Козум Кызарат озгочо оор жук которсом Тамырлары Кызарып корунуп калат жана Ичи Ооруйт. Бул оруубу?
Баракча 1 - 1
Көзүм кызарат Медиктер барбы?
#3 20 Апрель 2019 - 04:14
Данияр,
Көз деген к*т эмес , биринчиден.
Илгери бирөө сураган экен бир даанышмандан: "Бу, жан каерде болду экеен?" - деп.
Анда даанышман жооп берген дейт: "Жан деген сенин каерин ооруса дал ошол жерде", - деп.
Анын сыңарындай, каериң ооруса ошол жериң экинчи оорубасын деп каласың. Айрыкча көз ооруган аябай жаман. Мисалы, ичиң ооруса, бирдеме менен ороп, жылуулап таңып сакайып кетесиң. Колуң бир нерсе болуп көгөртүп же шишип же сыйрылып кетсе аны деле мазь менен майлап, бинттеп айыктырып аласың. Ал эми көз деген аябай назик, жана ээээң керектүү орган. Албетте, ар бир дене мүчөнүн орду бар, бирок, менин жеке оюмча көздү бапестеш керек. Ошон үчүн айтылбайт да бекеринен "көздүн карегиндей сакта" деп.
Ошондуктан, Данияр, бул жерден кеңеш издебей, түз көз доктурларга бар. Бишкекте болсоң Чүй/Фучик көчөлөрү жакта (Фучик менен аэропортко кеткен тараптын сол жагында) Дордой Офтальмик деген жеке клиника бар. Ошол жакка кайрыл. Өз ишин билген адистер иштейт. Кабыл алуусу 400 сом болсо керек эле. Бул реклама эмес, тек, кеңеш катары.
Бир окуяны айтып берейин. Болгон окуя. Бир киши сваркада иштечү экен. Анан көзүнө бирдеме кирип кетип, кызарып, ачышкандыктан, ушинтип бирөөдөн кеңеш сураса ал, бир мазьды сүйкө дептир. Тиги кемпай ишенип алып ошону сүйкөп жатып алыптыр. Эртеси көз доктурга чыдабай ооруганынан барса, көзү эмгиче солуп калыптыр! Сактаганга болбойт. Андыктан, "тоок сойсо да касапчы сойсун" дегендей, бул жерде же тааныштардан кеңеш сурап убара болбой түпөтүз көз доктурларга көрүн!
/

> Mен эл менен <
Баракча 1 - 1