Суперстан: Хан Ормон - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Хан Ормон Токтоналиев Жапаркул Хан Ормон: тарыхый роман

#161 Пользователь офлайн   Disappear   04 Апрель 2019 - 11:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

МҮДӨӨЛӨР ТӨП КЕЛГЕНДЕ

1848-жыл. Баш оона. Жайдын толуп турган кези. Аягөздө чоң ордо приставы Перемышльскийге жолугушуудан кайтып келаткан Боронбай бий Көк-Ойроктон Жантай бийдин айылына кечээ кеч бешимде келген. Чоң үйдө сыйлуу конок болгон бий эртең мененки намазды үй ээси Жантай бий менен чогуу окуду. Намаздан кийин Жантай бий коногун Акмөөрдүн өргөөсүнө баштады. Өзүнө жакын, көңүлү сүйгөн кишилерге сыйды Мөөрдүн алдында көрсөтүүнү бий көөмөйүндө жактырар эле. Эшик ачыла алдыда кирген салабаттуу кишини көрө Мөөр ордунан илбериңки тура төшүн басып, бир аз ийиле ызаат менен тосуп алды. Боронбай бий ырга кошулуп даңазаланган Жантай бийдин сулуу токолун көрүүгө ынтызарланып келатты эле. Көк тукаба кемсели боюна кынала, алдына салынган жука жибек жоолук чырайын арттырган сурмалуу көз, ак маңдай, кыргый мүчө, кымча бел жаш келинди көрө Боронбай бий: — Арбаңыз, — деп башын ийкей саламдашты да, төрдөгү аюу талпактын үстүнөн жай алды. Ашкере сулуу татына келинди көрө бийдин эртегиси эсине түшүп, илгери кыз оюндарда ырдалуучу:
Самсаалаган саамайың,
Сары жылдыздай маңдайың.
Сагыныша келгенде
Сары мейиз татыйт таңдайың.
Күлсөң жаркыйт ак маңдай,
Тиштериңдин арасы,
Күмүштөн чеге каккандай.
Копшогондой жумуру,
Колдоруңдун салаасы.
Бейиштен чыгып келдиңби,
Пенденин эмес баласы, — деген ыр саптары оюна келип турду. — Эми, бий, жашыңыз улуу болсо да, жаныбыз курбу. Бирер жылдардан бери катарлаш, эл кызматын чогуу өтөп келатабыз. Келгениңиз мени курсант кылды. Бүгүн өргүп, эс алыңыз. Эртең буюрса Көк-Ойрокту ашып, Көлүңүзгө кирип кетесиз, — деди Жантай бий, көрөр көзүнүн конокту ызаат менен илбериңки тосуп алганына ичинен кубана, анын ашкере сулуу чырайына, сымбатына көз жиберип, ыраазы болуп турду. — Мен да атайын дидарлаша кетейин деп кайрылдым. Бүгүн көргөн эртең жок. Опасыз жалган дүйнөдө дидарлашып турганга не жетсин. Тириликке канымет кылып, бири бирибизге эш боло жүрөлү, — деди Боронбай бий. Дасторкон жайылып, даам төгүлүп, самоор киргизген жигит чыгып кеткенден кийин Акмөөр ак чайнекке чай демдеп, гүлдүү чыныларга куюп, сыңар тизелей олтура ызаат менен мейманга, анан эрине чай сунууда. Дасторкондон даам ооз тийип, чай ууртап бир тынымга үнсүз олтурган Боронбай бий: — Эл ичи тынч, журтубуз бейпилдикте турабы? Тыштан мал тийген кесепет жокпу? Эл ичинде тартип кандай? — деп суроо таштады. — Кудая шүгүр, тынччылык, бий. Өткөн жылы Капалда жандырал орус улугунун ортомчулугу менен тынчтык нааме түзгөнбүз. Уккандырсыз ал жөнүндө. Ошондон бери казактардын барымта кармап, мал тийүүсү токтоп калды десек болот. Ички уурулар да бакан бастырып, чылбыр толготуп, малын талаткан катаал жарлыктан чочулашып, тыйылгансып турат. Ушундай катаалбыз, — деп борс-борс күлдү да, — баарынан да кызыгы, өз атына кишен салгандарды да айыпка жыгабыз, — деди үй ээси. — Өз малына ар ким өзү ээ да. Кандай бакса өз эрки. Өз атыңа кишен саласың деп бирөөнү айыпка жыгуу обу жок катаалдык деп ойлоймун, — деди узаткан чынысын ызаат менен алган Акмөөргө астыртан көз жиберген Боронбай бий. — Арийне опсуз катаалдык, Сиз айткандай, обу жок иш. Кудаңыз эмеспи, ыгы келгенде айтпайсызбы, — деди Жантай бий. — Кудалыктын жайы бир башка, хан ишинин жайы бир башка экенин туюндурду, Ормон баатыр. Анын үстүнө «Кенесары чабуулуна катышпай калдыңар» деп бугуларга сыртын салып, ачуусу тарабай жүрөт, — деди Боронбай бий. Жантай бий бул ишке бугулардын катышпай калганына бир четинен нааразы да эле. Мейманын карап бир аз ойлуу турду да: — Албетте чама-чаркыңарга карадыңар го. Жалпы ишке барып катышып койсоңор да болмок. Эми өткөнгө өкүнгөндүн кереги не. Ага-ини ынтымагын, эл биримдигин сактаганыңыз оң, — деп бир аз ойлоно калды да, мандашын түзөй оңдонуп олтуруп, сөзүн улады үй ээси. — Кенесары чабуулу кыйындык менен басылды. Алдын кайрып биринчи токтоткон биз болдук. Ырасын айтуу керек, Ормон баатырдын кашкая жара тарткан катаалдыгы бир четинен Кенесарынын талкаланышына себеп да болуп эсептелет, — деди. — Сизди сөзгө алаксытып чай ичирбей койдук го, ичиңиз, — деп Боронбайга чыны суна, алдыртан эрин жылмая карады Акмөөр. — Мына эмесе, «Сизди алаксытып чай ичирбей койду» деп, Сизге көрсөтүлүүчү сыйдын ээси мага нааразы экен, ичиңиз, — деп үй ээси күлүмсүрөдү. Кенесарыга каршы чабуулга катышпай калганын Жантай бий түшүнө нааразы эмес экенин билдиргенине ичинен кубанып олтурган Боронбай бий: — Баса, бий, өткөн жылы Сиз чакырткан Байсылда соодагерди жибердим эле, керегиңизге жарадыбы? — деди. — Жарады, Омбуга жандыралга кат жеткирип берди. Жараганы ошол да, — деп чай ууртап бир аз укчукпай турду да: — Үзөңгү кагыша кара кыргызга кызмат өтөп жүрөбүз. Сизден жашырар сырым жок, бий. Жана айттым го, Кенесарынын чабуулун биринчи биз тостук. Кылчайнап кырчылдаша салгылашып, жоо жеңгендердин алдында биз элек. Жоону сайса ким сайды, аты башкага калды. Сыйлыктын орчундуусу да башканын үлүшүнө тийди. Эл үчүн «карыңды казык, башыңды токмок жасап», эл үчүн иштеген ишиң бааланбай калганына нааразы болот экенсиң, — деди Жантай бий топусун чекесине көтөрө, сакалын сылай оңдонуп олтурган калыбында. — Ооба, ооба, — деп көзүн ачып-жума ойлуу отурган сөзгө да, ойго да аяр алды-артын ойлогон Боронбай бий андан ары ой улабай, Жантайдын сөзүнө кулак түрдү. — Арийне, Кудай өзү кечирсин пендечиликти. Бирөөнүн башына конгон сыймыкты көрө албагандык эмес. Өз адал кызматымдын ордун таппай калганына өкүнгөн иш. Мына ушуларды баяндап, Сиздин ногойдон жиберген катымдын мааниси ушундай, — деди Жантай. Үй ээсинин ар бир сөзүнө маани бере ынтаа коюп угуп олтурган Боронбай бий: — Оо, Жантай баатыр! «Бириң кайың, бириң тал, бириң шекер, бириң бал» дегендей, экөөңөр тең тээ бабаңар манаптан бери чынжыры үзүлбөй келаткан мартабалуу насилденсиңер. Үчүкө, Түлкү бир тууган бири-биринен өткөн оёндор экен. Атаке, Эсенгул баатырлар да убагында тизгин кагыша кара кыргызга кызмат өтөп өтүшкөн. Ойлосок алардын үлүшү да оор болгон экен. Жанын оозго тиштеп, кара таандай калмакты сүрүшкөн ошолор, — деп чайдан ууртай, демин жыйды да, — мына эми Ормон баатыр экөөңөр да үзөнгү кагыша эл камында жүрөсүңөр. Үч тараптан куушуруп турган маалда элдин жүгү, убал-сообу мойнуңарда. Кудай калыс болсун, — деп сөз учугун Жантайдын өзүнө таштады Боронбай бий.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#162 Пользователь офлайн   Disappear   04 Апрель 2019 - 11:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Кудай өзү көрүп турат, бий. Менин бирөөгө тардыгым деле жок. Эл үчүн деген аракетим ак. Бирок ошол аракет ордунан чыкпай турат. Орустарды калыс эл деп угабыз, эми ошол элдин улуктарынан адилет түшүнүк болор деген оюмдан кайта элекмин, — деди үй ээси, коногунун сыр чыгарбай аяр олтурганын сезип, өзү бир аз чечилип көрөйүн деген ойдо. — Орус деген оңой эл эмес. Өнөрү, билими өскөн эл. Аларга да китеп түшкөн, каапыр эмес.Байсылда Абзий орус жайын даана билет, мага көп нерселерди айтып, ынандырып жүрөт. Орус букарасы болгон татар, башкыр жана кичи жүздүн казактары чокунбай эле мусулманчылыгын тутуп, орустун өнөр, билимин үйрөнүп, эгин эгип, малын багып, өрүштөрү кеңейип, бакубат турушат дейт. Биздин эл да ошондой күнгө жетер бекен деген ой жадымда жүрөт. Аны кээ бирөөлөр жактырбай жектеп жүргөнүн дагы билесиз, — деди Боронбай бий ичиндеги каткан сырларынын четин кылайта. Коногунун эми агынан төгүлүп, чын дилден маектешүүгө өтүүнү каалап турганын байкаган үй ээси аны өзгөчө куштарлап күтүүнү каалаганын билдире: — Мөөржан, коногуңдун түшкү камылгасын көрөрсүң. Азыр бизге кымызыңдан келтир, —деди Жантай бий. Мөөр жыла баса чыгып, конок камына кеткенсиди. — Кабарыбызда бар, Кенесарынын алдын биринчи тосуп, мизин кайырган Жангарач бий экөөңөр болгону. Адилет иш эртели-кеч өз ордуна келет, бий, — деди Боронбай бий үй ээсинин оюн жубата. — Албетте, бий, мен да ошондой ойлоймун. Акыры чындык ордуна келет. Менин орустар менен алакамдын максаты да ушунда. Бирок, бий, орус менен болгон алакамда бир нерсеменин көңүлүмдү өйүп, кээде кыжалат кылат, — деп Жантай бий мейиз чайкалган кымыздан кере жута сөзүн улады. — Ичсеңиз бий, Мөөржан түзүк жасаган экен. — Мөөржандын кымызы өтө ширин экен, — деп Боронбай бий Жантайды жылмая карап турду да, кайра мостоё калып: — Эмнеге кыжалат болосуз? Өз мүдөөңүзгө жетүү үчүн жасаган аракетиңиз Кудай алдында ак да, — деди. — «Калк биримдигине доо кетирип аламбы, чыбык кыркылган антыбыз бар эле. Орус менен болгон мамилем ушуларга төп боло албайт го» деген ой маземди алып жүрөт, — деди көптөн бери дүпөйүл болуп жүргөн ички кыжалатын мейманы менен бөлүшкүсү келген үй ээси. — Биримдик башынан төп болбой турган жокпу. Биримдик үчүн калыстык керек. Хандын айланасын караңызчы. Жалгыз Алыбектен башка көл кылаасынан да, сарбагыштын башка тармагынан да киши жок, — деди да, — Сиз да жоксуз, — деп кошумчалай жылмайды Боронбай бий, Жантайдын ички сырынын оозун ачтым го деген таризде. -Аныңыз ырас. Пенде эмеспизби, кээде ойго келе калат бул иштер. Кара аламан калк да көрүп турат муну, көрбөй коёт беле анан оркоюп турса, — деди Жантай бий. — Мына, кеп ошол караламан калктын көрүп турганында. Бул калкты иренжитет, Сиз айткан биримдикке жаракка кетирет. Мен Ормон кудамдын катаал көкмелтейлигин, ал эмес карөзгөйлүгүн да билем. Мына жакында Соң-Көлгө барып, саяктарга: «Силер ушундай сонун жайлоону мага көрсөтпөй жайлап жүрүпсүңөр», деп айыпка кырк жылкы айдатып кетиптир. Ушул иш Кудай алдында да жүйөөгө сыйбас, — деди Боронбай. — Ай, ким билет. «Бул жакшы жайлоону мен көрө элек экенмин» десе эле саяктар кошоматка сөз таппай, «айыптуубуз» деп бүжүрөшүп, жылкыны тартуулаштыбы деп ойлойм, — деп күлө Боронбайды карады Жантай. — Тууганыңдын осол ишин жымсалдагың келип турат да, — деп борс-борс күлдү да, —кантсе да каның бирге эмеспи, — деп жылмайды Боронбай бий. Үй ээси да кошо күлүп: — Албетте туугандык бар дечи, бирок мен калыс болгонго аракеттенем. Мен сөзүмдү азил иретинде айттым. Ормон баатырдын колунан андай карөзгөйлүк да келет, — деди. Үй ээси менен мейман, бир-бирине ойлору төп чыгып турганына ыраазы боло отурушту. — Баса, өткөн жылы күздө кокондуктардын чабуулун да кайтарыптырсыңар го, — деп Жантайга суроо таштады Боронбай бий. Кокондун мизин кайтарган бул кармашта өзүнүн да болгонуна ыраазы Жантай бий: — Ормон баатырдын каталарын, кемчиликтерин, катаал карөзгөйлүгүн айттык го. Ошентседа. «Эрдин эрдигин билбеген кудайдын бирдигин билбейт» болбоюн. Ормон хандын айлакерлигин мына ошондо дагы бир жолу көрдүм. Кыраакы эрениң Кокондун басып киреринен күн мурунтан кабардар экен. Төрөгелди баатырды Жангарач экөөбүзгө жиберип, эки жума мурда кол жыйнадык. Ат-Башы, Нарын, Таласка да кабар жиберген экен, ал жактанда жасоо кайрылып келди. «Жоого кыргыз жерин бастырбайм» деп казак-кыргыздын чеги Ашмара суусунун берки жээгинен тостук кокондуктарды. — Бизге да чабаган келген, бирок биз кол курап келе албадык, — деди Боронбай бий көңүл кош маанайда. — Кудаңыз илгери-кийин бетке чиркөө катары кармабасын десеңиз душман көзүнө анчамынча кол менен келип кошулсаңыз да болмок. Бирок өз ыгыңызга карадыңыз да, — деп коногунун сырын түшүнүп жана ага ылым санай турганын билгизгиси келип, көз жибере сөзүн улады Жантай: —Кыргыз жоокерлеринин эрдигине кыбам канды. Эки-үч эсе көп кокондуктардын үч күн бою чымындыгын чычайтты белем биздин жигиттер. Кокондуктар найзага жок келишет экен, биздин жоокерлердин найзага да, кылычка да шай экенин айтпаңыз. Үч күнү бою кокондуктарды Ашмарадан кадам жылдырбай тосуп турушту. Төртүнчү күн болот дегенде кокондуктар түнү менен туусун жыйып кайра качышты. Хан күйөөсү Кудаярга «Арканы кайра каратып берем» деп эрдемсип келген Мусулманкул кыпчактын тилеги таш капты. — Төрөгелди, Түлөгабыл баатырлар качкан жоонун артынан түшүшкөн жокпу? — деди Боронбай бий. — Алар ээленишти эле, Ормон баатыр: «Биз чабуулчу эмеспиз», деп тыйып койду, — деди Жантай бий. Ашмара согушу жөнүндө Жантайдын айткандарын ойлуу угуп олтурган Боронбай бий: — Оо, Кокон оңой жоо эмес. «Түркөй тоолуктарды бат эле уйпалай коёбуз» деп аз кол менен келген го. Болбосо алар ордолуу журт. Оңой эмес. Аркадан үмүттөрүн үзүшпөйт. Көп кол курап келип, кайрадан кол салышы ыктымал. Ормон баатырды жыкмайынча алардын жаны тынбайт. Бирок алардан да орус күчтүү. Ошон үчүн мен Орусияга ыктап жүрбөймүнбү. Омбудан жандырал жарым падышалар да бизге көз кырын жиберип, белек-бечкек жөнөтүп турушат, — деди орус букарасы болууну көксөп жүргөнүн ичине сактап, Жантайдан дагы сөз күтө. — Бий, Сиздин айткандарыңыз мени ынандырат. Бул жолу Кокондун мизин кайтарганыбыз менен көпкө топурак чачабызбы. Кокон чындап келсе туруштук бере албайбыз. Ошон үчүн мен Сиздин ногоюңуз аркалуу Омбуга кат жөнөткөнүмдүн сыры бар, Сизден жашырат белем. Мен да орус менен алаканы жакшыртсамбы деген ойдомун. Бирок Орусия улуктары азырынча Ормонго ие тартып турушат. Аны «Кенесарыны жеңдиң» деп куттуктап, баатры атап, Омбудан жандырал ага атайын кат жибериптир. Анда эгерде Ормон хан колу менен Коконго каршы аттанса, аскер жагынан жардам берип, Орусия ага өнөк болору да айтылган имиш. Ушундан улам менин оюм алыска кетип турат, — деди да, Жантай бий Боронбайдын кытмыр жылмайып турганын байкап, сөзүн улады. — Менин оюмча, Ормон хан бийлигин сактап калуу үчүн Коконго каршы чыгып, Орусия менен өнөктөш болуп, андан калканч күтсөмбү деген ою барбы деймин. — Орусияга Ормондун хан бийлигинин кереги жок. Аны Коконго каршы шилтеп пайдаланып алгандан кийин, көзүн тазалап коюшу да ыктымал, — деди Боронбай бий Файзулла Ногаевден угуп жүргөн жашырын ойлорунун четин чыгара. — «Ишенген кожоң сууга акса, алды-алдыңдан тал карма» — ар кимибиз өз журтубуздун камын көрүшүбүз абзел экен да, — деди, өзүн дили ак, бирок аргасы түгөнгөн киши катары көрсөткүсү келген Жантай бий. — Баракелде, мунуңуз эл үчүн ооруганыңыздын белгиси. Мен түшүндүм. Бирок менин Орусияга ыктап жүргөнүмдү баарыңар эле жактырбай, Жангарач, Ажыбек ыраматылык, Медет датка да мага кыргый кабак болуп жүрбөдүңөрбү. Мына эстүү киши акыры түшүндүңүз, — деди Боронбай бий. Сарбагыштын тынай тармагынын чыгааны Жантай бийдин өзүнө тилектеш экенине ичинен кымылдап ыраазы боло отурду Боронбай бий. Эшик ачыла бийдин чакырыгы менен келген комузчу кирип, салам айта ийилип турду. — Аалейкума салам, кел, Берикбай мырза. Бийге эрмек болсун деп чакырттым. Отур, мындай жай алып. Өнөрүңдү төгүп бер менин кадырлуу коногума, — деп жанынан орун жаңсады үй ээси. Орто жаштардагы сары чийкил, жээрде сакал, коңко мурун, көзү чекирирээк кагелес киши ыйбаа кыла өтүп, бийдин төмөн жагынан орун алды да, тик жака таар кемселинин өйдө күбүчүлүктөрүн бошотуп, калпагынын четин көтөрө оңдоп кийип, комузун күүлөй баштады. — Берикбай мырза, дастандардан айтып, чоң күүлөрдөн чертип эрмек бол, — деди үй ээси. Комузун күүлөп боло Мөөр сунган аякты алып, кымыздан кере жутуп, жерге койду да: — Бий аке, кайсы дастандардан баштайын? «Сейит-Баттал жортуулу», «Жаныш-Байыш», «ЭрТөштүк», «Азыретаалы — кыз Дарыйка» баяны, «Жусуп менен Зулайка» баяны бар. —Кайсыны баштайын? — деп Жантайды карады. — Андай болсо коноктун эркинде болсун. — Кайсынысын угалы? — деп Боронбайды карады үй ээси. — Үй ээсине жакканын укканыбыз оң го. Сизге бий, Жусуп-Зулайка баяны жагат го деп ойлоймун, — деп жылмая Жантайды карады, анын ашкере сулуу айтылуу Акмөөрдү жар күтүп турганын кыйыткан таризде. — Ошол дастан Сиздин да көөмөйүңүздө турган экен, — деп борс-борс күлдү Боронбай бийдин жакында эле жаш токол алганын эсине салгысы келген Жантай бий. — Аа, болот. Жакшы дастан кимге болсо да жагат эмеспи, — деп астыртадан жылмая Мөөргө көз жиберди Боронбай бий. Мүдөөлөрү бири-бирине бардык жагынан төп келишкен бийлер дастандарды, чоң күүлөрдүугуп, жарпын жаза отурушуп, Акмөөрдүн түшкү сыйын көрүштү. Эртеси Боронбай бий Жантай бийдин көрсөткөн сыйына, айрыкча анын орус мамилеси жөнүндөгү пикирине кошулганына ыраазы боло, айылына аттанды.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#163 Пользователь офлайн   Disappear   04 Апрель 2019 - 11:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

ЖАЗА

«Хан атанган Ормон дейт, Каарданып, жазалап, Карабек уулу Жантайды Чөгөлөтүп койгон дейт...»( Калмурза )

Жантай бийдин «Бир жай биз менен болуңуз», деген өтүнүчүнөн улам Ормон хан ордосу менен кулжа айынын орто ченинде Көк-Ойрокко көчүп келген. Ордолуу чоң үйү, Уулбаланын өргөөсү, конок үйү, аш үйү, жигит-жалаң кеңешчилериники болуп он чакты үйлүү чакан айыл суу жээгиндеги түзөңдө олтурат. Жээктен жүз кадамча алыс желеде кулундар байлануу. Жылкылар төш таяна чачырап жайылууда. Айылдан өйдөрөөк Ордо үйдүн алдында ак айчыктуу кызыл туу желбирейт. Сол жак ыптасында түпөктүү найза жөлөнүү. Туулгачан эки жоокер ордонун эшигин кайтарып турат. Ханга учурашуу үчүн көлдөн кечээ келген кеңешчи Калыгул бий таңкы намазды хан менен бирге окуп, эртең мененки чайдан кийин ордо үйдө Ормон хан менен аңгемелешип олтурат. Жашы улуу, туугандык жайы да бар Калыгул кеңешчи хан үстүндө олтурганда чакырыксыз эч ким кирчү эмес. Сөз эл тынчтыгы, ынтымак, биримдик жөнүндө жүрүп жатты. — Кудая шүгүр, Кокондун мизи да кайтарылгандай болду. Бирок Кудаяр хан Аркадан кол үзө койбойт деген ойдомун. Букара бир жагынан, орус бир жагынан кыстап турганда жөлөнгүч болуучу Арканы колунан чыгарбоого бардык аракетин көрүп, эртеби-кечпи акыры Кокондундагы бир каптап кириши толук ыктымал. Коконго Букарадан да күчтүү жоо — орус. Алар бери карай аяр жылып келатышат. Коконду басып алса биздин абалыбыз кандай болоор экен? — деди Калыгул кеңешчи ойлуу тейде ханга көз жибере. — Кенесарыны жеңип, Кокондун мизин кайырганыбыз менен биздин абал оор, Калыке, —деп, мелтиреген ойлуу калыбында бир аз унчукпай турду да, сөз улады Ормон хан. — Туура айтасыз, Кокон муну менен тынчып калбайт. Менин жадымда Кокондон да орус кооптуу. Алардын негизги максаты Коконду каратып алуу. Андан кийин биз менен мамилеси кандай болорун баамдоого болот. Мына ушул жерде иштин түйүнү жатат. Чек ара башчысы жандыралдын бизди куттуктаган катында «Коконго каршы чыксаңар биз аскер жагынан жардамга келебиз» дегенин уккансыз. Бизди Коконго шилтеп, күчүбүздү пайдаланып, Коконду басып алса, бизди жөн коёт беле. Мына ушундан улам бир ойду багып жүрөм. Орус биз менен чогуу Коконго каршы аттана турган болсо, анын алдында өнөктөш болуунун шартнамесин түзүп, анда Орусия өзүнүн Кытай менен чегинде турган азгантай элдин өз алдынчалыгына кепил болот. Азгантай эл өз алдынча турса, аны калкалаган чоң мамлекеттин аброю көтөрүлөрүн аныктап коюуга болот деп ойлоймун. Шартнамеде биз Орусиянын саякатчыларын, кербендерин чек арадан аман өткөрүп туруунун кепилдигин алабыз. Соода-сатыкка мал терилерин, аң терилерин чыгарып, Орусиядан кездеме-кече, курал-жарак алып турууну кааларыбызды да көрсөтөлү деп ойлоймун. Ушул ой ишке ашат деген ишеним да бар. Калкыбыз өз алдынча Орусия менен тең ата алака кылып, бейпилдикте турар деп ойлоймун. Ормондун сөзүн көңүл коюп угуп олтурган Калыгул: — Бул ойлоруң орундуу. Элдин ынтымагын сактоо керек. Ич арада ынтымак болсо коңшулар менен да бейкам тынчтык мамилеге өбөлгө түзүлөт. Ички ынтымакты сактоо керек. Ынтымак аз эле жерден бузулат. Өткөн жылкы Соң-Көлдөгүдөй осол иштер элди иренжитип коюшу ыктымал, — деди Ормондун өткөн жылда саяктарга жүйөөсүз айып салганын эсине сала. — Бир иш болуп кетти, Калыке. Андагы мал деле элдин муктаждыгына жумшалып атпайбы,— деди ичинен бир аз териге түшкөн Ормон, айыпка түшкөн малды пулдап медресе салдырып жатканын бетине кармаган болуп. — Керектүү иштерди жасап жатканың жакшы. Ошентсе да элдин жүгү моюнда турган киши этият болуш керек. Уруулар арасындагы мамиле аярлыкты талап кылат. Бизде ар бир уруунун бийи өзүн бийлик ээси катары туярын эске тутуу керек, — деди Калыгул бий. — Кеп мына ошондо, Калыке. Орус менен Кокон эки жагыбыздан куушуруп турганда, мына ошол бийлер ынтымакка кедерги болууда. Боронбайды карабайсызбы. Орусиянын азгырыгына ийигип, жамы кыргыз ынтымагынан мойноп турбайбы. Анын колтугуна дал ошол орустар өзүнүн жаман оозу» аркылуу колтукка суу бүркүп жээликтирип турат. Аны менен сөз катуу болот. Жантайдын иши да кыңыр. Ал эки тоону оттогусу келген теке болуп жүрөт. Боронбай менен көз ымдашып анын ногойун чакыртып алып, «Кенесарыны мен жеңгенмин, мага сыйлык кем тийип калды, эмгегим бааланган жок» деп Омбуга кат жиберген имиш. Бул бери жагы, түбүндө ал дагы Боронбай сыяктуу өз алдынча оруска букара болуп өтүүгө ынтызар экени анык, — деди Ормон хан. — Мындай кабарды мен да эшиткеним бар. Көп ырбап кетелекте жөнүнчө сүйлөшүп, ыкка келтирип койгонуң оң. «Тай туйлап такка чыкпайт» дегендей, Жантай мойноп алыска кете албас, — деди Ормондун Жантайга карата катаал жаза колдонушунун алдын алгысы келгенсиген Калыгул кеңешчи. — Мен «кара кыргыз бир болот, бейкут болот» деп чыбык кыркып, Кудай алдында, эл алдында ант бергенмин. Тескери баскандарды теске саламын. Катаал иштерге баруудан кайра тартпаймын. Убагында чара көрбөсө иш ырбап кетет, — деди Ормон хан үнүн катаал чыгарып. — Антка, шертке бек болуу, албетте жакшы иш. Айрыкча эл үчүн антка бек болгонду Кудайда жактырат. Бирок алды-артты карап иш кылган жакшы. Ойлонбой иштелген иштин аягы осол болуп калышы мүмкүн, — деди Калыгул. — «Осол болот» деп оюна коё берип, элдин биримдигин буздурууга болбойт. Жантайды Сиз кетелекте жазалаймын. Келгениңиз жакшы болду. Киши жиберип чакыртып алайын деп турдум эле. Жантайды жазалап койсом, Боронбай да ойлоноор. Мен анын көзүнө айтканмын: «Оруска ык тартып мүлтүлдөгөнүңдү кой» дегенмин. «Макул» деп коёт дагы, билгенин иштейт. Кокондун баскынын кайырганга да келбей койду. Эсине келбесе зынданга салдырамын. Бул азыр өтө керек. Ормон хандын кайткыс болуп турган катаал ойлорунан кооптоно ойлуу угуп олтурган Калыгул: — Уруу башында турган бийлерди анчалык катаал жазалоого болбойт. Боронбайды зынданга салсаң, калың бугу карап турабы. Чоң жаңжал башталып, эл ынтымагы анык бузулат. Мындай иштен этият болуу керек, — деди. — «Этият бололу» деп олтуруп ынтымактын ыдыраганы чегине жетип турган жокпу, Калыке! Боронбай бий ченден ашып баратат. Ушундай кезинде желин чыгаруу керек. Жээликкен бийлердин демин суутмайынча биримдик болбойт — ага көзүм жетти. Жазалоону мен Жантайдан баштаймын. Сиз кетелекте жазалаймын. Катаал жазанын муктаж болуп турганына Сиз күбө болгонуңуз жакшы, — деди Ормон хан кескин үн менен. — Жантайды жазалаганыңды мен көрбөсөм болот эле. Кантсе да каныбыз бирге, эки бир тууган Үчүкө-Түлкүнүн балдарыбыз. Ата-бабанын арбагы карап турат, — деди көңүлү майышып турган Калыгул аке. — Ата-бабанын арбагы ошол тетири баскандарды урсун. Мен Кудай алдындагы, эл алдындагы парзымды аткарууга тийишмин, — деди Ормон хан. Аңгыча эшик ачылып, чарага сорпо көтөргөн жигит киргенде сөз токтоду. Сорпо ичилип, колго суу куюлуп, дасторкон жайыла, түштөнүү тамагы келди.Түштөнүүдөн кийин бешим намазы окулуп, хан менен Калыгулдун аңгемеси кайрадан уланды.

Күн чоң шашке. Жантай бий чоң үйүндө жеңил ак кемсел, ак топучан бейкут отурат. Байбиче төрдүн эпчи жагында теспе тартып өзүнчө, жети жашар уулу Шабдан атасынын оң тизесин таяна, атасы менен Молтой байкесинин сөздөрүнө кулак сала карап отурат. — Кудая тобо, Ормон хан көчүп келгенден бери өзөндөгү айылдардан «мал уурдалды» деген кабар угулбай калды. «Бакан бастырып, чылбыр толготуп, жем баштыкка толтура күлдү башына асып кыйнайт экен» деген имиш уурулардын үшүн качырган окшойт, — деди Молтой агасын карап. — Имиш эмес, чын. Ал эмес зынданга да салдырат. Оор кылмыш үчүн асып өлтүрө турган даргасы да бар. Антип катаал болбосо ууру-кескилер чийинден чыгып кетпейби, — дедиЖантай бий



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#164 Пользователь офлайн   Disappear   04 Апрель 2019 - 11:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Ушу кишинин көчүп келгени ырас болуптур. Ордону биротоло биздин айылда карма деп сурабайсызбы, — деп агасын карап күлдү да, — Кенесарынын чабышында көрдүк го: өтө айлакер, кыраакы киши тура, — деди Молтой. — Ордосун биякка келтирбей калсын. Ар нерсенин өз орду бар да. Баса, сен хан айылына каттаган жоксуңбу, эмне кабар угулат ал жактан? Мен өзүм барып жолугушсам да болот эле,— деди агасы. — Кечээ Сазага жолуктум. Калыгул аке келди дейт. Хандын коногу болуп кеңешип жатышканго, — деди Молтой. — Аа, анда жакшы болгон экен. Эртең, бүрсүгүнү үйгө чакырып, мейман кылалы акылман карыяны, — деп Жантай мандашын түзөй оңдонуп олтуруп, уулунун маңдайынан сылады. Аңгыча эшиктен ит үрүп, ат дүбүртү чыга үйдүн жанына токтогондо: — Оо, Жантай, үйдө барсыңбы? Хан сени тез келсин деп чакыртты, — деген Сазанын бийик үнү угулду. Хандын катаал жигитинин соо келбегенин туйган Жантай иниси Молтойго ээк шилтеп: — Тур, атын ал. Саза тура, — деди Молтой сыртка ыргып чыгып, салам айта: — Келиңиз, бий акем үйгө кирсин деп жатат, — деди, атын алууга умтулуп. Саза бүктөй кармаган камчысын Молтойго: «Токто!» дегендей сунду да: — Оо, Жантай! — деди үнүн баягыдан бийик созуп. — Бери чык!Жантай бир балаа болгонун сезгендей, шаша-буша сыртка чыкты. — Ассалоому алейкум, Саза мырза, үйгө түш, даам ооз тий. — «Сени үйгө түшпөй туруп айдап кел», деп буюрган хан, — деди Саза, Жантайдын саламын жоопсуз калтырып. — Эмне болуп кетти экен анчалык эле шашылыш чакырткандай? Менин эмне жазыгым бар экен? — деди Жантай өзүн сабырдуу тутууга аракеттенип. — Барганда угасың, эмне жазыгың бар экенин. Бол, тез аттан, — деди камчысын бүктөй кармап, сурданып турган Саза. — Болуптур, кийинейин, — деп Жантай үйгө кайра кирмекчи болгондо: — Жок, кийинбейсиң — кирбейсиң үйгө. «Кай жерде турса ошол турган жеринен эч кайда кайрылтпай алып кел», деп буюрган хан. Бол тез, — деп демитти Саза. — Молтой, тартчы менин атымды, эмне болсо да алдына барып берейин. Менин эч жазыгым жок хандын алдында. Илбериңки кыймылдаган Молтой бийдин атын кермеден чечип келип, алдына тартып турду. Жеңил кемселчен, топучан, көлөчүн кийбей, маасычан турган калыбында Жантай атка минди. — Чача, мен да сени менен барайынчы, — деди чоң кишилердин катуу сүйлөшкөн сөздөрүнөн улам атасы үчүн кандайдыр бир кооптуу иш турганын туйган сезимтал бала Шабдан. — Болуптур, сен мага такоол болчу, — деп сабырлуу турган калыбында уулуна жылмая карады да, — менин артыма жармаштырып койчу, — деди Молтойго. Ээрдин арткы тарагына буттарын таяп, атасынын эки ийнин кармаган Шабдан да хан ордосуна баратты. Ормон хандын айлына келгенде кермеге түшүп, аттарын байлап, Саза Жантай менен кичинекей Шабданды ээрчите ордого бет алды. Ордо үйүнүн алдында күзөтүп турган туулгачан жоокер Жантайга ызаат кыла ийилип салам берди. — Бар бол, айланайын. Бу Шабданды тиги өргөөгө киргизип койчу. Сейилкандын жанында болсун, — деди да, ордого кирүүгө бет алды. Эшик ачыла Жантайды алдыга коё берип, камчысын бүктөй кармаган Саза артынан кирди. — Ассалоому алейкум, хан ага. Саламат турасызбы, кадырлуу карыябыз Калыке, — деп саламайта бир аз ийилген болуп, улагадан өйдөрөөк турду Жантай бий тирмейе теше тиктеп турган Ормон ханга көз жибере. — Алейкума салам, — деди Калыгул. Ормон хан мелтиреп түнөрө унчукпады. Камчысын бүктөй кармаган Саза: — Чөгөлө, хандын алдына, — деп зекиди Жантай бийди. Бирде Ормон ханды, бирде Калыгулду карап элейип турду айласы куруган бий. — Чөгөлө дебедимби, чөгөлө хандын алдына! — деп камчысын үйүрдү Саза. Хандын кара мүртөз жигити запкы көрсөтүүгө даяр турганын туюп, айласы кеткен бий сыңар тизелеп чөгөлөй: — Эмне күнөөм бар менин? Бул куу камчыга мени кор кыласыңбы, бир атанын балдары элек го? — деди Жантай Ормон ханды карап, үнүн токтоо сабырдуу чыгарганга аракеттене. — Жазыгы өзүңө маалим. Өзүң айткын, — деп «зирк» этти Ормон хан. — Жазыгым жок. «Карым казык, башым токмок», болуп эл кызматында жүрөмүн. Каптап келген жооң Кенесарыны биричи тостум. Айыбым жок, ханым, — деди Жантай бий. — Айтасың азыр, өзүң айтасың айыбыңды, — деди хан бийди ирмебей теше тиктеген калыбында. — Кудай бар, хан ага. Ишениңиз мага. Сизге пейилим ак. Эл алдында да абийирим таза, —деди да, Калыгул жакка дагы бир ирет көз жиберди арачы болор бекен деген ойдо. Калыгул бий көзүн ала кача ылдый карады. — Ошондой дечи, — деп Ормон хан Жантайды жекире карап турду да, — Боронбайдын айылындагы орустун жаман оозу ногойду үйүңө чакыртып, Омбуга кат жаздырганың жазык эмеспи?! — деди. Талуу жерден карматып койгонуна айласы куруй түшкөн Жантай бий: — Ырас, хан ага. Пендечилик кылдым, көр дүнүйөгө алданып. «Ысабекке алтын саптуу кылыч бердириңиз» деп өтүнө жандыралга кат жибергеним ырас, — деди Жантай бий. — Кылыч сураган пендечилигиң өз ишиң. «Кенесарыны мен жеңгенмин. Менин санаам оруска абдан түз» дегениң жамы кыргыздын биримдигине кара санаганың. Боронбай бий менен да көз ымдашып жүргөнүңдү билебиз. Аны ээрчип орус букарасы болоюн деп жүргөнүң чыбык кыркып Кудай алдында берген антты аттаганың. Бул үчүн сени зынданга салдырамын. Боронбай да жаныңда болот. Зындандын сызы алдыңарга өткөндө билесиңер кыргыздын биримдигинин баасын, — деди хан. Купуя сырлары ачылып, айласы куруй түшкөн Жантай бий: — Аягөздөн келатканда бий үйүмө конуп кеткени ырас. Бирок эч кандай тетир-мутур сөз болгон эмес. Ал киши оюнда эмне бар экенин мага айтпады. Ошол үчүн күнөөлүмүнбү? Кудай урбадыбы. Үйгө келген кишини кубалайт белем. Кат жазганым үчүн аз айып, көп күнөөмдү кечиңиз, хан ага, — деди Жантай бий — Болду эми, жетишет. Саза баатыр, сен ишиңди бүтүрдүң. Эми бийди жайына кой. Кел, Жантай, мындай менин жаныма олтур, — деп орун жаңсады Ормон ханды карабай сабырлуу олтурган Калыгул. Жантай ордунан тура Калыгулга кол берип учурашты да, Ормонго көз жибере кол берсемби деп, кайра айбыга Калыгулдун жанынан орун алды. — Кандай, саламат жүрөсүңбү, үй-бүлө эл-журтуң эсенби? — деп кордук көрүп, ыза болгон бийдин көңүлүн жубатууга аракеттенди Калыгул бий. Алжай сурашып, даам сызыла бата тиленип, дасторкон жыйылгандан кийин сөз Ормон хан менен Калыгул акенин ортосунда гана жүрдү. Түнөргөн Ормон хан кетер-кеткенче Жантайга назар салып, көңүл бурбады. Кеч бешимде Жантай бий айлына аттанды. Кордук көрүп, ыза болгон бий шаабайы сууп, ойлуу баратты. Артында атасынын ийинин таянып келаткан жети жашар сезимтал Шабдан анын эмнегедир капа болуп турганын туюп, алаксытайын деген ойдо: — Чача, бизди хан атам түштөндүрдү ээ? — деди. — Ооба, карагым. Хан атаң бизди түштөндүрдү, ал сени жакшы көрөт тура, — деп, өзүнүн капалуу абалын байкап келаткан уулунун сергектигине ыраазы боло кетти. Басыгы кээ бир аттарды таскактаткан, соорусу жайык, зээри бийик боз жорго көк шиберлүү жайыкта суу бойлой суналган ат жолунда бөжүп, ата-баланы бейпил алып баратты. Батыш тоо кыркасына кыңайган жай күнүнүн аптабы мелүүн тарта жылуу сыдырым ата-баланын бетин аймалоодо. Назары сынып, ыза көрүп купуя сыры ашкереленген Жантай бийдин көз алдында Боронбай бий менен болгон аңгеме тартылып барат.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#165 Пользователь офлайн   Disappear   04 Апрель 2019 - 11:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

ЖУТ

1849-жыл. Тоок жылы. Кеч күз. Бир жумадан бери көз ачырбай нөшөрлөгөн кара жаанды ызгаарлуу шамал коштоп, бойду ичиркентет. Киргил бозомук булуттар күндүн көзүн бүркөп, айлана чаба жааган жаандын мунарыгына бөлөнүп турат. Айылдан өйдөкү коктунун тескей бетине жайылган койлор ура жааган жаандан баштарын калкалап, бир-бирине ыктап топтошо турушат. Койдун четинде арык чырай, кара сур, муруту жаңы түктөнө баштаган койчу минген өгүзүнөн түшүп, аны жаандын илебине туура тарта капталына ыгып, жайылган койлорго көз жиберүүдө. Мына бир жумадан бери нөшөрлөгөн жаандан буюгуп, койлор оттой албайт. Жайлата саан көргөн кеч туума бөлүнө элек козулардан кайыгып өлө баштагандары бар. Бүгүн да эки козунун өлгөндүгүн байга кантип айтуунун ыгын ойлоп, койчу кападар. Байбиче малдын өлүмүн ылаң оорудан эмес, көбүнчө койчудан көрө турган адаты. Муну ойлогон койчу «байдын ичине ырайым киргиси бардыр, андан көрө четиңен качырып жула качма карышкырдан Кудай сактаса экен» деп, өгүздүн ыктоосунан бир-бирин жан талашып түртүшүп, топ-топ болуп үйрүлүшкөн койлорду карап туруп, күндүн көзү көрүнөбү деп, үмүт менен асманга көз жиберди. Уюлгуган киргил булуттар каалгый, асман жылчыксыз. Түндүк жабуулары көтөрүлгөн боз үйлөрдөн түтүн булайт. Каптал жактан жай бастырып келаткан кара жалдуу, курсактуу кула ат минген, боз пиязы чепкенин кындырдай курчанган, ак тыштуу кара тебетей кийген, көк ала сакал, кызыл чийкил, болук киши четтеги чоң ак боз үйдүн жанындагы ат мамыга токтоду. Артынан ээрчий келаткан тору атчан, жеңил тон кийген, кулун тери малакайчан жигит шап аттан түшүп, чоң куланы тизгиндеп, салабаттуу болук кишини түшүрүп, чоң куланы өз аты менен кошо мамыга байлап, ылдам баса, этият менен тиги кишинин алдына өтүп, боз үйдүн эшигин ачты. Үйдүн коломтосунда тезек каланган от бал-бал жалындайт, тулгага асылган казандын үстү жабылуу. Эки капшытка,төргө өрө кийиздер, кара саксак көлдөлөң, капшыттарына күрөң саксак көлдөлөңдөр төшөлгөн: төрдөгү шалча салынган тактага жүк жыйылган. Эр жагында курак туш кийиз, эпчи жакта каланган чырмалуу чий чыгдандын ичиндеги ала бакандын башкы ачасынан куйкаланган сүр карчыганын чети кылаят. Өйдөрөөк кереге башында оймолуу кара көнөк илинүү; ага катар атайын такта үстүндө ышталган кара саба тизгичке кере байлануу; оозунан бишкектин сабы көрүнөт. Желелер жыйылса да, жылкычылар бай үчүн кысыр эмди бээлерди саап, сүт жеткирип турушат. Төрдүн эпчи жагында жүн тытып олтурган байбиче тебетейинин кырынан суу тамчылай кирген байынын алдынан тосо тебетейин силкип, чепкенин алып, кереге башына иле: — Апий катыгүн, тим эле мөлмө-чалма болгонсуз го. Жар-Булакка жетип кайттыңызбы, малтегенин абалы кандай экен? — деп байын карады. — Малды коюп, менин жайымды сурасаң боло, кайыгып кеттим, — деди ичинен майда калтырак басып, шайы ооп турган Өсөрбай, төргө көлдөлөңгө өтүп. — «Мал боор эт менен тең дегендей», кантейин анан, санаам тынбай... Мындай отуруңуз, отко жакын, — деп, төрдөгү көлдөлөңдү коломтого чукул жылдыра өнтөлөдү. — Олтуруңуз, от жанында чай кайнап турат. Коломто отуна капталы тосула, чоргосунан буу чыгып турган капкактуу букугуй чөөгүндү жылдырып, капкагын ача чай салып, байдын алдына чакан дасторкон жайып, жапкан нан, омкорулган май коюп, байга чай сунду. Үй ичи жымжырт, бир тынымга Өсөрбайдын шорулдата чай ууртаганы угулуп турду. Байды ээрчиген жигит коломтодогу отту ичкериштире, байбиче сунган бир үзүм нан менен чай ичкен болууда. Ысык чай боюна тарап,өзөгү жылыган Өсөрбай: — Кудай эле өзү сактабаса, күндүн кую бузулуп турат, жыл оор болобу дейм. Нөшөр жамгырдан буюгуп, мал оттой албай эттен түшө баштады. Жармачыраактары кайыгып өлө баштады. «Шайы ооп бараткандарын четинен союп жей бергиле арам өлгөнчө» дедим койчуларга, — деп, алгачкы суроосуна жооп берген болуп байбичесин карады. — Ал эмнеңиз экен? «Союп жегиле» дегенден кийин четинен семиздерин деле союп жей беришпейби. Талаада жаткан мал барбы, — деп байын жактырбай туураланды байбиче. — Өз ыймандары өзүндө, үстүбүздө Кудай бар. Арык-торуктары арам өлгөнчө, кишиге азык болгону түзүк. — Ушинте берсеңиз... — деп ичинен күбүрөп, «малдын аягына чыгасыз го» деген оюн ачык айтуудан айбыккан байбиче, байына чай узатты. Аңгыча эшик ачылып, салам айтып чокчо жээрде сакал, кабагы тайкы, көзү жүлжүгүй, кырктардагы кырдач мурун сары киши кирди. — Алейкима салам, Кенжебай мырза, кел, төргө өт, — деп жанынан орун жаңсай копшоно отурду бай. Байга кол берип учураша дасторкон четинен орун алган Кенжебай, байбиче сунган чайды ууртап, алдына коё: — Жакага Беш-Булакка баратам. Кышка таш короолуу кепемди оңдоюн дедим эле. Сизге саламдашып кетейин деп кайрылдым, — деп ызаат менен Өсөрбайды карады. — Ырахмат, учурашып турганга не жетсин тирүүлүктө, атаң ыраматылык Турганбай менен жашташ курбу элек. Эрте көз жумду, бейиши болгур. Сен атаңдан жаш калсаң да, тири карак оокат күткөнүңдү байкап, ичим жылып жүрөт. Эл-журтуң, мал-жаның аманбы? — деди курдашынын уулун жактырганын билдире Өсөрбай. — Кудай алдында оокат өткөрүп турабыз. Жүзгө жетпеген майда жандык, саан уюм, эки бээм, мингичим бар. Беш-алты түтүн киши малыбызды кезүүлөшө жайып, Көк-Өтөктө күздөп отурабыз. Жаан жүдөтүп жиберди, — деди Кенжебай адеп сактай чайдан ууртап. — Жакшы, жакшы. Мал-жаныңардын абалы кандай, кайда кыштаганы турасыңар? — деди Өсөрбай, өз оокаттарын өткөрүп турган элдин абалын билгизе келип. — Ошол беш-алты үй Карагандуу- Колотко боз үйлөрдө эле кыштап чыксакпы деп турабыз. Тескей капталы карагай, отунга мол, күңгөйү ачык — малга жай. Минтип турса билбейм,кандай болот, ар ким өз кыштоолоруна оойбу, — деди Кенжебай байдан акыл сурагандай суроолуу көз жибере. — Жылдын мүнөзү суук, тоо теке кеч жүгүрдү. Нөшөрлөгөн жаан кара суук менен коштолсо, бетеге чөптүн түбүнө муз тоңуп, мал тоё оттой албай калат. Анын үстүнө кар оор түшсө кадимки жуттун башталганы болот. Анан сары кар очойо түшүп, жаздын мойну узарса, эл малынан кол жууп калары ыктымал. Эми Кудайга карайбыз да, уулум. Көп жылдардан бери мындай ызгаардуу кара нөшөрдү көрө элекпиз. Илгери сенин атаң ыраматылык экөөбүз бала кезде оор жут болгону эсимде. Кар оор түшүп, чын курандын аягына чейин эрибей, тескейден көчкү көчүрүп, бетеге жулуп каптап көтөрүп келип, мал бакканыбыз эсте калыптыр. Элдин көбү майда малдан, кара малдан деле кол жууп калышкан. Таягына сүйөнүп, короосу бош калгандар болгон, — деди бай ойлуу калыбында сакалын сылай.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#166 Пользователь офлайн   Disappear   04 Апрель 2019 - 12:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Кудайым андайдын бетин ары кыла көр, — деп жакасын кармап, тобо келтирди байбиче. — Быйыл да Кудайга сыйынабыз де. Сиз айткандай, жаман жышаана байкалса өз кыштоолорубузга ыктайбыз. Таш-Булактын ойдуңунан бир аз чөп чаап алдым эле. Ормон хан:«Ар ким өз малына чөп-чар камдап, эгин эгип алсын», — деп жарлык чыгарыптыр, — деди Кенжебай. — Оо, уулум ой, Ормон хандын жарлыгы малга чөп-чар, эгин болуп берсе гана. Ага элдин мойну жар бербей жатпайбы. Хандын жарлыгы калктын абалына кабатырланганы го, — деп ойлуу отурду да: — Кенжебай уулум, аштык айдаганың барбы? — деп суроо узатты. — Аштык айдай албадым, бай аке. Оюмда бар келеркиде буурусун менен жер тырмаласамбы деген. Ун-талканга жатакчы-ороочулардан малга айырбаштап алып жүрөмүн, өп-чап болсо да бар. — «Жатакчы-ороочу» деп көпчүлүк эл жеригени менен Чүйдөн, Кашгар жактан эгин ташып ала албагандар, акыры келип эле ошол ороочуларга жагынып, жетер-жетпес ун-талкандык алып турушпайбы? Мал да бакпай, эгин да экпей, ар кимдин ирегесин аңдып эптеп жан сактагандар канча. Ошон үчүн хан жарлык чыгарып, элди жер тырмалаганга ийиктиргиси келип турат го. Ырыскыны Кудайым жерге чачкан тура пендеси жыйып жесин деп. Мал да ошол жердин чөбүн оттоп өсүп атпайбы. Сары-Өзөн Чүйгө кээде каттап жүрөбүз. Төрт түлүк,эгин, жер-жемиш ошол жерде экен го. Чепке байырлаган capттарды көрүп, солто, тынай туугандар аздан болсо да жерге илээше башташыптыр. Алла тааланын жерге чачкан ырыскысын эмгектенип терип алуу керек. Уулум, мен өз уулум Алтымыш байга да айтып жүрөм: «Мал деген ышкырса жуттуку, айкырса жоонуку», жерге төккөн маңдай тер, таман акың ар дайым өз колуңда болот, — деп сөзүн үзө бир азга тунжурай өткөнгө сереп салгансып ойлуу турду да, сөзүн улады: — Албетте байыркыдан бери элибиз көчүп-коно малменен өмүрулап келатканы ырас. Оо, ал кезде шарт башка, кыргыз жери ээн, бир орунда жут болор белгиси туюлса, башка жайлуу жерге көчүп кетип, кайра жылдыз оңолгондо кайрыла көчүп коно аман жүрүшкөн. Азыр эмне — бир жагыңда чиндер, бир жагыңда capттар, ал эмес орустар келатат имиш. Жер тарыды. Шартка жараша оокат өткөрүү абзел. Биздин убакыт өтүп баратат. Силердин өмүр жаңы нукка өтөбү? Калыгул меселдеткендей, кыйын заманга туш келер бекенсиңер, — деп башын ийкей келечекке көз жибергенсип отурду кең пейилдигинен улам босогосу майлуу жарды-жалчыларга кайрымдуу, эл ичинде кадырман, көптү көргөн Өсөрбай. Чайга бата тиленип дасторкон жыйылгандан кийин: — Бай аке, сизге учураштым, эми жолума түшөйүн, — деп турууга камынган Кенжебайды: — Отур, байбиченин казаны куру эмес го. Даам сызыш биз менен, ыраматылык Турганбай ушул уулумдун эр жеткенин көрөр бекенмин деп жүрүп көзү ачык кетти эле. Кайриет, мына сен очор-бачар болуп, үй ээсисиң, — деп байбичесине көз жиберди. — Бышып калды. Эшкожо, айланайын, сен шорпо узатчы, байга. Келин ийменет эмеспи атасынан. Ушул үйдүн кызматы мойнуна артылган жигит колун жууп, шымалана казан-аякка киришти. Тамактан кийин дасторкон үстүндө Өсөрбай алакан жая: — Оо, кудурети күчтүү теңир Алла, алсыз кулдарың өзүңдөн ырайым күтөбүз. Элди эсен,журтту байкер кыла көр! Ышкырган жуттан, ырайымсыз жоодон, хандын каарынан, караөзгөйдүн дооматынан сактай көр, — деп бата тиледи. Кол жууй ордунан турган Кенжебай: — «Атаң өлсө өлсүн, атаңды көргөн өлбөсүн» дегендей, сизге учурашып, насаатыңызды угуп, чыйралып калдым. Күндүн ачылышын күтүп отурбай, кыштоомду оңдоп алайын, — деп Өсөрбайга кол берип, эшикке жөнөдү. — Алланын амириндебиз, бар бол, уулум. Бай да, жарды да бул жалгандын беш күндүк убаракерлерибиз. Кудай ишиңди оңдосун, — деди да, — байбиче жаным жер тартып турат, жай даярдачы, — деп байбичесине карады. Эшикте ызгаарлуу кара жамгыр төгүп турду. Эл кыштоого шашылыш кирди. Асман бозомук тарта күндүн көзү көрүнбөйт. Айланабоз мунарыкка чулганып, кар лапылдата жаап турат. Нөшөрлүү жамгыр кечээ кечинде басыла, мал-жанды кайыктырган кара суук коштоп турду эле. Эртең менен буюктурган каардуу сууктан мал короодон жайытка чыга албай калды. Баш жагы карагайлуу зоока, таманы кенен, күнгөйү кумдак дүйүм чөптүү, тескейи жайык бетегелүү, шамалга ыктоо, малга жайлуу эки короо кой кенен сыйуучу кыштоо, төрт миңден ашык кою, үч үйүр жылкысы, башка бодо малы да арбын Көчөрбайдыкы. Бай мындан башка да үч кыштоону ээлейт. Коктунун башындагы күңгөй зоокага ыктай салынган жер кепелердин өйдөкү чоңураагы байдыкы. Анын жанына 9 канаттай үй тигилип, кереге түбү тегерете көмүлө, кошкабат жабууланган үй да байдыкы. Күңгөй тарапты бойлой салынган үч-төрт жер кепе мал баккан малайлардыкы. Кар алай-дүлөй бурганактап жаап турат. Жалама зоока ташка ыктата кырдалган үч таш короодо койлор топтоп болуп бөлүнүп, бири-бирине ыктай турушат. Бурганактан айлана боолголонбой, туш тарап кардуу боз мунарык. Айлана жымжырт. Боз үйдүн бакан менен көтөрүлгөн түндүк жабуусу алдынан түтүн ыкшоо булайт. Коломтодо көң каланып, темир асмага капкактуу чоюн чайнек асылган. Эки жак капшытка өрө кийиздер, төргө көөнөрөөк ала кийиз салынып, курама саксак көлдөлөң төшөлгөн. Эр жак керегенин баштарына байдын чепкени, ичиги, тебетейи, камчысы илинген. Эпчи жакта чырмалган чыгдан тартылган, босогодон өйдөрөөк чыгдан жанында керегеге жөлөнгөн чоң казан. Чыгдандан өйдө кийиз аяк кап илинген, терме шалча жабылган тактаүстүнө анча бийик эмес жүк жыйылган, үстүнө бозомук мата тыштуу эки кишилик жаздык коюлган. Отко чукул тартыла салынган көлдөлөңдө кырма кара аякка эзилип май салынган ысык курутту шурулдата ууртай, малдаш уруна Көчөрбай отурат; башында тери малакай, бозпиязы кемселине мата кур курчанып, көбөлөнгөн ак тонун желбегей жамынган. Малакай кырынан көрүнгөн кууш маңдай, ак аралаган узун кара каштары, сурмасыз сүйрү көздөрү,таноосу кенен кырдач мурун, сүйрүлөнгөн көк ала сакалы көптөн бери серпилбеген, түйрүгүрөөк эриндеринен кимгедир нааразылык сезилгенсийт. Кара аякты шуулдата ууртайалдына коюп, мурутун жаный: — Асмандын төбөсүн тешип жибергенби Теңири, же бизде өчү барбы? Минтип отурса малдан кол жууйбуз го, — деп өзүнчө күңгүрөндү. — Капырай, Секиндин атасы, кантесиң Кудайга сөз тийгизип: бүркөлгөн күн ачылаар, көп көргөндү көрөрбүз биз да, — деп Көчөрбайды карады, төрдүн эпчи жагында ийик ийрип отурган жеңил кийме элечекчен байбиче, кара кемселине саймасы көөнөргөн күрөң белдемчинин этектерин тизе алдына жымырып оңдонуп отура. Байбиченин жашы алтымыштан ашса да бою-башы кагелес, сурмалуу кара көздөрүнүн нуружанып, ырайымдуу тиктейт. — Көрөрмүн көпчүлүктүн сенин казаныңа аш салып бергенин, малдан кол жууп калсаң, —деп «бурк» этти бай. — Ботом кантесиз, азырынча мал-жаныңыз эсен турат го. Күн мурунтан жамандыкка жорубаңызчы, — деди байбиче байдын көңүлүн жубаткысы келип. Аңгыча эшиктен кирген узун бойлуу, кара тору келин жоолугун ылдый тарта, көкүрөгүн баса жүгүндү. — Тилегиңди берсин, Курмаш балам, чайнекти карачы — чай кайнаса демдечи, атаңа чай берели, май кошуп эзилген курут суусатат эмеспи, — деп байга көз жиберди. Дасторкону алдыга келгенде эшиктен салам айта үч короо койдун койчуларынын мал эсебин жүргүзүү иштерине баш көз болуп жүргөн байдын чоң койчусу, жашы кырктан ашкан, орто бойлуу, тууралжын, тегерек бет, сакал-муруту сейрек, келте мурун, ээрди калың, шырылган көрпө тебетейин баса кийип, кара таар кемселине кайыш кур курчанган Ашыркул кирди. Анын саламына ээрдин бүлк эттире кош көңул алик алган бай: — Кандай, күндүн арты ачылчудайбы? — деди. — Оңой менен ачылчудай түрү жок, кардуу бороон көздү ачырбайт. Койлор короодон чыгаалар эмес, кечетен бери ачка, айлам кетип... — деп, оюн ачык айта албай, отуруудан жазганып,бай, байбичеге алмак-салмак көз жибере ыргылжың турду. — Ашыке, отур, жөн-жайыңды отуруп айт. Курмаш, чай куй, акеңе, — деди жөн билги байбиче. Көчөрбайдын түнөргөн түрүнөн айбыккан Ашыркул чай ууртап, унчукпай отурду. — Эмнеге унчукпайсың, айтпайсыңбы эмнеге айлаң кетип турганын, — деп бакылдады бай. — Бай аке, айлам кеткени: мал ачка, асканын түбүнө жыйылган бир аз чөп бар эмеспи, — деп сөзүн бүтө электе, бай: — Биртике чөптү эмитен чачсаң, жазгы сары кар очойгондо кубарыңдын башын чачасыңбы?! Күрөк менен тескей бетти ачтырып, бетеге жулдур бекер отурган койчуларга. Өлүп кетишпейт; малдын убайын көргөн ошолор; бетеге — узун оңой жулунат; ар бирине бирден күрөк, бирден кап бер, — деп «бурк» этти айласы кетип отурган Көчөрбай. Чынынын оозун баса ыраазычылыгын билдирип, бата тилеген болуп, Ашыркул үйүнө жөнөдү.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#167 Пользователь офлайн   Disappear   04 Апрель 2019 - 12:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

ЖУТТАН КҮЧТҮҮ...


Төш таяна жерди каза салынган Ашыркулдун кепеси. Чүпүрөк калкаланган терезеден түшкөн жарык кунарсыз. Капшытындагы дөңгөчкө коюлган май чырактан кепенин ичине күңүрт жарык түшүп турат. Кире бериштин оң жагындагы морлуу очоктон көң жыттанган жылуулук үй ичине тароодо. Очокко асылган капкактуу казандан эттин жыты келет. Төргө бир кертим жүк жыйылган; жерге калың өрө кийиз төшөлүп, үстүнө — төргө чукул — көөнө шырдак салынган, ага жанаша — жылкы тери талпак жайылган. Койчулар мал камын сүйлөшөлү деп Ашыркулдукуна чогулушкан. Отургандардын жашы улуусу элүүлөрдөн ашып калган Беделбай төрдө жыл жайынан кеп салып олтурат. Эшик ачыла суук шамал илебин ээрчите Ашыркул кирди. — Ой, сенин кеткениңден келгениң бат болду го, Ашыке. Бай эмне дейт? Чөп чачпасак мал кырылат го, — деп Ашыркулга суроолуу карады Беделбай. — Байдан оңгулуктуу сөз укпадым. «Чөптү азыр малга бербегиле. Жазгы сары карга сактайм»дейт, — деп шаабайы сууй кирген Ашыркул отургандардан төмөнүрөөк орун алды.— Капырай, кызык киши го. Эмитен кырылып калса, сары карда кайсы малына берет? — дептаң калды төмөнүрөөк отурган отуздардагы кер мурут, кара сур бакыраң көз жигит. — Азыр бетеге жулуп бергиле, мал өлбөсүн дейт, — деди Ашыркул, анан аялын карап: —Асылкүл, тамагың быштыбы, булар менен чогуу отуруп жейли, — деди. — Бир азда бышат, сорпого салынуучу талканды элеп койдум, — деди аялы. — Ой, Ашыке, кыйын болот го. Кардын калыңдыгы жарым кезге жетип калды, — деди анын катарында отурган кара сакал койчу. — «Карды күрөгүлө» дейт, оозу менен айткандан Көчөкемдин эмнеси коромок эле, — деди Ашыркул. — Күрөгөн күндө да нөшөр басылгандан кийинки кара суук чөптүн түбүн тоңдуруп муз кылып койду го. Пай, пай! Кантээр экенбиз эмитен минтип турса. Кудай эле өзү сактабаса —бул чоң жуттун белгиси го, — деди койчулардын сакалдуусу Беделбай. — Кантебиз, күн ачылса жердин бетин күрөктөп, ачыкка малды чыгарабыз го. Жулунса бетеге да жулабыз — айла барбы. Кадемиң каткырдыкы, жайында чөптү кенен чапканда мал жутабайт эле да, — деди Ашыркул. — Айтмакчы, Өсөрбай аке өткөн жайда койчуларын, башка малайларын топтоп, жумасына экиден ирик союп, айран, кымызы менен жакадагы шалбаалардан, кыштоолорунун кокту колотторунан чөп чаптырбадыбы. Чалгы, ороктору да шайма-шай экен. Акылдуу киши да,көрсө катаал кышка алдын ала камынган тура, — деди Беделбайдан бери отурган боз таар кемселчен, байтал көтү тебетейин баса кийген боз чаар, сакал-муруту сейрек элүүлөргө жаңы келген киши. — Көптүн камы жок, байдын баары Өсөрбай эмес да, малайларына акыны жакшы төлөйт, курсагы ток, көңүлү тынык болгондон кийин алар да көңүлдөнүп иштеп бергендир, — деди Ашыркул. — Мурдагы күндүн аркы күнү Жар-Булактагы Өсөрбайдын койчуларынын бирине жолуктум. Бай малын кыдырып көрүп, кара нөшөрдө оттой албай этинен түшүп бараткан койлордун абалын байкап: «Жыл каат болгону турат. Мал өлүмү көп болчудай, арам өлгөнчө четинен кармап, союп жей бергиле. Берекесин кудай берет» дептир, — деди четтерээк отурган койчулардын бири. — Атаганат, биздин бай аке ошону көрсө боло, жаны чыкмайынча бычак салдырбайт битиреп, — деди дагы бирөө. — Биз эмес, өзү деле майлуу сорпону кемде-кем ичет, «өлүп кала электе» деп малынын арыгын тандап сойот, — деди жанагы койчу дагы сөзгө аралаша. — Биздин да маңдайга бүткөн ырыскыбыз бар. Кудайдан жакшылык тилейли, — деди Беделбай. Аңгыча эшиктен ээрчише жыйырмага чыгып чыга элек орто бойлуу, кең далылуу, маңдайы жазы, кырдачыраак чолок мурун, эринин үстү жаңы түктөлгөн кара сур, бакыраң көз жигит, жоолугун бүркөй салынып, кара кемселчен кыргый мүчө, кымча бел, кызылы - кызыл, агы - ак, субагай жүзүнө кырдач муруну, ак маңдайы, ийилген кара каш алдындагы сурмалуу кара көздөрү, бөрсөйгөн эриндери төп келген он жети-он сегиз жаштардагы келин киришти. — Келгиле, жана эле келип жеңеңерге кол кабыш кылып берсеңер болмок, өткүлө, орун алгыла, — деди үй ээси Ашыркул. Жигит отургандардын четинен орун алды. Келин Асылкүлдүн жанына өттү. Бул экөө байдын ирегесинде жетим жүрүп, козу-улакка көз болуп, отун-суу алып чоңоюшкан Арыкул мененТумаркүл эле. Ата-энелери байдын кызматында жүрүп көз жумушкан. Эрезеге жеткенче бир өсүп, бири-бирин жактырып, өткөн жылы баш кошушуп, жолум алачык көтөрүп алышкан. Кыштоодо жер кепелери бар. Арыкул кой кайтарып, Тумаркүл байдын отун жагып, күлүн чыгарып, кирин жууп, ирегесинде кызмат кылат. — Эшикте кандай, Арыке, күндүн арты түрүлгөнү байкалбайбы? Кудайдын күнү ачылып кетсе экен, мал-жанды кыйнабай, — деп жигитти карады Беделбай. — Кар боройлоп жаап турат, асманы кайсы, жери кайсы белгисиз, теребел агарат эле агарат, билбейм аке, ачылчудай түрү жок, — деди Арыкул. Жашы баарынан бир кыйла улуу, Турдуке бийдин балдарын окуткан кашкарлык молдодон таалим алып арип таанып, ар нерседен кабардар болуп көзү ачылып калган Беделбай: — Күн ачылып, жааган кар кетет. Кабакты бүркөбөйлү, кабактан жааган кардан Кудай сактасын. Ашыке, келе комузуңду, силерге бир аз эрмек болуп берейин, — деп, комузду колуна алып, шыңгыратып кулагын толгоп, күүгө келтирип, «Насыйкатты» черте баштады. Жер кепенин ичин мукам кайрыктар ээледи. Комуздун бирде обологон кайраттуу, бирде күңгүрөнгөн ойлуу, бирде тагдырдын тайкы учурун баяндай сыздаган муңдуу, бирде ичинен кайрыла эргип, келечекке сереп салган үмүттүү кайрыктары бурганактуу ак мунарык катар алып турду. Акыркы эки кайрыгынын ыргагына сала үн кошуп, аргасыз которулуп, ата конушун сагынган элдин үмүттүү зарын баяндаган коңур үн комузга коштоло отургандардын көңүлүн эргитти. — Баракелде, Беке, колуңуз менен кошо карыңыз. Бүркөлгөн күндү, эртең эмне болоорун эстен чыгарып, куунаттыңыз го бизди, — деди үй ээси. Азияны титиретип, ат туягы Кырым-Урумга жеткени Чыңгыш, Батый, Жоочу хандардын тушунда жаралган «Кет Бука», «Айхан», калмактар менен кармашта жоо кайрып өткөн «Бекарстан тайчы» күүлөрүнүн маанисин түшүндүрө, кээде күү ыргагына үн кошо, отургандардын оюн арбап, жакшылыкка үмүттөндүрүп отурган Беделбай комузун жүккө таяп, сакалын сылай малдашын түзөп оңдонуп отура: — Оомалуу-төкмөлүү, бүгүн бар, эртең жок дүйнө. Мен байдын балдары менен бир жай кашкарлык Махмуд молдодон арип таанып, таалим алган жайым бар. Ал киши кудайы момун, аалым боорукер киши эле. Кембагал болсом да мага байдын балдары менен бирдей көңүл бөлүүчү эле, жарыктык. Ошол кишиден икаяларды, акылдуу сөздөрдү угуучу элек. Окууну уланта албай калбадымбы. Ошол киши айтчу эле: «Бир күнү жакшы санаалаштар менен куунап отурганың бир жыл өмүргө тете» деп. Анын сыңарындай, силерге эрмек болуп берейин, — деди. — Ыракмат, Беке, сиз өзүңүз айткандай, эртеңкинин кайгысын эстен чыгарып, жыргап отурабыз. Ээ, Асылкүл, Бекемдин тамагы кургады го, чай берсеңчи, — деди Ашыркул аялына кайрылып. — Чай даяр эле — чөөгүн кайнап турат, азыр, — деп Асылкүл илбериңки кыймылдап, чайдемдей салды да, Беделбайга сунду. Чайдан ууртап, алдына коё, тамагын кыра сакалын сылай: — Мен аттарын айтпай эле коёюн. Касиети, дасторкону кенен, жарды жалчыга кайрымдуу бай, малынын туягын санап битиреген, дүнүйөкор сараң байлар жөнүндө кеп болуп өттү. Арким пейилинен табат экен. Кудай таала калыс тура. Ошого мисал кылып дамбылдадан уккан бир икая айтып берейин, — деп оңдонуп отурду Беделбай. — Айта бериңиз, Беке, кулак сизде. Асылкүлдүн тамагы бышкыча дагы кыйла бар, — дедиүй ээси. Беделбай, чайдан ууртан, тамагын жасай сөз баштады. — Мындан отуздан ашуун жыл илгери, Какшаалдагы нойгут кыргыздарындагы төрт түлүгү шай, он миң кой, миң жылкы, Ойсул-Ата жалгаган төө, Зеңги-Баба жалгаган уй тукуму да арбын, Үрүмчү, Үч-Турпан, Кашкар, Анжиян, Аркага кербен каттатып, өлүү мүлк, алтын күмүш зер жыйнаган Мундузбай сексенди серпип калган курагы. Жайдын толук кези. Он эки канат жасалгалуу боз үйдүн төрүндө аюу талпакта бай сейрек сакалын сылаган болуп ойлуу отурат. Жакасы ачык жегде ак көйнөктүн сыртынан шырылган көк чыт чапанын желбегей жамынып, кенен чалбарынын багалектерин көн маасынын кончуна кийире малдаш урунган калыбында, башындагы тепчиме ак топусун желкесинен өйдө жылдыра копшолуп, суйдаң аккаш, тайкы кабак алдындагы курчу кайта тунарган көздөрүн чыгдандан өйдө отурган байбичесине жибере: — Ой кемпир, кандай дейсиң, мен Мекеге ажыга барайын дедим. Ажыга барган киши тозокко түшпөйт дейт. Ошентиш керек. Түндө түшүмдө мени бирөө жалындаган отко түрткүлөйт. Чочуп ойгонсом жүрөгүм лакылдап калыптыр. Уктай албай чыктым, — деди. — Ажыга барганыңыз жакшы деңизчи. Ажыга баруучу киши ага-тууганын чогултуп, ыраазычылык суранат дейт го, — деди тытып отурган жүнүн токтото, ак жоолугунун учтарын тегерете башына чүркөгөн жетимиштердеги кагелес, кара тору байбиче. — Болбогон кепти саласың. Ыраазылашкандай мен бирөөлөр менен мушташтым беле. Топуратып эл чакырып, ашык чыгым чыгаргандан көрө, ошол каражат менен Мекеге кетейин, — деди бай. — Ботом кантесиз, Ырайымбектин атасы, мушташпаса деле тирүүлүктө өйдө-төмөн мамиледе нааразычылык болбой коёбу? Ага-инилериңизди, тең курбу карыяларды чакырып, ыраазылашканыңыз оң. Нааразылыгы, күнөөсү жок пенде болобу? — деди байбиче жүнүн тыткан калыбында. — Ээ, катынсың да, наадан... Мен ошо күнөөлөрүмдү кечирип, тозокко түшүрбөсүн Кудайдан сурап Мекеге барамын да, — деп алаканын жая кемпиринин билимсиздигине таң калганын билгизди Мундузбай. — Капырай, Сизге түшүнбөдүм, анан жөн эле кете бересизби жалгыз, Меке-Медина алыс дешет го, — деди айласы арыган байбиче. — Арийне, жалгыз баргандай келесоо белем. Ысагалы карыны кошуп аламын жаныма. Ал куранды жат билет, жердин жайын билет. Кызматымды кылып, жол көрсөтүп жүрө берет .Менин шарапатым менен өзү да ажы болуп келет, андан көрө чакырт, аны, эрте күндү кечкылбай, жол камын сүйлөшөлү, — деди.Байбиче жыла тышка чыгып, бир аздан соң кайра кире: — Ырайымбектин тестиерин жибердим бийдин балдарын окуткан үйүнө, — деп, ордуна отуруп, ишин улантты.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#168 Пользователь офлайн   Disappear   04 Апрель 2019 - 12:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Көп өтпөй эшик ачылып, чарчы бойлуу, денеси чымыр, кырбуусу жумуру кара баркыт тышталган кашкар тебетейчен, кызыл чырай, калың кара каштуу, сурмалуу көздөрү сабырлуу тиктеген, сакал-муруту жаңыдан кериле баштаган, тик жака кара кемселине саймалуу белбоо курчанган жыйырма беш, отуздардагы жаш жигит кирип, көлөчүн чечип,колун көкүрөгүнө баса: — Ассалому алейкум, бай аке, Аллах тааланын шарапаты тийип, саламат жүрөсүзбү? — деп салам айтып, ызаат кылып турду. — Алейки салам, Ысагалы кары, мындай өт, кеңеше турган шашылыш иш чыгып калды, —деп орун көрсөтө колун жаңсады. Орун алып отура Ысагалы байга суроолуу көз жиберди. Ал жаш чагынан жетим калып, Кашгарлык дамбылданын ирегесинде отун-суусун алып, кызмат кылып, окуганды үйрөнөт. Зээндүүлүгүнө ыраазы болгон дамбылда өз балдары катары окутат. Кудай таала аалым болуу шыбагасын ыроолоп, өспүрүм балдар ичинен өтө мыкты окуйт. Дамбылданын шакирттигине жетип, жыйырмага жетип-жетпей Кураны-каримдин маанисине түшүнө жат билип, «кары» даражасына жетет. Дамбылданын өз уулундай кызмат кылып, жума намаздарда жамаатка имам болуу ишеничин алат. «Үйрүн сагынбас ат болбойт, элин сагынбас эр болбойт»дегендей, кыргыз ичине келип, арасынан туугандарын таап, бирден-бир билимдүү акылман катары кадыр-барк күтүп, элди намазга жыгып, байдын жыйган балдарын окутуп жүргөнүнө үч жылга аяк басты. Байдын чакырыгына кадыресе иштердин бири го деп бейкапар келген аалым алаканын жая эл-журтка жана ушул үйгө жакшылык каалап бата тиледи да: — Дилим сизде, бай аке, чакырткан экенсиз, — деп байды карады. — Чакыртканымдын жөнү, сени мени менен ажыга барып келсе деп турам, — деди бай. Санаасы жетип, колу жетпей жүргөн шарапаттуу сунуш дилин жылытып, эндирей түшкөн аалым үн дебей ойлуу отурду. Төрт түлүгү, дүйнө-мүлкү жай болсо да, малынын зекет, садагасын ыргылжың болуп сүйрөй төлөгөн сараң байдын сексенди таяганда мусулманчылык парзды ойлогонуна таң калып да, ыраазы болуп да турат эле. — Эмне унчукпай калдың, Ысагалы-кары? Менин сунушумду туура көрбөй турасыңбы? —деди бай. — Ажыга баруу менин эс тартканы самап, дилимди бийлеп жүргөн кол жеткис аруу тилегим эле, бай аке. Сиздин сөздөрүңүз дилимди жибитип, унчукпай отурган элем, — деди Ысагалы кары. — Андай болсо жөнөйлү, мен түш көрдүм. Ажыга барган киши тозокко түшпөйт деген чынбы? — деп карыга үңүлө карады бай. — Баары Аллахи тааланын колунда. Албетте Мекеге барып зыярат жасаган момун мусулманды пайгамбарыбыз Мухаммед алейихи ва салам сиапатына алып, Аллахи таала ырайым этери ак, — деди аалым. — Жакшы экен. Анда сен ажыга барып келүү чыгымын тактагын. Экөөбүз үчүн барыш-келиш баардык чыгым менден болот. Канча пул керек — табылат, — деп компойду Мундузбай. — Мусулман падышачылыктарынын, же орус падышасынын алтын акчалары керек. Мен жол жайын билгендерден сураштырып тактайын, — деди, каруу-күчү кайткан, сексендеги сараң чал менен алыска сапар тартуунун канчалык машакаттуу экенин туюп турса да, Аллахитааланын алдында мусулманчылыктын улуу парзын өтөө мүмкүнчүлүгүнө чексиз ыраазы болгон аалым. — Токтоңуз, токтоңуз, карым, аркы аптада жөнөйлү, — деди бий. Аалым ыраазычылыгын билдире таазим этип, жол даярдыгын көрүүгө жөнөдү. «Жол азабы — көр азабы» дегендей, Кызыл деңизде Мундузбайдын шайы кетип, жээкке араң чыгышты. Бедөөлөрдүн төөлөрүнө экөө тең мине күн алыс жол жүрүп, Мекеге жетишти. Араб тилин, мусулманчылыктын жайын толук билген Ысагалы-кары бейтап чалды чатырга жылуу-жумшак жайгаштырып, тамак-ашын даярдап, түнөп чыгышты. Эртеси касиеттүү Каабада зыярат башталды. Бейтап чалды жөлөп-таяп, эл аягында илкий эптеп намаз окуп, ыйык Каабаны айлана жетелешип жүрүп чатырга келишти. Каруу-күчү толуп турган илбериңки Ысагалы-кары бейтап карыяны жумшак жайга отургузуп, тамактандырып, түнкү эс алууга өтүштү. Сексендеги карыя үчүн чоочун жердин ысык түнүндө таң машакат менен атты. Эртең менен тамак даярдап, дасмал жая даам коюп, бата тилей чай сунуп: — Алыңыз, бай аке, Аллахи таала буйруп, иншалла, Арафат тоосуна чыгып, пайгамбарыбыз Мухаммед алейхи салам жүргөн касиеттүү жерлерди басабыз. Хазрети Ибрахим пайгамбарыбыз курмандык чалган жерде болуп, шайтанга таш атабыз. Иншалла, курбандык чалабыз. Анан касиеттүү Мединага барып, пайгамбарыбыздын кабырстанына зыярат кылып, куран окуйбуз. Зыярат, зыянаттарды бүткөндө, иншалла, жерибизге кайтабыз, — деди. Колу калтырап, чыныны араң узаткан Мундузбай: — Ысагалы-кары, менде шай жок, ал жерге жете алчудай эмесмин. Мен ушул жайда эле болоюн. Тамак-аш, сууну жаныма коюп кет, сен келгенче эптеп турамын. Өлбөсөм эптеп илээштире эл-жерге ала кет. Кызматыңды өмүрүмдө да, кыяматта да унутпасмын, — деди. — Ээ, жарыктык, Аллахи тааламдан зор үмүт күтүп, ушунча жол басып, касиеттүү ыйык жерге келип, толук зыярат өтөбөй кетет белеңиз. Сизди мойнума көтөрсөм да Аллахи таала алдында ажылыктын жол-жобосун бирге өтөйбүз, — деди Ысагалы-кары. Чай ичиле бата тиленип, дасторконду жыйып тышка чыгарда Мундузбай чал ордунан тура албады.«Аллахи таала менин мойнума бул адамдын ажылык ыйык милдетин өтөөгө жардам берүү парзын таккан экен. Мен да Кудайдын сүйгөн пендеси экенмин. Ажылыкка келгениме себеп болгон момун мусулманды көтөрөйүн» деп, Мундузбай карыяны көтөрүп, Арафат тоосуна бараткан ажылардын агымына кошулду Ысагалы-кары. Ак сакалдуу карыяны көтөрүп, ажыга келген мусулман жаш жигитти зыяратка бараткандар ызаат кыла алдыга өткөрүштү. Көтөрүп жүрүп, зыяраттын баарын өтөп бүтүп, касиеттүү Мединага келип түнөштү. Эртең менен Мундузбай демейдегисинен да алсыз абалда турду. Ысагалы арыдан-бери дасторконго даам коюп, карыя шеригине чай берди. — Иншалла, бай аке Кудага шүгүр, экөөбүз тең ажылык расмийлерди толук өтөдүк. Аллатаала кабыл этсе ажы болдук. Эми элге кайтабыз. Жакшы тамактаныңыз, бүгүн Кызыл деңиз жээгине жол тартабыз, — деди байдын алдына жер-жемиш, нан жылдыра өнтөлөгөн Ысагалы. — Ай билбейм, мен өлөмбү деп турам, өтө алсызмын, дем алганым да оордоп турат, — деди алсырап турган Мундузбай. — Кадырыңыз жан болсун, бай аке, иншалла элге аман-эсен жетип, той беребиз. Мен азыр бедөөлөргө барып сүйлөшүп, төө алып келип себетке отургузам да, жөнөйбүз элди көздөй, —деди Ысагалы. — Ай ким билет, сен кетсең, тиги талкан баштыкты, сүттү менин жаныма жылдырып кой. Эптеп өзөк жалгап турайын, — деди бай .Бата тилей дасторконду жыйнап, байдын өтүнүчүн орундатып коюп, бедөөлөргө жолугуп,жол жайын сүйлөшкөнү кетти Ысагалы-кары. Күн чоң шашке. Бедөөлөр менен эртең эрте жолго чыгууну макулдашып, санаасы тына келген Ысагалы чатырга кирсе, көзүң жамандыкты көрбөсүн — Мундузбай ийилип жансыз жатат. Жанында сүткө талкан көөлөгөн табак, табактын ичинде талканга аралаш бир алтын динар жылтырайт. Өлүктүн оозунан жута албай калган талканга аралаш дагы бир алтын динар чыгып турат. Жерде байдын алтын акча салган калтасы бош жатат. Бул окуяны акылына сыйдыра албаган Ысагалы шалк эте жерге отурду. Эки колунун алакандары менен чекесин сүйөй бир кыйлага өзүн жоготуп турду. Өлөөрүнө көзү жеткен сараң бай «артымда алтын пулум бирөөгө калбасын» деп акыркы күчүн жыйып, алтын динарларын табакка төгүп,талканга аралаштыра сүткө көөлөп жуткан экен. Тамагына динар тыгылдыбы, же алтынын жутуп бүткөндөн кийинби — жан таштаптыр. Ысагалы-кары келме келтирип, ак сакалына талкан жабышып, бүрүшө жаткан өлүк денени карап турду да: «Оо, Жараткан, иманым бүтүн болсун, жаңылышсам мени кечир, бул маитти (өлгөн кишини) өз даргейиңе кабыл ал, ажылык парзын өтөйүн деген үмүт менен келди эле» — деп аят окуп, бата кылды да, өлүктүн оозу-башын, сакалын тазалап, түзөтө оңдоп жаткызып, бетин жаап коюп, тышка чыкты. Жанында бир динар пулу жок. Бай күн сайын чыгымдалуучу алтын акчаны ченеп берип, кечинде эсебин сурап, артканын калтасында сактоочу. Калтада калың түптөн жогору алтын динарлар бар эле. Ыйманы күйгүр, өлөрдө баарын жутуп кетиптир. Аллахи тааланын бардык, бирлигине жан-дилин берген, Курани каримдин маанисин, шарият-хадистерин түшүнгөн аалым: «Жакшы санаа менен шерик болуп чогуу келдик эле, ыйман укпай өлсө да Мундузбайдын айыбын ачпайын. Эптеп жашырайын» деген ойго бекиди да, жамаатташ жүргөн ар улуттун ажыларына өзүнүн шеригинин ажысы кабылданып, жан-таслим болгонун кабарлады. Момун мусулмандар каражат чогултушуп, майитти аруу жууп, ак кепиндеп жашыра, куран окуп тарашты.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#169 Пользователь офлайн   Disappear   04 Апрель 2019 - 12:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Ысагалы чатырына келип, буюм-тайымын жыйнай кетүүгө камынган болуп отурду. Канчалык тобо келтирип, Алладан жардам тилесе да, мойнуна көтөрүп ажылыгын өтөткөн адамдын ыймансыз ач көздүгүнө ызасы кайнап, пенделик өч тутанып, азыр эле кайра барып көрүн ачып, ыймансызды тышка сүйрөп салгысы келди. Кайрадан келме келтирип, сабыр кылып, Кудайдан жардам тиледи. Ушинтип жан дүнүйөсү эки анжы болуп, кыйнала чатырда түн киргенче отурду. Түн ортосу оогон маал. Айлана караңгы, эл уйкуда. Жан дүнүйөсү бүлүнүп, тынчы кеткен Ысагалы-кары истигфар аятын окуп, бата кылды да: «Оо Алла,кудурети да, ырайымы да чексиз күчтүү, чексиз ааламды, асман-жерди жалгап, пендеге өмүр,ырыскы берүүчү жалгыз өзүңсүң. Биз билип, биз көргөндөн, биз туйгандан башкача баарын көрүп, баарын билип, баарын угуп турасың, шериги жок жалгыз улуксуң. Мундузбай майит экөөбүздүн жан туюмубузду, ой-тилегибизди башынан аягына чейин көрүп турдуң. Бул пенденин ажылык парзын өтөтүүгө көтөрүп жүрүп ак дилимден жасаган кызматым татыбады. Мени кечир, ырайымы чексиз кечиримдүү Аллахи таала. Мен ыйман укпай кеткен пендеге кабырда кандай жай бергениңди көргүм келип турат. Пенделик ызалыгым, өчүм кайнады эле, тобо кылам: ызалыгым тарады, өчүм жок, момун мусулман катары ал маитке нааразылыгым жок. Ажылык зыяратыбыз бүткөндө, күнү бүткөнүн туюп, өзүңдөн жакшылык ырайым күтүүнүн ордуна, шайтан азгырыгына түшкөн ач көз пенде алтын пулдарын жутуп алып жан таштады. Менде элиме кайтаарга пул жок, бирок өзүңдүн ырайымдуулугуңан үмүт үзбөйм. Элиме аман жеткирериңе ишенемин, ыйман келтиремин. Өзүңдүн ырайымдуулугуңа ишеним артамын, пенделигимди кечир» деп тобо келтирип, ордунан тура кетмен алып, кабырстанга келди, кыбыланы бет ала отуруп, жамы мусулман арбактарына куран окуп бата кылып, ишке киришти. Бир кыйла убарадан кийин көрдүн казанагына жетип, келме келтирип, бекиткен кыштарын алды, кабырстандын ичи күн тийгендей жарык, ичине түшсө Мундузбай эмес, анын ордунда маңдайы жаркын, каштары ийиле мемиреп уктаган он беш, он алты жаштардагы кыз жатат. Ысагалы аалым келме келтире куран-каримдин ыйык сүрөөлөрүнүн бирин окуп бата тилей, маит кыздын баш аягына көз жиберди. Кыздын башына саймалуу макмал китеп кап жаздалган. Дагы бир мертебе куран окуду да, «бул кудайым өзү сүйгөн пендеге мени Аллахи таала Мундузбайга көрсөткөн адал кызматымдын өтөөсү иретинде жолуктурду. Бул камил мусулман пендеден мага таберик болсун» деп, кыздын башындагы китеп капты этият алып, келме келтире маңдайынан сылап, сыртка чыгып, кабырды аспиеттеп бекитти да, жакшылап көмүп, куран окуп, бата кылды. Аллахи таалага ыраазылыгы артып, чатырына келип, уйкуга кетти. Эртең менен туруп даарат алып, намаз окуп, чайлангандан кийин китеп капты ачса, мукабасынын четтерине алтын буусу түшүрүлгөн куран жана аптиек китеп бар экен. Мээнети ак, жүргөн-турган аракети адал, ар кимге жакшылык каалаган аалым Ысагалы өзүменен кошо ажылык зыяратты өтөп бүткөн түркиялык байга сырын ачып, ошонун жардамы менен эл-жерине кайтты. Өз айылына жетээрге бир күндүк жол калганда кеч кыстай жайлоодо отурган чоң айылга жетип, четтеги чоң ак үйгө салам айтып кирди. — Алейкум салам, келиңиз, мындай өтүп жайланыңыз, — деди төрдүн эр жагында отурган алтымыш жаштардагы кара сакал, тарам кызыл жүздүү, салабаттуу киши; окуп отурган китебин жаап, мейманга орун жаңсай оңдонуп отурду. Үй ээсинин оң жагынан төмөнүрөөк жай алган Ысагалы аалым алакан жая бата тиледи. — Суусун келтиргиле конокко, — деп эпчи жакка көз жиберди үй ээси. Элүү жаштардагы толмоч, ак жүздүү аял: — Сайраке, кымыз куйчу, — деп кайрылды жанында курак курашып отурган жыйырма бештердеги сулууча кара тору келинге. Бейтааныш киши сунулган аякты бошотуп, ыракмат айтып кайра узатып, оңдоно отургандан кийин: — Ии, мейман, жол болсун, кайдан келатасыз, кайсы элден болосуз? — деп суроо узатты үйээси. — Мекеден келаткан сапарым, аксакал. Ысымым Ысагалы, Турдуке бийдин айлынанмын. Эки айылдын балдарын чогултуп, Мундузбайдын айлында окутуп жүрчү элем, — деди Ысагалы ажы. — Аа, анда укканым бар: «Мундузбай бай бир аалым кары жигитти ээрчитип Мекеге кетти»деп. Жакшы ажы болуп, эсен кайтыпсыңар. Мундузбай ажы сизден мурда кетти беле? — деди үй ээси. — Жок, ал кишинин ажысы кабыл болуп, Мекеде жай тапты, — деди Ысагалы ажы. — Алхамдуу Иллахи раббил ааламиин, жаны жаннатта болуп, эл-журтун колдой жүрсүн. — Аа, жарыктык киши, жашы улгайып калганда бала-бакырасынан бөлүнүп, чет жерде... —деп шыпшынды байбиче. — Ажыга барып келүүнү Кудай таала сүйгөн кишисине буюрат, байбиче. Ажыдан келаткан азиз конокко кой сойдур, — деди үй ээси, анан конокко карап: — «Ысагалы-кары Кашкар кожолугунан таалим алып окуган тетик жигит» деп сыртыңдан укчу элек, дидар каним, ажы болуп келгенде көрүштүк, — деп ызаат кыла бир аз унчукпай турду да, — кеп уруп отуруңуз ыйык Меке жайынан. Каабада «асмандан келген кара таш жерге тийбей турат» дешет го? —деди үй ээси. Арабча кат тааныган, Куранды пайгамбардын адистерин окуй билген, төрттүлүгү шай, эл ичинде кадырлуу киши болсо да мусулманчылыктын ички маанилеринен түшүнүгү тайкы эле. Муну баамдаган Ысагалы ажы: — Албетте өзүңүз айткандай, касиеттүү кара таш асмандан түшкөн. Аны Аллахи таала биринчи ирет түпкү атабыз Адам алейхи саламга түшүргөн экен «тукум-жураатың ушулкасиеттүү ташты бет ала сыйынсын мага» деп, Адам-ата өзү да, андан кийин пайгамбарлардын коомдору ошол ташка багыт түзөп сыйынышчу экен. Кээ бир коомдор Каабаны эске албай, Аллахи таалага сыйынууну унуткан замандар болгон. Ал коомдор Аллатааланын каарына калып, жок болушканы айтылат. Азрети Ыбырайым пайгамбарга чейин бирер замандары кара таш адамдардын эсинен чыгып калган учурлар болгон экен. Ыбырайым пайгамбарга Аллахи тааладан: «кара ташты таап, мусулмандар зыярат этүүчү жай жасагын» деген аян келет. Алла тааланын буйругун кантип аткарарын, кара ташты кантип, кайдан издээрин билбей турган Ыбырайым пайгамбардын алдына асмандан ак булут ылдыйлап келип, бир тарапка жыла баштайт. Пайгамбар ак булутту ээрчий берет, көп кыйынчылык менен жол арытып кара таш жаткан жерге келгенде, булут кайра асманга чыгып кетет. Пайгамбар ошол жерге, Мекеге, сыртынан мечит салдырып, жамааттары сыйынып жүрөт. Ыбырайым Пайгамбар өткөндөн кийин көп замандар алмашат, Кааба дагы унутта калып, адамдар тоо-таштарга сыйынышып, жаман жолго түшүшөт. Иса пайгамбар туулгандан тарта алты жүз жыйырма эки жыл өткөндө, Аллахи таала Мухаммед пайгамбарга аян түшүрөт. Пайгамбар Кааба ташын көтөрүп кынап, төрт чарчылап, ажайып абалга келтирген. Азыр мусулмандар ошол касиеттүү Каабаны сыйлашып зыярат кылабыз, — деп сөзүн бүтүрдү. Сөзгө уюп отурган үй ээси: — Ырахмат, ажым, көп нерсеге көзүмдү ачып койдуң. Мен анча окумал болбосом да, китеп жандуумун. Ыйык Мекеден касиеттүү китептер алып келаткандырсыз? — деди ажыга үмүттүү көз жибере. — Кудага шүгүр, ал ыйык жайда кызыктуу китептер арбын. Пайгамбарыбыз Мухаммедалейки саламдын хадистеринен үчтү алып келатам, бирин сизге тартуулайын, — деп жеңил чепкенинин ичинен асынган китеп кабын алып чыгып, ичинен алтын буусу жалатыла кооздолгон китепти үй ээсине ызаат менен сунду Ысагалы ажы. — Таберик тартууңузга чын ыраазымын, — деп үй ээси китепти кызыгуу менен карай баштады. Үй ичи бир тынымга тынчый түштү. — Апа, биздин кыздын китеп кабынын эле өзү, караңызчы, — деди келин кайын энесине башын кыйшайта. Ажы коноктун тизесинин үстүндө турган саймалуу макмал китеп капка көз жүгүртүп турдуда, бир аз күдүктөнө: — Ажым, алдагы китеп кап биздин ыраматылык кызыбыздын китеп кабы окшойт, кайдан алдыңыз? — деди байбиче. — Бул аруу китеп кап ажы кыздын кабырына өзү менен кошо коюлган экен, — деди бейкапар отурган Ысагалы. — Апей, эмне дейт, Кудай аткыр, көрканачы неме го колуңа алып карап көрчү, — деп эрин карады, мууну калтырап, өңү бузула түшкөн байбиче. Келин жыла басып тышка кетти. Мейманынын китеп кабын колуна алып карап көрдү да,ичинен келме келтирип, сабыр кылган үй ээси: — Бул буюм кандайча сиздин колуңузга тийди? — деп коногун тиктеди. Ажы жооп бергиче, эринин колунан китеп капты алып көкүрөгүнө кыскан байбиче: — Өлүгүңдү ит көргүр, көрканачы жексур турбайбы, оо кагылайын карегим, бул көркоо! —ден сөзүнүн аягын айта албай өксөдү эне.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#170 Пользователь офлайн   Disappear   04 Апрель 2019 - 12:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Келиндин кабары менен эшиктен жолдошун ээрчите кирген үй ээсинин уулу, конокту жакадан алып тургузуп: — Көркоо, сени азыр мууздайынбы, же элди чогултуп таш бараңга алсамбы? — деп чыкый талаштыра муштады. Келме келтирип, сабырлуу турган ажыны карап үй ээси: — Уулум, ачууга алдырба, бул кишинин сөзүн угалы, кайдан алганын айтсын, — деди. Атасынын сөзүн эки этпеген уулу коноктун жакасын коё берип, канын ичине тарта сыңар тизелеп отурду. Кулап түшкөн тебетейин алып кийип, келме келтире оңдоно отурган Ысагалы ажы: — Алхамду иллахи, күнөөсүзмүн, — деп бир аз унчукпай турду да: — айттым го, бул ыйык китеп ажы кыздын башына коюлуптур, — деп сөзүн андан ары улаарда: — Анткорлонгон өлүксүз, кайдагы ажы? Гүлайымым ушул жайлоого эле коюлбады беле, —деп байбиче ордунан кекене турду. — Сабыр эткилечи, бул кишинин сөзүн угалы, — деди үй ээси. Ысагалы ажы токтоо калыбында болгон окуяны башынан аягына чейин териштире айтып бүтө: — Ошентип кабырды ачсам, казанактын ичи күн тийгендей жарык, көз жиберсем он беш-он алты жаштагы чырайлуу бийкеч, кызылы-кызыл, агы-ак бойдон күлүмсүрөп, оор уйкуда жатат. Алла тааланын кереметине таң калып, куран окуп, бата тилеп, майит бийкечтин аяк жагында бир аз отурдум да, анын башына жаздалган китеп капка көзүм түштү, келме келтире майиттин маңдайынан сылап, этияттап баш алдына текчелеп жаздык жаздап, китеп капты алып көрсөм, ичинде мына бул куран-карим жана аптиек китеп бар экен. «Ыйман укпайкеткен пендени мойнума көтөрүп жүрүп өтөгөн адал кызматым үчүн Аллахи таала мага жаны жаннатта болуп, денеси Мекеге келген ажы бийкечтин дидарын көрсөттү. Эми ажы кыздын арбагына багыштап окуп жүрөйүн, таберик» деп алып чыктым. Ажы майиттин кабарын жаркыраган жарык тейинде бекитип, топурак үйдүм, — деп сөзүн бүттү. Үй ичи жымжырт. — Оо, жараткан, ушул кишинин айтканы ырас болгой эле. Карегим, Гүлайым жаны бейиште,денеси чын эле Мекеде болсо экен, — деп ыйын токтотуп, жоолугунун учу менен жашын сүртүп, табышмактуу конокко көз кырын жиберди эне. — Баары Алла тааланын амиринде. Уу-дуу кеп кылбагыла. Эртең менен Ысагалы ажыны ээрчитип, уулум үчөөбүз көрүстөнгө барып куран окуп, иштин жайын тактап келебиз. Шорпо сунгула — эт бышкандыр, — деп байбичесин карады. Жоолугун оңдоп салынып, ордунан туруп, келин иймене сорпо сунду. Кол жуулуп, эт желип бүтө, бата тиленди. — Ата, конок мени менен барып — биздин өргөдө түнөсүн, деп, үй ээсинин уулу ордунан тура Ысагалы ажыны ээрчитип кетти. Бул анын: «Кокус качып кетеби, көзөмөлдөп чыгайын» деген ою эле. Эртеси күн аркан бою көтөрүлгөндө күрөктөрүн жашыра байланган үч атчан айылдан аттанып, тай чабым обочо бетегелүү сеңирде жайланышкан көрүстөнгө келип түшүштү. Булар Ысагалы ажы, үй ээси, уулу — үчөө эле. Ысагалы ажы куран сүрөөлөрүнүн бирин окуп, бата тилегенден кийин, сырт кийимин чечип, жеңилдене келме келтирип, көрүстөн топурагына кетмен салды. Үй ээси уулу экөө алмак-салмак жардам берип турушту. Бир кыйла убакыттан кийин бейит топурактан арылып, казанакта жаткан чымдар көрүндү. Ысагалы ажы дагы куран аяттарын окуп, бата кыла чымдарды алып, казанакты ачкандан кийин түтүн сымал көк буу көтөрүлдү. Көк буу тараган соң: — Бисмиллахи рахмани рахим, оо жараткан, кечире гөр пенделериңди, — деп Ысагалы казанакка кирди. Көрдө сакалы сербейип, денеси белгисиз түскө бөлөнгөн Мундузбай жатат. Келме келтире казанактан башын кылтыйта түшүп: көрүңүз, карыя, бул кабырда ким жатканын, — деп кайрылды Ысагалы үй ээсине. Үй ээси кызынын ордунда ким жатканын көрүп, жакасын тута тобо келтирип турду да: — Ажым, жүрүңүз, тышка чыгалы, — деди жагымсыз жыт тумчуктура баштаган үй ээси. Тышка чыгышып, көрдүн кырында бир тынымга Алла тааланын кудуретинин күчтүүлүгүнөтаң кала үнсүз отурушту. Ысагалы ажы куран окуп, бата тилегенден кийин көрдүн казанагын жаап, топурагын үйүп, үнсүз аттанышып, айылга келип түшүштү. Үй ээлери Ысагалы ажыдан кечирим сурашып, бир өргүтүп сый көрсөтө, астына ээр токумдуу ат тартып, үстүнө чепкен жаап, урматтап узатышты. «Мундузбай да жаманатты болбосун, эч кимге сыр ачпайлы» деп убадалашкан эле. «Жамандык жерде жатпайт» деген накылды ырастагандай, сараң, пейили бузук байдын Мекедеги ордунда куран каримди окуп, сабаты ачылган күнөөсүз бийкечтин жатканы жөнүндө аңыз эл арасына тарап кетиптир. — Мына ушундай, кошуналар, арам менен адалдыкты, сараң, пейили бузуктук менен март, тазалыкты, кайрымдуу айкөл адөөлөттүктү Кудай таала ушинтип ажырымдайт экен, — деп аңгемесин бүтө алдындагы чайын ууртады Беделбай. Көчөрбайдын жалчылары жут ызгаарынан күчтүү адам эркине муюп, үмүттүү отурушат. Бурганактуу айсыз түндө кар уюлгуй жаап турду. Асман шаңкая ачык, теребел көздү карыктырган ак карга чулганган, тоо кыркалары мемиреп кар олпогу алдында мунарыктайт. Он чакты күн удаа нөшөрлөгөн кеч күздүн жамгырынан кийин, бир апта кайыктырган кара сууктун акыры үч күн боройлогон карга айланган. Көчөрбайдын малы кыштаган коктулуу өрөөндүн түзүнө түшкөн уйлар кар үстүнөн сербейекөрүнгөн чийдин баштарын жалмай, тизеден өйдө кар кечип, ыкшоо жайылууда. Кыштоонун күнгөй, тескей беттеринде мал көрүнбөйт. Төрдүн шамалдан ыктоо баш жагындагы зоокадан берки таш короолордун кырларын жаба кар түшкөн, койлор жондорундагы кардан кутулуу аракетинде силкинген болуп, бири-бирине сүйкөнө топтошуп турат. Жер кепелердин үстүн күрөп, эшик алдыларын ачып бүткөн койчулар жабыла таш короолордун ичин кардан тазалап, алдыларына кой чубагандай чыйыр салып жатышат. — Айланайындар, колуңарга Кудай кубат берсин. Эми суунун жээгиндеги жашаңдын үстүн күрөп жибергиле. Койлордун капшыты ачкадан кабышып турат, тезирээк чөп жалмалатпасак болбойт, — деди, өзү да этегин кайрып кар күрөп жургөн Ашыркул. — Ой, Ашыке, биз үч короо койго жер ачканча көп бар, короонун ичине үйүлгөн чөмөлөлөрдөн бир аз чачалы, жер ачылганда жашаңга чыгаралы, — деди Беделбай. — Кадемиң каткырдыкы, бай уруксат бербей атпайбы, — деди Ашыркул ыргылжың боло. — Ашыке, биз эмне өзүбүз жеп аттык беле. Ошонун койлоруна беребиз да, — деди Беделбай Ашыркулга демөөр бере. — Болуптур, эми бирден киши барып эки боодон чөп алып келип, короонун ичине чолоолоп чачып, койлордун жегенине көз болушсун, мен да кошо барайын. Силер жердин бетин ача бергиле. Анан койлорду чыгарабыз, — деп Ашыркул үч короодон үч киши алып, жер ачылганча койлорго чөп чачып турууга киришти. Үч короодон чыккан чубама чыйырдын кокту таманындагы жайыкка жеткен жерлеринде үч бөлүнө төрт-бештен киши тизеге жете түшкөн жаш карды күрөп, жан жагына ыргыта жер ачууда. Калың кар кемерлене үйүлүп, барган сайын жумуш оорлоодо. — Эки жагыңар бийиктеп, кыйындай баштады. Эми алдыңарды күрөп, узата ача бергиле,туурасы беш-алты кадам болсо болду, чубата оттотобуз койлорду, — деди биринин артынан бири удаа күрөп бараткан жаш жубайлар Арыкул менен Тумарга кеңеш бере, өзү экинчи четинен күрөп бараткан Беделбай. Карала таар кемселинин этектерин кайрып, кайыш куруна кыстара, кырбуусу тайкы эски тебетейин шилисинен өйдө көтөрө кийип, боргулдана бараткан Арыкулдун кайыш чокойлуу согончогуна күрөктүн учун тийгизе: — Арыке дейм, мен сенин согончогуңду артынан тазалап баратам, колкосуна эмне дейсиң?— деди, көөнө боз мата кемселинин этегин жыйрып, көйнөгүнүн алдын көтөрүнө кашатынакыстара, жоолугун артына бууй кыймылдап, жүзү албыра бараткан Тумаркүл жубайын тамашалап. — Бөйпөйгөн эриндериңден бир өбөм кечинде, азыр колум бош эмес, — деди кыймылын токтотпой, кылчая караган Арыкул; жүзү албыра сурмалуу көздөрүнөн лаззат кумары жанып турган жубайын көрө жан-туюму дүрт жана жалжал карап коюп, «колкоңдон азыр эле кутулат элем» деген оюн билгизе Беделбайды карай ээк кага, жубайына жүрөгү элжирей жылмайды. Жаш жубайлардын аруу махабат туюмдары жут ызгаарынан күчтүү эле.Уул-келинине, үй кызматкерлерине боз үйдүн үзүктөрүнө түшкөн карды бакан менен түрттүрүп түшүрө, жер үйүнүн алдын күрөтүп, эшигинин алдын ачып боло, короолорун кароого чыкты Көчөрбай. Көк чапанынын сыртынан мата курун кымтый курчанып, түлкү тебетейин баса кийип, кабагы бүркөө, койлорго бир аздан чөп чачтырып турган Ашыркулдун жанына келип: — Ой, сен бирөөнүн оокатын чачып, өзүм билгенге өттүңбү ыя? — деп «бурк» этти. — Ассалому алейкум, бай аке, каяктан келгениңизди байкабай, — деп кыйнала сөзүн уладыАшыркул. — Койлордун жаактары ачкадан карышып баратканынан жердин отун ачканча деп бир аз чачтырып аткам. — Бул кар муну менен бүтпөйт, күндүн куюн карабайсыңбы. Чилде түшкүчө дагы эки ай бар.Ай арасы жөн өтөт дейсиңби? Кыштын узак болорун көрбөй турасыңбы? Сары кар очойто түшкөндө кубарыңдын чокусун бересиңби? «Азыр чөпкө тийбе, тескейдин карын күрөтүп,бетеге жулуп бергиле, жердин бетин ачып оттоткула» дебедим беле, — деп күпүлдөдү бай, койчунун саламына алик албастан дүңкүйө.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#171 Пользователь офлайн   Disappear   04 Апрель 2019 - 12:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Коктунун таманындагы жашаңдын бетин ачтырып атам, азыр койлорду чыгарып оттотуп көрөбүз. Балекет баскыр, чөптүн түбү муз болуп калыптыр, арбын жааган жаан жерге сиңбейт, — деди Ашыркул. — Жердин бетин ачып, койлорду чыгаргандан кийин, баарына бирден күрөк, кап берип, тескейдин карын күрөтүп, бетеге жулдургун. Тескейдин бетегеси узун — жакшы жулунат, —деп үзүлүп түшүп чөп тилеп, үймөлөктөшкөн койлоруна көз жиберип турду бай. — Жаш кар ката элек, күн көтөрүлсө көчкү жүрүшү ыктымал, бай аке, эртең мененки тоңголокто баштайлы. — «Көчкү, көчкү» деп коёт. Өлбөйсүңөр, кудай албаса, жулдур, эрте күндү кеч кылбай. Мен башка кыштоолорду кыдырып кеч кайтам, — деп бай үйүн карай басты. Көтөрүлгөн күндүн нуру жаш карга чагылыша көз уялтат, кокту башынан соккон суук сыдырым бетти тызылдата бойду ичиркентет. Үч короо койду ачылган жашаңга өз алдынча чыгарып бүтө, койчулар аялдары менен Ашыркулдун жанына чогулушту. — Эми кепелериңерге кирип, өзөк жалгап, эс алгыла. Бир эт бышымдан кийин бирден кап алып, күрөгүңөр менен чыккыла. «Тиги тескейдин карын күрөп, бетеге жулгула» деп кетти бай, — деп тегеректеп тургандарга кайрылды Ашыркул. — Ой, Ашыке, азыр болбойт, жаш кар отура элек, көчкү жүрүшү ыктымал, — деди Беделбай. — Мен ошону айтсам, бай көшөрүп болбоду. Анча тик эмес жайыгыраак жерди тандап, Кудай деп көрөлү. Ал кишинин көр жемесине мени калтырбагыла, — деген баш койчунун өтүнүчүн угуп, эл эс алууга тарашты. Эки киши айлана батуучу жер кепенин чүпүрөк капталган чакан терезесинен түшкөн күн нуру кунарсыз болсо да, жайылган дасмал жанында даам сызып отурган, бири-биринин жамалына куштар жаш жубайлардын маанайын жаркытып турду. Дасторкон үстүндө он чакты эжигей курут, сорпонун майына көөлөнгөн талкан турат. Кырма жыгач чөйчөккө чай куюп сунду да: — Ии, баса, кечээ бай акемдер жабылган нандан кыпчык беришти эле, — деп кичинекей жыгач үкөктөн нан алып дасторконго коё, — алыңыз, ушул үйдүн ээси Арыкул мырза, —деди жайдарылана, жубайынын тизесине сүйөнө дасторкондон курут алып, чай ууртап, сүйгөнүнүн жанында жер кепени ак ижарадай туйган тагдырына ыраазы Тумаркүл. — Мен сага убада кылган колкону өтөбөйм, «мырза» деп жаңылышасың, — деп жылмайды Арыкул. — Ал эмне колко эле, — деди, билип турса да, дагы бир ирет уккусу келген Тумаркүл. — Татына эриндериңи капшыра бир өбөйүн дебедим беле, эми антпейм, — деп мостойо компойду койчу. — Антпечи, сен мага мырзалардын мырзасысың, кечти күтпөй эле азыр өөп койчу, — депТумаркүл чыканагын сүйөп турган калыбында Арыкулдун тизесин нукуду. — Кой, өбүшүп атканда эшиктен бирөө кире калбасын, кечинде эки ирет өбөйүн, — деп жарынын далысына колун арта, оң колундагы чайын ууртады Арыкул. — Мейли анда, кантейин, кечинде эки жолу, — деп жылмайды жары. — Тумар дейм, жайында мындан жакшы да, жарык да жаңы жер үй салып алабыз. Карагайдын этегине түшүрүп койгон шырыктарым бар. Байдыкындай бийик жана жарык үй курамын. Бай акымды көбөйтсө чакан боз үй да жасап алабыз. Мен үй турманын жасаганды билем, колум уста эмеспи, көрөсүң го үйлүү болгондо, — деп көздөрү жайнай жарын карады Арыкул. — Болду эми, устаке, чайдан, талкандан алып тоюнчу. Азыр тиги бетеге жулганга барабыз да,— деди Тумаркүл. — Сен барбай эле койчу, «боюма бүткөнсүдү» деп жүрөсүң го, этият болчу, — деди Арыкул жарын мээрим менен тиктеп. — Апий... Сенин жаныңда жүргүм келет. Бир кызык айтайынбы, сени койнума катып алгым бар... - деп Тумаркүл күйөөсүн жал-жал күлө бага карады. — Кой эми, жөнөйүн, — деп, бетин сыйпай бата тилеген болуп, ордунан турду Арыкул. — Арыке дейм, мен деле барайын, жардамдашайын, кар калың, экөөлөйлү, — деп жалооруду жары. — Устаке дегениң кайсы, менин тилимди албайсың, келе бери капты, айтпадымбы — барба,— деп компойду Арыкул. — Мейли эми, устаке, — деп кылгыра карап, жакындай капталына кыналды Тумар. — Колкондон кутулам, эки жолу өбөм дебедимби, азыр бирөөнү, — деп жарын ийе тартып оң бетинен өөп, капты алып тышка чыга ылдый чубап, бетеге жулганы бараткандардын артынан жөнөдү Арыкул. Ээрчий чыккан Тумар эшик алдында жал-жал карап, жубайын узата карап турду.
Ак карга чүмкөнгөн апай бет. Эркек-аялы болуп он чакты киши каптарын колтуктай, күрөктөрүнө сүйөнө турушат. — Он кадамдан аралыкта катарлаша жулабыз, — деп Ашыркул өзү кабын кар үстүнө таштап, жыгач күрөк менен эни он кадам жерди күрөдү да: — Карагылачы, бетеге узун экен, — деп тутамдап жула баштады. — Ашыке, түбү муз тура, кыйын экен, — деди анын катарында чөп жула баштаган Беделбай — Түбүн муз коё берер эмес, жулунушунча жулабыз да, — деди бирөө. Улам өйдөлөгөн сайын бут тайгаланып убара көбөйө баштады. — Чурка, үйлөргө барып тайтуяк чогултуп кел, болбосо таканчыктоо кыйын болуп баратат,— деп жанындагы уланды жумшады Ашыркул. Ката элек жаш карды эки тарапка күрөй ыргытып, ачылган жерлерден бетеге жулуп,тайгалана кыйындык менен иштеп жатышты. — Ашыке, карачы, мына бу беттин өйдө жагы тике катташып турат, ошол жерден кар бузулбаса экен, — деди күрөгүн таяна алаканын серепчилей өйдө көз жиберип турган Беделбай. — Мен да ошондон кооптонуп турам, күн өйдөлөгөндө ишти токтотпосок болбойт го, — деп ишин уланта берди Арыкул. Алды муз бетеге кыйындык менен колго келүүдө. Өспүрүм улан тайтуяк таратып жүрдү. Түш оой, өйдө жактан кашааланган жапсарга ойлуу көз чаптырып турган Ашыркул: — Болду эми, жулганды токтотуп, төмөн коктунун оозун көздөй жөнөгүлө, күн жылымдап калды, тез болгула, — деп кыйкырды Ашыркул. — Кокуй, Ашыке, акырын, жаңырыкка кар козголуп кетет, — деп ишин токтото төмөндөдү Беделбай. Араң калың түп болгон каптарын ийиндеген койчулар илең-салаң ылдыйлап, коктунун аягын көздөй чубашты. Каруу-күчү толуп турган Арыкул баарынан алдыга озуп, бир кыйла өйдөлөп кеткен эле. Беркилер коктунун таманына түшүп, ылдый кетип баратышты. Арыкул чала бөксө капты ийиндеп, тайгалана ылдыйлап келатты. — Арыкул, бол ыкчамда, кооптуу доош чыга баштады, бол, — деп акырын унчукту Беделбай. Арыкул кабын көтөрө дүмүрөңдөй шашып келатат. Ал коктунун таманына түшкөндө башка койчулар коктунун оозуна жакындап калышкан эле. Аңгыча күүлдөп келип, абаны жарган кескин добушка удаа коктунун ичи уюлгуган ак тозоңго толду. Бир тынымдан кийин аягы сүйрөлүп коктунун таманын жаба өйдө жагы опойо тирелген бийиктиги аркан бою кар секиси көрүндү. Төмөндөгүлөр бир тынымга селейип кар тозоңун карап калышты да, анан баары бир ооздон: — Оо, кокуй, Арыкул, Арыкул кана? — деп кыйкырып жиберишти: — Оо, Арыкул, кокуй күн! Кайдасың? — деп, кабын ыргыта секини айлана жүгүргөн Ашыркул карга тыгыла аркы капталга өтүп, башын мыкчый тизелеп, чөгөлөй калды. — Ой келгиле, четинен карды ачалы, мүмкүн кудай буйруп алып чыгарбыз. Кудай жардам болсо, көчкү жүрөрдө кокту таманынан көрүндү эле, ортолой ачалы, келгиле, — деп кар бузуп кирди Беделбай. Баары жабыла көчкү секинин четинен бузуп киришти. Көбүнүн беттерин жаш жууп, үн дебей, үмүт менен карды ыргытышкан койчулардын иштегенине эки эт бышымча болду. Арыкулдан дайын жок, күн жылтылдап тоо кыркасына жашынып баратты.Уу-дуу каңырыкты угуп чуркап чыккан Тумаркүл энтиге келип, кар бузуп жаткандардын четине келип турду да, Арыкулдун жок экенин ар кимдин аялуу көз карашынан туя: — Айланайын акебай, эмне балакет болду, акебай? Арыкулуң кана? — деп Ашыркулга боюн таштай жыгылды. — Азыр, азыр балам, азыр алып чыгабыз, — деп Ашыркул Тумаркүлдү сооротуу аракетинде эки карысынан жөлөй аргасы түгөнө калтырап турду. Аялдардын бири келип Тумаркүлдү кучактап тургуза: — Тумаш, Тумаржан, ыйлабачы, ал тирүү, азыр алып чыгышат, — деп жооткото өзү да бышактады. — Арыке... Оо, Арыке, кечинде келем дебедиң беле! Мен жетимди талаада калтырасыңбы? Жетелешип жүргөн жетимдер элек, оо, жараткан, мен бейбак, — деп сыздаган Тумаркүлдүн ыйы көчкү үстүндө жаңырып турду.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#172 Пользователь офлайн   Disappear   04 Апрель 2019 - 12:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Кыштоолорун кыдырып, көңүлү чөгөт болуп келаткан Көчөрбай көчкү жанында өзүнүн келгенине көңүл бурбай, кар менен алектенип тургандарды карап, тизгин жыя болгон кырсыкты баамдагансып турду. Кылчая кар ыргыта байдын келгени көз кырына түшкөн Ашыркул күрөгүн таяна: — Бай аке, Арыкулубуз көчкү алдында... — деп оюн бүтө албай, жашып кетти. — Көзүңөрдү карабайсыңарбы? «Көчкү алдында калды» деп... — бир аз унчукпай турду да:— оо, бийиги бир аркан бою, туурасы эки, узунун кара, муну жай бою алып бүтө албайсыңар Анын кай жерде жатканын билесиңер. Жазында табылат, убара болбогула. Жесирди биздикине баш калкалаткыла, — деп атын моюнга чаап, үйүнө жөнөдү бай. — Оо, айланайын акебай, «жесир» дейби бай! — деп Ашыркулга умтула чыңыра «акелеп»турду кош бойлуу жаш келин. Койчулар кар бузушуп, Арыкулду издешүүдө. Малынын туягын санап, убайын көрбөй өп-чап өмүр кечирип келаткан сараң байдын жаш жесир жөнүндө көөмөйүндө арам ою ойгонуп, ичинен кымылдап баратты. Тоок жылы ушундай болду. Кеч күздө кар түшүп, кычыраган кыш босогого кирип келди. Элдин көбү камсыз, камдуулар кемде-кем. Күнгөй-тескейин айрыгыс теребел көздү уялткан ак мунарыкка бөлөнгөн. Сан-Таштын түбүнө жайланышкан жети байсалуу коргондун тегерегинде кандагайларын жеңил кемселдерине шымданган он чакты жигит кар күрөп жүрөт. Коргондун оор жыгач дарбазасынын алды күрөлүп, жол ачылган. Батыш бурчундагы бийик секичеге чыга келген найзачан, кылыч байланган жигит айланага дүрбү сала көз жиберип турат. Коргондун төрүнө туурасынан балык жондоно салынган, терезелери кенен,там үйдүн эшик алдына кокон ыкмасында жыгачтан кыналып, сере жасалган. Серенин түркүктөрүнө, маңдайкы кырдуу тактайына оюу түшүрүлгөн, кабелтең эшик алдында куралдуу жигит турат.Середен кирүүчү кенен бөлмөнүн алды тактайланып, килем төшөлгөн; төрүндө, эки ыптасында оймолуу эшиктер; төрдө Ормон хандын суракканасы, эки жагында турак үжүрөлөрү жайланышкан. Чептин тоо тарабында өзүнчө салынган үч бөлмөлүү үйдүн оң жаккы кенен бөлмөсү аземдүү жасалгаланган, анда четтен келген коноктор күтүлөт. Эки бөлмөгө Нажимүддүн ажыга тиешелүү — биринде намаз окулат, бири аалымдын турак үжүрөсү. Ошол ыптада андан бир аз оолагыраак салынган жапыз там үйлөрдө чеп кайтарган жигиттер, хандын үй кызматындагылар турушат; ашкана да ошол тарапта. Чептин суу жаккы ыптасында үстү жабык акырлуу атканалар; ат жеми, эгин сакталуучу кампа, артындагы сары кыр үйүлгөн чөптүн үстүнө түшкөн оор карды күрөп эки жигит жүрөт. Үйлөрдүн морлорунан түтүн ыкшоо булайт. Эки күн бою кыштоого кирген айылдарды кыдырып, элдин ал-жайын көрүп, кабагы бүркөө кайткан Ормон хан сурак жүргүзүүчү бөлмөсүндө санын таяна ойлуу отурду. Эшиктен кирген Саза салам айта кол алышып көрүшүп, хандын оң жагынан обочороок орун алды. — Торугарт жактагы кербен жолунда Ат-Башы, Нарындагы элдин абалын билип келүүгө сиздин жарлыгыңыз менен жиберген кишилер өлө-тала кайтып келишти. Ошол жактын жайын сизге кабарлайын деп турам, — деп, бир аз копшоло сакалын сылай, оңдоно отурду Саза. — Ии, кандай экен? Ал жакка кар мындан да оор түшкөндүр, бечара эл кантти экен? — деп суроо узатты хан. — Таксыр, ал жактарга кар быяктан да оор түшкөн окшойт. Нарын, Ат-Башы, Жумгалдын көкүрөк жактарына аттын омуроосунан кар түшүп, айылдар катташа албай калыптыр. АтБашынын Кара-Коюн, Нарындын Дөрбөлжүн, Жумгалдын Көк-Ой жактарына да тизеден өйдө кар жааптыр. Мал жайытына чыга албай, колду карап калган имиш — кар күрөп жердин бетин ачып, тескейден бетеге жулуп, эптеп жан сактап турушат экен. Кудай жалгап Кочкор өрөөнү кара дейт, — деп сөзүн бүтө электе: — Кудай тааланын ырайымы түшкөн жер да, атаганат, мурдараак камынып, эл майда малын ошол жакка оодарганда абзел болот эле. Эми да эптеп жол ачып, мүмкүн болушунча Нарын, жумгалдыктар малын ошол жакка көчүрсүн, Кочкор билермандары баш чайкашпасын. Биздин атыбыздан жарлык айтып Жаманжээнди жиберебиз. Шамен ошол жакта эмеспи, пейилин кең салсын дейбиз, — деди Ормон хан кабагын көтөрө. — Таксыр, Ат-Башынын Ак-Сайдагы кыштоолорунда абал белгисиз. Кында, Богошту, ТашРабат ашуулар көздөн учуп калды дейт. — Ал жакты берилетүү кыйын. Кадеми катып, калктын мойну чөп чаап алганга жар бербей турбайбы. Кантишет жердин бетин ачып, бетеге жулгандан башка чара жок. Көчкү бир жагынан айлаларын түгөтүп тургандыр. — Аны эки айтасызбы, бир айтасызбы. Мүшкүлдү эл көчкүдөн көрүп жатыптыр. Оттуктун, Кара-Үңкүрдүн ичтери эки-үч жеринен бөгөлүптүр. — Ошол бөгөттөрдүн, Долон белинин ачылышына көз салып туруу зарурат. Үмөтаалы айла таап жол ачат деп үмүтөтүп турамын. Элдин жуттагы малын Кара-Кужур, Кочкорго оодаруу керек, — деди Ормон хан. — Кудай жалгап, Чүй жагы жакшы экен; кар жеңил түшүп, мал-жан кадимкидей бейкам турат дейт, — деди Саза. — Бул жактан, айрыкча жутаган малды тескейден ошол жакка оодарткыла. Боронбай,Самсаалы бийлерге ушуну кабарлаттыр, — деди хан. — Алардын субай малдары сыртта, ал жакта деле кар оор болушу ыктымал. Тубар малдары ичтедир, алар оруска ыктап, ымаласын бөлүп турбайбы. Биздин кеңешке кулак кагар бекен?— деди Саза капыя нааразылыгын билдире, алдыртан Ормондун кабагын байкап. — Муктаждык алкымдаганда аргасыз кулак төшөйт да, акыл салуу керек, — деди Ормон. — Таксыр, Боронбай бий Кенесарыга каршы эл кошуунуна бирикпей, ногой тыңчысын Омбуга жиберип, орустан кепилдик алгандан бери Сиздин амириңизди тутпай калды го дейм,— деди Саза. Ормон санын таянган калыбында бир тынымга унчукпай ойлуу отурду да: — Ыркыбыз кеткенсип турат. Боронбай бийдин ич күптүсү бар экенин баамдачу элем. Калктын кыйыры бузулганы турган кыйын кезеңде мойноп кеткени биз эмес Кудай алдындада кечиримсиз болор. Антты, шертти аттаганы да, — деп ичинен күңгүрөнө өзү менен өзү кеңешкенсип ойлуу отурду да, — көрө жатабыз, Омбуга көчүп кетпес. Андан көрө, алдыда ышкырып келаткан тилсиз жоо — жуттан — элди аман алып калуунун камын көрөлү, —деди жаалы келип, жаак эттери түйүлө ички дүйнөсү удургуп, эл бузарлыкты эми эле жазалагысы келип турса да, сабыр кыла ой калчап турган хан. — Аныңыз калетсиз, ошентсе да терс бурулуп бараткандын тизгинин тартып коюу абзелби дейм, — деди «Боронбайды убагында теске салып коюу керек эле» деген ойдо жүргөн Саза. — Терс бурулгандын тизгинин тартаар убакыт да келет. Жүйөлөшүп да көрөрбүз. Жүйөгө келбесе... — деп сөздөрүнүн аягын купуя айткансып, ойлуу отурду Ормон хан. — Менин баамымда, жүйө эле бийдин хан чөйрөсүндөгү мансаптардын бирине жетпей калганындабы дейм, — деди Саза. — Бар кеп, «хандын кеңешчилери да, баш бийлер да, кол башы да сарыбагыштан» деген кусамат болорун мен адегенде эле туйгам. Бир эсептен жүйөлүү кусамат, бирок ошол саамда иштин оңтоюна жараша болуп кеткен. Аны түзөп алууга болор эле. Боронбай оруска катуу жабышып алганы кооптуу. Жанагы татар соодагер бекер жүрбөгөн экен көрсө. Ал Омбудагы жандаралдын тыңчысы тура, Боронбайды көкүтүп, жерине жеткирген тура. Орусиянын элди бөлүп-жарып алууга жасаган кутуму тура. Акыры зилдеп кетиши да ыктымал, көрө жатабыз,— деп өзүн жубата отурду Ормон хан. Хандын сөзү бүткөнүн туйган сезимтал Саза: — Таксыр, кыштан чыгуу жөнүндөгү сиздин жарлык сөздөрүңүздү кабарлап, Ат-Башы —Нарындын, Кочкор — Жумгалдын, Кемин — Чүйдүн билермандарына чыйрак жигиттерди кош аттап жөнөтөлү, — деп ордунан козголду Саза. — Ошенткиле. Мал баккандарга айттыргыла. Нөшөр жамгыр, кара суук, карлуу борошо малды этинен түшүрдү. Тамак-аштан кысылып, малдын жашыгын кашалабай, эттүүлөрүнөн союп жей беришсин. Суукта өзүлөрү демдүү болсо, малга да жетик көз салынат. Кар күрөп,бетеге жулгандарга майлуу тамак кубат болор, — деди хан. Саза чыгып кеткенден кийин, кыштан эл кантип чыгарын, Орусия бир жагын эңшере тартып турган элдин келечеги кандай болоруна ичинен сереп сала тунжурай ойлуу отурду журт ээси. Сурак жайында Ормон хан жалгыз түнөрүп, ой чубатууда. «Мына кыш каарына ала, жут ышкырып кирди. Кокту-колоттордогу таш короолорду кар басып, койлор жайытка чыга албай, жүнүн жээдө; жер кепелердин эшиктерин ача албай жүдөгөн эл. Кыштын моюну узун,көчкү канча алааматты алып келээр экен... Бетеге жулуп канчага үдөө кылууга болот. Кышка чөп-чар камдап алгандар чанда-чанда.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#173 Пользователь офлайн   Disappear   04 Апрель 2019 - 13:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

«Эртеңкини кудай жеткизет» дей үмүт күтүп, бейкам жашаган момун эл кыштан малынан кол жууп чыгабы? «Оо, кудай» деп асмандагы карайт айласы түгөнгөн эл. Кудай таала аракетке жараша берет экен. «Хан» дешет, хандын колунан эмне келет? Бали, хан өз малына чөп камдап алды. Ошол үчүн хан болду беле? Аракети алсыз, үмүт күтүп жашаган көчмөн эл арып-ачып, азып-тособу? ..

... Илгери илгериден бери көрөңгөсү бузулбай келаткан эл эмес белек. Оо, ал кезде жер кенен.Айга, жылдызга карап жыл эсебин алып, жут жышаанын билгенде жер которуп көчүп-коно, мал-жан түгөл болуп келген. Азырчы, азыр туш тарабың кысылган, ооп кетер жай жок. Ал эмес колдогу жерибизге туш-туштан көз артып турушат. Оо, жараткан, байыртадан бери көнүмүш жашоо нугубуз туңгуюкка капталабы? Жашоонун нугу, элдин тагдыры башка нукка бурулуучу кыйын кезеңге кабылтып турасыңбы? Момун эл өзүңдөн үмүт күтөт, өзүң аракетиңе жараша берем дегенсиң. Эл ханды карайт, хан жут алдында алсыз, алсызмын. Элдин убал-сообун аркаладым эле ант берип. Ошондо бул жүктүн оордугун баамдадым беле, бийлик ышкысынын жетегинде калган эмес белем? Жок, жүктүн оордугун баамдаган элем.«Кыйырды бузуп жоо келсе, кылычташа тосолу, кыйсыпырды түшүргөн жут келсе, камдуу бололу, эгин эгип, чөп-чар жыйнайлы» дебедим беле элдин алдында. Жоону тостук элди баш коштуруп, ата журт аман калды, бул дурус... Тилдүү жоого алыбыз жетти, тилсиз жоо — жут алдында алсызбыз, алсыз, болуп турабыз. Аракеттенүү зарурат болуп турат кудай деп. Тоо арасындагы өрөөндөрдүн кар оор түшкөн көкүрөк жагынан малды аяк жагына жылдырсак, кур аттарды, субай жылкыларды айдатып, ашууларды ачып, малды кар аз түшкөн жактарга оодарсак, элди көчкүдөн сактап, көчкү көчкөн беттерге мал жайдырсак, айрыкча жылкы баласы жүдөбөсө, кыштан эл аман чыгат... Ай кыйын болор бекен... Акыры мажбурлоо зарыл, мажбурлаймын, кышка камсыз киргендердин малын талоонго салдырам. Жата калып малынын туягын санап, чөп жыйнатканга союш кызганган сасыкбайларды. ..» — деп санын мыкчый козголо өз алдынча сүйлөнүп турганда эшиктен салам айта Саза кирди. — Алейки салам, — деп бурк этти али ою оор санаадан арыла элек Ормон хан. — Таксыр, жакшы кабар. Жигиттер кур аттарды айдап күрткү бузуп, Долондун белин ачты. Ал жакта кар басылганына эки күн болду дейт. Нарын боорунда жутаган мал Долон ашып, Шамендин Сары-Булагына Кара-Кужурга өтүп атыптыр. Жумгалдын көкүрөк жагы Кызартты ашып, Кочкор ичине өтүп атат дейт, — деди. Көңүл коюп угуп оңдонуп отурган Ормон хан: — Дурус, бирок бери жактагы эл менен жайыт талашып, чыр болуп кетери ыктымал. Отмайын бычып коюу керек — деди. — Жайыт ээлерине ар 20 койдон бир кой, — он бододон бирөө берилери бийлер менен макулдашылган, — деди Саза. — Көчкүдөн да сактануу керек, алдын ала көчүрүп, — деди бир аз санаасы басылган хан. — Кооптуу жерлерде атайын мылтык атып көчкү көчүрөбүз, — деди Саза. — Башка арга жок. Бейкам элбиз, бейкам. Ушул жыл сабак болор бекен? Ай ким билет... Жерге илээшмейинче иш оңолбойт. Бул зарурат, мажбурлап, жазалап болсо да, — деп, обдула оңдонуп отурду түнөргөн калыбын жазбаган хан. — Кебиңиз ак, союш берип чөп чаптыргандан битиреген байлар эми ошол малын жутка алдырып, сызга отурары турган иш, — деп, кыш каары келгенден бери жер-жерлердеги өзүнө маалым абалды баяндап, кеңеш сурап, бир кыйлага хан алдында отурган Саза, апта аптада кышта кыйналып турган элдин абалын кабарлап турарын айтып, камбыл жигиттерди ээрчитип, оттуу жайыттарга ооп жаткан элдин абалын билүүгө жөнөп кетти. Кыштын моюну узарууда. Жалган куранда сары кар да оор түштү. Эл далбас уруп мал-жанды сактап калуунун аракетинде. Жаз көктөмү көздөн учууда. Чын курандын аяк чени. Күн жүрүшү өйдөлөгөнүнө көп болсо да, түзөңдөрдө ала шалбырт эми гана башталды. Көбү өлүп, көбү көтөрүм болуп, алдууларынын кабыргасы саналып, кыштан өлө-тала чыккан бодо мал кары ачылган чий түптөрүн жалмалай араң илкийт. Төр таяна эки тарабы куушурула туюк келип, тескейи айдөөштөнө жазы, күңгөйү арча,карагандуу торпуланган, коктунун төрүнөн жыла чыккан булактын суусу тоңбой, эки жагында кары ала-телек ачылган коктунун таманына нук сала нары төмөн карай өзөн суусуна куят. Тескейдин кары бузулбаган бойдон турат. Күңгөй жагында караган-арча түптөрү ачылган. Коктунун төрүндө булактын көзүнүн күңгөй жагына салынган тыкан ташкороонун айланасы күрөлгөн. Таш короодон ылдый үйүлгөн чөп түгөнө, калың түп гана калган. Кенжебай көтөрмөгө таңган чөптү жонуна салып келип, таш короо ичинде кой-эчкиге чөп чачып жүргөн аялына карап: — Чөп түгөнө жаздап калды, дагы кар түшүп каарына алса, айла кетеби деп корком, — деп таңгакты жерге коюп, тебетейи менен терин сүрттү. — Кудай сактасын, сары кар өтүп кеткенине көп болбодубу, — деди аялы, жерге чачылган чөптү чогулта койлордун алдына үрөй. — Ай билбейм, көп болсо дагы бир аптага жетерлик эле чөп калды. Азгантай малыбызды эптеп кыштан чыгардык эле, эми жаз келгенде кырып албасак болду, — деди күйөөсү. Төмөнтөн жай бастырып келаткан тору атчан, жашы алтымыш таяп калган, кара сакалын бирин-серин ак аралаган, тарам кызыл жүздүү, кара көрпө тебетей, боз пиязы чепкен кийген салабаттуу киши тизгин жыя: — Ассалоому алейкум, Кенжебай мырза, мал-жан эсенби? — деп үн салды. — Оо, жарыктык, озунуп салам айтып, мен келгениңизди туйбай калган турбайымбы. Күүлү жүрөсүзбү, Ашыке? Түшүңүз, үйгө кирип даам сызыңыз, — деп атын жылоолой ызаат көрсөттү Кенжебай. — Айыбы жок, «Мал боор эт менен тең», деп ата-бабадан бери айтылат. Байлардын малы тыптыйпыл кырылып атканда, азгантай малыңды аман асырап атыпсың, азамат. Атаң ыраматылыкты көрүп калдым: оокатка бүйрө, камбыл киши эле, — деп атынан түшө кол алыша, чылбырын Кенжебайга берип, короо-жайга, мал канасына, үй-жайына көз жиберип турду, өзү да орто чарбакер, уул-келиндери мал менен өсүп, жөлөк-таяк болуп жүргөн Ашымбай аксакал. — Малында өлүм-житим көп болгон эмес го, кыштан өңдүү чыккан тура. — Кудая шүгүр, бирин-серин өлбөй коёбу. Ошентсе да жаман эмес, жүзгө жетпеген кой-эчки бар — көрүп турбайсызбы, түгөл чыкты десем болот. Аялым малга көз болуп, уулум экөөбүз чөп чаап, эки чоң үймөк жыйнап алдык эле, мына эми түгөнгөнү турат. Эптеп жетти, үнөмдөйлү деп үй-бүлөм менен бетеге жулган күндөрүбүз болду. Түгөнгүрдүн түбү муз, кыйналсак да чөбүбүзгө аралжы болду, — деди Кенжебай, өз ишине ыраазы боло. — Ээ, баатыр ай, элдин баары сенин жолуңду жолдосо гана. Жайлата кымыз уулап, моюну ишке жар бербейт. Байлардын көбү мал союп, жигит-жалаңга чөп чаптырып алгандан битиреп, жата калып малынын туягын санашат. Мына жут ышкырды эле, төрт миң койлуу Көчөрбайдын беш жүзгө чыкпаган жандыгы калыптыр. Койчулары жыйылган кой өлүктөрүнүн жанында таяктарына сүйөнүп олтуруп калышыптыр. Көбү эле ушинтип малдан кол жууп олтуруп калышты. Алардан көрө сенчилеп тырмалап чөп-чар жыйып алгандар малын сактап калышты, — деди Ашымбай, Кенжебайдын камбылдыгына ыраазычылыгын билдире. — Өсөкем эки күндүн биринде эле мал союп ашарга эл чакырып, чөптү бир кыйла арбын чаптыргандай болду эле, ал кишинин ахыбалы кандай болду экен, — деди Кенжебай. — Аа, Өсөрбайбы? Ал жолу ачык киши эмеспи, чөптү бир кыйла чаптырып алган экен. Бирок үч миң кой деген оңойбу, ал деле малынын жарымын жоготту көрүнөт. Эми күңгөй ачыла баштады, көчкү да көчүп бүттү окшойт, тескейдин бетегеси до бошогонсуп калды. Эми эптеп калган малды сактап калууга болот, — деди Ашымбай. Үй жактан басып келе ызаат менен четтей токтогон Сайраке күйөөсүн: — Чай даяр болду, — деп «бүлк» эте, үйүн карай басты. — Аа, жүрүңүз, үйгө кирип, даам сыза сүйлөшөлү, — деди үй ээси. Чай үстүндө, мал-жанды үзүмчүлүктөн чыгаруу, жазгы көктөм, мал жайыты жөнүндө кеп жүрө, очокко асылган казанда сарамжалдуу Сайракенин «узун сары» сактагандары бышып турду



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#174 Пользователь офлайн   Disappear   04 Апрель 2019 - 13:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

ЖУТТАН КИЙИН

Көк жаңыдан чымырап, ордолуу айыл жаздоо конушка жаңы эле конгон. Хандын чакырыгы менен келгендердин акыры Курткадан Тайлак баатырдын уулу Осмон, чоро саягы Келдибек бий, Курманкожодон Дуулат, черик бийи Ажыбай кечээ кечинде келип, чепте конушкан. Бүгүн Ормон хандын айылынын үстүндө жыйын. Дөңдө уруу бийлеринин катарында Ныязбектин сегиз бектеринен Бердибек, Бердикожо, Ажы, Субан, Шатен, Кожобек, Рыскулбектер отурушат. Миңден ашык кой, 500дөн ашык жылкы күткөн байлар да чакырылган. Жыйын төрүндө Ормон хан, Калыгул, Намангандык дамбылда Нажимуддин, Боронбай, Муратаалы, Келдибек бийлер, аларды улай хан кеңешчилери Жаманжээн, Шамен, кол башы Төрөгелди, Адыл, Алыбек, Балбай, Тилекматтар отурушат. Төрдөгүлөрдөн бир аз бөлүнө, эки санын таяна түнөрүп отурган Ормон хан кабагын көтөрө: — Камсыз элге каардуу кыш ырайым кылган жок, Кудай таала аракетке жараша береке берип, сактанганды сактайт экен. Эл бейкам экен, кыш каарына алды эле, сызга отуруп калдык. Жайытты карап жашаган бейкапар эл экенбиз. Мындан ары кандай тиричилик өткөрөбүз. Ошону кеп уралы, — деп эки жагын карады. — Баатыр, кайсынысын айтабыз. Кыш азабы оор мүшкүл түшүрдү. Чөп-чар камдай албагандар малдан кол жууп калды. Ат-Башы, Нарынга өтө мүшкүл болду. Мына Көчөрбай өзү отурат, төрт миңден ашуун кою, бодо малы да бар эле, миңге жетип-жетпей калды. Буга түгөй жата калып малынын туягын санап, кубанып жүргөн кунарсыздар, союш берип чөп чаптырып салгандан кысынган сараңдар ошол аяган малынан кол жууп калышты. Пейил оңолбосо кыйын экен да. Өзүнө чакан малы бар, оокаты бүйрө, камдуу кишилер жайы-күзү чөп-чар камдап, кыштоолорун оңдоп, бастырма салып алышкан экен, чыпчыргасы коробой кыштан аман чыгышты. Камдуулар алдында жут алсыз экенин көрдүк, бирок мындайлар миңден бирда. Күн жылыганда эле кыш азабын эстен чыгарып, кара курсакты толтурганыбызга курсант болуп жүрө беребиз. Ошонун азабын тарттык, — деп сөзүн бүтө оңдонуп олтурду черик Ажибек бий. — Ар ким өз күнүн өзү көрөт, өз оокатына өзү эгедер. Жардылыктын азабын да өзү тартат, байлыктын мурадын да өзү көрөт. Ал үчүн жыйын куруп бекер убара болосуз, — деп Боронбай бий «оокат кылууну эч кимден үйрөнбөйм» деген таризде хан кудасына кыр көрсөттү. Көптөн бери кыргый кабак болуп жүргөн Боронбайдын сөздөрүн кулагынын сыртынан кетире мелтиреп ирмебей тиктеген көздөрүнөн каар учкуну жанган хан: — Ошол малды багып канча жалчы күн көрөт. Кырылган мал жалпы элдин ырыскысы. Малынан кол жууган байлар эмне дешет экен, угалы — деди. Топ ичи жымжырт. Бир тынымдан кийин: — Көчөрбай... — Малабай... — Өсөрбай... — деген кобурду баса: — Эй, Көчөрбай, сен тур. Айтып бер, ханга, малыңдын жайын! — деген Ажыбек бийдин үнү «чарт» этти. Көк чыт чапанын боз жоолук менен курчана, кырбусу тайкы шырымал тебетейин баса кийе ымшып отурган Көчөрбай ордунан туруп: — Таксыр, — деп жөтөлгөн болуп, оозуна сөз кирбей эндиреп турду. — Айта бербейсиңби, канча малың бар эле, канча малың калды? — деди жанында турган салабаттуу киши. — Ошо, эсеби төрт миң эле, оо, кырылды, жут болуп, — деп эмшеңдеп, жашый сөз улай албай турду. Чөп-чар камдаганыңды айтпайсыңбы, — деп Ажыбек бий капыялады. — Таксыр, бул бай малын бага албаганы аз келгенсип, жалчыларын азапка салганына элди кыдырган жигиттер күбө болушуптур. Уруксат этсеңиз... — деди абалга көз салуунyy аркалаган хан жигити Саза. — Айтсын, — деди Ормон хан. Ордунан туруп төшүн баса ийилген жигит: — Таксыр, бул киши кызык экен. Жалчылары ачка, малынын жаны чыкмайынча бычак салдырбайт экен, өлгөндөн кийин эки кулагын жара тилдирет экен. — Ал эмнеси? — деген үн угулду эл ичинен. — Адалдаганы ошол экен. Биз бир окуянын үстүнөн чыктык. Кышында көчкү басып каза болгон койчунун аялын токолдукка алып, зордоп нике кыйдырганы жатыптыр. — Капырай эл ушинтип турганда... — Сакалы өрттөнгөн да... — Жашыкка тойгон дөбөт, — деген үндөрдү баса: — Биз үйгө кирип, байга жайыбызды айта баштаганда, көшөгө ичинен буркурап ыйлап чыккан жаш келин: «Айланайын акелер, хан жигиттери болсоңор датым бар. Күйөөм Арыкул ушул кишинин саатынан мерт болду. Анысы аз келгенсип, мына эми «мени кабыл тут» деп айламды кетирип атат. Тигине молдокем да отурат» деп байдын жанында олтурган кишиник өрсөттү. Биз кеңешип, бул адилетсиздикти сизге кабарлайлы деп келинди ала келгенбиз, тигине четте эки аялдын жанында олтурат, — деди алиги жигит. — Таксыр, жесирдин сөзүн угалычы, — деди Келдибек бий. — Келтиргиле, — деди түнөргөн калыбын жазбаган хан. Көөнөргөн боз кемселчен, бир байлам боз жоолукту ээк ылдый бүркөй салынып, жаш келин илкий басып келип, топтун четине токтоду. — Бери өткөргүлө бечараны, — деди Ажыбек бий. Отургандар арасынан жол ача келин коруна басып хан алдынан обочо токтоп, жер тиктеп турду. Балам, корунба, датынды айт хан атаңа, — деди бечарага демөөр бергиси келген Саза. — Акелер... — деп үнү дирилдеп, оозуна сөз кирбей жашып турду мурун кийин мындай салабаттуу аксакалдардын алдында болуп көрбөгөн жаш келин. — Оюңду жыйып, сабыр тут, башка түшкөндү көтөрөсүң да, балам, сага да кудаанын жакшылыгы бардыр, хан атаңа айта гой жайыңды, — деди Муратаалы бий. — Жетим элек... Күйөөм экөөбүз тең ушул бийдин улагасында. .. — деп көз жашын жоолугунун учу менен сүртүп, сөзүн улай албай турду келин. — Оюңду айта бер, биз угалы, — деди хан бечарага кабагын көтөрө. — Бай акенин отун жагып, күлүн чыгарып жүрүп чоңойгон жетимдер элек Арыкул экөөбүз тең, — деп сөзүн улады, жылуу мамиле туюп, чыйрала түшкөн келин: — Үйлөнгөнбүз, өткөн жылы кепе жаап алганбыз байдын үйүнүн жанынан. Арыкул кой кайтарып, мен кир-когун жууп, от жагып... Ошентчүбүз. Анан кар басылгандын эртеси, таш короонун ичин тазалап, кар күрөп жүргөнбүз. Бай аке Ашыркул акеге «бетеге жулдур» деди. Ал киши: «Азыр кар басырыла элек, көчкү жүрөт» десе, «Өлбөйсүңөр, кудай албайт, жулдургун» деди. Арыкул да кап алып бетеге жулганы кеткен. Аны көчкү басты, — деп буркурап ыйлап, сүйлөй албай калды.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#175 Пользователь офлайн   Disappear   04 Апрель 2019 - 13:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Отуруп, сабыр этчи, балам, — деди жаалы кайнап турса да бечаранын абалына муюган хан. Бир аз түнөрүп турду да, сөзүн улады: — Бай сөрөй, сен айтчы, жесир келиндин жайын кийин сүйлөшөлү. Эмне үчүн кыш камын көрбөй, малдын да, элдин да убалына калдың? — деп Көчөрбайды жекире карады. — Таксыр, мен кашайып... Жылдагыдай болот деп чөп камдабай... кашайып, — деп коркконунан калтырап турду бай. — Кашайган жалгыз эле сен болсоң гана, — деп жаалын зорго тутуп, бир аз үнсүз турду да:— Ушунча жашка чыгып көчкү жайын билбейсиңби? Кар басылары менен элди өлүмгө айдаганыңды айтчы, — деди хан. — Мен, кашайып... Кудай сактайт деп, — кемшеңдеп турду Көчөрбай. Топ ичинен: — Кудайдан айлан... — Ушундай киши кантип мал күттү экен? — Битин сыгып, канын жалаган сараң сасык бай да. — Бейкүнөө кишини өлүмгө айдап... — деген үндөр угулуп турду. Элдин кобуру басылган соң. — Наадан, айтчы, жесир калтырганың аз келгенсип, зордоп токол алгың келдиби? — деди хан. — Таксыр, жесирди багып алайын... — деп ымшыды бай. — Бамыраң кал, сакалым өрттөндү дебейсиңби, кенже кызың менен тең немени, — деди Ажыке бий. Хан санын таяна эки жагын карана түнөрүп турду. — Ыйманың качкыр... — Жоругу жолдо калсын... — Акыретте алат жазасын... — Бул жайдагысын бүгүн алат, көрөсүңөр, — деген үндөргө аралаш: — Көчөрбайды кудай алдындагы, эл алдындагы кылмыштары үчүн, он күнү зынданда карандай суу берип камагыла, чыккандан кийин, — деп бир тыным унчукпай турду да: —Ажыбек бий, Сизге айтам, зындандан баргандан кийин Көчөрбайдын малын талоонго салыңыз: сарамжалдуу, көз акысы, кол акысы бар жалчыларына бөлүп берип, өзүнө өлбөс оокат калсын. Жесир келинге бир өргөөсүн тиктирип, тогуз баштаган жыйырма-отуз кой,саан уй бөлдүрүп бериңиз, каалаганына баш кошуп күнүн көрсүн, — деди Ормон хан. — Туура болду... — Капырай, катаал жарлык болду го. — Бечара бай... — Бечара болбой курусун... — Чала болот, нысапсыз дүнүйөкорлорго, — деген кобур жыйын үстүндө угулуп турду. Хан жарлыгына удаа Көчөрбайды жигиттер жыйындан чыгарып кетишти. Жесир келин да илкий басып, жыйын четинде күтүп турган аялды ээрчип, айылга бет алышты. Жыйын уланды. Хан түнөрө ирмебей тиктеген калыбында кыш азабы, үзүлүп-сүзүлө кыштан араң чыккан эл Нарын, Ат-Башы, Дөрбөлжүн, Тогуз-Торо, Жумгал өрөөндөрүндөгү ачарчылыкты кеп салган бийлердин ойлорун угуп, үн дебей турат. — Иши кылып, таксыр, тилсиз жоо, жут алдында алсыз элебиз, кудайдан жакшылык күткөндөн башка арга жок окшойт, — деди саяк Келдибек бий. — Кудай таала бекер отурганга бербейт экен. Мына бизге атайын Намангандан келген аалым Нажимуддин ажы айтып берсин, — деди хан. Муратаалы бийге катар олтурган Нажимуддин аалым ордунан туруп, көкүрөгүн баса ийилип таазим этти да: — Ва Рахмати Аллахи ва баракатуху. Хурматлик бийлер, жами халайык, — деп, Алла тааладан аян болгон жети иман аятын окуду да, сөз улап: — Якшылик-яманлик йулларин көрсөтүп, кудай адамга эркиндик берген. Халай аракет жасаса ошого жараша Аллахи таала жакшы вайаман тагдырны башига салады. Харакетсиз адамга Алла таала рахим этбейт. Таксыр хан акайтты, «Бейкам кишиге Кудай таала бербейт экен» деп, бул ак сөз, — деп ордуна олтурду. — Кудая тобо. — «Кудай бере көр» деп куру жалынат экенбиз да, «Аракет кылбай, берекет жок» деп илгеритен эле айтылчу эмес беле. — Пейлиңди оңоп, аракеттенүү керек, — деген үндөрдү баса, хандын кескин үнү угулду: — Мына ушундай экен, Кудай тааланын сөзү. «Эртеңкини кудай жеткизет» дейбиз, кудай жеткизет экен аракетке жараша, «кудай сактайт» дейбиз, сактайт экен сактаганды, ырыскыны кудай берет экен, аны мээнет кылып жерден таап ал дептир. Эгин, чөп, ырыскы жерде экен. Жут келди эле, аяк алдындагы чөптү жыйнап албай, малдан кол жуудук. Эл ач,арык болуп, азып калды. Ушул элдин убал-сообун аркалабадык беле. Жакырларга саан үлөштүрүп, көз салалы жана мындан ары көрөр күндү ойлойлу. Биз бүтүмгө келип турабыз. Элди жерге илээштирүүгө ынанып турабыз, мажбурлап илээштиребиз. Хан жарлыгы —кайткыс. Мына жай келет, күз келет. Ар түтүн өз малына жетерлик чөп даярдасын, жакадан жер тырмап, эгин эксин, жарлык ушул! Кимде-ким кышка чөп-чар камдап албаса, кыштоого кирерде малын талоонго саламын, камдуу кишилер алсын. Бул иш уруу билермандары, бийлердин көзөмөлүндө болот. Жарлык бардык элге жетсин. Жер тарыды, көчүп-коно күн көрүүчү заман өтүп баратат. Оттуу, суулуу жерлерге уруу-уруу жамаатташып, кыштоо там салышсын. Суурча жер казып, жер кепеге кирип, күн көргөн жашоодон арылалы. Мына Намангандан Нажимуддин ажы келип, жооп-нааме китеп жазды. Тазалык, адамдык, адилеттик, шариат, илим жолдору жаатында. Саяк, черик, моңолдор, солто, кушчу, сарыбагыш ар уруудан бирден кат тааныган кишини аалымдын жанына кошкула, китепти көчүрүп алышсын, элге жетсин жакшылык кабары. Наманган, Анжиян, Кокон, Бухарадагы медреселерге зээндүү уландардан кем болгондо ар бир айыл бирден жиберсин, чыгымы зекет эсебинен болсун. Ар бир уруу урунттуу жерлерге медресе куруп, балдарды окутууга кам көрсүн. Муну биз көзөмөлгө алдырабыз. Байлар, мансаптуулар каржылоого тийиш. Бул иштер катаал көзөмөлдө болорун жадыңарда туткула,— деп сөзүн аяктап, эки жагын карады хан. — Баарыга керектүү жарлык болду, — деди черик Ажыбек бий. — Элди агартып-көгөртүп, жакшылыкка жеткирели, — деди Келдибек бий. — Орусия менен сүйлөшүп, Битирбор, Маскөөгө балдарын окутуп атыптыр казактар. Бизгеда ошол абзел го, — деди Боронбай бий. — Адегенде жакын коңшулардан үйрөнөлү, бизге мусулманчылык жолу абзел, Орусия менен ишибиз башка болот, — деп, «бул сөз бүттү» деген таризде, Нажимуддин дамбылдага кайрылды хан. — Ажым, бу кыргыз билермандары дайыма эле чогула беришпейт. Ыгы келсе буларга шарият жагынан масилет куруп бербейсизби. — Бали, ойдогубузду айттыңыз. — Мындай учур бир келет да, угалы, — деген үндөр басыла, Нажимуддин молдо оңдонуп отура, жашоо парзынын маанисин, адал, арам, адилет, кыянат, таман акы, маңдай тер бирөөнүн акысы, үй-бүлө алдында, ата-бала, ага-тууган мамилелери, өлүм парзы, ыйман, нысап, көр азабы, кудай алдында жоопкерчилик жөнүндө маңыздуу аңгеме куруп берди. Хан жарлыгына аалымдын аңгемелерине муюган жыйын бешим намазда тарады.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#176 Пользователь офлайн   Disappear   04 Апрель 2019 - 13:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

КЕЛЕЧЕККЕ СЕРЕП

1851-жыл, баш оонанын аягы. Жер ортосу Көтмалдыда чакан жыйын. Ар уруунун бийлери үчүн бирден өргөө, ханга көтөрүлгөн 12 канат үйдөн башка конок күтүүчү үч көөнө үй тигилип, күтүү камын ордолуу айыл көрүүдө. Чакырылгандардын арты — Ат-Башыдан черик Ажыбек бий — кечээ кечинде келип түшкөн. Эртең мененки чайдан кийин бийлер Ормон хандын Ордо үйүнө чогулушту. Төрдө хан үн дебей мелтиреп отурат. Оң жагында Калыгул бийге улай Ажыбек, Жантай, Жангарач, Дуулат,Келдибек; экинчи жагында кеңешчи Жаманжээнден кийин Боронбай, Муратаалы, Самсаалы,Турдуке, Бердибек, Бердикожо, Ажы, Субан, Шатен, Ырыскулбек, Кожобектер жашына жараша орун алышкан. Жыйынга чакырылгандар келери менен ханга бирден жолугуп, ал жай сурашкандыктан, азыр амандашуудан кийин сөз уланбай, үй ичи дымып турду. Бийлер бири-бирин карап, астыртан Ормонго көз жиберүүдө. — Өткөн тоок жылындагы апаат биздин тынчыбызды алып турат. Жер-суусу аз тоолуу өрөөндөр бара-бара күн көрүүсү кыйын болуп баратат. Мурдагыдай көчүп жер оодарып кетчү заман эмес. Туш тарап кысылууда. Жер тар. Кеңейтүүнүн ыгы барбы? «Ата конуш, колдо бар жерлерге эгин эгип, ар бир түтүн өзүнө аштык, малына чөп-чарды камдап алсын», деген жарлыкка эл ынадыбы? — деп отургандарга бир сыйра көз жүгүртө суроо салды хан. Үй ичи дагы бир азга тынчый түштү. — Айталы, таксыр, чогулганыбыз ырас болду. Айталы. Жылдын жарымы кыш болгон АтБашы, Нарын тоок жылы мал-тегеден кол жууганга жакындап калды. Ошол жылы жаз сиздин алдыңызда кеп болгон. Тумшугуна жуттун суугу жеткен эл эптеп жерге илээшип эгин эгип, чөп камдабаса болбой турган өңдөнүп калды. Бирок эптеп буурусун менен жер чийип айдаган арпа да көкүрөк жакта бышпай, үшүккө калып жатат, — деп сакалын сылай бир аз ойлонуп турду да, — жылдар өтөт — эл көбөйөт, мал көбөйөт. Сиз айткандай, жер тар, келечек оокатка көз жетпей турат. Элдин жарым-жартылайын Какшаалга, Кызыл-Суу тарапка оодаралы десек, ал жактын ээлери бар, жаңжал болот. Кеңешели, мүмкүн Чүй жакта бош жерлер бардыр, ойлонолу, — деп ордунан турду черик Ажыбек бий. — Ажыбек бийдин айтканы калетсиз. Нарын өрөөнү да, айрыкча көкүрөк жагы эгинден нап берчүдөй эмес. Төмөн жагы деле сугарбаса эгин бербейт. Он-Арча, Кажырты, Нарындан суу чыгаруу кыйын, суунун нугу өтө төмөн. Майда туура суулардан алып, эгинге илээшкендердин иши да кунарсыз, көбүнчө жатакчылар эгишет. Малдуулардын көбү чөп чапканга аракеттене баштады, бирок барып эле кунары аз — деди, Ажы. — Кыйладан бери жут каатын тарткан эл энөө боло түшкөн эле. Өзүңүз айткандай, тоок жылы азапты колго бербедиби, — деп малдашын түзөй оңдонуп отура сөзгө кошулду Чоро саягынын билерманы Келдибек бий. — Оо, силер жакта жай узак, Нарындан туура сууларды буруп, алыш алсаңар болот. Кышыбыз узак — мына бизди айт, — деди Нарындын баш жагын жердеген моңолдор Салмаке бий. — Силердин туура сууларыңар бизден кем бекен, жериңер кара топурак, — деди Келдибек бий сөзүн бөлгөнгө нааразы боло. — Сөзгө конок бериңиз, Салмаке бий, — деди Жаманжээн кеңешчи алдыртан Ормон ханга көз жибере. — Туура суулардан алыш алып, эгин эккендер бар. Көбүнчө жатакчылар. Жапырт киришкенге элдин мойну көп жар бербей жатат, — деп тамагын жасай сөзүн улады Келдибекбий. — Ажыбек бий айткандай, бара-бара эл да, мал да көбөйөт, Кудай кааласа. Эл жапырт эгинчиликке ооган кезде суу жетпей калар бекен. Суусуз жер нап бербейт да, суу нугу жерге жакын, түзөң жерлер болсо атаганат. Бирок туулган жердин топурагы алтын. Кудайдын айтканы бардыр. Азырынча хан жарлыгы менен элди болушунча жерге илээштирүү аракетиндебиз. — Жуттун азабынан эл катуу эле абыгер чекти. Бирок көчүп-коно мал менен күн өткөргөн элдин табити эгинчиликке тартпай турбайбы? Эгин эккендерди «жатакчы, ороочу» деп өгөйлөгөндөр көп, өгөйлөгөнү менен күзүндө барып эле тиги ороочулардын көзүн карашат. Элди жапырт көндүрүү үчүн өзүбүз ана башы болушубуз абзел, — деп тамагын кыражөтөлгөн болуп, шырылган күрөң баркут топусун жазы маңдайына көтөрө кийип, жеңил бо кемселинин өйдөкү бүчүлөрүн, күмүш кемерин бошото эркин отурган эткээл сары чийкил бугу билерманы Боронбай бир тынымга отургандарга каадалана көз жиберди. Анын жөнү бар. Кызыл-Жарга там үй, короо-жай салып, бак-дарак тигип, суу бойлой жайыкка буудай, арпа, таруу эгип, кампаларына эгин толуп, дасторконуна «бейиш тамагы» делген алма, өрүк коюлат. — Көпчүлүктүн көңүлү өзүнө бөлүнүп турганына канааттана сөзүн улады. — Арийне өзүбүздөн баштайлы. Ханыбыз Сан-Ташка өзгө хандардан кем эмес ордо куруп койду. Биз да, Кудайга шүкүр, алынча там-тарак, бак-шак тигип, эгин эгип турабыз. Бийлердин ар бири өрнөктүү иштердин башында болгонубуз оң, иншалла бара-бара элибизда көнүп кетер. Тоок жылы далайдын көзүн ачпадыбы, — деп ак кол жоолугу менен чекесин сүртө Ормон ханга көз кырын салды. — Атигиң, Ат-Башыда сеникиндей бир Кызыл-Жар болгондо бий сени менен басташат элем. Жут балакет да, мөңгүгө жакын бизди бат эле басып калат, — деп барс-барс күлдү черик бийи Ажыбек. — Айтканың ырас, бий, жут деген балакет айтып келбейт. Байыркыдай ай, жылдызга карапай-жыл эсебин, тууралап, күн мурунтан айтып коюучу эсепчи да жок. Андай кишилер кылымда бир келет го. Кудай деп эле өз камыбызды өзүбүз көргөнүбүз оң, — деп, «сөзүм жагабы?» дегенсип отургандарга көз жибере сөзүн улады, атасы айтылуу Медет бий өткөндөн бери Курманкожо уруусуна баш көз болуп, кадыр-барк күтүп калган Дуулат бий: —Жумгалдын көкүрөк жагы да эгинге кемчил. Ошентсе да мурдагыга караганда эл ийигип келатат. «Чөп камдап албагандардын малы талоонго түшсүн» деген хан жарлыгынан жүрөксүгөндөрү көп түрткү болууда, — деди. — Жаш болсо да элине баш болуп, тоо арасына суу чыгарып, эгин эккен Шамендин ишb мактоого арзыйт, «Чүй боору кедей-кембагалдын жери, кышкысын кыйнаган суугу жок,жайкысын жан кейиткен ысыгы жок» деп айтылат эмеспи. Кудайга шүгүр, Чүй боорунда эгинэгип, жаканы пааналагандар жылдан жылга арбып келатат. Жер кенен азырынча, келечекте мал-жан көбөйсө да сары өзөн Чүй батырат. Андан көрө тынччылык болсо экен. Кокон короздонгонун койбой турат. Бишкектеги чебин көчүрмөйүнчө болор эмес. Ашмарада тумшугу кайрылып кайтканы менен чептин тегерегинде өзүлөрүн кожо сезишет. Акырыдагы бир кармаш болчудай. Алар Аркадан үмүттөрүн үзө элек. Кокондун аразат болуп куйругун үзбөй туруусу эли-жерибиздин бүтүндүгүнө каскак болчудай, — деп, сөз учугун ханга таштады Жангарач бий. Жантай бий алдын тиктей, үн катпай ойлуу отурат. Жангарач бийдин Кокон жөнүндөгy сөздөрүн уга мелтиреп алдын тиктеген калыбында Ормон хан ойлуу. — Мал-жандын эсендигинин да, байгерчиликтин да башаты ынтымак, элдин биримдиги. Кенесары хандын баскынын тосуп, Кокондун мизин кайруу элдин ынтымак биримдигинин күчүн көрсөтпөдүбү. Ошол ынтымакты, биримдикти сактап, аштыкчылыкка элди илээштирүү, элдин келечегине кам көрүү, эл башылары, силер аркалаган оор жүк. Кеңешип,ой бөлүшүп иш кылган абзел, — деди Калыгул бий. — Калайык-калктын келечек тиричилиги, ынтымак, эл биримдиги жөнүндө мартабалуу бийлердин сөздөрүн уктук. Алардыкынан ашыра айтчу ой бизде жок. Сиздин бүтүм ойлоруңузду уксак дейбиз, таксыр, — деди таластык бий Бүргө. Ормон хан Бүргөгө бурула карады да: — Замандын куйу бузулуп, Калайык-калктын тиричилик нугу өзгөрчү кезде турабыз. Каракыргызды жердин ээси кылуу анын келечегине кепил болот деп ойлоймун. Эл жутту да,жоону да камдуу тосууга даяр болуу керек. Бул жөнүндө кабыл алынган шерттерибизди эчким бузбасын, бузгандардын башы камоого, малы талоонго түшөт. Жер жөнүндөгү оюмду акырында айтайын. Жангарачтын Кокон жөнүндө айтканы назарымды бөлдү. Кокон оңой менен кетпейт, аны кетирүү керек. «Кокон силерди соо койбойт. Коконго каршы чыкканда аскер жагынан өнөктөш бололу», деп кат жазыптыр орус жандралы, ошого макул болсок,дейм. Ушинтпесек Кокондон кутулабызбы! ? — деп хан сөзүн бүтө электе: — Коконду басып алса Орусия кыргызды соо коёт дейсизби? — деди Боронбай бий. — Кеп мына ошо соо койбой турганында, — деп Боронбай бийди теше тиктеп турду да, сөзүн улады Ормон хан: — Кеп ошондо... Коконго бирге каршы чыгарда Орусия менен атайын шарт



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#177 Пользователь офлайн   Disappear   04 Апрель 2019 - 13:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

намеге кол коюшабыз. Анда Коконду алган күндө да, Орусия Кытай менен өз чегиндеги азгантай элди өз алдынча коёт. «Аз элдин өз алдынча туруусу чоң Орусиянын адилеттүүлүгүнүн күбөсү болот» деген шертти бекиттиребиз. — Акылдуу ой, Орусия жок дебес, алар биз менен коңшулукка макул болор, — деди Жангарач бий. — Мындай шарт наме алуу үчүн өз ичибиз бир болуу абзел. Бий, Сизге айтам. Эл бүтүн болсун,азыткы ногойдон кутулуңуз, — деп унчукпай ылдый карап олтурган Боронбайга көз жибере сүйлөдү Ормон хан: — Бул ишке аша турган иш. Кыргыз эли, кыргыз хандыгы өзүн жоготпойт. Дагы бир орчундуу иш, жер жөнүндө айтуучу ойлор бар. Жаңы жер ээлесек деп турам. Иленин оң жээги ушул кезде бош турат. Албан, дуулаттар Коконго көчө качып кетишти. Ыңгайлуу учур. Бош жерге көчүп барып, ээлеп алабыз да, орус падышасы Никелейге кат жазып, Иле боюн сурап алабыз. Ата конуш да колубузда болот, Никелей бош жерди бизге берет, анткени орус кербендеринин, саякатчыларынын биздин чектен аман өтүп турарына көздөрү жетет. Бизден чочуп да калышканы көрүнүп турат. Дагы бир Кенесарыныкындай жаңжалдын аларга кереги жок. Силердин оюңарды угайын, — деди отургандарды көзирмебей тегерете тиктеген хан. Мындай сөздү күтпөгөн бийлер бири-бирин карап таң кала,үй ичи тынчтана түштү. — Бул жактан Кокон ыкыс берип турганда сиздин Илеге көчүп кетишиңиз кандай болот? —деди айылдары кокондуктарга жакын боло, ыдык көрүп турган Жангарач бий. Жангарачка баш ийкеп унчукпады Ормон хан, «баары ойлорун айтып бүтсүн» деген ойдо. — Жерин ээлетип коюп эле казактар жөн турабы? Кандуу жаңжал болот. Өзүбүздө канча жер бош жатат Чүйдө, — деди хандын сөзүн кайдыгер угуп отурган Боронбай бий. Кенесары, Норузбайдын кунун кууй албай турган казактарга өзүңүз барып бересизби? — деп,жан тарткансып, Ормон ханды карады жыйында көңүлсүзүрөөк олтурган Жантай бий. — Ханыбыз да ар жагын тегерете ойлогондур. Эгинканалуу жер кеңейсе, көчүп баруучулар табылат. Иле деген Көлгө канатташ десек болот, анча алыс жер эмес, ойлонолу, — деди жаагын таяна ынтаа коюп угуп отурган черик бийи, Кенесары, Норузбайдын 1846-жылдагы биринчи чабуулунда кыргыз колун башкарып баатыр атанган алп мүчөлүү Ажыбек бий. — Кокон ыкыс берип турат десе быякта калың кыргыз бүтүн турбайбы. Ажыбек баатыр айткандай, Иле да алыс жер эмес. Таксыр айткандай, орус падышасы жер берсе, Кокон менен кармашта кыргыз жалгыз болбойт. Орус букарасы болуп калган улуу жүз казактары Кенесарынын кунун кууганга батына албас. Жерди падыша берсе, кыргыз ээлеп алса жаман болобу? — деди чечендиги, калыстыгы менен төбөсү көрүнүп, курултайда баш бийдин бири болуп шайланган Медербек бий. — Медербек бийдин сөзүндө жүйөө бар, дагы бир жагы Кенесары чабуулунан жүрөгү үшүгөн улуу жүз ханга кол сала койбос. Кыргыз жерин кеңейтүү жөнүндөгү ойду тең бөлүшө колдогонубуз оң, — деди саяк Дуулат бий. — Кыргыздын эртеңи жөнүндө кабыргасы кайышкан камкордуктан чыккан ой. Таксырдын жер жөнүндө айтканы, төрт жагын төп ойлонгон ой. Ар иште тобокел болот да. «Тобокел» деп бир тилекте болгонубуз оң, — деди хан кеңешчилеринин бири, сөз тапкыч чечкиндүү Жаманжээн. — Ырыскыны Алла таала Жерге чачкан. Жер адамдын эки дүйнө турагы. Жерге камкордук— элге камкордук. Мындай иште бир тилекте бололу. Орусия жөнүндөгү ой да көңүлдү уютуп турат. Кыргыз ичи ымала болгону оң, — деди Калыгул бий. Эч жакты карабай алдын тиктеп, санын таяна өзүнчө отургансыган Ормон сүйлөнгөн сөздөрдү ынтаа коё угуп, купуя талдап отурган эле. «Башка да ким оюн айтар экен» дегенсип, отургандарды кыдырата карады да: — Көптүн ою бир чыгып турат. Быйыл кеч күздө Ордолуу айыл бел ашып Илеге көчөт, кудай буюрса, — деди да, отургандарга бул сөздөр кандай тийер экен дегендей тыным жасай, тегерете көз ирмебей тиктеп турду. Мынчалык иштин кескин бүтөрүн күтпөгөн отургандар бири-бирин таң кала карап, үй ичи жымжырт. — Мынчалык шашылып... — деген Жантай бийдин үнү таң калыштуу чыкты. — Шашылышы жок, конуш чалынып коюлду. Ала-Тоонун чыгыш жагындагы Челек дарыясынын боюна барып, Ордо айыл конот. Иле дарыясынын сол жээги Чарын дарыясынын куймасы менен Кашкелең дарыясынын батыш жагындагы бош жерлерди ээлейбиз. Ордо менен кошо көчө турган айылдарда 400 түтүн эсептелди. Көчүү бештин айынын ай арасы өткөндөн кийин болот. Көчтүн ашуу аша жаңы конушка аман жетүү камы ойлонулуп коюлду. Адыл, Манде, Алыбек, Чаргын, Абыкан, Түлкү баатырлар көч узатышат. Ныязбектин сегизбеги айылдары менен жамаатташ көчүшөт. Тобокел, кооптуу ишке өз туугандарымды коюуну туура көрдүм. Жай алган соң калганыңар көчүп келе бересиңер. Жер көп, эгинканалуу, жайлоолору да кеңири, көп эл батат буюрса, — деп бир аз тыным жасай турдуда: — Үмөтаалы келип-кетип турат, Төрөгелди, Медербек бийлер, Калыгул акебиз бул жерде Ордодо болушат. Сиздерден ким Ордо айылы менен көчүүнү каалайт? — деди хан. — Мен кырк түтүн черик менен кошо көчөйүн, — деди Ажыбек бий. — Мен да кырк түтүн саяк менен инимди көчүрөйүн, — деди Дуулат бий. — Солтолордун көчкөнү ылайыксыз го, бул жактагы эгинкана жерлерди бош калтырып, —деди Жангарач. — Ооба, силер өз ордуңарда болгула, — деди Ормон хан. Боронбай, Жантай бийлер ылдый караган тейлеринде үн дебей олтурушту. — Иш ушундай, хан ордосу эки жерде — Байсоорунда, Иледе — болот. Чепте — Сан-Ташта— кышкы ордо турат. Иле менен бул жактын байланышын үзбөйбүз. Ашуу ачылгыча айланып катташып турууга болот. Кудай буйруп Никелей падышадан оң жооп келсе, орустарды, улуу жүздү кошуп алып, Кокон менен кеп урушабыз, — деп сөзүн бүтүрдү Ормонхан. Ынтымакка үмүткө бата тилене жыйын тарады.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#178 Пользователь офлайн   Disappear   04 Апрель 2019 - 14:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

ЖАҢЫ ЖЕРГЕ

Илеге келүүчү айылдар Кара-Ойдон өйдө тарта көл жакалай туура сууларды бойлой конууда. Ат-Башы, Нарын, Жумгалдан келген айылдардын акыркылары мурдагы күнү конуш алышты. Айыл аралары доңшуп, көчүүнүн жайына кулак түрүүдө. — «Ормон хан казактан жер алыптыр, бышыкчылыктуу дейт». — «Ак падыша казактан жер алып бериптир». — «Ар кимдин өзүнүн жери Мисир, ал жактын кандай экенин ким билет?»— «Ата конуштан козголуп, кайда барар экенбиз?» — «Көнүп кетебиз, алма, өрүк өскөн, бышыкчылыктуу, жайлоо, кыштоосу кенен жерлер дейт». — «Ормон хан өзү бийлерин ээрчитип барып конуш алып келиптир». — «Ар бир урууга тийиштүү жерлер такталыптыр». — «Ныязбектин сегиз беги алдыга көчөт имиш». — «Жердин жакшыларын ошолор ээлешти да». — Андай болбос, хан өзү элди көтөрүп аткандан кийин». — Бийлер барып ар урууга тийиштүү жерлерди тактап коюшкан тура». — «Оторлотсо оторлотсо экен, оторлотпосо отунумду алат элем» дегендей, ырас эле эрте күндү кеч кылбай, суук түшө электе жайга конуп алсак», деген имиш-имиш азыр эл ичин аралоодо. Бештин айынын он беши. Эртең көч козголот. Ай туяк союлуп Ормон хандын чоң үйүндө Илеге кетүүчү айылдардын бийлери, билермандары отурушат. — Калайык калктын болочогу үчүн бел байлап, алдыда аруу үмүт күтө элди көтөргөнү турабыз. Элди аман-эсен жаңы конушка кондуруу жайын дагы бир жолу акылдашалы, — деп Ормон хан ойлуу калыбында отургандарга сөз учугун таштады. Өз ара кобурашып отурган бийлер «ким сөз баштайт» дешип бири-бирин карап, үй ичи тынчый түштү. — Сиз менен баарыбыз чогуу конуш чалып, ар бир уруунун конуучу жерлерин тактап албадыкпы. Кырк түтүн черик Чарындын куймасынан өйдө тарта конмок болдук. Көчүүчү күнүбүздү тактап алсак эле көтөрүлөбүз. Унаа, көлүктөрүбүз шай. Камыбыз түгөл келди. Кудаа кааласа, — деди черик бийи Ажыбек. — Биз байымдын балдары Бердибек, Бердикожо, Ажы, Субан, Шатен, Кожобек, Ырыскулбек айылдары жамаатташ Челек суусун бойлой конолу деп турабыз, — деди Ныязбектин үчүнчү уулу Ажы. — Көч камы даяр. Биздин конуш Кашкелең дарыясынын боюнда. Көч узатуучу жигиттер менен ашуунун аркы түбүнө чейин жолду чалып келдик, — деди саяк Кетирекейдин Алыбеги. — Чалынган конуштардын эң алысына эки ара конуп, жакынына ара конуп жетүүгө болот. Ашууда тыгылышпай, ар бир айыл күн өткөзө көчүп турсун. Бештин айынын беш жаңысында турабыз. Он чакты күн ичинде ай арасына чейин эл жаңы конушка отуруп калгандай болсун,— деди хан. — Кайсы айыл, кайсы күнү, кайсы маалда жүк коёру, кандай жерге өргүп, конушуна качан жетерин ар бир уруктун, айылдын башчылары, бийлери менен макулдаштык. Эртең таңсаардан жүк коюлат. Байымдын балдарынын көчү улуулашып узамай болду. Бердибек аганын көчү алдыда болсун дедик. Байымдын балдарына Үмөтаалы агабыз кичүү үйү менен кошулганы турат, — деп хандын уулун Ныязбектин балдарынан бөлгөн болуп тамашалай күлдү, баатыр аталган Түлкү, бийдин кенже уулу. — Үмөтаалы агаңды бөлбө, байдын балдарына кошуп кой, — деп күлдү Ормон хан. — Түлкү баатыр, өз атынды эле чакырып атасың, бизди журтка таштап кете көрбө, — деп борс-борс күлдү Ажыбек бий. — Бай аке, жарыктык, билип туруп эле капыялайсыз. Сиздин конуш эки ара конуш жерде, бир ара конуштагылар жолду чалып өткөндөн кийин көчөм дебедиңиз беле, — деди Түлкү бийдин капыя тамашасына жооп берген болуп. — Калган айылдар кезек менен көчө беришет,баары билишет ким качан, кайсы убакта жүк коёрун. — Билебиз, билебиз, — деген үндөр угулду. — Бердибек акең макул болсо, жолдун, жердин өңүтүн жакшы билет, Үмөтаалы агаңдын көчүнө жол берсин, — деди Ормон хан. Үй ичи дымый түштү. Бердибек төрдө: — Оо, «жашка — жол, карыга — урмат» дейт эмеспи байыртадан. Үмөтаалы ханзаданын көчү алдыда болсун, биз анын ачкан жолу менен жүрөлү, — деп Үмөтаалыны карап, эркелеткенсип жылмайды Бердибек. —Көчүү-конуу жайын сүйлөштүк. Эми Орозбак Манас баатырдын Алтайдан Ала-Тоого көчкөнүн айтып берсин, — деди, ханга кадырлуу черик бийи Ажыбек. — «Ырас айтат, биз дагы жаңы жерге көчкөнү турбайбызбы — Манас атанын арбагы колдосун» деген сөздөрдөн улам Орозбак оңдонуп отуруп Манас айта баштады. Дастандын адегенде созолоно чыгып, бара-бара чукул кайрыла күпүлдөгөн, бирде оболой эргип, бирде муңайа басаңдаган саптары үй ичин ээлеп, отургандарды байыркы бабалардын тагдырына аралаш жүргөндөй муютуп турду. Жарык дүйнөнүн жакшылыгына тилектеш ынтымактыбийик туу тутуп, кылымдар түпкүрүнөн бери коломто отун өчүрбөй, элдик нарк-насилди сактап келаткан калктын кажыбас кайратын даңазалай, теребелге таратып атты. Ай туяк түлөө даамы тартылып бата тилене, алдыдагы көч камын кеп кылып келгендер айылдарына тарады. Көл башы тоо кыркаларынан кылайган ак шоолалар түн ымыртын сүрө асман мухитин мунарык нурга бөлөп, жылдыздар бириндей суюлуп, таң жарыгы көл кылаасын каптоодо. Таң жарыгында туура сууну бойлой отурган айылда көч камы башталды. Көч алдында айдалуучу мал короодон козголуп, кой-эчкилердин мекирене маараганы, уйлардын үзүл-кесил мөөрөгөнүнө аралаш айыл үстү дүрбөөдө. Үзүк-туурдуктары сыйрылган үйлөрдүн айланасында уук алган келин-кыздар кылактайт. Камбыл жигиттер бакан тиреп ууктарды бошотуп, түндүктү ылдый түшүрүшүп, аларга жардам берип жүрүшөт. Ууктар таңгакталып, керегелер жыйналып, уук кап, кереге каптар кийгизиле, ком, чомдуу төөлөргө жүк коюлууда. Көч өтүүчү жолду чалуу үчүн, таң жарыгында айылдан өйдөкү жүк коюлуп аткан журттан үч киши аттанды. Басыктуу чоң карагер атчан, ак калпак, боз чепкенчен Үмөтаалы берки экөөнөн көтөрмө бою алдыда баратты. Анын сырткы турпатынан өзүнө ашкере ишенген кайрат туюлат. Күндүн муруту чачырай көч козголду. Көч башындагы ат жабдыгы аземделген капчыктуу тору жорго үстүндө ак элечекчен, сур баркыт чапанынын этегин тизесине кыстара, карасурунан келген сулууча аял — Үмөтаалынын көрөр көз кичүү аялы — баратты. Жетегинде түндүк бастырылып, килем жабыла, эки жагына самоор, көөкөр байланып, чуудасы чубалган кара инген; анын артында чачылуу уук кап, кереге кап кийгизиле үй турманы, жагдан сандыктар жүктөлүп, килем жабылган боз каймалды жетелей, кара жалдуу суналган кула жоргочон Үмөтаалынын бой тарткан кызы Алтынай; боюна кыналган кара баркыт кемселчен, башындагы үкүлүү кызыл тыштуу, кара кундуз тебетей; бештен өрүлгөн чачы эки жаагынан ылдый төгүлө аркасынан күмүш чачпак менен карматылган; кулагында желбиректүү алтын сырга, кырдач мурун субагай жүзүнө ийилген кара каштары, сурмалуу кой көздөрү төп келе, жумуру ээк алдынан анжиян шурусу алкактаган ай тамагы кылаят. Саймаланган тасма ноктолуу жибек буйлалуу каймалдын мойнуна илинген жылаажын шыңгырап, көч кыймылына шаң берүүдө.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#179 Пользователь офлайн   Disappear   06 Апрель 2019 - 14:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Ага улай жүгүнө килем жабыла, оймолуу кийиз аяк кап, чыны каптар байланган кара атанды жетелеп, кара чепкен, ак жоолукчан, сары чийкил, чекирирээк көздөрү күлүңдөгөн кырдач мурун келин — Үмөтаалынын жан жигитинин аялы — баратты. Жасалгалары ар түрдүү үй турмандары жүктөлгөн төөлөрдү, алына жараша кийинген, ат жабдыктары да ар түрдүү, аялдар, кыздар жетелеген көч чубады. Көч алды суу бойлой ашууга кетүүчү коктуну бет ала баратты. Секиртме чыйырлуу ашуу жолунда кептелишип, унаа бели талыбас үчүн жүк коюу саамыктала башталгандыктан, башкы көч коктуну өрдөгөндө, кээ айылдарда үйлөр жеңилдене чечиле, кээ бирлери алдыда көччүлөрдүн жүк коюшун акмалап турду. Суурулган ыкчам атчан, жеңил кийинген жигиттер көч узатып, жүктүн ооган-эткенине көз сала жүктүү төөлөрдү жандай баратышты. Коктунун таманынан өйдөлөй солго бурулуп, тоо таяна ат жолуна түшкөн көчтүн башы ашууну бет алды. Жол татаал, ашуу бийик болгондуктан жүгү көбүнчө ат, төөлөргө, кабелтең өгүздөргө жүктөлгөн көчтүн башы ашуу түбүндө, аягы көл кылаасынан жаңы козголо каалгып баратты. Улам жогорулаган сайын жалгыз аяк ат жол кош таштарга кысылып, жүктүү төөлөрдүн өтүшү кыйындай, көч жүрүшү басаңдоодо. Жүктүү унааларга дем бере: — Оо, оо! Ойсул ата! — Этият болгула! — деген үндөрдүн жаңырыгы, аяк алдынан кулаган таштардын шалдырына аралаша, көч ашууну карай илкип баратты. Ашууга таяна берердеги аскалуу бурчук таштарга кысылган жолдун алды бодурлуу тике аска. Унаа жаза басса эле кулайт. Көч аярлай өтүп баратты. Үмөтаалынын үй-бүлөлөрүнөн төртүнчү болуп, кер кашка ат минип бараткан боз кемсел, жүн жоолукчан, бешик өңөргөн кетирекей кара көз келиндин жетегиндеги кара инген таш секиртмеден жаза басып мүдүрүлө жүгү ооп, аскадан кулаганы турду. Көз ирмем учунда кырсык кылтылдоодо. Буйланын чоюлганына кылчайып караган келин шап аттан түштү. Бешикти коёр жер жок, кылт этсе эле кулайт. Сол колуна бешикти кармап, оң колу менен жүктүн бел арканын өзүнө тарта жүктү теңдемекчи болду эле. Жалгыз колдун күчү жетер эмес, кырсыкты туйган төө жаныбар буркурап боздой акыркы күчүн жыйнап титирейт. Келин шамдагай кыймылдап, бешикти артына коё балтырына таканчыктап, эки колдоп жүктү өзүнө тарта теңдеп, супурада кыстарылуу үбөлүктү алып, аркандын алдына өткөрүп толгогондо жүк калыбына келе түштү. — Оо, Седеп айланайын, коё бер төөнү! Өзүң... бала! Кокуй, Ойсул ата! — деп ыйламсырап үн салды артындагы кара чепкен, элечекчен байбиче. Бир паста арканды толгой тартып жүктү оңдоп, сол колу менен бешикти ат жалына такай, ээрдин кашын кармай шап атына минген келин төөсүн жетелей жол улады. — Оо, кайратыңдан айланайын, — деп жалбара келатты санаасы тына түшкөн байбиче. «Оо, оолоп» жүктүү унааларга дем берген үн, мал аягынан кулаган таш, шагыл каңырты коштогон көч каалгый, алды мөңгүлүү чокудан берки ашууда, арты тээ көл кылаасынан берки түзөңдө келатат. Көчтүн арты бешим оой ашуу ашып, кеч кыса ашуунун түбүнө жолум үй тиге өргүдү. Алды Челек суусун бойлоп, болжогон конуштарына үй тигип, жай алышты. Көчкөн айылдар эртеси толугу менен бөлүнгөн жерлерден орун алышты. Бештин айынын онунда козголгон көчтүн арты айдын он бир, он экисинде конуштарынан жай алышты. Эртең хан көчү козголмокчу. Ай арасына дагы беш-алты күн бар, айдын туушу ай арасын алдына салса да, күн алыс болор деп санаа тынч эле. Капысынан батыштан тоо кыркаларынан асман тирей үймөктөлгөн кара булуттар улам көбөйүп, күн бүркөлдү. Нөшөрлөгөн күзгү жамгыр эл орунга отура лапылдай жааган карга айланды. Ай эсебине төп келбей жааган кар чыгыштан соккон суук шамалга коштоло эртеси түш оой басылды. Ай арасына жете электе кардын мынчалык оор түшкөнү эсте жок. Ормон хандын чоң үйүндө, айылдарын жаңы конуштарына кондуруп боло, атасынын көчүн узатууга келген Үмөтаалы, хан кеңешчиси Жаманжээн, хандын жан жигити Саза, айылдагы ханга кадырлуулар отурушат. Эртең мененки чай дасторкону жыйналып, бата тиленип, отургандар бири-бирин карап, көчүү жөнү кандай болот деп хандан сөз күтүшүүдө. Санын таяна эч кимге көңүл бурбай ойлуу отурган Ормон хан кабагын көтөрө: — Үмөтаалы, Саза, Жаманжээн үчөөң камбыл жигиттерден жыйырма чактысын, күрөк, балталарды алып, жол чалгыла. Ашуунун берки бетиндеги борчук аскаларды, секиртмелүү жантаймаларды аралап өтүүчү жолду күрөтүп тазалаткыла. Ашуунун белин күрткү баскандыр, кар калың, ашууну күрөктөп үдөө кыла албайсынар. Ашуунун эки тарабындагы кооптуу жолдор күрөлүп тазалангандан кийин, субай жылкыны, кур аттарды алдына айдап, ашуунун күрткүсүн буздургула. Жылкыларды үч күнү удаа айдагыла. Үч күндөн кийин Кудай буюрса, жүк коёбуз. Көчкө минилчү аттардын баарын такалаткыла, — деди. — Көчкү көчө турган кооптуу жерлерде кар басыла электе мылтык аттырып, көчкү көчүрөлү,— деп ханды карады Жаманжээн. — Ооба, ансыз болбойт, көчкүнү көчүрмөйүнчө кооптуу жерлерге жигиттерди жибербегиле, сак болгула, — деди Ормон хан. — Азыр, сиз айткандай, чогуу барып жол чалып, жигиттерди коопсуз жерлерге ишке коёлу. Кырк-элүүдөй жигит алабыз го. Мен андан ары жыйырма чакты жигит менен ашуу ашып,жаңы конуштарды, үй тигүүчү орундарды күрөтүп түзөттүрөйүн, ал жакта деле кар оор түшкөндүр, — деди Үмөтаалы. — Ооба, ошенткениң оң, көч барганда даяр орундарга конгондой болсун, — деди Ормон хан. Ак кар, көк музда боз үйдө кыштоонун кыйынчылыктарын, чоочун жерде кабылуучу кокустуктарды көз алдына келтире ойлуу тунжурап турду да, сөз улады. — Ээн жерде ит-куш болоор, жигиттер куралдуу болсун, казак туугандардын баары эле бизге кучак жайып турган жоктур. — Аны эске алып турабыз. Сиз айткандай, алдыдагы көчтөр менен жылкы айдап, көч узаткан жигиттердин баары курал-жарактуу кетишти, — деди Үмөтаалы. — Көчкө минилүүчү аттарды жылкыдан карматып келүүгө жигиттер жиберилди. Буйурса бүгүн түштөн кийин усталар ишке киришет, — деди Саза. Хан ойду айттырбай тапкан сезимтал камкор жигитине ыраазы боло карады да: — Эми капыстан минтип көчүү-конуубуз ак кар, көк музга туш болуп турат. Көч даярдыгы телегейи тегиз, дыкат болбосо, кырсык каш-кабактын ортосунда, сак болгула, — деп сөз бүттү деген таризде сакалын сылай оңдонуп тура өз алдынча ойго кетти. Кеңештегилер көч камын көрүүгө тарады. Үч күн бою көч жолу ачылып, көчкү көчүрүлүп, касабалар күрөлүп, ашуунун эки бетинде тең тынымсыз иш жүрүп турду. Ашуунун белиндеги күрткү бир сыйра алынгандан кийин күн сайын чубатыла айдаган субай жылкылар күрткүнүн калганын бузуп, из салып турду. Үчүнчү күндүн акырында ашуу ачылып, көч жолу даяр болду. Эртеси бештин айынын төрт эскисинде эртең менен хандын көчмө ордосун чечип, жүк коюу башталды. Көчмө ордо менен ханайым Уулбала барары айтылган. Ормон хан таң саарында Жаманжээн, Саза баштаган он чакты жан-жөкөрлөрүнүн узатуусунда аттанды. Ашууга чейин жол чалып барып, ашуунун белинен дүрбү менен көчкө көз салып турмакчы. Ургал жааган кардан кийин, асман чайыттай ачык, кеч күздүн сейрек булуттары тоо кырларына сүрүлө, кыймылсыз. Күндүн муруту жерге тийе хан көчү козголду. Көч башында аземделип ордо үйүнүн турмандары жүктөлүп, килем жабыла, үстүнө күмүш чегеленип, текенин мүйүзүнөн кынапталган түндүк бастырылган, чуудалары сеңселген, сайма ноктолуу, жибек буйлалуу кара инген жетелеп, айтылуу сулуу, ханайым Уулбала баратат. Миңгени акжал чабдар жорго; ээр токуму күмүштөлүп, булгаары тердиктин четтерине кундуз бастырылып, бурчтарына жылдызчалар чегеленген; күмүш суусар жакалуу, жашыл тукаба тышталган кундуз ичиктин этектери ээрдин тарагына, эки тизеге кымтылган; башында төртэли кундуз тасма тартылган чакан элечек, моймолжуган сурмалуу кара көздөрү кырдач мурун, буудай өндүү ак куба жүзүнө төп келе, эриндери татына кымтылган, көлөч-маасылуу буттарын күмүш үзөңгүгө сүйөй ойлуу баратат. Ата-эне алдында эркелеп өскөн кыз курагы, ата конуш жайлоолор көзүнө элестөөдө. Көптөн бери көрбөгөн курбуларына жолугар бекен, алар кандай болушту экен? Биринчи жолу Шолпан жеңе менен айлуу түндө селкинчекке барып, оюн курган келин-кыздарды, жигиттерди көргөнү, алгач айылдаш жигит менен селкинчекке түшкөн кызык учурлар көзүнө элестеп баратты. Ашуунун түбүндө Алыбекке жолуккан кооптуу учурду, Алыбектин адамгерчиликтүү жылуу мамилесин, Алыбектин үйүндө Ормонго көзү түшкөн учурду эстеп жылмайып, ээрге оңдоно отурду. Тагдырына ыраазы — уул-кыздуу болду. «Ханайым» делип, эл ичинде кадырлуу. Өзүнүн сыпайы сылыктыгы, колунан көөрү төгүлгөн иштүүлүгүнөн айыл ичинде абысын-ажын арасында зоболосу жогору. Алдыдан кубанычтуу күндөрдү күтө, маңдайы жарык баратат.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#180 Пользователь офлайн   Disappear   06 Апрель 2019 - 14:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Уулбаланы улай, аруу үй-мүлктөрдү, жууркан төшөнчүлөр жүктөлгөн жасалгалуу төөнү жетелеген элечекчен, кара кер атчан үй кызматындагы аял, ага удаа конок үйүнүн, аш үйүнүн эмеректери жүктөлгөн төөлөрдү жетелеп, ар түрдүү кийинген ашмачы, бычмачы, тикмечи аялдар келатышат. Хан көчүнөн бир аз артта Жаманжээн кеңешчинин, хандын жан жигити Сазанын, хан кызматында болуучу беш-алты кадырман адамдардын көчтөрү келатат. Көч алдында жолду дагы таптап, коопсуз өтүү үчүн жалдуу ак боз айгыр баштаган субай бээлердин үйүрүн айдап, куралдуу үч жигит кеткен. Көч алды коктунун таманын өрдөй үч чакырымча баргандан кийин солго бурулуп, тескей беттеги чыйырлуу жолго түшкөндө, көчтүн аягы көл кылаасынан бери түзөңдө келатты. Алдын ала кооптуу жерлерге көчкүсү көчүрүлө күрөлүп-тазаланган жол чубаган жылкы таманына таптала коопсуз.Түш кылайган кезде көчтүн алды бодур аскалуу тескей бетти басып өтө, ашуу алдындагы жолдо баратты. Ашуунун белиндеги кыраңда Ормон хан дүрбү салып турат. Көз уялткан аккар баскан өрөөндө тизилген шурудай чубалып келаткан көч көз алдына тартылды. Көч калбаат келатат. Ооган, жыгылган унаа көрүнбөйт. Көч аягынан өйдө тарта кыдырата көз жүгүртө, кооптуу жар таштын секиртме жолунан аярлап өтүп келаткан жүктүү төөлөрдү карап турду. Андан өйдөлөтө өз көчүнүн унаалары да шай келатканын байкап турганда, акжалдуу чабдар жоргого келишимдүү отурган, ак элечекчен, кундуз ичикчен жаш аялдын сымбаттуу элеси көз алдына тартылганда эр туюму эргий, ичинен жылмайды. Алтымыштын кырын аша, кадыр билген жаракөр жар күттүргөн тагдырына ыраазы эле. Түш ооп калды. Көчтүн алды ашуунун белине жеткенде хан жан-жөкөрлөрү менен аттанып, ашуу алды жаңы конуштарга бет алды. Күн мурунтан жиберилген жигиттер ар бир үйдүн конушун күрөп, түздөп, кереге аяктарын жылуулоого керектүү топурак даярдап коюшкан.Бешим оой хан көчү конушуна келип, жүктүү төөлөр үй тигилүүчү жерлерге чөгөрүлүп, жүктөр түшүрүлө, камбыл жигиттер таңгактарды чече, келин-кыздар кереге жая, жигиттер түндүк көтөрө баштады. Күн нуру чагылышкан ак карлуу өрөөндө көчмөн турмуштун түйшүктүү камбыл тиричилиги өкүм сүрдү. Кээ бир конуштарда кызыл жошолуу кереге капшыттарын жаңыдан жайып баштаса, кээ бирлеринде кереге капшыты бекитилип, жигиттер түндүк көтөрүп, кыз-келиндер уук саюуда, кээ бирлеринде туурдук, үзүктөр жабылып, боолору байланууда. Тоо кыркаларына жашынган күндүн кызыл алоосу өйдөлөгөн сайын кызгылтым агыш нурланып, булутсуз көгүш асманды ажайып көрккө бөлөйт. Күүгүм кире суу жээги өндүргө тигилген ак өргөөлөр ак карга төнө түндүктөрдөн булаган түтүн гана конуш орундарын айкындап турду. Демейдегидей айылдын өйдө жагында хандын ордо үйү, Уулбаланын өргөөсү, конок үйү, ашүйү, бир аз өйдөрөөк аш бышырып, отун-суу алып кызмат кылуучу малайлардын үч үйү тигилген. «Чоочун көзгө» деп алар да тандамал үйлөр. Боз үйлөрдүн үзүк-туурдуктары эки кабатталган, кереге аяктары туурдуктарга жеткире топурак менен жабылган, кернейлери түндүк чамгарактарына жете темир мештер орнотулган. Мурда көчүп келген айылдарды кыдыра, элдин ал-жайын көрүп кайткан хан көз байлана Уулбаланын өргөөсүнө келип түштү. Илеге куйуучу туура сууну бойлогон өндүргө кечээ келип конгон айылда көчмөн турмуштун жаңы конуштагы кыш тиричилиги, үйлөрдүн айланасында мал байлануучу орундардын карын күрөгөн эркек-аялдар көзгө чалынат. Айыл ортосундагы кой короо орунун кардан тазартып, көгөн тарта он чакты аял-эркек жүрөт. Өргөө ордодо Саза, Жаманжээн, Үмөтаалы адеп сактай, Ормон хандын сөзүн ынтаа коё угуп отурушат. — Өрүш-жайыты чоочун жаңы жер, мал жайыттарын таанып, отун камдап, жайларын жылуулап, кыштан аман чыгып кетсе, эл көнүп кетер. Кечээ берки четке конгон айылдарды көрүүгө үлгүрдүк. Чарын куймасы, Кашкелең жээгиндеги айылдардын ал-жайын билүү керек. Үчөөң жигиттериңер менен бөлүнө аттанып, айыл абалы, мал жайыттары менен таанышкыла. Мен да аттанамын. Жердин уусун баамдай ала турган эстүү кишилерди жиберип, казак айылдарынын чети кай жерде экенин кылдат такташсын. Жигиттер курал жарактуу сак турушсун, — деди Ормон хан. — Мал күзөткөнгө, бөтөнчө жылкыга куралдуу жигиттер көз салып турушат, — деди Жаманжээн күн мурунтан кам көргөнүн билдире. — Ар үйүрдү беш-алты куралдуу жигит кайтарсын, жок дегенде бирөөндө мылтык болоорун сүйлөшкүлө айыл билермандары, бийлер менен. Өз боюна сак болуп, коңшуну ууру тутушпасын. Казак султандары Тезек, Абулпейиз менен сөз болгон, катыла коюшпас, — деди хан ойлуу калыбында. — Кенесары, Норузбайдан кийин жүрөктөрү деле үшүп калгандыр, — деди Саза мурутунан жылмая. — Ошолордун кунун кууйбуз дечүлөр да чыгар, — деди Үмөтаалы. — Азырынча антүүгө чамалары жок. Негизи андайды күтүүгө болот. Падышадан жерди менчиктетип алгандан кийин султандарды ооздуктайбыз, — деди Ормон хан.Сөз Иле бою, Чарын куймасы, Кашкелең жээгиндеги эгинканалуу жерлерди чалуу жөнүндө уланды.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 10 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 10, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 12:42

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: