеп айтып турганым да, баатыр. «Баатыр» деген сөз мага «хан» дегенден жакыныраак туюлат. Кара казактын кызымын да, хан жанында калтырап олтургандан көрө, баатыр жанында баарлашып олтурганым абзел гой, — деп, шыңгыр күлө күйөөсүн карады Уулбала. — Таппаганың жок, кара казактын кызы сенин, — деп жылмайды да, кара көз казак кызы көңүл кушун таптай билген жары болгонуна көңүлү толуп отурду хандын. — Баатыр, Сизден жашырып жүргөн сырым бар эди. Айтуунун ыгын таба албай жүрдүм эле,— деди Ормондун көңүлү жибип турганын баамдаган аялы. — Ал кандай сыр болду экен? — деп таң кала карады Ормон. — Орток болоюн десеңиз, айтамын, — деп жылмайды Уулбала. — Мына кызык, бирге жатып, бирге тургандан ашык да орток болобу? — деп ормойду күйөөсү. — Анда орток тилектеш экенбиз. Айтайын, Сейилкан уулуңуз комуз чертем дейт, — деди Уулбала, муну Ормон хан жактырбасын туюп, күмөндөнө. — Ал эмнеси экен, ээнбаш! Качантан бери чертет экен, ким үйрөтүп жүрүптүр? — деди Ормон. Өзүнөн уруксатсыз үйрөткөн кишини айыпка жыгып, жаза тарттырарын билген аял күлүмсүрөп жайдарылана: — Ортокпуз да сырыбызга. Үйрөткөн кишини жазалабаймын десеңиз айтам, — деди. — Айта бер, жазалабайм, — деди Ормон хан саал жумшара. — Бекенбай комузчуга барып жүрөт, — деп күлдү да, эпчи жактагы манат текчеден аземделип жасалган өрүк комузду алып, күйөөсүнө суна сөзүн улады. — Уулума көрсөтө элекмин. Илгери үмүт менен жасаттым эле. Батаңызды бериңиз. Ормон комузду колуна алып, айланта карап көрүп, үнсүз жанына жөлөп койду. — Баатыр, мен билемин, манап насили, хан уулу ырдап, комуз чертүүсү кыргызда өөн учурарын. Сойтсе да, Сейилдин тагасы — менин акем — домбра шертеди. Агаларым да өлөң айтып, домбра шертишеди. Бул өнөр Сейилге ошолордан ооган го. Кудайдын берген талантыгой, баатыр, Сейилдин шешеси катары өтүнөмүн. Батаңызды бериңиз? — деди Уулбала жайдарылана. Ормон хан ак да, көк да дебестен комузду жанына койгон калыбында ойлуу олтурду. Бул хандын уулуна комузчу болууга берген батасы эле. Санаасы тынган Уулбала күйөөсүнө чай суна, байыркы падышалардын, хандардын өмүрүнөн күлкүлүү, бирок сабак болорлук икаяларды айтып, жубайлар маанайлары жаркып, субкатташа отурушту. Бата тиленип, дасторкон жыйылып, кол жуулуп ооз чайкашкан жубайлар бой жаза, көшөгө артына өтүштү.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#140 Пользователь офлайн   Disappear   30 Март 2019 - 13:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

КОКОН БАСКЫНЫН КАЙРУУ

1847-жыл. Тогуздун айы. Кенесары хандын жоболоңу аяктап, эл ичи тынчый түшкөн. Көз байланар маалда калмак жүрүш менен шашыла келаткан салт атчан күздөөдөгү Ормон хандын айылына тизгин бурду. Ордо үйдөн оолак кермеге келгенде: — Токто! Сен кимсиң? — деп найзасын кесе кармаган күзөтчү жоокер алдынан тосту. — Мен Байсеркемин, — деп аттан түштү жолоочу. — Ассалому алейкум, бий аке! Сизсизби? Жарыктык, түн катып, атыңыз да чаалыккандыр, —деп күзөтчү жоокер Байсеркенин колунан чылбырды алып, кермеге байлады. — Жүрүңүз, хан Нажимүддүн дамбылдага Жоопнамени окутуп угуп олтурат, — деп бийдин артынан ээрчий келип, эшик ачты. — Ассалому алейкум, таксыр, — деп оң колу менен көкүрөгүн басып, бир аз ийиле эшик алдында турду кыргыздын Кокондогу элчиси Байсерке бий. — Алейкума салам, бий, келиңиз, жол болсун, — деп жанынан орун жаңсады Ормон хан. Байсерке бий ханга, аалымга кол берип учураша орун алды. — Ха бий, саламат келдиңизма? Халкымыз эсенчиликте турамы? Ва Рахмату аллахи. ВаБаракатухи, — деп бата тилеп, эсенчилик сурады ажы. Эсендик сурашып, Байсерке жайалгандан кийин: — Ажы, рахмат, эми жайыңызга барып эс алыңыз. Окууну эртең улантабыз, — деди Ормонхан. Ажы китебин жыя, коштошуп чыгып кеткенден кийин: — Бий, Кокондо кооптуу иш бар го, түн катып келдиңиз, — деди Ормон хан. — Кокондун түрү бузулду, таксыр, — деп кызматкер жигит сунган аякты алып, кере жута жерге койду да: — Бишкектен Алишер бек барып кеткенден кийин, мага мамилелери мурдагыдан да сыйлуу боло баштаган эле. Көрсө ал арам ойлорун билгизбей,мени алаксытып туруунун амалы экен. Өткөн жума намаздан кийин келатсам, Ордо кызматында жүргөн алайлык кыргыз Баймырза жолугуп, саламдашкандан кийин: «Бий, Сизге айтып коюшум парз. Булар көп аскер жиберип, арканы кайра каратып алууга даярданып атышат. Бул анык. Мусулманкул аталык өзү кол баштайт экен. Сиз бул жерден тез кетиңиз. Алар жөнөр алдында Сизди зынданга салары турулуу иш», — деп эки жагын карана шаша басып кетти. Ордого келсем мамилелери мурдагыдан да жылуу. Башка бирөөлөрдөн сураштырайын десем, шек алдырчудаймын. Тура берүүгө даай албадым. Түн ортосу оой жашырына шаардан чыгып, жол тартып келатышым ушул, — деди чаалыга талыкшып турган Байсерке бий. Бир тынымга үй ичин тынчтык ээлеп турду. Мелтиреген ойлуу калыбында Ормон хан: — Кымыздан ичиңиз, бий, — деди. — Рахмат, таксыр, ичтим, — деди аякты узата Байсерке бий. Көөкөрдү жаап, аякты жыйнап, кызматчы жигит чыгып кеткенден кийин: — Мусулманкул кыпчак жээлигип турган экен да өспүрүм ханды жетелеп... Баамыңызда качан чыгышчудай жүрүшкө? — деп суроо узатты Ормон хан. — Баймырза туугандын айтымында көп кечикчүдөй эмес. Ашып кетсе он-он беш күндө аттанышчудай, — деди Байсерке элчи. — Канча жоокер менен чыгарын баамдай алдыңызбы? Курал-жарактары кандай? — деп суроо улады Ормон хан. — Санын болжоого кыйын, таксыр. Менин баамымда Кенесарынын түмөндөгөн колун талкалаган аркалыктарга каршы аз кол менен чыкпоого тийиш. Он миңдин ары-бери жагы болуу керек. Курал-жарагы жөнүндө — алар көбүнчө түтөтмө мылтык алып жүрүшөт. Кылыч байланышат, найза, жаа кармагандары анча эмес. Алар көбүнчө тоолук кыргыздар, саны көп эмес, — деди бий. Элчинин айткандарына ынтаа коюп уга: — Ушундай деңизчи, — деп хан өзү менен өзү сүйлөшкөнсүп каалгый олтурду да, сөзүн улады. — Ордонун ички ынтымагы кандай? Сиздин баамыңызда? — Ордодо өз алды ынтымак, — деп айтуу кыйын. Сыртынан бөйпөңдөшүп «сиз-биз»дешкени менен ар кимиси өз мүдөөсүн ичинде купуя сактап жүргөндөй туюлат. Эң күчтүү ажырым кыпчактар менен capттардын арасында. Кыргыздарга боор тарткансыганы менен Мусулманкулдун көзү аларга түз эмес. «Ит жүгүрүгүн түлкү сүйбөйт» дегендей, Алымбек датканын ордодогу таасирин Мусулманкул көрө албайт. Бири-бирин аңдышкан абал. Кудаярханга кызын берип, хан күйөө күткөн Мусулманкулдун аброю жогору. Хандын жаштыгынан пайдаланып, азыр ал эки тизгин бир чылбырды колуна алган бийлик ээси. Муну ичинен туйган Кудаяр хан намыстанып жүргөндөй түрү бар. Анын колтугуна суу бүркүп, ордодо capт билермандары дымып турушат. Бара-бара Мусулманкул бийликти өз ээсине ыйгарбаса, арты жакшылык менен бүтпөшү ыктымал. Capттар Кудаяр хандын бийлик кумарын арттырып, көкүтө ар кандай айла-амалдарды салып турушат. Алардын максаты Мусулманкулду бийликтен сүрүп чыгарып, ханды өзүлөрүнө ыктатуу, — деди ар ишке көзү жетик кыраакы Байсерке бий. Көңүлүн уюта угуп олтурган хан башын ийкеп, сакалын сылай, бийдин чарчаңкы, басмырт, ошентсе да сабырдуу, салабаттуулугуна ыраазы болуп турду да: — Эми бий, Кокон менен Букаранын арасы кандай, ошону кеп уруңузчу? — деди. — Кокон менен Букараны жарашып турат деп айтууга болбойт. Букара дагы эле болсо Коконду өзүнө кошуп алуу далалатын токтото электей көрүнөт. Ал эмес, имиш-имиште, Коконго чабуулга даярданып турат. «Букара күчтүү» деген сөздөр тарап, эл ичи тынч эмес, —деди чаалыгып турган Байсерке. — Рахмат, бий, эми барып эс алыңыз, эртең түш оой келиңиз, акылдаша турган иштер бар, —деди хан. Байсерке бий кеткенден кийин Сазаны чакыртып сүйлөштү да, ар кай жакка чабаган аттандырды. Чакырылгандардын арты болуп түш оой Ормон хандын ордо үйүнө Калыгул бий келип түштү. Жаш курагына жараша хан айланасында орун алышкан Байсерке, Жаманжээн, Төрөгелди, Алыбек, Адыл, Андаш, Абыкандар жапырт орундарынан тура Калыгулга ызаат көрсөтүштү. Баарына кол берип, хандын оң жагынан орун алган Калыгул алакан жая: — Алло акбар, эли-журтубуз тынч, байгерчиликте болсун, — деп бата тиледи. Батадан кийин Ормон хан олтургандарга көз жибере: — Шашылыш чакыртканымдын себеби — Кокондон кооптуу кабар менен Байсерке бий келиптир. Уккула, бийдин сөзүн кеңешели, кана, бий, баштаңыз, — деп Байсеркени карады Ормон хан. Оң жактан Калыгулдан кийин экинчи олтурган Байсерке бий: — Түнү менен келдим. Кокон биз жакка чабуулга чыкканы азырланып турат, — деп баштап, түндөгү ханга маалымдаган жагдайларды толук айтып, өзүнүн бул ишке өтө кооптонгондугун билдирди. Отургандардын ар бири бул ишти өзүнчө жоруп, үй ичи тынчый түштү, оюн жыйнай калган Төрөгелди баатыр: — Кокондуктардын моюндары кычышып калган го. Кай жактан каптап кирер экен? Көк-Арт аркылуу Тогуз-Торого кирер бекен, же Олуя-Ата, Мерке жактан келер бекен? — деди




Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 29 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 29, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 17:20

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: