Суперстан: Хан Ормон - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Хан Ормон Токтоналиев Жапаркул Хан Ормон: тарыхый роман

#181 Пользователь офлайн   Disappear   06 Апрель 2019 - 15:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Тезек төрөнүн кеңешине келген казак улуу жүзүнүн абройлуу билермандары, султандары анын Талгардагы кыштоосунда кечээтен бери конок сыйын көрүүдө. Балык жондоно салынып, терезелери айнектелген там үйдүн конок бөлмөсүнүн ичи жасалгалуу, алдына тактай төшөлүп, өрө кийиздер, үстүнө ала кийиздер төшөлгөн. Капшыттарына саймалуу туштук тартылып, төргө такта үстүнө жууркандар жыйналган, эржак капшытта чымылдыкка жанаша жука килем жабылган жыгач керебет. Төрдө көлдөлөң үстүндө кундуз жакалуу көк тыштуу түлкү ичикти желбегей жамынып, жакасы ачык кара кемселине күмүш кемер курчанып, малдаш урунуп олбурлуу Тезек төрө отурат; башында кырбуусу тайкы кызыл тукаба тыштуу кундуз тебетей, кабагы бийик; коюу жээрде каштары алдындагы чекирирээк сурмалуу көздөрү салабаттуу тиктейт. Дөңсөгүрөөк кырдач мурун, ээрди түйрүгүрөөк, ачаланган жээрде сакалы серпилген, узун мурутун сылай конокторуна көз жиберүдө. Оң жагында Аблай хандын урпагы Сүйүк султан, тик жака боз нооту кемселине күмүш кемерин шалкы курчанып малдаш уруна эркин отурат; башында саймалуу кырбуусу бийик калың кийиз калпак, чап жаак кара сур жүздүү, суйдаң кара каш, сурмасыз сүйрү көзү кытмыр тиктейт, таноосу кененирээк кырдач мурун, суйдаң кара сакал-муруту сыйда серпилген. Турпатынан өзүн көптөн жогору сезген текебер туюлат. Тезек султандын сол жагындагы сары чийкил, эткээл, бети тегерек, мурду жалпагыраак, маңдайы жайык келип, сурмалуу чекир көздөрү ойлуу, башында кара баркыт тыштуу суусар тебетей, кайырма жакалуу ак кементайын желбегей жамынып, ички боз кемселине жибек жоолук курчанган Абулпейиз мурда башталган сөздү улагансып: — Тезеке, «Ормон хан эли менен Илеге көчүп келди» дедиңиз. Бул не деген зордук бирөөнүн жерин суроосуз ээлеп алганы? — деди. — Ээлебегенде нетеди, Дуулат, Албан туускандар тууган жеринен безип кетсе, жер ээсиз турса, ээлейт да, — деди Тезек төрө. — Албан, Дуулаттар кетсе, башка казак жокпу, жер бабалардан калган казактын жери го. Ормон хан Кенесарыны өлтүргөндөн кийин башка казак жок деген го?! — деп обдула Тезекти карады Сүйүк султан. — Дегениңер туура дечи. Ормон ойлонбой иш кылбай турган кыраакы киши. Мунун сыры бар, — деди Тезек ойлуу калыбында. — Не сыр болмок эле, Кенесарынын кошуунун талкалагандан кийин дөгүрсүп калган кыргыздын зордугу да, — деп сакалын сылай оңдонуп отурду Булан бий. — Зордугуна көз жуумп отура беребизби кыргыздарга жерибизди тебелетип коюп?! — деп чебеленди Сүйүк султан. — Ойлонолу, Ормон оңой жоо эмес. Кокондун да мизин кайтарып койду, — деп Тезек төрөсөзүн бүтө электе: — Ой бай, Тезеке, «Кокондун мизин кайтарып койду» дейсиз. Кайтарса куп болуптур capтарга, алты сан казак барбыз го, Кенесары менен кошо жамы казак өлгөн жок го! — деп кызууланды Сүйүк султан. — Султан, сабыр этиңиз, жерди Ормон ханга мен берген жокмун го, — деп Буланды карап күлө сөзүн улаган Тезек: — «Ормон хан ойлонбой иш кылбайт,» дедим го. Алды-артын өлчөп иш кыла турган айлакер киши Ормон. Ал ак падышанын өзүнөн үлкөн сыйлык алды. аны менен ич ара алакага өтүп сүйлөшүп тур деген кабарым бар. Орустар сүйөбөсө, Ормон Илеге баш бакпайт эле го, — деди. — Аңдай албай турамын, Тезеке, орус Ормонго: «Бар, казактын жерин басып ал» дебейт го. Ормондон оруска не пайда? — деди Булан бий. — Ормондун оруска пайдасы көп, Булаке. Оболу өз каруусу жетпеген каскагы Кенесарыны жеңип берди. Энди Орус Ормонду Коконго жумшаган тур го дейм. Ормондун күчүн Кенесары окуясынан орусуң көрбөдүбү. Ошол күчтү Коконго шилтейт орус. «Губурнатор Горчаковдун Ормонго жазган каты бар» деген имиш бар, — деди тиги экөөнөн мурда орус букарасы болуп, алакада жүргөн Тезек төрө. — Сыйласа — сыйлап, жумшаса, Коконго жумшай бербейби Орманды. Кудайга шүгүр, казак калкы да бар го, орустун өз букарасы, — деди өзүн Чынгызхан, Жоочу, Аблай хандардан бери келаткан төрө насили катары санап, жамы казакка доомат артып жүргөн Сүйүк султан. — Ошо «жамы казагың» бүтүн болбогондуктан оруска Ормон хан керек болуп турабы дейм, султан, — деп бир аз ойлуу турду да, сөзүн улады Тезек төрө. — Мына өзүңүздүн жаныңызда Алматыдан бери Таучибек бийди көрбөй турасызбы? Кокон үчүн чеп куруп, сыпайларын кармап турганын. Муну көргөн орус жаалы катуу Ормон ханда чоң ордону кычырата кармап, Таучибектин топусун алдырганы турабы дейм, — деп жылмая конокторун алмак-салмак карады. — Ормон өзүнчө хан, орус букарасы эмес го, — деди Булан. — Таучибек чебин талкалап, улуу жүздү бүт ээлөө, акыры Коконду да колуна алуу үчүн орус Ормон хан эмес, шайтанга да өнөк болууга даярбы дейм, — деп жүйөлүү кычык сөз таштап, ыраазы боло борс-борс күлдү төрө. — Айтса, айтпаса төгүнбү, — деп кошо күлдү Булан бий. — Казакты кыргыздарга басып береби Орусия, Ормон ханды алып келип, өз букарасын кор кылып! Кыргыздар казак жерин ээлеп кетет экен да, — деди күйүккөнү басылбаган Сүйүк. — Орустун амалы үлкөн го. Оболу Таучибекти талкалап, чоң ордону бириктирсе, анан Ормонкан менен өнөк болуп Коконду каратса, кыргыздарды өзүнө кошуп алуу кыйын эмес экенин көрүп тур го алар, — деди Тезек. — Кыргыз өзүнчө хан көтөргөн Ормон оруска күнкор болорун туйбайбы? — деди Булан.—Ормон хан да муну куп билет деп ойлоймун. Казакты бириктирип, Коконду алып берсе, өз алдынча коёр деген ою бардыр. Же Ормон хан орустун жардамы менен казак-кыргызды бириктирип хан болууну каалар. Келечек ханыбызды сыйлаңыздар да, — деп тамашалай Сүйүктү карады Тезек. — Алты сан казакка кара кыргызды баштык кылып тек отурганыбыз Кудайга, ата-бабанын арбагына жакпас. Таучибек бийди өзүбүз теске салабыз. Ормон хан менен жакшылыкча сүйлөшүп, өз жерине кетирүү керек. Кетпесе чабуул салып, кубалап кетиребиз, — деди Сүйүк. — Сүйүк султандын күйүккөнүнүн да жөнү бар дейм. Кыргыз-казак абалтадан өз эркинче жүргөн эки башка эл гой. Ар кимдин өз отаны, өз намысы бар. Ата-бабанын астанасын таштап дуулат, албандар да чет жерде, көпкө туруктай албас дейм, кайра келеди гой — ойлонолу, —деп Тезекти карады Булан. Тезек ойлуу үн дебейт. — Биз орус букарасыбыз. Орусия өз букарасын сактоого тийиш. Беремиш майорго даттаналы, солдаттарын жиберип, Орманды кетирсин казак жеринен, — деп оңдонуп отура Тезекти карады жүйөөлү сөз тапканына көңүлү көтөрүлө түшкөн Сүйүк султан. — Султан, шашылбаңыз, — деп Сүйүктү ойлуу тиктеген Тезек сөзүн улады: — Өз алдынча келип бирөөнүн жерин ээлеп алуучу көөдөктөрдөн эмес Ормон хан. Беремиш майор аны көчүрө албайт. Бул окуя губурнатор, улук ак падышага да маалым. Айттым го себептерин. Кыш чыкканча абайлап Ормон хан менен алакалашып туралы, артын көрө жатарбыз, — деди Тезек. — Төрө туура кеп урду. Байыртан эле казак-кыргыз калктары бири-бирине убактылуу жайлоо, кыштоо берип, түбү бирге туушкан эл катары сыйлашып турчу эмес беле. Жазга чейин абайлап туралы, албетте, дуулаттарга кабар жетсе алар да карап турбас, — деди Булан бий. — Осы сендер кыргыз менен сөздөшүп алган жоксуңарбы? — деп капыя тамашалай күлдү, жүйөөлү сөздөргө муюй түшкөн Сүйүк султан.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#182 Пользователь офлайн   Disappear   06 Апрель 2019 - 15:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Эмки аптада ата-баба салтын сыйлап, Ормон ханды өрүлүктөп барсам деп турамын. Канча айтса да кара кыргызга каада менен хан көтөрүлгөн, калкка пайдасы тийчү эрен эмеспи, —деп Тезек төрө жээрде сакалын сылай, эр сыйлаган нарктуу киши катары конокторуна көз жиберди, көмөкөйүндө «силер да менин жөрөлгөмдү жолдойсуңар го» деген ой турду. — Арийне, көчүп келген коңшуну өрүлүктөө ата салты, адамгерчиликтин жосуну гой. Биз да карап турбаспыз, — деди Булан бий. — Мейли, ошондой болсун. Ормонду хан катары, жаңы коңшу катары убактынча күтөлү. Менин мазамды алып жүргөн дагы бир үлкөн иш бар, — деп Тезек төрөнү карады Сүйүк. — Айтыңыз, угалы, — деди Тезек. — Кечээ, Алашхандын бейити Кара сеңгирде казак үч жүзү биригип хан көтөргөн Кенесары, инилери Норузбай, Эржан султандар кунсуз калабы? Бабабыз Аблай хандын арбагы уктатпайт го бизди, — деп малдашын түзөй, кементайын көтөрө оңдонуп отура, Тезек төрөнү карады Сүйүк, «сен да Аблай хан насилиненсиң» дегенсип. Жаш кезинен эл аралап алыс жакынга сереп салууга каныккан, өтө куу, амалкөй, кайдан пайда, кайдан зыян болорун аңдай билген Тезек: — Ой бай, баурым, нени айтасың. Бул иш казак-кыргыз арасында демейкиче кун кубалоонун жүйөөсүнө жатпай турат го, Кенекебиз түмөндөгөн кол менен түгөл жаткан кыргызга өзү барып кыргын салып, жазасын алды го. Не дейсиз? Буга көздү жумуп, ата намысы дейин десең, Орусияга он жыл моюн бербей жүргөн жахангер Кенекеңдин түмөн колун талкалаган кыргызга катыла аласызбы? Тамагына каскак болуп турган «сөөктү» алып берген Ормонханды Орусия колдоп турат го. Не кыл дейсиз? — деди. Бир тынымга сөз токтолуп, үй ичи тунжурап турду. — Султанайым Бопуйкан кыргыздарга, Ормон хан алдына барды деп уктук эле. Не жооп угуп кайтты экен? — деп Тезекти карады Булан бий. — Кене хан шейит болгон жылы жайында султанайым Бопуйкан Ормон хандын алдына Сыздык султанды ээрчитип барат. Ормон хан султанайымга атайын өргөө көтөрүп, сыйлуу мейман күтөт. Кыргыз ханышасы казак кызы Уулбала жөкөрлөрү менен султанайымдын кызматында болушат. Эртеси хандын кабыл алуусуна чакырылган Бопуй ийиле салам айтып: — Таксыр, кечиргейсиз, аял башым менен хан астанасын аттап келип турамын. «Кагылыштан хан өлөт» дегендей, сыйырдын эки мүйүзүндөй насили бир эки элдин ортосунда бейпай окуя болуп, хан агабыз Кене шейит кетти. Хан агамдын дайынын билейин деп астыңызга келип турабыз. Эр жетип келаткан уулу жанымда, — деди. Катарында турган Сыздык өспүрүм:—Ассалоому аллейкум, хан ата, хан акемдин жайын сурап келдим, — деп салам айтат чөгөлөп турган калыбында. Ойлуу мелтиреп отурган Ормон хан: — Жогору өткүлө, боордошторум, — деп жанынан орун жаңсап, оң жагында отурган Махмуд молдого ишарат этет. Шейиттердин арбагына куран окулуп, бата тиленгенден кийин: — Султан айым карындашым, султан иним, Кене хан казактын үч жүзүн бириктирем деген чыгаан жаангер эле, бийлик азгырыгы болдубу, түгөл жаткан кыргыз элине кол салып, ажал тапты, тагдыры ушундай экен. Кене ханды өлүмгө кыялы деген ой бизде жок эле. Күнөөсүз кыргынга учураган эл толкуп, кыйналып өлтүрүлгөндөрдүн үй-бүлө, туугандары кол салып, мерт болду. Жаны бейиши болсун, — деди Ормон хан, өспүрүм Сыздык султанга сыпайы көзкырын сала. — Тагдырдын жазмышы ошондой болду, хан ага. Кенекем кыргыз менен биригип Коконду алып, Оруска чыгам деп жүрчү эле, ою орундабады, — деди Бопуйкан. — Андай болбоду, султанайым карындаш, Кене хан, «Мейли, макул биригели», — деп койгон шартымды кабыл албай, сөзгө келбей, кыргын салып кирбедиби. Аны уккандырсыз, — деди хан. — Хан ата, мен акемдин өзүн болбосо да, жаткан жайын көрөйүн, уулу катары өкүрүп, бата жасайын, кабырына таазим этейин деп келдим, — деди чымыр денелүү, атасынча текеберлүү тиктеген өспүрүм Сыздык. — Албетте атаны жоктош уулдун милдети, баланы ошон үчүн тилейт Кудайдан, — деди хан. — Хан ага, мүмкүн болсо Кенекемдин жайын көрсөтүңүздөр, иним экөөбүзгө, — деди Бопуйкан. — Албетте көрөсүңөр. Кенекеңдин кийген кийимдерин, урунган буюмдарын, ат жабдыгын сактатып койгонбуз. Таберикке алып кетесиңер. Бүгүн бизде конок болуп өргүп, эс алгыла. Эртең баары болот, — деди да, — султанайымды, султан Сыздыкты коноктогула, — деп кошумчалады Сазаны карап. Султанайым Бопуйкан, султан Сыздык хандын конок өргөөсүндө, ханайым боордошу Уулбаланын өргөөсүндө, конок болушат. Эртеси ханайым Уулбаланын, жигит башы Сазанын узатуусунда Кызыл-Суу өрөөнүндөгүКенесары, Норузбайдын кабырларына барып, таазим эте куран окуп, кайра келишет. Ормон хан султанайым Бопуйкан менен Сыздык султанды дагы бир өргүтүп сый көрсөтөт да, экөөнө бир сыйра сарпайы кийим кийгизип, алдыларына бирден ат тарттырыптыр. Кенехандын ат жабдыгын келишкен аргымакка токутуп, кийим-кечесин бөктөрө, кылычын ээрдин кашына илип узатыптыр, — деп сөзүн бүттү Тезек төрө. — Ормон хан үлкен адамгерчилик жасаган экен, — деп ыраазылыгын билдирди Булан бий. — Хандын баркын хан билет, хан билбесе ким билет, — деди Тезек төрөнүн жай аңгемесине көнүлү тына түшкөн султан Сүйүк. — Ушундай айкөл да, катаал да, эр жүрөк да, айлакер да киши бизге көчүп келди, — деди Тезек төрө. — Казак-кыргыздын каадасын сыйлап, сиз айткандай өрүлүктөп сый көрсөтөлү. «Сыйга сый,сыр аякка бал» дегендей, кыргыз ханынын да сыйын көрөлү, — деди Булан. Аңгеме казак, кыргыз, кокон, орус алакаларынын болочогу жөнүндө уланды.
Илеге көчүп келген кыргыз айылдары жайыттары кенен, отун-суусу мол өрөөндөрдү ээлешип, көңүлдөрү тынык кадыресе тиричилик өткөрүүдө. Үчтүн айынын орто чени. Кыш чилдесинин алды, согум маалы. Казак султаны Тезек тогуз кысырак айдатып, аялын, жигит-жалаңын ээрчите Ормон ханды өрүлүктөп түшкөнүнө эки күн болду. Ормон улуу жүздөгү Жоочу урпактарынын ичинен төрө атанган кадырлуусун хан каадасы менен тосуп алды. Кайын-журттун насилин сыйлаган Ормон хан меймандарын конок үйү эмес, Уулбаланын өргөөсүндө күттү. Нокто катылбай куландай туйлаган кулун союлуп, кысыр эмдинин мейиз чайкалган кымызы сунулуп, дасторконго кыргыздын боорсок, эжигей, казы-картасы, Кашкар, Анжиян жемиштери аралаша дасторкон үстүндө. Бейиш берекесин жайнай, комуз чертилип, дастандар айтылып, казак кызы Уулбала ханайымдын темир комузга кыргыз күүлөрүн жан-дүйнө туюмун эргите какканына маашырланып көңүл куштары көкөлөп, коноктор курсант отурушту. Эртең мененки чайдан соң Тезек төрө менен Ормон хандын баарлашуусу хандын ордо үйүндө уланды. Ордо өргөөдө жүк жыйылбаган төрдөгү килем жабылган тактанын эки жагында башкеби менен союлган эки илбирс азууларын арсайта суналат. Эки капшыттарына тартылган перси килемдерине эр жагына хандын чоң атасы Эсенгул баатырдын кылычы, айбалтасы, жалдуу Баракты сайып түшүргөн түпөктүү найзасы, эпчи жагына Ныязбек бийге Батыш Сибирь генерал-губернатору Глазенап* тартуулаган алтын жалатылган кындуу кылыч илинүү турат. Эпчи жак босогодон өйдөрөөк күмүш ачалуу ала баканга сырт кийим илинүү. Тактайланылган үй алдына өрө кийиздер, үстүнө жыш көгүш килем төшөлгөн. Төрдө аюу талпакта Ормон хан, оң жагында коногу, анын кеңешчиси Жунус молдо жай алды. Сол жагында хан кеңешчиси Жаманжээн отурат. Ар кимиси өз баркын туя, салабат күтө сыпаа, олуттуу. Кечээ күнү бири-бири менен дидарлашканына чын дилден ыраазы болушуп, беш күндүк жарык дүйнөдө жашоонун ыракаты, машакаты жөнүндө сыр төгүшүп, өмүрдү, махабатты даңазалаган комуз күүсүнө көңүлдөрү эргий, агынан жарыла отурган, агедил курбу кишилер, азыр негедир өзүлөрүн токтоо тутушуп, ар сөздүн артынан айтылбаган сыр туйгулары келгенсип, аяр аңгемелешүүдө.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#183 Пользователь офлайн   Disappear   06 Апрель 2019 - 15:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Бири-биринин адамгерчилик асыл сапаттарына айкалышкан көйкашка эрдиктерин чын дилдеринен сыйлашкан эки эрендин элине кызмат өтөп, атак-даңк күтүүдөгү максаттары кайчы эле. — Жаңы конушка келип, коңултактап көнө албай турганда, сиздин ата салтын сыйлап келгениңизге курсант болуп турамын, — деп Тезек төрөгө ыраазылыгын билдире сөз улады Ормон хан. — Казак-кыргыз жайлообуз жамаатташ, коюбуз короолош, жылкыбыз өрүштөш бир тууган элбиз. Иленин бою ээн турганын угуп, казак туугандар менен жамаатташ кыштап жайлап, сый көрүшөлү деп көчүп келгенибиз ушул, — деди түпкү максатын көңүл тереңине чөгөргөн Ормон хан. — Ой бай, Орман баатыр, несин айтасыз, мен өзүм да сиз менен дидарлашканыма териме батпай кубанып отурмун. Ою бирдей, сөз сыйлаган киши менен баарлашуу өзүнчө рахат гой. Жер Кудайдыкы, Кудай берген казак тууганыңдыкы. Кышта, жазында эгин эгип ал, жайла, —деди Тезек төрө Ормон хандын көңүлүндө катып турган сырынын четин туйган таризде. — Ошентсек да болот, дуулат, албан туушкандар кайтып келишсе, жерлерин бошотуп беребиз, — деп сакалын сылай бир аз тына калды да: — Баса, төрө, бул дуулат, албан туушкандар не болуп үркүп кетишти? — деп суроо узатты Ормон хан, үркүүнүн себебин билип турса да Тезектин оюн бөлүү максатында. — Ой бай, туушканым, баатыр, мунун өзү бир орунсуз иш болду гой. Алты сан казакка баш болгон Жоочу тукуму алты бөлүнүп арызданып, анын ичинде Самаке, Аблай балдары өчөгүшкөн жоо болушуп, Кенесары хандын казакты бириктирели деген аракети кандуу жаңжал менен бүткөнүн билесиз. Эми Улуу жүз ичи эки жакка бөлүнүп дуулат, албандар Кокон тарапка көчө качышты, аларды эч ким куубады. — Дуулат, албандар жамы үркпөгөндүр, — деди Ормон хан. — Жамы эмес, Таучибек бийибиз Иледен алыс эмес жерде Коконго чеп куруп, аларга датка болгон, ошо Таучибек Керим бийлердин азгырыгы менен кызыл бөрк чапырашты, чымыр,кашкароо, ботпай уруулары үркүштү. Качанкыга чейин үркүп жүрүшмөк эле. Улуу жүз —Орусия букарасы. Орусия зор мамлекет, көп эл. Алар каптаса Кокон да, Таучибек да түтө албас,— деди ага султан наамын алган Тезек төрө, Орусияга кызмат өтөөгө берген анты жадында турду. — Өткөн жайда орус төрөсү башкарган аскерлерди Таучибек кайра кубалаптыр деп уктук, —деди ар нерседен кабардар Жаманжээн. — Ооба, ошондой болду. Коткевский деген капитан аз гана жоокер менен келген экен. Таучибек, Ачикей, Түлеберген бийлер, Кудайменде, Үрүстөм, Султандар биригип каптап, тигилер куралчан көп колго туруштук бере албаптыр. Азыр замбирек сүйрөтүп, көп аскер менен генерал Корбашып чыкты дейт, Таучибек кайда барат. Алды-артын аңдабаган куру намыс башын жарады го, — деп Ормон ханды карады Тезек төрө. Кенесарыны талкалаган кызматың Орусияга канчага чейин колко болор экен. Акыры сени да өз алдыңча койбойт го» деген ой жадында турду. — Арийне орустар өнөрлүү, көп эл. Байыртадан падыша күткөн адөөлөт эл болуу керек. Букарачылыгына өткөн казактарга мамилеси кандай? «Эгинканалуу жерлерден казактарды сүрүп, мужуктарын отурукташтырып атат» деп угабыз, — деди Ормон хан сөз учугун Тезекке таштай. — Эй, баатыр ай, казак-кыргыз көчүп-коно жерге көп назар тикпеген элбиз да. Ээн жаткан эгин эгүүгө ыңгайлуу жерлерге мужуктарын алып келгени ырас. Мурун аздыр-көптүр жер ээлеп турган казактарды сүргөн жок. Казак-кыргызда «Уста менен достошсоң нар кескенин аласың» деген кеп бар го. Орустун өнөрү жуккан билим алган казактар бар. Валихандын уулдары, Бокей, Самакенин уулдары Битербордон окуп, үлкен иштерде жүрөт, — деди Тезек. — «Ырыс оошот, өнөр жугушат» деген накыл ырас да. Өнөр, билим ар бир элге керек. Дини, дили бөлөк болсо да, орустун өнөрүн үйрөнүүдөн намыс кылуу жарабайт, — деди Ормон хан. — Таксыр, айтканыңыз калетсиз, — деп адеп сактап Ормон ханга кайрылып, сөзүн уладыТезектин жолдошу аалым Исхак Мазум. — Андай болсо кыргыз туугандар өз алдынчабыз деп хан көтөрбөй эле, бизчилеп орус букарасына өтүп эмне албады? Өз оюндагы сөздүн дал үстүнөн чыккан жолдошуна ыраазы болгон Тезек төрө мурутунан жылмайды. Тике берилген суроого таамай жооп берсем деп бир аз ойлоно түшкөн Ормон хан: — Кудай таала ар бир пендесин өз алдынча эркин жараткан. Бирине-бирин көз каранды кылган жагдай адилетсиздиктин башаты. Ар ким өз алдынча болгондо алака да адал болот. Өнөр-билим да астейдил үйрөнүлөт, — деди Ормон хан, жоопко канааттанган таризде аалым башын ийкей Тезек төрөнү карады. Тезек төрө санын таяна ойлуу отурган. Ормон ханга алдыртан көз жибере малдашын түзөй,обдула отурду да: — Мен батына албай отурдум эле, Искак аалым суроого жол ачып берди. Кытай, Кокон, Орус үч тарабыңыздан кысып турат. Аскер күчү шай, өнөрлүү Орусия коңшуңуз алты сан казакты каратып алды. Эми Коконду коколоп турат. Ушундай шартта кыргыз эли өз алдынча тура алар бекен? — деди. — Азгантай элдин колунан да чоң иш келерине орус падышасы ынанып калды, — деди Ормон хан мелтиреген калыбында. Таасын айтылган жооптон он жылча алышып орустун алы жетпеген Кенесары хандын тагдырын кыйытканын түшүнгөн Тезек бир аз кысыла түштү да: — Арийне баатыр, айтканыңыз жөндүү, ошентсе да эли арбын, күчтүү мамлекеттер менен азгантай эл тең алакада боло албас бекен деген ой, — деди Тезек төрө. — Кооптонгонуңуз жөндүү, төрө. Орусиянын жер жайнаган элине салыштырганда кыргыздар бир ууч гана эл. Орусия Коконду, Хиваны, Букараны, казакты бүт каратып алган күндө да, ашуусу бийик ак мөңгүлүү тоолорду, агыны катуу сууларды, аска зоолуу, капчыгайлуу өрөөндөрдү жердеп, ат үстүндө туулуп, ат жалында казан аскан жоокер эл өз алдынча болсо, күчтүү коңшулар менен чек арасы коопсуз болорун орус кишилери түшүнөт деп ойлоймун, — деди Ормон хан. Терең ойлонулган жүйөөлүү жоопко таң берип отурган Ыскак аалым: — Рахмат, таксыр, ылайым кыргыз хандыгынын боосу бек болсун. Эми уруксат этиңиз,б айыркыдан мисал келтирип, бир суроого жооп алгым келет, — деп өтүндү. — Айтыңыз сурооңузду. Алдын келишинче жооп издеп көрөлү, — деди Ормон хан. Тамагын жасай оңдонуп отурган аалым: — Ааламды титиреткен Чынгыз хандын төрт уулу болгонун билесиз. Көзүнүн тирүүсүндө уулдарына улустарды энчилейт. Хандыктын борбордук бөлүгү Монголия, Түндүк кытайды борбору Каракорум менен хан өзүнө калтырат да, калган жерлерди уулдарына: Алтай тоолорунун батыш-чыгыштарын Угедейге, Орто Азия чыгышта Аму дарыяга чейин Чагатайга, Иран, Ирак, Кавказдын ары жагы Төлөгө, кыпчак талааларынан Дунай боюна чейин Монгол атынын туягы тийген жерлер улуу уулу Жочуга тийет. Өзүлөрүнө тиешелүү бийлик үлүштөрүнө ээ болгон уулдары хан атасына кеңешке келишет. Улуу уулу Жочу баарынан озуна: — Оо, ааламдагы улуу хандыктын ээси, айтыңызчы, кадиксиз хан кандай болуу керек? —дейт. — Калкка жагып, ээ болуу үчүн хан акылдуу болсун, калкы айбыгып туруш үчүн хан күчтүy болсун, — деди хан атасы. — Эл сени сыйлап, урматтап туруш үчүн эмне кылуу керек? — деди экинчи уулу Чагатай. — Тактыдан ажыраба, — деди атасы. — Тактыдан ажырабас үчүн эмне кылуу керек? — деди үчүнчү уулу Үгедей. — Так чөйрөсүнө өзүңдөн акылдуу кишини жолотпо. — Хан өзүнүн даңкын арттыруу үчүн кандай курмандык чалуу керек? — деди төртүнчү уулу Төлө. — Уулун! — деди атасы. Уулдары ата осуятын аткарып, хан доорун сүрүп өтүштү. Бул осуяттарга кандай карайсыз? —деди аалым Ормон ханды күлө карап



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#184 Пользователь офлайн   Disappear   06 Апрель 2019 - 15:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Үй ичи бир тынымга тынчтана, отургандардын назары Ормон ханга бурулду. Аңгемени кунт коё угуп отурган хан көз ирмебей аалымды суз тиктеген калыбында: — Чынгыш хандын осуяттарынын үчөө азыр да күчүндө, — деп бир аз унчукпай турду да, —төртүнчү осуяты курмандыкка кайрылсак, жагдай башка. Чынгыш хандын бийлик күчү, даңкы, даңазасы катаал, кандуу ырайымсыздыкка таянган доордо өткөн. Бийлик кумарынын чектен ашкан жаалы уулга атасын өлтүрткөн, атасына уулун өлтүрткөн. Азыр заман башка, андай ырайымсыз кандуу жаалды көтөрө албайт. Ар иштин чеги бар, — деди. Кыргыз жеринде чечкиндүү, ырайымсыз катаал, айлакерлиги менен аты чыгып, жахангерлик амалы менен Кенесары ханды жеңип, оруска жаккан бул кишини жактырып да, жек көрүп да турган аалым: — Таксыр, жоопторуңузду сабак алдык, рахмат, — деди. Ойлуу угуп отурган Тезек төрө обдулуп сөзгө аралашарда эшик ачыла кирген жигит ийиле таазим этип: — Ханайым конокторду түштөнүү сыйына чакырат, — деди. — Андай болсо баралы, «даам улук» деген кеп бар эмеспи, кандай дейсиз төрө, сөздү кийин улайлы, — деди хан Тезек төрөгө. Баары орундарынан туруп, ханайым Уулбаланын өргөөсүнө келишти. Түштөнүү сыйынан кийин ордого Ормон хан, Тезек төрө экөө гана киришти, жайланып отургандан кийин: — Төрө, сиз жамы казактын тагдыры үчүн өмүрүңүздү тиккен кишисиз. Таучибек, Керимбийлер, Үрүстөм жана башка султандар Коконго ыктап турат. Орустар алыс, эл биримдигин сактоо керек го, не чара көрмөкпүз? — деди Ормон хан Тезек төрөнүн сырын тартууну ойлой. — Таучибек, Керим, Үрүстөмдөр менен сөздөшүп ыкка келтире албадым. Орустар келип согушуп, чепти ала албай кайтканын билесиз. Эми күч жыйнап келеди го, Таучибек жаңжалы бүтүп, эл тынчыйбы деген ойдомун, — деди Тезек төрө. — Таучибек жаңжалы чептин алынышы менен бүтө калбайт. Орустар Коконго каршы арбын күч менен келе албас дейм, — деп Ормон хан оюн бүтпөй Тезектен сөз күттү. — Таучибек жаңжалы бүтпөсө казак эли тынчыбайт. Орустар бул ишти аягына чыгарып, элди тынчытуу үчүн көп күч менен келер деп турамын, — деди Тезек төрө. Келечекти оруска табыштап, өзү камсыз турган Тезекке көз жибере ой жоруп турду Ормонхан. Кокондун Бишкектен кол үзбөй турганы, Арка кыргыздарынын өз алдынчалыгын жок кылуу үчүн Кушбеги Нурмухамедди көп кол менен жиберүүгө Кудаяр хандын даярдык көрүп жатканы жөнүндөгү кабар тынчын алып турат. Коконду аркадан сүрүп чыгаруу үчүн казактардан арбын кол алып, өз күчүн топтоп, жүрүшкө чыгууну ойлоп турган Ормон: — Төрө, орустар Коконду алмайынча казак, кыргыз тынчыбайт. Орустар Коконду албай тынчыбайт. Коконду орустар казак-кыргыздын колу менен алгысы келип турат, — деди оюн толук айтпай. — Онысы неси, өз күчтөрү жетеди гой, — деди Тезек төрө. — Өзүнүн колун аяп, өзгөнүн колу менен чокту шилөөнү ким каалабасын, — деди Ормон хан. — Ошондойбу? — деди Тезек. — Ошондой. Менде чек ара акими жандралдын каты бар. Анда: «Эгерде силер Коконго каршы аттансаңар биз аскер жагынан жардам беребиз» деп айтат, — деди Ормон хан. — Ушундай экен да. Орустардын амалы өз аскерлерин сактайт экен да. Мен алар көп аскер менен келип Коконду алып, бизди тынчытат деп жүрбөймүнбү, — деди мурда бул кат жөнүндө имиштен уккан төрө. — Ошондой, төрөм, оруска жаңы жерлер керек, бизге казак, кыргыздын бүтүндүгү, тынчтыгы керек. — Не кылабыз, элибизди тынчытуу үчүн? — деди Тезек. — Мен айтпадымбы жандыралдын кат менен берген убадасы бар деп. Келерки жай алдында ат кара тил болгон маалда кол курап, Коконго аттаналы. Мени менен Илеге көчүп келген кыргыздардан миңге жакын жоокер чыгат. Жантай, Жангарач, Сакелер Бишкектен беш алты миң кол менен кошулат. Силер, казак туугандар, беш алты миң жасоо кайрысаңар он миң ашуун кол менен Бишкекти бошотуп, Олуя-Ата, Меркени алып, Коконго аттанабыз. Орустар убадасы боюнча замбиректерин алып, беш алты миң солдаты менен бизге кошулат. Кокон оруска тийет, казак-кыргыз, өзбек элдери тынчыйт, — деди Ормон хан. — Оо, таксыр, бул оюңуз мени муютту. Колду сиз башкарсаңыз болду. Ишиңиз оңунан чыгып, элибиз тынчыйт, — деди Кенесарынын түмөндөгөн колун талкалаган Ормон хандын жаангер эрлигине тан берип жүргөн Тезек төрө. Аңгеме түрк насили казак, кыргыз, өзбек өткөнү, азыркысы, келечеги жөнүндө уланып, бир кыйлага созулду. Эртеси күн көтөрүлө астыларына ат тартылып, үстүлөрүнө сарпайы тон жабылып, коноктор көңүлү куунак узады. Тезектин алдында хан тартуусу эликтей туйлаган кара кашка аргымак, үстүндө илбирс жакалуу кара тыштуу карышкыр ичик, башында сүлөөсүн тебетей, аялынын мингени үртүктөлгөн боз жорго, кийгени кундуз жакалуу түлкү ичик, башында атайы оролгон тасмалуу кыргыз элечеги, жигиттеринин ар бири сарпайы кийинишкен. Жер чапчып ооздугун кемирген кара кашка аргымактын тизгинин жыя: — Таксыр, хан сыйын көргөздүңүз. Сөөгүм ыраазы. Калың казагымдын алдында соболом көтөрүлүп, жүзүм жарык баратам. Казагың да өз элиң, Иле да өз жериң, кыштап-жайлап, эгин эгип, малыңды багып, аман болгун. Кудай кааласа алган убадаларыбыз ордунда болот, —деди кубанып турган Тезек төрө. «Алло акбар» деп алакан жайды Ысак аалым, бата тиленип, меймандар тизгин кага суу бойлой ылдый тартты. Көтөрмө бою алдыда сөөлөттүү Тезек төрө, аялы, жолдоштору артта чубай коноктор узап баратты. Көчүп келгендердин багына жараша Иледе кыш жумшак болуп, жаз эрте келди. Мал аман төлдөп, элдин санаасы тынык; калмакка, казакка каттап, аздыр-көптүр үрөн камдап алгандар суу бойлой эгин эгип, эл үмүт менен тиричилик камында.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#185 Пользователь офлайн   Disappear   06 Апрель 2019 - 15:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

1851-жыл, бугу айынын аяк чени. Эл жайлоого көтөрүлгөнү турганда шашылыш кабар келди. Ташкент кушбеги Нурмухаммед баштаган Кудаярхандын калың колу Чүй өрөөнүн басып кириптир. Бул окуянын болушу күтүүсүз эле. Тезек төрөгө шарт боюнча Ормон хан чабарман жиберди. Ар бир үйдүн тушунда найзасы жерге сайылуу, аты суутулуу мамыда турган элден Ормон хан бир күн ичинде миңге жакын жасоо кайрып Кашкелеңге кош түшүрдү. Үмөтаалыны Бишкекке Жантай, Жангарач бийлерге, Сазаны чоң ордо приставы Перемышльскийге кол суратып жибере Казак султандарынан 2000че жоокер кошулса, Жантай, Жангарач, Үмөтаалы, Төрөгелдилер 3000че кол чогултса, Нурмухаммедди Чүйдөн кууп чыгарса, орустар да кошулар деген ою бекем эле. Ормон хан үч күн күттү, үчүнчү күнү казак султандарынын кошулууга көңүлү жок экенин айтып чабаганы келди. Ошол күнү Чүйгө кеткен Үмөтаалыдан да кабар келди. Жантай, Боронбай экөө Бишкек чебине барып, «Коконго каршы чыкпайбыз» деп убада бериптир. Аягөз приставы да Омбудан бийсиз Коконго катыла албай турганын билдириптир. Ушундай болду, иш ириди. Жыйылган жоокерлерге ыракмат айтып, айылдарына таратты да, Ормон хан ордосуна кайтты.
Ормон хан ордо өргөөсүндө жалгыз түнөрө ойлуу отурат. Кыргыз биримдигинин бүткөнүбү... Жок, көз жумулганча кыргыз биримдиги бузулбайт. Оо, опасыздык! Ишти ириткен адамдын эки жүздүү опасыздыгы! «Эл тагдыры» деп чыбык кырккан ант-шерт кана, бийлер! Коконго, оруска киренди кирген элдин келечек тагдыры эмне болот!? Убал-сообу кимге? Элдин убал-сообун аркалап ант бербедим беле? Кудай алдында, эл алдында эмне дейм? Иледен жер кеңейтем деп жаңылдымбы? Бирөөнүн жерине көз арткан ач көздүк болдубу? Жок, элдин келечегин ойлоп, арга издеген аракет эле го. Төгөрөгүн төп ойлонуп, кеңешип чечилбеди беле? Иштин ойрон болгонубу?! Бийлердин жеке мүдөөлөрү элдин ишин ойрондодубу? Оруска өтүп, ийиндерине чен кийип, казак султандарындай өз балдарын Битирбор, Маскөөдөн окутуп, мансап күткүлөрү келип турат го, көрпенделердин! Кытмыр өзүмчүлүк кыргыздын бир болгонуна бар болгонуна, каскак! «Бийлерибиз» деп көзүңөрдү карап, силерди ээрчийт шордуу эл!!! — деп күрсүнө жүрөгү канай ордунан туруп, өзүнчө сүйлөнүп ары-бери басты... Көз алдына өмүр артылыштары тартылды. Калмак баскыны, андан соңку кооптуу жылдар, казак, кыргыздын уруу-уруудан мал тийип, жоолашкан коогалаңдары, эл ынтымагын бузган текеберди, уруу намысынын кесепеттери, Шамшыдагы чабыш, жазыксыз кан төгүлүш, туткун, саяк туугандардын орунда өткөргөн азаптуу күндөр, качуу, эл биримдигине толгонгон күндөр, Кокондун жылып кирип, дин биримдигине жамынган зомбулуктары, алгачкы айкаш, Тайлак баатыр тагдыры, Кокон сыпайлары менен салгылашуу, ордого зордолуп бараткан кыздарды куткаруу, эл биримдигин туу тутуп, Кокон зордугунан кутулууну бийлердин алдына койгону, алгач баш бий болгон жыйын, Көтмалды чебин өрттөп, Куртка чебинен Кокон бийликтерин кубалап, курултай чакырганы, чыбык кыркылган ант, хан көтөрүү баары биринин артынан бири... Тоок жылкы жут, эгин экпей, көчүп-конуп күн көргөн элдин келечегинин тайкылыгына толгонуп арга издеген күндөр, Кенесары баскыны, Кокондун кайра кайрылган баскыны, элди бириктирип, өз алдынча болуу үчүн жан алакети, аракеттер... Илеге көчүү аргасыз тобокел,бирок алды-арты кенен ойлонулган эле. Баары ойрондодубу? Эл бүлүнөбү? Өмүрдүн текке кеткениби?.. Жок. Көзүм тирүү турганда бүлүндүрбөймүн. Баягы эле көрө жүргөн кокондуктар. Короңдоп канчага турат дейсиң — түптөрү бош. Орус менен алаканы байытуум керек. Падыша Никелейдин өзүнө кат жазамын, жер сураймын. Казак четинен Орусияга жер берсе кыргызга зор өбөк болот. Бийликтин күчү, элдин үнөмү артат. Кокон кожосунганы менен орус аны жайына койбойт. Коконду алуу үчүн Орусияга биз керекбиз. Кенесары окуясынан кийин биздин күч аларга белгилүү. Коконго биргелешип кол саларда шарт нааме коёмун «Силерге кыргыз дос, кытай менен чек араңарга өбөк болуп кербендерди, саякатчыларды кайтарып берет. Өз алдынча турган кыргыз хандыгы силердин дөөлөттүүлүгүңөрдү Кырым, Урумга даңазалайт» деймин. Мындай даңаза аларга баалуу. Ошондой... Кыргызды бүтүн сактайбыз. Боронбай да туйлап тактыга чыга албайт. Жантайды дагы бир чөгөлөтсө кыймылдай албай калат. Кыргыз бүтүн болот. Ат-Башы, Нарын, Тогуз-Торо, Кочкор, Жумгалдагы катуу багыт жерлерде кыйналып оокат өткөрүп турган элдин каалаганын көчүрүп келебиз. Иленин эгинканалуу жерлерин ээлеп там салып, эгин эгип, малын да багып, эл бакыбат оокат өткөрөт, — деп өзүн жубата ордуна отурду... Пендечилик. .. Ойго бекип, өзүн сабырлуу тутууга аракеттенсе да, алдыда турган катаал чындык санаасын бөлүп, бул күндү эч кимди кабыл албай, жалгыз өткөрдү. Элдин кооптуу да, үмүттүү да келечегин ар тарабынан калчап, санаа чубаткан күндөр көбөйдү. Кээде жалгыз аттанып айылдарды кыдырып, элдин абалын байкайт, уруу бийлерин ээрчитип мал жайыттарын, эгилген эгиндерин көрөт. Иле боюнун, ага куйган туура суулардын башатына чейин көрүп, ар урууга кыштоо, жайлоо болуучу жерлерди тактайт, ак падышага кат жазар алдында. Ушундай камкордукта жай бүтүп, күз келди. Эгиндин түшүмү мол болуп, кырмандар кызылга толуп, эл ичин береке аралады, мал жайлоодон эттүү түштү. Кышка да чөп-чар бар, жетиштүү камдалып, жаңы жер элдин купулуна толуп, ушул жерди мекендөөгө көпчүлүк ыктап турду. Чүйгө, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Кочкор, Жумгалга айма-ай Саза, Үмөтаалы, Жаманжээндер катташып, элдин абалын ханга кабарлап турушту. Нурмухаммед Кушбеги аскер менен келип, Бишкекте бир айча болуп кайра кетиптир. Абал баягыдай эле. Кокон сыпайлары Бишкектин чебинен алыс чыга албай турат. Тышта тиричилик нугу өзүнчө бийлер өз бийликтерин жүргүзүүдө.

1852-жыл. Илеге кыш келди, быйыл да кар аз, күн жылуу, эгин-тегин жыйылган. Чөп-чарды мол камдап, турак-жайларын жылуулап алган эл бейкам кыштоодо. Ормон хан кош аттап жигит жиберип Аягөздөгү орус приставынын тилмечи эски таанышы Галимди конокко чакыртып келгенине бүгүн эки күн болот. Кыргыз-казак ичинде көп жүрүп, эки элдин тилин, каада-салттарын жакшы билген Галим мырза конок өргөөсүндө сый көрүп, комуз күүлөрүн, дастандарды угуп, көнүлү куунак эс алды. Бүгүн эртең мененки чайдан кийин хандын үстүнө кирген тилмеч эт бышымча жеке сүйлөштү. Көзмө-көз сүйлөшүүдөн кийин Үмөтаалы Жаманжээн кошулуп аңгеме уланууда. Кантсе да дили мусулман, өзгө татар соодагерлериндей эмес өзүн түз, калыс алып жүргөн Галим хан алдында барктуу эле. Бири-биринин сөздөрүнө астейдил көңүл буруп, маанайлары жарык олтурат. — Ушинтип, Галим мырза, биз казак туугандар таштап кеткен ээн жерлерди ээлеп турабыз. Жер Кудайдыкы, Кудай алдында орус падышасыныкы. Бул жердеги дуулат, албан уруулары окон ханынан калканч күтүп, көчүп кетишиптир. Ээн жерди биз падышадан сурап алсак деп турабыз. Кандай дейсиң? Биз сени өз тууганыбыздай көрөбүз, пейлиң түз, калыс кишисиң, кеңешиңди сурайын деп чакырттым, — деди Ормон хан. Хандын сөзүн ынтаа коюп угуп отурган Галим: — Таксыр, ырас айтасыз, кимге болбосун ниетим таза. Айрыкча сиздин азгантай элиңиздин келечеги үчүн өмүрүңүздү тиккен акыл, кайратыңызды жактырамын. Ылайык көрсөңүз мен сизге түз суроо берип, түз жооп күткүм келет, — деп Ормон ханга тике карады. — Айт, угалы, — деди Ормон хан. — Өзүңүз айткандай, Кудай алдында жер орус падышасыныкы. Көчүп келгендеги максаттарыңыз орус букарачылыгын кабыл алуубу? — деди Галим. — Орус жери кенен, бизден башка букаралары деле жетиштүү. Аз болсок да, алмуздактан бери кыргыз өз алдынча элебиз. Орустай көп элге букара болсо, бир ууч кыргыз бара-бара элге кирип, атын жоготуусу ыктымал. Оруска дос, кошуна болсок деймин, — деди Ормон хан ойлуу калыбында. Галим хандын сөзүн талдап уга бир аз унчукпай турду да: — Мен өз оюмду жашырбай айтайын. Орустар Сибирди, алыскы чыгышты, казакты бүт дээрлик каратып алды. Коконду кысып турат. Эртеби-кечпи Кокон, Бухар хандыктарын өзүнө кошуп алуу — түпкү максаты. Ага жетишерине ишенүү керек. Сиздин да көзүңүз буга жетип турат. Ушундай шартта кыргыз өз алдынча турарына ишенесизби? — деди. — Ушул соболду үчүнчү ирет угушум. Биринчи болуп бул соболду өзүмө-өзүм бергемин. Ишенүүгө болот, орус улуу эл. Улуулукта адөөлөттүк болот эмеспи. Он жылча моюн бербей жүргөн козголоңчу султанКенесары окуясынан кийин, кыргыз аз болсо да, таштын уюлундай бекем эл экенине орус падышасынын көзү жетип турат деп ойлоймун. Орусияга экинчи мындай калабаны каалабастыр дейм. Өзүң билгендей, жандрал Вишневскийдин кыргыздар Коконго каршы чыкса өнөк болорун билдирген каты бар. Өнөк болуп калсак, шарт намеге кол коюшсак, анда кара кыргыздар орусияга дос катары өз алдынча туруп, анын кытай чек арасына өбөк болуп берерин тастыктасак болор. Бул иш оруска да зарурат, ашуусу бийик тоо ашып, агыны катуу суу кечип, чек арадан өтүүчү кербендери коопсуз болот, бул бир чети. Экинчи чети, «улуу эл адөөлөт болот» дегеним, өзүнүн калкасында аз элди өз алдынча кошуна күтсө, өзүнө атак-даңк болор Кырым-Урум алдында, — деди Ормон хан.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#186 Пользователь офлайн   Disappear   06 Апрель 2019 - 15:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Окуп билим албаган түркөй кыргыздын эл аралык мамилелердин ички жактарына да көзү жетип турганына тан берген Галим ичинен жылмая ойлуу угуп отурду. Европа мамлекеттеринин тарыхынан, азыркы абалынан кабардар тилмеч мындай мамлекеттердин бар экенин билет эле. — Төп ойлогонсуз, таксыр, мындай макулдук толук мүмкүн, — деп оюнун акырына жетпей токтоду, орус империясынын оторчул саясаты адөөлөттүктөн алыс экенине көзү жеткен аалым Ормон хандын оюн иренжиткиси келбеди. — Ушундай үмүттү аркалап, далбас уруп жүрөбүз, Галим мырза. Сенин соболуңа толук жооп берейин, Орусия букараларына тиешелүү ээн жерлерге көчүп келүүмдүн себебин сурадың. Өзүң көрүп жүрөсүң, кыргыз жери тоолуу, эгин эгилүүчү жерлер кунук. Көчүп-коно жашап,мал менен оокат өткөрүү кыйындап баратат. Туш тарабыбыз кысылган. Жылдар өтүп атат. Ата-бабалары көчүп-коно «ат жалына казан асып» дегендей, эркин тиричилик өткөрүп келген жоокер эл келечекке бейкам, мал менен оокат өткөрүүдө. Албетте эл малдан ажырай албайт, ошентсе да эгин экпей оокат өткөрүү кыйын. Capт-өзбектер там салып жерге тер төгүп, токчулукта; мечит, медреселери жанында, жабыла окуп, көздөрү ачык. Бизде кат тааныган кишилер миңден бир, — деп сөзүн үзө Галимге көз кырын жиберди. — Оо, ал эмес өзбек уландарынын көбү Офада, Казанда улкен медреселерде окушат, — деди Галим хандын оюн сүрөй. — Бизде миңдин бири, — деп, сөзүн кайталап, оюн улады хан. — Ошентсе да Бухар — Кокон медреселерине жибергендерибиз бар. Элдин ичи бакыбат болсо, биз да билимге аракеттенебиз. Эми сенин соболуңа так жооп берейин. Мен Иленин эгинканалуу жерлерин ээлейли деген үмүт менен элди биротоло көчүрүп келдим, — деп акыркы сөзүн баса айта, Галимге эмне дээр экен деген мааниде назар салды. Ормон хандын оюн илгиртпей туйган сезимтал Галим: — Элдин келечегине сиздин көзүңүз жетип турат, таксыр. Мен да келип-кетип бул жагдайды туюп жүрөмүн. Кыргыздар качандыр бир отурукташар деген ой көйгөйүмдө бар. Элди жерге айланчыктатуу керек. Чүй боорунда, Көл жээгинде кол тийбеген жерлер көп го, — деди. — Жер артык баштык кылбайт, эл көбөйөт. Мен ымандай сыр айтып, кеңешейин деп чакырттым сени. Ашыгы жок, өз кишимдей көрөм. Айтчы, канткенде бул жер биздики болот?Ким уруксат берет? Падышадан берки Омбудагы улуктар бүтүрө алабы? — деди Ормон хан. — Омбудагы улуктардын колунан келбейт, император падышанын өз уруксаты керек, —деди Галим олуттуу отурган тейде. — Менин көөмөйүмдө да ошондой эле. Эми мунун ыгын сен билесиң, падышага кат жазсак деп отурам. Кат менен тартуу кошуп, Үмөтаалыны Битирборго падышага жиберсемби дейм, айтчы акылыңды, — деди Ормон Галимге тике назар сала. — Петербургда сиздин кишилерди император кабыл алгыча көп убакыт өтөт, жарым жыл,же андан да көбүрөк, — деп ызаат менен көз жибере бир аз ойлуу турду да, — катты албетте императордун өзүнө жазыңыз да, Үмөтаалы ханзаданы Омбуга генерал-губернаторго жибериңиз, тартуу болсо да ылайык келет, орус ак сөөктөрү кымбат аң терилерин кадырлашат. Ал жерден атайын чабарман — фельдегерь — менен Петербургга жөнөтүшөт. Эки-үч ай ичинде жооп аласыз, — деди Галим. — Бул акылың жадыма түштү. Катты эми эле жазам. Үмөтаалыны кат менен өзүң ээрчите кет. Жол чыгымы, тартуу — баары болот, — деди Ормон мелтиреген ойлуу калыбында. Билгиликтүү Галим өтүнүч күтпөй, жанындагы чакан кол сандыгын ачып, кагаз-калемин алып жазууга даярдана: — Таксыр, катты баштайлы, кыргызда «өлүмдөн башканын тез болгону лазим» деп коюшат эмеспи, — деп ызаат менен жылмая Ормонду тиктеди. — Туура айтасыз, мен да баштасакпы деп отурам. Сөздү ыгын келтире, өзүбүздүн мусулман тилинде жазасың да — аны бизден жакшы билесиң. Биздин ойдун төркүнүн түшүндүң. Улуу орус падышасына, биз урматтай турганыбызды, кара кыргыз деген казактардан башка өзүнчө эл экенибизди жаз, орустар казактарды да «кыргыз» дешет тура, — деп, кагазга жаза баштаган Галимге көз жиберди. Хандын айткандарын дипломатиялык этикетке ылайыктай, кагазга түшүрүүгө аракеттенген Галим: — Таксыр, сиз ойлоруңузду жай айта бериңиз. Мен жазып бүткөндөн кийин чогуу окуйлу. Менин баамымда, сиз өзүңүздү хан атап жер сурасаңыз, маселеңиздин оң чечилиши кыйын, «кара кыргыз баш манабы» деген ат менен сураңыз. Эми айта бериңиз, сурооңуздун жүйөөлөрүн, суралуучу жерлердин атын, чегин, кагазга түшүрөлү, — деди. — Кандай деп айтса мейли, иши кылып жер берсе болду, ары жагы биздин иш, — деп оюн жыйнаган таризде бир аз унчукпай турду да, — биз, кара кыргыздар, өткөн жылы Россияга тиешелүү чоң ордо ичиндеги албан, дуулат урууларынын бир бөлүгү Кокон хандыгына кире качкан соң, Ала-Тоонун чыгыш жагында Иле дарыясынын сол жээги, Чарын дарыясынын куймасы менен Кашкелең дарыясынын батыш жагындагы жерлер бош калганын угуп, карамагыбыздагы элдин макул болгондорун алып, кыштын кыраан чилдесинде ээн жерлерге көчүп келүүгө мажбур болдук. Биз жак тоолуу болгондуктан, эгин эгилүүчү жерлер жокко эсе. Бош жерлерге көчүп келүүбүз айласыздан болду. Орусиянын жаңы букаралары чоң ордого санаабыз түз. Калың карды жиреп өтүп кыштын суук күндөрүндө көчүп келүүгө аргасыз болдук, — деп сөзүн токтото, кагазга тигиле үңүлүп кол учу кагаз бетинде жоргологон Галимден сөз күтө көз жиберип турду. Айтылган сөздөрдү ирээттеп, эч кимге көңүл бөлбөгөн сыяктуу кагазга кол ойноткон Галимбир пастан соң: — Оюңузду улаңыз, таксыр, — деди кагаздан бетин бурбаган тейде. — Ооба, аргасыз болдук, — деп сөзүн улады Ормон хан санын таяна ойлуу отурган калыбында. — Орусия өкүлдөрү тарабынан кысым көрбөгөнүбүзгө ыраазы боло, бир жылда алыбыздын келишинче эгин эгип, малыбызды жайлатып, түшүм алдык. Азыр тынчыбыз кетип турат. Россияга баш ийбеген чоң ордо кыргыздарынын албан, дуулат уруулары малыбызды уурдап, калмак жактан ташып келаткан үрөндөрүбүздү карактап, айлабызды кетире баштады. Эгер эгин эге албай калсак, биздин эл жанын бага албайт, — деп сөзүн улаарда: — Бир аз сабыр этиңиз. Мен сиздин айткандарды кагазга түшүрүп үлгүргөнчө, — деди Галим кагаздан баш көтөрбөгөн калыбында. Ормон хан сөзүн токтото оюн жыйнай, алдына тигилди. Падышадан оң жооп келер болсо Илеге катуу багыт бийик жерлердеги кыргыз урууларын жайгаштырарын көз алдына элестете кыялга батып отурганда Галимдин: — Катты уланталы, — деген үнүнө бурула карады да: — Ооба, уланталы, кайсы сөзгө токтодук, — деди. — Эл жанын бага албайт. — Ооба, жанын багуу кыйын. Азыр биз эмне кыларыбызды билбей, кысталыштабыз, мүмкүн кайра көчүп кетебизби эгер жерге уруксат болбосо. Бул жерлер албан, дуулаттардын кайсы уругуна тиешелүү экени белгисиз. Куру дегенде падышанын жери деп ойлойбуз. Азыр ээн жатат, бул чындык. Кокон карамагына өткөн албан, дуулат урууларынын бизди кодулаганынын себеби, биздин Орусияга кол сунганыбыз албетте аларга жакпайт. Козголоңчу Кенесары султандын жаңжалын басуу менен биз улук падышага жактык деп ойлойбуз жана дагы өнөктөш болууга азырбыз, — деп оюн жыюу үчүн Ормон хан бир аз токтой калганда: — Кенесары султанды эске салганыңар абдан дурус, бир аз сабыр этиңиз, мен жетишейин,— деди Галим. — Кенесарыдан кийин Коконду кайырганды кошосузбу? — деп сөз кыстарды уулу Үмөтаалы. — Анын Орусияга тиешеси кыйыр эмеспи, мактангандай болбойлу, — деди Ормон хан Галимдин жазуусуна көз жүгүрткөнсүгөн ойлуу калыбында. — Сөз улайлы, — деди Галим жазганын токтото Ормонду карап. Акыркы сөзүн жадында сактап турган Ормон: — Ооба, өнөктөш болууга даярбыз. — Падышаны ыйыксынып атап биз ушул ээн жаткан жайлоо менен кыштоолорду, Иленин биз тарабындагы Чарын менен Кашкелең дарыяларынын ортосундагы кыргыздардын таштап качып кеткен жерлерин бизге, «каракыргыз» деп аталган элге, берүүңүздү ийиле таазим этип сурайбыз, — деп бир аз токтоп турду да, айткандарын жазып отурган Галимге кайрылды: — Галим, бир собол чыгып турат ушул жерде айтылуучу, бүтчү айтайын, — деди. Галим бир-эки сөздү кагазга чүргөп бүтө:— Кулак сизде — деп Ормонду карады калем кармаган колун бир аз көтөрө. — Албандар кайтып келген күндө да, алар Иленин өзүлөрү жагын, биз өзүбүз жагын ээлейли десек кандай болот? — деди Ормон хан. — Туура, бул жагдайды көрсөтөйүн, — деп жазууну улантты. Галимге жолто болбоюн деп Үмөтаалы, Жаманжээн экөө менен шыбырап бир аз сүйлөштү да,Галимдин калеми токтогонун байкай сөзүн улады хан: — Эгерде сураган жерди бизге берсеңиз анда күнгөй-тескейден Ат-Башы, Нарын, Жумгал,Кочкор, Кетмен-Төбөдөгү элдердин бир бөлүгү бул жакка көчүп келишет. Иленин бул тарабы качан бизге тийерин гана күтүп турушат. Ошондо Ала-Тоо бизге жакын болор эле. Биз Кокон менен келише албайбыз. Аларды жергебизден кууп чыкканбыз. Азыр алар кайра келе баштады. Биз аларды баары бир жолотпойбуз. Быйыл чоң ордо султандары менен макулдашып 700 жоокер менен аттанып, алардын келишин күтсөк, алар убададан тайды, чоң ордо приставы да жардамга келбеди. Биз бир аз күч менен бара албадык. Аларга жергебизди ээлетпейбиз. Силерге кол арабыз, — деп токтоду да, айтылган сөздөрүн Галим өз ыгы менен кагазга түшүрүүсүн күттү. Галим хандын сөздөрүн кагазга түшүрүп боло: — Дагы эмнелерди кошобуз? — деди. — Кошорум жок, башыбызды ийип биздин суроого апрель айынын 20сына чейин жооп берүүсүн күтөбүз, кеч болсо эгин эге албай калат го — элге кыйын болорун кош, — деди Ормон хан. — Таксыр, падышага жазылган катка «капа болсоңуз — капа болбосоңуз өз эркиңиз» деген сөздү кошпой койсо не болот? — деди баятан бери унчукпай турган Жаманжээн кеңешчи. — Капаланса — таарынбайбыз, капаланбаса — ыракмат деген сөз, артыкбаш болбос, — деди Ормон хан



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#187 Пользователь офлайн   Disappear   06 Апрель 2019 - 16:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Кагазга үңүлө ынтаа коюп жазып отурган Галим бир тынымдан кийин калемин сандыкчасынын үстүнө коюп, жазылган кагазды колуна ала: — Таксыр, сиздин айткан ойлоруңузду кагазга чүргөп бүттүм, окуп берейин, — деди. — Угалы, — деди Ормон хан кызыккан түрдө. — «Улуу урматтуу таксыр, бүткүл Россиянын Императору Николай Павловичке! — деп үнүн келиштире окуй баштады да, өзүн тиктеп ынтаалуу отурган Ормон ханга: — Орус падышасы ушундай аталат, — деди да, андан ары: — Биз, кара кыргыз аталган эл, Иленин боюндагы ээн турган жерлерге кыштын суук күндөрүндө бийик ашуу ашып, кар жирей кыйынчылык менен көчүп келдик...» — деп Ормон хандын ойлорун толук камтыган катты окуп бүттү да, —ушундай кат жибересизби? — деп, ханды карады Галим. — Ойдогунун баары толук жазылыптыр, мөөр басардан башкасы бүткөн тура, — деди Ормонхан. — Башында сүйлөшкөндөй: «Ушул өтүнүчүмдү күбөлөндүрүп, мөөрүмдү басамын — Ормон Ныязбек уулу» деп бүтөбүз, — деп Галим каттын мөөр басылуучу ордун көрсөттү. — «Үмөтаалы Ормон уулу» деп кошуп кой, — деди Ормон оң тарабында отурган Үмөтаалыны карап. — Туура, уулуңуз сизден кийин мураскер, — деп, Галим катка мөөр басууга Үмөтаалыны да кошту. Кат дагы бир мертебе окулуп бүтүп, мөөрлөр басылган соң, Галим: — Кана, таксыр, Аллахи таала өзү жар, улук император сурооңузга макул болуп, каракыргыздын жери көбөйүп, элинин зоболосу кошулуп, ырыскысы артсын, Аллахи Акбар, —деп алакан жайып, бата тиленди. — Ыракмат, Галим мырза, иним десем да ылайык, насилибиз, дилибиз, динибиз бир. Кызматың бизден кайтат, бизден улук Кудай тааладан кайтсын. Ат-көлүк даяр, Үмөтаалыны жаныңа алып, аттанасың го. Аягөзгө чейин куралдуу жигиттер коштоп барат, —деди Ормон хан. — Кудай жол берсе жөнөйбүз, — деп, кагазды бүктөп, сандыкчасына беките, оңдонуп отурду Галим. — Түштөнүү маалы болуптур, тамак даяр экен, — деди сыртка чыгып келген Жаманжээн. — Андай болсо ырыскыны күттүрбөйлү, — деп, хан ордунан тура Галим, Жаманжээн,Үмөтаалы, Сазаларды ээрчите конок үйгө өттү. Эртеси күн муруту тоо баштарына чыга Галим, Үмөтаалы кош ат жетелеген эки ат кошчу, он чакты куралдуу жоокерлердин коштоосунда Аягөзгө аттанышты.

1852-жыл, май, Омск шаары, Батыш-Сибирь генерал-губернатору Г. X. Гасфорддун резиденциясы. Эки кабат карагай имараттын үстүнкүсүндөгү кенен вестибюлдун бийик терезелери пардалануу, алдына килем төшөлгөн, эшиктин эки тарабына булгаары дивандар коюлган. Губернатордун иш бөлмөсүнүн кабыл алуу эшигинин өйдө жагына император Николай биринчинин погондуу чоң портрети илинген, оң тарабындагы көк сукно жабылган столдо орто жаштардагы көз айнекчен келте мурун, түйрүгүрөөк эрин үстүндөгү ак аралаган жээрдемуруту чыйратылган полковник папка ачып, кагазга үңүлүүдө. Россия императорунун алдындагы мамлекеттик кеңештин мүчөсү генерал Анненковдун Батыш-Сибирге чек ара аскерлеринин ишин инспекциялап келгенине бир ай болгон. Бүгүн эртеден бери генерал губернатор Гасфорддун үстүндө иш жыйынтыгы чыгарылган жабык кеңеш өткөрүлүүдө. Кеңешмеге Петербургдан атайын келген Россия тышкы иштер министрлигинин иш башкаруучусу граф Лев Георгиевич Сенявин, чек ара жоокерлеринин командачысы генерал Вишневский, штаб начальниги генерал Яковлев катышууда. Кенен иш бөлмөсүнүн терезелеринин алдына узатасынан коюлуп, кызгылт күрөң нооту жабылган кеңеш столунун төрүндө генерал-губернатор Густав Христианович Гасфорд арыкчырай, жазы маңдай, ак аралаган коюу коңур чачтары артына таралган, кабагы бийик, кырдач мурун үрпөгөйүрөк коюу каштарынын алдынан көгүш көздөрү ойлуу тиктейт, чокчо сакалы учтана тегизделип, муруту сыпаа серпилген, генерал погону, төш белгилери тагылган сургулт кители, кагелес боюна коомайыраак келгенсийт. Императордун буйругу менен келген улук өкүлдүн сөзүнө кулак төшөй, алдындагы дептерге айрым сөздөрдү жазып отурат. Оң жагында отурган мамлекеттик кеңештин мүчөсү генерал Анненков сөз сүйлөөдө. Орто жаштан өтүп калган генералдын турпаты салабаттуу, көкүрөгү жайык ийиндүү тулкусуна күүгүм жашыл кители чак, погону алтындалган, төшүндө «Андрей первозванный» ордени жаркырайт, маңдайы кашка, тайкыраак суйдаң чачтары артына таралып, бакенбардалана, эки жаагынан ылдый тилкелене, ак аралаган жээрде сакалына кошула куш мурун, ак жуумал жүзүн алкактап тургансыйт; муруту такыр кырылган, көз айнек алдынан жылт эткен көк көздөрү ойлуу. Столдун сол жак башында Россия тышкы иштер министрлигинин иш башкаруучусу Граф Сенявин, шынга бойлуу, кара френччен ак көйнөгүнө кара галстук тагынган, ак кире элек сары чачы оң жагына бир аз оодарыла таралган. Маңдайы куушураак, кашы коюу, алтын алкактуу көз айнек алдынан көрүнгөн бозомугураак көгүш көздөрүнөн өз баркын туйган, мансап сөөлөтү сезилет. Алардан кийин столдун эки тарабында чек ара начальниги генералдар Вишневский, штаб начальниги Яковлев, полковник Карбышев отурушат. — Таучибек чебин алуу боюнча экспедиция оперативдүү жана тактикалык жактан терең ойлонулуп ишке ашырылганын белгилеймин. Ал Жети-Сууну Кокон хандыгынын таасиринен биротоло арылтууга жол ачат, кербен жолдорун акмалап көчүп жүргөн жапайы таш кыргыз урууларына үстөмдүк кылууга мүмкүндүк берет. Соода жолдорун коопсуз кылат жана Капал чебине жамаатташ аймактардагы улуу империя бийлигинин бакыбат турушу башталат. Улук императордун атынан ыраазылык билдиремин, — деп генерал-губернаторду карады Анненков. — Өтө ыраазыбыз, урматтуу Лев Алексеевич, бул иштин «күнөөлүүлөрү» күжүрмөн генералдар Вишневский, Яковлев, полковник Карбышев мырзалар, — деди губернатор. , Яковлев, Карбышевдер орундарынан туруп, сылык ийиле мамлекеттик кеңешчиге урмат көрсөтүштү. Мамлекеттик кеңештин мүчөсү сөз улады: — Империянын кызыкчылыгы үчүн ишке ашырылган кылдат жана кыйын экспедицияны жүзөгө ашырган эрдиги үчүн полковник Карбышевди Георгий крести менен сыйлоого сунуш бериңиз, Густав Христианович, — деди. Мамлекеттик Кеңештин мүчөсүнүн сөзүнө удаа генералдардан кийин отурган олбурлуу офицер ордунан тура: — Улуу Империя үчүн кызмат өтөйм, — деп таазим эте ордуна отурду. — Сиз узаганча даяр болот, — деди генерал-губернатор. — Урматтуу Густав Христианович, урматтуу генералдар, офицерлер, эми ишти мындан ары билгичтик менен улантып, Кокон бийлигин Чүй өрөөнүнөн сүрүп чыгуу иши алдыда турат. Улуу Император Николай Павлович бул ишти жалпы аскердик операцияларга айкалыштырып жүргүзүү милдетин койду. Жапайы таш кыргыздарына да көңүл бөлүү зарыл, — деген Анненковдун сөзүнө удаа: — Урматтуу Лев Алексеевич, Чоң ордо кыргыздарынын аймагындагы Кокон хандыгынын акыркы чебинин алынышы бизди да кубандырат, бирок Иле боюна суроосуз көчүп келип, сиз белгилеп өткөн маанилүү соода жолдорунун тоомун ээлеп алган өзүн «хан» деп атоочу Ормон Ныязбеков деген жапайы таш кыргызынын ээн баштыгынын тамыры теренде жатат. Бул иштин алдын алуу керек, — деп Гасфордду карады Сенявин. — Урматтуу Лев Алексеевич, —деп Анненковго кайрыла сөз улады граф Сенявин: — Жапайы таш кыргыздары жөнүндө айтсак, Илеге эч уруксатсыз эли менен көчүп келип, Улуу Империяга тийиштүү жерди ээлепалган жапайы таш кыргызынын манабы Ормон Ныязбек уулу дегендин ээнбаштыгы тынчыбызды алууда. Аны өз жерине кетирүү зарыл. Густав Христианович эмнегедир чара көрбөй турат, — деди. Мамлекеттик Кеңештин мүчөсүнүн алдында бир аз ыңгайсыздана түшкөн генерал губернатор: — Урматтуу Лев Алексеевич, чынында бул иш өзгөчө көңүл бөлүүгө арзыйт. Козголоңчу султан Кенесары Касымовдун аскерлерин талкалап, өзүн жок кылган жапайы таш кыргыз колбашчысы Ормон Ныязбек уулу жөнүндө кабарыңыз бардыр. Ошол кол башы эч кимден суроосуз көчүп келип, Иле боюнун сол жээгин жердеп турат. Күч колдонуп кайра кетирүүнү оң көрбөдүк. Анын үстүнө ал Улуу Императордон сыйлык алган. Кокон карамагына көчүп кеткен кыргыздардан дуулат, албан урууларынын ээн калган жерди сурап императорго кат жазыптыр. Бул маселе оң чечилсе жакшы болор беле дейм, — деди. Көңүл коё угуп отурган Анненков. — Урматтуу граф, императорго жазылган кат жөнүндө кабарыңыз барбы? — деп Сенявинди карады. — Ооба, кат биздин министрликтин кароосуна келип түшкөн. Кенесарыны жеңген кызматын император алдына колко кылып, жер сурайт. Өтө амалдуу, катаал киши дешет. Ага Иле боюн берсе, башка жерлерге да көз артышы ыктымал. Өзүн хан атайт деген маалымат да бар. Аны чыры жок өз жерине кайтаруу зарыл, — деди Сенявин көз айнегин оңдоп, бир аз кызууланган абалда. — Рахым этиңиз, урматтуу Лев Алексеевич, — деп бир аз ордунан козголо сылык ийиле сөзгөаралашты чек ара аскер башчысы генерал-майор Вишневский: — Ормон Ныязбек уулу өтө айлакер, кыраакы, беттегенинен кайтпаган чечкиндүү да, акылдуу да киши экен. Кенесары султан талкалангандан кийин биздин кепилдегенибиз менен чоң ордо казактары менен эл аралык нормага чукул тынчтык келишим түзүүгө жетишти. Бул кыраакы кишини Россиянын кызыкчылыгы үчүн пайдаланса болоор. Кыргыз элине таасирлүү, Кокон да айбыгат. Хан көтөрүлгөндөн кийин Кокон чептерин өрттөп, Кокон аскерлерин сүргөнү чын, — деди. — Кенесары хан сөрөйдүн он жылга созулган жаңжалынан кийин, дагы бир хандын Россияга кажети жок, — деди Анненков отургандарды ойлуу кыдырата карап. — Аныңыз ырас. Азыр Ормондун хандык бийлиги ыдырап калды. Ал Илеге көчкөндөн кийин,Кокон хандыгы кайра басып кирген. Биздеги маалыматтарга таянсак, уруу бийлери Жантай, Боронбай бийлер Бишкек чебине келип, «Коконду бийлик ээси катары тааныйбыз» деп билдириптир. Бугу бийи Боронбай көптөн бери биздин ишенимдүү киши аркылуу Орусия букаралыгына өтүүнү суранып жүргөн. Азиялыктарды бир карап түшүнүү кыйын. Жантай бий да эки-үч жылдан бери бизге өтүүнү суранып жүрөт, — деп, генерал-губернатор сөзүн бүтө электе: — Анда Ормондун бийлиги кулады десек болобу? — деди Анненков. — Жок, андай түшүндүрүүгө болбойт. Азыр да анын карамагында черик, саяк уруулары, сарбагыштын бир тармагы бар. Бул кайраттуу, айлакер кишини жек көрөмүн, бир чети жактырамын. Эгерде анын аскердик уюштуруучулук кол башчылык таланты, чечкиндүүлүгү болбогондо Кенесары менен биздин ишибиз ырбап кетери ыктымал эле. Ал каракыргыздарды каратса, Коконду кошуп алып, Россияга каршы барары шексиз эле. Каракыргыздын чечкиндүү жетекчиси бул кооптуу иштин алдын алып койгонун унутууга болбойт. Убагында урматтуу князь Горчаков генерал Вишневский аркылуу, Ормон Коконго каршы көтөрүлсө Россия аскер күчүнөн жардам берерин билдирген экен, — деп Анненковду карады генерал-губернатор. — Таш кыргыздарынын чоң күч экенине ишенүүгө болот. Бирок мындай өнөктөштүккө ишенүүгө болбойт, — деди Анненков. — Жер маселесине өтө кылдаттык керек, — деп акыркы сөзүнө басым жасай сүйлөдү граф Сенявин, — Ормон Ныязбек уулун жаңжалсыз өз жерине кайтаруунун чарасын көрүү зарыл. Жер талашынан улам чоң ордо кыргыздары менен таш кыргыздары кагылышып кетиши ыктымал. Иш ырбап кетсе, биз өзүбүздүн букараларды, чоң ордо кыргыздарын, коргоого аргасыз болобуз. Биз үчүн бул өтө жагымсыз иш болор эле, — деп колдоо күтө Анненковго көз жиберди. — Графтын айтканы жүйөөлүү Густав Христианович, полковник Перемышльский чара көрсүн, — деди Анненков бул маселе бүттү деген кыязда. — Лев Алексеевич, албетте чара көрүлөт, мен оюмду аягына чейин билдиргим келип турат. Ормонго жер бербей турганыбыз белгилүү болду. Анын өзүн «хан» деп атаган бийлиги да бүтүп калганы көрүнүп турат. Ал өз жерине көчүп кете электе Орусия букаралыгына өтүүнү сунуш кылсак, эгерде кабыл алса, анда жер бербөө жөнүндөгү чечимди кайра кароо керек. Эгер Ормон Иледен жер алса чоң ордо кыргыздарын башкаруу жеңилдейт. Анткени казак султандары, бийлери Ормондон айбыгышат. Ормон келгенде алар аны өз кожоюну катары кабыл алышыптыр. Ошондон бери уруу жаңжалдары тынчып калды деген кабарыбыз бар. — Мунуңуз жүйөөлүү экен, Густав Христианович, — деп бир тыным ойлуу турду да, — граф, бул сунушту колдоо керек деп ойлоймун, керек болсо Мамлекеттик Кеңеште да чечели, —деди Анненков. — Лев Алексеевич, жер бербөө жөнүндөгү бүтүм Улуу Императордуку, аны кайра карообиздин колдон келбейт. Ормон Ныязбек уулун Империянын букаралыгына алуу жөнүндө сунушту колдоого болот. Сиз Мамлекеттик Кеңеште колдоо көрсөтсөңүз иш оң чечилер, —деди граф. — Эгер макул болбосо анда өз жерине кетиребиз, ал жакта ишке ашчу чаралар бар. Ормондун зыяны кара кыргыздарды биздин букарабызга өткөргөнгө тийбегидей чара көрүлөт, — деди генерал-губернатор. Жабык Кеңеш Батыш-Сибирь аймагындагы жалпы аскердик стратегиялык маселелерди кароого өттү.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#188 Пользователь офлайн   Disappear   06 Апрель 2019 - 16:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

1852-жыл, жетинин айынын ортосу. Ормон хандын ордо өргөөсүндө Илеге көчүп келген кыргыз бийлеринин жыйыны өтүүдө. — Аягөздөгү орус приставынан кабар келди. Иледен бизге жер берилбей турганын билдирип, «жериңерге көчүп кеткиле» дептир, ошентиптир орус падышасы, — деп бийлереге көз жиберди Ормон хан. — Ата көрү, орустар Кенесары хандай чоң жоосун басып бергенибизди унутушкан экен да, —деп сакалын сылай карады саяк бийи Дуулат. — Адам баласы жакшылыкты үй айланганча унутат. Падыша да ошол экен да. Орус падышасы адөөлөт, ээн жерди аябайт го десем, ал да бир пенде экен да, — деди черик Ажыбек бий. — Атаганат, жер асылдуу экен, эки жылдан бери ун-талкан кенен болуп, оңуп калдык эле, —деди сегизбектин үчүнчүсү Ажы. — Буудай, арпанын сугарылбай бышканычы, — деди сакалдуулардын бири. — Эмнеси болсо да быйыл жаз дагы бир аштык айдап алып, күзүндө көчүп кетербиз, — деди Дуулат бий. — Эгин эгип убара болбойлу. Эми казак туугандардын көзү бузулушу ыктымал, — деди Ормон Бул сөздөрдү ар ким өзүнчө жоруй үй ичи тынчый түштү. — Анда кыш чыга көчүп кетебиз го? — деди сегизбектин улуусу Бердибек. — «Кыргыздар качып кетти», деген сөзгө калбайлы. Көчүүгө шашылбайлы. Орун алган жерлериңерде кыштап, малыңарды төлдөткүлө. Малга сак болгула, «сактыкта кордук жок»дейт эмеспи, — деди Дуулат бий кончунан чакчасын алып, насыбай чегип оңдонуп отура. — Мал төлдөп бүткөнчө ашуулар да ачылып калар, — деп хан иниси Ормонду карады Бердикожо сөзүм жактыбы дегенсип. — Ирдене элек төлдү, эт ала элек малды ашуу ашырып кырып албайлык. Дуулат бий айткандай, шашылбагыла, сак болгула. Казак туугандардын санаалары ар түрдүү. Аттарыңар суутулуу, найзаңар тушка сайылуу, кылычыңар кынында болсун. Кадимкидей эле жайлапалып, күз алды көчкүлө. Тигил жактарга киши жиберип, малга чөп-чарды өзүбүз жактан даярдагыла, — деди сабырлуу отурган Ормон. — «Кенесарынын кунун алып калалы» дечү жел өпкөлөр казактардын четинен чыгат, ханыбыз айткандай бололу. Жайлоого чыкканда улам жогорулай конуш жаңырта аяко онанын аягында ашуу түбүнө барабыз да, кылт эте, ар жагына өтүп кетебиз, биз аман, казакда аман, — деп борс-борс күлө Ормонду карады кудалык жайы бар, ханга кадырлуу черик бийи Ажыбек. Кеңеш кыштоолордун абалы, көчкү коркунучунан сактануу, айылдарда кайра көчүү жөнүндө сөз таратпоо, казак айылдары менен катнашты үзбөө жөнүндө уланды. Сыртынан кадимкисиндей сабырдуу Ормон хандын санаасы тынч эмес. «Орус падышасынан жер алып, кыргыз өрүшүн кеңейтели деген ою ордунан чыкпады. Бийлер бир туруп Коконго сөз берип, бир туруп оруска көз ымдашып, бийликти ыдыратып турат. Аны туйган орус бийликтери «кыргыз аргасыз болду деп, жер бермек түгүл «букаралыгыма өт»деп кыстоодо. Арганын түгөнгөнүбү? Жок! Көз жумулганча андай болбойт. Чыбык кыркылып, ак кийиз үстүндө берген антым бар. Кайра көчүп барып, бийлер менен бирден сүйлөшүп, жыл айлантпай уруу-уруудан көп эл катышкан курултай чакыруу зарурат. Эл жактырып, көтөрмөлөп кетсе, Коконго каршы аттансак, Орусияга Кокон керек, анысына бизден жардам тийсе, анан шарт наме...» деп ичинен күңгүрөнө ат үстүндө келатты. Жигит жалаңсыз, эртең менен аттанган өзүн алаксытуу үчүнбү, же жалгыз ой калчоо үчүнбү, же малдын абалына кызыкканыбы жайыттарды аралап, артуу арта, кыр кесе жүрүп, түш оой мөңгүдөн тунук суу түшкөн тулаңдуу төрдө отурган айылына келди. Айыл демейки тиричилик камында, ордо үйдөн обочороок кермеде токулгалуу аттар байлануу. «Конок келген экен да» деген ойдо тизгинди кермеге бурду. Ордо алдында дайым күзөтүп туруучу жигиттердин бири утурлай келип, ийиле салам айтты. — Аллейкума салам, — деп ооз учунан алик ала аттан түшүп, атты кермеге байлап кайрылган жигитке: — Конок келдиби? — деди. — Таксыр, конок десе да болот, өз кишилер Ажыбек, Дуулат бийлер, Алыбек мырза, — деди жигит. — Аа, ошондойбу? — деди да, Ордо өргөөгө бет алды хан. Жигит эшик ачып киргизе ызаат көрсөттү. Хан төргө өттү. Ханайым Уулбала кызматтагы аялга көөкөр, дасторкон көтөртүп, күйөөсүнүн үстүнө кирди. Ормон хан тамакты Уулбаланын гана колунан ичет, кызматчы аял чыгып кетти. Ажыбек, Дуулат бийлер конок өргөөгө түшкөн. Хандын келгенин угуп, конок өргөөдөгү бийлер, билермандар анын үстүнө келишти. Салам айтылып, эсендик сурашкандан кийин: — Баатыр, — деп сөз катты Ормон ханга кудалык жайы бар Ажыбек бий, — санаам тынчыбайт, каттаган-келгендерден казактар «Кенесарынын кунун алабыз» деп, кол курап камынып жатат деп угуп, жай сурашалы деп келип калдык, — деди ойлуу отурган ханга көз жибере. — Келгениңер жакшы. Көптөн бери көрүшө элекпиз. Бүгүн конок болуп кеткиле. Орозбактын Манасын уккула, — деди Ормон хан Ажыбектин кооптуу кабарына маани бербеген сыяктуу мелтиреген сабырлуу калыбында. — Албетте, жүздөшүп конок болуп кеткенге не жетсин, Манас угуп, комуз угуп чер жазып кетели. Ошентсе да Ажыке баатыр айткан кооптуу жаңылыктар биздин айылды да аралап жүрөт. Биз бөлөк жердебиз, казак көп эл, сак болбосо, таксыр... — деп Ормонду карады Дуулат бий. — Кенесары, Норузбайдан өчү бар эмеспи, имиш жүйөөлүү, баатыр, — деп сөз кыстарды Ажыбек. — Биз да бир аптадан бери казак айылдарын акмалатып, абалды тастыктап жүрөбүз. Бүгүн көздөй кишиден кабар алдык. Казак тараптын бизге кол сала турганы анык болду, — деп Ормон ханды карады Саза. — Ошондой болмок, — деди Ормон хан бул ишке анча маани бербеген сыяктуу сабырдуу үн менен. — Баатыр, сактанбаса болбойт го, — деп Ормон ханды карады кудасы Ажыбек бий. Ал күлүмсүрөп сабырлуу калыпта үн дебеген соң: — Казактын колу канча экен, биз да кол курап камыналы, — деп Сазага кайрылды. — Эки миңче бар имиш. Башында Тезек султан, Кенесарынын эки уулу Адыл, Ачекейлерге келиптир «атабыздын өчүн алып бергиле» деп. Беш жүзчө кишиси бар дейт. Алар биз жактын абалын көзөмөлдөп, батына албай турушса керек, — деди Саза. Отургандар Ормонго көз жиберип сөз күтүшөт, ал үн дебей сабырлуу отурат. — Өткөн жылы Кашкеленге келбей убадаларынан танганда эле көздөрү бузук экени билинген, — деди Дуулат бий. — Кенесарынын уулдары Коконго: «Силердин кыргызга чыкчу жүрүшүңөргө кошулалы,атабыздын өчүн алып бергиле» деген экен, Кудаяр-хан «Казак-кыргыздын жаңжалынын бизге кереги жок. Аркага бийликти өзүбүз эле орнотобуз дептир» деген имиш чын экен да,эми казак туугандары макул болгон экен да. Кенесары, Норузбайдын жер жайнаган түмөн колун жайлаган колубуз ушул, көрө жатабыз, — деп кайраттуу унчукту Ормондун кичүү иниси, илбирс чапкан Түлкү баатыр... — Болуптур, күчүбүз аз, туруштук берүү кыйын болор, ошентсе да жатып өлгөнчө атып өлөлү, — деди Кетирекейдин Алыбеги. — Көпкө топурак чачабызбы, куру кайрат баш жарат, андан көрө тез көчүп кетели, — деди тургандардын бирөө. — Конуштан козголгонубузду көрүшсө, көч үстүндө кызыл кыргын салбайбы. Андан көрө кол кайрыйбыз, көргөнбүз казактардын күчүн, кеп күчтө эмес, кайрат, ыгы менен салгылашууда. Көчө качканыбыз уят, элдин убалына калабыз, — деди Түлкү. — Баатыр, сизден сөз күтөбүз, атайын сөздөшөлү деп келдик. Казакка башты тосуп берчү биз эмес. Түлкү, Алыбек баатырлар туура айтышат. Карысак да Норузбай менен Кенесарыны алган кол ушул, — деп Ормонго сөз учугун таштады Ажыбек бий. — Бекер дүрбөлөңгө түшпөгүлө. Ар кимиңер айлыңарда мал-жаныңарга сак болгула. Элди бүлгүнгө учуратпайбыз. Камтама болбогула. Андан көрө бүгүн конок болуп сый көрүп, Орозбактын тамашасына канып кеткиле, — деди Ормон хан кебелбей, сабырлуу калыбында. Бийлер, билермандар конок өргөөгө өтүшүп, түндүгүнө кысыр эмди тай союлуп, бал чайкалган кымыз сунулуп, астейдил аңгеме уланды. Орозбак Манас айтып, залкар күүлөр чертилип, көптөн бери көрүшө элек бийлер, билермандар сыйлуу конок болуп, эртеси күн көтөрүлө айылдарына аттанышты. Коноктор аттангандан кийин Ормон хан Жаманжээн, Саза үчөө ордо өргөөгө өтүп, бир чай кайнамча жашыруун сүйлөшүштү да, Жаманжээн, Саза экөө эки тарапка жөнөштү. Хан күндөгүдөй жалгыз аттанып, эл аралап кетти



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#189 Пользователь офлайн   Disappear   06 Апрель 2019 - 16:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Кушбеги Нурмухаммед Аркага жүрүшүнө кошпой койгондон кийин хан Кенесарынын уулу Сыздык султан ага инилеринен бир аз кол топтоп, «акемдин өчүн алганга жардам бергиле. Ормон хан аз эл менен үстүңөргө келиптир», деп ага султан Тезек төрөгө келген. «Айтса,айтпаса төгүнбү Аблай хандын арбагы тирүү турбайбы, Кене хан кунсуз калуучу киши беле» деген маңги намыска азгырылып, Тезек, Сүйүк, Адил, Дайырбек султандар кураган 2000 жоокери даяр турган. Кенесарынын эки түмөн колунун кырылышын эске туткан султандар кыргыздарды түз качыруудан айбыгышып, эки жүздүү митайым ыкманы колдонмок болушту. Ормон ханды алаксытып, көңүлүн тынчыта бейкам турганда басып калуу үчүн алдына тартуу менен амандык сурап бармак болушту. Ал эч нерседен капарсыз, конок күтүп, бейкам жатканда казак жоокерлери айылдарды басып, Ормонду туткундап, эр бүлөлөрдү өлтүрүп, элди тоноп, олжого тунушмак. Орус падышасы Ормон ханга Илеге жүрбөй, өз жерине кайтуусун сунуш кылганын уккан соң, Тезек төрөнүн колу кычышып турган эле.
Иш башталды. Айылдарынан таң саар аттанган казак султандары туу бээ жетелетип, Ормонхандын ордолуу айылына келип түштү. Тыкан кийинген, ак калпакчан шайдоот жигиттер конокторго салам айтып аттарын алып, кермеге байлап, өзүлөрүн конок өргөөсүн карай ээрчитишти. Айыл үстү тынч. Ордо өргөөнүн эшик алдында хандын айчыктуу кызыл туусу желбирейт, капшытына түпөктүү найза сайылган, туулгачан, кылыч байланып, найзаларын кесе кармаган эки жоокер эшиктин эки тарабында какая турушат. Конок өргөөсүнүн эшик алдында кадырлуу султандарды Саза, Жаманжээн экөө саламдашып тосуп, эшик ача үйгө киргизишти. Сырт кийимдери эпчи жак улагадан өйдө күмүш ачалуу алабакандарга илинип, султандар жаш курагына жараша олтуруп калышты. Олбурлуу, сары чийкил, бүркүт кабак, куш мурун, жээрде сакал Тезек төрө шырыма көк топусуна өңдөш көк нооту кемселинин өйдөкү бүчүлүктөрүн бошото сөөлөттүү отурат. — Көптөн бери жүздөшө элек туушкандар, куш келипсиздер, көрүшкөнгө курсантпыз. Беш күндүк тирүүлүктө эсендешип турганга не жетсин, — деп жайдарыланды Жаманжээн кеңешчи. — Рахмат, урматтуу кеңешчи, өзүбүз дагы Ормон хан таксырга кол берели деп азырлана, шола тиймей жүрүп, шыгынган жолымиз гой. Калай, таксыр дени соо, жаксы турамы? — деди Тезек төрө. — Кудайга шүкүр, таксыр бакыбат жүрөт, ал кишинин колу да эл камынан бошобойт. Аркадагы иштерди да көзөмөлдөп турат, — деди Жаманжээн. Ал-жайдан сураша кымыз сунулуп, үзүр-масир сөздөр айтылгандан кийин, эшиктен кирген жигит Сазага кайрылып: — Саза аке, коноктордун түштөнүү союшуна бата сурайбыз, — деди. Суусунга бата жасалып, коноктор тышка чыгышты. Өргөөдөн обочороок кыш туума баглан козу, кысыр эмди сүт эмген тайды туура тартып эки жигит турат: — Кана, урматтуу төрө, бата тилейли, — деди Саза, конок башы Тезек төрөгө кайрыла. Кыбыланы карап, кыркар тургандардын ортосунда бир аз алдыга озо Тезек төрө менен Жаманжээн турду. — О жараткан Кудай, — деген Тезек төрөнүн үнү бийик чыга бата сөзүн улады, оо, жараткан,эгиз эки бир тууган, казак-кыргыз эки элге ынтымак бер, эл ичин тынчтык, достук, береке араласын. Эл башында Ормон хан сыяктуу эрендерибизге узун өмүр бер, алло акбар, — деп алакан жайды төрө, жапырт бата тиленди. Оо, ыйык бата, ага жашынган адамдын эки жүздүү шерменделиги! Тезек көөмөйүндө эмнелерди ойлоп турду экен. Бата тилене коноктор үйгө кирип, самоор чайы келе дасторконго ак даам төгүлүп, сый камы уланып жатты. Чайга бата тиленип, дасторкон жыйылып, коноктор аяктарын жазып, оңдонуп отурушкандан кийин: — Таксыр Ормон хан менен саламдашсак дейбиз, — деп Сазаны карады Тезек төрө. — Хан Кокондон келген элчини кабыл алып отурат. Элчи менен сөзү бүтсө сиздер менен жүздөшөт. Сиздердин келгениңиздерди кабарлаганбыз, — деди Саза. Санаасы удургуй түшкөн төрө жанындагы султанды карады. Кош ойлуу отурган коноктор бири-бирин карап, ичинен тынышты. — Кыргыз, казак кымызсыз, ыр күүсүз отурчу беле, кымыз келтиргиле. Азыр Орозбакты да,комузчу Бекенбай да келет, — деп Саза кызматтагы жигитке карады. Кызара ышталган оймолуу көөкөрлөрдөн кымыз сунула, айтылуу Орозбак, Бекенбайлар келип Манас айтылып, күү чертилип, шатыра-шатман конок күтүү аземи уланып атты. Эшик ачылып, шыңга бойлуу, кара сур, ак калпак, ак кемселине кемер курчанып, саймалуу кандагайын өтүгүнүн кончуна түшүргөн жигит салам айта кирип: — Акелер, — деп Жаманжээн менен Сазага кайрыла, — дөңгө шырдак, көлдөлөңдөр төшөлдү. Коноктор менен таксыр таза абада жолуксак деди. — Андай болсо жакшы, таза абада отуруп баарлашканга не жетсин. Түштөнүү тамагы даяр болгончо көп бар. Кандай дейсиздер, коноктор, — деп Тезекке кайрылды Жаманжээн. — Биз курсантпыз, — деп Тезек төрө жолдошторун тегерете карай ордунан турду. Жалган түш. Күн нуру чайылган көгүш асман чайыттай ачык, мөңгүдөн түшкөн көк кашка тунук суу жайлоо жарашыгын коштоп шаркырайт. Күнгөйү арча-бадалдуу, тескейи бетегелүү кыраңдан өйдө ордо өргөөнүн тушундагы дөңгө ала кийиз, шырдак, килемдер төшөлгөн. Коноктор уй мүйүз тарта дастандардан, күүлөрдөн угуп, көңүлдүү отурушат. — Хан келатат, — деди отургандардын бирөө. Отургандардын назары ордо жакка бурулду. Баш бий Медербекти ээрчите калбаат баса Ормон хан топко жакын келгенде отургандар жапырт ордунан турду. — Ассалому аллейкум, азиз коноктор, куш келипсиздер, — деп салам айта Ормонтургандардын алдына келгенде Тезек төрө алдыга өтүп кол бере: — Калай, саламат жүрсүзбү, баурлас ханым, — деп Ормондун колун кыса ийилди. Сүйүк, Адил, Дайырбектер биринен сала бири ийилип ызаат көрсөтүштү. — Отуруңуздар, — деп колун жаңсай Ормон хан Тезек төрөнүн жанына өттү. — Мына Алла тааланын буйругу, айдан аман, жылдан эсен болуп дидарлашып отурамыз. Көрүшмегенимизге да канча болду. — Ооба, сиз Кашкелеңге келбей койгондон бери көрүшө элекпиз, — деди Ормон хан кайдигер үн менен. — Солай болды, таксыр, өзүм да табим жок ноокас эдим, шамамыз да шай болмай келе алмадык, — деп кайпаңдады Тезек төрө. — Конокторду сөз менен эмес, даам-татым, ыркүү менен тойгузган жакшы. Орозбак, айтып аткан дастаныңызды улай бериңиз, — деди Ормон хан, Тезек төрөнүн шылтоолорун назарына албагансып. Кымыз сунулуп, Манас уланды, Манас ыргагына аралаш отургандардын биринин: — Ой, карагыла, Кокон келатат, — деп чочуган үнү отургандардын көңүлүн бурду. Айылдан төмөн суу бойлогон төтө жолменен каркырадай тизиле чубаган ала чапан Кокондун атчан сыпайлары көрүндү. — Оо, пирим, неси бар кокондуктардын бул жерде?! — деп Ормон ханды карады Тезек төрө. Анын үнүнөн чочулаганы туюлуп турду. — Ким экенин көрөбүз келгенде, Манасты уланта бер, — деп Орозбакты карады Ормон камырабай. Орозбак Манасты улантууда, коноктор алагды. Кокондуктар айылдын төмөн суу жээги жакка токтоп, аттарынан түшүп, жетек аттардагы жүктөрүн түшүрүп, чатырларын тиге баштады. Тобунан бөлүнгөн узун бойлуу, кер мурут сыпай жүз башчысы шыпылдай басып дөндөгү топтун алдына токтоп, Ормон ханга кайрыла: — Ассалому алейкум, таксыр, мен жүз башы Сабыржанмын. Сизди «казактар кысып турат»деген кабар жетип, Аллаяр ханыбыз, Худаяр багадур эки миң сыпай жиперди, артта келатады, биз кабарга келдик, — деп төшүн баса ийилди. — Оо, бу, кокоңдогон кокондуктарды чакырган киши жок эле го. Мына, казак туугандарыбыз менен майдай-сүттөй ынак коноктошуп отурабыз, — деди Ормон хан кебелбей. — Бизге Төрөгелди багатур ям жолукту, биздин паңсат менен ал киши ям ики миң жоокерала чикипти, — деди жүз башы. — Мына кызык, болуптур, конок болуп кайткыла, келгениңерге ыракмат, Тезек төрө да тосот, — деп коногуна көз жиберди Ормон хан. — Арийне тосомуз сизге келген меймандарды, — деп күлүмүш болду Тезек. Коноктор тымызын бири-бирин кооптоно карашты.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#190 Пользователь офлайн   Disappear   06 Апрель 2019 - 16:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Кокон жүз башы сунулган кымызды татып, ачуурканган болуп кайра сунду да: — Таксыр, биз иш арамизда болалы, — деп ордунан таазим эте жөнөдү. — Кокондуктарга тамак-аш керек го, — деп Сазаны карады Үмөтаалы. Орозбак токтогон жеринен Манасты улап, дөңдөгү сый сөөлөтү уланып жатты. Коноктордун ыр, күүгө көңүл бура албай тынчы кете баштаганы байкалып турду. Конок өргөөсү жактан басып келген жигит Сазанын жанына келип, акырын шыбырады. — Түштөнүү тамагы даяр болуптур, — деп ханды карады Саза. — Аа, анда эмесе коноктор менен чогуу түштөнөлү, — деди Ормон. Казак туугандар хан менен чогуу басып конок өргөөсүнө өтүп, түштөнүү аземи бүтүп, бата тиленгенден кийин: — Таксыр, энди уруксат этсеңиз биз кайталы, биз болсо айылдашпыз, — конок үстүнө конок болбойлу, сизге тартуу тарта элек бийлерди, султандарды ээрчитип, Алла буюрса аркы аптада келип калабыз, — деп Ормон ханга суроолуу кайрылды Тезек. — Коюңуз, түндүккө союлуучу малга бата тилеп койбодуңар беле. Атайын келип түнөп,конок болбой кетесиңерби, — деди Ормон хан, коноктордун кетишин каалабай турганын билдире. — Эмдиги жолу келгенде союлсун, — деп ордунан козголо: — Кайыр, таксыр сау болуңуз, — деп Ормонго кол бере эшикке бет алды Тезек төрө, жолдоштору ханга баш ийкей таазим эте ага султандын артынан ээрчишти. Ормон хан ордунан козголбоду. Конокторду узатып, Жаманжээн менен Саза кайра кирип орун алышты. — Конокторду жакшы узаттыңарбы? — деп мурутунан жылмайды Ормон хан. — Узаттык, аттанганда эле теминишти, шаштылары кетип калган өңдүү, артын кылчак карап катуу баратышат, — деп жылмайды Саза. — Кокон сыпайлары артыбыздан куубаса экен деп шаштылары кетип баратышат, кокондуктар кантер экен, — деп күлдү Жаманжээн. — Түлкү баатыр эңгезердей Кокон жүз башысынын өзү болуптур, казактардын жүрөгүн титиретти, — деди Саза. — «Кокондон келгендерге» чын эле союш бергиле, — деди Ормон хан. — Эми кантишээр экен, кол салганга батына алышпас? — деди Жаманжээн. — Казак туугандар түнү менен Иленин аягына ооп кетишет, — деди Ормон кебелбеген ойлуу калыбында. Андан ары сөз кайсы айыл, кайсы жайлоодо болору, козу көчүндөп журт жаңырта, кайсы ашуу менен өз тараптарына өтөрү жөнүндө уландыАяк оонанын аягына чейин кыргыз айылдары жай конуш которо өз тараптарына көчүп кетишти. Хан ордосу көчкөн айылдардын арты болуп Көк-Ойрок жайлоосуна өттү. Ормон хан кыргыз жерине келгенден тартып Боронбай, Жангарач, Жантай, Саке бийлер, айыл билермандары, байлар өрүлүктөп келе, ат тезеги кургабады. Үсүр-масыр сөздөр айтылып, эл-журттун абалы, кокондуктардан Нурмухаммед Кушбегинин көп кол менен келип, опузалап кеткени, чепте 200 гө чукул сыпай калганы, алар айылдарды аралоого батына албай, чептин тегерегин ээлеп турганы узун сабак кеп болду. Боронбай, Жантай, Жангарач, Саке бийлер кол курап Коконго каршы келбегенине өкүнүштү. Бийлер менен көзмө-көз аңгеме жылуу болбоду. Убада, ар намыс, элдин убал-сообун аркалап, биримдик үчүн чыбык кыркылган ант-шертти бузган эки жүздүүлүк бетке айтылып, Ормон хандын жаалы катуу болду. Элдин биримдигин сактап калуу үчүн курал-күчтү шайлап, Коконду биротоло жергеден сүрүп чыгарууга азирленүү, соңку жылы жайында жамы кыргыз курултайын өткөрүүгө макулдук болду



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#191 Пользователь офлайн   Disappear   06 Апрель 2019 - 16:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

КУСАМАТ

Бул жылдары Файзулла Ногоевдин жаны тынбады. Омбуга жылына эки каттачу болду. Бүгүн билермандарынын экөө баш кошсо, үчүнчү болуп жанында. Сөздү Ормон хандын зордугу, бугулардын тең туруп, кем болуп жатканы, хан бийлигине илеше албаган мажирөөлүктөрү, акыры түбү ал бугу уруусун Көлдөн Текес, Кыязга сүрүп чыгып, сарыбагышка ээлетери алыс эмес экенин эбиреп, бүйүр кызытат. Орус букарасы болгон казактардын кең-кесири жашоосу,там салып, балдарын Петербург, Маскөөдөн окутуп, орус төрөлөрүндөй мансап күтүп турушканын саймедирейт. Бүгүн да Боронбай бийдин жанында атайын кеңешүүгө келген Качыбек, Балбай үчөөнүн сөздөрүнө кулак түрө, шыйпаңдап отурат. — Казактан ооп айылы менен Көк-Ойрокко түшүптүр. Бизден мурда Жантай, Жангарачтар өрүлүктөп келип кетишиптир. Бизди конок өргөөсүнө түшүрүп, өзүнө учураштырбай койду. Саза менен Жаманжээндин сыйын көрүп түнөп чыктык, — деп, тыным жасай сөзүн улады, ызалыгы тышына чыгып турган Боронбай бий. — Ошондой болду, тең жаным кем болуп, кудалыкты назарына албады. Эртеси үстүнө чакыртты. Саламды алик албай теше тиктеп түнөрөт. Амандыкка келбей, «бузулган ант, эл биримдигин ириткен бузукулук» үчүн жоопсурап жаалданат. «Орустун колтугунан сууруп аламын, көчүгүнө эле кирип кетпесең» деп,ызырынганы өттү баарынан. — Суура алмасын көчүгү ям якшы кирсе болады, — деп арага кыпчылды, кыргыз сөзүнүн маанисине терең түшүнө бербеген тыңчы. — Оо, жолуң каткыр, — деп аргасыздан күлдү Боронбай. Качыбек санын чаап, кытылдады. Балбай көз кыйыгы менен жек көрө карап, үн дебеди. — Нема күлдүңөр, орус күчтүү да, Урманды йок этеди, — деп мурутун сылаган болуп, Боронбайды көшөкөрлөнө карады тыңчы. — Орусуң күчтүү, бирок алыс. Ормон хан жаныбызда кысып турбайбы? Кеп ошондо, — деди Боронбай бий күлкүсүн тыйып мостойо. — Иледен жер алам деп барып, тумшугуна эч нерсе илбей кайткан ич күптүүсү да жанбай турса керек. «Ачуулунун алдынан чыкпа» дегендей, деп бийдин көңүлүн жубаткансыды Качыбек. — «Урман баш ийбесе оны обезвредить этерге» деген князь Горчаков, Густав Христиановичда шолай ойлайды. — «Бесбейдет» дегени эмнеси? — деп Боронбайды карады Балбай. — Ал эмне дегениң, биздин сөз менен айтчы, — деди Боронбай. — Ол дегени, калай айтсам кыргызча товар болады, жаны жок, ал эч кыймылдабайды, жолто боло албайды, — деген сөз деди тыңчы. — Кудай ур, — деди, сөздүн маанисин зорго илип алган Боронбай. — Кыймылдай албаганы кандай? — деди Балбай. — «Өлсүн» дегени го, — деди Качыбек. — Аа, шонака, шонака дегендур князь, генерал ям шонака дейди, егар Урман орус букарасы болмосо, лекин бешиймесе, — деди оңдоно отуруп, сөзүн түшүндүргөнүнө жеңилдене түшкөн тыңчы. — Орустар келип кыймылдатпай койобу? — деди тыңчынын өз сөзү менен сүйлөгөн Качыбек. — Сизлер, орыс анан соң дароо келеди. Сизларга тынч болады, — деди тыңчы. — Кудай урган сөз экен, бирөөнүн колу менен чок кармайт экен да орус төрөлөрү, — деди ойлуу түнөргөн Боронбай. Сөздү түшүнбөгөн тыңчы дагы күлкү боломбу деп сөзгө кыпчыла албай, элейе үчөөнү алмак салмак карады. Бул ойго келбеген суук сөзгө пикир айтуудан бири-биринен айбыга үчөө тең унчукпады. Ар биринин көөмөйүндө бул сөз өзүнчө жорулуп тургансыды. Үй ичи тунжурап тынч. Сөз нугун бургусу келген Качыбек: — Бишкекти Кокон толук ээледи, Курткага да сыпайылар келиптир. «Жаалданып турат»дедиңиз, жаалданганда Ормон эмне кылат экен? — деп Боронбайды карады. — Соңку күзгө курултай жыйнап, кол топтоп, «Коконду кууп чыгамын.Оруска баш ийбеймин,тең ата алакада боломун» дейт. Эч нерседен кайра тартчу түрү жок. Жараланган кашабаңдай качырганын кайсаганы турат. «Кыргыз бийлигин ыдыраттыңар. Орусту мага койгула, мүлтүлдөп элди бузбагыла» деп түнөрөт, — деди Боронбай сакалын сылай, ойлуу калыбында. — Курултайга чакырса черик, саяк, өзүнүн сарыбагышы колдоор. Тынай кантээр экен, солтода колдоп кетиши ыктымал. Жангарач ыкчыл киши эмеспи, — деди Качыбек. — Кыргыз бириксе, албетте ага не жетсин, бирок баягы хан көтөргөн кездегидей биригүү кыйын болуп калдыбы дейм, — деди Балбай Боронбайга көз кырын жибере. — Кокон күчтөнүп алды. Баягы Мадалы хандын убагындагы Кокон эмес. Букар менен жарашып алыптыр дейт. Ташкен кушбеги Нурмукамбет деген кыйын киши экенин көрбөдүкпү. Ормонго моюн бере койбос. Орус болсо алыстан аңдып турат, «Эки нар жөөлөшсө ортосунда кара чымын кырылат» болобузбу деп чочуймун, — деди Боронбай. — Орус аңдымайды, ол келады. Геп сенларда, же Урманга таланып, Текеске кетесиңер, же Урман ханынан кутулуп, орус букарасы болуп жыргайсыңар. Башка сөз түгүл, — деди Файзулла. — Бул ногойуңуз эмне мынча чебелектейт? — деп Боронбайды карады Балбай. — Ал дагы оюндагысын айтат да. «Жол айры болсо, иттин башы маң болот» дегендей кеп баатыр. «Оторлотсо оторлотсо экен, оторлотпосо отунумду алат элем» дегендей, орустар тил эмизип, кечеңдетип туруп алды. Ормон баатырдын жаалы катуу, — деди Боронбай. — Качырып кол сала койбос, түбү бир Кылжырдын балдарыбыз. Ормон хан көпкө туруштук бере албас, орус келсе ал кайда качат, — деди Качыбек чакчасын алып нас атып. — Көрө жатабыз да. Ормон хандын жаалы катуу дебедимби, — деди Боронбай. — Катуу болсо, калган эл карап жатмак беле, — деди Балбай. — Обезвредить этерге уруслар йардамга келады, — деп дагы сөзгө кыпчылды Файзулла тыңчы. — Байсылда абзий «безбердейтиңди» коюп, биздин каттын жообун сурап, Омбудагы чоңдоруңа жөнө, оторлотсо оторлотушсун, оторлотпосо отунубузду алабыз, — деп борс-борс күлгөн болду кыраакы Боронбай. — Неге коркосулар, обезвредить этерге — уруслар шондой дегендур, — деп сөзгө дагы кыпчылды пардасын сыйырган тыңчы. Тыңчынын коркунучтуу сөздөрү көңүлдөрүн бүлүнткөн мыктылар бул сөздү тастыктоого бири-бирине батына албай сөз токтоп, үй ичи дагы тунжурай түштү. Кыраакы Боронбай бий сөздү байкатпай башкага буруп, аңгеме ич ара мамилелер жөнүндө уланды. Конок сыйынан кийин Качыбек, Балбайлар айылдарына аттанышты



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#192 Пользователь офлайн   Disappear   06 Апрель 2019 - 16:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

«Кырчылдашса да, кыйышып кетпеген түбү бир кыргыз уруулары уюткусун бузбай, бир эл болуп турса экен» деген жакшы санаа бир тең, ар кимдин атак-даңк, мансап көксөгөн жеке мүдөөлөрү, өксүк армандары бир тең боло, санаасы эки анжы болуп аттанышты мыктылар. Жол айрыла Качыбектен бөлүнүп жалгыз бастырган Балбай баатыр Тору кашканын шайбыр басыгына төнө ойлуу. Өткөн күндөр кербендей чубап, көз алдынан өтүп баратты...Теги жагынан, кудайга шүгүр, чынжыры үзүлбөгөн эрендердин урпагы. Түп атасы Орозбакты бүткүл бугу башатында турат. Андан бери кыйлык-кыштык, жете-жотосу да эл башында келген. Жотосу Белек баатыр кол баштап, кара калмакты кыргыз жергесинен сүрүп чыгарган эрендердин бири. Чоң атасы Абайылда баатыр айтылуу Атаке бий менен үзөңгүлөш эл жүгүн аркалаган чыгаандардын катарында. Атаке демекчи, ал өз тайатасы — атагы кыргыздын кыйырына тараган кадимки манап урпагы, Тынай бийдин уулу. Өзүн да кудая шүгүр кайрат,кубат, атак-даңк, дүнүйө-мүлк, үй-бүлө жагынан көптөн өйдө койду. Ат жалын тартып мине, «эл четинде жоо бетинде» дегендей эл жүгүн аркалап, найзалуунун найзасын какты, камчылуунун камчысын кайрыды, айры төштүн алдында калбады. Жаш кезинен «баатыр» деген батыл сөз артынан ээрчип жүрөт. Үй-бүлө, асыл жар, адал чүрпөлөр да кудая шүгүр...Ошентсе да, оо бири кем дүнүйө, денеге так, көңүлгө зак калтырган эки учур баатырдын оюн бөлө өкүнтүп, көз алдыга тартылды. Күлүк ат, суу төгүлбөс жорго, алгыр тайган, кыраан бүркүт, сулуу кыз көчмөндүү кыргыздын жан ышкысы, жашоо үзүрү эле го, чиркин. Булар үчүн эр жигит өмүрүн сайчу эмес беле. Айтылуу Аксыйнат... Медет датканын ашы эсине түштү...Аркада биринчи Кокон бийлигинен «датка» наамын алып, эл жүгүн аркалап өткөн саяк Медет датканын ашы. Атактуу кишинин ашы байыркы ата-баба нарк-салтына ылайык сөөлөттүү өтүп жатты. Каз-канаттай ак үйлөр тигилип, ар уруунун өкүлдөрү өзүнчө күтүлүп, сый үстүндө. Сый аш ээлерине өтө кылдат камкордукту, этияттыкты талап кылат. Ар уруудан келүүчү конокторду күтүү милдети кадыр-барктуу, оокаттуу кишилерге тагылат. Тейлөө үчүн тарбиялуу, адеп-ахлакты сактай билген, сөөгү таза жаш келиндер, сылык-сыпаа, ыктуу шамдагай жигиттер дайындалат. Анткени үй жасалгасынан, төшөнчү-орунчудан, дасторкон, майлыктан, же табак тартуудан кынтык чыкса, аш ээсине кыйын. Пас талашкан уруу билермандарды, бийлер жанындагы ырчыларына жамактата жыйынга салып, уяткарат. Аш ээси Дуулат бий бул жагдайларды толук эске алгандай болду. «Каралуу үй» — датканын он эки канат ак үйү — айылдан обочо тигилген, эр жагына туу сайылып, эпчи жагына түпөктүү найза жөлөнүү, эшигинин үстүндө эндүү кара тасма тартылган. Шариатка, ата салтына ылайык, маркумдун арбагына арнап куран окуп, мал мууздоо менен аш башталды. Үйдү уй мүйүздөй айлана чогулган калың элдин алдына узун бойлуу, кең далылуу, ак суп чепкен, төбөсү бийик кыйуусу кара ак калпакчан, сары чийкил, бүркүт кабак, жээрде сакалы учтана төшүн жапкан Дуулат бий чыкты. Жанында башына ак селде орогон, көк бейкасам чепкенчен, коюу кара каштары кабагын жаба, ак аралаган сакал-муруту серпиле куюлушкан кокондук аалым. — Оо, калайык-калың журт, о дүйнө кеткен атабыз кара кыргызга кадыр-кызматы өткөн касиеттүү Медет датканын арбагын эскерели деп, жамы журт силерден бата сурайбыз, — деп Дуулат бий алакан жайды.
«Алло Акбар!» деген эл үнү аба жарды. Дамбылда-аалым Кураны-каримден «фатиха», «ясин» сүрөөлөрүн көңүлдү уюткан кыраат менен окуп, сөздөрү түшүнүксүз болсо да, жан-дилди арбаган жагымдуу да, сүрдүү да ыргак теребелди терметип тургансыды. Аалым алакан жая, арбакка арналып бата тиленгенден кийин, каралуу үйдөн кошок жаңырып, мал мууздоо башталды. Датканын жесирлери келип, кыздарынын, айылдагы үнү бийик аялдардын жалпы кошогу басылган соң, жалгыз армандуу үн созолонду. Бул датканын элесин кошууга белсенген кошокчунуку эле. Өткөн өрнөктүү өмүрдү даңазалаган кереметтүү кошок калың элдин жашоо кумарын дүрбүтө жашытып да, чыйралтып да турду.
Абалтан кудай жар болгон,
Атакем олуя чалыш жан болгонА
рка болгон элине,
Атакем, ак жолборс эле комдонгон.
Алтын тон кийип чен алган,
Айтылуу Кокон ордодон.
Коктуда тунук суу калды.
Кокондон алган туу калды.
Токсонго чыга жашабай
Тозокко салдың тууганды.
Кара атың ашпай бел калды,
Калдайган саяк эл калды.
Кан атам кулун байлаган,
«Кара-Кол», «Сандык» жер калды.
Медеттин кызы Сыйнаты,
Кудайым минтип ыйлатты.
Кайгыга салып шум өлүм,
Карчытымды кыйратты...
— Бали үн эмес бекен!.. — Кайсы кошокчу болду экен? — «Атакем» деп атпайбы, өз кыздарынан го. — «Атаке» деп келиндери да айтат, — деген кобурду баса кошок уланууда. Кошок кылымдарды карытып, элдин дил туюмунан калыптанган ажайып көркөм дүнүйө...Беш күндүк жалгандан түбөлүккө өткөн маркумдун сын-сыпатын, адамдык сапаттарын, үйбүлөсү, ага-тууганы, эл-журту үчүн тиккен өмүрү, чечендиги, баатырлыгы, айкөл кеменгерлиги сөз берметтеринде тизилип, мукам үн ыйга ылайык обон менен коштолуп, калайыктын көңүлүнө уюп, «баланчанын кошогу» делип, түбөлүккө эл ичинде айтылып калат. Кошок уланууда, үн барган сайын дасыга дааналанып, сөздөрү таасын, кайгыны да, өксүүнүда, ыраазылыкты да, мактанычты да, үмүттү да айкалыштырган керемет ыргактар арбап алгандай, көпчүлүк үнсүз муюйт. «Кызы окшойт» деген сөз ашка келген мансаптуу мырзалардын делебесин козгоп турду. Өмүр, Мырза, Тилекматтардын арасында мүчө турпаты өзгөчө көрүнгөн Балбай кошокту эргип угуп отурду. Ак калпагын басараак кийип, көк нооту кемселине күмүш кемер курчанган орто бойлуу, бүкүшүрөөк, эки ийнине эки бала отургандай кең далы, төшү жайык, мойну кыска, сары чийкил, тегерек бет, кырдач мурун, бийик кабак алдындагы чекирирек сургулт көздөрүнөн кайрат учкуну жанып, сейрегирек сакал-муруту сыпайы серпилген турпатынан чечкиндүү эр мүнөзү туюлуп турат. — Байкап билчи ким экенин, — деди жанындагы жигитине. Ордунан тура эл аралай баскан жигит бир саамдан кийин кайтып келип: — Датканын кенже кызы Сыйнат кошуп атыптыр, жашы 15 — 16 да эле дейт, — деди. Балбай унчукпай ойлуу... Көз алдына чыбыктай боюнун мүүнү жок, кызылы-кызыл, агы-ак, кырдач мурун, кумар көз, бештен өрүлгөн чачтары эки жаагына, артына төгүлгөн кош этек көйнөк, желеткечен, ай чырайлуу, асылзаада кыз тартылып турду. Керемет үндүү, келишимдүү, сөздөрү жатык, акылы жетик, жан туюму аруу, асылзаада жаш кыздын атасына кайгырган төлөөсүз арманын, анын өрнөктүү өткөн өмүрүнө ыраазылыгында, ынтаасын да, жарык дүйнөдө жашоого балбылдап жанган үмүтүн да туйган эл каалгый муюп турду



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#193 Пользователь офлайн   Disappear   06 Апрель 2019 - 17:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Кыраат менен окулган куран угулганда кошок пастап барып токтоду. Жамактата ыр менен салынган жардан аштын урматына өтүүчү салттуу оюндардын кайсылары качан болору дайын болду. Көчмөн жоокер элдин мүнөзүн, кайратын, эрдигин, эпчилдигин, тапкычтыгын чагылдырган салттуу оюндардан башка, мансабына, байлыгына чиренип, дөгүрсүгөндөрдүн көңүлүн ачуу үчүн аргасыз бечералардын абийирин ачкан төө чечмей да бар эле. Эл балбан күрөш, эр эңишти көрүү үчүн айыл четиндеги түзөңдү карай агылды. Оюндар өз кезеги менен уланып, аттуу-жөөлүү казганактаган эл тамаша көрүп атышты. Салттуу оюндардын көбү аяктап, эртең ат чабыш болот деген күн. Ат чабыш демекчи, Балбайдын арзыган күлүгү Медет датканын Кертабылгысы бар эле. Эми бейтааныш сулуу датканын кичүү кызы Сыйнат оюн арбап алды. Ашка чакыруу менен келип, конок алынган кадырлуу кишилер ар уруу үчүн тигилген үйлөрдө сый көрүүдө. Ар бир үйдө комуз чертилип, ыр ырдалып, «Манас» айтылып, эл тамаша үстүндө. Боронбай, Муратаалы, Самсаалы бийлер, — улгайгандар өзүнчө; Балбай, Мырза, Тилекмат, Өмүр, Жанек жигит-жалаңдары менен өзүнчө көтөрүлгөн өргөөдө. Кечки сый тамактан кийин өткөн оюн-тамашалар жөнүндө оюндагыларын бөлүшүп, жай отурушат. Отургандардын көбүнөн жашы улуу Балбай төрдө ойлуу. Сөзгө чечен, ою белен, жүйөөчүл сөз тапкычтыгы менен элге алынып келаткан Тилекмат, алаңгазар, кайраттуу, оюна келгенин тайманбай иштеген, атасынын байлыгына чиренип, өзүн өйдө көрүп: «Көл толкуса мен токтотом, мен толкусам ким токтотот» деп дөгүрсүгөн Нышанын уулу Мырза, күч кайратына эрдиги айкалышкан, акыл калчаган токтолуугунан элге алынып калган Өмүрлөр курбалдаш; алар менен үзөңгүлөш, калмак, казактан жылкы тийип, куугун кайрып, «баатыр» атангандардын бири Жанек, биринин сөзүн бири улап,көңүлдүү отурушат. — Саяктар ата салтына төп, датканын ашына түзүк камынышкан экен. Дуулат бий атасыны нжолун жазбай жолдоп бараткан экен — деп, кемерин бошото оңдонуп отурду Тилекмат. — Оюн-тамашалар кезеги менен жакшы, ирээттүү өтүп атканын айтпайсызбы, — деп Тилекматтын сөзүн колдоду Өмүр. — Атаң көрү, эмнесин айтасыңар, эр сайыш аябай укмуш болду. Жанагы калмактын казан кулагы менен казактын сом карасынын сайышы. Кайран сом кара казан кулакты кулатты, —деп жээликти, өзү да эр сайышка түшүүнү самап жүргөн Жанек. — Төө чечкени кызык болду, — деп санын чаап каткыра сөз улады Мырза. — Жанагы айгырча азанаган неме жарабады, келиндин артына жайган чачын чача албай койбодубу, шоруң каткырдыкы кыска окшойт, — деп дагы каткырды. — Сен түшсөң болмок экен, бул ышкыңа караганда сен жакшы азанмаксың го, — деди Өмүр. Балбай Мырзаны жактырбаган тейде шылдыңдуу тиктеди. — Анын эмнесине мынча курсант болдуң? Сен сыяктуулардын каткырып көңүл ачышы үчүн бечара аялдын абийири төгүлгөн адепсиз оюн. Ушуну салабаттуу кишинин ашында көрсөтпөй эле койсо болмок, — деди Тилекмат. — Сен эмне акылдуусунасың, бөөдө... — деп сөзүн бүтө албай акыраңдады Мырза. — Мырза баатыр, кой эми, чоочун жерде сый үстүндө өөдө-төмөндү сүйлөбө, — деп жактырбаган болду Ашыр. — Койгула, андан көрө эртеңки ат чабышты айтсаңар боло. Медеттин Кертабылгысынан башка биздин аттардан байге талашчы күлүктөр бар бекен? — деп Балбай оңдонуп отурду. — Максүттүн Аксуру, Надырбектин сур кашкасы жөнүндө сөз жүргөнү угулат, — деди Жанек. — Датканын кер атын «Кертабылгы» деп коюшат тура, ошол күлүктү катуу айтышат, — деди Тилекмат. — Биздин деле Солтонкулдун Кула кашкасы, Боронбайдын Буурулу, Муратаалынын Тору аргымагы оңойбу. Ошолорду сүрөп алалы, аттары тың шамдагай жигиттерди тандоо керек. Мерчемдүү жерлерде күтүп туруп сүрөшсүн, — деди Өмүр. — Чыгып келаткан чоочун аттарды жыкса да болот, — деди Мырза. — Кокуй, кой, бирөө укпасын, чоң жаңжал болот, бирөөлөрдүн убалына калбайлы, — дедиТилекмат. — Эмнеси бар экен, күлүк сүрөгөндө бирөөлөр жыгылат да, — деп капыялады Балбай. Сөз эртеңки ат чабыш, бугу уруусунун күлүктөрүн сүрөөгө кайсы жерге кимдер барары жөнүндө болду. Сөз аяктап, сый тамактан соң конок каадасы боло, уйкуга жай алышты. Таң шооласын чачып, жылдыздар суюла, эртең мененки үрүл-бүрүл. Балбайлар жаткан өргөөдөн аркы ашты тейлеген боз үйдөн: — Ууру, ууру, карма атаңдын оозун! — деген ачуу үн тынчтыкты бузду. — Кокуй, эмне болуп кетти? — деп төшөктөн башын көтөрдү Тилекмат, беркилер да баш көтөрө кулак түрүштү. — Энеңди ... «суусадым» деп коёт, — деп бакылдаган москоол, кер мурут, кара тору жигит, көйнөк дамбалчан Мырзаны жетелеп кирди. Чекеси томуйган, колу, бети-башы көө Мырза калчылдап, жер карап турду. — Мына мунуңар менин үйүмө ууруга кирди, кармап алдым. Энеңди... «суусадым» деп коёт,катыным жаккы коюнга кол салып... Сени азыр жалпы элдин алдына ушул бойдон алып барып... — деп зиркилдеди үй ээси. — Ой, айланайын тууган, сабыр кыл, этти тоё жеген неме суусап кирген да аш үйгө, — деп жайкады Тилекмат. — Суусун менин төшөгүмдө беле? Бул шерменде мени үйдө жок деп ойлогон да. Жүр, сени Дуулаттын алдына бийлерге ушул тейиң менен алып барам, айып салдырам, — деп мойноду москоол жигит. — Кой, баатыр, антпе, сөзгө кел. Бул Мырза да тегин киши эмес, шайтан айдаган тура. Мындай отур, сүйлөшөлү, — деди төшөгүнүн аягын жыйып, туруп кийинип алган Өмүр. — Жок, кадырыңыз жан болсун, муну алып барам Дуулатка, бириңер кошо жүргүлө, — деди жигит. — «Жан аларда деле жай берет» деген кеп бар эмеспи, тууган. Мындай отур, сен да «мен»деген намыстуу жигиттердин бири экенсиң — көрүп турабыз. Мырзаны коё бер, жуунуп, кийинсин. «Эр кадырын эр билер, эр билбесе ким билер» дегендей, Мырза бир уруктун мыктысы, өзүңдөй эр, коё бер, качып кетпейт, мындай отур, — деп сөзгө алды Тилекмат. Жигит Мырзаны коё берип, Өмүрдүн жанына отуруп: — Ой, айланайындар, кудайды караса боло, жанымда жаткан катынымдын койнуна кол салып... — деп бир паска унчукпай турду да, — баары бир Дуулатка алып барамын, кийинсин,— деди. — Кой, антпе, эрдик кыл, Дуулатка алып барба, көпкө жарыя болбосун. Андан көрө алып баргың келсе, акырын билгизбей тиги бугу мыктылары Боронбай, Муратаалылардын алдына алып бар, — деди Тилекмат. Жигит бир паска дулдуюп унчукпай турду да, кийинип турган Мырзага: — Болуптур, жүр анда, сени ошол бийлериңе көрсөтөйүн, — деп ордунан тура жөнөдү. Мырза аргасыз шылкыйып артынан басты. Ашка келип, жамы журтка шерменде болобу...Ат чабышта Медет датканын Кертабылгысы караандатпай чыгып келип, баш байгени алды. «Сарбагыштын Аксуру, чериктин Көкаласы жыгылыптыр, бугулар жыгыптыр, бирок алардын аттары деле байгеге келбептир» деген кобур эл ичин аралады. Аштын акыркы түнү. Эртең коноктор тарайт. Атайы чакырылгандарга акыркы сый көрсөтүлүп, бата тиленүүчү түн. Бүгүнкү түндүн сыйы каадалуу өтсө, ашка келгендер тарап, аш ээсинин санаасы тынчымак.Эл орунга отурар алдында конокторго табак тартылды. Балбай, Өмүр, Тилекмат жигиттери менен бир табакка, Мырза, Жанек, Урдөөлөт жигиттери менен өзүнчө табакка карашты. Жаш улуулай устукандар алынып, эт тууралып бүтө, ак дөбө үчүн чучук кесиле баштады. Жашы улуу Балбай ичегисин жарып семиз чыккан бээнин чучугун, казысын өзүнчө, кыртышын өзүнчө кесип аткан эле. Тиги табакта чучук кесип жаткан Мырза: — Мына, карагыла, маскаралык! Бизге аттын казасын чучук кылып тартыптыр... Атаңдын оозун... саяктар, — деп чаңыра «чучукту» улагага ыргытты. Чын эле ичегиге чучук эмес, аттын казасын салып, бууп коюшуптур. Сыягы Мырзанын түндөгү кылыгына ичи күйгөн аш үйдүн ээси жасаган окшойт. — Бизди эле эмес, бүтүн бугу уруусун маскаралагандык, — деп «барк» этти Жанек. — Чынында осол иш экен, «саяктар бугуга чучук ордуна каза тартат» деген жаман атты... —деди Өмүр. Бугу уруусунун аттары байгеге илешпей, «ат жыкты» деген жаман атты тарап, ал аз келгенсип минтип мазакташкандарына ызаланган Балбай «чарт» жарылды: — Көпкөн экен саяктар. Баш байге алган кер атты, кошокчу кыз Сыйнатты тартып албасам Балбай атым өчсүн, — деп ордунан турду.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#194 Пользователь офлайн   Disappear   06 Апрель 2019 - 17:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Сабыр эт, баатыр, сабыр кылгыла, ыза болгонубузду билдирбей кетели, ызалагысы келгендердин табасы канбасын, отургула. Даяр болду, даамды таталы, жай эле аттаналы, —деди Тилекмат. — Тилекем туура айтат, туураган этти жейли, бата кылалы, — деп Тилекматты колдоду Өмүр. — Болуптур, бирок айтканым айткан, — деп ордуна отурду Балбай. — Бакемдики айтканындай болот. Мындан барарым менен жасоо курайбыз. Саяктардыкы өтүп кетти, — деди ачуусу тыйыла элек Мырза. Эт желип, бата тиленип, кол жуулары менен: — Кеттик, тарткыла аттарды, — деп ордунан турду Балбай. Бугунун мыкчыгерлери түнү менен аттанып кетишти. Эртеси күндүн муруту чачырай Боронбай, Муратаалы, Самсаалы бийлер да көп катары аттанышты. Аттары байгесиз калып, мыкты чыкма мырзалардын ат жыккан, ууру атыккан адепсиз жоруктарына капа болгон бийлер кабактары салыңкы баратышты. Дуулат бийге ич күптүлөрү да жок эмес эле. Балбай баатыр сөзгө бек эле. Бештин айынын ортосунда Мырза, Өмүр, Жанектер болуп төрт жүзчө куралдуу жигити баштап, саякты чаап, Медет датканын Кертабылгы күлүгүн, сулуукыз Аксыйнатты тартып келүү үчүн көлдүн башынан жүрүшкө чыгышты. Эл дүрбөтпөй, Дуулат бийдин айлын шоорат алдырбай капысынан басуу үчүн түнкүсүн жүрүп, күндүзү тоо этектей эс алып, этият келатышат. Төртүнчү түнү таңга жуук Жон-Арыктын оозуна жетип, Кара-Кужур суусунун жээгиндеги бозчаптарга жамына кошун түшүрүп, кечке эс алышты. Көз байланган маалда Өмүр, Жанек, Мырзалар Балбайдын жанына келишти. Ар кимиси өзүн шер ойлогон эрендер бул жолку Балбайдын акылы менен бололу, демилге ошонуку эмеспи дешкен. Бакеңе күлүк ат менен сулуу кызды алып, жамы бугунун намысы колго тийгени баарынан кымбат эле. — Баатыр, түн ката жүрсөк Сары-Булактагы Дуулаттын айлына таң ык сала жетебиз. Датканын уулу, сөөлөттүү бийди бейкапар уктап жатканда басабыз, — деди ызасы шаштырып турган Мырза. — Басардан мурда айылдын жайын, канча эр бүлөсү бар, экенин билүү керек, күлүк ат кайда турат, сулуу кыз кайсы үйдө — деп Балбайды карады ойго кабелтең Өмүр. — Туура айтат, ошолордун дайнын билип туруп, анан аттануу керек, — деди Өмүрдүн ою купулуна толгон Балбай баатыр. — Андай болсо табыялуу жигиттердин бир-экөөнү чалгынга жиберели, — деди Мырза. — Бирөөнү ээрчитип мен барып чалгындап келейин, — деп обдулду эрдемсиген Жанек, казак, калмактан жылкы тийип, жаны тынбаган беш баатырдын бири. — Мен өзүм барам, эч кимдин кереги жок, силер мен кайрылмайынча шоорат алдырбай чөпкө жашынып эс ала бергиле, — деп «бурк» этти Балбай. — Жалгыз жөнөгөнүң кооптуу го, мен кошо барайын, — деди Мырза. — Эмнеге кооптуу, жалгыз эле барып келемин, эртеңки түнү кайтамын, — деди боюна ишенген Балбай. — Жоо кийимиңди, туулга-соотуңу чечип, жөн кийингениң оң, күндүз жолоочу катары айылдарга түшүп түкшүмөлдөйсүң, — деди Балбайдын айтканынан жанбасын билген Өмүр. Башына көрпө кыюуланган тери малакай, таар кемсел-шымдын үстүнөн боз таар чепкен кийип, кайыш мөкүчөн кембагал кишинин кейпинде Балбай баатыр Кара-Кужур суусун бойлой капчыгай ичи менен жөнөп кетти. Каттаган куда-сөөк, тамыр-тааныштарынан уккан имиштерден улам кыштоодогу саяк айылдары Балбай баштаган бугу жигиттеринин чабуулга азырланып турганынан кабардар, камдуу эле. Ар бир үйдө аттар суулуу, найзалары капшытка сайылуу, ай балта, чокморлору да даяр эле. Жол тоому Сары-Булактын суусунун Кара-Кужурга куюлушунда дамамат эки-үч жигит кезекте. Бүгүн да ошондой.Тараза жылдыз батып, таң ык салды. Балбай баатыр Кара-Кужурдун күбүрлөнгөн суусун кыйындык менен кечип өтүп, сол жээкке чыкты. Сары-Булак коктусунун оозу үрүл-бүрүл баамдалат. Атына камчы уруп, коктуга бет алды. Мына балакет... Сары-Булактын суусу жайыла тоңуп, коктунун оозун суунун куймасына чейин көк жалтаң муз каптап калыптыр. Такасыз ат бүжүрөп тайгаланып баса албай, бүрүштөй баштады. Ага карабай Балбай камчы уруп теминди. Эти ачып арыш керген ат тайгаланып, Балбайдын бутун баса жыгылды. Түн жамынган шектүү атчанга көз салып турган кезекчи жигиттер жете келип, буту аттын алдында калып, тура албай аткан Балбайды баса калышып, эки колун байлап, бутун бошотуп өйдө тургуза: — Сен кимсиң? Кыштын суугунда түн каткан кандай немесиң? — деп демитти жигиттердин бири. — Мен жолоочумун, Кочкойлук сайыбагыштайданмын Долон ашып, Найын жактагы таякелейиме байатам, — деди. — Ой, тили чулдур тура, — деди экинчиси. — Анын эмнеси бар, чулдур кишилер толуп жатпайбы? Андан көрө мунун жүрүшү шектүү, жөн киши кычыраган кышта түн карасында жортуп жүрчү беле? Муну айылга алып баралы,— деди беркиси. — Колумду чечкиле, качпаймын, — деди Балбай калбаат кайраттуу үн менен. Жигиттердин бири колун чечүүгө эңкейгенде: — Ой, көрбөй турасыңбы кебетесин, колу чечилсе экөөбүздү эки жерге торойто чаап салып, каалаган жагына басып кете бербейби, жөн кой, — деди да: — Ой, күрсүйгөн неме, үзөңгүгө бутуңду сал, атказып коёюн, чочуба мен сени жетелеп муздун четине чыгарам, андан арыалып кетебиз айылга, — деп Балбайды атка мингизип, жетелей алып жөнөштү. Күндүн муруту тоо баштарын чала чубашкан үч атчан Шардын оозундагы кыштоодо отурган айылга келип, өйдөкү чоң үйдүн жанына токтоду. Жигиттердин бири аттан түшүп чылбырын мамыга байлап: — Кана, Эсенбай, сен да түш, дегеле олчойгон неме экен — экөөлөп аттан түшүрөлү, — деп жолдошуна кайрылды. Балбайды колу байлануу бойдон аттан түшүрүп, жигиттин бири эшик ачып, экинчисиээрчите үйгө кирип: — Оо, Оңолкан апа, аман-эсен турасызбы? Конок алып келдик, — деп күлдү жигит. — Ботом, келгиле, кандай конок? Төргө өткүлө, — деп жоолугун оңдоп салына ордунан турду, кара чепкенин желбегей жамынган олбурлуу, кара тору, көзү бакыракай, мурду салаңдаган, эрди түйрүгүрөөк орто жаштардагы аял. Оңолкан апа айылдагы кадырлуу, сөз билги кишилердин бири; байы каза тапканына 2 жыл болгон. Улуу-кичүү баары «Оңолкан апа» дешет. — Келдик, апа. Мынабу чоочун кишини Сары-Булактын оозунан кармадык. Шектүү туюлду, башында иши болбосо, кыштын кыраан чилдесинде ким түн катсын? — деди жигит. — Ии ботом, өйдө өткүлө, колу байлануубу, чечип койгула, сүйлөшөлү, — деп көлдөлөңүн оңдоп сала, бейтааныш кишиге көңүл бөлө карады. Чечилген колдорун ушалап, эки жигиттин ортосуна, от жанына отурду Балбай. — Бөрүнүн көк жалындай дүңкүйөт, көздөрү да тири укмуш, бул ким экен, кайдан келатыптыр? — деди чоочун кишиге шектүү көз жиберип турган Оңолкан апа. — Өзү айтсынчы? — деди жигит. — Атым Дөңбай, Кочкойлук Надыйбек Майлыбай дегендин уулумун. Найын жактагы таякелейиме байатам, — деди Балбай камырабаган калыбында. — Апей, ботом, тили кантет, койо тур... — деп Балбайды ойлуу тиктеп турду да, — сен жөн киши эмессиң, чыныңды айт, жанагыл биздин элди «чабамын» деп чамынган Балбай баатыр дегендин да тили чулдур деп укканым бар. Ошол Балбай деген сен болуп жүрбө? — деди Оңолкан апа. — Жогуңуз, байбиче, мен Балбайды билбейм, мен Дөңбаймын, айтпадымбы, — деди Балбай. — Болуптур — көрө жатабыз, — деп ойлуу турду да, — буларга чай кайнаганча даам ооз тийгиз, — деди чыгдан жакта отурган келинди карап. Чакан дасторкон жайылып, нан, омурган май коюлуп, сүт катыктаган максым куюлду. Балбай кебелбеген калыбында нандан, майдан алып ооз тийип, максым жутуп, аякты дасторконго коюп, мурутун сылай үй ичине көз жүгүртүп отурду. — Ой, ботом, сен сын-сыпатыңа, сүйлөгөнүңө караганда ошол Балбайсың, чыныңды айт, —деди чоочун кишининин кыймыл-аракетине, турпатына дыкат көз салып отурган Оңолкан апа. — Жок дебедимби, байбиче, — деп кесе айтты Балбай.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#195 Пользователь офлайн   Disappear   06 Апрель 2019 - 17:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Эгер Балбай баатыр болсоң анда эмне болот? Калпың үчүн кулагынды кесип аламын, —деди чечкиндүү Оңолкан апа. — Ошентиңиз, Балбай болсом кулагымды кесип алыңыз, — деп дасторкондогу майдан нан менен илип сугунуп, аяктагы максымдан ууртап, камарабагансып жерге койду. — Болуптур «сөз кудайдын мөөрү» дейт, чакыргыла, төмөнкү үйдөн Ырысбайдын уулу Эшматты, датканын ашында конок алгандардан ичинде жүрбөдү беле. Балким Балбай баатырды көргөндүр, — деди Оңолкан апа. Жигиттердин бири ордунан тура жөнөдү. Сөз токтоп, үй ичи үнсүз. Балбай баатыр камырабай тамактанып отурат. Салам айта жезекчи жигитти ээрчип кирген Ырысбайдын уулу эпчи жакка өтүп, Балбайга бетмаңдай отурду. — Ой, айланайын Эшмат уулум, айтчы, сен мобу кишини тааныйсыңбы? — деди Оңолкан апа. — Тааныйм, бугу Балбай баатыр деген ушул. Ашка кызмат кылып жүрүп нечен жолу көргөмүн, — деди жигит. Балбай кебелбейт. — О өлүксүз ... калпычы, «баатыр» имиш, алып кел, кара бычакты. Эл чапканы келген тура, —деп бычакты колуна алып, Балбайдын жаагына такады. — Тос кулагыңды, баатыр болсоң. Тез курмушу күйгүзүп даярда, — деп келинге буйруду да,жаагын кыңайта тосуп турган Балбайдын кулагынын калканын сол колу менен кармап, чарт кесип алды. Баатырдын жаагы ылдый ыйыгына кан жая берди. Балбай көз ирмебей кебелбеген калыбында олтурат. — Бас курмушу, — деп «бурк» этти колу калтырай түшкөн Оңол байбиче. Укмуштуу жорукка ичиркене, колун майда калтырак баскан келин илбериңки кыймылдап, курмушу басып, баатырдын кулагынан аккан канды токтотуп, ыйыгындагы канды тазаласамбы дегенде: — Жоолуктарыңдын бирин алып, баатырдын жаагын таңып бер, — деди Оңол байбиче келинине. — Байбиче, келиниңиздин жоолугу өз башында болсун. Менин өз куйум бай, — деп ичинен курчанган боз курду чечип, келинге берди. Баатырдын кулагы таңылып бүтө, күтүүсүз окуяга эндиреп таң кала отурган жигиттердин бири: — Капырай, апа, укмуш иш болду. Анык эр экен, кулагын кесип атса чын эле көз ирмебеди. Бекеринен «Балбай баатыр» деп жүрүшпөптүр, — деди жигиттердин бири. — Бир иш болуп кетти. Мейли өз убалы өзүндө. Жөн жаткан элди «чабам» деген чогоолго чала болду, — деп өзү да бир аз ыңгайсыздангансып турду да, — ата көрү, жүрөгүндө кара жок эр экен, мейли, «Жоо аяган жаралуу, катыны каралуу» деген кеп бар. Муну тиги Жолдубайдын алачыгына киргизип, жарма-жалаң берип, кайтарып тургула. Бириң бийге жөнө, келип көрсүн жоолашчу баатырын, — деди Оңол апа. Жигиттердин бири Ак-Кыяда кыштап турган Дуулат бийдин айылына жөнөдү. Балбай баатыр кара алачыкта кайтарыкта калды. Эртеси күн көтөрүлө Дуулат бийдин билерман жигиттеринин бири эки киши ээрчите Шардын оозундагы кыштоодогу Оңол байбиченин үйүнө келип түштү. Амандык сурашып отургандан кийин: — Бий өзү келген жокпу? Айыгышып чаап алалы деген жоосу Балбай баатыр колго түшпөдүбү. Неге өзү келип көрбөдү? — деди билермандарга сөзү өтүмдүү Оңол байбиче. — «Көрүп эле жүргөн Балбай. Кулагы кесилип, куучуйуп турган эрди көрбөймүн. Артыда жасоосу бар — жалгыз келмек беле», деп жигиттерди куралдандырып, кол топтоп атат. Бизда ошол иш менен келдик. Жигиттерди топтоп, Сүттү-Булакка чейин кайгуулга жигиттерди жиберебиз. Бул айылдын жигиттерин курал-жарагы менен күн бата Сары-Булактын оозуна алып кел, — деп жанындагы жигиттердин бирине буйурду. — Ботом, Калбай, сен көрбөйсүңбү колго түшкөн эренди, — деди Оңол байбиче. — Жоолашып келсе да «мен» деген эр эле, кулагы кесилип, куурап турганда мен деле көрбөй койоюн. «Жаңжал басылганда Ормон ханга жеткирип бергиле», деди бий, — деп алдына келген чайдан бир ууртап: — Байбиче, оорураак иш болгон го, эр кишинин кулагын кесип, —деди Калбай. — Эр болбой эмирен калсын. Жөн жаткан элди чабам деген... Талаада жаткан эл бар бекен.Уялбай кулагын кепилге коюп калп айтат, кескениме өкүнбөйм, — деди кайраттуу Оңол байбиче. Оңол байбиченин чайынан кийин, жоо күтүү камы жөнүндө сүйлөшүп, жигиттер башка кыштоолорго аттанып кетти. Калбай күн бата Сары-Булактын оозунан кайгуулга чогулган жигиттер менен жолугушмакчы болду. Жолдубайдын кара алачыгында колу байлануу Балбай баатыр эки жигиттин кайтарыгында калды. Бүгүн экинчи күн Балбай баатыр кошуунуна кайтып келбеди. Бир кырсык болгонунан шек алышкан Өмүр, Мырза, Жанектер кеңешке чогулушту. — Жыгылып майып болдубу? — деди Мырза. — Болбогон кеп, Балбай баатыр бала беле. Аңдоостон колго түшүп калдыбы дейм. Саяктарда бейкам жаткан жок да, — деди Өмүр. — Андай болсо азыр аттанып айылды басып, баатырды куткарып алалы, — деди Жанек. — Алар азыр камдуу. Сары-Булактын оозунан өткөрбөй тосушат. Чабыш болот. Туткундагы Балбайды да мерт кылып коюшат. Антүүгө болбойт. Баатырдын ажалына калабыз. — Анан эмне кылуу керек? Отура берелиби? — деди Жанек. — Арга жок, кайта кетебиз. Биз кол салбасак Балбайга тийе алышпайт. Жүйөөлөшүп куткарып алабыз — түбү бир эл эмеспизби, — деди Өмүр. Бугу жасоолу түнү менен көлгө кайтты. Бештин айынын аяк чени. Кыш кычырап күчүндө. Ормон хандын чептеги кышкы Ордосу, чепти тегерете кар күрөлүү, сепилде жылуу кийинген күзөтчү, дарбаза алдында куралдуу эки жигит турат. Күн батар алдында төмөнтөн шайбыр бастыра келаткан төрт атчан дарбаза алдына келип токтоду, үчөө куралдуу, мылтык асынган төртүнчүсүнүн жаагы таңылуу, колу байлануу. — Силер кимсиңер? — деп алдыларынан тосо чыкты дарбаза күзөткөн эки жигиттин бири. — Медет датканын уулу Дуулат бийден келебиз. Кармалган ууруну Ормон ханга айдатып жиберди бий — деди, карышкыр ичик, сүлөөсүн тебетейчен, сыйда кара сакалдуу, салабаттуу киши. — Түшүңүздөр, атыңарды тигиндей байлагыла, — деп күрөндүдөн берки мамыны көрсөттүда, — ууру менен бириңер мында туруп тургула, бириңерди канга киргизебиз, — деди жигит. Аттарын байлап, бири Балбай менен калып, бири жигитти ээрчип дарбазанын ичине жөнөдү.Ормон хандын сурак бөлмөсү, хан төрдө жалгыз отурат. Ичигин, тебетейин оозгу бөлмөдө калтырып, топучан, кемселчен кирген Дуулат бийдин жигити колун бооруна ала бүгүлүп: — Ассалому алейкум, таксыр, — деп, жигит андан ары жөнүн айта албай сүрдөп турду. Бир тыным өтө: — Сүйлө, — деген катаал үн селт эттирди. Хан теше тиктеп турду. — Таксыр, мен Дуулат бийдин жигитимин. Бугу Балбай бийдин айылына ууруга барып, колго түштү. Ошону «ханга алып бар» деп жиберди, — деди.Ормон хан үн дебей бир аз турду да. — Балбайбы, качан кармалды? — деди. — Он беш күнчө болду. Кулагы кесилген, айыга түшсүн деп... — деп ийилген калыбында турду жигит. — Ким кести, эмне үчүн кестиңер суроо-сопкутсуз? — деди ийилип турган бечераны жекире тиктеген хан. — Калп айткан ууру деп, — деди жигит өйдө карай албай. Хан коңгуроо какты, эшиктен кирген жигитке: — Булар алып келген ууруну бөлөк үйгө киргизип, курсагын тойгузуп, эс алдырып, эртең менен алып киргиле, — деди, тунжурап санын таянган калыбында. Дуулаттын жигити ийилип турат. — Сиз кете берсеңиз болот, — деп жанынан өтүп баратып «бурк» этти хан кызматындагы жигит. Айдакчы кетенчиктеген бойдон жымырыла чыгып кетти



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#196 Пользователь офлайн   Disappear   06 Апрель 2019 - 17:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Кызматчы жигитти ээрчий кирген Балбай баатыр бир аз ийиле салам айтты. — Алейкум салам, отур, — деди да, «сен кете бер» дегендей ишарат кылды кызматчы жигитине. Жигит кеткенден кийин Балбай баатыр Ормон ханга тике маңдай чөк түшө отурду. — Ии, сүйлө, — деди Ормон хан Балбайды ирмебей тиктеген тейде. — Келдик, таксый, — деди Балбай да ханга тике карап. Ызага жык толо күйгөн баатырдын көздөрүнөн жанган кайрат учкуну Ормон хандын катаал сүрдүү көз карашына айкаша түштү. — Сүйлө, — деди Ормон хан. — Сүйлөдүк, таксый, саяктай койдоду кулакты кесип... — деди ызага буулуккан баатыр, көөмөйүндө канча айтса да бир атанын балдары Үчүкө, Түлкүдөн тараган таякелик жайы бар Ормон хан датымды бөлүшөр деген ойдо. Ирмебей тиктеген Ормон хандын көзүнөн ырайым туюлбады. Жаагы таңылып, чачы өсүп, жүдөңкү тарткан Балбайдын турпатына көз жиберип, бир аз унчукпай турду да: — «Ууру» дешти, эмне уурдадың эле? — деди хан. — Медет датканын Кейтабылгы күлүгүн, кошокчу сулуу кызын тайтып алайын деп байганмын, — деди Балбай кебелбей. — Ии... айта бер, — деди Ормон хан. — Эмнесин айтайын, ат тайгаланып музга жыгылып, колго түшүп калдым. — Ии... —деди Ормон хан «аягына чык» деген тейде. Эшиктен кирген Саза Балбайдын каптал жагына отурду. — Айтчу кеп эмес, бий кемпийге алып байышты, «сен Балбай баатыйсыңбы» дейт, «жок»дедим, «калп айтсаң кулагыңды кесем деп... бийөөнү алып келишти. Ал мени тааныды, кемпий кулагымды кесип алды «ууйу» деп, — деди Балбай. — Кемпир кестиби? — деди Ормон хан, үнүнөн жаалы кайнаганы туюлуп турду. — Ошондой болду, — деди Балбай чыйрала. — Дарга тартамын, орго саламын эки жылга, бирөөнүн малына көз артып, өзүңдүкү азбы? —деди Ормон хан. Оюна келбеген өкүмдөн Балбайдын жүрөгү «солк» этпеди. Кашкайган катаалдыкка жүрөгү муздай түштү. — Саза, Балбай баатырды орго салдырып, түзүктөп бактыр, — деди Ормон хан. Балбай баатыр ордунан туруп, Ормонду карабай, Сазаны ээрчип чыгып кетти. Жалган курандын аягы. Жер тоборсуп, эл боз үйлөргө чыгып калган. Ормон хандын айылы жазгы конушка конгонуна эки күн болду. Айтылуу Capт аке бир жолдошу менен кечээ кечинде келип, хандын конок үйүнө түшкөн. Кадырлуу карыяга кастарлуу сый көрсөтүлдү. Эртең менен конок чайынан кийин Capт аке хандын ордосунда. Төрдө Ормон хан, оң жагында Capт аке, сол тарабында Калыгул отурат. Үсүр-масир эсендешүүдөн кийин: — Карыя, кандай дейсиз, быйыл жыл кандай болор экен? — деп суроо узатты Калыгул. — Өткөн жылы эликтин кураны эрте жүгүрбөдү беле, жаз эрте келет. Кудай кааласа жаан чачын жетиштүү болуп, эгин, чөп мол, элде береке болор, деп ойлоймун, — деди Capт аке. — Ылайым ошондой болсо экен. Кудай жалгап, аздыр-көптүр эл эгин эгип, чөп-чаркамдаганга оой баштады. Берекесин Кудай таала жерге чачкан тура, — деди Калыгул. — Жарытылуу деле эмес, жарып кете албай турат го эл. Жердин көбү эле ээн жатпайбы. Элдин көбү да бош жүрөт бирин-экин малын караган болуп. Элдин жерге илээшип, марышы үчүн көп жылдар керек го, акылманым, — деп сакалын сылай ойлуу отурду Сapт аке. — Оокат кылуунун көнүмүш ыгы мал да, көчмөн элге жер айдап жашоо чоочун көрүнүп туратда, — деди Калыгул. — Ошондой, эми бара-бара көнөт да, кайда барат, тирүүлүк ыгы ошого түртүп турса, — деди сөзгө аралашпай суз отурган Ормон хан. Ортого салынуучу сөздүн өзөгүн бири-бирин кадырлаган кишилер туюп турушса да, учугу чыкпай, сөз токтоп, оңтойсуз абал түзүлө калды. — Ормон баатыр, «Айран сураган челегин жашырбайт» дегендей, бугу туугандарың: Хан алдынан өт, күнөөсүн кечирип, Балбай баатырды куткарып берсин» дешет. Өзүңө өтүнүч аркалап келдим, — деди Capт аке Ормонго көз жибере. Ормон хан мелтиреп үнсүз. — Осол иш болуп кетиптир. Акылынан кайраты озуп жүргөндө ушундай болот. Болбосо саякта өнбөс доосу, өчпөс өчү бар беле баатырдын, — деди Калыгул. — Ошону айтпайсызбы? Бирөөнүн төрүндөгү кызын, кермесиндеги күлүгүн тартып алам деп... — башын ийкеп отурду да, — өзү да көрбөгөн азапты көрдү кулагын кестирип, жаманатты да, кор да болду, — деди Capт аке, Ормон ханга көз кырын жиберген калыбында. — Кайран эрдин кор болгону аялуу. Денесине так түшүп, орго отуруп, азап тартты. Ушул жаза жетиштүү го, Capт акенин ийирин жандырбаган дурус го, — деп Ормон ханды суроолуу карады Калыгул акылман. — Кор болгону чын. Балбай жазасын тартып жатат. Бирөөнүн малын, бүлөсүн тартып алам деп, кулагын кестирип сөзгө сөлтүк, кепке кемтик болуп отурат. Казактар Адыл менен Ырыскулбектин 1400 жылкысын тийип кетишиптир. Пристав Перемыш аркылуу сүйлөштүрсөм, «Өзүнүн Балбайын тыйып алсын, казактан алган жылкыларды кайтарсын» дептир, — деди хан. — Аныңыз калетсиз, баатыр, эр баркын түшүргөнү... Жазасын тартып атат. Алты ай бою сыз ордо... «Тулпар этин оордобойт, султан сөөгүн кордобойт» дегендей, сөөгүңөр бир, — деди Capт аке сөздүн учугун таштап. — «Ат башына күн түшсө, ооздугу менен суу ичет, эр башына күн түшсө өтүгү менен суу кечет» дегендей, оңтойсуз иштеген ишинин, ойлобой сүйлөгөн сөзүнүн өкүтүн тартып турат. Азаптуу күндөрдү башынан кечирип жаткан баатыр өткөн тагдырын таразалап, өкүнүп тургандыр. «Кечирилбес күнөө болбос» дегендей, кечирим убактысы болду го, — деди Калыгул Ормон ханды карап. Ормон хан мелтиреп үн дебей, санын таяна алдын тиктейт. Жүйөлүү соболдорго жооп болбой,үй ичи тунжурап турду. Бир оокумда: — Ар качандан бир качан сөзгө сөлтүк, кепке кемтик болуп жүрөбүз. Орус жандралысын арага салып, Кенесарыдан кийин казактар менен шарт наме түздүк эле. Балбай, Жанектер жылкыларына тийип, шертти бузушат. Эми казактар бизге кол сала баштады. Балбай чыкса жөн жатабы — «кулагымдын куну» деп дагы саякты чабат, же казакка кол салат, мунун жүрөгүн калтырыш керек эле — болбостур... атайы келипсиз, — деди Ормон хан сөз төркүнү белгилүү болгондон кийин, сөз андан ары уланбай, кадырлуу конок түштөнүүгө чакырылды.Хандын сөзүнөн улам Балбайды ордон чыгарып берерин күтүп, Capт аке жолдошу менен конок үйүндө сый үстүндө. Ормон хан ордон чыккан Балбай баатырды ордосунда эмес, чоң үйү Кусубалды байбичесиникинде кабыл алууну туура тапты. Жасалгалуу он эки канат боз үй. Төрдө Ормон хан жалгыз санын таяна ойлуу отурат. Эпчи жакта Кусубалды байбиче теспе тартып өзүнчө отургансыйт. Эшик ачыла кызматчы жигиттин алдында кирген Балбай баатыр ийиле салам айтып, кол бербестен эр жактан орун алды. Ормон хан саламды алик ала, жигитке «кете бер» дегендей ишарат кылды да, жаза тарткан Балбайдын бир аз жүдөңкү тартса да мүңкүрөбөгөн кайраттуу турпатына сынакы көз жибере тиктеп турду. Кусубалды байбиче кылдат кыймылдап, кара көөкөрдөн кымы зкуюп, Балбайга сунду. Балбай тынбай жутуп жиберип, аякты узатты, аяк кайра сунулду. Үчүнчү аякты бошотуп жерге коё, мурутун сылай Ормон ханга көз жиберди. Ирмебей тиктеген сынакы кайраттуу көз карашка тереңинен жанган кек учкуну айкаша түштү. — Эр чекишпей бекишпейт эмеспи, баатыр. Аздыр-көптүр жаза тартып чыктың, «Акылдан озуп кеткенде, кайрат баш жарат» деген ушул. Эми экөөнү тең алып жүрөрсүң, — деди Ормонхан. — Бекиштик, таксый, кулактын кесилгени аз келгенсип, кудукка салындык. Акыл кайатты теңдөөчү учуйда теңдейбиз, ашчу учуйда аша чабайбыз, — деди Балбай. — Акылдын бир аз озуп жүргөнү оң. Ошент, баатыр. Казактарды чапканды кой, сага шылтап элдин тынчын кетирип атышат, — деди Ормон хан. — Кыябына кайайбыз, таксый. Өз саамыбызды кетийбеспиз, — деди Балбай. — Баатырды конок үйгө, Capт акенин үстүнө алып бар. Учурашып, мейман болсун, — деди Ормон хан коңгуроо кагылып, эшиктен кирген жигитке: Бата кылып болуп, ордунан тура Балбай жигитти ээрчип конок өргөөсүнө кетти. Үй ичи бир тыным үнсүз. — Босогону аттабай, ныгыра басып чыкты. Кектүү кетти. Үстүнө чапан жаптырып, көңүлүн жубата узатсаңарбы дейм, — деди кыраакы Кусубалды байбиче.

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 06 Апрель 2019 - 17:25



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#197 Пользователь офлайн   Disappear   06 Апрель 2019 - 17:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Күнөөкөргө чапан жапчу беле, башы азат болгону чоң олжо, — деди Ормон хан. — Теңир сактасын, аягы кандай болор экен, — деп шыпшынды байбиче. Эртеси эртең менен Capт аке жолдошу, Балбай үчөө конок өргөөдөн аттанышты. Балбай артына кылчайбай кетти
.1854-жыл, жетинин айы. Күздөөгө түшкөн Ормон хандын айылы Кичи Ак-Суунун сол жээгиндеги өндүрдө отурат. Таарынчылуу хан кудасына учурашуу үчүн туу бээ жетелетип бугунун мыктыларынын бир тобун ээрчите Боронбай бий кечээ кечинде келип түшкөн. Каада менен сый көргөн коноктор: «Ордо салып бергиле, тамаша менен узайлы» дегенден уламайылдан өйдө ордо салынып, оюн эртең менен башталган. Коноктор: Өмүр, Балбай, Мырзалар, бир тарап, үй ээлери Манде, Алыбек, Адыл, Абыка, Төрөкелдилер бир тарап. Түшкө чукул коноктор тарабы уттура турган болуп, чоконго таянып калышты. Байге тогуз туу байтал, оюндун четинде Ормон хан, Боронбай бий, Capт аке, Калыгул акелер карап отурушат. — Эми, таксыр, биз тарап уттурганы турат. Бизде Алыбек сыяктуу чертмечи жок экен. Балдар арманда кетпесин. Жети-Өгүздөгү Чыйбыл чертмечини алдырып келүүгө уруксат этиңиз, —деп Боронбай бий Ормон ханга кайрылды. — Болуптур, арманда кетпегиле, — деди Ормон хан. Чыйбыл келгиче оюн токтоп, коноктор түштөнүүгө өтүштү. Жети-Өгүзгө ат коштогон чабаган кетти. Эртеси күн чоң шашке. Чертмечи Чыйбыл келип, оюн күн чыга башталган. Оюнду утуп аткан тарап баштап, Алыбектен башка ордочулар кезмектерин өтөп бүтүшкөн. Алыбек ичке түшүп чүкө чертип атат, Алыбек чүкөлөрдү бүткүл ханы менен чыгара чертип кетсе чокончуга оюн жетпей, уттурат. Кыпылдап шаштысы кетип отурган Боронбай бийдин көзү капысынан Алыбектин көзүнө кездеше «жыды» дегендей ымдап койду. Алыбек, жаза черткен болуп, чүкө чыкпай жыдыды да, чийинден чыкты. Бул ишараларды Ормон хан байкап отурду. Чүкөнү томпой менен атып, чертмечи ичке түшкөн арышы узун, сары чийкил, куш мурун, чертмечи көздүү Чыйбыл чүкө чертүүгө киришти. Анын чертиши так, чертилген чүкөлөр зуулдап алда кайда ыргып жатты. Кызып калган кезде Чыйбылдын бармагы жарылып, канап кетти. — Жыдыдың, чык чийинден, оюн бүттү, — деди Төрөгелди. — Ат которуп алууга уруксат сурайм, таксырдан, — деп Ормон ханды карады Чыйбыл, чертип отурган калыбын жазбай. — Уруксат, — деди кебелбей көңүл кош отурган Ормон хан. Чыйбыл колундагы оң томпойду оң чөнтөгүнө салып, сол чөнтөгүнөн сол томпой алып, сол колу менен черте баштады. Чертими баягындай эле так, чүкөлөр чийинден алыс чертилүүдө. Чай кайнамга жеткирбей ордодогу чүкөлөрдү бүт чертип болгон Чыйбыл: — Таксыр, ханды чертип чыгарайынбы, же колума кармап кетейинби? — деп ханды карады. — Чертсин! — Чертип чыгарсын! — деген үндөргө аралаш: — Чертип чыгар, — деди Ормон хан. Оңтойлото отуруп Чыйбыл черткен ордо ханы Ормон хан отурган топтун башынан аша түштү. — Иш болбой калды, — деп Capт аке катар отурган Калыгулду карады. — Чырлуу ат болчу. — Чокончуну чакыртуу оюн эрежесинде жок. — Кайра ойнойбуз, — деген үндөр болду. — Оюн бүттү. Мөөрөйүн даярдагыла, конокторду түштөнүүгө киргизгиле, — деп Ормон хан ордунан турду. Коноктор түштөнүп бүтүп, аттанышты. Тогуз туу байтал мөөрөйдү ханга мөөсүл калтырбай, Боронбай бий түгөл айдатып кетти. Бул Омбу менен сөз бүтүп, мына эми орус букарасы боломун деп турган Боронбай бийдин Ормон ханга: «Бизге эми бийлигиң өтпөйт» деген кыр көрсөтүүсү эле. Конокторду узатууга Ормон хан чыкпады. Аттандырып коштошо кайра кирген Төрөгелди, Адыл, Абыкандар жай алышты. Алыбек коноктор менен кошо аттаныптыр. — Таксыр, бекер кылдыңыз. Чоконго Жети-Өгүздөн кош ат менен чертмекчи алдырып, —деди Төрөгелди. — Ал адөөлөттүк керек болучу, кеп башкада, — деди Ормон хан. — Чыйбылдын келгени хандын адөөлөттүгү. Өзүңөр «эми уттук, жалгыз чокон эмне кылат дейсиң» деп, көңүл кош ойнодуңар, — деди Жаманжээн. — Мөөрөйдөн ханга мөөсүл да калтырбай кетишти, — деп Ормон ханга көз кырын жиберди Сергеян. — Боронбайдын көзү бузук. Бакан ооз ногой Омбудан келди деди эле. Орустан санаасы тынып тургандай түрү бар, — деди Шамен. — «Бугу букарасы орус болуптур. Боронбай чен алыптыр. Орустар келип Көтмалдыга, Барскоонго, Сан-Ташка чеп куруп, Көлдү күңгөй-тескейи менен бугуга алып берет экен», —деген имиш эл аралап калды, — деди Жаманжээн. — Биздин чагалдактардан бирөө жок издеп барса «ууру» деп кубалап, көлгө чөктүрүп өлтүрүшүптүр. Кун эмес, сөзгө да келбей жүрүшөт, — деди чагалдактын айыл аксакалы Элебай.
Ормон хан мелтиреп, сөз чыгарбай олтурат. — Коё тургула, бугуну оруска өткөрүп бергенге шашпагыла. Эки уруунун бүйүрүн кызытса ынтымакка доо кетирүүчү сөздөрдөн алыс болгула, — деди Калыгул. Ормон хан ойлуу отурду. Сөз күз камы, эгин жыйымы, кыштоолордун абалы жөнүндө уланып, күн батар алдында конок узатууга келгендер айылдарына аттанышты. Бугу уруусунун орус букарасы болору анык болуп, Ормон хандын бийлиги бай баштагандан бери Алыбек Боронбай бийге ыктап, аялзаты алдында эр намысы басынган ызаалыгы козголуп жүргөн. Кыргызга алыстан арзып келген перидей сулуу Уулбаланы Ормонго жеткизип бергенин эстегенде Алыбек өзүн кем тутуп, өкүнөр эле. Алыбекке «Каракелтени тартуулап, анын көңүлүн агарттым го» деп жүргөн Ормон хан кийинчерээк Алыбектин кирпиги бузулганын туя баштаган .Кечээки ордодо Алыбектин атайылап жыдып, чокондогон Чыйбылга ордону биротоло калтырганы, байкап олтурган Ормон хандын көңүлүн биротоло кирдетти. Эртеси эртең менен Алыбек күндөгүдөй ханга саламга келбеди. Ормон хан «Каракелтени берсин, кундагы чириди го, кайра кундактатамын» деп Алыбекке жиберген кишиси:«Уулбаланыкы да чириди го. Кайра берсин, анан мылтыгын алат» деген кекээрлүү жооп алып, кечинде кайра келди. Хан кызматындагы кишинин мындай ачуу жообу бийликтен «кол үздүн» дегени эле. Мындай кыйын кезеңде бийликке кыямат кылгандардын темирдей бекем тартиби зарурат. Алыбекти айдап келүүгө эртелеп барган Саза журтун сыйпалап калды. Ачуу сөздөрү үчүн катуу жаза болорун туйган Алыбек түнү менен Боронбайдын айылына көчүп кетиптир. Түйүндүн баары Боронбай бийге такалып, чийеленүүдө.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#198 Пользователь офлайн   Disappear   09 Апрель 2019 - 22:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

ӨКТӨЛҮҮ ӨЛҮМ
1855-жыл, чын куран. Жер чымырап, мал көк уулап калган кез. Эл жаздоо конушка жаңыдан отурган. Өйдөтөн жай бастырган Саза Ордо үйдөн өйдөкү кермеге атын байлап; Ормонхандын үстүнө кирди. Салам айтып, адеп сактай хандын сол жагындагы Жаманжээн кеңешчиден кийин орун алды. Кечээ келип кадыресе конок болгон Калыгул оң жагында, ага улай Токтор аке, Адылдар. Сөз курултай чакыруу жөнүндө жүрүп жаткан эле. — Бугу күндөн күнгө жигин бөлүп баратат. Туура айтасың, жамы кыргыз алдында чыбык кыркылган антты бетке кармап, Боронбайды орустан баш тарттыруу зарурат. Курултайды эл жайлоого көтөрүлгөндөн кечиктирбөө керек, — деп Ормон ханды карады Калыгул аке. — Кыргыз тирүү болсо бир дөбөдө, өлүү болсо бир чуңкурда болуу керек. Башка ылаажы жок. Бул үчүн өмүр тигилген, — деди Ормон хан мелтиреп ойлуу отурган тейинде. — Кеч болуп калган го, таксыр. Мен көл башына барып, көздөй кишилерге жолугуп келдим Сиздин буйругуңуз менен. Шераалынын Качыбеги Омбудан Байсылда ногой экөө келгенине бир жума болуптур. Жарым падыша алдында куран кармап, орус букарасына өтүп, күбөлүк наме менен келиптир. Боронбай бийге чен тагылган кийим жибериптир. Боронбай бий өзү айылма-айыл сакалдууларды ээрчите түлөө өткөртүп, кандуу булоон түшүп турган кези экен,— деди Саза. — Төө кыядан өтүп кеткен тура, — деди Жаманжээн. Ормон хан үн дебей санын таянган калыбында түнөрдү. — Атаа, осол иш болгон экен. Азгантай кыргыз бөлүнбөсө болот эле, Кудайга карайбыз да, —деп сакалын сылай ойго батты Калыгул аке. — Көлдүн башы, тескейи орус жери болот экен да. Эми жыла келип, чеп куруп, мужуктарын көчүрүп келе баштайт, — деди Шамен Ормон ханга көз кырын жибере. — Жерибиз куурулган экен да. Чүйдү Кокон кайра каптады эле, эми көлгө орус келсе, — деп оңдонуп отура кончунан чакча алды Токтор аке. — Аягөздөн Галим мырзаны чакырткын, кош ат менен чабаган жибер. Орус жандралыга кат жөнөтөмүн, — деп Үмөтаалыга кайрыла сүйлөдү эч кимди карабай, алдын тиктеп түнөрө отурган Ормон хан. — Аягөзгө чабарманды бүгүн эле жөнөтөбүз. Боронбай бий менен сүйлөшүү керек го, — деп атасына карады сөзү өтүмдүү, эл аралап, ханга такоол болуп жүргөн Үмөтаалы. — Туура кеп, жолугуп алдыларынан өтүү керек. «Жамы кыргыз биримдигин аттап кетесиңерби? » деп жүйөлөшүү абзел, — деди Калыгул. — Жүйөнүн эки гана нугу бар, бири Боронбай оруска берген антынан куран кармап баш тартат, — деп бир тыным ойлуу турду да, — экинчиси — орус букарасы болгондор орус жерине көчүп кетишет, — деди Ормон хан. — Баса, ырас эле жарасы жеңил тура, кыйналбай эле Илеге ооп кетишет, орустан баш тарткылары келбесе, — деди Шамен кеңешчи. — Оо, Алла таала, өзүң сактай көр, эл бүтүн, бейкут болсо экен, — деп сакалын сылай, тобо келтирди Калыгул акылман. — Иш ушундай, Калыке, сиз, Токтор аке, Жаманжээн, Шаменди алып, Боронбай бийге, бугу туугандарга жөнөңүз, — деп сөз бүткөнүн билдире эч кимди карабай, өзүнчө ойго кетти Ормон хан. Кеңеш токтолуп, келгендер хан буйругунун камында тарады.Түп суусун бойлой Шатыга жете шыкала конгон калың айыл. Жаз тиричилик камында, кемегелерден, түндүктөрдөн тутүн булайт. Жаздоого көчүү камындагы кээ бир үйлөрдүн босого жанындагы туурдуктары кайрылып, аркан эшкен аялды көзгө чалдыгат. Кээ үйлөрдүн алдына өрмөк курулган. Туулган козу-улактар көк уулап, айыл үстүндө жайылууда. Кандайдыр бир маанилүү окуяны күткөнсүп, айыл ичи жандуу кыймыл өкүм сүрөт. Омбудан элчилери кайткандан бери Боронбай бийдикине каттагандардын арты суюла элек. Бүгүн Муратаалы, Самсаалы, Кожогул баштаган билерман бийдин үйүнө кайрадан чогулушту. Шамен баштаган Ормон хандын элчилери кечээ келип кетишкен. Төрдө Муратаалы, Самсаалы бийлер Capт акенин эки тарабында, бий өзү Муратаалыдан төмөн отурат. Capт аке сакалын сылай ылдый карап ойлуу. Олуттуу окуя күткөнсүшүп отургандар мостоюңку. — Кабарың суук экен, бий, — деди Муратаалы кемселинин өйдөкү бүчүлүктөрүн бошото оңдонуп отура. — Ушундай. «Орус букарасынан баш тартсын, болбосо орус жерине көчүп кетсин. Кыргыздын жерине Кызар, Көлөптөгү кыргыздарды көчүрүп келем» дептир, — деди Боронбай бий. — Орус жери кайда, бирөө кайда, Омбуну көздөй самсып тентийбизби? — деди Самсаалы бий.—«Орус жери Иле. Челекти ашабы, кайсыны ашат Илеге ооп кетишсин» дептир, — деди Боронбай. — Коркмоңлор, Урман Орусия букарасына тийе алмасдур, — деп сөзгө кыпчылды Боронбайдын жанында олтурган орус тыңчысы Файзулла Ногаев. — Абсий, Сенин орус төрөлөрүң жиберген чапан-чапкыт, жалтыраган алтын-күмүш идиштер Ормон хандын чабуулун тосо албайт, бизге Орусия аскерин жибербесе, — деди эл ичинде төбөсү көрүнүп сөзгө алынып калган Тилекмат. — Урманды түнү барып кармарга, Омбуга чиперге, оруслар жуда разы боларга, ал йок болсо кыргызлар жамы урустук боларга, — деди Файзулла оюн толук билдире албай чебелене. — Ооба, Ормон сени качан келип кармап кетер экен деп күтүп турат, — деди Балбай. — Ушул ногой бизди бирдин ичинен чыгарат. Бий ушунун тилин алып, элдин башын балакетке батырган турасызбы деп чочуймун, — деди туура сөздүү, кайраттуу Өмүр. — Өмүр иним, кызык сүйлөйсүң? Элдин башын балакетке батыргандай мен эмне, өз элиме жоомунбу? Качыбек бий болуп баарыңар менен эле кеңешип иштелген иш. Орустан окуу, өнөр үйрөнүп, агарып-көгөрүүчү жалгыз мен белем, жамы журт, — деди бетке айткан катаал сөздөр канын дүргүтө, сары чийкил жүзү кызара кыстала түшкөн Боронбай бий. — Иншалла, балакет эмес, элибиз жакшылыкка марыйт, Омбуда өгүнү падышанын өз кишиси падышанын атынан кабыл алды. «Бугу элинин чырпыгы сынбайт, Ормондун силерге эч тиешеси жок», деди. «Аскер жиберебиз» деди. Капа болушпайлы, жакшылык тилейли. Бийге жандралдан чен берди. Балдарды окутабыз, чеп-калаа курулат. Ошол жаманбы? Андан көрө Байсылда абзийди тезинен, түнү менен Капалга жөнөтөлү, жыйырма чакты мылтыкчан солдат келсе эле болду.— Ормон кыймылдай албайт, — деди Качыбек бий. — Ай ушул орустардын жакшылыгы жадыма кирбей турат, — деди Балбай Боронбайды карап. — Кадырыңыз жан болсун, баатыр, коркпоңуз, арты жакшы болот. Балдарыңды окууга жиберсең төрө болот, — деп күлүмүш болду Боронбай. — Орустан окубай эле күн көрөбүз, — деди Балбай. — Оо кудурети күчтүү Алла таала, өзүңө тобокел кылабыз да. Кандай күнгө туш кылар экенсиң, жараткан. Кыргыз деген бүтүн бир эл элек, минтип бытырап олтурабыз. Биримдигибизди буза көрбө. Ормон ханды да оруска ийиктире көр! — деди ойлуу отурган Capт аке. — Оо кокуй, Ормон хан ийикчү беле. Бугу туугандар кызык эл экенсиңер. Силер минтип ар кайсынын башын жоруп олтурганча, ал жасоо кайрып келип айлыңарды чаап, баш көтөргөнүңөрдү зынданга салат, даргага асат. Эрте күндү кеч кылбай, кол курап камынбайсыңарбы, — деди Алыбек. — Алыбек мырза тууры дейлар. Көпкөп йикитлерин жыйып, Урманни тутуп йок килсаңлар, уруслар курсант болоды, тез келеди, — деди Алыбектин сөздөрүнө жандана түшкөн Файзулла. — Айтса айтпаса төгүнбү. Ормон хан айтканынан кайтпас, карышкырча жара тарткан көкжал. Элчилеринин сөзүн укса жөн калбайт. Ат жалын тартып найза, кылыч кармагандардын баары күн-түнү азыр болсун. Балбай, Өмүр, Алыбек, Жанек баатырлар кол башкарасыңар, элбашына күн түшкөнү турат, — деди Боронбай бий. Сарыбагыштардын айылдары сак. Ошентсе да кишилерди тымызын жиберип, эмне даярдыктары бар экенин билип, даяр туралы, — деди Алыбек. Кол куроого бүтүм болду

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 09 Апрель 2019 - 22:58



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#199 Пользователь офлайн   Disappear   09 Апрель 2019 - 23:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Бугудан кайткан кеңешчилер бүгүн түш оой келишип, Ормон хандын Ордо үйүнө түшүшкөн. Бир чай кайнамдан бери сөз уланууда. Ормон хан ойлуу, унчукпай алдын тиктеп олтурат. — Кеп ушундай — кайтчу түрлөрү жок. Боронбай, Муратаалы, Кожогул, Качыке баары олтурушту. Кыдык Самсаалы бий да келиптир. Боронбайдын көңүлү өсүкбү, «Абылай хандын уулу Увалы хандыкындай чен берди. Куран кармап ант берип, кошулдук» деп Алланын атына жашынат, — деп сөзүн жыйынтыктаган таризде сакалын сылай оңдонуп олтурду Калыгул аке. Сөз токтолуп, үй ичи тынч ала түштү. Отургандардын эч кимиси сөз кыстарууга батына албады. — Кайтпас болуп карарышса «Көлдөн чыгып, орус жерине кетишсин» дебедик беле, — деди Ормон хан. — Ал кептер да айтылды. «Биз падышалуу журт болдук, орус букарасыбыз, биз жердеген жер да оруска өттү. Ата-бабабыз өткөн жерден бизди эч ким эч кайда көчүрө албайт. Ормон хан эми опузасын койсун» — дейт Боронбай бий, — деп ханга көз жиберди Жаманжээн кеңешчи. Ормон хан түнөрүп кебелбейт. Сөз үзүлө баары Ормонго көз жиберишүүдө. — Ошондой экен да. Орустарга көлдү да өткөрүп берген экен да, ант ургур, — деп санын мыкчый күрсүндү хан. — Оруска өтүүгө элди тик тургузууга аракеттенишип жатышкандай түрлөрү бар. Айылма айыл түлөө өткөрүшүп, кандуу булоон, делөөрүп ары-бери жүргөн көпкөлөң жигиттер арбын. Тымызын жасоо курап атышабы деп ойлойм, — деди Шамен. — Жылкыайдардын уулу Тилекматтын сөзү ого эле тың. «Ормон хандын бийлиги бүттү. Солто, Тынай, Жангарач, Жантай бийлер эчак эле кушбеги Нурмухаммедке кол беришкен. Ал эмес, оруска өтүү үчүн Омбу менен баймабай катташып турушат. Жалгыз Үчүке тукумуна хан болот беле. Айласы түгөндү. Эми өзү да оруска өтөт, өтпөй көгөрсө — өз убалы өзүнө» депсайрайт, — деди Саза. — Айтор, ким билет. Ойлоно турган иштер көп. Боронбай татар бакан ооз экөөнүн үгүтү элдин куйун бузуп тургансыйт, — деп Үмөтаалы сөзгө кошулду. — Элди дүрбөтүп коюшканы го. Айрым ээн баштар «биз эми падышанын кишисибиз, эч кимдин тиши өтпөйт» деп жамаатташ Абыке, Кубаттын короолоруна көрүнөө эле кол салып тургандары бар дейт. Эки бир тууган элдин арасы ажырап, бир алаамат болуп кетпесе экен,оо Кудай, — деп жакасын кармап, өзүнчө тобо келтирди Токтор аке. Эшик ачыла иймене кирген кызматчы жигит Сазанын жанына келип бир нерсе шыбырадыда, арты менен жыла чыгып кетти. — Таксыр, — деп ыйбаа кыла Ормонго кайрылды Саза. — Кутургудан бери көктөмдө турган миң ирикти түндө жарактуу үч-төрт киши келип, койчусун байлап коюп, короодон айдап кетишиптир. Каракчылар кеткенден кийин бошонгон койчу түнү менен качып келиптир, —деди. Жаак эттери түйүлө, санын мыкчып түнөргөн Ормон хан үн дебеди. — Сайгактай болгон сары татардын кесепети, орус шыкагы жерине жеткен экен. Чоң алаамат болгону турат. Кудайга карайлы, таш урганга, таш урбайлы. Бир тууган элбиз, журтчулукка келели, жолугуп сүйлөшөлү, — деп Ормон ханды карады Калыгул аке. Алааматтын жышаанын сезе, баары тунжурап үнсүз. Токтор аке да сөз ката албады. — Боронбайга өзүң бар. Бүрсүгүнү чоң шашкеде Кутургуда жол үстүндөгү дөңдө кездешели. Аттуу-баштууларын ээрчите келсин сөз болот, — деди Ормон хан. Тамак даяр болгону кабарланып, хан баш боло отургандар Кусубалды байбиче отурган чоң үйгө өтүштү. Даам татылып боло, бата тиленип, бүрсүгүнү таң ык сала Ордого чогулуп, чогуу аттанууга макулдашып, келгендер айылдарына тарашты. Чоң шашке. Жаз асманын чулгай чайыган киргил булуттар арасынан көрүнгөн күн нуру кунарсыз. Төмөнтөн келген жүз чамалуу атчан Кутургунун алдындагы жол үстүндөгү дөбөгө жакындай жапырт аттарынан түшүп, дөңгө бет алышты. Калың көпчүлүктөн көтөрмө бою алдыда Ормон хан обочо баратты. Боз пиязы чепкенчен, башында кызыл тыштуу өскүлөң кара көрпө тебетей, чепкенине өңдөш тик жака кемселине курчанган кемеринин сол ыптасында кындуу бычак. Непада деп, ичинен чынжырлуу чарайна кийген, булгаары өтүгүнүн кончуна багалектери түшүрүлгөн, бийик кабак алдында алагар көздөрү ойлуу тиктейт. Чап жаак, конко мурун, эриндери калың, ак аралаган сакал-муруту төшүн жаба жайкалат. Алтымышты аралап калса да эр туушу боюнан кача элек. Калбаат басып дөңгө чыга, алды жакка сереп сала отурду. Ээрчигендер уй мүйүз тарта көтөрмө бою алыс отурушту. Жолдун аркы өйүзүндө, эки бута атымдай жерде кылкылдаган көп атчан кишилердин карааны удургуйт, артынан чаңдата келип кошулуп аткандар да байкалат. Ормон хан санын таяна атчан көпчүлүккө назар сала мелтиреп ойлуу. Жыйылып удургуп турган элдин өтө арбындыгынан улам Боронбай бий сүйлөшүүгө эмес, чабышууга келгенин туюп турду. «Оо, опасыз дүйнө! Кыргызды бириктирейин деп тиккен өмүрдүн сая кеткени ушубу?! Кудай дешкен кудам Боронбай мени орус кожоюндарына кармап берейин, же өлтүрүп жагынайын дегени го деген ойлор санаасын бийлеп, сабыры жукарып турса да, «бар тобокел» деп өзүн токтоо тутуп олтурду. Уй мүйүз тарта артта олтурган топтун арасынан. — Карааны миңден ашык го. — Сүйлөшүүгө ушунча киши келеби? — Чабышканы келишкен тура. — Короктоп ары-бери удургугандарына караганда, куралдары бар. — Үркөрдөй болгон аз эл менен хан отурса каптап киришпес. — Ай ким билет? — деген кобур угулуп турду. Топтон бөлүнө басып келген Жаманжээн, Адыл ыйбаа кыла келип, обочороок олтурушту. — Бугу туугандардын куйу бузук го, сүйлөшүүгө келишпесе керек, — деди Жаманжээн Ормон ханга кайрылып. — Мен да ошондой деп турамын, — деди Ормон хан ойлуу, тигил тарапка сереп салган тейде. — «Мейли, сүйлөшөлү, хан болжогон жерде болобуз» деп коюп, анан ушинтеби? — деди Адыл. — Мынча чогулушса да, каптап киришпестир. Шарт коюп киши жиберер, же Боронбай бий өзү келер, — деди Ормон хан кебелбеген токтоолугун сактай. Жолдун ары өйүзүндө эки бута атым алыс чогулган атчандардын саны арбын, көбү чокмор, союлдарын такымына кыстара коломочтонтуп алышкан. Топтун алдында сур жоргочон,чепкенчен, башына кундуз кыйуулаган малакай кийген Боронбай бий, ага удаа Муратаалы,Кожогул, Самсаалы бийлер, бир аз артта кылыч байланып, найза кармаган Балбай, Мырза, Өмүр, Жанек, Каракелтени асынып, жээрде атын алкынтып Кетирекейдин Алыбеги. Сыртынан чечкиндүү сабырдуулук байкалганы менен Боронбай бийдин дене-бою дүрбөп, ою бир жерге токтобой турат. «Канча айтса да, Кудай дешкен куда, бата, дуба бар, акылдуу келини, неберелери турат. Өзүлөрү деле ат жалын тартып мингени үзөнгүлөш, кадырлашып келатышат, кантип жамандыкка кыят. Антпейин десе, кадеми каткан бийликке келгенде маанайы басылып жүрөт. Орус чоң чен берип, куран алдында ант алып койду. Ормон болсо көгөрүп «орустан кайт, же орус жерине көчүп кет» деп көшөрөт. Байсылда минтип бир жагынан орустун аманатын айтып, «аскер келет» деп ыкыстатып турат. Оо жараткан, чуулгандуу ишке башымды, малдыңбы? Бир атанын балдары элек. Азгантай кыргыз бүлүнөбү? «Оо жараткан, өзүң жар бол», деп тизгинин тагдырдын жетегине берип турду.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#200 Пользователь офлайн   Disappear   09 Апрель 2019 - 23:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Муратаалы, Самсаалы, Кожогулдардын деле Ормонго кекенген кеги жок эле. Тай үйрөтүп мингенден тартып чогуу өскөн курбалдаш кишилер. Бугу, сарбагыш бири-бирине жоо болор жери барбы, бир атайын балдары эле. Дини башка, дини жат Орусияга кошулганда аягы эмне болот, деп кооптуу турушат. Денесине кеткис так түшүп, көңүлү кирдегени аз келгенсип, алты ай сыз ордо жатып кордук көргөн Балбай баатырдын көкүрөгүн ыза кеги тээп турат. «Кулагы кесилгени деле оңой жаза эмес эле. «Эр кадырын эл билет, эр билбесе ким билет» дегендей, көңүлүмдү сурап, насаат айтып коё бербестен, ашынган кесептен бетер орго салды»деген кектүү жүйөөлөр жээликтирип турду. Аял заты алдында намысы чөгүп, эр туюму басынып, көксөөсү канбаган арзуу атам замандан бери эле эрөөл, кан төгүү менен бүтүп келет. Кайып-насипке жолугуп, өзү келип тууруна конуп берген Уулбала сулууну Ормонго «бербейм» дегенге эрки жетпей, теңтуш арасында сөзгө сөлтүк болуп жүргөн Алыбектин жөнү башка эле. Ал баарына даяр, Балбай, Мырза, Жанектердин колтугуна суу бүркүп,көкүтүп жүрөт. Орус тыңчысы, бакан ооз Файзулланын күнү тууду. Кыргызды толук каратууга каскак болгон Ормонду «зыянсыздандыруу» жөнүндөгү кожоюндарынын тапшырмасын тымызын ишке ашырып, сыйлыкка, байлыкка маруучу учур келгенин туюп, Боронбайдын жанында. Алды-артына карабаган чечкиндүүлүгү менен уруу ичинде сөзгө алынып, «Көл толкуса мен токтотом,мен толкусам ким токтотот» деп эрдемсип, «оруска өтсөк, казактын Тезеги сыяктуу султан наамын алып, бугуну бийлейм деп жүргөн Ныша уулу Мырза бүгүн өзгөчө. Союл, чокмор өңөрүп, камчылана-темине удургуган көпчүлүк да каршыга кан көксөгөн жоо эмес. «Ормон бугуну Көлдөн сүрөт экен» деген сөзгө теригип, уруу намысы деп делөөрүп турушат. «Уу» этсе «дуу» эткенге даяр. Бейкут тирүүлүк өткөрүп жаткан элдин кыйырын бузуп, кыргынга салуучу дүрмөт «дүрт» этип жанганы турат. — Ормон хан аз эле киши менен келген го, — деп Боронбайга кайрылды Муратаалы. — Ким билет, «сүйлөшөлү» деп жиберген экен кишисин, Ормондун айлакерлигин билесиз го. Эмне кыла турганын Кудай билбесе, — деди Боронбай бий. — «Кудай билбесе» деп калтаарып тура бересиңерби? Оруска өттүңөр, бул силердин түбүңөргө жетет. Колуңарга түшкөнү турат, бий, ат койдуруңуз, — деди Алыбек Боронбайга. Боронбай үн дебеди. — Азыр ат коёбуз, кана! — деп Мырза, тизгин кага атын ыргыштатты. — Коё тур, мен тиги жонго чыгып карайын. Артында колу канча экен. Эгерде колу жок болсо, мен Каракелте менен Ормондун тобуна ок чыгарамын. Мылтыктын үнү менен кошо ат койгула, — деп, Алыбек жонду карай бастырды. Жолдун үстүнкү дөбөдөгүлөрү үрпөйүңкү. — Булардын сүйлөшүүгө келчү түрлөрү жок го, — деп Жаманжээн өйүзгө көз жиберип турган Ормонду карады. Ормон үн дебеди. — Ырас эле. Куйу бузук. Азыр ат коюулары ыктымал, жүрүңүз аттанып кетели, — деген Адылдын «сөздөрүнө удаа мылтык жаңырып, Ормон хандын алдынан беш кадамча алыс чаң «бурк» этти. — Каракелтенин үнү. Аттанып кеткиле. Азыр ат коюшат, — деди Ормон хан. Мылтыктын үнүнө удаа өйүзгү калың аттуулар түрүлө каптап келатты. — Кетели. Сиздин атыңыз чабал, Аксурду миниңиз, — деди Адыл. — Мен качпаймын. Силер кутулуп кеткиле, жашсыңар. Мага тие коюшпас, — деди Ормон хан токтоо. Сейилкан, Адыл, Жаманжээн, Сазалар аттанып, жапырт артка жапырылышты. Хандын жанында тамакчысы Көрөгөч, койчусу экөө гана калды. Атчандар удургуп каптап келатат. Ормон хан кебелбеди. «Кантсе да хан атым бар, Боронбай кыяматтык куда эле, ээнбаштарды токтотоор. Токтотпосо, жумуру башка бир өлүм, кара кыргызга хан көтөрүлдүм эле. Антымды жадымда тутуп, жан берермин» деп отурду. Жабыла чыккандардын көбү жолдун алды менен төмөн агылды. Кыясы качкындардын алдын тосушат. Жоон тобу түз эле хан турган дөбөнү көздөй чаап келатышат. Өр таянганда аттардын чуркаганы басаңдап, текиреңге өттү. «Белек, Белек!» деп ураан чакырып келатышат. Алдыда келген Мырза Ормон хандын оң акырегине найза урду. Чалкалай түшүп жер таянган хандын оң акырегинин алды ооруксунуп, далысы чымырай түштү. Көрөгөч хандын ыргып кеткен тебетейин кийгизе сүйөп олтургузду. Аттан ыргып түшкөн Мырза: — Мына, Ормон хан деген канкор ушул, байлагыла, — деди. Эки жигит аттан түшүп, Ормондун колун байламакчы болгондо, «Тарт колуңду! Колу байлануучу мен эмес» деген Ормон хандын кайраттуу үнү жигиттерди селт эттирди. — Ханга тийбегиле, Кудай урат, — деп тыбырчылады Көрөгөч. Койчу экөөнүн колдору байланды. — «Хан колго туштү деп бийге кабар айткыла. Муну жылдырбай кайтаргыла бий келгиче!— деп жигиттерге буюрду да, өзү качкандардын артынан жөнөдү, олжо түшүрүүнү көздөгөн Мырза. Чепкени сыйрылган, кемселинин оң акыреги айрылып, өйдөкү бүчүлүгү үзүлгөн Ормон хан санын таяна демейкисиндей алдын тиктеп сабырлуу отурат. Мырза койгон кайтаргычтар артында турушат. Боронбай, Муратаалылар баштаган жоон топ аттарынан түшүп дөбөгө келатат. Ормон хан келаткандарды көз ирмебей теше тиктеп, солк этпейт. — Ассалому алейкум, — деп салам айтты Боронбай бий. Ормон хан теше тиктеген калыбында үндөбөдү. — Жараңыз жеңил болсун, таксыр, — деп кийип турган кементайын жапты эле, Ормон силкип таштады. Атасы менен келген Өмүрзак аттан түшүп, ийиле ызаат кылып, үстүндөгү кара кашка ыпчасын жапты. Көрөгөч менен койчунун колун чечип, кайын атасына айланчыктап калды. Боронбай, Муратаалылар артка басып, аттары байланган жерге жете кеңешип турушту. — Бий, осол иш болуп кетти — эмне кылабыз? — деп Боронбайды карады Муратаалы. — Болду... болду... — деп бир аз унчукпай турду да, — бүттү Ормондун башынан хандык даражасы да, бакыт кушу да учуп кетти. Найза да тийиптир кийим ичинде соот, чарайнасы болбосо жараты кандай, Кудай билет. Аткарып айылга алып барып, эс алдырып, сый менен узатып ийели, — деди Боронбай бий. — Мунун дарысы «тындым», бул силерди эми жашатпайт. Тындым кылгыла, эмнеге калтаарыйсыңар? Тегиңер катын да! — деп Балбайды карады Алыбек. Балбай топтон бөлүнө барып Ормондун жанына келди. Өмүрзак кайын атасынын атын суулуктап турган эле, «тургуз» дегендей ишарат кылды. Өмүрзак айла кыла колтуктапт ургузуп, атты тартты. Балбай Ормон ханга жакын келип, колтуктан сүйөп аткарды да, жең ичиндеги шамшарын такыр колтукка малып алды. Колтугу ачуу «тыз» этип, бою «дүр» дей түшкөн Ормон ылдый карап: — Чулдурум, сайдыңбы? — деди. — Сайдым! — деди Балбай тике карап, экөөнүн көздөрү чагылыша түштү. — Мунуң эрдик эмес, — деди Ормон Балбайды теше тиктеп. — Кегим кетпесе эрдигим ошол, — деп Балбай канжарын катып, артына бурулду да, тобуна кайрылбай аттанды. Карап тургандарга Балбай ханга жай айтып, узатып тургандай туюлду. Өмүрзак да этибар албады. Агыча боз кемселдин өңүрүнө кан жая берди


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 34 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 34, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 17:41

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: