Суперстан: Хан Ормон - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Хан Ормон Токтоналиев Жапаркул Хан Ормон: тарыхый роман

#141 Пользователь офлайн   Disappear   30 Март 2019 - 13:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Сыпайлары тоо аралап жүргөнгө анча жөндөмсүз келишет, чочулашат. Сыягы Олуя-Ата, Мерке жактан келиши ыктымал. Бишкек чеби да ошо жакта эмеспи, — деди Байсерке бий. — Алардын көксөгөнү, — эгинканалуу Чүй боору. Байсерке айткандай, Бишкек чебин ээлөө алар үчүн маанилүү. Ошондуктан Олуя-Ата, Мерке жактан келүүлөрүн күтүүгө болот, — деди ойлуу олтурган Калыгул. — Көк-Артты ашып келүүлөрү да ыктымал. Бул жактагы Куртка чебин бекемдөө, Көтмалды чебин кайра калыбына келтирүү да алардын жадынан чыкпай турган иш, — деп сөз кыстарды саяк Кетирекейдин уулу Алыбек. — Келер убакыт болжолу качан экен? — деди Норузбай менен сайышка түшкөн Субандын уулу Адыл. — Баланча күнү, деп так кесер айтуу кыйын. Он-он беш күн аралыгында каптап кирүүлөрү ыктымал, — деди элчи Байсерке. — Эмне болсо да даярдануу керек, — деди комдоно олтурган азык мыктысы Андаш. — Ала чапандардын чапанын сыйрып жүргөн кол ушул, — деди жашынан найза кармап жоого аттанып, баатыр атанып келаткан Ажынын уулу Абыкан. Отургандардын сөздөрүнө кулак төшөй угуп олтурган Ормон хан: — Бул кабар анык, боло турган иш. Чоң кармашуу алдыда турат. Олуттуу даярдык көрүүкерек. Кокон Кенесары хандан кем жоо эмес. Күчтү дыкат жыйнап, жоокер жигиттерди ат жабдыгы, курал менен камсыз кылып, ар уруу өзүнчө келип, жалпы жасообузга кошулсун, —деди Ормон хан. — Арийне, «Өзүңдү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло» дегендей Кокондун күчүн кем баалоого болбойт. Дайыма согушуп жүргөн эл, — деди Калыгул акылман. — Ордолуу журт — Кокон. Аны менен беттешүү, Калыкем айткандай, оңой-олтоң иш эмес.Алар азыр чымырканып келаткан учуру. Кыргыз элинин өз алдынча хан көтөргөнү аларга жакпайт. Кудай алдында, эл алдында жүзүбүз жарык болсун, жоого кыргыз жерин бастырбай, элди-журтту тепсетпей тосуу керек. Казак-кыргыз чегинен тособуз, — деди Ормон хан акыркы сөзүнө басым жасай. — Меркеден бери Ашмара суусу казак-кыргыз чеги болот, — деди эл-жердин жайын жакшы билген Калыгул. — Мына ошол Ашмара суусунун жээгинен кыргыз жерине бут коё электе тосуу керек, — дедиТөрөгелди Ормон хандын сөзүн ырастаган болуп. — Төрөгелди баатыр, сен жигит-жалаңың менен бүгүн Чүйгө аттан. Жантай, Жангарач, Саке бийлерге, Түлөгабыл, Чыңгыш баатырларды, айыл билермандарын чогултуп, абалдын өтө коркунучтуу экенин түшүндүр. Кол жыйнашсын. Кенесарыны тоскондогудан кем эмеc даярдык керек. Жангарач сергек киши. Айткының, Түлкү-Башы, Олуя-Атадан бери эстүү кишилерди жиберип, жоо келатканын иликтеп турсун. Жоонун келерин жок дегенде бир күн илгери билгендей бололу. Жетээриң менен ишке киришкиле. Ашмаранын берки жээгине жоокерлерди жайлаштырып, камыш арасына буктура, жоону кечмеликтен окко, жебеге алгандай бололу. Мергенчилерди жыйгыла. Кенесарыны тоскондой торго түшүрүү ыкмасын колдонобуз. Биз бул жактан бир жумага жетпей жасоо кайрып барып калабыз, кудай кааласа. Алыбек, Андаш экөөң саяк, азыктан кол жыйнагыла. Кочкор, Жумгалга жөнөгүлө. Суусамыр аркылуу Төө-Ашуудан өтүү кыйын болор. Шамшы, Кубакы аркылуу өтөсүңөр го. Адыл, Абыкан, силер Ат-Башы, Нарынга, Куртка, Тогуз-Торого жөнөгүлө. Черик, моңолдор, сарбагыш, саяктан кол жыйнап, силер да бешинчи күн дегенде Ашмарада болгула. Күл-азык, курал-жарак, жоокерлердин кем-карчы толук болсун. Саза, сен Боронбай, Муратаалы, Самсаалы бийлерге чабаган жибер. Үч күндөн кийин Көтмалдыдан күтөбүз. Колунда бар байлардын баары жоокерлерге союш, азык-түлүк, башка кем-карчын даярдашсын. Өткөн сапардагыдай азык-түлүктөн кемчил болбогондой кылгыла. Чаргын, сен мергендерди чогулт, 70 — 80ден кем эмес адис мергенди табуу керек, — деп Ормон хан сөзүн бүтүрдү. Калыгул аке алакан жая: «Алдыдагы кырсыктан кудай алдында эл-журтту сактайлы, ишибизге кудай жар болсун, жоокерлерди кыдыр колдосун», — деп алакан жайды. Олтургандар жалпы бата тилеп, жоо камын көрүүгө тарашты.
Күз асманы шаңкая ачык. Күн жүрүшү ылдыйлап калса да, күз аптабы күчүнөн тая элек. Аба үп тартып, шамал дымып, айлана боз чаңгыл. Ашмара суусунун оң жээгинен беш чакырымча бери дөңсөөлөнгөн түзөңгө үйлөр тигилген. Ормон хандын көчмө ордосу, Ак үйдүн эшик алды. Ар жагына айчыктуу кызыл туу сайылган, эпчи жагында түпөктүү найза тирелүү турат. Эшик алдында эки жоокер найзаларын кесей кармап, күзөттө турушат. Жердин өңүтүн байкоо үчүн кол башчыларды ээрчитип эртең менен аттанган Ормон хандын келүүсү күтүлүүдө. Жер өңүтүн байкап, буктурмадагы жоокерлер менен жолугушкан Ормон хандын атчан тобу Ашмаранын оң жээгиндеги бийик кашатка келип токтоп, аркы өйүзгө дүрбү салууда. Зээри бийик, соорусу жайык жалдуу чоң торунун үстүндө ак пияз жеңил чепкенинин арты аттын соорусун жаба, кара кыюулуу, төбөсү бийик ак калпакчан Ормон хан аркы өйүздү серептеп дүрбү салып турду да: — Көзгө эч нерсе чалынбайт. Кокондун колу алыс го, — деп дүрбүнү жанында турган ак боз атчан Жангарачка узатты. — Биздин чалгынчылардан акыркы кабар түндө келди. Мусулманкул аталыктын 5 миң колу бүгүн эртең менен аттанмак экен. Менин оюмча, алар жакындап калды. Көп өтпөй каптап кириши ыктымал, — деди дүрбү сала өйүздү серептеп турган Жангарач бий. — Биздин чамабыз кандай? — Жоокерлерди мен айткандай жайгаштырдыңарбы? — деп Төрөгелдини карады хан. — Баш-аягы 2100 куралдуу жигит өңүттө турат. Сексен мерген келди. Ат-Башыдан, Нарындан, Жумгалдан, Кочкордон черик, сарбагыш, саяк, азык туугандардан келген 700 киши Абыкан, Андаш, Түлкү, Манде баатырлардын башкаруусунда. Алар кечүүдөн ылдый камыш арасында бугуп турушат. Жангарач, Жантай, Саке бийлердин 600 жоокерин Түлөгабыл, Калча, Андаш баатырлар башкарат. Алар кечмеликтен өйдө жайланышты. Черикчилер жана Сиз менен келген 500 жоокер кечмеликке бет маңдай турушат. Ар бир 20кадам аралыкта бирден 80 мерген өңүттө, башында Алыбек, Чаргын баатырлар бар. Алардын милдети — жоо кечмеликке киргенде, машаа коюп ок менен тосуу; кокондуктар жан кыя окко каршы ат коюшса, черикчи, солто, сарбагыштын жоокерлери капталдан качырып кирет,— деди Төрөгелди. — Баары эле четинен баатыр экен айтканыңа караганда. «Үйдө баатыр, жоодо жок» болбосок болду. Кокондуктар өлүмгө бел байлап келаткан душман,— деди Ормон хан. — Андай эмес, таксыр! Өзүңүз көрбөдүңүз беле, Кенесары менен болгон согушта ушулардын баары жандарын оозуна тиштешип, душманды кылычтын мизи, найзанын учу менен тосушпады беле, — деди Жантай бий. Ормон хан түнөрө каалгыган калыбында, алды жакка ойлуу көз жиберип турду. Бир тынымдан кийин Жангарач бий: — Тигине, чоң чаң чыкты. Караңызчы, каптап келаткан жоо ушул болуу керек, — деп дүрбүнү Ормонго сунду. Ал дүрбүнү алып, алыска сереп сала карап турду да: — Чаң калың, азырынча киши карааны баамдалбайт. Чаңдын калыңдыгына караганда көп кол келаткан болуу керек. 15 — 20 чакырымдай аралыкта болжолу. Бешимге жетпей жээкке кирип келүүгө тийиш. Кабарлагыла жоокерлерге, даяр болушсун, — деп Төрөгелдини карадыда, — Саза тууну тээтигил дөбөнүн үстүнө жайдыр. Салгылашуу башталар алдында биз бийлер менен ошол жерде болобуз, — деп атынын башын бура жөнөдү. Жангарач, Жантай, Саке бийлер артынан ээрчиди. Төрөгелди жардамчылары менен жоокерлерди аралап жоону тосууга даярдоого жөнөдү. Кокон аскерлери катарлаша бастырып, Ашмаранын жээгине жакындап калды. Алдыда жашыл тууну кармап, ак боз аргымакчан Абдулла паңсат келатат. Башында тууга өңдөш жашыл селде. Көк бейкасам чепкенине курчанган белбоонун сол ыптасында кыны аземделген кылыч салаңдайт. Эки жагында, ат мойнунча артта туу кайтарган эки жоокер келатат. Туудан бир аз артта ойноктогон кара кашка аргымакчан Мусулманкул аталык теребелге көз жибере ойлуу. Сургулт кымкап чепкендин ичинен тик жакалуу өңдөш кемселине күмүш кемер курчанган. Башында күрөң чалма. Кабагы бийик, коюу каш алдында сургулт көздөрү ойлуу тиктейт. Тизгинди жыя кармап келаткан турпатынан кайрат жана кайтпас катаалдык туюлат. Шайбыр жүрүш менен келаткан калың кол суу жээгине жеткенде аскер башы Ибраимбек менен Мусулманкул аталык кечүүнүн тушундагы кашатка токтоп, аркы өйүздөгү кыргыздар тарапты карап тура калышты. Арттагы кол да алардан бир аз обочо, аралык сактай токтоду



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#142 Пользователь офлайн   Disappear   30 Март 2019 - 13:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Бул кичине дарыя Ашмара деп аталат. Казак-кыргыз чек арасы ушул, — деди мурда Бишкек жерине каттап, жер танабын баамдап жүргөн Ибрагим бек Мусулманкул аталыкты карап. — Аркалык кыргыздар бизден кабардар болду бекен? Кайсы жерден тосоор экен, кандай ойлойсуз? — деди үн катпай ойлуу келаткан аталык. — Болжоо кыйын, таксыр. Кыргыздар жакты чалып, иштин абалын байкап келүү үчүн жиберген чалгынчыларым али кайта элек. Болжоо кыйын, — деп дагы бир жолу кайталады Ибрагим бек. Алдыда камыштуу жээк; айланага боз түшүп, аба үп тартып турат. Теребел алда нени жашыргандай кооптуу мемирейт. Эртеден берки катуу жүрүштөн чарчаган аттардын бойлору жанчылып, талыкшып, көмөкөйлөрү суусун көксөгөн жоокерлердин жакын жердеги суунун шарын укканда чыдамдары ого бетер кетти. Аттар ооздук бербей тыбырчылап, жоокерлер арасын: «Атаганат, ушул жерден бети-башты муздак сууга чайкап, бой сергитипбир аз дем алгыча аттарды да чалдырып алсак» деген сыяктуу кобур-күбүр аралады. Аны кулагы чалдыбы, же өзүнүн абалынан улам сездиби, аскер башы: — Азырети, күн да кечтеп калды, жоокерлер, ат-көлүк чарчап-чаалыкты, ары ачка да болушту. Мына ушул суу жээгине өрүү болуп, ары өйүзгө таңга жуук өтсөк кантет? — деп Мусулманкул аталыкты карады. Суунун өйүзүндөгү кыргыз тоолору тарапты ойлуу карап турган аталык, уккан кулагына ишенбегендей жалт карап алды да: — Эмне дедиңиз? — деп кайра сурады. — ... А азырети... Бүгүн ушул жерге өрүү болсок дегеним... — Ибраим бек чеки айтып койдумбу дегендей, жалтайлай сүйлөдү. Аталык көзүн кайрадан алыскы тоолор жакка жиберип, кыйлага үн-сөзсүз турду да, аскер башыга кылчайды: — Аскерлер, ат-көлүк чарчады, эс алдырып алсак деген оюңуз жөндүү. Бирок менин оюмча,камыш баскан өзөндүн бою өргүү үчүн ылайык эмес. Күн уясына батканда чымын-чиркей тумандай каптайт; аскерлер эс алмак турсун өз жанын коёрго жер таппай калат. Анын үстүнө, көрүп турасыз, өзөн бою калың камыш. Бул жайларда жолборс жойлойт деп уккам. Ат эмес адамга да зыян келтириши мүмкүн. Анан бөйөн-чаян деген да мындай жерде арбын болот... Жок, бул жерде калууга болбойт. Тээ тоо этектеп барып өргүйбүз. Кыргыздар тоо-тоолордон жыйылып үлгүргөн эместир. Кеттик! — деп атынын тизгинин какты. Кол козголуп, алды кечмеликтен аркы өйүзгө чыга бергенде күтүүсүздөн удаа-удаа«тарса- турс» атылган мылтык үнүнөн кокондуктар эмне экенин түшүнбөй, эки жагын каранып, буйдала түшүштү. Аңгыча ат жалына өбөктөгөндөрдү, аттан кулап сууга түшүп жаткандарды байкай коюп, аскер башы: — Артка! — деп айкырды. Мылтык үнү дагы бадырады. Топко байлап атылган октон да бир нече адам аттан кулап, дагы бир нечеси ат жалына өбөктөдү. Жоонун буктурмасына туш келгендигине эми Мусулманкул аталык да, аскер башы да күмөн кылышкан жок. — Артка!.. Артка кайт! — деген аскер башынын ач айкырыгы дагы жаңырды. Сууга шыкай кирип келген кол эни анча кең болбогон кечмеликте дароо ат башын буруп кеталбай, камалып туруп калды. Колдун арты артка жапырылды. Кечмеликтеги тополоңдон пайдаланып, дагы бир ирет машаа коюп, удаа-удаа атылган мылтык октору дагы бир нече кокондуктун өмүрүн алып кетти. Кокондуктар күтүүсүз аткылоодон дүрбөлөңгө түшүп, шашкалактап калды; «ЯАллалап», аттарынын башын буруп, артын карай качып жөнөштү. «Коркконго кош көрүнөт» болуп, аттан кулап жаткандарды көргөн кокондуктарга ар бир камыш аларды мээлеп жаткан мылтыктай сезилди. — Сабыр кылгыла! Дүрбөбөгүлө! Камышы калың кооптуу жер экен, жер жайын билет элеңиз. Мурдатан киши жиберип, чалдырбаганыңызга жол болсун, эми аскерлерди кайрыңыз. Мылтыктын огу жетпеген аралыкка топтоп, жоонун абалын байкап, кармашууга даярданалы, — деди Мусулманкул аскер башыга нааразылана карап. Артка удургуган сыпайлар токтобой качып баратышты. Ибрагим бек жана паңсаттарайлана чаап: «Качпагыла, токтогула! » — деп жоокерлеринин катарын тартипке келтирүүгө аракеттенип жатышты. Үч чакырымдай дүргүй барып тизгин жыйган Кокон аскерлеринин алдына Ибрагимбектин коштоосунда келген Мусулманкул аталык үрөйү уча чочуп турган жоокерлердин абалына көз жибере: — Дин ислам түркүгү, касиеттүү Кокон ордосунун жоокерлери мылтыктын үнү чыга электе кайра качканыңарга жол болсун! Алла деп алдыга чаап, Алла деп бойго кайрат жыйнап, жоого каршы чабуунун ордуна дүрбөп качасыңар, Кудай алдында, касиеттүү хан алдында милдетибиз турат. Бул сапарга аттанганда: «Өлсөк шейит болобуз, өлтүрсөк газы болобуз. Дин ислам үчүн өмүрдү тиктик» — деп чыкпадык беле, деген Мусулманкулдун үнү жоокерлердин көңүлүн бөлдү. — Окко учуп атса... — Жан керек да... — Үйдө катын-бала.. . — Окко көкүрөк тособузбу! — деген үндөр аралады жоокерлердин арасын. Мусулманкулдун тегерегине аскер башы Ибрагим бек, он чакты паңсат, миң башылар чогулушту. — Алдыга чалгын жиберип, жердин өңүтүн алып, токтоп майданга даярданчу жерди күн мурунтан белгилебей, күнөөсүз жоокерлерди окко учурдуңуз, — деп зирк эте аскер башы Ибрагим бекти теше тиктеди аталык. — Кайгуулчуларды, чалгынчыларды жибердим эле, али кайтышпады да, — деп бошоң үн катты Ибрагим бек. Өңү бузула, өзүн сабырлуу кармоого аракеттенген аталык: — Кыргыздардын жайланышын, өңүтүн дыкат изилдеп чыгуу керек. Азыр алдыга мылтыкчандарды койгула. Кокус кыргыздар чабуулга өтсө, ок менен жапыргыла. Азыр жоокерлерди аттан түшүрүп, тамактандырып, эс алдыргыла. Мергендерди эки тарабына коюп, 500дөн миң атчан даяр турсун. Аларды тамактанып бүткөндөн кийин башкалары алмаштырсын. Жоонун жайын билмейинче чабуулга өтпөйбүз, — деп буюра сүйлөдү Мусулманкул аталык. — Тигине, караңызчы, дөңдө кызыл туу желбиреп турат, — деди паңсаттардын бири. Баарынын көңүлү дөңсөөдөгү желбиреп турган кыргыз туусуна бөлүндү. — Аа, Ормон хан өзү келген экен да. Кармаштын тагдыры ушул жерден чечилет. Биздин тууну да бийик жерге сайып, чатырды тиккиле, — деди Мусулманкул. — Кеч киргенче дагы бир ирет эки тараптан чабуулга өтүп, жоонун алын, кандай жайланышканын байкап көрбөйлүбү? — деди Ибрагим бек Мусулманкулду карап. — Бешим намазынан кийин баштайбыз. Эки жак четинен 500дөн сыпай чабуулга өтсүн, артынан такоол боло дагы миңи даяр турсун, — деп Мусулманкул туу желбиреген алыскы дөңгө дүрбү узатты. Бир азга дүрбү менен сереп салып турду да: — Жер алыс. Киши карааны көзгө чалынбады. Ормон хан ошол жерде экени анык. Чалгын уюштуруп, айланып артынан өтүү мүмкүнчүлүгүн карашсын, — деп буйрук берди. Сыпайлар жүздүктөргө бөлүнгөн абалында аттарынан түшүп, эс алууга жайланып атышты. Кокон жоокерлери тарапка дүрбү салып, туу алдында турган Ормон хан дүрбүнү Жантайга узата: — Кокондуктар качып барып токтогондой болду. Болжолу кечмеликтен үч чакырымча жайланышты окшойт. Мусулманкул кыргыздар чектен оңой менен өткөзбөй турганын туйду көрүнөт. Ала чапандардын туусу да сайылып калды, — деди. — Кудай кааласа Кокон баскынынын алды акыл менен тосулгандай болду. Эми кантишээр экен? — деп алдыга көз жибере ойлуу турган Ормон ханды карады Жангарач бий. — Эми алар тике качыра албас. Эки жактан чабуул коюп, биздин шаймөшкөбүздү чактап көрүүгө аракет кылышат, — деди Ормон хан алдыга сереп салган ойлуу калыбында. — Молтой, Төрөгелди, Түлөгабыл, Андаш, Абыкан, Жоосейит, Манде баатырлар кагылышта жемдерин жедирбес. Жоокерлердин даярдыгы да тыкан. Кенесарыны жеңген жоокерлер демилгелүү турушат, — деди Жантай бий. — Биздин жоокерлер да демдүү. «Кыргыз жерин жоого тебелетпейбиз» деп турушат, жоокердин көбү казак-кыргыз урушунда такшала түштү, — деди Саке бий. — Кенесарынын сазайын колуна бергенге баарыбызга Кудай таала жардам болду, — деп сөзгө аралашты саяк Дуулат бий.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#143 Пользователь офлайн   Disappear   30 Март 2019 - 13:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Таксыр, чатырга кирбейсиздерби? Эртеден бери даам сыза элексиздер. Алды-артка ишенимдүү жоокерлерден сакчылар коюлду, — деди Саза Ормон ханга кайрыла. — Даам сызарга да убакыт болор. Азыр чоло жок, — деди Ормон хан дүрбүнү эки колдоп кармап, Кокон аскерлери тарапка сереп салып турган калыбында. Бир тынымга ар ким жоо тарапка көз жибере жыйын тынчтана түштү. — Жигит чаптыр Төрөгелдиге. Эки капшыттагы жоокерлердин артына такоол койсун. Азыр кокондуктар эки жактан чабуулга өтүшү ыктымал, — деген Ормон хандын үнү тургандардын көңүлүн бөлдү. Бийлердин баары дүрбүнү бирден колго алып, жоо жакка сереп салып, хан көрүп турган абалды байкоого аракеттенип жатышты. Тирелишкен эки кошуундун аракети туу алдында болжолдонуп турду. Бешим маалы. Сол жээктеги үч чакырым алыс дөңгө тигилген ак чатырдын алдында жашыл туу желбирейт. Мусулманкул, Ибрагим бек жана башка миң башы паңсаттар оң жээктеги кыргыз тарапка сереп салып турушат. Дүрбү салып, кыргыз жоокерлеринин абалын баамдоого аракеттенип турган Мусулманкул аталык: — Караан көрө албадым. Көзгө эч нерсе илинбейт. Кыргыздар бугуп турган сыяктанат, —деп бир аз ойлуу турду да: — Бек, убакыт жетти. Айтылган эки канаттан азыр чабуулга өткөрүңүз. Миң башы паңсаттар жоокерлердин алдында болгула — деди суз, ойлуу түнөрүп турган аталык. Аскер башы, миң башылар аталыктын буйругун аткарып, чабуул уюштуруунун камына кетишти. Бир аздан кийин Кокон аскерлери катарлаша окторула эки жактан чабуулга өтүштү. Кыргыз тарабы тынч. Жоонун кечмеликке киришин күтө дымып турушту. Кыргыз Кокондун эки четтен чабуул коюп айлантып курчоо ыкмасын колдонорун туйду. Кокон аскерлеринин катары удургуп, эки жактан кечмеликке киргенде камыш арасынан атылган мылтык үндөрү дагы шаштыларын кетирди. Ок тийип, сууга кулаган жоокерлерди көрө чабуулдун мизи кайра жапырыла берди. Ак боз аргымакчан Ибрагим бек жоокерлердин алдын тосо чаап: — Оо, хан жоокерлери, качпагыла! Кайра кайрылып ыкчам жүрө мылтыкчандарды тепсеткиле, кылычтын мизине алгыла, — деп кыйкыра кылычын булгалап, жоокерлерге демөөр болуунун аракетинде болду. Артынан күү менен каптап келаткан көпчүлүк жаалдангандарды сүрүп, кайра кечмеликке тиреди. Көпчүлүктүн шары менен качкандар кайра кайрылып, Кокон жоокерлери күргүчтөп кечмеликке кирди. Мылтык үнүнө карабай окко учкандарды тебелете көпчүлүк кечмеликте кыргыз тарапты каптап келатты. Буктурмадагы кыргыздар жапырт атка минип, бетме-бет кармаш башталды. Чабылган кылыч, калканга тийип кайрылган найзанын үндөрү, жарадар болуп жыгылгандардын, мерт болгондордун аянычтуу кыйкырыктары теребелди ээледи. Боз түшкөн күзгү талаада үрөй учурган алаамат кыргын жаңырыгы угулат. Жан кыя айыгышкан кандуу кармаш Ашмаранын оң жээгине ооду. Кокондуктардын найзага жоктугун баамдаган кыргыз жоокерлери аларды кылыч шилтегенге үлгүртпөй найза уруп жыга, үрөйүн учуруп, шаштыларын кетирди. Эс тарткандан азоо үйрөтүп, аттын кулагы менен тең ойногон кыргыз жигиттери ат үстүндөгү куралдуу кармашта кокондуктарга үстөмдүк көрсөтүштү. Кысым күчөп, кокондуктар артка сүрүлө баштады. Кокон жоокерлери санынын көптүгүнө карабастан аркалыктардын кысымына туруштук бере албай, артка сүрүлдү. Кармаш сол жээкке ооду. Көп жоготууга учураган кокон аскерлери тайсалдап кача согуша чыгымга учурап, күүгүм кире ооругуна жакындаганда, кыргыздар кысымын токтотуп жарадарларды, мерт болгондорун жыйнап, кошуунуна кайтышты. Качып сандала чогулган Кокон жоокерлери жайына келип, эс-учун жыюунун аракетинде турушту. Жарадарларын, өлгөндөрүн алуу үчүн түндүн киришин күтүштү. Ооруктагы Ормонго тигилген он эки канат үйдө кыргыз кол башылары, бийлери чогулган. Ормон төрдө үнсүз, санын таяна ойлуу олтурат. Хандын эки жагында Жантай, Жангарач, Дуулат, Саке, Ажыбек бийлер, Төрөгелди, Алыбек, Чыңгыш, Түлөкабыл, Адыл, Манде, Абыкандар жаш курактарына жараша орун ээлешкен. — Каза тапкандар, жарадарлар көп болгон жокпу? Аларды чогултуп, түнү менен эстүү баштуу кишилер айылдарына узатып барсын, — деди Ормон хан эч кимди карабай мелтиреп, санын таянган калыбында. — Беш киши каза тапты. Жыйырма жети жигит жарадар, кокондуктардын өлгөндөрү да, жарадарлары да арбын. Ээсиз калган жүздөн ашуун ат жабдыгы, курал-жарагы менен олжого алынды, — деди Төрөгелди. — Кокондуктар көп кырылды. Мындайды күтүшпөсө керек. Өлгөндөрүн, жарадарларын жыйнап алууга чамалары келбей, өлө-сала ооругуна жетишти көрүнөт. Суу ичинде калган бечара маркумдар канча, — деп башын ийкеп, сакалын сылай бейкүнөө, шейит кеткендерге кейип олтурду Дуулат бий. — Биздин жигиттерге Кудай кубат берсин, демдүү экен. Кокондуктарга найзанын учун,кылычтын мизин таанытышты, — деди Жантай бий. —Capттар найзага жок, кылычка маш көрүнүштү. Биздин жигиттер аларды кылыч шилтөөгө жеткирбей найзага алып, тоолуктардын ким экенин capттарга көрсөтүштү, — деди Чыңгыш. — Демиңерди жыйып тургула. Алдыда дагы катуу кармаштар турат. Кокон аскерлери оңой жоо эмес, — деп олтургандарга тегерете көз жибере сөз улады Ормон хан. — Кайтыш болгондорду, жарадарларды бөтөнчө эске алалы. Олжого түшкөн аттарды каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө бердиргиле, жаралангандар да куру калбасын. Эми эске ала турган маанилүү жагдай бар. Кокондуктар түнү менен, же таң саарынан биздин жоокерлерди эки жактан айланып өтүп, арттан кол салууга аракеттенүүлөрү ыктымал. Болжолдуу жерлерге эки жакка тең мергендерди коюп, алардын артына буктурмада атчан жоокерлер даяр такоол болуп турушсун. Өзүңөр жоокерлер менен болгула. Убакыт таап, «тук» этип аларсыңар. Азыр жоокерлерди аралап ал-жайын сурап, рахмат айтуубуз абзел, — деди. — Хан агабыздыкы туура. «Сактыкта кордук жок» дейт эмеспи, кокондун түнкү кол салуусун кайтаруунун аракетин көрөлү. Жоокерлерди аралап сүйлөшүп, мал союп, алар менен чогуу бололу, — деди Жантай бий. — Кокондуктардын шайы ооп калды көрүнөт. Эртең менен эрте чабуулга өтсөкпү деп турам,— деди жоокерлердин бүгүнкү демине шерденген Төрөгелди кол башы. — Шайы кеткен жок! Алар биздин эки учка чабуул коюп, абалыбызды байкап көрөлү деген амалды колдонушмакчы болгон. Чабуулу ордунан чыкпады. Эми да алар чабуул коюшат. Алар бирөөнүн жерине чабуул коюу үчүн келишкен. Биз чабуулчу эмеспиз. Өз коломтобузду коргогон элбиз. Чабуул коюп, жигиттердин көкүрөгүн Кокондун огуна тосо албайбыз.Чабуулду Кокон койсун. Чабуул коюуга шайлары жок болсо кайра кетишсин. Артынан кубалабайбыз, — деди Ормон хан. — Бар сөз го, таксырдыкы. Биз өз жерибизди коргоп турабыз. Эрлердин өмүрүн аяйлы, —деди салабаттуу олтурган Саке бий. Ормон хан калбаат ордунан тура бийлерди, кол башыларды ээрчитип, жоокерлердин түнкү абалынан кабардар болуп, кам көрүү үчүн жөнөдү. Эртең мененки намаздан кийин күндүн муруту чачырай, Ибрагим бек баштаган Кокон миңбашылары, паңсаттары Мусулманкул аталыктын чатырына чогулушту. Баарынын маанайлары пас. Жоону эки жагынан тымызын айланып өтүп, артынан кол салуу аракетибиз ордунан чыкпа йкалды, — деп түнөрүңкү кабагын көтөрө Мусулманкулду карады Ибрагим бек. — Эки мертебе, түн ортосу оогондо, таң ык саларда 500дөй жоокер менен эки жагынан тымызын айланып өтүүгө аракеттенгенде, эки жолу тең алды жакта мергендери даярт уруптур, ок менен тосушту. Октон жапырылган жоокерлерди чабуулга кайра көтөрүүгө мүмкүн болбоду. Арттан атчан найзакерлери түшүп, бир нече жоокер мерт болду, — деди миңбашылардын бири. — Алтын бешик ордосунун жоокерлери таякчан, чокморчон тоолуктардан качканына уялсак боло. Мылтык көтөргөндөрдү ыкчам жүрсөңөр анча-мынча жоготуу менен тебелеп өтүүгө болот эле да. Хан ордосуна берген антты актап, жан кыя кармашууга эч ким бара алган жок десеңерчи. Калк намысынан, кан ордосуна берген антыбыздан жаныбызды калкалаганыбыз артык болду десеңер ишенүүгө болот, — деп ачуулана жеме оодарды Мусулманкул.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#144 Пользователь офлайн   Disappear   30 Март 2019 - 13:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Айтканыңыз ак, таксыр аталык. Биздин бир мүчүлүшүбүз — жоокерлер найзага жок экен. Тоолуктар бизди кылыч шилтөөгө үлгүртпөй, найзага алып турушту. Чынын айтсак, алар ат үстүндө биздин сыпайларга караганда шамдагай да, ыктуу да келишет экен. Бул жагдайларды биз эске алган эмес экенбиз, — деди Ибрагим бек. — Шейит кеткендерди жыйнап, ариеттеп жайына узатууга кишилерди бөлүп, ооруктун артына чыгаргыла. Бул иш казатка жолто эмес. Азыр кошуунду кыдырып, абал менен таанышалы. Иншалла, бүгүнкү чабуул ордунан чыгар деп ойлоймун, — деди да, ордунан тура жөкөрлөрү менен тышка чыкты Мусулманкул аталык.

Күн көтөрмө бою, Ашмаранын аркы өйүзү жымжырт. Жээктен кыйла алыс дөңдө ак айчыктуу кызыл туу желбирейт. Дүрбүнү айланта кармап, дагы бир жолу өйүзгө сереп салган Мусулманкул: — Эч караан көрүнбөйт. Айланада киши жоктой. Өтө амалдуу жоо турат экен алдыбызда, —деп дүрбүнү Ибрагим бекке узатып, туура тартылган кара кашка аргымакка ат кошчуну аткартууга үлгүртпөй шап минди да, кошуун тарапка тизгин какты. Жалган түш маалы. Ашмаранын сол жээгинен үч тарапка чаң көтөрүлдү. Намысына келгенхан жаангерлери эки жактан жана тике маңдайдан качырып, аталык айткандай, окко учкандарына карабай, ыкчам жүрө жоону жапырып, көптүгүнө салып болсо да жеңишке жетүү аракетине киришишти. Ойлорунда кыргыздарды артка сүрүп, тынымсыз чабуул коё сокку берүүнү чечишкен эле. Эң жээктегилер душмандын мындай аракетин алдын-ала туя, каршы тосууга азирленип турушту. Күү менен каптаган атчандарды кечмеликке кире бериште ок менен тосушту. Алыбек, Чаргын баштаган жүз ашуун мергендин аткан октору сая кетпей, кокондуктар кайра жапырылды.— Газзават, газзават! Ыйык ордо үчүн, дин ислам үчүн! — деп кылычтарын булгалаган Ибрагим бек жана миң башы паңсаттар сыпайларды кайра кайтарып, чабуулга өтүштү. Арттан тиреп келаткан калың толкун сүрдүктүрө алдыңкылар кечмеликке кирди. Кыргыз мергенчилери шап аттанышып, арттан такоолдогон кошумча жоокерлер менен бирге кокондуктар менен бетме-бет салгылашууга өтүштү. Кылыч, найза, чокмор менен куралданган кыргыз жоокерлери бүгүн да үстөм эле. Кылыч шилтөөгө үлгүртпөй найза урган кыргыз жоокерлери бетме-бет кылычташууда да шамдагайлык кылышты. Кенесары жоокерлери менен кырчылдашкан салгылашта такшала түшкөн кыргыздар азыр да демдүү эле. Төрөгелди, Түлөкабыл, Манде, Молтой, Адыл, Алыбек, Эраалы, Андаш, Абыкан, Чыңгыш,Жоосейит, Калчалар кармаштын алдында жүрүп, жоокерлерге дем болушту. Кысым күчөп,кечээки жагдай бүгүн да кайталанып, кокондуктар артка чегине баштады. Ар бир жоокердин көз алдында өлүм менен өмүр тирешип турду. Өлүм коркунучу бетме-бет келгенде адамдын жан туюмунда жарык дүйнөдө жашоо кусалыгы артып, сүйүктүү жарлары, мөмөдөй балдары, ата-энелери көз алдында турат. Кыргыздардын артка чегинүүчү жери жок. Артында туулган жери, коломто-конушу, үй-бүлөсү. Кокон жоокерлеринин да үй-бүлөлөрү, туулган жерлери эсинде, өзгө жерде жан таштагандан көрө, аман-эсен үй-бүлөсүнө, туулган жерине кайтуу сезими алардын тайсалдап кача согушуп, жан сактоосуна түрткү болуп турду. Майдан орду улам артка оой берип, кокондуктардын ооругуна жакындаганда каш карарып, тоолуктар кармашууну токтотуп, жарадарларын жыйнап, ооругуна кайтышты. Кокон аскерлери да чарпылып-чачыла кошуунуна чогулуп жатышты. Ичине шам жагылган аталыктын чатырында түнкү кеңеш, Мусулманкул түнөрүп үнсүз. — Жоготуу көп, таксыр аталык. Эртең чабуул жасабай, шейит кеткендерди жайына узатып, жоокерлер менен бетме-бет жолугушалы. Менин оюмча, өз ыктыяры менен Ордо үчүн, ант үчүн жанын таштап согушууга макул болгон шамдагай, ыкчыл жигиттерден ылгап алалык. 5миң жоокер менен улам жапырылып кача бергенден көрө, өлүмгө тике караган 2 миңибиз кыргызга бетме-бет чыксак, иш оңунда болор деп ойлойм. Баамымда алардын саны анча көп эмес, — деди Ибрагим бек. — Айтканыңыз жөндүү, бек. Ыктыярдууларды алдыга салып, калган жоокерлерди арттан такоолго кармайлы. Аркалык кыргыздар оңой жоо эмес көрүнөт. Азыр жоокерлер менен сүйлөшүп, ыктыярдууларды тандайлы, — деп Мусулманкул сөзүн бүтө электе, эшиктен кирген сакчы: — Таксыр, Кокондон Аллаяр хандын өзүнөн чабарман келди. Кирүүнү өтүнөт, — деди колун көкүрөгүнө баса.«Эмне болсо да бул ишти жеңилдетүүчү кабардыр. Артыбыздан хан кошумча күч жибергендир», деген ой менен көңүлү көтөрүлө түшкөн Мусулманкул: — Кирсин! — деди. Эшик ачыла кирген узун бойлуу, далысы кууш, кара сур, быжыгыр сакал, кара бейкасам чапанына белбоо курчанып, ала топусунун сыртынан жеңил чалма оронгон чабарман ийиле: — Ассалому алейкум, урматтуу аталык. Аллаяр Саид Кудаяр хандын буйругу, — деп түрмөктөлгөн кагазды сунду. — Алейкума салам, кандай мырза, ордодо тынччылыкпы? Эл эсенби? — деп чабарманга суроо узатты аталык. — Кудаага шүкүр, тынччилик, — деди ызаат менен төшүн баса олтурган чабарман. — Рахмат, жоокерлерге барып, ортоклоруңузга учурашып, эс алыңыз, — деди аталык. Чабарман чыгып кете, кагаз түрмөгүн жандыра, катка көз жиберген Мусулманкулдун жүзүндөгү ыраазылык, жылмаюуну туя: «Иншалла, кошумча күч келаткан экен» деп ичинен кымылдап отурду Ибрагим бек. Аталык катты окуп бүтө, сакалын сылап, оңдонуп олтурган калыбында: — Аллаяр таксыр ханымыз: «Кайра Коконго кайткыла» деп жарлык жибериптир. — Бул күтүүсүз келген кабарга кубанганын билдирбөө аракетинде олтургандарга суз көз жиберди Мусулманкул. Баарынын жүзүнөн эртеңки күтүп турган кандуу кармаштан кутулганына ыраазылык туйду да: — Ордо алдында, Аллаяр таксыр ханымыздын алдында, эртеңки салгылашууга азирланип турганыңарды билемин. Кантебиз, кан жарлыгын аткаруу керек.Азыр кошуунду кыдырып, эртеңки кайра жүрүшкө даярдангыла, — деди Мусулманкул аталык. Ибрагим бек аскер башы, миң башылар, паңсаттар кубанычтарын ичке ката чыга жөнөштү. Мусулманкул чатырда жалгыз...
«Хандын шашылыш чакырган жарлыгы Бухаранын кол салуусу ыктымал болуп тургандыктан экен. Аны көрө жатарбыз. Мына бу аркалыктардын жаалы катуу экен. «Атайы келип жоого алы жетпей кайтты» деген жаманаттыдан көрө, хан жарлыгы менен кайтканым абзел. Бирок Арка биротоло колдон чыгып кеттиби? Кудаярханды такка олтургузуп, Фаргана, Аксы, Анжыян, Арка, Алайды камтып, келечекте Хива, Бухараны да бириктирген Түркстан хандыгын түзүү жөнүндөгү оюм таш каптыбы?.. Бухара менен согуш болсо кандай бүтөр экен?» — деген ойлорго алектене чала уйку болгон аталык эртең мененки намазга оурду. Таң саарынан ойгонгон Кокон колу кубана дүрбөп, үйлөрүнө кайтууга азирленип жатышты.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#145 Пользователь офлайн   Disappear   30 Март 2019 - 13:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Күндүн муруту чачырай Ормон хандын дөңдөгү чатырына бийлер, кол башылар чогулушту. Ормон хан ойлуу отурат. Бийлер, кол башылар жаш курагына жараша орун алышкан. — Кокондуктардын чамасы кетип калды көрүнөт. Биздин азаматтар алардын азабын колуна берди? — деп Ормонду карады Жантай бий. — Чыны менен алардын эси кетип калды көрүнөт. Бир-эки күндө Кудай кааласа Кенесарынын кейпин кийишет. Биз тараптан шейит кеткендерди, жарадарларды айылдарына кайтардык. Жоокерлер демдүү, — деди Төрөгелди баатыр. — Мурда айттым эле. Олжого түшкөн аттарды каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө үлөштүрүп бергиле, жарадарларды да унутпагыла, — деди Ормон хан. — Таксыр, айтканыңыздай болду. Кечээ да көп ат, курал-жарактар олжолонду. Кокондуктар алсырап турганда чабуул койсок жакшы болор эле, — деди Манде баатыр, туулгасынын чекесин көтөрө оңдонуп олтуруп. — Мен да ошондой ойдомун, — деди Төрөгелди мурутун сылап компоё. — Боюна ишенип турган жигиттердин демин суутпайлы, таксыр. Чабуулга өтүшсө мейли дебейсизби, — деди Жантай бий. — Эмне, бу силердин Коконду бүтүн каратып алалы деген оюңар бар го? Ал колдон келбейт, бекерге эрлердин өмүрүн кыя албаймын. Биз чабуулчу эмес, коломтосун коргогон, атажуртун кайтарган элбиз дебедимби. Чабуулду чабуулчулар коюшат. Андан көрө алардын чабуулун тосконго кам көрөлү, — деп Ормон хан сөзүн бүтө электе, эшиктен кирген сакчы: — Кокондуктар жактан артка чаң булай баштады, — деди да, кайра чыкты. — Кокондуктар качкан экен. Артынан түшөлү, — деди шердене түшкөн Төрөгелди. Ормонхан үндөбөй ордунан тура бийлерди ээрчите сыртка чыкты. Дүрбүнү өйүзгө карата сереп салып бир аз тургандан кийин: — Артка кетип баратышат. Кокондуктар чын эле кетип баратышабы, же башка бир амал ойлоп турушабы? — деп дүрбүнү Төрөгелдиге берди Ормон хан. — Жок, бул түрлөрү менен кайрылбайт, качып баратышат, — деди дүрбүнү оңду-солду салып турган Төрөгелди. Төрөгелдиден дүрбүнү алып, өйүздү серептеген Жангарач бий: — Катуу жүрүп баратышат. Чын эле качкан түрү бар. Кыргыздарга алы жетпесин түшүнгөнго Мусулманкул, — деди. — Ордонун тизгинин чойгон Мусулманкул эрен оңой менен качпайт эле. Мында бир мандем бар. Бизди алаксытып, башка жактан айланып өткүсү бардыр. Эки жакка кайгуул жибергиле. Сак бололу, же балким, ордого Букаранын кол салары маалим болуп, хан кайра чакырткандыр. Түшкө чейин агылгалап тургула. Биз да аттанып, ошол өйүзгө чыгып көрөлү,— деди Ормон хан. Аттар тартылып, хан тобу өйүзгө бет алды. Чак түш. Хан тобу туу алдында. — Эки тарапка, башы тоо этектерине, аягы Ашмаранын куймасына чейин кайгуулдаган жоокерлер келишти. Кокондуктар кайрылбай кетиптир, — деди Төрөгелди. — «Capт үйүн көргөндө чабат» дегендей, үйлөрүнө караганда Кокондуктар катуу кеткен экенда. Неси болсо да жүрөктөрүнүн үшү кетип калды. Биздин жоокерлер аларга кыргыз бөрү тилинин учун таанытты, — деди Жантай бий иши үстөм чыккан кишиче жагалдана. — Иншалла, кыргыздардын өз алдынча эл экенин Кокон да мойнуна алганы ушул,—деди Жангарач бий. Ханды курчап тургандардын баарынын көңүлү шагдан. — Жоокерлерге рахмат айттык. Силерге да рахмат, урматтуу бийлер, кол башылар. Күч биримдикте экенине экинчи мертебе күбө болдук. Биримдикти сактайлы. Арабыз алыс, чачкынбыз. Ордолуу кокондуктардай күндөлүк ишти көзөмөлдөп турууга мүмкүндүк жок. Мына эми тарайбыз, ар кимиңер өз алдыңарчасыңар, бирок тилек-максатыбыз бир. Элдин биримдиги, бүтүндүгү үчүн берген антыбызга түз бололу. Элди жерге илээштирип, там салдырып, кыштоолорду ылдыйлатып, жамаат жашоого өткөн кез да келээр. Эл токчулукта бейгам турган учурду да көрөрбүз. Элдин убал-сообу мойнубузда. Аны аткаруу үчүн биримдик керек. Эки тоонун отун эңсеген текедей болбогула. Биздин караан көрүнбөй калганда оруска кол булгап, Коконго көз кысып, абийир, аброй издөөчүлөр болуп калышы да ыктымал. Мындан сак бололу. Көзүмө чалдыгып калса эл биримдиги, кыргыз хандыгынын бүтүндүгүнө шек келтиргендердин аягын асманга чыгарамын. Бул «эсиң барда этегиңди жап» деген сөз. Эми кол башылар жоокерлерге барып мал союп, түлөө өткөрүп, рахмат айтып ,ирети менен айылдарына тараткыла. Биз аттаналы, — деп бийлерди карады Ормон хан. — Аттаналы, тарткыла таксырдын атын, — деди Жантай бий. Ормон хан, Жантай, Жангарач, Дуулат, Ажыбек, Саке бийлер чогуу аттанышып, чыгышка бет ала жөнөштү. Бүгүн Жангарач бийдин айылында конок болуп, эртең ханды Көлгө узатышат. Төрөгелди баш болгон колбашылар жоокерлерге барып, түлөө өткөрүп таратуу үчүн кетишти.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#146 Пользователь офлайн   Disappear   30 Март 2019 - 13:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

ӨЗӨКТӨГҮ МҮДӨӨЛӨР


Тогуздун айынын аягы. Дың сууп калган кез. Чыгыш тоо кыркаларынан жаркыган таңжарыгы асман мейкинине төгүлүп, сейрек ак булуттар агыш нурга бөлөнө каалгыйт. Күздөө конушта олтурган калың айыл ойгонуп, тиричилик камы башталды. Кээ бир үйлөрдөн түтүн булайт.Акмөөрдүн өргөөсүндө түнөгөн Жантай бий таң намазында турат. Ак пиязы жайнамаздын үстүндө ак кемсел, ак топучан, жазы маңдай, кабагы бийик, чап жаак, субагай жүздүү, кырмурун, ээк ылдый учтана куюлушкан кара сакалы, сыйда муруту сыпаа серпиле, фатиха сүрөөсүн кыраат менен окуп отурган эр ортону кишинин сыпаты артып турду. Эпчи жакты иреттеп жүргөн Акмөөр жалт бурула бир тынымга эри тарапка көз жиберип турду да, ичинен тына ишин улады. Намаз парзын өтөгөн бий төрдөгү аюу талпактын үстүнөн жай алды. Орто бойлуу, кымча бел, күмүш бүчүлүктүү тик жака, кара макмал кемселчен, көк тасмалуу чакан элечектин кырынанак маңдайы жаркыган, кара каштары ийиле моймолжуган сурмалуу көздөрүнөн акыл сезилген жана субагай ак жүзүнө кырдач муруну, эптүү кымтылган кызгылт эриндери төп келген жаш жубайдын турпаты, илбериңки кыймылы бийдин эр туюмун козгоп, махабат ышкысы артып турду. Мөөр дасторкон жая даам коюп, шуулдай кайнаган ак самоорду жез падноско койгон келин чыгып кетти. Акмөөрдүн өргөөсүндө жигит-жалаң кызмат иштешин бий жактырчу эмес. Казан-аяк кармаган келин-кесек да бийдин көзүнө чалдыкпоого аракеттенишчү. Бий чайды Мөөрдүн өз колунан ичүүнү каалар эле. Дасторкондун эпчи жаккы четинде отурган Акмөөр бөйрөктүү ак чайнектен пиялага чай куюп, бийге сунду. Чыныны алып бир ууртап, бий ичинен тагдырына ыраазы боло бир тынымга үнсүз олтурду. — Баатыр, санааңыз тынч эмес го, түнкүсүн оодарылып чыкчу болдуңуз, — деди Мөөр жагымдуу үнү шыңгыр кагып, негедир көңүлсүз олтурган Жантайды жалжал карай. — Аа, ошондой, ар нерсе, эл камы ойдон кетпейт, — деди жаш жубайынын сезимтал баамчылдыгына ыраазы болгон бий. — Ошондой беле? Мен сизди бул үйгө эки түнөп калганыңыздан улам, чоң үйдөгүлөрдөн санаасы тынбай турат го дегенимчи, — деп жылмая бийге эреркей карады Мөөр. — Аай, Мөөржан ай, жокту айтпачы. Эмнеден чочуйт элем. Болбогон ишти айтасың, — деп борс-борс күлдү бий. Аңгыча ит үрүп, ат дүбүртү угула, Мөөр ордунан козголгондо: — Отура бер, ким болсо да жигиттер тосуп алып киргизээр, — деди Жантай бий. Аңгыча эшик ачылып, үйгө Калыгул чечен кирди. — Ассалому алейкум. Мөөр ызаат кыла ордунан туруп, анын отурушун күттү. — Аалейкума салам. Кел, баатыр, — деп ордунан козголо жанынан орун жаңсай, сөз улады үй ээси. — Кандай, ат-көлүгүң аман, арыбай келдиңби? Олжолуу кайттыңбы, мурдагы күнү эле келди деп уктук эле, мына келет, ана келет деп күтүп олтурабыз. — Алыс жер, «жол азабы, көр азабы» дегендей, кыйналып калыптырмын. Боюмду жыяйын дедим, — деди Калыгул, Мөөр ызаат менен сунган чайды алып, алдына коё. — Пейлиң ак, мына, эртең мененки даамдын үстүнөн чыктың. Кеп сала олтур. «Барган жериң бактыбы, көңүлүңө жактыбы дегендей, орус жарым падышасы Горчок* кабыл алдыбы биздин белекти? — деп ынтызарлана сурады Жантай бий. — Жарым падыша өзү да, чек ара башчысы жандыралы да түзүк кишилер экен. Өзүлөрүнүн алы келбеген душманын малчы кара кыргыздардын талкалаганына айран таң болушту, —деп Калыгул бир аз сөзүн бөлө калганда: — Айта бер, кысынбай айта бер. Мөөркан эр сөзүн жактырат. Мага санаалаш, — деп жылмая Акмөөрдү карады бий. — Кенесарынын башы чайыр каптаган бойдон бузулбай жетти. Жарым падыша аныгын билүү үчүн Кенесарынын тирүү кезинде тааныган орус төрөлөрүн, казак билермандарын, султандарын жыйып, чогуу көрдү да: «Баш Кенесарыныкы экени анык» деп кагаз чийишип, ак падышага мылтыкчан он-чакты аскердин кайтарыгында чоң төрөлөрдүн бири кошулуп, Битирборго алып кетти. Мени «эми кете бериңиз, Битирбордон ак падышанын жарлыгы келгенде болгон сыйлыктарды силерге жиберебиз», деди эле, мен: «Ушунча алыс жерден хандын башын алып келип, эми куру кол кете албайм. Жооп келгиче күтөйүн», дедим. Төрөлөр менин айтканымды жөн көрүшүп, конок үйдөн жай алган бойдон сыйлап, шаарды көргөзүшүп, алаксытып турушту. Шаар четиндеги казак айылдарында да болдум. Эки айдын жүзү болгондо жарым падыша алдына чакырышты. Анын алдында Сибирь чек ара башы жандырал да тилмечи менен туруптур. Жарым падыша биздин саламга баш ийкеп, орун жаңсай жандыралга орусча бир нече сөз айтты. Ал кагазын алып ордунан турду да, падыша жарлыгын угуза окуду:
«Улуу Империянын падышасынын атынан козголоңчу султан Кенесарыны жеңген жапайы таш кыргыздарынын жоокерлерине рахмат айтылат! Салгылашууда кол баштап, жеңишти камсыз кылганы үчүн Ормон Ныязбек уулу алтын медаль менен сыйланат. Өзгөчө урмат катарында ага алтын ноколуу чепкен тартууланат». Сизге, мага, Калчага, Токторго, Аюукеге жана башка баатырларга алтын медаль сыйлык берилерин билдирди, — деп Калыгул сөзүн бүткөндө: — Ормонго өзгөчө сыйлык берилгени кандай? — деп Калыгулга суроолуу карады Жантайбий. — Ормонду Кенесарыга каршы жамы кыргыз колун башкарган жаангер деп эсептешсе керек,— деди Калыгул жанындагы калтадан сыйлыктарды чыгарып, бийдин алдына коё. Акмөөрдүн көзүнчө Ормонду өзүнөн жогору койгондугу айтылганына ызалана түшкөн бий: — «Жоону сайса ким сайды, аты калды Манаска» дегендей, кыл чайнап, жанды оозго тиштеп, кылычташа жоо жеңген биз элек. Ормон эмне кылып коюптур. Дөңгө олтуруп алып тоо ташты чаңдатып, талаага опсуз от жактырганы эле болбосо, — деп обдула оңдонуп отура астыртан жылмая ылдый карап, унчукпай олтурган Акмөөргө көз жиберди. — Кудай акы, калыстыкты айтуу керек, Ормон хандын кыраакы айлакерлиги болбогондо Кенесарынын түмөндөгөн колун жеңүү кыйын эле го, — деди Калыгул. — Мына эмесе, баракелде! Сен жарым падышанын алдында Ормонду хан деп мактап, ага өзгөчө сыйлык алып келген турбайсыңбы! — деп чарт жарылды бий. — Менден эч ким сурабады ал жөнүндө. Сураса айтат элем, — деди Калыгул сабырлуу, токтоокалыбын жазбай, көк тасмага тагылган алтын медалды Жантай бийдин алдына коё. — Баатыр, Сизге да алтын чен берген тура, алып көрбөйсүзбү, — деп санаасын тындыруу аракетинде аяр жылмая эрин карады Мөөр.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#147 Пользователь офлайн   Disappear   30 Март 2019 - 13:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

«Баатыр» деген сөз көрөр көз жубайынын оозунан чыкканына көңүлү жайлана түшкөн бий: — Кана, кантсе да падышанын сыйы эмеспи. «Падыша кудаа эмес, кудаадан жудаа эмес»деген, — деп медалды алып, көзүнө тийгизип, эки жагын айландыра карап көрдү да, нукура алтын экен, таберик. Сен да көргүң келип турабы? Сенде болсун, ме, — деп Мөөргө узатты. — Буларды өзүңүз бересиз го ээлерине, — деп дагы үч медалды бийдин алдына койду Калыгул. — Албетте эртең түлөө кылып, баарын үйгө чакырып, өзүм беремин жандарынан кечип, кырчылдаша салгылашкан эрендерге, — деп бир аз унчукпай турду да: — Баса, менин аманатымды аткардыңбы, жарым падышага өзүмчө жиберген катымды бердиңби — ал эмнедеди? — деп ынтаа коё Калыгулга суроо узатты бий. — Албетте Сиздин катты өзүнчө бердим. Окуп көрүп: «Эмне, силердин эки ханыңар барбы?» деди. «Жок, Жантай бий, илгери силердин падыша Энеңерге тартуулап, кымбат аң терилерин,элчи жиберген Атаке бийдин небереси катары өзүнчө салам жиберди» дедим. Галим которгондон кийин ал күлүп, орусчалап жандыралга бирдемелерди айтты. Тилмеч:«Козголоңчу султан Кенесарынын хандыгынан араң кутулуп олтурсак, башка хандыктан Кудай сактасын. Хандарга муктаж эмеспиз» деп тамашалап жатат, — деди. Көзүн ачып-жуумп, башын ийкей угуп олтурган бий: — Аа, ушундай де. Менин салам-дубамдын түпкү мааниси жеткен эмес экен да жарым падышанын көөнөйүнө. Сен да, Калыке, жеткизе алган эмес экенсиң, — деди. — Ээ, жарыктык, мен орусча билбесем, айтарын айтып бердим, тилмеч эмне деп которгонун бир Кудай өзү билет. — Аа, болуптур, жарым падышага дагы салам-дуба жиберебиз. Өз жемибизди кимдин алдынан болсо да айрып алуу үчүн Кудай таала акыл берген, — деп чайга ыраазылыгын билгизе чынынын үстүн жаңсай: — Мөөржан, кымыздын гүлүнөн келтирт Калыгул экөөбүзгө. Козу сойдур, Калыгул чеченди түштөнтөлү. Магзум молдону да чакыртып кой, —деп күлө бага жайдарыланды. Бата тиленип, дасторкон жыйыла бий Омбу жайын такыктап сурап, аңгеме уланып жатты. Түштөнүү тамагына бата тиленип, алтын чен алгандар ыраазы боло тарай баштаганда: — Ээ Калыке, сен шашылба, кеңеше турган кеп бар. Айтпадымбы, менин салам дубамдын мааниси жарым падышанын жадына түшпөптүр деп. Эми Кенесарынын талкаланышы жөнүндө толук жазып, жарым падышага дагы кат жиберемин, — деди бий. — Албетте эрк өзүңүздө. Бир гана оңтойсуз жагы — баш кошуп турган биримдигибизге доо кетип калбаса болду. Жердин түбү экен Омбу дегениң. Жанды оозго тиштеп жүрүп араң келдим, — деди Калыгул, өзүнүн экинчи ал жакка бара албай турганын туйгуза. — Тугры геп. Омский шаары жуда алыс экени ак, — деп сөзгө аралашты Магзум молдо. — Ал жактын жайын билген, жолду да билген киши бар. Ал жагы камсыз, — деп сакалын сылай, оюн жыйнаган таризде бир тынымга үнсүз өзүнө кеңешкенсиди бий. — Бий, сиздин жазуучу катыңызга менден не жардам. Мен кетейин, атка жанчылып калганмынбы, жазыла албай турам. Аманатыңызды тапшыргамын, — деп ордунан турду Жантай бийдин өз сыйлыгына кам көрүп турганын кыртышы сүйбөгөн Калыгул. — Оозунда сөзү бар, сенден кеңеш болот экен десе, мейлиң эми, — деди ичинен нааразы болгон Жантай.Калыгул чыгып кеткенден кийин: — Магзум дамбылда, кагаз-калемиңизди даярдаңыз, буюрса, — деп оңдонуп олтурду бий. — Ляппай, бий аке. Мен хазыр дурмун, — деп китеп кабынан кагаз-калем алып, калыңмукабага такап, бийди карады Магзум молдо. — Жазыңыз. «Урматтуу төрө, жандырал-губернаторго! Өткөн августта татар Галим Ягудин улуу урматтуу Сизден козголоңчу султан Кенесарыны жок кылганга байланыштуу бизге сыйлык берилерин кабарлаган эле. Биздин бир тууганыбыз Калыгул барганда сыйлык тизмесинде менин ысмым жок экен. Бирок сиз башчылардан талап кылып, мага алтын медаль берип жиберипсиз. Ага мен ыраазымын. Бирок биздин эмгек жана чыгымдарыбыз арбын эле. Өткөн жылы 7000 жоокер менен козголоңчу Кенесары биздин элди каптап киргенде менин туугандарым кармашкан аны менен. Көбү курман болгон. Ошентсе да Кенесарынын колуна сокку уруп, аны качууга аргасыз кылганбыз. Быйыл, 1847- жылы жазда дагы сандаган жоокерлери менен басып кирди. Биз каршы чыгып салгылашып, кыргын салдык. Үч күн курчоого алып, айласын түгөтүп, кысып турдук. Бул убакта Ормон баатыр жок эле. Султан, Үрүстөм, Супатай бийлер өз аскерлери менен Кенесарыны таштап чыгып кетишти да, бизге Кенесарыны өзүбүз талкалоого туура келди. Бир тууганыбыз Ормон аны көрбөдү. Адилетте ал артта калган эле. Кенесарыны менин кишим Калча колго түшүрүп, биринчи мага билдирди. Кенесары алтымыш төөгө жүктөлгөн мүлк сунуштап, өзүн бошотууну өтүндү. Биз дүнүйөгө кызыкпай, элдин тынчын алган козголоңчуну өлүмгө жазаладык. Бир тууганыбыз Калыгулга Кенесарынын башын берип, кат жазып, мөөрүбүздү басып жөнөттүк. Султан, Үрүстөм, Супатай бийлер Сизге кабарлоого тийиш эле. Кабарладыбы, же жокпу бизге белгисиз. Эгер, урматтуу төрө князь, Сизге эп келсемен, Султан, Үрүстөм, Супатай бий бирден уулдарыбыз менен алдыңызга барууга куштарбыз.Эгерде ырайым этип барууга мүмкүн болсо, бизди татар Галим Ягудиңдин коштоп жүрүүсүн сурайбыз. Күбөлөндүрүп, мөөрүмдү басамын. Манап Жантай Карабек уулу. 1847-жыл, 15-октябрь»
Кат кайра бир сыйра окулуп бүткөндөн кийин колуна алып, дыкат бүктөп, жан чөнтөгүнө салды да: — Магзум дамбылда, рахмат. Бирок бул кат жөнүндө оозуңуздан сөз чыкпасын, — депЖантай бий ар ким менен көп сүйлөшө турган дамбылдага салкын эскертти. Күз кечтеп калса да, Боронбай бий ысык үйүнө кире элек. Кызыл-Жардагы алма бактыналдындагы түзөңдө бийдин он эки канат ак үйү алыстан көзгө урунат. Кечээ кечинде келип түшкөн Жантай бийдин бир тууган иниси Молтой Боронбайдын уулунун үйүндө түнөп, эртең мененки чайга чоң үйгө чакырылды. Төрдө бий, оолагыраак оң жагында Файзулла Ногаев, сол жагында Молтой даам сыза отурушат.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#148 Пользователь офлайн   Disappear   30 Март 2019 - 14:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Күтүүсүз келген коноктун өзгөчө кабары бар экенин туя, ичинен тынып олтурду бий. Үчүке,Түлкү балдарынын жалпы ынтымагы бүтүн эле. Ормондун хан көтөрүлүшүнө демилгечи, Кенесары колунун алдын кайтара салгылашкан кол башчылардын бири, Атаке сарбагышынын чыгааны Жантай бийдин өзүнө салам жиберишинин себебин, ойку-кайкы иштердин түйүнүн алдын-ала туя билген бий: — Молтой мырза, эл-журтуң аманбы? Кеп сала олтур, — деп сөз учугун коногуна таштады. — Казактардын калабасы басылгандан бери эл ичи тынч, ар ким өз оокатынын камында. Мал жайлоодон жондуу түштү. Азын оолак эгин-чөп жыйналып, эл кыштоого кирүүнүн камында турат, — деп Молтой чайдан ууртап, бийдин катарында отурган Файзулла Ногаевге көз кырын жибере сөзүн улады: — Бий акем сизге салам дуба айттырды эле. — Салам дубанын жайын шашпай угарбыз. Кенесарынын башын Омбуга жиберишиптир деп уктук эле. Ошол ыраспы? — деди бий билмексен болуп. ' — Ал ырас, Калыгул чечен алып кеткен. Жеткирип кайра келди. Келгенине бир жумача болуп калды, — деди Молтой. — Калыгул эрдик кылган экен. Жердин түбүнө жетип келген тура. Жарым падыша сыйлык жибергендир, — деди Жантай бийдин салам дубасынын төркүнү ушунда экенин туйган Боронбай бий. — Ооба, бийге, Калчага, Калыгулга алтын медаль дейт, айтор, жаркыраган тегерек неме жибериптир, — деди Молтой. — Ормон ханга да жибергендир? — деп кызыга сурады бий. — Оо, ал кишиге алтын медалдан тышкары алтын ноколуу — макмалбы, манатпы, айтор,бир адеми чепкен жибериптир. Аюуке, Болот, Токтор акелерге да алтын сыйлык бериптир, —деп мандашын түзөй, өзүнүн көп нерседен кабардар экенин туйгуза, бийди карады Молтой. — Аа, ошондой экен да. Ормон ханга башкалардан артыкча сыйлык берген экен да, — деп башын ийкей, «иштин жайын түшүнүп турасың го» дегенсип, Файзулла тыңчыга көзүн кысты Боронбай бий. — Жантай бий Урманнан кем эмес түгүл, ал адамның эмгеги толук бааланбаган экен, — деп Молтойду карады тыңчы. — Ырас эле бий акебиз да нааразы өзүнүн эмгеги толук бааланбай калганына, — деди Молтой. — Бийдин эмгегин Кудай бааласын, — Боронбай бир тыным унчукпай турду да, Файзулланы карап: — Абзий, сен Омбуга жөнөгөнүң оң Көк-Арт жабыла электе. Анжиянга малың менен ашып түшсөң, андан ары жолуң шыр болот, — деди бий, салам дубанын мааниси ушул жерден ачыларын туйгансып. — Ээ кокуй, абзий жөнөп кеткен атабы, мен ушул киши үчүн келбедим беле. Жөнөй электе келгеним ырас болгон экен. Бий аке, эми агамдын салам-дубасын айтайын Сизге. Ал киши айтты: «Бийге, эли-журтуна Кудай тынчтык берсин, жакшылык тилеймин. Бугу уруусунун Кенесары калабасына келбегенинин жүйөөсү бар. Жалаң бугуга эмес, кара кыргызга кызматы өткөн бийдин мүдөөлөрүн ичимден туюп, санаалаш болуп жүрөмүн. Дагы айт, Байсылда абзийди Омбуга жөнөтөр алдында мага жолуктурсун. Жарым падышага айттырар сөзүм бар. Көзмө-көз жолукканда айтып берем» деди, — деп сөзүн бүтө, бирде бийге, бирде Файзуллага көз жибере чай ууртады Молтой. — Саламат болсун, — деп Боронбай бий көзүн ачып-жума бир тынымга өзү менен өзү кеңешкенсип унчукпай олтурду. — Жөнөр алдында Кеминге барып, Жантай бийге ёлугуп кетерге болоды, — деп Боронбайды карады, бул окуядан өзү үчүн пайда гана болорун туйган тыңчы; жалаң бугу эмес сарбагыштын бир бөлүгүн кошсо да губернатор куру койбосу эсинде турду. Тыңчынын «өзү макулдугун билдирсин» деген ою ордунан чыккан Боронбай бий: — Жолуңа бөгөт болбосо бара кет, Жантай бий өтүнгөн тура. Иншалла, жолугуп да каларбыз.Чайдан ич, түштөнүп алып, кечкурун чыгып кетесиң, — деп Молтойду карады Боронбай бий. — «Түн бакырдыкы» деп жөнөп кетемин. Агабыз өзү да көзгө чалдыкпай кел деп айткан, —деди иши оңунан чыкканына ыраазы болгон Молтой. — Буерден ишларим бүтүрө эки күн өтө барып калармын бийдин айлына, — деди Файзулла. — Иши кылып бийди көп зарыктырбай жөнө,—деди Боронбай бий Молтойду карап. —Өзүбүз барып катыша албадык Кенесары капсалаңына, ошол жөнүндө кеп сала олтур, — деди бий. Молтой казак-кыргыз кагылышын билишинче баамдап, бийдин көксөгөн суроолоруна жооп бере аңгеме көпкө созулду. Молтой жөнөп кеткенден кийин үчүнчү күнү аттанган Файзулла Ногаев түн жамына келип, Жантай бийдин Орусияга карата жылуу мамилеси бар экенин билдирген саламын жана сыйлыкка нааразылыгын айткан өтүнүчү бар катты алып, тан саарынан кайра аттанып, Кубакыны ашып, Кочкордо күздөп турган Анжиянга айдалуучу малына жөнөдү.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#149 Пользователь офлайн   ALATOOLUK.JIGIT   30 Март 2019 - 17:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 210
  • Катталган: 13 Апрель 16
  • Соңку аракети: 06 Фев 2021 18:36
  • Жынысы:Эркек

Батыраак эле буткоруп салсан болмок чымчыка жем бергендей кылбай))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#150 Пользователь офлайн   Disappear   03 Апрель 2019 - 00:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

АК ПАДЫШАДАН СЫЙЛЫК


Боз кыроо маалы, күн чоң шашке. Ормон хан айылы менен Кичи Ак-Сууда күздөп олтурат. Кырчындын оозу, сол жээк өндүрдөгү калың айыл демейки тиричилик камында, кемегелерден түтүн булап, куурулган дан жыттанат. Кээ бир үйлөрдүн алдына өрмөк курулган. Кээде соку күйшөгөндөрдүн карааны кылактайт. Айылдан төмөн жол жээгинен бери жайылган бодо мал. Кичи Ак-Сууну кече чыккан үч атчан шайбыр жүрүш менен өйдө тарта айылга бет алды. Алдыда жалдуу күрөң жоргочон, ак пиязы чепкен, төбөсү бийик кыюулуу ак калпакчан, кабагы бийик, мурду кырдач, бети сүйрүрөөк кара сакал, толмоч салабаттуу киши Үмөтаалы. Ага удаа Орусиянын Аягөз приказынын тилмечи Галим Ягудин баратат, ага удаа — ат кошчу. Айылга кире жай бастырган атчандар өйдө жактагы эшик алдына туу сайылган чоң ак үйдөн ары кермеге келгенде эки жигит алдыларынан тосо салам айтып, аттарын алып, кермеге байлашты. Хан ордосун көздөй Галимди алдыга өткөрүп, Үмөтаалы артынан басты. Үйгө жакындаганда жигиттин бири ызаат менен алдыга өтүп, эшик ача кирген Галим: — Ассалоому алейкум, таксыр! Сак-саламат турасызбы, эли-журтуңуз эсенби? — деп Ормонханга ийиле кол берди. Казак-кыргыз арасында орус тилмечи жана арачысы катары өзүн төп алып жүргөнү үчүн Галим кадырлуу эле. Хан жылуу кол алышып: — Алейкума ассалам, Галим мырза, өзүң сак-саламат жүрөсүңбү, арыбай-ачпай келдиңби? —деп жанынан орун жаңсады. Үмөтаалы да атасына кол берип, Галимдин жанынан орун алды. Ат-көлүгүң аман, жакшы келдиңби? — деп уулуна көз жиберди Ормон. — Кудайга шүгүр, аманчылык. Айткан аманаттарыңызды аткарып келдик, — деди уулу. — Галим мырза, гүбүрнадыр чоң төрө жандыралдарың аман турушабы? Эмне жаңылыктарың бар? — деди Ормон хан. — Аллага шүгүр, таксыр. Үмөтаалыны князь Горчаков, чек ара начальниги генерал Вишневский өзүлөрү кабыл алышты. Князь да, генерал да Сизге салам жолдошту. Сиздин козголоңчу султан Кенесарыны жеңип, Орусия империясына көрсөткөн жардамыңызга улук император Николай I өзү ыраазылык билдирип, князь Горчаков аркылуу Сизге, Сиздин жардамчыларыңызга сыйлык жиберди. Аны Сиздин атыңыздан Үмөтаалы мырза кабыл алды, — деди Галим. — Сыйлыкты алдык. Гүбүрнадыр өзү тапшырды, Ак падышанын атынан, — деп обдула жанындагы ак куржунга кол созо бергенде: — Шашылба, аны өз учурунда бересиң. Суусун келтиргиле, жол келген кишилерге. Адегенде суусундарын кандырышсын. Ар нерсенин өз учуру бар, — деди хан. Оймолуу кара көөкөрдөн кымыз куюлуп, бир сыйра сунула үй ичи дымый түштү. Кымызды кере жута алдына коюп, бет аарчысы менен ээрдин сүрткөн Галим: — Таксыр, ак падышанын, анын губернатор генералдарынын санаасы тынчып калды. Султан Кенесары аларга көптөгөн жылдар бою бүлүк салып келди эле. Сиздер болбогондо Кенесары Орусияга дагы далай мүшкүл көрсөтмөк. Ошондуктан баары сизге ыраазы, — деди Галим. — Кудай таала курсант болсун. Биз өзүбүздүн эли-журтубузду сактадык баскынчыдан, —деди Ормон хан кебелбей ойлуу олтурган калыбында. — Аныңыз ак. Кенесары султан Сиздердин айылдарды басып кирип, кыргын салбадыбы. Ал силерди багынтса жаңы күч менен Коконду каратып, андан кийин Оруссияга кайра кол салууну көздөп турган. Муну Оруссия түшүнүп, Сиздердин күчүңөргө тан берип турат, — деди Галим. — Жакшы, бизден башкаларга да сыйлык берилгендир, — деди Ормон хан. — Албетте, аларга да берди. Жантайга, Калыгулга, Калчага, Кожобекке. Аларды Кенесары султандын башын жеткизип барган Жантайдын айылдашы Калыгул алып кетти. Бул жактан Токтор акеге, Аюукеге, Болотко, Чалга жана башкаларга сыйлык берди. Аларды Үмөтаалы мырзага тапшырышты, — деди Галим. — Жакшы. Сыйлангандарга кабар жибергиле, мында келишсин, — деп Үмөтаалыны карадыда: — Эми Кенесарыдан кийинки казак жайынан кеп урчу, угалы, Галим мырза, — деди Ормон хан. — Кенесары козголоңу тамам болгондон кийин, казак ичи тынч. Аммаси орус букаралыгына өтүп жатышат. Кенесарынын уулдары, туугандары, жамааты Ташкент айланасында көчүп коно Кокон кушбегине айланчыктап турушат. Кокондун силерди кайра кошуп аларын байкашкан сыягы бар. Кокон Аркага жүрүшкө чыкса, ага кошулуп атасынын кунун кууйлу деген ойлору бар, — деди Галим. — Бул сөздөрүңдүн төркүнү бар. Кокон Арканы каратып алуудан үмүтүн үзө элек. Кенесарынын уулдарыныкы эп, эркек таналар да. Баланы ошон үчүн тилейт да киши, — деди да, ойлуу калыбын жазбаган хан Галимге кайрылды: — Орусия да Коконго көңүл кош эмесго, Галим мырза. — Бул чоң давлеттиң маселеси. Мен аны болжой албаймын, таксыр, — деди аяр Галим, Россия Коконду басып алуу үчүн ыңгайлуу учурду күтүп жүргөнүн даана билсе да, качкалаңдап. — Галим, сен мусулман баласысың, — деди Ормон хан тилмечти ирмебей тиктеген калыбында. — Бизден сыр жашырба. Орусия бир жагынан бизди: «Бириккен күч экенсиңер, Кенесарыны жеңип бердиңер», — деп мактап, минтип сыйлык жиберип турат. Мунусу калыстык дейли, экинчиси сенин тууганың Байсылданы Боронбайдын колтугуна киргизип, орус букаралыгына өтүүгө азгыртып, кыргыз биримдигин бузуп турат. Кенесарыга каршы согушканда да, кыргыз-кокон кармашында да бугу уруусу катышпады. Ошондон улам бизди сыйлап, таманыбызга май төшөп турган жокпу? — деди. Көп кыйырды баскан, өзүнүн орус улуктарынан алган нускоолору да бар Галим көзүн алакачып: — Файзулла соода иши менен эле өз алдынча келип бугуга үйүр алып кетти го. Омбудагы орус төрөлөрү менен байланышы жок болуу керек. Соодагер киши да. Орусияны көп кыдырган, алардын турмушу, өнөр-билими жөнүндө Боронбай бийге айтып жүрүшү ыктымал, — деди Галим. — Мейли, ошондой болсун дейли. Албетте Боронбайды ийге келтирүү биздин жумуш, — деп Галимди тиктеген калыбында ойлуу турду да: — Галим мырза, Сиз жөнөкөй эле тилмеч эмес, казактар менен орустардын арасында данакер катары орус төрөлөрүнө кадырыңыз бар кишисиз. Кыргыз элинде «Жандоочу кийик аттырат» деген макал бар. Ыгы келген, сөзүң өтөр жерлерде биздин таламыбызды көздөй жүр. Биз азгантай байыркы элбиз. Кытай менен Орус, Кокондун ортосунда өзүбүзчө эл бойдон тургубуз келет. Ошон үчүн Кенесары менен жан кыя салгылаштык. Биз ак көңүл, тынч элбиз. Эч кимге катылбайбыз. Ар ким менен түз алакада болгубуз келет. Биз орустардын кербендерин, саякатчыларын кайтарып, чек арадан аман өткөрүп тура алабыз. Соода-сатык жагы болсо бизде жүн, мал терилери, аң терилери бар. Аларды Орусияга соодалап, кездеме-кече, курал-жарак алып турсак дейбиз. Балдарыбызды Казан, Өфө шаарларынан окутууну каалар элек. Орусия — көп эл. Өнөр-билимдүү эл. Өзүнүн дини, өзүнүн салты бар. Бизге чоң коңшу болсо дейбиз. Бир ууч кыргыз эли өзүнчө болуп, динин, каада-салтын сактап, чоң коңшулары менен тең алакада болгонун каалар элек. Мына ушуларды эсиңе тут. Жол жүрүп чаалыгып келдиңер. Көп кармабайын. Калган сөздү жай сүйлөшөбүз. Азыр конок ордосуна барып эс ал. Үмөтаалы, сен Галим мырзаны мейман күтүп, сый көрсөт. Кийинчерээк колуң бошогондо мага келип жолугарсың, — деди Ормон хан. Галим ызаат менен ордунан туруп, конок ордосуна эс алууга кетти. Хан түлөөсүнө бата тиленгенден кийин Ормон отургандарга тегерете көз жиберди да: — Кенесары хандын баскынынан элди сактап калган эрендер түгөл экенсиңер. Аблай хан насилинен чыккан Кенесары эрен ак падышанын айыгышкан жоосу болгон. Жоосу кыргыздардан жеңилгенине курсант болгон падыша баарыңарга алтын чен сыйлык жибериптир. Галим мырза, Үмөтаалы экөө алып келишти. Кана, Үмөтаалы, — деп уулун карады.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#151 Пользователь офлайн   Disappear   03 Апрель 2019 - 00:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Үмөтаалы ак кездемеге кырка кадалып жаркыраган алтын медалдарды хандын алдына койду. — Эмесе Терөгелди баатырдан баштайлы, — деп Ормон хан обдулганда казак-кыргыз арасында жүрүп , каада-салтын, үрп-адатын, тилин дурус билген Галим: — Таксыр, Манасты унуткандай болбойлу, — деп жайдары күлө сөзүн улады. — Улуу урматтуу жарым падыша Сизге салам айтып, жакшылык кааларын билдирип, өзүнүн атынан Сизге сыйлык тапшырууну мага буюрган эле. Мага ошол вазийпаны аткарууга уруксат этиңиз. — Андай болсо жарым падышанын жарлыгын аткарыңыз. Эрк сизде, — деди Ормон хан. Галим ордунан тура алтын жип менен ноколонгон алтын галундуу чепкенди хандын ийнине жаап, төшүнө алтын медалды такты. Хандын олбурлуу тулкусуна ылайык жасалгансыган, жака-жеңдери, өңүрлөрү алтын жип менен саймаланган күрөң баркыт чепкен, төшүндөгү алтын медаль төп келише, мартабасын арттырып турду. Төшүн баса Галим аркалуу орус падышасына ызаат көрсөткөнүн билдире ордуна олтурду хан. — Сарпайы кут болсун, — деди Калыгул карыя Ормондун колун кармай. — Кут болсун, таксыр. Мен да жуда курсантмын. Сиздей улук мартабалуу адамга сарпайы жаап, жарым падышанын буйругун аткарганыма, — деп ордуна олтурду Галим. — Баракелде, көз көрө электи көрдүк. Макмалга алтын жарашат экен да. — Капырай, таксырга ченеп тиккендей чак экен, — деген үндөр басыла, Ормон хан тамагын жасап: — Кана эмесе, баатырларга падышанын сыйлыктарын жолдойлу, — деп, ак кездеменин бетинен медалдарды алып, Төрөгелди, Токтор, Аюуке, Чал, Болот баатырлардын көкүрөгүнө тагып, куттуктады. Күмүш үрпияларды, жамбыларды урунуп жүрүшсө да, алтындан жасалган тон, алтын чендерди сонуркай карап, таң кала кубанып турду үй ичиндегилер. — Жанды оозго тиштеп кырчылдаша кармашкан баатырларга падыша кымбат сыйлыктар берген экен го... — Жоосун жеңип берсе, ананчы... — Кубана турган жөндөрү бар да, — деген кобур басыла, ойлуу олтурган Калыгул бий: — Оомийин, аалооху акбар! Оо, Кудай, элди кырсык-кыргындан сактай гөр мындан ары. Айдан аман, жылдан эсен бололу. Сыйлык алган эрендердин өмүрү узун болсун. Калайык калкка тынччылык, байгерчилик бере гөр, — деп алакан жая олтургандар бата тилеп, хандын түлөөсүнөн ооз тийишип, келгендер айылдарына тарады. Ордо үйдө Ормон хан, Калыгул кеңешчи, Үмөтаалы, Галим төртөө отурушат. Сөз орус падышасынын кыргыздарга ыраазы болуп көңүл бурганы, кыргыздардын аскер күчүн, эрдигин жогору баалаганы, орус-кыргыз мамилелери жөнүндө жүрүп жатты. — Галим мырза, кечээ мен сөзүмдүн ток этер жерин айттым эле. Кытай чегинде турган азгантай байыркы элдин өз алдынчалыгына кепил болуу Орусиянын колунан келет. Эки чоң мамлекеттин чек ортосунда азгантай элдин өз алдынчалыгын кубаттап, кепил болсо Орусия эле аброй табат, деген оюмду кайталайын. Сиз жарым падыша менен чек ара башчысы жандырал ортомчу болуп, казак-кыргыз эки эл тынчтык наамеге кол коюшканына күбөсүз. Бул чоң иш болду. Мында сиздин эмгегиңиз зор, — деди Ормон хан. — Мен, таксыр, мындан ары да орус, кыргыз, казак алакаларында данакерлик вазийпасын аткарып жүрсөм деп ойлоймун. Бул менин адамдык парзым, — деди Галим. — Баракелде, ишиң оңолсун, — деди Калыгул кеңешчи. — Галим мырза, мен Орусия падышасына кыргыз калкынын жана өзүмдүн ыраазылыгымды билдирип, кат жазууну ойлоп турам. Кандай дейсиз, — деди Ормон хан. — Туура болот. Чек ара начальниги генерал Вишневскийге жазсаңыз, ал жеткирет, губернаторго да, падышага да, — деди Галим өзү нуска алып жүргөн кишисин атап. — Мейли, ошондой болсун. Иши кылып биздин мүдөөбүз ак падышага жетсе болду, — дедихан. — Сөзсүз жетет, — деди Галим. — Андай болсо эрте күндү кеч кылбай азыр эле жазалы. Кагаз, калемиңиз болсо алыңыз, өзүңүз эле жазып бериңиз, — деди Ормон хан. Галим жанындагы чакан сандыкчадан кагаз, калем алып: — Айта бериңиз? Чек ара начальниги генералга жазабыз, — деп оңдонуп олтурду
«Урматтуу чек ара башчысы жандырал төрөгө . Султан Кенесары өлтүрүлгөндөн кийин, Омбуга келип губернатор төрөгө жолугуп, сыйлык алууга мени чакырган элеңиздер. Мен уулум Үмөтаалыны жибергем. Ал силерге барып, ак падышанын жогорку сыйлыктарын алып келди. Биздин султан Кенесарыны жеңген аскердик ишибизди жогору баалап, сыйлык бергени үчүн улук падышага жана сиздерге ыраазылык билдиребиз. Мен жана менин карамагымдагылар падышанын сыйлыгы үчүн өтө курсант болдук. Мындан ары да улуу Орусия падышасы менен кызматташ болууну каалай тургандыгыбызды жана жакшы санаабызды билдиребиз. Бизге коңшу Кашкарды ээлеген кожо Кытайдын кол салуусунан чочулап, бизден аскер жардамын сурап кайрылды. Биз бара албай турганыбызды билдирип, жооп бердик. Менин уулум Үмөтаалы да Сиздердин урматыңызга кызмат кылууга даяр. Биз тарабына кайрылар болсоңор Галим Ягудин аркалуу болушун каалайбыз. Биздин кыргыз эли Сиздер менен жакшы санаа күтүп, бейпил мамиледе болууну каалай турганын билдиребиз. Алтын чен алгандардын баары ыраазы экенин дагы бир жолу ырастагым келет. Сыйлык алгандар колтамгаларын салышты. Үмөтаалы Ормонов, Токтор Карачыйыров, Чал Турганбаев, Аюуке Салтанов, Байбото Болотов. Ушунун баарын күбөлөндүрүп, мөөрүмдү басамын.
Кара кыргыздардын башкы манабы Ормон Ныязбеков.1847- жыл, октябрь айынын 24-күнү».
Ормон хандын айткандарын орус түшүнүгүнө жакындата жазган Галим жогорку маанидеги катты окуп бергенден кийин: — Туура, ойдогудай болду. Орус падышасы бизден Кашкар кожосу да жардам күтөрүн билип койгону жакшы, — деп жактыруу күткөндөй Калыгулга көз жиберди да, катка мөөрүн басты Ормон хан. Ак кызматы үчүн Галимдин астына ат тартып, үстүнө сарпайы жаап, сый көрсөтүлдү. Эки өргүп эс алган Галим үчүнчү күнү Аягөзгө жол тартты.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#152 Пользователь офлайн   Disappear   03 Апрель 2019 - 00:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

ОРУСИЯ ӨНӨК БОЛУУНУ КААЛАЙТ...

1848-жыл. Бирдин айынын орто чени.Ордо үйгө чакырык менен келген Боронбай бий Калыгул кеңешчиге бет маңдай олтурат. Аңгеме башталганына бир кыйла болду. Ымала салкын сыяктуу. Боронбай бий сол колу менен чекесин сүйөнүп, оң колу менен сакалын сылай суз. Ормон хан санын таяна Боронбай бийди көз ирмебей тиктейт. — Болор иш болуп өттү. Эми жүйөөлөшүп, элдин биримдигин сактоонун камын көргөнүңөр оң, — деди Калыгул Ормонго көз жибере. — Мен жазамды алдым. Аз айып, көп күнөөмдү кечиңиз. Кабар кеч жеткендиктен үлгүрө албадык, — деп Ормонду карады Боронбай бий. — Кечирим сураса эле кечип ийгендей бул иш Боронбай менен Ормондун куда-сөөктүк мамилесине жатпайт. Чыбык кыркылып, ант берилген. Элдин алдында жооп берчү күнөө. Казак-кыргыз жоо болсо мейли, Боронбайдын кара башы соо болсо болот экен да. Ымандай сырыңды айтып, бузулган ишти түзөгүн. Кечире турган мен эмес. Кенесары канын төгүп, кайгы салган кара кыргыз журту, багар-көрөөрүнөн ажырап калган жетим-жесир бүлөлөр карап турат, Кенесарыны Көлгө өткөрбөй шейит кеткендердин арбагы карап турат, — деп санын мыкчый Боронбайды жекире тиктеди Ормон хан. — Калыкем айткандай, өткөн иш ордуна келеби. Мындан кийинкиге сабак болор, — деди Боронбай. — «Сабак болор, кечиктим», — деп мүлтүлдөйсүң. Кана сабак болгону? Кокон басып кирген кечээки Ашмара кармашында элдин биримдиги үчүн, эл-журттун амандыгы үчүн деп ичи ооруйт экен — алыскы Ат-Башыдан Ажыбек жасоо кайрып келди. Мүлтүлдөп, «чакырык кечикти» - деп, жок шылтоо таап келбедиң. Түзөлгүн. Агыңдан жарыл, ийриңди түзө, калайык-калк алдында жооп бер, — деди Ормон хан салмактуу солк этпеген калыбында. Жүйөөсү түгөнүп, жарга кысталгандай абалда турган Боронбай бий: — Эми эмне кыл дейсиз? Элди көндүрө албадым, ээрчите албадым. Элге ээ эмес экеним ошол,— деди малдашын түзөп, маасысынын кончун тарта оңдонуп олтура. — Эл сени куп ээрчийт, андан көрө алиги орус тыңчысы татардын тилине кирип, оруска көчүгүмдү такагым келип турат дебейсиңби, — деп зирк этти Ормон. — Орустун караанын көрө элекмин. Байсылда соода-сатык менен жүргөн киши. Орустардын өнөр-билимин, ак көңүл жакшы эл экенин айтып жүрөт. Ырасы, кээде айткандары көңүлүмө уюган учурлары да бар, — деди так кесер танууга батына албаган Боронбай бий. — Кеп мына ошо татардын кеби көңүлүңө уюганында, бий. Узун сөздүн кыскасы, элдин алдындагы антыңды, кыргыз биримдигин сактоо үчүн аракетиңди ак өтө. Ногоюңду кетир, орус менен өзүнчө мамиле күтөм дегениңди кой. «Бөлүнгөндү бөрү жейт» дегендей, жамы кыргыз биримдигин бузуп, оруска букара болгондо деле этегиң толбойт. Токтот мунуңду, «Эсиң барда этегиңди жап», дагы айтамын, агыңдан жарылып, эл бузган кытмырлыгыңды мойнуңа ал. Мен айтып коёюн: өтө катаал иштерге баруудан кайра тартпаймын, — деп Боронбай бийди көзүн ирмебей тиктеп турду Ормон хан. Ылдый карап, сейрек сакалын сылап отурган Боронбай бий жооп бергенче, эшик ачылып: — Таксыр, Аягөздөн Галим абзий келди. Сизге кирүүнү каалайт, — деди эшиктен кирген жигит ийиле төшүн басып. — Аа, Галим мырза келген экен да. Кирсин, — деди Ормон хан. — Ассалоому алейкум, — деп салам айта ызаат кылып турду эшик ачыла кирген тарбиялуу Галим. — Алейкума салам, кел, Галим мырза. Ат-көлүгүң аман келдиңби? Өйдө өт, жай ал, — деди Ормон хан. — Рахмат, таксыр, аманчылык. Арыбай эсен-соо келдик, — деди Галим жай алып олтура Калыгулга, Ормон ханга кол берип. — Ашуулар жабылып калды го, Боом менен келип, ара-коно жеткендирсиң. Аман келгениң жакшы. Кана, жарым падыша жандыралдарың аман турушабы, өзүңдүн үй-бүлөң эсенби? —деди хан. — Аммалары аман-эсен. Губернатор князь жана генерал Вишневский Сизге салам жолдошту,— деди Галим. — Саламат болушсун, — деп бир аз ойлуу турду да, букарасы болом деп жагына албай жүргөн Боронбай бий уксун деген ойдо: — Галим мырза, сени кыйнамак болдум эс алдырбай. Гүбүрнадыр менин катымды алгандыр. Эмне кебиң бар, чогуу угалы, кеп сал, анан эс аларсың,— деди. — Албетте мен да азыр эле окуп берейин деп турдум эле. Улуктардын каты маанилүү. Калыгул аке, Боронбай бий баарыңар олтурганда окуганым жакшы, — деп чөнтөгүнөн түрмөктөлгөн кагаз алып, жандыра көз жиберип турду да, — мында орусча жазылган. Мен ошол тилде окуп, маанисин кыргызча которуп берип турайын, — деп адегенде орусча окуп, бүткөндөн кийин которуп турду:
«Урматтуу манап, Ормон Ныязбек уулуна!Татар Галим Ягудин Аягөзгө кайтып келгенде Бажы приказы аркылуу Сиздин мага жазган катыңызды жеткирди. Анда сиз Омскиге өзүңүздүн кадырлуу эки кишиңиз менен келип,генерал- губернатор князь Горчаков менен жолугушууну каалай турганыңызды билдирипсиз. Бул өтүнүчүңүздү мен урматтуу князга билдирдим. Аягөз приказы аркылуу Галим Ягудинден жообун аласыз.Козголоңчу султан Кенесарыны жеңген баатыр эл башка жактан келген жоону да жеңерине ишене турганын жана Сиздин жекече эрдигиңизди сыйлай турганын билдирип коюуну өтүндү. Ошондой эле Сиздин жана биздин элдердин ынтымагын каалай турганыңызды жана Россияга пикириңиз түз экенин билдирүү князга өтө жагымдуу болгонун билдиргим келет. Сиздин кыпчактарга каршы куралданып чыгуу жөнүндөгү оюңуз ага жакканын, силер ал душманыңарды да жеңээриңерди, эгерде керек болсо Россия Сиздерге аскер жагынан жардамга келерин билдирип коюуну өтүндү. Кожонун Сизге аскер жагынан жардам сурап кайрылганын, Сиздин ага жардам берүүдөн баш тартканыңызды князь жактырды. Россия Кытай менен достук мамиледе болгонунан улам урматы улуу императорго мындай жардамды көрсөтүү жакпай турганын билдирип койгубуз келет. Экинчи жагынан өзүңөрдүн коопсуздугуңарга коркунуч тууп турган азыркы жагдайда аскериңерди алыска жиберүү өзүңөргө да ылайыксыз болор. Урматтуу улук манап, биздин улуктардын, улуу урматтуу княздын жакшы санааларын, насияттарын эске алууңузду өтүнөмүн. Эми Сизге, элиңизге ынтымак, жакшылык кааларыбызды билдирейин. Сиздин мындан аркы өмүрүңүз бейкут, бактылуу болсун. Биздин эл менен ынтымактуу болоруңарга ишенебиз. Генерал Вишневский Туура: улук адъютантъ үчүн (колу)31-декабрь, 1847-жыл.»
Бүткөн сөздөрдү өзүнчө которуп, экинчисине өтө каттын аягына чыгып, мурутун сылай, ушундай жагымдуу кабарды алып келгенине ыраазы боло Ормон ханды карады Галим. Кат окулуп бүтө үй ичи бир азга тынчый түштү. — Кенесарыдан кутулткан кыргыздарга өтө ыраазы болгон экен орус жандыралы. Кыргыз элин жана анын башчысын да баатыр дептир го, — деп жылмая Ормонду карады Калыгул бий. — «Коконго каршы аттансаңар аскер жагынан жардам берүүгө даярбыз» дегенинде терең маани турат. Ойлоно турган иш, — деди да, Галимди карап: — Сизге өтө ыраазылыгыбызды билдиребиз. Сиздин жардамыңыз бул иште зор болду. Эми конок үйгө өтүп эс алыңыз, калган сөздү Сиз жай эс алгандан кийин сүйлөшөбүз, — деп, үй кызматындагы кирген жигитке: —Галим мырзаны конок үйгө алып бар, Сазага айт, сый камын көрсүн, конокко эрмек болсун,— деди Ормон хан. — Түрк элин карай жылып келаткан Орусия Коконду басып алгандан кийин азгантай кыргызды жайына коёр беле, — деди Калыгул акылман. — Кеп ошондо. Бул өтө ичке иш. Биз Коконго каршы чыксак, Орусия бизге кошулуп, биздин кол менен дээрлик максатына жетсе, бизди да жайыбызга койбошу мүмкүн. Ошондуктан, эгерде орус менен бирге Коконго каршы чыга турган болсок, анда шарт намеге кол коюшубуз керек. Анда Россия Кытай менен өзүнүн чегиндеги аз эл кыргыздын өз алдынчалыгына кепил болорун тастыктап коюуга тийишпиз. Андан көрө ичибизден ирип, ар кимибиз ар башка ойдо жүрсөк, анда көрүнгөнгө жем болорубуз шексиз. Ынтымак күтүп, бир ойдо болуп, бир жакадан баш чыгарсак, Орусия биздин шартты кабыл алышы ыктымал, — деп Боронбай бийди карады да: — оруска ыктаганыңды эми коёсуң го, бий, — деди Ормон хан. — Ыктап эле орустун ирегесине кирип бергенибиз жок го. Жамы кыргыз ынтымагында, албетте бирге болобуз, — деди Боронбай бий. — Бул сөзүң туура, бий. Көрдүңбү, орустар биздин өзүнчө эл экенибизди, жоонун мизин кайтарар күчүбүз бар экенин мойнуна алганы ушул, — деди Ормон хан. — «Аскериңерди Кожого жардамга жибербегиле» деген тура, анын да мааниси бар, — деди Калыгул. — «Өзүңөргө коркунуч тууп турганда» дегени Коконду айтып атат го, — деди Боронбай бий. — Ооба, ошондой, бий. «Эми Сизди атайын чакыртып ынтымакташалы. Бузуку азгырыктан кач», деген оюмду орус жандыралынын каты тастыктап турат, — деди Ормон хан. — Эки уруу бир атанын балдарысыңар. Анын үстүнө экөөң ак бата менен Кудай кошкон кудасыңар. Ынтымак-ырашкерликти күткүлө. Элдин бүтүндүгүн, байкерчилигин Кудайтаала насип кылсын. Аллоху акбар, — деп Калыгул алакан жая баары бата тилешти. Түштөнгөндөн кийин бир кыйлага үзүр-мазыр сүйлөшүп олтуруп аттанган Боронбай бий ойлуу баратты.Жакшы кабар менен келген Галим сый конок болуп, бир өргүй Ормон хандан март тартуу алып, Аягөзгө кайтты



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#153 Пользователь офлайн   Disappear   03 Апрель 2019 - 00:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

ЖООП-НАМЕ

1848-жыл. Бугу айы. Намангандан чакырылган молдо Нажимуддин ажынын келгенине байланыштуу айылдарда оокаттуу адамдардын алдында балдарды жыйып окутуу, Наманган, Анжиян, Кокон шаарларына билим алуу үчүн сабаты ачылган өспүрүмдөрдү жиберүү жөнүндөгү жыйын кечээ тарады. Эртең мененки намаздан кийин Нажимуддин дамбылда салам айта Ормон хандын үстүнө кирди. — Алейкума ассалам, ажы, келиңиз жарыктык, Мен Сизди чакыртып алайын деп турдум эле. Келиңиз, — деп Ормон хан ордунан козголо орун жаңсады да, — мына, ырас болду, чогуу сүйлөшөлү, — деп жанында олтурган Калыгулга карады. Нажимуддин ажы аярлай өтүп, Калыгулга, Ормонго кол берди да, жай алып олтура: — Ва рахмату аллахи, ва баракатуху, Алла таала хамма калайык журтубузга жана хан ишигеяр болсун, — деп бата тиледи. — Нажимуддин ажы, Сиз үчүн атайын көтөрүлгөн өргөө, кызматыңызга кишилер камдалды эле. Көңүлүңүзгө толдубу биздин конок сыйыбыз, — деди Ормон хан. — Рахмат, таксыр. Яйымыз жуда якшы ясалыптыр. Жигитляр ям түзүк изатлу адамдар экен. Кечээги мажилисте Сиздин айткандарыңыз амма шарият жолуга тугру келеди. Мен жуда курсант болуп турмун, — деди ажы. — Ал биздин калк алдындагы вазипабыз. Сиздин келишиңиз биздин ишибизге дем болор деп турабыз, — деп хан сакалын сылай аалымга көз жиберди. — Иншалла, мен ишке киришүүгө азир болуп турмун. Сиз берген шакиртлар билен тааныштым. Жарайт, кат таанышат экен, калганын үйрөнүп кетишеди, — деп иш үчүн ынтызар экенин билдире сакалын сылай, оңдонуп олтурду ажы. — Биздин эл тоо арасында көчүп-коно күн өткөргөн момун эл. Кат тааныгандар жокко эсе. Ата-бабалардан бери мусулман динин туткан дилибиз ак, бирок илим-билимге муктаж —караңгыбыз. Биздин элде шарият жолун үйрөтүп агартууга Сизден жардам күтөбүз. Адал менен арамдын, күнөө менен аруулуктун, жуптулардын бири-бириндеги акысы, милдети, адам акысы жана да Кудай алдындагы мусулманчылыктын парздары жөнүндө китеп жазып берүүңүздү өтүнөбүз, — деди Ормон хан. Көзүн ачып-жума башын ийкей угуп олтурган ажы: — Таксыр, мындай китепти жазуу узак убакытты талап кылат, — деди. — Кат тааныбаган элге кыска, түшүнүктүү, нуска сөздөр менен жазылбаса баамдарына жетеби, — деди Калыгул. — Собол — жооп иретинде болсо кантээр экен? Ушундайы элге тез жетер беле? — деди Ормон хан. — Баракелле, ак сөз. Собол-жооп иретинде жазуу бизге да жеңил болоду. Калкка да түшүнүктүү болор. Мындай китепти «Собол-наме» деп атасак болот, — деди дилгирлене, иши жеңил болоруна көзү жетип кубанган ажы. — Менимче «Жооп-наме» десек, кыргыздарга жугумдуу келер, — деди Калыгул. — Болоды. «Жооп-наме» десе да түзүк, — деп Ормон ханды карады ажы. — Ажым, — деди да, Ормон хан Нажимуддин ажыга суроолуу карай сөзүн улады. — Жоопнамени эмнеден баштап, эмне менен бүтөрүбүздү кеп уруп берсеңиз, Калыкем да уксун, —деди. — Алланын ысмы билан башлаймыз. Адам баласын Алла таала жарык дүйнөгө не үчүн жаратты? — деген суроого жооп беремиз. Адам жарык дүйнөгө якшылык үчүн жаралган. Якшылыктын башаты ыйман күтүү. Алла тааланын бардык бирдигин жадында тутуп, якшы аракетлердин соңунда болуу негизги вазийпа болоды. Жарык дүнүйө адам баласыга убактылуу жай. «Алла таала адам баласын жакшылык үчүн жараткан» дедик жана адамды сыноо үчүн жакшылыкты, жамандыкты жанаша койгон. Адамдын өз ыктыяры кайсы жагында болуу. Адамга эрк берилген жакшы-жаманды ажыратып таануу үчүн. Ак көңүлдүк, кең пейилдик, сылыктык, боорукердик, кайрымдуулук менен катар ичи тардык, караниеттик, көрө албастык, кытмырлык, ушакчылык — аммасы адамдын жадында тура алады. Сабырдуулук, токтоолук, чабалдык, шашмалык да адамга берилген касиеттер. Мына ушулардын кайсынысын өмүрүндө эш тутуу адамдын өз эркинде экенин жазамыз. Үй-бүлөдө никеге ак болуу, жубайлардын бири-бирин сыйлашуусу, балдарды ошол сапаттарда тарбиялап өстүрүү да адамдын кудай алдындагы милдети экенин, жарык дүйнөдөгү убакыт ченеминдеги аз өмүрдө адал эмгек, таман акы, маңдай тер менен Алладан ырыскы күтүп жашоо момун пенденин милдети. Адам акысын жеш, бирөөнүн оокатына көз артып, ичи тарлык кылуу, арам санаа менен кыянаттык иштөө, бирөөнүн шагын сындыруу, көңүлүн калтыруу, уурулук, бирөөнүн малын зордоп тартып алуу — Кудай алдында азапка түшүп, тозокко бара турган күнөө экенин жазабыз. Аманат менен кыянаттын, изат менен оройлуктун, уяң илбериңкилик менен терс кыял зомбулуктун, достук менен кастыктын,кишиликтүүлүк менен наадандыктын, сылыктык менен кара мүртөздүктүн баарын собол —жооп иретинде чечмелеп бермекчибиз. «Жакшылык — иман башаты» дедик. Ыйман күтүүнүн башталышы дедик. Жакшылык ыйман күтүү неден башталарын айтабыз. Жакшылык амма жөнөкөй нерседен башталады. Жолдо таш, тикенек жатса өзүнөн кийинки өткөн кишилерге жолто болбосун деп, жолдон четке чыгарып койсо — мунун өзү жакшылык. Мына ушундай иштерден куралып, жакшылык адам баласы үчүн бул дүйнөдө да, тигил дүйнөдө да эл алдында, Кудай алдында жүзүн жарык кылуучу жолдошу, ыйманы болуп эсептелерин айтып беребиз. — Адам баласынын жарык дүйнөдөгү тагдыры жөнүндө бул китепте айтып бере аласызбы?— деди Калыгул. — Албетте айтып беребиз. Бул негизги соболдордун бири болоду. Биз айттык ки, Алла таалаадамга акыл-эс, каруу-күч берип, жакшылык менен жамандыкты жанаша жарата анын алдына койду. «Кайсынысын тандасаң — өз эркиң» деп. Мына адамдын тагдыры ушул маселеден башталады. Адам өз аракетине жараша тагдырга туш болот. Алла таала адамдын пейлине, аракетине, иштеген иштерине, эл менен болгон мамилелерине жараша тагдырды башына салады. Адал иштеп, ак эмгеги менен жакшылыкты эш тутуп жашаган кишинин тагдыры жакшылык менен бүтөдү бу дүйнөдө ям, тиги дүйнөдө ям. Биз пенделер өзүбүздүн кетирген каталыктарыбызга, туура эмес иштерибизге, кетирген күнөөлөрүбүзгө жараша тагдырга туш болгонубузду өзүбүздөн көрбөй, «Алла тааланын салганы» дейбиз. Албеттеандай тагдырды анын башына Алла таала пейлине, иштеген иштерине, кетирген ката күнөөлөрүнө жараша берди. Мына ушуларды билбестен аянычтуу тагдырга туш болгон киши аны Кудай тааладан көрөт. Акырында өз башына Кудай таала берген эркиндигине каниет кылып үй-бүлө, жубайлык махабат, адал жашоого, бала-бакыраларын да адалдыкка, жакшылыкты жолдоп ыйман күтүп өтүүгө тарбиялоо керектигин чечмелеп беребиз. Бул дүйнөдө адамдардын бирерлери сарамжал күтүп, адал оокат жыйнап, бай болушат. Мындай адамдар шарият жолунда жыл сайын байлыгынын бир бөлүгүн жарды-жакырларга, жетим жесирлерге үлөштүрүп берүүгө милдеттүү. Мындан анын байлыгы адал болот жана Алла таала анын байлыгын дагы көбөйтөт, мына ушуларды айтабыз. Байлыктын, дүнүйөнүн аркасынан түшүп, ач көздүктү туу туткан адамдар акыры адамдык эркин жоготуп, малдын, дүнүйөнүн кулу болуп каларын, андай адамдын бул дүйнөдө эл алдында кадыры жок, тиги дүйнөдө Кудай алдында күнөөкөр болорун айтып беребиз бул китепте. Жетим-жесирлерге, карып-мискиндерге кайрымдуу, ак көңүл, байлыгынын бир бөлүгүн жыл сайын алар үчүн зарп кылып жүргөн адамдын эл алдында кадыры артып, тиги дүйнөдө Кудай алдында жүзү жарык, жаннаты болорун айтмакчыбыз. Бул дүйнөдө жашап өтүүнүн баркын билген мусулман баласы ашкере көп байлык күтүүдөн көрө, аны элдин, жарды-жакырлардын, илимдин, агартуучулуктун пайдасына жумшоону артык көрөт. Мындай жашоо бул дүйнөдө адамдын зоболосун көтөрүп, жан дүйнөсү бай, көңүлү куунак, азбы-көпбү ырыскысына топук кыла жашайт. Мындай адамдын өмүрү куунак өтөт. Жарык дүйнөдөн кетер алдында да санаасы тынч, бул дүйнөдө жашаган өмүрүнө ыраазы боло, акыркы көз ирмеми да бактылуу боло жарык дүйнө менен коштошот. Тиги дүйнөдө да жайы жакшы болот. Мына ушулар жөнүндө жазабыз. — Эл үчүн өтө керектүү китеп болот экен, Кудай буюрса. Китепте суроо да, жооп да кыска жана так болсо абзел болор эле, — деди Калыгул. — Аракет кыламыз, шон үчүн «Жооп-наме» дейбиз китепти. — Өлүм парзы, тиги дүйнө жайынан да кабар берерсиз. Бул да эл үчүн өтө зарыл, — деди Ормон хан. — Албетте тиги дүйнө жайы, көр азабы жана жыргалы, мүнкүр-нанкир сурагы, кыямат күнү, сират көпүрөсү, бейиш-тозок жөнүндө да собол-жооптор болот, — деди ажы. — Намаз окуу жоболору, керектүү сүрөөлөр жөнүндө да кыска жазып берсеңиз дейм. Айтпадымбы, биздин эл буга өтө муктаж. Дилинде мусулман экени ак, бирок анын парздарын кандай аткаруу жөнүндө кабарсыз. Мына ушул жагынан кандайча көмөк бере аласыз? — дедихан, ажыга кызыга карап. — Беш убакыт намаз айырмалары, аны өтөөнүн жолдорун да жазабыз. — Жакшы иш, жамы элге керек, ажы. Ишиңиз илгери болсун. Бул китепти бүтсөңүз кул ХожоАхмат жасоо бий осуяттарынан кабар берген китепти да жазып берерсиз. Бул да жамы эл үчүн керек, — деди Калыгул. Тоо арасында узак убакыт жүрүп калуу ыктымалы жадына жага бербеген ажы мукактана: — «Жооп-намени» жазып бүтөлү... Андан кийинкисин көрө жатарбыз, — деди. — Ажым, үй-бүлөңүздү көчүрүп келебиз, мечит-медресе курдурабыз. Өзүңүзгө ылайык там салдырып беребиз. Жылына Наманганга каттап турарсыз. Жашооңуз көңүлдүү жана жай болсун үчүн кам көрөбүз, камтама болбоңуз. Музоокени, Орозбакты жаныңызга коюп, кыргыз санжырасын жаздырсак деген оюбуз бар, — деди Ормон хан. — Таксыр, кыргыз санжырасы жөнүндө билгеним аз, — деди ажы. — Адам ата, Обо энеден таралган адам баласын бутактатып көрсөңүз кыргыз бутагы чыга келер деп ойлойбуз. Кыргыз санжырасын жакшы билген кишилер бар. Аларды жаныңызга аласыз, — деди да, Калыгул ажынын санжырага көңүлсүз турганын байкап, аны жубатуу максатында сөзүн улады. — Нук пайгамбардын адам рухун сактап калганынан баштасаңыз, кыргыз санжырачылары жардам берет. Ыбрайым пайгамбардын тармагын таратсаңыз, андан бани израил уруусу, араб тайпасы, пайгамбарыбыз Мухаммед Алейхи Саламдын урпактары белгилүү болот да. Бул дагы кыргыздар үчүн маанилүү. Буларга катар Сулайман пайгамбардын, Искендер Зулкарнайндын өмүр жолдору жөнүндө маалымат берсеңиз да жакшы болор эле. «Жооп-наменин» пайдасы, аны жазып бүтүп, көчүрмөлөп айылдарга таратуу, бул үчүн сабаттуу шакирттерди даярдоо жөнүндө үчөөнүн ортосунда аңгеме көпкө уланды.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#154 Пользователь офлайн   Disappear   03 Апрель 2019 - 00:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

ЖҮЙӨӨСҮЗ АЙЫП

1848-жыл. Бугу айынын аяк чени. Жайлоонун толуп турган маалы. Сары-Чаттан көрүнгөн жоон топ атчандардын көз алдына тоолуу өрөөн тартылды. Тескейи ак мөңгүлүү, чокулары көгүш асманды тиреген, бетеге-тулаңдуу беттери жай жарашыгына бөлөнгөн тоо кыркалары келбээрсийт. Тоо этектерине улана доңуз сырты, шыбактуу жашыл адырлар төмөндөп келип, алды жагы боз чапка айланган кенен талаа Чүй суусунун оң жээгине чейин созулуп жатат. Чүй суусунун сол жээги өсүмдүккө кунук, дамаамат кар түшпөгөн Күңгөй тоо кыркаларынан Чүйдүн сол жээги жогорулаган сайын кеңейе берип, Түндүк Шамшы тоо кыркаларын этектей таштак түзөңгө өтүп, Кочкор-Ата, Кызарт тоо кыркаларына чейин суналып жатат. Күн көтөрмө бою көтөрүлгөн. Алдыда бараткан соорусу жайык, зээри бийик, кара жалдуу кула ат минген, кызыл тыштуу кара көрпө тебетейчен, боз пиязы чепкенинин этеги аттын соорусун жаба бараткан кара сакал, кабагы бийик, олбурлуу киши салабаттуу да, бараандуу да көрүнөт. Арткы топтон бөлүнө бастырган Куттуксейит уулу Шамен кула атчанга жанаша келди да: — Таксыр, менин аштык айдаган жерлеримди көрө кетиңиз. Азыр солго бурулалы, — деди. — Ооба, менин да оюмда бар эле. Сенин да элге пайдалуу иштериңди көрөлү, — деди кызыл тебетейчен. Бул киши кара кыргызга хан көтөрүлгөн Ормон Ныязбек уулу эле. Шамен хандан ат мойнунча артта бастырып, жол улай баратат. — Шамендин эгинин көрөт экенбиз да. — Токчулукту баштады Куттуксейиттин уулу. — Сарамжалдуу, оокатка бүйрө дешет. — Жаш туруп сөз жүйөөсүн билгенин айт. — Сөз кетирбеген чечен дешет. — Бир аз куу казаныраак дешет го. — Бара көрөбүз да. — Хан агасын кондурат го. — Ашуу ашып, Кара-Кужурга түшүп кетээр бекен хан, — деген кобур аралаш арткы топ хандан көтөрмө бою артта баратты. Аңырты, Орто-Төр, Көл-Үкөк, Терс-Төрдөн түшкөн туура сууларды кече атчандар Тогуз-Булак кашатынын алдындагы сазды жээктеп салынган Шамендин алышын бойлой баратышты. Сол жактагы боз адырдын алдында эгин эгилген. Жайыктын алдындагы эгинди сугарып жүргөн эки кишинин бири атчандарды алдынан тосуп чыга, утурлап салам айта ызаат көрсөтүп турду. — Алейкума салам, аштыгыңа береке болсун. Көктөмү жакшы экен, — деди Ормон хан. — Рахмат, таксыр, Кудай кааласа, айтканыңыз келип, аштыгыбыз берекелүү болор деп турабыз, — деди сугатчы. — Таксыр, бул киши биздин аштыкчылардын башчысы Малтабар деген жигит. Дыйканчылыктын жайын жакшы билет. Жетиген туугандардан болот экен. Чүйдөн мурдаагы жылы атайын көчүрүп келгенмин, — деди Шамен. — Жүрүңүздөр, үйгө түшүңүздөр, — деди Шамендин «иш билет» деген сөзүнө шердене түшкөн сугатчы Малтабар. — Рахмат, кайрылалы үйүңө, бирок даамды ат үстүнөн эле таталы. Таксырдын иштери бар,— деди Шамен. Хан тобу кайрылып сугатчынын үйүнө, жолдун алдындагы боз үйлөргө келип токтоду. Жоолугун алдына буунган узун көк көйнөкчөн аял кырма аякка максым куюп, төшүн басып ийиле Ормон ханга сунду. Аякты алып, ат жалына тийгизе тынбай кере жутту да, кайра узата: — Бали, ырахмат, суусун канды, бул дыйканчылыктын үзүрү, — деп мурутун жаный жолдошторун карады Ормон хан. Аяк кайра толтурулуп, атчандар аякты Бири-бирине узата даам сызышты. — Аксакалдар, үйгө түшүңүздөр. Кыш туума кыркыла элек улагым бар, — деп чын ыкластан үйрүлүп турду сугатчы. — Рахмат, анда этинен кетирбей багып тур. Кайра өткөндө токтойбуз, — деп күлдү Ормон хан. — Каап... дагы кайрыларыңарды Кудай билет, — деп кыйылып турду чын ыкластан жолоочуларга сый көрсөткүсү келген сугатчы. — Анда, таксыр, аркы өйүзгө өтүп, эгинди көрө кетпейсизби, — деди Шамен, өзүнүн тоо арасында биринчи болуп эгин айдап, элге өрнөк болгусу келгенин көрсөтүү аракетинде. Өйүзгө өтө тегиз богок сала, итабар көп жерди ээлеп жайкалып турган эгин талаасы атчандардын көз алдына тартылды. Эгиндин четине келгенде аяк-башына көз чаптырып, көйкөлө ыргалып, көздү кубандырып турган талааны көрө: — Текши баш аларга жакындап калган экен. Канча теше эктиң эле? — деп Шаменге кайрылды Ормон хан. — Беш тешеге эгилген. Кудай буюрса эки айга жетип-жетпей бышат, — деди өз ичинен ыраазы болгон Шамен. — Өзүң эле эмес, өзгөлөргө да эгин эккенди үйрөтпөйсүңбү, — деди хан. — Үйрөнүп атышат, менден башка сугатчылардын да эгип алган эгиндери бар, — дедиШамен. — Жакшы экен. Эгин эккендер көбөйсүн. Элде болгону жакшы, — деп жайкалган эгинге көз жиберип турду да: — Өзүңдүн эккен эгиниң канча? — деп сугатчыга кайрылды хан. — Ушул эгиндин майнабынан суу ичкен жарым теше жерим бар, малым да бар. Бир музоолуу уюм, кой-эчким болуп он-чакты жандык, — деди хандын көңүл бурганына ыраазы болуп турган сугатчы. — Эгиниңди эгип, баккандарга эмне акы бересиң? — деп Шаменди карады хан. — Берет, бербей анан, — деп Шаменден озо аны жал-жал карап жооп катты сугатчы. — Акысын так кесер бычып койгун. Булардын акысы кетпесин бекерге, адам акысын жегенди Кудай таала өзү жазалайт, — деди Ормон хан Шаменди катаал тиктеген калыбында. — Албетте акыларын күн мурун бычып, макулдашып коёбуз. Тешесине жарым каптан эгин берилет, — деди хандын катаал көз карашына кысыла түшкөн Шамен.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#155 Пользователь офлайн   Disappear   03 Апрель 2019 - 00:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— «Жарым» деп бүрүштөбөй бүтүн каптан эле бер! Аштыкчыларың ыраазы болушсун, —деди хан. — Ошентебиз, таксыр. Нааразы кылбайм буларды, — деди Шамен. — Кысынбагын, ошент, — деп Шаменди карады да: — Ар ким өз үй-бүлөсү, мал-жаны үчүн эгин эгип, чөп-чарын камдап алгандай болсун. Кар көп жаап, жут болсо кыйналышпайт, —деди. — Эгин эккенге элдин мойну жар бербей турат. Жаз келгенде эле кышты унутуп салгандар көп. Жайды жайлата айыл-айылдан кымыз уулап жүрүп, чөп чаап алганга да чололору тийбегендер арбын, — деди хандан жашы улуу, кадыры өткөн Токтор аке. — Андайлар ышкырып жут келсе бирин-экин малынан кол жууп, тумшуктарына суу жеткенде ийге келишет, — деди хан. — Эгин эгүү, чөп-чар камдоо, кыш камын көрүү — ар бир үй ээсинин иши. Муну түшүнбөгөндөрдү Сиздин жардыгыңызга ылайык жазалаш керек, — деди топ ичиндеги кадырман билермандардын бири. — Таксыр, ашууга чейин итабар бар. Күн кечтей электе Кара-Кужурга түшүп кетели, — деди ар ишке камдуу Шамен. Хан тобу өйдө тарта Терс-Төрдү көздөй бет алды. Кара-Кужур жайлоосундагы мал-жайын көрүп, Шамендин айлына бир өргүп, таң саарынан жолго чыккан Ормон хан тобу түш оой Калмак-Ашууга чыга келе тизгин жыйды. Алдыда асман мелжий суналган ак мөңгүлүү Молдо-Тоо кыркаларынын бетегелүү апай беттерине жалгашкансып көлбүгөн көгүлтүр көл көздүн жоосун алып турду. Көл жээги мунарыктай күн нуруна чагылыша көңүлдү эргитет. Жаратылыштын ажайып сулуулугуна маашырланып турду Ормон хан. Көк-жашыл тартып жаркыган көл жайлоо жарашыгын арттырып турду. — Керемет жайлоо экен го. Ушунча бийик тоо арасында уюткан каухардай көгүлжүм тартып, көңүлдү эргиткен көл жомоктогудай ажайып экен го, — деди көлгө сереп салып ойлуу турган хан. — Таксыр, азыр чети эле көрүнүп турат. Ойго түшкөндө көлүңүз ошондо көңүлгө толот, —деди Шамен. Ары жактан ашууну көздөй келаткан үч атчанды көргөн Токтор аке: — Оо, Келдибек эрен тура, ханды тосуп чыккан экен. Саал кечиккени болбосо тушма-туш чыкты, — деп сөзүн бүтө электе, атчандар белеске жетип, жапырт аттан түшө чылбырларын колуна кармап, төштөрүн баса салам айтып турушту. — Ассалоому алейкум, таксыр ханыбыз, калың саяк элиңизге, касиеттүү Соң-Көлүңүзгө куш келипсиз, — деп утурлай басып, ханга кол берип саламдашты, башында төбөсү бийик ак калпак, ак суп чепкен, ичинен кийген тик жака ак кемселине күмүш кемер курчанган нооча бойлуу, кең далылуу, кабагы бийик, кашы калың, көздөрүн акыл уялаган коңко мурун, жээрде сакалы жайкалган сары чийкил салабаттуу Келдибек бий. Бул өз баркын сактай билген адам ханга ызаат кыла, өзүн сабырдуу кармап турду. — Алейки салам, — деп ооз учунан алик ала мелтиреген калыбын жазбады Ормон хан. Келдибектин артынан Дуулат жана алар менен келген айылдын билерманы Ормон ханга кол берип учураша, калгандарына баш ийкей турушту. Теребелге сереп сала ат үстүндө каалгый ойлуу турган Ормон хан: — Бу силер, саяк туугандар, ушундай керемет жайлоону ханга көрсөтпөй жайлап турганыңар кандай? — деп зоңк этти. Күтүлбөгөн бул суроого кыстала түшкөн саяк бийлери Келдибекти карашты. — «Ак шумкар алганына кубанбайт, чалганына кубанат». Таксыр, чалып турасыз го. Айып бизде чакырып көрсөтө албаган, — деди сөз жүйөөсүн кетирбеген Келдибек бий.— Айып силерде болсо, анда айып тартасыңар. Өзүң ойлоп, өзүң быч айыптын өлчөмүн, Келдибек бий, — деди Ормон көлдү маашырлана караган тейде. — Албетте өзүм бычам, таксыр, — деп борс-борс күлдү да, сөзүн кайра улай, — ойдо элиңиз күтүп турат, — деп атына минди Келдибек бий. Ормон хан тизгин кага кыялай ашуунун оюна бет алды. Көтөрмө бою артта Келдибек бий, Дуулат бий, Токтор аке, Нажимуддин ажы, Шамен баштаган жоон топ атчандар баратты. Хан тобу ашуудан түшүп, көл жээгине бет алды. Баш-аягы көз мелжите тулаңдуу тоо этектерине алкактана көлбүгөн көл бети күн нуруна чагылыша толкундарын жээкке чарпый жайлоонун ажарын арттырып турду. Көл жээгинен үч чакырым берирээк жайкалган көк шиберде чатыраган калың айылды көздөй хан тобу баратат. Айыл кара кыргыз хандыгын түптөөгө көп аракет жасаган, өмүрүн элим деп өтөп, атпай кыргызга кадыры арткан Медет датканын уулу Дуулат бийдики. Айылдан обочо үч ак үй тигилген. Бири он эки канат, экөө тогуз канаттан. Он эки канат ак үйдүн алдында жардана күтүп турган эл. Хан тобу жакындаганда топтон бөлүнө эки киши чыкты. Алдыда ноочо бойлуу ак сакал карыя келатат. Башында кулун тери жеңил малакай. Суйдаң ак сакал-мурутусыйда серпилген, үрпөгөй ак каштары, терең кабагы алдындагы сурмалуу көзү ойлуу тиктейт. Ак кемселине бөз кур курчанган. Сол ыптасында оттук кисе, кындуу бычак илинген карыя жакын келе: — Ассалоому алейкум, таксыр ханыбыз. Куш келипсиз, атпай кыргызга теңир Алла буюрган касиеттүү Соң-Көлгө, калың саяк туугандарыңызга, өзүңүз менен кызматташ болгон айтылуу Медет датканын уулу Дуулат бийдин айылына, — деп салам айтып турду. Ормон хан атынан түшүп, карыяга жана аны менен келген кадырман адамдарга кол берди да, жарданып турган элди карай басты. Коштоп келаткандар да жапырт аттарынан түшүп ээрчиди. Хан тобу элге жетип жете электе, төмөнтөдөн ат дүбүртү чыгып, улак тарта жигиттер келатышты. Алдыда суйдаң жалдуу кула кашка атчан, башын кызыл жоолук менен бууп, жеңдерин коломочтонгон олбурлуу кара тору жигит үйдүн алдына улак таштады да, атынын оозун жыя кайрып келип хандын жанына аттан түшүп, сыңар тизелей салам берип турду. Эл үнсүз жарданып карап турат. Ормон хан чөнтөгүнөн тай туяк жамбы алып жигитке берди да: — Рахмат, бар бол, — деп ыраазылык билдирди. — Күмүш берди... — Чоң экен. Жамбы дейт аны, — деген үндөргө аралаш Ормон хан элдин алдына чыга келип: — Бар болгула, калайык, — деп бир аз ийиле төшүн баса салам берди да, эки жагында жарданып турган элдин ортосу менен боз үйгө бет алды. Эшик алдында тасмалуу элечек оронгон тик жака жеңил кара кемселчен, кундуз кыюуланган белдемчи байланган орто жаштагы салабаттуу эки аялдын бири оймолуу кара көөкөрдөн кымыз куюп, экинчиси ийиле сунуп турду. Ормон хан аякты алып ооз тийип, жанындагы Токтор акеге узата үйгө кирди. Артындагылар даам сыза ээрчий киришти. Үйдүн жасалгасы төп, калың өрө кийиздер үстүнө килем төшөлүп, төргө, эки капшытка кара көлдөлөңдөр салынган. Улагадагы күмүш чабылган эки ала баканга кийимдерин иле жай алышты келгендер. Төрдө, аюу талпак үстүндө, Ормон хан. Оң жагында алдынан тосуп чыгып биринчи учурашкан карыя, Нажимуддин дамбылда, сол жагында Токтор аке, Келдибек бий,үй ээси Дуулат конокторго ызаат көрсөтө төмөнүрөөк олтурат. Коноктор орун ала жайланышкандан кийин хандын оң жагында олтурган карыя алакан жая: — Оо, Жараткан Алла! Калайык калкыбыз айдан аман, жылдан эсен болсо экен. Кыйкырган жоодон, ышкырган жуттан калас кыла гөр. Хандын каарынан, кара өзгөйдүн дооматынан сактай гөр. Элибиздин өрүшү кеңейип, өркөнү өссүн. Аллаху акбар, — деп бата тиледи. Олтургандар жапырт беттерин сылай күбүрөп батага кошулушту. Колго суу куюлуп, дасторкон жайыла даам төгүлүп, шуулдай кайнаган самоор киргизиле шымаланган шайдоот жигиттер бөйрөктүү ак чайнектен чай куюп, конокторго узатып турушту. Бир тынымга чайга карамыга үй ичи үнсүз дымыды. — Оо, өттү го нечен замана. Мен Эсенгул баатырдын учурун көрүп калдым. Калың кыргыз кара калмак менен салгылаша жергеден сүргөн күндөр, кылыч кыңгырап, найза учунан жел ышкырган эрөөл күндөр, кара таандай калың калмактан Ата-Журтту бошотуп, «баш канжыгада, кан көөкөрдө» деп нечен эрендер эл үчүн жан кыйган апааттуу да, үмүттүү да күндөр, — деп карыя демин жыя сөзүн улады. — Ормон баатыр, мага «хан» деген сөздөн, «баатыр» деген сөз жылуу угулат. Ныязбек бий менин курбалдашым, баатыр, бар бол! Кандуу Абылайдын канкор небереси Кенесарыдан элди сактап калган кайратың элиңе жасаган чоң эмгегиң болду. «Эрени болбой эл болбойт» дегендей, өзүң менен бирге кыргыздын көп эрендери кошо салгылашты. Дос да, душман да көрдү кыргыздын ким экенин. Бар бол,баатыр! — деп чайдан ууртады да, сөзүн кайра узатты. — Ышкырып жут келсе, айкырып жоо келсе элдин камы мойнуңарда. Элибиз көчүп-коно чаржайыт. Мал азыгы менен күн көрүшөт. Элди жерге илээштирип эгин эккенге, малына чөп-чар камдап алганга ийиктирсеңер курсак тоюп, турмуш бакыбат болор беле деп ойлоймун.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#156 Пользователь офлайн   Disappear   03 Апрель 2019 - 01:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Ээ, карыя, несин айтасыз. Кенесары «кыргызды каратып, олжого тунам, казак-кыргызга хан болом» деп келди эле. Баса, ага орустун да алы жеткен эмес экен. Биздин кыргыз жоокерлери эрдемсиген ханга, анын түмөндөгөн аскерине кыргыз кылычынын мизин, чокмордун күчүн, найзанын учун таанытты. Ошол кандуу кармаштын башында мына көзүн көрүп мактаган эмес, ханыбыз өзү болду, — деди Келдибек бий. — Кыл чайнап кырчылдашкан кыргында нечен эрендердин өмүрү кыйылды го, — деди сакалын сылап, ойлуу олтурган Дуулат бий.Эшикти эки жакка ача кирген жигит Дуулатка жакын келип, «бата» деп бүлк этти. — Таксыр, ай туякка бата сурайбыз, — деп Ормон ханды карады үй ээси. Чай дасторконуна бата тиленип, жапырт тышка чыгышты. Күн кеч бешим. Үйдөн жүз кадамча оолак, кандагайларын шымданган үч жигит кардай ак боз асый чыкма бээни ноктолоп, туура тартып турушат. Алдыда карыя, анын артында хан коштогон тобу менен ай туякка жыйырма кадамча жакын келе кыркар тарта турушту. — Оо, жараткан Кудай, кара кыргыздын ханы айлыбызга келип турат. Элдин башына кут түшүрө гөр. Кара кыргыз элине ынтымак, береке, бейпил, тынч жашоо бере гөр. Элибиздин башында турган эрендерибизге узун өмүр берип, бак-таалайын арттыра гөр, Аллоху акбар!— деди, алаканын жая, үнү каргылданып жашый түшкөн карыя. Жапырт бата тилене, хан тобу кайра үйгө кирип жай алды. Бир сыйра кымыз сунулгандан кийин: — Таксыр, — деп Ормонго көз жибере үй ээси сөз улады. — Орозбактын «Манас» айтканын уксак деп турат эл. — Аа, эл кааласа «Орозбак өнөрүңдү көрсөт», — деп манасчыны карады хан. Үй ээсинен өйдө олтурган Орозбак тик жака боз кемселинин өйдөкү бүчүлүктөрүн бошото, топусунун чекесин көтөрө оңдонуп олтурду да: — Баатыр, «Манас» дастанынын баарын айтып бүтө албайбыз, кай жеринен айтып берейин,— деп ханды карады. — Элдин суроосун аткар, — деди Ормон хан. — Чоң казаттан... — Каныкейдин ат чапканын уксак... — Кыргыздын Алтайдан Ала-Тоого келгенин уксак, — деген үндөрдү баса: — Өнөр ээси өзүң билесиң да, Оке. Өзүң билип эле элге эрмек болуп бер, — деди үй ээси Дуулат. — Анда Каныкейдин Тайторуну чапканын айтып берейин, — деп тамагын жасай, оңдоно олтурду да:
—Айкөл Манас өлгөнүн,
Айкөлдөн калган дүйнөнү,
Абыке, Көбөш эки арам
Камчыга ченеп бөлгөнүн,
Айкөлүнөн ажырап,
Азапка башы көнгөнүн
Семетейди көтөрүп,
Чыйырдыны жетелеп.
Жоргонун белин төтөлөп,
Букарга тентип төнгөнүн, —баяндап, таякелерине уул болуп Семетей энесинен алыс өскөнүн, Каныкей көөмөйүндө Семетей эр жетсе, элине кошуп Айкөлдүн очогун тамызсам деген ойду көөмөйүндө багып жүргөнүн айтканда, отургандар муюп угуп, кээ бирлери «атаганат» деп шыпшына, Каныкейди тилегине жетсе экен дегенсип кобурай калышты. Айкөлдүн эрдигинен, адилет ишке жан кыйган шердигинен кабар бергенсип, манасчынын айбаттуу үнү теребелге тарап турду. Манасчынын үнү бирде пастап, бирде жесир Каныкей менен уулунан айрылган Чыйырдынын бөтөн жерде өз баласынан өздөрүн жашырып, аруу үмүт күтүп жүргөн сарсанаасын билгизгенсип, муңаят. Семетей эр жетип чоңоё, элине бара турган маалы жеткенде, Каныкей «Манастын арбагы уулун колдоор бекен»,деген үмүт менен алтымыш асый Тайторуну чоң жарышка кошот. Каныкейдин зарыгып күткөн аруу максаты, тобокел ишке бел байлаган кайраты манасчынын кыймыл-аракетинен армандуу барып, кайра көкөлөй кайраттуу чыккан үнүнөн туюлуп тургансып, элдин көңүлү манасчынын кыймыл-аракетине, үнүнө арбалууда. «Арманда өткөн Айкөлдүн үй-бүлөсү тентигенин кара, өзүнүн туугандарынан кордук көрүп...», «Кайран Эне Каныкейдин кайратын көр», деген кобур үй ичин ээледи. Манасчыны көз ирмебей тиктеп, санын таянган калыбында Ормон хан муюп тыңшоодо. Тайтору күлүктү ат чабышка кошуп, эр кийимин кийине, Айкөлдүн ак келтесин асынып, дүрбүсүн колуна алып, күлүктү сүрөөгө чыккан эненин жарык дүйнөдөн жакшылык күткөн үмүтүн, уулунун эрезеге жетип, эл-жерине кошулуусу үчүн жанын оозуна тиштеп, тобокелге бел байлаган адамдык кайратын, эненин эл-жерине, уулуна болгон аруу махабатын баяндаган манасчынын үнү бирде арзыган муңду билгизгенсип, бирде жаркын үмүттү, ага үрөгөн эненин кайратын даңазалай оболоп, шаңдуу чыгат. Манасчынын бүткүл жан дүйнөсү менен кыймыл-аракети менен бериле эненин көп сайкүлүктөрдүн ичинен алтымыш асый карыган күлүктү сүрөп төлгө кылган асыл үмүтү, адамдык кайраты жалгыз уулуна болгон энелик сүйүүсүн баяндап тургансыды. Алгач алтымыш аттын соңунда келаткан Тайторуну дүрбүдөн көргөн эненин «Үмүтүм таш кабабы?» деген коркунучу бара-бара эти кызыган буудандын күүлөнө, сайкүлүктөрдү басып өтө, куйругу сунала келаткан карааны алга сүрөгөндөй болуп турду. Манасчынын үнү, кыймыл-аракети күлүктүн улам бир сай күлүктү басып чуркаган арымдуу арышын билдирсе, бирде күлүктүн жүрүшүнө дүрбү салып турган эненин жүрөгүнүн кагышын билгизгенсип дүкүлдөйт. Улам барган сайын күлүктүн арымы артып, аны сүрөгөн алтын айдар чок белбоо Алманбет баатырды, Көк-Серекти чуратып, капталынан сүрөгөн эр Чубакты көргөн Каныкейдин кайраты артып, үмүтү жанганын олтургандар манасчынын үнүнөн, кыймылынан туйгансып турушту. Ат сүрөөгө кеткен эжесинин чеки ишин токтотуу үчүн аттанып чыккан өспүрүм Семетей да ат сүрөгөндөргө кошулуп, эр Манастын өзү сүрөп келаткан күлүктүн чылбырын ала марага биринчи сүрөп жеткизгенин айтканда, муюп угуп турган үй ичинен: — Бали, жуушаттың бизди!.. — Кошо жүргөндөй болдук. Көп жаша, рахмат! — деген үндөр угулуп, көпчүлүгү жашып кетишкен эле. — Эр Манастын арбагы колдосун. Жамы кыргыз журтунун шарапаты тийсин. Рахмат! — деп Орозбакты карай сөз улады, Ормондун оң жагында олтурган аксакал карыя: — Эми Орозбак мырза эс алсын. Ормон баатырга комуз чертип бергин. Сен да өнөрүңдү көргөз, — деп четкерээк олтурган Музоокени карады. Кара кездеме кыюуланган чыраштуу ак калпагын көтөрө кийип, жүккө жөлөнүү турган комузун алып күүлөп, бир-эки кайрып чертти да, карыяны карап: — Кайсы күүнү чертсем болор экен? — деди сары чийкилинен келген кагелес кер мурут Музооке. — «Өнөрүң болсо өргө чап» деген кеп бар эмеспи. Төк болгон өнөрүңдү, — деди карыя. — Эмесе колдон келишинче эрмек болуп берейин, — деп «Кулпенде» күүсүн бир-эки кайырды да, мурда угула элек жаңы күүнү черте баштады. Алгач шартылдап, алдыдан жакшы үмүт күткөнсүп, шаңдуу чыккан комуз үнү бара-бара муңайым, назик созолоно адамдык астейдил ыкласты, жашоо жарыгы абийир, сый-ызаатты баяндап, көңүлдү жайкаган жоодар кайрыктар үй ичин муютуп турду. Көңүлдүү жайдары кайрыктар билинбестен мукамдуу тез кайрылып, көкөлөй көңүлдүэргите ашыктык арзууну, көңүл кушун таптаган, асыл жар күтүп жашаган бактылуу өмүрдү даңазалап, үй ичиндегилердин жан туюмунан түнөк таап турду. Жагымдуу ыргактар капыстан терс бурула комуз үнү кооптуу күңгүрөп, капкакка тийген манжалар такылдап, коркунучтан кабар бергенсип турду да, үзүлө түшүп муңдуу сыздап, зээнди кейиткен кайры күч жолу кайталанды, анан басаңдай барып кайрадан алгачкы шартылдаган шаңдуу кайрыктарга өтүп, олтургандардын кабагын ачты. Комуз үнү басыла Музооке демин жыйып, оңдонуп олтурганда: — Өнөрүң жетилип калган экен. «Өнөрүң болсо өргө чап» дегендей, өнөрүң өссүн. Ырахмат,— деди комуз күүлөрүн баалай билген кыраакы Дуулат бий. — «Эл ичи өнөр кенчи» деген ушул. Баракелде, күүң далай окуялардын башын камтыйт көрүнөт, жаңы күү го, — деди Токтор аке.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#157 Пользователь офлайн   Disappear   03 Апрель 2019 - 01:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Ооба, абаке, жаңы чыгарган күү, — деп өзүнө ыраазы болгон паанайда комузун жанына коюп, кымыздан кере жута мурутун сылап, аякты дасторконго койду да, өзүн ирмебей тиктеп угуп олтурган Ормон ханга көз жиберди. — Музооке мырза, бир күүдө үч түрлүү окуядан кабар бердиң. Күүңдүн аты эмне? Жайын түшүндүрчү, — деди Ормон хан. — Таксыр, рахмат. Бул күүнү «Музоокенин муңдуу күү» деп койдум. Башымдан өткөн окуя эле. Эп көрсөңүз айтып берейин, — деди Музооке ызаат менен ханга көз жиберип. — Айт, угалы. — Айтайын, таксыр. Кайын-журтум солтонун бардар жеринен эле. Мурдагы жылы жайында кайындарыма учурашканы барып, күйөө бала катары сый-ызаат көрүп, өзүм да кайындарыма өз уулдарындай эгиле мамиле жасап, сылык-сыпаа жүрүүгө аракеттендим. Кайын-журтум үзүлө түшүп сыйлайт. Көңүлүм шат, жарым айча куунап жүрүп, сапарым карып, кайтаар убактым болду. Кайындарымдын бардар, кишиликтүү жерден экенине жана ушундай уюткулуу жерден жароокер асыл жар күткөнүмө ыраазы болуп, кайтууга азирлене баштадым. Жөнөөрүмдө кайнатам алдыма жорго мингизип: «Тукум болсун, өрүшүң кеңейип, өркөнүңөссүн» деп асый чыкма тогуз бээни айгырын кошуп, үйүрү менен алдыма салды. Ушинтип көңүлдүү кайтып бараттым, таксыр. Алдымда бөжүгөн жорго. Айдаганым үйүрлүү жылкы. Келечегим жөнүндө таттуу ойлорго берилип, элиме жөнөп баратам. Ашууну ашып, аркы түбүнө түшкөндө, алдымдан чыккан төрт каракчы башыма союл уруп, эсим ооп жыгылганымды бир билем. Чала өлүк бойдон сүйрөп бир үйгө киргизишиптир. Бир оокумда эсиме келип, көзүмдү ачсам кара алачыктын ичинде босогодо жатам. Коломтонун төрүндө олтурган дулдуйган кара киши ирегеде от үлөштүрүп отурган кемпирди жекире сүйлөдү: — Жанагы томаяк чалыңдын боорукерлиги бир күнү өз башына тиет. Бул чала жан немени эмнеге үйүнө сүйрөп келди! Андай боорукер болсо көөмп, же ташка корумдап салбайбы куран окуп. Муну жыга чаап, малын биз алдык. Түнү менен Анжиянга айдап кетебиз. Бул өлөт. Баш сөөгү талкаланды. Бизде чоло жок. Эгерде өлбөсө эртең менен өлтүрүп койгула да, сүйрөп барып көөмп салгыла, — деди. — Апей, көтөк, эмне дейсиң, жаш немени, — деп чочуп кетти кемпир. — Айтпадымбы, өлтүрүп койгула деп. Башынан мээси көрүнүп турат. Шиш менен сайып койсоң эле өлөт, — деп бурк этти да, эшикке чыгып кетти дулдугуй кара. Өлүм көз алдыма элестеп, ага-тууганым, асыл жарым, кайын-журттарым эсиме түшүп, жан кусалыгы көңүлүмдү тээп, айлам кетип турду. Аңгыча эшик ачылып, салабаттуу карыя кирдида: — Арба, Айымжан байбиче, — деп төрдөн жай алды да, улагада жаткан мени көзү чала: — Бул жаткан ким? — деди. — Муну Сансызбай кызыл жаян болуп, чала жан жаткан жеринен таап, үйгө алып келген, өзү жылкынын түнкү кезүүсүнө кетти. Эми жанагы соку баш жексур: «Муну биз жыга чаап, малын алганбыз. Бул киши болбойт. Сен өлтүр!» дейт, өлүксүз. Өзүлөрү түнү менен бул бечаранын малын Анжиянга өткөрүп кетишет имиш. «Өлтүр, эмгеги былкылдап турат, шиш менен сайсаң эле өлөт» дейт. Эмне кылам? Жексурдун тилин албасам жалгыз уулума кесири тиеби деп корком, — деди кемпир. — Ошондойбу, — деп карыя ордунан туруп, жаныма келди, көңүл коюп карап, башымдын жарасын көрүп, ойлуу турду да: — Бул желмогуздарды кудай эле тыйбаса, элдин убал-сообунан коркпойт. Жаш жигит экен. Муну өлтүртпөйм. Жарасын көрдүм, айыгып кетет. Үйгө алып барып жарасын таңып, эки-үч күн дарыласам, кудай буюрса туруп кетер. Уулум, эптеп тур. Менин үйүмө барабыз, — деди карыя. Өлүм оозунда турган жаныма асмандан Кудайдын алкышы жаагандай сергий түштүм. Турууга аракет жасаганда карыя колтугумдан сүйөп тургузду да, сыртка жетелеп жөнөдү. — Тигилер келгенде... — деп оюн айталбай кысталган байбичеге: — Жоопту мен беремин. Жүр, уулум, — деп үйүнө алпарып, башымдын каны-сөлүн жууп, алдыма төшөк салдырып жаткырды да, — уулум, өзүң да айыгам деп демөөр кыл. Буюрса,эки-үч күндө үйүңө кетесиң, — деп башыма дары чөптөрдөн жаап, өнтөлөп тамак-аш берип, үч күн багып турду да: — Эми үйүңө барагой, уулум, Кудайга аманат, элиңе жөнө. Тири карак жан экенсиң, барып үйбүлөңө кошул. Жолуксак — жолугаарбыз, жолукпасак — аман бол. Эстей жүр, — деп өзүнүн атын мингизип, айлыма жөнөттү, — деп Музооке сөзүн бүтө электе: — Оой, бечара, каракчыларды жер сорсун. — Карыя сооп иштеген экен да. — Ушундай жоомарт, айкөл кишилер бар, — деген кобур үй ичин ээледи. — Бизге да айткан эмес экенсиң күүңдүн баянын, — деп оңдонуп отуруп, Музоокеге таң кала карады Келдибек бий. Кебелбей ынтаа коюп угуп олтурган Ормон хан: — Келдибек бий, Музооке мырза силердин айылданбы? — деди. — Ооба, таксыр, бизге тууган, чоро саягынан, — деди бий. — Музооке мырзаны эмки аптадан калтырбай биздин айылга көчүрүп жеткириңиз. Үйбүлөсү, малы-жаны менен түгөл болсун. Музооке мырза, сен биз менен болосуң. Өнөрлүү кишилер биздин чөйрөдө болгону абзел. Сенин өнөрүң жалгыз эле чорого эмес, жамы кыргызга керек, — деди Ормон хан. Музоокенин аңгемесин көңүл коюп угуп олтурган Дуулат бий: — Таксыр, азырет дамбылда ырас келген экен Сиз менен. Эми бизге шарият жолунан, өмүргө сабак болуучу икаялардан айтып берсе дейбиз, — деди. — Бул суроонун болорун күткөн Ормон хан: — Ажы атайын ошон үчүн келбедиби, — деди Нажимуддинге көз жиберип. Аксы, Ноокен аймактарындагы айылдар менен алакалаш болуп кыргыздын тилин, үрп адатын түзүк билген Нажимуддин дамбылда оңдонуп олтуруп, арам-адал, ыйман-ынсап, жакшылык-жамандык, ак пейилдик жана карасанатайлык, ата-баланын, жубайлардын, ага ининин арасындагы мамилелер жөнүндө маанилүүмаек куруп, уккан жанды муютуп олтурду. Келдибек бий Нажимуддин ажыга ыраазы боло карады: — Ажым, Сизге чоң ырахмат. Көп нерседен кабардар кылып, дилибизди агарттыңыз. Элдин муюп угуп олтурганын көрүп, купулуна толгон Ормон хан аалымга кайрылып: — Ажым, биздин эл момун, ак пейил келет. Түркөйүрөөк жайыбыз да бар. Сизди ээрчитип жүргөнүм, биз менен эл аралап, шарият жолун, жашоого нуска болуучу икаяларды айтып, элге бир четинен эрмек болуп, экинчиден, дилине жаңы ойлорду уялатсын деп Сизге ишеним артып турабыз. Ушинтип элге акыл-насаат айта жүрүңүз, — деп ыраазылыгын билдире бираз ойлуу турду да: — Аалым «Жооп-наме» деген китеп жазып атат. Анда жашообузга жарык жол болуучу шарият жолдору, арам-адал, адеп-тарбия жөнүндө айтылат. Өлбөй турган киши жок. Тиги дүйнө жайын, ал жайда пендеге берилүүчү суроолор, жооптор айтылат. Буюрса жакшы китеп болот. Колуңарга тийгизүүгө да аракет кылабыз, — деди. — Атаганат, колго тийсе кат тааныгандарга окутуп, элге жеткирер элек, — деди Дуулат бий. — Кат тааныгандар бар, табылат андай кишилер, — деди Келдибек бий. — Баса, кат тааныгандардан ар бир айылдан бирден сезимтал жигиттерди тандап бизге жибергиле. Бир чети жанына олтуруп, «Жооп-намени» көчүрүп алышат. Бул өтө маанилүү, —деди Ормон хан. — Жакшы болот экен анда. Андай кишилерди таап, ажынын жанына жибергенге аракет кылабыз, — деди Дуулат бий. — Өзүбүз деле окуйбуз, — деп боюн түзөп, ханды карады, Кокон менен алакада болуп кат тааныган, сезимтал, эл ичинде төбөсү көрүнүп, эр атанып келаткан Тайлак баатырдын уулу Осмон. Ормон хан Осмонго сынаакы көз жиберип турду да: — Дагы бир айтарым бар. Жоо айтып келбейт. «Жарактуу күнү жоо келбейт» деген макал бар. Анын сыңарындай, дайым жарактуу болгонубуз оң. «Ар бир үйдүн тушунда найзасы сайылуу, аты кермеге суутулуу турсун» деген жарлыгыбыз бар. Төрөгелди, Алыбек, Адыл, Андаш, Абыкандар эртеңден баштап айылдарды аралап, элдин жоо келсе кайтарар чамасынб айкашсын. Бүрсүгүнү добулбас уруп, жоо келгендей кабар берип, Көл башы Тулпар-Ташта жоокерлерди жыйнап, даярдыгын көрөбүз. Ат жабдыгы, курал-жарагы шай болгондой болсун, — деп аталган кол баштоочуларга көз жиберип турду да, сөзүн улай: — Дуулат бий,эртең элди чогултуңуз. Калайыкка дидарлашып, арыз-муңу болсо угалы атайы келгенде нкийин. Нажимуддин дамбылда да аларга нуска айтып берет, —деди.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#158 Пользователь офлайн   Disappear   03 Апрель 2019 - 01:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Эл орунга олтураар маалда колго суу куюлуп, дасторкон жайылып, меймандарга сый тамак келди. Тамак сыйы аяктап, бата тиленип, кол жуула хан тобу сыртка чыгып, бой жаза он эки канат ак үйдөн Ормон хан, Токтор аке, Нажимуддин ажы үчөө, калгандары эки тогуз канат өргөөгө бөлүнө өргүп эс алууга басышты. Күн чоң шашке. Айылдан өйдөкү дөңсөөдө уй мүйүз тарта чогулган калың эл. Элдин алдында эки жагына бийлерди, билермандарды алып, Ормон хан олтурат. Эл ынтаа коюп кызыга карай хандан сөз күтүүдө. — Келдибек менен Дуулат бийдин ортосунда олтурган чоң киши хан экен... — Кечээ ашуудан тосуп келишпедиби? .. — Ашуудан Көлдү көрүп таң калды дейт... — «Эмгиче мага көрсөтпөй, ушундай жакшы жайлоону жашырып жүрүпсүңөр, айыптартасыңар бул үчүн» дептир. — «Айыпты Келдибек өзүң быч» дептир. — Келдибек өзү берет беле, малдуулардан алат да. — Капырай, кудайдын жерин «көргөзбөйсүңөр» деп да айып салат экен ээ?.. — Хандын каары деген ошол. — Каары менен зордугу аралаш го. — Өтө чоң киши экен. — Амалдуу да, баатыр да киши дейт... — Ошон үчүн Кенесары, Норузбайдын түмөндөгөн колун жеңди да элге баш болуп, — деген кобурду баса: — Оо, калайык, бар болгула! Таксыр ханыбыз силерге амандык, токчулук, бейкут, бейпил жашоо каалайт. Силер менен дидарлашып, арыз-муңуңарды угайын, ал-абалыңардан кабаралайын дейт. Кана, кимиңердин арыз-датыңар бар, айткыла таксырдын алдында, — деген Келдибектин бийик үнү элдин көңүлүн бура, кобур бир саам тынчый түштү да, анан: — Ашым кескинин кылыктарын айткым келип турат. — Анын эмнесин айтасың. Аны Дуулат эле теске салат. — Эмнени айтат элек. — Жалпы жонубуз тынч эле турат го. — Андан көрө хандын сөзүн угалы, — деген кобурду баса: — Кудайга шүгүр, эл ичи тынч. Анча-мынча чектен чыккандарды, колу туткактарды биздин бийлер өзүлөрү эле териштирип, тескеп турушат. Эл жылдар ара бир келген ханыбыздын сөзүн угалы деп турат, — деди сакалына жаңыдан ак кире баштаган саргыч кызыл жүздүү, бийик ак калпак, пиязы чепкен кийген салабаттуу киши. — Туура айтат. — Арызыбыз деле жок. Сөз угалы хандын оозунан, — деген үндөргө аралаш ордунан тура: — Калайык-калк, эсенсиңерби. Бар болгула, — деген Ормон хандын бийик үнү жыйылгандардын көңүлүн бурду. Элге көз жибере бир тынымга карап тура сөз улады Ормон хан. — Арыз-датыңардын болбогону эл ичи тынч экенинин белгиси. Биздин тилек — ошол эл ичиндеги тынччылык. Айтайын дегеним, өзүңөр күткөн малыңардын убайын көрүп, бакыбат турганыңар бизди кубандырат. Бакыбат жашоо үчүн жалгыз эле малды ээрчибей, эгин эгип, үй-бүлөңөрдүн ун-талканын камдап, малыңарга чөп-чар камдап алсаңар тирлигиңер толук болор эле. Биз мына ушуну каалайбыз, — деди Ормон хан. — Айтса-айтпаса төгүнбү, көрдүк го мурдагы жылы кар оор түшкөндө малынан кол жууп калгандарды. — Хан ошолорду туюп турат, — деген кобурду баса: — Ошондой, калайык, бирөөлөрдүн көзүн карап, ар кимдин эшигинде киренди жүргөндөн көрө аздыр-көптүр мал күтүп, жер тырмалап, өз оокатын кылган жакшы ар кимиңерге. Үйбүлөгө карамдуу, сарамжалдуу болгула. Балдарыңарды бекерчиликтен оолак, малга ынак, жерге жакын өстүргүлө. Каалагандарыңар окуткула. Бийлердин айылдарында бала окуткан молдолор болот. Идиректүү, кат тааныган, окууну каалаган балдарыңар болсо Анжиян, Наманган, Бухара, Коконго, ал эмес тиги Казанга, Өфөгө жиберип, окуунун камын көрөбүз. Мына биз менен Нажимуддин ажы аалым келди. Кеткенче бул кишинин нуска кептерин угуп, көңүлүңөргө түйгүлө. Жана кат тааныган балдарыңарды бизге жибергиле. Нажимуддин ажынын таалимин алып, «Жоопнаме» көчүрүп келишет. Арызыңар жок болсо анда Нажимуддин ажынын насаатын уккула, — деди да, Нажимуддин ажыга кайрыла сөз кезеги Сизде дегендей ишаарат кылды Ормон хан. Селдесинин четин көтөрө, тамагын жасап оңдонуп олтурган ажы: — Ассалоому алейкум, жаңы кыргыз туугандарым. Аман турасыздарбы, үй-бүлө, бала бакыраңар эсенби, — деп көпчүлүккө көз жибере турду да, сөзүн улады. — Бул жарык дүйнөдө аммабыз түбөлүктүү эмеспиз. Жарык дүйнө бизге убактылуу жай. Эртеби-кечпи жарыкчылык менен коштошуп, түбөлүктүү тиги дүйнөгө өтөрүбүз ак. Аз өмүрүбүздү адал эмгек менен адилет жашап, ибадат кылып, ыйман күтүп, Алла тааланын алдына жүзүбүз жарык баруунун камын көрүү — бул дүнүйөдөгү биздин парзыбыз, — деп оюн бүтө электе,эл ичинен: — Ажым, шарияттын узун нускалуу жактарын баяндаган насаатыңызга рахмат. Окубаган көзү туюк элге кыска, так, мүмкүн собол-жооп иретинде аңгеме куруп берсеңиз жеткиликтүү болор беле, — деди Ормон хандын жанында олтурган аксакал карыя. — Аа, ошондой болсо ям түзүк болоду, — деп кол жоолугу менен чекесин сүртө сөз улады ажы: — Кудай таала адам баласын башка макулуктардан артык жаратты. Акыл берди, тил берди, дил берди, дин берди, ыйман берди. Эмесе ушулар жөнүндө бирден гяп уралы. Ыйман деген эмне? Ыйман Кудай тааланын бардык, бирдигине ишенүү, Кудай бирөө гана. Жардамчылары жок. Кудай тааланын аты — Алла. «Ла иллаха илла Алла» деген келменин мааниси ушуну айтат, — деп сөзүн бүтүрө көпчүлүккө көз жиберди. Эл ичинен: «Кудая тобо. Кудайдын да аты болот экен ээ. «Алла» деген Кудайдын аты тура»,— деген үндөр угулду. — Алла тааланын жердеги элге жиберген элчиси Мухаммед Алейхи Салам,—деди ажы. — «Элге Мукамбет пайгамбарды жиберген экен да Кудай». — «Ага аян берген, Асмандан жиберген эмес. Периште келген», — деген үндөрдү баса: — Ооба пайгамбарыбызга Алла тааладан периштелер аркылуу Курандын сүрөөлөрү келип турган. Анда жакшылык, ыймандын соолбос башаты, жакшылык деген эмне, ал адамдын акаракетинен жаралат жана эң жөнөкөй нерселерден башталат. Жолду бөгөп таш, же башка нерсе жатса, четке чыгарып, жолду бошотуп коюу — башка кишилер чалынып жыгылбасындеген жакшы ниет. Мына ушул жөнөкөй иш ар кимдин колунан келет жана ыйман ушундан башталат, — деп ажы тыным жасай калганда: — «Оо, анда оңой эле экен да. Андай болсо жолду тазалай берсек эле тиги дүйнөгө барганда коркуунун кереги жок экен да». — «Коркпой көр, көрдө мүңкүр-маңкир сабайт дейт», — деген сөздөрдү угуп, мурутунан жылмая ажы: — Ооба, ыйман күтүү оңой эле иш. Өз эмгегиң, өз аракетиң менен бирөөгө кара санабай, таза, адал жашаган киши, намаз окуп таат-ибадат кылса, коркпосо болот, — деди. — Көрдө мүңкүр-маңкирлерден таяк жебес үчүн эмне кылуу керек? — деди карала таар кемселчен, кайыш мөкүчөн, малакайын көзүнө баса кийген сакал-муруту сейрек, орто жаштардагы кара сур киши. — «Рапыгың ким?» —деп сурайт имиш, билбей калса күрсү менен сабайт имиш,—деди бирөө. Кобур көбөйүп баратканда жылмая колун көтөргөн ажы: Азыр айтып берейин. «Рапык» эмес, «раббиң ким?» дейт. «Рабби» деген «жараткан эгем» деген сөз. Ага «Рабым Алла» деп жооп бериш керек, — деди. — Анда оңой эле экен, — деди дагы бирөө. — Көр сурагынын мындан башка соболдору да бар. Ал Кудай тааланын бар жана бир экенине ишенүү, периштелерине ишенүү, китептерине ишенүү, акыр кыямат күнүнө ишенүү. Жакшылык-жамандыктын Алла тааладан экенине ишенүү, — деп ыйман маселелерин санап өттү да, алардын ар бирин чечмелеп, жашоодон мисалдар келтирип, Нажимуддин ажы чогулган элге кызыктуу, маанилүү маек куруп берди. Бешим маалы болгондо эл үйлөрүнө тарап, Ормон хандын тобу жана бийлер Нажимуддин ажынын ыймамдыгына уюп, бешим намазын окуду. Намаздан кийин Ормон хан жан жөкөрлөрү менен аттанып, Көлдүн аягындагы айылдарга жөнөдү. Көлдү аягынан айланаТаш-Кечүү, Таш-Тулганы басып, тескей жээктеги айылдарды аралап, бүрсүгүнү ТулпарТашта жыйылган жоокерлер менен жолугушмакчы. ..



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#159 Пользователь офлайн   Disappear   03 Апрель 2019 - 01:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Көлдүн башы. Айтылуу Тулпар-Таш. Асман чайыттай ачык. Көл аягы тоо кыркаларынан көтөрүлгөн күндүн нуру көл үстү жыбыраган майда толкундарга чагылыша, көгүлтүр асманды чөгөрүп алгандай, теребелге керемет жарашык таратып турат.Тулпар- Таштан өйдөкү тоо этеги түзөңгө таң саарынан бери ар кайдан келип жыйналган куралдуу атчан жигиттердин тобун аралап, Алыбек, Адыл, Андаш, жез чочмор Манде, Абыкандар жүрүшөт. Ар бири өз уруусунан келген жоокерлердин ат жабдыгын, курал жарагын тескеп, хандын көзүнө уят болбой көрүнүүнүн аракетинде. Башына туулга, зоот чарайна кийген Төрөгелди баатыр суйдаң жалдуу, мойну жаадай ийиле ойноктогон Аксурдун тизгинин жыя жоокерлердин тобуна ойлуу көз салып турат. Бир тыным өтө жоокерлердин даярдыгын көрүп, кыркаар тарттыра түзөп болгон Алыбек, Андаш, Манде, Абыкандар катар бастыра Төрөгелдинин алдына келишти. — Баатыр, — деп биринчи сөз баштаган Алыбек ээрге оңдонуп олтура саяк уруусунан 111 жигит жыйылганын, кээ биринин ат улоосу жармач экенин, кээ бирлери куралсыз келгенин айтып, андайларды кайра үйүнө жибергенин билдирди. — Черик, азык, эсенгул, сарыбагышынан 85 киши келиптир. Алыбек айткандай, аты жармач, союлун такымына кыстара адыраңдап келгендери да бар. Аларды «хан көрбөсүн» деп кайра кетирдик, — деди Адыл. Жоокерлердин абалын аныктап чыккандардын сөзүн кунт коюп уккан Төрөгелди: — Жип-куюшкан, жип-олоңдорду табаарсыңар, дагы бир сыйра байкап көргүлө. Андайлар кетсин айылдарына, — деди. «Ат улоосу начар, курал-жарагы кемчил» деп айылдарына кетирүү үчүн четке чыгарылган жигиттердин арасынан эти жадоо чабдар атына аштама ээр токунган, башын боз жоолук менен бууп, карала таар кемселинин жеңин коломочтоно турган желки, сары чийкил жигит жыгач үзөнгүсүн чирене тээп алдыга чыкты да: — Эч кимден кемим жок. Чабдарым учкул. Бөрү тил найзам колумда. Жоо келсе катыгын менда беремин. Мени үйүмө кетире албайсыңар. Уялбай элдин көзүнө кантип көрүнөм, эл жоого аттанып атса, — деди. Топтун ичинен: — Туура айтат, уялбай кантип кайра кетебиз. — Биздин башкалардан кемибиз жок, — деген үндөр чыкты. Топтун жанына келип турган Төрөгелди: — Куру дымак менен жоого аттанчу беле, жигиттер. Жоо беттеше келгенде куру дымак жардам бербейт. Баргыла, баатырлар. Курал-жарагыңарды, ат-көлүгүңөрдү камдасаңар кошуп алабыз, азыр баргыла, баатырлар, — деди. Илең-салаң бастырган жармач ат, жараксыз куралдуулар айылдарына тарады.—Кенесары, Норузбайдын кунун кууп жоо келген го. — Жок, Кокон каптап кириптир дейт. — Кокон эмес, Кашкардын кожосунун колу келатат дейт. — Кытайлар го. — Эмне болсо да көрдүк да, Кудай бар, тобокел дейбиз. — Атасынын көрү, жумуру башка бир өлүм. Кылычташса — кылычташабыз, найза сунса —найзалашабыз. — Кудай сактай гөр. Үй-бүлөнү кайра көрсөк экен, — деген үндөр жоокерлер тобун аралап турду. Кобурап ар нерсени түкшүмөлдөгөн жоокерлер Төрөгелдиден сөз күтүүдө. Төрөгелди үн дебей, топту карап ойлуу турат. Тескей жээктен атчандардын калың тобу жакындап келатат. Алдыда келген Ормон ханТөрөгелди баатырдын саламын алик ала кыркар тарта жаадай ийиле турган жоокер жигиттерге көз жиберип турду да: — Бар болгула, азаматтар. Үй-бүлөңөр эсенби, кайда барганы, эмнеге чогулдуңар? — деди капыя суроо салып. — Жоо кайырганы барабыз. — Кайда жиберсе да барабыз, — деген үндөр угулду. — Дымагыңарга ыраазыбыз, рахмат, баатырлар. Азырынча тынччылык. Ошентсе да «жоо айтып келбейт» дегенди эске алып, жоо келсе чама-чаркыбыз кандай экенин көрөлү деп силерди жыйдык, — деди хан. — Таксыр, жигиттер дымактуу экен го. Кудаага шүгүр, — деп сакалын сылай Ормон ханды карады Келдибек бий. Хан камчысын солбуй кыркаар тартып турган жоокер жигиттердин катарын бойлой, алардын ат жабдыгына, курал-жарагына, жалпы абалына көз жибере бастырды. Артынан Төрөгелди, Алыбек, Адыл, Келдибек, Дуулат бийлер ээрчиди. Жигиттердин катарын кыдырып көрүп, четине чыга кайра кайтып, ортолой келе тизгин жыйды да: — Ыраазыбыз, бар болгула, азаматтар! Чамаңар түзүк экен. Мындан дагы бекем, чыйрак болгула. Келдибек бий силерди түштөндүрүп сый көрсөтөм деп турат. Барып сый көрүп, эс алгыла. Оюн кургула. Эр эңиш, балбан күрөштө күчүңөрдү сынап, тамаша кургула, — деди да, Көлдүн Күңгөй жээгин көздөй тизгин бурду. Дуулат, Келдибек бийлер хан тобун ээрчий жөнөштү. Төрөгелди, Алыбек, Андаш, Абыкан, Манде баш болгон кол баштоочулар жоокерлерди кыркаар тарттыра ээрчитип, Көлдүн тескейиндеги жашыл тулаңдуу жайыкта чатыраган ак үйлүү калың айылга бет алышты. Хан Дуулат бийдин айылынан бүгүн узайт. Узатуу сыйынан кийин коштошоор алдында үзүр масир аңгеме курушуп, хан тобун ээрчиген билермандар айылдан өйдөкү дөңдө отурушат. — Келип-кеткениңиз жакшы болду. Эл да демөөрлөнүп калды. Жоокерлердин дымагы да түзүк экенин көрдүңүз. Биз элдин тынччылыгы үчүн Сиздин калкаңызда кызмат кыла беребиз, — деди Дуулат бий. — Мурдагы жылкы калың кар, мойну узун кыштан кийин эл жайкысын бош жүрбөй малына чөп-чар камдап, суу жээктей аздыр-көптүр эгин эгип, сарамжал күтө баштады. Бул жакшы жышаана Сиздин жарлыгыңыздан чыкты, — деп сөзгө аралашты Дуулат бийдин катарында олтурган кызыл чийкил салабаттуу киши. — Азырынча андай сарамжал күткөндөр аз дечи. Ошентсе да туура айтасын, бул жакшы жышаана, — деди Келдибек бий. — Элдин дыйканчылыкка бет алганы албетте жакшы. Бара-бара тиричиликтин нугу ошол жакка бурулат го. Менин айтайын дегеним, айылдарда кат тааныган кишилер жокко эсе окшойт. Келдибек бийдин айылында үч-төрт бала молдодон таалим алып окуп жатышыптыр. Бу да жакшы. Бирок жетишсиз. Эл кат таанууга муктаж, дилгирлиги байкалып турат, — деди Нажимуддин ажы. — Бир жактан кат келсе күндүк жерге ат чаптырып молдо издейсиңер. Качанкыга чейин ушинтип жүрөсүңөр. Ар бир айылда балдарды чогултуп окутуунун камын көргүлө. Нажимуддин ажы жардам берет. Анжыян, Наманганга киши жиберип, айлыңаргаа алымдарды алып келгиле. Азырынча бирин-серин кат тааныган зээндүү балдарыңарды Нажимуддин ажынын жанына биз жакка жибергиле. Биринчиден таалим алып, кечээки айтылган «Жооп-наме» китепти көчүрүп келишсин. Зекетке жыйылган малды пулдатып, жакага мечит, медресе курдургула. Зекет пулу андан артса жетим-жесирлерге үлөштүргүлө, — деди Ормон хан. — Ошондой болуп турат. Чын эле кат келсе окуур кишибиз жок. Сиз айткандай, аракет кылбасак болбой калды. Мен да молдо издетип атам. Табылып калаар. Биз да айылга балдарды чогултуп окутабыз, — деп өзүнүн бул жагынан Келдибек бийден кем болуп турганына намыстангансып, сакалын сылай оңдонуп олтурду да, — «мечит, медресе курдур»дегениңиз зарурат иш. Буга киришебиз. Ажы менен байланышып турабыз, — деди Дуулат бий. — Баатыр, — деди ханды алгач тосуп алып бата берген карыя. — Көчүп-коно күн көргөн байыркы эл элек. Жашообуздун нугу өзгөрө тургандай кыязы бар. Эгин эгип, токчулук камын көрүп, балдарды окутуп, шарият жолун үйрөнүү зарурат экени туюлуп турат. Келип-кеткениң ырас болду. Ушул зарурат иштерге дем болор дейбиз, — деп сөзүн бүтө электе дөңдүналдынан чыккан калың жылкынын дүбүртү элдин көңүлүн бөлдү. Жалдуу ак боз айгыр баштаган биринен-бири айыргыс кардай ак боз бээлердин үйүрүнүн алдын тосо укурукчан жигит Келдибек бийдин желеси жакка кайрый баштаганда: — Оо, түз эле ашууну көздөй айдай бер, — деп үн сала чубаган жылкыга көз жиберип турдуда: — таксыр, бул жылкылар саяк туугандарыңыздын Сиз келип Көлдү көрүп кеткениңизге берген көрүндүгү болсун, — деди Келдибек бий. Ормон хан санын таянган калыбында мелтиреп үнсүз олтурду.

— Жаныбарлар биринен-бирин айыргыс туу калган асый чыкмалар экен. Көргөн көзкубанат, — деди олтургандардын бири. — Буюрсун, — деп кайдыгер унчукту ак сакалдуу карыя.Ормон хан, Шамен, Токтор, Нажимуддин ажы, Келдибек, Дуулат бийлердин узатуусундааттанып, көлдүн Күнгөй жагы менен Кең-Суу, Тар-Суу, Сары-Жон, Бөрүлүлөрдү аралап,Кумбел аша Кара-Кужурга өтүп кетүү үчүн жөнөдү. Андан ары Жалак-Бел ашып, Кара-Саз,Кара- Каман, Балгарт жайлоолорундагы элди араламакчы. Саза, Жаманжээн баштаганжигиттер Калмак-Ашууга жылкынын артынан бет алышты.

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 03 Апрель 2019 - 01:28



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#160 Пользователь офлайн   Disappear   03 Апрель 2019 - 01:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

АЙТУУГА КЫЙЫН

Эл кыдырып кайткандын эртеси Ормон хан ордо үйүндө Калыгул кеңешчи, Нажимуддин ажы менен эл жайы туурасында сүйлөшүп олтурду. — Шаменге ыраазы болдум. Алыш салып, суу чыгарып, жамы элге өрнөк боло турган иш жасап атыптыр. Бир кыйла жерге эгин эгиптир. Эгини тегиз баш алып, көздүн жоосун алып турат. Жатакчылары да бакыбат турушат экен. Ушундай оокат кылгандарды көбөйтүүнүн камын көрсөк деп турамын,—деди Ормон. — Жакшы иштер башталып атыптыр. Бара-бара эл көнүп кетет. Тоолук кыргыздар абдан ак көңүл, жөнөкөй, ар нерсеге ынтызар экенине көзүм жетти. Айрыкча окууга, шарият жолун үйрөнүүгө ынтызарланып турганы мени курсант кылды, — деди Нажимуддин. Өзүнүн эл аралап, шарият жолун айтып, дил агартууга жасап келген аракеттерине ыраазы экенин билдире «алхамдулилла» деп ичинен күбүрөй сакалын сылап турду да, кайра сөзүн улады. — Сиздин: «Медресе курдурам, мечит курдурам, балдарды окутам» деген ойлоруңузду жамы калк жан-дили менен түшүнүп турганын байкадым. — Ажым, Сиз кыргызга чоң кызмат өтөп бергени турасыз. Момун элди агартуу үчүн иштесеңиз чоң сооп табарсыз. Элден мал чогултуп, жакын күндөрдө Анжиянга айдатабыз.Түшкөн пул Сиз айткан зарурат иштерге жумшалат. Сиз өзүңүз да алар менен барып, эл журтуңузга учурашып, биз жакка келип элди окутуп, көзүн ачууга жардам бере турган аалымдарды үгүттөңүз. Келишсин биз жакка, көрдүңүз го — эл аларды кубанып кабыл алат,— деди Ормон хан. — Жакшы иш болоды. Сиз калкыңызды кыдырып, ал-абалын көрүп, жуда сооп иштерди иштеп келдиңиз. Мен колумдан келген иштеримди кыргыз агайындар үчүн жасай беремин,— деди, туулуп-өскөн шаарына барып келүү мүмкүн болуп турганына ичинен кубанган Нажимуддин ажы. — Калыке, мен дагы бир ишке ыраазы болдум. Добулбас уруп, Тулпар-Ташка жоокерлерди чогултуп көрдүк. Ат жабдыктары, курал-жарагы шай, баары дымактуу экен. Кокондун мизин кайрып, Кенесарынын баскыны жоюлганына шерденип турушканы байкалат, — деди Ормонхан. — Силердин алдыңарда бир айгыр үйрү жылкы айдап келишти. «Айыпка алынган мал» дейт. Ал кандай айып болду экен? Айыпка жыгылган ким экен? — деди кабагы бүркөө, ойлуу олтурган Калыгул. — Аа, айып... — деп борс-борс күлүп, Калыгулдун абалына көз жибере сөз улады Ормон хан.— «Соң-Көл мыкты жайлоо экен. Ушундай жарашыктуу жайлоону, саяк туугандар, эмне үчүн мага көрсөтпөй жүрөсүңөр» десем, Келдибек бий «айып бизде» дейт. «Айыптуу болсоңор,айып өлчөмүн өзүң быч» дедим эле. Ошолор айдатып жиберишкен тура жылкыны, — деди. — Осол иш болгон экен. Жер Кудайдыкы да. Элдин ырыскысы жерде. Бекер кылыпсың. Өз малың деле жетпейби, — деди Калыгул. — Ырыскы баарыбызга тең. Ошол жылкыны үйүрү менен Анжиянга айдатып, пулунамедресесалдырамын, — деди Ормон хан. — Катта сооп иш болот. Жамы элдин муктаждыгы да медресе куруу. Камтама болбоңуз, —деди Нажимуддин, ойлуу олтурган Калыгулга кайрылып. Аалымга өзүнүн иштери жагып турганын байкаган Ормон хан: — Нажимуддин ажы, биз менен аралашып жүргөнүңүзгө бир кыйла болду. Биздин иштерибизге, аракетибизге көз салып жүрөсүз. «Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк» деген кеп бар биздин кыргызда. Айтыңызчы, биздин иштерибиздин дурус-буруш жактарын байкагандырсыз. Айбыкпаңыз, кемчилигибизди угуп алганыбыз оң, — деп аалымга кайрылды. Нажимуддин ажы бирде ойлуу мостоё, бирде жылмая бир тынымга унчукпай турду да: — Таксыр, сиздин сурооңузга жооп берүү кыйын. Ошентсе да байыркы өткөн улуу падыша Искендер Зулкарнайндын өмүрүнөн бир икая айтып берейин, — деп, кылымдар түпкүрүнө ой жүгүрткөнсүп, көзүн ачып-жума сөз улады. — Искендер Зулкарнайн 17 жашында грекке падыша болгон. Кырым-Урумду каратып, Персияны багынтып, Аму-Дарыя, Сыр-Дарыя боюндагы элдерге келип өкүм сүрүп турат. Атак-даңкы алыска кетип, мартабасы ашып ташып турган кези. Согду бегинин кызы Роксана сулууга үйлөнүп, жаш жарынын урматына шаар курдурат. Ал азыркы Ходжент шаары. Шаар курулуп бүтүп, падыша жана анын жаш жубайы үчүн курулган аземдүү сарайда той өтүп жатты. Тойдун шаани-аземи артык. Төрдө алтын тактын бийик орунтуктарында жаш жубайы менен падыша сөөлөттүү отурат. Жука жибекке ороно тал чыбыктай буралган кыздардын бийин тойдо олтургандардын падышаны, анын мартабасын, жаш жубайынын сулуулугун кошоматтап мактаган биринен-бири өткөн сөздөрү алмаштырып турду. Ар бир сөз бүткөндө арфа, най үндөрү кубулжуй жаңырып, салтанаттуу коштоп турду. Искендер падышаны бала кезинен тарбиялап, таалим берген тарбиячысы даанышман аалым, жанда жок чечен Калисфен унчукпай ойлуу, оор басырык олтурат. Ооз учунан апырткан жалган мактоолорулук падышанын жеңиштеринин жана бийик мартабасынын баркын кетирип турганына ал нааразы эле. Калисфендин пикири менен Искендер падышанын эсептеше турганы жана аны нукура сыйлаарына ичи тарып жүргөн падышанын вазирлеринин бири ойлуу, унчукпай олтурган акылмандын абалын көзү чала падышанын жанына келип: — Улук падыша! Караңызчы, тигинин таштай катып олтурганын. Ушундай кубанычта санаасы жаман киши гана кайдыгер олтурат. Мен айтып жүрбөймүнбү «Сизге мунун санаасы түз эмес» деп. Уруксат этсеңиз мен ага сөз берейин, угуңуз — эмне айтаар экен, — деди да, падышанын баш ийкеген макулдугунан кийин алгач өзү мактоо айтып, андан кийин аалымга сөз берсем дурус болор деген ойдо: — Оо, улук падыша! Сенин алдыңа бүткүл аалам баш ийип турат. Сен кудайдын баласысың. Сен ааламга жаркып тийген Күнсүң. Сенин алдыңда бутуңа жыгылып, тооп кылып, биз бактылуу болуп турабыз, — деди. Вазирдин сөзүн коштоп, «Падышага даңк, даңк!» — деген үндөр басыла: — Урматтуу кеңешчи, акылман Калисфен, сен да биздин улук падыша, анын ааламга жеткен өкүмдарлыгы, Кудайдын баласындай башкалардан артыкчылыгы жөнүндө айтып берүүңдү өтүнөбүз, — деди. Сабырлуу, токтоо олтурган аалым ордунан турду да: — Улуу падыша! Менин жарык дүйнөдөгү жашоомдун максаты айткан сөздөрүм кошомат катары кабыл алынбаса экен деген тилек, — деди да, сөзүн улады. — Сенин улуу жүрүштөрүң Батыш менен Чыгыштын арасын бириктирип, илимди, өнөрдү,маданиятты эки жакка, эки тарапка, жалпы Ааламга орток кылып, адамдын дүйнө таанымын байытат. Батыштын, Чыгыштын элдери бири-бирине карым-катыш болуп, дүйнөдө жакшылык өкүм сүрүп, береке-бейпилдиктин орношуна алып келер деп ойлоймун Сиз баштаган бул улуу иш. Мындай улуу иш акылы терең, ой чабыты кенен, эр жүрөк, көйкашка туулган өзгөчө кишинин гана колунан келет. Мындай киши менин баамымда азырынча бирөө гана. Ал, Искендер падыша, сенсиң. Сенин жахангер, кыраакы, алдын көрө билген колбашчылыгың менен Грециянын даңктуу аскерлери сен каалаган асыл максатты ишке ашырат деп ойлоймун, — деди да, ордуна олтурду. Калисфендин жүйөлүү, далилдүү, таамай айткандары мактоодон алыс, бирок кашкайган чындык эле. Бул сөздөрдөн кийин мурдакы айтылган көшөкөр кошомат сөздөр өзүнүн маанисин жоготконсуду. Мындай таасын, чыныгы айтылган мактоону мурда уга элек падыша Калисфенге ыраазы боло көз жиберип турду да: — Урматтуу Калисфен! Мен дайым эле мактоо угуп жүрөм. Менин кемчиликтерим жөнүндө эч ким айта элек. Сизден мен кемчиликтерим жөнүндө айтып берүүңүздү өтүнөмүн, — деди падыша. Аалым ордунан туруп, тойго катышкандарды тегерете карады да, падышага кайрыла: — Оо, улук падыша! Жамандык менен жакшылык жанаша жүрөт бул жалганда. Ийгилик менен кемчилик да жанаша. Сенин түмөндөгөн аскерлериң басып өткөн жерлерде эчен шаарлар талкаланып өрттөндү. Гүлбакчалар, гүлзарлар, мөмөлүү бактар кыйрап, тепсендиде калды. Жазыксыз кан төгүлүп, жаш акты. Жетим-жесирлердин зарлаган ыйы, кайгы-зары артты. Сенин баарын кыйраткан ырайымсыз жүрүшүңөн калайык-калктын тарткан азабы чексиз. Сен өзүңдү өтө жакшы көргөн катаал жана ырайымсыз кишисиң. Эл сени сыйлаганынан, ызааттаганынан эмес, каарыңдан корккон жан айласынан улам сага жүгүнүп турат. Сенин айланаңда апырта мактаган кошоматчылардын сөзүн угасың. Аларга сый көрсөтүп, жаныңа тартасың. Мактоого манчыркап, сен азыр өз кемчилигиңди көрбөй калдың. Менин бул сөздөрүм же адилет ордун табар, же менин жарык дүйнөдөгү айткан акыркы кеп кеңештерим болор. Эсиң барда ойлон, улуу падыша, элдин убал-сообу мойнуңда, — деп сөзүн бүтө, салмактуу салабатын жазбаган калыбында ордуна барып олтурду. Акылмандын мактоосу да нукура чындык. Кемчиликтерди бетке айтып сыноосу да нукура чындык. Падышанын ой таразасы улам бир жагына ооп турду. Муну байкаган кошоматчы вазир Искендер падышанын жанына келди да: — Эми ишендиңизби мунун душман экенине. Уктуңуз го кандай оор, ачуу сөздөрдү айтты, —деди. Вазирге макул боло баш ийкеген падыша Калисфенге кайрылып: — Ишендим, сен менин келишкис душманым экенсиң. Мен сени кыйналып өлүүчү жазага буйрамын, — деди.Бийчи кыздар тегерене бийлеп, мактоо сөздөр айтылып, той уланып жатты. Эртеси күндүн муруту чачырай чогулган жоокерлердин жана элдин алдында Искендер акылманды тордогу ач арстандын алдына таштатты, — деди да, Нажимуддин ажы чөнтөгүнөн жүз аарчысын алып ээрдин сүртө, сакалын сылай оңдонуп олтуруп, Ормон ханга көз жиберди. Ал көз ирмебей тиктеп, кебелбеген калыбында: — Уктум, ажым, рахмат, — деди. Ынтаа коюп угуп олтурган Калыгул жылмая Нажимуддин ажыны карады.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 17:19

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: